Latin

Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 14

Total number of words is 3843
Total number of unique words is 2083
29.7 of words are in the 2000 most common words
41.7 of words are in the 5000 most common words
48.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
болгондон кийин байбичеси Телегейдин кошкону.
1. Апторой — жер бети, жер жүзү, бардыгы.
2. Ак абайы — кымбат баалуу кездеменин түрү.
26. III. Чыныбай. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 459 (1859). Кичи аялы
Айчолпондун кошогу.
27. Баатыркан. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 546. 19-кылымдын 2-жарымында
жашаган алакөз каба уруусунун бийлөөчүсү.
1. Мунажат (ир.) — кудайга, теңирге жалынуу. Кошоктун мазмунуна караганда
баатыр чанып таштап, күнүлөрүнүн кордугун тарткан зайыбы кошкон көрүнөт.
Байгазы келини Бүбүдөн жазып алган Мамбетсеитова Зина.
28. Чокой. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 730. «Чокой баатырдын биринчи
аялынан Конушбай, Көнөкбай, Араке деген эркек балдары болгон. Араке деген
баласынын Каным деген кызын Чокой баатыр өзү чоңойтуп, көлдөгү Абайылда
деген кишиге турмушка чыгарат. Абайылдадан Эшхожин, Эшхожиндин кадимки
Балбай баатыр туулат. Чокой баатыр өлгөндө Каным кеч келет. Каным ашына чейин
күтүп Чокойдун үчүндө болот. Күнүгө бир маал эртең менен кошуп ыйлап, аш
тарагандан кийин баласы Эшхожин, небереси Балбайды алып көлгө кеткен экен.
Каным Чокой баатырдын төрөлгөнүнөн тартып өлгөн күнүнө чейин
кошкон экен» — деген билдирүү кол жазмада бар экен.
29. I. Балбак. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 62 (256). Эл бийлеп, кыйын чыккан
Балбак чоң атасына арнап, ал тирүү кезинде күмбөз салдырат. Жазмыштын
жазганынан кайда качат, чоң атасынан мурун өзү ажал таап, ошол күмбөзгө өзү
коюлат.
30. II. Балбак. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 526 (5127) «а». Түп районунан
айткан Эсекеев Буурабай. Жыйнагандар: С. Байкожоев, А. Токомбаева, С. Закиров ж.
б.
31. III. Балбак. Кол жазмалар фондусу. Инв. 1305. «Балбак манап кошогу»
Сагымбай акын Орозбак уулу 1924-жылда тапшырылган. Билим борборуна. Балбак
1888-жылда өлтүрүлгөн» — деп жазылган. Бул кошок М. Татыбеков тарабынан
китеп болуп чыгууга даярдалган инвентарда экен. 1940-жылы басмага уруксат
берилгенден кийин «...как не имеющих ни какой ценности с точки зрения изуч. кирг.
истории и языка...» — деген айыптоолор менен көпчүлүгү кыскартылып кеткен.
Жогорку келтирилген билдирүүдөн кийин кошоктун тексти алынып ташталган,
ошол себептүү качан, ким аркылуу жазылганы белгисиз. 219-инв.
1. Сиркеүл — Сибирь.
2. Омор, Осмон — (дин) пайгамбарлардын аты.
3. Азирет Аалы — (дин) пайгамбардын аты.
Кошоктун текстти Молдо Кылычтын чыгармалары топтолгон 1305-инвентардан
алынды.
32. Жанек. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 459 (1264). Ысык-Көлдүк манап.
Желдең уруусунан. 1922-жылы Нарындын Эсенгул болушунун кишиси Алтай
Айдарбек уулунан жазылды» — деген билдирүү 385-инвентарда бар.
1. Накер өтүк (ир.) — тумшугу кайкы өтүк.
2. Керимсел — ысык жел.
33.Бошкой. Кол жазмалар фондусу. Инв. 55 (249). Солто элинин манабы.
1. Ылажы — айла, амал, арга.
2. Дидар — жүз, өңү.
3. Жамбы — ар кыл калыпта жана салмакта алтындан же күмүштөн куюлган
куйма. 18-кылымдын экинчи жарымынан баштап Чыгыш Түркстанда акча ордуна
жүргөн.
4. Сөлкөбай — бир сомдук, элүү тыйындык күмүш акча.
5. Манат — баркыт.
Кошок Бошкой баатырдын тууганынын кызы Божек Шекербековадан Таластын,
Орто-Кошоюнда 1923-жылы жазылган. 29-июнь.
34. Шекербек. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 55 (249). Мунайымбүбү Шекербек
кызынан 1923-жылы Каим Мифтаков жазып алган. 385-инвентарда: «Мунайымбүбү
Шекербек кызынан Талас, Орто-Кошойдо, 1923-жылы 11-июлда Кайым Мифтаков
тарабынан жазылып алынган. Бул кошок Мунайыбүбүнүн өзү чыгарып,
Шекербектин кыз-келиндери тарабынан айтылган. К. М.» — деген билдирүү бар. Эки
инвентардагы кошоктордун мазмундары бирдей.
1. Кесел — дарт, оору.
2. Кырмызы — кызыл, чымкый кызыл.
35. Медербек. Кол жазмалар фондусу. Инв. 55 (249). Маржаке Сарымсак кызынан
12-июнь, 1923-жылы Таластын Орто-Кошоюнда К. Мифтаков тарабынан жазылган.
1. Өзөгү — ушагы.
2. Зар-зарга (ир.) — 1. кайгы, ый. 2) алтын.
3. Дилде (ир.) — алтын, зар.
36. Осмон. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 385 (1264). «Осмон көл башында, тагай
уруусу, болуш болуп жүргөндө колуктусун алып келүүгө барганда жер титиреп тамга
басылып өлүптүр. 1924-жылы Каракол кантонунда жыйналган» — деген маалымат
бар.
Кошокту аялы жана кызы кошкон экен.
37. I. Алгазы. Кол жазмалар фондусу. Инв. 575 (3-дептер) «Кызылбаш, Карабаш
сабатар каймазар уругу. Алгазы да сабатар болгон. Бирок Карабаш, Кызылбаштарга
таарынып жетигенге кирип ошолордун таламын талашып чабышат. Чабышта
Алгазы өлөт. Үмөталы ырчы кошокту Алгазынын кызы Зуурабүбүгө үйрөтөт» —
деген маалымат бар.
1. Буруш — аттын куйругун түйгөн деген маани.
Кошокту айткан Тагайбай Акылбеков.
38. II. Алгазы. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 575. Алгазы Таластын кушчусабатар уруусунун жакшыларынын бири. Арап, Чал бир тууган экен. Чалдан
Карабаш-Кудайберген, Алыйман, Назаркул, ал эми Араптан Алгазы жалгыз болот.
Болуштук талашуудан жаатташып жалгыз Алгазыны басмырттап кетишет. Алгазы
аз уруу жетигенге жан тартып «Молдобай болуш болсо» дейт. Касташкан КарабашКудайберген Алгазы тарапка кысым көрсөтүп: «Алгазы жакырды болуш кылгысы
келсе, колун камдап урушка чыксын. Уруштан мени жыкса менден болуштукту
алсын, болбосо мен аны жыгып болуштукту иниме алып берем» — деп элин жыят.
Алгазынын Зууракан деген кызы бар экен, ошол күздө күйөөсүнө узамакчы экен.
Атасынын артынан санаасы тынбай жете келсе, атасы: «Оо, балам, кайта кет. Кызы
да урушка келиптир деген уяттуу сөзгө калбайын, үйгө бар. Биз Карабаш менен бир
тууган эмес белек, кудай сактасын, кан төкчү кагышка барыша койбоспуз» — деп
жөнөтүп жиберет.
...«Алгазынын өлгөнүн угуп Чал катуу өкүнүп баласына: «Балам, Алгазы өлсө
бөлөк эмес эле. Арап экөөбүз бир тууган элек. Эми баш көтөргөн Алгазыны өлтүрүп
койдум, бүтүн кушчуну жалгыз бийлейм деп тургандырсың. Алгазы өлсө аны бүткүл
кушчу көмөт, сенин өлүгүңдү кушчу эмес Талас көрбөйт, балам» — дейт.
Чакырык келсе да көмгөнгө барбаган Карабаш арадан он беш күн өткөндө
элүүдөй киши ээрчитип Алгазыга өкүрүп барат. Зууракан ый басылганда «Карабаш
болуш аттанып кетпесин, карындашынын айтар арызы бар экен дегиле» — деп
киши жиберет. Аттанганы жаткан Карабаш камчысын таянып «Эмне арызы бар
экен?» — деп сыңар тизелеп отуруп калат. кошок басылгандан кийин таянып
отурган камчысы сынып, алды жашка толуп, тебетейи көзүнө келип калган экен.
«Болуш, болоор иш болду» — деп жигиттер ордунан таяп тургузуп, Карабашты
атказып кетишкен экен» — дейт.
Жаздырган А. Үсөнбаев.
39. Келдибек. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 62 (256). Он тогузунчу жүздүн орто
ченинде саяк кыргызынын жакшысы Келдибек елгөндө Аксайкал деген кызы
кошуптур. Атактуу Сагымбай Орозбак уулунан жазып алган Ысмат Кемпир уулу.
40. Карабаш-Кудайберген. Кол жазмалар фондусу. Инв.№ 575 (5213). Талас
өрөөнүнөн чыккан эл бийлөөчүлөрүнүн бири. Кушчу-сабатар уруусунан.
Назаркул деген инисинин кызы Шурутайдын кошогу. Кожоке деген инисинин
кызы Селки менен Шурутайдын алымсабак кошогу.
Эл оозунан жыйналган фольклордук материалдар. Талас району, 1970-жыл.
41. Калпа ажы. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 11 (204). Сейиткан Абубакир уулу
кошкон. 1923-жылы жазылган.
42. Ыса болуш. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 125 (331). Калык Акиев кошкон.
1946-жылы жазылган.
43.Жеңижок. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 691. Өтө Көке уулу. (1859—1918) —
ырчы, төкмө акын, Талас өрөөнүндө туулган. Жашынан жетим калып Аксы
тараптагы таекелеринде жүргөн. Ал тарбиялык мааниси терең, уккандын акылына
уюй турган кептерди уйкалыштырып айткан чоң нускоочу акын, айтыштын
жеңилбеген устаты, «Манас», «Семетей», «Кожожаш», «Эр Төштүк» сыяктуу
дастандарды күндөп-түндөп айткан жомокчу, жаза жана окуй билген билимдүү адам
болгон. Караван базарында эки жеңи карысынан жок кемсел кийген жаш Өтө
шарыят жайын ырдаган Нурмолдо менен айтышып жеңип чыгат. Ушул окуядан
кийин ал Жеңижок аталып кеткен. (КЭС)
Жеңижок каза болгондо улуу Токтогул акындын кошкон кошогу. Кимден, ким
аркылуу жазылганы белгисиз.
44. Эшмамбет. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 645 (5284). Эшмамбет Байсейит
уулу (1867—1926) — төкмө ырчы. Талас өрөөнүнөн. Токтогулдун эң жакын шакирти
болгон. Кетмен-Төбөдө Токтогулдун жанында жүрүп анын таалим-тарбиясын алган.
Эшмамбет айтыш өнөрүнүн устаты болгон.
«Эшмамбет ырчы каза болгондо Курман ырчы мүрзөнүн үстүндө кошуп турган
жери. Эшмамбет 1926-жылдын жай айларында Чечекти деген жайлоодо каза болот.
Сөөгүн төөгө жүктөп келип Көк-Жар деген көрүстөнгө коюшкан» — деген маалымат
бар.
Жыйнаган Тургуналы Жолоев. 1970-жылы, Талас шаары.
45. Токтогул. Китепте: Коргол, «Адабият» басмасы, 1993-ж. Токтогул Сатылган
уулу (1864—1933) — кыргыздын демократ акыны, ойчул, комузчу, обон-күү
чыгарган чебер. Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Саз-Жийде деген жеринде туулган. 1898жылкы Анжиян көтөрүлүшүнө катышкан деген жалаа менен Сибирге сүргүнгө
айдалган. Токтогул элдик дастандарды да айткан жомокчу катары таанымал.
Улуу Током дүйнөдөн кайтканда Корголдун кошкон кошогу.
46. Казыбектин атасына кошкон кошогу. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 90
(502, 4017). Атайын фонду, № 2, № 3-дептер.
47. Барпы акын. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 190 (401). Барпы Алыкул уулу
(1884—1949) — төкмө акын. Сузак районундагы Ачы айлында туулган. Санатнасыят ырларын гуманисттик маанайда ырдаган. Он алты жашында эле элге
таанымал акын катары билинген.
Барпы акындын агасы Полоттун кызы Адалат кошкон.
48. Бөрүбай акын. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 31 (169). Манасчы жана акын
Бөрүбайга аялы Анаркүл акындын кошкон кошогу.
1. Пайим — түгөйүм.
2. Пайнеги (алтын саптуу пычактын пайнеги эди акунум) — сабы деген маанини
билдирет.
3. Пор — бор.
49. Рахманжан. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 648. (5286). Улуу Ата Мекендик
согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры болгон Рахманжан
Маткалыковго Т. Закирова кошкон. Жазган М. Зулпиев, Ленин району. Рахманжан
колхозу.
50.Тукубай Тайгараев. Кол жазмалар фондусу. Инв. 660 (5297). Тукубай
Тайгараев Сузак районунун Кедей-Арык, Жаңы-Кайрат колхозунда комсомол
кызматында иштеп жүрүп согушка кеткен. Уруусу багыш. Мекенди коргоодогу
эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамды алган.
«...Биз Тайгараев Тукубайды келет деп жүргөндө угузуп калды. Согуш бүткөн эле,
мурда угузбаптыр. «Күйгөн катын кошокчу» дегендей кошконбуз да» — дейт аталаш
эжеси Ниязалиева Темиржан. Тукубай ата-энеден жалгыз эде. Угузганда
энеси эт-бети менен кетип, зил кусуп жатып калды. Эс алганда «айтпайсыңарбы
жоругун» — деп этектеп калды бизди. Ошондо Тукубайга кошуп, энесин да
айтканбыз мындай деп:
Зайпана болду көйнөгү,
Сары зил болду жүрөгү.
Будурма болду көйнөгү,
Муңга толду жүрөгү. —
Тукубайдын апасынын өлгөнүнөн быйыл 4 жыл болду.
Кара болду көйнөгү,
Эми, кайгыга толду жүрөгү».
Ниязалиева Темиржандан жазып алган М. Зулпиев.
51. Султанов Кадырмат. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 648 (5286).
Социалисттик Эмгектин Баатыры, Ленин райкомунун биринчи секретары болуп
иштеп туруп 1957-жылы каза болгон. Кошкон Жумабаева Алмагүл. Жыйнаган М.
Зулпиев. Ленин району, Ленин-Жол селосу.
52. Генерал Искакбек. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 546 (5184). Алайдан
чыккан генерал Искакбек Кытайдын Кулжа деген жеринде самолет талкаланып
курман болгон. Абдрасулова Закеш деген кошокчуну бир күнчүлүк жерден ат менен
алдырып айттырышкан.
53. Чолпонкул Манаптын уулу Жапаркулга. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 650
(5288).
54.Кожомкул. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 536 (5174). Суусамырдык атактуу
балбанга арналган кошокту Өмүке уулу Абды айткан. Сокулук району. 1956-жыл.
21-томго кирбей калган айрым кошоктордон.
55. Барак. Кол жазмалар фондусу. Инв. № 601. Барак деген киши Анжиянга барып
чечек оорусу менен ооруп келет. Урук-туугандары «жугат» дешип, мал-жаны менен
таштап көчө качышат. Аялы да кетип калат. Бой жеткен кызы «өлсө ак кепиндеп
көмөм» — деп жалгыз калып, атасын багат. Оорудан түзөлө албай Барак кайтыш
болот. Кыз башка жерден киши чакырып, атасын койдурат, күмбөзүн салдырып
бүткөндөн кийин көчө качкан туугандарынын артынан жөнөйт. Жан дүйнөсү
сезимтал, сөзгө чебер кыз жол бою атасына кошок кошуп жүрүп отурат.
1. Азариң — ордуң жоктолот деген мааниде.
2. Тагина — түбүнө, күмбөздүн пайдубалына деген мааниде.
3. Баар — жаз.
56. Акзыйнат атасын кошкону. Кол жазмалар фондусу. Инв.№ 647 (5285).
Торкенттин Бөрү-Булак деген жеринде Байдөөлөт уруусунан чыккан Барак деген
киши жашаган. Көк-Кыр жайлоосунун суусун бурдуруп, элге эгин айдатып, бейбечаралардын башын бириктирип, алсызды алдуу чаап, талап-тоноп турган ошол
заманда карапайым калкка тирек болуптур. Барак баатыр 1860-жылдын күз
айларында 38 жашында улуу тумоодон каза болот. Жалгыз кызы Акзыйнат 15
жашта экен, эси ооп жыгылып, таңга жуук өзүнө келет. «Атамды өзүм кошом» — деп
аялдарды тургузуп жиберип кошкон жери экен.
1. Тилеп — Акзыйнаттан кийинки балдары токтобой отузга чыкканда эркек
балалуу болуп, атын Тилеп коет.
2. Саке жылкы кууду деп — Суусамырда чоң тойдо Акмат, Дыйканбай Байтикти
сөзгө сындырган экен. Ошону кектеген Байтик Саке баатырды 20 жигит менен
жылкы тийип келүүгө жиберет. Алардыкы менен кошо Барак элинин малын да
айдап кетишет. Артынан кууй келген Барак менен чабышып Саке каза болот.
3. Күмбөз Торкенге салынат.
4. Күүнадыр — губернатор.
5. Алача, Турус деген жээндери жетим калганда Барак баатыр багып чоңойтуп,
мал бөлүп, үйлөнтүп үй тигип бөлүп чыгарган экен. Барак өлгөндөн кийин
«малыбыз күйүп кетет» — деп күмбөз салууга жардамдашпай элдин алды болуп
Суусамырга көчүп кетишиптир.
6. Сал — туздун кенинен алган чоң-чоң кесек туз.
Токтогул району, Торкент колхозу, байдөөлөт уруусунан чыккан Тилепов
Сагынбектен 1974-жылы жазып алган Жанжигит Казакбаев.
57. Арпа (Гүлойрон). Кол жазмалар фондусу. Инв. № 219, инв. 385 (1264). 19кылымда Ысык-Көлдөгү дөөлөс уруусунан чыккан Арпа деген жигит каза болгондо
аялы Чыны бир айтканын эки кайталабай, көңүлүндөгү муң-зарын кошок саптарына
айлантканы.
ШЫРДАКБЕК
Шырдакбек деген хан болгон, анын мекени Жумгал болгон. Шырдакбек саяк
уруусунун ичинен чыккан катаган уругунан. Катаган уругунан хан Кошой
чыккан, анын мекендеген жери Нарын болгон. Нарында Кошойдун коргону, ордосу
жана башкалардын белгилери болгон, азыр да бар, урандылары кездешет.
Шырдакбек ошол хан Кошойдун небереси. Ал Жумгал, Суусамыр, Тогуз-Торо, Кабак,
Ат-Башы жана Нарынга хан болгон. Бирок ал акча чыгарган эмес, Армия күткөн эмес,
кырк жигит гана күткөн. Шырдакбек аялды Анжиян менен Кара-Суунун
ортосундагы Күрүч-Мазар кыштагында жашаган дөөлөс уруусунан алган. Анын аты
Калымжан болгон. Бир гана аял алган. Шырдакбек хан болгон менен жортуулга
чыккан эмес. Башка элге чабуул жасаган эмес. Бирөөлөргө кол салып, зыян келтирип
жабырлатпаган. Шырдакбек Фергана, Кашкар жана Какшаал (нойгут элдерине)
жерлерине соода-сатык ишин жүргүзгөн. Ал элдер менен алыш-бериш мамилесин
жакшы кылган. Ошол соода-сатык жана жакшы мамиле аркылуу Шырдакбектин
элге атак-даңкы чыккан. Шырдакбек аялды жакшы көргөн, кадырлаган жана жакшы
атты жакшы көргөн киши болгон. Шырдакбек элинин илим-билимин жана
маданиятын көтөрүү үчүн Фергана тарабынан молдолор чакырткан. Молдолор
келген. Ал молдолорго Шырдакбек айылдагы балдарды окуттурат. Шырдакбек өзү
учук оору менен ооруйт. Калимжан сыймыкка чыдабай, дөөлөтүн көтөрө албай бала
окуткан молдо менен ойнош болуп алат. Калимжандын молдо менен жүргөнү
билинип, эл ичине ушак таралып дүң-дүң сөз боло баштайт. Калимжан бул ушак
сөздөн кийин ошол өзү менен жүргөн молдону ээрчитип алып Кашкардын ханына
тиемин деп Кашкарга качат. Ошол кезде Кашкарга Жакыпбек хандын баласы
Осмонбек хан болуп турган. Осмонбек кыргыз болгон. Анын уруусу акбуура.
Акбууранын кичи катынынан таркап чыккан дөөлөс уругунан.
Калимжан Осмонбек ханга барат. Осмонбек хан вазирине: «эки мейманды эки
үйгө киргизип жакшылап меймандап күткүлө, Калимжандын жанына ордодогу кырк
кызды алып келип койгула, сурнайчы-кернейчилерди, оюнчуларды келтиргиле,
Калимжан эркинче ойноп-күлүп, шапар тээп жатсын, каалаганын ичсин, каалаганын
жесин» — деп буйрук кылат. Вазирлери Калимжанды өзүнчө бир конок үйүнө,
молдону бир конок үйүнө киргизет. Кырк кызды, оюнчуларды, кыякчычоорчуларды, сурнайчы-кернейчилерди алып келишет. Калимжан ойноп-күлүп,
кырк кыз менен шапар тээп жатып калат. Кашкар элинде:
«Шырдакбектин катыны Осмонбек ханга тиемин — деп, элинен эрин таштап качып
келиптир» деген сөз тарала баштайт. Бир аз күн өткөндөн кийин Осмонбек хан
вазирлерин, дин кызматчыларын, кожосун, эшенин, казы-муфтусун, айыпакимдерин чакыртат. Алар келишет. Алар Осмонбек хандын үстүнө кирип
олтурушат. Осмонбек хан вазирине Калимжанды алып келгин мен аны кабыл
аламын деп буйрук берет. Вазирлери Калимжанды алып келишет. Осмонбек хан
Калимжанды кабыл алат. Өзүнүн кеңешчилеринин алдында сурак жүргүзөт.
— Куш келипсиз, хан айым, келиңиз, Кашкар шаарына не себептен келип
калдыңыз? Шырдакбек хан сизге кандай мамиле кылуучу эле? Сизге ал ызакордук
көрсөттүбү? — дейт. Калимжан:
— Жогуңуз, улуу даражалуу, ханым. Артылып камчы салган жок, артык баш сөз
айткан жок, өзүбүздүн үйүбүздө бала окуткан, бал китеп ачкан көзү ачык
молдо бар эле, ошол молдого бал китеп ачтырсам, сиздин никеңиз Кашкардын
ханына түшүп турат деди.
Ошондуктан, мен сизди каалап келдим дейт. Осмонбек хан:
— Ой айым, менин никем бар — дейт. Калимжан:
— Улуу даражалуу ханым, сиз үчүн шарият жолу ачык — дейт. Осмонбек хан:
— Бул айымды конок үйүнө алып баргыла — дейт.
Вазирлер Калимжанды конок үйүнө алып кетишет.
Осмонбек хан кеңешчилерине:
— Акылмандар, Калимжандын сөзүн уктуңуздар, Сиздер бул ишти кандай
чечесиздер — дейт. Олтурган кеңешчилердин бирөө: «Калимжан сизге ылайык.
Кудай өзү сизге айдап келип берди, жуптуулукка сиз алыңыз» — дейт. Башка бир
вазири: «бул ишти шарият жолуна салып, катынды да, молдону да айыпташ керек»
— дейт. Осмонбек хан казыны тургузуп алып, «иш сизде калды, кандай өкүм
кылсаңыз, ишти бүтүрүп келиңиз, барыңыз» — дейт. Казы өзүнүн үжарасына чыгып
кетет. Үжарада олтуруп казы өкүмүн чыгарып, кайра хандын үстүнө кирет.
— Улуу даражалуу падышам, эмки иш сизде калды, мөөрдү (өзүнүн аты,
фамилиясы оюлуп жазылган жумшак таш-печет басыңыз — дейт. Осмонбек хан:
— Эң мурун чыгарган өкүмүңүздү окуңуз. Олтурган жамаат уксун — дейт. Казы:
«Калимжан талаксыз никелеп алган күйөөсүн таштаган, молдо менен
бузук ишке жүргөн жана башка никелүү, аялдуу Осмонбек ханга тиемин деп элинен
качып чыккан, бул алланын жолун жана ак шариятты бузган. Ошондуктан,
Калимжанды кырк кемпир кырк мокок кыңырак (шимшуур — чалгынын уч
жагынан кийиз кесүү үчүн жасалган чоң бычак) менен кескилеп эл ичинде
өлтүрүшсүн. Молдо эл ичинде дарга тартылсын» — деп өкүм окуйт. Өкүмдү
окугандан кийин Осмонбек хан мөөрүн басат. Элди чогултат. Вазирлер кырк
кемпирди кырк кыңырагы менен даярлашат. Алар элдин ортосунда Калимжанды
кескилеп, кыймалап өлтүрүшөт. Молдо дарга тартылат.
Калимжандын качып кеткенине кайгырып Шырдакбек оорусуна оору кошулуп
ооруп жатат. Ошол кезде Какшаалдагы хан Таштектин Аккочкор менен Каңкы деген
эки баатыр уулу Шырдакбектин көңүлүн сурап келишет. Эртеси, алар: «биз Жаңыл
Мырзаны чабабыз, сиз биз менен барып, бизге жардам бериңиз» — дешет.
Шырдакбек: «мен оорумун, чабуулга жарабаймын, уруштун эмне кереги бар,
койгула, элиңерге жөн кайткыла» — дейт. Тигилер ага макул болбойт. «Сиз өзүңүз
чабуулга бара албасаңыз бизге боз жоргоңузду бериңиз. Боз жоргонун бели катуу,
чабуулга жарамдуу жылкы» — дейт. Шырдакбек «эгер бербесем булар мени чаап
алышы мүмкүн» — дейт да коркконунан тигилерге боз жоргосун берет. Аккочкор
менен Каңкы Шырдакбектин боз жоргосун алып кетишет. Шырдакбек болсо
«катындан да айрылдым, боз жоргодон да айрылдым же балам жок» — деп, этбетинен кетип жыгылат. Аккочкор менен Каңкы Жаңыл Мырзага кол салат. Бирок
экөө тең Жаңылдан өлөт. Боз жорго Жаңылдын колуна түшөт. Ошол кезде казактын
ханы Абылай хан Жаңылдан боз жоргону соогатка суратат. Жаңыл Мырза «аттын
ээси бар» — деп, боз жоргону бербей коет. Осмонбек хан дагы боз жоргону алып
Шырдакбектин өзүнө кайтарып берейин деген ой менен, боз жоргону Жаңыл
Мырзадан соогат деп суратат. Жаңыл Мырза «баштын мээси бар, малдын ээси бар,
Осмонбек хан көңүлүнө албасын» — деп, боз жоргону бербей коет. Боз жорго бир
күнү байлоодон бошонуп качат. Жаңыл Мырза эки жигитин кармап келгиле деп,
артынан жөнөтөт. Ал эки жигит кууп жете алышпайт. Боз жорго Какшаалдан качкан
бойдон Жумгалга келет. Шырдакбек келгенин угуп сүйүнүп, тура калып боз
жоргонун мойнунан кучактап ыйлайт. Шырдакбекке кубат, күч пайда болот.
Илдетинен айыгат. Эки жигит боз жоргонун изин кууп отуруп Шырдакбектикине
келишет. Шырдакбек аларга белек-бечкек берип, сый көрсөтүп жөнөтөт: «Кыз
арстанга салам айтып койгула, айтпасаңар мойнуңарга карыз. Баягы эки баатырга
бир моло тургузуп койсун, көрүстөнү жер менен жер болуп калбасын». Осмонбек
элчи жиберип, Жаңыл Мырза менен Шырдакбекти конокко чакыртат. Осмонбек
хандын максаты Жаңыл Мырза менен Шырдакбекти баш коштуруу болгон. Жаңыл
Мырза болсо Осмонбек хан мени чабамын дейт го деп ойлойт. Шырдакбек Осмонбек
ханга барат. Осмонбек хан Шырдакбекке катыны жөнүндө көңүл айтат. Катынынын
айыптарын, ага колдонгон жазаларын бүт айтат. Эми каалаган жериңден кыз алгын,
мейлиң элимден алгын, мейлиң ордомдон алгын дейт, бир кыз берейин деген
сөздөрдү айтат. Шырдакбек Осмонбек хандын элинен катын албай коет. Осмонбек
хан же Жаңыл Мырзаны алгын дебейт, же Жаңыл Мырзаны Шырдакбекке тийгин
дебейт. Эч нерсе айтпайт. Экөөнү тең сыйлайт, экөөнө тең белек-бечкек берип
коноктоп туруп узатып жиберет.
КАН ШЫРДАКТЫН БОЗ ЖОРГО
Абалкы өткөн заманда,
Атагы чыккан Ааламга.
Анжиян деген жери бар,
Айтылуу кыпчак эли бар.
Кылымга кеткен атагы,
Кыпчактын Тейитбеги бар.
Калкын күндө талаган,
Калмактардан кеги бар.
Тейитбек кары чал болду,
Кайрат кылчу калмакка,
Бир балага зар болду.
Карыганда тапканы,
Кан Курманбек арстаны.
Кадимки жигит болгондо,
Калмакка чабуул баштады.
Көз жумулуп кеткиче,
Калмактан ажал жеткиче,
Калкын жоодон сактады.
Калмак менен чабышып,
Качаңкы кекти алышып,
Боюна бой тирешип,
Болжолунча күрөшүп.
Корун, Дөлөн калмактын,
Колун бир топ жүдөтүп.
Атасынча Сейитбек,
Ажал жетип калмактан,
Анда болду шейит дейт
Жети жашар бала экен,
Жетим калган чагы экен.
Сейитбектин Шырдагы.
Көсөм атам өттү деп,
Көздүн жашын тыйбады.
Өлгөн кайра келеби,
Өксүгөн менен береби.
Булак болуп көз жашы,
Буркурады көп эли.
Аман болсо акыры,
Атанын өчүн алам деп,
Артындагы белеги.
Арка кылып Шырдакты,
Анжиян эли тынч жатты.
Ошентип, Шырдакбек атасынан жетим калды, калмактарга кайнаган өчүн эсине
алды.
Шырдакбек жашы ондон ашканда, уламыш сөзүн улайт, өзү курдуу балдардан
жигит курайт. Жашы он төрткө жеткенде — чоң атам Курманбектей, сайганым жаза
кетпей, жоого аттанчу мезгилим болду деп, балтыр этим толду деп, — айылдагы
Акылбек деген акылмандан акыл сурайт.
— Ээ..., балам, азыр сага жоого аттанчу мезгил кайда, андан көрө талаага коон,
дарбыз айда. Өткөн менен кеткенге бекер бергин, элден алкыш, бата алсаң, ошол
пайда. Коон багып коржоюп кала бербей, кылыч чаап, жаа тартып, найза сайып
үйрөнүп жүргүн анда-санда, дейт. Шырдакбек акылмандын айткандын угат. Арадан
эки жыл өтүп, он алтыга чыгат.
Бир күнү чак түштө уктап жатса, түшүндө бир аксакал: «Тур, балам, учур өттү,
убакыт жетти, жигит болдуң, күчкө толдуң. Алтымыш кулач аркан алгын, азыктык
талкан алгын, ашууну ашып Айдың Көлгө баргын. Ошол көлдүн жээгинде
тулпардын энеси бар, кулунунда тулпардын элеси бар. Көл жээгине ор казып жатып
алгын. Кырк күндө бир келип суу ичет, жыт билсе суу ичпестен жолго түшөт. Акыры
сексенинчи күнү кайра келет. Сууну көп ичип карды жарылып энеси өлөр. Кулунун
кармап алсаң — ачылат сенин багың», — дейт.
Чочуп ойгонсо түш экен. Түшүм туура келсе экен, — деп, тилегимди берсе экен
деп, асмандагыны жерден самап, бүткөн өңдүү учкул канат, бата тилеп алакан жаят,
болжолуна жердин карап, Боз-Дөбөдөн жөнөп калат.
Тейитбектен төрөлгөн,
Темир найза өңөргөн.
Чоң атабыз Курманбек,
Чокту кармап өрт кечип,
Чоочун жоону кууган деп,
Бек Аккандын колунда,
Берен атам турган деп,
Кыргыз, кыпчак элине,
Кыйла кызмат кылган деп,
Сейитбектин баласы,
Серпилишин карачы!
Анжияндын Боз-Дөбө,
Алыс экен арасы
Аралап бара жатканы,
Анжиян, Арка талаасы.
Аса таяк колунда,
Азыгы бар жонунда.
Күмүш жүгөн колунда,
Күл азыгы жонунда
Аска жапкан асманы,
Ак кардуу тоо ашканы.
Тоо токойлуу Кан-Ачуу,
Толгон жолборс, арстаны.
Жалгыз аяк митеси,
Жалмап коё жаздады.
Жанындагы кестиги,
Жан жолдош ко тапканы?
Алды жакта узак жол,
Ашып өттү Макмалды.
Кошой жүргөн Кош Дөбө,
Коңур өлөң бош дөбө.
Чырпык сайган адам жок,
Чыккан талдан караан жок.
— Имерилип көп карап,
Ит үрөбү — деп карап,
Ичи күйүп болду чок.
Кейишке түшсө кыялы
Кейип адам турабы.
Кечмелиги кок жерден
Кесирленди эр Шырдак,
Кечүүгө Ала-Буганы.
Атырылып аккан суу
Арпа менен Ак-Сайдан.
Ак мөңгүсү эрисе
Албуулуттанат кай-кайдан.
Өжөрлүгү кармады,
Өрттөй көзү жайнады.
Өңү кочкул кап-кара,
Өзөн толуп таштарга.
Кара ылайга батканда,
Кан жыттанып жатканда.
Өйүзгө өттү эр Шырдак,
Адырды ашса аралап,
Аркары койдой жайылат,
Кубалашса кулжасы
Кумга буту сайылат.
Керегим деп Айдың-Көл
Кете берди арылап.
Шырдакбек далай жерди кесип жүрүп, акыры Айдың-Көлдүн күмүш булагына
жетет. Булак жээгине ор казып кырк күн жатат. Кыркынчы күнү боз чаар бээ келип
суу ичпей үркүп кетип калат. Себеби Шырдакбек шек алдырып коёт. Дагы кырк күн
күтөт. Сексен күнгө чейин аябай суусаган бээ келип сууну көп ичип, жарылып өлөт.
Боз кулун энесине каралап туруп, тарткан тузакка түшөт. Шырдакбекти сүйүнүч
басты. Кубанганынан көзүнөн куюлтту жашты. Боз кулун жашы жетип, далай
дубанды жарган боз жорго атанды. Калмактардын Шыгай каны Боз жоргого куштар
болуп, Шырдакбекке «достошолу» деп арачы салат. Бирок, Шырдакбек болбой коёт.
Боз жорго Шыгайдын күндүзү өңүнөн, уктаса түшүнөн кетпей коёт. Акыры — уурдап
кел, — деп Шыптыркул деген увазирин жиберет. Ал келип Шырдакбектин
ишенимине кирип 40 жигитке башчы болот.
Шырдакбектен башка минбеген Боз жоргону Шыптыркул чечип минип жатканда,
мунарадагы кароолчу көрүп калып, жигиттер кармап алат. Жигиттер өлтүрмөк
болот, бирок Шырдакбек өлтүртпөйт. «Шыгайкан уурдап кел деген», — деп чынын
айтат. Ошондо Шыптыркулдун кулагын кесип кунжуйтуп, мурдун кесип мултуйтуп,
куйкасын кесип ылжыйтып, — бар каныңа деп жөнөтүп иет. Ал Шыгайбайга келип
болгонун айтат. Анан мындайча акыл курашат: Шыптыркул — «Шырдакбектин 40
жигитинен башка колу жок. Каным чоң той бериңиз. Эгер жигиттеринен башка колу
жок болсо, Боз жоргосун олжолоп алып коёлу», — дейт. Үч айдан кийин алтын-зар,
аябаган мал баш байгесине саябыз деп алты хандын элине кабар бердирет.
Шырдакбек үч айга чейин боз жоргону таптайт, башкалар таанып койбосун деп алты
тору аргымак сойдуруп тери-кеп жасатып, жоргого каптайт. Айткан күнү Шыгайдын
тоюна келишет. Жеткен күнү конду, эртеси болду. Добулбас кагылып, керней-сурнай
тартылып баштады тойду. Жылдыздай каптаган тоону ойду. Эл жыйылып толду.
Шырдакбек өзү башкарып калды, жоргосун увазирине жетелетип койду.
Шыптыркул Боз жоргону издеп жүрөт. Ага кеп-тери каптатып адаштырып койгонун
кайдан билет.
Жарчы: Ээ, калайык, калайык,
Эми жарды салалык,
Алты хандан келүүчү,
Аттардан кабар алалык.
Тойду өзүм башкарам,
Топ милдетин аткарам.
Жолго чыксын калың журт,
Жорголорун таптаган.
Калк чакырып той берген,
Кан Шыгай Корум баласы.
Атайылап тапкан жер,
Ак-Сай, Арпа талаасы.
Миң кул, миң күң баш байге,
Малга жетпейт санаты.
Карк алтынын жыйнаган,
Кашкар, Камбыл калаасы.
Чак келбесе баш байге,
Чага турган адаты.
Кара бедөө жоргонун,
Колтукта бар канаты.
Жорголор чубатуудан өтөт. Тоодой тору жоргону тааныбай Шыптыркулдун
айтып турганы:
Көкүлүн көккө ыргыткан,
Туягын жерге мылгыткан.
Алчаң-алчаң басканда
Асманга чаңын бургуткан.
Кайырма: Бул кимдики тору жорго,
Түбү жайы жылкы эмес,
Желкайып деп болжолдо.
Булчуңу бука белиндей,
Басканы кырдын желиндей.
Үч кошкону башкача,
Үстү тоонун сеңирдей.
Коюлган жибек жалы бар,
Кулагында шамы бар.
Тоодон аттап өтчүдөй,
Тору жорго жаны бар
( кайырма )
Азуулары болоттой,
Алп жалмандын ороктой.
Чаткаягы чатынын,
Чаткалдагы колоттой.
(кайырма)
Куйрук-жалы жайылган,
Кунан кезде чагылган.
Тулпар болуп жүрбөсүн,
Туш тарапка таанылган?
(кайырма)
Көөдөнү көктү тиреген,
Көк Бозум куштай түлөгөн.
Батып калат деп турсаң,
Баткакты кумдай жиреген.
( кайырма )
Камбар Ата колдогон,
Кайып болуп жүрбөсүн.
Мараага жетпей көп жорго,
Майып болуп жүрбөсүн!
Кайырма: Азирети Шыгайкан,
Алтай калмак эл үчүн
Айып болуп жүрбөсүн?..
Мен Шыптыркул болгону,
Шыптыр атка конгону,
Көйкапка чейин кыдырып,
Көрбөгөм мындай жоргону?
Канча жорго чапсаң да
Калтырчудай болжолу
— дегенде Шыгайдын ачуусу келип, имере карап токтой калат. Тору жоргого
Шыгайдын көзү кадалып калат. Ичинен: ээ... чиркин ай. Меники болсо дейт.
Атаганат! Шыптыркул канынын оюн билет, кайра сөзгө кирет:
Алты кандын жоргосун,
Адаштырчу жол-жолго.
Аткан октой кетет го,
Аяндатпай болжолго.
Кайырма: Бул кимдики тор жорго,
Түбү жайы жылкы эмес,
Желкайып деп болжолдо.
Жети кандын жоргосун,
Жеткирбестей жол-жолдо.
Жетик тулпар көрүнөт,
Жебедей учкан ой-тоодо.
( кайырма )
— дегенде: калмак, кыргыздын чабышында Кенезек деген кыргыздын кызы 147 ге
чыгып, Кенезек кемпир аталып калган экен.
Акылы жетик кемпир Боз жоргого кеп-тери капталганын аярлап билип койгон.
Калмактар чубатууга Шырдакбектин увазири жетелеген Тору жоргого көңүл бурбай,
качан Боз жорго чыгат дешип акыйышат. Бирок кыйды Шыптыркул Тору жоргодон
көзү өтүп, ичи күйүп:
Тогуз кандын жоргосун,
Тоотпогон тор жорго.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Тарыхый Ырлар, Кошоктор Жана Окуялар - 15