Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 19

Total number of words is 4109
Total number of unique words is 2300
30.1 of words are in the 2000 most common words
44.0 of words are in the 5000 most common words
50.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жатканда Шаменди чакыртып Байтик киши жиберген. Саяк, бугу этин жеп, чайын
ичип болгондо Шамен келип олтуруп, Байтик менен Шабданга карап,
тууганыңардын тамагы берилдиби? дегенде, бердик деген. Шамен бугу менен саякка
карап; «Ормон деген Каранын каны эле, суучулдун ажалы — суудан, мергендики —
зоодон, баатырдыкы — жоодон, кандыкы — туугандан деген, бугу тууган, тең
туугандыктан Ормонду өлтүрдү, андан кийин найзанын учу, кылычтын мизи менен
жүрүп, көрүшпөй кеттик. Оруска карап кензе болгондон кийин бугу тууган менен
дидар көрүшөлү деп балдар барса Эсенгулдун балдарына союш деп улак-козусун
берип, бир-эки мырза (Шабданга) бербей кайтарган экен...
Узун куйрук сагызган,
Кыска куйрук туушкан,
Канды калпак кечсе да,
Кыйышпаган туушкан.
Эски кекти куушкан,
Канкор менен туушкан, —
Эсенгул саяк он ат, Тынай он ат, отуз ат менен бугу, саяк тууган жөнөсүн. Биздин
балдар айта жүрсүн, атабыз боштугунан отуз ат берген экен деп, булардын балдары
айта жүрсүн, атабыз мыкты чырактыгынан жөө жиберген экен деп, тарт балдар,
атымды», — деп аттанып Шамен кеткен. Дароо үйдө чыга сала топко чакырылып
келген кедей дыйкандардын аттарын жыгып, отуз ат бергенде бугу менен саяк
жүрүп кетип, мындан кийин бугу менен сарбагыш бир кылжырдын баласы болуп,
эзелки кастык, эски кегин таштап, эзилишип эл болсо да бий манаптары кезенишип
кала жүрдү. 7-өктөбүрдүн касиети менен ал пейилдерин таштап, чын тиричилик
социализм жолуна кирди.
БОРОМБАЙДЫН КЕРЭЭЗИ
Кадырлуу, журт башчысы өлөрүндө өзү менен коштошкону чогулуп келген элине
осуят калтырып, керээзин айтышы салт болгон.
Бугу уруусунун башчысы Боромбай да өлөрүндө керээзин айтып, эли-журту
менен коштошкон экен.
Кер ат куйрук таштады,
Бугулардын Боромбай,
Керээз кебин баштады.
Керээз кебин укмакка
Калың бугу жыйылды,
Тагдыр ажал ушул экен,
Көтөрмөк болду кыйынды.
—Калкка нуска калтырып,
Нуска сөзүң баштап кет,
Нурктуу нуска кеп айтып,
Эл журтуңа таштап кет.
—Журтум, ат чаптырба ашыма,
Коргон урба башыма.
Коргон урсаң башыма
Кожо, молдо кеп айтат,
Күнөө болот деп айтат.
Коргондун өзүн дубал дейт,
Өлгөн жанга убал дейт.
Ат чаптырба ашыма,
Ат чаптырсаң ашыма
Теңдиги башка кеп айтат,
Кеп айтканда нени айтат,
Чапкан ат келип өлгөндү
Тебелеп кетет деп айтат.
Сөзүмдү угуп байбиче,
Менин сөзүм кармагын,
Башыңа кара салбагын.
Беш тырмак салып бетиңе
Менин убалыма калбагын.
Акылың болсо ойлонуп,
Айткан сөзүм кууп ал,
Айнектей бетке так салбай,
Башыңды ак жоолук менен бууп ал.
Журтум, Ысык-Көлгө ыктаңар,
Кең Текес көздөй чыкпаңар.
Жерге салгын эгиңди
Тегиз уккун кебимди,
Табайын журтум эбиңди,
Айтайын керээз кебимди.
Түлкүлөрүн ыштаңар,
Түп, Жыргалаң кыштаңар.
Четтен келген коңшуну
Өз туугандай куштаңар.
Эки семиз байлаңар,
Эл жайлоого чыкканда
Серүүндүн жонун жайлаңар.
Аштыкка жайлуу жер эле,
Чычканга эгин салыңар.
Ага-ини сыйлашып,
Ынтымак болсун баарыңар.
Сарбагыштын зарпынан,
Күйдүргөн күндө дартынан,
Баштап келдим орусту
Баш карматтым болушту.
Келе турган заманга
Кеңитип кеттим конушту.
Эгин айдап, бак тигип,
Көнүңөр журтум дыйканга.
Баш көтөрбөй моюн сун,
Шариат менен мыйзамга.
Өрөөнүмө бак сайдым,
Өзүмдөн кийин калганга
Өрнөк болсун деп сайдым.
Эл ичинде бир катар
Эрмек болсун деп сайдым.
Санаама түрдүү ой түштү,
Сапар кетер чагымбы?
Түркмөн менен Өмүрзак,
Жакшылап баккын багымды.
Ажал-каза жеткен соң,
Акыры пенде өлүүчү,
Азамат бала, тиккен бак
Өлгөн жандын белгиси.
— Чоң үйдөгү казалды
Кичи үйдү көздөй ташыды,
Кудайменде 1 жашыды.
— Менин көзүм барында
Бугу жебейт тайыңды.
Менин көзүм өткөн соң,
Кудайменде бучугум,
Таппайсың го жайыңды.
Ормон залим зарпынан,
Оюлган тууган дартынан,
Кестирип келдиң мурдуңду,
Келтирип айттың сырыңды.
Басалгалуу 2 сөз айтып,
Басып жүрдүм чырыңды.
Уул өсөт Урумга,
Кыз өсөт экен Кырымга
Кысталак Ормон зордугу
Дайын болгон кылымга.
Сарбагыш сенин атагың,
Тартыш 3 жатат чатагың.
Жан тууганын тапсын деп,
Керээз айтып жатамын.
Бейпил эле Бердибай,
Бейажал кеткен Тилекмат.
Күкүк эле Тилекмат,
Күйгүзүп кеткен эр Балбай.
Белимден кетти дарманым,
Капыр менен мусулман
Чогулуп атка миңгениң,
Чогуу жыйын кылганың,
Бир көрбөдүм арманым.
Элим-журтум, ук сөзүмдү**,
Ач көзүңдү.
Заманың тар болор,
Залимдин сөзү шар болор,
Пейли жумшак
Бечаралар кар болор,
Алдамчылар көп болор,
Айткан сөзү жат болор.
Калыстык жок болор,
Касиеттүү сөздөр токтолор.
Уурулар шок болор,
Убада жок болор.
Кийгени топу болор,
Жалган сөз менен боёлуп,
Ормон өлгөндө чыкканчылык кылды деп сарбагыштар Кудайменденин мурдун манаптын аялына
кестиртип салат. Кудайменде бугу-Боромбайга качып барып, баш калкалап туруп калат.
Басалгалуу — салмактуу, салабаттуу.
Тартыш — салгылашуу, алышуу.
Жандын баары сопу болор.
Илгеркиден кийинки чечен болор,
Бою кыска бекене бечел болор.
Оюлган заман ай,
Сарттар келип эшен болор.
Журт бузулган кезинде
Мындай шумдук нечен болор.
Кийгени күрмө болор,
Издегени дүйнө болор,
Башка түрдүү жүрүш болор.
Урунганы күмүш болор.
Күмүштү кор кармаса,
Түбүндө буга күйүт болор.
Алтын менен күмүштү тепсеп өтөр,
Анык жери-ал иштен мээри кетер.
Айал кылган көрөт ал заманды
Аргымак аттай зыпылдап, заман жетер.
ТИЛЕКМАТТЫН ӨЛҮМҮ
Тилекматтын Верныйдан кайтып келе жатканын угуп, Зарыпбек эки жолку
заардуу амалы ишке ашпай калганын билип, Тилекмат бийлике кайра келсе,
күнүнүн бүткөнүн билип, айласы кетип, Караколдун тилмечинен жардам сурайт.
Тилекмат уулу Чыныбайды ээрчитип Караколго келип, уезддин начальнигине
кирип салам айтып, Чыныбайды тааныштырып чыгат. Зарыпбек менен тилмеч
жиберген жигит, Тилекмат минип келе жаткан атынын үстүндөгү ээрдин сол үзөңгү
байлоосуна, ууланган ичке темирчени байлап салат. Тилекматтын өтүгүнүн кончу
түгөнгөн жерден денеси чийилип, ууланып ырбап, үйүнө сол буту ооруп келет.
Тилекматты бала-бакырасы, урук-тууганы, жерге-жээги кубанып тосуп алышат.
Түлөө өткөзүп, мал чалышат. Ал-акыбалын сурап, маектешет. Учурашалы деп, көл
бетинен билермандар, аксакалдар келе баштайт. Кеп-сөз салышып отурганда
Тилекматтын айтканы:
«Ээ, ырыстын алды ынтымак,
Ынтымагың бар болсо,
Төгүшүп келет дөөлөт, бак,
Ынтымагың жок болсо,
Алдыңдан таят алтын так.
Жоонун жолун беттебей,
Дүнүйө жапаа иш көрбөй
Түн уйкусун үч бөлбөй
Уктап жаткан жигитке,
Матап койгон мал кайда?
Туура кулак байлабай,
Шамыянын шайлабай.
Шайлабасты айдабай,
Күмүш жатат бир сайда,
Киши албаса не пайда.
Азыр жооп бей карып
Буга кызылдан койгон
дан кайда?
Акылы жок уулдан
Апийим жеген мас жакшы.
Кеп билбес, кесир аялдан,
Келте ооруган дарт жакшы.
Келе деп барсаң зарылып,
Бере койгон март жакшы.
Эпкини жок жаштардан,
Эски сөздүү карт жакшы.
Сыйлашпаган туугандан,
Жат дагы болсо сарт жакшы.
Алың кетип карыганда
Кадырың кетсе бүлөөңө,
Өлдү деген ат жакшы.
Ажалың жатсе бат жакшы.
Келген эл билермандары, ага-туугандары, уулдары келип, Тилекматты көрүп, ал
жайын сурагандардын астынан дасторкондор жыйналып бүткөндө, Тилекматтын
элине, туугандарына, инилерине, уулдарына берген батасы:
Узарсаң, кыскарба.
Кайнасаң, муздаба.
Күлсөң, кайгырба.
Толсоң, бөксөрбөй.
Сары самоор, кызыл чай,
Алдыңардан кетпесин.
Кара сабоо, бал кымыз,
Капшытыңдан кетпесин.
Балтыр бешик жаш бала,
Тилегенден кетпесин.
Мемиреген калың эл,
Көл жээгинен кетпесин.
Узун өмүр, бак берип,
Душманыңар жетпесин.
Алдыңдан душман тоспосун,
Артыңдан душман куубсын.
Душман силерден озбосун.
Оомийин!
Бир жума өтпөй, Тилекматтын оорусу катуулап, дартына дабаа табылбай,
Тилекмат алтымыш үч жашында Жети-Өгүздүн шалбаасында дүйнөдөн кайтат. Ага
туугандары, Бирназардын уругу аза күтүп, куда-сөөктөргө, жакшы санаалаш,
катташкан курдаш досторуна, Бугу элинин бийлерине, манаптарына,
сакалдууларына кабар кетет. Эл чогулат. Тилекматтын дүйнөдөн кайтканын угуп,
кайгыга батып, ыйлап, боздоп, кошок кошуп, токтобой өкүрүп тургандардын кайгы
кошогу эл ичинде, санжырада айтылып келе жатканы:
Дөөлөс Сарт акенин ыйлап, өкүрүп, кошуп турганы:
Казга салган кара кашка тынарым,
Кайдан билдим катыгүн,
Кудай мындай кыларын.
Усталарга табылбайт,
Болот, темир, курч дайым
Мүнүшкерге табылбайт,
Бозум түлөк куштайым.
Азуусу бийик белдейим,
Агыны катуу селдейим.
Эми элге табылбайт,
Оой, Тилекмат сендейим!
Деп камчысы менен жер сабап, буркурап ыйлап, өкүрүп турган дейт.
Бирназар уругунун манабы, Тилекматтын аталаш агасы Мураталынын, ат
үстүнөн келатып, кулап кетчүдөй болуп, боздоп, ыйлап келип түшүп, кошуп
турганы:
Ооганды бузуп олжо алган,
Омбуга барып жол салган,
Ак карагай кууганым,
Эр Тилекмат, бууданым!
Арстандан айрып, жем алган
Андижан, Бухар, Кашкардан
Жазганбай кирип шаарына
Кокондон барып чен алган.
Түз жерге чаап, байкасам
Мааникердей күлүгүм,
Кээрүүгө чаап байкасам
Алты айлык жолду бир баскан,
Чарчабаган дулдулум
Жаакташкан душманга,
Бормондо жок жорго элен
Бакырган дөөдөй жарчы элең
Сыйлашкан жерге келгенде,
Айланайын бууданым
Менин бетиме тарткан торко элең.
Кабыргамда канатым,
Жетегимде жанатым.
Артымда учкан куйругум,
Ташка тийип туягым,
Таманымдан тайгыдым.
Чалгыным сынып мурумдон.
Мен канатымдан айрылдым.
Сен өлбөдүң, мен өлдүм
Бууданым сенден айрылып,
Ушул күндү не көрдүм.
Акылга дыйкан кең элең
Өзүң айла табаар, эр элең.
Калың Бугу, көп журтка
Айланайын бууданым,
Сен калаалуу коргон чеп элең!!! —
деп, боздоп ыйлап турганда, келген эл чай кайнамга жакын токтобой ыйлаган дейт.
Балбай баатырдын Тилекматка арнап айттырган кошогу:
Кечээ оруска элчи барганда,
Оролуп таап сөз айткан
Кытайга элчи барганда,
Кыйыгын таап сөз айткан
Чечендиги бар эле.
Ар улуктун таалимин
Тартып алган жан эле.
Азыр орус тушунда
Тилекматты кармачы
Жылкыайдардын Тилекмат
Айткан сөзү эм эле,
Акылга артык кен эле,
Ар адамдын тагдырын
Чечип жүргөн эр эле.
Тилекматтын сөөгүн өзү биринчи жолу Тамганын чатынан элчиликтен келе
жатканда, атасы Жылкыайдар менен кезигип, жай алып отуруп, сайып кеткен тал
чыбыктан дүпүйүп, өскөн бактын үстүндөгү дөңгө коюшат. Тилекматка топурак
салып, коштошуп кетейин деп келгендердин саны үч миңден өткөн дейт.
КАЗАК АКЫНЫНЫН ШАБДАН БААТЫРГА КАРАТА АЙТКАНЫ
Түп атаң Тукур менен Сарысейит
Ол таптагы адамдын баары бейит.
Ондан соң Үчүке менен Түлкү болгон,
Бир кыз атып, калыкка күлкү болгон.
Шондан соң Маамат менен тынай жүргөн,
Калайыкка далайды кылай жүргөн.
Ондан соң Темир менен Болат болду.
Теминип, кош өркөчтөй катар конду.
Соңында айт, Атаке менен Эсенгулду,
Энди катын туубайт ко андай уулду.
Берите айт, Ниязбек менен Таштанбекти
Көргөн адам олорду арстан депти.
Ондан соң Жантай менен Орман болгон,
Казак, кыргыз калкына корган болгон,
Муна энди жалгыз ак Сабдан болдуң,
Казак, кыргыз ичинде абдан болдуң.
Ак жолборстун баласы кабылан болдуң.
Калкың үчүн кызмат кылган жагынан болдуң.
БАЙТИК БААТЫР
Илгерки мезгилде чыгыш элдеринде бекзадалар, хандар басып алган эл-жерин
баш көтөртпөй кармап туруш үчүн эл башындагыларынын, жаки хандарынын
сүйүктүү баласын барымтага кармашкан. Эгерде барымтадагы бала анын жалгыз
перзенти болсо, анда алардын чырагына май тамган, көктөн издегени жерден
табылган. Кокус кимде ким баш көтөрүп, бийликке каршы чыкса анда баскынчылар
жанагы барымтадагы наристе баланын башын алышкан, Учурунда Кокон
хандыгынын акими Рахматулланын доорунда ошондой оор тагдырдын жазмышына
Байтик баатыр жана анын жалгыз перзенти Байсал да дуушар болушкан. Ошол
учурда Байтиктин көкүрөгүндө бир гана санаа, бир гана дарт: Байсалды кандай гана
кылып, канткенде бошотуп алуу. Акыры эл ичинде баланы күнүнө талаага сепилдин
ичинде жайгашкан базарды аралатып бир маал сейилдетип алып чыгышат экен,
баланын өңү азыңкы, боздоп ыйлайт» экен деген сөз тарайт. Ал кепти укканда
баатырдын заманасы ого бетер тарып, айласы кетет.
Күндөрдүн биринде Байтик баатыр курбусу, Бөлөкбай элиндеги Көкүм Чойбек
уулуна келип кеңешип, Байсалды кантип көр оозунан куткаруунун жолун издешет.
Ошондон көп өтпөй, иштин жайын билиш үчүн Көкүм күндө сепилге келип базар
аралап жүрүп бир күнү Байсалга ала чапан, башына допу кийгизип, белине шайы
жоолук курчап, эки колунан эки жигит жетелешип, базар кыдырышып, балага ар
нерсени көрсөтүп жүргөнүн көрөт. Базардан жалгыз чоң кара жол түз Батыш
дарбазага чыгат. Караса ал ачык. Аралыгы жарым чакырым чамалуу.
Ошерден Көкүм аттын оозун тартып, тизгинди жыйа кармап, атты камчы менен
сооруга басып-басып жиберет. Ошондо так түйүлүп жаны ачыган айгырдын оозун
коё берип, түз эле Байсалды беттеп жөнөйт. Байсалга жете берип аны улактай эңип,
аттын оозун батыш дарбазага бурат. Көз ачып жумганча Көкүм дарбазадан өтүп
кара жол менен Бөлтөк тарапка зуу коёт.
Кокондуктар оозунан алдырган бөрүдөй алактап базардагы ызы-чуу боло
түшкөн элдин сүрүнөн ого бетер чочуп калтырап калышат. Баласын куткарып алган
менен анын ызасы дале Байтиктин көкүрөгүндө. Шашпа, өчүмдү алармын деген
кекенич ичте. Мына ушул кекеничтер Рахматулланы тойго деп алдап чакырышка
түрткү болду.
Ошентип тойго камылга көрүлө баштайт.
— Ко-ош, той кай жерге жана кандай берилет? Бул маселелер чечилип бүткөн,
жери тандалган.
Ал Бишкектин түндүк батышында, отуз-кырк чакырым аралыкта Байтик баатыр
жылда кыштап жүргөн талаа «Ак-Чийде».
Түп-түп болуп дүпүйүп жыш өскөн чийди араласа кээде аттуу адамдар көрүнбөй
калат, ошондой улам эл аны «Ак-Чий» деп коюшкан. Ак-Чийде бүгүн болуп жаткан
окуя мындай караган кишиге кадимки тойдой. Казактар үйлөр тигилген кооздолуп,
андан-мындан түтүн булап асманга созулат. Нары-бери удургуп топтошкон
атчандар. Күнтуу, канай болуп улак тартышат, андан-мындан кыйкырык, ызы-чуу.
Байтик баатырга чабармандар бири келип бири кетет. Чоң боз үйдө Байтик
жигиттери менен. Ичинде бу бөлөкбай элинен келген Көкүм Чойбек уулу. Бардыгы
ийри олтурушуп түз кеңешишип, маслет курушат.
— Туугандар, болор иш болду, боёсу канды. Эми кайра тартууга болбос.
Кожомберди келип калар убак да болду. Бу кылчактачулар барбы — деди баатыр.
— Жок, баатыр! Көпчүлүк бир ооздон жооп беришти.
Аңгыча атын текирең-таскактатып келип, ыргып түшүп, чылбырды ат алган
жигитке кармата салып Кожомберди үйгө кирди.
— Баатыр, эртең шашке ченде келмек болду. «Ия, барайын юл якын, яна ям
якшы» — деди. Кожомберди өпкөсү көөп энтиге сүйлөдү.
Рахматулланын «жакын, жолу да жакшы түз барайын» дегени Байтик баатыр
жайда тиги жогору Карагайлуу-Булакка чакырган болучу. Ал чакырыкка Рахматулла
«жолу алыс, татаал» деп барбай койгон. Ошондуктан, той мына түзгө, күзгө
которулган эле.
— Бу Кокондук коноктор келгенде абдан сыйлагыла, кичи пейил болгула — деп,
Байтик баатыр баарына эскертип турду.
Эртеси болжошкон маалда алтымыш жарактуу сарбаз алып Рахматулла тойго
келип түштү. Айыл ичи кадимкидей бака-шака, күү-күү. Бирок түлкүдөй куу,
Рахматулла да жүрөгү бир нерсени сезгендей шектүү.
— Отларни коё бермейсизлар. Ар убакытта таёр кып олтириңлар. Отлар мына бу
конок олган жоидан олис кетмасин — деп, сарбаздарга атайылап дайындайт.
«Коноктор» аттан түшүшүп, Рахматулла айткандай аттарын бири-бирине
байланыштырышып жанына бир сарбазды калтырып, мылтыктарды үйдүн
капталына жөлөштүрүшүп үйгө кирип жайланып олтура башташты.
«Коноктор келип жайланып отуруп калышты деген кабар келгенден кийин
Байтик жанындагы жигиттерге кайрылды.
— Аттарды кайтарган кароолду алаксытып аттардын аттанаар жагындагы
үзөнгүлөрүн кыйып таштагыла. Байгазы «алгыла» деп кыйкырганда «конок» үйдү
курчап, бардыгын кармагыла. Кана эмесе жигиттер, жаныңарга кубат берсин, кудай
арбак колдосун, оомийин — деп, бата тартып жиберди.
— Омийин! — Калган жигиттер да Байтиктин соңунан бата кылып орундарынан
шарт туруп эшикке жөнөштү.
Аңгыча: алгыла! — деген Байгазынын айгай салган үнү чыкты.
Олтурган «коноктор» да муну сезет. Үй небак курчоодо. Олтурган сарбаздар
үйдүн керегесин көтөрүп жиберип, Рахматулланы атка мингизишип бир-эки жигити
менен качырганга үлгүрүшөт.
— Ой, качты! Кетти! Кармагыла! — деген үндөр туш-туштан чыгат.
Ошол замат апкелгиле атты — деп, Байтик баатыр эшикке чуркап чыгат.
Аттанып Рахматулланын артынан түшөт. Ага такымдап Көкүм менен Кожомберди
келет.
Качканды кууган алат дейт. Андан мындан «кыргыздап» ураан чакырып жапырт
ат коюп, келе жатат калың кол, мына бул Кокон хандыгынын көптөн бери туткасы
болгон, бул элге азап-тозокту салган «Пишпек» чебин көздөй каптап. Аны көрүп бул
качкан беш-алты адам кайрылып кантип такаат кылат? Тек буттары салактап,
көздөрү алактап, жан терлери чыгып, жоо жараксыз жан далбастап, ар кимиси өз
жандарын алып качат. Куугундар улам жеткенин чаап, сайып түшүрүп канын чачат.
Ала-Арчанын суусун эки-үч атчан удаа кечишет. Чоң кара жолго түшөт. Чыгышты
көздөй бет алып, аттын оозун коё берип, кайра-кайра камчыланып, алдын-артын
карашат кылчак-кылчак. Ал Рахматулла-Артында куугун келет такымдап. Алардын
жүрүшү Рахматулланын сесин учурат учкан куштай закымдап.
Чептин күн батыш жактагы дарбазасы көздөн учат. Рахматуллага жашоо
шооласы бүлбүлдөп, заманасы куурулат. «О кудурет, ажал каш-кабактын ортосунда
деген ушулбу? Көз ачып жумганчабы? Жарык дүйнөгө келиш кымбатпы, кетмек
арзанбы?..
Байтик баатырдын мингени Керкашка жаңы асый чыккан убагы. Зор адамды
көтөрүп алыс чуркашка алы жете элек маалы. Бирок да келе жатат, Рахматуллага
бирде жакындап, бирде алыстап.
— Көкүм, мени карабачы, жете турган эмесмин — дейт Байтик.
Муну уккан Көкүм аттын оозун коё берип, камчы салат. Найзанын түбү ээрдин
кашында, учу күнгө чагылат жарк-журк... Аттын соорусуна камчы дагы чып-чып
тийет, жаныбардын жаны ачып бүргөдөй түйүлүп секирет ал аңгыча найзанын учу
Рахматуллага жетет...
Рахматулланы жандай чаап бара жаткан жигити муну көрүп дарбазага бакырып
кирет:
— Таксыр, таксы-ы-р! Таксыр! — деп эс үчүн жоготкон алиги жигит
Рахматулланын баласынын үйүнүн эшигинин алдына барып, аттан кулап түшөт.
Ордунан тура калат, кайра жыгылат, төрт аяктап эшикти көздөй жылат. — Таксыр,
таксыр — деп, үнү чыкпай деми кыстыгып:
— Додаңгиз шейит болдилар — деп айтып, өзү кошо жан бергендей денеси
шалак этет.
Рахматулланын баласы бакырат. Сакчылар топурап келет...
Рахматулланын өлүмү тууралу кептин дагы бир мындай түрү бар.
Рахматулла сарбаздары менен качып чыгат. Байтик баатыр жигиттери менен
кууйт. Бирок сарбаздар милте мылтыктар менен аткылашып жакын жолотушпайт.
Айла кеткенде акмалап жүрүп олтурушат. Ошол күнү тоо тарапта катуу жамгыр
болгонбу, айтор суу күкүктеп кирип кечүү кыйындап калат. Чоң кара жолго чыгып
Ала-Арчанын суусун кечип өтөөрдө милтелери, оттуктары суу болуп, сарбаздардын
мылтыктары атылбай калат. Мына ошондо Байтик баатыр жигиттери менен
качырып сала беришет. Суудан Рахматулла чыгып качып жөнөйт. Артынан Байтик,
Көкүм, Чойбек түшөт...
Акыры кууп жетип Рахматуллага найза урулуп, урулган найзадан өлгөнүн
көрүшүп, кайрылып чепти курчаганга жыйылган колду алып кетүүгө келе жатканда
Байтик баатыр:
— Көкүм, мени эле сайды деп койчу — деген экен. Көкүм макул болот. Ошентип
«жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска» дегендей болот.
Кийин Байтик баатыр менен Көкүм өмүрлөрү өткөнчө биринин сөзүн бири эки
кылышкан эмес.
ЖАҢЫЛ МЫРЗА
Эртегинин жомогу,
Эми келди оролу,
Аялдан Жаңыл мырзаны,
Айтсам эби болобу?
Байыркынын жомогу,
Баштасам келер оролу.
Баатырлыгы артык кыз,
Байкатсам жөнү болобу?
Кыздан чыккан тынары,
Кызматын кыса 1 кылалы.
Аялдан чыккан тынары,
Ачылат адам кумары,
Кагазга Жаңыл жазылбай,
Калбасын деп бу дагы.
Акын молдо Байымбет,
Айткым келди азыраак.
Жаңылдын кылган өнөрү,
Жайылсын калкка чачырап.
Эми чыкты шатырап.
Эл оозунда жүргөн сөз,
Атагы дайын Жаңылдын,
Ата журту Нойгут дейт,
Атасынын өз аты,
Нойгуттан чыккан Койгут дейт.
Кыса — казал кылалы.
Лоп дайрадан туулган,
Жүргөн жери чуулган.
Кара калмак каңгайдын,
Калкын бөйдөй куурган.
Асынганы саадак ок,
Аялдан чыккан бул бир шок.
Колок 1 атып, жаа тартса,
Аялда мындай баатыр жок.
Алты шаар, Кашкарда,
Элинин баары баш камда.
Эртегинин сөздөрүн,
Эрикпеймин жазганга.
Койгуттун кызы Жаңылды,
Кошмок болдум дастанга.
Айтсам келер оролу,
Аялдан чыккан арстанга.
Асили Нойгут кыргыздан,
Артык чолпон жылдыздан.
Кызда болсо Нойгуттун,
Намысына тырышкан.
Кара калмак уругу,
Алтай тоодо туругу,
Алты шаарга жолобой,
Качып жаткан бир кыздан.
Алты шаарды жердеген,
Адамга намыс бербеген.
Эрегишип Жаңылды
Эрлерден эч ким жеңбеген.
Каары келген душманга,
Кайраты тууп төлдөгөн.
Кармаша кеткен эр болсо,
Кайрылып үйүн көрбөгөн.
Алты шаар, Кашкарда,
Аксы менен Турпанда,
Кара шаар, Камбылда,
Жеркен менен Котондо,
Жергеси менен көп Нойгут,
Жердеп турган ошондо.
Атпай Нойгут тукуму,
Лоп дайрада турулган.
Лоп дайранын боюнда,
Оён Жаңыл туулган.
Ок, саадак атып ойногон.
Басташып келген эр болсо,
Баатыр кыздан сойлогон.

Колок-жаанын огу
Кылычын кыя байланган,
Алтайдын тоосун айланган,
Атасы Койгут, өзү кыз,
Атышкан жоосун жайлаган.
Саадагын сая байланган,
Алты шаарды айланган,
Жоо бөрүсү баатыр кыз,
Жоо жарагын шайланган.
Аламын деп Жаңылды,
Алда канча жан келген.
Калмак менен кыргыздан,
Калк бийлеген хан келген.
Эл бийлеген эр келген,
Эрегиш кылып шер келген.
Бел байлаган бек келген,
Беттешип мыкты көп келген.
Барына Жаңыл тийбеген,
Басташкан эрди сүйбөгөн.
Саадагы колдо турганда,
Салышпай Жаңыл жүрбөгөн.
Жаңылды жеңип алсак деп,
Канча баатыр дүрбөгөн.
Каарынан корккондон,
Кандардын баары сүрдөгөн.
Акылы толук баатыр кыз,
Азгырган сөзгө кирбеген.
Атышып жеңип албаса,
Мени ала койчу ким деген.
Кыргыздын чоңун кыйраткан.
Кыйла жанды ыйлаткан
Колок менен сулаткан,
Аткан жерде кулаткан.
Калмактын чоңун какшаткан,
Казактын чоңун аксаткан.
Ургаачынын жолборсу,
Улуктун баарын бастаткан.
Кашкардын каны Кантурсун,
Көпкөндүктөн катылган.
Ажалы жеткен Турсундун,
Аялдан чыккан баатырдан.
Жаңылды алам деп келип,
Ажал окко чатылган.
Колу тийип Жаңылдын,
Колок менен атылган.
Казынасы таланып,
Канчалык мүлкү чачылган.
Жарадар болгон эчен жан,
Жаңыл мырза баатырдан.
Кашкарга Турсун хан эле,
Тарлан боз атын идерип,
Арага жуучу жиберип.
Алсам деп калды хан Турсун,
Баатыр кызды имерип:
— Атың Жаңыл мырза — деп,
Мырза кыз сөзгө турса деп,
Алайын деген оюм бар,
Анык жооп кылса деп,
Так өтпөйсүң дүйнөдөн,
Акыры эрге тиесиң,
Эсиң болсо өзүңдө.
Эр кадырын билесиң.
Эрге тийбейм дегениң,
Эсирип жүргөн мүнөзүң.
Эс акылың бар болсо,
Мен айткан сөзгө киресиң.
Анда Жаңыл кеп айтат.
Кеп айтканда бек айтат:
— Жеңип мени алчууну
Көрө элекмин — деп айтат.
Кашкардын ханы хан Турсун,
Каарына кандай жан турсун?
Карындашын алам деп,
Хан Турсун, сени ант урсун.
Саадагын колго имерип,
Долу кара атын идерип,
Козголоң баштап Жаңыл кыз,
Кологун атып жиберип.
Уруш-чабыш кылбастан,
Акылын таап бир баштан,
Колок менен жайлады,
Жазганып Жаңыл турбастан.
Берендиги кармады,
Беттешкен жерде жайлады.
Колуна саадак кармады,
Колок менен жайлады.
Кашкардын ханы Турсунду,
«Акыретке» айдады.
Жибербей акыл тузагы,
Хан Турсундай канчаны,
Алам деп келген Жаңылды,
Турсундун шору кайнады.
Хан Турсундай канчаны,
Жаңыл мырза жайлады.
Долу кара атын каргытып,
Саадактын огун арбытып,
Хан Турсунду сойду деп,
Кашкардын калкын дарбытып.
Жаңылдын кылган адаты,
Көрүп келген адам жок,
Көпчүлүк айткан санаты.
Боло калбас калети.
Аз аңгеме айтайын,
Мырза Жаңыл өнөрүн,
Аялда болсо Жаңыл кыз,
Ойго албаган өлөрүн.
Асманга калпак ыргытып,
Түшүрбөй жерге жүз атат,
Калбыр кылат калпакты,
Эрегишкен эрлерден,
Канчаны Жаңыл чарчатты.
Жааны чоюп асманга,
Колоктун бирин атканда,
Кайрылып колок түшкөнчө,
Аркасынан жана атып,
Асманга окту тургузуп,
Майдалап салган колокту.
Ким көргөн мындай домокту?
Карылар айткан сөзү экен,
Калк ичинде жомокту.
Өзү эркек борумдуу,
Кылган иши орундуу.
Өпкө 1 кызыл, оңмо эмес,
Өзү окуган молдо эмес,
Кошомат айтып бирөөгө,
Кош сөз айткан жорго эмес.
Ылжыраган сары эмес,
Эркекче жүрүш ар эмес.
Түрү суук кара эмес,
Түрлөнбөй жүрчү жан эмес.
Буудай өңдүү кер сары,
Заары бар бетинде,
Шам жаккандай кып-кызыл,
Жалыны бар көзүндө.
Адамдын мизин кайтарган,
Айбаты бар сөзүндө.
Атка чыйрак чабендес,
Ителгидей кара көз;
Качпай жүрүп качырат,
Канчалык душман келсе да,
Саадагы даяр боюнда.
Жаа тартканы жандан тез,
Кабарын угуп калыстан,
Атагын угуп алыстан,
Алабыз деп Жаңылды,
Нечен баатыр сабылды.
Кайраты кабат Жаңылдан,
Канчанын башы чабылды.
Анжыяндын жеринен,
Адигиненин элинен,
Жаазынын жайык белинен,
Анжыян менен Арканын,
Атагы дайым чегинен,
Үлбүрчөк, Бургуй атанып,
Өпкө кызыл — ачык кызыл эмес деген мааниде.
Баатырлыкты жат алып,
Көөп турган кезинде,
Учурады кесирге.
Жаңыл кызды алам деп,
Кеткен жок, булар эсинде.
Алабыз деп Жаңылды,
Аттанууга камынды.
Азамат эрлер кыз үчүн,
Ажалга келип кабылды.
Аттанып чыгып жол алып,
Анча-мынча кол алып,
Ала-Тоону аралап,
Басып өттү Кашкарды,
Аралап өттү Аксыны,
Торчуп өттү Турпанды,
Марал башы оюнда,
Лоп дайранын боюнда,
Ойноп жаткан Жаңылга,
Үлбүрчөк, Бургуй эки эр.
Өзү келип катылды.
Баатырлыгын өлчөбөй,
Балекетке чатылды.
Жаңыл да карап турган жок,
Жалынып сөздү урган жок.
Кайратты кабат чоң кылып,
Качып моюн бурган жок.
Саадактын огун жаадырып,
Салышып чыкты турбастан,
Балакеттүү баатыр кыз,
Басташып чыкты бир баштан.
Колок атып, жаа тартып,
Майданга кирди турбастан,
Үлбүрчөк, Бургуй эки эр,
Аянбай бу да салышты.
Жаңыл кызга бет алып,
Жазганбай кирип барышты.
Үлбүрчөк менен Бургуйду,
Жаңыл мырза жайлады.
Саадактын огу зыркырап,
Кан төгүлүп шыркырап,
Кара жан кетти чыркырап,
Калганы ыйлап буркурап.
ҮЛБҮРЧӨК МЕНЕН БУРГУЙДУН
КАТЫНЫНЫН КОШОГУ
Салганың калды
Сарала кыргый
Алганың калды —
— Келинчек, Бургуй.
Минген атың
Чал кашка жорго,
Жорголой албай —
Бир таман жолго.
Салып бардың —
Жасалуу колго,
Түшүп калдың
Жайылуу торго.
Не катылдың
Өзүңдөн зорго
Минген атың —
Көк кашка жорго,
Көрүнөө бардың —
Жасалуу колго.
Чалынып калдың, жайылуу торго
Түшүп калдың —
Казылган орго.
Не катылдың —
Өзүңдөн зорго?
Алам деп бардың Жаңылды,
Жаңылдан мээнет жабылды.
Канетейин арман күч,
Алганың ыйлап зарылды.
Адигине эл калды,
Ашуулу жазы бел калды,
Үлбүрчөк, Бургуй аталып,
Жердеген жазы жер калды.
Жайлоочу элең Арпага,
Татуучу элең канчага,
Топурак Лоптон буюруп,
Кайтпадың кайтып Аркага.
Карабет кызга катылдың,
Каргашага чатылдың.
Үлбүрчөк, Бургуй эки эрдин
Жаңылдан болду катары.
Жарашпады сапары,
Асыл туйгун эки эрдин,
Айтылып калды макалы.
Анжыян, Арка арасы,
Жалпы жердин сарасы.
Үлбүрчөк, Бургуй аталып.
Эки жайлоо төр турат,
Жылаңач-Чытты белинде
Атагы дайын жер турат.
Ошо төрдөн шаркырап,
Эки булак суу агат,
Үлбүрчөк, Бургуй аталат.
Муну мындай коюңар,
Ар демеден ою бар,
Үчүкө менен Түлкүнүн,
Кабарынан болуңар.
Асылы түбү сарбагыш,
Айтылат сөзү чын калыс.
Түбү келет далайдан,
Агул, Кубул, Тагайдан,
Орун алып турчу экен,
Ала-Тоо менен Алайдан.
Кылжырдын аты Сарбагыш,
Өңү сары, мойну ийри,
Кылжыр деп атак алыптыр,
Дөөлөс деген бир уулу,
Сарбагыш атак алыптыр.
Дөөлөстөн болгон төрт бала,
Токо, Жантай, Таздар дейт.
Эң кичүүсү Манап дейт,
Токо, Манап чоң болуп,
Журтка бүлүк салган дейт.
Түтүнгө асый алган дейт,
Азапка элди салган дейт.
Алман алып, эл жемек,
Манаптан нуска калган дейт.
Манаптын болгон балдары,
Сарысейит, Тугур дейт.
Сарысейит балдары —
Үчүкө, Түлкү эки хан,
Үчүнчүсү Кудаян,
Үчүкө, Түлкү, Кудаян,
Үч ага, ини бир тууган.
Кашкардагы Жаңылдын
Кабары буга угулган.
Нойгуттан бир кыз чыкты деп,
Далай эрди жыкты деп,
Кара калмак, кашкарлык,
Жаңылдан коркуп ыкты деп.
Кыйла чабал домогу,
Кыз да болсо мыкты деп,
Бул кабарды укканда,
Жаңылдын даңкы чыкканда,
Жаңылды барып алмак деп,
Нойгутка бүлүк салмак деп,
Арбын кошуун кол менен,
Айлына баса бармак — деп,
Аялдан корккон болобу,
Корккон адам оңобу?
Ал кара бет Жаңылдын,
Арбып барат домогу.
Түлкү мырза Жаңылды,
Алмак болуп жөнөдү.
Лоп дайрада Нойгутка
Бармак болуп жөнөдү.
Кошуунду арбын мол алды,
Миң чамалуу кол алды.
Оендор сапар кылууга,
Лоп дайрага жол алды.
Каркап 1 бир миң кол жүрүп,
Саналуу бир миң жол жүрүп,
Лоп дайранын оюнан,
Аккан суунун боюнан,
Койгуттун алды жылкысын,
Нойгуттун ачты уйкусун.
Кошуундун баарын күлдүрүп,
Жылкысын алып бүлдүрүп,
Айдап жолго салыптыр,
Арбын жылкы алыптыр.
Үчүкө, Түлкү жылкыны,
Кең Какшаалды өрдөтүп,
Жылкыны жолго салыптыр.
Бул арада Жаңылга,
Жылкыны алып кетти деп,
Жаңыдан кабар барыптыр.
Жаңыл угуп козголуп,
Тура албады токтолуп,
Кой күрөң атын каргытып,
Аңгемени арбытып:
— Идерлүү жигит, күлүк ат,
Бириң калбай аттан — деп,
Элдин баарын дарбытып,
Саадагын сая байланып,
Жоо жарагын шайланып.
Атамдын аты Койгут деп,
Ата-журтум Нойгут деп,
Түлкү менен Үчүкө,
Эркексинип булар — деп,
Эрдемсип жүрөт куулар — деп,
Нойгуттар атка мингин деп,
Жалпы тамам жүргүн деп,
Жөнөп калды турбастан,
Аттын башын бурбастан.
Жалпы Нойгут жан калбай,
Аттанып калды баарысы,
Бири да моюн бурбастан.
Жаңылын салып алдына,
Нойгуттун колу жөнөдү,
Толуп жаткан Жаңылдын,
Кыла турган өнөрү.
Үчүкө, Түлкү жылкы айдап,
Жаңыл үчүн бел байлап,
Алды, артынан жол чардап,
Каркап — көп деген мааниде.
Марал, Токой, Ийри-Жар,
Баса конуп алышты.
Кош башына бир бээден,
Ай туяк деп чалышты.
Келер Жаңыл турбас деп,
Кеңешти кылып алышты.
Ал аңгыча күн батты,
Эр отту жагып салышты.
Келсе Жаңыл алыш деп,
Эрдемсиген Жаңылды,
Элге алып барыш — деп,
Тамашага батканда,
Жаңыл мырза келиптир,
Үчүкө менен Түлкүнүн,
Экөөнү бирдей көрүптүр.
Үчүкө, Түлкү эгиз эр.
Экөө тең баатыр жан экен,
Кордоп болбойт адамды,
Айтканынча бар экен.
Качырганын кайсаган
Кара чаар шер экен.
Ыгы келсе бирөөнө,
Тийип алчуу эр экен.
Ийри жардын үстүндө,
Сынап Жаңыл олтурду,
Сымбаттуу Түлкү баатырды,
Сынап сынга толтурду.
Ал аңгыча кер тайган,
Жойлоп жетип барыптыр,
Кер тайгандын келгенин,
Үчүкө көрө калыптыр.
— Тайганы келди канчыктын,
Өзү да келип калган бейм,
Сыртыңдан чалгын чалган бейм.
Сыпатың байкап алган бейм.
Ат-атыңа камын деп,
Келген экен Жаңыл — деп,
Үчүкө айтып салыптыр.
«Канчык» деген бир сөздү,
Жаңыл каршы алыптыр.
«Үчүкө сөзүн танбайт» — деп,
Түлкү мени албайт — деп,
Алса дагы Жаңылдын,
Канчык аты калбайт — деп,
Жааны чоюп келтирип,
Тиер жерин өлтүрүп,
Үчүкөнү бүктөдү,
Түлкүнү жайлап таштады.
Талыкпаган Жаңыл кыз,
Тамашаны баштады,
Атакозу, Чабагы,
Ыргып туруп ордунан,
Эмне болуп кетти деп,
Башын өөдө көтөрүп,
Жөлөп калды а, дагы.
Жаңыл мырза турбастан,
Башка кепти урбастан,
Атакозу, Чабакты,
Колок менен келтирип,
Аны да жайлап таштады.
Талыкпаган кара бет,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 20