Latin

Өскөн Өркөн - 12

Total number of words is 4082
Total number of unique words is 2171
27.7 of words are in the 2000 most common words
40.0 of words are in the 5000 most common words
46.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
дешти. Ушундан кийин чечимге келишти. Эми жолдо канча короо, кудук бар. Аралары
канча чакырым экенин ирээт менен сурап отуруп, Жарасов кагазга жазып алды.
Короолордун саны арбын. Аралары анчалык алыс да эмес экен. Болгон кыйынчылыгы
— көп малды батыра турган, түнкү бороондо ыктоо боло турган ошол короолордун
чоңдугу анчалык эмес.
Эсентаев менен Жарасовдун бардык чабанга айткан эмдиги жакшы кабары ошол
короонун жайы жөнүндө эле. Ушуну аңгеменин аягында Жарасов жарым-жартылай
билдирмекчи болду.
— Биз район менен облустан жана мынабу өз жеринде отурган Узак районунан
жардам күтүп отурабыз. Облус өз жардамын жиберүүгө киришти. Ноянга жакын Арыз,
Түркстан, Кентоодогулар баарыдан мурда көп палаткалар, жетишинче боз үйлөрдү,
тоютту, азык-түлүктү камдап, алдыбыздан чыксын деп жатабыз. Биз Кара-Тоого көчүү
менен катар алдыбыздан ошол айткандарыбыз келет да, жанагы ар короонун жанына
боз үй, палатка тигиле берет. Койдун арыгы, суукка чыдамсызы болсо, эрте тууп кала
турганы болсо — булардын баарына да тең жай табабыз. Азыркы эң чоң иш жанагы
аталган чөп менен азыктын, мынабу «Кенегент» совхозу убада кылган чөптүн ошол
короолорго үзбөй жетип турушунда. Аны биз милдетибизге алабыз, — деди.
Жыйындын аягы ушундай так кесер чечимдерге келгенде чабандар көңүлдөнүп
кетти. Жаксымбет сейрек тиштерин көрсөтө каркылдап күлүп алды да:
— Мынакей, Коңураттын кайсы байы ушундай элдик, тирек боло турган жардам
алчу эле. Ал түгүл бардык облус, Мекен бизге жардамга ушундай жабыла келип
отурганда, чиркин, Карабастын бороонун ит кылбайбызбы!
Анын күлкүсүн Жоро, Садык сыяктуу жаш чабандар көңүлдүү коштосо да, Чоңко
менен Тажыбай анчалык коштогон жок. Чоңко өзүнүн курбусу Жаксымбетке:
— Ай, бекер ооз куу! Заматта эле ашып-ташып төгүлүп кетесиң да ушинтип. Тура
тур адыраңдабай. Тилиң ташка тийсин. Ушул сендейдин текебер сөзүнөн көрөбүз! —
деди эле, Жаксымбет али да мыкты ишеним менен көңүлдөнө күлүп койду.
— Ооба, ишенемин, ишенемин да, өйдөлөнүп серпилемин. Эли-журтум баарын
апкелип отурганда али да сендей бүжүрөктөп, чочулап «тобо-тобо» деп жатайынбы
Карабастын шамалынын астында. Бербейбиз малды. Карабаш түгүл миңбаш болсун!
Айланайын Жарасов, тек жанагы айтканыңды аткар да, мынабу коркок иттин оозуна кум
куйгузчу мага! — деди. Жарасов буга кубанып, анын колун кармап, далысын таптады.
— Ушундай ишенимиңе, мыкты кайратыңа алкыш айтамын. Кабагың бүркөлбөсүн,
көңүлүң жашыбасын. Эң керектүүсү ушул. Биз жеңбей турган кыйынчылык бар беле.
Ошондой дебейсизби, аксакалдар! — деп Жарасов «баракелде, баракелде, дегениң
болсун!» — деп коштогон карыя чабандардын үндөрүнө катуу кубанган күлкүсүн кошту,
Кечээги жыйын эмес, бүгүнкү чабандардын жыйыны алардын өздөрүнө да, асыресе
райондон келген бардык азаматтарга ушундай күндө зарыл болгон асыл кайратты
бергендей болду.
Ушул тыянакка келип чабандарды жана чарбалардын жетекчилерин таратып
жиберди да, Жарасов ошол замат «Кенегент» совхозун карай жөнөдү. Эсентаев,
Эржанов экөө райондун бул аймактагы көп машинелерин жыйнаштырып сегиз
тракторду жардамга камдады. Эми жолдогу короолорго ушу машинелер, тракторлор
менен туш-туштан чөп ташып отурууга бул жактагы райондун башчылары менен
бардык шофёрлору кире турган болду.
Жарасов «Кенегент» совхозуна Баскент менен сүйлөшүп алып жөнөгөн. Рация
менен обкомдо ушу жактын чарбаларынын камында атайын иш жүргүзүп отурган Алым
Эринбетов менен сүйлөштү. Ал обкомдон Узак районунун биринчи секретары
Эсдавлетовго тапшырма берилгендигин айткан. Жарасовдун өзүнө Эсдавлетов да
рация менен Узак районунун бере турган жардамын «Кенегент» совхозунун директору
Абды Эсеновдон ала турганын айткан болучу. Жарасов Абдыны алгач көргөнү ушул
эле. Директор Жарасовдун келишинен кабардар экен. Ал коногун үйүнө алып келди.
Совхоздун борбору көбүнчө жаңыдан салынган үйлөрдөн турган. Катар салынган жетисегиз узунча жалгыз кабат ак үйлөрдүн ортодогусу Абдынын үйү экен. Жылуу коридор
менен оң жакка басканда төрдөгү чоң эшикке кирип, жарык, жылуу бөлмөгө кирди.
Абды коногун жаш аялы менен тааныштырды. Жүзү мээримдүү, мурундуу, узун
чачтуу, чоң кара көздүү, кичирээк оозунун сүйкүмдүү эриндери, саал толмочунан келген
өтө сымбаттуу жаш келин Кундуз эле. Жарасов менен жумшак, илбериңки, колун
асемдүүлүк менен сунуп сыпайы амандашты.
Жарасовдун саал таңыркоосу бар эле. Өзү. да, аялы да шаардыктарча тарбия
алган жаш адамдар сыяктанса да, мынабу чоң бөлмөдө стол, орундуктар жок. Жерге
кийиз, килем жайылган. Төрдө төшөк. Тегерек чарчы стол бар экен. Деги бул үй
Эсеновдордун конок күтүп, тамак-аш иче турган бөлмөсү сыяктуу.
Райондон, коңшу совхоздордон Жарасов сыяктуу жол жүрүп келген жолоочу
мейманды күткөнгө Кундуз Абдыга айткызбай эле оозгу үйгө чыкты. Анда самоор коюп,
чай даярдай баштады.
Басып бараткан келбетин караганда да орто бою, сымбаттуу мүчөсү, өзүнө
жарашкан узун чачтары жагымдуу, ылайыктуу тигилген тор кофтанын этегинен ашып
түшкөн калыбы ушундай жарашыктуу суналган асемдүү турпаттын таасирдүү көрүнүшү
эле.
Жердеги килем, кызыл-жашыл терезе пардасы таза, Тегерек столдун үстүндө
кызгылты мол көк чачылуу дасторкон. Баркыт төшөктөр, жанагы жаш үй ээси — баары
тең Жарасовго тынч, жайлуу бейкамдыкты баамдатат. Суукта, кыйын жолдо, түгөнбөс
кардуу талаада, жылуулугу жок боз үйлөрдө, базанын кичинекей терезелүү эски саман
үйлөрүндө соңку бир нече күндөрүн өткөрүп жүргөн Жарасовго мынабу үй ырахаттуу
бир уядай сезилди. Өзүнүн райондун чет жагындагы эмгек жайын, үй-бүлөсүн, жайлуу,
бейкут тиричилигин эске түшүрдү.
Көлөч менен кийген чоң кара чокой, колдору мээлей, үстүндөгү шырма күрмө шым
Жарасовду жарашыктуу меймандай кылып көрсөтүп турган жок. Өзүнүн ансыз да кара
сур жүзү шамалга, аязга көп калып кара туурук болуп кеткен. Соңку күндөрдө ал сакалмурутун да кырган жок. Баш киймин алганда кара сур чачы сербейип, уйпаланып,
жартылай чубалып саамайына, көзүнө түшүп өзүн өзү мынабу жылуу жайда оңтойсуз
кебетеде сезди. Бирок бул абалда анын көңүлү узак пааналаган жок. Келген ишине
бурулду. Узун бойлуу, кең далылуу, сөөктүү келген кызыл жүздүү Абды келбеттүү жигит
эле. Анын бети жайык, бою шыңга, шадылуу болуп, өзү али жапжаш. Талаада жүргөндө
мурду, бет учу кызгылт-күрөң тартса да, анын маңдайы, мойну, ээгинин асты, тамагы
оролуу, кымтылуу жүрчү жерлери күн чалбагандай ажарлуу, тазалыкты таанытат.
Мунун жүзүнө карай отуруп Кундузду эске алды. Кундузду караган киши муну да эске
алат. Ичинен ким да болсо экөө бир-бирине шай келген көрктүү, сүйүктүү жаштар экен
дегидей. Сүйлөгөн сөзүндө да Абды Жарасовго тез тааныша турган жугумдуулук достук
менен жагымдуу келди.
— Эсдавлетов кабарлрды. Кечээ Баскенттен жолдош Эринбетов өзү да кабарлаган
эле. Обкомдун бюросунун тапшыруусу, Жолдош Карповдун да көңүл бөлүп, күн сайын,
саат сайын кооптонуп сурап отурганы ушу сиздердин койлор. Ноян районунун
оторлору. Мен өзүбүздүн чабандардан уккан элем: кумдан бери чыгып калыпсыздар.
Өз районуңуздар алыста. Өтө турган жолуңуздар биздин совхоздун үстү экен. Ошону
үчүн биздин үстүбүздөн 70—80 километр бою бүт оторуңуз өтүп болгончо биз чөп
берип, короо-жай берип туруубуз керек экен. Эми кадимкидей сүйлөштүк. Канча тонна
чөп керек кыласыз?
— Чөптөн биздин сурай турганыбыз 150 тонна.
— Ташып турган унаа кимдики?
— Жыйырма машине, жети-сегиз трактор өзүбүздө бар. Унаадан сизди
кыйнабайлык. Бир гана короолоруңуз тардык кылабы деймин. Облустан палаткалар
сурадык. Сиздердин ушул райондон кой төлдөй баштаса калканыч болоорлук, эч
болбосо козулар үчүн ар короонун башында ондон боз үй болсо!
— Беш да, он да көп. Андай боз үй бизде жок. Эсдавлетов өзгө совхоздордон алып
бербесе, буга мен убада бералбаймын.
— Ал эми короолоруңузду айтыңызчы?
— Өз малыбыз да кумдан чыгып келе жатат. Короону жартылай болбосо албетте,
сиздерге толук бере албай турганыбызды түшүнөсүз го.
— Түшүнөйүн, бирок биз ылдам өтүп кетсек короолоруңуз өздөрүңүзгө тез кайтат го.
Бизге көбүрөөк бериңиз.
Ушу кезде Абды совхоз жеринин картасын апкелип тегерек стол үстүнө жайды да
катарга блокнот менен карандашын алып отуруп, кумдан Кара-Тоого чейинки
Мырзабай талаасын, Бабата үстүн — Чачтуу-Азиз үстүн алып жаткан аймакты
карандашы менен тегерете сызып бир көрсөтүп өттү. Андан соң блокнотун алып
Жарасовдун алдына такай отуруп жолдогу короолорду четинен атап кагазга түшүрө
берди. Кээ короолордун арасы беш чакырым. Ал Жарасовго жагат. Кээ бирөөнүн арасы
10—12 чакырымга чейин барат. Бул кезде Жарасов баш чайкады. Ошентип ал да өз
блокнотуна короолордун баарын атап жазып алды. Эми чөптү ар короого Жарасов
өзүнүн жыйырма машинеси менен Абды атаган 15—20 чакырым жерлердеги үч
базадан, «Кенегент» совхозунун тоют базасынан ташытып тура турган болду. Үч
базадан 50 тоннадан Жарасовго чөп берүүгө Абды буйрук жазып берди. Анын
бирөөндө бөлүм башчысы Керимбек Жанаев, экинчисинде анын иниси Асылбек
Жанаев башчы экен. Абды менен жумушун бүтүргөн соң, Кундуз койгон самоордун
чайын Жарасов шашпай отуруп канганча ичти. Кундуздун кээде күйөөсү айткан сөзгө
кайтарган жообу акырын күлкү аралаш, күлкүсү шылдырап жакшынакай үн менен
угулат.
— Тоңуп келген жолоочу досту тек чай менен гана жөнөткөнү отурасыңбы? —
дегенде Кундуз азыраак ийменип, сулуу жүзүнө көркөм кызгылт кан жүгүрдү. Сыпайы
күлдү да: күйөөсүнө, айлана карап мейманга да көз кырын салды.
— Эмне үчүн жалгыз гана чай дейсиз? Ысык тамак да даярдатып жатабыз. Сурабай
туруп эле мейманга бизди сараң кылып көрсөтмөк белеңиз? — деди.
Ал тамашалап!
— Ысык тамакты дагы бир келгенде ичербиз. Азыр шашылыш болгондуктан кайтыш
айтайын да, ушу чайга канагат кылайын. Тезинен жолго чыгамын! деди,
Оозгу үйгө булар чыкканда кухнядан тамактанып алган узун бойлуу, кызгылт жигит
шофёр Жапар да кийинип чыгып калган. Күн бата бергенде Жарасов ашыгып кайта
кетти. Базага жете бере Эсентаев, Эржанов үчөө ошол кечте бүт койлордун оторлррун
кезектештирип көчүрүүнүн, илгери карай айдоонун планын куруп, кечеги чабандар
менен чарба жетекчилеринин баарысына ошол түндүн өзүндө нускоолорду,
тапшырмаларды жеткизип салды. Ушул күнү, марттын он төртү күнү аба ырайы жылуу
болуп кар эрий баштаган эле. Ошол кезде кардын калыңдыгы 10—15 сантиметр
төмөндөгөнүн Эсентаев менен Эржанов күндүз мал аралаганда байкап келген экен.
Үмүт күмөн саноону, күдүктү жеңе түшкөндөй Эсентаев мал арасында жүрүп билип
алган тажрыйбасын Жарасовго билдирди да:
— Кар жукарары менен бирге шыбак ачылып калыптыр. Жер-жерде мал бирдеме
искеп калыптыр. Бүгүн кечээ ушу арадан кеткен чабандардын көбүнүн кабагы күндүн
ырайы менен бирге ачылып үмүттөнүп калышыптыр, — деди.
Эртесинде Жарасовдордун кабарын алган колхоздор, совхоздор илгери карай
кыбырап, көчүүгө киришти. Чынында бул күнү да күн жылуу. Жолдо койлор окто-текте
кыбырап жылып отурду. Мырзабай талаасынын искей турган шыбак сыяктуу чөптөрдү
кылтыйып болсо да кар астынан көрүнүп жатты. Жанагы айтылган алгачкы короолорго
алдыңкы оторлор кечке маал барып жеткен эле. Бирок, ушул түндө дагы да күн
бузулуп, каардуу аяз башталды. Бул өрөөндө ушул кезде көрүп-билбеген 37 градус аяз
болду. Бир жакшысы кар жааган жок. Бирок түн ичинде Жарасовго жаман кабар жетти.
Абды убада кылган берки жакын туштагы эки базада тоют болбой калыптыр. Андагы
Керимбек менен Асылбек мындан барган машине, унааларды чөп бербей бош
кайрыптыр. Жакын жерде болбой, ар жагындагы 20 километр жердеги алыс базаларга
шилтеп, мынабу унаалар бара албай кайтышыптыр. Түн бою чыкылдап турган аяз.
Жем дегенди кой чөпсүз кургак бойдон жебейт. Күндүз жол жүрүп арып, жүдөп келген,
чаалыгып келген кой жемге оозу илинбей эми илгери жүрүүгө ачыккан, жабыккан
абалында жарай албайт. Анын үстүндө короолор жеткиликсиз. Койдун көбү, көптөн көп
оторлору бул түндө талаада жата турган болду.
Жарасов менен Эсентаевге ушул кабар жеткенде жамбаштарына муз баскандай
ыргып турушту. Апаат баштала турган сыяктанды. Эми мал өлүмүнүн болушу оп-оңой.
Аракеттенүү керек. Тынымсыз жигер, кайрат керек. Шофёрлордун баарына өздөрү
жүрүп, төрт сааттан уктап алып, машинени даярдап, тегиз жүрүү кезеги бар экенин
айтышты. Ушуну менен таңды тоспостон үрөң-бараңда чала уйку менен чала
тыныгуунун бойдогу талмоорсуганын силкип таштап, машиненин бардыгын алып,
алыстагы аталган чөп базаларына карай Жарасовдор шашылыш жөнөп кетти.
Бүгүн чөп издеп чыккан чоң колоннанын жыйырма чакты жүк машинеси, алты
трактору бар. Ошолордун алдында үч вездеходко Жарасов, Эсентаев, Эржанов үч
бөлүнө минип, жандарына эки-экиден жерди, жолду биле турган базанын
кызматкерлерин алды. Жол боюнда «Кызыл Аскер» колхозунун эки отору кездешти.
Мында жакындагы чабандар кеңешинде болгон Чоңко, Давлетбек, Жарасовду таанып,
койдун абалын көрсөтүштү. Жарасовдор өздөрү да байкады. Бардык койдун түрү
соолуңку. Ичи кабырылган койлордун алы начар. Ансыз да момун түстүү уяң жүндүү
койлордун кыбырабай, меңкерип турган баштарын төмөн салган абалы бардык
чарбанын жүдөп төмөн түшкөн кабагындай. Кыбырсыз койлордун жалгыз тирилик
белгиси сейрек кирпиктердин арасындагы маанисиз, үмүтсүздүк, аргасыздык менен
сүзүлө караган саргыч, бозгул көздөрүндө. Бардык тирилик тек гана ошол бозоргон
муңайым көздөрдө. Алдыларына ар жерге саамыктатып төккөн арпа, жмых. Бул койлор
жесе, өлмөк гана эмес, тыңыта турган, өйдөлөтө турган тоют болор эле. Амал кайсы,
чөпкө кошуп бербесе жебейт. Тоюттун кымбаты ушул болгону менен райондон бери
карай жүргөндөгү бардык чыгармачылыктын башчылары мындай жемди ар жерге
жеткизип жүрүшөт. Бирок кемде-кем чөп, чөпсүз бул желбей турган болгон соң
чабандардын жиндери да кайнайт, амалы да куруйт. Коюнун жүдөө бүрүшкөн абалын,
өзүнүн жүдөө кабагынан, сурданган жүзүнөн айкын байкаткан Чоңко Жарасов менен
бирге кой ичин аралап чыкты да: Тилегиң каткыр эмне болгон мал экенин билбейм,
жаныңды алып кала турган ушул, ушуну кемирип өлсөңчү», — деп туруп кээ биринин
тумшугуна искетип, жыттатып, оозуна да тыгат. Бышкырынып силкет да таштайт. «Чөп
бербесең, жебеймин» деп турат мынакей. Түнүндө сарайы жок, ичине түшкөн аш жок.
Абал жаман болуп турат, чырагым Жарасов. Өркөнүң өссүн, тез гана, ылдам гана
жеткиз. Чөбүңдү гана жеткизе көр!» — деген тилекти катуу кыйналып, кысталган үн
менен жеткизди,
Давлетбек Эсентаевге да өз оторун көрсөтүп, арасындагы чабал токтулардын бүгүн
түндө алтоо өлүп калганын айтып берди.
— Эсил мал алты ай жаз, алты ай кыш кыйналып баккан эмгектин шорубу, эмнеси.
Тез жардам менен келбесеңер оп-оңой чачылып, кырылганы турат. Колдо ал болбогон
соң, өзүмдө да уйку жок. Жаман төшөгүм түнү бою карышкырдын суук ийниндей бир
жылыбай да койду. Жүз жолу оонап, кырк жолу кубулдум. Мынабу аяз койду гана
кыйнап турган жок. Ошентип мынабу өзүбүздү да аркадан аткып меңкээритип турат.
Колуңардан келсе, кудай тилегиңерди берсин, ушу бүгүн кайра келгиле.
Жардамыңарды ушул жерден тособуз. Мынабу кыйын абалда оозу чөпкө илинбей
туруп, мынабу малды илгери айдаганды токтотобуз. Кыбыр этип эч жакка жылбайбыз!
— деген эле.
Эсентаев бул сөздү Жарасовго айтып келип чабандар менен ушул жерде ат үстүнөн
сөз ташташты. Оторду илгери көчүрбөй, тоют жардамын ушул арадан тосуп алууну
макул табышты. Жол боюнда ушундай кездешкен «Казакстандын» улуу чабандары
Жабагы менен Жаксымбетке да, «Алга» колхозунун чабандары Кумар менен Медешке
да ушул бүтүмдү айта отуруп, көп машинелүү унаалар Мырзабайдын талаасынан АлаТоого карай, көшүлө созулган Актоонун катмарлуу адырларына карай жол тарткан.
Ушул барган бетте чөптү бардык машинеге жүктөп алып шашылыш түрдө кайра
кайтканда түш ооган кез эле. Бул он бешинчи март күнү болучу. Алдыда келе жаткан үч
«вездеход» арттагы жүк машинелеринен узап кеткен эле. Эми дал түш ченде бузула
баштаган күн ырайы азыр, кутура соккон алай-дүлөй бороонго айланды. Кар асмандан
жаабастан, куюлуп-төгүлгөндөй. Жарым гана сааттын ичинде аяз да катуулап кетти.
Жер-көк көрүнбөй, айлана-дүнүйө ырылдап соккон бороонго айланды да, айлана
куюндап төгүлгөн майдаланган кумдай. Кар жерге калың түшүп, күн өзгөчө бир шумдук
апаат алааматка айланды. Үч машине биринин изин бири зорго гана көргүдөй. Жол
кайда, бараар жер кайда, байкоо кыйын. Саал убакытка гана токтошуп үч машиненин
адамдары улам-улам машине сигналдары менен үн беришип, биринен бири
адашпоонун амалын кылышат. Бирок барган сайын жол жоголуп, кар калыңдап, жүрүш
оордоп кетти. Кайта-кайта токтоп жүргөн жүрүш арбыбады. Артта чөп жүктөгөн көп
машине сигналсыз, карааны үзүлүп, белгисиз болуп калды. Ушундай кылып дагы бир
километрдей жол жүргөндө алдыңкы машине калың карга бата түштү да, жылалбай
туруп калды. Анын изи менен келаткан машинелер да көөдөнүнөн тирелип туруп-туруп
калышты. Үч машинедеги шофёрдон башка Эржанов, Эсентаев, Жарасовго, кошулуп
жана райондун базасындагы жол көрсөтүп чыккан Малдыбай, Жуматай деген базанын
кызматкерлери кошулду да ушул беш адам эми жөө, алдыдагы элди издеп бороонду
жиреп, жөө-жалаңдап басууга бел байлады. Шофёрлорго бир машиненин ичине
жыйылып кымтынып отура турган оор кийимдерди калтырып, азыктарды да ошол
алдынкы Жарасовдун машинесине апкелип жыйып берип, беш киши жөө, Жарасовдор
шофёрлор менен коштошту да жөнөп кетишти.
Ушу жолдо, жакын жерде мурун колхоз болгон, азыр «Кенегент» совхозунун бөлүмү,
мурунку Жданов атындагы колхоз боло турган. Азыр Жуматай менен Малдыбайдын
болжоосунча булар Бүркүтүнүн жонунда турат. Мындан ары күн ачык болбосо мынабу
бороондо жол эңкейишке оогондо кыя бет менен жарташтуу жээктер менен жүрө турган
болор эле. Айлана көрүнбөй турган болжоосуз, мынабу ак түтөк ичинде машинелердин
илгери козголушу да кооптуу. Анын үстүнө асманды каптап алган карлуу дүлөй
бороондун калыңдыгынанбы, күн шооласы да күңүрттөнүп кетти. Күн батып калган
болуу керек. Мындай ак бороон аласурган кардуу шамалдын кезинде калың майда
кардын камоосунда калган адам күндүзү түнгө айланган чагын айра албай турган кез
болот. Азыр машинеден бөлүнүп, илгери жүргөн кезде беш жөө кишиге мезгилдин кеч
экенин, түн экени таанылбай тургандай боло берди. Козголуу, алга жылуу азыр да жөө
абалдын өзүндө да ушунчалык кыйын. Катуу бороон бетти кандай бурсаң да алдыңдан
ышкырып асылып ык бербей, ырк бербей уруп турат. Беш жүргүнчүнүн баарынын
алдындагы Жуматайга илээше жүргөндө кайра-кайра артка айланып, кырданып
козголуп, баш менен бетти төмөн кылып, аяздуу шамалдан ыктай жүргүсү келет. Жөө
жүргөн соң кээде дененин тоңгону билинбей, бирок бет, мурун ээк кайта-кайта катуулап
муздап, чыдатпай чымчый берет. Ошону укалаган колдор да заматта тоңот.
Салаалардын учу ачышып, күйгөндөй болуп чыдатпай колдун сырты жыгачтай селейип
муздай берет.
Ушундай алек менен зорго алышып акырын кыбыраган жөө кишилер тынымсыз
илгерилеп келатышат. Бир кезде кар учурган кара шамал бул туштагы карды жалапжуктап алып кетип турган бир урчуктуу кара таштын тушуна бардык топ жеткенде
Жуматай алдыда турган эле. Ушул арада ал өзүнүн мынабу топту тек шамалга гана
ишенип, сүйлөнүп баштап келе жатканын билгизди. Жана жер танабын дурус болжоп
келаткан экен.
Мына муну Кушмурундун «кара жарташы» деп коёт. Багытыбыз туура экен. Эми
Жданов атындагы колхозго чейин үч километрдей жол калды, — деди.
Булар ошончолук узак жүргөп эле. Машинеден ушу жер канча болот деп Жарасов
сураган эле.
Үч километр. Мындайда жүрүш өнөбү? — деген Жуматайдын кабарын укканда
Жарасов ушунчалык түңүлүп;
— Эмне дейсиң? Бардыгы үч гана километрби? — деп саатына карады. Эсентаев
экөө баштарын тийиштирип туруп, ширеңке жагып, саатты караганда: «Азыр тогуз
болгон экен. Машинеден кетээрде саат беш эле. Төрт саат жүргөндө жолсуз жер менен
акырындап чубуруп келген топ, үч гана чакырым жол жүрүптүр. Эми алдыда дагы үч
чакырымдай жер бар. Чарчаган, тоңгон, ал бүтүп кыйналган оор жайдын баарын оозго
алгандан эмне пайда». Жарасовдо Ата Мекендик согушта 1942-жылдан 1945-жылдын
август айына чейин бардык согушту башынан өткөргөн чыныгуунун өткөөлү бар эле.
Тамекисин тартып туруп ошонусун ушу онтойсуз жерде эске түшүрдү да силкине
.чыйрыгып, кыжырданып алды. Эсентаевге:
— Бул баш эмнени көрбөгөн баш. Бизди Ата Мекендик согуш мындайдан жазгана
турган кылып тарбиялаган жок. Чыдоодон башка чара жок. Билесиң го! — деп калды.
Эсентаев да Ата Мекендик согушта көп айлар баштан кечирген жайдын күнкү баткак
көлдө, кыштын күнкү чыкылдаган катуу аяздуу жолдор менен күндөр-түндөрдү көрүп
чыныккан денеси бар күржүйгөн жону, узун бойлуу, күчтүү аркасы далай оордукту
көтөрүп үйрөнгөн командир эле. Танкеде согуштун көп учурларын баштан өткөргөн
‘Жарасов от менен сууну алмак-салмак кечип өткөн чыдамын өзгө жолдошторуна да
жакшы туюндурду.
— Жуматай жолдон адашпасын. Биздин буттар тескери баспасын! Алга жыл эми.
Жетпей койбойбуз. «Ждановго»! — деп турганда тоңо баштаган денесин бир нече ирет
секирип чыйратып алды да Жуматайды жонунан түртүп: «Бас, бас жөнөй бер, эми тек
ылдамыраак жүр» деди. Ушуну менен жети саат жол жүргөндөн кийин алты гана
километр кардуу бороонду, азаптуу жолду басып өткөн беш жолоочу Жданов атындагы
колхозго жеткен эле.
Жуматайдын билери ушундагы завмагдын үйү болучу. Алиги жатып үлгүрө элек үй
ичине аяздуу кийимдер буу атып, талаанын, түндүн суук аязы менен бирге кирген,
өңдөрү качкан, түстөрү суук, беш жолоочуну оболу алда кандай суук жүрүш менен
келген, ниети жаман топтой көрүнүп калган эле. Казакча кемсел-бешмант, үстүнө ак
шалы жоолук салынган, жапалдаш бойлуу, акчыл жүздүү, орто жаштагы үй ээси аял:
— Каран күн, мына булар кимдер эле? Эмне кылып жүргөн адамдар өздөрү, — дей
бергенде бийик төшөктө дем алып жаткан мурутчан, чокчо сакалдуу кызгылт сары
завмаг Бейшен: «Болду, акырын! Бөтөн кишилер эмес! — деп ордунан өйдөлөй берип:
— Э, Жуматайсыңбы, Жуматай!» — деп өзүнүн жердешин алды менен тааныды.
Бул үй чоң самоорду тез кайнатып апкелип, коюу чайды конокторго узак ичирди.
Бир нече чыныны ылдамдатып ичип алган соң гана Жарасовдун тили чыкты.
— Чиркин-ай, баятадан сүйлөөгө, атүгүл козголууга мурча болбой калыптыр го эми
гана оозума сөз келе баштаганын кантесиң, Эсентаев, сен тилиңди жибиттиңби?
Эржанов сенин да тилиң катып калган жокпу? — деп эмиэми гана жылына баштаган
жолдошторун, үй ичин жадыратып күлдүрүп алды.
Ушу колхоздон завмагды жиберип, бир топ адамды азык-түлүк артындырып алдуукүчтүү аттарга мингизип бериде, арыда калган машинелерге жөнөткөнчө булар тыным
алган жок. Эртесинде Жарасов салт атка минип «Кенегентке» кетти. Районго, облуска
эмдиги абалдын кыйынчылык абалын айтып сүйлөшмөк эле. Чапкылап отуруп ашыга
келсе да «Кенегенттин» борборунун рация менен сүйлөшө турган мезгили өтүп
кетиптир. Эртеңкиге чейин тосууга мүмкүндүк жок. Ошол кезде ашыккан бойдон түндө
жүрүп отуруп эмки бир жакын жер Сарбастагы райондун штабына кетти. Штабка келип
област менен байланышканда обкомдо отурган Жайлообеков Алмазбек менен
сүйлөшкөн эле. Мындагы бардык кыйынчылыкты жашырбай айтты да, эмки күтө турган
жардамга жиберилчү палаткалар менен тоютту мол табуунун, аны ташый турган
машинелердин трактор менен бензавоздун көп керек боло турганын айтты.
— Бороон-чапкын, жол жаман, кар калың. Мал арык. Эми оторлор ушул отурган
жерлеринен илгери көчүүсү кооптуу. Алдыбызда 20-март. Ал эми жыйырма-жыйырма
бешинен тартып туут башталат. Козулатууга жараган кой эми тууп жиберүүсү мүмкүн.
Ошол койдун калган күчүн сактоо керек. Козуга, алсыраган койго короо жетишсиз.
Жалгыз гана паана, калканыч — ошол палатка, палатка! — деген.
Алмазбек жан салмактуу үн менен мындагы бардык абалды обкомдун толук билип
турганын, кам көрүп жатканын айтты да, жакынкы күндө Алым Эринбетов силерге
барып жетет. Жүз тонна жем, ошол жактагы бардык базадан тоют камсыз кылынат.
Алым мында облустун бардыгынан палаткалар жыйнап, ушул даярдыктарды камдап,
сиздин эки райондун жардамын жеткирүүгө аттанды. Ошол жеткенче болгон күчаракетти жасап, малды өлтүрбөөгө тырышкыла! — деген эле.
Обкомдун секретарынын оозунан уккан нагыз фактыны, жардамдын жайын жана
көңүлгө демөөр болорлук акыл, кеңеш, тапшырма — баары тең Жарасовго ички тирекжардам, чыңала түшкөндөй кубаныч берди. Бирок эми бул жердеги иштин жайын
Айгенеге келип жаңыдан Эсентаев, Эржанов үчөө баш кошкондо өтө бир жайсыз абал
алдынан чыга келди. Ушундан үч күн мурун «Шеген» совхозунун директору Жаканов
өткөндөгү жолугушууларда чыгарган бүтүмдөрүн, белгилеген чаралардын баарынан
бөлөк ойдо жок тескери аракет жасаптыр.
Жакында он эки машине менен ошол совхоздун малына райондогу базалар
жиберген таңгакталган чөп келген эле. Анын үстүнө ушундан төрт-беш күн мурун күн
жылымык болуп кар жукара түштү. Ушу жайларга ишенип, ал бүткүл Ноян районунун
малына арналган чабандар кеңешинин чечимин четке кагыптыр да, өз совхозу боюнча
элден бөлөк өзүнчө эсеп ойлоптур. Өз бөлүмдөрүндөгү улуу чабандарга буйрук берип,
төрт күндүн ичинде Кара-Тоого жетип алууну шарт кылып койгон. Чабандар
алаңдабасын, үйлөр көчүп-конуп, үй-бүлөлөр кабатырланбасын. Ошондуктан өрөскөл
калпыс чечим башына келген да, буйрук берген. Чамасы он беш отордун бүткүл
чабандарынын боз үйлөрүн, бала-чакаларын, чөп апкелген он эки машинеге бир гана
саатта салгызган да, Кара-Тоого карай жөнөтүп жиберген. Чабандарга ар отордун
алдында чанага жүктөлгөн тоют жүрүп отурат. Койлорду ошону менен тең көчүрүп күнүтүнү дебей шашылыш түрдө илгерилей берүү керек, — деген. Өз эсеби боюнча үйлөрү
илгери кеткен соң, чабандар тамак-ашка, отунга, түн баласында, кээде күндүз үйдө
коноктоп аялдабайт, азыктарын куржундарына мыктылап салып берип төрт-беш күнгө
чабандарды малынан ажыратпоо керек.
Ушундай болсо ар отор мыкты болот. Күн жылып калды. Кар жукарып малдын
жүрүшү жеңилдеди, Эми күн санап абал оңоло бериши мүмкүн. Прогноз деген
келжирек, ал адаша берет. Бул жактагы аба ырайын жаныбызга отуруп, өлчөп отурган
метеостанция жок. Жылда бул кезде кар кетип калчу. Бул өрөөндүн адети күндүн
ырайы оңолуп, жаз келе баштаса кар эки-үч эле күндө агыл-тегил кетет да, бүтөт. Кайта
ушундай жукарып келе жаткан карды суусун кылып отуруп малдын туут убагына чейин
жайлуу мекенине жакындап, Кара-Тоонун ыктоосуна, этегине барып илинип калат
деген. Ушул эсеп боюнча өзүнүн завотгону тигил он эки машине менен тоют жеткизген,
Нау деген дыйкан адам менен акылдашып, Жаканов элден бөлөкчө бир чечимге келет.
Жарасовдорго муну айтпайт. Алиги чарба башчылары Жарасовдор менен алгач
кездешкенде ал ушул планынын четин чыгарган болучу. Өзү ичинде бир эсептен
Жарасовго ошондо айткамын деген. Экинчиден, бардык райондун малы чубалып
каптай көчкөндө ал жүрүш бутуңду байлайт. Күчү бар, өз жөнү менен Кара-Тоого тек
илинип каларлык мүмкүндүгү бар чарбалар тез жүрүп кетпесе, бардык совхоздор менен
колхоздор бирге очорулуп жүрүп алсырап калып, ары кумдан кетип, ары Кара-Тоого
жетпей эки аралыкта учу-кыйры жок Мырзабай талаасында мажирөөлүк менен койду
кырабыз. Өз чарбабызды ошол аз гана болсо да өз чөбүбүзгө таянып, аз күн ичинде
алып чыгып кетебиз деген.
Эми бүгүн Айгенеде кечинде Жарасов, Эсентаев, Эржановдон укканы боюнча үйлөр
кетип калган болсо да оторлор кийинки күндөрдөгү кутуруп соккон ак бороон,
чыкылдаган аяз астында илгери жыла албай, камалып калган. Малда ал жок, күн-түнү
мал соңундагы адамда үй жок. Ак бороондун астында, кой ичинде каңгып калган
паанасыз чабандар эмне болору белгисиз коркунучтуу абалга түшкөн. Түн ортосунан
турган Жарасов, Эсентаев атка минип, койчулардын жайын билүүгө, «Шеген»
совхозунун жакын бөлүмү Таш-Булак фермасына карай чабышкан эле. Койлор жүдөө,
койчулар зирилдеп тоңгон. Коюндарында бир гана калама нан. Суу ордуна кар жеп
жүрүшөт. Суук дал ошол кезде 30 градус эле. Жарасов чабандар менен учурашканда
өз ичинен жерге киргендей болуп уялды да, кысылып-кыйналды. Мунун алдынан узун
таягына сүйөнүп калың кызыл сеңсең сары тонунун бийик жакасына мойнун, ээгин
тыгып калың кара тебетейин көзүнө чейин баса кийип Кошой чал тосуп турган эле.
Анын иймекей узун мурдунан тааныган Жарасов салам берип, жанына аттан секирип
түшүп келип, колун алды. Кошой өзгөнү айткан жок.
— Кырылды го мынабу мал. Кайран адал, асыл мал эмнеден жазды эле ушунча.
Дарман болбой ушундай бойдон кеткениби, ботом! Бүткөнүбү, боорум Жарасов-ай!
Кыйналдыкко! — дей берди ээги дирилдеп, сурданып оңо түшкөн көздөрүнөн
тоголонгон мупмуздак жаштар чыкты,
Чабандар тууралуу Кошойдун чогултуп бир айтканы баарынын тең малды таштайын
деген ою жок. Коюндарында каламандары жеткиликтүү, бир жакшысы. Ошол болсо
азыр чыдашат да, кантишет. Малды айтсаңчы.
Жарасовдун убайымы азыр асыресе адам жайы. Ал ошону үздүксүз ойлогон
абалында: «Бардык чабандын кийимдери калың, жылуу бекен? Үшүп калып, тоңуп
катып жүрбөсүн?»
— Ким билсин. Кышта баарынын тең камы жакшы. Кийими начар чабан жокко.
Алтымыш бештеги чал мен дагы азыр кийимимдин жукалыгынан тоңуп калам деп
турган жерим жок. Бел чечпегениме он күн болсо да оюм өзүмдө эмес.
— Кайран, Кошоке-ай! Советтин эр азаматы өзүң экенсиң го. Мынабу сөзүң көңүлгө
медөө эмеспи. Бирок чабандын бардыгынын тең бирдей кийми жылуу, жүргөн-турганы
чыйрак деп ишене албай турамын. Эми эмнеси болсо да жаныңарда, күнү-түнү
камыңарда болорбуз. Үй да, ысык тамак, жылуу жай да тез эле болот. Өз үйүңөр көчүп
кеткени менен бул жерде ылдамдатып уюштуруп .турабыз, — деди.
Кошой үйлөрү көчүп кеткен отордун чоң чабандарын санап чыккан эле. Жарасов
баарын тең ошол жерден кагазга жазып алды. Алар он бир отордун ээлери болуп
чыкты. Кошой, Салман, Дообай, Жетимишбай, Кенже, Тажыбай, Доске, Эсен, Ажыбай,
Сейит, Базар, — деп Кошой санады да, өзүнүн малы жаткан жайыктын бир чети тигил
Актоонун кары койташтуу ак адырга чейин созулуп жатканын көрсөтүп берди. Жер
танабы көңүлүндө сайрап турган Кошой калың кар баскан ак талаа, ак жумурткадай
дөбө бел-белестердин бардыгын Сары-Тескей, Жыланды, Коёнду, Сары-Баштоо,
Көксала, Жамбаш, Бөйрөксай деп четтеринен чубуртуп айтып берди.
Жарасов эми тезинен Жакановду көрмөк эле. Ошого жанындагы жолдошун
чаптырып жиберип, өзү эмки иштей турган чараларын эсептеп, ичтей бир бүтүмгө
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 13
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.