Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 10

Total number of words is 4313
Total number of unique words is 2185
25.4 of words are in the 2000 most common words
36.9 of words are in the 5000 most common words
44.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Жалгыз Чокой не кылмак,
Жалгызга кимдер ээ кылмак,
Чокой, Бүргө, Тукалдын,
Айлынан жылкы калбасын.
Бүт калтырбай айдап кел,
Чокоюн кошуп байлап кел,
Деп жиберет Таласка.
Жыйырмаң тең балбан деп,
Бек жиберет Таласка.
Азын-көбүн жол жүрүп,
Түн ичинде мол жүрүп,
Жыйырмасы Таластан
Жылкыны айдап жөнөдү.
Баатырлыгын Чокойдун,
Дагы бир жолу көрөлү.
Көк кыяны ашарда,
Агарып таң атарда,
Артынан Чокой жеткени,
Жыйырмасын ар жерге,
Соройто чаап өткөнү.
Жан соогалап ыйлашып,
Карандай жашын төккөнү,
Жыйырмасынын ичинен,
Экөөсү өлүп калганы.
Анда Чокой муну айтат.
Аман-эсен калганың,
Айлыңа жөө кайтып бар,
Экөөнү ташка корумдап,
Өлгөндүгүн айтып бар.
Бир баатырдан кордукту,
Көргөндүгүң айтып бар.
Алда кандай болот деп,
Айылдын баары топтошкон.
Кун бергин деп Эсенгул,
Канча жолу соттошкон.
Уурууга кун жок деп Чокой,
Жети атасын жоктоткон.
Экинчи жолу кан атам,
Сарбагыш жолун токтоткон.
Атакемдин дал эми,
Алтынчы кылган эрдиги,
Атпай журтка белгилүү,
Атактуу баатыр шердиги.
Алыска кетип калыпмын,
Аялдын болбой теңдиги.
Айкөлдөй эле бар экен,
Атакемдин кеңдиги.
Бир күнү Бүргө, Чокоюң,
Аска зоодой ополуң.
Боконду алып жанына,
Болор кездин маалына,
Жолборстор тууп бүттү деп,
Түлөп жүнү түштү деп,
Атка камчы салмакчы,
Суркуланын нак кунун,
Жолборстордон алмакчы.
Ошондо жоболоң туман козголуп,
Тополоңу тоз болуп,
Ай караңгы түн болуп,
Күндүзү туман күн болуп,
Камыштуу жерге жетти эми,
Ара жолдо бир конуп,
Ошондо жан атамдын эрдиги,
Алтынчы кылган шердиги.
Аттарды берип жиберип,
Чокой турат түнөрүп.
Дал ошондо шашкалак,
Бокон чыгат шашмалап,
Буура жалдуу каманды,
Кууп алган сабалап,
Тиштери кылыч мизиндей,
Туягы буура изиндей,
Балалык кылып эр Бокон,
Кууп жүрөт түшүнбөй.
Жалгыз аяк жол менен,
Ат өтпөгөн төр менен,
Каман салып жөнөдү.
Жан атамдын эрдигин,
Эми дагы көрөлү.
Тумшугун шилтеп ийерде,
Карынга тиши кирерде,
Каран калган Чокоюң,
Үйдөй таштай ополуң,
Эки азуудан алганы,
Типтик өйдө көтөрүп,
Ташка чаап салганы.
Эки азуусу Чокойдун,
Өз колунда калганы.
Мындай, мындай иштерге,
Ар кимдин келбейт дарманы.
Айланайын калайык,
Сөзүмдүн барбы жалганы?
Айдан айдан ай өтөр,
Аралап жүрүп жыл өтөр,
Билинбей жүрүп күн өтөр,
Караңгы жарык түн өтөр.
Бүргө аке бийлик сизге өтөр.
Досуңдун туусун кайрыба,
Достукту бизден айрыба.
Эми Чыныке, Бүргө бир болор,
Чындап чыккан ким болор,
Чыныке, Бүргө бир болсо,
Чыр чыгарып тим болор.
I. БАЛБАК
Боз ала туйгун болпоңум,
Боз карчыга чолпонум.
Ботодой кылып боздотуп,
Акырет кеттиң султаным.
Адамдан башка тунугум,
Ашкере тулпар дулдулум.
Алтымыштан ашканда,
Атаңа салдың азапты,
Асылым менин кулунум.
Кайгыңды тартып карганда,
Тулку боюм тунугум,
Тул казанат кулунум,
Турбай жатып курудум.
Чырпыгың алтын чынарым,
Чыныгы шуңкар тынарым.
Чын дүйнө кеттиң арманда,
Кулунум, Балбак чынарым!
II. БАЛА БАЛБАК
Бала болуш атанган,
Падышадан кат алган.
Закон окуп орустан,
Көкүрөккө жат алган.
Өлөт деген ойдо жок,
Тапанча, мылтык бойдо жок.
Орус мылтык барданке,
Бул дүнүйө курусун,
Жалган экен арденке.
Ушул Бишкек дубандан,
Жактырчы белең Балбакты.
Жаш күнүндө жайладың,
Акыры жетер убалы.
Тар көзөнөк кереге,
Керегеңдин баш сайын,
Сыр көпүйө кинеге.
Энди Балбак өлбөсө,
Кыйкырбайт беле Байтерек.
Байтеректин калың малы дүң болду,
Кайгы салып тим болду.
Балбактын курчтугу албарстай,
Кызыл чаар жолборстой.
Баатыр Шамен суланды,
Малың жеди тулаңды.
Илгертен бери алышман,
Мал жагынан даанышман.
Түрлүү-түрлүү албарлар,
Жүккө жыйган чыгдандар,
Балбактан калың пул калды,
Катындары тул калды.
Куттук Сейит балдары,
Баарын бир боор дейт экен,
Өлүмгө башы шейит кан,
Кудайдын урган эли экен.
Байтелинин балдары,
Борошонун салдары.
Ичинде жүрүп өлтүрткөн,
Малабектин салбары.
Кер жорго минип жол жүрдүң,
Керимсалдей эр Балбак,
Кериле жатып жай болду.
Сур жорго минип жол жүрдүң,
Сурайылдай эр Балбак
Сурнай тарттың жол жүрдүң,
Сурнай сынып ай болду,
Сурайылдай эр Балбак,
Кең Кочкорго жай болду.
Сурнай оозу бакылдайт,
Сымбатын көргөн какылдайт.
Керней оозу бапылдайт,
Келбетин көргөн какылдайт.
Кара жорго күлүгүң,
Жерге тиет куйругу,
Казактан келет деп жүрсөм,
Туугандан беле буйругу.
Кызыл жорго күлүгүң,
Жерге тиет куйругу.
Кытайдан келет деп жүрсөм,
Туугандан беле буйругу.
Безбелдек мойнун бүктөгөн,
Кайран Балбак тулпарым.
Тушума байлап туйлабай,
Чоң аталап ыйлабай,
Арбагым минтип сыйлабай,
Жанымды жаман кыстаттың,
Карыганда атаңды,
Жаш ботом деп сыздаттың.
Аялы:
Тулу экен карысы,
Тулпар экен баласы.
Асыл экен задысы,
Арстан экен атаке,
Өткөндөрдүн баарысы.
Алгандын түбүн казам деп,
Асылым аттанып чыккан үйүнөн.
Бул издетип жиберип,
Атакең айрылган чолпон уулунан.
Жаш төрөм жаш экенден тиледиң,
Жаныңа өлүм шейитти,
Өз өмүрүң тилебей,
Күн мурунтан жасадың,
Чоң атаңа бейитти.
Аныңды эгем кош көрбөй,
Атаңа салган бейитке,
Өзүңдү коюп киргизип,
Аркаңда бизди кейиттиң.
Салдырдың чоң атаңа сарайды,
Аныңды эгем кош көрбөй,
Атаңа салган сарайга,
Өзүңдү коюп киргизип,
Аркаңдагы калгандын,
Эки көзү алайды.
Кылганыңдын баарысы,
Тири адамдан бөлөкчө
Жаш төрөм, бу кылганың жарайбы?
Жасаттың алтын балдакты,
Жаш төрөм,
Жашыңда берген арбакты.
Өз өмүрүң тилебей,
Күн мурунтан жасаттың,
Чоң атаңа чарбакты,
Аныңды эгем кош көрбөй,
Атаңа салган чарбакка,
Өзүңдү коюп киргизип,
Катыгүн, артыңда бейбак зар какты.
Айтпай кантип коемун,
Арманда өткөн Балбакты.
Сен да кылдың барышты,
Салдың далай жерге арышты.
Сен аттанып чыкканда,
Чеченсиген душманың,
Сүйлөбөй жаагы карышты,
Акыл ойлоп багышты.
Намысташкан жерине,
Аябастан салышты.
Айдаттың сиркеүлгө1,
Өтөмбай менен Табышты.
Айдоодон Табыш келгиче,
Катыгүн, асылым Балбак жабышты.
Айтпасак бизге жазана,
Жаш төрөм, аркы атаң элге казына.
Дебесек бизге жазана,
Жаш төрөм, жети атаң журтка казына.
Түп атаң элге кан болгон,
Дүйүнөң журтка даң болгон.
Алганың бейбак маң болгон.
Ойронунан айрылып,
Оймоктой бети кан болгон.
Эркек түгүл кызы жок,
Жаш төрөм, энеден чунак жан болгон.
Илгеркинин баары өткөн,
Омор, Осмон2 жар өткөн.
Арбагы сизге жар болсун,
Акырет жайга барганда,
Сүннөтү сизде бар болсун.
Бээден тууган кер өткөн,
Найзасын кармап эр өткөн.
Азирет Аалы3 шер өткөн.
Арбагы сизге жар болсун,
Акырет жайга барганда,
Сүннөтү сизде бар болсун.
Аркаңда калган кара бет,
Айтып какшап кар болсун.
Атка салдың балдакты,
Жалдыраттың жайнаттың,
Жаш төрөм, жаш алганың ардакты.
Артыңда бейбак зар какты,
Айтпай кантип коемун,
Арманда өткөн Балбакты.
Ишиңди салдың жарлыкка,
Агайын анча кылат деп,
Ойлободуң тарлыкка.
Асылды жыйдың сандыкка,
Акыл айла табылбайт,
Алладан болгон жарлыкка.
Анча шейит болбосо,
Жаш төрөм, олтурдуң эле кандыкка.
Усталардан ат алган,
Молдолордон кат алган,
Карылардан бата алган,
Жыйырма бир жашында,
Болуш Балбак атанган.
Музду бастың чалкалап,
Атаңыздан, бабаңыз,
Букарды алган талкалап.
Келүүчү эле душманың,
Муңканып башын калкалап.
Алтын самоор, жез чайнек,
Чай оозуңдан кеткен жок.
Атаңыздан бабаңыз,
Ой оозунан кеткен жок,
Баркыңа кыргыз жеткен жок.
Күмүш самоор, жез чайнек,
Чай оозуңдан кеткен жок,
Күлдү атаңдан бабаңыз,
Ой оозунан кеткен жок,
Жаш төрөм, мунуңа кыргыз жеткен жок.
Он сегиз миң ааламдын,
Ортосунда башаасы,
Дөөт уулу Сулайман,
Мунун жеткен казасы.
Так Сулайман байгамбар,
Дөө пери сураган.
Кудаага таза ыйлаган.
Кырк жыл качып өлүмдөн,
Койбосун өлүм билген соң,
Өлүмгө шолор ынаган.
Өтүп кеттиң кайраным,
Эрегишкен сөз менен,
Жатып калдың кайраным,
Эки чарчы бөз менен.
Кер жоргоң жүрүп тай болду,
Кер маралдай Балбагым,
Кең Кочкорго жай болду.
Сур жоргоң жүрүп тай болду,
Сурайылдай Балбагым,
Кең Кочкорго жай болду.
Үйүң толгон мис табак,
Чачылды баары шагырап,
Аркаңда калган бейбактын,
Эки көзү жалдырап.
Атыңа алтындан така мык урдуң,
Асылым Балбак кайран эр,
Кеттиң акырет көздөй нык урдуң.
Атыңа күмүштөн така мык урдуң,
Күлүстөн Балбак кайран эр,
Кеттиң кыямат көздөй нык урдуң.
Кызыл тоонун олпасы,
Анда ойнойт кулжасы.
Кыз алганың карабет,
Калдым алда кимдин олжосу.
Кара тоонун улчасы,
Кашында ойнойт кулжасы.
Кыз алганың кара бет,
Калдым, алда кимдин олжосу.
ЖАНЕК
Иле менен Таластай,
Эрдигиңди карасам,
Эртеги өткөн Манастай.
Башыңда кундуз тебетей,
Манастын уулу Семетей,
А дагы сизге жар болсун,
Аңтара тердик көпчүктөй,
Эрдигиңди карасам,
Элеман байдын Төштүктөй.
Накер өтүк1 өкчөдөй,
Бадышам Айдаркандын Көкчөдөй.
Эки дүйнө тең эмес,
Бадышам эр Манастан кем эмес.
Актай кызыл томуктун,
Абылай төрө сыяктуум.
Айткан менен келеби,
Алган кудай береби?
Бетим канга жуулду,
Белим кындай буулду.
Бадышам өлдү дегенде,
Казак менен кыргызга,
Кан өлдү деп угулду.
Базардан алган алтын так,
Өңгө жалган өлүм ак.
Асылым Жанек өтүптүр,
Артында калган акыл тап.
Калаадан акча без келет,
Көжөдон мисал сөз келет.
Акырет кеткен бадышам,
Кай убакта кез келет?
Таң атардын керимсел2,
Тамшандырдың өлүм сен,
Күн чыгардын керимсел,
Күңгүрөттүң өлүм сен.
Дүнүйө, эсимден кетпейт күйүтүң.
Арчадан кылган бейитиң,
Падышам алдыратты күйүтүң.
Алтындан эшик дарбазаң,
Айды көздөй даткабат,
Айыл үстүнө жоо келсе,
Аттана коюп ким чабат?
Күмүш эшик дарбазаң,
Күндү көздөй даткабат,
Үй үстүнө жоо келсе,
Кете коюп ким чабат?
Төрт түлүгүң тең эле,
Бадышам, эминең журттан кем эле?
Күңгөй менен тескейге,
Бадышам калаалуу коргон чеп эле.
Шумкар элең чебиң жок,
Бадышам тула бойдо кемиң жок.
Мен карабет Эркеган,
Далай элге кеп болор,
Өзүңүздөн жаш калган,
Бараканыңа эп болор.
Байбиче калды сарайда,
Балдарың өсөр далайга.
Уланбоз күлүк мингенден,
Урушка мурун киргенден,
Ага, ини тууганың
Уятын жаап башкарган.
Мен карабет Эркеган,
Бадышам урматын көрбөй жаш калган.
Жылжытып жорго мингенден,
Жыйынга мурун киргенден,
Ага, ини тууганың,
Сыпайысын башкарган,
Мен карабет Эркеган,
Жыргалын көрбөй жаш калган.
Суусар бөрк кийдиң чекеңе,
Сумбатың барсын Мекеге,
Бешенең барсын бейишке,
Мен карабет Эркеган,
Бейбакты салдың кейишке!
БОШКОЙ
Таң, таң атты таң атты,
Таң чолпону тең атты.
Бейкабар адам көп жатты,
Бейкабар адам ойгонду,
Бечара апам ыйлатты.
Таң келеди атканы,
Ылажы1 барбы жатканы.
Тоошу жакшы молдолор,
Турду азан айтканы.
Бизден мурун илгери,
Өткөндөрдү айтайын.
Мустайып менен пайгамбар,
Кеткендерди айтайын.
Байгамбардын баары өттү,
Бир алланын чериси,
Азирет Аалы дагы өттү.
Эчен түрлүү жан өттү,
Өтпөсө жана кайран эл,
Өкүмү болсо кудайдан,
Кимди коет кара жер,
Так Сулайман пайгамбар,
Так үстүнөн сулаган.
Он сегиз миң ааламды,
Бирин койбой сураган.
Ажалы жетип кудайдан,
Келгенинде сулаган.
Доодон уулу Сулайман,
Буйрук болсо кудайдан,
Ким калат дейсиң мындайдан.
Төрт жардың да бирөбү,
Байгамбардын күйөөсү,
Аалы өткөн дүйнөдөн!
Жан бүткөндөн тирүү калбай,
Баары өткөн дүйнөдөн.
Улукмандай кары өткөн,
Уламанын баары өткөн.
Өзү берип өзү алган,
Өлүмдү кудай жол салган.
Кеткен адам келеби,
Кейиген менен береби.
Өлгөн адам тирилип,
Бу жалганды көрөбү.
Салам дува сөзүм көп,
Сагынган менен өзүң жок.
Түштө:
Түшкү бир табыш болдубу,
Аргымак көзү толдубу.
Аргымак жалсыз, эр малсыз,
Кудайдын күнү болжолсуз.
Болжолсуз кеткен атакем,
Келет бир деген бир арсыз.
Ак эркеч эле койдо жок,
Ат чабыш тургай тойдо жок.
Айтамын деген ойдо жок.
Ойдо жокту ким билет,
Ойрон кылды кудурет.
Санаада жокту ким билет,
Зар какшатты кудурет.
Куркулдап учкан куу келет,
Кур өзөн менен суу келет.
Жаш мырзам көзү өткөн соң,
Куруган үйгө ким келет.
Каркылдап учуп каз келет.
Кара өзөн менен суу келет.
Жаш мырзам көзү өткөн соң,
Карангүн үйгө ким келет.
Жаш мырзам жайы белгилүү,
Жоргодон башка минбеген.
Мен бейбак торкодон башка кийбеген.
Жаш мырзамдын барында,
Арманым айтсам андан көп,
Мен бейбак
Толгонуп бала сүйбөгөн,
Жаш мырзам жайы белгилүү,
Күлүктөн башка минбеген.
Жаш мырзамдын барында,
Мен бейбак,
Күлгүндөн башка кийбеген.
Арманым айтсам андан көп,
Күлдүрүп бала сүйбөгөн.
Кыйбатым төрөм өткөн соң,
Кызыл чапан байкасам,
Кыя салып бөктөрөм,
Кыйбатым төрөм өткөн соң,
Кыйноого түшүп күн көрөм.
Кара чапан байкасам,
Кайра салып бөктөрөм,
Кайраным төрөм өткөн соң,
Кайгы менен өткөзөм,
Канткенде жүрүп күн көрөм.
Тандап ичтиң күрүчтү,
Жасаган салды бул ишти.
Жасаган кылса чарам жок,
Жакшыдан калган балам жок.
Кудай кылса чара жок,
Курдаштан калган бала жок.
Айланайын кудайым,
Кудайым берсе убайым
Кандай айла кылайын,
Башыңа кызыл гүлдөйүн,
Он эки ыйман кырк чилтен,
Бейишти көздөй жүр дейин.
Тайлактын тал-тал жүнү бар,
Булбулдун мукам үнү бар,
Кудайым ракмат бенденин
Алданын дидарын2 көрөр жөнү бар.
Кечинде:
Кечки табыш болуптур,
Ичке капа толуптур.
Артыңда калган жаш чүрпөң,
Кабыктай болуп соолуптур.
Кашкардан барып алдырган,
Кара кашка коенду,
Кайгырган менен табылбайт,
Кан атамдай оенду.
Букардан барып алдырган,
Буурул кашка коенду
Муңканган менен табылбайт,
Кан атамдай оенду.
Ак кагаз алып кат жазган,
Кан атам көзү өткөн соң,
Ак жамбысын3 дат баскан.
Кан атам өлүп калганда,
Эки дубан баш кошуп,
Жыртыш бөлүп алганда,
Жыртышына бергени,
Миң сөлкөбай4 кырк жылкы,
Баатыр Бошкой чоң атам,
Түгөнбөгөн көп мүлкү.
Кан атам Олуя-Ата үйөзү,
Кан атамдын үйөзгө жаккан мүнөзү.
Өлөт деген ойдо жок,
Ойдо жокту ким билет,
Ойрон кылды кудурет.
Санаада жокту ким билет,
Зар какшатты кудурет.
Биз да көндүк өлгөнгө,
Зым темирдей бөлгөнгө.
Акылым айран болуп таң,
Көзү кыйып көмгөнгө.
Абадан турна айланса,
Жердеги күрткү сел болор,
Кан атам деп ыйласам,
Көзүмдүн жашы көл болор.
Айланайын жараткан,
Кементай кылган манаттан5.
Акылың озгон санаттан.
ШЕКЕРБЕК
Айтайын сөздүн кыскасы,
Мурункунун нускасы.
Кошок кылып турганда,
Көңүлдү шайтан бузбасын.
Ат жибердик алыска,
Куда жек-жаат таанышка,
Адам түгүл жин корккон,
Байсейит деген табышка.
Байсейит Бошкой эгиз эл,
Телегейи тегиз эл,
Байсейиттен тараган,
Санап турсак сегиз эл.
Ат атын айтып берейин,
Улугунан келейин,
Эң улуусу Медекең,
Экинчиси кан атам,
Калкына кошок таратам.
Абыкем Төлөк төртөөбү,
Өмүрбек Бообек экөөбү,
Бир анадан алтообу,
Токмакта бардыр сарбагыш,
Токтотпой ыйлап зардайбыз.
Бир энеден экөө,
Жанбагыш менен Байбагыш,
Базардан алган жемиш деп,
Айтып өтөм сегизден,
Калайык угуп турсун тегиз деп.
Ортончу балаң жалтанат,
Оюнда көптүр салтанат.
Карайып учкан каз эмес,
Артык дооран кылууга,
Акыркы заман саз эмес.
Небире балаң үйдө эмес,
Берен балаң күүдө эмес.
Күндө болсо берениң,
Он болуш элге жүдөө эмес.
Кан атамдын кенжеси,
Колундагы эркеси,
Агалары андай болгон соң,
Кысылып турат денеси.
Жабышты кесел1 бутунан,
Жылаңачтай журтунан,
Айрылды солто кутунан.
Андан көчүп биз кондук,
Талды булак өзөнгө,
Көрсөттүң табып көсөмгө,
Тамырын учтап байкады,
Болбос деп башын чайкады.
Андан көчүп биз кондук,
Кайрылыш булак кериге,
Кан атамдын оорусу,
Кыйын эле болгон соң,
Кабар кылдык айлына,
Жаңылбай айтам мен эми,
Карайып калкы жыйылды,
Кабарын тегиз эшитип.
Солтоңкулдай агабыз,
Кошокту койдой багабыз.
Атакемди кандай айтсаң жагабыз.
Мис табактан эт жеген,
Пишпекти чаап кектеген.
Таш табактан эт жеген,
Ташкентти чаап кектеген.
Жакасыз чапан кийбеген,
Кан атам өлдү дегенде,
Адам бир калбайт күйбөгөн.
Букардан алып бактырган,
Буурул кашка коенду,
Муңданган менен таппайсыз,
Атакем сындуу оенду.
Ташкенттен алып бактырган,
Такыр кашка коенду,
Какшаган менен таппайсыз,
Атакем сындуу оенду.
Саналуу ботоң ыйласын,
Санаасыздар тыңдасын.
Муңдуу ботоң ыйласын,
Муңсуз адам тыңдасын.
Жайынча жүргөн момунду,
Биздей кудай кылбасын.
Атакем көчкөндө төө боздоттуң,
Саяктардан Дыйканбай,
Тоонун чөбүн оттоттуң.
Кериңдин оозун кердирдиң,
Саяктардан Дыйканбай,
Сакалын бирден тердирдиң.
Байлоодо атың бек тургай,
Байгамбар өткөн сиз тургай.
Байгамбардын Батма кыз,
А да ыйлаган биз тургай.
Эшендер өткөн сиз тургай,
Эшендердин эрке кыз,
А да ыйлаган биз тургай.
Бысмылда сөздөн алалы,
Өлүмдүн жоктур карары.
Алданын салган ишине,
Кандай айла кылалы.
Күңгөйдөгү кара таш,
Калка болот дечү эле,
Карып муңдуу жетимге,
Арка болом дечү эле.
Кан атам жашын айтайын,
Сексен жети жашында,
Ажал келди билинбей.
Чымындай жаны чыркырап,
Оозунан чыкты жүлүндөй.
Кыяматтын кыл көпүрө,
Өтүптүр кетип билинбей,
Чыккан бир жанды көргөндө,
Чуркурадык кулундай,
Кырмызы2 жибек кылындай,
Таза турган кан атам.
Куштар аттын сынындай,
Кош бычактын кынындай,
Сөз баштайын ааламдан
Дөөт менен каландан,
Токтотор менде жок экен,
Туура келген ажалдан.
Сөз баштайын сурнеттен,
Сурнет барыс кудреттен.
Коркчу элем башынан,
Ошондой жаман илдеттен.
Сөздүн башы бабалар,
Оозума бирди табалар,
Сырткы келген агайын
Эсенсизде амансыз,
Өлүм келди кабарсыз.
Амал барбы кантелик,
Биз олтурбуз амалсыз.
Ала бир тоонун күнөөсү,
Кечеки жүргөн кан атам,
Өтүп бир кетти мүнөзү.
Сууда жүргөн балыкка,
Кадырың өттү калыкка.
Бул жалганчы дүйнөдөн,
Кимдерден өтпөс бу дооран.
Өтөрүңдө түрдөндүң,
Күндөн күнгө күлдөндүң.
Бай чечек сыпат түрдөндүң.
Абалы ыйман беш дейин,
Алдынан шекер чачылсын,
Бейиштин эшиги ачылсын.
Абалы мейман сегизди,
Суу аягы тегизди,
Кан атам кокуй дегизди.
Абалы ыйман үч экен,
Биз ылайык дедикби.
Байыркынын иши экен,
Коргошун сыпат балкыган,
Сүйөгүң кымбат алтындан,
Ыйлабай койсок күнөө деп,
Ушагы болор артынан.
Тал арчадан кайың көп,
Ыйлабай койсок күнөө деп,
Эл ичинде айың көп,
Агайын тууган калкыңдан,
Жел соккон көлдөй чалкыган,
Кайырсыз өткөн Карымбай,
Зекетсиз өткөн Үмөтбай,
Көзүмдүн жашы нур болгой,
Көк чатыр тиктиң тээктеп,
Көк шумкар салдың жээктеп,
Авала тоодун берки бар,
Ак сүлөөсүн бөркү бар,
Бөркүңдү шамал учурду,
Атыңды аллам өчүрдү.
Байгамбар бурак токусун,
Балдарың куран окусун.
Байгамбар берсин кур атын,
Калганга берсин кубатын.
Белдөөдөн тулпар чечилди,
Кайран да менин кан атам,
Кыбыла карап көшүлдү.
Ак жибектен тор түйдүм,
Ак белестен куш күйдүм.
Түшөр бекен торума,
Конор бекен колума.
Конбосо менин колума,
А да менин шорума.
МЕДЕРБЕК
Бысмылда сөздүн төрөсү,
Топурак адамдын денеси.
Сөз сүйлөйүн жакшылар,
Мурункунун артынан,
Үндөбөй карап олтурсак,
Өсөгү1 болор артынан.
Баянсыз өткөн шум дүнүйө,
Эшитпей өткөн жаман сөз,
Агайын тууган калкынан,
Жел соккон көлдөй чалкыган.
Байгамбар уулу Карынбай,
Кайырсыз өткөн Оморбай.
Көзүмдүн жашы нур болуп,
Азабынан айрыл ай.
Сандыгы турган сары алтын,
Сандыгы зарга2 боелгон.
Санаты журттан оңолгон.
Ичиги зарга боелгон,
Илгертен иши оңолгон.
Сандыктан дилде3 санаган,
Тушуна кымкап калаган.
Ак жибек төшөк салынган,
Асырап баккан балдарың,
Ак жүзүңдү көрүүгө,
Аянда болуп сагынган.
Балдарын берген мектепке,
Кулагын салган китепке.
Ак коргон салдың айнектеп,
Ачууң келген адамга,
Алдыртан карап койбосоң,
Ачуу бир айткан сизде жок.
Ак чатыр тиктиң тээктеп,
Ак шумкар салдың жээктеп,
Көк чатыр тиктиң тээктеп,
Көк шумкар салдың жээктеп,
Сур кашка кулун байлаган,
Атакем, Суусамыр чыга жайлаган.
Кер кашка кулун байлаган,
Кең Таласка жайлаган.
Жайлаганың жүргөнүң,
Жай сандыктын кериси,
Жамынганың кийгениң,
Тай сүлөөсүн териси.
Бысмылда сөздөн алалы,
Айтса да бүтпөс саламы.
Акырет кеткен атакем,
Аз гана жоктоп калалы.
Аскар бир тоонун боорунда,
Тал арчадан кайың көп,
Ыйлабасак күнөө деп,
Эл ичинде айың көп.
Ыйлаганды чыгарган,
Бүбү, Батма апабыз,
Өлгөнгө куран окуган,
Азирети Аалы атабыз.
Бейүүдө чымын өлөбү,
Өлгөн бир адам тирилип,
Бу жалганга келеби.
ОСМОН
Алтындан кылган тумагым,
Атакем кошкон ынагым.
Кат жибердим келсин деп,
Кат жиберсем айтыптыр,
Кайрылгыс жолго кеттим деп,
Азабым тартып турсун деп,
Күмүштөн кылган тумагым,
Кудайым кошкон ынагым.
Кат жиберсем айтыптыр,
Келгис жолго кеттим деп,
Кейип жүрүп өлсүн деп.
Кер жорго минип жол жүрүп,
Кер жорго буту сынды бейм,
Кер марал сындуу мырзамды
Алып жаны тынды бейм.
Сур жорго буту сынды бейм,
Сур марал сындуу мырзамды,
Сууруп жанын тынды бейм.
Жардын башын суу алып,
Жалгызымды сен алып,
Жасаган жаның тынды бейм.
Таңда мазар күнүндө,
Он сегиздин биринде,
Кудайым кошкон динимде.
Минген атың бурагын,
А дүйнө жайга барганда,
Көз ачык өткөн гүл мырзам,
Бул жерде барың сурадым.
Минген атың тор гана,
Жаныңа жыйдың боз бала,
Боз баланын ичинде,
Өмүрүң болду аз гана.
Ак кагазга кат жазам,
Калам учум жез болгон,
Ажырашар кез болгон.
Алты тутам бул чачым,
Аркама тартып өрчү элем,
Алганым бала мырзамды,
Адамдан артык көрчү элем.
Жети тутам бул чачым,
Желкеме ченеп өрчү элем,
Асылым мырза баланы,
Адамдан артык көрчү элем.
Ак кайың белең сыйда өскөн,
Ак терек белең майда өскөн.
Көк кайың белең сайда өскөн,
Көк терек белең майда өскөн.
Ак коргошун огуңдан,
Ар убак айтам жогуңдан.
Көк коргошун огуңдан,
Көп убак айтам жогуңдан.
Безбелдек деген берен куш,
Белге уя салган жок,
Көз ачык өткөн мырзамдан,
Белгилүү туяк калган жок.
Казгалдак деген кара куш,
Капталга уя салган жок,
Көз ачык кеткен мырзамдан,
Көрүнө туяк калган жок.
Күмүш жаак капканың,
Күйүп кетти тапканың.
Алтын жаак капканың,
Айта кетти тапканың.
Жашыл алма колго алып,
Бейиште бекен гүл мырзам.
Жаш алган жарым калды деп,
Кейиште бекен гүл мырзам.
Кызыл алма колго алып,
Бейиште бекен гүл мырзам,
Кыз алган жарым калды деп,
Кейиште бекен гүл мырзам.
Тобулгу саптуу камчы алган,
Ашып өтүп келет деп,
Айланайын жаш мырзам,
Ашыгып өзү жол чалган.
Кайыш камчы колго алган,
Капталдап ашып келет деп,
Кызыл гүлдөй жаш мырзам,
Капыстан барып жол чалган.
Айбандан бүкчүр күлүк жок,
Ар жерде сиздей өлүк жок.
Белде бүкчүр күлүк жок,
Бендеде сиздей өлүк жок.
Бечара болуп бейпайда,
Безилдесем келгиң жок.
Тескейдеги гүлбактын,
Шылгаганы курусун,
Гүл мырзам сенден ажырап,
Жыргаганым курусун.
Күңгөйдөгү гүлбактын,
Ыргалганы курусун.
Гүл мырзам сенден ажырап,
Жыргаганым курусун.
Жээрендер ашпас кыядан,
Жеткилең тууган уядан,
Аргымак ашпас кыядан,
Ашык тууган уядан.
Карадан кылган шаңдуу бөрк,
Күбөгүндөй гүл мырзам.
Жети ага-ини адамдын,
Төрөсүндөй гүл мырзам.
Кызылдан кылган кептүү бөрк,
Күбөсүндөй гүл мырзам.
Алты ага-ини адамдын,
Төрөсүндөй гүл мырзам.
Безбелдей мойнун кайырган,
Бектен жемин айырган.
Казгалдак мойнун кайырган,
Кандан жемин айырган.
Зындандын башы кар бекен,
Сызып учкан чар бекен,
Гүл мырзалар зарлаган,
Калкыңда мендей бар бекен.
Кайыңдын башы кар бекен,
Кайкайып учкан куш бекен.
Кара кийип туу тарткан,
Калкыңда мендей бар бекен.
Атакем койгон кара чач,
Алдыма тарта жайдырдым.
Сол колумда беш тырмак,
Бетиме тепчий сайдырдым.
Энекем койгон кара чач,
Ээгиме тарта жайдырдым,
Оң колумда беш тырмак,
Бетиме тепчий сайдырдым.
Тасманы салдым белиме,
Гүл мырзам сенден айрылып,
Машкүлдө болдум элиме.
Аңырдуу көлдө сен жүрсөң,
Аргымак минип жетермин,
Аңырдуу көлдө жок болсом,
Азабың тартып өлөрмүн.
Булуттуу көлдө сен жүрсөң,
Бууданды минип жетермин,
Булуттуу көлдө болбосоң,
Муңканып жүрүп өтөрмүн.
Кыямат барсаң кындан бар,
Кыл көпүрө зындан бар,
Кайрылып келсең бейиш бар.
Нурдун кызы Шербет бар,
Шербетинен сылап өт,
Алты жашар баладай,
Ар күнү ойноп дуулап өт.
Бейиштин беш эшиги дарбаза,
Бир эшиги каргаша,
Каргашадан качып өт.
Бейиштин беш эшиги ачылсын,
Ал шекер менен бул шекер,
Гүл мырзам оозуңду көздөй чачылсын.
ОСМОНДУН КЫЗЫНЫН КОШОГУ
Кадырлап бардың дайныңды,
Карартып кеттиң айлыңды.
Кадырлаган кайның жок,
Кайда кеткен дайның жок.
Урматтап бардың кайныңды,
Уктатып койдуң айлыңды.
Урматтаган кайның жок,
Кайның турсун Осокем,
Кайда кеткен дайның жок.
Бала экенде жатыккан,
Бала доктур атыккан,
Жаш экенде жатыккан,
Жаш бала доктур атыккан.
Ак кыянын алдында,
Атың калды Осоке,
Ак кагазга бастырган,
Катың калды Осоке.
Көк кыянын алдында,
Атың калды Осоке.
Көк кагазга бастырган,
Катың калды Осоке.
Ак кагазга бастырган,
Нуруң калды Осоке.
Көк кайыңдан чаптырган,
Ээриң калды Осоке.
Ак дөбө чыгып айланган,
Ак жалдын үйрүн байлаган,
Ак жалдын үйрүн тараттың,
Айлыбыз бөлөк болгон соң,
Катчы молдо кайсы деп,
Кимдин көзүн караттың.
Алты атаң салган казына,
Айтпасак бизге жазана.
Жети атаң салган казына,
Дебесек бизге жазана.
Күмүш кулак кызыл ат,
Күндү көздөй созулат.
Күмүш тондой бүктөлгөн,
Осокем кайдан табылат.
Алтын кулак кызыл ат,
Айды көздөй созулат.
Алтын тондой бүктөлгөн,
Осокем кайдан табылат.
Ак бешмантың жакалап,
Ак боз атың такалап.
Алматыда топ болсо,
Баруучу элең чалкалап.
Көк бешмантың жакалап,
Көк боз атың такалап,
Көтмалдыда топ болсо,
Баруучу элең чалкалап.
Катты чийип кат жазган,
Тетири чийген кат экен,
Ажал жетип күн бүтсө,
Өлүм деген бат экен.
Көк айрым көлдүн тунугу,
Көп жигиттин сыныгы.
Ак айрым көлдүн тунугу,
Ар жигиттин сыныгы.
Кылычын кырга жөлөгөн,
Кылыгын кырк жигитке теңеген.
Саадагын сайга жөлөгөн,
Санаасын сан жигитке теңеген.
Безбелдек мойнун бүктөгөн,
Бек сүйлөсө шүк деген.
Казгалдак мойнун бүктөгөн,
Кан сүйлөсө шүк деген.
Текелүү тоонун алдында,
Телкүрөң жайдак турбайбы.
Термелерге бала жок,
Апабыз бойдок турбайбы.
Аңырдуу тоонун алдында,
Ак суруң жайдак турбайбы.
Айтар атка бала жок,
Осокем бойдок турбайбы.
Асмандагы булутту,
Шамал айдап курутту.
Бир баланын айынан,
Тукумсуз айдап курутту.
I. АЛГАЗЫ
Карагай найза кагышты,
Калың солдун ичинен,
Жетиген жооң сайышты.
Сайышкан жери кайсы экен,
Эки Талас чаты экен,
Чоң Чөңөрдүн сазы экен.
Кара аргымак куйругун,
Буруш1 кылган Алгазы,
Калың элди как жарып,
Уруш кылган Алгазы.
Тору аргымак куйругун,
Буруш кылган Алгазы.
Толгон элди топ жарып,
Уруш кылган Алгазы.
Карайган суунун жээгин,
Камыш эле дедиңби.
Касташкан жоодон качышка,
Намыс эле дедиңби?
Өчөшкөн жоодон качышка,
Намыс эле дедиңби?
Аланы минсе майышкан,
Адырга чыга сайышкан.
Жээрдени минсе майышкан,
Желбегей чыга сайышкан.
Жоо дегенде сүйүнгөн,
Ат үстүнөн кийинген.
Безбелдек мойнун кайырган,
Бектен жемин айырган.
Казкалдак мойнун кайырган,
Кандан жемин айырган.
Чебич сакал Ыйманкул,
Чебеленип урушка
Чертилбейт эле Алгазы.
Ат куйругун бурушту,
Кара сакал Дүйшөмбү,
Качпай туруп урушту.
Калың кол качып бергенде,
Кара сакал Дүйшөмбү,
Акылынан шашыптыр,
Алгазыдай баатырга
Ат которуп мингизип,
Чукул коштоп качыптыр.
Ат которсо болгон жок,
Алгазыдай баатырды,
Ажал айдап болгон жок.
Кара ат минип жетиген,
Капталдай качып кутулду.
Суктанган жоодон качпаган,
Кан Алгазы тутулду.
Кыядагы нар беле,
Бу Кызылбаш капырдын,
Кылбаганы бар беле.
Жаңы салган мечиттин,
Кооздугун айтайын.
Жаңы болуш Токтогул,
Жооштугун айтайын.
Үч старчын жетиген,
Алалыгын айтайын.
Жаңы болуш Токтогул,
Балалыгын айтайын.
Арбак урган Кызылбаш,
Арам этке семирди,
Кең колду барып кемирди.
Торгойго чабуул коем деп,
Торгой жаман чабылды.
Жанымды алып калгын деп,
Кызылбаш Токтогулга жалынды.
II. АЛГАЗЫ
Ашыкпай бир аз сабыр кыл,
Арыз айтамын Караке,
Агасы сиздей эр эле,
Алгазы иниң канаке?
Арман да толуп ичиме,
Ар түрдүү сөзүм бар аке.
Элик сур турат байлоодо,
Эсилим атам Алгазы,
Баягы эл тартышкан шайлоодо,
Эсебин тапса душмандар,
Акемди эстеген экен жайлоого.
Эркелеп өскөн шордуу баш,
Мен бүгүн —
Эрксизде турам сайроодо.
Карабаш аке бүтүн ук,
Карындаштын арманы,
Кабылан сындуу иниңди,
Караке, кайсы душман жайлады?
Караны кийип башына
Апакем, кайгылуу күндө сайрады.
Кечээ жааттан атам басмырттап,
Жайлоодон көчтүк жакага,
Жаралуу бетке так салып,
Жаптык ко кара апама.
Жалынга түштү жаш өмүр,
Жалгандан кеткен атама.
Жатындаш тууган бир элек,
Караке, жакында келдиң батага.
Көзүмдөн аккан кандуу жаш,
Көйкөлүп агат жакама,
Көкжалым атам үйдө жок,
Көңүлүм түштү капага.
Алышкан жоодон жеңилип,
Адашты элден тынарым.
Аталаш жакын иниңе,
Караке, азыр келген убагың.
Арап менен Чал экен,
Бир кишинин баласы,
Түбүңөр бирге жан аке
Тулпар минип, туу аштап,
Туйгун болдуң Кара аке,
Карабаш мыкты агасы,
А сенин кайран иниң канаке?
Баатыр атам көзү өтүп,
Башыма кара түн болду.
Кайран иниңди өлтүрүп,
Караке, кармашкан душман ким болду?
Катарынан ажырап,
Кагылайын апакем,
Бул кезде кайгысы көп күң болду.
Сан үйлүү кушчу ичинде,
Бизди сабатар уруу дээр экен.
Жатындашы болбосо,
Деги жалгыздын иши кем экен.
Карабаш акем турганда,
Алгазы кандарды соем дээр экен,
Кайрылып Каке тийген жок,
Кайран эрге көлөкөң.
Жалгыздын иши шул болсо,
Деги жаралбай койсо жөн экен.
Аргымак күлүк баласы,
Акырдан чапчып жем жеген,
Аталаш иниң Алгазы,
Караке, адашты бүгүн жергеңен.
Кагылайын атакем,
Кабылан жолборс шер экен,
Кайрылып шондой урушта,
Караке, бир тийбеди көлөкөң.
Тукумдан жалгыз болгончо,
Теги туулбай койгон жөн экен.
Туйгунунан ажырап,
Тул сактады энекем.
Кара айгыр минген Молдобай,
Кайра качып кутулду.
Карагерге камчы уруп,
Кагылайын атакем,
Каптаган жоого тутулду.
Камалап душман жатканда,
Кайрылчу тууган бири элең,
Караке, көрсөтпөдүң сыртыңды.
Атамды сойгон адамдын,
Эчки атпасын мергени,
Түлкү албасын тайганы,
Каралуу калсын алганы,
Жетим калсын балдары,
Жесирлик тартсын алганы.
Иниңди душман сойгондо,
Кайда кетип калдыңар,
Чал акемдин балдары?
Аталаш тууган сендейдин,
Тийбедиго жардамы,
Жесир катын жетим уул,
Караке, кимге жетсин дарманы.
Алгазы иниң өлгөндө,
А тиги, Айгыр-Жалда турган ким?
«Алгазы баатыр өлдү» — деп,
Айтып кабар кылган ким?
Унчукпай чечип аттанып,
Атын моюнга урган ким?
Кушчуну жалгыз билем деп,
Кубанып ичтен тынган ким?
Кан төгүлүп, эр өлдү,
Калкасы тийбей туугандын.
Боз жорго минсе майышкан,
Борумуң айтат жаш ботоң,
Атакем Бортартар өйдө сайышкан.
Бооруңду Каке ким сойду,
Болуштук шайлоо намыстан?
Кабарын укпай калгансып,
Караке, өкүрүп түштүң алыстан.
Кабарын сурап жатамын,
Караке, сени билер деп,
Арада ушак кеп уксам,
Айтканын элдин мен уксам,
Кабыландай иниңди,
Караке, кармап сойгон силер деп,
Алгазыны өлтүрсөм,
Кушчуну жалгыз билем деп.
Кагылайын акемди,
Кантип кыйдың өлүмгө?
Айгыр-Жалдын сыртынан,
Ар кылдыңбы келүүгө.
Алышып жаткан эки иниң,
Ажыратып бөлүүгө?
Атакем өлдү дегенде,
Куптанда келди чабаган.
Өлдү деп кабар укканда,
Жүрөгүм чыкты кабынан,
Колум сынды сабынан.
Жүрөгүм чыкса салынды,
Колум сынса таңылды.
Жесир катын, жаш бала,
Кимге айтамын зарымды.
Биле турган сен элең,
Кайгылуу күндө алымды.
Карасын баштан алдырып,
Алгын жесир жарыңды.
Беш тыйын калың чыгарбай,
Бекерден катын табылды.
Мени алып бергин Карабаш,
Балдарыңын бирине.
Баш кайнатам сен болуп,
Барып кызмат кылайын,
Бети жок чочко үйүңө.
Кабар бердик Карабаш,
Кайран акем өлгөндө.
Ар кылдыңбы Карабаш,
Колуң менен көмгөнгө.
Уялып жүргөн экенсиң,
Ошол кезде келгенге.
Жатындашың өлтүрүп,
Жалгыз калган экенсиң,
Жалпы Кушчу элдерге.
Өзүң союп өлтүрүп,
Кантип бетиң чыдады,
Өкүрүп ыйлап келгенге?
КЕЛДИБЕК
Кан атам,
Биринчиси жылдыздын,
Бирлиги эле кыргыздын.
Үркөрү эле жылдыздын,
Кан атам, артыгы эле кыргыздын.
Төртүнчүсү жылдыздын,
Турагы атам кыргыздын.
Бешинчиси жылдыздын,
Берени эле кыргыздын.
Алтын казык жылдыздын,
Аркары эле кыргыздын.
Жетигени жылдыздын,
Жеткилеңи кыргыздын.
Сегизинчи жылдыздын,
Теңизи эле кыргыздын.
Тогузунчу жылдыздын,
Толугу эле кыргыздын.
Онунчусу жылдыздын,
Ардагы нойон кыргыздын,
Ай менен күнчө жылдыздын,
Арбактуусу кыргыздын,
Чолпону эле жылдыздын,
Султаны эле кыргыздын.
Куткасы эле жылдыздын,
Кутманы эле кыргыздын.
Какшаса да табалбайт,
Ботодой боздоп бир кызың.
КАРАБАШ КУДАЙБЕРГЕН
Калемпир менен мурчтайым,
Усталар издеп табалбас,
Болоттон чыккан курчтайым.
Баатыр балбан билектүү,
Бала жолборс жүрөктүү.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 11