Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 05

Total number of words is 4140
Total number of unique words is 2278
22.6 of words are in the 2000 most common words
35.9 of words are in the 5000 most common words
43.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Калмак менен бирге өскөн,
Кара кыргыз жамааты.
Казак менен кагышып,
Калмак менен салышып,
Жылда, күндө тынчыбай,
Жылкы тийип алышып,
Найзага колу карышып,
Чабуул коюп жарышып.
Көпчүлүгү күч менен,
Азчылыгы чабышып,
Талап-булап алышып.
Илим-билим жогунан,
Ит, бөрүдөй кабышып.
Көпчүлүгү зор болуп,
Азчылыгы кор болуп,
Кедейинин маңдайы,
Кере карыш шор болуп.
Жазында эгин айдабай,
Жайында тынчып жайлабай,
Маданият жогунда,
Баштагы элдин айбаны ай.
Чабуул чапкан коогасын,
Жайлап, кыштап тоо башын,
Анда кыргыз билбеген,
Алгы-берги соодасын.
Баатыр дешип кыйынды,
Баасын билбей тыйынды.
Пайдасы үчүн оторчу,
Калаа салып жыйылды.
Калаа калкы катыкты,
Кыргыз тузун татытты.
Сарт үйрөттү кыргызга,
Соода менен сатыкты.
Падышадай болгон деп,
Балбай менен Ормон деп,
Хан болуптур кыргызга,
Картыктай кан соргон деп,
Сарбагыш менен бугусу,
Саяк, солто уруусу.
Моңолдор, черик азчылык,
Букара экен мунусу.
Сарбагыш, бугу жааты,
Залымдардын сааты.
Кадимки ушул жааттык,
Калыптыр андан кааты.
Орустан мурун кандайдан,
Ормон менен Балбайдан.
Урукчулук күрөшү,
Калган экен андайдан.
Көбү азын жем кылып,
Манап менен баатырдын,
Кылган ишин эм кылып,
Манап менен баатыры,
Калкына туздай татыды.
Букаранын баарына,
Теңдик бербей акыры.
Эр өлтүрүп, кан төгүп,
Каршылык кылган шарт өлүп.
Байтал үчүн башын жеп,
Баатырлардын арты өлүп.
Манап, баатыр залимдер
Киши берген калыңга,
Байтал үчүн баатырлар,
Күйүп өлгөн жалынга.
Бугу менен сарбагыш,
Мурунтан берки ар-намыс,
Урукчулук күрөшү,
Ошолордон калган иш.
Мурунтан бери пул доолап,
Эр өлтүрүп кун доолап.
Өткөн экен ошолор,
Найза кармап жоо жоолап.
Жоокерчилик убагы,
Кырк жылга чейин жубагы.
Эмки болгон жааттык,
Илгеркинин ылаңы.
Байыркы ушундай калк экен,
Чыбык кыйган ант экен.
Дин үйрөткөн кыргызга,
Өзүбек менен сарт экен.
Ошолордун кылыгы,
Убадасы чыбыгы.
Чөптүн бүрүн мал жеген,
Аккан шар суу тунугу.
Бүркүтүнүн балдагы,
Бөрү кууп алганы.
Сары сайма шым кийген,
Тоо текенин жаргагы,
Кылып өткөн кааданы.
Саймалаган саадагы,
Маданият жогунда,
Баштагы элдин нааданы.
Келиндери жүгүнүп,
Башын ийип бүгүлүп,
Жүгүнбөгөн келинден,
Келген жери түңүлүп.
Май чүпүрөк шам жагып,
Мазар көрсө таң калып.
Бакшы менен молдого,
Байкуш кыргыз алданып.
Кылганынан залымын,
Кыздан жеген калыңын.
Айтып турган ушундай,
Абалкынын тарыхын.
Жыл маалыны толду деп,
Норустама1 болду деп,
Мылтык атып асманга,
Кылган ишин оңбу деп,
Калк чогулуп канчасы,
Аластаган арчасы.
Адат болуп таштабай,
Келе жатат мынчасы.
Ар бир түрдүү бурулуш,
Өзгөрүш менен кубулуш,
Калктын көзү ачылса,
Кала берет бул жумуш.
II-доор
Орус падышалыгына карагандан кыргыз турмушунун ыры
Чыныбай менен Шабдан деп,
Чыныгы жакшы абдан деп,
Урукчулук күрөшү,
Ошолордон калган кеп.
Падышачыл орусу,
Багындырган болуучу.
Ажыдаар сыяктуу,
Ай ааламды соруучу.
Бай, старчын, болушу,
Бечарага чоң ушу.
Кара таман кедейдин,
Кактап канын соруучу.
Черезнай2, тобучу,
Чыр-чатагы болуучу.
Добогерге жоопкер,
Тогуз берип кобучу.
Падышачыл орустан,
Бай, манап, болуштан,
Арызга келген кишиден,
Алып алган тогуздан.
Падышанын касабы,
Баары журтка азабы.
Калп жеринен теңдик деп,
Элге ичирген касамы.
Калк чогултуп дубан деп,
Карабаган убал деп,
Касам ич деп колуна,
Карматуучу куран деп,
Манап, бай, бий сот деген,
Кедейге теңдик жок деген.
Иш башында олтурган,
Ыймам менен поп деген.
Бий олтуруп болсо топ,
Бай, манапка балаа жок,
Букараны ыйлаткан,
Балийса3 менен кызыл чок.
Ачылган журттун арасы,
Бийлердин жеген парасы.
Ак, караны ылгабай,
Жапкан кара жалааны.
Барымталап мал алып,
Касам ичип жан алып,
Калктын баары бузулган,
Журт боло албай агарып.
Көк таштай көңүл тийгени,
Ыстарчын, болуш, бийлери.
Ат тарттырып, чапанды,
Айыпка алып кийгени.
Ат менен чапан айыпка,
Теңдик бербей зайыпка.
Өлсө дагы көз салбай,
Чолок, мунжу, майыпка.
Нар өлтүргөн пулдууга,
Эр өлтүргөн кундууга,
Арзын айтып ыйласа,
Көз салбаган муңдууга.
Бай, ыстарчын залымы,
Журттан алган алымы.
Бай, манапка кул болгон,
Бакыр кедей карыбы.
Байларга бүтүм тогуз ой,
Күндө майрам, күндө той.
Бай, манаптын кылганы,
Барымталап карма, сой.
Калың малы жүздөн кой,
Катын албай кедей бой.
Кыз качканда кырк жылкы,
Кнегеде бүтүм ой.
Эки-экиден топ алып,
Манаптар катын көп алып.
Кедейдин жалгыз катынын,
Башын ачкан жеп алып,
Кедейдин малын чачтырып,
Катындын башын ачтырып,
Бирлиги жок кедейди,
Бир-бирине кас кылып.
Эки тарап башташып,
Бирин бири ташташып.
Жоо болушуп өзүнчө,
Жок жеринен касташып.
Таш салышып кармашып,
Куран кармап жандашып,
Бай, манаптар бир бирин,
Бара берип алдашып.
Ыстарчын, элүү баш деп,
Салыштырган ташы деп,
Сайып алган жааты,
Ошол элдин башы деп,
Жаатташып безишип,
Букараны эзишип,
Томаяктын мойнуна,
Тогуздан мал кесишип.
Элүү башы элүүсү,
Эки тарап черүүсү.
Бөрү тийген короодой,
Букараны бөлүшү.
Бечараны зарлантып,
Бий, болушка алдантып.
Чыгым салып кедейге,
Бай, манапка жалдантып.
Жардынын жалгыз атын жеп,
Таманынын акын жеп,
Кара таман кедейдин,
Казанынын батын жеп,
Бий, ыстарчын элин жеп,
Кыбыраган жерин жеп,
Малай менен жардынын,
Маңдайынын терин жеп,
Оюнский кемендер,
Очокобай4 дегендер,
Анда жакшы болуучу,
Адам акын жегендер.
Шабдан менен Чыныбай,
Кыргызды эзип кылыгы ай.
Жазда беш кой, күз он сом,
Элден алган чыгымы ай.
Алык-алман эл берип,
Бей-бечара сенделип.
Чыныбай менен Шабданга,
Падышалык чен берип,
Чыныбай, Шабдан чен алып,
Багындырып эл алып.
Хан болдук деп кыргыздын,
Канын соруп жеп алып.
Байы менен манабы,
Кедейге тийген залалы.
Тогуз мал деп жабуучу,
Томаякка жалааны.
Жалпы кыргыз жапайы,
Жабырлык көргөн далайы.
Жаш агызып ыйлачу,
Жарды-жалчы малайы.
Капкан салган аңчысы,
Эгин эккен малчысы.
Жабырлыкты көрчү эле,
Жарды менен жалчысы.
Элүү башы, ыстарчы,
Эл багынып кысталчу.
Чыгым тартып букара,
Чындап сөөгү сыздачу.
Бечаранын билбеси,
Безилдеген тилмечи.
Кедейди манап, кулактар,
Моюнуна мин дечү.
Манап, байдын илдети,
Акы жеген милдети.
Нике менен так деп,
Байгамбардын сүннөтү.
Ыймам менен молдосу,
Ошолордун жолдошу.
Малы жокко катын жок,
Кедейлерди кордочу.
Букарага болбочу,
Кудуктай куйса толбочу.
Өлүктөн токуп ат алган,
Ыймандардын олжосу.
Илгеркинин тарабы,
Байы менен манабы.
Падышанын колунда,
Ошолордун танабы.
Жандыраалы5, үйөзү6,
Жалпы журттун мүнөзү.
Төрөлөр менен генерал,
Ошолордун бүлөсү.
Романдын тукуму,
Төрө деген ушуну.
Орусуя журтуна,
Болуп өткөн учуру.
Падышанын тукуму,
Байкап турсаң ушуну.
Пайдаланып кедейден,
Чагып жеген чучугу.
Төрө деген ак сөөгү,
Кыргыздан алган ат төөнү.
Кедейлерин багынткан,
Кийип7 менен Маскөөнү.
Падыша чоң тоо болгон,
Башына сыймык коборгон,
Калыстыгы кеткенде,
Акырында жоголгон.
Падыша тоосу нураган,
Баары журтту сураган.
Акырында падыша,
Аңтарылып сулаган.
Адамзаттын акысы,
Алкымына тыгылган.
Акырында падыша,
Баш көтөрбөй жыгылган.
Ошолордон кутулган,
Орус менен мусулман.
Бай, манап, төрө сөөгү,
Башы кетип бузулган.
Ак падыша башкарган,
Акылынан шашкандан.
Манап, төрө жоголду,
Башынан сыймык качкандан.
Падышасы жыгылып,
Башынан кетти сыймыгы.
Тап күрөшү күч алды,
Кедейлердин кыймылы.
III-Доор
(Өзгөрүш доору )
Беделдин белин сыдырып,
Турпан менен кыдырып.
Ачарчылык болгондо,
Өлүп калды кырылып.
Он алтынчы жыл болуп,
Кыргызга кыйын сыр болуп.
Падышасы жыгылып,
Басылбаган чыр болуп.
Чарбаларын бүлдүрүп,
Шылдың кылып күлдүрүп.
Качкан элдин артынан,
Аскер кууп сүрдүрүп,
Төөгө жүктөп чөп алып,
Ылоо, союш көп алып,
Качкан элдин мал-мүлкүн,
Талап-булап жеп алып.
Ат жабуу деп кап алып,
Ылоо, союш мал алып,
Каяша айткан далайы,
Набактыга камалып,
Калктын баары таланып.
Атан төөнү дагы алып,
Падышанын төбөсү,
Барган сайын карарып.
Арпа чөбүн жүктөтүп,
Ала кийиз бүктөтүп.
Актардын залим аскери,
Мылтык атып дүп детип.
Аскер тосуп болжотуп,
Атан төөлөр комдотуп.
Аскеринин жолуна,
Үй тиктирип оңдотуп,
Чарбадарды шордотуп,
Малын талап кордотуп.
Замбирек менен пилимот,
Казарманга орнотуп.
Калган элди таап алып,
Малы, мүлкүн чаап алып,
Кыргызды камап кырганда,
Кызыл суудай кан агып.
Жалган ишти чын кылып,
Кыргыздарды кырдырып,
Кыямат күн болгуча,
Унутпачы сыр кылып.
Он жетинчи жылында,
Ошондо болду Өзгөрүш,
Өлгөнүнөн калганы,
Жакшылыкты көз көрүш.
Ошолордун коогасын,
Ок атышып жоолашын,
Тумандатып көргөзбөй,
Уруяттын шооласын.
Каракчылар камынып,
Кедейдин тонун жамынып.
Баягыдай манапка,
Байкуш кедей жамынып.
Керенскийге барылып,
Кедейдин баары зарылып,
Кошо кирген төрөлөр,
Кой терисин жамынып.
Керенский чыккан чамынып,
Уруят деп чаңырып.
Уккан элдин баарынын,
Кулак, мээси жаңырып.
Караңгы түшүп аңырып,
Жарык чыкпай жабылып.
Качан теңдик болот деп,
Калктын баары сабылып,
Адамдын каны агылып.
Замандары тарылып,
Айры менен сайганда,
Кыргыздын карды жарылып.
Ашып-ташып көбүрүп,
Толгондо толкуп төгүлүп,
Калктын баары кан жутуп,
Кабыргасы сөгүлүп,
Адамдын каны акканда,
Басмачы басып жатканда.
Араң болду жакшылык,
Агарып таң атканда.
Ууру менен каракчы,
Кумар менен аракчы,
Кедейлердин өзүнө,
Тарта коюп сарапчы.
Кедейди кезге илбестер,
Чиновник менен тилмечтер,
Туш-тушунда сурады,
Туура жолго кирбестен.
Аралашкан адамдар,
Азуусу бар камандар.
Өтүп кетти түрдөнүп,
Нечен түрдүү замандар.
Мууну жок адамдар,
Муну билген адамдар,
Турмушунан көрүндү,
Жакшы менен жамандар.
Ар бир түрлүү абалдар,
Айтып жүргөн кабарлар.
Болуп өттү боройлоп,
Бороон менен шамалдар.
Ээн талаа элчилик,
Эң эле жаман кемчилик.
Жаңы чарба, саясат,
Ошондо болду теңчилик.
Саясат сактык чарбасы,
Ачылсын көздүн пардасы.
Жыйырманчы жылында,
Адамдын кеткен аргасы.
Большевиктик байлыгы,
Баары журтка жайлыгы.
Дүнүйөнүн жүзүнө,
Кеткен экен айдыңы.
Баштакы ишиң чоркок деп,
Партия болгон орток деп,
Адамзаттын баласы,
Бир туугандай болмок деп,
Алдына чыгып озчу деп,
Батрак менен кошчу деп,
Манап менен байлардын,
Өткөзбөй алдын тосчу деп.
Аптабы айдай толсок деп,
Адамдын баары орток деп.
Кишинин акын жегенден,
Коммунисттер коркот деп.
Ачканда жолдун туюмун,
Партия, кошчу уюмун.
Бечет8 басып койгон кол,
Бечарага ачкан жол.
Баары журттун башчысы,
Партия менен комсомол.
Башыбызга келген доор,
Батракты кылган зор.
Жоон карын байлардын,
Жолун тосуп жайган тор.
Кедейлерден кетти шор,
Иш билалбай болгон кор.
Туура жолдон адашса,
Түшүп кетчү казган көр.
Сарамжалы, дүйнөсү,
Балто, шинел, күрмөсү.
Түбү терең зындандай,
Түшүп калса түрмөсү.
Жеринен айтып берейин,
Жети-Суунун кедейин.
Алчы, таасы желип,
Чике түшкөн эгейин.
Алчыдан түшкөн чүкөсүн,
Абайласаң билесиң,
Акыл менен ойлонуп,
Туура жолго киресиң.
Кедейге өкмөт карашкан,
Батракка бак ачкан.
Башчы болуп далайы,
Туура жолдон адашкан.
Айдаган эгин аштыгы,
Адашып кетти баштыгы.
Убалына калды да,
Урукчулук кастыгы.
Урукчунун жааты,
Башына тийди сааты.
Статья, закондон,
Иш билбеген кааты.
Партия жолун биз билбей,
Баштыгыбыз иш билбей,
Жыртыгыбыз жамалса,
Болобуз бир күн бүтүндөй.
Төрт школду бүтүрбөй,
Закон билип күтүнбөй.
Армандуу болду кээ бирөө,
Оозунун буусу түтүндөй.
Жармадай ичкен арагы,
Жалпы журтка тарабы.
Чеберлебей иш кылып,
Чиновник, тилмеч, манабы.
Кызмат кылган адамы,
Кыргызды кылган тарабы.
Эки тарап баштыгы,
Башына тийди залалы.
Сарбагыш, бугу, солтодон,
Тарап чыккан ортодон.
Күнөө түшүп мойнуна,
Жаатчылдар онтогон.
Солто менен тынайы,
Суу тунбаган ылайы.
Танабынан тартылды,
Тарапчылдын далайы.
Тарап бүтсө жан тынды,
Партия жолу артылды.
Букараны эзгендер,
Бучкагынан тартылды.
Жыргады чарба, дыйкандар,
Закон менен мийзам бар.
Алчы, таасы желип,
Чиге түштү кытандар.
Партияга кирилди,
Туура жолу билинди.
Туура жолдон чыккандар,
Тузакка мойну илинди.
Баатыр болуп чыккандар,
Майын элдин сыккандар,
Жөн түшө албай бир бирин,
Буттан алып жыккандар,
Бирин бири сүрөшүп,
Кедейдин булун үлөшүп,
Тап сезимин тааныбай,
Тарап болуп күрөшүп,
Адамдын акын алышып,
Уруп токмок салышып,
Тарап болуп бир бирин,
Буттан алып чалышып,
Жоболондуу жоолашып,
Жоо болушуп доолашып,
Кийин калган кедейге,
Орун бербей оолашып,
Коммунист берет күч колго,
Кедейлер түшсө түз жолго,
Партия жол көрсөтөт,
Башыбызда чоңдорго.
Партия жолун тууралап,
Бузуктун баарын кубалап,
Жоолашкандын баарысын,
Жоопко тартып сурамак.
Капканга түшөт качанаак.
Партия жолун тазалап,
Кара жүрөк залимден,
Калк иренжип капалап.
Бузукка салды тыюуну,
Токтотту элден жыюуну.
Калың берип, мал алып,
Зордоп нике кыюуну.
Шыпылдаган шылууну,
Жоготту чыгым кылууну.
Тарап баштап жүргөндөр,
Тамыры чирип куруду.
Алдап мандат алгандар,
Айылга бүлүк салгандар,
Бопбоз болуп тим жүрөт,
Бошонуп иштен калгандар.
Баатырлар иштен бошонуп,
Бекерге калып бозоруп.
Тараптын баарын таратып,
Башыбызды кошолук.
Тараптын баары ташталса,
Бирлик жолу башталса.
Теңчилик доору
Болоруна аз калса,
Баары журттун бүлөсү,
Кеңештер бирлик күбөсү,
Байкап турса пайдалуу,
Большевиктин мүнөзү.
Мойнуна аркан сүйрөтүп,
Азоонун баарын үйрөтүп.
Үгүт менен насийкат,
Эл ичине сүйлөтүп.
Бузуктун баарын жоголтуп,
Букараны оңолтуп,
Элге өзүнчө эрк берип,
Республика кобортуп.
Жатып ичээр чоң карын,
Куулуп чыкты ол залим.
Кеңешип билди жакшы экен,
Кедейлерге жол барын.
Каракол менен Бишкекти,
Калыс жолун иштетти.
Калк ичинде бузукту,
Кайда экен деп издетти.
Токмок менен Бишкекти,
Толук кызмат иштетти.
Тим жүрбөгөн бузуктун,
Тизесин байлап издетти.
Республика болот деп,
Бузуктун баарын жогот деп,
Закон менен өкүмөт,
Саптап койгон болот деп,
Партия элдер урушчу,
Эки жаат курушчу.
Эрк алган жан тынды,
Ишчи, дыйкан, жумушчу.
Жааттын баарын жапшырып,
Кабыргасын капшырып,
Бузуктардын баарысын,
Прокурорго тапшырып,
Келинди кедей оңуна,
Коммунист салган жолуна.
Кераяктар илинди,
ГПУнун9 торуна.
ГПУ кедей чебибиз,
Байлаган бекем белибиз.
Партия менен батырак,
Баш кошуучу элибиз.
Жазылса жарпы жадырап,
Партия, кошчу, батырак,
Манап, байлар жүдөсө,
Кедейге кантип катылат.
Кан соруп кулак батырат,
Токтосо күнөө атылат.
Баш кошпогон жаатчыл,
Бай, манапка сатылат.
Манап, байдын зулуму,
Баштаган жаат уругу.
Тарапчынын далайы,
Тамыры чирип куруду.
Кедейге кылган жабыры,
Манаптын кетти кадыры.
Үзүлүп калса эл жыргайт,
Өзүмчүлдүн тамыры.
Өспөй кийин жылгандар,
Өзүмчүлүк кылгандар,
Тиштей албай тим болду,
Тиши кыйрап сынгандар.
Бай теректей баркырап,
Жарыгы чыкты жаркырап,
Жаман жолдон коркушуп,
Жаатчылдар калтырап.
Жакшы жолго сүрөтүп,
Жааттын баарын түгөтүп.
Адашкандын баарын,
Айдап ийди жүдөтүп.
Кагазга кат чийгендер,
Кедейдин тонун кийгендер.
Жүдөтүп жарды, жалчынын,
Жүрөгүнө тийгендер.
Өзүнчө доорон сүргөндөр,
Өкүмөтмүн деп жүргөндөр,
Манап, байдын жаатынан,
Партияга киргендер.
Мурун жетип камынып,
Кой терисин жамынып,
Куулуп чыкты акыры,
Бетине көө жабылып.
Баштагы доорун сагынып,
Туура жолдон жаңылып,
Баатырлардын далайы,
Партиядан алынып,
Тузакка буту чалынып,
Туура жолдон жаңылып,
Күнөө түшүп мойнуна,
Кабактыга жабылып.
Кыңырын тезге бастырып,
Айкын жолун аштырып,
Кедейлердин бүтүмүн,
Кеңсаларга жаздырып.
Кыйшыктын баарын түзөтүп,
Туура жолду күчөтүп.
Бузук жолдун баарысын,
Түзөтүүгө күзөтүп.
Тазалады кебектен,
Өткөздү далай электен.
Туу көтөргөн алдында,
Кызыл байрак желектен.
Республика кылганда,
Бузуктун баары тынганда,
Жадырап жарпы жазылып,
Жандын баары жыргалда.
Биригип башын кошкондой,
Алдына чыгып өскөндөй,
Жумурткалап калат го,
Кой үстүнө боз торгой.
Жыргады жандын баарысы,
Жашы менен карысы.
Өз өзүнчө эрк берген,
Өкүмөттүн калысы.
Ургаачы, эркек, аялы,
Кызыл желек таягы.
Тегизчилик доору,
Болот экен аягы.
Тегизчилик эртеби,
Жоголсо элдин тентеги.
Ушул кезде жыргады,
Ургаачы менен эркеги.
Кыргыздын баарын текшерип,
Кызматчыны эскерип,
Жарды, жалчы кедейге,
Жакшылык тийчү кез келип.
Жоготту оор жүктөрдү,
Жоолашканды бүткөрдү,
Партия менен батырак,
Баарысына күч берди.
Бейбаштын бели бүктөлдү,
Мал, пул жыйып күткөндү,
Далайын салды түз жолго,
Даңкы чыккан үптөрдү.
Зыян кылып жүрбө деп,
Кармаласың түрмө деп,
Кан соргучтун баарысы,
Кантала менен бүргө деп,
Касташкан жоого күлкү деп,
Карышкыр менен түлкү деп,
Сарамжалы сары эсеп,
Казына кедей мүлкү деп,
Калк дүкөнү дегендер,
Кардына жыйып жегендер,
Курсагынан жарылды,
Курч тырмактуу берендер.
Жылма сорчу жыландар,
Курч тырмактуу кыраандар,
Арылып эми басылса,
Айыкпаган ылаңдар,
Урукчул, ылаң арылып,
Жегендин карды жарылып,
Кедейлерге туура жол,
Коммунисттен табылып.
Коммуниске киришип,
Кеңеш жолду туура билишип.
Илим менен билимге,
Элдин баары киришип.
Калктын көзү ачылып,
Кан соргучка асылып,
Тарапчынын баарысы,
Тарпы чыгып басылып.
Газетке кээси жазылып,
Кесирин элден качырып,
Акыйкаттап көрсөттү,
Айбын жаппай жашырып.
Ала-Тоо менен Алайдан,
Жарды, жалчы малайдан,
Кыргыз калкы теңдикке,
Эми жетти далайдан.
Падышанын заманы,
Манаптардын арааны.
Кедейлерге салуучу,
Жүрөгүнө жараны.
Жардылар көргөн жапаны,
Жабырлык менен капаны.
Бакырларга көп өткөн,
Манаптардын катаалы.
Жапаларды көргөнбүз,
Жабырлыкка көнгөнбүз.
Азап тартып ал кезде,
Ачкалыктап өлгөнбүз.
Большевиктин чыкканы,
Манаптарды жыкканы.
Эрк өзүндө болду деп,
Эми кыргыз укканы.
Жазылды жарпы жадырап,
Кордуктан кедей ажырап.
Кедейлерге туура жол,
Коммунисттен табылат.
Баштагы заман катаал жут,
Большевик бизге күйгөн кут.
Бала, кызды окуткан,
Рабфак10 менен институт.
Жанын таштап ыраактан,
Москва, Ленинграддан,
Балдар окуп көз ачат,
Жанып турган чырактан.
Жакын менен алысы,
Жалпы журттун баарысы.
Кеңештердин өкмөтү,
Кедейлерге калысы.
Катын менен бой окшош,
Карышкыр менен кой окшош,
Тегизчилик негизи,
Бийик менен ой окшош.
Жарды менен бай окшош,
Жарма менен чай окшош.
Акыр заман тегиздик,
Асый менен тай окшош.
Такыр тыйды тентекти,
Таяктачуу келтекти,
Уруятка чакырды,
Ургаачы менен эркекти.
Кара нээт киши жок,
Карышкырдын иши жок,
Кой үстүнө боз торгой,
Уяласа иши жок.
Телегейи тептегиз,
Ач арыгы сепсемиз.
Чарбасы өскөн кедейдин,
Тууп жатат малы эгиз.
Эрки менен көчтүрүп,
Чарбаларын өстүрүп,
Орун алып келатат,
Тегизчилик сөз жүрүп.
Жылдан жылга оңолуп,
Жыгылганды коборуп,
Тегизчилик негизи,
Акырында бололук.
Тегизчилик кылгызды,
Тепки жеген кыргызды.
Манап менен байлардын,
Башынан багы жылбышты.
Текөөрүн кайрып сынгысты,
Окууга кедей тырмышты.
Адам бол деп үндөдү,
Артта калган кыргызды.
Багын байлап баатырды,
Азат кылып катынды.
Жарыктыкка чыгарды,
Жарды менен жакырды.
Коммунист туура деп билем,
Кедейдин иши жеткилең.
Батракты куткарды,
Байдан жечү тепкиден.
Жоготту кармап сойчуну,
Канын соруп тойчуну.
Жырга деп үндөйт коммунист,
Жылкычы менен койчуну.
Бутуна кийген чарыкты,
Букара менен карыпты.
Акырында селбиди,
Ачка менен арыкты.
Тоюндурду ачтарды,
Тарбиялап жаштарды.
Тегизчилик доору,
Болооруна аз калды.
Кичирейтти чоңдорду,
Кедейге кожо болгонду,
Чоңдорго кылды тең ана,
Чокойчон куур тондорду.
Кедейдин тилеп аманын,
Тегиздеп жакшы, жаманын,
Жыргагын деп чакырды,
Жыңайлак кара таманын.
Сүйүнгөндөн кудайлап,
Кара таман жыңайлак.
Бай, манаптын башынан,
Багы кетти кыңайлап.
Жаңыдан кыргыз бөлүнүп,
Жарыгы айдың көрүнүп.
Үстүбүздөн жөө туман,
Ачылып кетти сөгүлүп,
Асманда аэропландан,
Автономия куралган,
Эрк алганда биздин эл,
Эми чыкты тумандан.
Жарк этип күн ачылып,
Жарыгы жерге чачылып,
Маскөөдөн кыргыз бөлүнүп,
Кеңсаларга жазылып,
Кедейдин баары сүйүнүп,
Кеңсаларга үйүлүп.
Азат болду кыргыз деп,
Алтын менен чийилип.
Жакшылыгын жайганы,
Кызыл желек байрагы.
Эрк алганда биздин эл,
Эми көрдү пайданы.
Окуп жаткан балдары,
Ак сакалдуу чалдары,
Эркиндигин колуна,
Эми кыргыз алганы.
Жаңы жапкан өргөөсүн,
Жамандыкты көрбөсүн.
Республика коңшулаш,
Иреттеди өңгөсүн.
Казакстан, Өзүбек
Калкка нуска сөзү деп,
Баарын жакшы караган,
Большевиктин көзү деп,
Өргө айдачу күлүктөн,
Өзүбек, тажик, түркмөн.
Аз милдетти куткарды,
Ар бир түрдүү бүлүктөн.
Арабасын жылдырып,
Республика кылдырып.
Аз улуттун баарысын,
Эрк өзүндө тындырып.
Алыска колун сундуруп,
Аз милдетти тундуруп,
Автономия, обулус,
Республика курдуруп.
Жоготуп элдин кастыгын,
Жолго салып баштыгын.
Кыргызга сонун эрк берди,
Көңүлгө алып аздыгын.
СССР тобу деп,
Ленин чапкан жолу деп,
Арылуучу ушул кез,
Аз улуттун шору деп,
Кыргыз элдин кору деп,
Бүтөлсүн жыртык тону деп,
Кедейлери тең ата,
Кичине менен чоңу деп,
Абалкы заман дебе деп,
Адам акын жебе деп,
Аз улутка көз салып,
Көп улутка теңе деп,
Адам акын алба деп,
Айылга чыгым салба деп,
Аз улутту сүрөдү,
Артта эми калба деп,
Өкүмөтүңдү карма деп,
Өстүрө гөр чарба деп,
Тегерекке көз салгын,
Төрт түлүктүү малга деп,
Көрүп өнөр току деп,
Курска барып оку деп.
Кераякты жоготот,
Кедейлердин соту деп,
Орто Азия бүйрөсү,
Өстүргөн чарба дүйнөсү,
Жалпы журтка билинди,
Жаман жолго жүрбөсү.
Жогорулады жол түздөн,
Республика Түркстан.
Баштагы кыргыз чеги ушу,
Фаргана менен Жети-Суу,
Баарыбызга бак берди,
Большевиктин бети ушу.
Коммунист кедей жетеги,
Алга басып кетели.
Айыл конуп мал баккан,
Ала-Тоонун этеги.
Каракол, Ысык-Көл деген,
Калыс элди бел деген,
Партиянын жолуна,
Баары журтту көн деген.
Атбашы, Нарын, Каракол,
Автономия ачык жол.
Жакшы жолго баштоочу,
Жаңы өспүрүм комсомол.
Ууру менен кескилер,
Урукчул жаман эскилер,
Соо жүрбөгөн бузукту,
Сотко берип кестирер.
Жаман жүргөн манапты,
Жапырып мизин жадатты.
Жалпы журттан калтырды,
Жарабаган адатты.
Баштагы заман шум эле,
Манапка кедей кул эле.
Караңгы элди жайлаган,
Калың мал менен кун эле.
Баштагы кыргыз жаралган,
Барымтага мал алган.
Бирдигинин жогунан,
Букара болуп таралган.
Аксай, Соң-Көл, Арпадан,
Андан кыргыз таралган.
Башын кошту большевик,
Анжиян менен аркадан.
Большевик жыйды чогултуп,
Манаптын түбүн омуртуп.
СССРга зым кагып,
Телеграммын согултуп,
Эрктүү кыргыз бөлдүрүп,
Бейбаштын баары жүн жүрүп,
Партиянын жолуна,
Баары журтту көндүрүп.
Өзгөрүш заман жылышты,
Республика кылышты.
Жааттын баарын түгөтүп,
Эми кыргыз тынышты.
Манаптын белин сындырды,
Эрктүү болуш кылдырды.
Урукчулдун баарысын,
Ушул кезде тындырды.
Өкүмөттү берип колуна,
Кыргызды салды жолуна.
Большевиктин мүнөзүн,
Бурады жолдун оңуна.
КАЧАК ТУРМУШУ
Атбашы менен Нарындан,
Качабыз деп камынган.
Атка минген жакшылар,
Набактыга жабылган.
Какшаалда деп черикти,
Качабыз деп желикти.
Моңолдор менен черикти,
Бурабыз деп желикти.
Он арча тынымсейити,
Ошол эли кейитти.
Боогачы болуш, Садыры,
Набактыга жабылды.
Казак, кыргыз бу кезде
Кандай ишке кабылды.
Абдрай менен Чалбайды,
Набакты кылды андайды.
Канетерин билалбай,
Караңгы кыргыз далдайды.
Эсенкул менен Шакенди,
Качырып кетти баки элди.
Даргага асты деп уктук,
Касымаалы акемди.
Ажы менен Субанды,
Аларга кылды убалды.
Ыдыгына чыдабай,
Аскер жыйып куралды.
Качып кетти деп уктук,
Каракол, Пишпек дубанды.
Ыдыгына орустун,
Канеткенде чыдайлык,
Казат кылып өлсөк деп,
Каракол, чүйлүк оолукту,
Качып кетти деп уктук,
Кабактагы чолукту.
Казак, кыргыз кайран эл,
Кандай ишке жолукту.
Кайран бугу бузулду,
Каракол менен көлүнөн.
Качып барып жай таппай,
Какшаал менен чөлүнөн.
Жумгал менен Кочкордон,
Журттун баары козголгон,
Коркконунан далай эл,
Кызыл өңү боз болгон.
Качып барып Турпанга,
Бир жарым ай токтолгон.
Беш жүз жылкы миң койлуу,
Бир карасы жок болгон.
Илгеркисин ойлонуп,
Ичи күйүп от болгон.
Кочкор-Ата, Жумгалдан,
Козголгон киши кур калган.
Олутунан ажырап,
Далай адам муңданган.
Баарысы тагдыр иш экен,
Байдасыз дүйнө шум жалган.
Кош терезе орноткон,
Кобулдатып сомдоткон,
Жасалгалуу үй калды,
Жаннаттай болгон Чүй калды.
Чырлуу доону түгөткөн,
Чыр сынаган бий калды.
Кубакы деген бел калды,
Куураган байкуш эл калды.
Эси кетип эңгиреп,
Эки Кемин жер калды.
Байчечекей гүл калды,
Мал оттоочу бүр калды.
Баш кишиден кайрылып,
Мамбетаалы, Дүр калды.
Элинин жыргал көнүгү,
Эзилип бышкан өрүгү,
Эң эле сонун Чүй ата,
Сөзүмдүн жок төгүнү.
Ак буудайдын жармасы,
Адырында алмасы,
Ажырадык ошентип,
Бузулгандын калбасы.
Алманын шагы ийилген,
Адамы жибек кийинген,
Атаке эли сарбагыш,
Ажырады Чүйүнөн.
Тартма кийип бутуна,
Таяк алып колуна,
Чарчап жүрөт чаалыгып,
Чаначын тартып жонуна,
Алда-таала кудайым,
Сала көргүн оңуна.
Кытайдын тили кыжылдап,
Кыргыздын дарты быжылдап,
Бадышага карматпай,
Кутулдук деп кымылдап.
Бадышанын зордугу,
Барган сайын ашынып,
Келимсектер ошондо,
Кедейлерге асылып,
Сандыктын оозу ачылып,
Салыктын баары чачылып,
Сарбагыш менен Бугуну,
Сандалдырды качырып,
Беделдин белин ашырып,
Берекени качырып,
Аялынан ажырап,
Азаматтар бой калып,
Кокту жерге маарашып,
Короосу менен кой калып.
Зардабы жаман экен деп,
Санаасы менен ойлонуп,
Эси кетип эңгиреп,
Эки Кемин; Чүй калды,
Жабыкбашы саймалуу,
Жасалгалуу үй калды.
Кочкор-Ата, Жумгалда,
Короосу менен мал калып,
Кош терезе салдырган,
Кобулдаган там калып,
Бугу, саяк, тынай журт,
Качып кетти сандалып,
Өлүктөрү көмүлбөй,
Жатканына таң калып,
Бадышадан кутулуп,
Кетебиз деп зарланып,
Ажал жеткен кээ бирөө,
Колго түштү кармалып,
Өкүмүнө чыдабай,
Өлтүрбө деп жалбарып,
Байкуш кыргыз канетсин,
Коркконунан саргарып.
Бугу менен Сарбагыш,
Бузулбастан тең кетти.
Айлынын баары бузулуп,
Ар бир түркүн эл кетти.
Калың бугу, сарбагыш,
Кайрылбастан ал кетти.
Мал-булуна карабай,
Нечен түркүн жан кетти.
Ысык-Көл менен Чүйүнөн,
Турпанга чейин журт кетти.
Мал-булунан айрылып,
Карабашын кутказды.
Эки киши Турпандан,
Эшек минип учкашты.
Салыктагы мүлк калды,
Жыйылуу бойдон жүк калды.
Малды-булду куугандар,
Басып алып шүк калды.
Эл качканда эңгиреп,
Эгин калды басылуу.
Кайнап турган жеринде,
Казаны калды асылуу.
Таңылчактын баарысы,
Талаада калды таңылуу,
Башындагы улугу,
Бадышанын зулуму,
Кытайга качты тынч албай,
Кыргыз элдин уругу.
Жеринде калды Беделдин,
Бээ-байталдын кулуну.
Эли кетип эңгиреп,
Ит журтунда улуду.
Бадышага ок атып,
Байкуш кыргыз куруду.
Бакырларды жүдөттү,
Манаптардын кылыгы,
Аз келгенсип анысы,
Асый алып шылыды.
Канат менен Тезекбай,
Калп жеринен кан болуп,
Актар кысып келгенде,
Акыл таппай дал болуп,
Качып барып Турпанга,
Кайран кыргыз кор болуп,
Өлгөнүнөн калганы,
Өз жерине зар болуп,
Өлүк көмөргө жер таппай,
Кытай жери тар болуп.
Туралбадык желденип,
Турпанга бардык сенделип.
Качабыз деп желденип,
Кашкарга бардык сенделип.
Ажырадык боз үйдөн,
Алачыкты теңденип.
Тиккенибиз алачык,
Тентигенге жарашып,
Ар бир түрдүү адамдар,
Акылынан адашып,
Кайсы бирин айтайын,
Качып кетип баратып,
Болуш, бийлер ошондо,
Букараны жадатып,
Өкүм менен кедейди,
Өз колуна каратып,
Барып Турпан жерине,
Манаптан чыктык баш бербей,
Бала атага кайрылып,
Кашык салып аш бербей.
Айлана көчүп жай таппай,
Аксы менен Турпандан,
Жети-Сууну сагынып,
Жердеген адам муңканган.
Шар аккан суу, көк шибер,
Кыргыз уулу кунт алган,
Көк ала майдан шиберде,
Күмүш кемер курчанган,
Турпандын тешик акчасын,
Жипке тизип журт алган.
Тешик акча колуна,
Кармап жүргөн мындан көп,
Бир тыйынга жете албай,
Зарлап жүргөн андан көп.
Беремин деп калп айтып,
Алдап жүргөн андан көп.
Ууру кылып манапты,
Жалдап жүргөн андан көп.
Калыс эмес бадышаны,
Каргап жүргөн андан көп.
Дүмүр казып отуна,
Жак деп жүргөн андан көп.
Түлкү кууп бүркүткө,
Как деп жүргөн андан көп.
Куржун салып мойнуна,
Ак деп жүргөн мындан көп.
Кызды чейрек арпага,
Сат деп жүргөн мындан көп.
Жети сууну сагынып,
Дат деп жүргөн мындан көп.
Малын берип жат элге,
Бак деп жүргөн мындан көп.
Ууч эгин куржунга,
Жыйнап жүргөн мындан көп.
Улутунуп үшкүрүп,
Ыйлап жүргөн мындан көп.
Кара жанын тындырбай,
Кыйнап жүргөн мындан көп.
Барган элин жан үчүн,
Сыйлап жүргөн мындан көп.
КАЧКАЧ
Байкөлтөк биздин жерибиз,
Байып кетти элибиз.
Байыганга жараша,
Никелей капыр бузулду,
Түтүнгө солдат алам деп,
Никелей капыр шаштырды.
Качып көчтүк шашканда,
Карман-Теке айран суу,
Катары менен биз көчтүк.
Баралбадык элиме,
Бата албадык жерине.
Жыргап жаткан жеримен,
Жылас орус козгоду.
Ала канчык келгенде,
Асан, Токмок, Жыгач-Арт
Арзыматтын жери экен.
Кара малга жай экен,
Арзыматка караштуу,
Чоң багыштын ичинде
Төлөмүш ажы бай экен.
Ак матасын артынып,
Сатып кетет чоң багыш.
Арткан этин койнуна,
Катып кетет чоң багыш.
Кокту сайын үйү бар,
Үйү сайын бийи бар,
Чоң багыш кетет чочоюп,
Жоор атын минип очоюп,
Жоор атына учкашып,
Жаман атын кекейтип,
Көк кепичин тепейтип.
Биз орустан качканбыз,
Торугарттын белин ашканбыз.
Тоюм деген жер экен,
Чоң багыш деген эл экен.
Өйдө-төмөн жөө басып,
Арыбаган эме экен.
Көмүр сатып аш ичип,
Жарыбаган эл экен.
Алаканык келгенде,
Ак козуну жеп кетти.
Арзымат деген кызыл көз,
Эл кылып алам деп кетти.
Акырында Арзымат,
Үйдүн баарын тордоду,
Малдын баарын уурдады,
Уурусун бизге жиберди,
Бу жыл бизди имерди,
Имергенин койбоду,
Берип жатсак болбоду,
Атаны кайран май көнчөк,
Сенден кедей жатабыз,
Кадыр көңүл калбаган,
Элден келе жатабыз.
Кош Кара-Таш конушуң,
Коркконунан үркүттү,
Оруналы болушум.
Кош Кара-Таш бөрүлү
Кошуң менен аман бол.
Коштошууга кишим жок,
Качкан эл менен ишим жок.
Улугубуз орустан,
Ушул иш болду болуштан.
Жылтырканы жырылган,
Жылкынын жери Токочор.
Жылкыбыз кетти оттобой,
Жалаң эл кетти токтобой.
Койдун колтугунан тиреген,
Бетегеси белден бураган,
Койдун жери Кара-Таш,
Коюбуз кетти оттобой,
Кокуй эл кетти токтобой.
Төлгө чийде бейит бар,
Төбөсүндө шейит бар,
Колдочу болсоң колдогун
Казак-орус оңбогун.
Кыдырата карашса,
Тегерете санашса,
Кутулар заман калбаптыр,
Он сегиз миң ааламга,
Кудайым өзү тараза.
Арпа деген жер калды,
Аз гана тууган эл калды.
Бөрүлү деген жер калды,
Бөлүнүп тууган эл калды.
Кекилик деген жер калды,
Кетип калды дегенсип,
Кексе тууган эл калды.
КАТЫГҮН
Өрттөң, Музарт кыштадык,
Үйүбүз жок катыгүн.
Бышылдатып катыгүн,
Сайма алачык аштадык.
Текес деген жер экен,
Кекиртектен кар экен.
Конуш күрөп кыйналдык,
Көлдү санап ыйладык.
Өрттөң, Музарт боюна,
Жыйналды баары катыгүн.
Ууру болгон эмедей,
Кыйналды баары катыгүн.
Өрмөк жибин, шырдагын,
Жыйнап сатты катыгүн.
Бутун суукка үшүтүп,
Ыйлактады катыгүн.
Калмак көрсө жашынып,
Бөжөңдөдү кайран эл.
Теги калмак оңбой кал,
Кужулдады катыгүн.
Табак менен эт жасап,
Сунушпады катыгүн.
От алышпай үйүнөн,
Урушканы катыгүн.
Чогулуп катын-кыздары,
Отун алды катыгүн.
Абышкалар жөткүрүп,
Кокуйлады катыгүн.
Жарма кылып көк чаңгыл,
Мытан ичти катыгүн.
Ууру кылып калмакка,
Жандан кечти катыгүн.
Бирин бири карактап,
Жолду тосту катыгүн.
Талкан сурап калмактан,
Колду тосту катыгүн.
Тынч алышып олтурбай,
Кыйналышты катыгүн.
Тарпка үйүлгөн жорудай,
Жыйналышты катыгүн.
Чоңдор билбес амалды,
Балдар билди катыгүн.
Атасына билгизбей,
Кандай билди катыгүн.
Базарга салып кыздарын,
Баа бычышты катыгүн.
Талкан кылып ундарын,
Жарма ичишти катыгүн.
Калмак көрсө коркушуп,
Жалтаңдады катыгүн.
Чокой кийип бутуна,
Калтаңдады катыгүн.
Туз татып коюп суусуна,
Тамак ичти катыгүн.
Койдой болуп чуулдап,
Саналышты катыгүн.
Суу ичкендей кумсарып,
Каны кетти катыгүн.
Өз колуна турбастан,
Малы кетти катыгүн.
Жылтыраган буюмун,
Жыйып сатты катыгүн.
Оңолбоду жолубуз,
Бакты качты катыгүн.
Бир бирине жашырып,
Тамак ичти катыгүн.
Ченеп ичип мыскылдап,
Санап ичти катыгүн.
Жаркыраган кыздарын,
Сартка сатты катыгүн.
Узабадык илгери,
Артка тарттык катыгүн.
Күндө көчүп ар жерге,
Конуш кылды катыгүн.
Өлгөн малдын терисин,
Тулуп кылды катыгүн.
Калмактардын байынан,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 06