Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 15

Total number of words is 4095
Total number of unique words is 1972
31.0 of words are in the 2000 most common words
44.6 of words are in the 5000 most common words
51.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Тобу болот ким жактын,
Эгерде ээси бар болсо.
Эл ичинен үн катсын
Эгерде ээси болбосо
Ээн жүрбөй тим жатсын.
Жети аргымак терисин
Жеринен сыйрып кеп кылган.
Желмогуздай калмактар,
Тааныбасын деп кылган.
Бир да калмак Боз атты,
Билбей калсын деп кылган,
Билги Шырдакбек кылган.
(кайырма)
Өйдө чапса өөрчүгөн,
Өзүн кызыр ээрчиген.
Өжөр кыргыз жылкысы,
Өз билгенин бербеген,
Өкүм кыргыз журт ушу!
(кайырма)
Түгөнөт десе түтөгөн,
Түбү сайын күчөгөн.
Тулпар кыргыз жылкысы,
Тумшугуңду сындырар,
Түптүү кыргыз журт ушу.
( кайырма )
Кумда туулуп, чөлдө өскөн,
Кулун менен бирге өскөн.
Айыгышкан душманга,
Ар санатын көргөзгөн.
Карк алтындан дорбосу,
Кан Шырдактын жоргосу.
(кайырма)
Аны укканда Кенезек кемпир каны кайнап, өч алчудай көзү жайнап:
Мажиң калмак жылкысын,
Мал экен деп теңебей,
Баскандыгын карачы.
Баатыр тарткан жебедей.
Тааныбайсың Шыптыркул
Тааныбасаң тим тургун!
Энеси кайып желдеген,
Атасын эч ким билбеген.
Үзөңгү тээп чиренип,
Кан Шырдактан башка жан
Үстүнө даап минбеген.
Боз жоргону билбейсиң,
Болжолу жой сүйлөйсүң?
( кайырма )
Ай караңгы түн болсо,
Адашпаган Боз жорго.
Татаалчылык күн болсо
Таң ашпаган Боз жорго.
Кан Шырдактан башкага,
Жанашпаган Боз жорго
( кайырма )
Алты аргымак терисин,
Атайылап кеп кылган.
Айбаалыдай калмактар,
Адашышсын деп кылган,
Акыл менен билгизбей,
Асыл Шырдак кеп кылган.
(кайырма)
Калмактар өздөрүнчө күбүр-шыбыр сөз менен алаксып калат, Шырдакбек буйда
жерге барат. Боз жоргонун кеп терисин сыйрып алат, чубатууга кайра салат.
Ошондогу Шыптыркулдун айтып турган жери:
«Алты аргымак терисин,
Жамаштырган турбайбы.
Билбесин деп биздерди,
Адаштырган турбайбы.
Көп жашадым, көп көрдүм,
Көптү баштан өткөрдүм.
Көргөн жокмун мындайды».
Деди дагы Шыптыркул,
Эми акыл баштады,
«Ээндетип Шыгайды,
Азырети Шыгай каныбыз.
Алсаң мына жаныбыз!
Эңсеп жүргөн Боз жорго,
Эми көргөн чагыңыз.
Кандарыңдын жоргосу,
Караанына жете албайт,
Кандай болот алыбыз?
Баш байгени миң-миңден,
Кул менен күң болот деп,
Санагына сан жетпес,
Жайытка малы толот деп,
Калкка кабар салдыңыз.
Байкабай айтып байгени,
Балакетке калдыңыз.
Корун кандын Шыгайы,
Сиз калмактын кудайы,
Акыл ойлоп табыңыз?
Али да болсо кеч эмес,
Айткан тилди алыңыз.
Алты күндүк алыс жол,
Аттарды айдап салыңыз.
Ор казалы ой-тоого,
Өпкөлөп түшсө Боз жорго,
Ошондо калат жаныбыз.
Оён тулпар тап-таза,
Орго түшпөй аттаса,
Ошондо бизде жаңылыш.
Жетегинде кетет го,
Жер жайнаган малыбыз».
Деп айтканда Шыптыркул,
Шыгайдын айткан жообу бул.
— Ажал жетип күн бүтсө,
Адам болбойт өлбөгөн.
Пешенеге түшкөнгө,
Пенде болбойт көнбөгөн.
Башынан бар жазыгым,
Боз жоргосун Шырдактын,
Барып уурдап кел — дегем,
Кармалып калып туткунга,
Кулагың кесик кулжуюп,
Мурдуң кесик мулжуюп,
Кордукту көрүп көрбөгөн,
Кайта келген сен элең.
Өчүңдү алып берем деп,
Өжөрлөнгөн мен элем.
Жайыт толо мал айтпай,
Жалаң алтын зар айткан.
Кул, күң кошо саям, — деп,
Кутулбадым жемеден.
Кала элек дале үмүтүм,
Канаттуу кара бедөөдөн,
Тулпар эле жаныбар,
Туйгундай учуп жөнөгөн.
Боз жоргодон калбастыр,
Бозортуп мени салбастыр, —
Деди дагы Шыгайы,
Демин кайра чыңады.
Көрүнгөнсүп көзүнө,
«Көкө-теңир» кудайы.
Канжа тартып ачууга,
Кара түтүн булады.
Каны качып этинен,
Каары чыгып бетинен.
Алты күндүк узак жол,
Аттарды айдап салмакка.
Анан чечим чыгарды.
Ошондо кемпир Кенезек,
Чамам кандай болот деп,
Чалып жүргөн убагы.
Калмактарга көз кырын,
Салып жүргөн убагы.
Ор каздырмак болгонун,
Угуп калды кулагы.
Кан Шырдакка айтпасам,
Кабар кылып кайтпасам,
Калат деп менде убалы.
Шырдакбекти тапканы,
Шыгайдын кылган жоругун
Шыбырап барып айтканы, —
«Асыл ханым Шырдагым,
Азыр чалды кулагым.
Калмактардын айтканын,
Кабар кылып турамын.
Эл укпасын акырын,
Энеңдин уккан акылын.
Чаба турган жоргону,
Чабендести чакыргын.
Жолдун сырын билбесе,
Жөлөгүңдөн ажырап,
Жөө каласың баатырым.
Чабендесиң ким? — деди,
Чакыр бери, жүр, — деди.
Башыңа түшчү мүшкүл бар,
Баарын байкап бил, — деди.
Жер-жерге тыңчы жибергин,
Жата бербей тим, — деди.
Аттарды алыс айдатат,
Аябастан сандалтат.
Булардын билдим сырларын,
Буйда жерди тандашат.
Топурагын бургутуп,
Тосмолуу жерге ор казат.
Бир эле жер дебегин,
Билгиң келсе мол казат.
Байкабай түшсө Боз жорго,
Баатырым сени шор басат».
Кеңеш куруп, кеп айтты,
— Кел экөөң — деп Шырдакбек.
Акыл кошоор жөлөгү,
Ат кошчусу Урманбек,
Чакырганда келишти,
Чабендеси Ыйманбек
Акыл салып кеп айтат,
Асыл Шырдакбек айтат, —
«Тогуз күн ачка болсо да,
Тоотпогон адаты.
Күүлөнгөндө учурган,
Колтукта бар канаты.
Алтымыш кулач аң болсо,
Аттап жүргөн жаныбар.
Анжиян менен Аркага,
Арыбастан дайыма,
Каттап жүргөн жаныбар.
Куурайдың башын чалдырба,
Курсагын сууга кандырба.
Таң ашырып, суутуп ал,
Душманга сыр алдырба!
Жылдыз батаар таң атаар,
Жыргалы жанга жараша.
Сага окшотуп алар да
Сан күлүктөр таң ашар?
Жетүүчү жериң кайрылып
Жер түбү Кашкар, Карашаар.
Арасы оттуу эчен бел,
Адам жок сага карашар.
Териде боппоз түгү бар,
Темгили жок жүнү бар.
Куйругу кулач жайылса,
Куштай уччу түрү бар.
Чымындай көрбөйт Боз жорго,
Чынында сени, билип ал.
Куюп койгон куржунда,
Кумдан салган жүгү бар.
ЖАНЫБЕК ХАН
Токмокто Жаныбек деген хан болгон экен. Улуту кыргыз болгон. Жаныбек
хандын убагында Асанкайгы деген олуя болгон экен. Бир күндөрү Жаныбек
хан вазирлери, бектери менен кеңеш кылат. Ал кеңеште Жаныбек хан: «КызылЖарга жана Семейге коргон саламын, Бухарадан катын аламын» — дейт.
Асанкайгы анда Жаныбек ханга: «Кызыл-Жар менен Семейге коргон салсаң бул
жерди орус алат экен, Бухарадан катын алсаң дин бузулат экен» — дейт (дин
бузулат дегени — ошол кезде эл илимсиз караңгы болгон, бирок эл кудайды, бейиштозокту, күнөкөр болушту билишкен, касам берүү, жалган айтуу, ушактоо, уурулук
кылуу, бузукчулук кылуу, арак ичүү, арам тамак жеөө болгон эмес. Бухарадан илим
таралат, эл илимдүү болсо, эл бузулуп, калп айтып, алдоо, ушактоо,
адамгерчиликтен кетет деген сөз экен, көрсө кожолор, молдолор келип элди бузат
деген сөз экен Ж. К.). Жаныбек хан Асанкайгынын тилин алган эмес.
Ошондуктан, Асанкайгы өзүнө караштуу жакындарын алып Итүрбөс деген жерге
көчүп кеткен.
Жаныбек хан бир күндөрү вазирлери жана бектери менен бир дөбөгө чыгып
сүйлөшүп олтурат. Ошондо Жаныбек хандын үстүнөн үч каз каркылдап учуп
өтөт. Жаныбек хан: «бул каздар эмне деп каркылдап бара жатат, тапкыла, үч күндүн
ичинде таппасаңар башыңарды аламын» — дейт вазирлерине. Вазирлер
бул каздар эмне деди экен, эмне айтышты экен дешип үч күн ойлошот, ары ойлошот,
бери ойлошот, эч таба алышпайт, кыйналышат, супсуну сууп «өлөт деген ушул, эми
өлдүк, эми ханга барып таппадык деп жообун айталык» — дешип убайым тартып,
кайгы жеп кабактарын салып жөнөп калышат. Алардын алдынан Жаныбек хандын
Карачач деген катыны чыга калып: «эмне кабагыңарды бүркөп келе жатасыңар» —
деп сурайт вазирлерге. Вазирлер: «бир күнү Жаныбек хан дөбөдө олтурган кезде
үстүнөн үч каз каркылдап өттү эле, ошол каздар эмне деп өттү, жообун үч күндүн
ичинде тапкыла, эгерде таппасаңар башыңарды аламын деген эле бизге Жаныбек
хан. Эми үч күнү бүттү, жообун таба албадык, ошого эми өлдүк деп капа болуп бара
жатабыз» — дешет вазирлер. Карачач вазирлерге: «Эгерде мени айтты деп Жаныбек
ханга айтпасаңар мен силерге жообун таап беремин» — дейт. Вазирлер биз
айтпайбыз дешет. Карачач вазирлерге: «Вазир жакшы — хан жакшы, катын жакшы
— эр жакшы» деп айткыла дейт. Вазирлер ханга барышат. Хан «таптыңарбы?» дейт.
Вазирлер «таптык» дешет.
Хан айткыла: «эмне дептир үч каз» дейт. Вазирлер «Вазир жакшы — хан жакшы,
катын жакшы — эр жакшы» деп өтүштү үч каз дешет.
Бул жооптуу силер тапканыңар жок, чыныңарды айткыла, бу сөздү силерге ким
айтты дейт хан. Вазирлер: «бизге эч ким айткан жок, биз өзүбүз ойлоп таптык» —
дешет. Хан ишенбей: «чыныңарды айткыла, башыңарды аламын» дейт. Вазирлер
Жаныбек хандан жана коркушуп: «сиздин катыныңыз Карачач айтты» дешет.
Жаныбек хан «Карачач катын башы менен менин сөзүмдү кайрыйт» деп көңүлүнө
алып калат.
Жаныбек хандын миң төөсү болгон, ал төөлөрүнүн ичинде Байбуура деген
кишичил буурасы болгон. Ошол кезде Чүй боору токой болгон. Жаныбек хан
төөлөрүн Шамшынын өзөнүнө чыгартып жиберет. Жаныбек хандын төөлөрдү
көздөп жүрүүчү кароолу болот. Кароолго: «Байбуураны жолборс алды деп келген кишинин башын аламын» — дейт Жаныбек. Күндөрдүн биринде Байбуураны
жолборс алат. Төөчү кароол келип Жаныбек хандын сурак үйүнүн алдында ханга
киралбай коркуп ары-бери басып сурданып турат. Карачач төөчүнү көрүп: «эмне
коркуп турасыз» дейт. Төөчү Жаныбектин Байбуура жөнүндө айткан сөздөрүн жана
Байбуураны жолборстун жеп койгонун айтып келип: «ханга эмне жооп берээримди
билбей коркуп турамын» — дейт. Карачач: «мени айтты дебесең, мен жооп таап
беремин» — дейт төөчүгө. Төөчү «сиздин сөзүңүздү ханга айтпаймын» дейт. Карачач
төөчүгө: «Жаныбек хан ушул азыр сурак кылып жатат, сен киргин да бир бутуңду
босогодон ары коюп эшикти жамынып олтургун. Хан элди кыдырата карап сурак
кылат, ошондо сени көрөт, сени көрөөрү менен сенден «Байбуура эсенби» деп
сурайт, сен унчукпагын. Хан дагы сурак кылып айланта элди карайт, дагы сени
көрөт, сенден «Байбуура эсенби?» деп дагы сурайт, анда да унчукпагын. Жаныбек
хан үчүнчү жолу сурайт, анда да унчукпай кала бергин. Анан Жаныбек хан атаңдын
көрү ээ-эй, Байбуураны жолборс алган бейм, төөчү унчукпайт» дейт. Ошондо сен
тура калгын да «таксыр ханым, хан жарлыгы эки болбойт, сиз менден бир гана жолу
сурашыңыз керек эле, ал эми сиз менден үч кайталап сурап жибердиңиз» дегин дейт.
Төөчү хандын сурак үйүнө кирип бир бутун босогодон ары коюп, эшикти жамынып
олтурат. Хан элди кыдырата карап сурак кылат, төөчүнү көрөт да төөчүдөн
«Байбуура эсенби?» деп сурайт. Төөчү жооп бербейт. Ошентип, хан дагы эки жолу
сурак кылып төөчүдөн эки жолу сурайт. Төөчү эки жолу тең жооп бербейт да тура
калып: «таксыр ханым, хан жарлыгы эки болбойт, сиз менден бир гана сурашыңыз
керек эле, сиз болсо менден үч кайталап сурап жибердиңиз» дейт. Жаныбек хан:
«башыңды аламын, ушундай айткын деп сага ким айтты» деп төөчүнү кысымга алат.
Төөчү коркуп кетип, «сиздин катыныңыз Карачач үйрөттү» дейт. «Катын башы
менен менин сөзүмдү кайырат» — деп дагы көңүлүнө алып калат. Токмокто үч, төрт
жерде жепирейген майда тамдар болгон, ал тамдарда самоорчу сарттар болгон.
Токойдо баласы жок кемпир, чал жашаган. Ал чал күнүгө самоорчуларга бир төөнүн
жүгүнчөлүк жыгач отун көтөрүп барып сатып оокат кылып турган. Бул чалдын
көтөргөн жүгүн көрүп таң калат да Жаныбек хан жыйналыш кылып кеңешип
олтурган кезде вазирлери менен бектерине: «Токмоктун токоюнда бир чал
жашайт экен. Ал күнүгө бир төөнүн жүгүндөй жыгач отунду көтөрүп барып
саморчуларга сатып оокат кылат экен. Өзү чал болуп туруп ошончо оор жүк
көтөргөнүнө таң калам» — дейт. Карачач элден мурун озунуп, «ошончолук оор жүк
көтөрүү ал маш болуштан болот» деп жооп берет. Жаныбек хан Карачачты:
«сен менин сөзүмдү ушуну менен үч жолу кайтардың, дүнүйөңдү ал дагы кеткин»
деп ачуусу келип талак кылат. Жаныбек хан талак бергенден кийин Карачач бир
кара уй, бир боз үй жана дүнүйөнү жетерлик кылып алат. Аларды эки төөгө
жүктөтөт да баягы токойдогу отун көтөрүп саткан чалга барат. Ошол чалга кыз
болот. Карачач ар күнү топу тигет. Ал топуларды чалга саттырат. Чал отун сатуудан
кутулат. Карачач кара уйдун музоосун күнүгө көтөрүп барып откозуп, кайра үйгө
көтөрүп келип жүрөт. Ошентип, Карачач музоону үч жашка чыкканча көтөрүп барып
откозуп келип жүрөт. Карачачка машыгуудан маш болуп күч пайда болот. Үч жылга
чейин Жаныбек катын албай жүрө берет. Бир күнү Жаныбек хан кырк жигити менен
ак шумкарын алып ууга чыгат. Ак шумкарын салат. Ак шумкар илбесиндерге
карабай учуп токойго кирет. Жаныбек хан ак шумкардын артынан эки жигитин
чаптырат. Эки жигит келсе ак шумкар бир боз үйдүн чамгарагында олтурат.
Жигиттердин келе жатканын көрүп, Карачач ак шумкардын бутундагы боосунан
тартып алат. Эки жигит «ак шумкарды бекитип албай, ким болсоң бергин» дешип
кыйкырышат. Карачач эки жигиттин жаалынан чочулап, ак шумкарды алып чыгып
берет. Таранып, сыланып-сыйпанып боюн түзөгөн, упа-эндик менен жүзүн
кубулткан Карачачты көрүп, анын сулуулугуна мас болушуп, ак шумкарды
камчыланган бойдон чаап канга барышат. Жаныбек хан: «ой, мынча эмне
энтелейсиңер, силерге эмне болду?» дейт жигиттерине: «Э-э, ханым, баягы Карачач
дейсизби, андан да сулуу кыз көрдүк. Ошол кыз сизге ылайык экен» — дешет эки
жигит. Жаныбек хан өлгөн шумкарына карабай көрөлү деп кызга карай жөнөйт.
Барып кызды көрөт Көңүлүнө кыз толот. Андан үйүнө келет да кызга жуучу кылып
билермандарын жөнөтөт. Ушуну менен Жаныбек хан Карачачты алат. «Кыз белгиң
кана?» дейт Жаныбек хан. «Ханым, бир тойдо эки жарлык болобу, экөобүзгө мурун
да той болгон, бул экинчи нике» дейт да, тура калып үч жашар бышты өгүздү
көтөрүп эшикке чыгарып туруп, кайра көтөрүп бастырмага киргизип байлап коет.
Ушуну менен Жаныбек хан жеңилип, Карачач менен бирге жашап калат.
Жаныбек тигини мурунку катыны Карачач экенин билет. Жаныбек хандын элинде
баласы жок беш эчкилүү чал менен кемпир болот. Чалы күнүгө эчки кайтарат.
Кемпири эчкилерин саап, күнүгө сүтүн ашканасына коюп коет. Эртең менен турушса
сүтү жок. Сүт куйган табакта бир алтын калат. Кемпирдин күнүгө бирден алган
алтыны бир калта болот. «Бул алтын хандын казнасында болуу керек, хан билип
калса кийин бизди кыйнап жүрбөсүн, сен бүгүн эчкилерди кайтаргын, мен үйдө
калып ушул ичкенди аңдыйын, бул кандай неме болду экен?» Кемпир беш эчкисин
кайтарып кетет. Чал үйдө калып, үйдөн ороо казат. Ага өзү түшүп олтурат. Үстүн чөп
менен далдалап коюп карап олтурат. Бир убакта алдында алтын тиштеген эки
баштуу жылан бир топ жыланды ээрчитип алып келе жатат. Алды менен сүттү көп
жылан ичет. Артында эки баштуу жылан бир башы менен сүттү ичет да бир башы
менен табакка алтынды таштап кетет. Чал жыландарды акмалай артынан жүрүп
олтурат. Жыландар бир дөбөгө киришет. Ал дөбөнү белгилеп коюп, чал ханга барат
да ханга: «сиздин казынаңыз болуш керек. Бир дөбөдө көп жылан бар экен. Алардын
дөбөгө көөмп койгон көп алтыны бар экен» дейт. Жаныбек хан элин жыйып барып
баягы дөбөнү каздырат. Ал дөбөдөн жер жайнаган жылан чыгат да дөбөнү
каздырбай коет. Жаныбек хан: «жыланды өрттөш керек» — деп көп отун жыйдырат.
Жыйылган отунга от койдурат. Жыландарды өрттөтөт. Жыландын көптүгүнөн
жыгач баш сайын бир жылан болот. Ошол жыландар өрттөлөт. Бирок эки жылан
учуп чыгат да элди октой тешип кыра баштайт. Ошол элдин ичинен эки бала качып
Ош тарабына барат. Алар бир ак сакал кишиге мандикер болушат. Бул эки бала ак
сакалда иштеп жүрүп, көп кой айдап келе жаткан соодагерлерди көрүшөт. Экөө
алардын кайдан келе жатканын билиш үчүн соодагерлерге барышат да «кайдан
келе жатасыздар» — дейт. Соодагерлер «Каркыра дегенден келе жатабыз» — дешет.
Эки бала «элде эмне жаңылыктар бар?» дешет. Соодагерлер «Жаныбек хандын элин
жылан сорду деп уктук, жаңылык ушул» — дейт. «Андан башка дагы кандай
жаңылык бар» дешет эки бала. «Кой айдап келе жатсак серкебиздин мүйүзүнө бир
жылан оролду, анын жанына барсак эле жылан жок болуп калат. Койдун артына
кайра келсек эле, кайра эле жылан мүйүзгө оролуп калат, ушуну көрдүк» — дейт
соодагерлер.
Бул укмуш сөздү уккандан кийин эки бала коркушуп ак сакалга качып келишет.
«Оо, балдарым, эмне болду?» — дейт ак сакал. Эки бала «соодагерлердин серкесинин
мүйүзүнө жылан оролуп келе жатат, бизди жутат» — дешет. Ак сакал «хандын элин
жылан жутканда эки бала качты деген эле, ошол эки бала силер турбайсыңарбы, эми
силер коркпогула, ошол качкан эки баланы жыландан сакташ үчүн болоттон жети
кетмен жасатып койгонмун. Ириктин сүрсүгөн куйругу бар. Ошол куйрукту
кетмендерге сүртүп, аларды майлагыла да башыңардан чатыңарга чейин ошол
кетмен менен далдалап тургула. Жылан кетменге келип тиет. Бирок жылан майдан
өлө албайт. Кетменге күч менен келип тийип өлөт. Ошону менен эсен каласыңар» —
дейт. Эки бала кетмендерди ириктин сүрсүп калган куйругу менен майлашат.
Аларды башынан чаттарына чейин катар коюп тосуп олтурушат. Жылан учуп келип
а дегенде бир балага тиет. Бирок күч менен келип тийген жылан кетмендерди
тешип өтө албай өлөт. Эки бала жыландан эсен калат.
АБЫЛАЙ ХАН СОГУШУ
(1 775—1776-жылдарда )
Кыргыз менен казактын арасы Санбарак жеңилген соң катуу бузулуп,
кыргыздын көкүрөгү өсүп, казакты баштагыдан бетер уурдап-талап, жыгып алып
карактап, чоң кордук көрсөтүп, көбүнчө саяк кыргызынан: Чакыр, Уман, Жаманак
(кабарлардын хан Садырдын күчөгөн чагы, ошого сүйөнүп) тынчын алганда чыдай
албастан казактар кеңешип, Сары Аркада жаткан Абылай ханды чакырып келүүгө
Олуя Ата шаарына түн жаккы кыйчалыш, күн чыгышында эки-үч күнчүлүк жерде
турган короолош уругунан Жогач баатырды жиберген. Абылайга барып Жогачтын
айтканы: — Алдаяр таксыр! Ала Тоону жердеген макоо кыргыз көбүнчө Көкжал
Барактын согушунан соң бизди тынчытпастан кордук көрсөттү. Малыбызды
уурдады, өзүбүздү карактады, кыргыздын баштыктарына, көбүнчө Каба
Арзыматтын уулу хан Садырга киши кийирсек анын берген жообу: Чапырашты,
Жапекти өлтүрдүм. Абак, Таракты алдым, Көкжал Баракты алдым. Чолок Коргон,
Созукту алдым. Сор аяк Абылай хан сартыңды алууга аз калдым, — деген.
Абылай: — Казак-кыргыз үркөрдөй болгон эл эле. Калмактан жаңы кутулдук,
баш-аягыбыздан баскынчылар ажыдаардай оп тартып, сорууга оозун ачып турат, —
деп башын чайкап жооп айтпаган. Жооп бербеген соң казактын баштыктары,
бийлери жаман аскер баштыктары кеңешип, хандын акунуна тамак ичип жатканда
өлөң менен айттырганда, көптөн соң Абылай хан «көбүң болбодуң, кайыр, эми
барайын, бирок эң мурун жакшылыкча сүйлөшөлү, кыргызга барып
менин сөзүмдү айт» деп Жогачты кайта жумшаган. Жогач кыргыздын чети солтонун
баштыгы Момокан менен Жайылга келип, Абылай хандын сөзүн айтып
кайта кеткен.
Ошол жылы Абылай хан Сары Аркадан аттанып келип, Ташкенди каратып, анда
жаныш (дуулат) казагынан Байтикти улук кылып, өзү Ташкенде кыштап калган.
Кыргыздан элчи барып, көпкө жатып калып, кыргыздын көпчүлүгү менен кеңешип,
жооп берүүгө убадалашып кайткан. Көктөмдө Абылай Ташкенден келип, Меркенин
түн жаккы Корготу өзөнүндө Түйүшкөн деген жерде колу менен жатып калып,
кыргыздын жообун алып кел дейт. Жогач келип, солто кыргызы Жайыл менен
Момканга сүйлөшүп, ыгы келише албай бузулушуп кайткан.
Жогачтын айткан сөзүн жана Абылайдын көп аскери менен келип жатканы
тууралу солтолор башка кыргыздарга кабар бербестен жана Абылай хандан эч
бир кооп кылбастан, камынбай бейкут жата берген. Жогач кыргыздын
келишпегендигин барып айткан соң Абылай Меркенин жанындагы Мөңкөнүн Ак
Чийине туусун тигип, солтого чабуул кылган. Туйгунт жаткан солтолор жан аябай
согушса да жеңилип, согушуп турган чагында Жайыл баатыр Үсөн, Теке жана
Итике деген үч баласы менен казактын колуна түшкөн. Жайыл баатыр Жогач менен
дос болгон себептен: «Менин Үсөн, Теке эки баламдан тукум калды,
кичи катынымдын баласы Итикеден тукум калган жок. Анан бир тамчы канын сурап
алгын» дегенде Жогач Итикени өлтүртпөй сурап алган. Жайыл, Үсөн,
Теке жана Жээнбек төртөөнү өлтүргөн. Момоканды Жогач кепилге алган. Саруу
кыргызынан колпоч уругунун колу келип, солтонун колу экен деп жаңылыштан
казактын аскерине кабылып калып, анын көбүн казак кырып таштаган. Бул
себептен алигиче эл арасында келе жаткан макал: «Эрдигинен солто кырылды,
энөөлүктөн колпоч кырылды» деген. Абылай илгерилеп Чүй бооруна келип, Чулу
бекетине жакын жерден бөлөкбай уругу канчалык эрдик көрсөтүп, азыраак киши
көп жоо менен атышып жатса да, аны жеңип, жолдоштору менен кырган (Жолунун
тукуму азыр Ысык-Атада 30—40 түтүн). Солтодон өтүп, Кичи-Кеминге барганда
Бейшеке деген жерде беш агайын кыргызды айылы менен кырып, келин-кызын
олжологон. Кичи Кеминде алыш казып жаткан кыргыздан 40—50 кишини өлтүргөн.
Бул алыш азырында Кандарык Арык (Кандуу арык дегенден кыскартылганы)
аталат.
Жол Булактын оозу, бир кабарда Көтмалдыда сарбагыш кыргызы менен согушуп,
кыргыздан жантай уругу калмакка түшүп кетип, кайта келген: Ибике,
Инжим, Жакам, Сенкилтай. Мадыхандын Ибикеси жекеге чыгып, казакты ыргыта
сайып кеткенде, казак бүткүлү менен каптап кетип, Ибике колго түшкөн.
Колго түшкөн кишилерди Көкала аттуу Абак деген казак моюндарынан көгөндөп
туруп кырып жатканда, колго түшкөн кишини өлтүргөнүн токтотсун деп
Абылайдан буйрук болгондо бактысына Ибике баштык болгон жети киши
өлтүрүлбөстөн кутулган. Бүткүл сарбагыш кошуп согушпастан, бириндеп урушкан.
Ушул себептен кыргыз сарбагыштын феодалынан саналган Эсенкул урушка
катышпаган. Абылай Ысык Көлгө барып, Чолпон Атанын көл жээгинде быткылында
чеп жасап, мал-башы менен бекинип жаткан. Мундуз кыргызы таталай уругунун
баштыгы Тыныбек менен согушуп, төрт күндөн соң казактар жапырып кирип чебин
талкалап, 150 түтүн кишинин көбүн кырган. Тыныбектин Канышбек деген кызы
жана 16 кыз олжого түшкөн. Ошондо казактын колунда Соң Көлдү көздөп казак
аскери бара жатканда Канышбектин ыйлаганы:
Алты короо таталай,
Алты айланып чапкыдай
Асили бузук Абылай,
Атаңдын өчү бар беле, ай.
Жети короо таталай,
Жети айланып чапкыдай,
Жетеси жок Абылай,
Жетеңдин өчү бар беле, ай.
Корголоттуң быткылга,
Кордук кылдың кудай ай,
Абылайдай ит кулга.
Карсак жүрбөс караң жол,
Караңгыда баратам,
Капарда жок Абылай,
Кармоосунда баратам.
Түлкү жүрбөс түлөй жол,
Түндө кетип баратам,
Түшкө кирбес Абылай,
Туткунунда баратам.
Канышбектин кайыны саруу кыргызынан, кырк уулу уругунан Канабай деген
күйөөсү болуп, күйөөсүнө айткан саламы:
Таталай мундуз төрөсү,
Ойрон мундуз төрөсү,
Орчун мундуз төрөсү
Көрпөчөнүн көбөсү.
Көңкүл мундуз төрөсү,
Жаман да болсо Жабайга айт.
Чаар аттуу Кабайга айт.
Көп саруудан Бешимге айт.
Абылай Соң Көлгө келип, аттарын семиртиш үчүн бир ай турган чакта
Канышбектин Абылайга кылган арызы: — Ата-эне, эл-журтубуздан ажырап, 17 кыз
олжолонуп, сиздерге бүлө болдук. Сиздерден башка барар жерибиз, басар тообуз
калган жок. Туткунда келе жатып зордук, басымчылыкка кириптер болуп, кирдеп
кеттик. Кир-когубузду жууп тазаланып алууга уруксат бериңиз, — дегенде Абылай
макул алган. Сууга 17 кызды Канышбек ээрчитип келип, аларга айтканы: — Биз атаэне, эл-журт, бир туугандарыбыздан ажырап, өмүр бою казакка күң болуп, олжо
катын агытып кул болуп жүргөндөн көрө өлгөнүбүз артык, — деп 17 кыз бирбиринин чачын түйүштүрүп туруп, сууга түшүп кеткенде көлдөн аңыр каздын
жумурткаларын издеп жүргөн казактар көрүп, Канышбек баштап бир нече кызды
кармап калган. Кийин кыргызды бүткүл каратканда Канышбекти азат кылганда аны
күйөөсү Кабай алган. Бир кабарда Канышбек дагы сууга түшүп өлгөн.
Абылай кыргыздын көбү Анжиян, Намангенге жана Кытай жерине жакындап
кача турган болгондо Соң Көлдөн Таласка барып, аны ордо кылып турган. Кыргыз
менен Абылайдын согушунда казакка маалим болуп, көзгө көрүнүп, нечен жерде
баатырдык көрсөтүп, эрдик кылган солто кыргызынын талкан уругунан
Жамансарттын уулу 18 жашар Түлөберди болгон. Сарбагыштан Эсенкул, саяктан
Качыке менен Садыр, саруудан Тума бий аскерлери менен аттанып келе жатып,
солтонун жеңилгенин, бирин-серин сарбагыштын жана Тыныбектин ойрондолгонун
угузуп, жолдон кайта кетишкен.
Абылай Таласка, бир кабарда Кум Арыктын башы жарсуу Макмалга кыштап
калып, кийинки жылкы согушта (бул согушка сарбагыш, бугунун катышканы
билинбейт) саяк Садырды Доскулу деген баласы менен кармап барганда Абылай
кыргыз менен жарашып, эл болмокчу ой менен аны эсен-соо элине кайта
жибермекчи болгондо, казактын баштык бир кишиси мындай деген:
— Муну баласы менен өлтүрбөсөңүз (бир кабарда Жогач айткан) сиз дагы
тынбайсыз, казак да тынч боло албайт, атасы Садырдын жүрөгүнүн башында эки
эли жери кара, баласы Доскулунун жүрөгүндө кара жок, баары да май экен.
Баласынын эрдигин али түндө эт бергенде этти башы менен тартып сынасаңыз, —
деген.
Койдун эти келгенде Доскулу баштын эки кулагын кесип, маңдайын жара тилип,
тумшугунан туура тилип, эки көзүн чукуп алып, башты балжа-булжа кылып бузуп,
мээсин башка алып таштап койгон. Муну кайтартып койгон сакчылар Абылайга
айтып барганда баягы казак мындай деп чечкен: 1) Башты маңдайынан узата
тилгени — жолум ачык шыдыр болуп, эсен-аман үйүмө барсам дегени. 2) Тумшугун
туура тилгени — жолумдан туура чыккан душманым, жоом Абылайды аман болуп
жыксам, согушта жеңип туурасам дегени. 3) Эки кулагын кесип, көзүн чукуп алганы,
башты балжа-булжа бузганы — өлбөсөм Абылай сенин эки көзүңдү чукуп, эки
кулагыңды кесип, чунайтып туруп өлтүрсөм дегени. 4) Башты балжа-булжа кылганы
— эсен-аман өлбөстөн чыксам, баш кишилериңди талкандап кырсам дегени. 5)
Мээсин алып дасторконго таштап койгону — мээңди алып, тамак катарында
чийкилей жесем дегени, — деп тажрыйба бергенде Абылай кан соргуч бул айтканга
ишенип этти жеп болбостон өлтүрткөн. Саяк менен саруу, кушчу сөөгүн сурап алып,
Олуя Ата менен Таластын ортосундагы капканын Үч Коргонуна койгон.
Садырга бүткүл арка кыргызы моюн ийип, айтканынан чыкпаган. Демек, бүткүл
арка кыргызында заманында Садырдан озгон киши болбогон. Ушул себептен саяк
кыргызынын кадыры башка кыргызга караганда аркалыкта үстүн болуп, анын
доору жүргөн. Ушул себептен ал убактан бул заманга чейин келе жаткан макал
«Кабанын аты качса кармаба» деген, каба демек — саяктын бир уругу. Кабанын аты
качып баратса кармап алып келип, ээсине бергенде ээси менин атымды уурдап бара
жаткан экенсиң деп тогуз жылкы айып алган. Жаш чагында Садыр мурдунун
чимкиригин тарта албаган, сүйрөлгөн энөө жаман бала болгон. Ар ким жаман Садыр
деп тилдегенде, энеси тантык киши экен: «Садыйымдын хан болойун ким билди, бек
болойун ким билди» деген. Садырга солто, сарбагыш, бугу, саяк, саруу, кушчу
ийилиштүү болуп, айткан буйругунан чыкпаган. Ошого бир мисал:
Анжиандан Аркага келип орношкондо солто кыргызынын баштыгы Жамансарттын
айлын элик атып берип баккан үчүн эликчи Жамансарт аталган. (Жамансарт деп ат
коюлмагы Анжианда жүргөн чакта Жамансарт төрөлүп, туулганда айылында бир
жаман сарт жүргөн үчүн ушул сарттай болсун деп, Жамансарт койгон). Садырдын
жети байталы жоголуп Жамансартка келгенде Жамансарттын Бөрүбай деген баласы
чатырдын түркүгү менен Садырды чаап жиберген. Анда Түлөберди 17 жашта болгон.
Экинчи кабарда Бөрүбайды кармап калып, Садырды ажыраткан. Саяк Садыр
өлтүрүлүп, Эсенкул Кытай менен Фергананын чегине көчүп, бугу Текести көздөй бет
алганда кыргыздын баш көтөрө албастыгын Абылай билип, кыргызга салык салып
сынаган. Бүткүл салган салыгын бирин калтырбастан солто кыргызынан бөлөкбай
уругунан Кебек бий орундатып, бүткөрүп бергенде аны Абылай чакыртып ыраазы
болуп, бүткүл кыргызга бий көтөргөн. Абылай ар түтүнгө бир-бирден чыгым алып,
колго түшкөн кыргыз башына бечара болсо бир жылкы, оокаттуу болсо тогуз
жылкыдан сатуу алган дешет. Абылайдын жарактуу 8 миң, андан-мындан ээрчиткен
2 миң, чамасы 10 миң кишиси болгон.
Таласты борбор кылып, анда суракчы кишилерин коюп, өзү Сары Аркага
кеткенде бирге кыргыздан бир миң түтүн, бир кабарда алты жүз түтүн көчүрүп
кеткен. Кыргыздын согушунан бир аз мурун калмактын ханынын Олоңбайыр деген
кызы качып барып Абылайга тийген. Абылай жерине кеткен соң анын аскер
баштыктарынан саналган Карагерей Каманбай баатыр Кулжа шаарынын күн чыгыш
жагындагы тоолордун бири Эрен кабыргадан келип, Кочкордон жылкы тийип
кеткенде сарбагыш кыргызынан Атаке арт жагынан кууп барып, Коргошто жетип
катуу согуштан соң жылкысын ажыраткан. Кээ бир кабарда бул окуяны Абылайдын
чабуулунан мурун болгон дейт, аныгы кийин болсо керек. Себеп — согуш болуп
жатканда Каманбайга Атаке: «сенин ишенген пириң Абылай жок» дейт. Абылай
бүткүл кыргыздын үстүнөн ак үйлүү кылып, солто Жамансарттын уулу
Түлөбердини алып кеткен, анда барганда туулган бала Канай. Абылай 1787жылында өлгөн деп. Бартольд ката жазган, аныгы 1781-жылында өлгөн. Кыргыз
Анжиан, Алайдан кайтканда өзбекке ийилиштүү болуп кайтса да, Абылайдын кан
жүргүзгөн согушунан соң баштагыдан артылып, өзбекке жакындай баштаган.
Абылайдын өлдү кабары угулган соң, кыргыздар Иле менен Чүй аягындагы
казакты кыса баштаган. Акыры казактар чыдай албай согушуп кеткен. Ал
төмөндөгү Чанчкулу Бердикожо баатырдын согушу. Абылайдан бир аз мурун, бир
кабарда бир-эки жылдан кийин бугу, сарбагыш кыргызы Иленин суусун кече турган
багытынан барып, көп жылкы тийип алып, Иле суусунан кечип өткөндө сарбагыш,
кыргызынын баатырларынан сыналган Атаке жаман түш көрүп, эски кыргызчылык,
караңгылык расими боюнча ал түштөн корккондуктан «жаки атым, жаки мен өзүм
өлбөсөм» деп, Керкулун деген заманында атактуу биринчи күлүк аты менен Иленин
жакасы, Хандын тоосунун деңгээлинен эртең менен жолдошторун калтырып өзү
жалгыз чыгып, Чүй боюна түшүп, Тору Айгыр ашып, Чолпон Атадагы үйүнө эл
орунга олтура барган. Атты таң атырып, эртең менен катынын жумшап ат кантип
турат, көрүп кел дегенде катыны чыгып, ат мамынын башын кемирип, жулкунуп
турат дегенде Атаке: «арам өлгүрдү агыта бер» дегенде катын агыта берген. Ат
дароо барып көлдөн ичип жибергенде чычкактап өлгөн. Атакенин бул жүргөн жолун
чамалап текшергенде орто эсеп менен эң азында 350—400 километр жер. Бул
кабарды мен сарбагыш, саяк, бугу, солто, саруунун карыяларынан көп мертебе
таптыш кылдым. Тыянагында бүткүл барысынын кабары ташка тамга баскандай
туура чыккан.
Бердикожо өлтүрүлгөндөн соң 1846-жылы (Кененсарынын доорунда) жете
казактар чекенесинен эсеп албаганда кыргыз менен көзгө көрүнөөрлүк атактуу
чоң согуш кылбаган.
Ошол заманда кыргыз феодалынын күчөп Анжиан, Алайдагы тентип жүргөн
кездеги жардылыгы унутулган чагы болуп, саяктан Садыр, Жанболот, Качыке,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 16