Latin

Өскөн Өркөн - 18

Total number of words is 4126
Total number of unique words is 2057
27.6 of words are in the 2000 most common words
40.5 of words are in the 5000 most common words
45.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
эмнесине келейин. Прокурордон адилеттик таппадым бир деңиз, райондук
исполкомдон таппадым, эки деңиз. Айтор эр кезеги үчкө чейин дегендей, үчүнчү,
райкомдун өзүнөн да таппадым. Ошол болбосо райондон быякка келип эмнем бар.
Мында, сенин алдыңа келүүгө көпкө күтүп зарыгып эмнем бар дей' мин да.
Жайлообеков менен Таңаттын ушундайча башталган сөзү сааттан артык аңгемеге
айланган эле. Бүткүл жайды Таңаттын оозунан толук туюнуп-билген Алмазбек
аңгеменин аягында жүзүн суутуп, саал кабагын түйүп ойлонду да, өз чечимин ичтеги
ыза менен, катуу бир түрчүгүү менен чыгарган эле. Оболу Шалкарованы чакырып алды
да:
— Мынабу карыянын жанагы мага айткан, анын алдында чет-жакасын өзүңүзгө
айткан оозеки сөздөрүнүн баарын кагазга түшүрүп, жазып алыңыз. Орусча тексти Нил
Петровичке берилет. Ошондуктан орусчага да жакшы которуңуз. Бөлөк жумушту
иштебей эле коюңуз. Кызмат аягына чейин ушуну жакшылап жазып, бу киши өзү айтып
отурган Ленин районунун судьясын, прокурорун, райкомунун секретарын толук
калтырбай жазыңыз. Бүгүн мен сизди башка жумуштан бошоттум. Тек кызмат аягына
чейин ошол кагаздар даяр болсун! — деди.
Экинчи бир чечим азыр буйдалбастан ушул угуп-билгенин колмо-кол обкомдун
биринчи секретары Карповго толук маалымдап айтып, ошону менен бирге баш кошуп
отуруп, бүтүм чыгаруу эле. Ушул күнү түшкү дем алыштан кийин Шалкарова Таңаттын
арызын даярдап апкелген соң Карповго телефон чалып, ошол кагазды жиберген
Алмазбек өзү артынан жарым сааттан кийин кирген эле. Карпов кагазды окуп, бардык
жөн-жайды туюнуп отурган экен. Азыр Алмазбек экөө кыска гана чечимге келди. Үч
кишиден комиссия түзүлсүн. Ага облустук соттун бир кызматкерин, профсоюздан бир
адам жана обкомдон Шалкарова кошулсун. Ушул үч киши эртең жолго чыгып, бир
жуманын ичинде колхоздорду, райондун борборун жана аталган кеңселердин
баарынын жетекчилерине жолуксун, мектеп мугалимдери менен сүйлөшсүн.
Комсомолдордун, колхозчу күбөлөрдүн, жалпы жергиликтүү элдин бир аз адамдары
менен да сүйлөшүп, толук, так адилеттүү далилдерди жыйып келсин. Обком өзүнүн бул
ишке зор көңүл бөлгөнүн ушул комиссияны тез жиберүүсү менен билдирет. Ал эми
анык, чыныгы чечимди бардык нерселерге көз жетип, бардык жайлардан ишенимдүү
далилдер жыйналып болгон соң чыгарат, деген бүтүмдү Карпов Алмазбек экөө бирге
отуруп жасады да, сөздүн эң акырында Карповго бир гана түйүндү сөз айтты.
— Обком бул маселеге катуу көңүл бөлөт. Себеби бул бир аялдын керт башы
жөнүндөгү сөз эмес. Облустун көлөмүндө казак аялынын маселесинде эскиликтин
калдыгы жөнүндө облустук партия комитети көңүл бөлбөскө болбой турган оор да,
кыйын да жайлар бар экени байкалып олтурат. Ошого көңүл бөлө турган мезгил бышып
жеткен экен! — деген сөздү жайык жүзүнө толкуган бир кызуу кан ойноп чыгып, катуу үн
менен салмактуу кылып бир айтты да андан ары сүйлөгөн жок.
Ушул кезде Асия Карповдун кабинетине облус боюнча эмне далилдерди билип,
кандай ой-пикирди камтып келгенин обкомго, анын ичинде асыресе Карповго өз
оозунан баяндамак болуп келген эле. Өзү борбордон келген, калыс көз менен караган
адам болуунун үстүнө казактын окумуштуу, абройлуу, партия мүчөсү, маданияттуу аял
Асия Карпов үчүн анын оозунан бир аз жайлардын чындыгын угуусуна өтө ылайык
адам болуп көрүнгөн.
Былтыркы Алма-Атадагы эки жума убакытты тоодогу дем алуу үйүндө бирге
өткөзгөн чактардан Карповдун эсинде калган таасирлүү учурлар, кызыктуу маектер али
унутулган жок. Асия ошондо бул кезге чейин Карпов көргөн казак окумуштуу
аялдарынын ичиндеги өзгөчө бир көрүнүктүү, анык ички маданияты жакшы ачылып
өскөн совет аялы болуп таанылган эле.
Асия өзүнүн жаратылышына бүткөн ачык, туурачыл жана адамдын ажарын
байкагыч сынаакы көңүлү менен Карповго көп башчы адамдардан башкачараак карай
турган. Бул кишиде, Асиянын түшүнүгүнчө, ичте бугуп жаткан бекем, таза адамгерчилик
кубат бар. Албетте, ошол касиети дайым эле көрүнөөгө чыгып турбайт, ал бир эркектик
салмактуу кубат жана көп тажрыйбалуу сыпатынан келип чыга турган кеңири
калыптанган залкар касиеттей казына. Көп сырдашып, иштешип сүйлөшпөгөнү менен
Асия былтыркы күздүн өзүндө Нил Петровичке көп нерсенин чындыгын ишенип айтууга
боло турган киши. Бул партиянын чоң өкүлү жапа улуттук республика жагдайында
өзүнүн Ленин жолундагы ойлуу большевик болгон милдетин терең түшүнө турган, өтө
жооптуу, ойлуу адам деп билүчү.
Мисалы ушул облустагы обкомдун секретарынын Асия кадырлай турган дагы бирэки казак азаматтары бар. Ошондой болсо да Асия өзүнүн азыркы ушул сапарынын
аягындагы оюн-пикирин чыныгы ленинчил жетекчи деп эң алды менен Карповго гана
ишенип айткысы келет. Бул Асиянын азыр Карповго келип алгач аңгемелеше
баштаганда ичинде турган ойлору, түшүнүктөрү эле.
— Мен облусуңуздун бир нече районун аралап, мисалы аялдардын турмуш-жайын
жекече бөлүп сөз кылсам, чынымды айтайын Нил Петрович, сизди мен жубата
албаймын, — деп баштады сөзүн. Нил Петрович чоң тунук кара көк көздөрүнүн кыйыгы
менен карап Асияга бурулду да:
— Ал эми сиздин милдетиңизге кирбей эле койсун, Асия Алымовна. Сиз туюнган
чындык мен үчүн баарынан кымбат болот, ошону ойлоңуз. Өзгөчө катаал да болсо
чындык болсун! — деп бир аз оңдоно бурулуп, Асияны ашыкпай тыңдай турганын
билдирди. Асия Карповдун жакшы үтүктөлгөн жаңы жука чаарынан келген сур
костюмуна, сыпайы байланган боз сур галстугуна көз кырын салып, секретардын
сырткы келбетинен да тарбиялуу тазалыкты байкап отурду. Бул кабинеттин жазуу
столу өзгө кабинеттерден башкачараак экен. Келгендерге караган сырт жагы саал
ийрилип келип, секретардын өзүнө караган жагы кыскараак, ичтей ийиле жасалыптыр.
Телефондор турган кичирээк столдун бетинде жакшынакай кылып жабылган жашыл
сукносу бар, анын да сырты тегеректелип, ийилип жасалган асемдүү орун.
Кыскасы биринчи секретардын чоң бөлмөсү жыйналышка чогулган адамдар отура
турган терезе жактагы узун стол менен да жана асыресе секретардын өзү отурган
жанагы орундун түрү менен да көрүнүктүү маданияттуу орун-жайды бөлөкчө
баамдатты.
Асия мындай көп көрүнүштөрдү байкагыч, сезгич маданияттуу аял калыбы менен
азыркы жолугушуу жагдайы, өзгөчө орундуу, жооптуу жолугушуу экенин туйгузуп
отурду. Ал облуста көп нерсени угуп, көрүп атайы өзү кошо аралашып, аныктап билип
чыккан бир нече көңүлсүз кырдаалдар бар. Ошолорду четинен санады.
Казакстандын өзгө облустарынан ушул облуста аялдар абалынын мурунку кездеги
оорчулугуна өзгөчө себеп болгон кечээ гана өткөн тарыхтын өтө оор мүшкүлдүү
жагдайлары бар. Бул облуста эшендер, шайык-кожолор, нечен түрдүү медресе, мечит,
мазар түрүндө далай замандар бою үстөмдүк кылган зулумдуктар бар. Мында жалган
айтышпайт, «Сайрамда бар санзыя бап, Түркстанда түмөн бап, баптар бабы
Арыстанбаб» деген жайды Карповго түшүнүктүү кылып которуп берүү менен бирге
азыркы облустун үч чоң району ушул бир сүйлөмдө аталганын эскертти. Арстанбаб
Шабылдыр районунда. Ноян районунда кечээ эле Акишан деген амалдуу, катаал
даңктуу кожо болгон. Атүгүл тээ Кара-Тоонун ар жагындагы алыскы Узак районунун
өзүндө Баба түктүү, чачтуу азиз Бабата, Балыкчы, олуя деген алда нече олуя жерлер
бар. Мынабу турган Ташкенттин аржак-бержагы, Орто Азия мусулмандарынын баарына
кудайдын кудуретиндей каардуу кудурет буюругун тараткан Кожоахмед Яссаби,
Ташкенттин түбүндөгү Зеңгибаба мазары сыяктуу бир облустун көлөмүндө бүткүл бир
динчил мамлекетке кенен жетерлик олуязаада, эшен-пирлердин мекен-жайлары
болгон.
Аларды айрыкча атап, тарыхына сүңгүп тереңдөөнүн кажаты жок. Бирок ушул
орундардын баарында фанатик, өздөрү зулум жана катаал, зөөкүр плутократиянын
буйругу аткарылган. Ошол эскиликтин изи оңой-олтоң жоголуп, ажалдын торлору
чырмоок тузактары тез жыртылды, үзүлдү да бүттү деш керек эмес. Али көп жандардын
санаасында жаңылык далай-далай ушундай чырмоокторго оролуу менен, тушалуу
менен кош кабатталып жүрүп отурат. Ошонун себебинен көз көрүнбөгөн, ичте тереңде
жаткан табынчаак да болсо тегинде ыплас жайлардан туулган, ойдо жок жат мүнөздөр
чыгып калса, өрүш алып жүрүп отурат, деп жыйнактап ойлоп жүргөн бир жайларын
алды менен айтып өткөн Асия Карповдун али нагыз иштин өзүнө жеткенге чейинки
сөздү сынчылык ой менен үнсүз байкаштырып, мээлүүн тыңдап калганын билдирди.
Эми Асия чукулунан ар райондо өзү көрүп-билген өрөскөөл абалдарды тизе берди.
Эң оболу жетинчи класстан ары окууга бара турган кыздардын саны бүткүл райондордо
бирдей өтө аздык кылат. Мунун өзү кыздарды күйөөгө эрте берүү деген сөз. Ал эми
ошол жаштагы кыздарды күйөөгө бергенде ата-эненин ыктыяры, тандоосу көбүрөөк
орун алат деген сөз. Жана ошол тегин да кеп эмес. Ата-эненин ыктыяры аларды
бекеринен кошпой турган кездер да аз эмес чыгар деймин. Ушул күндө өзүнчө айлаамалдуу шумпайлыкка айланган, негизи мурунку жаман адеттер менен — бата менен,
калың берип кыз алуу адеттери былыктуу түрдө жуурулушуп жаткан, калбай жүргөн
кырсыктар болуу керек.
Алардын эркине көнбөгөн кыздардын ар түрдүү айла менен жазага учурай
тургандары кырсыктуу казага, өлүмгө, чоң трагедиялык кыйынчылыкка чырмала
турганы да жок эмес. Анын бир мисалын Ленин районундагы жакшынакай сулуу кыз
Айсулуу башынан кечирип отурган абал экенин мен сизге кийинирээк айтамын деди.
Карпов унчукпай баш ийкеди. Бир аздан кийин гана барып:
— Мурунку бир болгон окуяны — аял башынан кечирген шумдуктуу оор трагедияны
мен Бабатадан уккан элем, — деди. Асия аны да билет экен. Өз аңгемесин үзгүлтүккө
учуратпоо үчүн тек гана: «Ооба, Албанын окуясын мен да жакшы билемин», — деди да
Айсулуунун бүгүнкү баштан кечирип отурган каралуу, кайгылуу абалын эсине алды.
Карпов бул чыныгы болгон иш экенин туюнду да, Асиянын сөзүн бөлүп:
— Сиз ал окуя менен таанышсызбы, сиз да ошол райондо болдуңузбу? — деп
сураган эле.
Мен абдан таанышмын. Колхоздо да, каза көргөн аялдын үйүндө да, атүгүл
райондун прокурору менен жана райкомдун секретары жолдош Көлбаев менен да
атайын сүйлөшүп алып билип келген жайларым бар. Сизге ушул жыйналыштын
үстүндө толуктап айтам деген кебимдин бири ушул, — деген сөзүн уккандан кийин
Карпов Жайлообековго телефон чалды да дароо келүүсүн сурады.
Асияны угуп отуруп Карпов казак райондорунун Ноян, Узак, Шабылдыр, Келес жана
түштүктөгү пахта айдаган үч райондун өзүндө да төрөт үйлөрүнүн жокко эсе экенин эске
алышты. Андан ары Карповдун өзү облуста казак аялдарынын абалы мурунку көчмөн
тиричилик калдыгын сактаган боз үйгө байланыштуу жана бүгүнкү мал баккан
чарбалардын көчүп жүрө турган биринен бири окчун, алыс конгон аз гана үйлөр
топтолуп чачырап жүргөн жагдайына байланыштуу мал өстүргөн райондордо айыл
абалынын көп-көп кыйындыгын өзү эсине алды.
— Аларга жалпы медицина жардамы аз. Тазалык сактоо гигиена санитария
жагдайы өтө төмөн. Ошондуктан көп балдардын кээде беттеринде котур чыгып
жүргөнүн көрөсүң. Баштарында да котур жүргөн балдар бар. Айтууга да уят, атүгүл
мончонун өзү алтындан бетер кымбат болгон чарбалар бар. Бул көп ойлоно турган
кырдаалдар, — деп өз ичинде көптөн бери байкап көңүлүнө түйүп жүргөн дагы бир
нерсени бүгүн Асия сыяктуу окумуштуу казак аялынын оозунан чыккан аялдар
жөнүндөгү өтө салмактуу камкордук ойлорду угуп отуруп, өзү да бир топ тың ойпикирлерди кошту. Бул ойлордун ичинде кыйынчылыктан арылууну самоо гана эмес,
ошолорду жеңүү чараларын, даярдыктарын кошо ойлогон ишкерлик жигер да
байкалды.
Карповдун эмки бир сөзүндө жана чакырылган Жайлообеков келип кирип, Асия
менен акырын амандашып, үнсүз уккан киши болуп Карповдун оозуна карап калган эле.
Карпов ага орун көрсөтүп, колун унчукпай созду да Асияга карап сүйлөй берди.
— Көчмөн мал баккан жагдайдын кыйынчылыгын айттык го. Анын али сиз менен биз
атабаган, кеп кылбаган далай шумдук безобразиелери жатат. Жетинчи беш жылдыктын
мезгилинде бул күндө оозго алып, кагазга, басма жүзүндө жазып жарыялап чыгарууга
ылайыксыз, окуп көрүүгө уят болорлуктай шору кайнаган чындыктар бар,— деп
баштаганда Жайлообеков Карповдун көңүлүндө мал четиндеги адамдар тууралуу ичи
бышып, жаны күйүп жүргөн чыныгы, жана өтө катаал кайраттуу ойлор бар экенин
сүймөнчүлүк менен байкап отурду. Карпов сүйлөп жатты.
— Биз облустагы аялдар маселесин сүйлөшүп отурабыз. Мен ошондуктан
отурукташкан райондогу пахта, жүгөрү эгип отурган көптөн бери кыштак салып,
жайында эч кайда көчпөгөн райондордун өздөрүн да көрбөй жүргөнүм жок. Кайда
барсаң айылдык советтин жаман-жакшы кеңсеси бар. Колхоздун кеңсеси бар. Ал эми
көп жерлерде бала бакчасы, балдар яслиси жок райондор бар. Эмесе ушул
райондордогу аял-эне үйдүн туткуну. Андай болсо жана эмгекке да толук кошула
албайт, ал бир, эмгекте, тиричиликте тең боло албагандыктан жана мурунку эски адат
менен салт эр бүлөлөрдүн санаасынан арылып болбогондуктан, ошол кыштактагы,
райондордогу аялдар мынабу жетинчи беш жылдыкты куруп жаткан чагыбыздын
өзүндө биз айтып жүргөн аялдар теңдигинин абалында эмес. Эркекке тең болбогон
аялдар эне болсо да, кызы болсо да күйөөлөрү бийлейт, багындырат, — деп бир аз
ойлонуп туруп калды. Аңгыча аңгемеге чыйрак кошулса да мурун Карповго бул жөнүндө
алда нече ирет өзү билген далилдерин айтып, небир бузукулук жайларды
жашырбастан Карповго билдирип, туюндуруп келген адети боюнча Жайлообеков
салкын жүз менен, чоң сургулт көздөрүн Карповго кадап чоңураак ачты да, ойлуу нур
чырагын жаккандай болуп отуруп дагы бир оор ачуу чындыкты кошту.
— Аялдар укугу биздин облустун кээ жерлеринде эскиликти жаңыча айла-амал
менен пайдаланган кыянатка да айлантып жүрүшөт. Ошол жанагы чала окуган эне
менен атанын ыктыярынан чыга албай жүргөн жаш кыз ушул күндө, даанасын айтайын,
сатылып да жүрөт. Сыртынан карасаң сатылуу эмес. Мисалы бир кызды бир жигитке
эки жактын ата-энелери алдын ала макулдашып ыйгарышат экен. Жаш кыз, жаш жигит
өз ыктыярларын ата-энелерине берген. Бир күнү жигит аталары айткан күндүн кечинде
кызды ала качып алат. Ошондон жыйырма күн, бир ап өткөн соң кыз менен жигит
жыгылыштуу болуп кыздын ата-энесинен кечирим суроого барышат. Ал тарап кечирет
да той жасалат. Ошол тойго берген болуп он миң, он беш миң сом акча апарылып
берилет. Бир нече кой апарылат. Кээде уй, жылкы да кошо берилет. Той болот. Той
өткөндөн кийин жыйырма күн, бир айдан соң кыздын энеси, жакындары күйөөгө тийген
кызынын үйүнө барат. Ошондо алгачкы берген акчага, малга ылайыкташтырып сеп
алпарат. Ушуну менен эки жактын кудалыгы эсептешип болуп, ыраазы болушат. Ал эми
ошол кыз менен жигитти башында бирине-бирин ыйгарган ата-энелер алгачкы
макулдашууда жигиттин канча акча, канча мал астыга апара турганын кесип-чечип
койгон. Ал гана эмес, кыз тарабы ошол ала турган сыйына карай канча килем, нече
жууркан, канча жаздык, канча сандык — толуп жаткан үй ичинин буюм-тайымы,
жасалга-жабдуулары дегендерин түгөл атап, санап бата менен коштоп, бекитип
келишип койгон болот.
— Нил Петрович, мен өзүбүздүн кээде сиз менен бирге жүргөн сапарыбызда кээ
бир жаш мугалимдин үйүндө, же бир бригадирдин, болбосо жаш председателдердин
үйүндө ушундай узатылган кыз менен келген үй ичинде бир жарды төмөнтөн үйдүн
төбөсүнө чейин тиреп толтуруп турган жасалгаларды сан ирет көрдүм. Анын өзүн билүү
да кыйын эмес, себеби, кээ бир сандыктар, куржундар, жибек жаздыктар, кыжымы
жууркандар деген бүгүнкү септин баш буюмдары, бүгүнкү совет жаштарынын өздөрү
үйгө сатып ала турган нерселер эмес. Алар сатыкта такыр болбойт дагы. Өздөрү көп
эмгек менен колу бош отурган мурункуча иштүү уз аялдардын колу менен бүткөрүлгөн
оюу-чийүүлөр, өз колдору менен боёлгон түркүн-түстүү жүндөн, пахтадан токулган
буюмдрр болот. Кээ буюмдарды тек мурункунун ошондой жасалгаларын колдон
бүткөргөн зергер эркектер гана жасай алат. Ал эми үйлөнгөн жаштардын бөлмөлөрүндө
ушундай нерселер былтыр жасалып, бүгүн, быйыл келип турса ошону бекер келди деп
ким айта алат! Ал эми ушул маскара окуялар бир түштүктө гана эмес, Казакстандын
башка да кээ бир жакын облустарында да жок эмес. Ал гана түгүл, мен өткөн бир
комиссия менен Кыргызстан, Ысык-Көл бойлоруна барып, ошол жердеги Чолпон-Ата
деген курортто, асемдүү, бай кыштакта болдум. Анда атүгүл Кыргыз өкмөтүнүн дем
алуу үйү бар. Дал биз барып жатканда ошол кыштакта турган бир кыргыз үй-бүлөсүнүн
тою болуп калды. Көрсө алиги үйдүн баласы кыз ала качып келиптир. Арада кудагый
болуп орточул аял жүргөн да, аталары сүйлөштүрүп, алып кача турган саатка чейин
кызды жигит көрбөгөн экен. Бирок кечке жуук барган да ала качып апкелген.
Сураштырсак дал жанагы ушул жактагы адеп сыяктуу. Беш миң сом акча, бир ат, беш
кой, элүү бөтөлкө арак алып астына бармакчы болуп, макулдашып туруп ала качып
келиптир.
Карпов менен Асия бул кабарларды түнөргөн ачуу менен, ушунчалык жигерленген
намыс менен тыңдаганын байкап отурган Алмазбек дагы да мындан да жаман бир ачуу
чындыкты кошмолоп айтты.
Кыргызда да уктум эле, ушунда да кээ бир биздин жигиттер ызаланып, намыстанып
өтө уят бир чындыкты айтышты. Колхоз бригадиринин кызы он беш миң, колхоз
башкармасынын кызы жыйырма беш миң деп, кээде айылдын өзүндөгү билимдүүмаданияттуу деген кызматкерди мыскыл, мазак кылып аңыз сөз таратып жүргөндөр да
жок эмес деп уктук. Жанагы аялдын эмгек менен теңелет деген чоң чындык ойго ушуну
кошо эсептеңиздер деп атайын айтып отурамын, — деди да, Алмазбек Карповго карап:
— Нил Петрович, менин бул айтканым тек фактылар. Сиздин жанагы ойлоруңузга
далил болсун деп кошмолодум, айып этпеңиз, айта бериңиз, — деди.
Карповдун ою жыйнакы тыянакталды:
— Айта турган нерсе, дароо ишке киришүү керек. Алгачкы чаралар катары казак
колхоздорунда бала бакчалар менен яслилерди бардык жерде ачтыруу керек. Экинчи,
асыресе жаш келиндерди механизацияга тартуу керек. Колдон келишинче тез
убакыттын ичинде, мисалы, сол түштүктөгү пахта айдаган үч райондо кем дегенде үч
жүз казак кыздарын, жаш келиндерин жыйнап механизаторлор курсун ачуу керек.
Андан кийин ушу шаарда — Баскентте көп цехтерде аялдар иштей турган иштер көп.
Атайын токуу фабрикасы, май заводу, пресс-автомат сыяктуу далай өндүрүш орундары
бар. Химфармзаводдун өзүн да кошо атап кетейин. Ушуларда эмне үчүн казактын кызкелиндери аз. Баарына тең келин-кыздарды орноштуруу милдет. Жана айылкыштактын кыз-келиндери ошондой кесипчиликти үйрөнүп чыга турган ФЗУ
мектептерин ачып, күчөтүү керек. Ал эми шаарга айылдардан чакыртылган келин-
кыздардын өздөрүнө арналган, бөлөк, таза, жакшы жатакана куруу керек. Ошолордун
арасында агартуу-тарбиялык, маданият жумуштары таза, жакшы тартипке коюлуп,
жүргүзүлүшү керек. Мисалы, бул жөнүндөгү ишти үгүт-насыят секретары жолдош
Жайлообеков, сиз дароо өз колуңузга, туура өз милдетиңизге мыктап алууңуз керек.
Ал эми ошолорду шаарга иргеп-тандап ар райондон жыйып алууну ушул облустун
эмгек резерв кеңселерине мең өзүм жакшылап тапшырамын. Дагы бир чара, — деп
Асияны да, Алмазбекти да өзүнүн ичинде сактап, толук ойлоп алган болсо да, өзү
жалгыз отуруп бекем ойлонуп, көңүлгө түйүп алган тыянактары менен таң калтырып
отуруп, Карпов катаал, чыйрак үн менен дагы бир ойлорун кошту.
— Быйыл бүткүл райондун толук эмес жана орто казак мектептерин мен эсепке
алдырдым. Толук эмес орто мектепти бүтүрө турган жана орто мектепти бүтүрө турган
казак, өзбек кыздарынын: биздин облусубузда өзбек көп, алардын бул жөнүндөгү
жагдайы казак кыздарынын абалынан артык эмес. Бөлөкчө эмес, аларды кошо ойлоо
керек. Ошол казак, өзбек кыздарынын баарынын тең өз мектептерин бүтүрүү менен
бирге илгери карай окуусун улантып кетүүсүнө шарт түзө турган туташ чараларды
колдонуу керек, Мен бул жөнүндө жакында боло турган обкомдун пленумунда биз
бөлөк, өзүнчө токтом, чара колдонобуз деп ойлоп отурамын — деди.
Асия Карповдун сөздөрүнө өзүнүн чынчыл, ачык көңүлү менен кубанып ыраазы
болгонун билдирди.
— Чынымды айтайын Нил Петрович, мен сизге өзүмдүн көргөн билгенимден
жыйып-терген ойлорумду айтып, кабарларым менен жардам берем го деп ойлогон
элем. Эң биринчи ыраазы болгонум, мен айткан гана эмес, андан аркы көп жайларды
мынабу Алмазбек экөөңүз облустун көлөмүндө абдан жакшы билет экенсиз, — дегенде
Алмазбек Асиянын жүзүнө карап шакылдап күлүп жиберди.
— Сиз бизди мактаймын деп өзүңүз мурун өтө төмөн ойлой турганыңызды
билгиздиңиз го, — деп катуу тамашалады эле, Асия кызарып, кымсына күлдү да:
— Жок, тилегиңизди берсин андай ойлой көрбөңүз. Албетте сиздер облус калкы
тууралуу баарын билесиздер. Бирок ошол баары деген сөз өтө көп болгондуктан абдан
көп түрлүү, көп түйүндүү болгондуктан аял маселесине кээде атайылап көңүл бөлбөй
да калган кездер болот деген элем. Эми экинчи оюмду айтайын. Абалды билүү гана
эмес, менин өзүм эмнени кылса болор эле деген суроолорго жооп табалбай, айта
албай келген абалымды Нил Петровичтин өз облусундагы аялдар маселеси жөнүндөгү
чоң кеңири аталык камкордук менен түзүлгөн программасы бар жан экенине айран таң
калдым! — деди.
Карпов күлгөн да, унчуккан да жок. Өз ичинде көп нерсенин чечимин мурун да сан
ирет ойлоп чыгарганы менен али ишке ашпаган, башта гана, көңүлдө гана жүргөн иш
чаралар болгондуктан көпчүлүк жетекчи адамдарга ушуну туюндуруу, ошолордун колу
менен ишке ашыруу, жакшылыкка карай бастыруу кандай болору али маалым эмес
болгондуктан жана мурун өзү буга чейинки турмуштук тажрыйбасында партия
башчылыгынын нечен түрдүү иштерин баштап көрсө да, дал ушундай жайда аракет
кылып, көрбөгөндүктөн али алдын ала кубануу, шаттануудан оолак боло турган. Ал
Асиянын кубанып сүйлөгөн сөзүнө да мээлүүн гана кулак салды да, жоопсуз калтырды.
Эми Алмазбекти чакырганы Айсулуунун жайы болгондуктан ал ишке Алмазбек
киришип отурган жакшы тааныш адам болгондуктан азыр Асиядан ошол иштин чыныгы
абалы жөнүндө билгенин айтууну өтүнгөн.
Асия бул учурда эки секретардын унчукпастан, зор ыклас менен тыңдап калган
жүздөрүнө улам карап отуруп, узак сүйлөдү. Айсулуунун оозунан уккан анын Сагыт
менен болгон мамилесинин нагыз чынын, жаш таза кызды жаза баспай, өтө кылдат
түшүнгөн, чын түшүнгөн назик жүрөктүү, таза маданияттуу, тарбиялуу аялдын көңүлү
менен ушунчалык жеткиликтүү кылып айтып берди. Сагыт жөнүндө мунун туюнупбилгендеринин өзү да бир психологиялык терең талдоо, сыноо натыйжасынан туулган
ойлор болучу. Мүмкүн Айсулуу Сагытты «өзүң түшүндүрүп бер» десе, дал азыркы
Асиядай айта да, түшүндүрө да албас эле.
— Мен ал адамды бир түрлүү түшүндүм. Жүзүн көрбөсөм да, сүйлөшпөсөм да
жакшы түшүндүм. Ал өзү түбүндө мурун кыз-келиндер менен жакшы мүнөздө, сыпайы
жарашыктуу мамиледе болуп көрбөгөн, бүт жаратылышы өзүнө да түшүнүксүз, туюк,
баскан-турганы оолак, томогой неме болуу керек. Анын үстүнө ичет. Турмуштук,
өмүрлүк жашоого эч бир маселесин киши менен акылдашып, сырдашып, чындап
айтышып көргөн жан эмес. Өзү спортсмен. Көбүнчө дене кайраты, кара күчү менен өзүн
чыңдап жубата турган, ошонусуна мас, мактанып жүргөн адам сыяктуу. Кийин ал
райондо өтө кымбат кесипке ээлик кылып, суу техниги болду. Мунун алдына суу үлүшү
жөнүндө келгендин баары буга кошоматтанып, багынычтуу болот. Үйдө анын дүнүйөкор
эски түшүнүктөгү карган энеси бар. Бүткүл район тиричилигинин кызыгын көп көрүп
семирип, бардык коллективден, совет коомчулугунан окчун жүрүп, сыланып отурган
жеңеси бар. Чарбачыл, пайдакеч, ар түрдүү айлакерликке жедеп машыгып алган
кооператив башчысы жана бүткүл райондун адамдары жагынган, жалынган агасы бар.
Андан да беделдүү, чарбачыл бышык, журттун баарынын күнү түшө турган, райондо
четинен дефицит айнек, шифер, мык, тактайдын баарынын кожоюну — СМУнун
башчысы болуп иштеген таякеси бар.
Ал эми Айсулуу ким? Ал атасы жок, агасы жок, жалгыз жесир аялдын паанасыз
жетим кызы. Ага сен кызыксаң болду, кааласаң аласың да коёсуң, деген сөздөрдү
өзүнүн кыңыр, бир жактуу сокур көөдөнүндө чолок түшүнүп алган акылсыз жигит бар.
Өзү кат да жазат, көп жазып кечирим сурайт. Каттарына жооп келбегенде, ал
унчукпаганы — демек көнгөнү деп түшүнөт. Каттары окулбай тытылат, отко ташталат
дегенди ал ойлоп да көргөн эмес. Бул кылмыштын ушундай психологиясы бар.
Кылмышкердин бүгүнкү жаштар аттуунун ичиндеги урод болуп, терс бутактай болуп
бүткөн жандан бөлөк жаман жийиркеничтүү образы бар. Ушуну ачып, жексурлук
жазалансын деп аракет жасаган, аракет кылмак гана түгүл ойлонгон жана кийин да
болсо ката болду го деп уялган адамды көрө албадым. Мен прокурорду да, райондун
секретары Көлбаевди да көрдүм, аны менен сүйлөштүм. Экөөнө тең сиздердин
алдыңыздарда чынымды айтайын ачууландым. Ошончолук ыза болдум. Мында
келүүмдүн, сиздерге келип айтуумдун себеби да ошол. Алар ошол райондо, дал
жандарында туулуп, бүгүн жуулуп-чайылып отурган шумдуктуудай жаманчылык үчүн
алтүгүл ойлонгулары да келбейт. Мен асыресе райкомдун секретарына ушунусу үчүн
катуу нааразы болдум! — деди.
Асияны таң калтырып Карпов бул жөнүндөгү сөзгө өтө кыска жооп айтты. Сөздү
укканда ушунчалык ыкластуу, өзгөчө кулак салып Асиянын ар сөзүн жуткандай, чын
пейил менен тыңдаган эле. Сөз аякталганда тек гана бир сөз айтты.
— Комиссия кетти ал жакка. Ошолор кайра келсин. Бардык керектүү далилдерди
алып келишсин. Бул маселе жөнүндөгү сөз андан соң, кийин, кийин! — деди.
Алмазбекке айтканы: — Мен мынабу Асия Алимовнанын ушул жөнүндө билгенин сиз
угуп чыксын деп чакырдым эле. Азыр ушуну менен коё туралык, күтө туралык, — деди
да, Алмазбектин да азыр ой кеңитип сүйлөөсүн кажетсиз деп сездиргендей болду. Бул
жолугушуулар ушуну менен аякталган эле.
***
Бул жыйналыш башталганы көп убакыт өтпөсө да, али бир сааттай да убакыт
болбосо да жалпы жыйналыштын жагдайы оор. Калың жыйын обком менен
облисполкомдун орточо чоңдугу бар чогулуш залында тыгыздалып отурганы менен эч
бир адам арасында күбүр-шыбыр сөздөр жок Алардын козголгону да билинбейт.
Кыбырсыз тынып отурган жыйын ар сүйлөөчүнүн оозунан чыккан ар бир сөзүн же өтө
сынагандай, же өтө чоң маани бергендей кылт эткизбей мукуяттап угуп отурушту.
Көпчүлүктөн саал бөлөгүрөөк узун столдун айланасында обкомдун секретарлары
менен кээ бир бюро мүчөлөрү отурушат. Ортодо отурган жыйналыш башкаруучу
Карпов. Анын сол жагында облисполкомдун председатели Султанов Акан, оң жагында
секретарлар Жайлообеков, Эринбетов.
Бул жыйын обкомдун бюросунун кезектеги заседаниеси деп айтылып чакырылган.
Мында обкомдун бюросунун бардык мүчөлөрүнөн башка облисполкомдун
орунбасарлары, бөлүм башчылары, шаар секретарлары жана облустун бардык
райкомдорунун биринчи секретарлары менен райисполком башчылары. Ири заводдор
— Пахта — Арал, Ленин атындагы пахта совхоздору, «Чымкоргон» кой совхозунун
директору сыяктуу облус көлөмүндөгү шаар менен райондордогу атактуу чарба
мекемелеринин башчылары да атайын чакырылган.
Тыянагы мээлүүн чыгарылган жыйналыштын башкаруучусу Карповдун өз ажары да
бүгүн демейдегиден мээлүүн, томсоруңку. Өтө сергек, жыйнаакы, ичтей чыйрыккан
абалда. Ошондой кыжынып, суз боло түшкөн кабак Султанов Акаңдын бешенесинен да
даана байкалып турат. Стол башындагы облустун жетекчилеринин тобу азыр сүйлөнүп
отурган маселе жөнүндө эки пикир болууга тийиш эмес. Туташ бир чечимге келген
калыпта эми чогулушка да, өздөрүнө да баарысы, чечими маалым маселени аныктап
ачып, чечип апкелип салгандай.
Бул элдин акыркы саамда тыңдап отурганы Узак районунун секретары Арип
Эсдавлетов. Зор денелүү, кабагы салыңкы, кызыл-сары жүзүнөн азыраак чаары да
билинип турат. Семиз бүтүмү салбыраңкы богогунан көрүнгөн саргыч көздүү Арип
азыркы сүйлөп турган кеп-сөзүн кыйналып айтып турат.
Асыресе эл күткөн далилдүү бир цифраны айтпай, кайпалактап, себептерди
чокулап айтымыш болот. Элдин азыркы анын оозунан укканы райондо быйыл жут
болуп, койдун көпчүлүгү жутап, өлүмгө учураган. Ал ошону өзүнүн бүгүнкү обкомдун
бюросунун алдында аныктап ачып айта турган оор чындыгы экенин сезип турса да,
болгон чыгашанын жайын айтпай, аман калган жактарын баса сүйлөдү.
—Кумда, кум арасында кыштаган малчылар көргөн кыйынчылыктын чок
ортосунда кыш бою калган «Жоон-Төбө», «Ташты» сыяктуу эки совхоздун малы
чыгашага учураган жок. Берки Кара-Тоого жакын отурган Калинин, Энгельс атындагы
совхоздор да аман чыкты, мал өлүмгө учураган жок. Кум менен тоонун аралыгында
абалы өзгөлөрдөн дурусураак деп күз башынан көңүлгө ишенимдүү деп санаган
«Кенегент» совхозу ойдо жок жерден мал кырсыгына учурады. Районду да азапка
салды. Кыскасы, райондун, атүгүл облустун да малды жутка учуратты деген жаман
атагын чыгарып отурган ушул бир гана совхоз, Өз жеринде отуруп, өзгөдөн бөлүнүп
жутап калган ушул болду, — деп мурун да бир айткан жайына дагы тердеп-тепчип
туруп адашкан кишидей бир изине кайта келип түшкөн жагдайды таанытты.
Карпов буга алагай көзүн кадап, тикирейе карап калган эле. Оюна келген суроосун
берген жок. Бирок анын ордуна облисполкомдун председатели Акан Султанов кылыгый
көздөрүн жалт эткизип чакырая карады.
— Санын айтсаңчы, канча малдын өлгөндүгүн ушул жерде жашырып калам деп
турасыңбы! — деп катуулап айтты.
Залдагылар өз ичинде ушул гана суроону күткөндөй түрү бар экен. Эч ким эч бир
сөз айтпаса да бардык орундуктар кычырап, көп денелер чыйрак козголуп, бүткүл
жыйналыш чапчаң бир кыймыл эткендей болду. Маңдайындагы көп бырышы жыйрыла
түшкөн калыпта Эсдавлетов Акан сураган цифраны да атап берип тынды.
— Жыйырма миң!..
Баары тең каракүл кою го?
— Баары тең...
Эл «түү» дегендей, оор күрсүнгөндөй болду. Жыйырма' миң каракүл кою-козусу
менен санаганда чарбанын кожоюну, ушул отурган элдин баарына мамлекеттин алтын
валютасы отко ташталгандай сезилди. Акан суроолорун токтоткон жок.
— Күздө бардык совхоздун алдыдагы кышка тоют запасы түгөл жеткиликтүү деп
обкомдун бюросуна, облисполкомго далилди өзүң бердиңби?
— Өзүм бергемин.
— Ал эле эмес жазгы март айынын башында Алма-Атада партия съездинин
үстүндө жолдош Карпов экөөбүзгө «кыш кандай болсо да Узак районунун тоюту жетет,
коопчулугум жок» дедиң беле?
— Дегеним ырас, Мен азыр да тоюттун жогунан жутады деп турганым жок, — деген
сөздү айтуу менен бирге Эсдавлетов өзүн дагы бир кыйын кырдаалдарга такап соккону
турганын байкап амалсыз күрсүнүп калды.
Султанов андан бетер кадала түштү.
Эмесе жуттан эмес, тоюттун жоктугунан эмес, адамдардын айыбынан болгон
дейликпи?
Адамдан, албетте, адамдан. Аны март менен апрелде райондо өздөрү болгон
жолдош Эринбетов менен андан кийин барган Нил Петрович өзү да аныктады го
деймин. Кумкент чөптүн жогунан жутаган жок, андагы бир топ адамдардын чарбачылык
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 19
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.