Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 17

Total number of words is 4044
Total number of unique words is 2346
30.0 of words are in the 2000 most common words
44.2 of words are in the 5000 most common words
50.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
ата тууган, баарыбыз бир Тагайдын кулуну элек, кантейин, арбакка койдум», — деп
ичинен таарынып калган.
Бир көпчүлүк чогулушта Талкандын Байболот деген баласын Коңтажынын
балбаны менен күрөштүргөндө, Байболот өлтүрө жыккан. Бир кабарда жыгып,
башынан аттап кеткен. Бул себептен Коңтажы Байболотко кекенип калганда аны
Талкан билип, Байболотту алып, эли менен Анжианга күндөп-түндөп качып
бара жатканда бир ашууда Байболоттун аты жүрбөй калып, аны Байболот белге
жете көтөрүп чыккан.
Намангендин тегереги Айдың Көл деген жерде Талкан өлүп, ошондо койгон.
Байболот дагы ошол чакта өлгөн. Бирин-серин кыргыздар Анжианга чыдап тура
албастан, кайтадан элине келип, бугу Белектин үстүнө жайланып турган. Көбү Белек
аркалуу калмактын малын багып, малай болуп кеткен. Маселен, Ысык Көлдүн күн
чыгышы Каркыра өлкөсүндө Кашаанын бели деген жерге калмактын 800 серкесин
кыргыздар, багып турган. Калмак биздин таякебиз деп сарбагыш кыргызынан,
таздар уругунан көбүрөөк кишилер калмакка аралашып кеткен. Бул тууралу
кийинирээк айтылат.
БЕЛЕК БААТЫР
Жамангул баатырдын курсакта калган туягы Белек атасын таасын тартып, найза
колунан түшпөгөн нары баатыр, нары жанда жок шок чыгат. Ал учурда Бугу менен
Сарбагыш арадан үч-төрт ата өтүшкөн тууган болгондуктан бири-бирине эришаркак, ынтымактуу жашашат. Сарыбагыш сары өзөн Чүйдү ээлейт, Белек аларга
жамаатташ Кочкор өрөөнүн жердейт. Белек жаштыгына, мастыгына таянып,
ойлогонун башкага бербейт, өз акылы менен эл башкарат, кепке келбей, ар кайсы
жакка олжого барат. Улуулары агалык насааттарын айтышса кулак какпайт, мунусу
агаларына жакпайт. Аялдан чыккан Акыл кара чач энеси өлөр алдында айрыкча
көргөн көкүрөк күчүгүнө, акыл насаатын айтат:
— Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат, — дейт силер атаңардын таалим
тарбиясын ала албай
калдыңар, бирок жетимдин киймин кийгизбей, жетимдин тамагын ичирбей
колубуздан келгенче «Энелүү жетим эрке жетим» кылып чоңойттук, чочойттук.
Уулум, сен тентектигиңден бир туугандарыңа бой салбай бара жатасың, айрыкча
ушуну эстесем кырк кабыргам кайышып кетет, акылга салып иш кыл, агаларыңа
катуу айтып жүрөктөрүн оорутпа, тууган арасында жаман-жакшы айтышпай сый
болгула, сага арка-жөлөк болгон тайатаңдын көзү өткөн, кыпчакка кыналыша
албайсың, кыргызда «Тууган алыс жүрсө кишинейт, жакын жүрсө тиштешет» деген
кеп бар, анысы кандай акыл чөйчөгүн мелт-калт толгуча, тууган кадырын билгенче
кең Текес, Жылдыз жердеген ыраматылык атаңдын акыреттик досу калмак аяш
атаңды аркала.
Белек апасынын акылын тутуп, Эңке, Шаабото сыяктуу жигиттери менен калмак
аяш атасыныкына барып туруп калат. Дини башка болсо да дили ак калмактын ханы
Белекти каны бөлөк дебей уулунан артык кадырлайт. Белек бөтөн жер, бөтөн элде
эч нерседен кем-карчы жок жүрсө да көңүлүндө көлүн эстеп, жерин эңсеп, куса
болот.
Казактын Найман деген атыккан уурусу жыл сайын Белектин аяш атасынын
элине караштуу малына тийип, жыл сайын үйүр тобу менен кара жоголот, Найман
бир күнү колго түшүп калат, эчен жолу оозунан алдырган бөрүдөй мал-жан дебей
кол жууп калышкан калмактар казактын уурусунун жүрөгүн алып, денесине кетпес
такты салмак болушуп, узундугу кырк кез кулач орго салып ташташат да өздөрү
болгон ишти ханына жеткиришет. Муну уккан Белек аяш атасынан кадырын салып
жатып Найманды бир күнгө сурап алат да кара курсактын айынан ууру кылып
жүргөндүгүн өз оозунан угуп, түн ката качырып жиберет.
Уурунун качканын уккан хан каарданып, желдеттерин чаптыртып Белекти
алдына алдыртып келет, анын Найманды атайлап качырганын сезет да, кантсе да
жан айласы кылып калп айтат деген ойдо:
— Ээ уулум, эчен жыл эптеп жүрүп колго түшүргөн бөрү жаштыгыңдан жазгырып
жылт койгон турбайбы?
Белек аяш атасынын көзүнө жалтанбай тик карап:
— Ал жашоосунун жардылыгынан улам ууру кылган бир пенде экен, бөрү болсо
да көңүлүмө жагып, качырып ийдим, күнөө менде, мени жазалаңыз. —
Белектин чындыкты бурмалабай айтканына жаалы кайта түшкөн хан ичинен
жумшара түшүп, сыртынан шек билдирбей сурданып:
— Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы? Арам оокат менен күн көргөн неме
сенин жакшылыгыңды мындай чыкканда эле унутуп, кайра эле элди дүрбөлөңгө
салбайбы, деген сөзүн эшиткен Белек кебелбей туруп:
— Ал бир чычкан, сиз кырмансыз, опол тоодой үйүлгөн кызылдан томуктай
болгон чычкан канчаны жеп түгөтөт дейсиз, дегенде аяш атасы аргасыз жылмайып:
Чынчыл Белек чыныңды айтпасаң күнөөңдү тартат элең деп, жигиттерине кымыз
сундурат.
Белектин жан жолдошу коңурат Шаабото эрдигине таянып, бөлөк эл, бөлөк
жерде жүрөм дебей эки жолу шоктук кылып кармалып, Белектин кадыр-баркы
менен өлүм жазасына тартылбай калат. Үчүнчү жолу ит адатын карматканда Белек:
— Сен үчүн улам убада бергенден уялып бүттүм, эми өзүң жооп бер, — деп жолго
салат. Шаабото хандын эшигине суракка келип, атын жаңыдан мамыга байлап
жатканда мурдатан эле «өлүм» деген буйрук чыккандыктан кишилерди жара
тартышып, эчен пенденин өлүмүнө себепкер болушкан, чоңдугу торпоктой, көздөрү
чычаладай кызарган топ иттер күнөөкөр кыргыз жигитти качырып сала берет.
Шаабото темир такалуу өтүгү менен улам бир итти тумшукка тээп өлтүрүп, боз үйгө
кирип, босогодо башын жерге салып туруп калат, өңгөнүкү эмес өзүнүн эки итин
өлтүргөнүн көргөн хан жаалданып, ызырына:
— Сен бир эмес үч күнөө кылдың, аның аз келгенсип иттеримди өлтүрдүң, эми
кечирим жок, өлүм алдындагы айтчу кебиңди айтып кал, деп бакырат, анда
Шаабото:
— Ээ, таксыр, менде айта турган кандай кеп бар? Ирегеңде жүрүп, ирегеңде үрүп,
адал тамагыңды ичип жүрүшкөн үч итиң иттигин кылып кабыша кетишти, бир
итиң, эки итиңди чайнап салып, астыңда турат, деген жигиттин сөзүнө боз
үйдөгүлөр ыкшып, ичин басып күлүп калышат, анын таап айткан сөзүнө баш
чайкашат, бул кыргыздын да жүрөгүндө жалыны, тилинде мөөрү бар турбайбы
дешип, бир ооздон азаттык беришет.
Аяш атасы ооруп төшөк тартып жатып калганда Белекке мындай дейт:
— Силердин элдин салтындай сага энчи бөлүп берсем, көзүм өтүп кетсе кайдагы
кыргызга мал берди, — дешкен ага-туугандар артыңдан кууп барышып, бергенимди
тартып алышат, чыр-чатак чыгарышат, сен элиңе кайт, бул жерден чыгып үч-төрт
түнөгөндөн кийин жолдогу малдан каалашыңча ал, артыңдан куугун чыкпайт,
менин сага берген энчим ошол. Белек аяш атасынын айтканы менен элине барып,
агаларымдан жер талашпайын деген максатта Анжиян тарапка багыт алат. АтБашыга жетип, Чеч-Дөбөгө келгенде соо турган жигиттин көзүн ак басып, көрбөй
калат, жарыкчылыкка зар болгон Белек миң толгонот, миң ойлонот. Эсине
ыраматылык энесинин айтканы түшөт.
— Чоң атаң кайыптан кабылган Бугу эненин айтканын аткарбай «эмне сыры бар
болду экен?» деген ойго кызыгып, жабдыктан шыкаалап жубайынын башын жууп
жатканын көрүп коет, бир колу менен төбөсүндөгү бармактай мүйүзүн баса калган
Бугу эне, — Алсейит, бекер кылдың, тукумуңдан көзү азиздер көп чыгып, көрүп
туруп, кор болуп калгандар болбосо экен, деп башын чайкап өкүнгөн имиш... баатыр
чоң энесинин арбагына арнап, ак боз бээ чалдырып тоо-ташка тайынып, чокусу
асман мээлжиген Чеч-Дөбөгө:
— Ат-Башынын Чеч дөбө,
Акың болсо кеч, — деп, мунажат кылат, ушундан кийин Белектин көзү
кадимкидей көрүп, сапарын улайт. Жолдон кыргыздарды киргизбейбиз, — дешкен
куралдуу кыпчактарга кездешет. Белек баатыр баатырдыгы менен беттешкенин
талкалап, калың жоосун Мазейил тоосу тарапка сүрөт. Алдыларына ээсинен
ажыраган ээрлүү аттарды топуратып айдап келе жатканын көрүп, коркуп кеткен
бир кыпчак, жан айласы кылып, бактын башына чыга калып, кошуп жиберет,
— Эңке, Белек, Шаабото, Ээрлүү атка бөлөндү, Анжияндык көп кыпчак, Мазейилге
жөлөндү.
Бул ырга Белек мурутунан күлүп астындагы айдалган аттардын бирин кармап,
«соогат» берет, анда баягы кыпчак, ой силер мындай кеткенде эле аттын ээси
мингичин таанып тартып албайбы? — дегенде, Белек Эңкенин атын белекке берет
да «Жээн эл болбойт, желке тон болбойт» деген накыл кептин чындыгына көзү
жетип, Ысык-Көлгө келип туруп калат.
Сарбагыштар бугунун жерин тартып алам деген ойдо, кол курай баштайт, имишимиш кепти эшиткен Белек акыл ойлоп, амалданат, нойгуттан, саяктан, калмактан
сансыз кол каптап келе жатат, деген кабарды алдыртадан сарыбагыш элине
таратып, аттарга чычырганак сүйрөттүрүп дөң-дөңдү айландырып чуркаттырып
коюп, өзү азын-оолак колу менен келген жоонун алдын тосо чыгып, заңк-заңк
кыйкырат:
— Баатырыңды жекеме-жекеге чакырам, салт боюнча жеңилип калсам кызыл
канды эңсебейли, артымдагы сансыз кол эсебиңерди табат, эсиңер барда кайра
кайткыла, бөөдө бала-бакыранын убалына калбайлы. Тээ артта чаң уюлгутуп каптап
келе жаткан калың жоодон деси кайткан сарыбагыштар Белектин айтканына макул
болушат, баатырдын тапкычтыгынан, айлакерлигинен уруш улантылбайт, Белек
амал деген сөз ошондо калган. Адамдар жашап келатат, Доорунда келме кезектин,
Курсакта калган куу жетим, Баласы он бир Белектин.
Белек баатыр үч аял алган, байбичеси Маке, андан Теңизбай, Тогузбай, Шүкүр,
Элчибай, Кожош, экинчи аялы Акжаркын, төркүнү саяк, Алакөз Акжамбаш бийдин
кызы, мындан Алдаш, Алдаяр, Токой (Балбай баатырдын чоң атасы Абайылда
баатырдын атасы), Токоч, токолу казак кызы Уулбаладан Толубай аттын тезегин
көрүп, күлүгүн билген саяпкер, сынчы, Анжиянга барып хан болгон.
Ушул жерден бир аз токтоп, Белек баатырдын айрыкча көргөн, сөөгү чыккан
Акжаркын эненин санжырасына учкай токтоло кетели.
Сарыбагыш Ормон хандын чоң атасы Болот хан урпактарым өзүмдү тартты
бекен? — деген ойдо атактуу сынчыны алдыртып келтирип, сийдигинен чыккан
уулдарын сынатат, акылман эсиң болсо түшүнөрсүң, — деген ойдо, каймана сөз
айтат:
— Таксыр ай сизде жаман барбы? — жаман деп айтууга бизде заман барбы?, хан
сынчынын туюк айткан кебине түшүнүп, туура сөздөн тайсалдаба дегенде:
— Эр бүлөңдө өзүңдү таасын тартчу уулуң жок, аттиңай атың да Болот, затың да
Болот, болбой калыптыр... дегенде көзү ачыктын кеңеши менен хан төшөк
жаңыртмак болот, анда Болот хандын көгала сакал кези экен, эки абышка келинкесекти уялбай кантип сындайбыз дешип, дөбөгө турушуп чубаган көчтү карап
калышат. Таң азандан оозуна наар албаган сынчы көпчүлүктөн көзүн албайт,
убакыт дигер бешимге жеткенде атчан зайып алдына өңөргөн беш-алты жаштагы
кыз баланы колу менен жаңсап көргөзүп, Болот ханга:
— Ушуну алсаң туу колуңдан түшпөйт, дейт. Ат чаптыртып ким экендигин сураса
Алакөз Акбамбаш бийдин кызы Акжаркын деген кыз экен. Хан анда, бул секелек
бойго жеткиче, балакатка келгенче, устуканым упат, сөөгүм сөпөт болбойбу, муну
уккан көзү ачык да: — Ооба, бул кыз саа буюрбаптыр, деп өкүнүчтүү башын чайкап,
көч артында жалгыз калган жесирди тандап, Болот хан төшөк жаңыртат.
Алдаш Белек уулу болжол менен алганда 1720жылдары туулуп жетимиш жашка
жетпей дүйнөдөн кайтат.
Ал эли, жерин чындап сүйгөн, кепти куюлуштуруп айта билген, чечен
инсандардан болгон. Буга анын ушул күнгө чейин жеткен:
Жакшыдан жаман туулат, Бир аяк ашка алгысыз. Жамандан жакшы туулат, Адам
айтса кангысыз.
БЕЛЕК УУЛУ АЛДАШ
Карыя санжырачылардын айтымдарына караганда Белек жаш кезинен эле
дүйнөдөн кайтып, артында калган ага-туугандары, ак никелүү жубайлары
баатырдын ордун жоктошуп, адашкан тайлактай боздошуп, кайгыга уугуп, кан
жутушат. Армандуу жашоонун арманын айтып канчалык кан какшап жоктошсо да
балдардын атасы кайрылып кайра келбесин билген Акжаркын байбиче жакшыдан
калган туяктарына бел байлап, кайратын жыйып, «Атанын ордун басчуусу бар
бекен?» деген ойдо Санчы сынчыны чакыртып (өз аты Санжы, чыныгы наамы
Сансыз, атасыз Көкжар, уругу багыш, сын айтып берүүчүсү ак коен болгон имиш) кең
дасторконун жайдыртып, астыртадан уулдарын сынатат. Он бир уулдун отурган,
турганын алдыртадан сыдыра тиктеген олуя Алдашты көргөндө, бүркөлгөн кабагы
жарк ачылып минтип айткан экен:
Бул уулуң, түзүк экен Алдаш аты, Артылар ак калпактын салтанаты. «Ат качырбас,
боз айгыр» атак алып, Көкөлөп, көтөрүлөр мартабасы. Алдашка тууган болоор,
оңдон, солдон, Далайы суу кечирер, тартып колдон, Жайылып, этек, жеңи, тукуму
өсүп, Табылар шыбаагасы дайым жолдон. Кутмандуу адам деген атын сактап,
Кулдарын «төргө отур» деп элге мактап, Кең казан, сыйчыл болоор катындары,
Керемет Бугу эненин сүтүн актап, Куюлуп келип турар журттун баары, Кулжуңдап
бийге отурар малайлары, «Адилет, журт бийлеген жан болду» деп, Макталар
кулдарынын далайлары.
Муну уккан Акжаркын байбиче «айтканыңыз келсин», деп сынчынын алдына
төрөсүнөн калган, атагы кыргыз эмес бүтүндөй калайык-калкка чыккан,
«Телторусун» тартып, үстүнө кымкап чапан жабат, айылдагыларды бүт чакыртып
аксарбашыл чабат, «Оо кудай ушунуңа шүгүр, чынар сынса чырпыгым бар турбайбы,
жакшыдан калган балдарыма өмүр берегөр, ыйман берегөр, деп жаратканга мунажат
кылат, көз жашын токтотуп, каниет кылат.
Белек баатыр менен Акжаркын энеден төрөлгөн Алдаш үч аял алган, байбичеси
Меке мындан Бирназар (Тилекмат акенин чоң атасы), Кудайменде, экинчи аялы
Шекер, андан Шапак, Меңмурат, Тазабек (Бугунун султаны Боромбай Меңмураттан
чыккан), көрөр көз токолу Аруукеден Түкөк, ошентип Алдаштын алты уулу болгон.
Айтканы келип сынчынын, Алдашка конот бак базар. Артыңда калган балдардан,
Азамат чыкты бир катар. «Кыргыздын уулу», дедиртип, Аттары кылым карытар.
ШАПАКТЫН БААТЫР АТКА КОНУШУ
Алдаштын алты уулу удаалаш бой тартышат. Гүлкайыр гүлүн ачкан, айланага
жыпар чачкан жай мезгилинде Алдаштын алты уулу кадимки Көкөтайдын ашы
өткөн, Индия, Оруссия, Кытай жана башка мамлекеттерди өз ара байланыштырып
турган «Улуу жибек жолун» кесип өткөн, көркүн айтса сөз жеткис Каркыранын
белиндеги улуу жолдун эки айрылышында, жибек жал жорголорун аса байлап
коюшуп, аркар кулжалардын чүкөлөрүн калчашып, ойноп, өздөрүнчө энчи бөлүшөт.
Ар ким ак тилегин, балалык таттуу кыялдарын айтат. Үчүнчү уулу, жазы маңдай,
ителги мурун, кең далы Шапак күтүрөгөн малды, сан жеткис байлыкты, атак-даңкты
оозуна албай:
— Мен силерге келген жоону тосуп, катыккандын катыгын берген, кайратым
менен кадимки Табылды баатыр агамдай душманды жеңген, намыс үчүн жанын
берген, кан атам Манастын кырк чоросунун жолун жолдогон, беттешкенин койбогон
баатыр болоюн агалар, урматтуу инилерим, дейт, бир туугандарына өтүнүп.
Жаштын тилегин кудай берет деген чын белем, мезгилдин агымы менен Алдаштын
уулу Шапак чын эле ак тилегине жетип, көлдүн тегерегиндеги колду башкарып,
катыккан душмандыгын катыгын берип, олжого кеткен малды кайырган баатыр
чыгып, «олоң жетпес эр Шапак», «Баатыр аке» деп эл оозунда урмат-сый менен
айтылып калат. Шапактын баатыр болушунун чыйыры төмөндөгүдөй болгон экен.
Илгерки жоокерчилик заманда жамаатташ жатышкан эл биринен бири мал-жан
олжолоп алып турган мезгилде, казактар түн жамынып келишип, көл башындагы
бугулардын жараксыз жылкычыларынын алдын өлтүрүшүп, артын атка таңып
коюшуп, бир айыл бүтүн кайсы бир саяк мырзанын кара ашына кеткенде Белек
баатырдын бир урпагы Токой мырзанын 950 жылкысын үйүр тобу менен олжолоп
кетишет. Анын кабарын уккан Абайылда (Балбай баатырдын атасы Эшкожо) кыл
муруту жаңы чыккан Шапактын айылына атайлап ат арытып келип өтүнүчүн
билдирет:
— Карыганда атабызга убал болду, түн жамынган каракчылардын кылыгына
ичибиз ызаага толду, сенин энчиңе баатырдык тийип, баарыбыз ак тилегиңе
кошулдук эле, кимдин ким экенин биле турган учур келди, арабыздан ата намысын
коргогон эр жигит чыгабы? Анын айтканын үн дебей уккан Шапактын кызыл өңү
бозоруп:
— Энебиз бизди эр намысын коргосун деп тапкан, калдайган калың бугу
турганда каракчылар кайда барат дейсиз? Катыккан жоону эсине келтирип, экинчи
ээн баштыкка жол бердиртпейбиз, кам санаба, аба, башыңды жерге салба, деп
Абайылда агасын атына колтуктап мингизип, өзү арык, белектен кол жыйнай
баштайт, бирок колунун саны такыр көбөйбөй коет, өмүрдүн ашуусунан өтүп, көптү
көргөн карыялар ийри отуруп, түз кеңешип, сарыбагышка барып кол сура деген
акылы менен ал кадимки Эсенгул баатырдыкына барат да сөзүн минтип баштайт:
— Бугу, сарыбагыш бир атанын балдары элек, бири бирибизге арка-жөлөк
болушубуз керек, өзү келип катылган душмандын жообун берген уюткулу улуу
журттун кулундарыбыз, бая күнкү жогубуздан пайдаланып, казактар зомбулук
кылышып, агаң Токойдун сан жылкысын үйүр тобу менен айдап кетиптир, күнөөсүз
кээ бир байкуштар запкы көрүптүр, кантсе да каныбыз бир, түбүбүз бир, буга эмне
дейсиң? Эсенгул жооп бербейт, Шапак экинчи жолу да сары өзөн Чүйгө кайрылып
барса сарыбагыштын баатыры эсинен ажырагансып биринчи келгендеги
калыбынан жазбайт, Шапак нээ демек, «болбостур эми, эр кезеги үч болуучу эле»,
деп кайра дагы кайрылып барып, баягы соболун таштайт, Эсенгул баатыр
адаттагысындай оозуна талкан толтуруп алгансып мелтирегенде, ачуусу шакардай
кайнап:
— Ээ мен калмак, казак эмес элем го, бир жатында жетилген, бир эненин
курсагынан чыгып, эмчегинен сүт эмген бир уянын балапандары элек го, аба деп
астыңа келип, акыл сурасам, бул эмине кылганың, бир Кылжырдын балдарынын
жылкыларын казактардын талаганы жалпы журтту төбөсүнөн басканы, ортодо
ынтымактын ыдыраганы, пейилдин бузулганы, замандын тарыганы, эки бир тууган
Бугу, Сарыбагыштан ырк кеткен соң, душмандардын баш көтөрүп ызылдаганы,
эртең жок бүрсүгүнү жалпы кыргыздын башына асан кайгы түшүп, казак эмес
капкайдан келген кангайга, ала чапан сарттарга камчыга ченеп чабылганы, калайык
калктын тонолуп, таланганы, деген Шапак элик сап камчысын кычырата кармап, ат
тизгинин тартып минээрде Эсенгул орчундуу айткан кепке жыгылып, туугандын
өзү таарынса да боору таарынбайт болушуп, тура калып кол алышып, таарынычын
жазышып, ак нан кармашып, кылычтын мизин жалашып, жылкы кара тил болгон
кезде (бээ байланган маалда) жоого аттанмак болушат.
Болжогон күн келгенде бала Шапак, Эсенгул баатыр, Мундуз, Дооку баатырлар
калың журтунан ак бата алышып, казактар тарапка аттанышат. Кызыл кыяны
басып, Түптүн суусун кечип, кыргыздын чегинен өтүп, казактын жерине жетишип,
эки жерге бугу, сарыбагыштын туусун тигип коюшуп, туш тарапка дүрбү салып
карашса, айдың талаада эшиги ачылып, жабылбаган, жан киши каттабаган бир боз
үй көрүнөт, андан башка мыдыр эткен жан жок, кыймыл эткен мал жок. Мундуз,
Дооку баатырлар чалгынга өңүп келишип, мышыктай шырп алдырбай баягы боз
үйгө келип карашса, эшиги ичтен илинүү, жабдыгын найза менен тилип ийип
шыкаалашса эки бурчта курал-жабдыктарын кучактаган боюнча эки казак бышбыш этип уктап жатышат. Аңгыча алардын бирөө чочуп ойгонуп, жанындагысын
чыканагы менен түртүп жатып ойготуп, азыркы көргөн түшүн айтат.
— Ой бай бул неси? Нээ түсүм, нээ шыным экендигин билбей ак койдум, кудай ай
бар экениң шын болса, колдой көр, биздин аулду эки жолубарус аралап жүрүптүр,
айланайын сүрүн айтпа, кармайын дегендер эле тоголонуп, мерт болушат, бир
маалда бирөөсүнүн куйругуна колум тийди, не болуп кеткенин түшүнбөй калдым,
тоодон ылдый тоголонуп кетиптирмин, экинчиси түшүн жоруйт.
— Ой бай, жөн түс эмес гой, бизге келген жамандыктын белгиси гой, эки
жолубарус аулду аралап жүрсө, бугу, сарыбагыш эпке келип, жогун издеп келип,
жообун берет бейм, ал сөзүнүн аягына чыга электе түш көргөн жигит, ордунан
«жебедей» сыртка чыкканда, курал-жабдыгы жок неменин башын Мундуз баатыр
кыя чабат. Экинчиси сыртка чыгып, жанындагы жолдошунун башы жок денесин
көргөндө эси ооп, деңгиреп туруп калат. Дөөкү баатыр менен Мундуз баатыр аны
эсине келгенде астына атын мингизишип, жолго салышат, корккон жоокер көргөн
окуяны көбүртүп, жабыртып сүрөттөйт.
Казактын аттуу-баштуу аксакалдары чогулушуп, жер жайнаган, нары баатыр
элге туруштук бере албайбыз, күнөө өзүбүздөн кетти, дешип, жылкы тийген Курбан
баатырдын өзүн кармашып, колун артына кайрышып, алдыларына айдашып,
куралчан бугу, сарыбагыштын жигиттеринин алдынан курларын моюндарына
салышып, кечирим сурап тосуп чыгышат. Олжого кеткен жылкылар бирден
санактан өтүп, 950 каранын элүү башы жоголуп, калганы толук чыгат, ошондо
Шапак баатыр жанындагыларга кайрылып:
— Намысыбыз колго тийди баатырлар, биздин максатыбыз түбү бир атадан
жаралган бейкүнөө элдин канын төгүү эмес, ынтымакты чыңдоо, жок чыккан элүү
жылкы жанагы жол тосом, деп келип ажал тапкан жигиттин куну болсун»... «Алдыңа
келсе атаңдын кунун кеч» дейт, арасы кандаш эки эл эзелтеден бери сөөк-тамыр
болуп келе жатабыз, кызуу кандуулук кылып, кыргын салбайлы, эрлер өлүп,
балдары жетим калбасын, энелери кан какшап зарлабасын, Шапак баатыр
жанындагыларга кайрылып, колу артына таңылган Курбандын колун чечип, экинчи
мындай кылбоого убадасын алып, казак туугандардын дасторконунан даам сызып
кайтышат. Алдыларынан алы-жаны калбай сүйүнүп тосо чыккан Абайылда бий:
— Болсун баатырлар, болсун, иним сага ыраазы, кеткен намысыбызды алып
бердиң, аруу тилегиң орундалып, баатыр атка конгонуңдун чыйыры ушул болсун,
айкөл Манас, кан атаң Кошой аталарыңдын арбактары колдоп, жолун жолдоп, эл
четинде турган шерлерден бол! Тамырың жайылып, урпактарың элге таанылсын,—
деп ак батасын берип, чекесинен сүйөт.
ШАПАК БААТЫРДЫН БУГУНУН ОЛЖОГО ТҮШКӨН МАЛЫН КАЙРЫП
КЕЛГЕНИ
Казактын керей уругунун кулуну, Иле боюн жердеген Чанчкулу-Бердикожо,
деген баатыры өзгөчө зөөкүр чыгат. Өздү өз, жатты жат, ыраак, жакын дебей малын
уурдап, бай-жалчыларды кан какшатат. Чоң дебей, кичине дебей жолунан чыгып,
тоскоол болгондорду ажал кылтагына түшүргөн, жүзүн бир кишиге көрсөтпөй
көөдөй парда тагынып, күндүзү чер токойду пааналап, түнкүсүн бөрүдөй жойлогон
Чанчкулу Бердикожо калайык калктын жүрөгүнүн үшүн алып, келатат деген каңшар
угулса бешиктеги бала тып басылат. Чынында эле ал жанда жок көк жал болгон,
эрдигине, шердигине таянып күн санап зомбулугун уланта берет. Бир күнү чогуу
жүргөн жоро-жолдоштору аны сынамакка, бир чети кудай арбактан корксо, бейкүнөө жерден адам өмүрүн кыйганын токтотсо, дешип өз ара сүйлөшүп алышып,
өздөрү адегенде ага:
— Баатырым, күнөөсү барларды кара чаар жолборс болуп чалып кордогон,
мунажат кылгандарды колдогон ыйык мазар сизди келсин, деп белги беришти деп
коюшуп, күн мурунтан келишип, үстү түшүп калган мүрзөгө жашынып күтүп
турушат да, Чанчкулу-Бердикожо жакындаганда бири арстан болуп күрүлдөп, бири
чөө болуп улуп, үчүнчүсү бала болуп чыркырап ыйлайт: анда баатыр кебелбей:
— Эй түн баласындай эле эмне ызылдап жатасыңар? Эмнеге чакырттыңар эле,
курсагым ачып, турамын шашып, дейт демитип, муну угушкан курдаштары «кокуй
биз экенибизди билсе, башыбызды топтой томолот», дешип тып басылышат, атын
ары-бери ойдолоткон баатыр соболун улам-улам таштап, жооп болбогон соң, атына
камчы салып бастырып кетет.
Калмактарга ууруга барган Чанчкулу Бердикожо аз жерден колго түшүп кала
жаздап, араң кутулат, бирок, ок тийип жарадар болуп, каны көп агып, баса албай
калганда калың өскөн токойдун арасына жашынып, тырп эткенге алы жок,
чалкасынан жаткан боюнча суналып калат, аңгыча жоондугу сокбилектей, узундугу
кулачтан ашык, кара чаар жылаан, киндик үстүнөн соймолоп, көкүрөккө жетет,
кыймылдаганга алы жок баатыр ичинен, шайым жокто, мойнума оролуп өлтүрөйүн
деп жатасың ээ?, деп оозун араандай ачат, жылаан соймоңдоп «эшикке» кире
берерде башын кырча тиштеп алат, жанталашкан жылаан азыраак уусун чачат,
баатырын издеп жүргөндөр ушул убакта көрүшүп жанына чуркап келишет да башын
жөлөйт, кырча тиштеген жылаандын муштумдай башын түкүргөн ууру:
— Бээнин сүтүн ылдам алып келгиле, дейт.
— Оо атаңдын көрү, ошондо бээнин сүтү болбогондо соймоңдогон бир
байкуштан өлүп калмак экенмин, деп кийин күлүп калчу экен.
Калайык калкты кара тумандай каптаган котур Чанчкулу Бердикожодон да кыя
өтпөйт. — Сен кеселдин тырмагы болуп денемди кытыгылайын десең, мен адамдын
чоюну болуп денеме тырмак салбаймын деп тиштенип, мээ кайнаткан ысыкта
жүнүн ичине каратып тиктирген кементайды кийип, белин бууп жүрө берет,
айтканындай тырмак салбайт, же ысыктанбы, же айыкчу мезгили жеттиби? Айтор
арадан аз убакыт өтпөй денесиндеги кара тактар күбүлүп түшүп, кеселинен
куландан соо айыгып кетет.
Атагы алыска кетип, даңкы таш жарган Чанчкулу Бердикожо бугулардын малын
чапканы жатыптыр, деген кабар келгенде Шапак баатыр досу Эсенгулдукуна кеткен
болот, каңшар кеп чынга айланып атыккан ууру баш болгон куралчан зөөкүрлөр
кыргыздардын баатыры жогунан пайдаланышып, кара дебей, бодо дебей
астыларына салышып, удургута айдап келе жатышып:
— Кыргызды чычкак улакка зар кылдык ээ, дешип күлүшкөндө арасындагы
көптү көргөн карыя:
— Олай дебе карагым, колу менен Оргочор, Тасманын адырларын көргөзүп,
мынабу эки көлдөлөңдү жанкалатаңа сала кетпесең түбү бугу бизден бай болотгой,
бетеге, шыбак түбүндө бирден козу маарап жатыргой, — анын сөзүнө кулак
каккандар жок, олжо артындагылар «шыбагадан» азыраак алып калбайлы дешип,
биринен-бири жулунуп алдыга умтулушат.
Шапак баатыр эми гана алдыга келген устуканын колго алганда сырттан
кабарчылар келишип, болгон окуяны билдиришип, ал ордунан туруп кетмек
болгондо, Эсенгул кеп учугун улады:
— Бир бутуң үйдө, бир бутуң сыртта туруп, кетем дегениң нээ? Мал бугуда аз
болсо, сарыбагышта бар, бир ачууңду мага бер, баатыр, биз малдан өлбөйбүз,
ачуудан өлөбүз, кол курап, аяк башты жыйгыча ашуу бекилип калат, ЧанчкулуБердикожо зөөкүр атайлап кеч күздө келди, жоого ашуу ачылганда аттаналы.
Айтылган убада боюнча кар кеткенде сарыбагыш, бугу, Иле боюна жөнөшөт. Ит
агызган Иле суусунан топ атчандар жаңы гана өткөндө, көнөктөп кара нөшөр, төгүп,
аягы карга айланат. Жогун издегендер төрүндө жолборс жойлогон Иле суусунун чер
камыштуу өзөнүнө пааналашып, кийимдерин сыгышып, бир аз серүүн болгондо күн
ачылып, асманда жылдыз толот. Ай чыккан кезде Шапак баатырдын акылы боюнча
кыргыздар токойдон чыгышып, бир аттык из менен тоого жетишет, бирөө да чырм
этип көзүн илбей таң атырышкандан кийин туш тарапка дүрбү салып карап
калышат. Бардыгы алаканга салгандай көрүнүп турат, Куугунчулар келип калбасын?
— деп жол тоскондор болуу керек? Чер токойдон топ атчандар ат ойнотуп
чыгышып, тегеректен из чалышат, аңгыча алардын арасындагы бирөө кечеги
кыргыздар өткөн чубама жолду көргөзөт, казактар ары карашып, бери карашып,
баягы изди кайберендердин изи дештиби деги, аттарын жайдактап кое беришет, да
жай-жайларына тарашат. Ушул учурду күтүп жаткан Шапак баатыр жигиттерине
«бош жүргөн аттарды айдап келгиле», — деп белги берип, өзү «Бугулап» ураан
чакырып, жоо тарапка тизгин тартып, ат ойнотуп алдыга чыгат:
— Жекеге, жекеге, бул ата расмиси, салт боюнча адегенде каршылашкан эки
жактан баатырлары чыгышат, аңгыча жүзүн түндөй кара парда менен калкалаган
дөөдөй зор Чанчкулу Бердикожо ортого чыкты:
— Менин ким экенимди билбейсиң гой, шорлу, шоруң кайнады, келмеңди
келтире бер?
— Аны көрө жатарбыз.
Төрт аягы тыбыраган күлүктөр эки баатырды буйдамга келбей беттештирди,
айкалыша келгенде биринен бири өткөн мыктылар белем, экөөнүн тең найзалары
сынып кетти, экинчи жолу беттешип бири-бирине зыян келтире алышкан жок,
көздөрү чычаладай кызарышып, бири биринен карек алышпайт, аңгыча Шапак
баатыр шамдагайлык менен Чанчкулу Бердикожонун найзасын кагып жиберип,
чокмор менен төбөгө тартып ийгенде, ат үстүндөгү жоосу ээрден опол тоодой болуп
ооп түштү. Шапак анын жүзүндөгү пардасын кылычынын учу менен илип алып,
такыр колтукка саярда, жан курусун:
— Бир кашык канымды бер баатырым, ушул учурда анын үнүн уккан кара такыя
Жоо чуркап жетип:
— Эй жан деген таттуу экендигин билген эмес белең, сенин биздеги жети жыл
жүрүп, ит көрбөгөн көргүлүктү көрдүм, эчендеген бейкүнөө адамдардын өмүрүн
кыйдың, мага каратып туруп, жалгызымдын көзүн ойдурттуң эле, эми кезек меники
канкор, деп жерде жаткан Чанчкулу Бердикожону калч-калч эткен Жоо отура калып бутундагы чокоюн чечип башка уруп калды, муну көргөн
Шапак баатыр:
— Ээ баатырдын башына чокой тийгени, тирүүлөй өлгөнү эмеспи, кое бергиле,
деп колун бошоттуруп, алдына коштоосундагы атын тартат.
— Болбостур эми күнүңдү көр, — Чанчкулу Бердикожо, бул сөздү укканда
койнундагы наркескесин алып, өзүнө өзү урат, баатыры өз жанын өзү кыйгандан
кийин калган уурулар мусаапыр болуп, үңкүйүп туруп калышат. Шапак баатыр
аларга кайрылып:
— Күнөөкөр «энчисин» алды, силер эми мындан кийин арам оокат менен күн
өткөрбөй чеке тердетип, бел оорутуп мээнеттенип эл катарына кошулгула, деп
жолго салып, олжого кеткен малды калдайган калың элине чып-чыргасын коротпой
айдап келип, ээлерине тапшырат, улуу-кичүүнүн кат-кат ырахматын угуп, алкышын
алат.
ӨМҮР БААТЫР
Шапак баатыр айрыкча көргөн уулу Чүрүмгө колуктуу издеп, эчен-эчен бай,
манап, аттуу-баштуу жерден кыз тандайт, бирок уулуна бирөө да жакпайт, ал
атасына жакын туугандарынын бирөөсүнүн ирегесинде кызмат кылып жүргөн
Бүрүм деген кызда көңүлү бар экендигин айтканда Шапак баатыр чочуп кетет:
— Кой уулум, бул эмнең? Эртең эле душмандар Чүрүмдү бөлөксүнтүп,
бөтөнсүнтүп күңдү алып бериптир, деген кеп көбүрүп-жабырбайбы, башты жерге
салдырбайбы, уулу айтканынан кайтпайт, айласыз Шапак баатыр Чүрүмгө Бүрүмдүн
башын байлайт, көрсө Бүрүм да кыргыздарга колго түшүп калган, Чүрүм менен
моюндаш чоңойгон бир уруунун ханынын кызы экен. Чүрүм үчтүн атасы болгонго
чейин энчи албайт, баатыр атасы буга нааразы болуп, ичинен башын чайкайт,
кылыгына жооп таппайт. Чүрүм төрттүн атасы болгондо Шапак баатырдын алдына
келип:
— Малдын ээси эми төрөлдү, — деп энчисин ошондо алган экен, анын төртүнчү
уулу Өмүр баатыр эле. Атасы Чүрүмдүн айтканы келип, кийин Өмүр баатыр атанып,
эл намысын коргогон шер чыгат, кадимки Балбай баатыр менен үзөнгүлөш жүрөт.
Имиштерге караганда Балбай баатырдын колдогону көк жал карышкыр, Өмүр
баатырдыкы кара чаар жолборс болгон имиш. Балбай баатыр баатыр катарында
Өмүргө ишенген, өзгөчө сыйлаган.
— Калмактардын атактуу Күрөң Кабыл деген баатыры бугунун жылкысына
капысынан тийип, Балбай баатыр аркасынан кууп жөнөйт.
— Капырай, ээ, адамга адам ушундай окшош боло тургандыгын билген эмесмин,
ууру артынан караганда кудум Өмүкемдин өзү, кууп жетип, үч жолу найза кезеп, үч
жолу кайра тартып алдым, бир чети сүрүнөн, бир чети окшоштугунан колум барбай
койду, аңгыча артымдан куйрук улаш кууп жеткен Өмүкемдин:
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 18