Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 03

Total number of words is 4144
Total number of unique words is 2373
26.8 of words are in the 2000 most common words
38.9 of words are in the 5000 most common words
45.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Калкың наадан болбосун.
Кулжыгачтын Байызак,
Кадырдан эле бу дагы.
Бирге чыккан курдашы,
Балбак менен Эшимбек,
Абдылдабек, Мырзабек,
Айта берсем түгөнбөс,
Бу саякта мырза көп.
Аксакалдан жаздым мен,
Ушунчалык болор деп,
Кудайберген, Түркмөндү,
Булар сурар бир элди,
Суусамырда көп элди.
Курманкожо саяктан,
Келе берди түгөнбөй,
Каяк болсо шо жактан.
Чолпонкул келди солтодон,
Артылды эсеп болжолдон.
Чогулган адам кеп болгон,
Сулайман ажы чал келди,
Ырысбек баатыр баш болуп,
Солто тууган мол келди.
Үрүстөмбек сарбагыш,
Молтой ажы карыя.
Бөлөкбай азыр төрт болуш,
Итике, жайыл, талкандан,
Булардан келди көп адам.
Баатыр өткөн жалгандан,
Ныязаалы, Качкынбай,
Алымбек менен Сагымбай,
Сөзгө булар булбулдай.
Сап-сап болуп кыргыздар
Келе берди ушундай.
Көчкөн кара булуттай.
Аргымагын шайлаган,
Күлүк атын байлаган,
Талаптанып ар бири.
Хан баатырдын байгесин
Аламын деп байлаган.
Ушундай үлкөн аш болсо,
Солто аты жараган.
Аты келип байгеге
Беш миң сомду санаган.
Казактан келди бир далай,
Чапырашты, Кыбырай.
Ботбай, Аргын, Наймандан,
Албан, Субан, Дуулаттан,
Чымыр менен Жаныстан,
Алты арыш Чагайдан.
Көл башында Бугудан,
Келе берди ар журттан.
Жийдебай ажы, Баатыркан
Пиржувалга караган,
Ысакаалы, Баракан,
Калк бийлеген жаштардан.
Кыдыр ага, Сарыбай
Аксакалы бугунун.
Жаштары келди бир далай,
Бир үлкөнү Байгазы,
Хатимтайга окшойду.
Байгазынын кылганы:
Бие байлап, кой союп,
Жолдон өткөн адамга
Таман берип турганы.
Байлык менен чоң болгон,
Бугу тууган бектери.
Бек болушса бугулар
Бирин бири жебейди.
Ынтымак алын биледи,
Кудай топук бергени,
Ашка келе жатканы.
Бугу, саяк балдары,
Үйдө калды чалдары.
Сарбагыштын балдары
Баатырдан малын аябай,
Текшерип карап турганы.
Даяр турду кырк жигит,
Ашка келген адамды
Каршы тосуп алганы.
Келбеген адам калбады.
Таранчы дунган, сарт келди,
Нечен күнү аш берди,
Сарбагыштын бектери.
Жатып алды тарабай,
Түгөнгөнгө карабай,
Малын чачты аябай.
Кырк миң адам чогулду,
Мал союлду бир далай.
Мында болгон чыгымды
Кыларсыз эсеп сиз калай!!!
Көпчүлүктөн чаң болду,
Көп адашып, таң болду.
Ар үйөзгө бир байрак
Түрлүү-түрлүү туу койду.
Тамаша көрдү баргандар,
Сындырган балбан найзалар.
Ат үстүндө балбандар,
Бирин бири сайгандар,
Ат бооруна түшүрүп,
Найза кармап калгандар.
Сынган найза быркырап,
Асманга таба баргандар.
Колго берген найзаны
Тийген жерден талкаңдар.
Найза кетти быркырап,
Асманга карап чыркырап.
Алдында аты ойногон,
Аргымак бедөө туйлаган.
Зардебинен найзанын
Нечен балбан кулаган.
Балбандардын колунан
Нечен найза кыйраган.
Орустун келди улугу,
Салдат менен мужугу.
Кылды булар оюнду,
Көрсөттү далай сонунду.
Оозу бар башында,
Сүдүйө бар кашында.
Учаскөбөй, биристоп,
Жигит койду жанына,
Жигиттин баары бир борум,
Кызыл жоолук башында.
Тамаша көрдү барган
Баатыр ажы ашында.
Бышыкчылык күзүндө,
Боролдойдун түзүндө,
Ырчы келди эсепсиз,
Ырдап жаткан ар үйдө.
Орустары бир бөлөк,
Катар тиккен боз үйдө.
Керемопон10 сайратып,
Оюнпоздор бир үйдө.
Диваналар бир бөлөк,
Гүлхан11 урган жеринде.
Ар кимиси бир борум,
Кылып жатат оюнду.
Баатыр ажы Шабдандын
Сүрөтүн тартып коюуга.
Сегиз кабат ак үйдө,
Ортого тиккен зор үйдө.
Кай бирлери кире албай,
Далай адам корунду.
Баатырдын кирген чоң үйгө
Керебет, сандык, жагдан да
Алтын, күмүш чендерин
Сүрөтүн жасап койдурду.
Сүрөтү эмес, өзү деп,
Жолуккандай болушту.
Шам чырактай жүзү нур,
Сүрөтү эмес өзү тур!
Чырактай жанган көзү тур.
Борум менен көөдөсү,
Тириликтей сөөлөтү.
Баары бүтүн көрүндү.
Бендесине парз кылып,
Берген кудай өлүмдү.
Баатыр ажы сүрөтү
Тирүүсүндөй көрүндү.
Сүрөт десең кийимдүү,
Кызыл жүздүү, көрүмдүү.
Мунун кара сүрөтүн,
Баш сыягын, келбетин.
Орто бойлуу келгенин,
Соңго жадигер12 калсын деп,
Баян эттик кылганын.
Тириликте болгонун,
Айта берсем — түгөнбөс,
Тириликте кылганын.
Бу тарыхта жазылды,
Анык гана болгону.
Мактабадым мен өзүм,
Кылган ишин, көп жерин.
Айта берсем канчалык,
Сез табылар шончолук,
Калем, кагаз колго алып,
Жаза салдым анчасын.
Ондон бирин, жүздөн бир
Баян кылдым шончосун.
Ушул жерге токтосун,
Сөзүм узун болбосун.
Хурлар болсун жолдошуң.
Калем тарткан иниңди
Дугадан куру койбосун!
Осмонаалы мен өзүм,
Дагы калды көп сөзүм.
Жатып шаар Уфада,
Мусапырлык бу кезим!
ДЫЙКАНБАЙ
(VI санат дигар)
Карчыга салган мүрүшкөр,
Алыстан кушун көздөдү.
Кетмен-Төбө жериде,
Кең саяк журттун элиде,
Атыккан Сайкал байбиче,
Дыйканбай деп боздоду.
Сенен калып, Дыйканбай,
Сеилканың зар калды.
Кара-Көл башы кар калды,
Какшаттың, Дыйкан, Сайкалды.
Анжиян менен Аркада,
Ата чыккан Дыйканбай.
Акматбек жүрсүн армандуу,
Мырзаканың муңайсын,
Бактыярың бакырсын,
«Атаман жаш калдым» деп,
Ашырбегиң айкырсын.
Сеилкан күйүп секирсин.
Жетимдей кылып жүгүрсүн,
Душманың көөнү житилсин.
Санат тартып Сайкалга,
Дыйкандын дарди1 окулсун.
Ногой менен оруска,
Наамы кеткен Дыйканбай.
Анжиян улук шаарга,
Аваз2 болгон Дыйканбай.
Аш берет эдиң ачканга,
Дам берет эдиң шашканга.
Куржундап барып алтының,
Мунарга чыгып пул чачып,
Атың кеткен Ташкенге.
Манап чалыш Дыйканбай,
Суусамыр элдин султаны,
Кетмен-Төбө жериде,
Түнкатар, саяк элиде,
Лайлатулкадур түн өттү.
Ырыскы улук азалдан,
Рыскулбектин баласы,
Дыйканбай ким өттү?
Жанып турган чырактай,
Дыйканбайбы сурасаң,
Ажибектин балдары,
Кудаяр менен Нурактай.
Жер сулуусу Таластай,
Дыйканбайды сурасаң,
Кырк чоронун төрөсү.
Байыркы өткөн Манастай.
Хан олтурган паитахтай3,
Кыргыз, казак сураса,
Бошкой, Канай баласы.
Бөлөкбай, солто төрөсү,
Дыйканбайды сурасаң,
Боларман чыккан Байтиктей.
Жер жоросу Куландай,
Бишкек, Токмок жерлеген,
Сарбагыш тынай уруусу,
Жантай баатыр баласы.
Атантай чыккан Шабдандай.
Сеил күн эде Сайкалга,
Дыйканбайдын доорунда,
Бал-бал оту бар эде.
Дыйканбайдай ата уул,
Бу Анжияннын бооруда.
Бар жерде болсо ата уул,
Атыны Дыйкан койсо экен.
Дыйканбайдай өңүнү,
Ач адам көрүп тойсо экен.
Дыйканын өңү ак сүттөй,
Жакшылыгы шунча эде.
Ичкиликтен көп айтсам,
Гүлмыкка күлүк байлаган,
Күмүш товду жайлаган,
Миңбашы датка Максыттай.
Аргымакты байлаган,
Арысланбапты жайлаган,
Жазында тоого өрлөгөн,
Базар-Коргон жерлеген,
Дыйканбайды сурасаң,
Жолборс менен Кушпактай.
Дыйканбайдын эшиги,
Бир күнү жыргал бир жылдай.
Көк-Жаңгак, Көк-Арт ортосу,
Көрүп өткөн давлатти,
Нусуп менен Чыйбылдай.
Ата уул мырза Дыйканбай,
Ат жалын тартып мингели,
Көрбөгөн ора азарды.4
Дыйканбайдын ордосу,
Ак күмбөздүү мазардай.
Эшигини сурасаң,
Дүркүрөгөн көп жыйын,
Маргаланын базардай.
Абдыллабек, Асанбек,
Алымбектин баласы.
Кара багыш сарасы,
Жантөрө, Койчу баласы.
Улуту барса угасың,
Давлати артык эр эди,
Дыйканбайдын булардан.
Пират байдын баласы,
Миңбашы мырза Жамарттай,
Өкүмдүү эде Дыйканбай.
Алымкулдун баласы,
Адөөлөт мырза Шерматтай,
Аш, дөөлөт(тү) көп көргөн,
Тескей журттан мен айтсам,
Мурзакул менен Ташбектей,
Суу башыны бургандай,
Султандар сөздө тургандай,
Кара-Дөбө жер жүзү,
Дыйканбайды сурасаң,
Эрлиги көп зор эде.
Эрдөөлөт менен Курбандай,
Адамда сара жок эде.
Аркада кылган сөөлатти,
Ак жолборстой Дыйканбай,
Айткан менен баарыдан,
Артык эде дөөлати.
Ата-теги Дыйканбай,
Капкалуу шаар хандардан,
Жансибир болбой зор болдуң,
Бейкайрым пааша жандардан.
Жашың жарым боло элек,
Жалганчы дүйнө бекер деп,
Жан эгем койбой сени алды.
Жаныга барып атаңын,
Жайландың эми Дыйканбай.
Барса келбес жер экен,
Байландың эми Дыйканбай.
Ашыра тутуп сөөлатти,
Рыскулбек менен Дыйканбай,
Акматың көрсүн дөөлөтти.
Ат тайгылат тар жерде,
Атадан артык туюлган,
Ак жолборстой Акмат деп,
Айтып жүрөм ар жерде.
Имарат кылган усталар,
Кыш бышырат хумнанда,
Байырбеги Юсуп Акматтай,
Кафирдин түшүп колуга,
Бир жыл жатат зынданда.
Кара-Көл башын кар алса,
Катуу жол кылат кабакты.
Ак жолборстой Акматтар,
Саккиз ай жатты абакта,
Кошомат сөздү айтпады,
Ак сөзүдөн кайтпады.
Кой жайылат чыбырга,
Алымбектин балдары,
Алды кетти асылып,
Кийини кетти Сибирге,
Акмат барып Аркада,
Кылып жүрөт сөөлөтти.
Инилери кетти эди,
Карчыга салып, каз алып,
Көрүп жүрөт дөөлөтти.
Биринчи төрө Акматтын,
Бир кемдиги Дыйкан жок.
Ата уулу манап Дыйканбай,
Арманың жок дүнүйада.
Эгемнен тагдыр азали,
Эсептү соо күнүң бар.
Аттиң Сайкал давада,
Атаңнан мурун көзү өткөн.
Ак жолборстой иниң барында,
Султан төрө Акматың,
Суусамыр жайлап жазында,
Кайрылып келип көрүндү.
Кетмен-Төбө төрүндө.
Жылкыңды таштап жылгада,
Коюңду таштап колотко,
Нарктуу эрлер ойлотуп,
Нарын сувду бойлотуп,
Ак-Чийге карап Дыйканбай,
Ак ордодой үй тигип,
Азамат эрлер жыйылып,
Ар тарапка ат берип,
Чабар кылды Акматың.
Башы Токмок, Чүй, Талас,
Кара багыш, көп мундуз,
Анжиян, Ак-Суу, Наманган,
Ашка келе берсин деп,
Кабар кылды Акматың.
Ак жолборстой ар жерден,
Азамат эрлер жыйылды.
Суудан чыккан суурулуп,
Сүлүкдүн баары жыйылды.
Жүз тилла айлык көп алган,
Эликтей көзү айрылып,
Эл жүрөгүн жылкыртып
Күлүктүн баары жыйылды.
Алтымыш жерде Ак өргө,
Чарчы жыйын жайланып,
Чатырдын баары тигилди.
Оодарышмаг оң-солдон,
Кымкап жаап кызыл нар,
Пайгасига көп коюп,
Маңдайлашып сайышкан,
Баатырдын баары жыйылды.
Адади жок коюнун,
Жетимиш согум союлду.
Жеткилең озгон күлүккө,
Жети жүз кагаз коюлду.
Көз жаш кылып көп адам,
Сан жыйын баары өңгүрөп,
Санатың журттан өткөрүп,
Кылбаган санат көп кылып,
Ашың өттү Дыйканбай.
Ашкере болуп көп жерге,
Башың өттү Дыйканбай.
Аткан октой ар жерге,
Сөзүң өттү Дыйканбай.
Ажыз болуп өмүрүң,
Атаңа барып кошулуп,
Көзүң өттү Дыйканбай.
Көп айтпадым, аз айттым,
Санатыңды саз айттым.
Саар кылган дубабыз,
Сага жетсин албетта,
Али акаңа кошулуп,
Жайың болсун жаннатта.
ҮРКҮН
(1916-жыл )
Он алтынчы жылында,
Отузунчу июлда
Олтурат элек чогулуп,
Үч киши келди айылга.
Элдин баары элирип,
Турчу эле ушу жайында.
Солдатка жалпы алат деп,
Саналашкан оюнда.
Катуулап келген үч киши,
Карасак түрү кыйын да.
«Калбай баарың чогулуп,
Келесиң» — деди жыйынга.
Жакалаш конгон айылга,
Жалпы кабар беришти.
Бат келсин дейт дегенде,
Бардык эл калбай келишти.
Катын-бала жарданып,
Кашатта элди көрүштү.
Баламды солдат алат деп,
Кай бири ыйлай беришти.
Бул келгендер ким дешип,
Абышка-кемпир желикти.
Өр тартып басып өбөктөп,
Өпкөсү көөп демикти.
Элүү башы старчы,
Эл аралап келдик дейт,
Эртең болот чоң каттоо
Ошондон кабар бердик дейт.
Эрте аттанып барасың,
Эркектер калбай сен ук дейт.
Учаскебай болуштар,
Ушундай жазды буйрук дейт.
Токтолбой азыр чабабыз,
Туш-тушка кабар салабыз.
Ар бир сууда айылга,
Түн катып жүрүп барабыз.
Айткан сөздү уктуңар,
Ак сакалдуу агабыз,
Ана-мына болду деп,
Калбасын үйдө балаңыз.
Барбай калган кишини
Испискадан табабыз.
Мал-мүлкүн тооруктап
Казынага салабыз.
Каттоого барбай жан калбайт,
Карылар байкап караңыз.
Айыл башы адамдар,
Атыңды жыгып алабыз.
Бул каттоого барбайм деп,
Бузулбасын санааңыз.
Деп угузуп буйругун,
Элүү башы старчы,
Баламды алып кетет деп,
Далайдын жанын кысталтты.
Буйругун окуп угузуп,
Булар сөзүн кыскартты.
Ак падыша улукка,
Аянбай иштеп кызматты,
Үчөөбизге бергиле,
Жоргосу бар үч атты.
Өйдө-ылдыйга жарачу,
Өркөштүү чалыш түз атты.
Бат бербесең алабыз,
Мына бу мамыда турган төрт атты.
Анда Кулмат кеп айтты,
Ачуусу келип бек айтты.
«Үчөөң тең биздин туугансың,
Үйүңө баргын деп айтты.
Каттоого эртең барбайбыз,
Кайра айтсаң байлайбыз.
Улугуң келсе ал тургай,
Ушу бүгүн жайдайбыз.
Болушуң келсе урабыз,
Мурутун бирден жулабыз.
Эртелеп өлгөн адамбыз,
Эмине болсо турабыз.
Дыйкандан түзүк жерди алды,
Кедейден чыйрак эрди алды.
Чыгым деп салып малды алды,
Малсыздын баары сандалды.
Салыгын толук бербесе,
Зарлатып урду чанданды.
Колунда жок жардынын,
Койнунда жаткан жарды алды.
Эми каттоого бар деп чогултуп,
Калтырбай алса баланы,
Кары-картаң, кемпир-чал,
Кара жанын багабы?
Бай үчүн алса малайын,
Кедейден киши калабы?
Сатууга кеткен жаш балдар,
Кайрылып элди табабы?
Падышаңдан келген зордукту,
Башка келсе көрөбүз,
Акыйкатсыз ит экен,
Ак падыша төрөңүз.
Айтканын кыла бергиче,
Атышып жатып өлөбүз».
Деп басылып эр Кулмат,
Аттангыла бат деди,
Ачуусу келген старчы,
Ой тилиңди тарт деди.
Баякы балбан Кулматсың,
Баатырлык кылбай жат деди,
Улукка кайыр сөз айткан,
Сендейге өлүм ак деди.
Кулматтын чапкан камчысы,
Старчыга шак деди,
Турасыңбы кедейлер,
Куткарбай үчөөн бас деди.
Арача бербей көпчүлүк,
Аларды уруп жантчы эми.
Колу-бутун байлашып,
Конокторду бакты эми.
Элүү башы старчы,
Элинен кордук тартты эми.
Падышаны жактайм деп,
Башы айрылып жатты эми.
Өлтүрөбүз дегенде,
Өздөрү чынын айтты эми.
Чогултуп солдат аларын,
Чочкобайга жапты эми.
Эртең солдат келмек дейт,
Элдин түрүн көрмөк дейт.
Падышадан баш тарткан
Бардыгы калбай өлмөк дейт.
Байлары үчүн малайын,
Солдатка кармап бермек дейт.
Жарды менен жалчыга,
Жаңыдан болмок өрнөк дейт.
Кебибиз ушул туугандар,
Кечиргиле күнөөнү,
Жаныбызды кыйбаңар,
Жамааңарда жүрөлү,
Кайра барып калаадан,
Кабар алып берели.
Калкына жалган айткандын,
Катсын дейт таштай тилеги.
Калтырбай сырын айтышып,
Карганын жанын үрөдү.
Кайрадан сөзгө келишип,
Калк менен болду тилеги.
Элүү башы старчы,
Эл болушуп Кулматка,
Эсен-аман түнөдү.
Бул сөздү угуп алган соң,
Ар бир жамаат чогулду,
Азаматтын баарысы,
Аттарын кармап токунду,
Солдат келет дегенге,
Санаркап ар ким чочунду.
Элдин баарын кабарлап,
Жыйнайлык деп кошунду,
Уккан элдин баарысы,
Уктабай карап отурду.
Бул кабарды таратып,
Туш-тушка кабар салалы.
Кат жазып киши чаптырып,
Калктан кабар алалы.
Кара жол тосуп сөз угуп,
Алыстан кепке каналы.
Каракол, Токмок, Пишпектен,
Кандай экен кабары.
Кыргыздын калың жеринен,
Анык сөзгө каналы.
Баркка тийбей калбады,
Падышанын залалы.
Деп сүйлөшүп биздин эл,
Алайка сөздү тапшырды.
Төрт тарапка төрт киши,
Ат берип Алай чаптырды.
Бардарлык кылды бали деп,
Алайды ар ким жактырды.
Токмокко чейин бар дешти,
Кадимки Кулмат баатырды,
Калчакенин Алайы,
Кара койлу бай эле,
Карактап кыскан конокко,
Камылгасы шай эле.
Мактангандай болбосун,
Сүт менен күлчөтай эле.
Боз жорго менен чү коюп,
Борукчу элин кабарлап,
Алакөз менен кабаадан
Адамды үзбөй чабарлап,
Арык менен Надырбек
Аралап барып кабарлап,
Ажы менен Субанга
Алдаканча сапарлап,
Алай барып келди деп,
Угуп турдук атайлап.
Кедей, дыйкан дүбүрөп,
Келмесин айтып күбүрөп,
Зордукчуга ок атсак,
Сооп болор күнү деп,
Кезектүү заман туш болуп
Калар бекен түбү деп,
Кеңешебиз чогулуп,
Кечикпей бачым жүрү деп,
Кызыл чок келсе урсак деп,
Кылычын колдон жулсак деп,
Кыямат болуп кетсе да
Кыйшайбай бекем турсак деп,
Ант кылышып тарашып,
Аттарын байлап жаратып.
Айыл сайын бир киши
Алыстан кароол каратып.
Абалтан бери жедирген,
Акысын байдан талашып.
Малайлар байга баш бербей
Ак найзаны копшошуп,
Ар бир жерге топтошуп,
Милтелүү бараң мылтыктын
Дүрмөтүн салып октошуп.
Баканга шуушаң ашташып,
Бадыша менен касташып,
Аты күлүк жаштарды
Аламанга машташып,
Абышка менен аялга
Мал бактырып ташташып.
Чоюндан чочмор куюшуп,
Чогуусу менен урушуп,
Каза жетип өлгөн го
Калбайлык деп муюшуп,
Канкор, залим Никелей
Кас кылаарын туюшуп.
Жалчыны жалкы эзгенден,
Жардылар жандан кечкенден,
Жарды, жалчы, начардын
Жанына зардап жеткенден
Малайды байлар эзгенден,
Баатырлар жандан кечкенден,
Бай, манаптын кордугу
Баштан-аяк өткөндөн,
Эл удургуп турганда
Кочкордон Кулмат келди деп.
Долондон ашкан салдатты
Өз көзү менен көрдү деп,
Кара-Үңкүрдө урушта
Канча салдат өлдү деп,
Беш бешатар түшүрүп,
Бирин мага берди деп,
Жол тоскон экен аяндар,
Бердимат, Байзак, Жаяндар
Он эки салдат атышып,
Ойрон болду арам деп,
Көрүп келдим мен өзүм,
Ушул айтаар бар сөзүм.
Камынгыла калайык,
Капыстан салдат келбесин —
Деп энтигип Дыйканбай
Алайдын жакын кишиси
Жакшы болду деп калды
Кабар айткан бул иши.
Жайлоого салдат калтырбай,
Жаканы карай бет алып,
Жалпы элдин болду жүрүшү.
Жаманактын уругу —
Бир атанын кулуну
Беш ыстарчы жөнөдү
Бел байлап уруш кылууну.
Калаага кирсең качырып
Кармалса деп улугу,
Болжошкон жери көп элдин
Боз-Бешиктин булуңу.
Казатка жапырт аттанса
Камынбай киши турубу?
Ал күнү барган жерибиз
Ак-Мойноктун муруну.
Алдыдагы топ киши
Алай менен Кулмат деп,
Жарагы бар салдатка
Чабыттап барбай кылдат деп,
Бекеттин үстү кашатта
Беш-алты киши турат деп,
Токтоло калды калың эл
Беттешсең жалпы кырат деп.
Эсенбайдын эр Коңкош,
Минген экен Суратты
Этине келген сурчасын
Эликтей кылып чуратты.
Жалгыз барып кашаттан
Түшө калып бир атты.
Кароолчу болгон салдаттын
Атканда бирин сулатты.
Төрт салдат качып калганда
Биринин бутун сыя атты.
Коңкошкон качты салдат деп
Чоркоктор кылды кубатты.
Көпчүлүк каптап кирүүгө
Көпүрөдөн чубатты.
Көбөөндө жаткан көп салдат
Башынан түтүн буратты.
Алдыда эле Тынаалы
Атканда аттан кулатты.
Ак музоого ок тийип,
Сүйөнүп калды Кулматты.
Акылды баштан жойбодук,
Отуздай салдат болучу
Анын ок атар жерин койбодук.
Орус, кыргыз беттешип
Ошентип чырдашты.
«Казат! Казат! Казат!» — деп
Катуу үндөр чуулашты.
Аламан коюп көп киши
Аткылап жаткан салдаттын
Айланасын чырмашты.
Сулайман, Мамбет молдолор
Салабат айтып ырдашты.
Өлгөнүң шейит болосуң
Өкүмүн айтып ырбатты.
Каптаган элге чыдабай
Качыптыр салдат бириндеп.
Калың чууну укканда
Калтырап колу дирилдеп,
Катуулап кирип шар аккан
Он-Арча суусу күрүлдөп,
Калың токой жээктеп,
Качырдык жоону дүрүлдөп.
Кан залимди жоготуп,
Казат кылар күнү деп,
Тарсылдаткан салдаттын
Табылганын оңдодук.
Тал-теректи аралап
Тайгандан бетер жойлодук.
Көбөөдөн издеп душманды
Көп жерге сууну бойлодук.
Нарындан чыга качканын
Тозолу деп ойлодук.
Ал күнкү болгон урушта
«Тилгиремди кыялык,
Тилекти бирге кылалык,
Эки Нарынды каптап кирүүгө
Туш-туштан элди жыялык» —
Деп кекенип турганда
Кабар уктук жер-жерден:
Чүй, Ысык-Көл, Кочкордон
Качты орус деп тил келген.
Надирбек менен Борукчу
Кочкордон кууду орусту.
Карагоону алды дейт
Талкалап кирип корукту.
Токмокту тынай алды дейт,
Орусту мыктап салды дейт.
Төлөнүн уулу Ыбырай
Байдам-Талга барды дейт,
Төрт жүздөн ашууну бешатар
Түгөл алып келди дейт.
Ашырбайм бери салдат деп
Алматы жолун чалды дейт.
Эрдик кылып Ыбырай
Эл үчүн тикти жанды дейт.
Элди зыян кылдырбай
Эсен алып калды дейт.
Эр Шабдандын балдары
Эңкейтиптир канды дейт.
Эмгиче Нарынды алалбай
Нарындык силер жанбы дейт.
Касымбай баштап салдатты
Кабылганын атат дейт.
Кырдырып салып кыргызды
Кызыгына батат дейт.
Аманат жанын калкалап
Атышка сойлоп кирди дейт.
Эртеси бешим маалда
Ээрчен жүргөн бир атты
Эптеп кармап минди дейт.
Төмөнкү солто мыкты экен
Орусча билет тилди дейт.
Арачы кылды оруска
Акмат менен Дүрдү дейт.
Бий, болушу солтонун
Бишкекке чогуу кирди дейт.
Атышпай туруп сүйлөшүп,
Амал менен жүрдү дейт.
Олуя-Ата,Ташкенге
Орусту айдап сүрдү дейт.
Кетмен-Төбө, Таластар
Кеңешип чогуу билди дейт.
Анжиян жакка кат жазып,
Арачысы кетти дейт,
Ажыратып алат дейт
Ала-Тоолук чекти дейт.
Ысык-Көл жагы жаман дейт,
Эл калбаптыр аман дейт.
Басалкени бүт алып,
Майданды кыйын салган дейт.
Караколдон Касымбай,
Кара машке Ташымбай
Казак орус ээрчитип,
Кан төктү дейт бир далай.
Күңгөй менен Тескейди
Күкүмдөтүп жатат дейт,
Күндүз-түнү тынымсыз
Дүпүлдөтүп жатат дейт.
Кырылганга карабай
Кыргыздар уруш салды дейт.
Кырк желдети бүт барып,
Кызыл-Сууну алды дейт.
Жети-Өгүз менен Шалбада
Желектин баарын сайды дейт.
Бөрүбашты түптөгөн
Үч жүз салдат барды дейт.
Күнү-түнү атышып,
Билимет менен тозду дейт.
Тескейдеги беш болуш
Биригип башын кошту дейт.
Бешатарга чыдашып,
Беш күнгө уруш созду дейт.
Ысагаалы, Берикбай
Кол баштачу болду дейт.
Кайрат кылып кыргыздар
Каптап чабуул койду дейт.
Аралашып кирерде
Апийим саат кылды дейт.
Аңдып жаткан жөө салдат
Алдыңкы элди кырды дейт.
Аты туйлап жыгылып
Арыкка кептей урду дейт.
Ысагаалы жөө калып
Айласын таппай турду дейт.
Арттагы эл кайра качканда.
«Ушундай
Алаамат күндө зорлонсо
Айлыбыз аман калбайбы,
Артыңдан кууган салдаттын
Алдынан кыргыз торгосо.
Баатырды бали дебейби
Аймагын жоодон коргосо.
Аркаңдан барып кырбайбы,
Ар өндүр айкын жол болсо.
Кан ичме кайдан өтө алат
Каршында казган ор болсо.
Капталып жоонун башынан
Жалгыз башың не кылат?
Жалпы кыргыз коржолсо
Кайраттуу чыдаар тор болсо,
Ак-Теректин чатынын
Атышып жоону жеңебиз
Арбактар бизди колдосо.
Амат кетсе качарбыз
Алды-алдыңдан тарайсың
Такыр эле атышып айла болбосо.
Билимет огу тытырап,
Жамгырдай огу төгүлүп,
Бешатар огу чуулдап,
Чагылгандай көрүнүп,
Катарлаш элдер туралбай
Кача түшүп сөгүлүп,
Канчалар жатты ок тийген
Канга оролуп чөмүлүп.
Караңгыда уурдап
Кай бирлери көмүлүп,
Калганы келди Чычканга,
Тобунан жалгыз бөлүнүп.
Ошондо Берикбай өзү тосуптур
Ак-Терек менен Чычканды.
Токтотуп турат өткөрбөй
Тобунан качып чыкканды.
«Аңдабай кайда барасың
Артыңдан кууган душманды?
Тарап кетсең бириндеп
Талкалайт утур чыкканды.
Артыңда калың кол болсо
Азабы жолдо мол болсо
Кыргызды тирүү коёбу
Минтип, кыймылдаар алың болбосо.
Андан көрө тарталык
Алдадан келген шор болсо.
Адамдык маалим болбойбу» —
Деп Берикбай бакырып,
Колунда кылыч, найза бар
Бешатар мылтык асынып
Ак-Теректин коосуна
Арбын колду жашырып,
Кашатта кырка коргонго
Кырк эки мерген батырып,
Чалдыбар коргон-мүрзөгө
Жаталы деп жашынып,
Көзөп алып коргонду
Көрүп турат чоң жолду.
Салдаттар качан келээрин
Өлчөп билет болжолду.
Кырка жаткан мергенге
Сөз айтууга ойлонду.
Баарына айтты кыдырып:
«Бышактабай жаткын деп,
Баштап өзүм атканда
Баарың тегиз аткын деп.
Качып калса салдаттар
Качырып ылдам чапкын деп.
Бет алып баары качырса
Бетке атып канын чачкын деп».
Белеңденип жатканда
Бешимге жакын калганда,
Бир кулактан чаң чыкты.
Бириндек тартып асманда
Көшөрүп салдат кууптур
Көңтөрө кыргыз качканда.
Катарлап шаңдуу келатат
Кароолчусу астында.
Оң жеңин белге кыстарып,
Оолугуп өңү кумсарып,
Ошончо калың душманга
Аралап кирди кол салып.
Кемендирин баш кылып,
Кез келгенин бүт сайып,
Кечире кууп жууктан
Келиптир кайра өчтү алып.
«Мөмөштүк экен ушу» деп
Ысагаалы тааныптыр.
Кара атчан туру алдында
Үч салдаты жанында.
Турнабай салып жер чардап,
Турбастан келет жабыла.
Артынан келет жакылдап,
Ар түрдүү жарак баарында.
«Кыргыздан тукум койбо» — деп,
Кылган дейт өкүм каны да.
«Берилеп баары келсин» — деп,
Берикбай жатат шыкаалап,
Бейиттүү коргон-тамында.
Кыдырата коргонду
Кылчактап булар карашты.
Улуу жол менен чубашып
Уңкуйган чочко баратты.
Кайраты бар баатырга
Кармашар жери жарашты.
Бирок, Берикбайдын ою боло элек
Бер бирөө адашты.
Тушуна келген торуну
«Тарс!» — дедире бир атты.
Ал атканда баары атты,
Алдынан түтүн бурулдап,
Алдастап салдат тарашты.
Асмандын бетин чаң каптап
Адырды карай талашты.
Аңгыча Берикбай турабы
Атылып түтүн бурады.
Огу бекер кетпестен
Он чакты салдат кулады.
Коендой ыргып Көгалат,
Коргондон алыс чурады...
Берикбайдын артынан
Беш жүздөй кыргыз качырган.
Кыйкырык, ызы-чуу болуп
Кырдачы менен чакырган.
Кылчайып салдат аталбай
Кыйкырыктан шашылган.
Кылыч, мылтык түшүрүп
Кырдан ары ашырган.
Көбөөттү карап беркилер
Көрүнгөнүн жапшырган.
Көлгө түшө качышып,
Балыктай сүзүп жашынган.
Берикбайдын бүгүн эрдиги
Беш болуш элден ашынган.
Ушундай кабар угулуп,
Урушта далай кырылып,
Ысагаалы калган дейт
Он тийип аты жыгылып.
Салдаттардын артынан
Көзөмөлдөп жүрүптүр.
Жапсарлуу жерди кыдырып,
Он чакты кыргыз таап алып
Олтурган экен тыныгып.
Көрүнбөй салдат атууга
Көнүктү кыргыз кыныгып.
Жыйырмадай салдатты
Мөмөштүк баштап алыптыр.
Салдатты кыргыз кууганын
Жолдо угуп сөзгө каныптыр.
Жан жагын карап элеңдеп
Жакын келип калыптыр.
«Колуна түшсөк орустун
Коёбу жайкын жапшырып.
Кап! Качып бере турганда
Жүрү деп калдың шаштырып»
Деп келатат кыргыздар
«Аман сакта кудай» — деп
Аманат жанын тапшырып.
Ысагаалы каткырып,
Чалкандай сөздү жат кылып,
Мөмөштүктү алдады
Көтөрүп көөнүн шат кылып.
Ишенбесең берейин,
Өлө турган анын кыябын.
Топ кыргызды көргөндө
Топтолуп тура калышты.
Турнабай салып мөмөштүк
«Ысагаалы экен» деп
Булар да даана таанышты.
«Келгиле бери, кыргыз» — деп
Кол булгап үндү салышты.
«Жүргүлө балдар баралы
Мөмөштүктүн жанына,
Өлтүрөт деп коркпостон
Жүргүлө балдар камына.
Мен өзүмчө сүйлөшүп
Алдаармын аман калууга.
Кошомат менен эритип,
Кокустатып салууга.
Тилимди алса мөмөштүк
Жиберемин бириңди
«Элге кабар барууга» —
Деп угузуп сөз айтып
Келатышат бастырып.
«Душманды көздөй баргыча
Качпай дешип жазгырып.
Ысагаалы баатыр ай
Жүр дедиң бекер азгырып
Баарысын кылган мөмөштүк
Орусту бизге кас кылып
Эми эле кырып салат го
Кылычтап башты чаптырып» —
Он чакты кыргыз күбүрөп,
Ойлорун айтып арз кылып.
«Кутулуп кете турганда
Кырмак болду азгырып».
Ысагаалы ылдамдап,
Алдыга түшүп желди эле.
Извозчикте олтурган,
Мөмөштүккө келди эле,
Түшө калып атынан,
Улукка колун берди эле,
Колун кармап мөмөштүк:
«Ысагаалы, сен — деди
Жол боюнда киши жок,
Кайда кеткен экен?» — деди.
«Уруштуруп кыргызды
Бул кылганың кең?» — деди.
«Жогуңуз, таксыр ойлоңуз,
Мага күнөө койбоңуз.
Ээсисиз бүтүн дубандын,
Эси жоктой болбоңуз.
Бадышага ким каршы
Байкап туруп болжоңуз!
Азык камдап, ат байлап,
Алдыңдан тосуп келатам,
Ат минсең даяр жоргоңуз.
Берги Желдеңден бир аз кол бар дейт,
Анда Берикбай деген зор бар дейт,
Баргыңыз келсе алпарам
Байкоосуз чукул жол бар дейт.
Менин улукка тиккен үйүм бар,
Тостурган болуш бийим бар.
Союшуң айдап, ат байлап,
Сизге аракет кылчу жыйын бар».
Атчан турган салдатты
Чылбырдан кармай калышты
Байкоосуз турган немени
Балакетке салышты.
Баатырсынган улукка
Балакет минтип жабышты.
Өчөгүшкөн урушта
Өлбөгөн кимдер калышты.
Кылыч, мылтык олжо алып
Булар Берикбайды табышты.
«Атышабыз качпай деп
Адамдын баарын азгырып,
Кара жол бойлоп эл конуп,
Канат канга эл болуп,
Кармашууга бел байлап
Кабактан барып эр жолук».
Мөмөштүк күлүп «кош» деди,
«Жакшылар бизге дос деди,
Илгерилеп эмесе,
Элиңди жыйнап тос» — деди.
Араң турган кыргыздар
Алдыга чыгып чапты эми.
Мен улук менен барам деп
Ысагаалы сөз айтып,
«Силер бизди Барскоондон тап» — деди.
«Табалык, баатыр, макул деп,
Таптыңыз жакшы акыл» — деп,
Жүз ашык кыргыз жыйналып
Мөмөштүк келе жатыр деп,
Чочморун катып койнуна
Чогулуп турду баатырлар.
Мөмөштүктөй улукка
Салалык заман акыр деп,
Извозчик менен ыргалып,
Жыйырма салдат бирге алып,
Мөмөштүк келди ортого
«Бизге катылбайт деп чыр салып».
Тегеректей калышты,
Кыргыздын баары чырмалып,
Жанында турган Ысагаалы
Жакадан алды улукту,
Кыргыздар карап турабы
Даяр турган чыңдалып.
Ушундай кабар угулуп,
Удаа-удаа тил келди.
Удургуп турган кез эле
Урматтап сүйлөп диндерди.
Орус, кыргыз беттешип,
Ок атышар күн келди.
Кочкор менен Жумгалдан,
Көкүмбай, Канат, Курмандан
Угулду кабар ушундай
Урушка кыйын чыңдалган.
Канатты шайлап кан кылып,
Кай-кайсы жерге даң кылып,
Казаттан өлгөн шейитти
Калкка угузуп шаң кылып.
Аскер жыйнап түптөлүп,
Ар кимдин дарты козголуп,
Жарды, жалчы, малайлар
Жалданбай башы бош болуп.
Кол чакыртып туш-туштан
Кош аттап киши чаптырып,
Чүй, Ысык-Көл, Нарындан
Кошулган элди бактырып,
Ашуунун баарын чалдырып,
Ар кайдан кабар алдырып,
Анжиян, Пишпек, Ташкенден
Салдат келсе кырууга
Аянбай мыкты кам кылып
Мусакожо калпага
Кол сурап кагаз жаздырып,
Аттанып калды тезинен.
Туралбай биз да жөнөдүк
Айылды көздөй чапкылап.
Он-Арчанын боюнан
Учур чыгып калыппыз,
Бизди отуздай салдат аткылап,
Бешатар огу чуулдап,
Беттетпей койду зуулдап.
Сары-Булак өрдөй качканбыз,
Карагайды туурдап.
Көрүнбөйт көзгө бир адам,
Качканын көрүп айылдын
Кайгырып ыйлап алдык биз.
Сары-Күңгөй, Чычардан
Сандаган күчкө жолугуп,
Салдаттан сөздү салдык биз.
Калың күчтү жөнөтүп,
Кароол карап калдык биз.
Капчыгайдын жолдорун
Караңгыда чалдык биз.
Кара-Каман, Балгарттан
Кабарлап тилге кандык биз.
Бул кабарлар угулуп
Биздин эл улам чыйралды.
Ажы, Субан, Надырбек
Алар да келип жыйналды.
Ак-Мойнокко чогулуп,
Аскерди бөлүп шыйгарды.
Ар болуштан эки жүз
Алты жүз киши ыйгарды.
Нарындан каптап кирүүгө
Атышып жоону сүрүүгө,
Ат-Башы, Нарын кошулуп
Камайлык деп күнүгө,
Карылыктап найза алып,
«Казат!» деп жалпы аттанып,
Көпүрөгө өрт койдук
Караңгыда биз барып.
Аңгыча кабар угулуп,
Чүйдөн тынай качты деп,
Күңгөй, Тескей — Ысык-Көл
Күрдөлү менен шашты деп.
Беш жүз салдат Көк-Артты
Үч күн болду ашты деп
Жыйналган кошун тарады.
Кабарчынын сөзүнөн
Үркүп калды дегенде
Үйлөрү учуп көзүнөн
Үмүтүн үздү окшоду,
Өскөн жер кетип эсинен.
Алды-алдынан бет алып,
Аялдабай чапкылап,
Айылга келсек үй калбай
Журт калыптыр бузулуп.
Адыр-түздө малдар жок
Бүт калыптыр томсоруп.
Кашка-Суу жатат шаркырап
Кары бар тоолор жаркырап,
Катын-бала жөнөптүр
Кыйкырып ыйлап, заркырап.
Чачылып калган жүк турат,
Чечилбей бүтүн үй турат.
Көмүскө булуң жерлерде
Көчтөн калган уй турат.
Журт сайын улуп ит жатат,
Жууркан-төшөк бүт жатат.
Желеси калган тартылуу
Көнөктө куйган сүт жатат.
От жагылган чөк калган,
Ороодо эгин көп калган.
Бышып турган кезинде
Орулбай аштык чөп калган.
Казандар калган асылуу,
Калыптыр түндүк тартылуу.
Салыктар калган алынбай
Сарайга койгон катылуу.
Капталда баспай төө калган,
Качалбай кедей жөө калган.
Көч артынан караандап
Көп бечара жөө калган,
Кыргынга далай учурап,
Качты деп уктук ушуну.
Жол арытып, жер жайлап,
Ошол кабар угулуп
Качканбыз жерден сай-сайлап.
Кара-Кужур, Жалак-Бел
Кара таандай көчкөн эл.
Кайрылып жерин эстешип,
Тамчыдай агат көздөн сел.
Соң-Көлдөн көчүп ашыптыр,
Солтон-Сары, Кум-Белден
Соороторго киши жок
Солуктап ыйлап эл келген.
Чүй, Кочкордон качкан эл
Коңур-Өлөң, Тоң ашкан.
Жолго батпай шыгырап,
Кечүүнүн жолун талашкан.
Талаада чоло жер калбай
Талытат көзүң карасаң.
Алакөз, Каба, Кыдыктан
Аскерин бөлүп чыгышкан.
Колцевкени алдык деп,
Камарабай турушкан.
Караколдон көп салдат,
Каптады деп угушкан.
Колунда жарак жогунан
Кор болду кыргыз уруштан.
Бака Желдең ашты дейт,
Барскоон менен Жуукуну.
Баатыр Берикбай атышып,
Көрбөптүр он күн уйкуну.
Саруу, Дөөлөс, Коңурат
Баарысы кыргыз тукуму.
Көл башында Белекти
Көтөрүп байрак желекти.
Бай Соорон Түптү талкалап,
Баатырлар күчүн ченешти.
Кармашып нечен жатты дейт,
Кан табат деп кеңешти.
Күңгөйкү саяк элинен,
Кадимки Бокош эр өттү,
Атышып айла кылалбай
Ашты деп уктук челекти.
Текести карай бет алып
Теңизбай Шапак эл кетти.
Жогорку арык тукумдан
Качпайлы деп чукулдан,
Кытайдын эли жаман деп
Кыдыр аке айтты дейт.
Кыдыртып сүйлөп укумдан
Жумгалда саяк, кулжыгач
Мурусбек болуп элге баш,
Булар да качпай калды дейт,
Нарындын түмөн күчтүгү
Чоро менен саяктан,
Көк-Артты ашкан салдаттын,
Жолун тосуп аяктан
Султангазы — Калпа ажы
Үй көчүрүп ат байлап,
Жолун тосуп салдаттын
Союшуна мал айдап,
Нарынга баштап келиптир.
Баарысын кырып салыптыр,
Карагайга жашынып
Деркенбай жалгыз калыптыр,
Күлүгү кызыл ат менен
Качып жүрүп Деркенбай
Калганын даана тааныптыр.
Нарынга салдат толду деп
«Тосуптур бардык жолду деп
Көчтүн артын кайтарып,
Көбөйтөлүк колду деп,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 04