Latin

Өскөн Өркөн - 02

Total number of words is 4095
Total number of unique words is 2019
28.4 of words are in the 2000 most common words
40.0 of words are in the 5000 most common words
46.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
улуу адамдардын, улуу өнөр эстеликтеринин түспөлү болуп элестебес беле, дейм?
Кандай дейсиздер? — деп суроолуу токтоп калды.
Жандос Карповдун салыштыруусун көңүлдөнө угуп:
— Ырас, окуялар менен адамдар десек... анда далай нерсени ойго сала турган
көрүнүштөр бар дээр элек алдыбызда.
Карпов ага саал баш ийкеди да, өз ойлорун эми кеңейте айта түштү.
— Тоонун баары сулуу эмес, бийиктин баары бирдей бийик да, көрөсөндүү да эмес.
Көрүп жүрөсүзбү, кээ бир тоолордун түсү кара кочкул тартып, кылда башы кыйшык
келет. Жарташтары болсо бодурланып, өзүнчө кыңыр-кыйшык бүткөн туташ чокулар,
тектирлери да бар.
Карпов саал жылмайды да: «Алар тарых кааласа, каалабаса да, көп адамдар
сүйбөсө да, ошол тарыхта өз аттарын эрксиз калтырган албан, айталык Аттила, Нерон,
айрым Людовиктер, кээ бир Романовдор, кайсы бир Гогенцоллерндер болууга мүмкүн.
Ал эми кээ бир калың түктүү жотолор, өзүнчө бийиктер бар. Башынан этегине чейин
карагай баскан. Алар өлкөгө ийгилик, ырыс берип турган. Тоолорго кар тосуп берип, суу
берип, ар түркүн түс берип турган карагай. Булар тээ илгерки замандардан бери ушул
биздин бүгүнкү күнүбүзгө чейинки үзүлбөс урпактарга түгөнбөс берекесин берип турган
улуу, жандар» — деди.
Бул саамда Карповдун оюн Асия да коштоду:
— Андай болсо тигил алыскы аппак кардуу чокулар кыялдай узакка ойдолоп барып
орногон алда кандай илиадалар сыяктанат. Алар менен салыштырганда берки тоолор
да кызык. Өрүктүү, алмалуу, жапайы жемиштүү жалпак тоолор. Андан берки көк
майсандуу жапызыраак кыркалар, дөң-белестер болуп бери карай тепкичтенип түшө
берет. Алар — бүгүн менен кечеги замандардын окуялары менен адамдары,
мураскерлери. Али да бийиктебеген өзүнүн законуна түшүп, азырынча калыпка түшүп
болбогон болмуштар эле.
Үч жолоочу азыр алдыдагы тоолорго өзгөчө бир көз караш менен, жаңыча таануу
менен жолуккандай болуп келет. Карпов адамдарды айтса эле алыскы тарыхтагы
Индиянын Ашокасы, Египеттин Тутанхамону, кытай тарыхынан Тан, Сун династиялары,
болбосо Александр Македонский бар деп сөз кыла бергенде, Жандос:
— Темир, атүгүл Леонид Фермопильскийди алсак, бу тарыхта жакшылар да бар,
жамандар да бар. Ал тоо башындагы жанагы Нил Петрович айткандай кээ бир
жарташтардын, айрым чокулардын кыйкайып, бүкчүйүп, же болбосо суук катмар болуп
түйүлүп туруп калгандарында, ырас, нечен түрлүү жырткычтык, катаалдыктын
жыйынтыгы болгон Аттила, Чынгызхан, Нерондор бар экени шексиз.
Андай десеңиз кээ бир чокусунда чочойгон сейрек таштар алда кандай бир
санаасыз грек Геростратты эске түшүрөт. Катарындагы эле кыйкайган зом таштар ар
түрдүү дельфинский Оракулдердин пифияларына да окшоп кетет — деди Асия күлүп.
Булар туташкан тоолорго карап, эң бийик чокулардын катарлары, катмарлары,
алтын өлкөдөй жаркыраган сары ааламга оошун кетет. Ошондо Карповдун көзүнө
андан берки коңур көлөкө баскан тоолор өлкөсү коргошундай болуп кетет. Улуу тоо
мындайда алтынды, коргошундуу темгил-ала көрүнүштү эске түшүрөт.
Жолоочулар ушундай ойлор менен бир далай жүргөн соң тоого жакындай келишти.
Улам кеч кирген сайын, саат сайын тоо иреңи ажайып кубулуп, өзгөрүп бараткан экен.
Түр-түспөлү жомоктогудай тездик менен оошо берет.
Карпов эмки көрүнүштү өзгөчө кызыктуу карап турду да жолдошторуна машинени
бир аз токтотуп, тоонун мынабу түсү өзгөргөн чактарын жерге түшүп карап көрүү
жөнүндө айтты. Жолдоштору макул көрдү да, машине токтоп, үч жолоочу бирдей жай
жасып өз-өз ойлору менен тоо иреңине үнсүз көз кадады. Жазгы Ала-Тоо, жаз
күндөрүндөгү асман ачык кезде, күн батарга жакын жомоктогу дөөлөр көзгө көрүнбөс
кол менен өң-түспөлдөрдү сыйкырчыдай кубултуп, өзгөртүп турган сыяктуу эле.
Жолоочулардын үчөөнүн тең бала чактарында уккан дөө-алптары бар го. Ал
жомоктогу дөөлөр заматта сарай салат. Бир түндө токой өстүрөт. Тоону көчүрөт, көлдү
соолтот. Ошондой сыйкырдуу күчтүн ээлери Ала-Тоонун түстөрүн ажайып кубултуп
баратты. Тоолор оболу ачык кызгылт болуп көрүнгөн эле. Кардуу бийиктер ошол
саамда анык айкын кызгылт боло турган. Ошондон бардык тоо ааламы иреңин өзгөртө
берип кайра кызгылт тартты. Эми бир азда көгүш кызгылт, дагы бир убактан кийин
кочкул кызгылт, андан барын күн баткан кезде көгүлтүр ыраңга оошту. Жолоочулар
машинеге отуруп бара жаткан кезде тоо эми кара-көк тарта баштады. Дагы бир аздан
кийин кара-кочкул, андан ары коюу кара түскө оошту. Бул кезде кичи Алма-Ата, Талгар
сайы, чоң Алма-Ата сайлары, андан аркы Ак-Сай, Ремисов сайы, Бутаков сайлары
караколтук болуп капкара түскө келип, терең кара түн менен сырдашкан коолорго
айланган.
Бүгүнкү кечти жол боюнда ушундай чоң кыялдуу табийгат таасири менен сезген
жолоочулар шаарга жакындап калышты. Ар нерсеге өз алдынча, кээде өз бети менен
тың ойлорду айта билген Жандос азыр жаңыча бир ойго келди. Ал башында Карповду
жакшылап берилип уккан эле. Ага анда-санда унчукпай карап баш ийкеп келе жаткан.
Кийин Асия менен экөөнүн салыштырууларына кызыгып, ыкласы менен күлүп отуруп
уккан болучу, Бирок азыр, ошол макул болгон маселелерине каршы сүйлөдү.
— Сиздер бүгүн да баягыга кайрадан түштүңүздөр. Тоо жайын айткандагы
салыштырууңуздарды эске алып отурамын. Азыр бир саамга ушул тоолорго карап,
бүгүнкү күндөн өткөнгө карай көз жибербей, бүгүнкүдөн келечекке карай ой жиберсек
кандай болор эле? Ошондо да болочок сүрөттөрүн, улуу, анын улуу өзгөрүштөрүн,
жетишкендиктерин, адамзат тарыхы чыга турган бийиктиктерин ушу тоолордун аркыберкиси менен салыштырууга болбос беле? Ошондо эң аркы тоолордун төрүндө алтын
күн менен нурланган шоолалуу ажайып чатыр коммунизмдин болочок бийигиндей
көрүнөт десек абзел болор эле,— деди.
Карпов Жандоско жайдары бурулуп, ыраазылык жүз менен карады. Бирок анын
ойлоруна түгөл кошула койгон жок.
— Мындай ойлоого да болот. Бирок тоолор ачык-айкын конкреттүү реалдуу элестер
эмеспи. Ал эми биз адетте болочокту анчалык айкын чечип айта албайбызго, аны ошол
кездеги заманы калыптандырат. Биз жалпы баамдап гана, элесин гана өлчөм менен
айтабыз. Ошондуктан мисалы, Талгар бийиги коммунизм тушундагы баландай жай,
Комсомол бийиги тигиндей келечектин окуясы, чоң Алма-Ата бийиги, мындайча
айтканда, толугу менен адамзаттын илимий жетишкендиги деп айта алабызбы? Анда
биз жомоктогудан да озгон кыялга кетебиз да, кыялдуу жагдайга жетебиз.
Ырымчылдыкка оошуп кетебиз,— деп эки жолдошу менен кошо күлдү да, алга карай
бурулду. Ал кезде машина шаар ичине кирип келген эле.
Алар Коммунист проспектиси менен жогору өрдөп келе жатты. Эки тараптагы үйлөр
өздөрү бир-бирине карама-каршы келе жаткандай. Кээ жерлерде жарыктар жанган.
Машиналардын отторунун ак кызгылт жарыгы көчө жарыгы менен түстөрүн кеңейте
түшкөн. Сырттан келген адамга кечки калаа калкы өзгөчө таза, жыйнакы, сыпайы, миң
түстүү жасанып жүргөн сыяктанат. Булардын да Коммунист проспектисинде, Киров
көчөсүндө, Калинин көчөсүнөн бурула берер жерде кездешкен аял, эркек, жаштардын
тобуна көздөрү жылуу карагандай. Кызыгып карагандай.
Машине Коммунист проспектисиндеги катар кеткен министрлер үйлөрүнөн өтүп, сол
жакта жайгашкан анык зор сулуулук, чоң сан-салтанат жыйын түспөлү сыяктанган
Өкмөт үйүнөн өттү. Фонтандар бул кечте анык асманга атырылып, асемдүү
жарашыктуулук менен төгүлүп-чачылып турган өзгөчө көркөм куюлушту баамдатып
турган. Көзгө аз убакыт көрүнсө да зор калаанын жүрөгүндөй болуп, ортосунда
Лениндин эстелиги орнотулган гүл аянты жакшы Жаркырап өтө берди.
Алма-Атага жаңыдан келип, шаарды анча кыдыра элек Карпов өзү борбордук чоң
калааларынан келсе да, мынабу көрүнүштөр өзгөчө сүйкүм учурады.
— Алма-Ата жакшы шаар, көркөм калаа. Ушунчалык бир ажайып түрдө өскөн,—
деди.
Машине Калинин көчөсү менен бурулуп, Ленин көчөсүнө карай жөнөгөн эле. Жакең
Карповдун ийнине карай эңкейе түштү да:
— Сиз Алма-Атаны өтө мактадыңыз го, Жанагы Борбордук көчөсү, мынабу Калинин
көчөсүнүн бир аз жери, туташ Алма-Ата шаары десек, ал айтканыңыз туура. Мен эми
сизге дал ушу Калинин көчөсү менен жүрүп бара жаткандагы Фурманов көчөсүнөн аркы
көчөлөрдү эки жакка бирдей тек гана көз жиберип карап отурууңузду сураар элем.
Алма-Ата ошондо кандай көрүнөөр экен,—. деди да, ошондон соң Абай (азыркы М.
Төлөбаев атындагы көчө) көчөсүнөн өтө бергенде Карповдун оң жак, сол жакка көз
салуусун өтүндү.
Карпов анын өтүнүчүн аткарып, Абай көчөсүн чолуп өттү. Келерки көчөнү Карл
Маркс көчөсү деди, андан кийин Красин көчөсү, андан ары Пушкин, акыры Ленин
көчөсү. Булардын баарынын тушунан өткөндө оң жак, сол жакта жогорку жана төмөнкү
көчөнүн бойлорунда өңчөй жалгыз кабат, кадимки чоң кыштактын үлгүсүндө салынган
кичирээк үйлөр каптап турган эле. Түспөлдөрү. дарбазалары, кичинекей терезеси бар
көрксүз чатыр менен капталган үйлөр бул көчөлөргө караганда шаар али өзгөрбөгөн,
өспөгөн калыпта экендигин баамдатты. Көчө бойлорундагы бийик теректер ар бир
үйдүн короосунан көрүнгөн жемиш дарактарынын жалбырактары сырт көзгө сынсыз
караганда калааны жашыл асем бак сыяктуу көрсөткөндөй болсо да, анык үйлөр
курулушун калааны калаа дегизе турган мекен-жайларды байкаштырганда көзгө
көрксүз көрүнө турган зскилик калыбы жашырууга болбостой айкын эле.
Жандос Ленин көчөсү менен тоого карай бурулган кезде Карповго дагы ийилди да:
— Нил Петрович, сиздин жанагы жакшы деген шаарыңыздын мынабу Ленин
көчөсүнөн мындай карай кете турган дагы бир нече көчөсү бар. Алар Пролетар,
Сегизинчи Март, Талгар. Алма-Ата көчөлөрү деп аталат. Ошол бир чети Алма-Ата
суусу, экинчи чети Абай көчөсү, ушу эки арадагы бардык көчөлөр шаардын борбору. Ал
эми ортосунда баягы Верный болгон замандагы, мындан 40 жыл мурунку үйлөр ошол
калыбында турса, ал шаардын абдан өзгөргөнү болобу? Борбордук көчөлөрү
жанагыдай жарты алачык өңдүү үйлөр менен баягы генерал Фальбаум калтырган
калыпта турса, калаанын жакшы өскөнү болобу?
Асия менен Карпов мунун катаал сынык анчалык кабыл албады. Эң алды менен
Асия:
Эмнеге андай дейсиз, Жаке! Алма-Атанын бул жагы өспөсө өзгө далай жерлеринде,
алда нече жоон топ үйлөр бар, кварталдар бар. Небир алаамат түрдө жаңырган жайлар
бар эмеспи? Асфальттуу көчөлөр, аянттар аз салындыбы! — деди.
Карпов да коштой:
— Азыр калаанын өзүндө ондон ашкан жогорку окуу жайлары бар. Академия,
театрлар бар. Жанагы көчөлөрдү гана көрбөй ошол өзгөргөн кварталдарды, чоң-чоң
үйлөрдү кошо кеп кылуу керек эмес беле? — деди.
Баса, экөөңүз тең дурус нерселерди айтып жатасыздар. Дурустугу эмнеде? Жеке
топ-топ үйлөр бар дейсиздер, кварталдар бар дейсиздер. Бирок Коммунист
проспектисинин аз жери, Фурманов көчөсүнүн жарым-жартысы, Калинин көчөсүнүн
үчтөн бири дебесеңиздер, туташ өзгөргөн, кайтадан салынган көчөлөр бар деп айта
аласызбы? Шаар ар жерге чачылып салынган. Көбүнчө жанагы аталган борбордук
жайлардан негедир үрккөндөй болуп окчун, чет жакаларга топ-топ болуп салынган
үйлөр менен, четки кварталдар менен жалпы шаар көлөмү өсүп келет. Кечээ, кырк жыл
мурун кырк миңдей гана калкы бар. Алма-Атада азыр жарым миллиондой эли бар
экени да ырас. Бирок туташ жаңырып салынган даана беш көчө жок. Баш-аягы бирдей
жаңыланып салынган жаңы шаардын туташ курулушу жок.
Ушул тапта Асия шаар курулушу тууралу өз укканын эске алып талаша сүйлөдү:
— Аз убакытта ошол сиз өзүңүз айтып отурган бөлүк топтор, жарты көчөлөр, жеке
жаңы кварталдар туташып барып бирине бири кошулган кезде шаардын борбору гана
эмес, туш тарабы бирдей каз-катар өскөн калыбын көрөбүз.
Жандос буга да өз дооматын айтты.
— Андай өсүү да болоор. Бирок аныңыз бул замандын темпи эмес. Шаар салуунун
бүгүнкү жолу эмес...
Бир аз отургандан кийин Жандос өзүнүн дагы бир сынга бекем оюн айтты:
— Бул шаар сиздер айткандай четтерге салынган топтоп үйлөр менен гана өсүп
жаткан жок. Толуп жаткан линиялар — Таштактар менен да өсүп жатат. Ал ошол
жерлерге салынган үйлөрдүн баары мурунку кыштак Верныйдын айныбаган өз
үлгүсүндөгү жарым-жартылай жеркепе, жарты алачык «избушки на курьих ножках»
дегендер. Тигил Ташкент аллеясын бойлоп басып көрүңүз. Жумушчу посёлкасы деген
дагы бир посёлка салынды. Улам өсүп баратат. Ошентип мурунку Верный посёлкасы
көбүнчө Алма-Ата посёлкасынын эсеби менен өнүгүп бара жатканы маалым. Мен шаар
курулушу жакшы эмес дегенде ушуларды айтамын. Болбосо Өкмөт үйү менен
Академияга, Академиялык театрына мен да кубанам, мен дагы мактаныч кыламын.
Карпов бул сөздү көбүнчө унчукпай, ойлонуп отуруп укту.
— Убакыт, убакыт керек го. Шаардын өсүшү кыйын, оор жумуш. Чоң завод,
фабрикалар, чоң өндүрүштөр жаңы салынып, жаңы орногон жерлерде жана асересе
ушу Казакстандын өзүндө кырк жыл эмес, жыйырма жыл, он беш жыл, ал түгүл он жыл
ичинде салынып, калыптанышкан кырк миң, элүү миң, ал түгүл жүз миңдеген калкы бир
ажайып сулуу, социалисттик шаарлар барын да билебиз.
Жандос бул сөзгө айрыкча дит коюп: «Туура, ал дурус. Бирок ал шаарларда калаа
салуунун жобосун өнөрлүү, маданияттуу жана жооптуу адамдар башкарат. А бул
шаардын шору деп айтамын. Дал 1929-жылдан бери карай, туура отуз жыл бою,
кийинки убакыттарга чейин, бул шаарды салууну жакшы жетекчи башкарбаган.
Жооптуу ой менен жеткиликтүү түрдө дал ушу борборду кандай салуу жөнүндө
көңүлдөгүдөй ойлонулбаган»,— деди да токтой калды.
Биздин жолоочулар түшкөн машине шаарга токтобостон тоого карай, Кичи-АлмаАта сайын беттеп жөнөгөн. Алар ошол бойдон Министрлер Советинин биринчи дем
алуу үйүнө келди. Карпов бул шаарга жаңы келген адам болсо, Жандос менен Асия
ушу дем алуу үйүндө бир аздан бери дем алып жаткан кызматташ бош адамдар
болучу. Үчөө тең ошондой күндөлүк кызмат адамы болбогон калыбында дем алуу
үйүндө жаткандыктан, бүгүнкү бир күнүн Илеге барып келүүгө арнашкан.
Күүгүмдө калың бактар курчаган эки катар көлөмү чоң дем алуу үйүнүн алдындагы
асфальт аянтка машинеси келип токтогон соң үйгө кирүүгө ашыкпай, жолдогу гүл
багынын жанындагы орундуктардын бирине отуруп калышты. Бүгүн ушунда жаңы
кинокартина болмокчу. Ошол башталар кезде үйгө кирели дешкен.
Азыр тоонун жайлуу, коңур илебине чоң үйдүн алдындагы көп түстүү гүл багынын
жыты кошулуп, ар бир алынган демди ошончолук бир ырахаттуу жагдайга айландырат.
Асиянын жанына акырын басып узун бойлуу, сымбаты келишкен жаш жигит келди.
Ал тигилерге жакшы урмат менен сыпайы гана баш ийип, Асия тараптагы четтен орун
алды. Бул Асиянын иниси, медицина институтунун биринчи курсуна быйыл келген
Ильяз деген студент. Ал Асиядан кандай барып келгендиги жөнүндө кыска гана суроо
берди да өзү сүйлөгөн жок. Асия тиги кишилердин тоо жөнүндөгү талкуу сөздөрүн
бүгүнкү шооласы төгүлгөн ачык күндүн кечинде канчалык ыкылас менен таңданып
укканын кыска гана айтты. Ушу кезде экинчи четте отурган Жакендин жанына ак
жүздүү, узун чачтуу жаш кыз Айсулуу келген эле. Ал да бул кишилер менен тааныш
экен. Бирок өтө акырын гана үн менен уялыңкы амандашып, Жакендин мол денесинин
ыгына сүйөнүп отурду.
Жандос андан күндүз кандай тамактангандыктары жөнүндө сурады.
Энең кайда? — деп казакча кеп салып: — Ал каякта жүрөт. Тамакты дачада
ичтиңерби, же мында келип ичтиңерби? — деп сурады.
Казакча сүйлөгөн ушул сөздөрүнөн Жакеңдин теги түштүк-чыгыш Казакстандан
экендиги байкалды. Айсулуу шаардыктарча кийинбеген. Сулуу боюна анча жараша
койбогон узун жең, тула бою кең, алдагы ошол жердин үлгүсүндө бычылган жибек
көйнөк кийген. Бутундагысы анчалык жарашыгы жок жалпак тумшуктуу кара туфли
болучу. Анын жемпири да жөн гана жиптен токулуп, саал калыңыраак шаар үлгүсүнө
ылайыксыздай көрүндү.
Айсулуунун да теги түштүктөн. Колхоздон энеси менен бирге Жакеңдикине келген
мейман боло турган.
Асия Айсулууга кызыга кароочу эле. Оюнда баамдагандай: «Жакшы кийиндирсе,
өңүнүн түштүк күнүнө тотуккан саал кара-сур түсүн кетирип, өзүнүн жаратылыштагы
аксаргыл жүзүнө жука кызылы билинген сулуу ажарын билсе, Айсулуу кандай сулуу,
нур сулуу болор эле» — деп ойлой турган.
Азырынча уяң, корунчаак, дайыма акырын гана кызара, кысыла сүйлөгөн Айсулууга
Асия ар дайым боор тартып, жакын жүрөт. Аны сүйлөткүсү да келет. Ошондуктан азыр
Айсулууга карай бурулуп, анын жүзүнө үңүлө түшүп:
Айсулуу, биз шаарды аралап келе жатып Жандос Асанович менен сөз талашып
калдык. Мен Алма-Атаны сулуу, жакшы шаар деймин. Ал эми Жакең «андай эмес'!>
дейт. Көп сындайт, катаал сындайт. Сен да жаңы келген адамсың. «Алма-Атаны алгач
көргөнүм ушу» дедиң, ошондойбу?
— Ошондой,— деп акырын гана кысыла жооп берди Айсулуу. Ал Асияны сыйласа
да «ушу киши мага эмнеге суроо берип, эриксиз сүйлөткүсү келет» деп ичтен
оңтойсузураак эле.
Асия дагы да кадала түштү:
— Эмесе сенин көзүңө шаар кандай көрүнөт? Алма-Атаны кандай шаар дейсиң?
Сен айтчы?
Айсулуу саал кабагын чытып, азыраак жымыйып, кайтадан томсоруп, Асиянын
жүзүнө көз жиберди. Кара каш, кара кирпик астындагы нурлуу чоң көзүнүн түсү сургулт
боло турган. Ошонусу ак жүзүндө өтө бир жарашыктуулуктун белгисиндей. Чоң көздөрү
саал жашка толгон сыяктуу болуп бир агарып, бир кызарып кысылган Айсулуу:
Менимче, шаар абдан жакшы,— деп бир нерсе айткысы келсе да уяңдык кылып
токтоп калды.
Асия Жандоско өзүнүн кишичилик, бирок сыпайы калыбынча кайтадан азил таштап:
Жаке, көрдүңүзбү, Алма-Атаны сизге жамандоого биздин көп-көп жашыбыз,
карыбыз да жол бергиси келбейт. Эми мына Ильястан сураңызчы. Бул эмне дээр экен?
— деди.
Айсулуу сөздүн багыты өзүнөн бурулганына ыраазы болуп, акырын гана сызыла
созулуп ордунан турду да, өзү отурган чет жакка карай бурулуп басып кетти. Ал
Ильястын Алма-Ата жөнүндөгү пикирин билүүгө анчалык куштар эмес сыяктуу. Өзүнөн
чоң кишилердин жанындагы эриксиз сүйлөө милдетинен кутулганына ыраазы болуп
баратты.
Ильяс болсо Айсулуудай эмес, өзү туулуп, окуп, азамат болуп келе жаткан шаары,
бешигиндей Алма-Атасын ачыктан-ачык коргоп кирди.
Алма-Ата, албетте, жакшы шаар. Москвадан, Киевден, Ленинграддан, ал түгүл
Ташкенттен, Орто Азиянын башка шаарларынан Алма-Атага алгач келген кишилерден
сураңызчы. Алма-Атанын табийгаты, тоо-токойлору, бак-дарактары, көчөлөрүнүн
пландары ыңгайлуу эмес, жаман деп ким айтат экен. Баары мактайт,— деп өзүнүн
күмөнсүз ишенимин ачык дааналап айтты.— Бул шаарды жаман дечүлөр туура айтат
деп ойлобоймун,— деп калды. Соңку сөзүнүн тушунда Жандос менен Карповго
салкыныраак карап, коюу каштуу кабактарын түйө түшүп сүйлөгөн.
Бирок Жандостун азыр мынабу жаштар менен кеп талашкысы келген жок. Карпов
болсо Ильястан медицина институтунун үйлөрү, жатаканалары, лабораториялары,
аудиториялары, китепканалары жөнүндө, профессурасы тууралуу, анык жогорку окуу
жайларынын накта абалдарын сураштырып, кыскача болсо да каныкты, далилдүү,
орундуу жоопторду алып отурду.
Айсулуу гүл багынын жанына акырын басып барып, мурун өзү көрбөгөн көп гүлдөргө
үңүлүп таңдана карап калды. Мында львиний зев, канны, көп түстүү георгин, түркүн
түстүү роза анын көзүн магнит менен тарткандай өздөрүнө буруп, бүткүл жаш ыкласын,
ички сезимин аларга оодарды. Ал жанагы кишилерди да унутту. Өзү гүлгө жакындап
барганда узун скамейкада отурган бир топ аялдын сөздөрүн уккан да жок. Бирок ушул
скамейкалардагы аялдарга кыйгач да болсо жакыныраак отурган Асиялар да мынабу
орунтуктагы аялдардын сөздөрүнө кулак салса угуларлык эле.
Карпов Ильяс экөө аңгемелеше баштаганда сөзгө аралашпай отуруп калган Асия
өзүнүн эркинен тышкары бир кулагы менен жанагы Айсулуунун артында отурган
аялдардын сөздөрүн амалсыздан угуп тыңдады. Бул аялдар төртөө эле. Баары тең
кырктан ашкан, жоон-жолпу эле. Бойлорун анча сыпайы күткөн кишилер эмес. Бирок
үндөрү ачык, сөздөрү шаңкылдап, күлкүлөрү асыресе шыкылыктап, заңкылдап чачылып
чыгат.
Асиянын баамында бул аялдардын ортодогу коңур жүздүү, жалпак беттүү, жашы
элүүгө келип калган аял ушул дем алуу үйүндө турчу белгилүү маданият ишмеринин
жолдошу. Өзгө аялдар жогорудагы экинчи дем алуу үйүнөн тигил аялга мейманга
келген сыяктуу. Ушу отурган төрт аялдын күйөөлөрү жана Карповдор машинеден келип
түшкөндө окчунураак бир беседканын ичинде преферанс ойноп отурган төрт эркек
болучу.
Алар Асиялар таң эртең Илеге карай жөнөшкөндө шол ордунда ушул отуруштары
менен карта ойноп отурган. Али да аракеттеринин деми үзүлбөгөн экен. Карпов
машинеден түшүп келе жатып ошолорду көрүп башын .чайкап таң калган.
— Мынабу кишилер таң эртеңки отуруштан али өзгөрбөптүр, ээ,— деген эле.
Жандос:
— Бул сүрөт бир күн эмес, сиз бир нече күн бою ушу беседканын ичинде айныбай,
жабыкбай көрө турган сүрөт болот. Мен соңку эки жуманын ичинде тиги жогорудагы
экинчи дем алуу үйүнө үч ирет барып кайткан элем. Үчөөндө тең кээде бакдарактардын көлөкөсүндө, кээ бир топ беседкада, дагы бир топ үйдүн ичиндеги конок
жайларда, дагы бир нече топ маданият адамдары салып алган стандарт үйлөрдө,
кыскасы төрт-беш жерде күнү бою дайыма шарт-шарт карта чапкылап, тирешип
отурган преферансчыларды көрөсүз. Мен бул жагынан караганда преферанс биздин
алма-аталыктардын чоң дарты, шору деп да санаймын. Кийин али өзүңүз да көрөрсүз,
бул айрыкча көңүл бөлүүнү, сөз кылууну талап кылган жаман жай,— деген.
Ушул арада ошол эркектердин көбүнүн аялдары да топ-топ болуп, көп-көптөн акча
салып үзгүлтүксүз карта ойноо менен дем алышсымактарын өткөргөнү, жана да
Жандос менен Асиянын басып жүрүп сүйлөшкөн жайлары боло турган.
Өздөрүнүн картасын аяктаган жанагы коңшулаш төрт аял кинону күтүп отурган экен.
Алар эми гүл багына үңүлүп турган Айсулууну сөз кылышты.
Төрт аялдын четиндеги чарчы бойлуу, бакырайган семиз, кайкы мурун, калың эрин
аял кайта-кайта папиросун оозуна тиштеп Айсулууга оор басмырт байбиченин,
узунунан келген кызыл жүздүү экинчи мейман аялдын жана семиз сары, көк көз аялдын
көңүлдөрүн бурду.
— Карагылачы, мынабу кыздын чачы кандай, чиркин-ай! Согончогуна жеткендей.
Кош өрүмүнүн экөө тең бирдей жоон. Чачынын иреңи кандай, кара да, сары да эмес,
кызгылт түсүнүн өзүн карачы,— деди эле, семиз жоош аял сөзгө илешти:
— Кызгылтпы, кызгылт саргычпы! Өзүнүн бою, жүзү — баары назик, сулуу го дейм.
— Мен ушуну күнү бою багып жүрөмүн. Билесиңерби? — деп тамекисин соро түшүп,
кайкы мурун кара катын эми өзүнүн кадимки калыбына келе баштады. Ал сулууну сулуу
деп тамашалоочу эмес, ар сулууга орундуу-орунсуз жалаа жабуучу. Ар бир өңдүүтүстүү, өзгөлөрдөн бөлөкчө окуусу, көркү, сыпайылыгы, тарбия-таалими бар аял болсо
— мунун өчү менен касы ошол. Эмне кылса да ошого бир көө жаппай, бир жалааны
жаппай, жаны тынчтык таппай турган. Ал ошол адатына салып, мынабу аялдарга
шаңкылдап күлүп туруп бир шойкомдуу сөзүн жиберип калды.
— Мындай жерге ушундай кыздар күйөө издеп келет, Өзгө аялдар эми Айсулууга
карап сөзгө чапчаң аралаша баштады. Аксаргыл мейман аял: «райондон окууга
келиптир го» — деди.
Семиз сары аял кара катын менен көз кысышты да:
— Окууга келеби, сени менен биздин көзүбүздү чукууга келеби? Буга эркектердин
көзү түшпөсө болду! — деп шаңкылдап күлдү.
Оор-басырык байбиче катаал өкүмүн аянган жок.
— Күйөө издеп келгенде да окууга келдим, дарыланууга келдим, тууганыма
мейманга келдим деп жамбаштай келет эмеспи.
Кара катын эткээл колунун салааларын шилтей отуруп, түркүн шумдукту ойлоп
келип:
— Ушул күндө райондо, ит байласа токтогус жерде эмне кылып жүрөт мындай сулуу
кыздар. Борборго, Алма-Атага келүү керек. Машинеси бар, жооптуу кызматы бар,
мыкты кызматкерлерге тийүү керек,— дегенде семиз сары кошула түшүп:
— Жакшы батир, мыкты кийим, обон-собон, бий-күү,— деп аялдын баарын күлдүрүп
келип: — ошону издебей эмнени издейт булар,— деди.
Ушакчы кара катын дагы бир сөздү баштады:
— Мен күндүз ушу кызды багып жүргөн жигитти да баамдадым. Бирок ал жаш,
окуучу өңдөнөт. Азыр жетишерлик жагдайы болбоо керек. Ошондуктан мынабу кыз
боюн оолак салып качыбыраак жүрдү,— деп койду.
Ушу кезде Ильяс тиги кишилердин жанынан туруп, гүл багынын жанындагы
Айсулууга жандап келип калган эле. Төрт аял сырттан бирин-бири жоон чыканактары
менен түрткүлөшүп үн чыгарбай тына калышты. Айсулуу Ильястын дабышын угуп
бурула берди. Ал өзүн унуткандай гүл багына кадалып жабышып калган экен. Ильяс
жакындай берип:
— Айсулуу, биология факультетине киргенде сиз ботаника жагына кызыгат
көрүнөсүз! Гүлдөргө сиз кадимки адистерче карайт экенсиз го? — дей берди эле,
Айсулуу ага кабагын түйүп ыкчам жалт карап, салкын көз жиберди. Тигинин сөзүн
какшыктагандай көрүп ызалангандай да түрү бар эле. Эмне кылса да нааразы сыяктуу,
жооп бербей тек тигинин бир сөзүн мазактай ичинен: «Адис, адис» — деди да жалт
берип айланып илгери басып кетти.
Ильяс Айсулуунун бул мүнөзүнөн шашып калды. Экинчи жагынан өзүнүн
жазыксыздыгын ойлоп ызаланган жайы бар эле. Өз ичинен: «Райондо өскөн кыз адептарбияны билбей, түркөйлүк кылдыбы!» — дегендей болду.
Жаш кыз менен мынабу жигиттин ортосундагы мамилени, сырт көзгө байкалган эп
келишпестикти кылт эткизбей багып баамдап отурган төрт аял дагы да сөзгө кирди.
Сыртынан оор басырык сыяктанса да, оозунан ар кандай сөз оңой чыкчу жоон аял
жаштар жайында бүтүм жасап жатты:
— Тигини карагыла, өзүнө тең десе да болчудай студент жигит жанашайын деди
эле, көрдүңөрбү аны какмалап сыртын салып кете берди,— дегенде төртөө бирдей
шаңкылдап күлүштү.
Асия ушу күлкүнү угуп, эмки сөздөрүнө ичинен ачууланып кулак салган эле. Кайкы
мурун кара катын ушакчылык бүтүмүн жасап жаткан экен.
— Андайы да тегин болбойт мындай кыздын. «Издегеним сендей эмес, илмийген.
Эркек болсо серкеси керек» дегени го, билдиңби? — деп дагы да кошулуп күлүштү.
Асия ушу кезде ордунан унчукпай дароо турду да гүл багынын экинчи бир жерине
барып жалгыз карап турган Айсулуунун жанына келди. Аны ийнинен бир колу менен
кучактап өзүнө тартып, коштой басты. Жанагы оозар аялдардын көзүнчө мынабу жаш
кызга атайын эжелик мээрим кылып, өз жанынан чыгарбай ээрчитип алды.
Киного барар алдында Карпов өз бөлмөсүнө кеткен эле. Асия Айсулууну «киного
эжеңди ээрчитип кел» деп бул жерден, өз жанынан экинчи камкор адамдын жанына
жиберди. Ичинен: «Мынабу жерде ар түрлүү көп жан жыйыла турган дем алуу үйүндө,
асыресе кинодо Айсулуудай өңдүү-түстүү жаш кыз жалгыз болбосун»,— деп камкордук,
коргоочулук ойдон туулган эжелик жөнүн айткан эле.
Жакең экөө өзүнчө калганда Асия бир далай өз алдынча ойлой турган сын ойлорун
өзүнө ишенимдүү, мүнөздүү кылып ачып айтты.
Бүгүнкү биздин коомдо не бир жакшы, маданияттуу окумуштуулар, жооптуу
кызматкерлер, жазуучулар, адистер арасында да кээ бир окубаган эжелер бар. Булар
турмушта эч бир коллективде жумуш иштеп көрбөгөндөр. Бирок өздөрүнүн күйөөлөрү
менен бирге барбаган шаары, көрбөгөн курорту, жүрбөгөн жери калбайт. Театрларда
биринчи, экинчи катардагы алдыңкы орун ошолордуку. Банкетте, демейки коноктордо
төр талашып отуруша тургандар да ошолор. Асыресе ательелерде суу кечкич сөздөрү
менен кышкы-жазгы мода-фасон дегендерди да айткычтарыңыз ошолор. Кээ
бирөөлөрү ушу күндө күйөөлөрү менен чет элдерге да чыга турган болду. Ал эми
Треневдин «Любовь Яровая» пьесасындагы профессор Горностаев айткан: «Пустите
Дуньку в Европу» — дегендин дал өзү. Өздөрү мектеп көрбөгөн, китеп бетин ачпаган
жандар. Бирок, көп жыл бирге турган тирликте балалуу болуп алган. Кулак менен
уккандан чалабула алган ар жайдан ала-була түшүнүгү болот. Мына ушул
эжелериңиз... — деп Жандосту күлдүрө Асия ачуу мыскылын созду. — Ушул эжелер
ушундай жерлерде алдыңыздан көп чыгат, көзгө көп түшөт,— деди.
Жандос Асиянын сынчыл, тың оюна кубанып, таңдана карап, анын жүзүнө
жымыйып, туура дегендей баш ийкеди. Асия өз сөзүнүн Жакеңе орундуу көрүнгөнүн
түшүнүп, дагы бир аз ойлор кошту.
— Дагы бир ачуу чындык бар. Жалгыз Казакстан эмес, бүткүл Орто Азия
республикаларынын жооптуу кызматкерлери, маданияттуу интеллигенцияларынын
арасын көрсөңүз, биздин жанагы эжелер баарында тең көп кездешет. Чачы, жүзү,
кийген кийими маданияттуу адамдар сыяктанып жүрүшөт. Фасондуу кийимдер
маданиятты дааналап көрсөткөндөй болот. Бирок чынын айтсак ал портнойлор берген
маданият. Ал эми иш жүзүндө мисалы, казакты алсак, биздин бүткүл коомубуздун
ичиндеги эн артта калган топтор ушулар.
Жандос мындай сынчыл пикирге ар дайым кызыкчу. Эми ал каркылдап күлдү. Асия
өз оюн аяктап келе жаткан эле. Анысын бүткөрмөк болду.
— Булар же мурунку калктын кадимки көчмөлүү деп айтылган байсалдуу, мүнөздүү,
өз сыпайылык жолун билген энелер эмес. Же болбосо бүгүнкү таалим-тарбия даарыган
европалык үлгү иштерине, бойлоруна сиңген адамдар эмес. Ал эми ушулар кээде
аралашпай турган сөз болбойт. Асыресе күйөөлөрүнүн беделин, алардын даражасын,
кызмат жагдайларын — кыскасы, турмуштун жапайы жөн билги таразасын өтө жакшы
ажырата билген кепкорлор. Булардын асыресе бир жаманы, казактын жаңы өсүп келе
жаткан жаш аялдарын, жаш коомун тааныбайт. Түшүнүп баамдабайт жана аларды
аябайт. Алардын өздөрү кыз менен уул төрөп өстүрүп отурушса да, өзгө жаштарга эне
сыяктуу болуп туруп, ушак-аяңдан алардын эч кайсысын аябайт, коргобой кыйнайт.
Экөөнүн аңгемесинин аяк жагын Жандос кечеги күнү ушу дем алуу үйүндө белгилүү
эл артисти айткан мыскыл анекдот менен аяктатты. Ал кечээ экинчи кабаттагы залга
кирсе бир топ тыныгуучу адамдар ортосунда атактуу артист күлдүргү аңгемелерден
сүйлөп отурган экен. Ал ошондо өз оюнан кызык күлкү, мыскылдуу бир аңгеме .
чыгарыптыр.
Кечээги артисттин аңгемеси мындай эле:
— Тозоктун таразасы курулган күн экен. Адамзат жер үстүндө жасаган зулумдук
шумдуктун баары бөлөкбөлөк таразага тартылып, жаннатка топ-тобу менен жиберилип
жаткан чактын өзү. Бир кезде алладан күнөөлүүлөр жөнүндөгү жардыкты жеткизиптир.
Анда «бүгүн жалакорлорду, ушакчыларды жазалайбыз» дептир. Бир топ периште
Казакстандын ушакчы аялдарын бөлүп айдап жүргөн экен. Семиз, басмырт байбичеге
колунда от күрсүсү учкун аткан периште жакындай берип, дем алуу үйүндө жатканда
«баландай артист баландай министр менен жакын» деп жалган ушак тараткан
сенсиңби? Сен элең го!» — деп тап бериптир.
Оор басырык байбиче бетин басып чырылдап: «Кокуй күн, аны айткан мен эмес» —
деп калчылдап чочуп зарлана бериптир. Ошондо жылаңач этине күрсүнүн күйүп турган
жүзүн чыр эткизип басып жибергенде баа этип кыйкырып: «Аны айткан башка катын,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 03
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.