Latin

Өскөн Өркөн - 09

Total number of words is 4135
Total number of unique words is 2141
30.3 of words are in the 2000 most common words
42.5 of words are in the 5000 most common words
49.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
койнуна бардым. Далай жылдан бери көнбөй жүрдү эле. Кийинки күндөрдө тоң моюнун
кайырдым. Моокумум бир канды, эмне кыласың?» — деген шумдук мактаныч сөзүн
жанагы курбу жигит да Албага кызыга түшүп аңгеме кылган. Жанузактын жаны өрттөнүп
отурганын туйбастан, күлүп, мыскылдап аңгеме кылган. Чыдай албаган Жанузак жаны
жай табалбай эртесинде жумушу болбосо да Канай чалдын үйүнө кирип келген. Алба
аны менен амандашканда жигиттин бети кыпкызыл болуп уялып, көздөрү жалооруп,
ыйламсырады да үн чыгаралбай калды.
Алба ага кымыз апкелип берди. Амандык жайды салт боюнча кыска гана айтты да,
көп чечилип сүйлөшкөн жок. Айтор шылтоо жумушу жок, ичинен жалындаган жигит
оюндагы кыйналган күйүтүнүн четин да чыгара албай кетип баратты.
Чал келаткан эле. Отургусу келген жок. Өз эрки болбосо мүмкүндүк таап көөдөнүн
ачар болсо, ал Албага ымандай өтүнүчүн айтар эле. «Өзүңдү кордобо! Кор боло көрбө,
асыл жар. Коңкой сенин теңиң беле? Кор боло көрбө, арам жору Коңкойго! Сен кандай
бийикте, асманда мекениң болчу абзелсиң. Асман нурдуу аялуу жансың! Сен чоң бакыт
үчүн, жарашыктуу ашыктык өмүрүнө жаралгансың!» — десе болор эле. Тили жетер эле.
Жан жүрөгүн жалындатып туруп ошону айтар эле. Бирок али аял затына ооз ачып,
тилек-арманын айтып көрбөгөн уяң, жашык жаны алсыздык кылды. Өзүн өзү ичтен
күнөөлөдү, урушту. Кордолуп кыйналды да кете берди.
Чал ушу келишинде ушунчалык сурданып, канын ичине тартып, жабыгып келген
экен.
— Бирин киргизип, бирин чыгардыңбы, сойку! Шум шалдаакы,— деген нече түрдүү
сөздөрдү айтып, Албанын жанын дагы жаралап келген.
Ушул күнү күн батканча урушуп, уруп-согуу менен болду. Бүгүн өз кулагы менен
коңшу айылдагы кемпир Кызтуубастан угуп келген Коңкой жөнүндөгү суук кабарды айта
келди. Кеч киргенче, түн болгончо чал урунуп-беринип, сан ирет муштумун түйгүлөп,
Албанын үнсүз жүзүнө ар түрдүү шумдук сөздөрдү агызып жатты.
Кичинекей Кенжебек бул күндө үй ичинин жаңжалын угуп, беймаза болчу болгон.
Атасы энесин жазалап, кыйнай баштаса, ал дайыма сулуу энесине жабышып, болушуп,
жаны ачып ыйлай берчү. Ошол баланын добушу чыгат деп, чал эл жатканча чыныгы
жаңжалын баштай элек экен. Айыл жатып, эл аягы басылып, коңшу үйлөрдө оттор өчтү
да, түндүктөр жапырт жабылды. Баланы «жаныма жат» деп энесинен ажыратып, босого
жагына жаткызып уктатты. Төшөккө жатамын деп келген Албаны буту менен тээп:
«жатпа, жолобо арам!»— деп жаткызбай койгон.
Бир аздан кийин бала уктап, айылдын ити да үрбөй жым-жырт түн тынчтыгы орноду.
От башында жүдөө, жүзүн колуна сүйөп, дагы да ыйлап отурган Албанын азыр такыясы
мойнуна түшкөн. Калың, коюу жибек тал кара чачы агылып, жүзүнө карай серпилип,
иретсиз жайылып отурган. Бул кезде өзүнүн жүзү кандай, кебетеси кандай экенин
ойлой турган да эмес. Деми кыстыгып, өксүгү басылбайт.
Ошол кезде чалдын жылаңаяк буту желке тушуна тийгенин сезди. «Чык, тышка,
чык!» — деп чал калың өрүм чачынан кармап алып эшикке карай сүйрөп жөнөдү. Оң
колу менен босогодон бирдемени сыйпалап, оор бир нерсени алды. Өрүмүнөн сүйрөп
алдына салып итермелеген Албаны эшикке тээп чыгарды. Ай жарык, айыл уйкуда,
дүнүйө жым-жырт эле. Үйдөн аткып чыккан чалдын сакалы сербеңдеп, эки уурту
жыйрылып, буурул чачтары тикирейе үрпүйүп тик сайылып алган.
— Өлтүрөм, кунуңду төлөгөм. Арам, жүзү кара! — деп тиштенип, ырайымсыз катаал
бай, эми колуна күндүз саптатып апкелген чоң өткүр жаңы кетменди көтөрүп алган.
Ошону менен далдап келип бир уруп калганда өзүнө карай умтула түшүп жазганган
Албанын сол ийнине сабы тийип, кетмен тийбеди. Чал дагы жулкунуп кетменди көтөрө
бергенде адамдык жигери ушунчалык намыс менен, күйүт менен чыйрыккан Алба
кетменди кармай калды. Чал экөө үнсүз таймашып калган. Чал кетменге үңүлүп, уңгуга
жакын жагын кармай берди. Тартып алмакчы. Алба кетмендин сабын эки жерден
кармап жабышып коё бербей турду. Чал жылаңаяк буту менен Албаны ичтен ары тээп
жиберди. Эми кетменди жулуп алды, ошондо Алба бүткүл кайратын өзүнө жыйып:
«Жазыгым эмне эле, ошончолук!» — деген болуп шадылуу колу менен кетменди катуу
жулкуп тартып калды.
Дал ушу кетмендин кайралуу, өткүр миздүү учу чалдын жука бырыштуу куучуйган
чекесине согулуп, кадала түштү. Ошол жерден кан буркурап атып кетти. Чал
чалкасынан серейип кулап түштү. Жумшарып, алы кеткен колдор бошотуп жиберген
кетмен Албанын колунда кала берди. Алба эси чыгып, өң-алеттен кетип корккон
калыбында чалдын үстүнө кыйкырып: «Кудай-ай, каранкүнай, эмне болдуң, эмне
болдуң?» — деп талып жыгылды. Шылк этип чалдын үстүнө жыгылды да, жансыз дене
менен кулап кетти. Ушул катуу чаңырган үндү угуп калган картаң күзөтчү жай басып
келип Канайдын үйүнүн жанында канга боёлуп жаткан шордууларды көрдү. Айыл
ойгонду. Туш-туштан катындар, келиндер, бирин-серин коңшу малчы эркектер келип
калышты.
Алба эми гана бирөөлөрдүн жөлөп-таёосу менен башын көтөрө берип чалга көзү
түшкөндө, эсинен айрылып кокуйлай берди. Чал өлүп калыптыр. Көздөрү жумулган.
Өңү-түсү көпкөк болуп кубарган. Оозунан кандуу көбүк мурутуна жабыла берип, түйүлүп
туруп калыптыр.
— Өлтүрдүм. Мен шордуу. Мен бактысы жок. Кара бет мен өлтүрүп алдым! — деген
сөздөр гана Албанын оозуна келиптир. Аңгыча болбой, нечен түрдүү муну каралаган
жалалуу сөздөр жыйылган эркек, аялдын оозунан чыгып жатты, агылып жатты. Далай
муштумдар, камчылар башына, денесине, бети көзүнө тынымсыз урула берди.
Ушуну менен кайгынын уусун шимирип жүргөн Алба эми күйөөсүн, ак никелүү
койнундагы жазыксыз жарын кетмен менен башка чаап өлтүргөн кан ичер, карабет,
бузуку катын атанып, эртесинде айлана-аймактагы бардык элге ашкере болду.
Албанын башына ушул шордуу түндөн баштап, бул өрөөндөгү айылдар, ошону менен
кошо болуш кеңсеси жана Бабатанын мечит-медиресеси алай-дүлөй бүлүндү.
Кандайдыр асман жарылгандай, тоо кулагандай болду. Жер силкинип, көп жанды
жуткандай болду. «Шумдук-шумдук», «тажаал», «тозоку» деген сыяктуу сөздөр сан
оозду аралап өттү.
Үч күн бою бир жарым миң үйлүү болушту, аймактагы кыштактарды, коңшулаш көп
элдерди бул жат кабар чардап өтүп жатканда чалдын жаназасы болду. Ал коюлган соң
үч күндөн кийин эми жаназа күнү кыжынып, каарданып, тиштенип бий-болуш, эшенкалпалар, аксакал-кара сакал, атминерлер дал ушу Бабата мечит-медресесине туш
туштан чубуруп көп ат-араба менен келишкен эле.
Оболу денеге тийген соккудан эсенгиреп эмне абалда жатканын билбеген Албанын
көзү көгөргөн, бети-башы шишиген, чекесинен, ээгинен кан аккан жарасы катпай, али
эсин жөндөп жыя элек оволу. Бир гана сөз: «Кенжебегим, жарыгым, кенжешим!
Кенжетайым... жетимчем!..» — дегенден башка башында ой, оозунда сөз жок.
Жалынбайт, сыйынбайт. Эч кимден ырайым да тилебейт. Керек десе кара суу да
ууртаган жок. Күткөнү ажал, тилегени ажал гана.
Тергөөнү жыйналган каардуу топ үч түрдүү кылып жүргүздү.
Болуш менен Кара эшен, Касен калпа, Дайырбай калпа болуп түпкү өкүмдү
чечмекчи. Бул мечит менен болуштун экөөнүн амир кудурети бир бүтүмгө келишкенин
таанытмак. Экинчи түрдөгү тергөөнү Сырбай болуш өзүнүн үзөнгүлөш бийи Убайиске
тапшырган. Убайис болсо Коңкойду бир бөлөк, Албаны бир бөлөк жоопко, тергөөгө
алган.
Алба Убайис бий келип отурганда да, үстүнө кирген лөкүйгөн семиз денелүү
аксакалдан ийменген жок. Кымсынбай, көзүн да салбай жарадар жүзү аппак болуп
кубарган калыбында «Жарыгым, жалгызым... жетимчем, көрөмүнбү көзүңдү...»
дегенден башка сөзү жок.
Убайис чал мындан жооп алалган жок. Сураган сөздөрүнө эссиз жандай, эчтеке
укпагандай болуп жооп бербейт Алба. Жалгыз гана оозунан чыккан сөзү «Атайын
өлтүргөнүм жок. Кетмен менен өзү уруп, өлтүрөм дегенде кетменди колунан жулуп
алам деп, катуу тартып калган элем. Чекесине кетмен тийип, кулап кетти шордуу» —
деп ыйлап, өксүп коё берип, бүгүлүп тизесине башын койду да, эңгиреп ыйлай берди.
Эшен менен болуштар жиберген Дайырбай, Касен калпалардын сансыз
сурактарына жооп бербей, тек гана ушул сөздү кайра айтып, дагы да ыйлап барып
талып кетип, алардын көздөрүнчө жыгылып калган.
Убайистин катуу какмалап тергегени Конкой болду. Анылдагы эркек-аялдан
кезектеп сураштырып, ошол Коңкойдун Алба менен жакындыгы тууралуу тараган
ушактын жайын сураштырган. Бул жөнүндө көп киши бир гана түрлүү далил айтты. Ал
Алба менен жакын болгон да, анысын өзү жашырбай айтып да жүргөн болчу.
Убайис Конкойдун өзүнөн да эң оболу ушул тууралуу танбай чынын айтуусун
сураган. Чал өлгөнү балээге батып каламбы деп өз башын коргоп көрсөмбү деп
ойлогон Коңкой тартынып, танып көргөн эле. Убайис бир нече аялды жана жигиттерди
аны менен беттештирди да, эриксиз Алба менен жакындыгын мойнуна алгызды. Ошону
менен аялдан, эркектен уккан соңку далил сөздөрүн Убайис болуш экөө эшенге
жеткирген эле. Эмки бүтүмдү бир эшен, эки калпа жана Сырбай болуш менен Убайис
бий чыгаруу керек.
Эки калпа мурун казылык кылып, шарият өкүмү менен адам жазалап көргөн
кишилер эмес эле. Ал экөө, Албанын сөзүн адам ынана турган сөз кылып апкелди да,
ак эшенге ошону атайылап билдире олтуруп, өздөрү күмөндүү болуп кайтканын
билдиришти. Бүтүм сөздү эки калпа атынан айткан Касен калпа болучу.
— Ооба, ооба азырет, баарыбызды ошол баштан өкүмий шарихат, өзүңүз таалимтарбияда такирарлап ияд эткен хукими тарикат бизлардан агах болгондо гадилат
жолун талап этеди. Бул пушайман нафиса өзү өлтүрдү дешке сизге биз маглум эткен
сөзлерине караганда биздин көңүлүбүзгө даргуман шек келеди! — дегенде болуш
Сырбай калпаларга түйүлүп, күржүйгөн семиз желкеси кызарып катмарлана түштү.
— Эки калпа, эмне деп олтурасыңар деги! Сенин шегиң болсо, менин шандим бар!
— деди.
Көзүн төмөн салып отурган селдечен Кара эшен быжыгый тармал сакалын болуш
жакка бурду да, ары-бери куран окугандай козголо түшүп, кесек сары таштуу төлгөсүн
тарта берип, ар ташын шытырлатып отуруп, тобосуна келип: «астагыфиролла,
астагыфиролла, астагыфиролла»! — дей берди.
Эки калпа да эшенди туурап: «астагыфиролла, астагыфиролла» — дешти. Алар
үчөө тең наадан болуш Сырбайдын «шандим бар» деген сөздү наадандык менен,
күнөкөрлүк менен оозго алганын баамдатты. Касен калпа өзүнөн жашы улуу болушка
кабагын түйүп, катуулана карап баш чайкап: «күннакар, күннакар, пенде сөзү го» — деп
койду. Себеби «шегим бар, шегим бар» деген сөздөр эки периште үңкүр-маңкирдин
жаны өлгөн адамды текшерүү учурунда айтыла турган сөзү эле. Периштенин оозунда
болчу сөздү өзү намаз, орозо, зекет дегенди али күнгө тутунбаган чала мусулман
күннакар, динсиз жапайы болуш Сырбай айтчу сөз эмес эле.
Азырет баштаган динчилдер тобу Сырбайга динге кылапат келтирдиң дегендей
үркө карап калышкан. Бирок Бабата мечити, анын медиресеси — баары тең ушул
жоонкурсак зөөкүр жана чоң бай Сырбай болуштун жеринде. Болуш булардын
мечитине келип намаз окуп, кээде иниси менен баласын окутуп жүрсө да, эшен, пир
дегенге анча бойсунбаган, кудай жолуна али анык мусулман түрүндө, тобосуна
келбеген адам болучу.
Сырбай болсо китепче сүйлөгөн молдолор менен өздөрүнчө жооптошомун деп
жанагыдай чаташып алган. Артынан сопу-молдолордун тиксинип калган ырайын көрдү
да: «Эми ушу казактын кара сокмогуна салып сүйлөйүнчү» — деп өзүнүн эр көкүрөк
аксымдыгына көчтү. Ал Албага эң ырайымсыз, эң катаал жазаны атап да койгон. Болуш
бул жолу мурун эл ичинде, айыл-аймакта адам пендесине колдонуп көрбөгөн жазаны
колдонуу жагына биротоло бекинип, бир беткей болуп алды. Мунун Алба менен Канай
чалдын кайгылуу окуясынан башка да бир себеби бар эле.
Жашы кырктан ашып, элүүнү чапчып калган жоон курсак, чарчы бойлуу, бүтүгүй көз,
көк тумшук, кириндей үрпүйгөн мурут-сакалдуу, тиштери да эрте түшкөн, жаян ооз
болуш үч катындын эри боло турган. Кичи аялы жыйырма бешке жаңы келген
Сакыпжамал — Сакыш деп эркелетип аталып жүргөн көрктүү, кызыл жүздүү, шыңга
бойлуу, кырдач мурун, кыпча бел дегизген, ушунчалык асем, көркөм келинчек эле.
Малды көп берип жатып алган токолу кийинки бир жыл ичинде Сырбайга каршы
сүйлөп, тез-тез тутанып ачууланып, ыйлай берет. Кээде, асыресе быйылкы жайда:
«Биздей казактын катын-кызына күн туулабы?»— деп койчу болду. Дагы бир күнү
Сырбай анын өзүнө тик сайылып айткан жообуна катуу ызаланып калган.
— Казактын аялы шордуу да. Жүрөк барбы, эрк барбы? Мал берген ээлер, ырайы
суук шум адамдар ыйлатып, зарлатып, байлап-матап отурган жокпу?! — деген болучу.
Жакын айылдагы мугалимде Сырбайдын байбичесинен туулган баласы окучу эле.
Ошол бүлдүрүп, астыртадан келип чагым салып жүрөбү деп Сырбай сестенип калган.
Дал ушул жакында, эки жумадай мурун тили чыга баштаган чалпоо мүнөздүү токолго
бул алгачкы ирет айкырып, коркутмак болуп камчы шилтей берген. Токол камчысынын
өрүмүнөн кармай салып:
— Көзүңдү ачып кара! Мен кулак кести күңүң эмесмин. Күнүм туур болсо ушунуң
үчүн да көзүңдү акыйтып туруп агызармын! — деген.
Бул сөз шаардан, гезиттен, мугалим деген соңку жылдарда айылга дабырты келип
жүргөн балээлерден жугуп жаткан дарт. Шаарга жакын жерлерде тигил Түркстан,
Чиели, Акмечит сыяктуу шаарларда кыз-келиндин күйөөдөн качуусу көбөйө баштаптыр
деген сөздөр Сырбайдын, Убайистей бийлер, аткаминерлер арасында тез-тез оозго
алынган жаманат сыяктуу, малга келген илдет сыяктуу, адамга келген дарт сыяктуу
оозго алынып кеткен эле.
Эми мынабу Албанын иши болсо карт күйөөгө каршылык жасайм деп, аны өлтүрүп
салып олтурат. Ушундайдын тушунда аймактагы казактын бүт айлынын төбө чачын
үрпөйткөндөй, жан-жүрөгүн сестендирген катаал жаза керек болот. Болуш ошондой ой
менен атайын Бабата мечит-медресесине эки чабарманын, бир нече старчындарын
жана жалакор, жамандыкты тил менен жалап, жымылдатып жибере турган
аткаминерди отуз-кырк кишидей кылып, өңчөй сайкүлүк аттарга мингизип өз айлынан
ээрчитип чыккан. Бул түнү менен Сакыпжамалга кабанак итче суук карап, үн катпастан
сокур айбат жасап, айлындагы бүт аялды, өзүнүн үч катынын ачуулуу аюудай айкырып,
үркүтүп-коркута кеткен.
Эки калпанын сөздөрүнө амалсыз кулак салган Кара эшен болуш алда нече сүйлөсө
да: «Сабыр эт, болуш, сабыр, бий-болуш, Ассабиракман, биссабур ишшайтан»,— дей
түшүп, өзү туура сөзүн айтпады. Түштөн бешимге чейин медресенин борбордук чоң
бөлмөсүндө өзүнчө отурган бул беш кишинин кеңеши аяктабады. Бир кезде болуш
белги кылып, чабарманын жумшаган эле.
Азиреттердин үстүнө чабарман ээрчитип киргизген кемпир Кызтуубас келди. Ал
колунан жетектеп: «Жүр, бери!» — деп алдыңкы караңгыраак чоң бөлмөгө аппак болуп
кубарган, бетинде көз жашынын шоросу агарып билинип турган болтойгон бала
Кенжебекти колунан тартып, сүйрөңкүрөй отуруп үйгө киргизди.
Бул ушул адамдардын акыркы бүтүмү үчүн келтирилген кишилер. Болуш кечээтен
бери Кызтуубаска Кенжебектин жайынан бир сөздү катуу айтып тапшыртып койгон. Аны
да бул кемпирге жеткизген Убайис болгон. Ата өлүп, эне кулпуланган үйгө туткунга
салынгандан бери алты жашар бала Кенжебек жетим калган паанасыз абалында ушу
Кызтуубас кемпирдин колуна берилген болучу. Кызтуубаска тапшырылганы шариат
атынан өкүм айтаарда баланын да макулдугу, күбөлүгү, ыктыяры билинүү керек
дешиптир. Аны болушка шарт кылып Кара эшен менен эки калпа айткан эле.
Азыр ыйламсырап ээги кемшеңдеп турган бала чочуган абалда, мынабу көрүнүшү
суук чоң үйдүн ичинде баштарында бөлөк кийим, ак орогон адамдар отурат. Мойнунда
жез каргыдай чоң теңге салбыраткан көкала сакал Убайис отурат. Күржүйгөн семиз,
жаян ооз, бака бойлуу суук караган болуш отурат.
Бала эң оболу чыгып кеткиси келип тартынайын деди эле, кемпир өзүнө карай
жулка тартып калды. Ошол кезде Азырет кичинекей балага түк да түшүнбөй турган тил
менен бирдемелерди сүйлөдү. Айтканы:
— Э, бушайман наристе, мээрман атаңдан, шейит болгон атаңдан жетим болуп сен
калдың. Гаси фанде гүнаккар Алба сенин энең эмес. Ал айбан, жырткыч. Алланын
амиридүр, хукими шаригат бизден, сенден талап этет, азыр шариат атынан айтыла
турган хукимге Ыраазылык бересиңби? Ыраазылык бересиңби? Ооба, күнөөсүз
наристе! — деди.
Болуш менен Убайистин үйрөтүп койгон кептерин Кызтуубас балага жаттатып
койгон экен. Өзүнөн эмне сурап отурганды билбеген балага Кызтуубас эңкейип
кулагына шыбырап:
— Айтпадымбы жана саган, атаңды өлтүргөн Алба азыр сенин энең эмес. Ал
жинденип кеткен. Эми көзүнө көрүнсөң сени да өлтүрөт. Тирүүлөй этиңди жеймин деп
отурат. Айт! Берем де, «ыраазылык берем» деп, башыңды ийке, ийке башыңды! —
деди.
Өзүнө анык болбосо да бала жүрөгү бир шумдуктан чочулап эки көзүнөн ысык
жашын агызып жиберди. Бирок «Ийке башыңды, берем де!» — деген сөздөрдү түрү
суук болуш, көкала сакал Убайис жана кулагына какылдап Кызтуубас кемпир айтып
турган соң ийкеди да: «Берем!» — деп күбүр этти.
Болуш ошол кезде катуу бүтүм жасап: «Болду, болду жетет, алып кете бер! Айтты,
жетти!» — деди.
Ушундан кийин сөздөрүн бир жерге тогоштурган Азырет калпалар, бий-болуштар
бешим намазын окууга чоң мечитке барышты. Жамы журт болуштун буйругу менен
ошол мечитте болушту. Даараты бары да, жогу да, демейде намазды окуган-окубаганы,
кары-жаш баары түгөл Кара эшенге уюп, кыска окула турган төрт ракагат бешим
намазын окушту. Үнсүз сурданып чыйрыккан журт эми эмне боло турганын күткөн. Ушул
кезде болуш менен Азырет, калпалар менен Убайис бий илгери чыга келишти.
Булардын бет бурган жагы медресенин каршы алдындагы жакындап үңүлүп келип
турган кат-кабаты мол, бийиктен өзөнгө карай эңиштеп турган Каражарташ болучу.
Ошого жакындап келишти да болуш менен Азырет алга чыгып туруп, Убайис артка
карай оң колун созуп, узун жең чапаны менен жарташка карай бир сермеп калды. Ушул
кезде гана эл алдына топ ичинен бөлүнүп эки колу артына байланган Алба чыга келди.
Кара чачтары эки бетин жаба, жоон өрүмү эки ийнинен ыдырай чубала түшүптүр. Арт
жагынан жаба салган жука ак чүпүрөк желке жагын жартылай жапкан. Артындагы элге
карабай оор, алсыз денесин зорго сүйрөп каражарташка карай баса берди. Эл эми
көрдү. Анын артында коңкогой мурун, кең көөдөн, кара чаар Коңкой салбырай басып,
башын төмөн салып кетип бараткан экен.
Экөө топтон бөлүнүп, жыйырма отуз кадамдай чыгып калды. Алба ушу кезде үн
салып, чыңырып: «Кенжебегим, Кенжешим... жетимчем... козум!» — деп айкырыпкыйкыра берди.
Жанын кыйнаган эмки жалгыз жара, ошол артында кылып бара жаткан жаш бала —
жан жарасы эле. Ал сыйынган да, жалынган да жок. Артында ким бар, ким карап турат,
элес алган да жок. Дагы да: «Жетимчем, Кенжешим...» — деп чыңыра бере, бир саам
артка карай айланып көзүн жогору көтөрө берди. Ошол кезде артында удаа келе
жаткан Коңкой ийнине салып келе жат-> кан кетменди, ак кетменди бийик көтөрүп
Албаны төбөдөн ары уруп жиберди.
Алба калың кара чачынын түбүнөн жылжып аккан, төгүлүп аккан каны менен катар
өзү да төгүлгөндөй кулап түштү. Чоң өткүр кетмендин мизи башына терең батып,
дегенин кылган экен. Ошол арада жаны чыгып, үзүлүп кетти. Болуштар, бийлер,
селделүү калпа, молдо, азыреттер кыбыр этпей, тапжылбай дале турушат. Караташтын
түбүндө борпоң топурактуу акчаңгыл жерди жанагы кетмен менен дагы эки-үч чапкылап
чуңкурча жасагандын белгисин кылды да, Коңкой кетмен менен үч ирет кара топуракты
көтөрүп алып Албанын жүзүнө таштады, Кетменди да ошол жерге таштай салып,
башын төмөн салган калыбында калың топтун ичине кайта кирип, жоголуп кетти.
Өкүмдү өзү кошо отуруп чыгарткан болуш шариятка сыя турган болсун деп, Албаны
өлтүргөндө өзү байын өлтүргөн кетмен менен өлтүрттү. Ага ошол өкүмдү чыгаруу үчүн
мусулмандын шарияты, казактын салт-жобосу кошулуп, эртең күбөсү боло турган
баласынын өз оозунан ыраазылык алуу керек дегенди Кызтуубас кемпир" аркылуу жаш
жетимди жанагыдай кыйноого салган. Өлтүрүүчү ким болот дегенде: «Коңкой өз колу
менен өлтүрсүн!» — деген бүтүмдү да болуш айткан. Ошол өкүмдү жана бешим
намазынын алдында болуштун чабарманы бөлөк үйгө жашырып бошотпой отурган
Коңкойго Убайис менен болуштун өзү келип жеткизген: «Өкүм ушундай болду, шарият
өкүмүн сен орундайсың!» — деген эле.
Коңкой бул сөздөн чочулап, болуш менен бийге жалына берген. Эриндери
дирилдеп, көзү жалооруп, жалтаңдап:
— Чымындай жанымды калтыргыла, агаке, болушаке, кудай акы, киши өлтүрүп
көргөн жок элем. Чымын жаным садага болсун. Ушундан куткара көргүлө! — деп эт
бетинен түшүп тизелеп болуштун, бийдин бутун кучактай берген эле. Болуш ошондо
колундагы камчы менен Коңкойду жон талаштыра тартып-тартып жиберип:
— Ач көзүңдү! — деп айкырган. — Иттин баласы, анте турган болсоң Канайды
өлтүргөн сенсиң. Катынын азгырып, жакындашып алып, «Сени өзүм алам, байыңды
өлтүр. Мал-мүлк экөөбүзгө калат. Өзүң мендей жаш күйөөгө тиесиң!» — деп бузуп,
азгырган сенсиң. Азыр айтканыбызды кылбасаң, бүгүн түндө протокол жасатып, эки
чабарман менен Түркстанга апарып, түрмөгө жапкызамын. Ошондон кийин сүргүнгө —
итчеккенге айдатып, өмүрүңдү, көзүңдү абакты менен сүргүндө чиритемин. Айтканды
иштебей көр! Чыгарып көрчү эми үнүңдү! — деп дагы айкырып камчы менен баштан
ары тартып жиберген.
Ошол кезде Убайис Коңкойду акылга салган киши болуп:
— Эки өлөйүн дедиңби, келесоо! Өлсө малга сатып алган катын өлөт. Эр
эмессиңби? Эркек эмессиңби! Тур, бар, айтканды кылгын! — деген.
Ошону менен чабармандар колуна кетменди карматып жана намаздан кийин
козголгон элдин артына Алба экөөнү чыгарган болучу.
— Ошондой, ошондой кылып карышкырлардын заң-закону талап өлтүргөн шордуу
Алба сулуунун өлгөн жери тигил Каражарташтын боору! — деп Алмазбек Карповго
жана бул аңгемени толук укпаган Касымов Муратка, Курмановдорго баяндап чыкты.
Бул жерде тургандар үн ката албай бир далайга чейин ташка карап селейип туруп
калышкан эле. Алмазбек аңгемесин аяктай берип, жетим бала Кенжебек ошол жылы
үч-төрт айдан кийин ар кайсы үйдүн босогосунда жүрүп, кыш ичинде ооруп, соолуп атаэнесинин артынан бирге кеткен.
Алым чыдай албай күйүп кеткендей болду:
— Түү, кандай жырткычтык, кандай жексур эле мынабу эл. Калк үчүн уяла турган,
кордоло турган кылмыш. Эмне кылып, эч болбосо үн чыгарып, арага түшөр бир жан
табылбаган. Ырас, эл атына каргыш тамгадай басыла турган шумдук экен! — деп
кабагын түйгөн калыбында Караташка кадалып турду.
Арип Есдаулетов башкачараак ойлойт экен.
— Эл дей турган эл беле! Ал кездеги калк да, кара букара көпчүлүктө үн барбы?
Элге тийбегиле! — деп Карповдун да көңүлүнө дурус көрүнгөн сергек сөздөр айтты.
Алмазбектин эсине дагы бир окуя түшкөн эле.
Ошол элдин ичинде Албаны өзгөчө аяган, анын жайын ыйлап отуруп аңгеме кылган
адам аз болбоо керек. Ошого себеп болгон Албага сырттай ынтызар, анык 'ашык
болгон ошол кездеги жаш акын бала Жанузак экен. Билдиңиздерби, анын жайы, абалы,
өмүрү да кайтылуу трагедия. Ал ошол Алба өлгөн кезден баштап бир түрлүү зарга
түшкөндөй ылгый жоктоо ырларын ырдап, улуп-уңшуп ыйлай бериптир дейт. Албанын
өлүгүн кийин таза аруулап көмгөн да ошол экен. Дайыма кышы-жазы Албанын
бейитинин башына жалгыз барып, көпкө отуруп, зардуу ырларын ырдачу экен. Улупуңшуп ыйлай берет экен. Жыйырма беш жашында ошол жигит эки көзүнөн айрылып
сокур болуптур. Мунун өзү бир укмуш. Ошондон кийин: «Албанын жүзүнөн башка
аялдын жүзүн көрбөсүн деп мени тагдырым ушундай абалга апкелди. Эми мен
үйлөнбөй жүрүп өтөм» — деп ошол калыбында кала бериптир. Менин көзүм
жумулганда Албанын нурун, көркүн ичине ала жумулат. Өмүр-тирлигимдеги мага
калган жалгыз нур — Албанын жаркын жүзүнүн шооласы!» — деген да, Алба тууралуу
ал өзгөчө поэма чыгарган. Ошол поэма «Албанын ажалы» деп аталат. Угуп көрсөңүз
ушул өрөөндө көп жандар, көп энелер ошол ырды айткызып, көп кечтерде ыйлап,
Албаны жоктоп отурушат экен.
— Ал эми акынчы?
— Акындын өзүчү? Өзү эмне болуптур? Ал азыр кайда? — деген добуштарга
Алмазбек соңку ирет билген, уккан кептерин айтты.
— Акын Жанузак ошол ырын чыгарып бир аз жыл зарлап айтып жүрөт да, бир
түрдүү тез картаят. Отуздун ичине кире бере кудум кары кишидей арып-тосуп,
ыргайдай болуп бүтөт да, сокур акын зары менен каза табат.
Аңгеменин баарын унчукпай угуп, ойлонуп ташка карап туруп калган Карпов эми
гана Алмазбекке карады да:
— Сенин бул айтканың абдан жаман! Трагедия гана эмес, оор шумдук! — деп туруп:
— «Нет повести печальней повести Ромео и Джульетты» — деген Шекспир муну укса
эмне дээр эле? — деди да каш карая баштаганда бүткүл топту баштап машинелерге
карай басты.

Төртүнчү глава
I
Айсулуу өз короосундагы жемиш багынын арасындагы кичинекей аянтка өстүрүлгөн
гүлбакчасынын четинен үй жакка карады. Быйылкы жыл Алма-Атада дем алуу үйүндө
өзү көрүп серүүндөп көп гүлдөрдүн кээ бири алардын багында да өсө турган. Азыр
кийинки розалар да ачылып калыптыр. Кызгылт күрөн, роза жыты менен да, түсү менен
да Айсулууга ысык, сүйүктүү эле. Бүгүн тек гана күздүн гүлү астранын бир-эки ак жана
кызгылт гүл сабактары соңку күндөрүн элестеткендей. Айсулууга алар тегерек ар түстүү
көздөрү менен: «Биз да эми бүтөбүз. Бизди да күз салкыны уктатат, соолутат»
дешкендей.
Айсулуу өзү эгип, өзү күтүп, күн сайын жыттап, жүзүнө гүлдөрү менен жамынчы
жасагандай көзүн, бетин, мурдун батыра көпкө туруп калар эле. Азыр ошондой жай
кезинде көп гүлдөрдүн жарашыктуулугун жумшак, сулуу көркүн кыйбай гана эсине алат.
Гүлдөрдү катарынан бери аралап, сүйөмөлөгөн жыгачтарына чейин көз кырын салып
кыдырып, илгери басып келет.
Үйгө жакындаганда бул айылдын багы бийик калың Жалбырактуу катарлары менен
жарашып турган эле. Мында да жүзүмдөр тегиз алынган. Эми жалбырактар саал
саргыч тартып, жайкы иреңинен ажырай баштаган. Булардын да күзү келип, жыттуу,
мөмөлүү, кызыктуу чагы өтүп кетип баратканына Айсулуу жанагыдай астра гүлүнүн
жанында туулган ой менен, көңүл кыйбастай сезимин байкатат.
Мунуң ушул коңур күздүн мезгилинде, көңүлдөгү көлөкөдөй баёо абалында супа
үстүндө жүзүмдөн жеп, эркелеп жаткан жалгыз иниси Армандын көңүл маанайы бир
бөлөкчөдөй. Узун бойлуу, сымбаттуу, шыңга болуп эр жетип тогузунчу класста окуган
Арман супанын үстүндө кичинекей бала күнүндөй чалкалап жатыптыр да, энеси менен
анда-санда азил сөз айтышып, кусайини деп аталган узунча кара жүзүмдү үчтөнтөрттөн бир сугунуп жатат.
Айсулуу жүзүм багынын түбүнө саал токтоду да, энеси менен Армандын үндөрү
үзүлүп, тамашалашкандарын тыңдайт. Нурбүбү кайнап калган самоорун соңку ирет
жарака. жыгачтардан салып демдей түшүп, короодогу кемегелердин кичирээк
казанында бүлкүлдөп кайнап жаткан аштын астына отун таштады да, баласынын
жанына кайта келди. Түштүктө ар ким айтып жүрчү жүзүмгө байланыштуу бир азилди
баласына айта отурду.
— Сен жүзүмдү төрттөн-бештен жейсиң. Аркадан келген казакка айтылган бир сөздү
билесиңби?
— Кандай сөз. Өзүң айтчы?
— Жүзүмдү уучтап жеген казакка «Мунун өзүн жүзүм дешет, бирден-бирден үзүп
жешет» — дептир. Ошондо казак:
— «Мунун өзүн жүзүм дешет, бир жегенде жүзүн жешет?» — дептир, ушу сен
сыяктуу жүзүмгө кумар жигит болуу керек — деп Арманды күлдүрүп, энеси баласынын
ички алаканы менен таптап, өзү да күлүп коюп сүйлөп отурду. Арман күлкүсүнө какап
кала жаздап, жүзүмдөрдү кош-коштоп оозуна сала берди. — Ошондо сен сыяктуу жигит
азилге жооп айтыптыр. Ал: «Бир-бирден жей турган шабдаалы го» — дептир.
«Жок, аны бөлүп жейт» — дегенде «Эмнеге бөлүп жей турган тиги коон го» —
дептир.
Айсулуу бул сөздөрдү угуп акырын үнсүз гана күлүп олтурду. Энеси ушундайларды
балдарына жеңил, кызыктуу тил менен күлкүлүү кылып айта билүүчү. Ошого кубанган
Арман кызык китеп окугандай, ошондогу кээ бир окустан катуу күлгөнүнө салып
каркылдап, шакылдай күлдү. Ошентти да энесине карап оонай түшүп, башын көтөрүп
отура берип:
— Апа, мен сизге айтайынбы, ушу казак өзү куу экен жана жемиштердин баарын тең
билет экен, Али эми алиги Арканын жемиши деп кызыл мөмө аттууну жей турган казагы
эмес болуу керек! Мен сизге айтайынбы, данеги тоскоол болбосо шабдаалыны бөлбөй
эле жеп салаар элем! — деди.
Айсулуу ошол кезде катуу күлүп, булардын жанына келип Арманды ашкерелеп
тамаша кылды.
— Апа, жанагы сиз айткан шабдаалыны бөлбөй жеген казагыңыз дал ушу балаңыз
Арман. Кичирээк шабдаалыны оозуна бүтүн салып жүргөнүндө аарчып, ашыкпай бөлүп
же деп убара болгом.
Арман каршылашкан жок. Бирок өз адетин дагы да кубаттай түшүп:
— Жүзүмдү бир-бирден жейт деп шаардын назик кыздарын айтат го, алиги түркүн
ханымдарын. Ал суусаганда шабдаалыны туташ оозуна салып жиберсең анчалык
жаман эмес. Менин оозум Айсулуунун оозундай эмес, чоң. Мен эркекмин, — деди.
Нурбүбү анын өзүн эр жеткен эркек санаганына ичтен шүгүрчүлүк кылып сүйүндү
да, бирок доомат айтты.
— Сенин оозуң Айсулуунун оозунан анчалык чоң эмес. Экөөңүн тең оозуң биринебири окшош, — деди.
Айсулуу ага саал ызаланып калды. Арманды боор тутуп өзү эже катары жакшы
көрсө да, бийик бойлуу турпатын ылайыксыз көрө турган.
— Апа, эмнеге андай дейсиз. Менин оозум Армандын оозундай дегениңиз адилет
эмес го, — деп назик, сулуу кыз өзүнүн көркүнө өзгөнү теңегиси келбеген текеберлик үн
катты. Ошону менен катар аксаргыл жүзүндө кечки ала көлөкөдө байкала турган саал
кызгылт болуп кан жүгүрткөн ирең байкалган эле. Бул кезде күүгүм кирип, толукшуган
аппак ай булардын багынын үстүнөн бүткүл нурун төгүп, ак шоола менен энтелей карап
тургандай болду.
Нурбүбү Айсулууга карады да саал жымыйып, кызынын пешенесине ичтен шүгүрлүк
этти да, өзү да тамашалап калгандай болду. Ай астында Айсулуу кай сулуудан болсо
да ашып түшпөсө кем түшпөстөй. Арман Да энесинин жанына чыканактап жатып,
Айсулууну тамашалап, эмне айтаар экен деп күлүмсүрөп карап турду. Айга каршы
бардык жүзүнө ак шоола төгүлгөн Айсулуунун кызгылт коңур, жоон өрүм чачы азыр
капкара көрүнүп, эки ийнинен түшүп баса төмөн карай агыла түшүптүр. Күлө караган
Айсулуунун сулуу эриндери созула түшүп ачылганда аппак кесегирээк тизилген
тиштери ай нуруна чагыла түшүп, саал шоола берип турган эле.
Нурбүбү кызынын келбетине, нурлуу жүзүнө кубанса да Арманды өмүр бою кай
сыпатта болсо да андан кемитип, төмөндөтпөй турган өз ичинде сыры бар. Энесинен
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 10
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.