Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 04

Total number of words is 4176
Total number of unique words is 2313
26.2 of words are in the 2000 most common words
38.9 of words are in the 5000 most common words
46.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Капчыгай өрдөп салдаттар,
Кара-Арчага конду деп» —
Кабар угуп турганбыз.
«Качып жүрүп кырылбай
Кармашып өлсөк болду» — деп.
Аман кантип көчөбүз,
Карасайды Жөгөндү.
Кууп тийип Кулмат душманды
Көрсөттүк деди өнөрдү.
Кыргыздын колу арбын деп
Көп салдат кайра жөнөлдү.
Эсенгул, Шатан болуштан,
Эл качты өскөн конуштан.
Моңолдор менен чериктин
Жартысы качпай калыптыр
Козголо албай олуштан.
Бала кыйра качыптыр,
Дөбөлү менен Нарындан,
Тарагайды бет алып,
Далай эл көчүп камынган.
Качкынды кууган салдаттар
Капчыгайда кабылган.
Көч артынан тааптыр
Кыдыктын уулу Малайды
Салдатты баштап эл кууган,
Кылган иши жарайбы.
Кыядан жалгыз атышып,
Малай да сойгон далайды.
Ок дарысы түгөнүп,
Отурган Малай үшкүрүп,
Алдыңкы эл узап кетсин деп,
Айла менен иш кылып.
Сары кыянын ташына
Салдаттар чыгып барыптыр.
Токтотуп жаткан Малайды
Топ салдат кармап алыптыр.
Өйдө-төмөн чапкылап,
Өндүрдүн баарын чалыптыр.
Бала дебей жаш дебей
Малайды баштап кыйласын.
Кара саздан көчкөнбүз,
Кара каман Балкаршты
Катары менен кечкенбиз.
Атка токтор жан калбай,
Атышалы дегенбиз.
Аял менен бала-чаканы,
Аман сактап калсак деп
Аманат жандан безгенбиз.
Жаман эчки ашканбыз,
Жасооту болуп шашканбыз.
Кароол төбө туруктан
Кароолго барып жатканбыз.
Караңгыда жол чардап,
Каршы-терши чапканбыз.
Каңырт салып туш-туштан,
Калп эле мылтык атканбыз.
Тарагайдын талаасы,
Таандай кара көч болгон.
Жаактын суусун кечкиче
Жабылып иңир кеч болгон.
Жол чалып жүрсө Кулматка
Эки салдат кез болгон.
Жолборс жүрөк эр Кулмат,
Жоого жакын бет болгон.
Белестен Кулмат атканда
Бир салдат октон берт болгон.
Качып кетти бир салдат,
Калганына шек болгон,
Катылбай кайра кетүүгө
Кемендирден кеп болгон.
Корккон салдат кыргыздан
Көчүктө Жоро эл калды,
Көкүрөктө чер калды.
Көпөлөк кууп көйнөкчөн
Көрчү элек балдар жыргалды.
Көңтөрө кууп кыркырдан
Көр болгон паша чыр салды.
Аргымак калды жүралбай,
Атандар калды туралбай.
Ат-Башыда чериктен,
Абдылда Чортек тил албай,
Улукка жакын болдук деп,
Удургуй түшүп калды дейт,
Не кыларын билелбай.
Карасай менен Ыштыкка
Калың эл барды шыкалып.
Кароолчу коюп туш-тушка
Өргүдү бир күн тынч алып.
Ошондо ырдайт жаш балдар
Мал четинде муңканып.
«Айланайын Ала-Тоо
Айрылдык сенден ажырап,
Ат-кунан чаап жатчу элек,
Аш менен тойдо шатырап.
Айланып кайра үй тигип,
Сени көрөбүзбү батыраак.
Булагың тунук сымаптай,
Муңкантат жанды чыдатпай.
Бооруңа тарткын Ала-Тоо,
Боздотуп бизди ыйлатпай.
Жалтырап көлүң чайпалган,
Жел тийсе толкуп чайкалган.
Күңгөй, тескей тоолоруң
Гүл бурап чөбүң жайкалган,
Күн барбы сени көрүүгө,
Күкүгү таңшып үн салган.
Тоолоруң токой карагай
Балыгың туйлап баладай
Көчкөнбүз сенден Ала-Тоо
Көз жаш агып талаалай.
Кадырың өтөр Ала-Тоо,
Кантелик сени санабай.
Жердетпей сени кууду го,
Желмогуз залим арам ай.
Тумандуу аска бийигиң,
Топтошуп ойноп кийигиң.
Кайрылып сени көрбөсөк
Канткенде чыгат күйүтүң.
Алтының сайдын ташындай,
Алмаң бир аттын башындай,
Атырдай жытың бурулдап,
Абаң бир салкын жымылдап.
Ала-Тоо сенден кеткенде,
Айлабыз барбы жашыбай.
Күмүшүң сайдын ташындай,
Көз жаштар агып тамчыдай.
Гүл бурап чөбүң жайкалып,
Көрөсөн төрүң чалкайып.
Көз жеткис калдың аркада
Көралбай көңүл жашыды.
Кочкор-Ата, Чүй калды,
Кош терезе үй калды.
Баашага чеки болом деп
Мамбетаалы, Дүр калды.
Короодон чыкпай кой калды,
Коктулар толгон үй калды.
Канаттын эли бел байлап,
Кармашууга буйдалды.
Качкандай дайны билинбейт,
Же, аны капыстан салдат кырганбы?
Никелейди тиледи,
Тагынан түшпөй турса деп,
Кудай бардыр Калпага
Кууп келди кет жактан
Качкынды мейли кырса деп,
Эгедер киши жок болду,
Төрт түлүктүү малдарга.
Ээрсиз атты мингиздик,
Нечен бир кемпир-чалдарга.
Ала-тоо сени таянып,
Атышып бир аз жаттык биз.
Аёосуз кыргын салган соң,
Айлабыз кетип шаштык биз.
Жарак курал жогунан
Жан калкалап качтык биз.
Эсенгул, Казы болуштар
Какиловге жагынган.
Союш берип, үй тигип,
Касымбек калган Нарындан.
Кара жанга күч келип,
Качпадыкпы жалындан.
Ат-Башы менен Нарында,
Жети болуш эл калды.
Ысык-Көл менен Кочкордо
Ээси жок ээн жер калды.
Түрмөдөгү боюнча,
Баягы, Түркмөн баатыр эр калды.
Төрөнүн уулу Түркмөн
Кедейден чыккан эр эле,
Истарчы менен болушка
Бердирбейм чыгым дээр эле.
Ушундай күнү элине,
Байдасы тийчү бел эле.
Жумгалда Курман, Мурзабек
Өз башынын камын жеп,
Качканда катуу шаштык биз,
Бийиктен түздөй бастык биз.
Ала-Тоо сенин белиңде,
Аркардай чубап аштык биз.
Туюкту бузуп ашсак деп,
Турпанды кассак деп
Туралбай кетип барабыз,
Туруктуу конуш тапсак деп.
Касаба жаткан ак мөңгү,
Караңгыда ачылды.
Кармашсак деп залимге,
Каныбыз суудай чачылды.
Козголдук жерден ажырап,
Малдуулар кетти шатырап,
Унаасы жок алсыздар,
Убара болдук алсырап.
Жаралуу нечен кишилер,
Жан үздү болду алсырап,
Ашуусу бийик тоо аштык,
Агыны катуу суу кечтик.
Аламан көчүп түн катып,
Айлыбыздан адаштык.
Кабылса салдат кырат деп,
Кай бир адам шашкандан,
Карабай кеткен балдарга.
Үйдөгү зыйнат оокат-жай,
Мүлүгү калды жолдордо.
Уук комдоп жүк арткан,
Төөлөр калды жолдордо.
Уул-кызын жетелеп,
Жөөлөр калды жолдордо.
Эңкейип басып жөтөлүп,
Чалдар калды жолдордо.
Эне-атасын табалбай,
Балдар калды жолдордо.
Алганынан ажырап,
Аял калды жолдордо.
Алсыз нечен оорулуу
Чабал калды жолдордо.
Алы келген керегин,
Ташып кетип баратат.
Арманын айтып бүркөлүп,
Жашып кетип баратат.
Аркайган бийик тоолордон,
Ашып кетип баратат».
Деп ырдашып жаш балдар,
Элден, жерден элестейт.
Көчкөндөн башка жумуш жок,
Же, эл чогулуп кеңешпейт.
Аралаш барат калың көч,
Ал биздин эл эмес дейт.
Алдыбызда аркайган,
Ашуусу бедел белес дейт,
Аркайган тоолор көрүнүп,
Өзүбүздүн Ала-Тоо элестейт.
Тынайдын көчү тынбады,
Тыныгып өрүүн кылбады.
Ашуудан жолду алсак деп,
Ар кимдин көчү чамдады.
Жайнаган малдар, жалпы көч,
Жай алып бир күн турбады.
Жыйырма бир күн жол басып,
Унаанын баары жайлады.
Баш оогон жакка ар урук,
Баш аламан сайлады.
Адамдын баары муңканып,
Арманын айтып сайрады.
Жорго күлүк нечен ат,
Жоор болуп темтеңдеп,
Жолдо көзү жайнады.
Үкү тумар тагылган,
Күлүк калды жолдордо.
Калкан менен Аркадан
Калың үркүн эл келет.
Карды тойсо күлүктөр,
Каруу кирип демденет.
Каптап өтүп бараткан,
Караанды улап сенделет,
Кайран асыл беш седеп.
Кай бир киши жем берет.
Кээ бир киши көз келип,
Бала таап алышкан.
Үркүндө кудай берди деп,
Үмүт менен багышкан.
Тааныса алып коет деп,
Далдалап жүзүн жабышкан.
Биринен калса бири алып,
Жыйнай кетип баратат.
Тирүү жанды ташташка
Кыйбай кетип баратат.
Кара жашты кары жаш
Тыйбай кетип баратат.
Кандай жазык талаага,
Сыйбай кетип баратат.
Артындагы алдыга
Шашып кетип баратат.
Ата конуш жеринен,
Качып кетип баратат.
Алда канча оокатын,
Чачып кетип баратат.
Кай кеткени билинбей,
Калкынан ар ким адашып,
Кара жанын калкалап,
Басып жүргөн андан көп.
Кардына тамак табалбай,
Ачып жүргөн андан көп.
Апийимин Кытайга,
Сатып жүргөн андан көп.
Абыдан баалуу экен деп,
Катып жүргөн андан көп.
Акчанын баркы жок экен,
Албады пулга санабай
Никелейдин акчасы,
Аякка калды жарабай.
Бекиртик кайчы беделди
Ашып түштү качкан эл.
Чек аранын кароолун,
Басып түштү качкан эл.
Кара жанын калкалап,
Шашып түштү качкан эл.
Кызыл жүзү бузулуп,
Азып түштү качкан эл.
Жылкы коён чубатып,
Айдап түштү качкан эл.
Ат өгүзү ташыркап,
Чайлап түштү качкан эл.
Ашуусуз белге жол салып,
Сайлап түштү качкан эл. .
Ала-Тоо кайран жерим деп,
Сайрап түштү качкан эл.
Кымбаттуу белдин таштарын,
Терип түштү качкан эл.
Кытай шаары ушу деп,
Көрүп түштү качкан эл.
Кыйноо менен бул ишке
Көнүп келди качкан эл.
Кыйлаларды кыргынга,
Берип келди качкан эл.
Канча күндөр жол басып
Катуу багыт бел ашып.
Тосмочуктан өткөрбөй
Токтоп жаткан андан көп.
Тобунан калып элеңдеп
Боздоп жаткан андан көп.
Кароолчу кытай топтолуп,
Калың көчтү токтотуп,
«Кайра кет!» — деп жериңе
Камданат мылтык октошуп.
Турпандыктар топтошуп,
Тумактары окшошуп:
«Турбастан кайра кеткин» — дейт,
Жаман айтып боктошуп.
«Байларың бери кел дешет,
Бар болсо алтын бер дешет.
Барыңды жолдон өткөзөм,
Мага берсең фең дешет».
«Фең» деген кандай сөзү деп,
Түшүнбөдүк сөзүнө,
Апийимди айтыптыр,
Араң билдик түшүнө.
Билерик, сөйкө шурунун
Бирин койбой бергин дейт.
Апийим сенде бар болсо
Аймагың менен келгин дейт.
Апийим бердик аябай,
Алтын күмүш шуруну,
Барынча бердик карабай.
Тосмодон өттү калың эл,
Токтоткондон баралап.
Атын угуп көрбөгөн,
Алты шаарды пааналап.
Ак-Суу, Турпан, Кашкарды,
Биздин эл кирди аралап.
Жалгыз жарым калгандар,
Жаматтуу элге каралап.
Колунда жок начарлар,
Малдууларды сагалап.
Бай-манап жүрөт кедейди
Мына урушкун деп табалап.
Ар ким жүрөт өзүнүн
Ал кубатын чамалап,
Күчөргө кетти далай эл,
Күндөп-түндөп сабалап,
Ата конуш жери жок
Ар кимдин башы маң болуп.
Ак-Суу, Турпан, Какшаалдын,
Арасы туман чаң болуп
Туруктуу конуш жери жок,
Турпанга бардык сенделип.
Туура чөп калбай жеринде,
Туш-тушунан эл келип.
Качкын деп сөгөт турпандык,
Каптады дейт сел келип.
Кордук көрүп барган эл,
Конуш таппай зарылган.
Коңшу болуп турсак деп,
Турпандыкка жалынган.
Эски заман кезинде,
Эмгекчи эл чырга кабылган.
Элинен азган байкушка
Эркиндик кайдан табылган.
Чалкалаган чоң сакал,
Бийин көрдүк Турпандын.
Терезе жок караңгы,
Үйүн көрдүк Турпандын.
Эшек, качыр, тоту дейт,
Малын көрдүк турпандын.
Ийри-муйру көчөлүү,
Шаарын көрдүк Турпандын.
Ортосу тешик кызыл жез,
Булун көрдүк Турпандын.
Сары конок жүгөрү,
Унун көрдүк Турпандын.
Бирок, алтын, күмүш мол экен
Ал жерде амбал зор экен.
Ар кайсы бийи ар жерде,
Айылына чоң экен.
Тоолору кыргыз эл экен,
Токойлуу жери көп экен.
Ой-тоо дебей какырап,
Ошондой таштуу жер экен.
Булгаарысы көп экен,
Бул элде жоолор кеп экен.
Аял-эркек баарысы,
Бутунда чокой мөкү экен.
Бектер киет чокойду,
Бет алдырбайт токойду.
Жалаң жерге олтур деп,
Жасоолу келет чокойлуу.
Жол менен көчүп өттүң деп
Чаңкой алат жармашып.
Кол менен берсең жаратпай,
Корооңо кирет тандашып.
Корука малың кирди деп,
Кошо келет жармашып.
Какшаалдын кытай кыргызы
Кошулуп алган жалдашып.
Кызың кардар болушат,
Кыйноого минтип салышат.
Кыялына жакпасаң,
Кытайга алып барышат.
Атың кардар болушат.
Азапты мындан салышат,
Айтканына көнбөсөң,
Амбалга алып барышат,
Жалгандан жалаа жабышат,
Жакшысына барышат,
Далилдеп аман кутулсаң,
Таш булум деп алышат.
Ууру деп сени жатышат.
Улугуна барышат,
Ун берем деп достошуп,
Уюңду союп алышат,
Убададан танышат,
Уялбай жалаа жабышат.
Ачуусу келсе көчкүн деп
Убарага салышат.
Бектери сүйлөйт. «Көчкүн дейт,
Беделди ашып кеткин» — дейт.
Эки колуң куушуруп,
Турасың «куп» деп селкилдеп.
Азап менен мейнетти
Балалады биздин эл.
Ар кайсы жерге бириндеп,
Талаалады биздин эл.
Ала-Тоодой конушту,
Таба алабы биздин эл.
Алты шаардын бектерин,
Баралады биздин эл.
Котен менен Жеркенди,
Качып жүрдү биздин эл.
Унаа минбей таякчан,
Басып жүрдү биздин эл.
Уругумду тапсам деп,
Шашып жүрдү биздин эл.
Угулар бекен жеримден,
Уксам деп кабар элимден,
Укумдан сурап кулагын,
Ачып жүрдү биздин эл.
Ун-талканга тоюнбай
Ачып жүрдү биздин эл.
Убараны бир канча,
Тартып жүрдү биздин эл.
Унаа жок жүгүн мойнуна
Артып жүрдү биздин эл.
Улуу кызын кай бири
Сатып жүрдү биздин эл.
Улуу жолду чаңдатып
Убараны көп тартып
Уругун издеп туш-тушка
Чубап жүрдү жөө басып.
Кулжа, Текес жагында
Калмактан көрдүк кордукту,
Кайда болсо качкынга
Канкорлор кылган зордукту.
Калмактар келет калдырап,
Карбаластап балдырап,
Кайсы экенин билелбай
Карайсың көзүң жалдырап.
Өлүктү жерге көмдүрбөй,
Өзүнчө сөгүп көп тилдейт.
Өкүмүн кылбас чара жок,
Өзүңдүн боюң дирилдейт.
Өлүгүн жерге көмбөгөн,
Адаты экен калмактын
Акалакчы заңгиси
Манасы экен калмактын.
Кулжа менен Алтын каш
Калаасы экен калмактын.
Суур менен ач күзөн,
Тамагы экен калмактын.
Сураганын бербесең,
Таягын жейсиң калмактын.
Үрүмчү менен Күчөргө
Үркүгөн эл барды бул жерге.
Ушу күндө качкын бар
Котен менен Жеркенде.
Кыдырып далай жүрдүк биз,
Кыйноону кыйла көрдүк биз.
Кыргындан калган качкындар
Кытайда жүрүп келдик биз.
Которуп жерди көрдүк биз,
Кордукка чыдап көндүк биз.
Коңшу болгон адамга,
Кошамат менен турдук биз.
Кыз-келинди чыңыртып,
Какшаалга таштап келдик биз.
Кымбаттуу асыл балдарды,
Кырк сээр булга бердик биз.
Эсебин эптеп билдик биз,
Эшегин аттай миндик биз.
Элден кабар уксак деп
Эңсеп кулак түрдүк биз.
Туруктуу конуш жери жок,
Турпанда жүрдүк таңылып,
Өскөн-өнгөн Ала-Тоо,
Өз үнүңдү сагынып
Какшаалда калды далай кыз,
Кап эгинге сатылып.
Караанын көрсөк балдардын
Кайгырып ыйлап жашыдык.
Жакшылык кабар угулса,
Кетебиз деп айрылып.
Жан тынар заман бар болсо,
Ала-Тоого кетсек деп
Адам калбай кайрылып.
Акылдан кетип алсырап,
Адашып элден каңгырап,
Ала-Тоо кантип жатат деп,
Ар кимден сурап шалдырап.
Кентарабай келди деп,
Кеп салып кабар берди деп,
Жаңы өкүмөт чыгыптыр,
Жакшы сурайт элди деп
Керенский дегендин,
Кемисери шайланды.
Көлдөгү элдин баарысы
Көөнү тынып жайланды.
«Баргыла кайра көлгө деп,
Байкуштар ачка өлбө деп,
Барып келдик тынч экен,
Бул дагы жакшы төлгө» — деп
Катташкандар кеп салат,
Кабарды элден кеп салат.
Керенский дегенде
Келүүгө мойну жар бербей,
Кээ бир киши тамшанат.
«Ал Керенский кайдагы,
Кедейге кылса пайданы,
Кемисер болгон кишини,
Кимдерден тандап шайлады.
Байлардын кандай мүнөзү,
Бербеген анын уези,
Бая урушта кыргын кылгандын,
Барбы жокпу күнөөсү.
Жалган айтпай чындан айт
Жашырып калбай сырдан айт.
Ушу күндө эл бийлеп,
Улук болгон тындан айт».
«Макул сөзүң жакшы дейт,
Шарият сурак ачты дейт.
Нарында Казы калпанын
Азыр элге башчы дейт.
Тайыр кары молдо дейт,
Шариат китеп колдо дейт.
Чек арада тургандар,
Кабарын угуп алардын,
Ченемсиз күч бар көлдө дейт»
Бул кабар кылчаңдап
Жалпы көчпөй ыкчамдап.
Байкап турду далай эл,
Бай-манап билсе барбай деп,
Батына албай сыр сактап.
Аңгыча болбой угулду,
Калп дебе деп мунумду.
Балшабек деген атактар,
Бардык элге угулду.
Кабарлашып дүрүлдөп,
Кай-кайсы жерден чогулуп,
Камынып бачым бурулуп,
Айтып келген кишиден,
Ар кимиси сыр сурайт.
«Теги кандай болот түбү деп»,
Кең Ысык-Көл, Нарынга
Кетебиз деп умтулуп,
Ал жерге карызы бар киши,
Амалын таппай тутулуп,
«Аркандан качып барам» — деп
Акылы түрдүү бузулуп.
Ажырап кантип калам деп,
Айласы кетип кысылып.
«Ала кетсең боло» — деп,
Ар ким барат жутунуп.
«Баргыла калбай туугандар,
Балшабек өкмөт курулду.
Эл ичинен жоебуз,
Эски манап зулумду.
Жарды-жалчы жыйналып,
Жардамды алды сыйланып.
Баш кошкон кедей бирикти,
Баштакыдан чыйралып.
Башчы болор кишини,
Бардык эл көрдү ыйгарып.
Бай-манап жүрөт баталбай,
Баркы кетип кыйналып.
Болуштар жүрөт боло албай,
Болушар киши таба албай.
Балшабек деген ураандан
Баштакыдай чабалбай.
Кедейдин баары топтолду,
Кеңешип жазат токтомду,
Кекетип сүйлөп манаптан,
Кеп айтан адам жок болду,
Бадыша тактан кулаптыр,
Байлары кошо сулаптыр.
Балшабек деген көп элди
Башкарып закон чыгарып,
Кедейдин башын кураптыр».
Деп кабарды укканда,
Качкындын баары күлүңдөп,
Калбастан жалпы кетүүгө
Качкындын баары камданып,
Кабарлашып жамданып,
Качыр менен эшектен
Кабалтеңин тандадык.
Көп салышып бакылдап,
Кетелик деп макулдап.
Балшабек болуп биз дагы,
Баралык деп жакындап.
Чыйрактар сөздү салышып,
Чын кабарга канышып.
Ат жетер жерге чапкылап,
Айылын жыйнап алышып,
Сүйүнчүлөп тердешип,
Сүйгөнүң бери кел дешип.
Кедейге теңдик тийиптир
Кетелик деп теңдешип.
Зарыбызды уккан го,
Залимдин торун тыткан го,
Балшабек деген көп элден
Баатырлар өсүп чыккан го.
Кедейдин шору кеткен го,
Кезектүү заман жеткен го.
Кеңешип улук шайласа
Кеменгер кеңеш чечкен го
Деп баарысы чубуруп
Анык кабар угушуп
Ажыраш аяк кылышып,
Андакы турган байынан
Аман-эсен кутулуп,
Айланайын балшебек,
Сенден жардам келиптир
Ат-Башы менен Нарындан,
Атайлап жыйнап бериптир.
Унаалуу элдин баарысы
Убап-чубап жөнөдү.
Уламалап сөз угуп,
Уюшуп жатат бөлүгү.
Шайдоот салтан кишилер
Шамдагайлап бастырды.
Шаарда калган кишилер,
Салам кат жазып тапшырды.
Таштабай бизди алсын деп
Баякы тууганына айттырды.
Ошол кездин ичинде
Он сегизинчи жыл эле.
Какшаал, Турпан ичинде
Качкан элге баш болуп
Касымбек, Кемел тың эле.
Жазгы көктөм маал эле,
Жалганы жок даана эле.
Жардам келди деп уктук
Көчөр болсоң ат, эшек,
Берет дешти саа деле.
Эшек берсе, ат берсе
Эл катары бат берсе
Алалык деп жүгүрдүк,
Атайын жардам мал келсе.
Эки жүз эшек, үч жүз ат
Элден жардам келиптир.
Беш жүз бут буудай, жүз жамбы
Берген жардам келиптир.
Алсыз начар качкынга
Берген жардам келиптир.
Кара сакал Бокону,
Ополномоч кылыптыр,
Качкынды бери келсин деп
Кагазды мыктап чийиптир.
Кабарын жазып Ильичтин
Калк тапшырып ийиптир.
Кагаздын сөзү сүйүнүчтүү,
Калың элди үйүлттү.
Кайсы бир шылуун кишинин
Кабагын түйүп күйүнттү.
Балшебек элин кураган,
Баатыр Ленин кеменгер
Башынан берки жолдошу,
Эр Сталин көзүм шер.
Владимир Ленин,
Орнотту максал тилегин.
Он жашынан камынып,
От жалын жүреги,
Бадышаны кулатып,
Байларга салган билегин.
Сталин бирге жолдошу,
Ырыстуу Маскөө ордосу.
Эзилген элдин багына
Эгиздеп чыккан жолборсу.
Кеңештер өкмөт курду дейт,
Кемунус орноп турду дейт.
Кедей жалчы баш кошуп,
Кеңешке колун сунду дейт.
Бадышачыл залимдер
Басалбай көзүн жумду дейт.
Кагазды окуп талашып,
Кайта-кайта карашып,
Калкынан келген жардамды,
Качкындар алып талашып.
Аткан таңдын жарыгын,
Анык билди элибиз.
Аны угуп шерлердин,
Алга кирди элибиз.
Таң агарып күн чыгып,
Таалайга бүткөн нур чыгып,
Эзүүдө жүргөн элине,
Эркиндик деген үн чыгып,
Лениндин кабарын,
Укканда элим сагынды,
Күндөп-түндөп чубуруп,
Күрдөөлү менен камынды.
Кайсы экенден билелбай,
Карап жүрсөк тумчугуп,
Кабарын угуп Ильичтин,
Калбастан жалпы умтулуп,
Анда жүргөн болуштар,
Байкап чынын бил дешет,
Балшебек даңкын укканда
Батына албай сүрдөшөт.
Кебин укпай манаптын,
Кедейлер кайра тилдешет.
Кекселенип сүйлөбөй,
Кетелик жерге жүр дешет.
Кедейден өкмөт болду деп,
Угулду жердин жүзүнө.
Жөө жалаң мен дебестен,
Жөнөлдү көлгө түшүүгө.
Куруят болуп калганга,
Кубанчы батпай ичине.
Жаш балдар тургай кемпир-чал,
Жаңыдан кирди күчүнө.
Оорулар айыгып соо болуп,
Ашуусу Ала-Тоо болуп.
Кубангандан бардык эл,
Курсактын дарты оңолуп.
Жакшылыктуу кабарга,
Жанын үрөп камынды.
Туманда жүргөн качкынга,
Туюктан ашуу табылды.
Кашкар менен Келгинден
Качканда кетип тентиген,
Кабылган ашуу белди ашып,
Андагы элдин баарысы,
Ала-Тоо көздөй серпилген.
Турпандан чыктык чубуруп,
Туйгундан кабар угулуп,
Тууганыбыз советти,
Бир көрсөк деп жулунуп.
Кашкардан чыктык чубуруп,
Калктан тынчтык угулуп,
Каарман совет элине
Жетелик деп сугулуп.
Кулжадан көчтү жабылып,
Курдандары айыгып.
Курулган жаңы заманды
Бир көрсөк деп сагынып.
Жеркенден чыктык желигип,
Жеткирбейт жөөлөр ээлигип.
Жетимиш жашта кемпир-чал,
Жетелешип демигип.
Ак-Суудан чыктык кылкылдап,
Адамдын башы былкылдап.
Ат үстүндө кемпир-чал,
Тим эле аван салат шылкылдап.
Иленин кайда көрсөк дейт,
Имерилип жүрсөк дейт.
Ийгиликтүү заманын
Бир көрсөк да өлсөк дейт.
Сталин кайда көрсөк дейт,
Ылдамдап катуу жүрсөк дейт,
Ырыстуу жыргал заманды
Бир көрсөк да өлсөк дейт.
Кашкардан качыр алышкан,
Каткырып көөлөр жарышкан.
Кайрылып көчкөндө ошентип,
Карылар абан салышкан.
Кагылайын балшебек,
Камкорубуз Иленин
Деги кайда экен даанышман.
Күчерден эшек алышкан,
Анын күлүгүн минип жарышкан.
Күйүтү чыгып бат эле,
Күлүңдөшүп калышкан.
Алдымдагы эшегим,
Артык го деп чалыштан,
Атын угуп семирдик,
Ленин менен Сталин,
Эки көзүм даанышман.
Деп айтышып күлүшүп,
Дегдеген жүрөк сүйүнүп,
Топтошуп басып жаш балдар,
Тоорактан алыс түйүлүп.
Качырга мыктап жем берип,
Карылар келет демденип.
Катарлап басып кыз-келин,
Каткырышат белсенип.
Эшекке мыктап жем берип,
Эзүүдө жүргөн сенделип.
Эр Ленин, Сталин,
Эркиниңе демденип.
Эки киши көтөрүп,
Аттар ашты беделди.
Элдин жүгүн көтөрүп,
Жаштар ашты беделди.
Ун-талканды көтөрүп,
Төөлөр ашты беделди.
Уулу-кызын көтөрүп,
Жөөлөр ашты беделди.
Унаасы жок кишилер,
Уюшуп жүгүн көтөрүп.
Улгайып калган карылар,
Удаа келет жөтөлүп.
Куржунуп асып мойнуна,
Таягын алып колуна.
Жаш балдарын колтуктап,
Талканын таңып жонуна,
Атасы менен энесин,
Ала жүрүп соңуна
Азаматтар келатат
Аралашып тобуна.
Ала-Тоо көздөй кечкен эл,
Аркасын карап токтобой,
Жүгү жок баскан кишилер,
Басканы шайбыр жоргодой.
Түнөгөн жери жылдыздап,
Түгел талаа от болуп,
Ой-тоо дебей жол боюу,
Утур-утур топтолуп.
Эс алып эрте чубашып,
Элден кабар сурашып,
Курулду совет дегенде,
Кубанып жөөлөр чурашып.
Кара топо шор менен,
Карга учпас узак жол менен,
Чөп чыкпаган жон менен,
Чөөлүккөн алыс жол менен.
Кулан жүрбөс кум менен,
Жейрен жүрбөс сай менен
Бекиртик кайчы Беделден,
Ашкандар кетти токтобой.
Какыраган сай менен
Унаалар келет оттобой.
Боз кереге, Алтын камыш,
Жолун басып талыкпай,
Үрүмчү, Күчөр, Жеркенден,
Көчкөн эл келет жалыкпай.
Кырк ашуунун белинен,
Кытайдын чыгып чегинен,
Кылчайып артын карашат,
Кытайда калган элинин
Оюна түшүп балдары,
Ощондоп үндү салышат.
«Сатылып кеттиң балам» — деп,
Зарланып ыйлап алышат.
«Айланайын балам дейт,
Айлаңды кантип табам дейт.
Аман жүрсөң кулунум,
Артыңдан издеп барам дейт.
Кара жандын айынан,
Калгансың балам анда дейт.
Калк тынчып совет орноптур,
Калбассың түбү чаңда деп,
Кедейдин багы ачылып,
Келатабыз жерге дейт.
Каммуниз өкмөт болуптур,
Келерсиң сен да элге дейт.
Кул болдуң балам сатылып,
Куураттың дартка батырып.
Куруят чыгып жатат дейт,
Кул-күндүн башы ачылып,
Кан соргуч залим бетбактан
Качканбыз кыргыз ыркырап,
Кайрылып кайра көчкөндө,
Калдыңар ыйлап чыркырап.
Ажырап узай берерде,
Ала кет деп буркурап.
Алган байың көрсөтпөй,
Ала качты тумчулап.
Ары кет качкын турба деп,
Алышкан иттей ыркырап.
Араң да калдык өлө албай,
Алтымыш тамыр зыркырап.
Жөнөдүк ыйлап чуркурап,
Чыдай албай буркурап.
Сөгүп кууду байларың,
Сөөгүмдөн жалын шыркырап,
Кагылайын кулунум,
Балшабек атын угарсың,
Баралаңа жеткенде,
Байыңдан бошоп чыгарсың.
Байлардан өчүң аларсың,
Баатырлык жолун табарсың.
Кул-күң болуп эзилбей,
Кубанычка канарсың.
Өмүрлүү болгун балдарым,
Өзөктөн кетпейт арманым.
Өлбөй жүрсөң кулунум,
Өз жолуңдан танбагын.
Экөөбүздөй карыпка
Өкүмат берет жардамын». —
Деп ыйлашып кылчайып,
Кайгысын айтып муңканып,
Үшкүрүп коюп жөнөшөт,
«Деги калсак болду — деп тынч алып».
Унаасы барлар алдыда,
Ушууну бузат тандалып,
Жөө-жалаңдар өксүбөй,
Артынан чубап сандалып,
Насыялуу болгондор,
Кытайда калды кармалып.
Салам дуба кат жазган,
Мындагы тууганына зарланып.
Сатылып кеткен кыз-келин,
Алыста калган саргарып.
«Өлсөкчү дешкен бу көрө»
Өрттөнүп жаман арданып.
Кулжанын эли куу экен,
Курусун жаман шум экен.
Курсактан чыккан баласы,
Кулдукта калган муң экен.
Акыяз менен Көк-Сууда,
Калгандар болду сатылып,
Кыйласынын атасы,
Кыргында өлгөн атылып.
Текес менен Жылдызга
Тентип бардык Кундузга.
Албан менен кыдайдын,
Азабы өттү кыргызга.
Үч Жыргалаң күнөстөн,
Үрккөн эл кайра келишкен.
Көрүнөө зордук кылганда
Көп киши кызын беришкен.
Калжаттан келди кайрылып,
Калмакты мактап жай кылып.
Кан аралаш жаш аккан,
Кыз балдардан айрылып.
Тартып алды кыздарды,
Таранчы казак-калмактар,
Баарын талап баш алган,
Башкача өткөн азаптар.
«Илгери кыргыз чапканда,
Калмактан алган кедик гой,
Кезеги келип калган соң,
Малыңды талап жедик гой.
Кыздарын алган калмактын
Кыргыздар биздин жездебиз,
Жээндер келип калган соң,
Жебегенде нетебиз.
Кызыбыз үчүн кыз алдык,
Кыргызга качан биз бардык.
Кезеги келди силерден
Кегибиз бүтүп өч алдык.
Атыбыз үчүн ат алдык,
Айлыңа качан биз бардык.
Азган-тозгон кыргыздан
Акыбызды бүт алдык».
Деп айтышып калмактар,
Шылдың кылып күлүшкөн.
Шыйканарга ат койбой,
Шыпкай алып жүрүшкөн.
Же айтышарга алың жок,
Алыстап кетер карууң жок.
Айтканына көнөсүң,
Арманың иште, жалын чок.
Ошондой алыстан көчкөн кыргыз эл,
Арманын айтып узарткан,
Ат ойнокто жүргөндөр,
Ашып көлдү Музарттан.
Иле менен Нарынкол,
Жерибиздин чеги деп,
Ильичтин атын уккан соң,
Иргелбей көчүп берилип.
Ала айгыр Сайкал ашкан эл,
Сары жазыны баскан эл,
Өз жерине келишип,
Өргү болуп жаткан эл.
Арып ачып жол басып,
Азапты кыйла тарткан эл.
Арманын айтып муңканат,
Аякка бала саткан эл.
Жай сурашып таанышып,
Жабырын айтып наалышып,
Унаасы жок келгендер,
Узак жол басып чаалышып.
Ачкаларга тоюнтуп,
Дан беришкен дагы бар.
Алсыздарга мингизип,
Мал беришкен дагы бар.
Жылаңачка селбишип,
Тон беришкен дагы бар.
Ыйлап ийип көрүшүп,
Кол беришкен дагы бар.
Адашып кеткен тууганын,
Таап алган дагы бар.
Ата-энесиз баланы
Багып алган дагы бар.
Кытайда калган кыздардан,
Качып келген дагы бар.
Кыргыздын калган балдарын
Таанып келген дагы бар.
Кайда барып келдиң?» — деп
Табышкандар дагы бар.
«Калтырбай ала кеткин» — деп
Каруусу жок оорулар,
Жабышкандар дагы бар.
Капкайдан келип кошулган,
Калк жыйналган чагы бар.
Кайрылып жерин көргөн эл,
Камкорчу Ильич багы бар.
Туш-туштан ашуу ашканбыз,
Турбастан жолду басканбыз.
Туулуп-өскөн жерлерге
Жетелик деп шашканбыз.
Күрпү тоо менен Көкарттан,
Күн батыш жагы Торгарттан,
Упа талкан айыктык,
Утуру катмар белди ашкан.
Нары чети көчүптүр,
Үрүмчү менен Манастан,
Үрккөндө кеткен чачылып,
Үйүрүнөн адашкан.
Тянь-Шань тоосун аралап,
Тыныкпай көчүп сабалап,
Балшебек элин көрүүгө
Бардык эл кылып далалат.
Аягы Арпа, кең Аксай,
Ортосу Буркан тарагай,
Жогор жагы Каркыра,
Сары жазы Кейкапка,
Качкан эл конду аралай.
Жайлоосун көрүп үшкүрүп,
Жабыла жүгүн түшүрүп.
Өз жерин көздөй бет алып,
Өрүн тартып күтүнүп.
Алыстан келген чоюлуп,
Унаасы үркүп тоюнуп.
Жерине жетип тынууга,
Желигип дегдеп бой уруп.
Жайлоонун чөбү жайкалып,
Жапырылып шибери.
Күр болгон экен канчалык,
Агын суу кирип ташыган,
Ак мөңгү эрип башынан.
Жердеген жерин көргөндө,
Далай адам жашыган.
Ошондо качкын жыргашып,
Оолугуп жаштар ырдашып,
Үркүндө өлгөн туугандын,
Мүрзөсүн көрүп ыйлашып.
Ала-Тоо жерин сагынган,
Алыска кетип зарылган.
Атабыз Ильич чакырып,
Арманы ичтен арылган.
Ошондо ырдап сайраган
Элдин сөзү ушундай:
«Ала-Тоо сенден кеттик дейт,
Некелей залим тушунда
Ала-Тоо сенин адырың,
Адамга өттү кадырың.
Акыры конуш болдуң сен,
Ардактуу кеңеш табыны.
Кашкайган тунук булагың,
Кара шибер тулаңың.
Качканбыз сенден адашып,
Какшаалдын көрүп кууралын.
Аркайган аска бийигиң,
Адыры толгон кийигиң.
Бугу, марал топтошкон,
Буткулда бадал чилигиң.
Түлкүсү түздө жойлогон,
Төрүндө аюу ойногон,
Адилетсиз Никелей,
Араңда бизди койбогон.
Көгүчкөн учуп жете алгыз,
Көк сууга кирип кеттик биз.
Көсөмдүн аты угулуп,
Көйкаптан көчүп келдик биз.
Кыргыек учуп жата алгыз,
Кытайга көчүп келдик биз.
Куруят заман болду деп,
Кайрылып аман жеттик биз.
Аркадан солдат кууганда,
Качканбыз сенден Ала-Тоо.
Аеосуз канкор кырганда,
Шашканбыз сенден Ала-Тоо.
Кылычтан өлгөн кишини,
Койгонбуз сага Ала-Тоо.
Кызыктуу мейкин түзүңө,
Конгонбуз сенин Ала-Тоо.
Тентип жүрүп сагынып,
Ыйлаганбыз Ала-Тоо.
Өзөнүң сайын өлүктү,
Жыйнаганбыз Ала-Тоо.
Кечээ өзүңдөн үркүп кеткенде,
Көчүбүз өткөн жайнаган.
Жылкы коюн тоорултуп,
Жылдырып кыргыз айдаган.
Кызыл канга боелуп,
Кыйкырып кыргыз көчү өткөн.
Кыдырып тентип жүргөндө
Кыйналып сенден көзү өткөн.
Ирмелип жашы тыйылбай,
Илгери сенден көчү өткөн.
Ленин менен Сталин,
Ала-Тоо сени көрсөткөн.
Калктын жаны тынды дейт,
Кан тырмак иттер жоголуп,
Кыштарбыз сенин жайлооңу,
Кыйылган турмуш оңолуп.
Сагынып араң жеткенде,
Кан тырмак иттер жоголуп.
Жайлооңо жайкап конолук,
Санаабыз тынып келатат,
Зарлаткан душман жоголуп.
Баш коштуруп кедейди,
Балшебек өкмөт чыкты дейт,
Баатыр Ленин баш болуп,
Бадышаны жыкты дейт.
Эзилген биздей алсыздар,
Эрк жолуна көчтү дейт,
Эзүүчү залим куулардын,
Эңсесин Ильич кести дейт.
Кул көктүн башын ашты дейт,
Куруят нурун чачты дейт.
Куу тырмак канкор дөбөттөр,
Кубаланып качты дейт.
Жакшылык кабар угулуп,
Жайлооңо келдик чубуруп.
Жайкалып өскөн чөбүңдү,
Чыгардык ичтен муңубуз.
Эски заман кезинде,
Курусун көргөн күнүбүз.
Эзилип ыйлап жүргөндө
Угулган экен үнүбүз.
Мына, жайлооңо жеттик жай алып,
Жаркындуу нурга таянып.
Көк шиберге оонадык,
Кабырга карыш май алып».
Деп ырдашып балдары,
Делөөрүп угуп чалдары.
Өз жерин көрүп өпкүлөп,
Ыйлабай киши калбады.
«Көмүлсөк сенин дөбөңө,
Көңүлдүн калбас арманы.
Баарыбызга нур чачкан,
Балшабектин жардамы» —
Уруулуу кыргыз калың эл,
Ушундай ырдан ырдады.
Унаасын өргүп тоюнтуп,
Узакка тынчып турбады.
Этегин кайра түрүнүп,
Эңсешип жөөлөр жүгүрүп.
Эшегин айдап «хы», «хылап»,
Эбегейсиз сүйүнүп.
Ак куржунун салынып,
Ашууга көчү жабылып,
Ашып кетсек бүгүн деп
А кудайлап жалынып.
Конок нанын кемирип,
Кош убактап элирип.
«Конгон жерде унаабыз,
Калыптыр деп семирип».
Арттакысын чакырып,
А кудайлап бакырып,
Ашуунун чыгып белине
Айланайын Ысык-Көл,
Азыраак ыйлап жашыдык.
Ашуунун чыксак белине,
Ысык-Көл жатат мелтилдеп,
Ыйлабай кантип чыдасын,
Ырыстуу конуш сенсиң деп.
Анда да ырдайт туралбай,
Айыккан жүрөк чыдабай.
Араңда жүргөн эмеспи,
Арзыган муңу чыгалбай.
А десе чыгат оозунан,
Ар кимдин сөзү жамалып,
Алыскы жерде жүргөндө,
Арманы ичте камалып.
Аттай туйлап жүрөгү,
Айттырат тура жамакты.
Аял-эркек дебестен,
А десе баштайт сабакты.
Ысык-Көлдү көргөндө
Ашуудан карап жарданып,
Кыранда туруп тамылжып,
Кыз-келин ырдап жалбарып.
«Күңгөй-тескей төрүң» — деп,
«Күлүмсүрөп күлүңдөп,
Күкүгүң таңшып чакырган,
Гүлдөгөн сонун жериң» — деп.
«Жээгинде жекен шабырың,
Жылтыркан, шыбак, мамырың.
Бай кыласың адамды,
Бат көтөрүп жабырын.
Көлүңдө кундуз, балыгың,
Көмүктө алтын салыгың.
Өрүшү болуп жатасың,
Өлкөсү Совет малынып.
Ат-Башы, Нарын сенин деп,
Алтын, күмүш кениң деп,
Жыл айланбай бай болгон,
Жердеген сенин элиң деп,
Ээ кылган сага ыракмат,
Эр Иленин демиң деп.
Эзелден берки арманың,
Эсимден чыкты эми деп.
Кара Кочкор, Жумгал деп,
Казанат конуш Чүй бар деп,
Калың солто, көп саяк,
Качпай калган көп тууган,
Кетментөбө, Таластан,
Кушчу, саруу аякта,
Кулжыгач, Тезек, түнкатар
Аман бекен Кабакта.
Анжиянда кыргыздар,
Жедигер, кыпчак, муңдуздар,
Кара багыш, тейиттен,
Кантти экен өткөн жумуштар.
Баш кошуп аман көрүшсөк,
Ак калпактуу кыргызга.
Баатыр Ленин башкарып,
Бак берди жыргал турмушка.
Сарбагыш, бугу, бүт качты,
Кечээ балакеттүү урушта.
Орус, кыргыз айрым жок,
Оңолду дейт угушта.
Ала-Тоо сенин өзөнүң,
Адамга жайлоо турушка.
Ленин менен Ыстаке
Алып келди ырыска».
Деп ырдашып качкан эл,
Жер-жерине келишти.
Бозоруңку көрүнгөн,
Бузулган тамды көрүштү.
Качкан элдин баарына,
Камдаптыр Совет жемишти.
Бунктка жыйнап толгон мал,
Бүлөгө карай беришти.
Падышаны кулатып,
Балшабек алган жеңишти.
Ала-Тоого дыйкандар,
Ар түрлүү эгин эгишти.
Таалайыбыз ачылып,
Талааны совет кеңитти.
Жер-жерине жай алып,
Желбиреп кызыл туу алып,
Жеңиштин гүлүн теришти.
ҮЧ ДООР
(Орус падышачылыгына карай электеги
кыргыз турмушунун ыры)
Абалкы кыргыз адаты,
Айтып жүргөн санаты.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 05