Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 06

Total number of words is 4239
Total number of unique words is 2217
27.2 of words are in the 2000 most common words
40.3 of words are in the 5000 most common words
47.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Жумуш кылды катыгүн.
Аркан жипти чогултуп,
Нанга сатты катыгүн.
Чоюлган нечен кыздарды,
Малга сатты катыгүн.
Ээр токум көтөрүп,
Алгын деди катыгүн.
Өз катынын сүйбөстөн,
Баргын деди катыгүн.
Калмак анда балдырап,
Зор болгону катыгүн.
Кара кыргыз баласы,
Кор болгону катыгүн.
Катындары урушуп,
Куур кийди катыгүн.
Бирин бири карактап,
Ууру тийди катыгүн.
Эки экиден салышып,
Жоо көбөйдү катыгүн.
Жалган айтып баарысын,
Доо көбөйдү катыгүн.
Олуя кылып калмакты,
Көтөрүштү катыгүн.
Абышкалар белим деп,
Жөтөлүштү катыгүн.
Кокуй калмак келди деп,
Энтеңдеди катыгүн.
Жаш балдарын сатышып,
Пул алышты катыгүн.
Кара тумоо көбөйүп,
Суналышты катыгүн.
Көздөн жашын көл кылып,
Төгүшүштү катыгүн.
Керез айтып өлгөнүн,
Көмүшбөдү катыгүн.
Упасы жок бу жалган,
Элди алдады катыгүн.
I. КАЧКЫН
Салдат сурап Никелей,
Кыргызды камап болбоду,
Каран кылды Никелей,
Тилеги кабыл болбоду.
Караңгылык кайран эл,
Тескери карап толгонду.
Кара кыргыз баласы,
Ысык-Көлдөн козголду.
Каршы чыгып оруска,
Баатыркан чыкты Белектен,
Элден мурун козголуп,
Саяктар келди төмөнтөн.
Күнү-түнү көчкөн эл,
Күрмөнтүдөн өтүшүп,
Өргүбөстөн ал жерге,
Түн катып ары көчүшүп.
Шатынын оозу талаадан,
Быдыраган ок чыкты,
Жаман какол оңбой кал,
Түп паселке калаадан,
Бет алышып урушпай,
Чуулдап ары качканы,
Барсылдатып артынан,
Мынтык менен атканы.
Кудай өзү сакта деп,
Калайык жаман калтырап,
Кырып кирди катүгүн,
Кылыч чаап аткылап.
Аткылаган орустар,
Олжо бөлүп аларда,
Качып берген кайран эл,
Тукумсуз өзү каларда,
Жанын алып качмакка,
Күлүк атты урганы,
Себеп болуп бир бала,
Орусту кайра тоскону,
Чымын жанын аябай,
Кыргыздарга чеп болду.
Жыйырма жашта боз бала,
Эл оозуна кеп болду.
Жер жайнаган кыргызды,
Табылгыты ашырды,
Кайрат кылып душманга,
Орусту кайра качырды.
Калканч кылып бир ташты,
Мынтык менен атканы,
Күчөнгөн какол-казактар,
Кайра айланып качканы.
Толуп келген кайран эл,
Суу сепкендей өчкөн ай.
Уруш салып жыргабай,
Чурулдап ары көчкөн ай.
Чатак салып оруска,
Кытайга карап качышты.
Түптөгү толгон оруска
Эки саат атышты.
Көчүп көлдөн катыгүн,
Кытайга карап жөнөдүк.
Чатакты салдык аябай,
Башка түшсө көрөлүк.
Элдин алды чуулдап,
Табылгыты конуптур.
Качып берди катыгүн,
Чоң алаамат болуптур.
Аламат түштү бул элге,
Күнү-түнү жол жүрдүк.
Амал барбы канеттик,
Өрчүбөдүк бир жерге.
Үч уктаса түштө жок,
Көрдүк минтип сонунду.
Өлүмдөн калган кыргыздар
Сары-жазга чогулду.
Кызыл май болуп жүрө албай,
Жолдо калды далай мал.
Казак менен атышып,
Окко кетти далай жан.
Артта калды биздин эл,
Канын төгүп калк үчүн,
Намызыны тырышып,
Шейит өлдү далай эр.
Үркөрчүгө конгон ай,
Кудай салса көрдүң деп,
Маскара минтип болгон ай.
Үч-Капкактын оюна,
Өргүйлүк эми кичине,
Кыжылдашып тил билбейт,
Калмактын келдик ченине,
Өткөрбөдү калмактар,
Чек араны бекитип,
Жаман сөздү көп айтып,
Сөөккө жаман жеткирип,
Акырында калмактар,
Кыргыздардын баарысын,
Койдой кылып чуулатты,
Арт жактан келип көп орус,
Кызыл учкан ок атты.
Замбирек үнүн уккан чоң,
Калмагыңды билбеди,
Көрүнөө такыр кырылды,
Кытайдын жерин тепсешип,
Аралашып киргени.
Кайта оруска бет албай,
Ары карап кете албай,
Айла кетти катыгүн,
Чек арадан өтө албай.
Кужулдашып баарысы,
Орто жерге камалды.
Кажылдаган калмактар,
Четинен тийип мал алды.
Музарт деген чоң суусу,
Кирип жаткан кези экен.
Төөнүн жүгүн чечпестен,
Кечүү карап кечпестен,
Жардын баарын уратып,
Өкүргөн өгүз андан көп,
Жаш балдарын бакыртып,
Сууга салган андан көп.
Калмак чыгып ар жактан,
Камалдык орто жерине,
Көздү жуумп атышып,
Калмактын бардык элине.
Кеп айткыс нечен азамат,
Жаман сөзгө боктотту.
Мынтык менен аткылап,
Калмак эми токтотту.
Орустан көрдүк кордукту,
Талап алып мал-мүлкүн,
Амал барбы катыгүн,
Калмактан көрдүк зордукту.
Ырайым кылбай калмактар,
Сойду нечен бээлерди.
Ар бир асыл мүлк менен
Жетелеп кетти төөлөрдү.
Убайын көрүп бу малды,
Сойбодук субай тайларды.
Жер жайнаган көп малды,
Калмактар бөлүп айдады.
Ойлоду калайык,
Актерекке бармакка,
Асыл көлдөн айрылып,
Мусапыр болду калмакка.
Кытай калмак жерине,
Качкан эл басып жайнады.
Кыштын күнү чубатып,
Музартка кайта айдады.
Уяты жок калмактар,
Жылкыдан ийип алганы.
Бир жагынан балдырап,
Чериктердин кырганы.
Ачарчылык башталды,
Кургак талкан сугундук.
Тынч албадык ал жерге,
Музартка кайта чубадык.
II. КАЧКЫН
Байгазы, Үкү, Кекебай,
Балдары басып жөө келди,
Байдасыз дүйнө экен ай!
Кыдыр аке, Баатыркан
Кыргыздан даана акылман.
Ысагаалы Сагымдан,
Далай кеңеш табылган.
Токторбай молдо Көбөгөн,
Кызыктуу Кочкор жеринен,
Какшаалга качып жөнөгөн.
Бекчоронун тукуму,
Берендин өз болчу эле.
Ниязбек менен Борукчу,
Бөлүп алган конушун,
Тааныбаган жат жерде,
Табалбай жүрөт конушун.
Кудайберген Нурмамбет,
Кубаты кетип турган чак,
Уйлар калып төө ашып,
Азамат эрдин баарысы,
Бутуна тартка тартынып,
Арман кылды жөө басып.
Кепич кийсе Какшаалда,
Кеби кетип кыйрады.
Келин-кыздын баарысы,
Көп зарланып ыйлады.
Какшаал ата жарыктык,
Кара малы жеринде,
Аз болуучу жер экен,
Эр башына бир чокой,
Парз болуучу жер экен.
Колуңда малың жок болсо,
Катын-балаң сатып жеп,
Карз болуучу жер экен.
Ургаачы-эркек таанышып,
Ат болуучу жер экен.
Какшаал ата жарыктык,
Койдун жери турбайбы.
Катыны жок кара жан,
Бойдун жери турбайбы.
Он түтүнгө бир киши,
Баш болуучу жер экен.
Беш-алты уюн аксатып,
Айдап жүргөн мындан көп,
Бекер качтым кокуй деп,
Зарлап жүргөн мындан көп.
Какшаал ата жарыктык,
Тар болуучу жер экен.
Атбашы, Нарын, Ысык-Көл,
Аягы Чүй Кочкорду,
Жердеген киши тимеле,
Бай болуучу жер экен.
Ачкасынан Какшаалда,
Жай болуучу жер экен.
Адамдын баарын байкасаң,
Агын сууга зар болду.
Алып келип ичкени,
Кой коргоолу аралаш,
Топурак менен кар болду.
Көп мингенден бел кетип,
Күлүк жорго карышты.
Бутуна чокой тартынып,
Кайда барып өлөм деп,
Азаматтар жарышты.
Келиндер келет буралып,
Бутунда тартма булайып,
Кыз балдар келет муңайып,
Бутунда тартма шалпылдап,
Теңтуштарын көргөндө,
Тегеренет уялып.
Эшекке кантип минем деп,
Эсепти кантип билем деп,
Чокойго кантип көнөм деп,
Чокуга чыксам өлөм деп,
Ар жоругу Какшаалдын
Көкөйдөн тирүү кетпесе,
Эртең тартынган тартмасы,
Кечке дейре жетпесе.
Кемпирлер келет жөтөлүп,
Бирден жууркан көтөрүп,
Абышка келет какчаңдап,
Кайрат кылып баскансып,
Алты жашар балдардын,
Аркасында бир баштык,
Көтөрө албай бакчаңдап.
Бугу менен Сарбагыш,
Эшекке жүгүң артылды.
Абышка менен кемпир чал
Артынан басып тартынды.
Какшаал, Турпан барганы,
Кайран журт жаман дал болду,
Кайра тартып жөнөсө,
Эшек деген мал болду.
КАЙРАН ЭЛ
Аксы менен Турпанды,
Аралады кайран эл.
Аш табалбай ашпозду,
Сагалады кайран эл.
Качып барып Турпанды,
Каралады кайран эл.
Жамбы берип жат элди,
Паралады кайран эл.
Борук койго баа кылып,
Бозо сатты кайран эл.
Кийип турган кийимин,
Кошо сатты кайран эл.
Боз үйүнө чырмаган,
Чийин сатты кайран эл.
Туш кийиздин саймалуу,
Тышын сатты кайран эл.
Эшекке арткан эгинге,
Кызын сатты кайран эл.
Белдемчинин кундузун,
Сөгүп сатты кайран эл.
Аркадагы чолпусун,
Бөлүп сатты кайран эл.
Арзан баага ал күнү
Көнүп сатты кайран эл.
Камчы кылып кой тери,
Өрүп сатты кайран эл.
Айдап барган алдында,
Малын сатты кайран эл.
Жууркан-төшөк калтырбай,
Барын сатты кайран эл,
Ичеги менен бышырып,
Карын сатты кайран эл.
Кой сойгондо бир бөлүп,
Санын сатты кайран эл.
Ыкласы Турпандан,
Кайтып жүрөт кайран эл.
Жети сууга дуба деп,
Айтып жүрөт кайран эл.
Кош-колоңун эшекке,
Артып жүрөт кайран эл.
Кор болгондун азабын,
Тартып жүрөт кайран эл.
Жилиги жок жөө жүрүп,
Арык болду кайран эл.
Бутундагы кийгени,
Чарык болду кайран эл.
Кызыл өңү боз болуп,
Арык болду кайран эл.
Качкан менен кутулуп,
Бекинбеди кайран эл.
Жалгыз кабат өлгөнүн,
Кепиндеди кайран эл.
Турпан барып тамакка,
Жетинбеди кайран эл.
Арык малдын жашыган,
Этин жеди кайран эл.
Жети сууга канетип,
Жетем деди кайран эл.
Жай табалбай Турпандан,
Кетем деди кайран эл.
Жүгүн артып эшекке,
Бекемдеди кайран эл.
Жети суудан туз буйрар
Бекен деди кайран эл.
Маңдайдагы шорубуз,
Экен деди кайран эл.
КЫТАЙ ЖЕРИНЕН КЕЛГЕН КАЧАКТАРДЫН
СОҢКУ АБАЛЫ
Оодарылды жеринен,
Оңу менен солубуз.
Аксы жана Турпанда
Арылбады шорубуз.
Алаканы жыртылды,
Дүмүр казып колубуз.
Жети-Сууга биз жетип,
Ачылар бекен шорубуз.
Беделдин бели какырап,
Бер жагында Чети суу.
Айтканда көңүл чыдабай,
Атбашы, Нарын эки суу.
Аман болсок бараарбыз,
Чүй, Ысык-Көл, Жети суу.
Беделдин белин ашканда,
Бейпайга түштүк ызы чуу.
Барып көрөр бекенбиз,
Кочкор, Жумгал, Кызыл туу.
Күңгөй, тескей Ысык-Көл,
Өрдөк, чүрөк, каз, ак куу.
Кайгыргандан ичкен аш,
Ичибизге жакпайт уу.
Ойлогондо түтүндөй,
Оозубуздан чыккан буу.
Кутулам деп качканда,
Курган экен биздин эл.
Кочкор ата, Кызартты,
Кубакы менен Шамшы бел
Жыргачу элек ошондо,
Жылкыдан минип каракер.
Кайтып көрөр күн барбы,
Каракол, Пишкек кайран жер,
Киндик кесип кир жууган,
Жерге жетер бекенбиз,
Жаңы чыккан большевик,
Жарды-жалчы ошондо,
Теңге жетер бекенбиз.
Жайык талаа сары Чүй,
Кеңге жетер бекенбиз.
Кыргызды тагдыр кыңайткан,
Кытай жакка качканда,
Толкуганда төгүлдү,
Дүнүйөсү ташканда.
Жамкуруят болсо экен,
Өз жерине басканда.
Жетелешип жерине,
Жетебиз деп шашканда,
Келимсектер жер алып,
Жолго түшүп жатканда,
Далай шордуу кырылды,
Тамга жөлөп атканда,
Баш кесилди байкуштун,
Балта менен чапканда,
Келимсектер кер кылбай,
Келип түштү капканга.
Малай болуп кедейлер,
Келимсекти бай кылат.
Өз жеринен ажырап,
Калганына кайгырат.
Качып келген кыргызды,
Чөп сыяктуу айрылап,
Алып келип өлтүрдү,
Айры менен сайгылап.
Какшаал менен Турпандан,
Кайра келдик тырмалап,
Шору арылып кыргыздар,
Кайсы күнү жыргамак.
Көзүнөн кан жаш чыгып,
Күнүн-түнү ыйламак.
Кырып жатат оторчу,
Кылыч менен кыймалап.
Качып барып Турпандан,
Кайта келдик жылыштап,
Жалпы Кыргыз уруят,
Жарыгына чыгышмак.
Жерлерине элибиз,
Жетип алып тынышмак.
Оторчулар ошонтүп,
Ойрон кылды кылычтап.
Таалайы жок биз шордуу,
Таланга түштү малыбыз.
Келимсекке келбеди,
Кеп айтууга алыбыз.
Арманы көп биз шордуу,
Азап тартты жаныбыз.
Качак болуп атанып,
Кайта келдик баарыбыз.
Калыс экен большевик,
Кайсы күнү башкармак.
Батракка көз салып,
Багат деген кастарлап,
Келери менен кууратты,
Келимсектер басмырлап,
Калым өкүмөт кезиксе,
Качкын элдер арзданмак.
Качып барып кытайдан,
Кайта келдик камалып,
Кайгыга түштү биздин эл,
Камчы менен сабалып,
Качабыз деп мал-булдан,
Ажырадык таланып.
Келимсектер кейитти,
Эми кайда баралык.
Үйүбүздүн кейпи ушул,
Өрт алган там карарып.
Жылкы тийип уй кармап,
Оторчулар мал алып,
Кара кыргыз кысылды,
Кандай айла табалык.
Оторчудан кутулуп,
Кайсы жакка баралык.
Жакшылыктан үмүт бар,
Келимсектен башкадан.
Атбашыдан азыраак,
Эл калыптыр качпаган.
Тамак таппай качактар,
Өлүп жатат ачкадан.
Качканында кайран эл,
Дүнүйөсүн таштаган.
Бул замана бузулду,
Булут чыкпай чубалып»
Бурганактап күн жаабай,
Боп-боз болуп тунарыпЖамгыр жаабай авадан»
Жердин жүзү кубарыпЧенеген экен тагдырды»
Чегирткени чыгарып.
Бул чегиртке курусун»
Боз адырдан тарта экен,
Бу заманды тарытты,
Буудай менен арпа жеп,
Атбашы менен Нарыңды
Аңтарылтып анча жепТопурагын айлантып,
Жердин жүзүн жанча жеп,
Бетеге менен шыбактан,
Бирин койбой канча жеп,
Азабы көп чегиртке,
Айтып турса канча желАштык, чөбүн корутуп,
Атбашынын жерин жеп,
Тегиз элин жутатты,
Тескей тоонун теңин жеп,
Дүнүйөнү тарытып,
Түз жеринин көбүн жеп,
Адырмактуу тоо менен,
Ашуу-аскар белин жеп,
Күйүт салды чегиртке,
Күңгөй тоонун көбүн жеп.
Капа кылды чегиртке,
Кара жердин өңүн жепБезилдетти чегиртке,
Беде чөптүн көгүн жепЭнтелетти чегиртке,
Эл жайлоочу төрүн жепАзап салды дыйканга,
Аштык менен чөбүн жепАйдап койгон аштыктан,
Дан калтырбай талап жеп,
Мал оттоого жан койбой,
Жая менен саман жеп,
Топурагын айлантып,
Тоонун боорун жаман жеп.
Аштык чөптөн бир теше,
Көрө албадык аман деп,
Он алтынчы жылында,
Былтыркыдан быйылда,
Кыргыз сарттын бейили,
Каатчылык кыйында.
Ачарчылык эң жаман,
Эл чогулган жыйында.
Жалгыз киши чай ичип,
Эки сом элүү тыйынга.
Элүү тыйын чеп болду,
Миң эле сомдук көп болду.
Эгин таппай кедейлер,
Малын такыр жеп койду.
Ачарчылык тарыхын,
Айта жүрчү кеп болду.
Качак эли бу кезде,
Ачка өлөрү эп болду.
Качак болсо айтууга,
Качкан жылы чек болду.
Оторчунун кылганы,
Кедейлерге кек болду.
Кадагы үч сом кол жетпей,
Набат менен кант болду.
Пулду кымбат кармаган,
Ногой менен сарт болду.
Кымбатчылык кыргыздын,
Жүрөгүнө дарт болду.
Кадагы чыкты үч сомго,
Кантты кантип чагасың,
Бир козуга бир мата,
Араң сатып аласың.
Ачарчылык болгондо,
Ажырап малдан каласың.
Аман болсоң бир кезде,
Жакшылыкты табасың.
Бээжин барып кыргыздын,
Берекесин качырды.
Качып келип кыргыздын,
Дүнүйөсү чачылды.
Жалпы журтка байдалуу,
Жамкуруят ачылды.
Казак, кыргыз кедейлер,
Капилет калба ушундан.
Таранчы, татар, калмактар,
Талабың болсо ушундан,
Бай менен манап төрөдөн,
Башыңды ачып кутулсаң,
Адамдын акын жемекке,
Баштагыдай жутунсаң,
Түп тамырың соолот,
Түрмөгө түшүп кутулсаң.
Ырысыңды кесесиң,
Ынтымак кетип бузулсаң.
Көрөсүң анда кордукту,
Көпкүлөң тартып кутурсаң.
Жалпы тийди мына эми,
Жамкуруят жарыгы.
Акырында туюнду,
Ачка менен арыгы,
Баш кошушуп биригип,
Бакыр кедей карыбы,
Кедейлерге жетишер,
Кеңеш өкүмөт жарыгы.
Качак эли Турпандан,
Кайра келди жыйылып.
Бакыр, кедей-карыбы,
Большевикке сыйынып.
Кедейди койду жайына,
Келимсектер тыйылып.
Бейпайга салган оторчу,
Бели сынды кыйылып.
Чегирткеси жоголуп,
Жердин жүзү оңолуп.
Жыргалы сонун советтин,
Жыгылганды көтөрүп,
Көчмөн кыргыз боз үйлүү,
Эл катары бололук.
Кол кармашып эмгекчи,
Эми жакшы конолук.
Каатчылык жоголду,
Эми заман оңолду.
Ойго-тоого чөп чыкты,
Орок өтпөй көп чыкты.
Большевиктин өкүмү,
Баарыбызга төп чыкты.
Кедейдин жүгүн көтөргөн,
Компартия лөк чыкты.
Куу менен шум зулумга,
Куйкалачуу өрт чыкты.
Баш көтөрбөй тим болду,
Манап менен төрөсү.
Чокойдон кедей ажырап,
Бутунда резинке галошу.
Түлкү, суусар тебетей,
Дукабадан төбөсү.
Батракты көтөргөн,
Большевиктин жөлөшү.
I. КОЗГОЛОҢ
Жыргап жаткан жеримден,
Жылас кылдың Микелей,
Ойдо жок солдат алам деп,
Элди буздуң Микелей.
Оруска алып берем деп,
Жерди буздуң Микелей.
Мурунку өткөн заманды,
Байкап көрсөм чамамды.
Солдат алам деген сөз,
16-жылында,
Июнь айда таралды.
Чоң жандыралы1 кеп айтты,
Чочкобай2 үйөс тең айтты.
Падышанын жарлыгы,
Солдат алам деп айтты.
Эл башчысы кел деди,
Тезинен жооп бер деди.
Он жети менен кырк жашты,
Солдат алам мен деди,
Токмокко журт жыйылды,
Күлкүлөрү тыйылды.
Айласын таппай бул сөзгө,
Журттун баары кысылды.
Ар түрлүү акыл башташып,
Көңүлдөрү бузулду.
Күүлүү кыргыз ошондо,
Жашы менен карысы,
Өң билгичтин баарысы
Жакшылыкча кеңешип,
Бир түрлүү пикир алышты,
Кытайдан кабар ал деди,
Барып жерин чал деди,
Көрүп жүргөн ал элде,
Самудин деген бар деди.
Сарбагыш, тынай кетели,
Тынчыраак жерге жетели.
Чыркыратып балдарды,
Солдатка берип нетели.
Микелейдин чоңдугу,
Биринчи кылган кордугу,
Жерибизден айырды,
Абалкы кылган зордугу,
Спискеге сал деди,
Үч бөлүгү малыңдын,
Бир бөлүгүн ал деди.
Ушу сөзгө журт камданып,
Үркүүгө баштап шайланып,
Ээр токум жабдыгын,
Ар ким өзү камданып,
Кулагыбыз серейип,
Эки жакка элейип,
Сегизинчи августта
Жатыр элек делейип.
Күн чыгыш каштек элинен,
Элиги ажы бир казак,
Кабар берди четинен.
Казак уруш салды деп,
Алматы жалгыз калды деп,
Челек баштык, төрт калаа,
Тегиз талап алды деп.
Дүрбөп кыргыз аттанып,
Жетиген кыпчак камданып,
Казак-орус жайлаткан,
Бөксөдө жаткан малды алып,
Баштык болду Боронбай,
Бердике менен Оторбай,
Кыпчактан чыккан башчысы,
Бир тууган уулу Чагатай,
Күн чыгарда баштадык,
Бешимге чейин качпадык,
Чаптырып адам жибердик,
Мөкүш менен Султанга,
Катылып алып оруска,
Караан издеп куу жанга,
Үркүп калдык дүрбүйүп.
Түн кирген соң куптанга,
Үркүп барып не кылдык,
Бел-Сазды беттеп бурулдук.
Түн боюнча Султандын,
Үйүнө барып жыйылдык.
Таң ата салдык урушту,
Уруш кылып турушту.
Бал челекчи орустан,
Анча-мынча кырышты.
Чоң-Кеминге куралдык,
Ай туяк союп туу алдык,
Кан көтөрүп Мөкүштү,
Аскер жыйып куралдык.
Бар элге Мөкүш баш болду,
Ашкере өңкөй жаш болду.
Бүткүл эл солдат бербейм деп,
Некелейге кас болду.
Түңүлүп кеттик мал-жандан,
Шол иштердин жөнүнөн,
Мурунтан кыргыз камданган.
Алыкени жибердик,
Алматы уезд казакка.
Эркек адам калган жок,
Чыкпай калган жасоого.
Эки киши жибердик,
Күңгөй-тескей саякка.
Күнү-түнү жол жүрүп,
Барган жерди арага.
Барча кыргыз козголду,
Тогузунчу август чамада.
Бир болуштун ичинен,
Он беш мылтык табылды.
Карагайдан жардырып,
Найза кылып чабылды.
Мылтык кармап Ыбырайым,
Абийирибиз жабылды.
Азык кылып айранды,
Канжыгага байланды.
Тоюна бир уй союшуп,
Оокат минтип жайланды.
Көтмалдынын жеринен,
Көк мойноктун белинен,
Төлөнүн уулу Ыбырайым,
Төрт араба мылтыгын,
Көргөн ошол четинен,
Эки-экиден арбага,
Олтурган экен солдаты.
Сокубаш мерген жанында,
Ыбырайым жандады.
Балыкчынын Акчийде,
Атмакка мылтык камдады.
Көтмалдыдан аталбай,
Атууга жалгыз баталбай,
Мылтыкты көрүп кайран эл,
Токтоп чыдап жаталбай,
Астыртан чаап барышып,
Чий жамынып алышып,
Келе жаткан солдаттын,
Алдынан бугуп калышып.
Арылдатып аттарын,
Солдат келет түйүлтүп,
Атын атып өлтүрдү,
Токтолду арба урунуп.
Бир солдатты атканы,
Жыгылып солдат жатканы,
Түшө калып башкасы,
Балыкчыга качканы.
Бир жүз сексен барданке3,
Ыбырайым басканы.
Барданке колго тийгенде,
Анан кыргыз шашпады.
Алматы, Токмок солдаты,
Келип калды ада мол.
Көк-Жон деген жеринде,
Кашка жолдун белинде,
Атышып калдык беттешип,
Саат тогуз ченинде
Бокорович баласы,
Кемисар солдат саласы,
Токсон солдат ээрчитип,
Келген жерин карачы.
Отуз солдат бөлүнүп,
Жол-Булакка чыгышты,
Эки жол менен киргени,
Кыргыздар абдан билишти.
Мөкүш, Төлө, Чагатай,
Байымбет, Белек, Боронбай,
Кашка-Жолду беттеди.
Отуз мерген ээрчишти,
Алдын тосуп эптеди.
Аткан мерген октору
Бири сая кетпеди.
Бокорович баласы,
Ок тийип аттан жыгылды.
Башкасы атын ташташып,
Жол-Булакка тыгылды.
Султанга ок жаңылды,
Комиссары жанынан,
Катуу буйрук табылды.
Жети саат кыргын деп,
Жандрал кылган амырды.
Амыры эки болбогон,
Ал жолдо орус оңбогон.
Жол-Булакта орусту,
Калың кыргыз торгогон,
Айдап тамга камалтып,
Аны да кыргыз койбогон.
Үч сааттай атышып,
Бир далай кыргын табышып,
Помощниктер баш болуп,
Кайра кетти качышып.
Буйрукту кыргыз укканы,
Эсибиздин чыкканы.
Кытайды көздөй бет алып,
Үркүп көчүп чыкканы.
Жөнөдү үркүн шарактап,
Көздөрүбүз алактап.
Көлүгү жок начарлар,
Ээ кылбай байды карактап.
Кызымчылык тапканы,
Үч жерде солдат капкагы.
Каршы туруп атышып,
Кайран Мөкүш сактады.
Ыбырайым, Мөкүш болбосо,
Кыйратат эле ал кезде,
Катын менен баланы.
Ыйлатат эле ал кезде
Мылтык менен жыга атып.
Кыргыздан мал калган жок,
Көрдүк далай кызыл чок.
Орустун малын союп жеп,
Карыныбыз болду ток.
Тигилүү бойдон үй калды,
Таңылуу бойдон бул калды.
Алда башка салган соң
Анык бейиш Чүй калды.
Баратканда барча4 эл,
Бай жардысы тең болду.
Күдөр үзүп малынан,
Байдын пейли кең болду.
Байлар жакшы март болду,
Көрбөгөн мурун ал чөлдү,
Мал турсун жандан түңүлүп,
Көңүлүнө дарт толду.
Жыйырманчы августта
Ошондо ашуу белде элек.
Беделди ашып түшкөнү,
Кара ташты сүзгөнү,
Жерин көрүп кайран эл
Жандан күдөр үзгөнү.
Карасаң жери кара таш
Көргөн соң көңүл болду мас
Аягында көрөрсүң,
Баарын көргөн ушу баш.
Кулансарык дегени,
Куйкаланган жер экен.
Шол жердеги чериктер
Биринчи куу эл экен.
Жалгыз этек саманга,
Бир кой алам деген бар,
Акыры алат бир койду,
Бербести бизге ким койду.
Алсыраган кыргызды
Алып чегип куп койду.
Делбе деген чөп чыкты,
Душман бизге көп чыкты.
Жылкы малдан айырып,
Уланып делбе чөп чыкты.
Сарттан көрдүк кордукту,
Жериме малың түштү деп
Чыркыраткан зордукту.
Чоң байлар кетти бөлүнүп,
Кашкоңур деген жеринен
Орто бай, наар калышты,
Турпан, Аксуу элине.
Айдап жүргөн малыбыз,
Жетпей кыштын теңине
Мал жетпеди үч айга,
Тентип кирдик ар жакка,
Бир-бирине карашар,
Мурункудай күн кайда.
Оторбайдын малдары
Начар болду ат дагы.
Андан төмөн начарлар,
Кантип калат жандары.
Оокат издеп бетинен,
Тентип кетти кайран эл,
Өлө берип четинен
Кемип кетти кайран эл.
Бир сары тери жамынып,
Кейип кетти кайран эл.
Тамак үчүн малайга,
Жүрүп кетти кайран эл.
Арзан сатып бүтүрдү,
Айдап жүргөн малдарын,
Чыркыратып ыйлатып,
Акыры сатты балдарын.
Башына мүшкүл түшкөн соң,
Асырады жандарын.
Оторбайдын балдары
Кеткенден соң алдары,
Бозо сатты байкуштар,
Кесме кылып казанга,
Кошо сатты байкуштар.
Кайран эл жерин сагынды,
Кудайга ыйлап жалынды.
Уруят деген жакшы сөз,
Шол кезекте жайылды.
Уккан соң эл кубанды ай,
Баш аягы уланбай
Бет-бетинен жөнөдү,
Дегдеп чыдап туралбай.
Казан кармап мырзалар,
Эки колун көө басты,
Минерине күлүк жок,
Этегин түрүп жөө басты.
Уруят деп кубанып,
Азыктан талкан, ун алып,
Жолдо ооруп көбүбүз,
Сандалып калдык чубалып.
Ооруганын жетелеп,
Ашууну көздөй төтөлөп,
А кудай жерди көрсөт деп
Жүрө бердик энтелеп.
Ашуунун көрдүк чоңдугун,
Аркайган тоосу молдугун,
Айта берсең түгөнбөйт,
Жолдо көргөн кордугун.
Шакылдатып таш басып,
Көк-Жырым, Бедел зорго ашып,
Жолдо өлгөн өлүктү,
Коё албадык көр казып.
Кара ташты оерго,
Жабдык жок бизде коерго,
Жетиштүү тамак бизде жок,
Ашыкпай ичип тоерго.
Жүрөрүнө шайман жок
Тирүүлөй калды өлүгү,
Жок болгон соң канетет,
Минерине көлүгү.
Орус чыкты алдынан,
Эл түңүлдү жанынан.
Басмачы орус айырды,
Бирин-серин малынан.
Өл эркинче болушту,
Бир шыпыра кыргызды,
Басмачы орус союшту.
Андан аман калганы,
Чубап Чүйгө барганы.
Ачарчылык кез болду,
Бир кудайдын салганы.
Бет-бетинен каңгырап,
Тентип кетти кайран эл.
Ачкалыктан кырылып,
Кемип кетти кайран эл.
Издеп жүрүп орустар,
Абийириңди кетирет,
Аны орус тааныса,
Ачуусу келсе өлтүрөт.
Малымды алып кетти деп,
Тепкилеп жатып бүтүрөт.
Эки оору бир келсе,
Ажалыңдын жеткени.
Эки доочу бир келсе,
Абийириңдин кеткени.
Ачкалык, орус биригип
Эки жактан эптеди.
Кыргыз, дунган, казакка
Тарап кетти таманы.
Он сегизинчи жылында,
Совет власть оңолуп,
Зордукчу орус жоголуп,
Насип болуп биздерге,
Кодура чыкты оролуп.
Өкмөттөн суранып,
Калганыбыз куралып,
Кичи-Кемин оозунан,
Жыйылыштык куралып.
Жыйылышып барганы,
Өлүмдөн аман калганы.
Бир жүз элүү үй болдук,
Сезимде жок калганы.
Большевикке сыйындык,
Башында жаман кырылдык.
Адилет заман болгон соң,
Акыр түбү жыйылдык.
II. КОЗГОЛОҢ
Козголоң алдындагы кыргыз элинин ал-абалы.
Көпчүлүктүн аламандан кысталганы
Он алтынчы жылында
Никелейдин кылымда.
Кара чарба дыйкандар
Күйүп кетти чыгымга.
Күчөп кетти алманы,
Күйүп кетти жандары.
Жарды кедей дыйкандын,
Ичи толду арманы.
Өтүп кетти зардаби,
Күйгүзүштү чарбаны.
Күчөгөнү манаптын
Николайдын залдары.
Жаз болгондо той кылды,
Түтүнгө он кой кылды.
Чыгым бербейм дегенге
Бир тогуз мал ой кылды.
Кечендерди бой кылды,
Кара дүлөй чой кылды.
Кыргыздагы бай-манап,
Залимдигин чоң кылды.
Ырайым кылбай сөзүнө
От чагылтты көзүнө.
Элүү башы, он башы,
Куйрук кылды өзүнө.
Азчылыкта бай-манап,
Көпчүлүктү талады.
Жарды чарба дыйканды,
Айбан малдай санады.
Залымчылык адатты,
Кылдап турду манапты.
Участковый, уезд бий,
Өз көзүнө каратты.
Бий чогулуп топ кылды,
Залимдигин от кылды.
Каршы болгон адамды,
Айдап ийип жок кылды.
Жаман тийди залалы,
Айдап келип камады.
Чыгымга малы жетпесе,
Байлап алып сабады.
Бойдок болуп кул болду,
Катындары тул болду.
Чыгымын таап бере албай,
Кызыл өңү сур болду.
Малай болуп тарады,
Байдын көзүн карады.
Чыгым акча табалбай,
Малайлыкка жарады.
Кызыл чогу кылчылдап,
Тилдеп турду былчылдап.
Көтөрмөгө бул берип,
Сарт күчөдү чыртылдап.
Соодагер сорду кандарын,
Кыйнады элдин жандарын.
Кыйнап ийди элдерин,
Чыгарды го демдерин.
Каракол, Чүй калкынан,
Келимсек алды жерлерин.
Жер айдатпай кор кылды,
Төрт тарабын тор кылды.
Николайчыл уруктар,
Залимдигин чоң кылды.
Элдин баары кысылды,
Заманасы бузулду.
Никелей менен бай-манап,
Коштоп алды кысырды.
Бай-манапты жайлады,
Баки журтка сайрады.
Империячыл Никелей
Кара дыйкан чарбаны,
Рабочуга айдады.
Кара журттун бакиси,
Жалдырап көзү жайнады.
Он алтынчы жылында,
Онунчу июль айында,
Болуш менен песирлер1
Чыгып барды айылга.
«Рабочу бер» — деди
Каттап кирди элдерди.
Он жетиден отуз бир
Жашына кылды мелчемди.
Аламын деп чек кылды,
Кыжылдагыз кеп кылды.
Ак паашачыл байчылык,
Масылат менен эп кылды.
Букарадан шек кылды,
Жандарымды2 сеп кылды.
Губернатор уезди,
Бүтүм кылып бек кылды.
Испискеден санады,
Далай адам жарады.
Капиталист, помещик,
Падышанын залалы.
Бай-манап айтат баралы,
Ойлоп акыл карады.
Падыша өкүм кылган соң,
Барбай киши калабы?
Санап элди айдашат,
Кыйыктап кайта жайлашат.
Жан-жаныбар калың журт,
Жалдырап көзү жайнашат.
Отузунчу июлга,
Буйрук чыкты жыйынга.
Алынат август айларда,
Аңгыча турсун жайына.
«Август айда алам деп,
Арабага салам деп
Барбайм деген адамдар,
Тирүү жүрмөк арам» — деп
Чочкобай3 жардык угузду,
«Чогултуп келсин тамам» — деп.
Капилет жаткан кыргыздын,
Түшүрдү жерге жылдызын.
Орустун өз элинин,
Барына болду бул кысым.
Балээ келди ушул жыл,
Баш катты минтип түптүү эл,
Тегиз алмак болгон соң,
Жүрөгү күйдү кыпкызыл.
Турмуш жаман кысылды,
Бейилдери бузулду.
Ушак кылып жамандап,
Паашага кылды кусурда.
Ысык-Көлдүн аркысы,
Кеңеш кылды жалпысы.
Байсоорун, Түп, Жыргалаң,
Караколдон наркысы.
Калак, дунган элинен
Семиз бел Артык жеринен,
Болжоп байкап караса,
Урушмак болду кебинен.
Чүй бетинде тынайдан,
Козголмок болду далай жан.
Эки Кемин, Жол-Булак,
Кеңеш кылды сөз курап.
Кара-Булак, Каштектен
Масылат чыкты сөз улап.
Он бир жылга, Кызыл-Суу,
Урушмак болду Чүй эми.
Элде бузук барбы деп,
Аңдып жүрөт нечен куу.
Бурана, Шамшы жердеги,
Кегетинин элдери.
Эски Токмок, Биркулак,
Урушууга дегдеди.
Кара-Кочкор, Жумгалды
Көрө албадык турганды.
Ичи күйүп калың эл,
Кайратына курчалды.
Кара-Кужур, Сары-Булак,
Кабарлашты сөз курап.
Атбашы менен Нарындан,
Заманасы тарыган.
Талпынбай адам калган жок,
Жалпы кыргыз барынан.
Камданбай адам калган жок,
Никелей менен урушуп,
Өлгөндө арман калган жок.
Баары кыргыз кел деди,
Урушууга дегдеди.
Жаштарын такыр алмакка,
Никелейдин мелчеми.
Чалдын баары чамынды,
Узун шыргый копшотуп,
Журт жаңылап конушту,
Каны кызып болушту.
Жан бүткөндүн баарысы,
Сонун делбе болушту.
Бай манаптан кеп чыкты,
«Урушбайлы» — деп чыкты.
«Калтырам» — деп солдаттан,
Канат-бутап жеп чыкты.
Никелейчил чоң дешет,
Урушбаган оң дешет.
Аскери курттай жайнаган,
Паашанын күчү чоң дешет.
Олжо алып жыргап күлүшкөн,
Ушуну айтып жүрүшкөн.
Элге чыгып ой деди,
Бул сөзүңдү кой деди.
Жандын баары бузулду,
Бөлүп калбай кой деди.
Чайкалды дыйкан жардылар,
Жамы иштин баркы бар.
Коркутушуп манапты
Кошуп алды жалчылар.
Башчы кылды манапты,
Багынтып алып жалпылар.
Кара дыйкан калың эл,
Маслатыбыз бир болду.
Айласы жок куп деди,
Манаптан башка миң болду.
Манап жүрдү ийикпей,
Башканын баары кийиктей.
Кан шайлашты манаптан,
Жалчылар жөндү билишпей.
Кан болушту манаптар,
Аскер болду малы аздар.
***
Буйрук маалы болгондо,
Август айы толгондо
Тандап минип аттарды,
Жалпы чыкты чоң жолго.
Тике турду Кеминден,
Мал талады тегинден.
Узун шыргый кесишип,
Уч кылышты темирден.
Тарсылдатып калышты,
Карагайга барышты.
Бакандарын учташып,
Найза кылып алышты.
Чочмор менен салышты,
Чоң жыйылып алышты.
Шабдан уулу Мөкүштү
Кан шайлашып алышты.
Пасылкеге4 барышты,
Баарын чаап салышты.
Көкүрөк жагын сап кылып,
Чым-Коргонго барышты.
Беш-алты күн турушту,
Жан аябай урушту.
Жетиген менен абыла
Баштады мурун жумушту.
Оторгул деп коюшту,
Башын кесип союшту.
Талап алып малдарын,
Олжо кылып бөлүштү.
Кармап алып байлады,
Кулактын көзү жайнады.
Участковый чакырып,
Самүдүн, Дүрдү кармады.
Самүдүн качып кайтканы,
Кыргыздын тузун актады.
Кайра келип элине,
Көпчүлүктү жактады.
Келатканда Тайгактан,
Он араба жайнаткан.
Көрүп келип бир адам,
Беш атар менен ок аткан.
Аман келди жерине,
Айтып келди Кеминге.
Ок мылтыгын алсак деп,
Акылдашты элине.
Ыбырайым Төлө уулу,
Угуп алды ал муну.
Эки киши ээрчитип,
Арабаны ал тосту.
Араба качып кетти эле,
Көтмалдыда жетти эле.
Тосуп алып солдатты,
Мергендигин чечти эле.
Жети жемшит5 айдаган,
Ок дарысы жайнаган.
Он эки салдат кароол
Кылычтарын кайраган.
Тосуп алып атышты,
Солдат окоп казышты.
Ыбырайым адис эр,
Мергендигин татытты.
Барып көрдү ал муну,
Ок-дары экен куржуну.
Жыйылып келип калышты,
Семиз-Белде арык, көп бугу.
Ыбырайым жарады,
Бугулар келип карады.
Бугу менен тең бөлүп,
Ок-дарыны санады.
Олжолорун санашты,
Бөлүп алып тарашты.
Ыбырайым көкжалды,
Көргөн бугу жаратты.
Күмбөздө качпай Дүр калды,
Көрөмүн деп жыргалды.
Жакшы көрдү тептегиз,
Кыргыздын баарын кырганды.
Алматыдан кол келди,
Казак, орус мол келди.
Кеминдеги кыштакта,
Кулакка көмөк бергени.
Бузук бар деп угуптур,
Кеминди көздөй чыгыптыр.
Кубалап сүрүп калганын,
Чоң Кеминге тыгыптыр.
Казак орус каптады,
Каркырадай аттары.
Чыгып барып тоолорго,
Кыргыздын баарын атканы.
Боз аттуу төрө баш болуп,
Кайратына мас болуп,
Аттуу солдат бир жүздүү,
Ээрчитип ашып баш болуп.
Көк жонго жөнөдү,
Баштамак болуп өнөрдү.
Кырмак болуп кыргызды,
Артынан түшүп өмөлдү.
Адамдын баары качышты,
Качып үркүп жатышты.
Ыбырайым баатыр эр,
Төшөп туруп атышты.
Бир аттуу төрө чамынды,
Кырга чыгып барылды.
Атаке менен сарбагыш,
Агызам деп каныңды.
Чыгып келген боз аттуу,
Түшө калып бир атты.
Тикесинен тик түшүп,
Төрөсү өлүп жатышты.
Аркасында солдаттар,
Жан-жабыла бул качты.
Кырдан тоскон кыргыздар,
Жан-жабыла ок атты.
Тоноп көрүп төрөдөн,
Чөнтөгүнөн кат тапты.
Чакырып келип Белекти
Перевотун угузду.
Катында аны баргын деп,
Аскерди баштап алгын деп,
Бузук кылган элдерге,
Башына каран салгын деп,
Айтканымдан жылба деп,
Бөлөк элди сында деп,
Атаке, сарбагышка
Ырайым-шапкат кылба деп.
Жалынып келсе болбо деп,
Жалгыз эме койбо деп,
Такыр кырып аларды,
Башкаларды ойло деп.
Мына ушундай кат чыкты,
Уккан элге дарт чыкты.
Мөөр басып кол койгон,
Палпом6 деген ат чыкты.
Боз аттуу төрө шайтанды,
Ыбырайым март жыкты.
Отуздайы кутулуп,
Жетимиши жан чыкты.
Ыбырайым баатыр эр,
Мергендик менен туу жыкты.
Мергендиги ушундай,
Кутказбай атат чымчыкты.
Кашка жол менен жүз жыкты,
Ошолор жаман түз чыкты.
Казак-орус шаймандуу,
Жарактар бар көп мыктуу.
Кеңешип алып кырк баатыр,
Найзасын алып баратыр.
Бир чакырым үстүнөн,
Бараткан жери Каракыр.
Найзасын колго алышты,
Качырышып калышты.
Солдатты көздөй бет алып,
Жан-жабыла чабышты.
Солдаттын баары сес болуп,
Аттан түшө калышты.
Жата калып баарысы,
Мынтыгын колго алышты.
Эми чукул калганда,
Жамгырдай атып салышты.
Үч кишиси окко учуп,
Кайта кайтып барышты.
Эки миң аскер колго алган,
Шамшыны ашып жол салган.
Бир-Кулак көздөй каптады,
Башчы болуп Канат кан,
Кулакты жүндөй каптады.
Кошулду канга Бөлөкбай,
Уруш кылды жатып жай.
Пасылкенин далайын,
Токмокко сүрүп камады.
Найзасын алып калкылдап,
Жаккан оту жалтылдап.
Беш-алты күн жүрүштү,
Алабыз деп чыртылдап.
Паашачыл бекер жатпады,
Казак, орус каптады.
Чүйдөн айла жок болуп,
Канат кан кайта качканы.
Элдерин жыйнап кеңешип,
Өзүнүн алын чактады.
Байдаалысын арттырып,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 07