Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 18

Total number of words is 4096
Total number of unique words is 2092
30.8 of words are in the 2000 most common words
43.6 of words are in the 5000 most common words
49.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Ой чунак, неге кылчактайсың, оңоюна келгенде оң бөйрөккө сайбаган
зордукчул казак сенин атаң беле, жотоң беле, аяп жатсаң тур жолдон, мен акыретке
аттантайын», — деген үнү тоо-ташты жаңыртты, уялганымды айтпа, айкырып,
жоону атынан алып түштүм, деп ар дайым эскерип калуучу дейт, Балбай баатыр
барк-барк күлүп.
Биз бул жерден Өмүр баатырдын бейнесин кененирээк чагылдыруу максатында
Алдаш Молдонун «Ормон менен Балбайдын чабышы» аттуу поэмасынан
үзүндүлөрдү келтирели:
...Өмүр баатыр, эр Балбай,
Казанат мыкты эр экен,
Калың бугу журтуна,
Калалуу коргон чеп экен.
Муратаалы, Боромбай,
Казылык кылган бек экен.
Кан Ормонго куда экен.
Бугу менен сарыбагыштын эрегиши айрыкча эки тарап ордо ойноп, бугунун
ордочусу ордо ханын Ормон хандын башынан ашыра чертип ийгенден кийин «отко
май таамп» Ормон хан 1854-жылы 300дөй киши менен көлгө аттанып чыгат, калың
кол Ысык-Көлдүн күңгөй тарабына убап-чубап жөнөйт. Арадан аз убакыт өтпөй
жоолашкан эки эл беттеше түшөт.
...Күнгөй менен тескейдин,
Арасы туман чаң болуп,
Сарыбагыш менен Бугудан,
Саяк менен Чородон,
Сан жеткис адам көп өлдү,
Сары-Булак, Күрмөнтү,
Акпай суусу бөгөлдү...
...Балбай кирди батууга,
Кыя тартып коктуга,
Кызык жерде буктурма,
Кырк жигит менен турууда.
Төрөгелди баатырын,
Кыйгач өөдө, озууда.
Балбай баатыр күүлөндү,
Өзүбекке сүйлөндү,
«Бугу качып калдыбы?
Кудай уруп салдыбы?
Же Өмүр өлүп калдыбы?
Балбай турат батууда,
Өмүр анан бар болсо,
Эми качан тозот, деп,
Чолок сакал, бараң кул,
Кай жагымдан озот деп,
Жанымдагы кырк жигит,
Чар тарапты күзөт деп.
Даярданып турганда
Шатыдан төмөн сеңирден,
Замбиректей заңк этип,
Табышы чыкты Өмүрдүн...
Өмүрдүн үнүн укканда,
Акылбек баатыры,
Аюке, Майтык, Сарыбай,
Өмүргө чыдап туралбай,
Качып калды кайрылып,
Өмүр баатыр бакырды,
Шапак деп ураан чакырды.
Сары-Булакка качырды,
— дегендей Белдин бетин бербей каптап келе жаткан калың жоонун оңтоюн Балбай
баатыр күтүп турат. Өмүр баатыр өзүнө таандык колду баштап, ат үстүнөн Балбай
баатырга кеп тизгинин ыргытат:
— Ээ чунак, жоону күтүп алчуубу? — Дүрбүсүн туш тарапка салып турган Балбай
баатыр, Алдаштын тукуму Токойдун тукумунан көптүк кылат деген мааниде:
— Күтпөсөң уйпалап, ал, — муну уккан Өмүр баатыр найзасын сунуп, «Шапак»,
«Шапак», «Шапак» деп ураан чакырып душмандарды качырып кирет.
Өмүр баатырдын Балбай баатырдан айырмасы кепти ташка тамга баскандай
таамай айткан, үнү аябай катуу чыккан, анын:
— Тарт мурдуң кесилгир! — деген сөзү тоо-ташты жаңыртып, жигиттерге
кадимкидей дем берчү экен. Жумурай журтка белгилүү сан жылкылуу Сарыбайдын
атасы Солтонкулунун жылкыларын калмактар олжолоп кетет. Жоонун кабарын
чукул угуп, жаткан төшөгүнөн шашып турган Өмүр баатыр «артын кууп жетейин»,
деп жоо-жарагын унутуп, көйнөк дамбалчан Көк кашка деген күлүгүнө жайдак
минип, уурулардын артынан кууп жетип, кээсинин эсин оодара чаап, кээсин кызыл
канга бөлөп, баатырын жекеге чакырып, башын кыя чаап, олжого кеткен жылкынын
алдын кайрып келе жатканда мал ээси алдынан тосо чыгып, намысты колдон
чыгарбаганына сүйүнүп, бир чети Өмүрдүн баатырдыгына баш ийип, жалынып,
жалбарып жиберет:
— Сени төрөгөн энеңден айланайын, сен берген кудайдан айланайын...
Өмүр баатыр каза болуп чийге алынганда жамакчы, кошокчулар сөздү
куюлуштуруп айткан жез таңдайлар баатырды макташып, даңкташып биринен бири
өтүшүп үн созушат. Келин-кыздардын кошогу аяктап калганда Карачтын чанып
жүргөн жубайы үн созгондордун аягына отура калып, сыздап жиберет:
— Кан атам, учкаяк минип чуркаткан,
Кан атам беттешкенин кулаткан,
Адамдан чыккан шер эле,
Бугуга зоодой бел эле,
Кан атам, эбегейсиз эр эле,
Калкына тоодой бел эле,
Кадимки Балбай баатырга,
Кара тоодой чеп эле.
Кан атам, аргымак минсе кайышкан,
Зоотсуз чыгып сайышкан.
Кан атам, Көк кашка минсе кайышкан,
Көйнөкчөн жүрүп сайышкан...
Он эки канат ак өргөөнүн сыртында, топ эркектердин арасында кайгыдан
кабыргасы кайышып турган Солтонкул келиндин таамай айткан кошогун укканда
кадимкидей көзүн жашылдантып. — Бул бейбак ошондо баатырымдын жанында
жүрдү беле? — деп жашып кетип, кошокчуга кымкаптан чапан жаптыртат, анда
Карачтын чанып жүргөн жубайы:
— Бул чапан мага жарашпайт, эл кеткенде эримдин эрке талтаңы үстүмдөн
чечип албайбы, андан көрө мага Карачтын эле үстүндөгү чапанын жапкыла, кантсе
да кудай кошкон ак никелүү жубайым эмеспи, өзүн сейрек көрсөм да чапанын күндө
көрүп турайын, муну уккан жигиттер бүлкүлдөп күлүшүп: өкүрүп турган Карачтын
чапанын ой-боюна койбой үстүнөн сыйрып алышып, келиндин үстүнө жабышат.
Нары барктуу, нары нарктуу Солтонкул:
— Өмүкемдин кандай адам экендигин билген неме, эр кадырын кантип
билбесин, мындан кийин жалпы белекте маркумду жоктогон кыз-келиндерди ушул
бейбак тейлесин, дейт.
Эрдиги менен элге алынган Өмүр баатырдын өткөн өмүрүндөгү бир күндүк
баатырдыгын таамай сүрөттөгөн кошогу үчүн Карачтын чанып жүргөн аялы
күйөөсүнүн ичин жылытып, калайык калкка алынып кетет.
ОРМОНДУН КЕРЭЭЗИ
Кулан балам! Сени бугуга менин балдарым кайтадан жибербейбиз десе көнбө.
Жана да эшиктен көрөгөчкө каратып коюп, сарбагыш эми мен бардагыдай болбойт.
Үмөталы урушчагын коюп, элди аздырбасын, эл-журттун акылын Куттук уулуна
(Шаменге) салсын. Бугу кылжырдын баласы, зили тууган эле. Өздөрү кайрылбай
турган кара мүртөс журт эле. Кокустан элдиктен биротоло кетип калбасын, эгерде
журтташыбыз десе сарбагыш мен үчүн намыс кылбастан кыя тартып журт болсун.
Эгерде журт болбосо Жантайга ишеним жок эле. Төрөгелди мен деп жүрүп өлөр.
Көлдү үч айлансын. Мырзага Адил көз салсын, деп башка сөздү айтамын деп айта
албаган, онтоого кирген. Орозодо таңга жакын өлгөн. Сөөгүн кара буурага артып
келип, эки ак-суунун ортосуна жашырып көмгөн. Бул чакта Үмөтаалы деген улуу
баласы, Нарында Бетикаранын талаасында болуп, андан айылы менен көчүп келген.
Ормон өлдү деп укканда катыны: «Атан өлсө тайлак бар, кому жерде калган жок», —
деген. Ормондун бүткүл сөзүн Кулан айткан. Үмөтаалы тууралу анын кызынын
кошогу:
Чоң атам көлдү көктөдү,
Өз атам чоң Нарынга көчкөнү.
Калың бугу камаган кан атакем,
Өлдү деп түндө кеткен чабаган.
Үмөталы жокто Ормонго бата окуп коёюн, деп Надырбек кыргызынан кубат уулу
Кудайменде келсе, анын мурдун Ормондун улуу катыны Кусубалды кесип алган.
Кудайменде аюке уругу, Надырбек Бегиш уулуна келгенде бекитип туруп, аттаптондоп Кудайменден качырып жөнөткөн, Надырбек Калыгул даанышман түгөйм
деп өкүрүп келгенде кошкон:
Абыке, кубат эки урук,
Туугандыктан безгенбиз,
Кудайменде куйручук,
Кармап мурдун кескенбиз.
Ачууланып энекем,
Кокус кесип салганбыз,
Кагылайын, Калаке,
Көңүлүңүзгө албаңыз.
Кудайменде мурдун кескен себеби, абыке, кубат деген эки урук, Ормонду бугу
өлтүргөндө бугунун ичинде болгон. Ошол үчүн тууган боло туруп, эмне үчүн
өлтүртөсүң деген таарыныч болгон. Чындыгында Ормонго төрт ата тууган. Чоң
согушта абыке менен кубаттын боз балдары абдан эрдик көрсөтүп, көп сарбагышты
өлтүргөн. Булардан жырык Ташыбек деген баатыр жигит жалгыз өзү 40 кишини
өлтүргөн. Кудайменденин мурдун кесип алганына абыке, кубаттын боз балдары өтө
намыста болгон. Үмөталы тууганым (Кудайменде) менен жакшылап сүйлөшүп,
бугудан абыке, кубатты көчүрүп алат элем, бекер мурдун кестиңер деп артыкча капа
болгон. Төрөгелди өкүрүп келгенде Ормондун Кулан деген кызы кошкон: «Окенди
(Ормон) Бокен (Боронбай) сойгондо, Төкө (Төрөгелди) төмөнкү Пишпек коргондо»,
— деген. Демек, Төрөгелди Пишпектеги өзбек бегинин камоосунда болгон.
Ормондун кошогунан: Сарапчысын тартынып, Сагын кайдан аттанды, кан атамды
жастанды, Көк чаар атын моюндап, саадак огун артынып, ок-дарысын коюндап,
Солтонбеги аттанды, Султанымды жастанды.
Куландын кошкону:
Кашкарлык сарт камалган,
Кан атамдын даңкына,
Кара калмак таң калган,
Кызматын кыпчак ушаткан,
Кылычын казак бошоткон,
Көрбөй жоосу багынган.
Төмөнкү калың кокондук,
Тартуу берип жагынган.
Ажалың жети аңдоосуз,
Бир кылжырдын тукуму,
Бир атадан тең тууган.
Ормонду кан көтөргөндөн баштап кызыл тебетей жеке эле өзүм болдум деп, кыз
ала качканга кырк жылкы айып, эркектин куну 300 жылкы, аял 150 жылкы, ууру бир
тогуз айып төлөсүн деп эреже жүргүзгөн. Албетте, мунун көбү Ормондун пайдасына
кеткен. Ормон айтканынан кайтпаган катуу киши болгон. Ушул себептен «көк
мелтей» аталган. Узунураак кара сакал, өңү кара сур, бою узун, орто семиз, качан
болсо да атка мингенде этеги соорусун жаап жүргөн. Бугу, саяк Ормонду өлтүргөн
соң Каркырага көчүп барып жай алганда, жараш сөз болуп, сарбагыштан Шамен
менен Калыгул баштык, 3—4 киши бугудан — Боортопой, Тилекмат жана Боромбай
чыгып, сарбагыштар Калыгул кундан мурун кыздын кызылына кырк кыз бер,
катындын карасына 60 катын бер, Ормондун куну үчүн 1000 төө, 3000 жылкы, бугу,
саяктан 9 сулуу кыз жана алардан тандап кырк күлүк, жети эрдин каны, жана көл
айланасынан чыга берсин дегенде: бугулар муну бергенче Кытайга карап
кетпейбизби деп тарап бастырып кеткен. Бугу менен саяк калмактар менен
илгертен чектеш болуп, алардын малын алып, тынчын кетирип жүргөн Жана
кыргыздар жерибизден айдап чыгабы деп өтө кооптонгон. Бугу менен саяк
кеңешип: күз жакындап келе жатыр, калмак болсо биз менен жоо. Казак болсо дагы
сырттап калды. Кыш камын жейли деп, көбү сүйлөшүп сөздөрүн токтото албай, арык
тукуму кыргызы Токсобай бийге акылга келген. «Биз кеңешип акыл таба албадык.
Артыбызга болсо кан төгүп келдик, алдыбызда казак, калмак дагы жоо боло турган
болду. Баарыбыздын чогулуп батар жерибиз, барар тообуз барбы, сиз бул жакты
көп-көп аралап жүрдүңүз эле», — дегенде Токсобай көптөн кийин: «10 түндөн
чачырап тентип кирип, ар кайсы айылга киренди болбосок, баарыбызды батырар
жер жок. Бугу, саяк кайта Көлгө түшкүлө, Ормондун өлүгү бир жыл күйүп жалын чок
болор, экинчи жылы жок болор. Азар болсо жанакы Калдуубет кызыталактын
(калдуу бет деп Калыгулду айткан) айтканын омойлоп берип, журт болорбуз» —
дегенде, Алыбек: «Көрбөгөн сарбагыш беле, Каракелте менен бир атсам Бишкекке
кире качат», — дегенде бул сөздү Токсобай жактырбай олтуруп калган. Бугу, саяк
кайтадан Көлгө көчмөкчү болгондо, Акылбек көч алды менен болуп берейин деген.
АЛЫБЕКТИ ӨЛТҮРҮЛГӨНҮ
Көз алды болуп келип, Агыяздын суусунан өтүп, карагайлуу жерге Алыбек конуп
калат. Ошонун алдында Каракужур, Соң Көлдөн борукчу сарбагышынан назар
тукуму Боталы, бугу, саяктан жылкы аламын деп 8 киши болуп, бир кабарда 7—9,
барган түнү жылкы алалбай, күндүзү карагайга бекинип калат. Ойдогу айылдан
калың киши аттанып, башка айылга кетет (аш, жаки той). Ошол замат кечке жакын
койчунун атын минип, Алыбек торой (сакал-мурутсуз) марал көрдүм деп булар
жаткан карагайды бет алып чыгат. Мал караган кишиби, жаки кийикчиби деп булар
карап турганда жакындап келгенде Алыбекти таанып, айланайын, баягы Торойкул
экен. Ийнинде мылтыгы бар экен, деп тезинен аттарына минип, жолунан бугуп, бир
жерге жашынып тура калышкан. Чукул жерден качырып чыгып Боталы кармап
алган. Алыбек кыйшая түшүп, милтеге отун коюп атууга камынып калган экен.
Аттан алып түшүп Боталы үч көтөрүп урганда, көтөрүп туруп, аңгыча жолдоштору
чогулуп, байлап алган. Күн абдан батканда, алып жөнөр кезде 200 жылкы жана бир
кыз берейин, коё бергиле
дегенде Үмөталыдан коркушуп алып жөнөшкөн. Артынан саяктар Каракаман
Балгартка жете кубалап келип, жетпей калган. Алыбек марал көрүп атып аламын
деп колго түшүп келе жатканда бир түнү муну күзөткөндүн бири сарбагышта калып
калган туугандарынан экен. Ал түнү Алыбек качканы жатканда Ботаалы кармап
калып, ал саяктын малын. Ботаалы келгенде чаап алып койгондо сарбагыштар
малын кайта жыйып берген. Бул тууралу кошок:
Атакемдин арбагы,
Ак марал болуп арбаган.
Күрөңдүн уулу Ботокем,
Көк шилиден кармаган.
Алыбекти күндөп-түндөп байлап жүрүп отуруп, Ормондукуна келгенде андагы
Алыбектин жакын туугандары (Адылга кыз берип, сөөк болгон үчүн Алыбек
кеткенде мында калышкан) малы-башыбыздан чыга берели, баарысын алгыла,
Алыбекти бошотуп бергин дегенде Үмөталы Алыбекти кармап туруп, бугудан айлын
көчүрүп алайын деп ойлоп, Алыбекти башка айылга ээрчитип баратканда аңдоостон
артынан келип, Кыдык деген сарбагыш айбалта менен башын жара чапкан. Эски
кыргыздын адаты боюнча тукумунан жакшы чыкпасын деп эки кар жилигин алып,
бир кабарда Көтмалдыда жерге каккан. Бир кабарда Ормондун Кутукеч деген
жигити чаап өлтүргөн. Алыбектин кошогу:
Жылкыны кер ат баштаган
Кетирекейдин Алыбек
Кабаны караан кашкаган,
Сарбагышты көргөндө
Акылышынан шашпаган,
Жалгызсынып жалтанып,
Бура тартып качпаган,
Жулуп алып келтесин,
Атамын деп уштаган.
Аттырбастан Ботаалы
Карагайдын черинен,
Кан атакем баатырды
Камынтпай чукул коштогон.
Күзүндө көлдүн аягында олтуруп, тынайдан башка бүткүл сарбагыш жана
курманкожо, кулжыгач саяктарынын манаптарын чакыртып кеңешип, бугу менен
согушмак болуп, кебин кубултуп солтодон кол сурап Жангарач феодалга
Медербекти (жетиген уругу) жиберген. Жангарачтын кызын Жантайдын Шабдан
деген уулу алмакчы болуп, күйөөлөп жатчу экен. Жана Боронбай, Токсобай, Балбай
башка дагы бугу саяктын манаптары бөлөк элге туюнтпай жашырын (көп кабарда
нечен күмүш жамбы жиберген) киши жиберип айттырганы: бугу, саяк, сарбагышка,
солто калыс турган. Эки жагыбызга тең катышпастан, калыс туруп берсин. Ылажы
болсо, Жантайды согушка катыштырбасын деген. Бир нече күнү жаткан соң: «эмне
келдиң» деп, Жангарач сураганда Медербек: «Бүткүл сарбагыш, курманкожо,
кулжыгач, чоронун баш кишилеринин сизден тилегени — Каранын каны кан Ормон
курбуңузду бушу, саяк өлтүрдү. Ал себептен урушмак болдук, эп болсо колун алып
келип, уруштун башына туруп берсин деди», — дегенде Жангарач көпкө чейин
жаздыгын чыканактап жаагын таянып унчукпай жатып, анан айткан: «Бугу,
сарбагышың бир кылжырдын баласы. Ажалы жеткен Ормон өлдү, канга кун жок,
сарбагыш урушпай журт болсун. Койбосо солто — бугу менен сарбагышка калыс
тууган, солто ал себептен катыша албайт», — дегенде Медербек туруп сарбагыш
менен саяктын айт дегенин айтайын деп: «Эгерде Жангарач келбесе эки арманы
калар. Кокустан сарбагыш, бугу менен саякты сайып кетсе башында болуп атакты
албадым дээр. Эгерде саяк менен бугу сарбагышты сайып кетсе, мал-башын чаап,
жетим бала, жесир катын тонолуп ач жылаңач болуп, ач койнуңду, солто деп, тентип
кирип барса, өзүм болсом эл-журтту ошентип тентитер белем деп, каңырыгы түтөп
оозун карманаар дешти эле. Кош, аман болуңуз», — деп Медербек жолго салган. Бул
тууралу кошок:
Сар тору атын таптаган,
Солтолордун Жангарач
Сары чоюн сактаган.
Жантайга келип айтса, барамын деп бара албай калып (Жангарачтын тилин алды
деген кабар бар жана Ормондун керээзинде Жантайга ишеним жок дегенин
көңүлүнө алып калган эле), согуш башталып калганда Саадабай баштык кырк киши
келген. Бул тууралу кошок:
Жантакем кеңеш тапкан жок,
Карачолок үйлөрүн
Бутунун кийизи менен жапкан жок.
Ушул себептен илгертен «кедей сакай жөө тынай» деген атакты алган.
ЧОҢ СОГУШ
Ормон өлгөндөн кийин кеч күзүндө тынайдан башка бүткүл сарбагыш карыжашын малга таштап, жеңил үй менен Ысык Көлдүн түн жагы менен көчүп,
Күрмөнтүнүн күн батыш кашатына тизиле конгон. Жайдын алты ай айбалта,
чочмор, чоюнбаш, найза, ок-дарысын камдап, эр азаматтарын, ат-тондорун жоого
ылайыктап күйүнгөн. 18—40-жаштагы эр бүлөөсүн бөлүп, жасоосун айырган.
Төрөгелди баштык черикчи эли сол канатын ала төшкө кошуп тиккен. Оң канатын
алып көлдүн жээгине бүткүл саяк Борукчу Калыгул баштык, Надырбек түшкөн. Туу
түбү ортого бүткүл Эсенкул түшкөн. Буларга тынай кырк киши менен Саадабай
келип кошулган. Бугу менен саяк Ишин ата менен Күрмөнтүнүн күн чыгыш
кашатына жакын тиреше конуп, Белектин туусун тиккен. Алкымдагы Төрөгелдинин
бетине арык тукуму түшкөн. Көл жаккы сол канатында саяк, кыдык, бапа, желдең
болгон. Ортодо туу түбүндө бүткүл чоң белек, майда белек болгон бугу, сарбагыш
эки бет болуп, тиреше келип конуп калганда жараш сөз менен бугудан — Солтонкул,
саяктан — Алакөз, Жантай, сарбагыштан — Калыгул менен Шамен жана башкалар
сүйлөшүп, сарбагыштар мурунку айткан малынан төмөндөтүп кыя салып, журт
бололу дегенде, Солтонкул унагансып бугуга кеңешке барган «Мырза, сен
жылкыңдан (Солтонкулдун 2500 жылкысы болгон) корксоң кайта Текеске көчүп
кет, Текеске барып жата бер», — деп койгон. Калыгул менен Шамен канга кун жок,
ыкташалы деп канчалык көп айтса да журт бололу деп саяк менен сарбагыш макул
албаган. Солтонкул, Калыгул, Шамен, Жантай канчалык толгонуп журт бололу десе,
эки жактан көпчүлүк унабаган. Согуш бүрсүгүнү башталат дегенде бугунун ичинде
калган жана Надырбек кыргызынан Абыке, Кубаттын баатырынан саналган Эрдана
бугунун баштыктарына: «Мага бугу, саяктан тандап кер мурут, боз баладан 500
жигитти тандап бергиле, кан жуткан сарбагыш, кокустан качып калсак, биз
буктурма болуп, көрүнбөй чукул бир жылгага туруп сарбагыштын капталынан
тиели»,— дегенде эр азаматты бөлалды кылбайлы деп бугу, саяк көнбөгөн. Ушул
күнү сарбагыштар чогулуп, баатырларын ылгап олтуруп, Түлөөкөнүн Күрөөкө деген
ок өтпөс чопкутту бирине бермекчи болуп, ар кимиси мага бериңиз десе болбогон.
Ажынын Абыканы мага уруксат кылыңыз дегенде Төрөгелди башын чайкап койгон
Адыл балаңыз сурайт дегенде «аты дурус, өзү кагелес болсо керек эле, бул
Күрөкөнүн байгеси, Мырзанын башы» деп Адылга берген. Уруш салар убададан бир
күн мурун күндүн мурду жайыла «урушта туруш барбы» деп сарбагыштын бир нече
баатырлары, ичинде Майтык баштап, Орозбакка кернейин тарттырып жибергенде
бүткүл сарбагыш көз ачып жумганча жана бугу менен саяк тууларын алып чыгып,
эки бет болуп туруп калган. Эл артынан келип, Төрөгелдини ким беттеди дегенде
арык тукуму деген. Солтонкул: бекер кылган экенсиңер, жанагы ойрон чунакты
(Балбай) коё берсеңер болот эле деп, камчысын бүктөп ээрдин кашын кагып туруп
калган.
Алкымдан Төрөгелди баштык бир миң чамалуу киши беттешип, аралаша кетип
бир аздан соң арык тукуму кайта жапырылган. Ит урушун салып, улам кайрылып
согушса да каптаган колду токтото албай бара жатканда асты качып, аркасы сүрүлүп
бара калган кезде, көл жээгинде кыдык, желдең, бапа, саяк кайта жапырылып, ар
кайсысы улам кайта кайрылып согушуп бара жаткан чакта, эки түп туунун
түбүндөгү Эсенкул, чоң белек, майда белек жекеге кишилерин чыгарышып,
сарбагыштан аки эле бир тууган (чертки) жана манаптан Абыкан жекеге чыгып,
бугуларды сайып алып жана сарбагыштан чыккан кишилердин бирин аттан
жөөлөтүп, бирин сайып, кызык былчылдашка кирген чагында тебетейин колуна
алып, качыр, капта Эсенкул, болбосо чыга бер, өзүм согушамын, — деп өкүрүп
алкымдан Төрөгелди чу коюп келген. Эки канаты качкан элди көрүп, ортодо чоң
белек, майда белек артыбызды сарбагыш каптап калат деп кайта тартып жөнөгөн.
Сарбагыш (Эсенкул) каптап кетип, бүткүл бугу, саяк качып калган. Саяк, сарбагыш
Түпкө жете кууп кеткен. Адил башка кишини карабастан Мырзаны издеп жүрүп
олтурган, 40—50 киши менен Түптүн суусунун күн чыгыш кашатында кетип бара
жаткан Мырзаны Адил көрүп: «Аа... кудай, Мырза экен», — деп аттын оозун коё
берип, Түптүн суусунан учкан куштай өтүп чыгып, көк ала ат минген Мырзаны найза
менен коюп өткөндө ыргып кетип, Мырза: «Дос элек го» — дегенде Адил: «Ормон
кана?» деп, жанындагы моңолдор уругунан Майкөтөн деген темгил кара боз ат
минген жолдошун карап түшүп, башын кесип, эрдинен тешип, канжыгама байла
дегенде түшө калып, башын кесип жаткан чакта кылчактап бара жаткан
жолдоштору карабастан качып жөнөгөн. Качкан элди тосуп, эр азаматын иргеп
турган бугулар жана да Надырбек сарбагышынан абыке менен кубат уругунан
Кудайменде, Татыбек, Эрдана, жырык Ташыбек 50—60 боз балдар Сары Булактан
бугуп туруп, сарбагышты кайтадан качырып чыкканда бет алды чачырап келе
жаткан сарбагыш, саяк кайта качкан. Бугу, саяк, сарбагышты көп өлтүргөн. Жырык
Ташыбек тандап жүрүп кызыл тебетей сарбагыштан кырк кишинин өлтүргөн.
Адилди Балбай издеп жүрүп кезигип саярда Адил кызыл аты менен көлгө түшүп
кетип, сүздүрүп чыгып кеткен. Ошондой атты дагы колдон чыгарабы деп, кийин
Солтонкулдан Балбай бир ат айып алган (Аксур атты тай чагында Адил
Солтонкулдан алган экен).
Көлдүн булуңуна туюктанып калган сарбагыштын бирин калтырбастан кырып
таштаган. Качкан сарбагышты кубалап отуруп, сарбагыштын айлынан өткөрө
сайган. Ормондун айылын бугулар жапырып кирип барганда Үмөталынын Кашташ
деген кызы ары-бери чу коюп, милтелүү мылтык менен башынан түтүн арылтпай
атып турганда бугулар токтоп калган. Бугу дагы жапыргандан сарбагыш айылды
тепсей качканда, Ормондун катындары элди алабакан менен чапкыласа дагы
болбостон, айылдан өтө качканда «Ормондон кийин сарбагыштын баары катын
болгон экен. Бугуга тийип алалы» деп, Ормондун Кусубалды деген катыны атка
минип, кырк катын менен жөнөгөндө Төрөгелди көрүп, шуркуяны токтот деп
өкүрүп араң токтоткон. 150—2О0 чамалуу черикчи элин жыйып алып Төрөгелди:
«Силердин алдыңарга түшүп бербесем, Темирдин арбагы мени урсун, менин
артыман жүрүп бербесеңер арбак силерди урсун», — деп ыйлап туруп, соот,
чопкутун оңдонуп, бугу менен саяк жапырт баарысы бугу менен саякты бет алып
качырганда бир аздан кийин бугу менен саяк жапырт алды-артына карабастан
качкан. Бүткүл саяк менен сарбагыш качкан элдин артына түшкөн боюнча Кызыл
Кыяга жете кууп кеткен. Бапанын айлынан бир канчалык түтүндү черикчи эли
айылы менен кондуруп алып, бир сулуу кызды эки үйдүн ортосунда басып келе
жатканда жөө сүрүп келип, кырк жигит билектен алып, тайча сүрөп алдык деп атын
тайкүлүк койгон. Бугудан кыз-келин, мал эсепсиз көп түшкөн. Бугу, саяк,
сарбагыштын биринчи согушу ошону менен бүткөн. Сарбагыштар бугу, тынымсейит
уругу менен эл болбобуз деп, Токтогул, Жаманак деген эки атанын баласы ичинен
бузулуп жүргөнүнөн пайдаланып, аракет кылып туруп Тынымсейит менен Ормон
уулу урушуп калат. Чоң он бир баласына баш болуп, өз тарап Тынымсейитин алып
согушканда жайдын күнү сарбагыш жеңилип калып, Ормондун Бакал деген кенже
уулу жана Көкташ деген небереси колго түшкөн. Муну менен жарашып,
Тынымсейитти коё берген. Бул жөнүндө атактуу Арстанбектин ырдаганы:
Ишенбесең ишенбе,
Көк ташың жатат кишенде,
Бакалың жатат байлоодо,
Эки көзү жайноодо.
Уйдун чалап айранда,
Мергендер атат жүкөрдү
Бербеди Кудай Үмөтаалы төкөрдү,
Берсе кудай төкөрдү,
Албайт белек атадан берки кекээрди.
Мындан соң Чоң менен Арзымат баштык Тынымсейит Кашкарга өтүп кетмекке
көчүп бара жатканда саяк феодалы Келдибек баштык саяктар жана сарбагыш
биригип, Арпада согушуп ала албаган. Бирок буларга тынайлардан Жантай келип
көмөк бергенде Тынымсейит жеңилип, көбүнчө Арзымат тобу катуу чабылып, малмүлкү таланып, кыз-келиндери олжолонгон. Ач-жылаңач калганда атактуу
Арстанбек ырдаган:
Чекенденин четинде
Жербидир жаккы бетинде,
Үркөр ооп жыл келди,
Жылкычыдан тил келди.
Жылкычы минди күрөңдү,
Арбак аткан бадирек
Ормондоп салды сүрөөндү,
Сарбагыштан коркконуң,
Күндүз көчпөй түндө көч,
Бизге элчи келген көргөө төш
(Бакал менен Ибактын бири)
Ала бел атты секиртпей,
Алдыбыз катып калганда,
Керөө төштү бекитпей,
Көрбөй калды Аксайды.
Эзелден аш катыктап ичпеген,
Көдөй сакай, тынайдын,
Кемпири майга салды саксайды.
Көпүрөлүү кара таш,
Пириң тирүү дечү эле,
Сарбагыштын катындарын кара бас,
Ташрабат, Шырыкты,
Эчки, теке сыйлыкты,
Бир жайда эки чабышып,
Ант урган саяк, сарбагыш,
Бизге кандай кыныкты.
Чөл келсек салык жок,
Көлгө барсак балык жок,
Орого келсек буудай жок,
Бир жылда эки чаап алып,
Сарбагыш менен саякка
Кыргын салар кудай жок.
Атбашынын Чеч Төбө,
Айылың кетсе билесиң,
Сүт акыңдан кеч, Төбө,
Сүт акыңдан кечпесең,
Ит башыңа чыч, Төбө.
Аламышык, Кара Тоо,
Үстүндө элиң кана Тоо?
Нарындын башы Үч Нура,
Үчөөң бирдей турасың.
Бу калтырбаш Жантайды,
Тосуп туруп урарсың.
Тосуп туруп урбасаң,
Качан балта тийет деп
Кокоюп карап турарсың.
Ушул жылы сарбагыштар кыдык, желдеңди катуу чапкан.
КӨЛДӨГҮ САЯК, БУГУ МЕНЕН САРБАГЫШТЫН ЖАРАШКАНЫ
Орустун чоң жардам көрсөткөнү үчүн Шабдан баштык тынайлар оруска зор
этибардуу болуп, Бишкек дубалындагы сарбагыш, саякты бүткүл оозуна жараткан
соң жана солто кыргызы дагы ыгынан көп чыга албагандыктан талпынып, эми
көлгө караган саяк, бугуну басып, анда дагы кадырымды арттырып кедей чарбасын
эзип, атагымды узартпайын деп, 1872-жылы Көктөмдө Шабдан бий аке баштык
кедейди талаганга дагдыланган, 70—80 киши топ кылмакчы болуп жана
сарбагыштан калың киши Караколго барган. Караколго караган элди ал чакта өз
оозуна караткан феодал Чыныбай Тилекмат уулу сарбагыштын топ кылдырып, саяк
бугуну таламакчы аракетине намыс кылып, келген тынайга бир тыйын союш
бербегиле, бергениңер болсо айып аламын деп элине жардык салдырган. Көктөмдө
топ чарбага залал болот деген шылтоо менен жана пара аркылуу өз уездной
начальнигин көндүрүп, топту тараткан. Андай топко бараткан жанындагы
кызматчы жана жигиттеринин аттарын чыгымга тутуп, аларга кедей дыйкан орто
чарбадан таланып алынган мал менен орундатып келе жаткан Шабдан жанындагы
аттарын чыгымга тутуп, жөө калган кедейлерди эки-үч араба жалдап жүргүзүп
жатканда, 30— 40 киши менен феодал Чыныбай бастырып келип, бугу ичинен
желдең уругунан сары катын уруусунан Солтобай ырчыны тынайды кордогун деп
Чыныбай айтканда Солтобайдын айтканы:
Келдиң эле жөө тынай,
Бадана кийип балкылдап,
Эми кетип барасың,
Байталга жетпей шалпылдап.
Семиз аттуу Эсенкул,
Тескей ылдый жарышты.
Кедей сакай, жөө тынай,
Жыгач атка жабышты.
Энчи бөлүп бергидей,
Энеси бөлөк тынайдын.
Эркелетип жүргөндөй,
Эркеси белең кудайдын.
Акы бөлүп бергидей,
Атасы белең тынайдын.
Аркалатып койгондой,
Ардагы белең кудайдын.
Акыңды алгын жөө тынай,
Айдап койгон тарууңду ал.
Энчиңди алгын, жөө тынай,
Энеңди алган саруудан.
(Тынайдын Деркен деген энесин Түлкү коё бергенде аны Саруу алган).
Баштын доосу бул эмес,
Бул жаныбар Ысык-Көл.
Сен оодарар көл эмес,
Катындары бийлеген.
Биздин саяк, көп бугу,
Түнкатардай эл эмес.
Байыры Ормон доо деген,
Курманкожо, кулжыгач
Буйлалаган төө эмес,
Кедей сакай, жөө тынай,
Ошондой эле жөө деген.
Жаныңа суусун байландың,
Аламын деп шайландың.
Үйдөн чыктың жөтөлүп,
Бешмант кийдиң көтөрүп.
Бешмантындан бере кет,
Бу кордугуң аз болду.
Боомдун ташын тере кет,
Сан жылкылуу Сарыбай
Миң жылкылуу Каптагай,
Биздин бугу четтен бай,
Билесиңби, кедей сакай, жөө тынай.
Алты басар Тагай бар,
Абыдан мыкты малай бар.
Тескей жакты карасаң,
Кара көйнөк Канай төр.
Кедей сакай, жөө тынай,
Сен акы алганча далай бар.
Көл башында көп белек,
Көлдөгөн жылкы көрөсүң,
Көзүңү артсаң өлөсүң,
Аң дебегин көп дегин
Канимет кылсаң жөнөрсүң,
Кайыптан бүткөн бугуну
Катыны билген түнкатардай көрөсүң.
Көтөрүп кийген камселди,
Быйылча бычан чапсаң толорсуң,
Ал бычаңды чаппасаң
Сырттан тепки көрөрсүң.
Акташ түшүп топ кылды,
Тыйын бербей тынайды.
Сыймыгынан сооп кылды,
Эр Чыныбай баатырың
Ушинетип куп кылды.
Жылтырдан кечүү чалдыкпы,
Жылкың түгүл итиң жок,
Жылкыңды тийип алдыкпы.
Жылас доого калдыкпы,
Бейшекенди чалдыкпы.
Берериңе малың жок,
Бедеңди тийип алдыкпы.
Бейпай доого калдыкпы,
Обознайга салгандай
Мындан соопко калдыкпы.
Ызаланып калган Шабдан бай аке 1873-жылында, Манапбайды Алматыдагы
жандыралга жиберип, Каракол, Бишкек дубалын Кара Булак, Бейшекеге
(Шабдандын турган жери болгон) док кылмакка уруксат алып, сыяз ачкан. Бугу,
саяктан Чыныбай баштык көп киши келген. Солтобай ырчы бирге келип, мингени
жырык боз ат экен, атчан туруп бай аке Манапбай, Шабдан кан соргучтар менен
учурашканы:
Кан алдында көп жүрдүм,
Кандан кайрып жеп жүрдүм,
Кашаң келген заманбы,
Калың журтуң аманбы?
Төрө алдында көп жүрдүм,
Төрөдөн айрып жеп жүрдүм,
Төбөгө келген заманбы,
Төрө Шабдан аманбы?
Башка келген заманбы,
Баатыр Шабдан аманбы?
Ат картайды, жалтайды,
Эркер тайды, мал тайды,
Угуп жүрдүм алыстан,
Сенин атаң Жантайды.
Арбагына бас келбей,
Далай кыргыз тамтайды.
Ырысыңа жаратты,
Элиң үчүн жаратты.
Көк Ойрок менен Челекти,
Ак калпактуу кыргызда
Таппадым сендей теректи.
Тогуздан чалган бүрүңү
Баракелде эр Шабдан,
Торой чалган күчүңү.
Сонун жерден кыз келди,
Журтчу эмедей кыйшаят,
Согоно болгон кишидей,
Алтындап чалган бүчүңү,
Баракелде, Манапбай,
Ашыкпай чалган күчүңү.
Алыс жерден кыз барды,
Азоо тайдай кыйшаят,
Береги асма бука кишиге.
Кулдун уулу бай аке,
Ачууңду кой аке.
Чоочун элдин кызы эле,
Чоочуң кана бай аке.
Жан булактын белинде
Жакуп сууруп салды эле,
Сенден качан кыз алуучу болуп калды эле.
Байаке кыйшая карап күлүп жиберген. Шабдан Сооронбай канкорду карап,
көтөргөн үйүңөр кайда эле, буга бир ат мингизип, үйгө алып баргыла дегенде, бул
канкордун жанындагы бөрк алгын десе баш кескен жигиттери ошол жерде турган
кедейдин бир атын жыгып, Солтобайга берген. Саяк, бугуну көтөргөн үйлөргө
жараштырып, сыязга олтурган.
Бийлердин председатели солтодон болуп, он күн чамалуу солто, саяк, сарбагыш
сыязга түшпөгөн, чакырылбаган. Бугу, саяк болсо да, чакырыкта жокмун десе да
«эми чийип койсо дагы эле болот» деп кордук көрсөтүп, басырыктатып жибергенде
бугу менен саяк кеңешип чыдабастан кача турган болгон. Муну билген соң Байтик
менен Шабдан сүйлөшүп; «Ушундай топ кылганча илгеркидей урушканыбыз», — деп
Шаменге акылга келген. Шамен: «Ээ... эки мырза, топ кандай болуп жатат?» —
дегенде Байтик: «Топ курусун, мааниси болбоду, саяк менен бугуга жабыр болуп
кетти», — дегенде Шамен чыканактап жатып: «Бугунун бир жакшы кишисине
айтып, эки баштык деген кишилерине бир атын жетелетип алып, Манапбайга
барсын, мени айтты дегиле. Манапбай бугу менен саякты кыстаганын койсун».
Байтик менен Шабдан бугуга барып айтканда феодал Боронбайдын кан соргуч
Өмүрзак деген уулу дыйкандын бир атын жыгып ала Манапбайдын алдына келген.
Мындан соң бүтүм ак жеринен болуп, жалган доо калган. Топ тарай турган болуп,
бугу менен саяк көлгө кайта турган болгондо Шабдан менен Байтик Шаменге барып,
саяк менен бугу жерине кайтмакчы болду, кандайча кылып узатабыз, акылыңызды
угалы деп келдик дегенде, Шамен: «Саяк менен сарбагыштын эки тизгин бир
кайышын Байтик иним, сага бердим. Саяктан бир-эки киши алып узаткыла», —
деген. Байтик кошуна келип, алты ирик, бир бээ алып союп, саяк менен бугудан
Өмүрзак менен Чыныбай баштык алтымышча кишилерин чакырып, коноктоп
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 19