Latin

Өскөн Өркөн - 17

Total number of words is 4141
Total number of unique words is 2030
29.9 of words are in the 2000 most common words
42.2 of words are in the 5000 most common words
47.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
милдеттин бири ушул райондордо аял маселеси, маданият, салт маселеси, үйичиндеги турмуш-тиричиликке маданият киргизүү жөнү деп жалпы аталган облуста,
республика борборунда чоң маани берип, көтөрүлгөн маселенин артында жүргөн жайы
бар. Элет жерде ал жөнүндө толук, анык түшүнүктөрдү алуу үчүн бир жагы
комсомолдор менен бир жагы асыресе мектеп жагдайын, окутуучулардан, окуучу жаш
комсомолдордон көп нерсени сураштырып билүү Асиянын адетине айланган эле.
Жакын жердеги орто мектеп Алтынсарин атындагы казак мектеби болгон соң Асия
ошондо эртели-кеч эки күндөй узак убакыттарын арнап көп жайларды угуп, тыңдап
чыккан. Ошондо Алтынсарин атындагы мектептин окуу бөлүмүн башкарган мугалима
Медина Муслимовна жана математика сабагын окутуучу онунчу класстын жетекчиси
Саида Шариповна сыяктуу орто жаштагы, мыкты билимдүү окутуучу аялдар менен
Асия көп сүйлөшкөн. Көп нерсени билген да, кийин өзү облуска, Алма-Атага ала кете
турган фактылардын, бир далайын ошолордун айтуусунан улам кагазга жазып алган.
Жогорку класстын балдары менен да Асия көп аңгемелешти. Тогузунчу, онунчу
класстын окуучу кыздары ушул колхоздун жаштары Зина, Сайра, Жамила — баары тең
комсомолдор. Ошолордой тогузунчу, онунчу класс окуучулары Анвар, Аман, Саду
сыяктуу эркек балдардан турган комсомолдор тобу менен кээде жекелеп, кээде
чогултуп-топтоп эки күндөй аңгемелешкен.
Кийинки бир жуманын ичинде ушул райондо, кала берсе ушу мектептин ичинде,
бардык жакынкы колхоздордо көпчүлүктүн көңүлүндө, оозунда жүргөн бир иш бар экен.
Ал ушундан бир жума мурун болуп өткөн Сагыттын соту жөнүндө.
Мектепке келүүдөн мурун Асия бир нече адамдардын оозунан ошол соттун өкүмүнө
нааразы болгон, сын айткан сөздөрдү угат. Кээде улгайган адамдар, кээде жаштар, бир
нече картаң колхозчулар баары тең Сагыт бир жаш жигиттин жазыксыз жакшы уланды
атайын өлтүргөн жырткыч жексур болуп турса да жеңил жаза алды. Соттун кесими
адилеттүү эмес. Өлгөн бала сот кызматкерлери ойлогондой мурунку эски феодалдык
көз карашты жактап, аял азаттыгына каршы аракет жасаган караңгы түшүнүктөгү картаң
туугандардын көзсүз куралы болгон эмес. Чынында Асия ушундай деп сүйлөгөн сөздү
да районго келе жатып аз уккан жок. Ал эми ал жөнүндө кийинки айткан кишилер да
соттун өкүмүн топтошуп алып сынга алуу менен болду. Нааразылык бирине бири
жакындыгы жок ар түрдүү адамдардын ооздорунан чыгууда.
Өлгөн баланын аты Арман деп айтылса да Асия ал Армандын мунун өзүнө маалым
Айсулуунун бир тууганы экенин да билбей келген. Тек мектепке келип Медина, Саида
сыяктуу жүздөрү да, мүнөздөрү да токтоо, салмактуу, адил, момун адамдардын оозунан
чыныгы болгон окуялар жөнүндө бир далай кептерди уккан. Асия бул окуяга кириптер
болгон адамдар бир кезде өзү Алма-Атада дем алуу үйүндө көргөн Нурбүбү менен
Айсулуу экенин эсине алган.
Айсулуу Асиянын өзүнө ошол күзгү көрүнүштө өтө жакшы таасир эткен жаштык
көркү, нуру али да көз алдында тургандай унутулган жок эле. Бул адамдардын жана
Алма-Атада Асия катуу сыйлаган дос агайы Жакеңдин жакындары экендиги дагы эсине
түштү. Эми ошол үй ичинин бардык кайгы-казиретин сырттай билүү үстүнө угуу гана
жеткиликсиз деп билип, мүмкүн болушунча сырттан да, жакындан да жана кийин ошол
күйүттүү казага учураган жандардын өзүнөн да толук угуп-каныгып, чыныгы болгон
абалга өзүнүн анык ишенимдүү, далилдүү түшүнүгүн ала кетмек болду. Мүмкүн анын
аржагында иштин жөнүн билүү менен Асия ушул ишке аралашып, али аякталып
бүтпөгөн талаш-тартышка катыша турган да болобу?! Анысын өз ичинде чечкен жок. Ал
түпкүлүгүндө көзү жетип турган адилетсиздиктин алдынан чыгып, кыянатчылык көргөн
алсыз тарап мунун адилеттүү, адал көмөгүн каалап, күрөшкө чакыра турган болсо Асия
андайдан баш тартамын, тайсалдаймын деп ойлобойт. Зилинде ал коркок эмес,
корунчаак, сактык ойлогуч да, кээ бир мансапкор аялдарча жалтак, майда, пас, эсепчил
эмес эле.
Армандын өлүмү жөнүндө өзү тарбиялаган жаштарга устат гана эмес, апа, эне
сыяктуу буурул чачтуу жайык жүздүү, салкын ойлуу, сарыгыч көздүү мугалима Медина
акыркы сөздү Асияны түшүнүп отуруп чечилип сүйлөдү.
— Арман ушул онунчуда окуп жүргөн балдардын ичиндеги бир мүнөздүү, китепти
көп окуган, ой чамасы жакшы өскөн эң алдыңкы катардагы сезимдүү бала, ары жакшы
комсомолецтин бири болучу. Ал казактын эски түшүнүгү боюнча эжемди күйөөгө өз
эрки менен барууга жибербеймин деп каршылаша турган бала эмес эле. Ал .түгүл
такыр андай эмес болучу. Жана Армандын өзү гана эмес, андан эки жыл мурун ушул
биздин мектепти бүтүргөн эжеси Айсулуу кыздын өзү кандай! Жок, жок... бул жаштар
анык биздин өзүбүздүн алаканыбызда бүткүл дити менен көрүнүп өскөн өзүбүздүн таза
жаштар. Мунун сөзүн коштогон Саида албырт катаал добуш менен ызалана аңгемеге
аралашты.
— Атүгүл ал балдардын энеси Нурбүбүнүн өзүн да эскичил, кызынын ыктыярына
каршы зордукчул ишке бара турган эне деп айтуунун өзү жалакорчулук. Биз биле-: биз,
ал үйдүн ичи торгойдун балапандарынын уясындай ушундай момун, ынтымактуу, ары
ысык уя болгон. Мен билемин, бир нерсени билемин, мунун өзү кыянатчылык, аларды
паанасыз деп кыянатчылык жасоо аракети гана болду. Ошол кыянатчыны сот актап
гана отурган жок, жактап да отурат.
Бул мугалимдерден бөлөк жерде Асия комсомолка Зина, Сайра менен, Жамила
менен да сүйлөшкөн эле. Алар өз үйлөрүндөгү жашы улуу адамдардын да соттун
өкүмүнө нааразы болуп отургандарын айтышты.
— Менин атам сотто болуптур, — деп баштаган Зина кабагын түйүп. — Ошондо
залга ошол жексур Сагыттын жакындары толтура болуп жыйналыптыр дейт.
— Ал гана эмес, — деп Сайра да өз укканын маалнм деди. — Ошонун баары
Сагытка эчтеке болбойт, көп болсо эми үч-төрт ай отурат да бошоп кайтып келет деп,
залда отуруп сот өкүмүн угуша элек жатып күбүрлөшүп отургандар да болуптур.
Жамила да Арман үчүн кайгырган күйүттүү жаштын бири экен. Ошонун баарын
көрүп отурган прокурор эмнеге аралашпайт. Асыресе райком, райкомдун секретары өзү
ишенимдүү чоң адам. Социалисттик Эмгектин Баатыры болуп туруп Мухит агай эмнеге
ушундай тескери, адилетсиз өкүмгө каршы чыкпайт. Мен түшүнбөймүн. Комсомолдор,
биз эмне кылып отурабыз! — дегенде Анвар, Аман, Саду үчөө тең катарынан
ызаланган жаштык нааразылык үндөрүн чыгарды.
«Арман үчүн күрөшүү керек. Жамила, сен туура айтасың. Соттун өкүмү тууралуу биз
ушу мектептин жаштары, Армандын жолдоштору райкомго да, райкомдун өзүнө да,
керек болсо делегация жиберүүбүз керек!» дел Анвар баштаган эле. Аман токтоо,
сабырдуу үн менен:
— Делегация эмес, менин оюмча биздин комсорг менен, мынабу Саду менен,
завучубуз Медина Муслимовна болуп бирге барып сүйлөшүүбүз керек.
Саду буга каршылык билдирген жок. Асияга билдире турган мектеп жаштарынын
ойлорун да, сунуштарын да Зина, Аман болуп баары тең жеткирди. Бир нерсени
кайталап айта берүү анын жаратылыштагы сөзгө сараң токтоо мүнөзүнө артык
сыяктанды. Ошондуктан ал бир гана кесип айтты.
— Мен макулмун. Медина Муслимовна туура көрсө мен сиздердин атыңыздардан
жанагы айткан өзүбүзгө маалим бүт жайларды, ойлорду аталган жерлерге алпарууга
даярмын!
Мына ушуну менен Асия Нурбүбүнүн үйүнө келгенде бул үйдүн кайгысы, казасы
жөнүндөгү айланадагы эл оозунда ушул кезде айтылып жүргөн сөздөрдү, ар көөдөндө
уюп жүргөн буларга муңдаш, анык адилеттүү совет коомунун ой-сезимин, сөз бүтүмүн
жеткиликтүү түрдө угуп, туюнуп келген эле.
Асияга оболу сот үстүндө болгон тескери сөз, жалган айла-амалдар тууралуу
жакшы түшүнүп билип алган Нурбүбү өзү айтты.
— Айсулууну ийменет, уялат, көпчүлүктүн алдында жооп берип көрбөгөн кыз неме
уяңдык кылат деген го куулар. Муну кат алган, көп кат алган деп бир сүйлөйт.
Шумдуктуу окуя болор күнү акыркы ирет дагы кат алган,
Тигил шумдун келерин билген деп туруп ошол жалган жалаага атүгүл мени да,
Айсулуунун өзүн да «ооба» дегизмек болгонун айтсаңызчы. Бирок Айсулуу айланайын
уялган жок. Өзү коргобосо өз башын адилет сөздү ким айтсын. Баламдан ошондой,
ошол күнкүдөй кайраттуу сөз чыгат деп күткөн жок элем. Туура кести да айтып берди.
Жийиркенген элем, анын катын ачып көрүүгө колум кирдечүдөй болуп, бүткөн боюм
ичиркене турган. Ошондой ыпластуудай көргөн себептүү андан келген каттарды
алчумун да тытып-тытып ыргытып жиберчүмүн, деп туруп бетке ургандай жарып союп
айтып бергенде, бүгүн мына чынымды айтайын атасынын да, кечеги каза болгон бир
боору Армандын да жоктоочусу бар экен дедим. Намысына кубандым, жаным өскөндөй
болуп калды, — деп ыйлап отуруп, ушу сөздөрүн үзүп-үзүп токтой-токтой сүйлөп,
Нурбүбү болгондун баарын айтып чыкты.
Асия Айсулууга мындай сын үстүндө ошондой өз ичинен кубат тапканын жакшылык
деп баалады. Бирок Айсулуу муңдуу болуп отурду. Бир далай убакыт үнсүз отуруп
калды. Бир убакта Асияга узун кирпиктүү, сулуу сургулт көзүн өйдөлөтүп баёо карап,
өзөк жаргандай кылып бир чынын айткысы келди.
— Мен эрдик, батылдык кайрат издейин деп жүргөнүм жок. Тек Арман үчүн
колумдан келгенди, тилим менен дилим жеткенди кылайын да, атүгүл өлөйүн деп да
ойлой берем. Дүнүйөдөн, тириликтен биз жапа көрдүк, Асия эже. Жүрөгүм жетимсиреп,
ичим да өлүп калгандаймын. Тек бир Армандын алдындагы акыркы парзымды аткарып,
ушул өмүрдөн, жашоодон кетсем деймин, — деди да жоолугун башынан жулуп алып
көзүнө басып өңгүрөп ыйлап жиберди.
Асия аны бооруна кысып башынан сыйпалап, өзү да оттой буркурап алай-дүлөй
болуп калган эле. Калың эрини дирилдеп, ыйлаган оозунан бир-эки алтын тиштери
ачылды. Ал оболу үнсүз абалда Айсулууну кучактап кысып отурду да акырын боюн
жыйып мээлүүн сүйлөдү.
— Ал ойлогонуң тескери. Аның өтө тескери... Айтпа сен андайды. Сен бекенсиң
турмушка керексиз жан? Эч бир адам баласына жазыгы жок ушунчалык жаны да, жүзү
да, дени да, бүткүл өмүрү да аппак таза сендей жаш өмүргө керексиз адам болот
бекен!.. Сендейлерди керексиз кылса, турмуштун өзү эмнеге турат, жана анын баасы
канча?
Асия ичинен Айсулуунун сулуулугуна бир түрлүү тамшана турган. Ушул үйгө
келгени кайгы үстүндө мурункудан да агарып, бүткүл жарашыктуу көркү жүдөө тарткан
абалынын үстүндө өзгөчө алкоо менен карап отурган. Өзү жаратылышында эстет жана
борбордогу көп музей-галереяда дүнүйө жүзүнүн бүткүл чеберлери салган жаш сулуу
кыздардын сүрөттөрүн эсине ала берчү. Айсулууну көргөндө Рафаэлби, Рембрантпы,
Микельанджелобу, же индия фрескаларынын сулууларыбы, же япониянын фарфордон
жасаган сулуу кыз элеси — асем статуэткабы, ошондой эле албан түрлүү сүрөт
өнөрүнөн, скульптура өнөрүнөн алда нече портреттер, мадонналар, олуя аялдардын
жүздөрү көз алдына келе берчү. Деги аялдын сулуулугун, көркөм асемдигин, назик
таасирдүү жарашыктуулугун аял баалап тамшанганда, курсант болгондо көп
китептерде жазылбай турган өтө ыйык, назик бир байкоолор байырлайт.
Асиядай көп окуган жана искусство жагын өз алдынча көп салмактап зерттеген
купуя терең, өз ичинде ойлуу, адил, ашкере таза сынчыл сейрек касиети бар эже
калыбындагы аял жаш назик Айсулууну жазылбаган романдын мурун сүрөттөлүп
көрбөгөн ажайып ысык жарашыктуу жаш каарман аялын окуп билгендей туюнган эле.
Бул сезимдердин үстүнө Асия азамат-гражданин, ал партиянын, ан-сезимдүү чоң
чөйрөнүн жооптуу өкүлү. Мунун азыркы Айсулууга арналган камкордук, достук
сезиминде партия менен өкмөттүн алдында жазыксыз жаш уланды жазалуу
жырткычтан коргонуу өзүнө карыз деп түшүнгөн сезим да бар. Ал ушул күндө, ушундай
заманда Айсулуудай жаш, советтин кызы, социалисттик үй-бүлөнүн аппак канат
көгүчкөнүндөй жазыксыз сулуусу, азаттык сулуусу ушундай кайгыдан жапа чегет
дегенге өзүнүн, партия коомчулугу атынан, азаттык алган советтик аялдардын атынан
бардык адамгерчилик санаа-сезими менен, кайраткер гражданиндин санаа-сезими
менен ызаланат, чыйрыгып туруп намыстана ачууланат. Ошол сезимге саамыктаган
бир чагында Айсулууга кыска гана, көңүлгө токторлук гана бир сөз айтты.
— Сен окугансың. Сен советтик жаштардансың!.. Сен Арманды, Арманды ойлоп
күйүткө батканың чын болсо, ошол Арман үчүн жана мынабу жаныңда отурган
касиеттүү энең үчүн жанагыдай сөздү — жашык көңүлдүн жашып бошогон сөзүн айтууга
эч бир укугуң жок! — деген сөздү Асия зилдүү сөз менен айтты. Ошону менен
Айсулуунун көзүндөгү жашты кургата да билди. Жана Айсулууга:
— Китеп оку, үзбөй китеп оку. Быйыл энеңдин жанынан чыгалбайт экенсиң ошол
мезгилде өз алдыңча окуу менен издене бер! Өсөсүң жана үйдөн чыкпай, картаң
адамча, оору жана бүктүшүп, жашып ыйлап отура бербе, ал сага уят!.. Мынабу энеңди
антип ойлогонуң сүйөмөлөө эмес, жүдөтө берүү, картайта берүү. Анын ар жагында муну
да өлүмгө карай жакындата берүү да бар эмеспи, мунуңду койгун. Сенин жайыңды
ушул айланадагы комсомол жаштарынын баары жакшы билет. Мен көп адам менен
сүйлөштүм. Айлана журттун баары чоңу болсун, кичинеси болсун — бүткүл мектеп
түгөлү менен ушул отурган экөөнүн досуң. Үйгө тыгылба! Эми үйдөн чыгып, жаштардын
жыйынына барып, мектеп китепканасынан китеп алып жүргүн. Ал эми эки мугалимиң —
Медина Муслимовна, Санда Шараповна сенин жайыңды жана Армандын жөн-жайын
ушул мынабу отурган энеңдей сүйлөйт да убайым чегет. Ошолорго барып жүр. Мунуң
эмне бул? Кара туткан күйүткө батканың туура, бирок ал көңүлдө, ичте болсун. Сен али
жашсың. Жаш өмүрүң сенден жаштын тирилигин талап кылат Оку жана былтыркы
ниетиң боюнча жогорку окууга ушул күздөн калбай бар да кир! — деди. Бүгүн ушул
үйдөн Нурбүбүнүн колунан чай ичип, тамак ичкен кездерде Асиянын бир нече кайрып
Нурбүбүгө да, Айсулуу жөнүндө акыл кылып айтканы ушундай ойлор, кеңештер болучу.
Өзү Алтынсайга барып келип жүргөн кездеринде бул үйдүн ичине айтпай Асия
соттун иши менен да бир аз байланышып көрдү. Оболу прокурор менен сүйлөшкөн эле.
Чыгараар өкүмүн чыгарып, мына дагы бардык ишин бүтүрүп алган прокурор Саматов
бул иштин жайы жөнүндө Асия менен сүйлөшкүсү келбеди.
— Иш ушул кезде чечилип бүттү. Тергөө органдары менен сот органдары законго
таянып отуруп, өздөрү билген жагдайда өтө адилеттүү чечимге келишти. Эмки
инстанция — областтык сот. Алыстан келген адамсыз. Расмий жагын айтсак, сиздин
келген командировкаңызга бул иштин байланышы жок! — деген жайды да сездирди. —
Жана атүстү көчөдөн уккан ар түрлүү апыртма сөздөр боюнча эмнени аныктап, эмнени
баамдамаксыз? Партия менен өкмөт ишенген сот менен прокуратура органдары өз
иштери жөнүндө жооптуулукту өзгө адамдарсыз да билет! — деп да койду.
Асиянын сөзүндө «адилет», «ар-намыс» деген, «совет үй-бүлөсүнө камкордук»
деген сыяктуу жайлар айтылган эле, Ага да чоң башын, калжайткан, семиз, бети толук,
саал канталаган чоң сургулт көзү бар Саматов таңдана түшкөндөй болду. Асиянын
жүзүнө үлүрөйө карап, акырын бырс этип, астыртан мыскылдап күлдү да, жүзүн кайта
суутту.
— Сиз оозго алган ар-намыс, адилеттик, алсызга камкордук деген жайлардын
баары совет законунун мазмуну, жаны. Сиз бизге өзүбүздүн элге бере турган
сабагыбызды кайта окутууга келгениңиз, сыпайылап айтканда, нескромный болор! —
деп да кыр көрсөтүп, далысын салды.
Асия ар тараптан бул адамды көрүп ичтен тынып чыкты. Көз айнек астынан караган
кичирээк өткүр, туңгуюк кара көздөрү прокурордун аксым, текебер, менменсинген
калыбын толук баамдады. Бул жерден эчтеке өнбөй турганын да билди. Чала коштошту
да кетип калды. Прокурор менен кыска сүйлөшкөн, атүгүл ички оюн тарткысы келбеген
Асия райкомдун секретары Мухит менен сүйлөшкөндө такыр башка мүнөз менен келген
эле. Мында ал райкомдун ушул өкүм жөнүндө айланадагы колхозчулар менен жаштар
коомчулугу эмне деп жүргөнүн уккан чыгар, билген чыгар деген. Өзү мектептерде
комсомол кыздар менен уландардын ортосунда болуп чоң адил ойлуу мугалимдерден
көп нерселерди укканын бир айтып өттү. Асыресе, соттун расмий тергөөсү,
заседаниеси, талкуусу, жыйыны сырттай түптөлгөн калың томдуу делого нечен түрдүү
акт, протокол, сурак, тергөө, өкүм аттары менен аталып куралган кагаздагы делонун
жолдору бар экени бир бөлөк. Андан башка турмуш чындыгы, жүрөк ичиндеги талаштартыш, адамгерчилик менен айбандыктын күрөшү, жаш жандын адилеттүү
каршылыгы, ачуу жийиркенүүсү, эч бир кагазга түшпөй турган чындыктардын да бар
экенин атап өткөн эле.
Милиция, прокуратуранын так далилдери өз алдынча доосуз, күмөнсүз абалда
болгон иштердин издери эсебинде тизилип турган чыгар. Бирок ушундай иштер
жөнүндө тек гана прокурордун, же жалгыз гана судьянын өздөрүн гана көрүп,
айланадагы адамдарды, ал адамдардын ичиндеги кылмыштуунун жакыны, тиреги,
толуп жаткан мыкты, салмактуу, астыртадан купуялап издөөлөрү болууга мүмкүн
экенин эскербөөгө болобу?! Прокуратура эскербесе да элдин көз алдында партия
менен өкмөт органдарынын бүткүл элди түрчүктүрүп, шумпайлыгы менен чочутуп
жасалып отурган жексурлук иш райкомдун секретарларын, райисполкомдун
башчыларын кеңирээк ойлондурса болбос беле. Тескери, артык болор беле? Сиздер
тек гана прокурор менен сүйлөшүү менен тукулжурап отуруп калбай айланага кеңирээк
көз салуу, көбүрөөк байкоо жүргүзүү, элдин үнүн көбүрөөк тындай түшүү дурус болбос
беле? — деген сыяктуу сөздөрдү Асия Мухитке ашыкпай отуруп, өзүнө бүткөн
алгырлык, жигердүүлүк менен жүзүнө мээлүүн да, түрчүккөн да ажар чыгара отуруп
сүйлөгөн эле. Ал Айсулуу менен Нурбүбүнүн үйүндө болуп көп нерсени жалакор эмес,
шумпайлык деген түк жок, тек өкүнгөн, күйүткө баткан гана жандардын оозунан өз
кулагы менен көп угуп-билгенин атайы Мухитке дааналап туруп, кадалып туруп, аны
бир аз уялткандай: сиздин да билүүңүз керек эле, — деп да койду. Ошону менен катар,
жашырган жок, прокурор Саматовдо болгонун, анын сөзүнө өзүнүн нааразы болуп
чыкканын да айткан.
Ошондо бир кезде прокурор менен кенен-кесири сүйлөшкөн Көлбаев Мухит Асияга
чолок мүнөз көрсөттү. Бул өзү герой, быйылкы жылкы пахтанын планын жакшы
бүтүргөн. Мал чарбасын да, эт, сүт, жүн дегендерди Ленин району толук, декабрь ичине
созуп келсе да, аткарып чыккан эле. Облус түгүл борбордон келген болсо Асияга да
жанагыдай, бир далай сын пикирлерди терип келген кишиге ал алгачкы оюна келген
сезиминен ашып, таразалап жооп айткысы келбеди. Мунун алгачкы ою Асия партия,
совет кызматкери болгону менен, экинчи жагынан аял кызматкер. Албетте, ал жапа
чеккен, ыйлап-зарлаган аял Нурбүбү, жаш кыз Айсулууну жана өзү айтып отурган
мугалими Мединаны, Саиданы жана комсомолка кыздарды бүткүл эркектерден
артыгыраак, ишенимдүүрөөк көрдү. Ал Асиянын азырынча өзү да туюнбай отурганы
психологиялык табигый закондуу нерсе. Ошолорчо мүсүркөө, укпай туруп туюнбай
туруп ошолордун көрсөтмөсү менен кээ бир алардын сырттан туруп айткан калпыс
өкүмү боюнча күнөөлөй сыноо баары Мухит үчүн түшүнүктүү да, көптөн бери тааныш
да. Ушундайча боло турган бир жактуулук аялдар чөйрөсүнүн өрөпкөгөнү сыяктуу
болуп туюлду.
Дал ушул ойдон башка жайды өзү иш арасында отуруп, толук баамдаган жана
баамдоо, байкоо жүргүзүү керек деп ойлобогон Мухит аңгемени созбой келтесинен
кесип айтты.
— Партия менен өкмөт бизге мындан чоң маселени да ишенип тапшырат. Сиз
районго биринчи ирет жалгыз гана келип алып, өз алдыңызча тергөө ишине
кийлигишесиз. Кээ бир аялдардан уккан калпыс, бир жактуу сөздөрдү райкомго
далилсиз, фактыларсыз алып келесиз. Закон органдарын жана райондун ишенимдүү,
жооптуу, өздөрү элди жакшы билген, тажрыйбалуу партия кызматкерлерин келбей
жатып эле сынап сүйлөйсүз. Адилеттикти айтасыз, ушул өзүңүздүн ушундай тергөөңүз
адилетпи? Мунуңуз эмне деген кеп?! — деп Асияга кайта суроо берип, жөн-жайды
түшүндүрүп, жооп берүүнүн ордуна кайра каршы дооматтарды айтты, атүгүл
күнөөлөрдү да коюп, айыптады.
Асия мындай жайлар жөнүндө Мухит сыяктуу жооптуу кызматкерлер менен сан ирет
кездешип көргөн, тажрыйбасы бар болучу. Жана жаратылышында өзүнө бүткөн
адамды тааныгыч, эстүүлүк, парасаттуулук жөндөмү боюнча мындай сүйлөгөн киши
менен салгылашуудан пайда жок. Ошону баамдады да сөздү Мухит күтпөгөн жерден
токтото койду. Асия, бир гана сөз айтты.
— Дал ушул жумуш оңой экен, оңойлук менен тынат экен деп ойлобоңуз, жолдош
Мухит. Прокурорго да, СМУга да партиянын адилет күчү жетет чыгар! — деди да, дагы
сүйлөшкүсү келген Мухитке ордунан туруп кол берип, унчукпай коштошуп чыгып кетти.
Ушул сапардан Баскент шаарына келген кезинде Асия Алма-Атадагы Жакең менен
телефон аркылуу сүйлөшкөн эле. Ал Айсулуунун катын алып өтө катуу нааразылыкка,
ызага батып жүргөн экен. Асия бардык жайды өз көзү менен көрүп билип келгенин
айтты да:
— Мен бул жайды жөн калтыргым келбейт. Обкомго да билдирмекмин! — деген эле.
Жакең мунун чечимине ыраазы болду да:
— Баса, мен сизден ошондой ойго келерсиз деп күткөн элем. Ал эми мен өзүм
Баскентке барсамбы деп турамын. Картайган чагымда мен да арызданып адилеттикти
куумакка, издемекке бекинип турамын, кандай дейсиз? Ушул ишке менин жардамым
тиер беле?! — деп өз бүтүмүн Асиянын ыкласына оодарып сүйлөдү.
Асия ошол кезде былтыр күздөгү Жакен менен Карповдун өзү менен тааныштыгын
эске алып:
— Жаке, менин да ал жерге барып, ошол окуя жөнүндөгү жайларды толук айтып
билдирмек болгон адамым жолдош Карпов. Сиз аны менен өзүңүз да тааныш элеңиз
го. Мен келүүңүздү туура деп кеңеш беремин, — деп туруп, Жакең да ошол саамда
Карповду эсине алган болуу керек. Жетет, болду, Асия Алимовна. Мага баары
түшүнүктүү. Эми мен эртең Москва поезди менен Баскентке жөнөймүн! — деди. Ошону
менен кийинки күндөрдө Баскентте Жакең да, Асия да жолугушкан.
Соттун артынан Таңат менен бирге макулдашкан сөз боюнча ал Баскентке келген.
Айсулуу, Нурбүбү обкомго бар, облустагы партия жетекчилигине арызыңарды айткыла,
өтүнүчүбүздү жеткизгиле деген сөздөр боюнча өз беттеринче бир нече күндөн бери
Баскентте жүрүшөт. Бүгүн ал обкомдун секретары Алмазбек Жайлообековго кирмекчи
болуп келген. Чоң үйлөрү кең, асфальтталган, гүлдөгөн бийик бак-дарактары көп,
көлөкөлүү салкыны жанга жагымдуу, арыктары таза, сулуу Совет көчөсү менен ар бир
чоң үйгө карай коюп акырын байкап жүргөн Таңат обкомунун эки кабат үйүнө келген.
Бул үйдүн турган жайы өзгөчө. Бул көчөдөгү чоң үйлөрдөн саал ичке жакын салынган.
Алды жеңил машиналар келип токтоого, жүргүнчүлөрүн тосуп алып турууга оңтойлуу
болуп жайгашкан.
Чоң көчөдөгү өзгө бийик, көрүнүктүү таш үйлөрдөн , үлгүсү, архитектурасы да
асемдүүрөөк, сыпайыраак жасалган обкомдун мекемеси Таңаттын көңүлүнө обкомго эң
ылайык үй сыяктанган. Көчө боюнда отургузган дарак аттуулар гүлдөгөн кез. Мында
өрүк гүлдөр, алманын ак гүлдөрү, алмуруттун бийик дарактуу этегинен жогорку кең
бутактарына чейин түгөл тарап жаткан майда ак гүлдөрү менен түштүктүн шаарын
бүгүнкү апрелдин токумдай булутсуз ачык күнүндө жаштык нурга бөлөйт.
Агылып зымырап бараткан машинелер да аз эмес. Бензин, мазут жыттары менен
катар жанагы гүлдөгөн дарактар, төмөндөгү газондор тоолуу гүлдөрдүн нечен түрлүү
жибек талындай үзүлүп-созулган, билинер-билинбес толкуп обологон жыт-жыбырлары
кыштактан келген Таңат, тын таңыркап сезген үздүксүз жайлары эле.
Шылдырап аккан тап-таза арык суусу да аны кызыктырып, кубандырды, райондо,
элет жеринде арык суусу кыштактын ичинде, үйдүн жанында аз болот. Болсо да
ылайлуу, арыгы кыйшык, тар, көбүнчө какшып кургак бойдон жатат. Жана асыресе
Таңат келген түштүктө көчөлөрдөгү топурак, чаң калың болгондуктан арык суусунда
анык таза тунуктук да боло албайт.
Таңат Баскент шаарына, ушул жайларды эске алган сайын айланага ачык көңүл
менен кызыга карайт. Кеңсе адамдары Таңаттай эрте турбайт. Бул өзү түшкөн үйдүн
адамдарынан да алда кайда эрте ойгонуп, короонун ичине чыгып, көлөкөлүү жерде
шаардын нечен түрлүү үнүн тыңшап, таң эртеңки кыбыр-сыбырларын ичинен токтоо
гана байкап отура берет.
Азыр Совет көчөсү менен обкомдун үйүнө карай келе жатканда да ал ар жерлерде
дарактардын түбүнө токтоп, көчөгө, үйлөргө, агылып басып жүргөн жөө кишилер менен
машинелерге көз салып көп убакытка туруп калып илгери карай жылган.
Буга обкомдун үйүн өзү келген күндүн эртесинде өзү түшкөн үйдүн ээси картаң аял
ээрчитип келип көрсөткөн эле. Обкомдун ичине кирип, кире бериш жерде турган
милиционерге өзүнүн келген жайын айтып, обкомдун секретары Жайлообековго атайын
райондон диттеп келгенин ушундан эки күн мурун айтып чыккан. Бирок Жайлообеков
бир районго кетип, али да кайтпай обкомдо болбой жүрдү. Бүгүн ошонун кызматка
чыгат деген күнү болгон соң күндөгү адети боюнча элден өзгөчөлөнүп, кеңселердин
кызмат саатынан алда кайда мурун туруп алган Таңат Баскент борбордук көчөлөрү
менен жанагы айткандай өтө жай жүрүп, ашыкпай баёо басып келип, обкомдун
парадный эшигинен эми келип кирген.
Тааныш милиционер бул жолу аны токтотпой жогоруга карай чыга турган кең, бийик
баскычты көрсөттү. Мындан эки күн мурун ушунда обком кеңсесинде кеңирээк бөлмөдө
экинчи кабатта отурган үч аял кызматкерди көргөн. Ошонун бирөө казак аялы. Узун
кара чачын желкесине түйгөн, жукасынан келген акчыл жүздүү, бетинин саал кызгылт
күрөңү бар, өткүр кичирээк көздүү Шалкарова деген аял эле. Ага Таңат обкомунун
секретарына, жолдош Жайлообековго жекече жумуш менен кирип оозмо-ооз айта
турган арызым бар деп мурун да билдирген. Шалкарова ушул Таңат сыяктуу колхоздон,
райондон келе турган эркек-аялдардын карыя адамдарына, асыресе айыл-кыштак
адамдарына дайыма чоң ыклас менен мамиле кылчу. Колунан келгенче бардык жайды
түшүндүрүп, баары жөнүндө жардам берип туруудан талыкчу эмес. Ушул милдетинен
дайыма танып көргөн эмес. Шалкарованын алдынан өтүп келген арыз, кат, же болбосо
ушул Таңат сыяктуу изденген эмгекчилердин иштери секретардын кайсынысына болсо
да олуттуу салмагы менен өз убагында жеткирилчү.
Таңаттан Шалкарова иштин жайын мурун да сураштырган эле. Бирок Таңат ага
ачылып сүйлөгөн жок, кайта жумушун анчалык тактабай, тартынчыктап, көмүскөлөп
туюк кылып айткан.
Айылдан келген карыя изденүүчү болгон сырымды буга айтып койсом жарабас. Өзү
аралашкан болуп ишим ары барбай калар. Баарын билип алса кармап калабы! Алыс
жактан келген соң эмнеси болсо да диттеп келген башчы адам — обкомдун секретары,
райондон да, бул жерден да кеңешчилер атап берген Жайлообековдун өзүн көрөмүн.
Өзүнөн мурун бирөөлөргө анча асылып, чечилип сүйлөбөйүн деп Шалкарова бир нече
ирет сураса да иши жөнүндө туюкталып чечилбей койгон.
Азыр ал чоң бөлмөнүн сол жак бурчуна такай турган Шалкарованын столуна
жакындай бергенде жаш аял муну менен ордунан туруп амандашып, орундук апкелип
жанына отургузду.
— Азыр жолдош Жайлообеков келет. Сиз кирип сүйлөшөсүз. Бирок менден оболу
сиз тууралуу «ким экен, эмне жумуш менен келген экен?» деп сурайтко. Ошону айтуу
үчүн сиз мага оюңуздун баарын айтпасаңыз да (аны секретардын өзүнө айтарсыз),
бирок тек гана эмне жумуш менен келгениңизди айтканыңыз жөндүү болор эле, агай, —
деп жылуу сүйлөп келип, Таңаттын алгач учурашуудагы муну тоготпогондой, ишин
жашырган мүнөздө саал кечирген кыязда күлүмсүрөп, баарын байкап отуруп, Таңат
чалдын жүзүнө «эми кантээр экен» дегендей сынай карады.
Таңат али да көптү көргөн, картаң көңүлү менен таразалап, өзүнүн шекчил эсебинен
жаңыла койгон жок. Күлүмсүрөй караган Шалкарованын жүзүнө ал дагы өзүнүн
кичинекей чекир көзү менен күлүңдөй карады. Ичинен: «сен билген менен колуңдан
эмне келет, стол башында отурганың менен аялсың го» — дегендей эски
ишенимсиздиги да, күмөн саноосу да аралашып кетип отурду. Бирок жооп күткөн
Шалкарова мунун өзүнө жагып да турат. Бир кишини эриксизден ишенимдүү көрүп
алган жылуу жакындык Таңат көп кездештире бербеген жагымдуу туурачылдык бар
сыяктуу. Күлгөн көзү жумулуп, ал түгүл кылырая карап, эң оболу Шалкаровадан өтүнүп
алды:
Өзүң айтор киришесиң го. Түсү ийгиден түңүлбө деп, алдабайсың го деп отурамын.
Киргизе турган болсоң айтам. Алдабаймын дечи өзүң элде мурун, — деп күлүп койду.
Шалкарова башын өйдө-төмөн ийкеп, бети дуу этип кызарып күлдү да:
— Алдабаймын, ата, убада берейин, айта бер! — деди.
— Эмесе, — деп Таңат жүзүн мээлүүндөтүп, мостоюп, — менин келип отурганым
киши өлүмүнүн жайы. Азамат болуп калган инимди, онунчу класста окуп жүргөн
комсомол инимди бир душман өлтүрүп кетти. Ошондо райондо жактоочу, коргоочулары
көп болуп, жазадан куткарып жатышат. Инимдин атасы өзүмдүн тууганым болчу. Ал
кечеги Ата Мекен согушунда майданда каза болгон эр эле. Ошол согушка кеткенде
эмчекте калган бала, жалгыз эркек баласы — Арман эле, мына ошону өлтүрүп кетти.
Райондон адилетчилик таппады, өлгөн баланын энеси менен жалгыз эжеси, бойго
жеткен кыз кайгыдан саргайып, алар да өлүм чегине жетти. Мени атайы жиберишти,
обкомго бар, адилеттик изде дешти. Ошону менен кйлдим. Кана эми көрсөтчү
Жайлообековду. Жеттиби ушул айтканым! — деген эле.
— Эмесе Жайлообековду азыр көрөсүз. Бир аз гана күтө туруңуз. Ал киши жаңы
келди. Мен кирип сиздин жөнүңүздү айтып, туюндуруп чыгайын. Ал кишинин убактысы
аз болсо да сизди кабыл алат деп билемин, — деди да, обкомдун секретарына карай
кирип кетти.
Жайлообековго сүйлөшкөндө Таңат эң алгачкы сөзүн: — Ушул дүйнөдө адилеттик
деген барбы, жокпу? Мен ошону издеген кишимин. Жок болсо «ал болбойт» деп айт да,
үйүңө кайт де, мен кайтам да кетем — деп сөзүн баштаган болучу. Таңаттын
таңгалганы Жайлообеков бул ишти мурун билип алган сыяктуу. Жана Шалкарова
ушунда киргенде бир далай буйдалып чыккан эле, же ошол жеткизип айтты бекен?
Жайлообеков андан да укса керек, бирок ошонун аржагында да ушул иштин жай-
жапсарын уккан киши сыяктуу. Бул да жылуу жүздүү, жаш, ажарлуу болгону менен
бырыш кире элек, аксур жайык жүзүндө кишиге айтканына ынандыра турган бир
жугумдуулук бар экен. Алагай өткүр көздөрү Таңатка аздан соң жылын карады.
— Адилеттик издеп келгениңдин жөнү бар экен, карыя! Алдын ала айтайын: бул
жерден, обкомдон ошол адилетчиликти табасыз. Оболу ушуга макулдашалы. Сөздү
ушунчалык чоң жерден баштадыңыз го, ошондой эмеспи? — деп бүткүл пешенесин
жылмайтып күлүп алды.
— Чынында сөзүмдүн башы ошол экени ырас. Ал чындык, акыйкаттык болот деген
ырайымдуу сөзүң көңүлүмдү ыраазы кылды. Болбосо мен адилеттик такыр табылбай
турган болуп далай белден ары ашып кеткенби деген элем. — Жайлообеков чалдын
эстүү, сынчы оюнун жүйөлүү сөз менен сыпайы айтылып отурганына ичтен кубанды да,
дагы да күлүп койду.
— Аксакал, ушу сиз көп түңүлгөн сыягыңыз бар, Ошончолук көп жерде болдуңузбу?
Кимдерден адилет таппай келдим деп отурасыз? Аны да айта кетсеңиз кандай болот?
Албетте, адилетчиликти таппаганымды айтайын. Быякка келгенде ошону айтпасам,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 18
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.