Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 11

Total number of words is 4201
Total number of unique words is 2167
23.8 of words are in the 2000 most common words
34.6 of words are in the 5000 most common words
41.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Кеткендердин баарысы,
Кайрылып келди кутулуп,
Атакем калды тутулуп.
Каракол, Кеңкол эл басты,
Кабай кулду тер басты.
Жыйынга басып келе албай,
Акчасын санап бере албай,
Өлгөн менен тең болду,
Ага-иниси чогулуп,
Көмгөн менен тең болду.
Каерде Кабай киши элең,
Кан солто Байтик баатырдын,
Ит баккандын өзү элең.
КАРАБАШТЫ АЙДАТКАН КАДЫРКУЛ ДЕП
ОЙЛОГОНДОГУ КОШОК
Кадыркул калем алып кат жазды,
Кадыркул, каршылык ишти көп жазды.
Атабыз кетти билинбей,
Кадыркул калды каңгырап,
Өкүмөткө илинбей.
Тескейге Төлкүрөң атын байлатпай,
Кадыркул теңтушун таап айдатпай.
Кырчоого кур ат байлатпай,
Кадыркул курдашын таап айдатпай,
Кумайдан акташ аларсың,
Атабыз тегин киши эмес,
Акыры бир күн көрөрсүң,
Кусуруна каларсың.
Ак сайдан акташ аларсың,
Атабыз тегин киши эмес,
Азабына каларсың.
Алым-сабак кошок.
Селки — Кара жылга жер болгон,
Атамдын көзү өткөн соң,
Кайсалап душман эл болгон.
Тегерек саз жер болгон,
Атамдын көзү өткөн соң,
Темселеп душман эл болгон.
Шурутай — Букардан алып төлдөттүң,
Бурул кашка коенду,
Муңканып калкың табабы?
Атакемдей оенду.
Селки — Алдына минген Сартору ат,
Ак арпа жеп дуулаган.
Артындагы ага-ини,
Аркасы менен дуулаган.
Шурутай — Алдындагы көк буудан,
Көп арпа жеп дуулаган.
Айтылуу кушчу сабатар,
Атамдын аркасы менен дуулаган.
Селки — Керилип туруп сүйлөгөн,
Атамдын көзү барында,
Кең-Колдун элин бийлеген.
Шурутай — Кайрылып туруп сүйлөгөн,
Атамдын көзү барында,
Каратал элин бийлеген.
Селки — Курулуу дүкөн чарбагың,
Кушчу турсун солтого,
Кеткен атам арбагың.
Шурутай — Сандыгыңда тукаба,
Санап ыйлаар биз турсун,
Санаткор бегим өттү деп,
Саргайып ыйлайт букара.
Селки — Үйүңдүн ичи тукаба,
Күйүп ыйлаар биз турсун,
Күлүстөн бегим өттү деп,
Күйүнүп ыйлайт букара.
Шурутай — Ингенге тарткан илеген,
Илени көздөй жөнөгөн.
Ал Илеге барганда,
Ийменбей туруп сүйлөгөн.
Ал үн деген ким деген —
Акылман атам мен деген.
Селки- — Тайлакка тарткан илеген,
Ташкенди карай жөнөгөн.
А Ташкенге барганда,
Тартынбай туруп сүйлөгөн.
Бул үн деген ким деген,
Булбул атам мен деген.
Шурутай — Жай кийгениң сулпу эле,
Кыш кийгениң түлкү эле.
Жүрүшүңдүн баарысы,
Шатыра шатман күлкү эле.
Селки — Ак шайы көйнөк буласы,
Чоң солтонун ичинде,
Нусуп деген кудасы,
Ал кудасына ыраазы.
Шурутай — Көк шайы көйнөк буласы,
Ак койлуунун ичинде,
Азат деген кудасы,
Ал кудасына ыраазы.
Селки — Көк жибек тондун буласы,
Кагаздынын ичинде,
Токтонай деген кудасы,
Ал кудасына ыраазы.
Шурутай — Атамдын көзү өткөн соң,
Карайгандын баары ыйлап,
Калың кушчу эл ыйлап,
Казак, кыргыз тең ыйлап.
Селки — Тил билбеген суу ыйлап,
Дини катуу эл ыйлап,
Сыдыра бүткөн тал ыйлап,
Сызып аккан суу ыйлап.
КАЛПА АЖЫ
Пайгамбарлар баары өткөн,
Падышалар кан өткөн.
Падыша болгон кылымга,
Он сегиз миң ааламга,
Так Сулайман дагы өткөн.
Пайгамбардын көбүбү,
Чариярдын бирөбү,
Темирден болгон коргондон,
Кулпусун жулуп алганы,
Кудаанын шери балбаны,
Али өткөн дүйнөдөн.
Нече миңди жашаган,
Кары өткөн дүйнөдөн.
Кара кылды как жарып,
Адил болуп жол сүрүп,
Өмөр өткөн дүйнөдөн.
Чариярдын жолдошу,
Пайгамбардын молдосу,
Осмон өткөн дүйнөдөн.
Ошондой нечен акылдуу,
Өскөн өткөн дүйнөдөн.
Өкүнүч жок өлгөнгө,
Туйгунум ажым береним.
Жоодурап топто олтурса,
Тууганың эмес кан ажым,
Душманга тийчү керегиң.
Тууганың зарлап ыйласа,
Турпактан чыкпайт дарегиң.
Каргы сындуу терегим,
Кайгысыз ажы береним.
Каймана душман топ кылса,
Калкыңа тийчү керегиң.
Калкың зарлап ыйласа,
Кабырдан чыкпайт дарегиң.
Чаң басты Нарын жериңди,
Чабан кылдың элиңди.
Чатырап саяк топ кылса,
Ким сүйлөйт айткан кебиңди.
Өрт алды Нарын жериңди,
Өксүттүң саяк элиңди.
Өзүңдөй бектер топ кылып,
Ким сүйлөйт айткан кебиңди.
Өстүң эле абалап,
Элүү тартты демиңди.
Ак ылайлуу акырдан,
Ак тулпар качты жем издеп,
Алтын туур үстүнөн,
Ак шуңкар учту эңиштеп,
Айтпай саяк турганда,
Акырет кеттиң нени издеп?
Көк ылайлуу акырдан,
Көк тулпар качты жем издеп,
Күмүш туур үстүнөн,
Күрдөөлдүү саяк турганда,
Күлбейиш кеттиң нени издеп?
Айчылыктан көрүнгөн,
Мунар элең ажы абам.
Айдыңдуу саяк журтуңа,
Айтар элең ажы абам.
Күнчүлүктөн көрүнгөн,
Мунар элең ажы абам.
Күлү жами саякка,
Тынар элең ажы абам.
Асмандын көркү абада,
Айланып учкан куу элең.
Айдыңдуу саяк журтуңа,
Айкын ачык туу элең.
Көлдүн көркү абада,
Көкөлөп учкан куу элең.
Күлү жами саякка,
Күмүш айчык туу элең.
Ай жагынан жел келсе,
Чырагыңа жарашкан.
Айдыңда саяк көп журтуң,
Сурагыңа жарашкан.
Күн жагынан жел келсе,
Чырагыңа жарашкан.
Күрдөөлдүү саяк көп журтуң,
Сурагыңа жарашкан.
Күмүш купа ооздук,
Тулпарыңа жарашкан.
Күмүш жагоо жылаажын,
Шуңкарыңа жарашкан.
Сынсыз эле санатың,
Сырттаным ажым өлбөй кал,
Сындырдың саяк канатын.
Кадиксиз эле санатың,
Кабылан ажым өлбөй кал,
Кайрыдың саяк канатын.
Аргымак миндиң чалкалап,
Ааламды билдиң талкалап.
Алладан амир болгон соң,
Ажалга кеттиң быркырап.
Тобурчак миндиң чалкалап,
Топ бийледиң талкалап.
Тосуп ажал жеткен соң,
Токтоосуз кеттиң быркырап.
Алты атаң саяк асылдан,
Артык элең далайдан.
Алладан ажал келген соң,
Алты мүнөт токтобой,
Аттандың жалгыз панадан.
Алты атаң айтсам жок жетпейт,
Жанболоттон тараган.
Жебирейил келген соң,
Жети мүнөт токтобой,
Аттандың жалгыз панадан.
Жети атаң айтсам жан жетпейт,
Жанболоттон тараган.
Алтын баш кылыч белде жок,
Азирейил кол санса,
Айдактап калар бенде жок.
Ар түрлүү бектер топ кылса,
Арыстан ажым элде жок.
Жез байнек кылыч белде жок,
Жебирейил кол салса,
Жетектеп калар бенде жок.
Желкелүү бектер топ кылса,
Жетигим ажым элде жок.
Аксайдын башы Беларык,
Акындай тилиң буралып,
Акырет кеткен сен карып,
Азабың тарткан мен карып.
Көксайдын башы Беларык,
Күкүктөй тилиң буралып,
Күзгүдөй бетиң тунарып,
Күлбейиш кеткен сен карып,
Күйүтүң тарткан мен карып.
Атасыз калды балдарың,
Айнектей жүзүн тытынып,
Арманда калды алганың.
Айла жоктон көтөрдүк,
Алланын жазган барманын.
Бабасыз калды балдарың,
Башына кара салынып,
Бадышам дейт алганың.
Барман барбы көтөрдүк,
Бадыша кудай салганын.
Бартияң калды куралбай,
Багышың калды суралбай.
Бадышам көзүң өткөн соң,
Эсенкул көрсөк күйөрбүз,
Эркиндүү качан топ болсо,
Эрмегиң айтып жүрөрбүз.
Чорону чоро дээр элең,
Чородон чобур жээр элең.
Чородон жеген чобурду,
Чокойчон минсин дээр элең.
Чокойчонго калганда,
Соң-Көлдөн ичиң кең эле,
Субанды Субан дээр элең,
Субандан күлүк жээр элең.
Субандан жеген күлүктү,
Сүйгөнүң минсин дээр элең.
Сүйгөндөргө калганда,
Суусамырдан кең элең.
Кас санаган душманга,
Каптап кеткен сел элең.
Каралап келген карыпка,
Катын алып берчү элең.
Белсенишкен душманы,
Бетин көрсө сүрдөчү.
Бекерге басып жүргөндү,
Беймаза кылып тилдечү.
Бадышам ажым өзүнө,
Байкап айтсак эп келген.
Бактысын кудай арттырып,
Бадышалар чен берген.
Мектептеги балдарга,
Балапанча жем берген.
Бактысына жараша,
Бар акылын кең берген.
Орду жок жаман жүрбөгөн,
Ооруну көрсө дем берген,
Ошон үчүн кудайым,
Орундап давлет мол берген.
Бейдаарат ажым жүрбөгөн,
Бала болуп башынан,
Аның үчүн кудайым,
Абыроюн арттырган.
Аят окуп, дарс айткан,
Алимдик жайың бар эле,
Айтышса сөзүн бербеген,
Чечендик жайың бар эле.
Аптиек китеп окуган,
Алимдик жайың бар эле.
Жеңишсе сөзүн бербеген,
Жеткилең жайың бар эле.
Жети болуш дубанга,
Маалимдик жайың бар эле.
Жети ата саяк уулуна,
Жеткирбей учкан зар эле.
Жергелүү кедей журтуна.
Күйүп турган шам эле.
Күлбейишке сен кетип,
Күйүттө калчу эл беле.
Күлүстөнүм алды деп,
Күндө ыйлачу биз беле.
Арындык кедей журтуна,
Алтынчы панар шам эле.
Арстаным ажым деп,
Азапта калчу эл беле.
Аңылдап ыйлап күнүгө,
Азапта калчу биз беле.
Азыраак өмүр көралбай,
Акырет кеткен сен болдуң.
Ар кылганың көп сүйлөп,
Арбагың айткан мен болдум.
Шариятты бек кармап,
Мекеге кылдың ибадат,
Курандын сөзүн куп көрүп,
Кудайга кылдың ибадат.
Нарындын бою Акчийге,
Там салдырдың тунуке.
Болот таш менен түптөтүп,
Окшотом деп бейишке.
Карагай менен кыйдырып,
Кара сыр менен ойдуруп,
Калаадан көрүп порумун,
Бөлмөсүн сегиз чойдуруп.
Тамың калды талаада,
Жаш кезиңен сыйындың,
Жараткан кадыр аллага.
Муну үчүн кудайым,
Мурадына жеткирген.
Бактысы баштан кетпеген,
Каадасы ушул ажымдын.
Кан Шабдандан кем бекен.
Тогуз дубан топ кылса,
Торгойдой тили сайраган.
Көк жолборс ажы көрүнбөйт,
Көп жыйындан карасам.
Арбагым айтпай койду деп,
Арманың менде болбосо,
Ур кызынан онду алып,
Жаныңа мендей ырчы алып,
Бейишке жаткын тынч алып.
ЫСА БОЛУШКА
Арстаным Ыса күлбегим,
Арзып келген мен карып.
Алты жыл бирге жүрбөдүм,
Болушум Ыса күлбегим,
Борумунда жүрбөдүм,
Болуш бойдон эл бийлеп,
Орунуңда жүрбөдүң.
Болушум сенден айрылып,
Бозорорум билбедим.
Арстаным Ыса күлбегим,
% Арзып келген мен карып,
Азабың тартып өкүрүп,
Кайгырарым билбедим.
Алты атаң саяк кабадан,
Артык элең баладан,
Алты мөөр ызынек,
Алдың эле береним,
Кең Наманган калаадан.
Алдадан ажал жеткен соң,
Алты кадам басалбай,
Алты мүнөт ашалбай,
Аттандың жалгыз баанадан.
Жетик элең баладан,
Жез ызынек алтын мөөр,
Жетишип алдың калаадан.
Жеткен ажал бүткөн күн,
Жети кадам басалбай,
Жети мүнөт ашалбай,
Жетигим өттүң баанадан.
Алты атаңа жан жетпейт,
Алты сан кошун каалаган,
Артык элең баладан,
Качканактын төрт уулу
Арзымат менен кан Асан,
Арстаным Ыса көрүнбөйт,
Араңардан карасам.
Арзып келген ырчы элем,
Артында кимге жарашам,
Арстаным сенден айрылдым,
Аламан болор тамашам.
Көкүмбай менен кан Асан,
Көкжалым Ыса көрүнбөйт,
Көп жыйындан карасам,
Жорукту менен кан Асан,
Жолборсум Ыса көрүнбөйт,
Жоголгон окшойт карасам.
Жогортон келген ырчы элем,
Жоргодой салып турчу элем.
Жолборсум сенден ажырап,
Жорголоп кимге жарашам.
Арзыматтан тараган,
Айыгышкан душманын,
Ак жолборстой мараган.
Садыр, Сейит, Бекболот,
Арстаным Ыса болушум,
Арбагың айтсам эп болот.
Арстанын кошпой калды деп,
Ар кимден ушак кеп болот.
Ушагыңа калганча,
Улугум сенден айрылып,
Убайым тартып кайгырып,
Бурулуп элге барганча,
Арман кылып боздоюн,
Ак үйдөн сөөгүң чыкканча,
Арбагыңды козгоюн.
Ырыскулбек, Шераалы,
Нарботонун баласы,
Ыса болуш дейт эле,
Төрт миң үйдүн баласы,
Кудай амыр кылбаса,
Адамдын ушул чамасы.
Өрт алды арым жериңди,
Өбөктөттүң элиңди.
Өйүз-бүйүз баш кошсо,
Ким сүйлөйт айтар кебиңди.
Үргүлжү саяк таппадык,
Өлүмдөн калар эбиңди.
Чаң басты арым жериңди,
Чакыр саяк баш кошсо,
Ким сүйлөйт айтар кебиңди.
Алты арыш саяк таппадык,
Ажалдан калар эбиңди.
Ажал чиркин келди эле,
Алтын башың жеңилди.
Жыйырмага чыктың жык толдуң,
Жыйырма бешке киргенде,
Жыландай болуп октолдуң.
Отузга жашың келгенде,
Болуштукка токтолдуң.
Отуз төрткө киргенде,
Ордуң менен жок болдуң.
Кайып болуп кубулдуң,
Кырк жаштын кырын баспадың,
Элүүдөн кадам ашпадың,
Элиңди каран таштадың.
Эч бир кайгы жогунда,
Эки көзүм жаштадың.
Алтымышка чыкпадың,
Акырет көздөй ыктадың.
Алдадан ажал жеткен соң,
Аяктай көргө уктадың.
Төгүлгөн жашы мончоктоп,
Төрөкелди төрө агаң,
Төрө Ысам өттү деп ыйлайт.
Төрө Телтай, Бөрү агаң,
Дайныңды таппай боздогон,
Дандеке, Көкүм бий тагаң.
Калың сейит кайының,
Кабыргасы кыйраган.
Айласы кетип өкүрдү,
Абдыгул, Бекмат, Молдо иниң,
Ысырайыл, Мырзабек,
Ырысы жерге төгүлүп,
Ысасынан бөлүнүп,
Ыйлаган эки шордуу иниң.
Ажал жетип күн бүтүп,
Акырет кеттиң жетигим.
Алатоосу жыгылып,
Алсырады эки иниң.
Атакем деп өкүрүп,
Айласын таппайт жетимиң.
Айланып кайра келгисиз,
Аяктай көргө бекидиң.
Өз колуң менен көмбөдүң,
Өлөр кезде апаңды.
Үргүлжү саяк эл тартты,
Үшкүрүп сенин жапаңды.
Алган жарың Алымкан,
Кагаздай бети жыртылып,
Кайта-кайта тытынып,
Кайран Ыса төрөм деп,
Кайгыңда жүрүп өлөм деп,
Кара кийип калдайып,
Калың саяк көп элиң,
Каруусу кетти шалдайып.
Калкына тиер керегиң,
Кайран Ыса береним.
Калың саяк өкүрсө,
Кан Ысам чыкпайт дарегиң.
Туура сындың терегим,
Тууганга тиер керегиң.
Туралбай Сейит өкүрөт,
Туйгунум чыкпай дарегиң.
Каршы сындың чынарым,
Капшыттан учтуң тынарым.
Биле албадык кудайдын,
Кайгылуу жетим кыларын.
Каралап келген мен кургур,
Кайран эр сенден айрылып,
Канатым сынып кайрылып,
Кызыл селде чалынып,
Көк таякка жөлөнүп,
Календер болуп турамын.
Туура сындың чынарым,
Туурдан учтуң тынарым.
Биле албадык кудайдын,
Түбөлүк жетим кыларын.
Кече тушунда келген мен карып,
Туйгунум сенден айрылып,
Асаңа селде чалынып,
Ак таякка жөлөнүп,
Дубана болуп турамын.
Алтын боолуу ак туйгун,
Айланып учуп желде жок,
Ак болот кылыч белде жок,
Агала өрдөк көлдө жок,
Азирейил кол салса,
Ажалдан калар бенде жок.
Алты миң үйдү сураган,
Ага, иниси дуулаган,
Арстаным Ыса элде жок.
Арман менен кайгырсак,
Айланып келер ченде жок.
Жети түлөк желде жок,
Желелүү өрдөк көлдө жок,
Жез байнек кылыч белде жок,
Жети сууну сураган,
Жетигим Ыса элде жок.
Бозумпай түлөк желде жок,
Бозала өрдөк көлдө жок,
Болоттон кылыч белде жок,
Боруму менен эл билген,
Болушум Ыса элде жок.
Боортоктоп өбөктөп,
Боздосок келер ченде жок.
Ак ылайлуу акырдан,
Аргымак качтың жем издеп,
Алтын туурдун үстүнөн,
Акшумкар учтуң эңиштеп,
Алты уруу элиң тул таштап,
Акырет кеттиң эл издеп.
Арстаным сенден айрылып,
Уялуу көргө жай кылып,
Ага, иниң таппайт сени издеп,
Арымдан Ыса мыкты деп,
Асылган жоосун жыкты деп,
Алыстан арзып келдим мен издеп,
Көк ылайлуу адырдан,
Күлүгүм качтың жем издеп,
Күмүш туурдун үстүнөн,
Көк шумкар учтуң эңиштеп,
Күлдү журтуң тул таштап,
Күлүстөн кеттиң эл издеп.
Күйүтүң тартып кайгырып,
Күлбегим сенден айрылып,
Күйөрүң таппайт сени издеп.
Күлбегим сени мыкты деп,
Күрөшкөн жоосун жыкты деп,
Күсөдүм эле мен сиз деп,
Күсөп келген күлбегим,
Күлпөтүндө жүрбөдүм.
Арзып келген күлбегим,
Алты жыл бирге жүрбөдүм.
Атаң бирге аталаш,
Арбагың бирге баталаш,
Ырыскулбектин балдары,
Атакан бийи карганы,
Арстаным деп өбөктөп,
Анын да кетти дарманы.
Асылым сага кайгырып,
Ак сакалдуу кары ыйлайт,
Керимбай болуш, Аалы ыйлайт.
Кереги тийчү эле деп,
Кембагал кедей дагы ыйлайт.
Бир боорум деп өкүрдү,
Бактыяр болуш Мурзакан,
Үнүн баспай боздоду.
Кан Дыйкандын Муктар кан,
Амалсыздан айрылдык,
Арстаным Ыса мурзадан,
Алдан ажал жеткен соң,
Аманат экен курган жан.
Айрыларым мен билсем,
Арзыбайт элем Жумгалдан.
Күрөшүп жыгып шайлоодо,
Күркүрөөнү басып эл алган,
Күрөшкөн жоодон кек алган,
Күлбегим сенден айрылып,
Күйүткө салды шум жалган.
Күйүттүү кайгың болбосо,
Күнөөлүү жайда ким калган.
Күлбегим Ыса мыкты деп,
Күрөшкөнүн жыкты деп,
Күсөдүм эле Жумгалдан,
Багышты басып эл алган,
Басташкан жоодон көк алган,
Бадышам сенден айырды,
Жапасыз дүйнө шум жалган.
Башыма кайгы түшпөсө,
Пайгамбар өткөн ким калган.
Падышам Ысам мыкты деп,
Партиясын жыкты деп,
Пааналап келдим Жумгалдан,
Сарттарды сурап эл алган,
Салышкан жоодон көк алган.
Сардалым сенден айрылып,
Санаадар кылды шум жалган.
Санаалуу кайгың болбосо,
Саабалар өткөн ким калган.
Сардалым Ыса мыкты деп,
Сайлоодо ыраак чыкты деп,
Санадым эле Жумгалдан,
Күркүрөө калды суралбай,
Күлдө журт ыйлайт туралбай,
Туйгунум туурдан учканга,
Душманың кантет кубанбай.
Багышың калды суралбай,
Партияң калды куралбай,
Бадышам сени өткөрүп,
Балдарың ыйлайт туралбай.
Сарттарың калды суралбай,
Сыязың калды куралбай,
Сырттаным сени өткөрүп,
Зыркырадык туралбай.
Бардык элдин ичинде,
Багыштардын балбаны,
Байлоого кеткен төрөнүн,
Аркасында калганы.
Жети атаны желпентсе,
Жети суунун салмагы.
Жети жылдан бер жакка,
Жетпей жүрөт дарманы.
Жетигим сенден айырган,
Бир кудайдын барманы.
Төрөнүн уулу Добулбек,
Жеткирсең кудай орун деп,
Болуштук мага борум деп,
Алты күнү жатпаган,
Жети күнү батпаган,
Дартыңды санап жүрөрбүз,
Келте кесик деген дарт,
Кез келиптир шум ажал,
Кеттиң Ыса биздин март,
Жогорку элдин жолборсу,
Жолборс Ысам жолдошу,
Карыя Медет чоң болуш,
Ак сакалын жайкалтып,
Айнектей жашын чайпалтып,
Бир боорум деп өкүрүп,
Бу да келди өкүнүп,
Кетмен-Төбө кең жерден,
Ким чыккан сенден өтүнүп,
Мындай жагын айтайын,
Коңур-Өгүз, Ничке-Сай,
Калың Бегат Кутунай,
Баары манап, баары бай,
Базыл уулу Көкүмбай,
Өөдөчекти түнкатар,
Өкүмүн уккан тим жатар.
Өзүбек Сыдык баласы,
Өз тууганым бий Сатар,
Сатар бийге токтобой,
Самап келген жөлөгүм,
Санаасын тартып өкүрдүм,
Сардалым Ыса төрөнүн.
Сардалым сенден айрылып,
Сатарга кантип кетем кайрылып,
Букаранын мыктуусу,
Бир тараптын ыктуусу,
Боркемиктин болгону,
Болоттон салган коргону,
Тай ордуна ар кимге,
Тартынбай берген жоргону.
Карыясы Сарыгул,
Сандыгы алтын, күмүш, бул.
Өөдөчекти молойгон,
Өзөнү менен чоңойгон,
Карамурат Сасыгы,
Калкына жаккан басыгы.
Кармашып жүрөт Каратал,
Алты арыштуу саяктын,
Айлантпа алтын казыгы.
Караталга токтонбой,
Каалап келген жөлөгүм.
Кайгысын тартып өкүрдүм,
Кайран Ыса төрөмүн.
Кайран эр сенден айрылып,
Кара жерге жай кылып,
Калкыма кантип кетем кайрылып.
Басыл журттун балбаны,
Бай Тагайдын балдары.
Кадырбай менен Суранбай,
Качырып кирсе душманды,
Каракашка тынардай.
Каламда кудай жазыптыр,
Кан Ысам кеттиң туралбай.
Суранбайга туралбай,
Сынап жүрүп тапканым.
Сымбатыңа күйөмүн,
Сырттаным Ыса датканын.
Көкүмбайдан боз бала,
Канкелди, Байтик, Дөнөнбай,
Кадырман болбойт Борбудай,
Көкүмбайдын бу күндө
Төрт түлүгү шаймашай.
Бала баатыр Байгазы,
Марттыгы элдин байдасы.
Байгазыдан кесилип,
Бааналап тапкан жөлөгүм,
Кайгысын тартып өкүрдүм,
Бадыша Ыса төрөмүн.
Бадышам сенден айрылып,
Байкадым жерге жай кылып,
Мен байкуш кантип кетемин,
Маңдайкы элге кайрылып.
Тууганыма токтонбой,
Тууган болгон мен элем.
Тушумда келген бир бала,
Дуулап жүрсүн дээр элең.
Ата-энеме токтобой,
Атат туткан мен элем.
Ардактап көөнүм өскөртүп,
Ата болгон сен элең.
Арзып келген бир карып,
Алдымда жүрсүн дээр элең.
Эсен-аман барында,
Эл-журтума кетпедим,
Эне-атама жетпедим.
Батаңды алып жаркырап,
Калкыма кайта барбадым.
Бадышам сенин барыңдай,
Баркыма жетпес балдарың.
Күлбегим сенден ажырап,
Күйгүзөт ичти арманың.
Адырга түлкү жойлотпос,
Алтын жаак капканым.
Ак калпактуу кыргыздан
Ар жакшыга токтонбой,
Арзып келип тапканым.
Ата болуп асырап,
Алпештеп жакшы тапканым.
Күңгөйгө түлкү жолотпос,
Күмүш жаак капканым.
Күрөшкө келген душманын,
Көмөлөтө чапканым.
Күлдү кыргыз элимден,
Көп жакшыга токтонбой,
Күсөп келип тапканым.
Күйүтүн тартып өкүрдүм,
Күлүстөн Ыса даткамын.
Жабыгып качып мен келсем,
Жан бооруңдай көрчү элең,
Жамбыңды бузбай берчү элең.
Жалгыз аяк мен тургай,
Жалпы журтка кенч элең.
Азып тозуп мен келсем,
Ардагыңдай көрчү элең.
Адырес тонуң бир башка,
Атыңдан түшүп берчү элең.
Алыстан келген мен тургай,
Арымга чыккан кенч элең.
Орозонун күнүндө,
0 дүйнө карай жол тарттың,
Он жетинчи түнүндө.
Жатмак болдуң гүлбегим,
Жабыктай көрдүн түбүндө.
Ыкыбалдуу жан элең,
Ыйманыңдан түңүлбө.
Бейиштин оозун ачканда,
Тозоктун оозун жапканда,
Беш убак намаз, орозо,
Мусулманга парс кылып,
Момундарга карыз кылып,
Ак шарыят чачканда,
Дин мусулман баласын,
Собоп менен бакканда,
Акырет сапар кеттиңиз,
Азапсыз жайга жеттиңиз.
Карагер жорго жабдыктап,
Токучу күнүң бүгүнбү?
Жаназасын жалпы журт,
Окуучу күнүң бүгүнбү?
Алтын башың табыттан,
Көрүнөр күнүң бүгүнбү?
Ага-иниңди сыздатып,
Бөлүнөр күнүң бүгүнбү?
Аяктай көрдүн түбүнө,
Көмүлөр күнүң бүгүнбү?
Алтын боолуу туйгунум,
Аяктай көрдүн алдына,
Жайланар күнүң бүгүнбү?
Арканы жок, жиби жок,
Байланар күнүң бүгүнбү?
Карчыга чалыш туйгунум,
Айланар күнүң бүгүнбү?
Каалгадай жердин алдына,
Жайланар күнүң бүгүнбү?
Казыгы жок, жиби жок,
Байланар күнүң бүгүнбү?
Кайран Ыса атыңыз
Кабыл болсо тилегин,
Каанага кирип жатыңыз.
Катарланган бейиштин,
Бирөөнө батыңыз.
Канчалык какшап ыйласак,
Калганга өтпөйт датыбыз.
Капилеттүү дүнүйө,
Жалганга өтпөйт датыбыз.
Береним Ыса атыңыз,
Берсе кудай тилегиң,
Бейишке кирип жатыңыз.
Бенде экенбиз жаралган,
Өтпөдү биздин датыбыз.
Берсе кудай жайыңды,
Бери кызынан бешти алып,
Бейишке кирип тынч алып,
Бетиңе мендей ырчы алып,
Бейишке жайнап кириңиз,
Бет алдыңдан жандасын,
Бериште менен уруңуз.
Бейиштеги ур менен,
Белсенише жүрүңүз.
Ур уулунан кем эмес,
Улугум Ыса түрүңүз.
Учуруп сизди дүйнөдөн,
Убайым тарткан күнүбүз.
Жараткан кудай жай берсе,
Жаннатка басып кириңиз.
Жалтылдасын жаныңда,
Жаннаттагы уруңуз.
Жаннаттагы ур менен,
Жакындаша жүрүңүз.
Жаннатта урдун уулунан,
Жаман эмес түрүңүз.
Жалгандан сизди өткөрүп,
Жабыркаган күнүбүз.
Кайып болдуң дүйнөдөн,
Кайран Ыса жолборсум.
Артыңда калды каңгырап,
Алмадай башың маң кылып,
Ысырайыл, Мырзабек,
Эки түгөй жолдошуң.
Арбагым айта жүрбөйт деп,
Арманың менде болбосун.
Арзып келген мен карып,
Арбагыңыз колдосун.
ТОКТОГУЛ ЖЕҢИЖОК ДҮЙНӨДӨН
КАЙТКАНДА БАТАГА КЕЛИП,
ЖЕҢИЖОКТУ КОШУП ЫРДАГАНЫ
Алыстан келдим сагынып,
Эки көздөн аккан жаш,
Акырек ылдый агылып.
Турсаң боло, жан досум,
Көңүлүңдү мен үчүн,
Бурсаң боло, жан досум.
Зарланып айткан сөзүмдү,
Уксаң боло, жан досум.
Бир көрүнүп койгонго,
Караңгы көрдүн ичинен,
Чыксаң боло, жан досум?
Мөгдөгөн мында элиңди,
Көрсөң боло, жан досум.
Байлантып мында тургузбай,
Боздогон үнүм угузбай,
Келсең боло жан досум.
Кулагым тунуп чуулдайт,
Түгөнбөс ырдын кени элең,
Эми, пендеден сендей туулбайт.
Жоргонун элең чыгааны,
Шумкардын элең кырааны.
Жылкынын элең дулдулу,
Акындын элең булбулу.
Жан досунан айрылып,
Канаты сынып кайрылып,
Эми, торгоюң Токоң курдубу?
ЭШМАМБЕТ ЫРЧЫ КАЗА БОЛГОНДО КУРМАН
ЫРЧЫНЫН КОШУП ТУРГАН ЖЕРИ
Алтындай кара сакалың,
Аттанып чыксаң керилген.
Атактуу акын Эшмамбет,
Айрылдым сендей теңимден.
Ажал чиркин токтотпой,
Айдап бир кетти элимден.
Күмүштөй кара сакалың,
Көркөмү сонун керилген,
Күкүгү элең кыргыздын,
Коштоштум сендей теңимден.
Кайрылбай кеттиң кайран эр,
Кетмен-Төбө жериңден.
Булдуратып неченди,
Бендеге салып кеселди,
Бооруна басты кайран жер,
Булбулум сендей неченди.
Бурулбай кеткен булбулдун,
Артынан куусам жетемби?
Айттырбай ар бир чеченди,
Адамга салып кеселди,
Алдына басты кара жер,
Акыным сендей неченди.
Аттанып кеткен булбулдун,
Артынан куусам жетемби?
Атактуу акын сен элең,
Ак жоргодой айдаткан,
Аты жүз адам болсо да,
Атагын айтып жайнаткан.
Ар сөзүң нуска кеп эле,
Арашандай кайнаткан.
Боордош элди ырдасаң,
Боз жорго элең айдаткан.
Беш жүз адам ичинде,
Булбулдай тилин сайраткан.
Ырыстуу кыргыз элимдин,
Ырчысы элең кайратман.
Токтогул менен бир жүрүп,
Элге ырдадың Эшмамбет.
Тоосунан байлык кен чыккан,
Кенди ырдадың Эшмамбет.
Күкүгү элең элимдин,
Күнү-түнү талбаган.
Беш күн ырдап отурса,
Бир жаңылып калбаган.
Айтуучу акын сен элең,
Алдына күлүк салбаган.
Кетмен-Төбө, кең Талас,
Жериң калды кайран эр.
Кичинеңден чоңойткон,
Элиң калды кайран эр.
Калык, Жолой, Жаңыбай,
Теңиң калды кайран эр.
Кайраным сенден ажырап,
Каран түн түшүп кайгырдым,
Катарлаш ырдап жүрчү элем,
Күкүгүм сенден айрылдым.
Кудурет таш боор бербейт го,
Калкыңа кайдан кайрылдың.
Күрпүлдөп аккан өзөнүм,
Күкүктөн ашкан көсөлүм.
Курдашым сенден ажырап,
Күйүп бир турат өзөгүм.
Күйүттү салып көп элге,
Кайрылбай кеттиң өбөгүм.
Агыны катуу өзөнүм,
Атагы чыккан көсөлүм.
Акыным сенден ажырап,
Азалуу турат өзөгүм.
Айылга салып кайгыны,
Ажырап кеттиң өбөгүм.
Асмандагы жамгырдай,
Ырдын кени сенде эле,
Ар убакта ырдашып,
Ээрчип жүрдүм мен деле.
Айттырбай келет турбайбы,
Ажалды салса пендеге,
Айла жоктон Эшмамбет,
Сизди таштадым жерге аманат.
Кайрылбай кетсең кантейин,
Калгандар болсун саламат.
Түшүмдөн такыр кетпейсиң,
Түбөлүк кимдер жаралат.
Ырларың уккан адамдар,
Ыраазы болуп кубанар,
Бир сөзүң жерге койбостон,
Билимдүү балдар чыгарар.
ТОКТОГУЛ
Кара жаак кайкы тил,
Кайран устат бууданым.
Карысаң да бел элең,
Катарымда турбадың.
Калкың ыр, күүсүз калды деп,
Каңырык түтөп ыйладым.
Каңгырап бопбош калгандай,
Кетмен-Төбө жергебиз.
Кары-жашың баары ыйлайт,
Калкыңды таштап өлбөңүз.
Касты ажал жетсе арга жок,
Биз деле бир күн өлөбүз.
Касиети артык жан элең,
Кандай биз жерге көмөбүз.
Артыңда калың эл ыйлайт,
Ала-Бел, Жаргарт бел ыйлайт,
Акынынан айрылып,
Арым, Суусамыр төр ыйлайт.
Аралап өзүң ырдаган,
Ала-Тооң сага көп ыйлайт.
Ала кетпей унут таштаган,
Артыңда Коргол көр ыйлайт.
Ажалың айтпас шок экен,
Армансыз дүйнө жок экен,
Алды-артына каратпас,
Ажалдын көөнү ток экен.
Асылды алып кеткидей,
Ажалда уят жок экен.
Күкүктөй тилиң бар эле,
Күрмөлбөй калды Токтогул.
Күмүшкө бергис сөздөрүң,
Иргелбей калды Токтогул.
Мурда эле майып жан элем,
Жөн көрбөй калдым Токтогул.
Кошулуп бирге баралбай,
Артыңда калдым мен сокур.
Өтө досуң эрте өттү,
Ак жылан чагып заарынан.
Эшмамбет кетти ээрчишип,
Сүйлөшкөндөй мурдатан.
Өзүң кеттиң кубалап,
Досторуңдун артынан.
Оң көзүм майып көралбай,
Чыгалбай калдым журтумдан.
Кени жок бопбоз жер калдың,
Керектүүнү деги алдың.
Каарлуу кудай бар болсоң,
Корголду неге албадың?
Көзү өттү эле Токомдун,
Кыйкырып ыйлайт балдары,
Корголдур мында калганы.
Кутмандар кетип мен калдым,
Ушулбу кудай жардамың.
Өзөгүм эле Өтө акын,
Эзелден болгон мен жакын.
Токтогул тоодой бел эле,
Тозоктуу өлүм муңайттың.
Алганың Сейдимкан чыркырап,
Гүлсара кызың зыркырап,
Аксыдан тапкан Бабажан,
Ата деп ыйлайт буркурап.
Ажалга айла жок экен,
Ага-ини жашын ким тыят?
Артыңда жалгыз калдым деп,
Акшыйган Коргол шылкыят.
Айтайын ичте муңумду,
Ачайын болгон сырымды.
Анчалык неге шаштыңар,
Жашабай толук кылымды?
Өзүмө окшош чалырдан,
Кимге ырдаймын ырымды,
Азапка салып кеттиңер,
Акшыйган Коргол кургурду.
Элинен кеткен булбулду,
Эскерип Коргол какшады,
Эчкирип ыйлап Сейдимкан,
Эки көзүн жаштады.
Гүлсара менен Бабажан,
Кургабайт окшойт жаштары.
Куураган турмуш ушу экен,
Кеткендер кайра кайтпады.
Кенен дүйнө бар болсо,
Келгин деп неге айтпады.
Келин-кесек, чал ыйлап,
Кемпир-кыздар баары ыйлап,
Кейиген үнүн баспады.
Кош болгун Токо келбесең,
Корголуң кошуп айтканы.
КАЗЫБЕК АТАСЫН КОШКОНУ
Бисмилла деп баштамак,
Бир кудаанын жарлыгы.
Билгизет адис куранда,
Бизге анын барлыгы.
Ажал жетсе өлүмгө,
Ар кимдин жок арлыгы.
Ар канча көпөс болсо да,
Аралжы болбойт байлыгы.
Атабыз адам байгамбар,
Аларды койбой алдыбы.
Тагдыр жеткен ажалдан,
Кутулуп шолор калдыбы.
Тагдыр жеткен Аалыга,
Акыр заман тардыгы.
Арстаным атам өткөн соң,
Артында арман арбыды.
Сандалып жүргөн муңдууга,
Салып кеттиң кайгыны.
Намысың кетти ар жерге,
Так сым болдуң кай жерге.
Колумдан дөөлөт кеткеним,
Колдогу атам бар жерде,
Өзүмдүн чыкпай колумдан,
Ошондо жүрсөң мейли эле,
Урматым атам бар дээрге.
Кармалып барып жезиттин,
Калаасында кечиктиң.
Кайрылып быйыл келет деп,
Кабарыңды эшиттим.
Каалаган ойго жеткизбей,
Кандай бир дартка кезиктим.
Алал жүрмөк адамга,
Артыгы деп кесиптин,
Айыл-аймак журтуңа,
Адеп берип ээрчиттиң.
Акырет үчүн салдырган,
Аркасы тиер мечиттин.
Тартипсиз кимдер жүрбөгөн,
Тартипке калкын үндөгөн.
Айыл аймак журтуна,
Адеп берип үндөгөн.
Кедери баскан бузуктун,
Кетирип баркын тилдеген.
Калк чогулуп келгенде,
Калыстыгын сүйлөгөн.
Бей-бечара алсызга,
Бекем сөзү тийбеген.
Касиеттүү жан элең,
Кара өзгөй дөөнү сүйбөгөн.
Башыма түшөр саякат,
Бай терек элең бүрдөгөн.
Кесилген соттон кутулуп,
Келген окшойт түрмөдөн. Толгонуп бизге жеталбай,
Тойдуңбу кокуй дүйнөдөн.
Кабарың угуп көп адам,
Кармансам деп самаган.
Кыянатсыз иш ойлоп,
Кылганың журтка жараган.
Эбин таап арадан,
Эл курадың далайдан.
Жабыке калды тууганың,
Жалгыз сизге караган.
Чапса тулпар жеткисиз,
Чабылып журтуң тараган.
Элсиз калган элиңдин,
Эсебин кайдан табалам.
Жалгыз калды дегенсип,
Жат болоор жаман санаган.
Өйдөтөн келер шер болсо,
Өтө албасам камалам.
Өкүнтүп кеткен душмандан,
Өчүңдү кантип ала алам.
Эситбегим өткөн соң,
Эңкейип кимди таянам.
Байтерек элең бүрдөгөн,
Башыма түшөр саябан.
Жалгыздыктын эркинде,
Жаратылыш ай аалам.
Жалгыздык башка келген соң,
Жай болорчу саябак,
Сыйнаты менен улуктун,
Түз тарттың ички калаадан.
Айдалып жүрөт көп адам,
Акыйкатсыз жалаадан.
Ал бузуктун белгиси,
Адамга зыян каалаган.
Артыңда кетти нечен жан,
Арылбай жүрүп жалаадан.
Өзүңүздөй болотко,
Келсе кезек бир адам.
Кейитип жалпы тууганды,
Кетипсиз дүйнө паанадан.
Айылга куруп жыйынды,
Айтканың журтка буюрду.
Ажаат түшүп кысталган,
Алсыздар көрүп сыйынды.
Капшыттан чынар кыйылды,
Чырпыктан кабык сыйрылды.
Сандалып жүргөн муңдууга,
Салып кеттиң кыйынды.
Алсыратты бул турмуш,
Артыңда жалгыз уулуңду.
Кабылан ата өттү деп,
Кабарың бүгүн угулду.
Болк этип жүрөк туюнду,
Бозоруп өңүм кубулду.
Болжолсуз жүргөн чагымда,
Бошоттуң кокуй муунумду.
Кылмыштууга кылганың,
Кыялдан кеткис дарт болор.
Бейли бузук душманың,
Белсенип бүгүн шат болор.
Жалгыздык башка келгенде,
Жакындарың жат болор.
Бакты-таалай келгенде,
Башыңа сыймык бак конор.
Алгы-берги адамдын,
Арасында бат болор.
Ар кимдин тайса дөөлөтү,
Ашырып малдан сап болор.
Ал турмуш башка келгенде,
Азабың тартар чак болор.
Кыйрыңды көргөн калк болор,
Кызыгып эми тап коер.
Толук сыйлап арбакты,
Толгонуп кимдер жарп болор.
Капкалуу коргон чеп элең,
Карашы сынды терегим,
Кас санаган душманга,
Кара жолборс береним.
Ар жерге тийчү керегиң,
Алсыздарга себебиң.
Алты атаң уулу Акчубак,
Акылын тапчуу сен элең.
Айдалып барган жериңден,
Айланып кайра келерим.
Артыкча ката болгонбу,
Менин аман көрсөм дегеним.
Ак дидарың көрсөмчү,
Калаадан алып буйрукту,
Калкыңа сүйлөп чындыкты,
Касиетиң барынан,
Каалаган кудай сыйлыкты.
Эшитип бүгүн кабарың,
Эт жүрөгүм чыйрыкты.
Урмат кылып куранды,
Куп сыйладың дубанды.
Келгенде кезек дүйнөнүн,
Кош көрбөдүң жыргалын.
Ан үчүн кайгы жок эле,
Ар жерде калды жыйганың.
Түмөн саардан өйдө эле,
Түркүк болуп турганың,
Жалпы нуска кылганың.
Жалтанбай турган чырагым,
Жазалашып кыйнадың.
Жардам бербей бузукту
Жамандыктан тыйганың.
Сөөктөн кетпес так болуп,
Сөзүң менен урганың.
Жүрөгүңдө чер болуп,
Жүргөн чыгаар кыйланын.
Билдирет бегим жоктолуп
Бизден бир пейил бурганын.
Ар жакка моюн сунганың
Зарлап бир карап турбадың.
Тура бир түркүк сынганың.
Душмандын көөнү тынганын
Туйгун бир эле өттү деп
Тушумда ыйлап турганын.
Амирин көрбөй Алланын
Аркасын көрбөй пенденин
Айта берсем түгөнбөйт
Асыркы журттун арманын.
Сапарың болуп кайырлуу
Сак саламат жактадың.
Алыстан угуп кабарың
Ан үчүн мынча зарладым.
Жайыбыз начар кезинде
Жар болсун Кызыр арбагың.
Аргымак аттын асылы
Айбан да болсо жаныбар,
Көркөмдүккө чыгарар
Көкүл, куйрук, жалы бар.
Ар адамдын оюнда
Айта турган зары бар.
Алыбыз начар себепкер
Жанып турган шамы бар.
Аман болсо алтын баш
Арыган атың чабылар.
Эскирсе көңүл жаңырар,
Эмгектеш шордон арылар.
Өзүңдөй болгон бир асыл,
Өткөн соң кайдан табылар.
Чындап жанга күч келбей
Чылбырын тулпар чоербу,
Чыгар бекен тарткылык
Чырмалып журтка оролду.
Азып-тозуп кайран эр
Ар кайсы жерде кор болду.
Тагдыры экен Алланын
Таалайга бүткөн шор болду.
Айыл бузгуч чоң болду.
Эселде бүткөн шор болду.
Жалпы журтка келтирди
Шыдырлык менен бул жолду.
Адам уулун кысууга
Акыр заман болгонбу?
Терек бир сынса шагы бар,
Тең айрылган чагы бар.
Теги бир биздей алсыздар
Теңирге боздоп жалынар.
Сандалтып журтту мынчалык
Саясы жок маани бар.
Өзүңүздөн мурунку
Өткөндөрдүн баары бар.
Саламат койсун иманың,
Самаган жайга барып ал.
Кар түбүнө кыштаган
Каарлашып сыздаган
Канаты сынып учпаган
Карлыгач болду кыз балаң.
Артыңда жалгыз уулуңду
Азыркы турмуш кыстаган.
Кеңешип тууган бузбаган
Алтынчы уулуң акчубак
Акылыңан чыкпаган.
Орустун түшүп колуна
Оролдун темир торуна
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 12