Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 13

Total number of words is 3965
Total number of unique words is 2054
25.2 of words are in the 2000 most common words
36.7 of words are in the 5000 most common words
43.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Обар баар3 жаз болду,
Эми келген ким болду?
Байтал минип желгенсип,
Баарда өлгөн атама
Бата окуйм дегенсип,
Кунан минип желгенсип,
Жазда өлгөн атама,
Куран окуйм дегенсип,
Эми келген ким болду?
Байталың жолдо туруп кал,
Сенин батаң менен куруп кал.
Кунаның жолдо туруп кал,
Сенин кураның менен куруп кал,
Атакемдин барында,
Шайыдан көйнөк кийчү элем,
Шаани менен жүрчү элем.
Атакем көзү өттү эле,
Шайы көйнөк сөгүлдү,
Шааним жерге төгүлдү.
Атакемдин барында,
Гүлгүн көйнөк кийчү элем,
Күлкү менен жүрчү элем,
Атакем көзү өттү эле,
Гүлгүн көйнөк сөгүлдү,
Күлкүм жерге төгүлдү.
Атакемдин барында,
Жорголор мага жем болгон,
Атакем көзү өттү эле,
Тигиндей жоор ат мага тең болгон.
Атакемдин барында,
Кызыл ат мага жем болгон,
Атакем көзү өттү эле,
Мага тигиндей кырчаңгы аттар тең болгон — деп кошок кошкондо күйөө
болумуш байталын таштап качып кеткен экен.
АКЗЫЙНАТ АТАСЫН КОШКОНУ
Атаң өлсө тайлак бар,
Кому жерде калган жок.
Кан атам өлсө Тилеп1 бар,
Калкы каран калган жок.
Күмүштөн камчы алакан,
Кетилгенче жүрсөңчү.
Күйөөрүң Тилеп балаңыз,
Жетилгенче жүрсөңчү.
Алтындан камчы алакан,
Кетилгенче жүрсөңчү.
Асыл Тилеп балаңыз,
Жетилгенче жүрсөңчү,
Сары алма бышат күз убак,
Сайратып кеттиң үч убак.
Боз алма бышат күз убак,
Бозортуп кеттиң үч убак.
Кара таштын башына,
Капкан салган атакем.
Кызыл түлкү кер бучкак,
Муну алган атакем.
Капканын белден кан кылып,
Калтар алган атакем.
Бат атаарын бат аткан,
Багылдырды башка аткан.
Тез атаарын тез аткан,
Текечерди башка аткан,
Чагырмагын кошо аткан.
Чакыртып туруп бугу аткан,
Чагарак куйрук чаар жон,
Жолборс аткан атакем.
Ак бараң мылтык асынса,
Мергендин көркү атакем.
Топ жыйында бир жүрсө,
Адамдын көркү атакем.
Сарыны минип сабаган,
«Саке жылкы кууду» — деп2,
Атама Бекназар келген чабаган.
Копшогон найза майышкан,
Кан атам Кошойдон барып сайышкан.
Кол көтөргүс найза алып,
Саке чыккан жекелеп,
Сакенин минген чаарын,
Кан атам сайып алып жетелеп,
Жыгылып Саке боздогон,
Сакенин минген чаарын,
Кан атам сайып алып коштогон.
Коркконунан Мамырбай,
Түшө качкан атынан.
Кан атамдын эрдиги,
Бокбасар менен Садырбай,
Кумга тиккен чынардай,
Кан атакем эрдиги,
Кудаяр менен Нурактай.
Ээрге салган көпчүктөй,
Кан атамдын эрдиги,
Эртеги өткөн Төштүктөй.
Эки тизгин тең тарткан,
Таразадай кан атам.
Илгерки өткөн Жолойдой,
Кан атам, жолуң ачык Кошойдой.
Кан атам ичи кеңдиги,
Үч Кошой менен Таластай.
Кан атакем эрдиги,
Кошой менен Манастай.
Жалбыз чыккан боорду,
Конуш кылган кан атам.
Жалпы журтка доо келсе,
Намыс кылган кан атам.
Көк-Жардын суусун бурдурган,
Кан атам түзгө коргон курдурган.
Кокондун ичи шурулуу,
Коргонуң калды курулуу.
Мекенин ичи шурулуу,
Мечитиң калды курулуу.
Кан атам өлдү дегенде,
Кой ичинде козу ыйлап,
Койчулардын баары ыйлап,
Жылкы ичинде тай ыйлап,
Жылкычынын баары ыйлап.
КҮМБӨЗҮН САЛЫП БҮТКӨНДӨГҮ КОШОГУ3
Жазында таруу эгишкен,
Даңкыңыз көпкө тарады.
Баатырга күмбөз салам деп,
Сенин бечараң ишке жарады.
Кураның тоого тараган,
Курамаң ишке жараган.
Берениң тоого тараган,
Бечараң ишке жараган.
Кураның миңге толгон жок,
Кол кармашкан тууганың,
Кан ата, сенин курамыңча болгон жок.
Берениң миңге толгон жок,
Бел кармашкан тууганың,
Бек ата, бечараңча болгон жок.
Каражон чыга жайласа,
Карагер жүрөт жуушабай.
Каз айлангыз чөлдөрдө,
Кан атам калды суусабай.
Кызыл жон чыга жайласа,
Кызылгер жүрөт жуушабай,
Куу айлангыз чөлдөрдө,
Кан атам жатат суусабай.
Күлүктөр чыгат Шайданга,
Кан атам неге суусасын,
Көлөкөлүү майданда.
Белеске салдың ырабат,
Кан атам, бейиштин жолун сурап жат.
Кыраңга салдың ырабат,
Кан атам, кыямат жолун сурап жат.
Адырга салдың ырабат,
Атаке, акырет жайын сурап жат.
Таасын окуп кат койсо,
Тиет деген улама.
Жайын жеген ат сойсо,
Тиги дүйнө бейиште,
Минетби деген улама?
Куран окуп кат койсо,
Тиет деген улама?
Кур оттогон ат сойсо,
Кыямат жолу бейиште,
Минетби деген улама?
Ак падыша Никелей,
Алтындан кылган тагында,
Кан атамдын күмбөзү,
Артактын маңдай жагында.
Арманда болбой жата бер,
Акылбек даткаң жаныңда.
Күн чыгыш жагы күүнадыр4,
Күмүштөн кылган тагында.
Кан атакем күмбөзү,
Күңгөйдүн маңдай жагында.
Күйүткө батпай жата бер,
Күйөөрүң даткаң жаныңда.
Бек атам өлгөн күзүндө,
Бек атамдын күмбөзү,
Бек жолунун үстүндө.
Кан атам өлгөн күзүндө,
Кан атамдын күмбөзү,
Кан жолунун үстүндө.
Алача, Турус ашкан бай5,
Айранын ала качкан бай.
Койлуу, байлуу акелер,
Коюңар салды6 кемирди,
Бизден мурун сиз кетип,
Коюңар канча семирди?
Жылкылуу, байлуу акелер,
Жылкыңар салды кемирди,
Бизден мурун сиз кетип,
Жылкыңар канча семирди?
Төөлүү, байлуу акелер,
Төөңөр салды кемирди,
Элден мурун сиз кетип,
Төөңөр канча семирди?
Семирди бекен танасы?
Алача, Турус эки бай,
Тынды бекен санаасы?
Жуушады бекен жылкысы,
Канды бекен уйкусу?
Курбулуу тоонун куу арча,
Курманкожо Алача,
Жарды эмес бай элең,
Жалгыз эмес көп элең,
Кан атакем барында,
Асылын көргөн сен элең.
Урунганы пул экен,
Биздин жээн Алача,
Уйдан жаман кул экен.
Артынганы пул экен,
Биздин жээн Алача,
Айбандан жаман кул экен.
Теңденгени пул экен,
Биздин жээн Алача,
Теги жаман кул экен.
Алача, Турус эки бай,
Уялгандан пайда жок.
Торкенге салган атамдын,
Күмбөзү бүтпөй калган жок,
Бу сөзүмдө жалган жок.
КҮЛОЙРОН
Асылым Арпа күлойрон,
Кандай жорук баштадың.
Катын менен балаңды,
Каран түнгө таштадың.
Жашында өлгөн оңорбу,
Жаш кезинде тул калган
Мендей бейбак болорбу,
Кара бет атка конорбу.
Кызылды кийген оңорбу,
Кыш чилдеде тоңорбу.
Келининде кесилип,
Карабет атка конорбу.
Бир төшөктө эки баш,
Үч балаң калды жетим жаш.
Эки башты айырган,
Эгем таала боору таш.
Арпа ичинде бир буудай,
Такта буудай дечү элем,
Эл ичинде Арпамды,
Сакта кудай дечү элем.
Жайкалып чыккан буудайды,
Такта буудай дечү элем.
Жаш күлойрон Арпамды,
Сакта кудай дечү элем.
Ыргалып чыккан буудайым,
Ырайым кылбай кудайым.
Асылым Арпа күлойрон,
Айрылдым сенден жубайым.
Жайкалып чыккан буудайым,
Жардам кылбай кудайым.
Жаш кезиңде айрылдым,
Асылым Арпа жубайым.
Ээр таштын ача бел,
Эңкейте жылды кууганым.
Эсил Арпа бууданым.
Тай экенден тагашым,
Козу экенден эндешим,
Кокуй ойрон күлүстөн,
Комутта калдым теңдешим.
Эшигимдин алдына,
Эмилден кишен салдырдым,
Эли-журтум ичинде,
Арпа ойронум алдырдым.
Босогомдун алдына,
Болоттон кишен салдырдым,
Жайдарым Арпа күлойрон,
Жалаңкычка алдырдым.
Асылым Арпа ойронум,
Айлыма болот коргонум.
Жылас болуп күлойрон,
Жыйырма беш жашта союлдуң.
Кайран Арпа ойронду,
Какшасам кудай берген жок,
Кытайдан Арпа келген жок,
Кылчайып үйүн көргөн жок.
Тилегеним Арпа эле,
Тилекти кудай берген жок.
Желеде калды тайларың,
Жетим калды балдарың.
Ширгеде калды тайларың,
Чыркырап калды балдарың.
Аз атанын уулунан,
Азып туулган жан элең,
Асылым менин өзүмө,
Алтындай баркың бар эле.
Асылым Арпа күлойрон,
Аз эле урук дөөлөстөн,
Кейиш тартып кор болуп,
Кемибеген дөөлөттөн.
Асылым Арпа күлойрон,
Алкынтып миндиң буудандан,
Аз атанын уулу деп,
Азар тарткан туугандан.
Арпа берип жем бербей,
Арык болду бууданым.
Аз болгонуң атадан,
Анжыянда көп экен,
Сандалган дөөлөс тууганың.
Буудай берип жем бербей,
Муунсуз болду бууданың.
Букара болуп жүргөнүң,
Анжыянда бар экен,
Жалпы дөөлөс тууганың.
Тууганына кете албай,
Туз таткан жерден өтө албай,
Басынып жүрүп жок болдуң,
Баралыңа жете албай.
Алтындан топчу бүчүмдө,
Аян көрбөй түшүмдө,
Асылым Арпа күлойрон,
Арманың кетти ичиңде.
Күмүштөн топчу бүчүмдө,
Көрбөй калдым түшүмдө.
Күлойрон сенден айрылып,
Күйүтүм калды ичимде.
Асылым Арпа күлойрон,
Кара чачым жайдырдың,
Калдайтып кара салдырдың.
Калк ичинде мен шордуу,
Кайран Арпа оенду,
Кабыланга чалдырдым.
Жашыл алма колго алып,
Бейиште бекен күлойрон.
Жаш алган жарым калды деп,
Кейиште бекен күлойрон.
Кызыл алма колго алып,
Бейиште бекен күлойрон.
Кыз алган жарым калды деп,
Кейиште бекен күлойрон.
Жеркенден келген жети каз,
Жетөөнү коюп бирөөнү ат,
Жети атаң өткөн кыямат,
Ага барып салам айт.
Жети эшиктүү бейиштин,
Эшигин ачып төрүн бас.
Аркадан келген алты каз,
Алтоону коюп бирөөнү ат.
Алты атаң өткөн кыямат,
Ага барып салам айт.
Алты эшиктүү бейиштин,
Күлойрон эшигин ачып төрүнө өт.
Күлүстөн мырза күлойрон,
Күлүп кетти бейишке.
Күйүтүң тартып мен бейбак,
Күйүп калдым кейишке.
Асылым Арпа күлойрон,
Аттанып кеттиң бейишке,
Арбагың тартып зар ыйлап,
Аркаңда калдым кейишке.
Күлойрон кушун илгир баккандан,
Күлүп кетти бейишке,
Кудайга иши жаккандан.
Күл бейиштен жай алды,
Күлжигит акыл тапкандан.
Аркаңда калып кор болдум,
Азабым аштай каткандан.
Күлүгүңдү күз чаппай,
Күлкүңүздү биз таппай.
Аргымагың жаз чаппай,
Акылыңды мен таппай.
Күлойрон сулууча келген кой көзүм,
Сымбаттуу келген сен өзүң.
Айтымың калган ак сөзүң,
Акырет кеткен сен өзүң,
Арманда калган мен өзүм.
Бугунун мыктылары Муратаалы, Боромбай Арпанын аялы Чынынын кошогун
угуш үчүн ээрчип, көчкө жол беришпейт. Ошондо Чынынын айткан кошогу:
Бурмалуу саадак бугу шым,
Күлойрон, бугунун уулу болбодуң,
Анан кийин өлбөдүң.
Саймалуу сары саадак шым,
Күлойрон, сарбагыш уулу болбодуң,
Зыйнатыңда олтуруп,
Сыпатың айтып көрбөдүм.
Муратаалы, Боромбай,
Бугудан чыккан оену,
Бул жорукту коелу,
Журтка барып конолу.
Тоспоңор менин жолуман,
Кармабагын колуман.
Күлойрондун өлгөнү,
Адагы менин шорумдан.
Кошок уксаң конуп ук,
Конгон жерде келип ук.
Айылың жакын жайлап ук,
Көчкөндө төөм айдап ук.
Өрүүдө бээм байлап ук,
Арманың калбай шайлап ук!
Ошол көч үстүндө бирөө «Муратаалы, Боромбайларга күйөөңдү мактап кошок
кош» — деп шыбырайт. Анда Чыны:
Кызыл макмал топтоймун,
Кымбатым Арпа ойрондун,
Кылыгын айтып жоктоймун.
Кара макмал топтоймун,
Казанат Арпа ойрондун,
Кадырын айтып жоктоймун.
Киш ичикти кийбеймин,
Киши айткан тилге кирбеймин.
Оруну жок сөз айтып,
Мактаганды билбеймин.
Күлойрон өзү букара,
Коркуп жүргөн чоңдордон,
Каяша сөз айталбай,
Качып жүргөн баталбай.
Айтуучуга ат берип,
Айттырбаймын жөнөкөй,
Ашыкпастан, шашпастан,
Айтып өтөм жөнөкөй.
Кошокчуга кой берип,
Коштурбаймын жөнөкөй,
Кошомат эмес чын жерден,
Кошуп өтөм жөнөкөй.
Үй үстүнө жоо келсе,
Үйдөн алыс аттанып,
Жорткон эмес күлойрон.
Ашкан алыс сапарга,
Барган эмес күлойрон.
Аттанып чыгып алыстан,
Чалган эмес күлойрон.
Айдап жылкы алдына,
Салган эмес күлойрон.
Көп аттанса катардан,
Калган эмес күлойрон.
Айтып-айтпай пайда жок,
Кеткен жан кайтып келеби,
Кемиткен кудай береби.
Өлгөн жан кайтып келеби,
Өксүткөн кудай береби.
Аман болсун балдары,
Артында туяк калганы.
Билбей калган жан барбы,
Дүнүйөнүн жалганы.
КАРАГУЛ БОТОМ
Райым деген мергенчи болгон экен. Анын беш уулу болгон. Байыркул, Мырзакул,
Эгекул, Дүйшөгүл, Карагул деген. Зыйнагүл деген кызы бар экен. Райым мерген бир
токойдо жалгыз жашап, кийгени кийиктин териси, жегени кийиктин эти болуп,
малды багып жүрө бериптир. Дүйшөгүл деген уулу атышып
жатып жоодо өлөт, Эгекул, Мырзагул деген эки уулу Айчыбек дегендин кунун кууп
жүрүп зоодо өлөт. Күндөрдүн бир күнүндө мерген Кунан-Тоонун башында, КеңТоонун кашында: «Тоого барайын, ары койсо алтыны атайын, бери койсо бешти
атайын, куру калсам бирди атайын» — деп жүрүп кетти. Ары басты
чал кыдырып, бери басты чал кыдырып, бешимге чейин эчтеке таппады. Курсагы
ачты, көзүн убайым басты, чалдын шайманы кетти. «Кудай менин төрт дарманым
алган экен, эми жолум болбоду, Карагулума кетейин» — деп үйүн көздөй жөнөдү.
Ойноп отурган Карагул ийиктин башын көрбөй басып алды. Ийик ийрип отурган
энеси жыгылып кетип, ийиктин башы менен бетин жара койду. Жаны
чыгып энеси: «Өлүк тиригиңди көрөйүн, сени эмес, төртөөнү бербеген кудай, сенден
бермек беле» — деп урушту. Бала эшикке чыгып ыйлап туруп, атасы тарапка
чуркаган бойдон кетти да калды. Бала айласын таппай, курсагы ачып, кара тер
басып, сары куурайдын түбүндө олтуруп уктап калды. Ошондо эки жагын элеңдеп
карап келаткан чал көрө койду. Атын арчага байлай салып, мылтыгынын шыйрагын
жерге сайып, «тарс» коюп жибергенде бала чалкасынан кетти. Кубанып «атып
алдым» — деп чуркап келсе, баласы Карагулдун өзү. Ошондо Карагулун кучактап
олтуруп, же таштап кетерин билбей, «таштасам бөрү кузгун жеп кетет, долу
кемпирим өзүн жара тартып жибереби» — деп айласы кетип, чолок боз тонун чечип
алып, баласын ороп алды. Чалдын жонунун тер
агып, боорунан кан агып, мылтыгынын өзүн таштай кылып сүйрөп кетип баратып,
Карагулун козгоп ырдагандагы жери болду:
Уа-уа-уа-оой Карагул ботом,
Ээ, айланайын карагым, ботом.
Билбедим сенин келериң, ботом,
Артымда калган береним, ботом,
Ува-ува-ува-оой, Карагул ботом,
Мергенчилик аа өнөрүм, ботом.
Тектирге чыкпай, сен жаттың, ботом,
Текече ойлоп, мен аттым, ботом,
Теке бир болбой турбапсың, ботом,
Темселеп калган, мен атаң, ботом,
Тентегим сени жыга аттым, ботом.
Ува-ува, Карагул тентегим, ботом.
Каркылдатып каз аттым, ботом,
Кече, кайберен-эчки жаза аттым, ботом.
Кайберен качкан шум ажал окшойт,
Каралдым сени жыга аттым, ботом.
Ува-ува-Карагул, уа-уа, Карагул.
Каралдым ботом.
Куркулда туруп куу аттым, ботом,
Куйкалап этин туураттым, ботом.
Куруп гана калган куу атаң, ботом,
Кулжыгач жыгып куураттым, ботом.
Кудурет аткан шум ажал окшойт,
Кулунум сени жыга аттым, ботом,
Ува-ува Карагул, каралдым ботом.
Үйгө жакындап калды. «Кемпир укса алыстан уксун» деп чал баласын угуза кошо
баштайт:
Баштады бекен байыры, ботом,
Башыма кара түн салдың, ботом,
Этеги кеткен эрелим ботом,
Эми сен салдың кара түн ботом.
Түбөлүк кеткен Дүйшөнкул ботом,
Түйшүккө салдың Карагул ботом.
Ува-ува Карагул, каралдым ботом.
Эликтей атып жүрүпсүң, ботом.
Элик бир тонду кийипсиң, ботом.
Аркар атып келипсиң, ботом,
Аңтара тонду кийипсиң, ботом.
Аңдаган өлүм шум ажал окшойт,
Алты жаштагы мүрүсүң, ботом.
— «Ий, өлүгүңдү көрөйүн куу чал» — деп кемпир секирип барып, босогого
отуруп кошкон кошогу:
Тетиги текейреп уча качкан го,
Текейден ары качкан го.
Теңшерип о-ов карды ачкан го
Темселеп шордуу келатып,
Катыгүн, тентегимди аткан го.
Кулжалар ары качкан го,
Курсагы чалдын ачкан го.
Купшуңдап куу чал келатып,
Кулунумду аткан го.
Ажалдуу түтүн булатып,
Ак-Суудан теке сулатып,
Ак-Суудан аткан текеңди,
Жүрчү элең, ак жарды көздөй кулатып.
Алтымыш жашка келгенде,
Куу чал уулуңду жыга атып.
Көк-Жардан түтүн булатып,
Көк-Суудан теке сулатып,
Көк суудан аткан көп теке,
Көк шагыл ылдый кулатып,
Көрүнөө кара баскансып,
Көлөкөңдү жыга атып.
Айтчы элең мени туубас деп,
Тууганымды таштадың.
Эми, сени тууганың айтар куу баш деп.
Убактың өтүп кеткенде,
Куу чал жемелей көрбө туубайт деп,
десе, — Атаңдын башы, атаңдын оозун урайын, убалы кызыңда, кызың эликтин
баласы кылып коюптур — дейт. Ошондо 11 жаштагы Зыйнагүл чуркап келип,
Карагулду бооруна кысып алып, кошкон кошогу:
Туйгунум кайран бир боорум,
Тунуккан суудай болгонум,
Тозокко дуушар болгонум.
Каяктан издеп табамын,
Куйрук улаш бир боорум.
Кайберен жалгыз бир боорум,
Карындан сындуу болгонум.
Карыдан колум сындырып,
Кайгылуу ата оңбогун.
Каяктан издеп мен табам,
Карагул, кагылайын бир боорум.
Канатым сенден айрылып,
Таалайы жок маңдайым.
Келээринде кийсин деп,
Сары жаргак шым сайдым,
Сары жибектен түр салдым,
Жалгызым кийсин деп салдым.
Жалгызым иши бүткөн соң,
Санаа бир тартып сумсайдым.
Ойногондо кийсин деп,
Боз жаргактан шым сайдым.
Карга тырмак, куш тамак,
Болжур бекем түр салдым.
Боз ала чаңда да жүрсүн деп,
Чамдата ойгон жаргак шым,
Ушунум жалгыз кийсин деп,
Таалайга жазган экен деп,
Ырысы жок Зыйнагүлдү күйсүн деп,
Тору атың минип сен турсаң,
Толгонушуп мен турсам.
Торсука баштык байланып,
Толгонуп издеп барарым.
Тогузуңда сен кеттиң,
Тозогуң тартып каламын.
Кара атың минип сен турсаң,
Кайрылып жерде мен турсам.
Канжыга баштык байланып,
Кайрылып издеп барарым.
Канатым сенден айрылдым,
Кайгыңды тартып калармын.
Э-ээй, акылды бирге акылдаш,
А дүйнө бирге макулдаш,
Ажырап калдым мен сенден,
Айланайын жатындаш.
Эми айтайын арманым,
Айланайын атаке,
Күчөдү арман салганың.
Көтөрбөскө аргабы,
Жүрөккө толду арманым.
Төрттүлүк мол малың бар,
Жайы-кышы эл көрбөй,
Жалгыз үй кондуң салаага.
Минтип бир кордук көргүчө,
Токойдо тентип куу малың,
Айланайын, атаке ай,
Чиркин,
Болсочу чочко талаага.
Ажалың жетип сен өлсөң,
Ким тайып көмөт кебиңди.
Бешөөнөн бирдей айрылдың,
Ыйман айтар киши жок,
Ээн талаа, эрме чөл,
Туруптур бир жалгыз үй.
Алданын койгон ишине,
Зыйнагүл, амалың барбы көндүңбү?
Айланайын атаке ай,
Айтпай бир кантип чыдайын,
Кудуреттин кылганын.
Тукуму тубай эл эле,
Көк Калматайды энчилеп,
Каргыма салма сол жүлүн,
Көк булгаары, көк жердик,
Карагулга арынап
Былтыртан бери кылды элем.
Жетелеп барып турду элем,
Токойго, тоого минди эле,
Жалгыз иним Карагул,
Топ ичинде жүрдү эле.
Айланайын атаке ай,
Агарган түтүн булатып,
Аксайдан теке сулатып,
Ак шагыл ылдый кулатып,
Алтымышка келгенде,
Ардагым жалгыз сулатып.
Көк жардан түтүн булатып,
Көк зоодон теке сулатып,
Көк зоодон аткан көп теке,
Көк шагыл ылдый кулатып,
Көзүң көрбөй калганда,
Көмөкөй жалгыз сулатып.
Мурунку кеткен төрт агаң,
Төртөө бирдей шер эле.
Айланайын атаке ай,
Ичиңде чериң жазылсын,
Көңүлдө моокуң ачылсын.
Улар бир тууган эл эле,
Жылуу-Суу турган жер эле.
Бурананын жээгинде,
Атыңды барып айдап кел.
Ат-жүгөнүн байлап кел.
Ошентип, үйдү бүгөлү,
Кетели бирге жүктөйлү.
Эл четине баралы,
Карагулдай жалгызды,
Мингизип атка таңалы.
Соо кишидей мингизип,
Жетелеп кошо баралы.
Айылга чыгып алганда,
Ата, айкырып азан салалы.
I. ОЛЖОБАЙ
Атаңдын көрү ач кул,
Алаңды ала качтыкпы?
Ак теңге пулуң чачтыкпы?
Кулаңды кууй качтыкпы,
Куу теңгеңди чачтыкпы?
Ак куржун толгон пул элең,
Алдамдын иши бар болсо,
Артымда ээрчип жүрчү кул элең,
Көк куржун толгон пул элең,
Көтүмдө агам бар болсо,
Шуулдап ээрчип жүрчү кул элең.
Ой, Олжобай оюлду достум,
Оң чекеге коюлду достум.
Күзгү келген жамгырды,
Күлүк ат минип куудумбу?
Күйүттү тарткан мен шордуу,
Сенин ажалыңа туудумбу?
Жазгы келген жамгырды,
Жамынчы алып куудумбу?
Азаптуу тууган мен шордуу.
Сенин ажалыңа туудумбу?
Жийденин бүрү мен элем,
Жигиттин гүлү сен элең.
Жийденин бүрү куурады,
Жигиттин гүлү сулады.
Алманын бүрү мен элем,
Адамдын гүлү сен элеңАлманын бүрү куурады,
Адамдын гүлү сулады.
Кыргыйың качты көрдүңбү
Кызыл тасма боосу бар,
Кыялай түшүп илип ал,
Кудаке кулду билип ал.
Акыретке барганда,
Ак эшек кылып минип ал.
Жагалмай качты көрдүңбү,
Кызыл тасма боосу бар,
Жандай түшүп илип ал,
Кудаке кулду билип ал,
Акыретке барганда,
Көк эшек кылып минип ал.
II. ОЛЖОБАЙ
Тоонун бир түбү торала,
Тозгондор кайдан кошулсун.
Тоодой чымды көтөрүп,
Өлгөндөр кайдан кошулсун.
Таштын түбү карала,
Казгандар кайдан жошулсун.
Казандай чымды көтөрүп,
Өлгөндөр кайдан кошулсун.
Чымырат кийген чымган жок,
Чын дүйнө кеткен келген жок,
Алганын алдам берген жок.
Булбул сайрайт токойдо,
Булбулду кайдан куш кылдың,
Муңду берип башыма,
Жалгызга кандай туш кылдың?
Күкүк сайрайт токойдо,
Күкүктү кайдан куш кылдың?
Күйүттүү бейбак башыма,
Жалгызды кайдан туш кылдың?
Күйгөн токой бул жакта,
Күйгөн менен келеби,
Ойронум кетти ыраакка,
Өлгөндү ээрчип өлчү эмес,
Тирүүсүн жерге көмчү эмес.
ТҮШҮНДҮРМӨ
1. Бабур падыша. К. Рыскуловдун «Нурмолдо» деген кол жазма жыйнагынан.
Анжиян дубаны, Айым аймагы, Ысмайыл Эшмамбет уулунун дептеринен. 1963. 1февраль.
Бабур Захиреддин Мухаммед (1483—1530) Тимурилер тукумунун 12 жашар
мураскору. 1504-жылы көчмөн өзбектер Бабурду Орто Азиядан кууп чыккан. Бабур
ошол эле жылы Кабулду багынтып алган. 1525-жылы Индияны каратып алып, Улуу
Моголдор Мамлекетин негиздеген, Батыш, Чыгыш, Ооганстанды, Пенджабды, Ганг
өрөөнүн багынтып алган. Бабур Бабур-наме деген атактуу китептин жана да
лирикалык ырлардын автору болгон. (СКЭ).
1. Бүтүгүн — китебин.
2. Билегендер — философтор.
3. Башара — келбети.
4. Бектербек — бектин кыйыны.
5. Үндүгө — Индиге.
2.Атаке. Аблай хан туралы жыр. Ч. Ч. Валиханов. Жыйнактардын томдугу. 1-т.
264—265-беттер.
Атаке Тынай бий уулу. Атаке баатыр ХУШ-кылымдын 2-жарымында Чүй
өрөөнүндөгү сарыбагыш уруусун бийлеген бий. Ал 1785-жылы Россияга өзүнүн
алгачкы элчилерин жиберип, соода-сатыкты жолго салууга аракет жасаган. 1825жылы Кокон хандыгынын кысымынан сарыбагыш уруусунун бир бөлүгү
менен Ысык-Көлгө журт которуп кеткен. Абылай хан колдуу болгон.
3.Бүргө. Кол жазмалар фондусу. Инв. 219 (430), инв. № 385. Эл баатырынын аты.
ХУШ-кылымда жашап өткөн. Элди баккан, кара кылды как жарган калыс киши
болгон. «Калкыңдын тили, энеңдин тили, жетекчи киши калкынын кулу» — дечү
экен. Ууланган устара менен чачын алган бузуктун колунан
каза табат.
4. Ормон хан. Кол жазмалар фондусу. Инв. 219 (430). Ормон хан сарыбагыш
уруусунун Эсенгул уругунан. Чүй, Ысык-Көлдүн бир бөлүгүндөгү бугу, саяк, солто,
сарыбагыштар хан көтөрүшкөн. Х1Х-кылымдын ортосунда кыргыздарды
бириктирүүгө аракет кылган. Кыргыздарга жортуул жасап, талап-тоноп турган
казак султаны Кененсарыны айлакерлик менен жеңген. Х1Х-кылымдын
50-жылдарынын башында Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн элдин башында
туруп жеңишке жетишкен. 1854-жылы ордо атышып, чыр чыккан, ошонун акыры
Ормондун өлүмү менен бүткөн. Бугу уруусунун манабы Балбай тарабынан
өлтүрүлгөн. Кошокту Ормондун Кулан аттуу кызы кошкон.
1. Ормонду Бакең сайганда — Баке деп Балбайды айтып жатат. Балбай
сарыбагыштын жылкысын тийип жүрүп, колго түшөт да Ормонхандын буйругу
менен эки жыл ордо жатып чыгат. Бугу менен сарыбагыш урууларынын
ортосундагы ички чыр-чатактын себепчиси болгон.
2. Төрөгелди Ормонхандын кол башчысы болгон. Ормонхан өлгөндө Пишпектеги
чепте камоодо жаткан, кийин Ормонхандын кунун кууп келип колго түшүп, үч
жылдан кийин кутулган.
3. Сарапчы — соот, чарайна.
4. Бир кылжырдын баласы.
5. Шамен. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 202 (414). Сарыбагыш элинин чоң
манабы Шамен каза болгондо Сагымбай Орозбак уулунун айткан кошогу. 1948жылы Атбашыдан Абдрахманов Ибраим жыйнаган.
6. Төрөгелди. Кол жазмалар фондусу. Инв. 759. Төрөгелди Абайылда уулу
сарыбагыш уруусунун черикчи уругунан чыккан манап. Ормонхандын кол башчысы
болгон. Кочкор өрөөнүн жердеп турган. 1865-жылы орус бийлигине аргасыздан баш
ийген. Тирүүсүндө аялдарын сынамакка кошок айттырса, башка аялдары кошо
албай коюшуптур, ошондо биринчи аялы Сырга кошкон экен.
7. Жантай. Кол жазмалар фондусу. Инв. 459. Жантай Карабек уулу сарыбагыш
уруунун тынай уругунан чыккан манап. 19-кылымдын 40-жылдарынын башында
Ормонханга баш ийип турган. Жоолашып калган бугу, сарыбагыш урууларын
элдештирүүгө аракет жасаган. 1859-жылы орустардын аскердик чалгындоо
саякатына жардам берген. 1862-жылы орус букаралыгына өтүп, Кокон бийлигине
каршы чыккан. 1863-жылы Алымкул датка менен Сейит Султандын өзүнө жазган
каттарын Колпаковскийге өткөрүп берген.
1. Төмөнкүсү Коконго, өкүм айтып жатчу экен — 1840—42-жылдары Кокон
хандыгынын бийлигине таянып, Ормонханга көз каранды болуудан кутулган.
2. Жуда — (ир.) эң, өтө, абдан, такыр, бүткүл.
8. Тайлак баатыр. Кол жазмалар фондусу. Инв. 32 (224). (1800—1839) кыргыз
элинин Цин империясынын баскынчылыгына жана Кокон хандыгынын эзүүсүнө
каршы күрөшүнүн жетекчилеринин бири. Ак-Талаанын Куртка айлында туулган.
Тайлак баатыр башкарган көтөрүлүшчүлөрдөн чочулаган кокондук бийлик ээлери
дарылайбыз деп уулантып табыпка өлтүртүшкөн.
А. Чоробаевден 1941-жылы жазылган.
9. Алымбек датка. Кошок «Сен сүйгөн обон» деген китептен алынды. Бишкек,
1992-жыл.
19-кылымдын 50—60-жылдарында Кокон хандыгынын ордосунда чоң роль
ойногон. Шаа-Мураттын бийлиги учурунда вазир болуп турган. Бийлик талашкан
Алымкул аталык тарабынан өлтүрүлгөн.
10. Даткайым. К. Рыскуловдун жыйнаган материалдарынан. Айтылуу Алайдын
ханышасы Курманжан даткага арналган кошокту Нурмолдо кошкон экен. Анжыян
дубаны, Айым аймагынын тургуну Ысмайыл Эшмамбет уулунун дептеринен жазып
алган К. Рыскулов. 1963-жыл.
11. Курманжан датка. К. Рыскуловдун жыйнаган материалдарынан. Курманжан
датка (1811 —1907) алайлык кыргыздардын башкаруучусу. Оштун аймагын
жердеген муңгуш уруусунун баргы уругунан чыккан. Күйөөсү Алымбек датка
өлтүрүлгөндөн кийин Алайды башкарууну өз колуна алган. 1864-жылы Кокон
хандыгына каршы көтөрүлгөн кыргыздардын күрөшүн басуу үчүн Ошко келген Саит
Музаффар-ад-Дин Курманжанга кезигип, алайлык кыргыздарга анын таасири
күчтүү экенин байкап Курманжанга «датка» наамын ыйгарган. Кыргыз
урууларынын ичиндеги ички чыр-чатактарды болтурбоого, биримдикти сактоого өз
үлүшүн кошкон. Кокон хандыгы жоюлгандан кийин Кыргызстандын түштүгүн
Россиянын букаралыгына өткөрүү жөнүндөгү талапка каршы болуп, алайлык
кыргыздар Кашкарга чектеш Көк-Сууга көчүп кетишкен. Акыры, элдин тагдырын
ойлогон Курманжан датка 1876-жылы Россиянын карамагына өтүүгө макулдугун
берген. Падышалык өкмөт ага сый-урмат иретинде «полковник» чинин берген.
Ысмайыл Эшмамбет уулунун дептеринен. 1963-жылы жазып алган К. Рыскулов.
(чебересинин кошогу).
12.Курманжан датка. К. Рыскуловдун жыйнаган материалдарынан (келининин
кошогу) Ысмайыл Эшмамбет уулунун дептеринен 1963-жылы жазып алган К.
Рыскулов.
13.1. Байтик. Кол жазмалар фондусу. Инв. 542. 19-кылымдын 60-жылдарынын
башында Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөштүн башчыларынын бири, Чүй
өрөөнүндөгү солто уруусунун атактуу манабы. Россия менен байланышты чыңдоого
чоң роль ойногон, өкүл катары падыша сарайына чакырылып орден, медаль ж. б.
баалуу сыйлыктарды алууга татыктуу болгон.
1. Битирбор — Петербург.
2. Орунбор — Оренбург.
Найманбай ырчынын кошогун Кант районунун Аламүдүн совхозунда жашоочу
Калкабаев Мырзакмат айтып берген.
14. II. Байтик. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 359. 1. Ыракматулла — Рахматулла
бек Кокон бийлигинин Пишпек чебиндеги башкаруучусу. 1861—62-жылдары
бийлик кылган. Кыргыздарды кордоп, зордук-зомбулук кылып турган. 1862-жылы
жан-жөкөрлөрү менен мейманга чакырып туруп, Байтик өлтүрттүрүп таштаган.
Рахматулла бек Кокон хандыгынын Чүй боорундагы акыркы башкаруучу болгон,
анын өлүмүнөн кийин Кокон хандыгы өкүл жиберүүгө дааган эмес.
15. III. Байтик. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 542 (5180), 6-дептер. Жыйнаган А.
Токомбаева. Кимден жазылганы белгисиз.
1. Насирет — лазарет.
16. I. Шабдан. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 602 (5240). (1839—1912) Чүй,
Кемин өрөөнүндө жашаган сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап.
Жантайдын уулу. Россиянын карамагына өтүү үчүн Жети-Суу аскер губернатору
менен тыкыс байланышта болуп, ак кызмат өтөгөн. Кызматын баалаган орус
падышалыгы 1883-жылы аскер старшинасы деген наамды көтөрүлүшчүлөрдүн
каршылыгын басууда жазалоочу отрядды коштоп, жол көрсөтүп жүргөндүгү үчүн
берген. Ошону менен бирге эле Шабдан элдин турмушуна жаңы ачылыштарды
кийрип, отурукташтырууга, балдарды окутуу үчүн медресе ачтырып, окууга
жиберүүгө өз салымын кийирген.
1. Богон — погон. Аскердик даражаны көрсөтчү белги.
2. Атрет — отряд.
3. Сааба (ир.) — сахаба, максатташ, шериктеш.
4. Календер — дубана.
«Кадимки Шабдан 1912-жылы апрель айында дүйнөдөн кайтат. Шабдандын Төлө
деген иниси бийик мунар орноттуруп Сагымбайды отургузуп көпчүлүктүн алдында
Шабдан жөнүндө кошок коштурат. Кыргыздын кернейин кернейчиге тарттырат.
Сагымбайдын кошогун керней коштойт. Эң көп айткан,
өздөштүрүлгөн үзүндүнү гана бердим» — деп жазган Ы. Абдрахманов.
17. II. Шабдан. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 514. Ысак Шайбеков тарабынан
1912-жылы жазылган. Арапча кол жазмасы 39 бет.
1. Мархумай — маркум.
18. Абдыллабек. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 551 (5189). Алымбек датка
менен Курманжан датканын уулу. 1876-жылы Кокон хандыгына каршы
көтөрүлүшкө катышкан. М. Д. Скобелев жетектеген аскердин баскынчы жортуулуна
каршы күрөшүп, жеңилип калган. Ооганстанга ооп кетип, ошол жакта каза болот.
1. Оувган — Ооганстан.
2. Касал — оору.
Согуш мезгилинде жыйналган фольклордук-диалектикалык материалдардан.
Базар-Коргондук Анар Койчиевадан жазып алган Г. Элебаева — Бакинова.
19. Байгашка. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 66 (260). Айтылуу Балбай
баатырдын уулу. Орус баскынчыларынын колуна түшүп, түрмөдө жаткан Балбай
ууландырылат. Ууга ууккан Балбай өлөөрүн билип арманын айтат. Ошол армандын
ичинде өзү кармалаардан бир аз мурун а дүйнө кеткен уулу Байгашкага арнаган
кошогу да бар экен.
1927-жылы Тоң болушу, Төрт-Көл айлынан Казакбай Орок уулунан жазып алган
Насирдин Ботой уулу.
20. Чоко. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 459 (1859). Нарындын Атбашысын
жердеген белгилүү манап болгон. Осмонали Сыдыковдун «Тарих кыргыз
Шадманиясында «Бир ажайып адам болчу. Акылдуу, сөзмөр, өмүрүндө бир адамга
жаман айтып сөгүшпөгөн, урушпаган, дайыма китеп, гезит, журнал караган, тарих
окуган» — делип берилгенине караганда өз учурунун билимдүү адамы болгону
көрүнүп турат.
I. Аптиек (ир.) — Курандын жетиден бир бөлүгү. 1) Революцияга чейинки
мектептерде окутулган окуу куралынын аты.
1.Калас
2. Быржыбалда — Пржевальскийде.
3. Сыязда — съездде.
4. Үйөздөр — уезддер.
21. I. Ысыгалы. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 62 (256). Ысык-Көлдүк манап.
Орус баскынчыларына каршы чыккан кыргыз элинин башында болгон. Жазалоочу
отряддын алдын тосуп, үркүп бараткан элди аман сактап калууга чоң аракет кылган.
Үркүндөн кийин орус баскынчылары колдуу болуп өлтүрүлгөн.
Кармышак ырчыдан жазылган. Кошокту ортончу аялы кошкон.
22. II. Ысагалы. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 459 (1859). Маркатай аттуу
аялынын кошогу.
1. Бакыр — кедей, жарды.
2. Мискин (ир.) — байкуш, бечара, тентиген, жайсыз адам.
3. Калыйпа, Султан (ар.) — 12-кылымга чейин Арап халифтигинин башкаруучулары.
4. Бөлкөвнүк — полковник.
5. Үйөң — уезд.
6. Бобуске — повестка.
7. Жандыралы — жандарм.
23. III. Ысагалы. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 459 (1859).
1. Үйөз — уезд.
2. Биржыбал — Пржевальский.
3. Келсопке — Кольцовка.
4. Калы килем — кымбат баалуу килем.
5. Нар (ир). — бир өркөчтүү төө.
6. Лөк (ир.) — кыска чуудалуу жүк көтөрүүчү төө.
Кошокту кызы Чуйтуке кошкон.
24.1. Чыныбай. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 459 (1859). Ысык-Көлдүк манап.
Там салдырып, бак отургузуп отурукташууга өз салымын кошкон. 1890-жылдар
чамасында жашаган. Кол жазмада: «Өзү өлбөстөн мурун тушта жатып 13—14
жаштагы кыздарына коштурган экен» — деген билдирүү бар.
1. Сыяз — съезд.
2. Добогер — доочу.
Кошок 1923-жылы Талас, Калба-Кашка-Сууда Атай Огонбай уулунан жазылган.
1954-жылы китеп кылып чыгарууга даярдалган инвентардан. Ы. Абдрахманов
түзгөн.
25. II. Чыныбай. Кол жазмалар фондусу. Инв. 459 (1859). Чыныбай каза
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 14