Latin

Өскөн Өркөн - 04

Total number of words is 4133
Total number of unique words is 2128
29.2 of words are in the 2000 most common words
41.7 of words are in the 5000 most common words
48.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
беле? Ал киши унчукпай жүрүп баарын билип, акырын кыска гана «ошондой болуптур»
деп коё турган жайы бар эмеспи. Нина Николаевнанын. Жанагыны ошол киши айтты.
Ушуга байланыштуу Асия өз бети менен Карпов жөнүндө саал сабыркаткан ой
ойлоп калды. «Көп күндөрдөн бери бирге жүрөбүз. Ар нерсе жөнүндө ачык сүйлөшөбүз.
Биз да партиянын мүчөсүбүз, кайда бара турганын өзү сезген болуу керек. Бизге эч
болбосо чет-жакасын айтып билдирсе эмне болмок эле!» — деп ойлогон.
Жандос Асиянын сөзүн укканда аны анча коштоп, кубаттаган жок. Ал Карпов
жөнүндө сабырдуулук менен укту. Деги Карповдун жаратылышындагы жана турмуш
жолундагы байымдуулугу — бул зарыл түрдөгү кажардуулук-бекемдик болуу керек деп
туюнду. Асияга:
— Маселе чечиле элек кезде, секретарь боло элек жатып, «мен ушундай болушум
керек» — деп досторуна айтса ылайык болор беле? Эгер боло албай калса ошол сөзүн
уккан өзүбүз болсок, анын оозунан чыккан бул кабарын жеңилдик деп билишибиз
ыктымал беле? — деди.
Асиянын алгачкы ою аны жаштыгынан жана өзүнүн ар кезде ишенишкен
жолдоштукка чынчыл, жаштык көңүлүнөн чыккан болуу керек. Жакендин жанагы баасын
укканда ал өз ичинен өзүн эсепке алып, өзүн өзү сынай калды. Сыртка чыгарып айтпаса
да ичинен: «Мен чала ойлонупмун. Жооптуу адамдар чын мүнөз, сыр мүнөздө өзүн
бекем тутунат. Саал сараң сырлуу болуу, сырга бекем болуу саясат адамына шарт да
чыгар. Деги менин өз тажрыйбам али да ошол даражага жетпегени, чалалыгы бар
го»,— деп ойлоду.
Кечки тамактан кийин Карпов эки таанышы менен бирге чыгып, салкын аллеяда
акырын басып, сейилдеп келе жатканда өзү жөнүндөгү жаңылык кабарды өз оозу менен
айтты да, Жакең менен Асияны ыраазы кылды.
— Менин түштүккө бара турган болгонум бюродо чечилди. Бирок дал ошол жакка
барышым кийинирээк болот, Азыр область пахта жумушуна катуу даярданып, кирише
баштаптыр. Мурунку биринчи секретарь чарбаны өтө жакшы билген, райондо, областта
иштеп, өтө тажрыйбалуу адам көрүнөт. Пахта жумушуна мыкты адис, жетекчи дешет.
Ошону үчүн мынабу өнөктүктү ал киши өзү аяктасын. Кызуу өнөктүк үстүндө
башчылыктан оошо коюу орундуу да, оңой да эмес го. Андагы биринчи секретарь ошол
жумушту аяктап болгондон кийин жаңы кызматка оошо турган болуптур. Кийинирээк
дагы аныкталганы Карпов бир ай чамасында үй-бүлөсүнө барып, деңиз жээгине дем
алышка барып кайтмакчы.
Ушундан кийин да Карпов шаарга күндө эртең менен кетип, дайыма кеч келип
жүрдү. Бул убакытта ал өзү бара турган область тууралуу көп иштер, түшүнүктөр,
накталуу план, милдеттер боюнча кабарлар болуу үстүндө эле. Күн сайын ал
Борбордук партия комитетинин секретарлары менен, же болбосо бөлүм башчылары
менен сүйлөшөт. Министрлер Советинде болот. Госпландын жетекчилери менен да
бир нече жолу сүйлөштү. Аны менен катар ал жердин жайы тууралуу агартуу министри
менен, саламаттыкты сактоо министри менен, маданият министри менен да жүз
көрүшүп сүйлөшүп чыкты. Академиянын президенти менен да учурашып, кенен
сүйлөшүп чыккан эле.
Дем алуу үйүнө кайтканда сөз арасында жөн-жай гана айткандай болуп «көрүштүм,
сүйлөштүм» деп коёт. Кээде «толук сүйлөштүм, кызыктуу сүйлөштүк» деген сыяктуу
кептерди айтат. Бирок ушундайча кыска гана иш жайларын жарым сүйлөм менен айтып
учурдагы иштер жөнүндө андан ары жазылып, ачылбайт. Жакең менен Асияга
жанагыдай өзү айткан сөздөрдүн аржак-бержактарын казмалап сураштырууга орун да
калтырбайт. Кабак, үн, адамдын жүзү ар мүнөзгө чек коюп, ар сөзгө да жээкти
белгилегендей чек салып коёт.
Ал эми область жөнүндө Карпов бул күндөрдө көп биле жүргөн. Анда 940 миң эл
бар. Анын 44 проценти казак. Бир топ проценти өзбек, 30га жакын улут бар. 15 район
бар. Чоң өндүрүш кендери да, чийки сырьёлору, мыкты завод, фабрикалары да бар.
Өндүрүш техникасы өнүккөн аймак. Анын үстүнө айыл чарбачылыгы да көп тармактуу,
мыкты. Бүткүл Казакстандын пахтасын жалгыз ушу область берет. Асыресе бул жай
малга бай. Кой жааты алтын тууй турган каракүл койлору. Илим, маданият борборлору
да бар. Жаңыдан ачылса да область, республика эмес, союзда чоң орду боло турган
өтө кымбат кесиптерди билдире турган технология институту бар экен.
Чыгыш элинде мектептерде окутуучулар, катарларын көбөйтүп, аларды камсыз
кыла турган педагогика институту бар. Областта театрлар, өздүк көркөм чыгармачылык
күчтөрү да жакшы. Баскенттин өзү республикабыздагы үчүнчү орунга жеткен. Мурдагы
заманда революциянын алдында уезддик гана шаар болгон Баскент азыр 150 миндей
калкы бар, мурункусунан алты-жети эсе өнүккөн индустриялуу, көп курулуштуу,
кызыктуу, өнөрлүү шаар болуп катуу өсүптүр. Бул жерде Алма-Атадан алда кайда көп
өндүрүш борборлору бар. Коргошун заводу, цемент заводу сыяктуу келечеги зор 3—4
миңдей жумушчу, кесиптик коллективдери бар заводдор иштеп жатат.
Областтын бюджети да миллиардга жакын. Кээ бир кичирээк коңшулаш союздук
республиканын чамасына бир ө3Ү барабар келгендей салмагы бар. Ошону менен катар
жанагы аталып өткөн бардык тармактын бүткүл арымдуу, маңыздуу көп үмүт эттирген
кымбат жактары менен, касиеттери менен катар ар тармактуу тиричиликтин баарынын
тең ар түркүнү бул күндө айкындалып турган жетишпеген жактары, кыйынчылыгы,
каталык, мүчүлүштөрү да жетээрликтей.
Карпов областка барардан мурун Алма-Атага келгенден бери өзүнүн мурунтан бери
жыйнаган билим, тажрыйбасы ар түрдүү жайга салмактуу, сынчынын ою боюнча өзү
бара турган жерин ушундайча деңгээлден, азырынча алыстан таанып жүргөн эле.
Азыр анын жалгыз чемоданынан башка бир нече папкалары бөлөк бир чамаданды
толтурган. Ушундай өмүрлүк турмуштук тың милдетти эмгекке ой жигери менен,
ыктыярдуу талабы менен оошо баштаган Нил Петрович Карпов эми Алма-Атадан
жөнөй турган болгон. Коштошордо Карпов мындагы тааныштарына жакшы пейил
көрсөттү. Асияга:
— Сиздер менен ушул жерде таанышып, сүйлөшүп жүрүү мага тааныш эмес ар
түркүн нерселерди билүүгө абдан маанилүү болду. Казак совет журтчулугунун сиз
сыяктуу салмактуу, билимдүү маданияттуу жаш кыздары менен таанышуу мага өтө
баалуу. Түштүккө келсеңиз, кээде сапарыңыз ошондой баштанып калса, биз үчүн
кымбат мейман болосуз. Саламат болуңуз,— деди.
Жандоско коштошор кезде өзүнүн ойлорун айтты:
— Сизди мен өзүм кызмат кыла турган майданда ар кезде учуратсам ыраазы болор
элем.
Жандос күлүп:
— Кезигишүүгө болот. Себеби түштүк менен менин байланышым көп. Мурун ал
жакта көп убакыт кызмат иштегенмин. Жана сиздин убактыңыз болсо түштүктө ден
соолук маселеси жөнүндө бир топ чоң чараларды жүзөгө ашыруу жөнүндө жанга
тынчтык бербеген ойлорду айтууга болот.
Карпов ага баш чайкап күлдү да:
— Мына, мына, ошол машакаттуу ойлоруңуз керек,— деп алгачкы сөзүнүн түйүнүн
чечмеледи. — Чынын айтсам, сиздеги бир скепсис мага көп оптимисттиктен
зарылыраак көрүндү. Биздин турмушта көп сөз менен көп-көп айтыла турган күндөгү
оптимисттиктен кээде сараң сынчылдык, ошол сиздегидей скепсис керегирээк,
пайдалуураак сыяктанат. Албетте турмуштагы бардык нерселерге, бардык дүнүйөгө
сиз андай карабайсыз жана сиздин кээ бир сындарыңызга каршы айтчу доомат да көп
болор. Бирок сизде ошол адил чынчылдык менен байланыштуу болгон сынчылдык мен
үчүн кымбат сыяктуу,— деп сөзүн аяктай берди да,— ал эми ошонун баары үчүн сизге
ыракмат. Түштүккө, өзүңүз туулган түштүккө такай келип турууңузду каалар элем. Жана
келген сайын мени менен учурашууңузду ант кылып айтууңузду өтүнөмүн. Түштүккө
чыны менен такай келип жүрүңүз. Сиз качан, кайда барамын десеңиз эркиңиз өзүңүздө.
Анткени азыр пенсиядагы сиз анык эркин кушсуз,— деп күлдү. Жандостун колун узак
жана катуу кысып коштошту.
Экинчи глава
(Бул бөлүмчө мурун жазылган материалды толуктап, романды жаңыртып,
жакшылап пайдалануу калыбында куралат. Мурун жазылган түштүк-чыгыш жөнүндөгү
бир аз даректүү жайлар ушу бөлүмдүн негизги мазмуну болот. Темасы да ушул мурун
жазылган чыгармалардын негизинде өнүгөт.)
Чөлдү өздөштүрүп жаткан үч район сан миңдеген эркек-аялдын, мектеп
балдарынын, сансыз көп жаштарынын жана карылардын селдей мол күчү менен пахта
терүү майданында. Үч райондун бардык совхоздору, колхоздору, бөлүмдөрү,
фермалары катар салышкан тай-тайлаша сынашкан, кезектешип бир биринен озгон
сандаган цифралардын карбаласында жүрүп жатты.
Бул кезде шаар калкы менен колхоз журтчулугу ар түрдүү илимий тармактан
башталган кесипчиликтер менен партия, совет жетекчилигинин, айыл чарбачылыгынын
өндүрүш адистеринин, көп улуттуу адамдардын баарынын тең туташ майдан үстүндө
айырмачылыктары жоюлуп аралашкан чактары. Бүгүнкү күн да кийинки он күндүктүн
бириндей болуп, чөлстанда ачык, жалбырттаган ысык күндүн аптабында ар бир жанга
үзгүлтүксүз жасалган кайраттуу эмгек кырдаалында жүрүп жаткан.
Ошол катарда «Кызыл жылдыз» колхозундагы орто мектептин имаратында АлмаАтадан келген медицина институтунун чоң коллективи жайгашкан эле. Жалгыз кабат,
темир чатырлуу кең үйдүн залы гана эмес, узун коридоруна чейин бардык класстары,
кабинеттерине чейин бул күндө катар-катар төшөк төшөлгөн тапчандарга толтура боло
турган. Бир гана мектептин бакчасы жагынан кире турган кичирээк эшиктин алдында
көлөмү кичирээк кыска гана коридор бар. Анда төшөк жок. Бир-эки гана орундук менен
узунураак скамейка турат. Коридордун аржагында кичирээк бөлмөнүн эшиги ачык. Ушу
кирер эшик, коридордун жанында ичинде көрүнгөн адамдардын саны аз болсо да
жүздөрүнө караганда дарыгерлик жардамга келген адамдар экени байкалат. Чынында
мектептин ушу булуңу директордун кабинети, азыр медициналык пунктка айланган.
Институт коллективинин өздөрү гана эмес, ушу өнөктүктүн үстүндө «Кызыл
жылдыз» колхозунун пахта талааларына келген бардык элге алгачкы медициналык
жардамды берүү үчүн бир кичинекей бөлмө менен мынабу кичинекей коридордо
дарыгерлик пункт жайгашты. Дарыгер болуп иштеген медицина институтунун ички
оорулар боюнча окутуучусу, орто жаштагы, белгилүү врач Пётр Иванович. Ал өзүнө
жардамга студенттердин арасынан бешинчи курстун студенти Ильясты алган.
Пётр Иванович райондон дары-дармек апкелмек болуп кеткен. Бүгүнкү келгендерди
Ильяс жалгыз кабыл алып жаткан. Мындай орундардын адеттеги айныбай келген
оорулары эки казак менен орус кемпир коридордо отурат. Алардан бөлөк бир бутунун
өтүгүн чечип, кан аккан жылаңач жилигин чоң ак чулгоо менен орогон узун бойлуу,
төгүлгөн кара тармал чачы бар, кара тору, калың кабактуу казак жигити отурат. Ал
кабагын чытый түшүп, жаагын тиштенип коёт. Саал дердейген таноолору кабагын
чытыган, катаңыраак дем алган кездеринде чоюла түшүп басылат. Ал кезек күткөнүнө
ызалуубу, же бутунун жарасы жанга батып катуу ооруп жатабы, айтор ызалуу жагдайда
отурат.
Төркү бөлмөдөгү Ильястын кээ бир аракети ал отурган орундуктун четинен көрүнө
түшөт. Ильяс өзү курбулаш бир орус студентинин колун кармап, ошону жакшылап
таңып берди. «Эки күндөн кийин дагы кел, Вася!» — деп курбу студентти ийнинен бир
кол менен кагып коюп эшикке карай узата берди. Ильястын азыр коридорго караган
жүзү күнгө күйгөн ак куба жүзүнө ала-була элес аралашыптыр. Жүзүндө күнгө тотуккан
кызылы бар. Ак халат менен дарыгерлик баш кийим кийген калыбында ал азыр анык
адистик ишине көптөн дайындалган жаш дарыгердей көрүнөт. Калаадагы өз боюна
күтүмдүү жаш жигит бүгүн да сакал-мурутун тап-таза кырган экен. Баш кийим астынан
көмүрдөй кара чачы жаңыдан тегизделген калыбында жылтырап, тикирейип көзгө
түшөт. Ал жанагы өзүнүн Вася деген жолдошун эшикке узата берген кезде эшик алдына
дүрүлдөп бир машине келип токтоду. Көрсө ошол машине менен бир-эки киши
жардамдашып апкеле жаткан катуу оорулуу адамды карбаластап жеткирген экен.
Вася эшикке чыгып да үлгүргөн жок. Келе жаткандарга жол берип, ал коридордун
эшигинин жанына жабышып туруп калды. Кирген топтун алдында «Кызыл жылдыз»
колхозунун экинчи бригадасынын бригадири, Ильяска тааныш Зуура эже келаткан экен.
Ал өзүнүн бир ийнине оорунун бир колун артып, өзү эңкейе түшүп ооруну кучактап
алган. Оорунун экинчи жагында колхозчу жаш кыз — кара чачы бетинин жарымын
баскан, чолок мурун, кой көздүү капкара кыз эле. Ал да оорулууну экинчи жагынан
сүйөмөлөп кирген. Ушу эки колхозчу аялдын ортосунда өңү купкуу болуп качкан, узун,
кызгылт чачы жалгыз өрүм болуп оң ийнинен ашып, тизесине чейин төгүлүп чубалып
кеткен. Кабактары чытып, эки көзүн жумуп, катуу кыйналып, ыңгыранып келе жаткан
өзгөчө сулуу жаш кыз көрүндү.
Ильяс тааныбай калган эле. Эми баамдап көрсө мурун көргөн адамы сыяктуу. Бирок
али ким экенин дааналап билген жок. Анын оң колу бөтөгөсүнө тийген куштун
канатындай ортосунан сынгандай болуп салбырап жүрөт.
Өзүнүн кезеги жетпегенине ызалана түшкөн узун скамейкадагы тармал чачтуу кара
жигит Ильяска карап бирдеме деп күңк этип: «мени качан?» деди.
Ильяс жооп айтууга да үлгүргөн жок. Ал мынабу келген ноокаска тезинен жардам
керек экенин түшүндү. Орто жаштагы, өткүр көздүү, омуроолонгон эркин мүнөздүү
Зуура эже бажылдап сүйлөй берди. Ильясты мурун бир нече жолу көрүп, бир-бирин
билише турган.
— Жарыгым, иним, атыңызды унутуп жатам, айып этпе! — дей бергенде Ильяс
башын чайкап «Ильяс» деди. Ошенткенде ноокас кыздын алагай, сургулт, нурлуу көзү
азыраак ачыла түштү. Ильяс эми тааныды. Ал Айсулуу эле.
Кыз «Ильяс» дегенде кулагына тааныш ат болгондуктан көзүн ачтыбы? Эми ал да
дарыгер жигиттин өңү-түсүн жанына баткан оорунун азабынын үстүндө саал элестете
берген эле.
Зуура али да бажылдап, ашыгып, омуроолоп, төркү бөлмөгө карай басып баратып:
— Чырагым, Ильяс, менин мынабу кызымды тез карабасаң болор эмес. Колунун
сыныгы барбы, өзүм да билбейм. Ушундай абалга жеткире көрбө! — деди Ильястын
өзүн чегиндире жогорку бөлмөгө кире беришти.
Ильяс өз ордуна, оозгу үйдө отурган жигитке көрүнүп турган бурчуна чегинип барып
турду да, жөн-жай сурады. Зуура айтып жатты. Кийинки бардык күндөрдө «Кызыл
жылдыз» колхозунун төрт бригадасынын ичинде алдыда келе жаткан звено ушу
кызымдын, мынабу Айсулуунун звеносу эле, дегенде Ильяс Айсулууга дагы көз
кыйыгын жиберди. Азыр анын жанагы аппак жүзүнө эми саал бөлөкчө түс аралашып,
чымырап кызыл толкун кан ойноп, кабагын чытып, катуу оорусун билдирбей, онтобой
тек гана бир үн, бир калыптагы ар ыргактуу үн менен «о-о» дей берди. Зуура дагы эле
сүйлөп жатты:
— Пахта терүүчү машиненин үстүнөн бир топ пахтаны кучактап түшүрөм дегенде
ашыккан го, капилеттен кучактаган пахтасы менен сүрүнүп кетип бийик машиненин
үстүнөн учуп түштү. Жаңы гана көз алдымда, карачы мына, ошондон колу сындыбы,
чыктыбы билбеймин. Ушу оң ийни менен кулады эле, жери кургур да катуу. Кана эми
мына өзүң... — деп алды да, эки аялдын кучагынан атайын бошогон Айсулууну Ильяска
карай түртө берди.
Айсулуу: «колум, о-о» дегенден башка эч нерсе айта алган жок. Ильяс оболу
ишенимдүү дарыгер Пётр Иванович көрсө деп ойлогон. Сынган болсо ойдогудай эмдей
ала турганына күдүктөнгөн. Бирок ошондо да сыныкпы, же бөлөк экенин билүү керек.
Азырынча укол берип ооруусун басаңдата алдырабы! Кандай болсо да карап көрүү
керек. Ошону менен азыраак бүктөлгөн, уйпаланган ак кофтаны бир ыптасынан
кармады да: «мына муну чечүү керек» — деп Зуурага карады.
Айсулуу чочугандай саал тартынып кымсына түштү да, сол колу менен
жазгангандай болуп ооруган жагын көрсөтө берди.
— Ушул туш, мынабу жер. О-о, ошондой-ошондой...—. деп талыкшып артындагы
Зуурага сүйлөнүп отурду.
Зуура жанындагы кызга ээк какты да Айсулуунун кофтасынын топчуларын чечип,
ыкчам, анын каршылыгына карабай, оорсунганына да, онтогонуна да карабай, кофтаны
оң колдоп экөөлөп тез чечип алып, эми башынан шыпырмак болгондо:
Ильяс «болот, жетет!» — деп койду.
Айсулуу капталындагы кофтасын бошогон жеңи менен кошо кысып, өзүнүн томпогой
төшүнүн үстүнө кармап калды. Өңү маңдайына чейин, ээгине чейин жука кызыл менен
кечки күндүн боёгу чалгандай бир толкуп кызарып кетет да, бир эсе кайтадан агарып,
сурдана берет. Кантсе да оң ийни аппак болуп ачылып, оң колу шалдырап Ильястын
алдында турду.
Бул кезде Ильястын көзү жаш кыздын илдети эмне экенин баамдаштырып, ичинен
саал кубанып да калган. Сынык эмес экен. Ийин жагы да эмес, чыканагы. Чыканагы
чыгып кеткен. Катуу үңүрөйүп турган оюлган жер чыканактын ордунда айкын билинип
турат. Оң колдун чыканактан төмөнкү жагы үзүлүп түшчүдөй жансыз болуп бошоп
калган.
Жаш жигиттин алдында ийини, капталынан ачылып калышы Айсулууга оору менен
кошо баткан кошумча дарт болду. Ал эми Илясты алда качан эсине түшүрүп таанып
турат. Эмнеси болсо да тезирээк болсо экен дегендей, өзүн амалсыз Ильястын эркине
берди, Ильяс мунун далдыраган оң колун чыканактан төмөнүрөөк билегинен кармап
турду. Майда үлбүрөгөн мрамор жылтырагындай сүйкүмдүү дене көзүнө урунду.
Ийнинен төмөн карай аппак колуна көзү түшкөн Ильяс турмушунда аялдын колунун
мынчалык актыгы менен сулуу келбетин, жакшынакай келбетин көрбөгөн. Ал бир жолу
гана Москвада экскурсияда эски грек сулууларынын ийин, колдорун ушундайча
сомдогон Европанын ажайып скульптор сүрөтчүлөрүн бир саамга эске алып
салыштыра берди.
Зуура менен кара кыз кетенчиктеп барып туруп калышкан. Кыздын оң далысы
ачылган калыбында ошол ийинден ашып түшкөн калың кызгылт, саал саргыч түсү
аралаш жоон өрүм чачы да алдыртадан өзгөчө жарашыктуулук менен көрүнүп турган.
Дал ушул сүрөттү оозгу үйдө скамейкада өз жарасын таңып отурган тармал чачтуу, зор
кара жигиттин көзү бир чалып калды. Ал бутун сүйрөп скамейканын четине карай
аркасы менен созула көтөрүлүп, эми тармал чачын артына карай салаалап кайрып
таштап, суук көзү азыр өзгөчө тикирейе кадалып Айсулуунун ажарлуу жүзүнөн башы
айлангандай, элейип эси кетип көзүн алалбай отуруп калды. Ал Ильястын колун
көрбөдү. Айсулуунун колунун сынганы менен, мертингени менен жумушу болгон жок.
Тек гана өз ишинен: «Бу эмне деген шумдук сулуу! Бу кайдан чыккан перизат. Бул ким,
акетай!» — дегендей эткээл ээги төмөндөп, оозу да ачылып кеткенин байкабады. Тек
көзү менен Айсулуунун жүзүн, келбетин куштарлана, кумарланып жутуп жиберчүдөй
болуп турат.
Айсулуу болсо: «азаптуу дартка учурадым. Же өлүп каламбы. Эч болбосо апам...
үйдөгү Арман билсе...» Зуурага карап өмүр менен коштошчудай бурула берип,
сынганын да, эмне кылганын да билбей оору да кенедей басаңдабай, жанын
суургандай кыйнап турган колун сол колу менен сүйөп сыйпамак болгон. Ошол чакта
ийнинен төмөн созулган дагы бир кол ак жумур билегин катуу кысты да, жигиттин
экинчи колу чыканагынан төмөнкү салбыраган билегин темирдей катуу кысып алды.
Кыз кабагын чытып: «О-о» деп ыңгырана бергенде жанагы эки кол өчөшкөн жоодой
катуу жулкуп тартып алды. Айсулуу кулап жыгылды. Зуура да, Ильяс да бир колун
бошотуп, аны кучактап калышты. Жулкуп тартканда кылыч менен чапкандай катуу
ооруду да тып басылды. Дал ошол саатта чыканак уюп, талып, мурунку оорусунан
арыла берди. Жигит катуу оорутуп жулкуп тартып, төмөн басып калганда чыгып кеткен
чыканак шырт этип, Зуурага да угулуп ордуна келген. Эми сынык да, оору да жок,
заматта кан буугандай тыйылып калган оорунун ордуна ошол жанагы оңурайган жерде,
эки муундун арасында уюп талыган жылып аккандай бир созулуңку талмоорсуу гана
бар. Бул абалды, заматта болгон өзгөрүштү Ильястын өзү менен катар тажрыйбалуу,
сезимтал Зуура мурдараак байкаган. Ал кыйкырып жиберди.
— Колуңа кубат берсин! Айланайын, иничек! Олуя экенсиң го. Табып экенсиң го
айланып кетейин, Ильяс, Колун ордуна келтирип жибердиң го. Басылды, эми оору
тыйылды го, айланайын Айсулуу, айтчы! — деп биресе Айсулууга, биресе Ильясга
жалтактап карай берди.
Ильяс кокустан Айсулууну ушундай катуу оорудан тез куткарып калганына өзү да
кубанган эле. Акырын күлүп алды да, кызарып кетти. Айсулуу чыканагын тек аймалап,
сыйпалай берип: «Ух, оору басылды, апажан. Апажан, агажан»,— деп Ильяста чоң
алкышка толгон нурдуу сур көздөрү менен тигиле карап, бир топко турду. Жигит ага
ошончолук жакын көрүндү. Азыр анын Ильястан аяй турган эч нерсеси жок сыяктуу. Бир
гана сый-урмат...
Ал өзү иш бүткөн чыгар деп ойлогон эле. Ильяс аны саал үнсүз токтотту да, оң
колун томугунан бүктөгөн жагдайда көөдөнүнө жакын көтөртүп, көөдөнүн саал бастыра
карматып койду. Зуурага карматты. Өзү дароо бинт алып жазысынан келген калың
түрмөк бинт менен Айсулуунун мойнунан ашырып оң колду көтөрө билегинен ороп,
кенен, жайлуу асма жасап берди. Бул ишти ал тез, чапчаң бүтүрө алган жок. Анткени
көп орош керек эле. Ар убакыт Айсулуунун мойнунан колун ашыра кош өрүм чачтын
астынан өткөрүп бинт жүргүзүп туруп орогон. Кызгылт келип, кээ жери саргыч
сыяктанган оор өрүмдөр мунун колунун, кош колунун экөөнүн тең үстүнө өз салмагы
менен окчун-окчун кулай түшүп жатты. Бинтти мойнунан орогон кезинде ал сан ирет
өзүнүн сол жак бетинде, кулак тушунда жаш кыздын саал дирилдей чыккан үзүк-үзүк
ысык демин сезип жатты. Өзүнүн дарыгердик тажрыйбасынын аркасында Ильяс
мындай толкундуу убакты жана ушундай колмо-кол түрдө оңунан чыккан түйүндү
билген эмес. Ал өзүнүн ошол дарыгердик тажрыйбасы оңтойлуу болуп чыкканына катуу
сүйүнгөн эле.
Аздан кийин Ильястан бир-эки күндө жасай турган дарыгердик жоболорду Айсулуу
менен Зуура угушуп баш чайкап турушту да, акыры бардыгы күлүшүп, алкыш айтышып
коштошту. Оозгу үйдөгү жигиттин суктана караган көздөрү Айсулуунун кофтасы кайта
кийилгенче анын жука кызгылт сулуу эриндери саал-саал козголуп, сүйлөп турган
кездеринде кирпик ирмебей карап отурду. Азыр Айсулуулар мунун жанынан өтүп,
эшиктен чыгып кеткенче өзүнүн жүзүн дарыгер бөлмөсү жакка бурган жок. Өз жарасын
такыр унуткандай селейип калды.
Ильяс болсо азырынча анын көөдөнүндөгү өзгө сезим эмес, дайыма оюнда турганы
өзүнүн жардам берүүгө жарагандыгы жөнүндө. Оболу кыйналып келген Айсулууга Пётр
Иванович болбосо өзүм жардам бералбасмын деген эле. Ал өзүнүн студенттик
дарыгердик тажрыйбасында бул кезге чейин сынык менен да, мертинген жер менен да
кездешип көргөн эмес. Ажайып бир абал болду. Азыркы Ильяс дарыгердик окуу
иретинен алган билими боюнча аракет кылган жок. Жанагы Зууранын айтканындай
чыны менен ал табыпча аракет жасады. Бир жай бою Жайык өрөөнүндөгү айылына
эжеси Асия менен бирге барып дем алышта жатканда 13—14өгү Ильяс өз көзү менен
элден чыккан табыпты көргөн. 16—17 жашар эки жигит кечке жакын айылдын жанында
күрөшүп, жыгылган баланын чыканагы жанагы Айсулуунун чыканагындай болуп чыгып
кеткен эле. Ошондо карыялардын арасындагы бир картаң уста колу мертинген
баланын чыканагын Ильястын, башка бир топ балдардын көзүнчө төмөн карай жулка
тартып, ордуна салып койгон. Ал тажрыйбаны анатомияны окуган кезде Ильяс эсинде
туткан болсо да, өмүрүндө табыптык аракет кылып көрөм деген эмес болучу.
Жана ошону кандай колдонду, оюна кандайча келди, кимге колдонду, кантип гана
Айсулуунун керегине жарады, ушуларды ойлогон сайын ал өзүнө, өз билимине, өз
тажрыйбасына ыраазы болду. Түпкүлүгүндө бул дарыгердик кесипти кадырлай турган.
Өз илимин сүйүп, өтө ынтаалуу, зээндүү, бардык профессорлоруна жаккан окуучу боло
турган.
Жеңил-желпи иштерди студенттик тажрыйба боюнча соңку эки-үч жыл бою
тажрыйбалуу докторлордун карамагында иштеп келгени менен, дал мына мындай
капилеттен кездешкен бетме-бет чукул келген оору адамга жардам бергенде өз
алдынча иштеп көрбөгөн эле. Азыр колунан жардам келгенине ыраазы болсо, өз
өмүрүндөгү ошол биринчи тажрыйбаны чыныгы жардамга Айсулуудай жанга көрсөтө
алганына ыраазы да, кубанычтуу да, Ушул кезде ал себеби эмнеликтен деген суроого
жооп бере албаса да алда неден Айсулууга да ичинде аяныч менен бирге алкышын
арнап калгандай. «Чын эле сен келдиңби, жардамың тийген жан сен болдуңбу? Кандай
элең, кандай гана кезиктиң! Кандай гана абалда сага кездештим?» — деген сезимдер
ичин алай-дүлөй калды.
Ал жаңы гана кеткен Айсулуунун бой-келбети, жүзү бүткүл калыбынан кандай
таасир калды десе кыздын мойнунан бинт менен өткөн колдорунун үстүндө алиге
сезилип турган бир салмак бардай. Ысык, сүйкүмдүү салмак. Ал тыгыз, катуу, жоон
өрүлгөн кош өрүмүнүн Мунуң кош колунун сыртына улам уруп, оор салмак менен андасанда тийип жаткан кездери. Ильяс азыр да өз колдорунун сыртында ошол мурда эч
күтпөгөн, баамдап болбогон, үлгүрбөгөн сүйкүмдүү салмактарды сезип турду.
Ушу күнү кечке маал Ленин районунун борбору Жийдели кыштагында туруучу
райондук керек-жарак кооперативинин башчысы Абил Мажиндин үйү пахта
машакатынан оолак, тынчтыкта болучу. Короосунда чоң жүзүм багы бар. Шабдаалы,
алма, өрүк, алча сыяктуу жемиштердин чоң көлөкөлүү бийик дарактары курчаган көк
чатырлуу келишимдүү райондук үй—Абил Мажиндиң үйү. Мунун жемиш багына караган
айнектелген верандасында үй-бүлөсү кечки чайларын ичип отурушат.
Үй ээси жок кезинен пайдаланып чайчыл, тамакты тап менен ичкен аялы Асел өзү
сыяпаттанып иче турган кечки чайдын кезин, убагын көбүнчө ушу верандада өткөзө
турган. Самоорго кайнаткан чайды ушул жердеги жалпак столдун жанында, калың
төшөктүн үстүндө килем-килче жайган төрдө отуруп ичкенди жактырчу.
Кызыл күрөң жибектен өзбекче төшүн буруп тиктирген кең көйнөк жерге отурууга
жайлуу, ыңгайлуу. Калың кара жылтыр чачын ак жибек жоолук менен жартылай
бастыра салынган, сезиминен келген, кашы коюу, кызыл жүздүү Аселдин кулагында чоң
алтын сөйкө. Колдору толгон акактуу, акаксыз алтын шакектер.
Аселдин жогору жагында казакча кемсел, боз көйнөк кийген, башына жоолук
салынган картаң эне олтурат. Анын кыйшык көздөрү кирпик какпай, эч кимге карабай,
ууртап отурган пиалага гана кадалгандай. Бул эки аялдын жанында жаңы келип чайга
отурган зор денелүү, тармал чач кара жигит, күндүз Ильяста дарыланып жүргөн баягы
жарасын таңып, бинттелген Сагыт отурат.
Сагыт мертинген бутунун өтүгүн чечип, жалпак столдун астына кере созуп, өзү
столго чыканактап жантая отурган. Кемпир чай куюп отурган келини Аселге акырын
гана күбүрөп: «жаздык берчи, чыканагына жаздык коюп берсеңчи» — деди.
Асел денеси болук, өзгөчө толуктугуна карабай отуруп-турганда баскан-турганы
жеңил. Энесинин айтуу боюнча ал эки жаздыкты кайнисине апкелип чыканагына төшөп
берди. Үнсүз түксүйгөн түнт Сагыт жаздыктарга сүйөнө отуруп, жеңеси менен апасына
далысын салып, кыйшая чайды сонуркап ичип отурду. Анын бутунун сөөгү аман. Күндүз
аттан жыгылып ташка урунуп, жилигинин үстүн жаралап алган.
Ильястан алган өз убагындагы жардам канын токтотуп, дарылануу жагынан муну
тынчтандырган эле. Жаратылышында аз сүйлөгөн жана шаар жеринде жүрүп окуп
өскөн бул жигит үй ичине бутунун жарасын да көп айткан жок.
Сагыт менен аңгеме узакка созулбай турганын энеси да, жеңеси да билет. Аны тим
коюп эми экөө өздөрү жанагы чайдан мурун үзүлгөн аңгемесине кайта киришти. да
сөздү энесинин эсине салып кайрадан баштаган Асел болучу. Энесине саал гана көз
кыйыгын салып, нурлуу жүзүн буруп койду да:
— Жанагы үйдүн жасалгасын качан көрдүм дедиңиз? — деди.
— Ушул жазда. Ошол Наймандардын айылынын бир өлмөсөк табып чалы —
Кенжебек. Уктуң го, билчү элең го?
— Э, билем.
— Ошонун жетилигине көп аксакалдарды чакырбадыбы? Өтө көп киши жыйылган
экен. Өзүнүн айылына сыйбаган, батпаган адамдардын бир азын жакын
кошуналарыныкына, жакындарыныкына киргизбедиби? Мен бир топ кемпир-чал менен
ошол жанагы өзүңө айткан Нурбүбү деген жесир катындын үйүндө болдум. Ошондо
анын үйүн көрдүм дебедимби,— деп аңгемеге кайта киришип чайды иче түшүп,
кирпиксиз кичине көзүн алдына тикирейткен кең таноо сур кемпир сөзгө кайра кирди. —
Айтып жүрөм го, ошол жесир катындын жыйган-тергени мына мындай эки керегинин
экөөнү бирдей тээ төбөгө чейин толтуруптур бүтүн.
Жасалга-жабдык, кымбат буюм, үй ичи мүлк-байлык дегенге бүткүл ынтаасы менен
берилген Асел тамшанып коюп энесине толук денесин буруп алды.
— Өзү жесир катын болсо, аларды кайдан жыйыптыр? Анын колуна ошончолук
жасалгалар кайдан түшүптүр?
— Кайдан дегениң кандай? Анын күйөөсү фельдшер болуп көп иштеген. Айылда
туруп тапканы да көп болгон. Катыны Нурбүбү да ошондой, колу ишмер, күтүмдүү
эмеспи. Колунда тарбиялап-өстүрүп отурган уулу, кызы бар. Өлүм барда каза бар,
жыйнап терип, чогулта берген да. Алдыдагы күнгө деп кызына сеп, уулга жабдык деп
чогултат да андай энелер.
— Э, Нурбүбүнү мен да билем. Ал ошондой мээнеткеч. Пахтада жыл сайын иштеп,
көп таба турган катын, мата-бөздөрдү ушу өзүбүздүн Абыкеңдерден алгызып, колхоз
менен райондун жетекчилери ошого сыйлык да бере беришчү. Кана, ошонун себин
айтыңызчы эми! —деп өзү эңсеген жайына кайта келди.
— Айтып жатам го, тигил сенин ашканаңдай бир кең бөлмөсү бар экен. Анын эки
керегеси үйдүн төбөсүнө чейин тирелген. Кадимки мурунку сегиз канат үйлөрдүн
ичинде боло турган буюмдар. Шырдактар катар салыныптыр да, андан ары эки жерге
боюн катарлаштырып узун сырдуу сандыктар жасаптыр. Ал эми ошолордун үстүндө кээ
жерин кымкап менен орогон килем, жуур. кан, жаздык ар түрдүү кооз чачпактары
салбыраган ажайып жасалгалар, жаркыраган кадимки чолпудай. Төшөктөрү жөн төшөк
эмес, кыжымы төшөк, шайы төшөк. Жаздыктары да бир башкача. Жибек төшөктөр да
аземделип жасалган. Бир нече жерде кооз куржун күмүштөгөн идиштер. Ал эми жерге
коюлчу жаздык дегениң андан көп. Жанагы жасалгалардын оюу эмес, күмүшүн ар жерге
чегелеп көз-көз кылып оюулаган. Айтор айта берсе түгөнбөйт. Күйөөгө тийсе кызы да,
аял алса уулу да жасалга-буюмдан кемчил боло турган эмес! — деп табы менен
куюлган кара чайды кең таноо кемпир шашпай иче берди.
Асел энеси көргөн буюмга кызыкканы ушунчалык — аңырайып кадалып карап үнсүз
баш ийкеп, тамшана берди. Энесинин сөзү токтогон соң, ал эми эсин жыйып, бир нерсе
түшүп, ордунда козголуп, күржүгүй денеси энесине карай бурула берип:
— Энеке-ай, билдиңизби, ошол Нурбүбүнүн, эсиме жаңы түштү, ошол Нурбүбүнүн
бойго жетип отурган жакшы кызы бар! — дей берди да, жайык кызыл жүзү менен
жаркырап күлүп жиберди. — Ал үйдө кыз болсо, бизде уул бар дегени турасыңбы?
Сагыт болсо окуусун бүтүрүп, кызматына жайгашып, колубузга келип отурат. Айтты-
айтпады, ушу жалгыз кайнимди үйлөндүрбөй, андан кийинки кенже балага аял алып
бербей отурасыңбы? Биз карап отурабызбы? — деди.
Ал өзүнүн пешенелүү жүзүн эми кырынан отурган, али да унчукпастан чайды гана
ичүү менен бейкапар отурган кайниси Сагытка жооп күткөндөй кадала түшүп, айтаар
сөзүнө кулак салып калган эле.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 05
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.