Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 08

Total number of words is 4248
Total number of unique words is 2199
25.3 of words are in the 2000 most common words
37.2 of words are in the 5000 most common words
43.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Эзиле тиктеп эсим оойт, бегим,
Эки бир тоонун аралын, бегим.
Эсилим сенден айрылып, бегим,
Элиңе кантип барамын, бегим.
Кара бир тоонун боорунан, бегим,
Карчыгаң болуп учсамчы, бегим.
Калпалардан бир жол сурап, бегим,
Кара бир жанды кыйсамбы, бегим,
Улуу бир тоонун боорунан, бегим,
Уларың болуп учсамбы, бегим,
Уламадан бир жол сурап, бегим,
Уучтай жанды кыйсамбы, бегим.
Каадалап айтсам эп келет, бегим,
Кара бир макмал эңкейди, бегим,
Кара бир кыргыз, казактан, бегим,
Катыны туубайт сендейди, бегим.
Кынаптап айтсам эп келет, бегим,
Кызыл бир макмал эңкейди, бегим,
Кыргыздар менен кыпчактан, бегим,
Кыздары туубайт сендейди, бегим.
Шуулдап издеп туурун, бегим,
Шумкарың учат конбостон, бегим,
Шуу үшкүрүп кары-жаш, бегим,
Бөлүндү сендей жолборстон, бегим.
Кара бир жамгыр аптапта, бегим,
Калпагың калды оңбостон, бегим,
Кадыр бир туткан кыргызың, бегим.
Кырмызы манат чепкенди, бегим,
Кыябын барктап ким киет, бегим?
Кыр-кырда жүргөн кыргызга, бегим,
Кыямат күндө ким күйөт, бегим...
ДАТКАЙЫМ
(олуя Нурмолдонун жоктогону)
Кулады тоодон ак кайың,
Кусадар калды сан айыл.
Кайрат болуп жүрбөстөн,
Кайгыртып кеттиң Даткайым.
Шуудурабай ак кайың,
Шу бойдон калды ак чайың.
Шүйшүттүң далай калкыңы,
Шумкар болуп Даткайым.
Орус, чүрчүт, башка айыл,
Оозанган сөзүн ар дайым.
Ооруксанттың бүт элди,
Олуябыз Даткайым.
Оронгон асыл пашпайың,
Окшобойт сизге башка айым.
Оен болгон акылы,
Ордонун гүлү Даткайым.
Бап келбейт сизге Даттайым,
Башкача майес каттайым.
Баарисинин сараси,
Хансарайдын Даткайым.
Анжыянда каттайым,
Ак сарайда Таттиайым.
Асты бири чендебес,
Алымбектин Даткайым.
Орошон дешен Шаттиайым,
Обуз бойлор маттиайым.
Ошолордон артыкча
Он ордонун Даткайым.
Кокондогу катта айым,
Көксарайдын Аттиайым.
Кейп-кооматы өзгөчө,
Курманжан деген Даткайым.
Сактаган чекти ар дайым,
Саадат огул дардайыл,
Бек төрөгөн балдарын,
Бек анасы Даткайым.
Багып тууган баары айыл,
Бактылуудай сурайыл.
Хан төрөгөн балдарын,
Хан энеси Даткайым,
Көңкү дүйнөң шай болсун,
Кекиргениң май болсун.
Күмүш ковсар оозу,
Гүлдатка сизге жай болсун.
А дүйнөңүз шай болсун,
Ашаганыңыз май болсун.
Алтын кевсар оозу,
Айдатка сизге жай болсун.
КУРМАНЖАН ДАТКА ШУМКАР
БОЛГОНДОГУ КОШОКТОР
(чебересинин кошогу)
Чыгыштын болгон ардагы,
Чыккандай чолпон таңдагы.
Тегин сурап энемин,
Таңданган аалам кандары.
Батыштын болгон ардагы,
Балбылдап чолпон таңдагы.
Байманалуу анагам,
Баалаган бар жак кандары.
Теңирим сүйгөн балдары,
Түптүү элдин ардагы.
Түп атасын сураган,
Таңданып түндүк кандары.
Түштүктүн сүйүп кандары,
Түбөлүк билип памлади.
Таламдарын талашкан,
Тан берип бар жак кандары.
Анагам айла тапкычым,
Абийрин элдин жапкычым.
Анча калкты кырдырбай,
Аңданып берген оруска,
Анжияндын ачкычын.
Ойлогон элдин бактысын,
Ооматтын түзгөн сакчысын.
Орошон элин кырдырбай,
Чачына дайым байлаган,
Оштун берген ачкычын.
КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН КЕЛИНИНИН
КОШОГУ
Барар эдең көч баштап,
Башкаруудан сөз баштап.
Бек, бийлердин ичинде,
Байманалуу топ баштап.
Кашкар менен Үрүмчү,
Куралдарын сөзгө аштап.
Кокон, Анжы, Үргөнчтүн,
Датка энем,
Кылычынан эп баштап.
Өтөр элең геп баштап,
Өкүматтан эп баштап.
Коркокторго пеш болуп,
Кол кураштан топ баштап.
Калк башчысын ээрчитип,
Кайтпас кылып телчитип,
Датка энем,
Келер эдең көч баштап.
Көчүп барган жеринде,
Көк полот сандык кондурган,
Көк полот сандык үстүнө,
Көк дарай көрпө каптаган.
Дарай көрпө ичинде
Кеменгер балдар болсун деп,
Датка энем,
Көк шумкар кылып таптаган.
Артынып барган жеринде,
Акполот сандык кондурган.
Акполот сандык үстүнө,
Ак дарай көрпө каптаган.
Акылман балдар болсун деп,
Датка энем,
Ак шумкар кылып таптаган.
Көздөгөн душман билинсе,
Көк полот сандык ичинде,
Көкбараң мылтык алдырган.
Көкжал жигит шерлерге,
Көкө сырын кандырган.
Көмүскө келген тыңчыны,
Датка энем,
Көөгөнгө байлап талдырган.
Акмалаар душман билинсе,
Ак полот сандык ичинде,
Акбараң мылтык алдырган,
Акылман жигит шерлерге,
Анын сырын кандырган.
Акырын келген тыңчыны,
Датка энем,
Арканга байлап талдырган.
Белестен атын токуткан,
Беш убак намаз окуткан.
Береке тилеп элине,
Бекерчиден чочуткан.
Беймаал барып калат деп,
Сактаган мерез доочудан.
Кыраңдан атын токуткан,
Кырааттап намаз окуткан.
Кырсыкты кууп элинен,
Кырс душманды чочуткан.
Кыйрыңы камап алат деп,
Датка энем,
Кыйратуу жолун окуткан.
I.БАЙТИК
Тору чаар бээден,
Тоорулга минер ат туубас,
Толгон солто ичинде,
Толугум сиздей эр туубас.
Ордуңдагы Байсалың,
Ырасымды айтамын.
Ыракматулла улугуң,
Учуна кетти найзаңдын.
Анык баатыр шер элең,
Кайратың мол эр элең.
Айтамга солто элиңе,
Түгөнбөгөн кен элең.
II.БАЙТИК
Темирлүү коргон калаанын,
Кулпусун бузуп алганы,
Бу кудаанын шер балбаны.
Бүбү, Батма жуптусу,
Төрт жарынын бирөөбү,
Пайгамбардын күйөөвү,
Аалы өткөн дүйнө ушул.
Жан бүткөндөн тири калбай,
Баары өткөн дүйнө ушул.
Бу дүйнөнүн сардалы,
Мухамбет өткөн дүйнө ушул.
Мухамбетке караган,
Көп үммөт өткөн дүйнө ушул.
Азирети Шиш өткөн,
Кудаа досту Муса өткөн.
Башта койкоң башта өткөн,
Орто койкоң орто өткөн.
Ормон сындуу кан өткөн,
Түлөберди кары өткөн.
Пир туткалуу нар өткөн,
Эшкожо, Канай эрте өткөн.
Айтамганын Байтиги,
Ак калпактуу кыргыздын,
Алтындай болгон түркүгү,
Ошол ажы атам өткөн дүйнө ушул.
Акылман эрдин даанасы,
Апардын жалгыз баласы,
Сулайман өткөн дүйнө ушул.
Баша бетегелүү Кой-Таштын,
Аягы Кызыл-Кыя, Сын-Таштын,
Кара жер жарык жылдыздын,
Казак менен кыргыздын,
Кара туусу жыгылды,
Кайран ажым өткөндө,
Кадимки Самарканга угулду.
Ошондо Кашкардын журту кайгырды,
Букардын журту муңайды.
Басып алган Багылды,
Жаш күнүндө карачы,
Сарттан Рахматилла чабылды.
Салкынына чыдабай,
Сарыкожо таланды.
Байгамбар өткөн багында,
Падыша өткөн тагында,
Ботодой мойнун ийилтип,
Болуштар салам кылчу эле,
Бу ажы атам тирүү чагында.
Байтиктин уулу Байсалбек,
Орун алган орустан,
Ак кандан урук чен кийип,
Жалыйна жеген болуштан.
Битирбордо1 падышадай,
Бирдигиң калды ажы атам.
Орунбордо2 бекзаттай,
Олутуң калды ажы атам.
Он жылдан тартып бактырган,
Багың калды ажы атам.
Айнектүү үйдө жактырган,
Шамың калды ажы атам.
Ай төгөрөк саз калды,
Асыранды каз калды.
Тигилип турган бак калды,
Ийилип турган шак калды.
Алтын ооз дарбаза,
Корооң калды ажы атам.
Алтын така, жез мыктуу,
Жоргоң калды токулбай,
Намазың калды окулбай.
Байрагың калды сайылуу,
Алты эшиктүү ак үйдө;
Кайран эр, асылың калды жайылуу.
Жай кийгениң кулпу эле,
Кыш кийгениң түлкү эле.
Отурган жериң карасак,
Ар качантан бир качан,
Шатыра-шатман күлкү эле.
Ал күлкүңүз тыйылды,
Кызматка чыкчу көп жигит,
Чын ырысы кыйылды.
Жазы ай тамга солтого
Ажы акем, ай деген тоодон чоң эле.
Акылыңды карасак,
Дарыя, чалкар көл эле.
Калкыңа кара шер болгон,
Кашаты бийик бел болгон.
Капилет ажал келди эле,
Кан атам, калкыңды таштап жөнөдүң.
Таң каламын өлгөнгө,
Он алтыга бөлгөнгө,
Тынай, солто биригип,
Сизди дуба кылып көмгөнгө.
Жайы кенен болсун деп,
Жүз кишиге каздырып,
Астына ташып келтирип,
Эки жүз чапан төрт түйө,
Көр казганга бердирип.
Жайыңды шунтип жайлаган,
Доораныңа келтирип,
Төрт аргымак байлаган.
Мырза тору күлүгүң,
Башына алтындан жүгөн каттырып,
Үстүнө кишмиш жаптырып,
Анжиянда конокко,
Баланияз байлаган.
Ошондой ботом атамын,
Тагдыры бүтүп өлүүн,
Он эки дубан элине,
Аш берем деп карачы,
Байсал кабар берүүн.
Далай күлүк келүүн,
Суутуга түшкөндөр,
Тамандары такылдап,
Далай күлүк желүүн.
Нар баштаган үч тогуз,
Сайыштырды эки эрди,
Көрбөгөн элге бекерди.
Алты эр чыгып сайышты,
Найзалары кагышты.
Кечке жете алалбай,
Эки колу карышты.
Кечке маал болгондо,
Ай жүзүнөн өткөндө,
Көк желкеге жеткенде,
Бугудан чыккан Букары,
Солтодон чыккан Дүйшөбай,
Карачы, алып кетти намысты.
Ногойлордон жез келди,
Шейшембинин күнүндө,
Ат чабууга кез келди.
Атыңарды сал деди,
Ат бекитип арадан,
Аябай чапкын эрен деп,
Өлсө кунун берем деп,
Үлкөндүгүн билгизди,
Борончу менен Төлөктү,
Өз атына мингизди.
Үч дубан элдин атынан,
Үч уруу көйнөк кийгизди.
Аттын астын карасаң,
Ой, тиги Ат-Башыдан өткөндө,
Жаңы өткөөлгө жеткенде,
Бура тартып катыгүн,
Он эки дубан сай күлүк,
Бир-бирине урунуп,
Далай күлүк сулады,
Кудай бизге бергин деп,
Айтамганын чыгарган,
Ат айдоочу ыйлады.
Жер ортодон өткөндө,
Ой сүрөөгө жакын жеткенде,
Астыртан Ак олуя жар болуп,
Үстүртөн арбак көтөрүп,
Даңканы менен таш уруп,
Ураанын «Эр Канайлап» чакырып,
Карачы Керкашка чыгып келүүн.
Жазы айтамга ар элге,
Бир Керкашка ат сыйлады.
Байгеден атым калды деп,
Баарысын кудай алды деп,
Түнкатардын Дыйканы,
Ичинен сызып ыйлады.
Байгенин жөнүн карасаң,
Биринчи аттын байгеси,
Байлаганы жүз жылкы,
Матаганы жүз түйө,
Башына токтотуп койгон миң койду.
Ушунчалык байгеден,
Кушчуну кудай кууратты.
Саякты кудай сандалтты,
Казакты кудай какшытты.
Байгенин баарын карачы,
Жалгыз солто өзү алып,
Ыраазы болуп журт кайтты.
III. БАЙТИК
Бисмилла сөздүн баяны,
Казак менен кыргыздын,
Түшүнө кирген аяны.
Өтүп кеткен кан атам,
Азыркы журттун жаяны.
Бисмилласыз иш болбойт,
Тил сүйлөбөй иш болбойт,
Алладан буйрук келген соң,
Алып калар күч болбойт.
Инжил түштү Ийсага,
Табират түштү Мусага,
Козгобой кантип коесуң,
Сынган соң алтын босого.
Асмандан тийген айдайым,
Ак адырлуу сайдайым.
Айтышаарга киргенде,
Ак булбулдай сайраган,
Көктөн тийген айдайым,
Көк адырлуу сайдайым.
Көчүндө тууган элинде,
Көк булбулдай сайраган.
Күнтуу менен Канайга
Көгөргөн агын суу элең.
Адам уулу жеткисиз,
Аскар тоонун бели элең.
Кас санаган душманга,
Каптап кетчү сел элең.
Күңгөйдө гүлдөр баткан жок,
Арстандан кудай айткан жок.
Бул арстандын зарлыгы,
Дүнүйөнүн жарлыгы.
Өтүп кетти бул арстан,
Элүү эки жашында,
Бир кудайдын жарлыгы,
Жарлыгы жалган болбогон,
Жан бар бекен өлбөгөн.
Көлөкөлүү терегим,
Көңүлдүү журтка керегим.
Терегим сынды белинен,
Керегим кетти элинен.
Жапырактуу терегим,
Жалпы журтка керегим.
Терегим сынды белинен
Керегим кетти элинен.
Белестеги беш арча,
Бектин аты жайласын.
Белсенип айлын баштаган,
Береним туйгун кайдасың?
Адырдагы алты арча,
Аргымак атың жайласын.
Алкынып айлын баштаган,
Асылым туйгун кайдасың?
Аркар улап адырда,
Жүрчү элең белсенип.
Ар жерде жыйын, топ болсо,
Туручу элең теңселип.
Мерген улап белесте,
Жүрүчү элең белсенип,
Белгилүү жыйын ичинде,
Туручу элең теңселип.
Күрмөгө ченди тактырган,
Күрдөлүү элдин ичинен,
Сени губернатор жактырган.
Төбөгө ченди тактырган,
Төрт ата тууган ичинен,
Сени улук төрө жактырган.
Көк бараң аткан бармагың,
Көгөй таштай салмагың,
Сенин көрүнүп калды салмагың.
Ак бараң аткан бармагың,
Асыл таштай салмагың,
Айтылып калды арбагың.
Алты атаң сенин арыстан,
Ашкере чыккан далайдан.
Жети атаң сенин арыстан,
Жетекчи болгон далайдан.
Түптүү сенин түп атаң,
Тукумуң жолборс сурасам,
Бектер кетти бел ашып,
Белинде белбоо жарашып,
Бек уулундай кайран эр,
Элинен кетти адашып.
Кандар кетти кыр ашып,
Кадам белбоо жарашып.
Кан уулундай кайран эр,
Калкынан кетти адашып.
Самоору алтын жез эле,
Сайдан өрдөк учурган,
Сарала туйгун куш эле.
Көмүркөй алтын, жез эле,
Көлдөн өрдөк учурган,
Көкала туйгун куш эле.
Бул жалганчы дүйнөдө
Күлүктөн минген алаяк,
Күлбейиш барсаң ылайык.
Күмүштөн казык, жез мамы,
Байланбайбы бууданың,
Гүлбейиш издеп кеткенде,
Сагынбайбы тууганың?
Бул жалганчы дүйнөдө,
Аргымак миндиң алаяк.
Ал бейиш барсаң ылайык.
Алтындан казык, жез мамы,
Байланбайбы бууданың.
Ал бейиш издеп кеткенде,
Сагынбайбы балдарың?
Безбелдек деген берен куш,
Белге бир уя бүтөбү,
Бек уулундай кайран эр,
Белгисиз мындай өтөбү?
Карчыга деген кара куш,
Капталга уя бүтөбү?
Кан уулундай кайран эр,
Караансыз мындай өтөбү?
Аргымак аттын бутуна,
Алтындан така урганың.
Айтылуу элдин ичинде,
Айбатың тийип турганың.
Күлүк аттын бутуна,
Күмүштөн така урганың.
Күрдөөлүү тууган элиңе,
Күлпөтүң тийип турганың.
Аргымак аттын бутуна,
Алтындан така кактырган.
Азаптуу оору жолугуп,
Кайран эр насиретке1 бактырган.
Күлүк аттын бутуна,
Күмүштөн така кактырган,
Күйүттүү оору жолугуп,
Насиретке бактырган.
Белгилүү болсун бала деп,
Алла таала кудурет,
Маңдайына мең берген.
Жейрен бир ичик сүлөөсүн,
Кудайым өзү сактасын,
Артында калган бүлөсүн.
Керине эле төшөгүң,
Кеңсалар эле эшигиң.
Керине төшөк жыйылды,
Кеңсалар эшик тыйылды.
Бачайы эле төшөгүң,
Базар эле эшигиң.
Бачайы төшөк жыйылды,
Базар эшик тыйылды.
Чоң Бөлтөктүн түбүнө,
Чоң дептериң жазылды,
Казанак үйүң казылды.
Арманда өткөн маркумдун,
Арбагы минтип басылды.
I. ШАБДАН
Эч ким качып кутулбайт,
Эр Сулайман баргандан.
Эшитип журтум кулак сал,
Элети журттун баашасы,
Эр Шабдан көчтү жалгандан!
Барбай адам калабы,
Байгамбарлар баргандан.
Байкап журтум кулак сал,
Баары журттун атасы,
Баатыр көчтү жалгандан.
Түн киргендин жарыгы,
Шам жыгылды кыргыздан.
Түгөл кыргыз атасы,
Кан жыгылды кыргыздан!
Караңгынын жарыгы,
Шам жыгылды кыргыздан!
Күнөкөргө күн батты,
Күрдөөлдүү кылжыр көп журтун,
Күйгүзүп Шабдан эр жатты.
Богорстон, Койлон, Кылжырды,
Боздотуп Шабдан эр жатты.
Боз үйлүү журтка ай батты!
Салындың богон1 чениңди,
Зарлантып каран таштадың,
Сарбагыш, бугу элиңди!
Азирет кудай жар болуп,
Атретке2 баш болуп
Айдап жүрүп караттың
Анжиян менен Алайды,
Атайы каран таштадың,
Адигине, тагайды!
Ардактаган тулпарды,
Адырга чапса тер чыкпас,
Адигине, тагайдан,
Ак калпактуу кыргыздан,
Артылып сендей эр чыкпас!
Кынабы келген тулпарды,
Кыйнап минсе тер чыкпас,
Кылжырдын уулу мактанып,
Кыргызда сенден эр чыкпас!
Эчтеме билбес ырчылар,
Эл мактачу каадасы,
Эшитип уксаң көп журтум,
Эр Шабдан элдин саабасы3.
Оңдуусунбай кишиге,
Оорутпай көөнүн адамдын,
Олуя эле эр Шабдан,
Ойлосом ушу замандын,
Топ бузган күлүк мингизген,
Кокондон келген калпага.
Эсенгул тынай мас болду,
Эр Шабдан сенин аркаңа!
Баатыр Шабдан аркасы,
Балдары өскөн сөөлөткө,
Байгамбардай сабыры,
Мас болбоду дөөлөткө.
Карабек уулу кан болуп,
Чоро менен черикти,
Темирболот, черикчи,
Ошолордун баарысы,
Сизге берген эрикти!
Кайкалады сөөлөткө,
Касиеттүү бу баатыр,
Качан көптү дөөлөткө!
Кары келсе бата алган,
Казы, карта, жал берип,
Календер4 келсе чогулуп,
Кабагын ачкан мал берип.
Аксакал келсе бата алган,
Астына төгүп жал берип.
Адашкан келсе чогулуп,
Ажатын ачкан мал берип.
Акылың артык даана элең
Адашкан эрге маана элең!
Кеңешиң артык даана элең,
Кетиген эрге маана элең!
Жедигер менен мундуздан,
Жетимиш уруу кыргыздан,
Кутчу менен саруудан,
Курама журттун баарынан,
Саяк менен бугудан,
Зар ыйлады үч дубан.
Санаасынан чыгарбас,
Сан сарбагыш өз тууган.
Эсенгул менен Тынайдан,
Солтонун мыкты чоңдору,
Эшкожо менен Канайдан
Мөмөлүү жыгач бүгүлдү,
Мөмөлөрү төгүлдү,
Он төрт болуш сарбагыш,
Эми сизден түңүлдү!
Маргаланды майтарган,
Барган жоосун кайтарган,
Баатыр ажы бадыша,
Артык тууган Жантайдан!
Карабагыш, чоңбагыш,
Ак калпактуу кыргыздын,
Ортосунда сиз калыс!
Дөөлөс менен тейиттен,
Аттанып кетип дүйнөдөн
Калкыңды минтип кейиткен.
Сары толто бычактан,
Сандап жаткан кыпчактан,
Тору Айгыр күңгөй саягы,
Күйгөндө сизди табабы?
Баатыр ажы бадыша,
Өтүп кеттиң дүйнөдөн,
Казак, кыргыз тыягы,
Анжиян, Кокон, Наманган,
Быягы орчун чоң Ташкен,
Каратып берип аларды,
Падышадан алдың чен.
Обурагың озгон кылымдан,
Кабарың уккан Индистан,
Өтүп кеттиң бир туйгун,
Эми тууларбы сиздей кыргыздан!
II. ШАБДАН
Катка салган жамагым,
Каргылданба тамагым.
Кай моллалар окусаң.
Калыт койбой карагын.
Кагаз калам ысымын,
Калтырбагын сабагын.
Капа болсо баатырга,
Ачып бергин кабагын.
Мен айтайын билгеним,
Билбегеним бил дебе,
Билбеди деп тилдебе.
Жактырбасаң сөзүмдү,
Жазган молла ким дебе.
Ким десең да мейличи,
Жаман айтып үн дебе.
Баатыр Шабдан казалы,
Баштап сөзүн жазалы.
Байкап туруп сүйлөсөм,
Чыгар сөзү мазалы.
Офат1 болуп падыша,
Эли болду назалы.
Эптеп кыса2 чыгарып,
Эл кумарын жазалы.
Жетимиш үчтө көрдүлар,
Азалы тагдыр кыфаны.
Эли кайдан табады,
Баатыр сындуу тазаны.
Эрте өттү баатыр деп,
Эли күттү азаны.
Эстегенде ажыны,
Элдин көөнүн басалы.
Баатыр Шабдан сабазды4,
Байкап катка жазалы.
Көбүрөөк кейип баатырга,
Кетирбейлик мазаны.
Он бешинде аттанган,
Ок атканда жазганган.
Оң жолго кылган иштери,
Оң жолуна башталган.
Кыргактуу найза колунда,
Кырк жигити оңунда.
Кыйыр болгон душманы,
Кылчайбаган соңунда.
Уккан адам таң калган,
Баатыр атам чоңуна.
Казак, кыргыз, оң мен сол,
Кирип турган колуна.
Кайрат кылган душманды,
Кыргын кылган жолуна.
Баатыр атам мархумай3,
Кылчайбаган жолуна.
Казак, кыргыз, сарбагыш,
Баарысына сиз калыс.
Энди катын тубарбы,
Баатыр сынды бир дааныш.
Кытай менен кыргыздан,
Кырымга кетти сиздин даңк.
Кытай, орус тушунда,
Чыгалбас сиздей чебер жан.
Орустан орноп ар жагы,
Кабарын уккан алыстан.
Өтүп кетти бир туйгун,
Чыгар бекен кыргыздан.
Кыргыз менен казактан,
Кутулткан далай азаптан.
Болор бекен сиз өңдүү,
Казак, кыргыз тараптан.
Угалбадым сиздей чоң,
Азыркы гажым мерабдан4.
Ахмадыкан ортобдо,
Кетмен-Төбө саяктан.
Кыргыз, казак, оң, солдон,
Ар ким чыккан ар жактан.
Аңдыган менен ажы ата,
Жеткен сизге каяктан.
Эр өлтүргөн сотунан,
Куткаргансыз набактан.
Жазган муну бир акын,
Чарчабайды жамактан.
Бугубайдын Чыныбай,
Чоң болуптур көл жактан.
Өз алынча зор чыгып,
Өткөн экен көп жактан.
Сиздей жоомарт болгон жок,
Бечараны көп баккан.
Алты дубан топ болсо,
Кыйыгы менен сөз тапкан.
Айткан жерде кутулган,
Алты жылдык ырыстан.
Асти сиздей чыгарбы,
Ушбу казак, кыргыздан.
Жоокерчилик убакты,
Шондо конгон чоң бакты.
Наманган менен Андижан,
Талкалаган Чарбакты.
Жанындагы жолдошу,
Айтып-айтып зар какты.
Алып берип аларды,
Падышага көп жакты.
Карагай найза колго алган,
Калмакты көздөй жол чалган.
Кан саякты кан атам,
Калмактан барып олжо алган.
Канча сан кол качырса,
Кайрат менен кол салган.
Кырчылдаша келгенин,
Кыйшайбастан мол салган.
Кыргактуу найза колго алган,
Кытайды көздөй жол чалган.
Кызматы менен ажы атам,
Кытайдан барып олжо алган.
Анжиян менен Наманган,
Багындырып алган чын.
Анын төмөн жагында,
Үлкөн шахар чоң Ташкен.
Казак, кыргыз оңу, сол,
Баары болгон сизге жем.
Бирге жүргөн адамга
Бөлүп бердиң жемиңден.
Баяке ажы, Манапбай,
Үлкөн болгон демиңден.
Карагай чөбү калың деп,
Жер алгансыз Кеминден.
Шол убакта манаптар,
Жетебиз деп теминген.
Жетмек тургай ошолор
Күрөндүдө тебилген.
Эрегишкен душманы,
Кара мыктай себилген.
Жардам берсең карыпка,
Кыйын эле демилгең.
Олуя-Ата, Таласты,
Ойрондогон алашты.
Айткан сөзүн атамдын,
Кандай адам талашты.
Казак, кыргыз ар кимдин
Кайсы бири жанашты.
Жетебиз деп канчасы,
Жете албастан адашты.
Таластагы саруулар
Кызын берип жарашты.
Он төрт болуш сарбагыш
Бир атадан тарашты.
Илгерки эл бир башка
Асанкул менен кармашты.
Тамга салып алам деп,
Кер кулунду талашты.
Шер чыккан Асанкул,
Бизге кайдан жанашты.
Тең боломун дегенди
Жоодой кылып талашты.
Кушчу менен саруудан,
Курама журттун баарынан.
Баатыр атам падыша,
Башта кыдыр даарыган.
Башта казак, кыргыздар,
Коркуп жүргөн каарынан.
Көп мусулман кутулган,
Набактынын зарынан.
Ашып барган Көк-Артты,
Алсыраткан көп сартты.
Казак, кыргыз Оң мен сол,
Таппайт атам жоомартты.
Аулие-Ата, Чымгентти,
Ойрон кылып кекетти.
Жоомарттык мен атакем,
Кожого берген зекетти.
Бактысы чоң ажы атам,
Жигити элди кекетти.
Шаригаттын жолу мен
Айла таппай камалар.
Арбагы үчүн атамдын,
Акыры улук чыгарар.
Мүрзө мечит салдырып,
Алыстан молдо алдырып,
Окутуп жатат балдарды
Шариатка кандырып.
Кейип калдык баатырга,
Күйүп өчтү жандырып.
Душмандашкан арамды,
Атакем акылынан тандырып.
Калак-Ашуу, Төр-Сууга,
Мечит салып бер дедиң.
Баатыр үлкөн ажы ата,
Казынадан жем жедиң.
Тууду кудай намыска,
Карашып жүргөн маз азга.
Кейибестен ким калган,
Баатыр атам сабазга.
Кожолорго кол берген,
Кожо афанди тон берген.
Бечара менен гарыпга,
Кол кайырды чоң берген.
Кол тапшырган кожого,
Кокон кызыр моллага.
Келген сайын кожосу,
Көп жылкы алган олжого.
Анык сүйлө сөзүңдү,
Жазган акын болжобо.
Маашыр күнү аршулар,
Таяр болор колдоого.
Раманыв6 падыша,
Барып келген баатыр шаа.
Мамытаалы жолдошу,
Бирге барган жанаша.
Канча шаар калааны,
Кылып келген тамаша.
Фенмин кылган улуктар,
Барганына жараша.
Бактысы чоң ажы атам,
Кыргыздан чоң болдуңуз.
Битирбордо7 бай такты,
Падыша барып кондуңуз.
Балдарынын бирөөсү,
Басар бекен ордуңуз.
Дин мусулман ичинен,
Болушунча болдуңуз.
Ажыга барган фарман деп,
Бендесине карыз деп.
Колу жеткен адамга
Мекеге бир барыш деп.
Көл үстүндө от кеме,
Жүрө албайт көлдөн ат мен төө,
Меке барып жеткенде,
Зыяратда баскан жөө.
Баккан факыр8 гарыпты,
Көргөн Меке шарифди.
Анын ары жагында,
Мединага барыпты.
Ислам элдин мүдөөсү,
Баатыр өттү кыйын иш.
Чоң Кеминдин талаасы,
Беш күн кылдың жыйылыш.
Даураеына9 ажынын,
Бир миң теңге жыйдыңыз.
Талас кетип жолоочу,
Көрбөй калдым жыйныңыз.
Жана дагы миң теңге,
Үч ат чеккен пойуска,
Нечен түмөн кайырчы,
Таап келди береке.
Кызматын кылбай коебу,
Баатыр атам сереге.
Жылкыга мамы табылбай,
Байлап алды терекке.
Колунда жок бечара,
Жаратып алды керекке.
Эт, кымызын түгөтпөй,
Куюп алды челекке.
Күбүрнадыр10 Алматы,
Күркүрөйдү савлетти11.
Барданке менен мейитин12,
Багып турду салдаты.
Ыйлап келди фирстоп13,
Салдат келди нече топ.
Орус ыйлап кыргызга,
Баатырдан башка элде жок.
Кыргыз, орус аралаш,
Ыйлабаган бенде жок.
Өлгөндөгү кызматы,
Бу кыргызда ченде жок.
Ыйлап келди улуктар,
Карагайчы мужуктар.
Баары келди баатырга,
Узун-узун муруттар.
Өбөктөп ыйлап жатышты,
Асманга мылтык атышты.
Кайырчылар жылкысын,
Арзан баага сатышты.
Тоодон арча кыйдырып,
Усталарын жыйдырып,
Салып жатат күмбөзүн,
Шаригатка сыйдырып.
Ичин, тышын сырдады,
Салган уста жыргады.
Акча, малды көп алып,
Дүнүйөнү ыргады.
Чоро менен черикти,
Темирболот, черикчи,
Ошолордун баарысы,
Сизге берген эрикти.
Касымбек мен калфасы,
Чоро саяк калкасы.
Ошолордун баарына
Баатырдын тийген аркасы.
Касымаалы, Чокосу,
Эсенкулдан Токтосу.
Өтүп кетти эр Шабдан,
Дүйнөнүн жок офасы.
Шаркыратма, Он-Арча,
Ошолорго сиз марча.
Казак, кыргыз, оң, солго
Тоо көтөргөн сиз нарча.
Ажы менен Субанды,
Алматы, Бишкек дубанды.
Бирдей көргөн ажы атам,
Казак, кыргыз тууганды.
Садыр ажы, Көбөгөн,
Бири-бирин жөлөгөн.
Калган эмес көңүлү,
Баатыр Шабдан төрөдөн.
Канат ажы, Токтосун,
Кадырын билип жоктосун.
Алып келди бир кудай,
Казак, кыргыз ноктосун.
Кырк жигиттин Бектени,
Калганы сизге жетпеди.
Офаткече баатыр ай,
Башыңдан чоңдук кетпеди.
Курманкожо, Кулжыгач,
Көкүмбай, Курман сөзгө маш.
Баатыр ажы мархумай,
Мөмөлөгөн сыр жыгач.
Мөмөлүү жыгач бөгөлдү,
Мөмөлөрү күбүлдү.
Казак, кыргыз, оң мен сол,
Кантип сизден түңүлдү.
Казак, кыргыз топ болсо,
Ким чечеди түйүндү.
Баатыр Шабдан өттү деп,
Кандай душман сүйүндү.
Байзак ажы, карыя,
Көзүнөн жашы дарыя.
Шаригатдан тышкары,
Көп мактаса жарыя.
Түркмөн менен Мырзабек,
Кейиди баатыр турса деп,
Калыс эди баарыга,
Ойаз14 сыйаз курса деп.
Тов аркасы Андыжан,
Аты машгур Курманжан.
Ошолордун баарынан,
Артык баатыр кыргыз хан.
Жумгал, Кабак саяктан,
Жеткен жок эч ким аяктан.
Кудай артык кылган соң,
Жеткизет баатыр каяктан.
Анжыянда мундуз бар,
Нече уруу кыргыз бар.
Ошолордун баарына,
Тоо көтөргөн бийик бар.
Өтүп кеттиң ажы ата,
Канчабызды кылып зар.
Казак, кыргыз ичинен,
Сиздей баатыр кимде бар?
Казы менен Эсенкул,
Эптеп айткан сөзүм бул.
Энди катын туармы,
Баатыр сынды бир уулду.
Мамырбай менен Теңизди,
Жылкыдан берген семизди.
Баатыр Шабдан мархумай,
Баарына элди жегизди.
Тезекбай менен Кооманды,
Аркаң мен сүргөн дооранды.
Касташам деген душмандын
Кайсы бири соо калды.
Кенембай эли Семиз-Бел,
Баары жогу уруу эл.
Ошолордун баарына,
Баатыр ажы бийик бел.
Тескейде бар Баатыркан,
Терип айттым канча жан.
Казак, кыргыз, оң, солдон,
Чыккан жок сиздей эч бир жан.
Майда билек, чоң билек,
Баатыр ажы бир терек.
Аман жүрсө мархумай,
Баарыбызга тең керек.
Көл башында Баатыркан,
Көрбөй айттым канча жан.
Көкүрөктө бугудан,
Чыккан жок сиздей эч бир жан.
Торкен менен Кең-Суудан,
Кыдыр баатыр тең тууган.
Болгон менен тең тууган,
Жеткирбеген сен буудан.
Күрмөнтү эки топ эли,
Шулардын баарын сурады.
Офатын угуп канчасы,
Жаны ачып кейиди.
Алты дубан топ болсо,
Тапчы эди жайыны.
Алып келип берчи эди,
Жылкы менен коюну.
Саяктардын Садыры,
Бир болуш билген кадыры.
Байда көргөн баатырдан,
Ошолордун чабыры.
Кара буурул Ак-Суудан,
Кадыры артык жакшыдан.
Казак, кыргыз, оң, солго,
Баатыр Шабдан жалгыз кан.
Торуайгыр эли Бектени,
Түптү сизге жетпеди.
Жетимиш үчкө жеткенче,
Башыңдан чоңдук кетпеди.
Эр Далбайдын Султаны,
Бир болуштун сырттаны.
Бир миң бүтүп атагы,
Бир жылда эки кыркканы.
Султан менен Далаке,
Телтайдай мыкты чыкканы.
Көргөн жерде баатырдын,
Баары сизге ыктады.
Бактыра өлгөн ажы атам,
Сөзүн эч ким жыкпады.
Арбагы чоң баатыр ай,
Сиздей эч ким чыкпады.
Каршылашкан душманды,
Тизеге салып ныктады.
Жетимиш үчкө келгенче,
Сөзүн эч ким жыкпады.
Мамыталы, Дүрүңүз,
Баарын баатыр сүрөгөн.
Аш берем деп атама,
Акча малын үрөгөн.
Төрт болушта Бөлөкбай,
Бөлүп берген кунан-тай.
Заманында баатырдын,
Ар бир иши болгон шай.
Чал ажы мен Өтөгөн
Өкүмүңдү көтөргөн.
Казак, кыргыз баарысы
Бийлигин сизге өткөргөн.
Сулайман, Айдабосунду,
Акылы бар жосунду.
Бирдей көргөн баатыр ай,
Душман менен досуңду.
Асыл менен сарбагыш,
Баарысына сиз калыс.
Жетпей калдык баатырга,
Көз көргөскө кетти алыс.
Үрүстөмбек мен Ырысбек,
Байлыгы ашкан Өзүбек.
Кабыл кылган ошолор,
Баатыр Шабдан сөзү деп.
Изат кылган баарысы,
Талашкан жок сизден кеп.
Ачуулансаң аларга,
Сөз айталбай турган тек.
Сарымсак мен Сагынай,
Зарлап баары сагынды.
Канча жандын баарысы
Кадырыңа багынды.
Алла тагла кудурет,
Артык кылган багыңды.
Эч бир душман бет болуп
Сындырган жок шагыңды.
Кара-Балта, Ак-Суудан,
Кадыры чоң сиз буудан.
Солто, бугу, сарбагыш,
Бири-бирине тең тууган.
Болгон менен тең тууган
Аларды сизден кем тууган.
Казак, кыргыз, оң, солдун
Баары сизге жем тууган.
Солтолордун Чолпонкул,
Чолпондой болуп чыккан ол.
Журттук кылып баарысы,
Берип жүргөн акча — бул.
Аты арыган Айылчы,
Ар жыйынга дайынчы.
Калтырмайды казалдан,
Акын молла шагырга.
Баатыр Шабдан мархум ай,
Баарыбызга кайырчы.
Жазып жүрөт баатырды,
Эл ичинде баары ырчы.
Бакыр менен жетимдин,
Барып алдың туткадан.
Өлгөнүңчө, баатыр ай,
Бир суук сөз укпаган.
Бай Сыдыгын Бошкойдун,
Баары сизге боздойду.
Байкап айтса акындар,
Баары жогун козгойду.
Казак, кыргыз баарысы,
Тизгин сизге бош койду.
Өтүп кетип ажы атам,
Баары кейип мостойду.
Ашмара15 мен Меркини,
Баары берген эркини.
Чамам келсе козгоюн,
Заманыңдан беркини.
Кумарык менен Чалдывар,
Куп айтсам сөз кандырар.
Кадырын билген атамдын,
Күйүп ичин жандырар.
Кең Таласка барайын,
Кетирбестен санайын.
Ошолордун баарынан,
Артык баатыр таалайың.
Саруулардын Жанкороз,
Таластан чыккан бир короз.
Кадырыңа баатыр ай,
Сөөк-тамыр болгон дос.
Төрт болушда Алакчы,
Сөзүн айтсам баары чын.
Баатыр атам мархум ай,
Колдоп жүргөн баарысын.
Бир дегенин беш берен,
Боло алган жок сизге тең.
Кызын берип кайтадан,
Болуп жүргөн сизге тең.
Күйөө кылып алдык деп,
Сүйүнүшүп кылган дем.
Элге тийген маанайың,
Артык ата таалайың.
Иледеги көп казак,
Билгенимче санайын.
Алматыда казактан,
Кутказган далай газаптан.
Баатыр атам чыкканда,
Кутулган кыргыз мазактан.
Касен менен Осмонду,
Алар сизди тосупту.
Байкап айтса акындар,
Баары жогун козгоду.
Кожомберди, Ногойбай,
Колдоп жүргөн шулардай.
Казак, кыргыз каны эди,
Алып кетти бир кудай.
Чөмүч эли алгадай,
Көңүлү сизден калбады ай.
Өтүп кетти эр Шабдан,
Дүнүйенин жалганы ай.
Алматы, Пишкек топ болсо,
Айрып койчу сиз калыс.
Тескейде бар Кашкары,
Жедирбеген баш колу.
Казак, кыргыз, оң-солго,
Калаалуу коргон таш колу.
Тилек менен Жарылкап,
Дүмүңдү угуп зарылдап.
Акындары баатырга,
Өлөң айтат жарылдап.
Качыке менен Мырзабек,
Караган сизге баатыр деп,
Үй көтөргөн жолуна,
Баатыр келе жатыр деп.
Маке менен Саты мырза,
Айткан сөзгө бек турса.
Баары сизге байыр алды,
Баатыр атам көп турса.
Алтымышбай, Илияс,
Илиясы өткөн быйыл жаз,
Казак, кыргыз баарына,
Баатыр Шабдан эрке наз.
Ноорузбай мен Кенен кан,
Казактан чыккан үлкөн жан.
Анткен менен алардан,
Алыс кетти сиздин даңк.
Көкчө тоодо аргындар,
Келип сизге зар кылар.
Өткөн казак, кыргыздар,
Күйүп ичи жандырар.
Жети дубан чакырды,
Желкентти заман акыры.
Тил алдырган ажы ата ай,
Дини башка кафырды.
Алты дубан чакырды,
Арбагы жерди жапырды.
Чакырып алды ашына,
Алматы, Талгар, Чилекти,
Нече үйөс жыйылып,
Жыкты түмөн бийликти.
Ашка келди көп болуп,
Кызмат кылды төрт болуш.
Келген киши көптүгүн,
Облусттан болжоңуз.
Аты чыккан адамдар,
Он миң теңге олжоңуз.
Нур Мухамед пайгамбар,
Маашыр күнү колдоңуз.
Алты күндө тарады,
Аргымак ат жарады.
Алматыда төрөлөр,
Суратын тартып тарады.
Жети күндө тарады,
Жеткилең күлүк жарады.
Мындан артык аш болуп,
Көкөтөйгө барабы.
Конок алды нечен күн,
Конуп жатты күнү түн.
Көшөгөдө жаш балдар,
Кошуп жатат салып үн.
Кор болбойду колу уста,
Кол өнөрлүү чоң уста.
Жетимиш үч тагдыры,
Йазылган лахву махфузда.
Казак, кыргыз каны эди,
Калсын дедим бир нуска.
Кейип сөздү сүйлөдүм,
Үлгү болсун кыргызга.
Комуз билген адамдар,
Салып алсын комузга.
Үнүн кошсо жарашар,
Жана салсын добушка.
Жашы тургай угады,
Кемпир менен абышка.
Дуба кылсын ошолор,
Баатыр ажы даанышка.
АБДЫЛЛАБЕКТИН ЗАЙЫБЫНЫН КОШОГУ
Мен айткан кептен шашпайын,
Абдыллабектен баштайын.
Кара көлгө барганда,
Суранчы датка Алыбек,
Бостонкул Бото бек,
Дубана датка Тойчу бек,
Ичкиликке баш болуп,
Кайтып калган эмеспи.
Кеткендердин баарысы,
Тилла калкан баш болуп,
Кайтып калган эмеспи.
Оувганга1 барганда,
Касал2 болдум башым деп,
Оң жак чеке кашым деп,
Амир Шабдан Алибек,
Элчи келген эмеспи,
Атаң туйгун, жан бегим,
Тинчи келген эмеспи.
Баш кошподуң чүрчүткө,
Семиз атка кош артып,
Барып калдың Бүркүткө.
Бадахшанга барганда,
Кай жердеки адам деп,
Кандай пенде тууган деп,
Кара сакал тажиктин,
Сөзү тийген эмеспи.
Атаң туйгун, жанбегим.
Көзү тийген эмеспи.
Минген атың чарчады,
Миң каралду кошунуң,
Асты-астынан таркады.
Атаң туйгун, жанбегим,
Кайрылып казал кылбадың,
Атаң туйгун, жанбегим,
Жанбегимдин барында,
Ичкен ашым карында.
Алтайлык бойго болгондо,
Ак төшүмө ай тууган,
Аттанып базар барганда,
Самаварчы чай сунган,
Балдарымын ичинде,
Бетке тутса тунугум,
Периштеси улугум.
Кылдан болду кыягың,
Кыздан болду туягың.
Жорго минсең жолдо жүр,
Атаң туйгун, жанбегим,
Кыз ботоңду колдой жүр.

БАЛБАЙДЫН УУЛУ БАЙГАШКАГА КОШКОН КОШОГУ
Кечээки өткөн Байгашкам ботом,
Кара бир бакмал бөрк эле, ботом.
Карарып күйгөн өрт эле, ботом.
Кызыл бир бакмал бөрк эле, ботом,
Кызарып күйгөн өрт эле, ботом.
Байгашка кетти дунканга кол курап, ботом,
Атасы кетип баратат, ботом,
Аа дүйнөдөн жол сурап, ботом.
Кунандан чыккан кер кашка, ботом,
Мени кууратып кетти, Байгашка, ботом.
Жылкыдан чыккан кер кашка, ботом,
Кейитип кетти Байгашка, ботом.
Алманын кагы бир башка, ботом,
Адамдын гүлү Байгашкам, ботом.
Жийденин кагы бир башка ай, ботом,
Жигиттин гүлү Байгашкам, ботом.
Кара бир куйрук нар элем, ботом,
Камалуу бугу элиме, ботом,
Калаалуу коргон жар элем, ботом.
Кызыл бир куйрук нар элем, ботом,
Кынас бугу элиме, ботом,
Кынала коргон жар элем, ботом.
Ак теңгеден бул элем, ботом,
Айтпай бир бугу менде эле, ботом.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 09