Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 16

Total number of words is 4148
Total number of unique words is 2039
33.6 of words are in the 2000 most common words
46.7 of words are in the 5000 most common words
53.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
бугудан Бирназар, Меңмурат, солтодон Түлөберди, сарбагыштан Атаке менен
Эсенкул айтылгандын баары да бай-манап, эл жегич, феодалдардан болуп,
кедейдин канын соруп турган. Манап, букара деп элди экиге бөлгөн. Кыскасы,
Эсенкул тууралу карыялар сөзү: жогоруда айтылган Санчы-Сынчыны сыны боюнча
Болот Чагалдактын жесири Талакени алганда андан туулганы ушул Эсенкул болгон.
Санчы-Сынчынын баш койкоң туулат дегени ушул. Бир көчөттө Болоттун улуу
катыны күнүлүк менен журтта калсын деген ойдо болуп, көч жөнөй турган чакта
Талакеге үйүрдөгү айгырды карматып берген. Көч жөнөп калганда катын бир колу
менен айгырдын чылбырынан кармап, бир колу менен ээр токумун токуп, атына
мине салып, бешикти алууга күчү келбесин билип (бул көч үркүндүн көчү экен),
кокустан балам жоого түшүп кетеби деген кыял менен бешиктеги баланы
карагандын түбүнө коё сала көч артынан чу деп жүрүп кеткен. Бул үркүп көчкөн жер
Жумгал, бир кабарда Тогуз Тородо (менин пикиримде Тогуз Торо) болгон. Көч
барып конгон жерде үй тигип жатканда баланы журтка таштаганы билинип, Болот
үч-төрт жигитти чаптырган. Булар келсе бешиктин үстүнөн бир аркар качып
чыккан. Баланын оозунан сүт агып жаткан. Ушул окуяны ырым кылып Эсенкул деп
(Эсен калды деген сөз) ат койгон. Эсенкул 50 жашка жете өзү жоодо жекеге чыгып
жүргөн. Жана өтө узун бойлуу болгондуктан чоңдугу Эсенкулдай деген макал бар.
Ошол айтылган феодалдардын ичинде арка кыргызында атактуу зулуму Садыр
болуп, аны Абылай өлтүргөндөн соң арка кыргызында биринчилик даражасын
алган көбүнчө ушул Эсенкул болгон. Бүткүл карыялардын айтуунда Манас
ошолордун заманында дагы айтыла баштаган. Булардын заманынан мурун
Манастын айтылганы эч билинбейт. Бүткүл кабарда Манастын айтылмагы
ошолордун карыган кезинде болгон.
АЖЫБЕК БААТЫРДЫН ӨЛҮМҮ ЖАНА АШЫ
Ажыбек баатыр чыгып, казак, кыргыз жана башка элдерге даңкы чыккан экен.
Бул кишинин элди асыроо-коргоо жөнүндө көп баатырдык окуялары болгон.
Аларды кыскартып бир гана «Ажыбек баатырдын өлүмү жана ашы» деген окуяны
баяндайбыз. Бир жылы боз кыроо мезгилинде, бир аш болгон экен. Ашка келген
аксакалдар ылганып чоң үйгө киргизилип табак тартылат. Эл эт жеп болгон кезде
төмөнкү табактагы бирөө далыны колуна кармап, айнегин карап калганда, төр
жакта олтурган Артык бакшы деген карыя далыны карап чочуп кетип: «Иним,
далыны тез отко салчы» дегенче өзү талып жатып калат. Эл аны таштап кете албай,
жардап турушат. Бир кыйладан кийин эсине келгенде буулугуп-кыйналып:
«Капырай, Артыктын жаны не секирет мынчалык» деп өзү менен өзү сүйлөшөт. Эл
аксакалдарынын бирөө «Олуям, эмне көрүп, эмне билдиңиз, элиңизди кабардар
кылыңыз» дейт. Артык үшкүрүп, кеп баштап: «Ушу быйыл Какшаалдын башы
ылдый бир кара сел өтүп, көп кишилер бул селден аман калбай бирге кетти. Кайран
Ажыбек баатыр дагы бирге кетти, мен дагы бирге кетем го!» деп кебин токтотот. Эл
унчукпай кайгыргандай болуп аста-аста таркашып кетет. Айткандай, ошол жылы
кыш мезгилинде эл арасында тумоо бучкак жайылып, кара чычкак оорусу көп болуп,
кыйла кишилерге кошулуп Артык бакшы дагы өлөт экен. Ажыбек баатыр дагы
ооруп, кара чычкак болуп жатып калат экен. Алгач ирет Ажыбек баатыр «Мен же
кылычтан же найзанын учунан өлбөй, кантип эле ушул кемпир өлчү кара чычкактан
өлөйүн» деп сүйлөчү экен. Кийинчерээк ажыздашып калганда, тууган уругун, элижуртун чакыртыптыр, Ажыбектин балдары Абыл, Асан, Абдыраман, агалары
Жабагы, Смайыл, инилери Арыстанбек, Турдуке, Жакып, Ашымдардын бардыгы
келиптир. Анда Ажыбек: «Мен бул оорудан сакайбайт окшоймун. Менде үч арман
калды. Бири, Чококара Бердиш менен Кашкар, Тегирметилерге кетип бара жатсам,
Жаангир кожо Кашкар шаарын өзүмө каратам деп, бир нече көп кыргыздарды
баштап келип, урушуп аларды кырдырып жеңилип качкан экен. Манжу аскерлери
кууп келишиптир, бир канча мезгилден кийин кайтып келе жатсак алар Жаангир
кожону кармап алышыптыр. Кожо бизди карап «кутказсаңар» дегендей болду,
ошолордун колунан Жаангир кожону ажыратып алып Бейжиндеги ханга өзүм
тартуу кылып алып барайын десем, Бердиш болбой койду. Кийин уксам ал сыймык
Кучарлыкка кетиптир, кап! Экинчиси, сарбагыш Ормон менен дос элем. Аны бугулар
колго түшүргөндө, бир кашык канын сурасам да бербей өлтүрүп койду. ЫсыкКөлдүн боюнда бугу менен бир беттешсем арманым жок эле, андыктан менин
ашыма оңду-солду чакыргыла, катын бугуну чакырбагыла. Үчүнчүсү найзанын учу
же балта-кылычтын мизинен өлбөй, кемпир өлчү кара чычкактан өлө турган
болдум. Кап!» деген экен.
Ажыбек жан үзөрүндө ар кимиси келип «баатыр, биз кантебиз» дешет. Баатыр
кабагын чытып ызгарылап кеп айтат. Эшиктен кирген эле жерде, башын жерге алып
ээрдин үстүндө Турдуке олтурган, ар кимиси «сен барчы», — дешти. Турдуке барып
бетин ачып «Ага, кебиң барбы?» деди эле, Ажыбек «сен кимсиң?» деди. «Мен
Турдуке» дегенде Ажыбек баатыр: «Ой сары мышык, сен калган эл-журтка баш-көз
болуп туралар бекенсиң, эми кантер экенсиң», деши менен жүрүп кеткен экен.
Ажыбек баатыр 1856-жылы жазга жуук Куулаган деген жерде өлөт экен. Кийинки
жылы бүтүн чериктен аттуу-баштуулары кеңешип, Ажыбектин ашын Чериктин атабабасынын жайлоосу болгон Аксайдын кыр жакасында өткөрмөкчү болуптур. Ашка
оң менен солдогу бүтүн кыргызды чакырмакчы, Турдукени Ажыбектин ордуна
баатыр шайлап, ашты башкартмакчы болушуптур. Бирок Турдуке көркөмсүз киши
болгондуктан, жүз баштуу үйдөн экини бир ооздон кире турган кылып учкаштыра
тигип, аны салтанаттуу жасап, көрктүү үйгө аны жаткызып, кишиге көрсөтпөс
болушту. Үйгө өзү көркөм, сулуу болгондуктан Абдраман жатмакчы болду. Баатырга
кеп-сөзү бар, көрүшө турган кишилер келсе, Абдраман ишин бүтүрүп жандырып
турсун, баатыр менен көрүшүп чыгайын деп Абдраман төркү үйгө чыгымыш болуп
кайта жооп кайтарып турсун, кызыл манат кийген, кылычын кыйа байланган,
колуна кыска туу найза кармаган 30 жигит үйдү тегеректеп күзөт кылып турсун,
ашты салтанаттуу өткөзөлү, ашка оң менен сол келет, ичи бузук да келет, ичи түзүк
да келет, ошондой берели, деп кеңешет да, бүтүн оң менен солго чабаган жиберет.
Бирок бугуну чакыртпайт. Бүтүн черик Аксайдын кара жакасында Тармал саз деген
сазга коно баштайт. Эл келе баштайт. Элди мурунку кеңеш боюнча башкарып, ашты
өтө зор шаан шөкөттү өткөрөт. Ашты салтанаттуу өткөрүп эл тарап болгондо,
чериктер кайра көчүп Какшаал ылдый жөнөшөт. Бирок ич күптү болгон бугу
Боромбай чалгынчы жиберип, элдин аркасында калган көчтөн Тешик Чапта 12
үйлүү кишини көчүрүп алып кетет. Эл кайра тартып жай-жайына келет, күн сууп боз
кыроо болгондо «Бугу Боромбай Какшаал ылдый чабат экен» деген сөздөр эл
арасына тарала баштайт. Турдуке муну угуп, бардык тууган-урук журт баштууларын
жыйып кеңешип Боромбайга элчи жиберишти туура табышат. «Элчиге кимди
жиберебиз» дегенде кээ бирлери кутчу Конокбайды дейт, кээ бирлери Калчаны
дейт, анда Абдраман айткан: «Боромбай сөздүү адам, булар жарабайт. Жүрөгү курч
жана жашыраак Кумач Атамбекти жиберсек» дейт. Барысы туура таап, Меркечтеги
Атамбекке киши жиберет. Ал келгенде Турдуке, Абдраман экөө туруп: «Атамбегим,
бара жаткан жолунда чоң Карач, кичи Карач дегендер бар, чоң Карачка алды менен
учурап абалды айтып, элчиликке келгендигиңди билдирип, бир көөкөр менен бир
чочпараны жыртыш деп ага бергин, ошол киши аркылуу Боромбай менен көрүш. Ал
киши биз менен куда-сөөк жана Тилекмат баатыр деген бар, зили черик, узун, кара
киши, аны менен сүйлөшүп, бир чочпараны ага бергин, өзүң билип кепке жараша кеп
айт. Жолуң болсун, Чериктин жана баатырдын арбагы колдосун» дешет. Жана бир
аңызда Калчага Конокбайды кошуп жолго салат. Алар баратып Беделди ашканда кар
жаап калат. Бир жөө кишинин изин көрөт, бир аз басканда бир топ бөрүнүн изи анын
аркасынан жөнөйт. Атамбек: «Кокуй ажыратып алалы, бечараны бөрү жебесин!» деп
ылдамдата бастырат, жолдун боюнда, улам бир жерде бир бөрү өлүп жана бир
жерден бирден бөрү өлүп жүрүп олтурат. Жакындап келсе, бир жөө жаш жигит карда
буту менен лампаны чогултуп жаткан экен. Колунда таягы бар жигит аларды көрүп
эндиреп кетет. Калча чакмагын чагып, отту жагып баланы эс алдырып кеп сураса,
бала «Жаман суудан чыктым эле, көлдө эжем бар эле, учурашууга бараткам, атым
баспай белдин нары жагында калды. Ыргай таяк менен жыга чаап жүрүп олтурдум»,
дейт. Баланы тойгузуп, бөрүлөрдү сойдуруп терилерин бир үңкүргө койдурат, анда
бала «Акелер, уругум бөкөй болот, кимибиз мурун келсек 4 терини ошонубуз алалы»
деп айтат. Алар бала менен коштошуп жөнөп олгуруп көлдүн боюна жакын барганда,
бир жерден көпчүлүк жыйналган жер көрүнөт. Алардан бир киши чаап жетип келип
көрүшүп «Кайдан келатасыңар?» деп сурайт. Конокбай Какшаалдан деп жооп берет.
Бала «Бул жерде бир бай өлдү эле, жаназасын окугудай молдо табалбай 3 күн туруп
калды. Силерди көрүп ар качан Кашкар багытынан келе аткан адамдар молдо болот
деп чакырып келген элем» дейт. Атамбек өлгөн байдын намазын түпүрүп берип, ээртокумдуу бир жакшы атты алып коштоп жүрүп кетет. Кечкирип баратканда бир топ
кишиге учурайт, айтып берген беркисине карап, Атамбек «Тилекмат баатыр
аманбы?» деп көрүшүп абалды айтат. Тилек баатыр «балам, тил алсаң барба,
баарыбыз бир черикпиз, арбак бар, бөөдө өлүп каласың, мунун ачуусу жаман» дейт.
Атамбек «Элчиге өлүм жок, барам, өлтүрсө мендей баладан чериктин эмнеси
кемимек эле, баатыр» деп болбой жүрүп кетет. Нараак барып Карачдыкын сурап
табат. Карачдыкы жаңыдан көчүп келип конуп аткан экен. Барып түшүп экөө эки
үзүктүн үстүнө минип олтурат. Бир бойго жеткен кыз, бир келин келип, «Меймандар
кайдан келдиңер? Үзүктү алсакбы» дешет алар. «Биз Какшаалдан келдик» дегенде
эле кыз бетин чымчып алып, кайта аркасына басат. Аңгыча бир байбиче келип,
алардын алдына көлдөлөң салып абал сурашып олтурат. Ал жерлик элдин кызынан
экен. Баягы бойго жеткен кыздын кайны дагы черик экен, болгондо да Карач өзү
экен. Байбиче амандашып олтуруп Атамбектин кебин уккан соң, атайлап кой союп
жакшы мейман кылып кеп баштайт: «Боромбай азыр жаман каарына келип калды,
черикти чабам деп ошонун масилет жыйынын кылып атат. Бүгүн бир байдын
жалгыз уулу бир уурулукка катышып калган экен. Калың эл-журт аны сурасак
Боромбай ынабай дарга асты, кара текедей болгон кудай ургурдун каары катуу
болуп атат. Адам ага даай албай калды. Сен келипсиң, тил алсаң кайта кет» дейт.
Атамбек
болбой эртең менен туруп, чайдан кийин бир көөкөр арак менен бир
чочпараны Ажыбек баатырдын жыртышы деп чоң Карачтын алдына коюп: «эми
баштап барсаң» дейт. Чоң Карач баштап жөнөп олтуруп, Боромбайдын айылына
жакын барганда: «Силер бул жерде ат чалдырып жатып тургулачы, мен барып алжайды байкап, эл суюлганда кабар берейинчи» деп жүрүп кетет. Карач барып
жоголуп кетип, кеч курун күн батардын алдында «эми келсин» деп бир бала
жиберет. Атамбек барып түшүп, Боромбайдын чоң үйүнө кирип караса, бери жагы
толгон киши экен: тогуз коргоол, чатыраш ойноп жаткан уулдар экен, бир
капшытында эки семиз бээ союлуп жаткан экен. Төрдө аюу талпактын үстүндө
Боромбай аялы менен олтурган экен. Боромбай табылгы таякты таянып, чөк түшө
калып бээнин казысын карап турган экен. Атамбек алардын арасынан аттап-буттап,
Боромбайдын алдына барып салам берип кол сунду эле карабады. Карагайдын чогу
келип чачырап этегине түштү эле, колу менен кагып ийип жатканда, «ассолому
алейкум, баатыр, аманбы?» деп Атамбек колдон алып көрүштү. Боромбай карап
калып, сурданып: «Сен кимсиң деги?» деди. Атамбек «мен чериктен келген элчимин,
атым Атамбек» деди. Боромбай дагы ачууланып: «Атаңдын оозуна урайын кул
черик, Беделден кирип, Чычар менен чыгып, Чычар менен кирип Бедел менен чыгып
бүлдүрө чабармын. Эчкинин этин жебей, кесир кылат дечү элем, эми Чериктин
оозуна иттин этин тыкбасам, эчки эмес, анын корголуна зар кылбасам» дейт.
Атамбек Боромбайдын колун коё берип, маңдайына чөк түшүп олтура калып:
«Баатыр комузчулар чертчү эле, «Коңкошбайдын коңур күү, коңурала сонун күү»
деп. Ошол Коңкошбай өлгөндө балдары кылымга окшобогон аш беребиз деп
кабырганын тышы үч эли бээни эсепке албай, кабакка сүйрөп салып, андан
өйдөкүнү союп берген экен. Майга тойгон эл ал ашты «бай аш» деп атаган экен.
Сарбагыштан Темир, Болот баатыр дагы 100 киши менен келет. Ошол өңдүү ар
элден келген экен. Ошондо биздин атабыз Боогачы баатыр мылтык асынып,
тайганын ээрчитип аң уулап жүрүп келип калган дешет. Алдаш баатыр казыкартаны кыя кесип жеп олтурган экен, көрө калып жумушкерлерге: «Боогачы
баатырга эт алып келгиле» дегенде жумушкерлер «эт калбаптыр» деп күңк эткенде,
«Эмесе мынабу менин алдымдагы калган этти сунгулачы» дейт. Бирөө ала коюп
сунганда, Боогачы: «Жетим балага белгилеген этиңди өзүм эмес итим да жебейт»
деп камчы менен табакты кагып жибергенде, баягы эт Алдаш баатырдын башынан
алыс кеткенде, Боогачынын жанындагы куу тайганы эттин аркасынан Алдаштын
башынан аттап секирип, этти жерге түшүрбөй илип жеп кеткен экен. Ошондо да 100
киши менен жүргөн атаңыз жалгыз Боогачы баатырга иттин этин жегизе албаган
экен. Эми кандай жегизесиз? Азыр чериктин түтүнү эки миңге таяп калды го,
баатыр!» Анда Боромбай: «Ой карга тырмак кул черик, жалгыз Ажыбегиң бар эле,
эми кимиң калдың, тең ата болгондой?» дейт. Анда Атамбек «Аке, ырас эле Ажыбек
баатыр өлдү, бирок атан өлсө тайлак бар, кому жерде калган жок. Ажыбек өлсө
балдары Абыл, Асан, Абдыраман бар, инилери Турдуке, Арыстанбек бар» дейт. Анда
Боромбай «Ала Тоонун ар жагында силер, бер жагында биз элек. Тоодой Ажыбек
өлсө не үчүн жаназасына чакырбайсыңар» дегенде, Атамбек: «Үйдөгүнүн кебин
талаадагы сыйлабайт, өлгөндүн сөзүн тирүү сыйлабайт» кылбайлы деп баатырдын
сөзүн жана арбагын сыйлап сизди чакырбадык. Анткени өлөрдө «Ормонкан менен
дос жана теңтуш элем. Боромбай Ормонду колго түшүргөндө бир кашык канын
сурасам бербей өлтүрүп таштаган. Ушул оруудан тыныксам бир тогошуп аламын
дейт. Бирок сакайбадым, эми артымда калдың черигим, журтум болсоң намазыма
катын бугуну чакырбагыла» деп жатып өлдү. Ошол үчүн силерди же жаназасына же
ашына чакырбадык, ага таарынбаңыз. Баатырдын жыртышы мына бул» деп кара
жамбы менен2 көөкөр аракты алдына койгон экен.
Боромбай туруп кетип: «Олдо чунак Балбай ай! Качан да болсо кесепетиң тийет
да, кайран Ажыбек мага таарынып өлгөн турбайбы! Ажыбек киши жибергени ырас.
Ал киши келгиче эле Ормонканды өлтүрүп коюшуптур, тирүү болсо берет элем, кап!
Өз боюнча айтып бардыбы же кандай билбеймин? Силер менен биз чий менен
туурдуктай жакын киндиктеш элек, аштыктын алдына орок тийсе, аркасына келбей
койбойт. Мага да ажал жакын го, кайран баатырым өлгөндө мага таарынып өлгөн
экен да! Оо кайран эсил жолборсум оой! Эми кайдан көрөйүн оой!» деп өкүргөндө
үйдүн ичинде элдин бардыгы дүңгүрөп үйдү көтөрүп калды, байбичелер дагы кошуп
калды. Бир дем ыйлашып басылгандан кийин куран окуп бата кылган соң жамбы
менен аракты сунуп калды эле, Боромбай «Кайран төрөмдүн жыртышы экен» деп
жамбыны көзүнө сүртүп байбичесине берип, аракты жигиттерине берди дейт...
Атамбек ошол кепти салып атып ушул жерге жеткенде күлүп: «Кайран жаным,
Ажыбек баатырыма тыяктагы Боромбай баштуу бугуну да ыйлаттым» деп айтчу
экен.
Боромбай эртеси мейманканага кирип Атамбекти аягынан түрө карап туруп
«Балам Ажыбектин эмнеси болосуң?» деп сураганда, «Ажыбек менен тууганмын,
Байчубактын балдары болобуз» дейт. Боромбай «Байчубактын кимисиң?» дегенде
ал «Мамажан чечендин иниси Бабанын уулумун» дейт. «Ээ дагы эле чыккан жерден
чыгат экен... Кайран Мамажан чечен ак калпагы менен ак кементайын чыраш татып
алып, темир көк атын минип алып, теминип топко киргенде топ жарыла берчү эле.
Ошонун тукуму экенсиң да!» «Ооба ошонун тукумумун». Боромбай «Куйма кулакка
кеп айтса куюп алат. Тешик кулакка кеп айтсак тешигинен куюлуп калат. Сен куйма
кулак экенсиң. Илгери кыргыздан олуялар өткөн экен, алар «кепти айткын укканга,
айтып айтпай пайда жок бей саат күнү туулганга» деген экен. Кана сен кепчи
көрүнөсүң, сүйлөчү ал кайсы олуялар?» — дегенде Атамбек баатыр, кыргыздан олуя
Сынчы, олуя Сансыз дегендер өткөн экен» — дегенде, Боромбай «ал элди кандай
сынаган экен?» деп сурайт. Анда Атамбек «Олуя Сансыз сиздин атаңыз Алдаш
баатыр, сарбагыштан Болот баатыр, чериктен Карагул баатыр бул үчөөнү сындаган
экен. Колун серелеп карап көрүп, Алдаш баатырды карайт. «Мындан бир меш туулат,
калың журтка эш туулат. Андан ары барганда мунун тукумунан өөк бар ака туулат.
Бул өзү сакалы жок муруттуу, төгөрөктү курутту, кайра тарт» деген экен. Ошол
сакалы жок муруттуу, төгөрөктү курутту өзүңүз эмеспи?! Төгөрөктү курутуп
атпайсызбы» дегенде Боромбайдын бир муруту кыйшая түшкөн экен. Андан кийин
сарбагыш Болот бийди сынап колун серепчилеп карап «Сен кыбыланы карап туруп
сийген экенсиң, сийдигиң сегиз коктуну өрдөп кетти. Сегизи сегиз сууга баш болуп
анын ичинен жалдуу барак чыгат. Атаганат кап сени! Мурун сындасам болмок экен,
жалдуу баракты өөк барак чалып салбадыбы!» деп санын чаап кейип калган экен.
Баатыр ошол өөк барак өзүңүз, жалдуу барак Ормон эле, аны чалып
салбадыңызбы?!» дегенде, Боромбайдын экинчи бир муруту кыйшайып мыйыгынан
күлгөн экен. Андан кийин черик баатыры Карагул көчүп Какшаалга баратканда олуя
көчкө учурап жанындагы кишиден: «Тээтиги көч ортосунда токмок жалдуу
торайгыр минген, чылгый кайыштан кисе тагынган ким?» деп сураганда
жанындагы киши «Карагул черик болот» дейт. Олуя «Бери келчи» дегенде Карагул
кайра тартып келген экен, олуя Карагулду карап колун серепчилеп: «Ии атаганат ай!
Бул жамандын көкүрөгүнүн боктугун кара, көчүгүнүн алтындыгын кара. Мындан
эгиз кыраан эки уул чыгат, эки шер удаа, бирөө мурда, бирөө кийин чыгат, ак көрпө
жайыл атагы журтка дайын чыгат. Анын наамы букардын көк ташына чийилет,
кызыл меш чыгат. Мунун тукумунан тукумуна чейин жыргап өтүп чөөдөй сары
чыгат, Какшаалдын аягынан өөдө сурайт. Жеңдей кара чыгат. Чап жаактуу, чабалай
ээктүүлөр ичинен эңкерлер чыгат, андан кийин келте тумшук бөз балдар чыгат,
андан кийинкисин көрө албай калдым», деген экен.
Эгиз кыраан эки уул — Ногөй, Кончой, бирөө мурун, бирөө кийин чыккан эки шер
Тоймат менен Ажыбек, ак көрпө жайыл, атагы журтка дайын Ажыбек баатыр, кызыл
меш Абдыракман, чөөдөй сары Турдуке, жеңдей кара Суранчы, чап жаактуу Жабалай,
ээктүү ичинен Эңкер, Мамбет, Осмон, Өмүрбек, Кутуке, Найман, Өмүражы, келте
тумшук боз балдарды көрө элекпиз, дечү экен Атамбек аба.
Атамбек күндө бирден кысыр эмди тайдын этин жеп жакшы күтүлдү. Боромбай
күндө бир маал кирип «Балам, куйма кулак экенсиң жана кеп сал» дейт.
Боромбай өзү да кыргыздын макал, нарк, нускасын, санжырасын, нарк нускалуу
көп сөздөрүн айтып берген экен. «Ушул кептин көбүн ушул кишиден укканбы дечү
экен Атамбек абам.
Беш күн жатып, алтынчы күнү болгондо Атамбек Боромбайга эми биз кайталы
деди эле, анда Боромбай «келген жумушуңарга он эки үйлүү кишини алып кеткиле,
бирок сыртка азыр кар түшүп калды, жаш балдар үшүп калар. Жаздын алды менен
көчүрүп берем, алардын бир улагын чыгымга учуратсам мен кепин» деди да
Боромбай «мына бул Камбыл деген жандай көргөн жакшы атымды Абдраманга ала
барып бергин, баатырды аза бата кылганым ошо, мына бул тейтилланы Турдукеге
ала барып бергин, баш куттуктаганым» деп атты жетелетип, тейтилланы бөктөрүп
Атамбекти жолго салды. Атамбек бастырарда Боромбай ага «Келер жылы Турдуке
Абдраман болсо экөө тең келсин, экөө келалбаса бирөө келип мени менен
кудалашып достошуп кетсин, айта бар, кайры эмесе» деп кала берди.
Атамбек кеткен соң Боромбай «Ой калың журт чогулгулачы» деди эле, черикти
чабабыз деп жаткан калың бугу Боромбайдын эшигинин алдына барып жыйналды.
Боромбай «калың журт баарың турасың, черикти чабабызбы чаппайбызбы?»
дегенде, көпчүлүк «чабабыз, чабабыз» дейт. Боромбай «Ой, кызыр кайда экен
көрдүңөрбү?» деп сураптыр. Көпчүлүк «Жок көрбөдүк». Анда Боромбай «силер
көрбөсөңөр мен көрдүм. Кызыр чериктин шыргыйдай кара баласын (Атамбекти)
кош колдоп суулуктап алыптыр. Мен керекке жарайт деп бир канча балбанды
баккан экенмин. Буларды баккыча бир топ бука баксамчы. Мен атактуу журттун бир
башчысы болуп туруп шыргыйдай кара кеп салып жатканда, анын уу тили мени
карай агып жатканда балбан сөрөйлөр анын башын ыргыта чаап салбадыңар. Үйдө
чечен жоодо жок болуп, Чеченмин дегендер да бар эле, же бир ооз сөз
кайралганыңар жок. «Катын бугу» деп сөөмөйүн көзүмө теңшеп атканда, же өлүп
кете албадым, же жерге кирип кете албадым. Мен Боромбай болгону кишиге сөзүмдү
алдырбаган, кишиден сынган эмес элем. Чериктин шыргыйдай кара баласынан
сөзүмдү үч алдырдым, үч сындым, быйыл мен жазга жетпей өлөм го, же бир нерсе
көрөм го? Черикти чабабыз деп айтканыбыз түшүбүз экен. Черикти чабышты коюп
тургула, чериктен келген элчисин кайра жандырдым. Ал жаз жарып, күн жылыганда
баатырларын алып келмек болду. Кудалашып дос, кур чалышып куда болуп
элибизден тандап кыз берели, он эки үйлүү кишинин малы менен жандырып
берели. Мурун булардан олжо деп таап алганын болсо кунуна куш, козусуна кой кош.
Мал параны калыбына келтиргенден кийин кыштоо тандап кондуруп, отун, тезек,
от чөп сарамжалын камдап берели. Чериктин бир да малы зыянга учурабасын. Биз
Ала-Тоонун аркы жагында, черик берки жагында. Биз чий менен туурдуктай чың
ажырабас элбиз. Жамандашпай өтөлү. Мен тирүү болсом ошондой кылам. Өлсөм
керезим ушул. Ушундай кылгыла, эми тарагыла» деди. Айтканындай он эки үйлүү
черикти жазында көчүрүп берген экен. Ошол жылы жазында 1858-жылы Боромбай
өлөт. Өлүш алдында үч күн ыр макал сөз менен керез айткан экен.
Аны жанында олтургандар жаттап алышкан. «Боромбайдын керезиндей керез кеп
айтты эле» деген макал ошондон калган экен.
Боромбайдын керезинин кээ бир барчалары:
Аргымак жалын беш бөлүп,
Өргөнүң калат жигиттер.
Ар уруудан кошчу алып,
Ал дөбөгө бир чыгып,
Бул дөбөгө бир чыгып
Айтуулашып куш салып
Адырлуу жерден из чалып
Жүргөнүң калат жигиттер.
Эрмектешип ырдашып,
Эзилишип сырдашып,
Күлгөнүң калат жигиттер.
***
Бүрмөчүгүн бүрмөлөп,
Термечигин термелеп,
Кемпирлер өткөн дүйнө ошол.
Кызгалдактай кылаңдап,
Кырмызыңдай кылактап,
Кыздар өткөн дүйнө ошол.
***
Күлүмсүрөп кашкайып,
Күзгүдөй бети тастайып.
Керимселдей керилген,
Келиндер өткөн дүйнө ошол.
Табышмак айтып кордошуп,
Таштан-ташка ойношуп
Балдар өткөн дүйнө ошол.
***
Какайган бели бекчейип,
Кара көзү чекчейип.
Кайран жашым кетти деп,
Чалдар өткөн дүйнө ошол.
Ак теңге пулу каптаган,
Адырга малы батпаган.
Байлар өткөн дүйнө ошол.
***
Буулуктап ажал тез келди,
Боромбай кез келди.
Мураталы, Тилекмат,
Калың бугу элиңди,
Башкарар болсоң кез келди.
Аргымактан жал кетсе,
Алмагы кыйын жал кайтып.
Азаматтан мал кетсе,
Келмеги кыйын ал кайтып,
Азирейил тооруса,
Калмагы кыйын жан кайтып.
Эми Боромбай баатыр өлгөн соң дагы калгандары ушул боюнча иш кылып
Турдукеге Алтын деген Боромбайдын кызын берген экен.
Чоң Карач Абдрахман, Боогачылар менен кудалашып өткөн экен. Эми Ажыбек
өлүп сегиз жылдан кийин Бөдөөлөт Жакыпбек Кашкарга келип, Ажыбек
баатырды сураса өлүп калды деген экен, уулу Абылсанды чакырып барып «Сен ички
жол менен барып Ак-Сууну алып, ошол жерге баштык болуп тур» десе
Абыласан ынабаптыр. Жакыпбек: «Кайран баатыр кумга сийген экен, баласы
кайратсыз экен». дептир.
КЕЛДИКЕ БААРЫН
Тагай кеткен соң Кашкарда калган ордо кыз катынды дагы бир эр алган. Өз
аттарын башка издеп келген үчүн улуусунун атын Келдике койгон. Кичүүсүнүн атын
кыргыз менен уйгурдун катышкан бала деп Баарын койгон. Шумкарлыгы аз болуп,
ителги менен ылачындын ортосунан туулганды Баарын дейт.
Кайсы жылда экени маалим эмес, Тагайдан соң Талас, же болбосо Ысык-Көлдүн
Барскоон деген туура суусунда Илбирс хан, Жолборс хан дегендер туруп, алардын
заманында Агыш, Кожош деген баатырлар болгон. Булардын элиндеги Карабөрк
деген сулуу кызды хандын Сарык деген баласы менен Агыш, Кожош талашып, мен
аламын, мен аламын дешип, сынакка түшкөн. Арадагы элдин тыянагы: кымыз куюп
сунган аяктан кыздын кимди каалаганын билмек болгон.
Агышка келди мис аяк,
Кожошко келди сыр аяк.
Кабайдын уулу хан Сарыкка
Кара аяк,
Эки чети көктөөлүү аяк,
Эки элиси бөксө аяк.
Карабөрк сулуу хандын уулу Сарыкка тийбестен, Агышка тийген. Кийин Агыш
менен ыгы келишпеген үчүн Карабөрк сулуунун ырдаганы:
Ак такыя жаман деп,
Тыйын бөрк кийген бул башым.
Хан Сарыкты жаман деп,
Агышка тийген бул башым.
Тагай заманында кыргыздар Кокон, Алай Хожент, Ысык Көл, Кочкордо болуп,
калмактар Анжиян, Алайга качканча көчмөн чарба болуп, аз-аздап буудай, арпа
айдап, көбүнчө таруу айдаган. Темир тапчы аз болгондуктан, жылкынын туягын
кетмен кылып, тоо текенин мүйүзүнөн орок жасаган. Аттын ооздугун, үзөнгүлөрүн
мүйүздөн жасаган. Кийимдери кементай, жамынчы, таар болуп, үй нерселеринин
бардыгын өздөрү иштеген.
КАЛМАК ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗДЫН КАБАРЫ
Калмак менен кыргыз Алмата чөлкөмүндө 1685-жылында урушуп, калмакты
кайта сүргөн. Калмактар экинчиде күчөп келгенде кыргыз менен казак
бирлешип согушса да катуу жеңилген. Кыргыз жапырт качып кайта беттешип,
согушуп жүрүп олтурган. Кыргыздан нечен азаматтар кырылып кеткен. Анын
ичинде атактуу баатырлары: багыш кыргызынан Аккочкор менен Каңкы жана
Чоботой, Семетей деген баатырлар болгон. Акыры кыргыз жапырт үркүп, Анжианды
бет ала качып калганда, Кочкордун күн жүрүшү Долондун күн батышы, Төлөктүн
чатында 300 киши чамалуу көчтүр арты болуп, калмакты тосуп жатканда калмактар
каптап келип, карабагыш Төлөк баатыр атышып турганда, Төлөк 200 чамалуу
кишини кырган. «Аккочкор балаңыз калмактан өлдү» — дегенде, атасы: «Аккочкор
өлсө, Канкым бар — деген. «Канкың дагы өлдү» — дегенде: «Канкым өлсө кантейин,
Кантейиштей даңкым бар», — деп олтуруп калган. Кантейиш арка кыргызына хан
болуп туруп, мындан соң төмөндөй баштап, арка кыргызы боюнча сарбагыш
кыргызы Кудаянды хан көтөргөн. Кыргыздын көбү Анжианга кирип, бир азы
көчпөстөн калмактын колунда калып, анын малына бакмачы болуп кеткен. Черик
кыргызынын көбү Какшаалга качып кирген. Кыргыздар Кетмен Төбөгө барганда
жогоруда өлгөн Чоботой менен Семетейдин Карагул деген жээни таякелеринин
канын кубалап, канчалык жигиттер менен калмакка аттанып келе жатканда
алдынан чукул жерден Ферганага кол тартып бара жаткан калмактын калың аскери
чыгып, баарын кырган. Бул тууралуу энесинин кошкон кошогу:
Чоң тору минген Чоботой ботом!
Чоюлган кыраан Семетей ботом!
Чын жолборсум Карагул ботом
Кең колдун башы кең шибер
Керилип жаткан Карагул ботом.
Чоң төрдүн башы кек шибер,
Чоюлуп жаткан Карагул ботом.
Каркылдап каздар кол сактайт,
Кара ылачын чел сактайт,
Карып калган энекең
Кабылан качан келет деп,
Карай-карай жол сактайт.
Куркулдап куулар кел сактайт,
Куурап калган энекең
Кулунум качан келет деп,
Күндө үч убак жол сактайт.
Карып калган бээден
Кайгуулга минер ат туубас,
Карыганда энекең,
Карагулдай эр туубас.
Токтолгон тугур бээден
Тоорулга минер ат туубас,
Токсондогу энекең,
Чоботой менен Семетей,
Эки арстандай эр туубас.
Эсилимден айрылып.
Эстен тайдым мен куу баш...
Калмактар каптап бара жатканда сол кыргызынан Кожожаш, саяк, жаки багыш
уругунан Табылды деген эки жигит баштык, дагы бир далай азаматтар КетменТөбөдөгү калмак менен согушуп жүрүп кырылган. Бир кабарда Өзгөндө согушкан
дейт.
Ушул 1670—90-жылдарда калмак менен орус өкмөтү бирлешип туруп, 10
жылдап тынчтык бербеген үчүн төрт миң түтүн, кыргызды Эртиш, Алтайдан сүрүп
көчүрүп келип, Иленин түн жак аягынан жерлештирип келген. Булар ал жерде
чыдай албастан, көбү кайта качып жерине барган. Көпчүлүгү ар кайсы элге, көбүнчө
казакка тентип кирип кеткен. Кыргызга келгени Анжиан, Алайга жете албастан,
мында калмакка карап, көбүнчө малчы болуп турган кыргыз менен бирлешип, сиңип
кеткен. Таласка барганы да болгон. Анжианга кыргыз качардын алдында сарбагыш
уругунан жантай деген эл Токмок шаарынын төшү, Кызыл Суунун башын жердеп
турган. Саяк кыргызынын көбү Жумгал, Нарын, Тогуз Торонун аягы бек, чың
жерлерге бекинип калып, кийин калмактын чабуулу токтогондо чыга келген.
Анжианга кыргыз келгенде көбү шаарга, кыштакка, өзбекке тентип кирип
бекинген. Ачарчылык болуп, жаман катындар эгерде өзбектер терезеден ийиктей
нан көрсөтсө, эрин таштап тийип кеткен. Жакшы катындар балдарын өзбекке сатып,
эгерде албаса, Сырдарыяга ыргытып жиберип, эрине эмчегин эмизип багып кеткен.
Кыргыздар ууру болуп, элди кара канат кылып жибергенде, аларга жер берген.
Жантай кыргызынан Боктурбай деген киши Асекеге жакын туруп калып, алыш
алып, дыйканчылык менен турган. Үчүкөнүн Маматкул деген уулунун катыны
Сырдарыядан өтө чыкканда эркек төрөп, атын Болот койгон.
Бугу кыргызынын жарымы дээрлик Белек баштык болуп, Кетмен Төбөгө бир
нече жыл туруп калып, малдан жүдөп, көбү тентип кеткенде кыргыздарын
андагы түнкатар саяктарына жана башкага арзанга сатканы үчүн «Белектердин
белен кызы» деп макал болгон. Белек башка качкан кыргыздан мурун калмактын
улугу менен катышып, жакшы сүйлөшүп, кайта көчүп келип, Нарын өзөнүндөгү
Оттуктун аягы Казан Куйганга турган. Ушул себептен калмактын ханы чакырып
алып, Белекти улук кылып, кыргызды сен сурагын деп, таш сайган. Ал кезде калмак
эгин айдабаган. Эл качып кеткен үчүн эгин жок болгондуктан, болсо да аз болуп,
эгин табылбай, ачарчылыктан аштыктын: уучу-улак, чеңгели-чебич, каруусу-кой,
табагы-тай болгон дейт. Белектин кыргыздын үстүнөн улук болду дегенин угуп, бир
канчалык түтүн менен төрт ата тууганы солто кыргызынан Талкан кайта көчүп
келип, калмактын улугунун үстүндө Белектин барлыгын угуп жолукканы келсе,
ханын тегеректеп ордосунун тышынан атчан аскер, ичинен жөө аскер кайтарып
турган. Ханга жүгүнүп салам берип киргенде Талкан экенин билип, Белектин
бутунан өпкүн деп айтканда Белек менин бутумду өпбөгүн деп айтпады. «Төрт-беш
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 17