Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 02

Total number of words is 4235
Total number of unique words is 2042
29.0 of words are in the 2000 most common words
41.2 of words are in the 5000 most common words
47.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Үч жыл катар жут болду,
Төрт аяктуу мал калбай,
Ошо жут менен бүт болду.
Ушу жердин өзүндө,
Үч Буркан төрө болду эле,
Баш аягы жылкысы,
Үч миңге таамай толду эле.
Жуттан баары кырылып,
Алтымыш жылкы калганы,
Токойлуу төрө дегенде,
Жети жүз төөсү бар эле,
Башка малда санат жок,
Жерге батпас мал эле.
Отуздай төө калганы,
Ачкадан адам көп өлүп,
Өлгөндөн калган калмактар,
Жөөлөп алып чубуруп,
Ысык-Көл көздөй салганы.
Атбашыда бардыгы,
Он чакты калмак калганы.
Бүрсүгүнү кетүүгө,
Даярданып турабыз,
Бизди жут бузуп куурадык.
Эркектердин баарысы,
Балык уулап кеткени,
Мына ушундай иш болуп,
Калмакка балаа жеткени!
Катындан сөздү укканы,
Токтолбостон ал баатыр,
Алтымыштай жылкыны,
Айдап алып чыкканы.
Кыйласы жолдо өлүптүр,
Өлгөнүнөн калганын,
Анжиянга айдап келиптир.
«Жоголуптур калмак!» — деп
Анжияндын элине,
Кабарды катуу бериптир.
Андай кабар уккан соң,
Уруусу черик элинен,
Эшберди деген бир баатыр,
«Көзүм менен көрөм» — деп,
Атбашыга келиптир,
Атбашы ээн калыптыр,
Калың кара калмак,
Кетип жолго салыптыр.
Чериктен чыккан Эшберди,
Кайра Анжиян барыптыр,
Баштап алып черикти,
Атбашы келип калыптыр.
Кай бир элдер кеп айтат:
«Бурканы тердеп калмактар,
Бузулган экен» — деп айтат.
Кай бир элдер кеп айтат:
«Көбөлөк айдап калмакты,
Бузулуптур» — деп айтат.
Ала-Тоонун кыргызы,
Кайсы жоодон качканын,
Дүнүйөнү чачканын,
Аны да күдүк айтышат,
«Көбөлөк айдап кыргызды,
Ысар менен Көлөпкө,
Кеткен экен деп айтат.
Калмакты кытай кырганын,
Аны да билбей калышат.
Кайта келип акыры,
Калмактар кетип калган соң,
Ала-Тоону алышат.
I. КАМЧЫБЕК
Отуз уул, он жесир,
Оокатын кылып тураарга.
Адигине ата уулу,
Аманат кылдым кудайга.
Алай журтум аман бол,
Кодоогочун, Жапалак,
Тагай журтум аман бол.
Катуу багыт, Алайкуу,
Баргы журтум аман бол.
Саяк, солто, сарбагыш,
Наркы журтум аман бол.
Бөрү, моңол, бөркүчүн,
Беткей журтум аман бол.
Теңизбай, тасма эки уруу,
Четки журтум аман бол.
Күмүш жабдык аркалык,
Күңгөйдө журтум аман бол.
Термелбеген терегим,
Тескейде журтум аман бол.
Мартабасы кылымдан,
Ашкан журтум аман бол.
Алай тоодо көчмөндүү,
Дастан журтум аман бол.
Суулуктуу жоргоң мөңкүсө,
Сундукбай атың буралбайт,
Жабдыктуу жоргоң мөңкүсө,
Жан досум Шибер кетти деп,
Жантөрө болуш ыйласа,
Жанына киши туралбайт.
Жээнбегиң жетилсе,
Жетилбей болот кетилсе,
Мен күйбөгөн ким күйөт.
Жезиттин жолу таш эле,
Көңүл бир жолу суз эле,
Көнүгө элек боз эле,
Көктөйүндө жаш кеткен,
Бала жолборс Мамытбек,
Баш кеткенге күйөмүн,
Он сегизде Арстанбек,
Жаш кеткенге күйөмүн.
Мурзапаяз, Жедигер,
Бек кеткенге күйөмүн.
Барай журтум аман бол,
Деп кеткенге күйөмүн.
Он жылдык Сибирь болду деп,
Көп кеткенге күйөмүн.
Арзылаган айымдар,
Тул кеткенге күйөмүн.
Отуз миң сом оруска,
Пул кеткенге күйөмүн.
Атамдан калган Кадаке,
Кул кеткенге күйөмүн.
Камчыбегин асты деп,
Калаа Ошко чогулуп,
Калкка кагаз жазды деп,
Кулгуна болуп элине,
Зил кеткенге күйөмүн.
Ак жолборстой демим бар,
Асанбегим жакын кел,
Айта турган кебим бар,
Мамыттан калган жалгызды,
Акелигиң билгизип,
Акноотудан кийгизип,
Акимге тааныш кылып жүр,
Жабдыктап жорго мингизип,
Жакшыга тааныш кылып жүр.
Бегилик чыккан бу жерден,
Бир энеден беш адам,
Болгон эмес эч жерден.
Чынар, чынар, чынардыр,
Чынарга балта тийген соң,
Бир бутагы сынадыр.
Атадан алты болгон соң,
Бирөө туйгун чыгадыр.
Туйгундун көзү өткөн соң,
Душман жаны тынадыр.
II. КАМЧЫБЕК
( Курманжан Датка )
Жүгүрүп лэпке1 барып кел,
Беш шише арак алып кел.
Койнуңа салып кел,
Кечикпестен кайтып кел,
Уккан көргөн кебиңди,
Жашырбастан айтып кел.
Бирин-бирин чыгарып,
Орустарга берейин,
Мас кылып коюп орустун,
Каш-кирпигин терейин.
Бир шише арак ичкенде,
Эси кетти орустар,
Үч шише арак ичкенде,
Үшү кеткен орустар,
Төрт шише арак ичкенде,
Төгөрөгүн билалбай,
Акылына жеталбай,
Айран болду орустар.
Беш шише арак ичкенде,
Белин байлап жаталбай,
Мэккэм2 пулун каталбай,
Камчыбектей эрлерге,
Лэйлан болду орустар.
Жарым көчө өткөнчө,
Ичкилик берип тойдурду,
Жарым көчө өткөн соң,
Жанындагы он бала,
Жаллат3 кылып Камчыбек,
Беш орусту сойдурду.
Кара жерди ойдурду,
Караул болгон беш орус,
Бей кепинсиз койдурду.
Жана ачып өлүгүн,
Шамшар салып тилдирди,
Сүйегине4 өрт коюп,
Камчыбек султан гүйдирди.
Кайратыны Камчыбек,
Падышага билдирди.
Жан үйүнө кайтарда,
Алтымыш аттын өзүнө,
Шуру-марват артарда,
Аттаң новмарт ак палван,
Сүйлэп гэпти таптыго,
Сүдүйэгэ5 чаптыго.
Айтып турган кептерин,
Ак кагазга кат кылды,
Эргештамда беш орус,
Сойгон беглер деп кылды.
Камчыбек үйгө келип үшкүрдү,
Аттан түшпөй чүчкүрдү.
Он беш жашар бейтаалай,
Бу бир иш кылды деп жүрдү,
Ичинен тынып тек жүрдү.
Он беш жашар бейтаалай,
Кайненеси Курманжан,
Курманжандын алдына,
«Айланайын энеке,
Айтсам кебин мунаке,
Түндө жатып түш көрсөм,
Түшүмдө аян иш көрсөм,
Эргештамда беш орус,
Союп келген турбайбы,
Бейкепинсиз бешөвүн,
Кара жердин түбүнө
Коюп келген турбайбы» —
Деп үшүнтүп айтты эле.
«Бул айтканың чын болсо,
Камчыбектин алдына,
Барып келгин деди го.
Чакырып атат энең деп,
Алып келгин деди го.
Кийин койбой алдыңа,
Салып келгин деди го.
Бир күйөвиң Камчыбек,
Барып келгин деди го,
Чакырып атат энең деп,
Энди менин алдыма,
Алып келгин деди го».
Он беш жашар бейтаалай,
Барып келген жер экен.
Чакырып жатат энең деп,
Алып келген жер экен.
Анда турган Камчыбек,
Эки колун куушуруп,
Ассалоому алейкум
— деп ошентип Камчыбек энесинин алдына салам айтып кирди.
Өзүңүн жайын сурасам,
Алимбек датка баласы,
Калбасын гептин чаласы.
Энеси турду муну айтты,
Камчыбекти муңайтты.
Жашырбастан сыр айтты,
«Чылым келсе колуңа,
Тарта бергин балам-а,
Душманга сырың билгизбей,
Ак үйүңдө чалкалап,
Жата бергин балам-а».
Энесинин сөзү үчүн,
Чылым келсе колуна,
Тарта берди Камчыбек,
Сыр билгизбей үйүндө,
Жата берди Камчыбек.
Аттаң новмарт6 ак палван,
Сүйлөп турган кептерди,
Судуйа гатка алдырды,
Айтып турган гептерди,
Ак кагазга салдырды.
Эргештамда беш орус,
Сойгон беглер деп кылды,
Ош пиримдей шагардан,
Уруп кирди дилгирем,
Падышанын алдына,
Барып калды шылдырап,
Падша окуп гулдурап,
Каттан кепти угады,
Жер тепкилеп падыша,
Ачуусу чындап келеди,
Кабагынан кар жаап,
Катуу капа болду го,
Мурутунан муз тоңуп,
Мустар капа болду го.
Ош пиримде акимдер,
Айтса кеби жакулдар,
Карап турган казылар,
Калам катка жазылар.
Узун терек кыйдырсын,
Усталарын жыйдырсын,
Кынаштырып чаптырып,
Пайвасдарын курдурсун.
Тил албаган устаны
Жаллат баштап урдурсун.
Он беш күндө барамын,
Таяр кылып турдурсун!
Деп ушунтип падыша,
Уруп ирди дилгирем,
Ошпиримде акимге.
Он беш күндөр болгондо,
Аташына минди го,
Ош пиримге кирди го.
Мекеменин ичине,
Алтын такты курдуго.
Алтын тактын үстүнө
Тиллэ күрсү койду го,
Тиллэ парас жайды го.
Аламдалган падыша,
Ага көтүн койду го.
Башындагы гүлманти,7
Маанисин чечип жанында,
Сүйлөп турат тилмерчи.
Эчки союп бакыртып,
Элинин баарын чакыртып,
Алтындан саат бурады,
Ыраспы деп сойгону,
Калың элден сурады.
Анда турган казылар,
Калам катка жазылар,
Топтонушкан орустар,
Жарданышкан болуштар.
«Узун терек кыйдырдык,
Усталарың жыйдырдык,
Кынаштырып чаптырып,
Пайванттарын8 курдурдук.
Тил албаган устаңды,
Жаллат баштап урдурдук.
Падыша өзүң келгенче,
Таяр кылып турдурдук».
Дегенинде падыша,
Менин сөзүм алыңар,
Камчыбектей беглерге,
Кечикпестен барыңар,
Камчыбектей беглерди,
Байлап келгин деди го,
Пэнди9 кылып алдыма,
Айдап келгин деди го.
«Камчыбектей беглерди,
Айдап келе албайбыз,
Пэнди кылып алдыңа,
Байлап келе албайбыз.
Кылычың сууруп кыныңан,
Коюп койгун барбайбыз.
Кырып-жоюп биздерди,
Союп койгун барбайбыз.
Же болбосо падыша,
Минген аты боз эле,
Сойгону баглан козу эле,
Кийген тону кош эле,
Жаллат башы Ысманың,
Жан алтабыс дос эле,
Ошо барса беглерди,
Байлап келет деди го,
Пэнди кылып алдыңа,
Байлап келет деди го.
Же болбосо барыңар,
Ысманды айтып келиңер,
Ысманга кабар беришти,
Ысманды айтып келишти.
Анда турган Ысманы,
Кылган ишке пышманы.
Келе калып Ысманы,
Падышанын алдына,
Идирас деп кирди го.
Сенин атың Ысмана,
Кылган ишке бышмана.
Минген атың боз экен,
Сойгонуң баглан козу экен,
Сени менен Камчыбек,
Жан аябас дос экен.
Анда Ысман муну айтты,
Башындагы гулмантиң,
Катып койгун барбаймын,
Мекемеңден чыгарбай,
Атып койгун барбаймын.
Же болбосо падыша,
Аллыма бир жүз саллат бер,
Аркыма бир жүз саллат бер,
Арасында жүргөндөй,
Алтымыш эки жаллат бер,
Анан барсам беглерди,
Айдап келем деди го.
Пенде кылып алдыңа,
Байлап келем деди го.
Же болбосо Ысмана,
Кылган ишке бышмана
Гезермеге10 бар деди,
Малдай кылып бөлүнтүп,
Салдат санап ал деди.
Койдой кылып бөлүнтүп,
Жаллат санап ал деди.
Анда турган Ысманы,
Гезермеге барды го,
Малдай кылып бөлүнтүп,
Жаллат санап алды го.
Адырма адыр жүрдүрүп,
Ал караңгы түндери,
Айлында итти үргүзүп,
Камчыбектин үйүнө,
Ат баскырып киргизип,
Алтыганат ак үйгө,
Азыр салдат барды го,
Алты айланып алды го,
Арага жаллат салды го.
Жаллат башы Ысмана,
Лемарс11 кылыч колунда,
Аныктап тосуп калды го.
Жети айланып алды го,
Арага жаллат салды го,
Алмарс кылыч колунда,
Аныктап тосуп калды го.
Жаллат башы Ысмана,
Камчыбектин жолунда,
Муну билген Камчыбек,
Манаа менен жатчу эле,
Күн тийгенче чырагын,
Өчүрбөстөн жакчы эле.
Аягында Муракул,
Башындагы Сыякул,
Тургун уке деди го,
Дүбүр-дүбүр ат келди,
Чыгып кара ким келди.
Барып карап эшиктен,
Пайлап12 карап тешиктен,
Карап турган кези экен,
Бирин-бирин айлантып,
Санап турган кези экен.
Эки жүзчө саллаттар,
Арасында жүргүн деп,
Алтымыш эки жаллат бар.
Муну көрүп Муракул,
Буундарын бош алып,
Эки көзгө жаш алып,
Кайтып кирди Муракул,
Бизге кыйын иш болду,
Бизден дагы Камчыбек,
Сизге кыйын иш болду,
Минген атың боз эле,
Сойгонуң баглан козу эле,
Сени менен бул Ысман,
Жан аябас дос эле.
Коровуңа айлантып,
Саллат баштап келиптир,
Койбой алып кетем деп,
Жаллат баштап келиптир.
Муну угуп Камчыбек,
Аста-секин жөтөлдү,
Төшөктөн башын көтөрдү.
«Сенин атың Ысмана,
Ушунча элдин ичинде,
Сен болдуңбу душмана.
Короомду айлантып,
Саллат баштап келипсиз,
Койбой алып кетем деп,
Жаллат баштап келипсиз.
Минген атың боз элек,
Кийген тонуң кош элең,
Мени менен сен Ысман,
Жан аябас дос элең.
Күндө күндө келчи эдиң,
Күлгүң тонум кийчи эдиң.
Ош пиримдей шаарда,
Күлкү менен жүрчи эдиң.
Сенин атың Ысмана,
Сен болдуңбу душмана».
Ысман турду муну айтып:
«Падышадан кеп болгон,
Байлап келгин деп болгон,
Ак пашаңдан кеп болгон,
Айдап кетем беглара,
Панди кылып алдыңа,
Байлап кетем беглара,
Өзүң кылган иш экен,
Көнө бергин беглара.
Жаныңа адам тартпастан,
Өзүң кылган иш экен,
Көнө бергин беглара».
«Андай болсоң Ысмана,
Алты канат ак үйдүн,
Аркасынан жапшырдым,
Алты жылкы тузума,
Ысман сени тапшырдым.
Жети канат үйүмдү,
Желкесинен капшырдым,
Жети жылкы тузума,
Ысман сени тапшырдым».
Анда турган Камчыбек,
Аягында Муракул,
Башымдагы Сыякул,
Тургун уке деди го,
Ана жорго мин деди,
Адырма-адыр жүр деди,
Арстандай болгон агам бар,
Аларга кабар бер деди.
Мундай күнгө калдык деп,
Аларды айтып кел деди.
Өрүктөн чыккан мөвөбүз,
Курманжан датка энебиз,
Буга кабар бер деди.
Мундай күнгө калдык деп,
Буларды айтып кел деди.
Ала жорго минди го,
Адырма-адыр жүрдү го,
Арстандай болгон агасы,
Буга кабар берди го.
Өрүктөн чыккан мөвөсү,
Курманжан датка энеси,
Курган сайда олтурган,
Даарат алып ар күнү,
Ичин нурга толтурган,
Мундай күнгө калды деп,
Муну айтып келди го.
Аттанышып жандарын,
Кыйнап келе берди го.
Үн алышып балдары,
Ыйлап келе берди го.
«Ыйлаба балдар ыйлаба,
Ыйлап муунуң бошотпо,
Жаман адам окшотпо», —
Деп ошондо Курманжан,
Келе салып эшиктен,
Пайлап карап тешиктен,
«Эне нуруң мен келдим,
Тургун балам» — деди го.
Кололуу кумган колго алып,
Кол дааратың ал деди.
Бурма кумган колго алып,
Бут дааратың кыл деди.
Белинди кындай буу деди,
Бетиңди айдай жуу деди.
Эне нуруң боломун,
Алаканың жай деди,
Ак батаңды ал деди.
Калааң күйгөн оруска,
Анан басып бар деди.
Падышаңдан геп болсо,
Байлап келгин деп болсо,
Бара бергин балама,
Падышанын кебини,
Ала бергин балама.
Ак пашадан геп болсо,
Айдап келгин деп болсо,
Бара бергин балама,
Ак пашаңын гептерин,
Ала бергин балама.
Кудай кылса көрбөйбү,
Үйүндө пенде касалдап,
Жаздыкта жатып өлбөйбү.
Илгертеден закүнгө,
Көнүп келе жатканбыз.
Жети атаңдан быякка,
Ажал жетип күн бүтпөй,
Бу капырдын колунда,
Өлүп келе жатканбыз».
Деп ушунтип Курманжан,
Кала берген жер экен.
Салдаттардын алдына,
Төрт баласын барабар,
Сала берген жер экен.
Керегеңер кыйрады,
Келбеттүү бегим кетти деп,
Келин-кыздар ыйлады.
Ууктары кыйрады,
Урматтуу бегим кетти деп,
Уул-кызы ыйлады.
Таң сүрүлүп атканда,
Тараза жылдыз батканда,
Сопулар азан айтканда,
Сергектер түндүк тартканда,
Мекеменин оозуна,
Туура тартып турушту,
Камчыбектин акаси,
Аттан түшүн учөви,
Азыр салам беришти.
Муну көргөн Камчыбек,
Салам айткан агасын,
Сабап жүрүп урду го,
Чирене тартып үзөнги,
Алтын такта пашага,
Азыр салам берди го.
Тартынбастан Камчыбек,
Тажим салам берди го.
Муну көргөн падыша,
Боконо жүрөк болкулдап,
Бокту ичеги солкулдап,
Башымдагы гүлмантим,
Жанымдагы тилмерчим,
Салам айтып келгенде,
Сөзү жаман көрүндү,
Тиктеп койду Камчыбек,
Жигерим13 тешип кеткендей,
Көзү жаман көрүндү.
Кокустан келип Камчыбек,
Курутпасын шорумду.
Алтын саат колго алып,
Бурап келчи тилмечи,
Нимеликтен антти экен,
Сурап келчи тилмечи.
Күмүш саат колго алып,
Күлүп чыгып жоувун,
Сурап келчи тилмечи.
Алтын саат колго алып,
Бурап турду тилмечи.
Алибатта жововун,
Сурап турду тилмечи.
Тилмарчка мындай сөз айтты,
Падышаңдын алдына,
Кайтып киргин деди го,
Пейли жаман неме экен,
Катын талак паша деп,
Сөгүп жатат сизди деп,
Айтып киргин деди го.
Кайтып кире берди го,
Пейли жаман немекен,
Катын талак паша деп,
Сизди сөгүп атат деп,
Айтып кире берди го.
Муну угуп падыша,
Ачуву чындап келди го,
Таяр турган салдаттар,
Таптырылган жаллаттар,
Казынага барыңар,
Камчыбектин бутуна,
Кадактап кишен салыңар.
Казынага барышты,
Камчыбектин бутуна,
Кадактап кишен салышты.
Мойнуна салып келгиндей,
Тилладан зовла14 алышты,
Көзүнө тутуп келгиндей,
Көз пардасын алышты.
Камчыбектин алдына,
Көрүнө басып барышты.
Муну көргөн Камчыбек,
Чарпаянын үстүнөн,
Жылып түшө калды го.
Салдаттардын колунан,
Барып кишен алды го.
Азалдан тагдыр шулдур деп,
Аягына салды го.
Тигинче басып барды го,
Салдаттардын колунан,
Тилладан зовлук алды го,
Моюунуна салды го.
Көз пардасын алды го,
Көргөн күнүм шулдур деп,
Көзүнө тутуп калды го.
Таярланган салдаттар,
Таптарыган жаллаттар,
Айда саллат деди го,
Падышаң курган дарлары,
Кайда саллат деди го,
Дар тагина барганда,
Ачып кой деди көзүмдү,
Катын талак пашаңа,
Баяндайын өтөйүн.
Алтындан саат бурагын,
Айгак болчу палвандан,
Алдырып келип сурагын.
Жаңылчу болсо ак палван,
Менден мурда аны атсаң,
Ага ыраазы боломун,
Андан мурда мени ассаң,
Нааразы боломун, —
Алтындан саат бурады,
Алдырып келип палвандан,
Аныгыны сурады.
Камчыбектен көп коркуп,
Безгек болгон эмедей,
Калтырады палваны,
Аннан-мыннан сөз кылып,
Тантырады палваны.
Асып ирди апарып,
Ак палванды дарына,
Зовун15 калды ак палван,
Камчыбектин канына.
Намаз жума өтпөстөн,
Көтөр саллат деди го,
Көтөрүп ирди саллаттар,
Тартып ирди жаллаттар.
Камчыбектей беглери,
Дарга асылып өлдү го,
Келген эли көрдү го,
Камчыбектин жектеси,
Дарда туруп желпинди,
Он беш жашар бейтаалай,
Камчыбектин аялы,
Алар куштай талпынды.
Кайненеси Курманжан,
Насаат кылып олтурду,
Эки көздүн жашына,
Этегини толтурду.
Келинине билгизбей,
Бекитип ыйлап олтурду.
Базар башы оюлду,
Нарктуу өскөн Камчыбек,
Мал ордунда союлду.
Жылганын башы оюлду,
Жыргалда жүргөн Камчыбек,
Жылкы ордунда союлду.
Дарбазанын жарыгы,
Анделектин сарыгы,
Айтып ыйлап олтурду,
Камчыбектин кайлыгы.16
Дарбазанын канаты,
Камчыбектин сараты,
Сары атына жарашкан,
Сатаң эле савлати.
Камчыбектин көк аты,
Көк атына жарашкан,
Көркөм эле савлати.
Көк ат менен сары атты,
Пөштөсуна кошту го.
Камчыбектин өлүгү,
Дардан түшүп келатса,
Курманжан барып тосту го.
Мен баламдын өлүгүн,
Алып кетем деди го,
От араба почтого,
Салып кетем деди го.
Илгертеден законго,
Көнүп келем деди го,
Мен баламдын өлүгүн,
Көмүп келем деди го.
Жанымдагы тапанча,
Атып кетем деди го,
Баламдын кылган күнага,
Кырк кечеги, кырк күндүз,
Өзүң кылган түрмөгө, 4
Жатып кетем деди го.
Азавыны баламын,
Тартып кетем деди го.
Анда паша муну айтат:
«Андай дебе Курманжан,
Асман толгон паришта,
Камчыбек уулуң бейиште,
Тартпагын барың кейишти.
Адигине муңгушка,
Оттуу болгон балдарың.
Кайырдинди өлтүрүп,
Капырлардын колунда,
Соттуу болгон балдарың».
ШАБДАН БААТЫРДЫН КАЗАЛЫ
Агузу биллаа, бисмилла1,
Лаа хола вола куввата,
Сыйынамын бир алла.
Ушу дүйнө жалганда,
Таңда махшар болгондо2,
Күнүң менен түнүңдө,
Тирүүм менен өлгөндө,
Сак саламат жүргөндө,
Кеңдик менен тарлыкта,
Кейиш менен шаттыкта,
Медер бергин бир алла.
Бу дүнүйө жалганда,
Кадыр моулан кудайым3,
Өзүң медет бербесең,
Бадишаи ааа керим,
Алсыз бенде карыпмын,
Милдетке кызмат болор деп,
Тарих китеп жазыпмын.
Кадыр моулан кудайым,
Өзүңдөн медет сураймын.
Ата, ана, устазым,
Замандашым, муңдашым,
Милдеттешим, диндешим,
Сабакташым, курдашым,
Катын-бала сырдашым,
Кадыр моулан кудайым,
Жаттык этсин барчасын.
Жамандыктан сактасын,
Ар бирибизге бак берсин.
Башка балаа келбесин,
Бу дүнүйө жалганда
Бенде сүйбөс тарлыкты.
Кантип адам сүйбөсүн,
Байлык менен шаттыкты.
Кайдан сүйсүн бендеси,
Башка келген карлыкты.
Сүйбөс бенде өлүмдү,
Бу ажалдан кутулуп,
Калган бенде көрдүңбү?
Сайран кылган хан баатыр,
Гүлү солду көк жашыл,
Көрөсөндүү хан баатыр,
Баатыр кетти жалгандан,
Кутулууга себеп жок,
Ажал тагдыр келгенден.
Баатыр Шабдан ажыдан,
Артык адам ким болгон?
Жүргөн жери той болгон,
Ар бир иши оң болгон.
Кайда болсо кадырдан,
Алган чени алтындан,
Кыргызда мындай ким болгон?
Марттыгында чеги жок,
Артык эле болжолдон.
Ажал тагдыр келген соң,
Баатыр кетти жалгандан.
Кутулууга себеп жок,
Ажал өлүм келгенден.
Кимге опаа кылчу эле,
Бу жалганчы дүнүйө!
Нечен-нечен пайгамбар
Мурсал4 келген дүнүйө.
Отуз үч миң сакаба,
Төрт жар кеткен дүнүйө.
Жер жүзүндө жаныбар,
Кетип жатат күнүгө.
Тахта отуруп хан өлгөн,
Шаала кеткен дүнүйө.
Нечен-нечен Афлатун,
Хаким кеткен дүнүйө.
Нечен-нечен Хатамтай,
Сахи5 кеткен дүнүйө.
Калкка кайры көп тийген,
Байлар кеткен дүнүйө.
Бендеге пайда кылбаган,
Бахыл6 кеткен дүнүйө.
Жалтыраган көк жашыл,
Көрүм кеткен дүнүйө.
Башчысы кетти бу күндө
Кызыл, жашыл, сарала,
Гүлү солду бу күндө.
Күндө жыйын курулган,
Баатыр көчтү бу күндө.
«Баатыр өлдү» дегенде,
Кыргыз тууган кам жеген.
Гарып менен бакырга
Атасындай көрүнгөн.
Дубанага ат берген,
Садаганы көп берген.
Куру калбады «ху!» деген.
Эшен болсо — кол берген,
Кожо келсе үйүнө,
Тогуздан тогуз ат берген.
Аны угуп ар жактан,
Кырым десең Ирандан,
Кыргыз эмес Чаркештен,
Анжиян, Кокон, Ташкенден,
Кашкар, Капал, Челектен,
Бухар турмак Ындыстан,
Күн чыгышта Кулжадан,
Келе берди ар жерден.
Биз эшитип билгенден,
Күн батышы Мекеден.
Аны угуп Ирандан,
Келбеген адам калбаган.
Кожо болуп сарт келди,
«Ким болосуз?» дебеди.
Эсеби жок бергени,
Ала берди келгени.
Берүүдөн башка билбеди,
Баатыр Шабдан ажыбыз,
Ошондой жоомарт жан эле.
Анжияндан бек келди,
Келген бекке үй берди,
Алдына минер ат берди,
Сиздей адам болбоду.
Ахун келсе, ат алды.
Хаким болсо акча алды.
Төрөлөр кайдан кур калды.
Кыргыздан болгон манаптар,
Күлүк менен жорго алды.
Албаган адам калбады,
Кыргыз менен казактан,
Жетим, жесир, кедейден,
Бири албай калбады.
Казак менен кыргыздан,
Башына азап иш болгон,
Сырын айтып зарлады.
Мен жакшымын дегендер,
Эл башчысы болгондор.
Башка түшкөн сотунан
Куткарды азап торунан.
Ошондой эле эр Шабдан,
Падышадан чөн алган.
Башчы болуп урушта,
Анжиянды караткан.
Андан ары Алайга,
Маргалаң менен Кожентке,
Наманген менен Коконго,
Аскери барган шолорго.
Ошондой болгон казаты
Шол шаарды каратты.
Анда Кокон заманы.
Бардаңке жок колунда,
Бизтон7 анда болбоду.
Кулагына таш байлап,
Мылтык алган аскери.
Орустун шондой заманы.
Анжиянды камады.
Урушууга бек келди,
Нечен түркүм сарт келди.
«Шейитпиз өлсөк» деп келди.
Насыйкатты албады,
«Урушпа» десе болбоду,
Адамдын тилин албады.
Нечен кабат курчады,
Кайратына турбады.
Алымбектин балдары,
Аша качты Алайды.
Таштап кетти карабай,
Катын менен балдарды.
Анда өлдү барганы.
Кайта келди калганы.
Сартта кайрат болбоду.
Кана, кайрат болгону!
Нечен жылы хан болду,
Бир кайратка келбеди.
Колго кирген калкына,
Бир да пайда кылбады.
Таалым берип өнөрдөн,
Өнөрдөн кабар болбоду,
Шол себептен оңбоду.
Каршылашып турбады,
Каршы турса — сулады.
Качуудан башка болбоду,
Наадандыктан азыр да
Көрүнгөндү тергеди.
«Кафир экен бу» деди.
«Башында жок селдеси»,
«Узун чапан кийбеди»,
«Көзүн жерге сүзбөдү»,
«Аса алып колуна»
«Мазар кыдырып жүрбөдү».
«Усул жадид8 окуган,
«Кафир иши, бу» деди.
«Илим билбес нааданы»,
«Мазак кылды биздерди».
Кокон, Ташкен молдосу,
Мектеп ачты билгени.
Казы, раис болгону,
Арам деген биздерде
Илими жок ооганы,
Ошолор калкты бузганы.
Анжиянда, Кокондо,
Алымбек менен Курманжан
Алар да өттү жалгандан.
Коконго барып хан болгон,
Алымбек датка зор болгон.
Эри өлгөн соң Курманжан
Кокондун барып ханынан,
Даткалыкка жол алган.
Катын да болсо Курманжан
Жакшы болду адамдан.
Даткалыктан түшүрбөй,
Ызат кылган эр Шабдан.
Көрсөткөн пайда ар жактан,
Болбоду пайда балдардан.
Жана акимдерден чен алган,
Ар бир берген жоопко
Сураган аким кубанган,
Акылдуу болгон Курманжан.
Кошулабыз тууган боп,
Адигине, Тагайдан.
Эр Шабдандын атасы,
Тагай бийден таралган,
«Эр Тагай» деп аталган.
Өз атасы хан Жантай
Атакеден таралган.
Жантай менен Ормон хан
Эзген эди ол заман.
Төрөкелди баатырдан,
Казак менен кыргыздан,
Чоңдору жок булардан.
Ошондо чыкты эр Шабдан,
Кытай менен калмакты,
Нечен-нечен көп жайды,
Кырк жигитти ээрчитип,
Кылып жүрдү сөөлөттү.
Казак, кыргыз ол чакта
Бузукулук көп кылды.
Баатыр Шабдан ошондо,
Адилеттүү жан эле,
Өлтүрбө адамды дээр эле.
Далай-далай адамды
Өлүмдөн шондо куткарды.
Анда аким Кокондон,
Ханга барган эр Шабдан.
Ар барганда хандардан,
Алтын кымкап сеп алган.
Бала кезден баатырдын
Мартабасы артылган.
Болбоду душман асылган,
Асылууга айла жок,
Мартабасы артылган.
Кайда барса кадырдан,
Адамга кастык кылбаган.
Өзүн улук дебеген,
Текеберлик кылбаган,
Бой көрсөтүп адамга
Мен үлкөнмүн дебеген.
Мүчөсүн көр баатырдын,
Бейдаарат жүрбөгөн.
Намаз окуйт селде менен,
Мечитке барат азан менен.
Ошондой болгон заманда
Азыр адам бар бекен.
Издеп жүрсө табылар,
Дүнүйө жүзү кең экен.
Эч табылбас кыргыздан,
Көп кыдырып, көп көрдүм,
Эки күндүк дөөлөткө,
Эси кеткен көп экен.
Арак ичип, мас болуп,
Арам иште жүр экен.
Не кыларын биле албай,
«Мен акылдуу» дээр экен.
Сөздүн жайын биле албай,
Сөз айтамын дээр экен.
Дөөлөтү кеткен күнүңдө,
Акыл-эсин жыя албай,
Не кыларын билбеген.
Баатыр ажы Шабдандай,
Азыр адам кем келген,
Биз эшитип билгенден.
Кадыр маулан ишине,
Себеби жок дүнүйө.
Бу жалганчы дүнүйө
Жан болгонду жалмаган,
Опасы жок дүнүйө.
Ажал тагдыр келгенде,
Баатыр кетти бу күндө,
Барса-келбес үйүнө.
Жалпы кыргыз туугандын,
Туйгуну учту бул күндө.
Жанып турган шам чырак,
Чырагы өчтү бул күндө.
Муктаждар келип муң айтып,
Алып турчу күнүндө.
Таба албады бу күндө
Бакыр, мискин сурашып,
Качан келсе жол ачык,
Карап калды бу күндө.
Канча келсе дубана
Аттан алган күнүндө.
Кожо менен эшенге
Энчи берген бир күндө.
Мугалим алып Уфадан,
Вазифа берген миң теңге.
Балаларын окутуп,
Кызмат кылды элине.
Он миң сом акча сарп кылып,
Мечит салды жерине.
Жердеген жери Чоң Кемин,
Чоң Кеминдин ичине,
Карагайдан салдырган,
Бышык кыш коюп түбүнө.
Тунуке жапты үстүнө.
Сообу барсын ар күндө,
Шакирттерден жол тийбей,
Окуп жаткан күнүндө.
Жалпы кыргыз Шабданы
Кыргыз десең казактын
Сарт, ногою, дунгандын,
Орто Азия болгондун,
Нече-нече зорлорлун,
Ар бир элге баш болгон,
Мертебелүү болгондун,
Сурап келген акылды.
Бу кыргыздын берип турган насыйкат,
Акыл менен масликат
Сурап турган баатырдан.
Ар бирлери бектердин
Берип турду насыйкат.
Насыйкаты баатырдын
Болуучу эле бек кубат.
Насыйкатты албаган
Калуучу эле далдырап.
Бу кыргызда оболку
Дин үчүн кызмат кылганы,
Илим, өнөр жайганы
Хан Жантайдын Шабданы.
Сарбагушдур урааны,
Темир чынжыр коргону.
Калкка тегиз кадырдан,
Темирден соккон коргону.
Ошол коргон кулады,
Кайтпас сапар жерине
Шабдан кетти бу күндө.
Кайра келер күн болсо,
Ажап болор бул күндө.
Гарып, мискин, бакырлар
Шаттык табар ар күндө.
Муктаждуулар бу күндө,
Зарланалар ар күндө.
Алып турган бектерим
Адашып калды үйүндө.
Кулак салчы, чоңдорум,
Кулады азыр коргонуң.
Баатыр Шабдан чоң эле,
Алтын бу күн зар эле,
Жалтылдаган чендери.
Баатырга баа чен берди
Ар жылына жалийна,
Казынадан бергени,
Шабдандай болуп ким келди.
Бактысы артык жан эле,
Жанып турган чырактын
Күйүп турган шамы эле.
Жоомарттыкта чеги жок,
Тарлыкпастан берчү эле.
Ачык жүздүү мунайым,
Жаман сөзү жок эле.
Электирик кубаты,
Ар сөзүндө бар эле.
Мен айтамын көргөндү,
Анжияндын бектери
Баатырдан келип үй алды.
Ыраскотун жана алды.
Ошол бектер бу күн да,
Баатырдын берген үйүндө.
Курманжандын Маамытбек,
Маамытбектин өзүндө.
Анжиян менен Маргалаң,
Кокон менен Наманген,
Көп азиз жай кылган.
Байрак байлап азизге
Зияратлар көп болгон.
Кай бирлери билимсиз,
Тарихлари жок болгон.
Бу азизди «ким?» десек,
Кай уруктан билбеген.
Шайыхтары таң калып,
«Бу олуя» дээр экен.
Ким экенин билбеген,
Олуя деп жалбарып,
Күнү-түнү тиктеген.
Барса акча бер деген,
Ооруга дары бу деген.
Катын барса аларга,
Бала берет бу деген.
Наадан барса дагы да
Тилек тилер жер деген.
Тилек тилеп ол наадан,
Өзү неге албаган,
Адал кесип кылбастан,
Көрүнгөндү алдаган.
Кыял кылган бачагар,
Олуя болуп көрүнгөн.
Тарки дүнүйө болгонсуп,
«Йаа Бахабиддин!» дээр экен.
Бахабиддин олуя
Дубаналык кылбаган.
Акча сурап калктардан,
Дүнүйө малын жыйбаган.
Акча сурап, нан алып,
«Мен олуя» дебеген.
Дүнүйө камын жебеген,
«Иаа керим хүү» деген,
Ажы баатыр Шабданга
Берсин жаннат бир алла.
Тарки дүнүйө сен элең,
Артык элең болжолдон.
Эшен менен кожого
Эсеби жок мал бердиң.
Аалыхан төрө дегенге
Бир жүз жылкы бир бердиң.
Намангенде бул күндө,
Баласына кыз бердиң,
Эсеби жок пул бердиң.
Тарки дүнүйө сен элең,
Бир дүнүйө сүйбөдүң.
Канча келген дүйнөнү,
Бир да кызык көрбөдүң.
Келип турган дүнүйө,
Кетип турду күнүгө.
Келип турган күнүгө,
Жетпес эле түнүңө.
Түшүп турган күнүгө,
Жетпес эле түнүгө.
Адаты Шабдан шол эле,
Кең нуфузлу эр эле.
Айтайын Шабдан бегимди,
Атаке, Тынай элиңди.
Кичи Кемин, Чоң Кемин,
Сайран кылган жериңди.
Боролдой менен Ак-Бекет,
Шондо салдың эгинди.
Конур менен Көк-Ойрок,
Алдың жакшы жайлоону.
Ысык-Көлдөн Сары-Камыш,
Күңгөйдөн алдың кыштоону.
Малга жайлуу жерлердин
Баатыр алды баарысын.
Чоң Кеминдин ичине
Зоот челек салдырдың.
Жыгач уста бир бөлөк,
Барын баатыр, билдирдиң.
Калк ичине не керек.
Медресе, мектеп ачтырдың,
Илим окуу бек керек.
Усул жадид молдосун,
Алса болор тезирээк.
Үч-төрт айдын ичинде
Кат жазууну билдирет.
Сегиз айдын ичинде
Ыйман, ыслам бек билет.
Ошондой илим билдирген,
Пайдасын калкка тийдирген.
Баатыр ажы сиз керек.
Ошондой окуу болууга
Тартиптүү медресе бек керек.
Сизчилеп мугалим алдырган,
Артыңызда ким болот?
Калды сизден беш бала,
Акыл-эске бек даана.
Бакты берсин бир алла,
Баатырдын ишин кылууга
Султамбай, Мөкүш сиздерге
Канча эстесең табылбас.
Хан баатырды көргөнгө,
Ар ким калган арманда.
Ажал тагдыр келген соң,
Кимдер турар жалганда.
Далай адам арманда,
Бу дүнүйө жалганда.
Молла Хисмиддин, Кемелиддин,
Бешинчибиз Аманиддин.
Баатыр атаң бар чакта,
Сөөлөттүү болуп жүрдүңөр,
Желдей жорго миндиңер.
Доорлорду сүрүп жүрдүңөр,
Булут чайнап, муз бүрктүң,
Ай шекилдүү сулуу кучтуң.
Бу дүйнөдө куштай учтуң.
Бектери болдуң кыргыздын,
Ата ордуна азыр бүгүн,
Кадырлаган тууганыңдын
Баян кылам ар бирин.
Замандашын, үлкөндөрүн,
Байтуума ажы, Байымбетим,
Айрылып калдың баатырдан,
Сарбоз ажы, Алакушум,
Тойболот, Төлө эки бегим,
Дугада бол эрте-кечин.
Хан баатырга жаннат берсин,
Далбай, Эрдене, Султанбегим,
Тобокелчи кеменгерим,
Баласы Дүр Сооромбайдын,
Соң башчысы бу Тынайдын.
Жана да Максумкожо, Мамбетаалы,
Азыркы башчылары бу Тынайдын.
Туура жолго көндүрсүн бир кудайым.
Бу Тынайда калбады,
Баатырдан пайда көрбөгөн.
Турумбек менен Сопубек,
Бир курбусу Жаныбек,
Ажыга барды Жаныбек,
Акыреттин камын жеп.
Кайда барса ызаттуу,
Тең курбусу менмин деп,
Ажал келсе бендеге,
Тагдыр алса шол болот.
Ар боруму келишкен,
Хан баатырдай ким болот.
Баяндасам бабасын,
Биринен бири зор болот.
Баатыр Шабдан байдасын,
Далай адам көргөнсүң.
Баян кылдым нечесин,
Пайдаң тийди көп жерде,
Казак менен кыргызга.
Көрдүк эле ар жерде,
Гарып менен пакырга,
Оозу ачык казына,
Күндө алса түгөнбөс,
Түгөнбөгөн дарыя,
Баатыр ажы эр Шабдан,
Өтүп кетти, дарыйга!
Чыгыптыр Кызыр жолунан.
Куткардың нечен адамды,
Кутулбас азап торунан.
Жетимиш үч соттууну
Бошоттуң салган кишенден,
Суранып улук акимден
Сөзүн аким сыйлаган,
Күбүрнадыр, жандырал,
Ызат кылды ошолор.
Күбүрнадыр, жандырал,
«Шабдан баатыр, Шабдан» деп,
Колдон алып жүрдүлөр.
Азиз баатыр өтүпсүң,
Бу дүнүйө жалгандан,
Бактылуу адам болупсуң.
Келбес жерге кетипсиң,
Булбул десем, туйгунум,
Бүгүн колдон учупсуң.
Казак менен кыргызды
Жалгыз өзүң билипсиң.
Жетпес жерге кетипсиң.
Сууда болсо кундузум,
Асмандагы жылдызым.
Айта берсем түгөнбөс,
Айтайын Шабдан бегимди,
Мүчө-мүчө жериңди.
Айта берсем түгөнбөс,
Баатыр кеткен дүнүйөдөн,
Кабарын уккан жандардан,
Келбей адам калбаган.
Казак келди Капалдан,
Күн жүрүштө Кашкардан,
Күн батарда Ташкенден,
Кең Чүй ата ичине
Күздө түшүп аш берген.
Калбады тууган келбеген,
Малы-жанын аябай,
Кызмат кылды келгени.
Сарбагыштын бектери,
Атбашы, Нарын жеринен,
Чоко келди бир беги.
Чоңойду асыл топтору.
Касымаалы, Касымбек,
Моңолдор менен Чериктен,
Кошо келди нече бек.
Кызмат кылды «ага» деп,
Чоко келди шол жылы
«Агага жакын барам» — деп.
Борукчундун чоңдору,
Терекбай, Садыр, Кооманы,
Жана келди баш болуп,
Жапай, Түлкү тууганы.
Айта берсем түгөнбөс,
Эсенкулдун бууданы.
Надырбектин чоңдорун.
Баян кылам билгеним,
Сейит ажы, Токторбай,
Асыранкул, Черикбай,
Эл сураса көңүлү жай.
Магрифатка9 асылган,
Булардын алы ушундай.
Азыркы чоң Көбөгөн,
Арышы өргө жөнөгөн.
Баатырдан пайда көп көргөн,
Маалыматка асылып,
Колдон келсе жөлөгөн.
Азык, Төлөк, Сарыбай,
Айта берсем түгөнбөс,
Азыктын беги бир далай.
Өтүп кетти кайран эр,
Мамырбай деңиз булбул ай,
Ажал тагдыр ошондой.
Темирден — Канат, Токтосун,
Айта берсем бектерин,
Сөзүм узак болбосун.
Муратаалы, Токтосун,
Магрифатка көңүл кой,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 03