Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 01

Total number of words is 3989
Total number of unique words is 1913
30.0 of words are in the 2000 most common words
43.6 of words are in the 5000 most common words
51.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Китепке кол жазмалар корунда сакталып турган түмөндөгөн эл оозеки
чыгармалардын ичинен «Тарыхый ырлар», «Тарыхый адамдарга арналган
кошоктор» жана «Тарыхый окуялар» деген бөлүктөрү кирди.
Китеп кыргыз тарыхын көркөм сөз кудурети аркылуу сезүүгө жана үйрөнүүгө
шарт түзөт, ошондой эле окурмандарга али белгисиз кызыктуу жана олуттуу
фактыларга туш кылат.
Жыйнак окурмандардын калың катмарына арналат.
Басмага Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун
Окумуштуулар Кеңеши тарабынан сунуш кылынган.
БАШ СӨЗ
Тарыхый ырлар элдин жашоосу менен тыкыс байланышта болуп, элдин башынан
өткөн тарыхый окуяларды чагылдырат. Тарыхый ырларда мамлекеттин
тарыхы чагылдырылып, ошол тарыхый окуяларга карата болгон элдин көз карашы
берилет. Негизинен тарыхый ырлар элдин таламын көздөп, ички жана
тышкы душмандар менен күрөшүүдө активдүү роль ойногон саясый ыр болуп
эсептелет. Ошентсе да, дайым эле болуп өткөн тарыхты дал өзүндөй кылып так
берет деп түшүнбөөбүз керек. Айтуучулардын көркөм дүйнөсүнүн деңгээлине
жараша идеялык-саясый абалды күчөтүү максатында же болбосо угуучуларды өзүнө
тартуу үчүн эмоциялык абалда айтылып кеткен учурлар да болот. Кээ бир тарыхый
ырларда айтуучу болуп өткөн так маалыматты бербестен, кээде ойдон чыгарылган
уламыш, имишти кошуп айтышына күбө болобуз. Мисалы, Балбай баатырдын орус
төбөлдөрү колдуу болуп түрмөдөн ууландырылган деген имишти алалы:
«Сөөмөйүндө уусу бар,
Эң Балбайга сыйпады.
Душмандыгын билгизди,
Балбай жакшы киши деп,
Мурдуна сөөмүн тийгизди.
Солдат кетти талаага:
Жолукту Балбай балаага» 1
—- Деген саптардан сөөмөйүн ууга малып келген солдат нерсе болбойт, ал эми
Балбай ууланып өлөт. Балбайды жөлөп-таяган Молдосандын колу шишип
карышып калат. Мындан биз элдин «өз баатырына эч ким түздөн-түз даап өмүрүнө
кол сала албайт эле, ошол себептүү жашыруун, билгизбей уу сыйпап өлтүрүштү» —
деген ишенимин көрөбүз.
Айтылуу Шабдан баатырга арналган тарыхый казалда баатырдын падыша
өкмөтүнө кыргыз жерин каратуудагы эмгеги баса белгиленип, басып алуучулардын
сый-урматына татыктуу болуп, өмүрү өткөнчө сый көргөнү айтылган. Ошол эле
маалда сап арасынан жөнөкөй элдин тарткан жабыры:
«Талкалаган Чарбакты,
Жанындагы жолдошу,
Айтып-айтып зар какты»
— деп жылт эте көрүнө калат. Бийлик, байлык үстөмдүк кылып, ачык айтканга айла
жок ошол мезгилде жабыр тарткандардын зары экинчи планда каймана түрдө
берилип келген.
Эл-жердин боштондугу үчүн күрөштү берүүдө тарыхый ыр өтө жогору деңгээлге
жеткен. Бул ырлардын мазмунунда Кокон хандыгынын кысымына, андан кийин
Орусия падышасынын басып алуучулук саясатына каршы элдин башын бириктирип
көтөрүлүшкө чыккан эр-азаматтардын эрдиктери даңкталган:
«Тегереги кыргыздын,
Темирден тарткан тор болду.

Кол жазмалар фондусу. Инв. 66 (260).
Түшкөн жери кыргыздын,
Кырк кулач терең ор болду.
Кокондуктун бийлиги,
Маңдайга бүткөн шор болду.
Тартып алды кокондук,
Беш көкүлдүү кыздарды». 1
— деп, эл оозунда айтылып калган тарыхый ырлардан эле эл башына түшкөн
мүшкүлдөн кабар алабыз. Эзүүгө чыдай албаган элдин башын бириктирип Ош,
Анжиян жактан алтын айчык туу кармаган Мамыр Мерген уулу баштаган
көтөрүшчүлөр Кокон хандыгына эң биринчилерден болуп каршылык
көрсөткөндүгү, хандын менменсиген колун талкалагандыгы элге даңаза болот.
Мамыр баатырдын сүрүнөн корккон Кудаяр хан: «Мамырды кармап берсең, бүт
хандыгым менен сен жакка өтөм» 2 — деп, падыша өкмөтүнүн элчилигине убада
берет. Кара башы бир хандыкка татыган Мамыр баатыр Токмок уездинин
начальниги тарабынан 1874-жылы кармалып, бир кабарда 1876-жылы, бир кабарда
Анжиян шаарында 1881-жылы асып өлтүрүлгөн.
Тарыхый ырларда тарыхый адамдардын адамдык касиети менен болуп жаткан
окуя ажырагыз болуп берилет. Бул ырларда элдин жашоо традициясы менен
тарыхы көркөмдөлүп берилет, каармандар да чыныгы тарыхтан алынып, алардын
эл үчүн жасаган эмгектери өтө жогору бааланат. Эрдик, б. а. эл-жерди коргоо темасы
тарыхый ырлардын көпчүлүгүндө чагылдырылат. Эл-жерди коргоону өзүнүн
өмүрүнөн да жогору койгон каармандар ар дайым элдин урматына татыктуу болуп
келген. Мисалы, калмактардын эзүүсүнөн элди куткарып, жер коргогон Курманбек
баатырга арналган баянды атасак болот. Орус фольклористикасында бул өңдүү
баатырлар көбүнчө былиналарында учурайт. Тарыхый каармандардын образына
карата болгон фантазиянын тарыхый окуяга аралашып кетиши, улам берилеген
сайын элдин табитине туура келе бербегендигине байланыштуу конкреттүү
тарыхый окуяларды чагылдырып берген тарыхый ырлардын жаралуусу келип
чыккан. Кийинки тарыхый ырлардагы каармандар өтө апыртылган көрүнүштөрдөн
ажыратылып, чыныгы турмушка жакындаган поэтикалык чыгарманы түзгөндүгү
көрүнүп турат.
Кол жазмалар фондусунда сакталып турган материалдардын ичинен кыргыз
элинин жашоосунда өзгөчө бир бурулуш болгон жагдайларды чагылткан тарыхый
ырлар бир топ эле көп. Анын эң маанилүүсү да, көлөмдүүсү да болуп, 1916-жылдагы
көтөрүлүшкө арналган Үркүн темасы эсептелет. Эл башына түшкөн апаат бул
тарыхый ырларда өтө көркөм, өтө образдуу, чыныгы оор тагдырды өздөрү
аралашып, өздөрү күбө болгон адамдардын зыркыраган жан-дүйнөсү аркылуу
берилгендигине күбө болобуз.
Тарыхый ырларды мурун жарыкка чыгарууга Ж. Төлеев аракет кылган экен,
кандайдыр бир себептер менен жарыкка чыкпаптыр. Андан «Казак кайың саап,
кыргыздын Ысарга киргени» — деген ыр алынып, ушул жыйнакка киргизилди.
С. А ЕГЕМБЕРДИЕВА,
улуу илимий кызматкер
Сыдыков О. Тарых кыргыз Шадмания. Шабдан баатырдын казалы. «Кыргызстан», 1990-жыл.
Мыйманалы Мамыт уулу. «Ала-Тоо», № 10, 1990.
«КАЗАК КАЙЫҢ СААП,
КЫРГЫЗДЫН ЫСАРГА КИРГЕНИ»
Санчы сынчынын кан Кудаянды сынашы
Сарыбагыштын элинде,
Сарысейит дегенден,
Үчүкө, Түлкү эгиз эр,
Кудаян менен Эрдене,
Телегейи тегиз эр.
Аты айтылган Кудаян,
Кимден баккан билинбейт,
Асыранды баласы,
Ак калпактуу кыргызга,
Артыкча тийген балаасы.
Үчүкө, Түлкү эгиз эр,
Жаңыл кыздан өлгөн соң,
Кайра келбес чын жайды,
Катар экөө көргөн соң,
Ала-Тоодо кыргызга
Кудаян эми кан болот.
Жүрүш менен турушу,
Кара жолтой жан болот.
Дүнүйөгө мас болот,
Акыл тапчу адамга,
Ал Кудаян кас болот.
Өз билгенин кылчу экен,
Кылып жаны тынчу экен.
Бир күнү туруп Кудаян,
Өзүнөн өзү оолугат,
Кадимки Санчы сынчыны,
Чакыртып алып кашына
Мына мындай деп айтат:
«Сынчы экениң чын болсо,
Сынагын мени, деп айтат.
Баатырмынбы, эрминби?
Адамдан башка шерминби?
Акылым артык кеңминби,
Эртеги өткөн Манастан,
Мен Кудаян кемминби?
Ай ааламга таанымал,
Ат башында кашкабы
Баатырлыгым башкабы?!
Жоомартмынбы, сараңбы,
Жүздү жашап барамбы?!
Тукумум арбын болобу,
Мен сыныңа толомбу?!
Тукумум журтту кармайбы,
Ажыдаардай оп тартып,
Кез келгенди жалмайбы?!»
Ушу сөздү урганда,
Сынагының мени деп,
Кудаян кыстап турганда,
Анда сынчы кеп айтат:
«Сенде сын жок деп айтат,
Сени сынап болбойт, дейт,
Сыноого сының чак келбейт,
Сынаган сынчы оңбойт!» — дейт.
Кудаян ага болбоду,
Кычаганын койбоду.
Анда сынчы кеп айтат:
«Ушу мени Кудаян,
Кыстабачы деп айтат.
Сынап чынын мен айтсам,
Акыры менден сын кетет,
Сенден сыймык сыр кетет.
Көргөнүм айтып салармын,
Жаман айтып салдың деп,
Бул сынчыны кор кылып,
Маңдайым калың шор кылып,
Астымдагы Төөбоз ат,
Айыпка жыгып аларсың,
Кан Кудаян койсоңчу,
Бул кылыктан тойсоңчу!»
Деп ошондой сөз айтып,
Сынабаймын сени деп,
Сынчы моюн бурганы,
«Сына сынчы сына!» — деп,
Алаптаган Кудаян,
Күчөп кудай урганы.
Сынчы сынын жар айтат,
Кудаяндан көргөнүн,
Жашырбастан шар айтат:
«Кой-кой десем болбодуң,
Компоңдогон Кудаян,
Кордугуңду койбодуң!
Көргөнүмдү айтамын,
Акыры түбү оңбодуң!
Сен кара жолтой бир кансың,
Кадемиң каткан бир жансың!
Ушу сенин тушуңда,
Калың кыргыз бузулат,
Качып-бозуп кысылат.
Аз жыл калды карап тур,
Дүнүйөнү чачасың,
Жөөлөп алып токтобой,
Күн батыш карай качасың.
Көргүлүктү көрөсүң,
Ач кайкалаң куу белде,
Ачкалыктан өлөсүң!
Калмак алат жериңди,
Карап тургун Кудаян,
Кайкалатат белиңди!
Ойрот алат жериңди,
Карап тургун Кудаян,
Омкорот такыр белиңди!
Калмак алат малыңды,
Агызат суудай каныңды!»
Сынчы мындай дегенде,
Кан Кудаян күүлөнөт,
Кашындагы сынчыга,
Каарын төгүп сүйлөнөт:
«Акмак сынчы не дейсиң,
Оозуңа келген сөздү айтып,
Алжыган бир кедейсиң!
Кор болорду билбеген,
Тантыраган кедейсиң!»
Деп ошентип Кудаян,
Кашындагы сынчыны,
Чокуга бирди салыптыр.
Төөбозду жыгып алыптыр.
Ашкере айткан сынчынын,
Коюнундагы ак коён,
Булт коюп секирип,
Сызып жолго салыптыр.
Алаптаган Кудаян,
Сынчыга кордук кылганы,
Астындагы Төөбоз ат,
Жыгып алып тынганы.
Ал сынчыдан сын кетип,
Калган экен ошондо,
Кудаяндан сыр кетип.
Жунгария калмагы
Жунгар деген кайсы жер?
Ашкере кылып айтамын:
Кара-Шаар, Күнөс, Текес дээр,
Жунгардын жери жай болот,
Төрт түлүктүү чарбага,
Оболтон бери карата,
Калмактын журту бай болот.
Кадимки Жылдыз жайлоосун,
Жайлап турат калмактар,
Эң кедейи миң жылкы,
Айдап турат калмактар.
Ак кымыздан аракты,
Тартып турат калмактар.
Салтанаты кылымдан,
Артып турат калмактар.
Кыргыздын Ала-Тоосуна,
Көз алартат калмактар,
Ар качандан бир качан,
Көп алартат калмактар.
III. Вайис султан ким?
Он жетинчи кылымда,
Жунгария калмагы,
Эр өөдөлөп жогору,
Казак, кыргыз, уйгурга,
Оор тиет салмагы.
Өлкөсүндө жунгардын,
Дария Иле суусу бар,
Тыргоот, Шибе, Зубун дейт,
Уруулары ушулар.
Дария Иле боюнда,
Вайис султан кан болот,
Кошуну канча сан болот.
Көтөрүлгөн калмакты,
Күн батышка карата,
Жылдырбастан калмакты,
Тосуп турат Вайис кан.
Акыл менен кайраты,
Озуп турат Вайис кан.
Жылдырбастан калмакты,
Вайис султан токтотот.
Бир канча жолу урушуп,
Кырып жоюп окшотот.
Дария Иле боюнда,
Турган экен Вайис кан.
Калмактарга соккуну,
Урган экен Вайис кан.
Дария Иле боюнда,
Ушу күндө аман бар,
Вайис султан мазары,
Мусулман эли сыйынган,
Мазарга түшүп назары.
Казак, кыргыз элдери,
Вайис султан мазарын,
Вайсилкара деп айтат,
Унутпастан көп айтат.
«Түрк-татар» деген тарыхта,
Вайис кан аты жазылган,
Басма сөзгө басылган.
IV. Калмактардын Ала-Тоону басып алышы
Вайис султан тушунда,
Лоптон чыгып Жаңыл кыз,
Ажыдаардай октолот,
Карыш жылбай батышка,
Калың журту калмактын,
Кан буугандай токтолот.
Ала-Тоонун жеринде,
Үчүкө, Түлкү, кан Шырдак,
Бул өңдөнгөн эрлер бар,
Кара кулак шерлер бар.
Жаңыл кыздын колунан,
Үчүкө, Түлкү эр өлүп,
Ажалы жетип күн бүтүп,
Кан Шырдакбек бөрү өлүп.
Ушундай иштер болгон соң,
Кыргыздын бели сыныптыр,
Калмактын көөнү тыныптыр.
Ушу мезгил ичинде,
Вайис султан өлүптүр,
Кыяматты көрүптүр.
Колго түшүп кор болуп,
Жаңыл кыздын ошондо,
Даңкы чыкпай калыптыр.
Ушундай иштер болгон соң,
Баса келип калмактар,
Ала-Тоодо кыргызды,
Астын-үстүн салыптыр.
Ак калпактуу кыргыздан,
Белдүү эрлер жок болуп,
Башкарар эрлер болбостон,
Баш аламан токтолуп.
Кыргыздан кубат кетти деп,
Кетпегенде нетти деп,
Ала-Тоону шыпырып,
Алар убак жетти деп.
Жунгария калмагы,
Көчө чыгып каптаптыр,
Чаң асманын чыгарып,
Ак калпактуу кыргызды,
Таманга салып таптаптыр.
Жунгария калмагы,
Көктөмдө чөптөй толуптур,
Ала-Тоонун жерине,
Жайнап келип конуптур.
Ала-Тоону калмактар,
Баса келип алыптыр,
Келип конгон жерине,
Таштарга тамга салыптыр.
Таштан буркан оюптур,
Кудай кылып коюптур.
Калмактын каны Коңтаажы,
Ысык-Көлгө конуптур,
Оонабас султан болуптур.
Алты-Шаар, Кашкарды,
Аны да калмак каратат,
Ала-Тоонун кыргызын,
Ар тарапка таратат.
Каптап кирген калмакка,
Казак да карап бериптир,
Каяшаяк кылбастан,
Дегенине көнүптүр.
Каптап Жунгар калмагы,
Кара курттай толуптур,
Кең Кашкарга ошондо,
Бака маңжы чоң калмак,
Ордолуу кан болуптур.
Ысык-Көлдө Коңтаажы,
Бака маңжы атасы,
Айтылып турган сөздөрдүн,
Эч бир жоктур катасы.
Качпай калып жеринде,
Катуу ачкалык болгондо,
Казак кайың сааган дейт,
Кыргыз Ысар кирген дейт.
V. Кыргыздын Ысарга киргени
Каптап калмак кирген соң,
Токтоно албай кыргыздар,
Дүнүйөнү чачыптыр,
Ысар менен Көлөпкө,
Көңтөрүлө качыптыр.
Бир жылкыдан башкасын,
Таштап качат малдарын,
Ала качат жандарын.
Матоосу менен төө калат,
Короосу менен кой калат,
Желеси менен уй калат,
Тигилүү бойдон үй калат.
Кетмен-Төбө, кең Талас,
Атбашы, Нарын, Ала-Тоо,
Кең Ысык-Көл, Чүй калат.
Ала-Тоонун жеринен,
Ак калпак кыргыз качканда,
Дүнүйөдөн айрылып,
Акылынан шашканда,
Кан Кудаян ошондо,
Ач кайкалаң куу белде,
Ачкасынан өлүптүр,
Акыретти көрүптүр.
Сынчынын сөзү чын болот,
Калың журттун алдында,
Бурулбай сыны сын болот,
Акыр заман журтуна,
Айтылып калган ыр болот.
Кудаяндын тукуму,
Эң артыкча аз болот.
Жыйырма түтүн чамасы,
Сарбагыштын ичинде,
Тоголок деп аталат,
Назарлары пас болот.
VI. Өзүбектердин кыргыздарга кылган мамилеси
Калмактан качкан кыргызды,
Тосуп алып жолунан,
Анжиян, Кокон сарттары,
Абыдан өтөт дарттары.
«Капыр экен кыргыздар,
Кесепети жетет деп,
Жетпегенде нетет деп,
Колуна тийген кыргыздын
Эр бүлөсүн кыйратат,
Эпсиз жаман ыйлатат.
Тартып кетет таптакыр,
Беш көкүлдүү кыздарын,
Татытат абдан туздарын.
Өлгөндөн калган кыргызды,
Ыйманга тилин келтирип,
Ислам динге киргизет.
Кыргыздардын башына,
Азапты арбын жеткирет.
Эшен, молдо, кожолор,
Каарданса кыргызды,
Тирсегинен илишет,
Баштагыдай бош жүрбөй,
Өлгөндөн калган кыргыздар,
Дыйкандыкка киришет.
Көрбөгөндү көрүшөт,
Анжиян, Букар элинин,
Өкүмүнө көнүшөт.
Өкүмгө көнбөс кыргыздар,
Ажалдан мурун өлүшөт.
Анжиян, Көлөп, Ысарга,
Качып барган кыргыздар,
Он түтүнү баш кошпой,
Тозуп кетет ошондо,
Тополоңу тоз болуп,
Тозуп кетет ошондо.
Дегенине сарттардын,
Көнүп калат ошондо,
Азы аман калса да,
Көбүрөөгү кыргыздын,
Өлүп калат ошондо.
Көрбөгөндү башкача,
Көрүп калат ошондо.
Ак калпактар таптакыр,
Динге кирет ошондо,
Мурун сүйлөп көрбөгөн,
Тилге кирет ошондо.
Эшекти аттай минишет,
Билбеген тилди билишет.
Эшен, кожо, молдолор,
Эр азамат жигитти,
Денекул кылып алышат,
Башына азап салышат.
Эшекке чом токутат,
Үйрөтүп намаз окутат.
Карылар какшап кеп айтат:
«Анжиян, Букар элинин,
Кордугу өткөн» — деп айтат.
Калмактын болуп кордугу,
Ак калпактуу кыргызга,
Сарттардын өтөт зордугу.
Калмактан качкан кыргыздар,
Сарттарга барып тутулат,
Аябастан утулат.
Ошентип кыргыз азаят,
Оболкудай болалбай,
Обурагы басаят.
VII. Коңтаажы кандын балдары
Коңтаажы канда үч бала,
Аттары экен ушулар,
Ажаан, Шуну, Калдама.
Күлкаакы деген кызы бар,
Адамдан башка нуру бар.
Аксакалы Ажаандыр,
Ар бир кылган иштери,
Адамдан башка тажаалдыр.
Ал Ажаанды Коңтаажы,
Сары-Өзөн Чүйгө кан кылат,
Кандыгын журтка даң кылат.
Артыкча тажаал ал Ажаан»
Жазыксыз жанды өлтүрөт,
Азапты артык жеткирет.
Баш кошуп алып калмактар,
Ажаанды кармап союптур,
Кара көзүн оюптур.
Ажаанды жайлап салыптыр,
Көп биригип алганда,
Ажаанды кармайт деген сөз,
Ак калпактуу кыргызга,
Ылакап болуп калыптыр.
Шунуда кан болуптур,
Анын да кан болгонун,
Калың калмак көрүптүр.
Күчөй элек кезинде,
Ажалынан өлүптүр.
Калдама адил болуптур,
Калкынын көөнү толуптур.
Ала-Тоону ээлеген,
Калмактын калкы ошондо,
Ар жерден алым алыптыр,
Жерге эгин салыптыр.
Төрт түлүктүү чарбасы,
Жердеги чөптөй болуптур.
Байлыгы ташып толуптур.
Илгертен бери карата,
Көчмөндүү экен калмактар,
Кыргыздарга башынан,
Өчмөндүү экен калмактар.
VIII. Бугу элинин качпай калгандары
Ала-Тоонун жерине,
Калмак басып киргенде,
Ала-Тоонун кыргызы,
Ысарга үркүп жүргөндө,
Бугу деген уруунун,
Бир тобу тамам качпаптыр,
Дүнүйөсүн чачпаптыр.
Ысык-Көлдүн тоосунда,
Бейкут жатып калыптыр,
Каптап түшүп Коңтаажы,
Ысык-Көлдү алыптыр.
Качпай калган бугулар,
Коңтаажыны көрүптүр,
Өкүмүнө көнүптүр.
Коңтаажы кан элине,
Эч жамандык кылбаптыр,
Адил экен калмак деп,
Анда кыргыз сындаптыр.
Коңтаажы кан өлгөн соң,
Калдама кан болгон дейт,
Калкынын көөнү толгон дейт.
Калдама адил чыккан соң,
Аны кыргыз уккан соң,
Анжиян, Букар жеринде,
Азып жүргөн кыргыздар,
Урук болуп топтошуп,
Ала-Тоону жоктошуп,
Анжияндын чыгыш бетине,
Калмактардын четине,
Калмакка четтеш келишет,
Сүйлөшүп сөзгө көнүшөт.
Каттоо болуп калышат,
Үйрөнүшүп алышат.
IX. Калдама менен Белек
Калдаманын тушунда,
Бугунун даңктуу кишиси,
Белек болот ушунда.
Кан Калдама Белекке,
Таш сайып улук кылыптыр,
Ал кабарды укканда,
Адил экен калмак деп,
Кыргыздын көөнү тыныптыр.
Качпай калып калмакка,
Баш ийип калган бугулар,
Жери Ысык-Көл жай болуп,
Төрт түлүк малда санат жок,
Жылбай калат бай болуп.
Калдама журтка кан болуп,
Адилдиги араандап,
Алыска кетип даң болуп.
Ысык-Көлдүн тескей тоо,
Тескей тоонун сыртында,
Ак-Шыйрак, Жаңы-Арт, Сырты бар,
Кар баспаган кара жер,
Малга жайлуу ушулар.
Дабанчы деген бир калмак,
Бир уруу калмак элине,
Башчы болуп ошондо,
Ак-Шыйрак, Жаңы-Арт жерлерин,
Ээлеп жатып калыптыр.
Калдамага баш ийбей,
Өзүнчө болуп алыптыр.
Бир күнү туруп Калдама,
Чакыртып алып Белекти,
Мына мындай кеп айтат:
«Тоо артында Дабанчы,
Баш бербеген каманды,
Төбөсүнөн басамын,
Төрт түлүгүн чачамын!
Кошун жыйып барамын,
Дабанчынын башына
Акыр заман саламын!
Он уулуңду Белегим,
Алып келчи сынаймын,
Баш аягын кынаймын.
Калдаманын алдына,
Он уулун Белек өткөрөт,
Артык сынчы Калдама,
Баарын сынап көз көрөт.
Аты Алдаш баланы,
Сынап турат Калдама,
Баш-аягын койбостон,
Кынап турат Калдама.
Сынап туруп акыры,
Сынын айтат Калдама,
Кыпындай жерин койбостон,
Чынын айтат Калдама,
Калдама анда кеп айтат:
«Ушул Алдаш балаңыз,
Тукумдуу болот деп айтат,
Тукуму өсүп толот, дейт,
Ысык-Көлгө конот, дейт.
Кызыл тилин кайраган,
Булбул болуп сайраган,
Чечендер чыгат ушундан,
Акылы дайра теңиздей,
Нечендер чыгат ушундан.
Көзгө сайса ирмебес,
Баатырлар чыгат ушундан,
Кара нээт, таш көңүл,
Капырлар чыгат ушундан.
Ай менен күндөй жаркыган,
Сулуулар чыгат ушундан.
Ар жерлерди толтурган,
Уруулар чыгат ушундан.
Төрт түлүк малы батпаган,
Байлар чыгат ушундан.
Баарын билген өнөрдүн,
Жандар чыгат ушундан».
Аксакалы Тогузбай,
Элчибай, Кожош, Алдаяр,
Тондуу уулу Теңизбай,
Шүкүр, Токоч, Токойду,
Эң кенжеси Толубай,
Толук толот сынына,
Баарысынын толугу ай.
Баарысын сынап болтурат,
Өз сынына Калдама,
Толубайды толтурат.
Токойду сынап кеп айтат:
Бизден кийин заманда,
Тукумунан күл чачар,
Чыгат экен деп айтат.
Карылар какшап кеп айтат:
«Ал күлчачар дегени,
Балбай экен» — деп айтат.
Калдаманын айтканы,
Баары ордунан чыккан дейт,
Заманында карылар,
Катасы жок уккан дейт.
Калдама эми кеп айтат:
«Он уулуңду Белегим,
Колго бергин» — деп айтат.
«Дабанчыга барышсын,
Барып уруш салышсын».
Калдамадан кеп угуп,
Балдарыңдын баарысын,
Жигитке бергин, — деп угуп,
Мына ошондо Белектин,
Жүрөгү кетет кабынан,
Билеги кетет сабынан.
«Бербейм» — деп бир ооз айтууга,
Ал Белекте дарман жок.
Эптеп качып кутулса,
Белекте эч бир арман жок.
Анда Белек кеп айтат:
«Он уулумду кошуунга,
Берейин акыр, — деп айтат.
Жарак-жабдык жамдайын,
Ат-тондорун камдайын!»
Деп ошондой сөз айтып,
Аттанып келди үйүнө,
Кантер айла табалбай,
Кайгыланып күйүнө.
«Кандай айла кыламын,
Кайда кетип тынамын!
Тобокел кылып көрөйүн,
Токтолуп карап турбастан,
Томолонуп өлөйүн.
Ысар менен Көлөпкө,
Азып кеткен кыргыздын,
Аркасынан жөнөйүн!
Сыйынайын арбакка,
Кантип берем балдарды,
Калдамадай калмакка!»
Деп ошондой сөз айтып,
Балдары менен кеңешип,
Акылдарын теңешип,
Акбоз бээни алышып,
Ай туякка чалышып.
«Ысык-Көл ата колдо, — деп,
Мүйүздүү эне жарыктык,
Колдогун ушу жолдо» — деп,
Акырын көчүп алыптыр,
Анжиянды карата,
А деп жолго салыптыр.
Ээн жолго салыптыр,
Э, деп көчүп алыптыр.
Асмандан булут тутулуп,
Калдамага карматпай,
Белек кетет кутулуп.
Ал калмактын заманы,
Калмак бийлеп турганда,
Куурулат кыргыз амалы.
Кысым көрсө калмактан,
Көтөрбөс өөр салмактан.
Ондон, бештен болушуп,
Кыргыз качат Анжиянга,
Токтоно албай коюшуп.
Ушундай абал акыры,
Бир кылымга жеткен дейт,
Кыргыздан сыймык кеткен дейт.
Анжиян, Арка ортосун,
Жол кылыптыр кыргыздар,
Аз кылбастан ошондо,
Мол кылыптыр кыргыздар.
Анжиян качкан ал Белек,
Ала-Тоо көрбөй өлүптүр,
Алла-таала кудайдын,
Өкүмүнө көнүптүр.
Балдарынын бир тобу,
Анжиянда өлгөн дейт.
Бир канчасы балдардын,
Аксакал болгон кезинде,
Ала-Тоону көргөн дейт.
X. Калмактын калдыктары
Ала-Тоо келген калмактар,
Абыдан таршып толгон дейт,
Кашкулак, суур, каманды,
Кармап жешип оңгон дейт.
Ала-Тоодо ал кезде,
Кашкулак, суур көп болот,
Көптүгү чөптөй жык толот.
Ала-Тоонун жерине,
Элүү, алтымыш жылдарча,
Турган окшойт калмактар,
Кашкулак менен суурга,
Тунган окшойт калмактар.
Кыргыздарга азапты,
Салган экен калмактар.
Ала-Тоонун жерине,
Элүү, алтымыш жылдарча,
Калган экен калмактар.
Калмактардын тушунда,
Ар жерде калган белгилер,
Азыр да турат ушунда.
Калмактын казган арыгы,
Айтылып турат аныгы.
Калың кара эл айтат,
Калмак арык деп айтат.
Ташка салган белги бер,
Текшергенде аларды,
Калмактан калган ушулар.
Ала-Тоонун жеринде,
Көп жерлердин атагы,
Калмактардын атында,
Айтылып турат ушунда.
Ысык-Көлдө Байсоорун,
Соорун деген бай калмак,
Как ошонун аты экен.
Бул заманда адамга,
Айтылып сөзү жат экен.
Чоң Кемин менен Ысык-Көл,
Ортосунда тоолордо,
Калмак-Ашуу атагы,
Болгон экен кыргызга,
Калмактардын чатагы.
Доро деген бир сууну,
Дөрө жайсаң алыптыр,
Ушу күндө ошо суу,
Дөрө атанып калыптыр.
Кара Кочкор жеринде,
Арсы калмак болуптур.
Ушу күндө ошо жер,
Арсы атка конуптур.
Кең Нарындын жеринде,
Дөрбөлжүн, Туткуй жери бар,
Бул аттар калмак аттары,
Ушу айтылган жерлерде,
Турган экен ушулар.
Ат-Башынын жеринде
Үч-Буркан, Кембил жер аты
Бул айтылган жерлерге
Турган калмак өз аты.
Үч-Буркан төрө дээр экен,
Байлыгы ашкан эме экен.
Кембил жайсаң турган суу
Кембил атка калыптыр.
Жылчык койбой жерлерди,
Калмак толуп алыптыр.
Ар бир жерде карасак,
Тизилген катар дөбө бар,
Калмактан калган дөбө деп,
Айтышып жүрөт карылар.
Кай бир кары кеп айтат:
«Дөбөлөрдүн бардыгы,
Калмактын көрү» — деп айтат.
«Кай бир кары кеп айтат:
Көр эмес үйү» — деп айтат.
Ала-Тоонун жеринен,
Кай бир кезде кишилер,
Көп мүлктөрдү табышат,
«Калмактан калган мүлктөр» — деп,
Карыялар айтышат.
Кыргыздарда бул күндө,
Толуп жаткан ырымдар,
Карыялар айтышат,
Калмактан калган ушулар.
Нооруздама жаңы жыл,
Айткан сөздү анык бил.
Көчө тамак кылышат,
Ичип-жешип тунушат.
Күүгүм кире, күн бата,
Арчаны колго алышат,
Жалындатып күйдүрүп,
«Алас-алас-алас деп,
Ар балаадан калас» — деп,
Адамдардын баарысын,
Жашы менен карысын,
Бирден-бирден бастырып,
Желпип чаап өткөргөн,
Ойноо бала чагымда,
Өзүм да өтүп көз көргөн.
Коргошундан куйдуруп,
Анын атын «кут» деген,
Касиети бүт деген.
Азыр да кыргыз кеп айтат:
«Куттуу үйдө турам» — деп айтат.
Бул ырымдын баарысы,
Калмактардан калыптыр.
Аралашкан кезинде,
Калмактан кыргыз алыптыр.
Анда кыргыз кеп айтат:
Калмак да болсо ушулар,
Кандуу журт ко деп айтат,
Кудай сүйүп бак берген,
Кандуу журттун салтына,
Кирели биз да деп айтат.
Толуп жаткан ырымдар,
Калмактан калган ушулар.
Жаңыл мырза сөзүндө,
Казактын каны кан Тооке,
Ачык-айкын айтылган,
Айта түшүп кайтылган.
Цэван раптан көрүлдү,
Көрүп көңүл бөлүндү.
Казактын каны кан Тооке,
Миң алты жүз сексенден,
Миң жети жүз, он сегиз,
Учурдагы кан экен,
Кандыгы калкка даң экен.
Калмактын каны Коңтаажы,
Миң алты жүз, бир токсон,
Жана жети жыл экен.
Болгон кези бул экен,
Мындан кийин Калдама,
Өкүм сүрүп калыптыр,
Калың калмак элинин,
Бийлигин колго алыптыр.
Кыргыздан чыккан бир баатыр,
Аты болот Салбасар,
Калдаманы сойгон дейт.
Кара көзүн ойгон дейт.
Коңтаажынын колунан,
Акыры кандык кетиптир.
Амурсан деген калмакка,
Акыры кандык өтүптүр.
Ошол кезде Амурсан,
Кең Кочкорду жердеген,
Акылга дыйкан эр деген.
XI. Кытайдын калмактарды кырышы
Калың калмак элдерин,
Амурсан турат башкарып,
Эргитип акыл ашырып.
«Коңтаажынын тушунда,
Калмактын калкы акыры,
Бейбаш болду ушунда.
Түптүү кытай канына,
Баш бербеди калмак эл,
Жүрүш менен турушу,
Ордо күткөн тагы жок,
Учуп жүргөн шамал жел.
Мындай туруш болбойт деп,
Мындай болуп турганда,
Түбүндө калмак оңбойт деп,
Казак менен кыргызды,
Алты шаар уйгурду,
Так катырып тургузду.
Анжиян, Букар каны бар,
Алда канча жаны бар.
Баш кошуп алып баарысы,
Ала-Тоодо калмакты,
Жоолап баары келбейби,
Азабын колго бербейби!
Акыры калмак оңбойт деп,
Мусулман калкы баш кошсо,
Калмакты бир күн сомдойт деп,
Аны ойлонуп Амурсан,
Кытайга барат камынып,
Таазим кылат табынып.
Амурсан калмак кытайдан,
Калың калмак калкынын,
Кандыгын сурап алыптыр,
Какан канга калмактар,
Баш ийишип калыптыр.
Кандыкты бөлүп алган соң,
Кандуу журт болуп калган соң,
Амурсан калмак ошондо,
Кытайга каршы ок атат,
Тамашага куп батат.
Калың кытай элинен,
Чыжоохей, Фуде эки улук,
Чөптөй черүү алыптыр,
Башынан ылдый карата,
Калмакты каптап калыптыр.
Калмакты каптап союптур,
Кара көзүн оюптур.
Кең Иленин боюнда,
Ошо болгон кыргында,
Кытайлардын колунан,
Миллион калмак өлгөн дейт,
Кыяматты көргөн дейт.
Калмактын туусу жыгылат,
Өлүктөр тоодой жыйылат.
Дүнүйөнү чачыптыр,
Амурсан калмак токтобой,
Казакты карай качыптыр.
Казактын каны Абылай,
Абылай канга барыптыр,
Баш калкалап калыптыр.
Абылай канга кытайдан,
Амурсанды бергин деп,
Элчилери барыптыр.
Анда токтоп туралбай,
Качып алып Амурсан,
Орусту карай салыптыр,
Оруска барып Амурсан,
Чечектен акыр өлүптүр,
Келбес жайды көрүптүр.
Алты шаар, Жунгарга,
Чыжоохей, Фуде ал экөө,
Улук болуп калыптыр.
Каршы болгон калмакты,
Астын-үстүн салыптыр.
Калмактардын кыргыны,
Миң да жети жүз жана
Элүү сегиз жылында,
Он сегиз деген кылымда.
Коңтаажынын кандыгы,
Отуз жылга толуптур,
Андан кийин баласы,
Калдама басып конуптур.
Жыйырма жылдан ашыра,
Турган белем Калдама,
Андан кийин моюнун,
Бул дүйнөдөн таптакыр,
Бурган белем Калдама.
Алтымыш жыл калмактар,
Өкүм сүргөн чени бар,
Жазылып калган тарыхтын,
Кандай жерде кеми бар.
Амурсандын бийлиги,
Беш, алты жылга толгондур,
Ошол убак болгондо,
Калмактар ойрон болгондур.
XII. Калмак менен кыргыздардын кырылыштары
Жогоруда айтылган,
Айта түшүп кайтылган.
Калдаманын тушунда,
Ала-Тоого жакындап,
Анжиян, Букар жеринде,
Азып жүргөн кыргыздар,
Четтеш келет ушунда.
Калмак менен кыргыздар,
Алыш-бериш кылышат,
Акырындап ошондо,
Аралашып турушат.
Калмакты кытай кырганын,
Ала-Тоо келген калмактар,
Ачык-айкын угушат,
Заманасы куурулуп,
Ак калпактуу кыргыздан,
Абыдан кооп кылышат.
Ала-Тоого туралбай,
Өрүп качат калмактар,
Көрбөгөндү артыкча,
Көрүп качат калмактар.
Тоошандап кыргыз кеп айтат:
«Бурканы тердеп калмактар,
Дүнүйөсүн чачыптыр,
Жунгарды карай качыптыр.
Элди бузган кадимки,
Кара деген көбөлөк,
Калмактарды айдаптыр,
Качып-бозуп сайлаптыр », —
Деп ошентип кыргыздар,
Кулак түрүп баарысы,
Бири калбай жамысы.
Көчө чыгып Анжияндан,
Сүрүп кирет калмакты,
Аяк өөдө сапырып,
Түрүп кирет калмакты.
Кабылына келгенде,
Качып калган калмактан,
Кыргыздар олжо алыптыр.
Кабылына келгенде,
Кыргыздарды калмактар,
Олжолоп кетип калыптыр.
Калмак менен кыргыздар,
Өздөрүнчө өлүшөт,
Өкүмүнө көнүшөт.
Кыргыздардан калмакка,
Алда канча баш кетет,
Анда балдар жаш кетет.
Калмактардан кыргызга,
Алда канча кул калат,
Санат жеткиз бул калат.
Кыргыз, калмак туурашат,
Жазыксыз жандар куурашат.
Ошондон калган калмактар,
Кыргыз болуп калыптыр,
Калмакка кеткен кыргыздар,
Калмак болуп алыптыр.
Чоң Кеминдин жеринде,
Уругу тынай элинде,
Калмакы деген урук бар,
Катыш болуп калмакка,
Кыргызга келген ушулар.
Калмакынын уулудур.
Ала-Тоодо калмактар,
Дүнүйөсүн чачыптыр,
Кара-Шаар, Текес карата,
Сапырылып качыптыр.
Кыргыздар кайта келиптир,
Качып алып калмактар,
Ала-Тоону бошотуп,
Кыргыздарга бериптир.
Ата-баба кеп айткан,
«Бирөө өлбөй да бирөө
Көрбөйт күндү» — деп айткан.
Кытайдан калмак өлүптүр,
Калмак өлүп калган соң,
Анжиян, Букар жеринде,
Азып жүргөн кыргыздар,
Жарым кылым болгондо,
Ала-Тоону көрүптүр.
Жаңылдан өлгөн Үчүке,
Үчүкөнүн уулу экен,
Маматкулу бул экен.
Абышка болгон кезинде,
Анжиян, Букар жеринен,
Ала-Тоого келиптир,
Келгенин кыргыз көрүптүр.
XIII. Күчүк, Токтоке, Табылды
Муну жазган Ибрай,
Ачык айтам шыбырай.
Уруум черик, акчубак,
Акчубактан тараган,
Күчүк деген бир киши,
Калмак менен акыры,
Болгон экен көп иши,
Жетинчи атасы Күчүктүр,
Кыргыз Ысар киргенде,
Ада качып болуптур,
Ысарга кирип барыптыр.
Бир жылдан кийин ал Күчүк,
Кайта тартып ошондо,
Анжиян келип калыптыр.
Анжияндын тоосуна,
Токтоп Күчүк калыптыр.
Мына ошондо зайыбы,
Эркек төрөп салыптыр.
Токтодук эми мында деп,
Ал төрөлгөн баланы,
Токтоке коюп алыптыр.
Төрт жылдан кийин зайыбы,
Эркек төрөп салыптыр.
Таап алдым акыр деп,
Табылды коюп алыптыр.
Тукуму өсүп Токтоке,
Токтоке бай атыгат,
Алайкууну жер кылып,
Калмактарга катышат.
Ошол кезде акыры,
Мына мындай сөз чыгат,
Ошол кезде калмактар,
Сапырылып качкан дейт.
Дүнүйөсүн чачкан дейт.
Качып калган калмактар,
Токтокенин айлын чаап,
Токтокени өлтүрөт,
Азапты антип жеткирет.
Качкан калмак артынан,
Ырыскулу, Табылды,
Экөө кууп калыптыр,
Тарагайдын сыртында,
Аркасынан барыптыр.
Кармап алып калмактар,
Табылдыны ошондо,
Өлүм кылып салыптыр.
Тогуз черик өлүптүр,
Кыяматты көрүптүр.
Абыш, Күчүк бир тууган,
Он эки уулу Абыштын,
Калмактардан кек кууган.
Баарысын калмак союптур,
Кара көзүн оюптур.
Ал өңдөнгөн кыргындар,
Ар жерлерде көп болот,
Кокту менен колотко,
Калмак менен кыргыздын,
Өлүктөрү жык толот.
Ала-Тоонун жеринен,
Калмактар кетип болуптур,
Андан кийин кыргыздар,
Ала-Тоонун жерине,
Акырындап толуптур.
Сарыбагыштан көп урук,
Ысар менен Көлөптө,
Келбей тамам калыптыр,
Кайта келип кыргыздар,
Ала-Тоону алыптыр.
XIV. Өлүктөрдү Анжиянга жүктөө
Ала-Тоонун жеринен,
Калмактар кетип болгон соң,
Кайта келип кыргыздар,
Ала-Тоого толгон соң.
Даңктуу өлүктүн баарысын,
Ала-Тоого көмбөстөн,
Анжиянга жүктөп барчу экен,
Ала-Тоо калмак жери деп,
Андай сөз айтып салчу экен.
Ала-Тоонун жерлерин,
Орустар келип алыптыр.
Ошондон кийин кыргыздар,
Өлүктөрдү Анжиянга,
Жүктөбөй акыр калыптыр.
XV. Калмактардын Атбашыдан бузулушу
Анжияндык бир баатыр,
Аты анык билинбейт,
Кыргыздан экен уруусу,
Артык баатыр туушу.
Анжияндан аттанып,
Жылда Арпага барчу экен,
Калмак элдин четинен,
Айдап жылкы алчу экен.
Ат кара тил болгондо,
Жайлап каркап толгондо,
Кең Арпага бет алып,
Ошо баатыр келиптир.
Арпада калмак билинбейт,
Келип акыр көрүптүр.
Андан бери келиптир,
Атбашыда Ак-Бейит,
Ак-Бейитке келиптир,
Атбашы ылдый желиптир,
Кошой коргон чалдыбар,
Как ошого келиптир,
Атбашыда калмак жок,
Аны да баатыр билиптир.
Кайда кеткен калмак деп,
Айран болуп туруптур.
Чалдыбардын жанында,
Калмактын бир катыны,
Турган экен ушунда.
Катындан баатыр кеп сурайт,
«Калмактан дарек билинбейт,
Кайда кеткен?» — деп сурайт.
Анда катын кеп айтат:
«Калың кара калмакты,
Жут бузду акыр» — деп айтат.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 02