Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 07

Total number of words is 3880
Total number of unique words is 2376
23.8 of words are in the 2000 most common words
35.5 of words are in the 5000 most common words
43.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Чүйдөн пайда таппады.
Чүйдүн ичи дуу болду,
Ар кайсы жерден чуу болду.
Бурана менен Шамшыдан,
Жылып аскер көп толду.
Узун-Агач, Каштектен,
Уруш кылып баш кеткен.
Андан келген казактар,
Кочкорго качып бул кеткен.
***
Көл башында көп бугу,
Толуп жаткан көп уруу.
Караколду камады,
Кыргыздардын нургуну.
Арбыны көлдөн башталды,
Оторчулдун кыргыны.
Күңгөй, тескей саягы,
Күүлөнүп чыкты урушка.
Никелей, манап биригип,
Күйүт болуп оруска.
Катуу согуш кылышты,
Жети-Өгүз менен Ырдыкта,
Туу көтөрүп турушту.
Күңгөй, тескей, Ак-Сууга,
Күндөп-түндөп урушту,
Талаага асып таш тулга.
Никелейдин куйругу,
Песирлерин союшту.
Ырда деп сөгүп туруучу,
Нечен кулак залимдин
Эки көзүн оюшту.
Оторлоп келип жер алган,
Ырда деп сөгүп кек алган,
Дыйкандарды акыры
Токмоктоп туруп жеп алган,
Кулактарды кууратты,
Кылычтар аны сулатты.
Никелейден чен алган,
Балинин баарын кууратты.
Бакырышкан чуу чыкты,
Байрак байлап туу чыкты.
Паселкеде кулактар
Коркконунан жан чыкты.
Талаа-түзүн чабышты,
Талкалатып алышты.
Никелейчил иттердин
Башына каран салышты.
Баатыркан деген кан болду,
Талаанын баары чаң болду.
Тарсылдатып атышып,
Урушкан жери кан болду.
Пасылкада тургандын,
Айланып башы маң болду.
Баатырканды ээрчиген,
Эки миң дыйкан жоголду.
Түп, Жыргалаң кыштакты,
Түк коюшпай кыйратты.
Паселкелик кулактын,
Балаларын ыйлатты.
Ардактуу кан Баатыркан,
Баш болуп келди көп элге,
Батпай кетти кол жерге.
Улук шаар алышып,
Келе алган жок мелжемге.
Ар кайсы жерде майда бек,
Баштап чыкты аскер көп.
Байрак булгап Баатыркан,
Ар тарапта уруш көп.
Күңгөй-тескей жерлерден,
Найзасын алган эрлерден,
Чогулду түмөн көп киши,
Жыйылышып келгенден.
Өгүз көөдөн өкүм сөз,
Эрсингендер ошондо.
Жалаң кылыч, куу союл,
Доосүнгөндөр ошондо.
Чоюнбаш менен союлга
Маш болгондор ошондо.
Турмушунан кысталып,
Таш болгондор ошондо.
Николай залим болду деп,
Кас болгондор ошондо.
Чыдабай ичи күйгөндөн,
Мас болгондор ошондо.
Кан аралаш көзүндө
Жаш болгондор ошондо.
Нечен түрлүү зардал бар,
Баатырсынган балбан бар.
Күүлөнгөнү күлүктөй,
Алтымышта чалдар бар.
Мойну жоон балбан бар,
Молдолордон чандам бар.
***
Саяк эли дүрбөдү.
Жар айтышып күүлөдү.
Ак Чийдеги поселке,
Алабыз деп сүйлөдү.
Паселколук Соколов
Башкарып элди кыйнады.
Участковый Менщиков,
Чогултуп эл жыйнады.
Чочкобайы чакырды,
Саякка конок болгону.
Улук барды конокко,
Ишенгени Орогу.
Жанындагы кызыл чок,
Алыбай деген чологу.
Үйгө кийрип тай союп,
Дасторконго аш коюп,
Жалпы саяк баш коюп.
Суу куйганда октолду,
Балбан Сабыр шоктонду.
Мойнунан кармап ыргытты,
Менщиков деген чочкону.
Чурулдап эл кармады,
Эки колун байлады.
Жанындагы Аалыбай
Жалдырап көзү жайнады.
Чочкобайды өлтүрүп,
Ошо жерде жайлады.
Камдануучу көп болду,
Паселкеге барганы,
Ак чийден уруш салганы.
Өткөн экен зардабы,
Менщиковду өлтүрүп,
Калган жок элдин арманы.
Жатакта калган жардылар,
Кыжылдады каркыбар.
Беш жүзчөсү жыйылып,
Соогатчы менен жалчылар.
Паселкени талады,
Камынышып жалпысы.
Соколовду кармады,
Эки көзүн байлады.
Коркконунан залимдин,
Эки көзү жайнады.
Соколов залим куурады,
Кыргыз собол сурады.
Уруп айдап жүргөндө
Эси чыкпай турабы.
Закон айтып: «Ай деди,
Жаталбайсың жай деди.
Аман болсо ак пааша,
Капиталдар бай деди.
Мени өлтүрсөң бир киши,
Жалгыз менин каныма
Өлтүрөт сендей миң киши».
Бирин-бири күүлөштү,
Мойнунан байлап сүйрөштү.
Соколовду өлтүрүп,
Малын бөлүп болушту.
Жайлоочу менен Катышты,
Чогулуп келип жатышты.
Он эки солдат Акчийден
Тосуп туруп алышты.
Тегеректеп солдатты,
Медреседен барышты.
Кармап алып душманды,
Чоюнбаш менен жанчышты.
Көкүмбай менен Мурзабек,
Курман менен Түркмөн.
Пишпектеги уездге
Чырдан мурун барган деп,
Урушуп эл болгондо,
Журт жаңылап конгондо,
Келди чыгып Пишпектен,
Солдат уулоочу болжолдо.
Айран болуп турушту,
Капа болуп урушту:
«Ким баштады деп айтат,
Ушул жаман жумушту.
Пааша деген дөөлөт деп,
Каршы болгон дөөлөткө,
Ажал жетпей өлөт деп,
Рабочу бербеген,
Зордук менен көнөт» — деп,
Каар кылды калкына
Баштаган уруш жалпыга.
Ачуусу чындап келишти,
Кара чарба жалчыга.
Чарбанын баары чамынды,
Жалпы саяк камынды.
Дүрбөп каптап келгенде,
Дөөнүн жини кагылды.
Ортодогу калыстар,
Элчи болуп зарылды.
Өлөрүн манап билген соң,
Көпчүлүккө зарылды.
Калыс жүрүп ортодон
Көкүмбайды кан кылды.
Кошоматчы болушуп,
Урушту көздөй камынды.
Канатканга кошулуп,
Кочкорго түшүп барылды.
***
Кара Кочкор ичинен,
Каршы-терши чаң чыкты,
Тезекбай деген кан чыкты.
Каракоодон, талаадан,
Толуп жаткан мал чыкты.
Кыйкырышкан чуу чыкты,
Кызыл байрак туу чыкты.
Каракоодон атышып,
Хахылов деген куу чыкты.
Айта турган келди кеп,
Азык менен Надырбек,
Ажы менен Субандан
Жыйналышып болду кеп:
«Тынымсейит калың эл
Булар келди кайда» — деп.
Каракоону камады,
Дүкөндөрүн талады.
Участковый Хахылов,
Мунун тийди залалы.
Алтымыштай солдатты,
Жатып алып атышты,
Эки күнү жатышты.
Тегереги шаардын,
Жалпылдаган кызыл туу,
Жер жаңырган ызы чуу.
Хахыловдой митаам куу
Бир жагынан согушту.
Семизбел, арык, көп бугу
Күнү-түнү атышып,
Алалбады түк муну.
Хахыловду көрсөк деп,
Башын жарып бөлсөк деп,
Зардабы өткөн жардылар,
Чуулдашып айтып көп.
Найзасын алып качырат,
Солдаттын огу атылат.
Качырган көп элдерден
Бир кыйласы өлүп жатылат.
Атышып эки конгон соң,
Айласы кетип болгон соң,
Тегеректе калаалык,
От жагышты кыйын чоң.
Калаанын башын от алды,
Тамдын көбүн өрт алды.
Ортосунда Хахылов
Баш айланып тим калды.
Жалын чыкты асманга
Солдат келди шашканга.
Аракет кылды Хахылов
Токмокту көздөй качканга.
Токтобой качты бул иттер,
Тосуп туруп атканга.
Калаанын төмөн четинен,
Качып чубап чыгышты.
Хахыловдун качканын,
Калың кыргыз угушту.
Мынтык атып жон-жондон,
Болжоп тосуп турушту.
Николайчыл адаттан
Жакын болгон манаптан.
Хахыловго кошулуп
Баштап качып бараткан
Хахыловдун жолдошу,
Кылжыр датка жолборсу.
Качып чыкты бул баштап,
Кууду калың эл каптап.
Хахылов, Кылжыр кутулду,
Солдаты менен бир состав.
Кайра тартты калың эл,
Каптагандай катуу сел.
Жүз кишиде бир мылтык,
Урушууга ошо бел.
Чыгарды тандап тыңдарын,
Кыйратты жолдун зымдарын.
Бирден айтып берейин
Баштан-аяк кылганын.
Карагоо менен чыгышты,
Боз-Бекетке кетишти.
Сарбулакты талкалап,
Кара үңкүргө келишти.
Кара дыйкан жардылар,
Талап кылды каркыбар.
Ак-Мойнокту талкалап,
Нарынды көздөй баратыр.
* **
Куртка, Терек жердеген,
Эч урушка келбеген,
Жыйылып жатты жеринде,
Чоро, саяк эл деген.
Ырыскулбек шатандан,
Илгертен бери атанган.
Куйруктарын жыйнады,
Өзүнө жакын катардан.
Моңолдор менен чериктен,
Манап менен шериктен,
Эл-элдерин жыйнашып
Таш болсо да эриткен.
Бул төрт болуш жыйналды,
Акыл таппай кыйналды.
Кара дыйкан жардысы,
Жаш чыгып көздөн ыйлады.
Болбой чатак чыгышты,
Манаптын туусун жыгышты.
Кара жолдун боюна,
Калың аскер чыгышты.
Тегерекке чабуул коюшту,
Кулакты кармап союшту.
Арабада кулактын
Башын кесип болушту.
Тарагайда солдатты,
Талкалашып алышты.
Көкүрөктө моңолдор,
Тыбырлашып калышты.
Журт жаңылап конушту,
Көрүштү калың орусту.
Орусту көрүп байкуш эл,
Акылдан кетип болушту.
***
Алматы менен Ташкенден,
Алда канча кат келген.
Келди солдат жык толуп,
Жыйналышып жер-жерден.
Пишпекке солдат мол келди,
Алда канча кол келди.
Жандыралы, полковник,
Кыйла кыйын чоң келди.
Офицер менен командир,
Далай кыйын зор келди.
Чоң болуптур Дүр манап,
Отряд алып миң санап.
Уезд менен Чочкобай,
Кол баштады бек каалап.
Көрүп калды кыйын кеп,
Пилумут менен замбирек,
Пишпектен чыгып Токмокко
Бир күндө келди отряд.
Кара кыргыз калың эл,
Көрүп калды кыйын кеп.
Арабасын сүйрөтүп,
Байдасыз дүйнө экен ай.
Илик тамыр табышып,
Издеп барып таанышып,
Көп бер ай деп бечара,
Куржунга арпа салышып.
Алтын тапкан эмедей,
Сүйүнгөнү мындан көп.
Анда оокатым калды деп,
Күйүнгөнү мындан көп.
Үмүт үзүп жанынан,
Түңүлгөнү мындан көп.
Белин бекем кайратка,
Байлап жүргөн мындан көп.
Беш-алты уюн аксатып,
Айдап жүргөн андан көп.
Малын берип жат жерге,
Жайлап жүргөн андан көп.
Ысык-Көл деп үшкүрүп,
Зарлап жүргөн андан көп.
Жаныбарым Ысык-Көл,
Жайылган шибер нечен төр.
Жаздын күнү мал тууса,
Жалгыз козу өлбөй төл.
Айтып турам аныгын,
Ишенбесең барып көр.
Ысык-Көл кайдан унтулат,
Эстегенде ултунат.
Айдама беде ал көлдө,
Ак жашыл тартып кулпунат.
Энеден тууп эркин өскөн,
Ээн талаа жерде өскөн.
Адам болор бекен деп,
Ат мингизип көрк көргөн,
Жөө басты кары, балдары,
Кор болду журттун чанданы.
Буркуратып ыйлаткан,
Бузулгандын зардабы.
Керилип баскан буралып,
Келиндер жүрөт муңайып.
Тоосуна кантип чыгам деп,
Чокоюн кийип кубарып.
Кылчайып басып муңайып,
Кыздары жүрөт кубарып,
Кашына кантип чыгам деп,
Капа болуп муңайып.
Тоосуна көнсөк жүрөбүз,
Чокоюн кантип киебиз.
Оокатын кылып алабыз,
Отунун кантип жагабыз.
Оруп алган чөбү жок,
Атты кантип багабыз.
Эсебин эптеп билебиз,
Эшегин кантип минебиз,
Адамдын жетпейт акылы,
Ат жүрө албас такыры.
Үч күнчүлүк жол экен,
Мынакей деген жакыны.
Боз топурак чаңдаган,
Болот экен адыры,
Таяк алып жөө баскан,
Толуп жүрөт катыны.
Аштык айдап албаса,
Ач болуучу жер экен.
Ар түтүнгө бир киши,
Баш болуучу жер экен.
Кыяматтай кызыл чок,
Жан болуучу жер экен.
Узун аяк бодо мал,
Аз болуучу жер экен.
Эр башына бир чокой,
Парз болуучу жер экен.
Эчки менен кой бакса,
Бай болуучу жер экен.
Эч нерсеси жок болсо,
Кар болуучу жер экен.
Адамдын пейли бузулуп,
Тар болуучу жер экен.
Бермек болуп жаңыдан,
Береринде айныган,
Ошонусу бул элдин,
Осол экен абыдан.
Качып келдик жан үчүн,
Карабадык мал үчүн.
Кар болгон жок чериктер,
Өз тууганы бар үчүн.
Көңүлүмдөн чыгарбайм,
Чеш төбө ата жаныбар,
Атбашы менен Нарынды,
Жердеген киши сагынар.
Жаныбарым Атбашы,
Жанында жакын шаары бар,
Сатып алса базардан,
Самагандын баары бар.
Жазында эгин салган жер,
Жанынан аштык алган жер.
Жаныбарым Атбашы,
Базары жакын турган жер.
Мал сатарга базары,
Барса жакын жанында.
Өлбөсөк барар бекенбиз,
Атбашы менен Нарынга.
Качып чыктык орустан,
Кочкор Ата, Жумгал, Чүй,
Козголуп калдык оңуттан.
Атбашы, Нарын, Ысык-Көл,
Айырдың эми конуштан.
Кочкор ата, Жумгал, Чүй,
Кош терезе ысык үй,
Урушуп орус өчүктү,
Жыргап жаткан жеринен,
Тынч албай тына көчүштү.
ТҮШҮНДҮРМӨЛӨР
1. «Казак кайың саап, кыргыздын Ысарга киргени». Кол жазмалар фондусу.
Инв. 202 (414). Жазган Ы. Абдырахманов. Атбашы, 1948-ж. авг.
2. КАМЧЫБЕК. Кол жазмалар фондусу. Инв. 30 (223). Айтуучу Карымшак
Көлөпоч, Тогуз-Торо. Жыйнаган А. Чоробаев, 1940-жыл.
3. КАМЧЫБЕК (Курманжан датка). Кол жазмалар фондусу. Инв. 551 (5189) 3дептер. Айтуучу Сапарбай Сатылганов саяк уруусунун кутунайынан. Молдодон
окуган. Жалал-Абад областы, Ачы районунун «Кызыл Октябрь» колхозунан. Жазып
алган: Элебаева — Бакинова Г. 1946-ж. 24-август.
1. ЛЭП — НЭП (новая экономическая политика).
2. Маккам — бекем.
3. Жаллат — желдет.
4. Сүйегине — сөөгүнө.
5. Сүдүйө — судья.
6. Новмарт — наамарт, наалат деген маанини берген.
7. Гүлманти — чени бар баш кийим.
8. Пайвант — жалгаштыруу.
9. Панди — туткун.
10. Гезерме — казарма.
11. Лемарс кылыч — албарс кылыч.
12. Пайлап — аңдып.
13. Жигер — боору, бир боору.
14. Зовла — соолу.
15.Зовун — 1. Зордук, зомбулук. 2. Орток, шерик.
16. Кайлыгы — колуктусу.
4. ШАБДАН БААТЫРДЫН КАЗАЛЫ. Китепте: ОсмоналыСыдыков.
Тарых кыргыз Шадмания. — Фрунзе, «Кыргызстан», 1990.
1. Бисмилла — алланын аты менен, кудайдын аты менен.
2. Таңда махшар болгондо — акыркы сурак күнү.
3. Кадыр моулан кудайым — боорукер, ырайымдуу кудайым.
4. Мурсал — шашып деген мааниде.
5. Сахи — берешен, март.
6. Бакыл — сараң, катуу баш.
7. Бизтон — пистон, ок.
8. Усул жадид — жаңы тартип окуусу.
9. Магрифат — билим, окуу.
10. Керемопон — грамофон.
11.Гүлхан — гүл, байчечекей тигилген жер.
12. Жадигер — эстелик, белек деген мааниде.
5. ДЫЙКАНБАЙ. Кол жазмалар фондусу. Инв. 171 (553).
Молдо Нияздын үчүнчү кол китеби.
1. Дарди — дарты.
2. Аваз — даңк деген мааниде.
3. Паитах — хандын тагы деген маанини берет.
4. Азар — азап, кыйынчылык.
6. ҮРКҮН. Кол жазмалар фондусу. Инв. 100 (303). Актан Тыныбековдон 1927жылы жазылган.
1. Чочкобай — участковой.
2. Басалке — поселка.
3. Билимет — пулемет.
4. Мөмөштүк — помощник.
5. Берт — мерт.
6. Балшабек — болыпевик.
7. Ополномоч — уполномоченный.
8. Кемунус — коммунист.
9. Куруят — уруят, эркиндик.
7. ҮЧ ДООР. Кол жазмалар фондусу. Инв. 23. А. Жутаке уулунан жазып алган К.
Мифтаков. Нарын округу, Шаркыратма айылы. 1926-жыл.
1. Норустама — нооруз, жаңы жыл.
2. Черезнай — чрезвычайный.
3. Балийса — полиция.
4. Очокобай — участковой.
5. Жандыралы — жандармерия.
6. Үйөз — уезд.
7. Кийип — Киев.
8. Бечет — печать.
9. ГПУ — Государственное политическое управление.
10. Рабфак — рабочий факультет.
8. КАЧАК ТУРМУШУ. Кол жазмалар фондусу. Инв. 9 (202). А. Жутаке уулу 1926жылы жазып Билим Комиссиясына тапшырган.
9. КАЧКАЧ. Кол жазмалар фондусу. Инв. 9 (202). 1922-жылы нарындык Муса
Бает уулунан К. Мифтаков жазып алган. Ошол кезде Муса Казы Чоко уулунун он төрт
жашар жигити болгон.
10. КАТЫГҮН. Кол жазмалар фондусу. Инв. 9 (202). Молдогазы Токобай уулу
1924-жылы өз колу менен жазып Билим комиссиясына тапшырган. Молдогазы
Токобай уулу Каракол кантонуна караштуу Чоктал болушунан.
11. I. КАЧКЫН. Кол жазмалар фондусу. Инв. 9 (202). Молдогазы Токобай уулу
1924-жылы өз колу менен жазып Билим комиссиясына тапшырган. Каракол
кантонуна караштуу Чоктал болушунан.
12. II. КАЧКЫН. Кол жазмалар фондусу. Инв. 9 (202). Токтосун ырчы Боогачы
уулунуку. Нарындык Бектур Шералы уулунан 1924-жылы Каюм Мифтаков жазып
алган.
13. КАЙРАН ЭЛ. Кол жазмалар фондусу. Инв. 9 (202). А. Жутаке уулу Билим
комиссиясына тапшырган. 1926-жыл.
14. Кытай жеринен качактардын кайра келгенден соңку абалы. Кол жазмалар
фондусу. Инв. 9 (202) А. Жутаке уулу.
15.1. КОЗГОЛОҢ. Кол жазмалар фондусу. Инв. 9 (202). Муса Чагатай уулу. 1927жылы өз колу менен жазып Билим комиссиясына тапшырган. Чүйлүк, атаке —
сарбагыш.
1. Жандыралы — генерал-губернатор.
2. Чочкобай — участковой.
3. Барданке — мылтык.
4. Барча — баары.
16. II. КОЗГОЛОҢ. Кол жазмалар фондусу. Инв. 9 (202). Иманалы Жангазы
уулунан жазылган.
1. Песир — писарь, катчы.
2. Жандарым — жандарм.
3. Чочкобай — участковой.
4. Пасылке — поселка, айыл.
5. Жемшит — ямщик, араба айдоочу адам.
6. Полпом — орус төрөсүнүн фамилиясы бузулуп айтылган.
17. Казак, кыргыз боз үйлүү. Кол жазмалар фондусу. Инв. 9 (202). Токтосун
ырчы Боогачы уулунуку. 1926-жылы К. Мифтаков жазып алган.
КОШОКТОР
СӨЗ БАШЫ
Кошок кыргыз эл оозеки чыгармачылыгындагы эң байыркы жана кеңири
тараган жанр. Элдин жашоосунда эң орчундуу орунду ээлеген кошок жанрын
«Манас» эпосунан да улуу деп айтып жүрүшөт. Байыркы доордогу таш
эстеликтердеги жазуулар да кошоктордун алгачкы башатындай элес калтырат. Ага
«Орхон-Енисей тексттериндеги» «Күл-Тегинге» арналган эстеликтердин
мазмундары айкын мисал болуп турат.
Кошоктордун мазмунуна көз чаптырсак, бирде тирүүчүлүктөгү кайгы-касирет
учураса, бирде табигаттын адам баласына келүүчү баш тартып кача албай
турган мыйзамы — ажалдын туткунунан качып кутулууга болбостугу баяндалат.
Кошок айткан адамдын кайтыш болгон кишиге жакын-алыстыгына байланыштуу жакыны тарабынан өтө күйгөн кошоктор айтылса, алысыраак жек-жааттар
аркылуу айтылган кошоктор көбүнчө «аркаңда өмүрүңдү улай турган, ордуңду
баса турган балдарың бар, тууган-туушканың бар, ыйманың саламат болсун ж. б.» —
дегендей маанилерде болот.
Кошок жанрынын негизги бир өзгөчөлүгү — жалаң гана чындыктын түпкү
тамырын кармагандыгы. Бийлик башында тургандардын кызыкчылыгынан
улам замандан заман оошуп, дүйнө толкуп, нечендеген тарыхтын чындыгы бирде
ордуна келсе, бирде жаза тайып, бөксөрүп турса да кошоктун тарыхый чындыгына
өз таасирин тийгизбегендигин, эл оозуна алынып, учурунда аты калайык-калкка
таанымал болгон инсандарга арналган кошоктордун мазмунунан байыртан бери
басылып келген татаал тагдырларды, эл башына түшкөн мүшкүл алааматтардын
тарыхын иликтесе болорун көрөбүз. Мисалы: атактуу Шабданга арналган
кошоктордун кайсынысынын мазмунун карабайлы, биринчи кезекте Шабдандын
карапайым калкка, бей-бечараларга берешендиги, жоомарттыгы айтылуу менен
бирге анын «орус падышачылыгына кошулбайбыз» — деп эркиндигин талаша
чыккан кыргыздын нечен кыйындарын талкалоого орус бийлөөчүлөрү менен
бирдикте катышкандыгы б. а. орус аскерлерине жол көрсөтүп жүргөндүгү, ошонун
аркасында чин алып, сыйдын үстүндө жүргөндүгү баса белгиленет. Ал эми
Ысагалыга арналган кошокто «капырга салдат бербейм деп» каршыккан себептүү
орустар колдуу болуп курман болгону апачык берилет. Кошоктун башка жанрдан
өзгөчөлөнгөн жерин — кол тийгис ыйыктыгын, жүрөк сыздап, жан кейигенде муңзардын ачуу чындыгына нечен-нечен бийлөөчүлөрдүн баш ийе чыдап отуруп
беришкендигин ушул жыйнакка кирген Алгазынын кызынын, Ысагалынын
кызынын, аялынын кошокторунан көрөбүз.
Үйдүн куту, баланын энеси болуп өмүрдү улантып келсе да аялдардын тагдыры
өтө кейиштүү болгон байыркы заманда ичиндеги бугун чыгарып, көңүлүнүн
тереңинде көмүлүп жаткан көркөм дүйнөсүн ачыкка чыгарууда аялдарга
мүмкүнчүлүк ушул кошок айтууда берилген. Мисалы, «Күлойрон», «Барактын
кызынын кошогу», «Акзыйнаттын кошогу» деген кошоктор — аттары жалпы элге
дайын болбосо да өз айлына, өз жамаатына кадыр-барктуу адамдарга арналгандыгы
аларга деген кошоктордун шурудай тизилген көркөм сөз дүйнөсүнүн байлыгына,
өтө көркөмдүгүнө карата, аңыз болгондугуна байланыштуу алынды.
Элге кеңири белгилүү, тарыхта аты калган адамдарга арналган кошоктордун
көпчүлүгүн, аты чыккан, эл оозуна алынып калган акындарга, ырчыларга
коштурушкан. Ырчылар өлгөн кишинин байлык, бийлигин же баатырдыгын
даңазалоодо акындык бардык күчүн сарпташып, кошок чыгарышкан. Кат-сабаты
ачылып калгандары кошокту жазма түрүндө, ошол көзү өткөн адамдын ата-тегин,
дегеле бу дүйнөдөгү жашоосун бүт бойдон терип-тепчип айтып, анын өмүрүндөгү
урунттуу жерлерге басым коюп, көркөм салыштыруулардан, элестүү саптардан
топтолгон өзүнчө бир көркөм өмүр-баяндык чыгарма тартуулашкан. Мисалы: О.
Сыдыковдун «Шабдан казалын», Ы. Шайбековдун «Шабданын», Молдо Кылычтын
«Бал- багын», А. Үсөнбаевдин «Алгазынын кызынын кошо- гун» алып көрсөк болот.
Манастаануу жана көркөм маданият борборунун алдындагы Кол жазмалар
фондусундагы материалдар- дын ичинде кошок жанры өлчөөсүз көп. Ошолордун
ичинен тандап алып элге тартуулоого айрым аракет- тер жасалыптыр. Мисалы:
1927-жылы белгилүү фоль- клорист Каюм Мифтаков жана анын шакирттери тарабынан топтолгон кошокторду айтсак болот. Андан кийинки аракет 1940-жылы М.
Татыбеков, 1954-жылы Ы. Абдракманов тарабынан жасалыптыр, бирок ишке
ашпаптыр, б. а. жарык көрбөптүр.
Биз ошол кемтиктерди толтуруу үчүн кыргыз та- рыхынан, этнографиясынан
оозеки чыгармачылыгын- дагы чагылтылган турмуштук жагдайлардан кабар берүү
үчүн, саамалык иретинде, кыргыз элинин та- рыхына аздыр-көптүр эмгеги сиңип, эл
жүгүн арка- лаган инсандарга арналган кошоктордун бир бөлүгүн сунуш эттик.
С. А. ЕГЕМБЕРДИЕВА,
улуу илимий кызматкер
БАБУР ПАДЫШАГА
(келини Акбегимдин кошогу)
Байыртан бери геп конгон,
Башкарып элди бел болгон.
Түркүгүн кыйып душмандын,
Түрк элине чеп коргон.
Кайнатам Бабур жетеси,
Көптү арылткан шек-шордон.
Сыртыңыздан сыйладым,
Сыйынып кызмат кылбадым.
Жүгүнүп төргө өткөзүп,
Жүгүрүп оокат сунбадым,
Узаткыча үйүмөн,
Урматтап типтик турбадым.
Үйүнүн үстү кош тектир,
Үзүлөрдө «кош» дептир.
«Тергебей тогуз атамы,
Ысымын айтып кош» — дептир.
Аткарбасам керээзин,
Арбагы уруп кететтир.
Айлынын үстү боз тектир,
Арыганда «кош» дептир.
«Ата-тегим тергебей
Аза күтүп кош» — дептир.
Осуятын кылбасам,
Обосу уруп кететтир.
Керээзиң кере сыйлайын,
Келбетиң кошуп ыйлайын.
Баш атадан зор өткөн,
Барлыгын айтып ыйлайын.
Жан атам Бабур арбагы,
Жар болуп жүрсүн илайим.
Ар дайым жаттап сөзүңү,
Ааламдай баалап өзүңү.
Көрбөй калдым кантейин,
Көрөгөч атам көзүнү.
«Сенсиресем сөз таппай»
Кечирип кой өзүмү.
Арсарды доско телидиң,
Аскардай баалап келидим.
Ак түп оглуң өзүңүн,
Алтын бешик эримин.
Артынан арзып ыйлаган,
Акбегим деген келиниң.
Сахибаларга сыйынган,
Саруудан чыккан кыйын жан.
Пайгамбарга сыйынган,
Барластан чыккан кыйын жан.
Кызырды издеп сыйынган,
Кырк огуздан чыккан кыйын жан.
Беш убак намаз окуган,
Бейдаараттан чочуган.
Бүтүгүн1 тооп кылышып,
Билегендер2 окуган.
Башарасин3 көрктөгөн,
Баркырап жылдыз чокудан.
Орозо тутуп отурган,
Олуязаада озук жан.
Ооганга болгон падыша,
Озо чыгып доочудан.
Орошон акыл кеңешин,
Олуя тоскон оозунан.
Акылы ташкан тоосунан,
Арувдан өлөң токуган.
Арашан акыл кеңешин,
Апсундар тоскон оозунан.
Айлалап калкын кутказган,
Аңдып келген жоосунан.
Кожо, кызыр кол берген,
Күнкожо өзү жол берген.
Калкынын болуп медери,
Кайыптар менен иргелген.
Кайнатам Бабур пари эле,
Калаасына бир келген.
Ажайып Кызыр кол берген,
Айкожо өзү жол берген.
Адамдын болуп медери,
Алхамдуга иргелген.
Ак бабам Бабур жан эле,
Ай ааламга бир келген.
Түп атасы Кыркгуздан,
Теңирим тувун туткузган.
Берки баба Сарыдан,
Барластан бирге түптүү хан.
Багы-шагы пас болуп,
Басташкандар уткузган.
Мекени арча, карагай,
Чынгызхандын теңтушу,
Чыгаан атам Тарагай.
Самаркентти алганга,
Сабили ишке жарады ай.
Кыйырын айтсам гептер көп,
«Кат ташыйт» — дешет кептер төп.
Сахибалар колдоп койдуле,
Самаркентке бектербек4.
Санаасин жазып калтырган,
Саңзар, Замин эстер деп.
Таңданып аалам тааныган,
Тараган даңкы тамырдан.
Оургуздар сыйлаган,
Орошон атам Тамерлан,
Самаркентке саркештеп,
Сар тоодой гүмбөз там курган.
Урушканын кулаткан,
Укмуш касты сулаткан.
Ааламдын ыйык амири,
Ай, жылдыз билан сырдашкан.
Амир, Темир улуу атам,
Андан Махмут бир атам.
Жахангир болуп Махмуткан,
Жанчышканды багынткан.
Кашкар, Дели, Кабулга,
Каттап калкын сагынткан.
Асманды окуп Улукбек,
Аалимдерди жаңылткан.
Мактаган дешип Уран шах,
Махмуткандан Миран шах.
Мындан тарап Миркыяз,
Оглу Алишер кара жаак.
Хамсадай билик бүтүптүр,
Жазгычтардан аша чаап.
Мираншахтын зор оглу,
Абусаид бабагам.
Парикана түгүл Кырымга,
Парлаган учуп даңазам.
Андан ары Урумга,
Ашып түшкөн аңазам.
Хандар менен кармашкан,
Кажары катык чоң атам.
Аксыкент коргоп Өмөр шейх,
Кеңирсиген болуп шах.
Барлас, баргы бириккен,
Кыпчак, найман күтүп нарк.
Бабамын ишин улаган,
Баратып аскер кураган.
«Кат байлайм» — деп кептерге,
Кагжырак кептерканадан,
Өкүм атам Өмөр шейх,
Өмүрү түгөп кулаган.
Он эки жашта кайнатам,
Оендун ишин улаган.
Жаш болсо да Бабурбек,
Жанынан аскер кураган.
Менсинген тууган кас болуп,
Мамлекети кулаган.
Бийликке жиндеп элирген,
Бирин-бири кемирген.
Басташкан амирзадалар,
Пастарин чайнап жеп ирген.
Анда Бабур кайнатам,
Аргасыз кеткен жеринен.
Оогандык минтип сураган,
«Ойлонбой келсин улуу адам»
Онон нары Үндүгө5,
Ооматтап ишин улаган.
Кабул менен Аграга,
Калкагар тамдар кураган.
Түркмөн, монгол даркери,
Кыпчак, найман саркери.
Кайнатамы каалаган,
Үндү кызы Айпери,
Нике кайып эшендер,
Ниет кылып аперди.
Ооган, багыш ондогон,
Орун кылып ордодон.
Саруу, чийкил баш кошуп,
Салттуу достук орногон.
Билиги «Бабур намеси»
Бирликтин жолун сомдогон.
Атынан айтсам эл билет,
Атагын баары белгилеп.
Ажыдан келип кишилер,
Аза күткөн өңгүрөп.
Айкөптөн келген пашалар,
Акылдашты делбилер.
Мерчемдеп айтсам белгилеп,
Мединада эл билет.
Мажарыстан, Урумдан,
Маалимдер келди өңгүрөп.
Чынмачын, Жапаныстандан,
Чыгаандар келди делбиреп.
Аграга күмбөз салдырган,
Аксыдан жүзүм алдырган.
Багышты калкка үйрөтүп,
Багбандык ишке кандырган.
Үндүстанды гүлдөтүп,
Үзүрлүү болду санжыргаң.
Кабулга күмбөз салдырган,
Кесенден анар алдырган.
Күтүшүн калкка үйрөтүп,
Касиет ишке кандырган.
Оогандын жерин гүлдөтүп,
Орошон болду санжыргаң.
Кайырлуу эле эшигиң,
Карыпка жеткен кешигиң.
Кайыкса кийим сурашкан,
Калкалап жыртык-тешигин.
Калкка камкор элеңиз,
Кайнатам Бабур жетигим.
Бу дүйнө кылган жакшылык,
О дүйнөдө жар болсун.
Берген кайыр-садага,
Башыңызга зер болсун.
Алтын көвсар обустун
Айланасы пар болсун.
Бу дүйнө тиккен багыңыз,
0 дүйнөдө көлөкө.
Болуп турсун шагыңыз,
Буйрубай асти бөлөккө.
Жетип алтын тагыңыз,
Нөкөрлөр турсун жөлөккө.
Чыңданып тилди сайратам,
Чыгаан жан эле кайнатам.
Ойлонуп тилди сайратам,
Олуя эле кайнатам.
Бейбагың тилди сайратат,
Бейиши болуң кайнатам.
АТАКЕ
Меркенин башы мээлүүн,
Даранын жолу сээрүүн,
Эми бу казак келүүн,
Атакемин өлүүн.
Садыр кирди камышка,
Атакем чыкты намыска.
Кызыл чепкен бүркөнүп,
Кыздар менен бу Садыр.
Кара чепкен жамынып,
Катын менен бу Садыр.
Абылай хандын найзасы,
Коло болуп кайышты.
Атакемдин найзасы,
Карагай болуп майышты.
Куур токум Абылай,
Курдашың беле атакем,
Тери тондуу Абылай,
Теңтушуң беле атакем.
Башыңды салды алекке,
Каныңды куйду челекке,
Өтуңдү алды керекке.
Ичип канга тойбоду,
Абылай деген кашайгыр,
Эчаккы кегин койбоду.
БҮРГӨ
Карагайдын как бутак,
Кайрып салган атакем.
Сарбагыштан солтону,
Айрып алган атакем.
Долононун топ бутак,
Толгоп алган атакем,
Сарбагыштан солтону,
Коргоп алган атакем.
ОРМОН
Соолук коюн сойгондо,
Субай коюн бөлгөндө,
Ормонду Бакең1 сайганда,
Анда Төрөкелди2 баатырың,
Төмөнкү Пишпек коргондо.
Саадактарын артынып,
Сарапчысын3 тартынып,
Саган кайдан аттанды,
Кан атамды жазданды.
Ок дарысын коюндап,
Көк чубарын моюндап,
Султанбегин жазданды.
Кабарлап Кашкар камалган,
Кан атакем арбагы,
Калмак журту таң калган.
Кызматын кыпчак окшоткон,
Кан атам өлдү дегенде,
Кылычын казак бошоткон.
Көрбөй душман багынган,
Кан атам көрүп кокондук,
Тартуу берип жагынган.
Ажалың жетти кыргыздан,
Бир Кылжырдын баласы4,
Миң десе да тең тууган.
ШАМЕН
Үчүкө менен Түлкүдөн,
Үлгүлүү туулган Түлкүдөн.
Үшү кеткен душманың,
Үйүңдөгү мүлкүңдөн.
Маматкулу, Дөөлөттөн,
Басташканын жөөлөткөн.
Башын сала келгенге,
Баашалык мүлкүн ээлеткен.
Болот менен Темирден,
Жардам тилеп теңирден,
Үшү кеткен кедейлер,
Сорпоңузга семирген.
ТӨРӨГЕЛДИ
Бысмылда сөздөн баштайын,
Төрөмө баштабай кантип таштайын.
Төрөгелди ойронум,
Төгөрөктү соргонум.
Төрөм аялга такыр тойгон жок,
Төрөмдү азирейил койгон жок.
Сарбагыштан мени алдың,
Солтодон тандап муну алдың.
Солкулдап ыйлап кошпосо,
Союлдай кылып неге алдың?
Мамайдан тандап дагы алдың,
Баркымды билет деп алдың.
Барк билбеген шордууну,
Мал коротуп неге алдың?
Абдан сулуу деп алдың,
Алты ооз кошок билбесе,
Аргымак атты тартуулап,
Айбандай кылып неге алдың?
Саяктан тандап бирди алдың,
Сайраган булбул деп алдың.
Беш ооз кошок таппаса,
Бет тытарды неге алдың?
Бугудан тандап бирди алдың,
Бир ооз кошок билбесе,
Бул коротуп неге алдың?
Чириктен тандап дагы алдың,
Чевер ишмер деп алдың.
Чеверлиги билинбейт,
Бир тушкийиз илинбейт.
Өлүмүш болуп жатпагын,
Тамашага батпагын,
Тамагыңды коротпой,
Алды-алдынан тараткын,
Кыз алганың өтөтко,
Өлүгүңдү күтөт ко.
Өлгөнгө болбойт көп кейиш,
Ал жайдан берсин кең бейиш.
ЖАНТАЙ
Жети суудан жем жеген,
Жетелүү Жантай эр деген.
Кошо Канай тең жеген,
Теңдеген баатыр Жантай кан деген.
Түпөктүү найза копшогон,
Түбүнөн бери окшогон.
Карагай найза копшогон,
Калкынан бери окшогон.
Алты уруктун даанасы,
Кан Жантай айтылуу
Карабек баатыр баласы!
Кан Жантайды биз айтсак,
Не жеринде чаласы.
Алакан жайса батасы,
Кан Карабек атасы,
Төмөнкүсү Коконго
Өкүм айтып жатчу экен1.
Кан Жантайдын барында
Оруска элчи кирчү экен,
Ой акылды билчи экен.
Кан Жантайдын барында,
Калмакка элчи кирчи экен,
Былдыраган калмактын
Тилин жуда2 билчү экен.
Кан Жантайдын астында,
Минген аты боз экен,
Калмактын каны Коңтаажы,
Баатыр Коңтаажы менен,
Карабек экөө дос экен.
Каранын каны кан Жантай,
Бейишке ошо кирбейби.
Эмкилери билбесе,
Илгерки өлгөн билбейби.
Бектер беги тушунда,
Белсенип чыккан кан Жантай!
Кушубеги тушунда,
Кутура чыккан кан Жантай!
Аны да булар көрөлү,
Кан Жантай өзү зарелүү.
Кан Жантайды биз айтсак,
Абийирдүү ак жүздүү,
Кыяматта жолу ачык.
Ыйманы кеткен өзүнө,
Ырысы калган айлына.
Минген аты кер болгон,
Көтөргөнү туу болгон,
Тукуму четтен уу болгон.
Ак кыядан түн каткан,
Ак жолборсу үн каткан.
Ак кыянын астынан,
Ак жолборсун тосолук,
Ак жолборстой чамданып,
Ак шумкардай шаңданып,
Кан Жантай өлдү көчөлүк.
Кан болуп Жантай жүргөндө,
Тууганын тоодой көтөргөн,
Душманын кара койдой бөктөргөн!
Кечпей суу толкуткан,
Чаппай жоону коркуткан.
Кан Жантайдын эрдиги,
Сарбагыш, солто илгери,
Кан Жантайды сурасаң,
Селбеден сырга кыдырган,
Челекте кымыз кылдырган.
Сыңсыма көйнөк ак тамак,
Жолдо нике кыйдырган.
Кызыл куйрук нар бекен,
Кыргызда сиздей бар бекен?
Кара куйрук нар бекен,
Казакта сиздей бар бекен?
Кара макмал тердиги,
Казактан чыккан эрдиги.
Кызыл макмал тердиги,
Кыргыздан чыккан эрдиги.
Жантай кан жүргөндө,
Жа дегенде жатпаган,
Мылтыкты киши атпаган.
Жоо дегенде соңунан,
Ат үстүндө кийинген.
Сары жез менен кадаткан,
Уугунун учун учтаткан,
Ак үйүнү кордоткон,
Терени түргө түзөткөн,
Тушуна туйгун түлөткөн.
Бекке барса белгилүү,
Белен килем салынуу,
Бек айлына таанылуу.
Белгилүү Жантай айтылуу,
Бек астына олтурган,
Белбоон зарга толтурган.
Кан астына олтурган,
Калпагын зарга толтурган.
Казгалдак мойнун кайырган,
Омбудагы орустан,
Белекке канжар келгенде,
Ооматты кудай бергенде,
Отуздагы курагың,
Оогандын элин сурадың.
Сураганга жараша,
Көп жашабай тынарым,
Өттүң Тайлак кырааным.
Ууру тийсе урчу элең,
Уруудан чыккан курч элең.
Май кайнатып оозуна,
Коргошун чайкап куйчу элең.
Чоң атакем өлгөн соң,
Чоронун баары кор болор,
Чоң чокой Чомон баш болуп,
Чоюлуп Басыз чоң болор.
Кол тийбеген журтуңа,
Кокондук келип зор болор.
Кат салса канга Кашкардан,
Кара нарга бул келген,
Кадырлаш болгон тууганга,
Казактан алып кул берген,
Кан атам соога миничүү,
Кара буурул ат калды,
Атыңды кармап минүүгө,
Артыңда Осмон жаш калды.
Каргылуу найзаң бош калды,
Кармарга балаң жаш калды.
Калкыңа тийген керегиң,
Кайран Тайлак береним,
Кыркылды чынар терегиң,
Кыраан Тайлак береним!
Тогуз уулун томсортуп,
Жетим коюп сени алган,
Кудай таала чеберим.
Алты жашар Баракан,
Аман болсун белегиң.
КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН АЛЫМБЕК
ДАТКАНЫ ЖОКТОГОНУ
Аргымак жалын беш бөлүп, бегим,
Өргөнү келдим мен мында, бегим.
Алмадай сенин башыңды, бегим,
Көргөнү келдим, мен мында, бегим.
Тобурчак жалын беш бөлүп, бегим,
Өргөнү келдим мен мында, бегим.
Томуктай сенин башыңды, бегим,
Көргөнү келдим мен мында, бегим.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 08