Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 09

Total number of words is 4261
Total number of unique words is 2319
27.1 of words are in the 2000 most common words
39.0 of words are in the 5000 most common words
45.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Көк теңгеде бул элем, ботом,
Көмкөрө бугу менде эле, ботом.
Ак теңгеден бул калды,
Айтпай бир бугу эл калды.
ЧОКО
Төрө ата!
Жакшы болдуң жалганга,
Жардамың тийген чандаңга,
Жанаша чыктың Шабданга.
Бадыша болдуң жалганга.
Байдаң тийген чанданга,
Баш кошуп жүрдүң Шабданга,
Акылдын кени адаттан,
Абылды Кабыл өлтүрүп,
Өлүм кылган санаттан.
Аптиектен1 маани өткөн,
Олуя менен сааба өткөн,
Байгамбарлар баары өткөн.
Төрө атам,
Падышалар баары өткөн.
Сиздей нече чоң өткөн.
Ааламдын баарын окуган,
Апилетун молдо өткөн.
Сиздей нече мурза өткөн,
Азирет Ыйса да өткөн.
Улукман аким кары өткөн,
Он эки кылым баары өткөн.
Бадыша болуп так минген,
Байгамбар болуп калк билген,
Дөөттүн уулу Сулайман,
Тагдыры жетип кудайдан,
О дүйнөгө салгандыр,
Ойлоп турсам дүнүйө,
Опасы жок жалгандыр.
Атаке деп ыйламак,
Ошолордон калгандыр.
Айдап жүрүп журт жеген,
Баки боюн курт жегей,
Аты Айып байгамбар,
А да өткөн дүйнөдөн.
Төрө атам,
Калас болгон дүйнөдөн.
Улукман атам башта өткөн,
Арак ичип мас да өткөн,
Ыбырайым, Ысмайыл,
Ошол экөө жаш өткөн.
Барасаттуу акылман,
Мартабаң ашкан калкыңдан,
Сырттаны элең адамдын,
Чыныгы сөөгүң алтындан.
Чыныбай, Шабдан көргөндө,
Төрө атам,
Сыпаалыгың жактырган.
Акырет кеткен төрө атам,
Арбагың айтып чакырсам,
Акыры күнөө болбоспу,
Айтпай кантип коеюн,
Асылым атам жолборсту.
Акыры түбү мынабу,
Эсенгулдан тараган,
Ниязбектин манабы,
Тынымсейит моңолдор,
Чоро менен саягы,
Ажы менен Субаны,
Эки черик бу дагы.
Улуу атамдын тушунда,
Өөрчүп турган заманы.
Азыркы журттан башкача,
Ар шайманы жарагы.
Асылышкан душманы,
Алы жетпей жадады.
Жамы Эсенгул журтуна,
Тийген эмес залалы.
Даражаң артык көп журттан,
Жете албай жүргөн көп душман.
Таалайыңа жараша,
Тукумуң кызыл өрт чыккан.
Ташкенттен келген улуктан,
Жалгыз кирип кеп уккан.
Улуктар сөзүн сизге айтып,
Андан кийин эл уккан.
Тентек менен ууруну,
Журт ичинен бүткүздү.
Тору аргымак кайкы жал,
Мингениңе жарашкан,
Жалпы Эсенгул көп журтуң,
Бийлигиңе жарашкан.
Кылган иши сенче жок,
Көлдөгү бугу, саяктан.
Күнөкөрдү суранып,
Көп чыгарган набактан.
Карчыгадан куш кармап,
Салганыңа жарашкан.
Казактан барып кыз тандап,
Алганыңа жарашкан.
Быржыбалда1 сыязда2,
Бийледиң барып бу жактан.
Анжыянда топ болсо,
Акылын сизден сураган.
Бадыша менен байдалаш,
Калыс элең бадышам.
Калыстык сизден кеткен жок,
Бергениңде колко жок.
Сизге март мактанып жеткен жок.
Бадышам төрөм кеменгер,
Кеменгерден айрылып,
Каран калды сиздин эл.
Бадышам, аргымактын чаарындай,
Азган менен тозгонго,
Алматынын шаарындай.
Айласы кеткен тууганга,
Бадышам, Наменгендин шаарындай.
Бадышам көзү өткөн соң,
Наманган шаары жыйылар,
Сандаган калкың тыйылар.
Бадышам, байда кылган бакырга1,
Айдыңың тийген жакырга.
Садага берген мискинге2,
Бадышамдын барында,
Адам тийбейт тизгинге.
Кашкарга бардың кан үчүн,
Калыйпа Султан3 пир үчүн.
Капырга салдат бербейм деп,
Калаасын чаптың дин үчүн.
Бээжинге бардың бек үчүн,
Калыйпа урум пир үчүн.
Оруска салдат бербейм деп,
Жарагың чаптың дин үчүн.
Айзасын алып эр да өткөн, I
Дин талашып капырдан,
Азирет, Аалы шер өткөн.
Пайгамбарга барабар,
Бадышам шейит дүйнөдөн.
Кылычын алып эр өткөн,
Дин талашып капырдан,
Мукамбет, Аалы шер да өткөн.
Байгамбарга чамалаш,
Шейит өттүң дүйнөдөн.
Байыркы Манас сен болдуң,
Басылбас жомок мен болдум.
Эрикпес жомок болгонум,
Артыңда өлбөй калганым,
Курусунчу жалганың.
Бозумуң таштан түлкү алган,
Боз үйүң борум жасалган.
Көл бугунун баарысы,
Бадышам сизден үлгү алган.
Боз үйүң көрүп бошоюн,
Акырет кеткен төрөмдүн,
Борумун айтып кошоюн.
Сарайың көрүп кошоюн,
Салтанаттуу төрөмдүн,
Санатын айтып кошоюн.
Жолго сарай салдырган,
Сарайы кооз болсун деп,
Тунуке айнек алдырган.
Бадышамдын ар борумун көргөндө,
Бөлкөвнүк4 төрө жактырган.
Бадышам, тууганга туйгун салдырган,
Туйгунунун тууруна,
Күмүштөн жагоо чаптырган.
Көл боорунда бугудан,
Бадышамды калаада үйөз5 жактырган.
Он арча элин сураган,
Учаскөбай төрө айткан,
Бадышамды бобуске6 менен чакырткан.
Бобускеси борумдуу,
Бадышамдын улукка жаккан жоругу,
Нарындагы төрөгө,
Айкалышып сөз айткан.
Жандыралы7 үйөзгө,
Бадышам, тартынбастан кеп айткан.
Төлөнбай эле тилмеси,
Кеңештеш эле үйөзүң,
Сизди кеңеш сөзгө алганда,
Артыңдагы көп элиң,
Билүүчү эле тийбесин.
Сиз улукка киргенде,
Көчөгө бугу толчу эле,
Баатыр айтсын сөзүн деп,
Сагалап карап турчу эле,
Баатыр айтсын кебин деп,
Кудайым шер жараткан өзүн деп,
Айнектей тунук сөзүң деп.
Капырдан тыкыр иш келсе,
Бугулардын жакшысы,
Бетине кармап барчу эле,
Сенин улукка жаккан сөзүң деп.
Улукка айткан сөзүңдү,
Ойлонсо бугу табалбайт,
Ойронум баатыр өзүңдү.
Үйөз менен айтышып,
Дин мусулман баласын,
Салдатка кантип берем деп,
Бербей чыктың тайышып.
Сиз өңдөнгөн шерлерди,
Кайгырса таппайт дубаның.
Бадышам бурак бир атын токуткан,
Өлсөм бир шейит болом деп,
Салабатты окуткан.
Чүйдүн башы Чоң Кемин,
Өмүрүм өтүп кеткиче,
Түгөнбөс менин бул кебим.
Шашпай жүрүп ит орус,
Жакшыдан алды көп кегин.
Жакшыдан кегин албаса,
Канат ажы, Дүр гана,
Черикчиден кармады,
Канаттардай асылды.
Анын да катын-балдары,
Бизге окшоп ыйлап куурады.
Сарбагыштан өлтүрдү,
Касымаалы, Калпаны,
Бу капыр какшатпады канчаны.
Борукчудан кармады,
Тезекбай менен Кооманды.
Бу капырдын сотунан,
Кайсы бир кыргыз соо калды.
Капырга казат аттанмак,
Пайгамбардан калган иш,
Жеке эле чунак биз эмес,
Бу капырдын тушунда,
Дубандын баары көргөн иш.
Опасыз дүйнө жалган деп,
Бадышам, чалыярдан калган деп,
Карабадың жалганга,
Кеп айтпадың калганга.
Асылдан керез сөз укпай,
Калкыңыз калды арманда.
III. ЫСАГАЛЫ
Насибин журтка жугузуп,
Ардактуу атам айтайын.
Азыраак элге угузуп,
Бир жашында атакем,
Билбедиң ата-энеңди.
Беш жашыңда бек элең,
Ата-энеңдин көркү элең.
Үч айылдын ичинде,
Асыранды эрке элең.
Алты жашка алыштың,
Сабак менен жарыштың.
Балдар менен өзүңдөй
Тай кунандай чабыштың.
Жети жашка жетпедиң,
Жеңи жыртык балага,
Киймиңди берип септедиң.
Конок келсе айылга,
Кызмат менен кетпедиң.
Сегизиңде окудуң,
Серпилип акыл токудуң.
Тогуз жашка келгенде,
Ойлонгонсуң чамаңды,
Билдиң жарык паанаңды,
Токтолтконсуң санааңды.
Оруктуктуу жакшыга,
Ойлонуп бердиң саламды.
Он жашыңда ойнодуң,
Он бир жашка келгенде,
Ок жыландай сойлодуң.
Он экиге келгенде,
Адам билген акылдын,
Бирин билбей койбодуң.
Он үчүңдө жат алдың,
Он төрт жашка чыгарда,
Ойлонуп туруп кат алдың.
Он беш жашка чыгарда,
Алматай ажы баласы,
Ысагаалы атандың.
Он алтыда жатыктың,
Он жетиге чыгарда,
Ордого кирип катыктың.
Он сегизге чыгарда,
Алматай ажы баласы,
Кичине баатыр атыктың.
Он тогуЗга түптөндүң,
Жыйырмага чыгарда,
Алда нече түрлөндүң.
Жыйырма бир жашыңда,
Бак дөөлөт конду башыңа.
Жыйырма экиге чыгарда,
Атаке, жыйын түштү кашыңа.
Жыйырма үчкө келгенде,
Өз боюңду күүлөдүң,
Кыдык турсун төмөнкү,
Саякты кошуп бийледиң.
Жыйырма төрткө келгенде,
Аттан чаптың күлүктү,
Кашымга салдың бүлүктү.
Туугандан бузуп алып,
Атаке, сала чыктың түйшүктү.
Жыйырма бешке толгондо,
Кеп талашкан киши жок,
Атаке, өз эркиңче болгонсуң.
Жыйырма алты жашыңда,
Тулпардан тандап ат миндиң,
Туйгундан тандап куш салдың,
Дубандан бузуп кыз алдың.
Туйгунду туурдан баккан жок,
Тулпар атты чапкан жок,
Акырында атаке,
Ушул бузуп алган жаккан жок.
Жыйырма жети жашыңда,
Олтурчу элең түрлөнүп,
Атка минип кырданып,
Жыйырма сегиз жашыңда,
Атаке, ой ойлонуп сурланып,
Жыйырма тогуз жашыңда,
Жарап кеттиң керекке,
Отуз жашка чыгарда,
Элге кирди береке.
Отузуңдан ашарда,
Акыл коштуң Тилекке.
Отуз эки жашыңда,
Ак калпактуу кыргыздан,
Акылың кыйын ашынды.
Адамды адам көрө албай,
Артыңдан бугу асылды.
Асылгандын баарысы,
Астыңдан чыкпай басылды.
Отуз үчкө келгенде,
Ойлонуп бактың кыдыкты.
Турабың көрбөй кыдыкты,
Атаке, душманга салдың бузукту.
Отуз төрткө чыкканда
Асылым атам ардагым,
Алыска кеткен арбагың,
Жарды менен жакырга,
Мусапыр менен бакырга,
Тийе жүргөн жардамың.
Алты дубан топ болсо,
Атаке, коргошундай салмагың.
Отуз бешке чыкканда,
Душман менен күүлөштүң,
Туйгундугуң артылып,
Чоңдор менен күүлөштүң.
Чоң айтканын койдуруп,
Өңкөй жашты чогултуп,
Үйөз1 менен кармаштың.
Кайратыңа чыдабай,
Чоң билек менен кармаштың.
Отуз жети жашыңда,
Кырк жигит жыйдың кыңгырлап,
Кылыч белде зыңгырлап,
Кылымга жетип арбагың,
Кыдык, Желдең тындырып,
Бет алдыңда душманды,
Атакем, билегин кетти сындырып.
Отуз сегиз жашыңда,
Ок жыландай октолдуң,
Отуз тогуз жашыңда,
Орун басып толгондуң.
Ойронду бузган атаке,
Артыңда калган Чойтукеге,
Олутуң жаман жоктоттуң.
Кудай берген дөөлөтүң,
Кулжага кеткен сөөлөтүң.
Кыркка жаңы чыгарда,
Атаке, жеткен экен нөөбөтүң.
Теңириң берген дөөлөтүң,
Текеске кеткен сөөлөтүң,
Быйыл кыркка келгенде,
Атаке, бүткөн экен нөөбөтүң.
Буйрук мен бардың башында,
Биржыбалдай2 калааңа.
Башынан ак кудайым,
Жазган экен балаага.
Атаке, үйдө курубай,
Акыры шейит болдуң талаага.
Бура тартып сүйлөшүп,
Биржыбалга барганда,
Бурулушта сөз болсо,
Бурчатпастан тапканда,
Бек алдынан келдим деп,
Муңайбай үйдө жатканда,
Топ салдат келип басканда,
Акылынан шашканда,
Бу кудайдын буйругу,
Атакем кетет эле качканда.
Тургузбай орус айдады,
Туйгур бир мыкты болсо да,
Атамдын эки көзү жайнады.
Бардаңке менен кылычка,
Атакем кантип тапсын айланы.
Ээрчип тиктеп артыңдан,
Катын менен баланын,
Аа, кокуй шору минтип кайнады.
Белгилүү аттын кашкасы,
Бек болот сырттын тасмасы.
Беренинен айрылып,
Чыкпайтко жандын башкасы.
Айдап барып камады,
Келсопкенин3 шаарына.
Акчаң болсо бергин деп,
Басып келди баарына.
Акылың болсо абайла,
Атаке сенин арманың,
Түгө^пөс бизди далайга.
Арасынан күн өттү,
Алдадан буйрук болгон соң,
Айдап мындан жөнөдү.
Келсопкеден чыкканда,
Жаман сөздү укканда,
Атамдын өңү бузулду,
Жаны жаман кысылды.
Төрткүл жакты карады,
Атакем канча ойлоду санааны.
Санаган менен канетет,
Келбей турган чаманы.
Каалгалуу чоң үйгө,
Кайрылып түшөр күн болбой,
Ага-ннисин көп ойлоп,
Кара жанын кыйнады.
Кайран Кыдык калдың деп,
Калы килем4 мис табак,
Көчсө көчүң шыңгырлуу.
Каран калган зор үйгө,
Кастап он күн жатпадым.
Абдылда менен Калыга,
Андагы тууган баарына,
Бир ооз кеңеш айтпадым.
Кербендей болгон чоң үйгө,
Келишип он күн жатпадым.
Кенен, Кыдык тууганга,
Кеңири бир ай батпадым.
Керим менен Мамбетке,
Эч болбосо дүнүйө,
Бир ооз кеңеш айтпадым.
Алыскы билген дайнымды,
Арманым көптүр айлымды,
Алыс жерден көрбөдүм,
Уялашым Кайбылда.
Көрбөй калдым арман көп,
Ыйманаалы, Урмамбет,
Жаздыкта жатсам арман жок,
Тил билбеген оруска,
Жасоо кылар дарман жок.
Жаркырап турган сүйөргө,
Эч болбосо шум жалган,
Үркүнбай балам калган жок,
Үйүмдө өлсөм арман жок.
Тил билбеген оруска,
Же мүдөө кылар дарман жок.
Үрккөндө тууган сүйөргө,
Үркүнбайым калган жок.
Тургузбай орус айдады,
Жаман сөзүн аябай,
Армиялар шайлады.
Кекиликтен узатып,
Кечикпестен атамды,
Армиялар түзөттү,
Учуп кетчү немедей,
Чак эле түштө күзөттү.
Кекиликтен өткөндө,
Беш мөйнокко жеткенде,
Арстанбек шейит ыйлады,
Атымды мине келбей деп,
Ат жалынан өлбөй деп,
Кара жанын кыйнады.
Орус кылды өкүмдү,
Буларды бекер жыйдым деп,
Ичинде атам өкүндү.
Атам да сенден айрылдым,
Ушбу жерден кайрылдым.
Жабуу да жаман өкүрдү,
Жабуу менен Казакбай,
Баатырдын тирүү кезинде,
Белек менен Саякты,
Араладың казакты ай.
Топко келсе кеп тийбей,
Тойго келсе а* тийбей,
Жигиттер эми көрдүң азапты.
Бүркүт конор балдакка,
Ителги конор далбага,
Кастык кылган душмандар,
Учурарсың арбакка.
Кууп жетти буларды,
Куу жолтой Тамга калаага.
Ак балтасын колго алып,
Кылычтарын салынып,
Тамгалыктын орусу,
Көбөйө түштү жаңырып.
Чет жагынан Балтабай,
Өлтүрсөң бат өлтүр деп,
Тура калды чаңырып.
Баатыр турду камынып.
Өңгөсүнүн баарысы,
Үстү-үстүнө жыгылды,
Ажалы чукул келген соң,
Бардаңке менен кылычтын
Кантип тапсын айласын,
Оозунан чыгып кетти го,
Канттан ширин сөздөрү.
Карсылдап мылтык чыкканда,
Канетти экен өздөрү.
Кызыл канга боеду,
Өлгөнүнүн баарысын,
Тамга сүйөй жөлөдү.
Шейит болсо арбагың,
Атаке тийе жүрөр жардамың.
Эл уксун деп азыраак,
Билгенимче айтканым.
Өткөн ишке өкүнбө,
Бел байлагын калганың.
Бактылуу туулган адамзат,
Эки жайда болор шат.
Багы качса адамзат,
Бир тууганы болор жат.
Дүнүйө жалган аманат,
Арты болор саламат.
Арбактуу тууган адамдын,
Артында айтып кеп калат.
Ойлоп туруп сөз айтмак,
Акындарга бир адат.
Өтүп кеткен элдерди,
Айткан менен ким табат?
Кадыр алда бар болгону ай,
Минтип башка салганы ай.
Кайгыга салган адамдын,
Башынан кетпейт арманы ай.
Кудай кылса бенделик,
Көтөрөт адам сенделип.
Колуңдан туйгун учкан соң,
Кадырың сурайт ким келип?
Пайгамбарлар баары өттү,
Батма, Зуура жар өттү.
Омор, Осмон дагы өттү,
Акеше, Сааба шер өттү.
Азыркысын байкасам,
Баатыр атам эми өттү.
Ыйса менен Арстанбек,
Ырыстуу бай Чыныбек,
Ошол өткөн шейиттер,
Баары бирдей асыл так.
Баарын болжоп карасак,
Баатыр атам кара көк.
Илебай атам кары эле,
Балтабайдын арбагы,
Бир бугуча бар эле.
Жүк көтөрсө ообаган,
Баатыр атам нар5 эле.
Илебай атам бек эле,
Балтабай кара көк эле.
Жүк көтөрсө ообаган,
Баатыр атам лөк6 эле.
Кабыл менен Сооронбай,
Үкөз молдо атанып,
Калкыңдан сүрдүң дооранды,
Ушу барган шейиттер,
Бир да бирөөң кайтпадың,
Калганың минтип сооронду,
Сооронбай менен Кабылды,
Бул өңдөнгөн асылдар,
Бизге кайдан табылды.
Бир да бирөөң соо кайтпай,
Калганың жаман соолуду,
Калгандарың какшады,
Кайгы-муңун ачпады.
Ошол экен алданын,
Тагдырда шейит жазганы.
Белек, саяк ичинде,
Сүйлөөчү элең какшанып,
Эми аз жыл жүргөндө,
Бугу менен сарбагыш,
Калат элең башкарып.
Сөзүң катка жазылды,
Арбактуу тууган атамды,
Айтпасам ичим ачынды.
Азганакай кыдыкка,
Агыны катуу дайрадан,
Агызбай чыкчу кеме элең,
Асылган менен атама,
Кайсы кыдык тең эле?
Силер түгүл төмөнкү,
Алагөз менен кабаны,
Кошо бийлеп турчу эле.
Кеңдигине караса,
Тескейдин Ысык-Көлүндөй.
Каарланган кишиге,
Какшаалдын кыян селиндей.
Кайыр кылган кишиге,
Суусамырдын желиндей.
Ысыктыгын карасаң,
Кербаланын чөлүндөй.
Баатыр атам барында,
Ушу турган бугулар,
Бадышадай көрчү эле,
Эмине айтса атамдын,
Өкүмүнө көнчү эле.
Кайран атам барында,
Калайык бугу көп журту,
Канга ылайык көрчү эле.
Абдылда менен Маанаңыз,
Абыдан жатып кабышты.
Атама жакын улуктар,
Кабыргасы кайышты.
Канетсин Курман балдары,
Абыдан жатып кайышты.
Үй үстүнө жоо келсе,
Качпай туруп сайышты.
Кушуң алды өрдөктү,
Жасаган алды көрмөктү.
Туйгунуң алды өрдөктү,
Тушунда ишти көрмөктү.
Тургузбай кудай жасады,
Туулгандан соң өлмөктү.
Кара чаар жолборсум,
Кайберен эле жолдошуң.
Бир көрө албай айрылдык,
Кастык кылган оңбосун.
Кызыл чаар жолборсум,
Кырк чилтен сенин жолдошуң.
Бир көрө албай айрылдык,
Капыр орус оңбосун.
Төрткүлдө жолдо бейитиң,
Түк болбосун кейишиң.
Жакшы жайга жөнөлдүң,
Атаке, куттуу болсун шейитиң.
Курман чалган аркы атаң,
Солтоной, Канай берки атаң,
Алматай ажы өз атаң.
Ак калпактуу кыргыздан,
Чыгар бекен сиздей жан.
Алматай ажы, Сагымбай,
Атаң менен бабаңдан,
Айырган кудай багыңды.
Алтын чындыр саатты,
Омуроого тагынды,
Алты дубан топ болсо,
Атаке, ким сындырган шагыңды.
Айткан сөзүн жараттың,
Алакөз менен Кабанын,
Атаке ак ордодон тараттың.
Артыңда калган бүлөңдү,
Айлыңдын көзүн караттың.
Алтын жака, мис табак,
Адам өтпөс көчөңдөн.
Арманың Кыдык унутпас,
Акыл айткан сөзүңдөн.
Бөлөкчө айтып кантейин,
Бөрк ал десе баш кескен,
Сенин жигиттериң айтайын.
Шыгай менен Медетти,
Артыңан киши өлөбү,
Булар да айласыздан күн этти.
Шыгай, Медет эгизди,
Баатырдын тирүү кезинде,
Телегейи тегизде,
Уйдун этин жебеген,
Кудай кылса чара жок,
Улактын этин жегизди.
Азыраак Шыгай эр эле,
Минген аты кер эле.
Ырас ачуу келгенде,
Кара кулак шер эле.
Өзүнчө Шыгай эр эле,
Азыраак ичи тар эле.
Шол тарлыгы болбосо,
Күлчородой бар эле.
Баштагыдай чаппады,
Баарынан дагы жабуусу,
Атакем көзү өткөн соң,
Тулдун түбүн сактады.
Атакем айткандын сөзүн билгизди,
Ат-чапанга карабай,
Атакем далайга пайда тийгизди.
Аз ишиме жарар деп,
Муратаалы акунга,
Аргымакты мингизди.
Аргымак миндиң өбөккө,
Өкүмдүгүң кармаса,
Атаке, атыңды бердик бөлөккө.
Азыраак айтып токтодүм,
Ордуңду жаман жоктодум.
Тие жүрсүн арбагың,
Артыңда жалгыз тукумуң.
I. ЧЫНЫБАЙ
Кан атам, адырда жатат көп кийик,
Ак бараң жетпей бөлүнбөйт.
Алты сан журтуң баш кошсо,
Аңтара добул байланып,
Айнектей көзү жалтылдап,
Асылым атам көрүнбөйт.
Күдүрдө жатат көп кийик,
Көк бараң жетпей бөлүнбөйт.
Күлдү журтуң баш кошсо,
Күмүштөй көзүң жалтылдап,
Көмкөрө добул байланып,
Күлүстөн атам көрүнбөйт.
Адырдан аркар чурады,
Аңдыган мерген тоспойбу,
Койчу, кокуй эжеке,
Ак сарай үйдөн чуу чыгат,
Асыл атам өлгөн бейм,
Күдүрдөн аркар чурады,
Көздөгөн мерген тоспойбу,
Койчу, кокуй эжеке,
Көк сарай үйдөн чуу чыгат,
Көк сарай үйдөн чуу чыкса,
Күлүстөн атам өлгөн бейм.
Ай чалбас кызыл белестен,
Ак жолборс качты тосолук,
Койчу-койчу эжеке,
Ак жолборстой чамынып,
Акшумкардай кагынып,
Кан атам а дүйнө кетти кошолук.
Ай чалбас кызыл белестен,
Көк жолборс качты тосолук.
Койчу-койчу эжеке,
Көк жолборстой чамынып,
Көк шумкардай кагынып,
Кан атам кыямат кетти кошолук.
Алтын така боз атка
Жабдыктап туруп тартайын,
Койчу-койчу эжеке,
А дүйнө кеткен атамды,
Айланып кошуп айтайын.
Ак күрөөкө сооттой,
Оодарылып шаркылдап,
Ордолуу журттан ажырап,
Кан атам а дүйнө кетти жаркылдап.
Аңыз кылып алмакка,
Аваз кылып көрмөккө,
Кан атам Алайдан коен издеткен,
Койчу-койчу эжеке,
Акимдиги тутканда,
Акжар кенде сыязда1,
Жантайдын уулу Шабданды,
Кан атам ак буурадай тиздеткен.
Келеринде эр Шабдан,
Кер жорго минип калкылдап,
Кемер кур белде жаркылдап.
Кетеринде эр Шабдан,
Кер байтал минип салпылдап,
Кепичи бутта шалпылдап,
Шабдандын айнектей көзү жалтылдап.
Кыргыздан чыккан бууданым,
Кан атам бууданга чалыш тууганым,
Койчу-койчу эжеке,
Ким көтөрбөйт өлүмдү,
Жараткан алда кылганын,
Карасы кетпей каламдын,
Кайран атам өлбөй кал,
Калдары элең адамдын.
Сыясы кетпей каламдын,
Койчу-койчу эжеке,
Сыпайы адам өлбөй кал,
Сырттаны элең адамдын.
Асмандан алып жем жеген,
Ала моюн туйгунум.
Койчу-койчу эжеке,
Капаста туруп сайраган,
Кара жаак булбулум.
Добогер2 келсе доо бербей,
Эки шайлоо бир келсе,
Жатар элең кан атам.
Койчу-койчу эжеке,
Эрикпестен көп малды,
Чачар эле кан атам.
Эл жыйылып баруучу,
Базар элең кан атам.
Үй тиреген сыр найза,
Добул тээп сындырды.
Тийген добул кудайдан,
Койчу-койчу эжеке,
Тиктеп ажал келгенде,
Ким калыптыр мындайдан.
Жантайдын Шабдан дегени,
Сарбагыштын төрөсү,
Байтик, Байсал дегени,
Алманын бышкан мөмөсү.
Койчу-койчу эжеке,
Тынаалынын Чолпонкул,
Айбалканын чегеси.
Он эки болуш бугудан,
Ойлончу бир кан атам теги өзү.
Эр Эсенкул эр өткөн,
Эр Жанкарач дагы өткөн.
Артынан калбай Эшкожо,
Канай деген дагы өткөн.
Чоң Ормон канга ким жеткен,
Үч миң сексен жашаган,
Улукман аким кары өткөн.
Темир калаа коргондун,
Кулпун жулуп алганы.
Кудаанын шери балбаны,
Төрт чалыяр бирөөбү,
Пайгамбардын күйөөбү,
Аалыны алган дүйнө ушул.
Кан атам күлүгүнө жем берген,
Койчу-койчу эжеке,
Күңгөйгө тийген ким экен?
Кан атама күбүрнатор чен берген.
Кан атам аргымакка жем берген,
Койчу-койчу эжеке,
Аргымакка жем бербей,
Агытып койгон ким экен,
Кан атама ак падыша чен берген.
II. ЧЫНЫБАЙ
Бал челекте курт калды,
Баки жогу журт калды.
Айдама кырчын тал калды,
Айран менен бал калды.
Терегиң менен тал калды,
Челегиң менен бал калды.
Куланың менен сан калды,
Туйгунуң менен каз калды.
Каз багуучу Бокош менен таз калды.
Ирбиттен алдың коенду,
Издесе бугу табалбайт,
Эми сиздей оенду.
Кашкардан алып бактырдың,
Кара кашка коенду,
Кайдан табат көп бугу,
Бадышам сиздей оенду.
Ак бадыша жиберген,
Алтындуу боо чен калды.
Ала электен не калды?
Апторой1 саяк эл калды,
Бадышам, артыңда бейбак мен калды.
Күбүрнатур жиберген,
Күмүштүү боо чен калды.
Күрдөөлүү бугу эл калды,
Күйүтүң тартып мен калды.
Аккуунун башы тараша,
Асылым Чыныбай өлдү бадыша.
Эми Чыныбай өлсө кантейин,
Артынан Жоламан болор бадыша.
Кара черүү кас болгон,
Бадышам көзү өткөн соң,
Паанайы журттан бас болгон.
Балакетти баштаган,
Жогорку кызыл кыя сагасы,
Бадышам көзү өткөн соң,
Кандыбы экен үч урук иттин табасы.
Ашыктан атың калаалап,
Бадышам Ысык-Көлдү кылаалап,
Өрдөктү коюп казды аттың,
Өчүкүшкөн душманың,
Кайратың менен бастаттың.
Сарбагыштан калталап,
Жечү элең жемиңди.
Көп бугуну калкалап,
Жатуучу элең арстаным,
Ак үйүңдө чалкалап.
Айланайын аргымак,
Ак кагаз тумар тактырган.
Ак абайы2 жаптырган.
Куйрукка үкү тактырган,
Кулпулуу үйгө бактырган.
Арпа жемиң илейин,
Асылдыгың билейин.
Төрүмдүн артын жөлөгөн,
Кең насия кылган миң теңге,
Чыгып келип төлөгөн.
Арпа аттын жеми экен,
Аргымак чыгып келгени,
Асылымдын деми экен.
III. ЧЫНЫБАЙДЫН КИЧИ
АЯЛЫ АЙЧОЛПОНДУН КОШОГУ
Байыркы заман айынан,
Бадыша журттун айынан,
Бала төрө Чыныбай,
Суурулуп чыккан табынан.
Он экиде туурулуп,
Омбуга бардың оролуп,
Ак канга барып чоң болуп,
Ага ишиң оң болуп.
Туурга кондуң чоң болуп,
Тууганыңа оң болуп.
Атилет такта тонуңа,
Адам жетпей жолуңа.
Кинегең алып колуңа,
Киши жетпей жолуңа.
Шумкарды бактың уялап,
Душмандан тыкыс сөз келсе,
Сүрүүчү элең кыялап.
Тулпарды бактың түлөтүп,
Душмандын кунун үрөтүп.
Кызыл ооз Балтабай,
Кунан кылып сүйрөтүп,
Укпаганын уктуруп,
Уландарга жыктырып,
Баткакка басып балкыттың,
Балтабай минтип жалкыттың.
Ороз молдо, Талыптар,
Оңбой калган Маликтер,
Кайым сөзүң жат алып,
Карап туруп ат алып,
Астыңдан өтпөй кулдуктап,
Аркаңдан калбай куйруктап,
Бадышам эмне десең буйруктап.
Өзүңдүн көзүң өткөн соң,
Кулунчак жүргөн нас болуп,
Сарыбай жүргөн мас болуп.
Кызыл ооз Балтабай,
Колтукташып кас болуп.
Астыдан арбак бар болсо,
Үстүдөн кудай жар болсо,
Балдарыңдан жол кетпес,
Бу жоругун койбосо,
Акыретке барганда,
Бадышам, жакасынан кол кетпес.
Улууну бактың агалап,
Сизди уруулу журтуң сагалап.
Кичүүнү бактың инилеп,
Кишинин баары күнүлөп.
Бакачынын баарысы,
Малын ташып үйөлөп,
Сарбагыш, саяк жакшысы,
Туруучу эле күйөөлөп.
Бадышам, келишимдүү өзүңдү,
Келиштирип ким айтат,
Кебиң менен сөзүңдү.
Жараат алды өзүңдү,
Жараштырып ким айтат,
Жакшыга барган сөзүңдү.
Кара көчтөн бөркүңдү,
Кандай айтсам эп келет,
Кара бойдо көркүңдү.
Туугандын турат жүрөгү,
Душманга өткөн билеги.
Канды душман табасы,
Кайран журттун абасы.
Жигитти бактың кастарлап,
Сарбагыш, саяк манабы,
Туруучу эле жезделеп.
Алтын соккон аягың,
Айтпасын кантип саягың.
Күмүштөн соккон аягың,
Күйбөсүн кантип саягың.
Аргымак берип мени алдың,
Нарындагы саяктан,
Азабым тартсын деп алдың,
Армандуу кылып неге алдың?
Күлүктү берип мени алдың,
Күңгөйдөгү саяктан,
Күйүтүм тартсын деп алдың,
Күйгүзө туруп неге алдың?
Эжекемден бир туяк,
Мен карабет Айчолпон,
Асылкандай кыз чунак.
Орустан келген он ийне,
Саптасам кыяк болобу?
Өзүңдөн калган жалгыз кыз,
Сактасам туяк болобу?
Адырга чыгат тармал чөп,
Асылдан мерсент көрбөгөн,
Айчолпон менде арман көп.
Белеске чыгат тармал чөп,
Беренден мерсент көрбөгөн,
Мен бейбакта арман көп.
Камчыңа калай жүргүздүң,
Карагың мерсент жогунан,
Айчолпонду күйгүздүң.
Бадышам, акырет кеттиң келгиң жок,
Дүнүйө ай, ак сарай калды белгиң жок.
Бадышам, күлүстөн кеттиң келгиң жок,
Дүнүйө ай, көп малың калды белгиң жок.
Кылдан болду кыягым,
Кыздан болду туягым.
Бадышам, артыңды кудай оңдосун,
Өлбөй адам калат,
Ыйманың болсун жолдошуң.
Келиндердин белине,
Керене жоолук бурчатпай,
Эркектердин белине,
Кемер кур, чылбыр курчатпай,
Өзү отурган боз үйдүн,
Курчоо боосун чечтирип,
Чече албаган түйүндү,
Бычак менен кестирип,
Май курут менен кошкон май,
Чоң чарага эздирип,
Таңында тарткан толгоонун,
Эртеси кайра кеч кирип,
Улам кымызды коет жаңыртып,
Кетпесин деп эскирип,
Кээде коет үшкүрүп,
Кара булут чагылган,
Кайра-кайра тарсылдайт,
Көзгө илешпей күркүрөп,
Чагылган оту жаркылдайт.
Нөшөрлөп күн ачылбайт,
Үйлөрдө түндүк тартылбайт.
Жигиттер балта көтөрсө,
Арча дөңгөч карсылдайт.
Эми маалына жетти толгоосу,
Жалгыз жеңе жолдошу,
Ошондо кайрадан күн күркүрөп,
Бүтүн дене зиркиреп,
Добул менен бороондон,
Бүтүн боз үй силкинет.
Таң агарып атарда,
Тараза жылдыз батарда,
Баатыр Чокой ошондо,
Жерге түштү бакырып,
Дал ошондо апакем,
Асманда айды карады,
Өз көзүнө көрүндү,
Алмамбеттин карааны.
Чокой жерге түшкөндө,
Асманда булут тарады,
Билектерин карасаң,
Ак жолборстой барааны.
Ошондо туш-тушка кетип сүйүнчү,
Душман болду күйүнчү.
Айылга кетип сүйүнчү,
Ач көздөр болду күйүнчү.
Ал кезде күйүшөр тууган аз болуп,
Аталаш тууган кас болуп,
Анысы аз келгенсип,
Элчи агабыз мас болуп,
Чабаганын берсин деп,
Алдыма түшүп келсин деп,
Чабаганды бербесе,
Чабышты менден көрсүн деп,
Он эки жетим иниси,
Он эки жерде өлсүн деп,
Күнү-түнү күрсүлдөп,
Эт жүрөгү түрсүлдөп,
Мендей Элчи баатырдын,
Жөнү-жайын билсин деп,
Элчи тууган бакырды.
Ормош менен Түлөмат,
Ортого алып чакырды.
Болбосо бизден кетсин деп,
Туугандын аты өчсүн деп,
Кайда кетсе баары бир,
Бир түн өтпөй көчсүн деп,
Айылдын четин жапырды,
Чоң атам менен чоң апам,
Ошондо тапты акылды.
Чабышпай да тартышпай,
Жаман ооз сөз айтышпай,
Орунсуз жерден мушташып,
Ооз-мурундан кан чыкпай,
Сый гана көчүп кетели,
Кетпегенде нетели.
Аксыдагы таяке,
Ат суутуп жетели.
Деп ошентип чоң ата,
Элден алып бир бата,
Кордугуна чыдабай,
Жалаң найза Элчинин,
Зордугуна чыдабай,
Жыйырма эки баланын
Арбыганча кадамы,
Жерин таап багалы.
Бардыгы аман жетилсе,
Бир кандырар табаны.
Таякенин айлына,
Жээрдени чабалы.
Анча-мынча мал жыйып,
Баарын тегиз үйлөнтүп,
Ак бороондой күүлөнтүп,
Келин-кыздын баарысын,
Келгин куштай түрлөнтүп,
Кайра көчүп келербиз,
Жакшы сөзгө конорбуз,
Аталаш тууган акмактын,
Жазасын колго берербиз.
Жетим жүргөн жетилет,
Бүтүн жүргөн кетилет,
Бузуктан чыккан өртүңдү,
Кудай өзү өчүрөт.
Балдардын башын калкалап,
Атакемди аркалап,
Аксыга барып конгонбуз,
Андан да аман келгенбиз,
Жалаң найза Элчинин,
Жазасын колго бергенбиз.
Дал ошол Аксы жакта жүргөндө,
Туугандан жадап күйгөндө,
Жылкыдан кезек кайтарып,
Укурук учун майтарып,
Атакемдин ошондо,
Баатырлыгын айталык.
Кезеги бүтүп жылкыдан,
Кирпиги катып уйкудан,
Айдап келип жылкыны,
Желеге кулун байлатып,
Элдин көөнүн жайлатып,
Эс алайын эми деп,
Эс алчу убак келди деп,
Көлөкөлүү кара таш,
Асты жагы ара таш,
Ара таш өтүп барды эми,
Кара ташта көлөкө,
Айкара төшөк салды эми,
Эки колду башка алып,
Чалкалай жатып калды эми.
Коңурукту кош тартып,
Оозду ачып салды эми.
Дал ошондо бир жылан,
Кара чаар уу жылан,
Төшүнөн сойлоп келгени,
Дал ошондо Чокоюң,
Үйдөй таштай ополуң,
Жыландын жөнүн сезгени,
Дал азууга жетсин деп,
Кашка тиштен өтсүн деп,
Таңдайга жакын келгенде,
Кайраттуу азуу карс этти,
Жыландын башы барс этти.
Алты саат мас болуп,
Айыгып кеткен атакем,
Муздак сууга көп жатып,
Кайыгып кеткен атакем.
Мындай иштин болоору,
Кирген эмес түшүнө,
Уулуу жылан жуттум деп,
Жан атам, айткан эмес кишиге.
Бөкөн менен Кулмамат,
Атакемдин иниси.
Атакем мурун минбесе,
Атка минчү кимиси?
Тукал менен Бүргөнү,
Тубаса боор дос кылган,
Бул үчөө бир барса,
Түмөн колду жок кылган.
Элди жыйнап Таласка,
Жеринин көөнүн ток кылган.
Кечээ Кененсары, Ноорузбай,
Келбети зор доңуздай,
Кыргызды бүтүн кырарда,
Кыямат жолго бурарда,
Кан Ормон келип чакырган,
Ошондо казактын колун жапырган.
Мейнетиң бар Чокой деп,
Ала барган көлүнө,
Отургузган төрүнө.
Балбай жээн ал жерден,
Алып кеткен элине,
Эки сыйлап тагасын,
Баатыр чыккан бабасын,
Кайра келген жан атам,
Сагынганда Таласын.
Жан атамдын шердиги,
Экинчи кылган эрдиги.
Бүргө, Чокой, Тукалдар,
Акыл кылып алыптыр,
Солтону бөлүп койгун деп,
Айкырыкты салыптыр.
Сарбагыштын айылын,
Бир четинен чабыптыр.
Дал ошентип баатырлар,
Сарбагыштан солтону,
Ажыратып алыптыр.
Аман-эсен тынышып,
Кайра жолго салыптыр.
Үчүнчү кылган эрдиги,
Ишене берсин эндиги.
Мыкынын кара сормо суу,
Ормо камыш тормо суу,
Жүктүү кетти нарым деп,
Катын-бала ызы-чуу.
Он атка байлап тарта албай,
Же жүгүн бөлүп арталбай,
Бушмана болуп турганда,
Он арканды бергин деп,
Чокой колун сунганда,
Ээрлердин кашынан,
Он арканды чыгартып,
Баарын бирге түйдүрдү,
Каамыт кылып мойнуна,
Калың кийиз кийдирди.
Моюнга салып сүйрөдү,
Моокуму канып күлдү эми.
Балбандыгын Чокойдун,
Көчкөнбай казак билди эми.
Үстүнө чапан кийгизди,
Астына тулпар мингизди.
Мына ошентип жан атам,
Баатырлыгын билгизди.
Эми, төртүнчү кылган эрдиги,
Төрө атамдын шердиги,
Ушундай адам болгон деп,
Айтып жүрсүн эмдиги.
Чүй бою суулуу камышта,
Баатырдын даңкы алыста.
Ошондо баатыр атанат,
Жарап берсе намыска.
Бойлото келип конушту,
Жолоочулар бул жерде,
Жакшы эле курсант болушту.
Кубалап кармап алышкан,
Бир бөкөндү союшту.
Эл-журтунун иши үчүн,
Кам көрүшүп күз үчүн,
Жайыт издеп элине,
Кыштай турган жерине,
Чокой, Бөкөн, Бүргөлөр,
Ашуунун чыгып белине.
Эки жакты карашып,
Мына эми келишти,
Жата турган жерине.
Быйыл кыш жакшы болот деп,
Кызыгышып чөбүнө,
Эми көрпөчөнү салынып,
Айкара чапан жамынып,
Алп уйкуну салды эми.
Кушпоолонбой Чокойдун,
Сур куласы калды эми.
Суусаганда Суркула,
Машойтту көздөй барды эми.
Суу ичип жатып Суркула,
Жырткычтын жытын алганы.
Жылт берип кайра тартарда,
Жолборс серпип калганы,
Атасынан үйрөнүп,
Бала жолборс чалганы.
Кош аяктап анысын,
Коргоолдой тээп салганы.
Күчүгүнөн ажырап,
Ачуусу келип чоң жолборс,
Атырылып алганы,
Суркула бели үзүлүп,
Суналып жатып калганы.
Алп уйку бүтүп таң атат,
Агарып асман шаң ачат.
Аттарды Бокон караса,
Суу боюнда айыл жок,
Суркуладан дайын жок.
Бүргө, Бокон токунду,
Салмак болду кокуйду.
Экөөсү эки бөлүнүп,
Издеп алып жөнөдү.
Эр Чокойдун эрдигин,
Эми мына көрөлү.
Алар издеп кеткен соң,
Көп убакыт өткөн соң,
Жөөлөй басып акырын,
Дал булакка жеткен соң,
Аттын көрдү издерин,
Тулпардын сынган тиштерин,
Аң-таң калып карады,
Алаамат ойду самады.
Мындай басып караса,
Жолборстун жатат өлүгү,
Мына эмесе тамаша,
Жолборс эмес күчүгү.
Чоң жолборс эмес кичиги,
Энди бирөө болгондо,
Баланын болмок ичиги.
Деп ойлонуп акырын,
Бөк токтотуп акылын,
Жан жагын байкап караса,
Эми болду тамаша.
Сүйрөндүсү куланын,
Эми гана көрүндү,
Эңгиреп көңүл бөлүндү.
Кайран кулам бул жерден,
Тапкан экен өлүмдү.
Ушул турган көрүнүш,
Түшүмбү же өңүмбү,
Деп акырын тыңшаса,
Кышылдаган үн чыгат,
Канчык жолборс, дөбөтү,
Суркуланы жеп жатат,
Кабат жолборс туш келди,
Кандай кылып үн катат.
Дабыш алып ал экөө,
Капысынан кол салат.
Дал ошондо Чокоюң,
Үйдөй таштай ополуң,
Экөөн эки кол менен,
Көтөрүп туруп калганы,
Жаны чыгып бүткөн соң,
Жолго ыргытып салганы.
Эми жан атам Чокой баатырдын,
Бешинчи кылган эрдиги,
Бел байлаган шердиги.
Бүргө, Чокой биригип,
Эл жыйнаган Таласка.
Колдой көр деп арбагы,
Таасим кылган Манаска.
Маани берип барчу эмес,
Анча-мынча талашка.
Акылы терең кеменгер,
Айткан сөзү бир башка.
Улууну сыйлап үйрөнгөн,
Толгондон тартып он жашка.
Анча-мынча адамдан,
Ойлогон ою бир башка.
«Жалгыз бука уй болбойт,
Жалгыз уук үй болбойт,
Жалгыз баатыр эр болбойт,
Ууру баатыр шер болбойт,
Эл бакпаган баатырды,
Эр деп аны атаба.
Керт башы үчүн жоо чапса,
Шер деп аны атаба»
Деп айтуучу атабыз
Эл чогула келгенде,
Кеп айтуучу атабыз.
Ошондо чоң Эсенгул кек кылып,
Узун өзөк көп кылып,
Жыйырма баатыр чогултуп,
Убаданы бек кылып,
Тукал, Бүргө жок экен,
Силерге ачык жол экен,
Бокону ооруп үйдө экен,
Кулмамат болсо Чүйдө экен.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 10