Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 12

Total number of words is 4255
Total number of unique words is 2180
24.5 of words are in the 2000 most common words
37.6 of words are in the 5000 most common words
46.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Кан кошулбай арманда
Кайта айланып тууруңа
Караймын көздү талдырып
Калк ичинде чогууга
Кыянат кылдың канчалык
Азып-тозгон тобуңа.
Акыретке жеткирсең
Алла Таалам ордуна
Такывалардын бири элең
Даараты бар боюнда.
Аны көрчү Кудаанын
Алсыздардын мойнунда
Азирейил периште
Аянбай тийсең колуңа.
Жай жүрбөгөн аз болгон
Жар жаамат колуңда
Айлыңа калыс ким болот
Акыры сенин ордуңа?
Кайран атам өтүптүр
Кайрылбас сапар жолуна.
БАРПЫ АКЫН КАЗА БОЛГОНДОГУ КОШОК
Акыным атам булбулум,
Ар жерге барса гүлдөгөн.
Азабы бир күн тиет деп,
Акмактар менен жүрбөгөн.
Ак калпактуу кыргыздан,
Адам жок сизди билбеген.
Асылым атам көзү өтүп,
Армандуу кызың зилдеген.
Ак санатты ырдаса,
Алдында адам миңдеген.
Обдулуп ырдап үн кошсо,
Ок атама кайтпаган.
Оңдонуп ырдап отурса,
Орустун эли мактаган.
Ороюң калып, өзүң жок,
Ордуңдан көчтүң жан атам.
Сүрөтүң калды тартылган,
Сүйгөндөр кел деп чакырган.
Өзүң менен жанашып,
Жүргөндөр кел деп чакырган.
Эл чогула келгенде,
Эргип ырдап отурган,
Он үч жаштан атакем,
Ырчыларга кошулган.
Кылымга аты угулуп,
Каты жок булбул жаралган.
Кыргыздан чыккан кыраан эр,
Токтогулдан үлгү алган.
Бекназар менен белдешкен,
Көп ырчыга теңдешкен.
Сүйкүмдүү ырдап отурса,
Сүйүктүү эли кел дешкен.
Өткөн күн, жаңы турмушту,
Ырдап бизге бер дешкен.
Ушундай чечен атамдын,
Сүйөргө уулу жок болду,
Үлгүсүн алып ата деп,
Жүрөргө уулу жок болду.
Ак көңүлдө эле жан атам,
Ичинде такыр кири жок.
Сүрөтү турат илинип,
Сүйлөйүн десе тили жок.
Буркурап жашын агызып,
Бурулуң ыйлайт үйүңдө.
Булбулум атам айрылдым,
Боору таш кандай дүнүйө.
Бардаш кылам басылам,
Буулугуп басам ыйымды.
Булбулум атам өтсө да,
Атагың жашайт кылымды.
Барпыдан калган белек деп,
Балдарың окуйт ырыңды.
БӨРҮБАЙ АКЫНГА
Капкалуу шаар тулпарым,
Кан катарлуу шумкарым.
Калай го сизден тул калдым,
Капалык тартып муңкандым.
Бедерлүү шаар тулпарым,
Бек катарлуу шумкарым.
Безилдеп бейбак тул калдым,
Арманым айтып муңкандым.
Короом чети койдой таш,
Койнумда калды балдар жаш.
Сизден калган жаш балдар,
Токулуу атты мине албайт,
Топ жыйынга кире албайт,
Токтонуп сүйлөп туралбайт,
Тозуган малын жыя албайт.
Жайдак бир атка мине албайт,
Сизден калган жаш балдар,
Жарып жыйып кире албайт,
Чартилдап сүйлөп туралбайт.
Жайылган малын жыя албайт.
Эсен болсо эр жетер,
Эр жеткиче эс кетер.
Балдарыңдын жаштыгы,
Буунумдун боштугу.
Азамат акун өткөндө,
Ак куйрук кагаз пул чачпай,
Арман түштү бейбагың.
Көркөм бир акун өткөндө,
Көк сандыктан кулп албай,
Көк куйрук кагаз пул чачпай,
Көк күйөт шорлуу бейбагың.
Күмүш тенге чапканың,
Күйүтүң бейбак тартамын.
Ак жамбы созуп чапканым,
Азарың бейбак тартамын,
Арманыңды айтамын.
Коңгуроолуу корганым,
Күндө базар болганим.
Дарбазалуу корганым,
Дайым базар болганым.
Калайы эди кумгандын,
Камчысы эди туугандын.
Бедери эди кумгандын,
Медери эди балдардын.
Күмүштөн ээр каш калды,
Күзгүдөй балдар жаш калды.
Алтындан ээр каш калды,
Айнектей балдар жаш калды.
Эрте менен кайнаткан,
Чайым ади акунум.
Эртеден кечке сүйлөшкөн,
Пайим1 эди акунум.
Алтын саптуу пычактын,
Пайнеги эди акунум.
Арзылап алган балдардын,
Айнеги эди акунум.
Күмүш саптуу пычактын,
Пайнеги2 эди акунум.
Тилеп алган балдардын,
Айнеги эди акунум.
Жазгы бир учкан сонобу,
Жайылып барып конобу?
Жан жигариң бар болсун,
Акунум сиздей болобу?
Күзгү бир учкан сонобу,
Күймөлүп барып конобу?
Күйөрүң иниң бар болсун,
Гүлпайым сиздей болобу?
Карарып учкан сонобу,
Калдайып барып конобу?
Калкы бир журтуң бар болсун,
Кадырдан сиздей болобу?
Ай жака карап чий тутам,
Ай өткөн сайын көз тутам.
Ай өткөн сайын келбесең,
Азарың тартып кан жутам.
Күн жака карап чий тутам,
Күн өткөн сайын көз тутам.
Күн өткөн сайын келбесең,
Күйүтүң тартып кан жутам.
Жабдыктары жайма алтын,
Жакшысы эди бир калктын.
Куюшканы куйма алтын,
Куту эди бир калктын.
Ак сандыкка койдурган,
Кутуңуз калды акунум.
Аз гана айтып сураган,
Журтуңуз калды акунум.
Көк сандыкка койдурган,
Кутуңуз калды акунум.
Көп зар ишке сураган,
Журтуңуз калды акунум.
Бетегеси белде өскөн,
Бедөөнү минип мырза өскөн,
Кымыздык кени кырда өскөн,
Кылжээрен минип мырза өскөн.
Ордодо атын ойноткон,
Супада атын сууткан.
Сур жорго минип силкинткен,
Жазга маал болгондо,
Эл өйдөлөй көчкөндө,
Көпүрүк салбай суу кечкен,
Жапырык салбай суу кечкен,
Жабагысы бош кеткен.
Көчкөнүгө кут түшкөн,
Көкала казы жуп түппсөн.
Желесине кут түшкөн,
Жейрен кулун жум түшкөн.
Азамат акун барында,
Короо эди ашканам,
Кадырлуу эди башканам.
Чырмаян эди ашканам,
Акунум көзү өттү эле,
Капини болду ашканам,
Карыптык тартты башканам.
Алтындан чапкан акданам,
Асылып туруп пор болду.
Акунум көзү өткөндө,
Азиз да башым кор болду.
Күмүштөн чапкан акданам,
Илинип туруп пор3 болду.
Гүлпайым көзү өткөндө,
Күлкүдө жүргөн бу башым,
Күйүтүң тартып кор болду.
Кузгун конбос куу бутак,
Куш кондурган акунум.
Куштай мойнун көтөрүп,
Теңтушунун ичинде,
Төрөдөй болуп олтурган,
Ыр менен көөнүн толтурган.
Атын токуп мингеним,
Адиса жомок билгеним.
Жомогун айтып олтурса,
Жооптуу сөздөн калганым.
Дүбүрөгөн тойлордо,
Алдынан баштап чакырган.
Боюна өлчөп тон кылган,
Кармабай жеңин кийгеним.
Жакшы-жаман баарыны,
Кадырыны билгеним.
Жылдызы жанган чырактай,
Ичи гаухар акундун,
Минген аты бурактай.
Жүргөн жери дайыным,
Илим бир сөзү майиним.
Олтурган жери супадай,
Сүйлөсө сөзү упадай.
Олтурган жери тактадай,
Сүйлөсө сөзү пактадай.
Мейман келсе каш деген.
Мейманкана бош деген.
Санатың кетти сайылып,
Самарканд ылдый жайылып.
Кеңешиң кетти керилип,
Кең Коконд ылдый жайылып.
Босогоң башы боз манат,
Боз жорго минген санталат,
Болгонуң айтам бир санат.
Керегең башы кер манат,
Көк жорго минген санталат,
Көргөнүң айтам бир санат.
Акунум минген аттары,
Семиргени кулжадай,
Секиргени бүргөдөй.
Башы чайни болот деп,
Бадахшан жүгөн салдырган.
Колу кола болот деп,
Кокон кишен салдырган,
Кокустан ууру албайт деп,
Акунум минген аттары,
Буудайдан лабак чайнаган,
Булутту карап жайнаган.
Акунум минген аттары,
Арпадан лабак чайнаган,
Асманды карап жайнаган.
Текеден чылбыр сүйрөткөн,
Телтору минип үйрөткөн.
Булдап чылбыр сүйрөткөн,
Буудан көк минип үйрөткөн.
Ажалым жетип өлгүчөм,
Айнектей жүзүң көргүчөм,
Арманым айтып жүрөмүн,
Азарың тартып күйөмүн.
Күнүм бүтүп өлгүчө,
Күзгүдөй бетиң көргүчө,
Күйүтүң тартып жүрөмүн,
Таң атканда жер жарыйт,
Таалайы бар пенделер,
Алганы менен тең карыйт.
Күн тийгенде жер жарыйт,
Кудайым берген пенделер,
Күйөөсү менен тең карыйт.
Алтындан жүгөн калайлуу,
Алганы менен бир жүргөн,
Кандай пенде таалайлуу.
РАХМАНЖАН
Ак боз ат келди жол басып,
Ак көбүктөп тер чачып,
Элиң турат чогулуп,
Ак үйүң турат кир басып.
Ак шумкар тоодон учуптур,
Ак талга барып конуптур.
Аскерде жүргөн баатырым,
Армансыз өлүм болуптур.
Капталда жолборс жатат деп,
Калкыңдын көөнү ток эле.
Калкыңа келбей калышың,
Капарымда жок эле.
Эңизде жолборс жатат деп,
Элиңдин көөнү ток эле.
Элиңе келбей калышың,
Эсибизде жок эле.
Карагай найза өңөргөн,
Кадим жаштан көгөргөн.
Каптаган жоону көргөндө,
Кайрат менен жөнөгөн.
Түпөктүү найза өңөргөн,
Түптүү элде көгөргөн.
Түмөндүү жоону көргөндө,
Туралбай шашып жөнөгөн.
Адырга атын токтоткон,
Алты атар мылтык октоткон.
Алыша келген душмандын,
Алдын тоскон коркпостон.
Белеске атын токтоткон,
Беш атар мылтык октоткон.
Пейли жаман душманга,
Беттешкен жалгыз коркпостон.
Кызыл ат минген такалап,
Кытайга барган чамалап.
Кас душманын талкалап,
Элин жүргөн калкалап.
Карагер минген такалап,
Кашкарга барган чалкалап.
Ал жерде кас душманын талкалап,
Калкын жүргөн калкалап.
Белеске атын агыткан,
Беш атар мылтык чагыткан.
Белдүү баатыр келсин деп,
Берлинге аны чакырткан.
Капталга атын агыткан.
Карабин мылтык чакыткан.
Каптаган душман келди деп,
Каалап аны чакырткан.
Күлүктү минсе чү деген,
Кас душманын талкалап,
Күн тийбес тоодо түнөгөн,
Кабарын угуп душмандар,
Күнчүлүк жерден жүдөгөн.
Жез пайнек кылыч тагынган,
Жат душманы багынган.
Эр жүрөк баатыр жагынан,
Тең келбеген эч бир жан.
Казатка чыгып жол баштап,
Калың элин коргогон.
Кадыры менен кеп сүйлөп,
Карыптарды колдогон.
Аргымак минсе чү деген,
Алышкан жоосун талкалап,
Ай тийбес тоодо түнөгөн.
Алыстан угуп кабарын,
Алдастап душман жүдөгөн.
Сүйлөсө сөзү эп болгон,
Сүрүнө душман тең болгон.
Айтылуу баатыр атанып,
Алыскы элге кеп болгон.
Кылычын кыя байлаган,
Кытайдын тоосун айланган.
Кыя баскан душманың,
Кык эттирбей жайлаган.
Саадагын жанга байлаган,
Сан жигитин жайлаган.
Сан-сан болгон душманды,
Жалгыз өзү байлаган.
Торуну минсе жүгүргөн,
Томсоргон душман сүрүнөн.
Топ жыйында сүйлөсө,
Кара жандан түңүлгөн.
Кара ат минсе жүгүргөн,
Калтарган душман сүрүнөн.
Кармашам деген душмандар,
Камыштай болуп сүрүлгөн.
Чечинбей өткөн дайрадан,
Каршы келген душманын,
Камынтпай барып жайлаган,
Кара койдой айдаган.
Белгилүү болгон дубандан,
Беттешкен жоосу кубанган.
Береним мөөрөй алды деп,
Бер жакта эли кубанган.
Беттешип найза сунганда,
Жазганып душман бөлүнгөн.
Таалайы артып баатыр деп,
Таанылып элге көрүнгөн.
Беттешкен жерден кек алып,
Эл ишине жараган.
Атактуу баатыр экен деп,
Айтылуу элге тараган.
Ак бараң мылтык колго алган,
Аскер баштап жол салып,
Ашуу ашып жер чалган,
Алышкан жоого чуу салган.
Көк бараң мылтык колго алган,
Көп аскерге жол баштап,
Кас душманды көргөндө,
Көрүнөө жерден кол салган.
Кара зоодон жол тоскон,
Кыраңга кошун токтоткон.
Карайган душман көрүнсө,
Камынып мылтык октоткон.
Белсемдүү жерден жол тоскон,
Белеске атын токтоткон.
Бетбак душман көрүнсө,
Билгизбей мылтык октоткон.
Токойлуу жерге токтогон,
Топ жигитин жоктогон.
Тоодой мүшкүл иш болсо,
Тоотпогон коркпогон.
Саздуу жерге токтогон,
Сан жигитин жоктогон.
Сансыган көп душманга,
Жалгыз барган коркпогон.
Алты атар мылтык асынган,
Атагы чыккан жашынан.
Алыша келген душманы,
Алдынан чыгып басынган.
Беш атар мылтык асынган,
Белгилүү болгон жашынан.
Беттешем деген душманы,
Беттеше албай басынган.
Андижанды жердеген,
Айланып чыкса элинен,
Ардактап аны кел деген
Атагы көпкө белгилүү,
Айтылуу баатыр эр деген.
Күлө багып сүйлөгөн,
Кайгырууну билбеген.
Карчыга куштай кайран эр,
Капилет өттүң дүйнөдөн.
Жалындап күйгөн чөк болгон,
Айбатына чыдабай,
Жоолашкан душман жок болгон.
Кызарып күйгөн чок болгон,
Караанын көрсө чыдабай,
Кас душманы жок болгон.
Сар жорго минген дабанга,
Сөз айтпаган жаманга.
Өзү баатыр кайран эр,
Кол салуучу каманга.
Асманда учкан зар элең,
Амалың элге белгилүү,
Алайна жоодон качпаган,
Адамдан артык жан элең,
Көкөлөп учкан зар элең,
Көркөмүң элге белгилүү,
Көпчүлүк жоодон качпаган,
Көрүнөө баатыр жан элең.
Эч кимге намыс сатпаган,
Эл теңдигин сактаган.
Беттешип келген жоо болсо,
Белсенип үйдө жатпаган.
Адамдык салтты актаган,
Ажалдан кайра тартпаган.
Булгабай элдин ишенчин,
Булактай таза сактаган.
Жаздыктан өлгөн жаманат,
Жоодон өлгөн салтанат.
Жүрөктө эрдик ой болсо,
Баатырлар кайдан жалтанат.
Кыйкырып жоого киргенде,
Кылычын жаза чаппаган.
Гранат урган жерлерин,
Кыргын кылып таштаган.
Кол алдында жигитин,
Кыраан кылып таптаган.
Кылчылдашкан жоо болсо,
Кылчайып артка баспаган.
Калк башына иш түшсө,
Казатка көздөй аттандың,
Калк намызын коргойм деп,
Биринчи болуп катталдың.
Тууган элге туу элең,
Душманыңа уу элең.
Басып кирген душманга,
Туурадан кирчү уул элең.
Качырган жоону кыйраткан,
Кара кулак шер элең.
Кармашта намыс бербеген,
Кадимден баатыр эр элең.
Алыста жүргөн душмандын,
Айттырбай туруп сыр билген.
Алышып ойноп чоңоюп,
Алиев менен бир жүргөн.
Арс ичиктин тышы элең.
Алтындан самоор жыш элең.
Алса илберсин куткарбас,
Ак ала туйгун куш элең.
Көрпө ичиктин тышы элең,
Күмүштөн самоор жыш элең.
Күүлөнсө илбээсин куткарбас,
Көк ала туйгун куш элең.
Мингениң тору боз беле?
Колуңда курал жок беле?
Ал атканда сен атпай,
Жаныңда жолдош жок беле?
Мингениң буурул боз беле?
Снаряд деген ок беле?
Ал атканда сен атпай,
Жазайыл колдо жок беле?
Көкөлөп учкан ылаачын,
Көккө бир жаят кулачын.
Көп душманың талкалап,
Көркөмдүү совет элинде,
Көрбөдүң жандын ыраатын.
Асмандап учкан ылаачун,
Айга бир жаят кулачын.
Айгышкан жоону талкалап,
Ак калпак кыргыз элиңде,
Көрбөдүң жандын ыраатын.
Туу куйругу бир тутам,
Тулпарлар чыгат желеден.
Туйгун жаның өтүптүр,
Туулбайт сендей энеден.
Жал куйругу бир тутам,
Жабагы чыгат желеден.
Жалгыз жаның өтүптүр,
Туулбайт сендей энеден.
Фрунзе менен Маскөөдө,
Атың турат жазылып,
Эл эскерет кылымга
Эрдигиң жүрөт айтылып.
Кармашам деген душмандын,
Кара көзү оюлду.
Өлсөң дагы тирүүсүң,
Калк эскерген эрдигиң
Колхоздун наамы коюлду.
Калк үчүн кыйсаң жаныңды,
Кадырың элге билинди.
Эстелигиң тургузуп,
Портретиң илинди.
Эстелигиң ачарда,
Элиңдин баары чогулду.
Согушта өлгөн баатыр деп,
Рахманжан аталып,
Колхозго атың коюлду.
ТАЙГАРАЕВ ТУКУБАЙ
(Советтер Союзунун Баатыры)
Кылычың турат кынында,
Кырк биринчи жылында.
Кылды Герман жаңжалды,
Уруш болуп кетти деп,
Терип кетти балдарды.
Көчөгө чыгып карасак,
Кемпир менен чал калды.
Кең сайга элдер конбосун,
Кемселим кыска болбосун.
Бул урушту баштаган,
Асти, Герман оңбосун.
Айнектей бетин тастайтып,
Алтындай тишин кашкайтып,
Элге-журтка арз айтып,
Барса барып келем деп,
Барсам жоону жеңем деп,
Күмүштөй тишин кашкайтып,
Күндөй бетин тастайтып,
Күлүп-жайнап кеткенсиң,
Барарда атың жорголоп,
Келерде каның шорголоп.
Алты катар жоо болсо,
Аны сүрүп кетет дейт элең.
Ак боз атын жалдаган,
Алтымыш катар Германдын,
Акырегин кандаган.
Көк боз атын жалдаган,
Алам деген Германдын,
Көкүрөгүн кандаган.
Алтындан эле найзасы,
Айлына тийген пайдасы.
Экиден эле найзасы,
Элине тийген пайдасы.
Көк көйнөгү бар эле,
Көкүрөгү тар эле.
Көрүнбөй кетти Германга,
Кайрылып келсе элине,
Пайдасы тиер бала эле.
Ак көйнөгү бар эле,
Акыреги тар эле.
Айланып келсе элине,
Пайдасы тиер бала эле.
Ак боз ат миндиң тооларга,
Көрүнөө кирдиң жооларга.
От жыттанган урушка,
Ойлонбой кирген баатырым.
Кан жыттанган урушка
Качпай кирген баатырым.
Жондоп түшкөн бөрү эле,
Жоболоңдуу иштерди,
Жолдон тосчу эр эле.
Капталдап түшкөн бөрү эле,
Капсалаңдуу иштерди,
Кайра тосчу эр эле.
Капталга жүгүн таштабас,
Капталы бийик лөк эле.
Жайылып аккан суудайым,
Жай көтөргөн туудайым.
Эшилип аккан суудайым,
Элимде турган туудайым.
Мурутуң эми керилип,
Бул сапардан эринип,
Бул кудайдын ишин көр,
Германга барып көмүлүп.
Сакалың эми керилип,
Зар сапарга эринип,
Зар санай турган чак келсе,
Зап кудайдын ишин көр,
Германга барып көмүлүп.
Ай чыккан жакка чий туттук,
Ай өткөн сайын көз туттук.
Күн тийген жакка чий туттук,
Күн өткөн сайын көз туттук.
СУЛТАНОВ КАДЫРМАТ
(Социалисттик Эмгектин Баатыры)
Көк жорго минсе чайпалган,
Көк нооту кийсе жайкалган.
Көпчүлүк элдин ичинде,
Көсөмдүгү байкалган.
Күлүктү минсе чайпалган,
Калың элдин ичинде,
Көркөмдүү болуп жайкалган.
Карапайым мүнөздүү,
Касиети байкалган.
Кыргыз элиң кадырлап,
Кыйлага даңкың угулган.
Калк үчүн кылып кызматты,
Көңүлүң көпкө бурулган.
Калкың үчүн иш кылып,
Өз милдетин актаган.
Кыргыз элиң кадырлап,
Кымбаттуу сөзүң сактаган.
Элиңе кылып эмгекти,
Маскөөгө чейин таанылдың.
Ардактап сыйлап өкүмөт,
Алтындан орден тагындың.
Күлүк элең чабылган,
Күн тийбес жерге багылган.
Күрдөөлдүү күлүк эле деп,
Күлгүңдөн жабуу жабылган.
Жорго элең жолдо чабылган,
Жабуулап күндө багылган.
Топ жарган күлүк экен деп,
Алтындан жүгөн тагылган.
Адырда буудай куурады,
Арстаным баатыр сулады.
Арзыган ишке жетпеген,
Армандуу өлүм бу дагы.
Белесте буудай куурады,
Белгилүү баатыр кулады.
Бейпайга салган бу өлүм,
Пендечилик бу дагы.
Башынан таасын сүйлөгөн,
Бай-манапты сүйбөгөн.
Бардык жерде карыпты,
Жакшы көрүп үндөгөн.
Партияны башкарып,
Бакыт күтүп даңк алган.
Аңтарып Маркс томдорун,
Улуу Ленинден такшалган.
Тактап чечкен бюрону,
Таарынткан эмес бирөөнү.
Тартип менен башкарган,
Тартынбай айткан күнөөнү.
Башкарып келген бюрону,
Басынткан эмес бирөөнү.
Бала күндөн бер жакка,
Баарына жаккан жүргөнү.
Кылдат чечкен бюрону,
Кыйнаган эмес бирөөнү.
Кыйын күндө жол баштап,
Кыйлага жаккан жүргөнү.
Телефон менен сүйлөгөн,
Тепкедей жаштан бер жакка,
Окуп билим үйрөнүп,
Тарбия алган бюродон.
Каргадай болуп сүйлөгөн,
Кадим жаштан бер жакка,
Тарбия алган жетилип,
Комсомолдук бюродон.
Алтындан саат бураган,
Адилдикти сураган.
Ак ниет сендей болсом деп,
Канчалар сени туураган.
Күмүштөн саат бураган,
Күлпөттүү ишти сураган.
Кейиштүү сөздү укканда,
Кеңешин айтып улаган.
Барчын куштай түлөгөн,
Партиянын иши үчүн,
Бардык жанын үрөгөн.
Орденин алып Лениндин,
Москвада сүйлөгөн.
Атагы чыккан элинен,
Тарбия алган Ленинден.
Атагы кеткен алыска,
Ак калпак кыргыз жеринен.
Көк шумкар учту туурунан,
Кыргыз элде туулган,
Кыраандыгын билгизип,
Мунун Кытайга даңкы угулган.
Боз шумкар учту туурунан,
Кең Алайда туулган.
Мунун поруму элге жагымдуу,
Монголго чейин угулган.
Кызылын кийдиң күрмөнүн,
Кызматын кылдың бюронун.
Калкыңа кылып эмгекти,
Кадырын көрдүң дүйнөнүн.
Жашылын кийдиң күрмөнүн,
Жаш кезиңден бер жакка
Буйругун кылдың бюронун.
Жадыңа эгем жар болуп,
Жакшысын көрдүң дүйнөнүн.
Чолпону элең жылдыздын,
Чоңу болчуң кыргыздын.
Алтындан жылдыз тагынып,
Элиңе мунар тургуздуң.
Урматын көрдүң элиңдин,
Убайын көрдүң келиндин.
Баатыры болдуң элиңдин.
Беш жылдызды тагындың,
Урматтап улуу Лениндин.
Ай үстүнөн аркырап,
Алтын куш болгон мингениң.
Ай далида жаркырап,
Ак торко болгон кийгениң.
Күн үстүнөн аркырап
Күмүш ат болгон мингениң.
Куп далиңа жарашкан,
Кыл торко болгон кийгениң.
Чагарак куйрук чаар жон,
Жолборс элең кайран эр.
Чоң казаттай иш болсо,
Койбос элең кайран эр.
Алыс жерден көрүнгөн,
Мунар элең кайран эр.
Саратан жайда саябан,
Чынар элең кайран эр.
Улуу тоодо сайраган,
Улар элең кайран эр.
Учкулдардын пашасы,
Тынар элең кайран эр.
Теминсе чуркап жоргосу,
Таалай тапкан эмгектен,
Ташкентте болгон жолдошу,
Табийгат болгон колдоосу.
Элирсе чуркап жоргосу,
Элинде болгон жолдошу,
Эл-журту болгон колдоосу.
Алдына келген канча адам,
Албырып бетин нур чалган.
Күнүнө келген канча адам,
Көсөмдүгү белгилүү,
Күмүштөн кемер курчанган.
Жакшы айтып сөзүн таптаган,
Жашынан адеп сактаган.
Алдына барган адамды,
Орой сөз айтып какпаган.
Өкмөт ишин тактаган,
Үйүндө тынчып жатпаган.
Эл үчүн кылып эмгекти,
Түшүм жыйган пахтадан.
Жолборс элең чамынган,
Жорго элең жолдо таанылган.
Тең келбейт эле сага эч ким,
Бак-дөөлөт ашкан жагынан.
Гүлдөгөн элиң Фергана,
Күйүтүң калды артыңа.
Кен болуп күндө жүрдүңүз
Күндөөлдүү кыргыз калкыңа.
Ээн-Терек мазарың,
Эриккенде сөз кылып,
Элиңе өтөр азарың.
Кашка терек мазарың,
Кайгырганда сөз кылып,
Калкыңа өтөр азарың.
Туулган жериң Алайда,
Жашыңда жүрдүң малайда.
Тарбия берип партия,
Угулду даңкың далайга.
Кыргыз жерде туулган,
Кымбатың сенин кең болуп,
Кытайга чейин угулган.
Кыргоодон учкан кыраан куш,
Кылчайбай кеттиң тууруңдан.
Тарбия берип жаштарга,
Канаттарын күүлөнтүп,
Арка болуп атадай,
Акыл насаат үйрөттүң.
Оозунан сөзү чубаган,
Олуттуу өскөн жан элең,
Ойлонуп элин сураган.
Үзүлгөн ишти кураган,
Партия койгон талапты,
Иш жүзүндө жаратты.
Пахтадан түшүм жыйнаган,
Баркталып нечен сыйланган.
Сан жылкы баккан дабанга,
Кичи пейил бир мүнөз,
Сыр айткан эмес жаманга.
Көк жорго салган дабанга,
Көп жылкы бакка саманга.
Көркөм порум бир мүнөз
Сөз айтпаган жаманга.
Ааламга башы теңешкен,
Обкомдон менен кеңешкен.
Атагы алыс кетсе да,
Ага-ини менен тең өскөн.
Жакшыга башы теңешкен,
Жакыны менен кеңешкен.
Жайдары мүнөз ак көңүл,
Жардылар менен тең өскөн.
Күтүрөгөн калың эл,
Күйүтүң айтып токтолор.
Күндө үч убак кеп болуп,
Сенин кадырың элде жоктолор.
Сап-сап болгон калың эл,
Саргайып туруп токтолор.
Санаган жерде кеп кылып,
Сенин санатың элде жоктолор.
Калкылдаган калың эл,
Кыйкырып барып токтолор.
Кызматың эске түшкөндө,
Кылыгың элде жоктолор.
Керилтип кулун байлаган,
Төрт түлүк малды өстүрүп,
Керейге малын айдаган,
Кашка суу барып жайлаган.
Сазга кулун байлаган,
Сан жылкыны өстүрүп,
Сарала тоосун жайлаган,
Күлүгүн күндө байлаган,
Күтүрөгөн мал менен,
Күрөбөс тоосун жайлаган.
Күрмөлбөй өткөн дайрадан,
Элге тилеп кеңчилик,
Элде болбойт сенчелик.
Калкка тилеп кеңчилик.
Калкта болбойт сенчелик.
Адырдан аркар уулаган,
Ак эмгек кылып элине,
Ааламга даңкы угулган.
Белестен аркар уулаган,
Беттешкен душман кулаган.
Партиянын жолунда,
Бала кезден дуулаган.
Түшүмүң ачтың жериңдин,
Бактысын ачтың элиңдин.
Чакырылып Маскөөгө,
Орденин тактың Лениндин.
ГЕНЕРАЛ ИСКАКБЕК
Аксуунун башы кысык деп,
Ак жайыкты ысык деп,
Ак Дөбө чыга жайлаган,
Ак жалдын үйрүн байлаган,
Аргымагын айдаган,
Аппак казы чайнаган.
Ак жалдын үйрү бош калды,
Артыңда балаң жаш калды.
Көк суунун башы кысык деп,
Көк жайыкты ысык деп,
Көк дөбө чыга жайлаган,
Көк жалдын үйрүн байлаган,
Күлүктөрүн айдаган.
Көк жалдын үйрү бош калды,
Күйөрман балаң жаш калды.
Абалы сөзүм бысмылда,
Бысмылда түшкөн миң жылда,
Акырет кеткен асылым,
Айтып калдык биз мында.
Быйылкы келген күзүндө,
Кең-Кулжанын түзүндө,
Асылым кетти сапарга,
Жаңыдан элге кайтарда,
Артында калган бала жаш,
Караан кылып каларга.
Кең Кулжаны жердеген,
Улуу Совет эл деген.
Эл үчүн туулуп береним,
Намысын такыр бербеген.
Акырет жайга кетипсиз,
Иманың болсун саламат.
Алхамду куран башы экен,
Ак Мустафа пайгамбар,
Алланын сүйгөн досу экен.
Ошолор өткөн жалгандан,
Опасыз дүйнө ушу экен.
Кимдер өтпөс жалгандан,
Он сегиз миң ааламдан,
Адам ата, Ава эне,
Биринен бири айрылган,
Алар дагы кайгырган.
Упасыз дүйнө ушу экен,
Улукман акыл кары экен.
Азирет Али шер өткөн,
Упасыз жалган ушу экен.
Омор, Осмон жана өткөн,
Тажи кийген башына,
Искендердей шер өткөн.
Асманда булут урланган,
Ашкере келген душманга,
Сырын айтпай суйсалган.
Суусар бөркүң суу болду,
Сымбаттуу менин береним,
Кандай жерде кор болду?
Кара макмал бөркүңүз,
Карарып күйгөн өртүбүз.
Кара макмал бөркүңө,
Карады кудай көркүңө.
Бөркүңдү шамал учурду,
Атыңды кудай өчүрдү.
Кызыл макмал бөрктөйүм,
Кызарып күйгөн өрттөйүм.
Кызыл макмал бөркүңө,
Кызыкты кудай көркүңө,
Бөркүңдү шамал учурду,
Атыңды кудай өчүрдү.
Усталарга табылгыс,
Кара болот курч элең.
Мүнүшкөргө табылгыс
Бозум түлөк куш элең,
Көркөмү бийик, көзү түз,
Душманга октой сөзү түз,
Бейкабарсыз жатканда,
Оору тийди быйыл күз.
Караны салып башыма,
Кан жуткан жаман күндөмүн.
ЧОЛПОНКУЛ МАНАПТЫН УУЛУ
ЖАПАРКУЛГА АЯЛЫНЫН КОШКОНУ
Сөз баштайын дартыңдан,
Өлө албадым артыңдан.
Жашта сиздей бар бекен,
Акылың чоңдон артылган.
Ала-Тоо башы кар бекен,
Айланып учкан зар бекен.
Жаш төрөм деп зарланган,
Аялда биздей бар бекен.
Оңдо окудуң илимди,
Он бир жашка чыкканда,
Сайраттың кызыл тилиңди.
Он экиге чыкканда,
Көрүндүң элдин көзүнө.
Он үч жашка чыкканда,
Акылдуулар таң калат,
Айтып турган сөзүңө.
Он төрт жашка чыкканда,
Жапаркул мырза атандың,
Адептүү чыгып башынан,
Ар жакшыдан бата алдың.
Он беш жашка чыкканда,
Уруксат алдың атаңдан,
Атанын көөнүн тындырдың,
Жаш кезиңде жаш төрөм,
Буйрукта ишти кылдырдың.
Оозго кирип турганда,
Атакең сотко айдалды.
Чоң Бишкекте түрмөдө,
Үй күн жатып жайланды.
Үч күндөн кийин атакең,
Шиберди көздөй айдалды.
Каргадай болгон жаш бала,
Көзүнүн жашы он талаа.
Кайрат кылып жөнөдү,
Калкың калды таң кала.
Шамшыда орус, мужуктан,
Атасына алып жөнөдү.
Зарыл болгон бечара,
Атасын абдан тиледи.
Ай караңгы кечеден,
Аманат жанын бек кечип,
Атасын кайрып жөнөдү.
Акылды тапкан талаадан,
Атасын аман кутултуп,
Чыгарган экен санаадан.
Жашында чыккан жалыным,
Жайма көкүл алымым.
Айчыгың алтын байрагым,
Албарс жанчуу кайрагым.
Асылымдан айрылып,
Эп бекен менин сайраарым.
Тоту куштай толгонум.
Толгондо ойрон болгонум,
Кызыл гүлдөй солгонум,
Кыюсуз күнү кошконум.
Ай, жаш төрөм, арстаным,
Астыма торко жазганым.
Жагылуу болсун чырагың,
Токулуу болсун бурагың.
Жаш кезиңде жайрадың,
Жалгызым асыл ынагым.
Ынагымдан айрылып,
Азабың тартып куурадым.
Күлүк болсун бурагың,
Мынакей күрмөгө таккан тумарым.
Күйөөрүмөн айрылып,
Күйүтүн тартып куурадым.
Айта берсек кеп экен,
Канча айтсак да эп экен.
Сизден калып өлбөгөн,
Адамдын жаны бек экен.
Орун алдың ортодон,
Озуп чыктың солтодон.
Ким деген качып кутулат,
Өлүм деген жолтодон.
Жабыктан жайнап күн чыккан,
Жаш чагыңда аялың,
Күнүгө үч убак үн чыккан.
Ак калпактуу кыргыздан,
Ашып сизден ким чыккан.
КОЖОМКУЛ
Айтамын элге баяндап,
Балбандын каза болгонун.
Калк жыйылып урматтап,
Кадырлап жерге койгонун.
Кадимки өткөн Чубактай,
Кара күчкө толгонун.
Кадырың элге жетиптир,
Карыя сенин болжолуң.
Турпатың түптүү теректей,
Туулган жерге орнодуң.
Ала-Тоо салкын жерде өсүп,
Ак калпак кыргыз элде өсүп,
Ат көтөргүс зор болдуң.
Азамат болуп, эр жетип,
Кажымукан казакка,
Кайрат кылдың теңдешип.
Оор кайгы тартып турабыз,
Ортобуздан сен кетип.
Жер таянып өмүрдө,
Жыгылган жоксуң күрөштөн,
Бурултуп торгой чалчу элең,
Булка кармап билектен.
Ат үстүнөн алышып,
Акбалбанды жүдөткөн.
Өйүз-бүйүз кыргыздан,
Өзүңдөн балбан ким өткөн.
Түбүң чыгат таралып,
Кан Манастай баатырдан.
Кайраттанып качырсаң,
Кас душманың багынган.
Алп дөөлөрдүн бири элең,
Ак жолборстой чамынган.
Бала кезде жүрүпсүң,
Бай-манапта жалданып,
Отун алып, от жагып,
Оокатың үчүн кармалып.
Качан совет чыкканда,
Калкыңдан өстүң тандалып.
Өз атаң Каба алп экен,
Камырдай ташты жууруган.
Тоодон кармап илбирсти,
Боконогун сууруган.
Ороодон төөнү көтөрүп,
Оң-солго дайны угулган.
Өтүгүнүн таманы,
Көтөргөн жерде жулунган.
Калайыкка жайылып,
Бул калган сөз эски кылымдан.
Тууган энең белгилүү,
Балбан болгон аялдан.
Сайышка түшүп төрт жолу,
Салмагы арткан далайдан.
Саяк менен солтодон,
Санатып байге мал алган.
Жолборс көөдөн кең далы,
Бою узун адамдан,
Күрөшкөндү ыргыткан,
Күчүң артык жаралган.
Сексенге жашың илинбей,
Сен дагы өттүң ааламдан.
Илгери Пишпек шаарында,
Батырак тою болгондо,
Калаанын ичи калдайып,
Калк жыйылып толгондо,
Өзбек, казак эл келип,
Өргү болуп конгондо,
Нарын менен Жумгалдан
Албан түрдүү эл келип,
Сурайгырды ойнотуп,
Суусамырдан сен келип,
Жаныңда Калык ырчы бар,
Жар чакырат термелип,
Ошондо Калык кеп айтат,
Ой, Кожомкул деп айтат,
Адил Совет сыйлыгың,
Азаматтар көрсүн деп,
Анык балбан Кожомкул,
Ат көтөрүп берсин деп,
Бардык кедей-батырак,
Байкап күчүн көрсүн деп,
Орус-кыргыз жыйылып,
Ошондой деп кеп айтып,
Балбан бекен Кожомкул,
Байкайлычы деп айтып,
Карабоз атты жетелеп,
Аянтты көздөй төтөлөп,
Карап турду көпчүлүк,
Кандай кылар экен деп,
Ошондо сенин кырдалың,
Отуз беш жаштан өтө элек.
Кош басмайыл тартылып,
Колтуктан өйдө бекемдеп,
Карышкыр улак алгандай,
Капталдан чаба кармадың,
Басмайылга илинди,
Аты жок ортон бармагың.
Жерден атты көтөрүп,
Жетиштүү болду дарманың,
Көпчүлүккө жайылып,
Көкөлөй түштү арбагың.
Өзүң член партия,
Башчы болдуң калкыңа,
Ылайыктуу эр элең,
Ырыстуу элдин шартына.
Көрбөгөндөр көрсүн деп,
Кумар эле даңкыңа.
Өлсөң дагы урматтап,
Жетти кыргыз баркыңа.
Кайран балбан өлдү деп,
Казак, кыргыз эл угуп,
Кадырлап жакшы көмдү деп,
Кайгырдым кабар укканда.
Уйпалап далай балбанды,
Уста элең жыкканга.
Ченебеген зор элең,
Чечинип элден чыкканда.
Макене, Сабыр аксакал,
Балбандар чыкты бир катар,
Үрпөкбаш, Тиштээк, Дуңкана,
Таласта Касым, Теке бар.
Матакул менен Тобоке,
Суусамырда экөө бар,
Кыдык, Торсо, Азыкбай,
Кыйын балбан Отор бар,
Ошолорду Кожомкул,
Баскан сенин арбагың.
Таразага түшсө да,
Оодарып кетчү салмагың.
Эми айланып келбейсиң,
Элимден чыккан балбаным.
Суусун ичип чоңойдуң,
Суусамырдын жеринин,
Кожомкул деп эскерип,
Кошуп жүрөм сени мен.
БАРАКТЫН КЫЗЫНЫН КОШОГУ
Айчыгың алтын кызыл тууң,
Азар болду кызыл сууң.
Какшып калды көк көлүң,
Чөпсүз калды кең төрүң.
Тамга терек мазарың,
Кайрылып малың оттобой,
Атакем, калкыңа өтөр азариң1.
Эңкейген терек мазарың,
Эңкейип малың оттобой,
Атакем, элиңе өтөр азарың.
Алтындан купа ойдуруп,
Атка салам дээр элең,
Апта сайын дасторкон,
Калкка салам дээр элең.
Күмүштөн купа ойдуруп,
Атка салам дээр элең,
Күнүнкүсүн дасторкон,
Көпкө салам дээр элең.
Тарууну орду боолуктуу,
Жылда барбас Ташкенге,
Атакем быйыл оолукту.
Таруу оруп жем алды,
Ташкенге барып нени алды?
Кадагы менен чай алды,
Сайга салып ичет деп,
Кант алды деп сүйүнсөм,
Тартылбас балаа дарт алды.
Арпаны орду боолуктуу,
Атакем жылда барбаган,
Анжиян көздөй оолукту.
Анжиян барып нени алды?
Ат башындай кант алды,
Кант алды деп сүйүнсөм,
Айыкпас кара дарт алды.
Алты кетмен чогултуп,
Арык казат мен десем,
Атамдын ак үйүн казган турбайбы,
Жети кетмен чогултуп,
Жер төлө казат мен десем,
Атамдын жер үйүн казган турбайбы.
Түндүгүн үйдүн ачтырып,
Түбүрттөп элин бастырып,
Атакем өмүр сүрөт мен десем,
Өлүмдү сүргөн турбайбы,
Курусун менин жаш башым,
Кургабайт эми көз жашым.
Ак жал, ак жал дээр элең,
Ак жалды сойду ашыңа,
Аркаңда калган жалгыз кыз,
Ак сарай тикти башыңа.
Көк жал, көк жал дээр элең,
Көк жалды сойду ашыңа,
Көйпайда калган жетим кыз,
Атаке, көк сарай тикти башыңа.
Атилес тийбес этиме,
Куу тырмак тийди бетиме.
Бетимен аккан кара кан,
Бейитиңе сыр болсун,
Көзүмөн аккан кара жаш,
Бейиштен чыккан нур болсун.
Бай атамдын барында,
Жорго бизге тең болгон,
Бай атамдын барында,
Кыйласы бизге жем болгон.
Бай атам көзү өттү эле,
Бизге кырчаңгы ат тең болгон,
Ак белден жылкы ашырган,
Ак талдан боюн жашырган,
Атакемди көргөндө,
Алыстан душман баш урган.
Сай боюнда жалгыз тал,
Саяпкердин балдары,
Укурук кылып сүйрөттү,
Атакем көзү өттү эле,
Улоо тайын үйрөттү.
Алтынды куйдум тагина2,
Атакемдин күмбөзү,
Адырдын маңдай жагында.
Күмүштү куйдум тагина,
Атакемдин күмбөзү,
Күңгөйдүн маңдай жагында —
деп атасынын өлгөнүн жоктоп кошок кошуп бара жатса, Барактын кызынын
кошогун угабыз деп, Анарбай, Кошой деген болуштар кыздын көчүн жигиттери
менен токтотушат. Ошондо кыз төмөнкүдөй кошок кошуп турган жери:
Өйдөгө чыгып оттогон,
Өркөчү бийик кара нар,
Өркөчү толо курт экен,
Өлүмдүү көчтү өткөрбөй,
Өрттөнгөн кандай журт экен?
Капталга чыгып оттогон,
Капталы бийик кара нар,
Капталы толо курт экен,
Каралуу көчтү өткөрбөй,
Кандай курган журт экен?
Анарбай, Кошой акелер,
Кошок угам десеңер,
Козу, улагым байлаңар,
Жылкымды бир колотко жайлаңар,
Анан кошок угуңар,
Бир кумардан чыгыңар.
Агын суудай жошоюн,
Бай атам өлгөн мен элем,
Анарбай, Кошой акелер,
Өлүмдү жакшы көрсөңөр,
Экөөңдүн бириң өлгүлө,
Атамдан артык кошоюн —
дегенде Анарбай, Кошой болуштар уялганынан сөз таба алышпай качып кетишет.
Кыз малын айдап, таштап кеткен элине жетип барат. Кыздын абасы жолунан
тосуп чыкканда кыз абасын көрүп кошкон кошогу:
Жылганын башы эгинди,
Жылкыңыз басып кемирди,
Жылып качкан бай аба,
Сиздин жылкыңыз канча семирди?
Колоттун башы эгинди,
Сиздин коюңуз басып кемирди,
Коюп качкан бай аба,
Сиздин коюңуз канча семирди?
Төлөндүн башы эгинди,
Төөлөр басып кемирди,
Түндөсү качкан бай абаке,
Сиздин төөңүз канча семирди?
Жедигер, саяк эл калды,
Шаркыратма, Майлы-Суу,
Жайкалган өзөн жер калды.
Караңгы көрдүн ичинде,
Кош кабагын чийилтип,
Баатыр чыгып элинен,
Душманына тең келген,
Атакем сындуу эр калды —
деп ыйлап жатса, кыздын үйүн эл тигип жаткан маал экен, бир байтал жетелеген
жигит өкүрүп түшөт. «Ким экен?» — деп сураштырса кыздын кайындап койгон
күйөөсү экен. Ошондо капа болгон кыз:
Атакемдин өлгөнү,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 13