Latin

Өскөн Өркөн - 03

Total number of words is 4084
Total number of unique words is 2073
29.4 of words are in the 2000 most common words
40.9 of words are in the 5000 most common words
47.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
кокуй»,— дептир. «Ким» — деп дагы тап бергенде: «Айткан Күлканыш — Гуля деген
катын»,— деп бакырыптыр.
Күрсү кармаган периште экинчи периштеден: «Ал кайсы катын?» — деп сураптыр.
Ошондо ал: «Тигил кайкы мурун, калың эрин, узун бойлуу тамеки тарткан кара
катын»,— дейт.
Ошондо баягы «Ревизордогудай» «Апкел Ляпкин-Тяпкинди» дегендей, «Апкел
кайкы мурун кара катынды» — дептир. Эми бир саамда делдектетип желкелеп ушакчы
катынды апкеле калат. Тергөөгө алып жиберет. «Айттыңбы, сенсиңби, ушак тараткан,
алиги ушакты тараткан»,— дей бергенде, ушакчы катын болобу, танып кириптир,
«Оңбой калайын, айтканым жок. Качан айттым, ким көрүптүр? Айткан кишини мага
апкелчи, мойнума салгызчы, таксыр!» — деп бажылдай бериптир. Бирок ал өзү наадан,
кудайдын агенттери турганын кайдан билсин. Дароо эки периште Карман-Катибан оң
ийин менен сол ийинде туруп, бүткүл кылмышты жазып турчу эки периште
китепчелерин сууруп алып жайып салыптыр. «Ш-нын үйүндө айтканың кайда? Тоодо
жүрүп Ж-нын үйүндө айтканың кайда? Шаарда май майрамы күнү К-нын үйүндө
айтканың кайда?» — деп такмазалап далилдеп мойнуна салып жиберет.
Ошондон ары кылдан ичке, кылычтан өткүр сыярат көпүрөсүнө карай кара катынды
итерип келип жиберет. Ал эки кадам жерге барбастан ушак күнөөкөрлөрү төңкөрүлүп
кетип, от дарыясына күп этип барып түшүп кетиптир,— деп артист аңгемесин бүтүргөн
эле.
Муну менен ушакчы катындан өзүнүн да кегин алып, башканын да далай эзесин
кайрып берген эле. Анткени угуп отурган эркектин далайынын катындарын өздөрү
менен уруштуруп, мушташтырган дагы ошол ушакчынын өзү болучу.
Жандос Асияга бул жайды ушунчалык ынтаа менен кызыктуу кылып айтты. Өзүнүн
сергектик менен көңүлдөнүп, кызыктуу, күлкүлүү өнөр көрсөткөн артист аңгемечил
талантын көрсөткөн эле. Асия аны угуп туруп өзүнүн сүйкүмдүү, омоктуу күлкүсү менен
көзүнөн жаш акканча күлгөн. Анын эсине жаңы түштү. Ушакчы кара катынды бир
жазуучу «Бүткүлказакстандык ушак борбору» деп атыктырган экен. Кийин Нил
Петровичтин жанына келгенде Асия ага жанагы анекдотту чеберлеп айтып берди да,
жазуучу айткан атакты жеткизгенде Карпов да кызыга күлдү. Ал Асияга кызыктуу бир
корутундуну айтты:
— Зилинде аялды аял жакшы түшүнүү менен бирге өтө жакшы мыскылдай да
билет,— деп келди да, азыркы казак совет коомундагы кемчиликтин бири ушу
алгоолошкон аялдар жайы деген сөздү баамдаганда ал кыска чечим менен айтылган
бир бүтүмдү айтты. — Андай кемчилик да бар, бирок ошондой кемчиликти жакшы түзөй
турган сын да бар экен коомдо. Мындайча айтканда коомчулуктун ортосунда уу болсо,
ошонун заарын кайыра турган амал да бар. «Есть яд, есть и противоядие»— дегендей.
Уунун башатын жоё турган амал жанагы күлкү, мыскыл, азил. Андай уунун ушундай
ылайыктуу дарысы коомдун өзүнөн чыкканы асыресе баалуу,— деди.
Ушундан кийин кино баштала турган болуп, булардын тобу залга кирип, арткараак
катардан орун алышты. Булардын алдында эки катардан ары Айсулуу энеси менен
бирге орун алган экен. Баягы жоон топ эжейлер эми картачы күйөөлөрүнө кошулуп
киного келишиптир. Алар Жандос менен Карповдордун артында экинчи катарда,
ушулардын тушунда отурушту.
Көчмө кино адети боюнча улам үзүлө берди. Алгачкы үзүлгөн бир кезде Жандостун
кулагы чалып калган артында отурган эркектердин жагымсызыраак бир сөздөрү болду.
Күбүрөп сүйлөшүшсө да даана угулгандары:
— Кайсы дейсиңер?
— Ай, жанагы сулуу кыз дегениңер кайсы?
— Өрүм чачы билектей болуп тигинде бирөө отурат го.
— Кайсы-кайсы! — деп алгачкы сураган эркектин добушу дагы катуулап чыгып: —
Мен жакшылап көрө албай жатамын, алдымда отурган — башы чоң неме ал кызыңдын
өрүмү түгүл бүтүн боюн денеси менен жаап алды,— деп туруп: — бул аркардын
кулжасынын башындай болгон ким? — деп күлдү.
— Ии-и тетигил кыз го, желке жагынан караганда да асемдүү, чачы да көркөм экен.
Бети, мойну да аппак сыяктанат. Кап, дагы бир баш... жаап алды,—деп калды.
Сөз болуп жаткан өзүнүн башы экенин Жандос анык баамдады да, артына карай
шашпай бурулду. Өзүнө тааныш маданият кызматкерлеринин төртөө катарлаш отурган
экен. Ортодогу, жанагы соңку жолу үн катып, мунун башын сөз кылган ак чачтуу, жалпак
беттүү кишини тааныды. Анын бети жалпак болгону менен чеке, төбө жагы куучуйган
киши эле. Жанында отурган коңкогой мурун, коңур чачтуу киши да чакча баштуу неме.
Сол жагында отурган ишмер кашка баш сыяктанганы менен, ал да кичине баштуу киши
эле. Үчөөнү тең Жандос таануучу. Жанагы сөздөрүнө ылайык оболу амандашты да,
андан соң:
— Сиздер менин башым тууралу азил айттыңыздар го. Азилге азил менен жооп
берели,— деп күлдү да,— «тегибиз башка жарыган казак эмес элек, ортоңуздарга бир
дурус баш кез келген экен, аны да сөз кылып калыңыздар»,— десе эмне
демексиздер,— деп өзү да күлдү, жанында отурган Асия алдыңкы айтылган сөздөрдүн
баарын угуп, ызалаңкырап отурган калыбында катуу, өтө кубанып күлүп жиберди.
Мунун мыскыл азилине учураган топ анык уруп жыгар соккуга учураса да, ал
жараны күлкүгө чаргытып, азилдерине жеңил тийгизмек үчүн кыткылыктап, шалактап,
кээ бири арсылдап күлүшкөн болушту. Бирок айланада турган элдин баары Жандостун
мынабу аңкоосунуп, бейпил ооздонуп отурган ээнбаш одоно топту селейте уруп
жыккандай жазалай мыскылдаганына тегиз ыраазы болушкан.
Жандоско кубанган коңшу отурган сыпайы эркек-аялдар анын башына, жай-баракат
отурган профилине, чоңураак муруну, кең маңдайына, сулуу бүткөн чоң башына
жарашып турганын эриксиз моюнга алышты. Ага бул жагынан да кубана карашты.
Адетте өзүнүн келбетин өзү сөз кыла койбогон жоош, маңыроо Жандос өзүнүн
башы тууралуу кээ бир кызматташ дарыгерлеринин, маданияттуу адамдардын сыпайы
урматтаган сөздөрүн эсинде сактай турган. Эң чоң окумуштуу, билгич, картаң дарыгер
профессор бир убакта Жандостун келбет-сынына көңүлү толуп:
— Жандос Асановичтин баш, бет келбети эски Римдин патрицилеринин
келбетиндей,— деген эле. Азыр жанагы ээнбаштарга ызаланган Жакең өзүнүн башын
кепке алып, ойдо жоктон өзү да мынабу жердеги топко салып жиберди.
Келерки күнү эртең менен тамактан кийин Жандос Айсулуу менен Нурбүбү экөөнө
акыл салды.
— Деги ушу дем алуу үйү тар дагы, сүрмөй топ. Аштамагы болсо ашкананын гана
тамагы. Нурбүбүгө жакшылап ылайыктап басып бере турган палоо да, баптап-таптап
бере турган чайы да болбой турат. Деги быяктан көрө тыяктын, шаардын өзү жакшы
болбос бекен. Анда биздин эже, өзүңөр билесиңер, болгон ашын баптап кармайт. Жана
шаарда Айсулуу ар жерди, маданият жайларын, гүл-бакчаны аралаймын десе, жакын
жер жайлуураак да болор. Өзүм да эки-үч күнгө шаарга барып келип турамын.
Ошентип, меймандарым,— деп күлдү да,— ушу кызга менин жанымдан көрө эженин
жаны жакшы болор, кандай дейсиңер? — деген.
Бул сөзүнө Айсулуу эң алды менен: «Өтө жакшы, агай, ошол жакшы» — деп калды.
Нурбүбүгө мынабу жердин өзүнө мурда үйрөнүп көрбөгөн жагдайлары: отуруш,
туруш, жүрүштүн бүткүл шарттары оңтойсуз көрүнө турган. Ал да ичинен Жакеңдин
ушунусун Айсулуу тескери көрбөсө дурус кеп го деген эле. Азыр сыпайы күлдү да:
— Чынында бизди шаардагы чоң эженин жайына жибергениңиз туура болор,—
деди.
Жандостун мындай дешине түндөгү эркектердин суктана сүйлөгөн одонороок
сөздөрү, мүнөздөрү себеп болду. Экинчиден, кечээ кечке ушунда жаткан бир топ
аялдар тууралу Асиянын айткан сыны да себеп болду. Эми баамдап көрсө Жандос
кечеги Асиянын сыны менен ачуу сөзү да жөндөн-жөн эмес, белгилүү бир себептен
келип чыкканын ойлоду. Кечээ өзү сурабаса да, бүгүн эми 'Асиянын сөздөрү да Айсулуу
үчүн нааразы болгон, аны коргогусу келген камкордук ниеттен туулган нерсе экенин
жаңы баамдаган.
Ушуну менен дем алуу үйүндөгүлөрдүн эч кимисине коштошпой эле Нурбүбү менен
Айсулуу шаардан жаңы келген Асиянын машинесине түшүп, убактылуу шаарга барып
келгени машинесин чакырткан Асиянын жанына отуруп калаага кайтышты.
Булар кетерде Асияга тапшыра турганы бар Ильяз машинеге чукулдап келген эле.
Айсулуу ага чоң нурлуу көзүн кыйгач гана бурду да, тезинен башка жакка карап кетти.
Ильяз Айсулуунун кечээ мындан үрккөндөй болуп, сыртын салган мүнөзүнөн ыза көрүп
калган эле. Бул да көз кыйыгын салып карап отурган Айсулуунун сузураак, сулуу
жүзүнө томсоро бир ирет көз жиберди да, Асия менен сүйлөшүп турган чагында кайта
караган жок.
Асиядан анын сураганы: студенттерди, асыресе мунун курсун күзгү айыл
чарбачылык жумушуна жиберер бекен, Жиберсе качан, кай жакка жиберер экен?
Ошону сураштырып биле келүүнү өтүнүч кылып калды.
Машине козголор чакта Айсулуу менен мунун көздөрү чагылышты да, бирине бири
болор-болбос гана баш ийкешип ажыраша берди. Ильяс машиненин артынан карабай
чукул бурулуп кетти.
Узун, шыңга бойлуу, коюу кара каш, чоң нурлуу көздүү аккуба жигит таң эртеңки
салкын абада жуунуп, таза кийинип, ак кийинип чыккан калыбында көркөм, сулуу эле.
Кийим үлгүсү, тазалыгы, күтүмү да муну анык маданияттуу чоң калаанын үлгүлүү,
өнөрлүү коомунун жаш, жакшынакай жигити дегизгидей. Анын өз көңүлүндө өз баасын
толук биле турган орунтуктуу сезими бар. Ошондуктан жаңы гана көз алдынан жаш
сулуу кыз буга салкын карап, муну байкабагандай болуп элес албай кеткенине өзүмчүл
жаштык санаасы, сезими менен алдагандай ызалуу кек сактап калды.
Асия түшкү тамакка дем алуу үйүнө кайтып келгенде өзүнөн жашы улуу Жакең
менен Нил Петровичке кичүүлүк кызматын кылып келгенин айтты.
— Бириңиз дем алышта, бириңиз али жумушка кирише элек болгонуңуздар үчүн
мен бүгүн кечинде сиздерге жакшы эрмек болсун дегендей даярдык жасай келдим,
Билбеймин, сиздерге жагабы, жокпу? Кыскасы бүгүн ишемби болгондуктан казак
филармониясында чоң концерт болот. Ошого үчөөбүзгө билет алып келдим. Кандай
дейсиздер? — деди.
Нил Петрович буйдалбастан алкыш айтып, кабыл алды:
— Мен өзүм да Алма-Атада ушундай турган чагымды пайдаланып, азыркы казак
искусствосун, мүмкүн болсо ошол филармония, опера, алтүгүл драма театрын да көрүп
калайын деген элем. Мунуңузга чоң ыракмат. Мен барамын! — деди.
Жандос да акырын сүйлөп, сыпайылык иретиндеги
алкышын айтты. Ошону менен бирге: «кимдер бар экен азыр, кимдерди угат
экенбиз?» — деп сураган эле.
Ага Асия нагыз даана жооп берди.
— Бүгүн эң оболу Курмангазы атындагы эл аспаптар оркестри, хор капелласы, Роза
Багланова, андан кийин эл обончулары арасында Камал Аманова да бар,—деди.
Акыркы артистти айткан кезде Жакең саал кабак чытып, бир жак таноосун
былкылдатып алды.
— Анын радиодогу элдин кулагынын кужурун алып, угуучуну күнүнө үч ирет беймаза
кылып убарага салганы аздык кылабы! Казактын концерти болсун, радио болсун
Камалдын оюнунун катышпай калган учуру жок. Жакында жалгыз Камалдын обонунан
мазеси кеткен топтун арасында отуруп бир акындын: «Казак обону башталса тыным
алар Камал жок, безип кетсең да кутула турган амал жок» — деген сөзүн уккан жок
белеңер? — деп сурады.
Асия күлдү да, ушу дем алуу үйүндө болгон кезде Камалдын радиодон аты аталган
сайын Жакеңдин ар түрдүү өткүр сын сөздөрү менен обончудан өч алып айткан
мыскылдарын эске алды. Ал бир кезде Камал тууралу: «аял десең эркек, эркек десең
бийкеч өңдүү. Же добуш жок, же обон ыргагын сезээр назиктик жок. Бирок
беймазалыгында да тынымы жок. Биздин замандын угуучуларынын шору ушу» — дей
турган.
Асия мындай катаал, аёосуз, ызалуу бүтүмгө ичтен анча кошулбай турган. Бирок
Жакеңдин сынчы, өзүнүн көрөгөч, сезгич, сөз тапкыч мүнөзүнө доомат айтпастан, күлүп
гана кечирим кылып коюучу.
Айтылган мезгилде Карповдун өзүнө арналып бөлүнгөн «ЗИЛ» биздин үч
ашынабызды Пушкин көчөсүндөгү филармониянын бийик тепкичинин алдына алып
келди. Концерт башталууга чукулдап калган эле. Эшикте, сыртта, тротуарда топтолгон
эл көп экен. Түркүн-түстүү кийинген аялдар концертке келген кийимдерин эң алды
менен көзгө түшүрөт. Көпчүлүгү казак коомунун сыпайы, маданияттуу кийинген табиятажарын байкатат.
Карпов филармонияга алгач ирет аттап киргендиктен сырткы тепкичтен баштап
эшиктерди, алды жактагы фойени, үстүнкү кабатка чыга турган жыгач тепкичти, кала
берсе директордун бөлмөсүн, ал бөлмөнүн жапыз потологун, кээ бир ой калтырбаган
түстүү боёктор менен боёлгон тамдын керегелери, бөлмө буюмдарын — баарын тең
тажрыйбалуу, талапкер, маданияттуу көз менен карап, анчалык жактыра бербей
комсунуп кирди.
Кийин буларды төмөндөгү көрксүз фойеден өткөзүп, залга киргизди. Биринчи
катардан сакталып коюлган орунду беришти. Эл залда көп экен. Бирок сахна
алдындагы орундагы адамдардын мурдуна тийгендей такалып турат. Төбөсү жапыз,
эни тар филармония имараты Карповдун көзүнө ал үчүн көптөн бери унутулуп кеткен
революциянын алгачкы беш-он жылында өзү жүргөн жерлердеги нагыз райондук
клубдарды эске түшүрдү.
Кийинки далай жылдар бою Карпов барып жүргөн чоң борборлордун маданият
сарайлары, сахналары, бүткүл түзүлүшү, мынабу имараттын бир жарым кылым мурда
өткөн замандын калыбын сактап турганын ойлонтту. Турмушта өзүнө тийиштүү бардык
нерселерге ачык сынчыл талапкердик таразасы менен келе турган ички мүнөзүн өзүнүн
качанкы кезден адетке айлантып алган калыбы бар эле. Ошонусу боюнча мынабу
филармония ага али азыр сахна ачылганча филармония дегизерлик таасир бербеди.
Ал үчүн ичтеги өкүнүч сыяктуу бир сезимди баамдаса да, кечирбес нерсени кечпөө
керек. Кечирим берилбей турган нерсеге бербөө керек. Мынабу орун филармония деп
атала турган чоң музыкалык маданият борборунун уясы эмес,— деп ичинен дал ушул
жөнүндө шаар ээлеринин, Казакстандагы маданиятты башкара турган орундардын
айыбы деп санады. Бирок азыркы иштеги алгачкы таасири менен сынын ал адеттеги
талапкерлиги, ишке бекемдиги боюнча жана өтө тажрыйбалуу адамдын өзүнө бөлөк
тарбиясы боюнча сездирбей ичинде сактады.
Бир аздан кийин хор капелласынын аткарган обондоруна бүт ынтаасы менен
кызыгып пейлин берип тыңдап калды. Таасирдүү, анык көп добуштуу өнөрлүү хор
чыныгы жакшы музыкалык-вокалдык маданият менен казактын ыргагы өтө бай, кулакка
ушунчалык сүйкүмдүү угулган эл обонун аткарып чыкты. Ал музыкадан, вокалдан
күткөн талапты гана ойлоп, күүгө гана берилген калыбында алгачкы номерден кийин
катуу кубанып кол чапты. Экинчи номерде жаш хормейстер орус аялынын чебер
башкаруусу менен кайнаган, кызуу жайнаган, сан ирет буралып, биресе коңур чыгып,
жыбырай түшүп төмөн кетип, биресе шыңгырап, найзадай өткүрлөнүп чыккан жеңишке
добуштуу аялдардын үндөрү кошулуп кеткендей элес калтырат. Кээде коңурлап келип
калың коюу үндөр эркектер баритонунан баштарына карай толкуп оолашат. Обон дагы
казак калкынын элдик: музыкалык талант таасиринин чабыттуу көркөм куюлушун
таанытты.
Ушул саамда Карпов хормейстердин өнөрүнө кубанды. Хор капелласын анык
маданияттуу көп үндүү хор да, көп түстүү өтө чебер назик дабыш өрнөктөрү түзгөн үн,
обон, ыргак жарашыктарын күн шоолалуу кайнар булактай ысык сезим кыялын
таанытты. Бул номерге Карпов өзү менен өзү болуп отуруп, катуу кубанып, узакка кол
чапты. Жанында олтурган Асиянын жана анын ар жагындагы Жандостун саал
шыбырашып, күлүшүп отурганын баамдаса да ойлорун сураган жок.
Капелла өнөрүнө алар да жакшы баа берип, ошону менен катар алдыларында
турган аялдар менен эркектердин кебете-келбеттерине көз салбай, көңүл бөлбөй
коюша албады. Бул жөнүндө алгач сүйлөгөн Жандос эле. Ал Асияга казакча
шыбыраган:
— Чиркин-ай, ушу хор капелласынын обон өнөрүнүн жакшысы-ай. Бирок мынабу
казак аялдарынын ушундай жакшы ыргактарды таап ырдап турушса да, өздөрүнүн
көбүнүн келбет-сынынын келишсиздигин кара — деп койду.
Асия бул кезде өзү да аялдар менен эркектердин көп эле филармонияда боло
турган топторго караганда көзгө .ушунчалык бир серт көрүнө турганын ойлоп ыза боло
турган. Оюна келген чындыкты айткысы келгенде бетке карабай турган Жандос жакын
турган аялдарды чолуп сүйлөп:
— Бирөө жоон, бою жапыс, бирөө арык, дагы бирөө солдоюп узун. Бирөө жаш,
назик, бирөө карган эчкидей арсак-терсек! — деди.
Асия эриксиз күлүп жиберип өзү да кубаттады: — Тетиги бирөөнүн мурду бучук,
мынабу бирөөнүн көзү кыйшык.
Жандос талаша сүйлөп: «Ал экөө эки четте болсо бир жөн го. Ал эми тигил турган
көк кемсалчанды караңызчы, мурду кыйшык, ары бучук! — деп ызалана мыскылдады.
Чынында да арада бирин-серин өңдүү-түстүү аял болсо, жанагылардын көптүгү
булардын жарашыктуулугун өчүрүп тургандай. Катар турган буттары көбүнчө ийри.
Далылары бүкүр чалыш. Чынында нечен түрдүү ойку-кайкы, кыйшык-мыйшыгы чыккан
аялдар көрүндү. Ошолордун келбетсиздиги арттарында турган бир нече эркектердин
коңкогой мурундарын, бадырайган көздөрүн, адырайган кекиртектерин да, нечен түрдүү
көзгө суук кебетелери да байкатпай унуттургандай. Албетте, Жандос да, Асия да
мындай жоруктун кандай болуп куруларын жакшы түшүнөт. Түшүнгүсү келет. Деги
капелла аттуу өнөрлөр тандалып алынган сулуулардан куралбайт. Колго урунган
обончудан куралат. Обон менен асемдүү келбеттин бир жерден табылбай турганын
көрбөйсүзбү? Ошону Асия менен Жандос бир-бирине айтышты да аржагында Жакеңде
дагы да доо калды.
— Албетте, ичтеги көңүл доолашпай туралбайт. Алар обончуларды жыйсын, обонго
карай тандасын. Бирок ошондо да эч болбосо кем-кетик эмесин жыйса болбос беле!
Казакстандын жери кең эмеспи? Областтары, райондору канчалык. Эли да ошончо көп.
Ошол ар тараптан, чар тараптан жыйып ала турган кадырлуу топ эмеспи, бул топ? Эми
төрт миллионго жакын казактан жөнү түзүк, өзү обончу кырк аял табылбайт дегенге
итим ишенеби?—деп ызалана түштү.
Асия муну эми ызалана түшкөн мыскылчыл калыбынан сөз талашып илебин
сууткусу келбеди. Анын эсесине өз тарабынан кошкон ойлору да болду.
— Албетте, мунуңузда чындык бар. Республикада жалгыз капелла болгон соң
ашыкпай, болушунча тандап жыйноо керек. Ушу турган адамдардын ичинде үндөрү
мыкты болуу менен бирге, ар тараптан чалган телефон, тааныштык, ашыначылык,
көңүлдөштүк ирээти менен келгендер да жок эмес. Ошондо бир нече үй чарбасындагы
тууган-туушкандар, жолдоштордун аялдары, жердештер келбейт дейсизби? Белгилүү
го, ушу турган аялдардын көбү атайын музыкалык окуу окуган кишилер эмес. Кайта
көпчүлүгү дал ушу кечтин өзүнө чейин, ушу турган калыбында нота билбей турганы да,
атүгүл нотанын өзүн тааныбай турганы да, музыкалык окуу мындай турсун,
элементардык билими жоктору да бар го. Жандос буга толук кошулду.
— Баса, бул туура сөз. Ошондуктан мен окубаган аялдан жыйноого боло турган
болсо, андан эмнеге Казакстандын каалаган жеринен обону жакшы, сын-келбети түзүк
аялдарды алсын десем зордук болобу? — деди.
Нил Петровичке атактуу улуттук аспаптар оркестри өтө жакшы таасир этти. Абдан
жакты. Ал бирде ушу залда отурган оркестрди сүйгөн эл-журттун санаасына кирип,
аларча түшүнгүсү да келди. Эми бир кезде кезек, экинчи жагынан, өзү жүргөн чоң
борборлордун сахнасында ошондогу көрүүчүлөрдүн, угуучулардын алдында ушул
оркестр кандай угулар эле деп да ойлонуп көрдү. Ой жүгүртүп көрүп, талабы зор, бирок
адилет таразалап өлчөгүсү келди. Ары билгич, ары талдагыч кулак менен да угуп
көргүсү келди. Дагы бир жолу оркестрди чет элдерге чыгарып, Карповдун өзү аралап
өткөн Чыгыштын, Европанын кээ бир сахналарынан угуп көрсө, оркестр кандай баа
алаар эле дегенди ойлоп, салмактап отуруп тыңдады. Оркестрдин аткарган «Сарарка»,
«Адай» күүлөрү гана эмес, Шопендин, Чайковскийдин, Глинканын да көркөм
чыгармалары бой балкытып үнүн безелентти.
Асыресе Карповдун катуу кубанганы бул топ ошончолук көп аспаптуу оркестр болуу
менен бирге кулак жара турган, мазесиз, беймаза кыла турган каткалаң дабыштары
жок. Андай аспаптар жок. Анын үстүнө алдыда отурган кайсы чебер эркек-аялдын күү
тамган салаалары балдай таттуу үн чыгарып турат. Ким экенин тааныбаса да, таппаса
да ушу оркестрдин биринчи комузунда, жогорку ноталардын кээ бирлеринде Карповдун
кулагы адам үнүн тыңшады. Ошондо аялдын үнү сызыла созулуп калган аспаптарга
балдай оролуп, үндөрүнө үн кошуп бара жаткандай болот. Оркестрдин ар номерине
Нил Петрович катуу кол чапты. Жанындагы жолдоштору бу кишиден мурун байкабаган,
чамадан тышкары кубангандыгын билдирди. Ошонусун анык байкатты. Кийин үчөө
өзүнчө калып аңгемелешкенде Карпов оркестрдин бүт музыканттарынын киймине өтө
орундуу сын айтты.
— Баркыт бешмант, шымдардан кийгизиптир. Ал эми сахнадагы артист эмес жөн
эле адам кийүүдөн алда качан калып бара жаткан бөздүн түрү. Баркытты ушу күндө
дивандарды каптоого, же болбосо эшик-терезеге портьера кылууга жумшай турганын
билесиздер. Чынында тукаба баркыт каптаган дивандын өзү да ушу күндө мещандык
өнөкөт сыяктанып кетет. Ал эми мында болсо ошол баркытка жеңил-желпи жылтырак
оюулар жапшырылыптыр. Кээ бир кечеги поптордун кийим-кечегинен алынган
жарашыксыз жылтырактар. Мунун өзү да, албетте, акыл менен табылган нерсе эмес.
Жандос менен Асия сахналык кийимдерди мындай сын көздөрү менен карап көргөн
эмес эле. Карповдун алар үчүн өзгөчөлүү талабы экөөнө тең кызык көрүндү. Алар катуу
ыкластана тыңшады.
Карпов сүйлөп отурду:
— Ал эми аялдар кийген топулар дагы, кемсел дагы жалпы жасалгалар менен
кийим жээктерине салынган оюулардын баары тең кандай арзан, жылтырак. Чынында
жаңы жылдагы ёлкада балдардын оюнчугунда жүрө турган арзан жылтырактар эмеспи.
Көрктүү деп топунун төбөсүнө тооктун жүнүнөн кымбаттыгы жок үкүнүн жүнүн үйө берүү
да тек этнографиялык, музейлик көрүнүштөр. Ырас, мында бир дурус жери бар. Ал —
кийимдердин үлгүсү элдик үлгү, элдин кийими дейлик. Бирок сахнага чыгарганда аны
да атайын сүрөтчүнүн эскизи боюнча тигүү керек. Ал эми сүрөтчү тек гана музейдеги
калыбын көчүрүп албай, ар кийимдин үлгүсүн талдап алуу зарыл. Деги сахналык
жарашыктуулук дегенибиз табийгылык менен келген көркөмдүктө болот. Алар
бадырайган сары, жашыл, балжыраган арзан жылтырактар эмес. Андай болбош керек.
Анын ордуна табиятын бузбаган сыпайы түстөр менен келишимдүү болуп жуп
келишкен жеңил кийим үлгүсү чыныгы жарашыктуулукту алып келет. Кыскасы,
таланттуу мыкты оркестрге бүгүнкү кийими ылайык, сахналык көркөм кийим эмес.
Буга Асия толук кошулду. Жандос да мурун өзү ойлонуп көрбөгөн иш болсо да
Карповдун түпкүрдөн караган көзүндө мыкты көрөгөчтүк жана камкордук барын
баамдады да, үндөбөй кубаттады. Карповдун дагы бир ою бар экен. Ал өзү байкаган
жайдан ошол жөнүндөгү чындыкты да жашырган жок.
— Экинчи бир айтаарым — оркестрге көп домбра өсүп өзгөрүү менен көркөм
кошулат экен. Ал эми жалгыз домбрага келсек, анын сахнага жалгыз өзү күү чертип
чыгууга өтө алсыз, үнсүз, дармансыз экенин байкабаска болбойт. Филармония сахнасы
деген чоң музыкалык маданияттын сахнасы. Домбра болсо өзү эки гана кылдуу,
азыраак гана коңур үнү бар, үнү баёо аспап болгондуктан өз орду менен жумшоо
ылайыктуу. Мисалы жалгыз балалайка болсо анын чыңкылдаган, шаңгырлаган темир
кылдуу добушун угуза алат. Бирок ошондо да ошол балалайка сахнага жалгыз чыга
алабы? Филармония сахнасына чыга алабы? Мандолина, жети кылдуу гитара, а түгүл
көп элдер колдонуп жүргөн баяндар мукамдуу аспап эмеспи! Бирок ошолор сахнага...
асыресе филармониялык маданияты зор деген сахналарга чыга берүүгө болобу? —
деп айтты.
Бул сөзүн Асия ичинен анча кабылдаган жок. Ал домбра жөнүндө мындай сын ойду
деги ойлоп көрбөгөн эле. Өзү Батыш Казакстандан болгондуктан бала кезинде айылда
да, райондун борборунда да көңүлдүү чогулуштар бир гана домбрада күү чертүү менен
өтө турганын билүүчү эле. Ошондуктан «домбра үнсүз, дармансыз жана кызыксыз» —
деп ойлоп көргөн эмес. Ал эми бардык нерсеге өзү да сынап карагыч жана өзгөнүн
мыкты сын ойлорун баамдагыч Жакең унчукпай өзгөчө ойлонуп калды.
Ал бир саамга өзүн Карповдун ордуна коюп ойлонгондо «ошондой болсо болор. Бул
киши бүт ыкласы менен карап отурду. Бизге көнүмүш болуп кеткен сынсыз кабылдай
турган кээ бир жайыбызды капилет жерден кадиксиз дал көрүп отурушу да мүмкүн»,—
деп ойлоду.
Концерт бүткөндөн кийин үчөө биригип машинеге түшө берерде айтышкандары
филармониянын имарат-жайы болду. Андан Жакең аянбастан мыкты жыйынтык
чыгарды.
— Бул имарат биздин борборубуз Алма-Атанын, кырк жыл жашаган маданияттуу
республика деген Казакстандын бүгүнкү ар-намысы деп тайманбай айта аламын,—
деди.
Ал өтө катуу ачуу менен айтылган өкүм эле. Бирок камкордуктан, филармониянын
өнөрчүлөрүн аяп намыстануудан, сүйүүдөн туулган ачылуу өкүм экени шексиз. Мындай
корутунду бир гана ооз сөз менен, бир гана сүйлөм менен ушунчалык салмактуу
айтылгандыктан Карпов да, Асия да унчукпай отуруп калды. «Жакшы дештин, туура
дештин» — эми кажети да жок эле.
Ушу кечтен төрт-беш күн өткөн соң Жандос калаага барып бир конуп келди. Ал бул
барган сапарында Нурбүбү менен Айсулуунун өз жерлерине кайта турган жумушу
менен байланыштуу барган эле.
Айсулуу Жандос менен стол башында бирге отуруп, өзүнүн муңайган жүзү менен
көңүлсүз кабарын айтты.
— Окууга өталбадым, агай. Университетке экзамен бере албаганым өзүңүзгө
маалым эле,— деп барып токтоду.
Жандос аны биле турган. Университеттин биология факультетине көп жаштар
менен бирге экзамен берип жүргөн кезде физика менен химия экөөнөн тең ортодон
артык баа алалбады. Биология факультети үчүн ал эң маанилүү олуттуу сабактар.
Аралашып, көмөктөшүп көрөйүн десе да кабылдоочу комиссия Жандос менен жылуу
сүйлөшпөдү, Айсулуу быйыл жазда райондун борборундагы он жылдыкты бүтүргөн.
Жакшы эле бүтүргөн. Анын орточо деген бир баасы жок болчу. Бирок амал жок,
райондогу мектептин физика, химия кабинеттери курал-аспапсыз, тажрыйбанын баары
оозеки кургак сөз. Жана чынын айтуу керек, бул бүтүргөн казак орто мектебинин дал
ушу эки сабак жөнүндө окутуучулары да мыкты эмес болчу. Жандос мунун баарын
жакшы түшүнөт. Айсулууну талдап-сынап, саал да болсо кинелеп сөз сүйлөгөн жок. Бир
гана:
— Айсулуу, сенин бүтүргөн орто мектебиң көп жагынан аны маанисинде толук орто
мектеп эмес экен. Сен билим булагын көңүл канааттандырарлык кылып албапсың. Аны
үчүн амал жок, сага да, мага да кине жок. Бирок башка окууну байкап көрдүңбү?
Техникумдар, курстарды кандай дейсиң.
— Мен техникумга кирбейм. Ошондой деп чечтим. Артыкбаш жыл өткөргөндөн эмне
пайда? Эмне кылсам да ВУЗга кирүүгө аракет кыламын. Убактымды өлтүрбөс үчүн эми
кышка чейин дагы келип, сырттан окуй турган бөлүмгө кирүүгө бел байладым.
Бул кептин жайын айтканда Айсулуу Жандос менен жакын агасындай, кадимкидей
сырдаш жанга айткан чынчыл жүзү менен адеттеги аз сөздүүлүгүн жеңип, жанагыдан
бир топ ачыла, чечимге келип сүйлөгөн. Бул ой да, чечим да Жандоско орундуу
көрүндү. Ал эми Нурбүбүгө өз насыятын айтууну ойлоду. Айсулуунун окуу жайын үй ичи
болуп акылдашып чечкен түзүк болот деди.
Ошону менен аксаргыл жүзүндө туңгуюк кара көзү эрксиз сыпайылык калыбында
ойлой турган Нурбүбү келиндин жүзүнө салмак менен карады.
— Андай болсо бир айдан бери бул калаадагы окуу жайын Айсулуу экөөбүздүн
билген-көргөнүбүз ушундай болду. Айсулуу айткандай чечимге да макул болор,
Нурбүбү. Бирок бир нерсе жөнүндө макулдашып алалы. Айсулуу эмне кылса да,
жогорку окууга кире турган болсун. Орто мектеп менен токтоп кала көрбөсүн,— деген
камкордук оюн баяндаганда Айсулуунун айткан кебине кошула караган нагыз жүзүн
баамдады.
— Айсулуу түбүндө окумуштуу адам. Жакшы адам болуп чыгат. Билимдүү адам
болот. Мен мунун болочогуна ишенемин. Дүнүйө, тиричилик жагынан анча кысылып
жаткан жайың жок, Нурбүбү. Колхоздогу үйүбүз, оокатыбыз жакшы дедиң го. Жалгыз
Айсулуу эмес, келерки жылы он жылды бүтүргөн соң балаң — Арманды да жогорку
окууга жибер. Атанын үмүтүн, тилегин да актоо деген ошол болот,— деди.
Бул сөздүн ар жагында көп маани бар эле. Нурбүбүнүн көзү жалооруп, өңү сур
тартты. Жүдөңкүрөй түштү. Кабагын чытып алды да, маңдайында отурган Айсулуудан
жүзүн бура берди.
Жандостун жанагы эске алганы Нурбүбүнүн Ата Мекендик согушта каза болгон
күйөөсү Сапардын жайы болучу. Ал майданда эрдик менен каза тапканы булар гана
эмес, бүткүл районго, областка да маалым. Ошол жакшы ага согушка кеткенде бул
балдар — Айсулуу менен Арман жаш калган. Согушка аттанар кезинде Жандоско
райондон жазган катында Сапар өзүнүн балдарын өзгөчө тапшырган эле. Өзүнүн
баласы жок Жандос ошондон бери кээде районго булардын үйүнө барып жүрдү.
Нурбүбү колунан келген жардамын да берди. Жаш калган Нурбүбү балдарын багуу
тилеги менен болду да, күйөөгө тийбеди.
Сапар болсо Жандос түштүк райондогу оорукананын башкы врачы болуп иштеген
чагында анын жардамчысы, ары жандай көргөн досу болуп, көп убакыт бирге эмгектеш
болгон. Жандостун мынабу отурган эки коногу менен ошондой байланышы жана
туугандан бетер жакындыгы боло турган. Алма-Атада жүргөн чагында эч кимге акыл
салып, көп сүйлөп сырын ачпаган Айсулуу Жандоско өзүнүн кыйынчылыгын да, үмүтүн
да, чечимин да кысылбай айта турган. Ага Нурбүбү менен Жандостун өзүнөн жашы
улуу ушу үй ээси болуп отурган, азыр самоордун жанында бакыбат улуулук жөнүн
таанытып отурган Акыш эже да өз акылын айткан.
— Жакеңе баарын айт. Ага айтпай кимге айтасың. Небир чечимге келсең да
Жакеңдин айткан акылы менен болгун,— деген сөздү соңку күндөрдө Акыш эже да, өз
энеси Нурбүбү да улам айтып, өздөрүнчө багыт берип жүрүшкөн эле.
Айсулуу булардан даана кеңеш ала албаса да, кээ бир акыл сөздөрүнө ичинен
сыпайы гана күлүп коюп баа берсе да, чечимге келген сөздө алар айткан кеңештен
оолак кеткен жок.
Жандос конокторун вокзалга алпарып вагондоруна түшүрүп, буюм-тайымдарын өз
колу менен тийиштүү орундарына коюп берип, узатып коюп кайткан болчу.
Шаарда болгон кезинде ал бир жаңылык кабар уккан. Кечки тамактын алдында гүл
бакчасынын орундугунун жанында отурган Асияга учураша бере ошол кабарын айтты.
— Сиз уктуңузбу, мен бүгүн уктум. Кечээби, бүгүнкү, бюродо каралып, Нил Петрович
обкомдун секретары болуп дайындалыптыр.
Кайсы область деп уктуңуз?
— Менин укканыма караганда түштүккө барат сыяктуу.
Асия кубаттап кубана баш ийкеди да:
— Туура айтасыз, мен да ошондой деп уктум.
— Сиз кимден уктуңуз?
— Дем алуу үйүндө турган адамдардын баарынын кайдан келгенин, кайда бара
турганын, анын ким экенин элден мурун билип коё турган сестра-хозяйка бар эмес
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 04
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.