Latin

Өскөн Өркөн - 15

Total number of words is 4112
Total number of unique words is 2099
31.0 of words are in the 2000 most common words
42.2 of words are in the 5000 most common words
48.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Карышкырсайда башына үй тигилип, түштө он күндөн бери биринчи ирет ысык тамак,
жакшы чай ичкен Медет эми түштөн кийин коюн маңдайкы бетке акырындап жылжытып
чыгарып, өзү ойду карай акырын аяндап келе жаткан эле.
Айгене жактагы белдин астынан ыр угулат. Ошол таза, асемдүү созулган обон улам
кулакка жакындап келет. Эми бир азда аңырайып карап туруп айраң таң калды. Бул
обонду тааный кетти. Аземдүү кайрылып назик сызылып жибектей ийрилип мукамдуу
чыккан ыргагы кадимки «Ак маңдайым» обону. Көңүлдүү, кечээтен бери сергип,
маанайы көтөрүлүп, мурунку жаркын шайыр калыбына келген Медет эми өзүнөн өзү
күлүп ыр чыккан жакка кулак төшөп маңырайып карап калды. Обон чукулдап келди. эми
бул дагы обондун кайырмасына, белдин астындагы обонго өзүнүн эркекче зор, таза
добушу менен катуу шаңданып кошулуп кетти. Аңгыча болбой жанагы обон үзүлбөй,
мунун обону да оболоп, эки добуш аземдүү жарашыктуулук менен кошула берди. Ошол
кезде белгисиз обон ээсинен мурун көктөбөл аттын демигин басып, өрдөп келе жаткан
кулагы менен көкүлү, маңдайынын төбөсү гана көрүнө берди. Эми бир саамда башында
суусар тебетейи бар, үстүндө ак көрпөлүү ичигинин жакасы кайрыла куушурулган аксур
жүздүү күлкүлүү кыязда обон салып келе жаткан кыз көрүндү.
Булар амандашпастан обондорун токтотпой бирине бири чукул келгенче сүйүктүү
ыргакты созо беришкен. Соңку эки кайырма саптары эми эки үндүн ажайып кошулуусу
менен аяктай берди.
Жакшылыктын жок, эркем, эрте-кечи,
Жадырачы, назданчы, эркелечи!..
дешип ырдашкан соң, ат үстүндөгү жолоочу ичке узун ак салааларын Медетке карай
үнсүз созо берди.
— Сен Медетсиң го? Амансыңбы? Жөн-жайыңды Жарасовдордон угуп келип, атайы
сага амандашып турган Айгенедеги айгинелүү комсомолка Саадат! — деп күлүп койду.
— Саадат! О, мен атыңды көп уккамын. Мергенчи экениңди, аңчы, обончу экениңди
— баарын билемин. Тек сен тууралуу алиге чейин жазылган роман гана жок. Ал эми
сен жөнүндөгү аңыз, оозеки аңыз, ушул өрөөндүн «Моюнкум» менен «Кара-Тоонун» бүт
аймагына жайылып кеткен. Ошону жакшы билген Ноян районунун «Шеген» совхозунун
комсомолдор уюмунун мүчөсү Медет Эсенов! – деди. Булар кой четинде тез эле
таанышып, анык ачык тилектеш жаштарча жөн-жайларын жашырышпай кезектешип
айтып отурушту.
— Корктуңбу? Өлөмүн деп коркподуңбу? — деп Саадат сураган эле.
— Коркконуман ыза болгонум көп болду. Ушундай нерседен өлсөм ит өлүмү
эмеспи, деп ызаланган элем.
— Ачкалык кыйнаган жокпу?
— Анча катуу ачка болгонум жок. Таштай болуп катып калса да бир баштык калама
наным бар эле. Саадат кыткылыктап күлүп алды.
— Эми кайра калама нанды жебей турган болгон чыгарсың?!
— Жок, калама нанга өмүр бою карыздармын. Тирлигиме орток болду. Эмнеге
жебеймин. Кечээ сары май колго тийгени көмө-көмө матырып, тамшана-тамшана
сугундум.
— Тамаксоо экенсиң го! Болбосо кечээ сага сары май да, чучук да, жакшы нан да
апкелди го Жарасовдор. Ошондо да жутунуп калама наныңдан оозуң жыйылбаптыр го!
— деди.
Эмки тилегим — албетте тамак эмес.
— Мен айтайынбы?
— Айта койчу!..
— Мончого бир түшүп, ич кийимдерди бир алмаштыруу болуу керек! — деп көптөн
берки жакын, тааныш достой жылуу караган Саадат Медетти эликтеген абалда
жымыйып туруп атынын канжыгасынан бир түйүнчөктү чечип алды.
— Мынабу сага бир жуп ич кийим. Ал азыр ушуну алмаштырып кийип алгын.
Мындан бөлөк да мен сен окуй турган бир роман да апкелдим. Ме, «Үч мушкетёр».
Окудуң беле?
— Жок. Уккан элем, окуган жок элем.
— Эмесе күндүн кандай өткөнүн билбей каласың. Ушуну окуй бер. Ал эми бир-эки
күндө мен үйдөн уруксат сурап келем да сенин ордуңа бир күн кой жаям. Өзүңө атымды
берем. Сен биздин Айгенеге барып мончого түшүп келесиң! — деди.
Түш оогонго чейин Медеттин жанында жүргөн Саадат бул сайдын Карышкырсай
атанып калганынын, ушу сайда мурун калың жылгын өсүп, ошонун түбүндө
карышкырдын чоң ийни болгонун айта баштаган эле. Медет бул окуяны угуп алып:
— Эмне дейсиң? Баракелде! — деп мас боло күлүп алды. — Мен ушу сайга келген
соң үчүнчү күндө кар үстү менен келе жатып, окус бир орго кулап түшүп кеткен элем.
Карасам бир киши сыйгандай кудук сыяктанат. Терең коо экен. Түн кирген кездерде мен
катуу шамалдуу аязда ошол коого койду ийрип келип, өзүм коктунун ичине түшүп,
жылынып жатчумун.
Саадат ого бетер кыткылыктап азилдеп күлдү.
— Эмки карышкыр сен болуп кеткен экенсиң го. Мурунку карышкырлардын бүгүнкү
назили болгон экенсиң го! — деп шыңкылдап күлүп жиберди.
Медет бир аз куудулданып шыңга бойлуу, сулуу жүздүү кызга карышкыр болуп эки
колун арбайтып, далысын күржүйтүп, тишин акшыйтып, «аф-аф» деп тап берди. Бул
эки жаш ушундай алгачкы учурашуунун өзүндө экөөнө тең жеңил тийген азилдеш
курбулуктун абалына келген эле.
Алымдардын кайра кайткан сапары түндө ойлогон күдүктөрүн түгөлү менен
чындыкка чыгарды. Кечээги келген жол менен жүргөндү коюп, Сары-Суунун «Кумкент»
совхозунун жеринен өтө турган бир жол бар экен. Жергиликтүү кишилер ошол жолду
ылайыктуу дешкенинен бардык колоннанын шофёрлору менен макулдашып,
мерчемдүү жерди белгилеп алып, Алым, Курманов, Кожакмет алга түшүп жөнөп кеткен.
Өчөшкөндөй булар жолго чыккан соң бир сааттан кийин дагы да Карабаштын шамалы
кутуруп ыркырай баштады. Күн катуу чыкыроондоп, тез аяздап кетти. Ошого карабай
жол үстүнөн оор кырсык бөгөөт чыкты.
Жолдо Сарысуунун бир жүк машинеси тыгылып жаткан экен. Ичинде адам жок. Үстү
толгон өлгөн койдун үйүңдүсү. Машине төрт дөңгөлөгү менен кар эмес, борпоң жердин
желимдей батташкан ылайына тыгылыптыр. Жолдун нечен түрдүү балээсин көрүп, көзү
канган шайдоот Абуталип бул машинени мыткып жаткан чоң кырсык экенин алыстан
сезип, баш чайкап, жолдун бул тушунан бир топ четтеп барып бурулду да, бул борпоң
жерди айланып өттү. Бирок илгери жүргөндө жарым километрдей эле узай бергенде
машине жүрүп келе жаткан калыбынан уруп жыккандай солк этти да былп-былп деп
барып туруп калды. Төрт дөңгөлөгү менен бирдей чимирилип ылайга тыгылды.
Жерге түшкөн адамдардын да буттары кар астындагы ылайга кире-кире берди.
Нагыз оңбогон ылай-балчыктын өзү болуп чыкты. Бул ушул аймакта кээ-кээде чыгып
кала турган жердин ириңиндей кара жердин жара жери, ириңдүү жарасы. Эң оболку
сезим ушундай көңүл иренжиткен абалга туш келди. Кийин Курманов бул жакта көп
жүргөн тажрыйбасы боюнча эмки абалдын өтө коркунучка туш келгенин билдирди.
— Кум дейбиз, кум элеби бул жакта? Кызылкум, Каракум сыяктуу эмес. Ушу
«Моюнкум» аймагынын дал ушул кырсыгы анык чоң шордун бири. Көрчү мынабу аязда
да тоңбойт! — деген.
— Баса, чыкылдап турган аяздын кейпи бул. Жайкы чилденин күнүндөгүдөй эмне
болгон суп-суюк ылай. Машиненин чыгышы мындай турсун, өзүн ушул кырсык түгөл
соруп кетпесин! — деп Алым Кожакмет экөө балпаңдай басып машинеден четке чыгып
зорго дегенде бут тыгылбай турган каткалаң жер тапты. Шофёр менен Курманов да
булардын жанына келди. Ушундан бир жарым саат убакыт бою алды-артынан күткөн
машинелерден белги болбоду. Машиненин дөңгөлөктөрү үчтөн бириндей жери ылайга
батып, ошондон ары тереңдеген жок. Аяз чыдата турган эмес. Шамалы бир жагынан
бетке муздаган темнр баскандай каарып-жалап, ары күйдүргөндөй, терини
сыдыргандай денени кууруп барат.
Алым менен Курманов бирине-бири «мурдуңдун учу агарды, бетиң агарып баратат,
укала!» — дешип төрт жолоочу эмки аяз менен кабаган иттер менен алышкандай,
беттерин укалашып, колдорун ышкылап, денелерин чыйрыктырып көрөт. Азыр эле
укалаган бет саал жылыгандай болот да, эми бир азда жыгачтай катып, сезиминен
айрылып бара жатат. Талаада туралбай машинени ыктап туралык десе, анын
айланасы баткак. Булардын абалы чоң кыйынчылыкка түштү. Эми эмне кыларды
акылдашканда шофёр Абуталип кеңеш берди.
— Төртөөбүз бирдей ушул арада туруп тоңуп калбайлык. Мынабу Алым агай, Садык
агай экөөңүз, — деп Курмановго ээгин көтөрүп, — жөө жүрүп эл издегиле. Ушул
тегеректе сөксөөл көрүнгөн эле. Биз мынабу Кожокең экөөбүз сөөксөөлдөн сындырып
апкелип, ошону жагып жылынып жаныбыз калып отурарбыз. Колонна кайда? Ушундай
ылайга алар да батып жатышат го. Эч болбосо бир трактор жеткизип көрүңүздөр! —
дегенде, Кожакмет да акыл кошту.
— Жанагы бир жерде биз жолдун жээгиндеги жалгыз үйдөн өттүк ко. Ошол
Сарысуунун бекети. Ошондо ат да, төө да бар. Оболу өзүңөр ошондо барып
жылынгыла. Ошондон унаа менен колоннаны издеп көргүлө, — деген пикирин айтты.
Алым бир аз ойлонуп туруп:
— Эмесе Абуталип сен көргөн сөксөөл кай тарапта. Оболу ошого жетелик. Экөөң
эмес, төртөөбүз болуп, сөксөөл сындырып, ушул арага ошону жеткизип көрөлүк.
Ошентип силерге ишенимдүү — жылына турган .шарт түзүп, биз кетсек ошондон кийин
кетелик, — деген. Ушу сөзгө токтолуп төртөө жолдон чыгып биринин изин бири басып
чубуруп оң жактагы кум белдин орто тушуна карай жөнөштү. Ошол беттен алар бир
сааттай жүрүп чачырай чыккан жети-сегиз карган сөксөөлдүн сейрек тобуна жеткен эле.
Эми обкомдун секретары, райисполкомдун председатели шофёр деген айырмачылык
жок, булардын баары бойдогу күчтөрүн, бүт кайрат-жигерлерин бир билекке кошту да,
алгачкы бир сөксөөлдү оболу бутагына төртөө салмак салып асылып жатып сындырып
алып, ошол бутак менен карган сөксөөлдү ургулап, койгулап зорго дегенде сындырып
алды. Алгачкы сөксөөлдү жеңип алуу кийинки иштерин көп оңойлотту. Сөксөөл аттууну
ургулай берсе опурулуп сына берчү өзгөчөлүгү буларга азыр өтө бир мээримдүү
жакшылыктай болгон эле.
Алгачкы сөксөөлдү жыккан жерде Алым өзүнүн үнү жоон зор добушу менен
шакылдап күлүп жиберди.
Кайран, байкуш сөксөөл-ай. Өзгө жыгачтай эмес, ушундай бир көңүлчөөктүгүң бар
да. Опурула кеткенин карачы! — деп жолдошторун күлдүрдү.
— Баса, төрт бирдей азамат келип мойнуна асылган соң катуулугу эмне кылып
чыдасын, мээрими түшүп кеткенин көрбөйсүңбү? — деп Садык Курманов кошо
азилдеди. Кожакмет калган сөксөөлдөрдүн түрлөрүнө карап алдыңкылардын азилин
оюндагы эсепке кошуп созо берди.
— Булардын аксакалы ушул сөксөөл экен. Чоңу биздин кабылдаган соң калганы да
жакшы тосуп алар. Эми ушу сөксөөлдүн өзү менен дагы бир карыганын ургулап
көрөлүк. Мынабу бирөө ушуга жашташ болуу керек. Сөксөөл менен сөксөөлдү уруу
балта менен карагайды чапкандан алда кайда оңой. Булар сөксөөл менен алышып
жүрүп бет-мурундарын да унуткан жок. Аяз унуттурбады. Али да аз убакыт болсо
жалап, каарып күйдүрө берет. Бирок ачышкан денелери сөксөөлдөр менен алышуу
үстүндө жылынып калган эле. Аз убакытта булар төрт сөксөөлдү кулатып алды да,
ошону көтөрүп, кээ бир алып жүрүүгө оор боло турган жоонсымак дүмүрлөрдү ушу
жерге калтырып, ар кайсысы бир-бир сөксөөл көтөрүп машинеге кайта келген.
Бензин куюп от тутандырганда кургак катуу сөксөөл жана да мээри түшүп жана
баштады. Эми машиненин жанында кала турган адамдын камы жасалгандай болгон
эле. Ушул чакта Алым өз пикирин айтты.
— Болду эмесе, эми экөөң ушунда каласың! — деп Абуталип менен Кожакметти чоң
сургулт көзү менен көздөрүнө карап байкап өттү — азык машинеде. Чыдай тургула,
амал жок. Бир гана үшүп кала көрбөгүлө! Бириңдин бетиңди бириң байкап отургула, —
дегенде жаш жигит Абуталип:
— Эми бизден убайым этпеңиздер. Жөнөй бериңиздер! — деди.
Ошону менен Алым менен Садык экөө али чыкылдап турган аяз, катуу кара
шамалды жиреп, алды карай жол жакалап жөө-жалаңдап жөнөп кетишти. Булар
жолдогу бекеттеги жалгыз үйгө келгенде картаң чал менен оорулуу аялы бар экен. Эки
жөө жолоочунун өң-түсүн көргөн үй адамдары чай кайнатып, ысык чай менен булардын
бүткөн боюн жылытты.
Эми бир аздан кийин кечкире бергенде ушул үйдүн төөсүн алып эки жооптуу
кызматкер ошол төөгө минип, колоннаны издеп дагы артын карай сапар тартты. Алым
Ата Мекен согушун Садык сыяктуу көп жылдар бою башынан өткөргөн. Бул Балтика
деңизинде аскер кемесинде кышкы аяздарда аскердик флот жоокери болуп көп
иштеген. Фин булуңунун катуу шамалын, суук толкунуң, асыресе кышкы тоо-тоо
муздарын далай кездерде жөө да, унаа менен да басып-кезип өтүшкөн. Берки
мезгилдеги жайлуу турмуш, жылуу үй, жумшак орундук, төшөк, жайлуу кабинет —
баарын тең урунуп-пайдаланып турган мурунку кездин баштан кечиргендерин унуткан
эмес. Кайта ушул облуста жооптуу кызматта иштеп жүрүп жазгы ысыкта, кышкы суукта
«Карабаштын» ушул карабаскыр шумдук шамалынын эпкининде күн-түн дебей жүрө
берчү. Өзүн анда-санда ушундай кыйынчылык абалга өз эрки менен бир аз таштап
коюуга азыркы кажарлуу чыйрак ден соолугу турганда зарыл көрө турган. Азыр төөнүн
алдына өзү минди да, кара ингенди баягы бала кездеги адети боюнча кош кабыргасына
тепеңдетип, улам-улам тепкилей алга карай лукулдатып жөнөп кетти.
Аңгыча кеч кирип, түнгө айланган чакта барып ал Садык экөө отуруп калган
жерлеринен жаңы кутулуп келе жаткан колоннага жолугушкан. Кайра кайтканда кемпир
менен чалга алкыш айтып төөнү колдоруна тапшырып, эми бүткүл колонна менен
алгачкы машина тыгылып калган жерге карай жөнөштү.
Абуталиптер калган жерге жакындаганда алдыңкы машинелер кечээги күндүзгү
жеңил «ГАЗ-69дан» кыйла алыс жерде буйдалды да биринин артынан бири баткакка
отуруп кала берди. Ошону менен түнү бою бул колонналардын айланасында бардык
шофёрлор менен бирге Алым менен Садык тынымсыз оор азаптуу мээнетке түштү.
Таңга жуук суук дал 40 градуска жеткендей өңдөнүп, анык аркыраган суук шамалдын
өзү болгон эле. Кечээтен берки суукта калуунун арты Алым менен Садыкты катуу
кажыткан эле. Ошого карабай ал экөө тең оң жактагы кечээги сөксөөлдү тапты.
Ошондон кечээ кулатылган, бирок алууга оорсунган жоон эли сөксөөлдүн түбүн экөө
тең ийиндерине «оппа» дешип көтөрүшүп алып, эми али да айкын бойдон жаткан
кечээги өздөрүнүн изи менен алдыда көрүнүп турган Абуталиптин машинесине карай
бурулушту.
Булар машинеге чукулдап келгенде алдыдан, район жактан бир «ГАЗ-69» жүрүп
келип окчунураак жерге токтогон эле. Анын артында эки трактор келаткан экен.
Сөксөөл жүктөп Абуталиптерге Алым менен Садык такап келгенде булардын алдынан
а дегиче болбой күлүп-жайнап Жарасов чыга келди. Анын көзүнө ала-көлөкөдө
Алымдын бети-башы кабарып, карая түшүп, көгөрүп кеткендей эле,
— Капыр-ай, барсыздарбы?! Бетиңер үшүй кеткен жокпу? — деп Жарасов Алымды
кучактап сөксөөлдү сүйрөп чыкты. Алым кубанып, шаңк этип үн катты.
— Ой, айланайын, Жарасовсуңбу? Кайдан жетип келдиң? Мындай керегиң,
жардамың зарыл кез болбос тирүүлүктө! — деди. Булар жайды түшүнгөндө Жарасовго
Алымдын алдынан тосуп чыгууну Карпов түндө буйрук кылган экен. Ошону менен
Жарасов булардын жолдо тыгылып калганын билип, эки трактор менен ушул жактан
чыгыптыр. Эми бир азда таң атып жарык болгондо булардын үстүнө тааныш самолёт
«ЯК-12» да келип төмөндөй айланчыктай берди. Экинчи айланып келип калкыганда
машинеден 100 метрдей жерге бир таңылчак таштады. Жарасов барып алганда
таңылчактын ичинде чучук, сары май жана кат бар экен. Анда Петро: «Ушу
жерде
обкомдун секретары бар болсо турган тобуңар машинеден четкери элүү метрдей ары
басыңыздар!» — деп жазыптыр.
Булар Петрого Алымдын мында бар экенин учкучтун өзү каалаган белгисин берип
маалим этишти. Петро ошондон кийин дагы бир айланды да, кайта учуп кетти. Ал
Жарасовдун жана жардамчы тракторлордун Алымдардын алдынан тосуп чыкканын
аныктап билип байкап кеткен эле. Кечээ күн батканга чейин ал «Ташты» базасынан
бери чыгуучу үч айры жолдун экөөнө чалгындап алган. Ал жак менен кербен жолу
менен да, кадимки чоң жол менен да Алымдардын колоннасынын чыкпаганын түндө
Жарасовго билдирген болучу. Эми Алымдар кайра кайта турган жалгыз гана жол ушул
Сарысуунун Кумкентти басып өтө турган жолу гана калган. Ошол себептүү Жарасов
атайы ушул жол менен алдынан учурашамын деген ниет менен чыккан эле. Ал Петрону
да бүгүн эртелеп Сарбаш тоодон учурган, Баскенттен обкомдун секретарын таап
билип, кабарын тез билдиргиле деген Карповдун чукулунан берген тапшырмасы
болучу.
Алдыда келген күчтүү тракторлордун экөө тең өтө мыкты, ар кайсысында 100 аттык
күчү бар тракторлор эле. Ошолор Алым менен Жарасовдун көзүнчө бүгүн түшкө чейин
бардык 40 машинелүү колоннаны ушу туштагы ылай-баткактан талбай жүрүп тартып
алып чыкты. Кээ убактарда үч жүк машинени бирине бирин жалгаштырып коюп,
туташынан сүйрөп алып чыгып жүргөн кездери да болду. Жарасов ушул аракеттердин
баарында тең талыкпастан күч салышып жүргөн эле. Алым менен Садык бир кезде
тоңуп-чаалыккан абалда алдыңкы чыккан жүк машиненин кабинасында саал дем алып
отурушкан эле. Жарасов аларды атайын отургузуп кеткен. Бирок өзү ошол жарым күн
талыкпай кармашкан оор мээнеттин үстүндө ылгый жөө жүргөн эле. Эми
машинелердин көбү чыгып, соңкулары калганда баамдап көрсө оң жак бутунун башы
ушунчалык катуу ооруп кыйнай баштаган эле. Амалсыздан бир машиненин ыгында
отуруп, өтүгүн чечип көрсө сөөлү эзилип канаптыр да, бутунун баары канга толуп
кеткен экен.
Абуталип менен Кожакмет жана мунун өз шофёру Жапар үчөө сөксөөлдү
лапылдатып жагып, бутун тазартып, Алымдагы аптечканын азыраак гана бинти, йоду
менен оору салааларды аяз астында, кар үстүндө саал тазартып эмдеп алып, өтүктү
кайта кийген. Өзү аксап жүрсө да Жарасов кийинки машинелерди ылай-баткактын
туткунунан аныктап куткарганды көрүп алды да, эми Алым менен Садыкты өз
машинесине отургузуп алып бүт колоннаны баштап алга карай күүгүм кирип, күн
батарда гана жөнөп кетти. Ушуну менен тоют үчүн алышкан ойдо жок , узак машакат,
кыйынчылык ошону аяктагандай болгон эле. Анткени 40 машине менен туташ жеткен
мол чөп Ноян районунан үздүксүз кетип жаткан жемге кошулуп, эми эки райондун тең
койлорун ачкачылыктан өлтүрбөстөй кылып камсыз кылган эле.
Алым мында келерден бир күн мурун Узак районуна самолёт менен Карпов келип
түшүптүр. Оболу «Узункоргондо» болуп, андан Эсдавлетовду ээрчитип бүгүн эрте
чыккан бойдон «Кенегент» совхозунун борборуна келген экен. Ошол жерге Алым менен
Жарасовду, Курмановдорду чакырыптыр. Өзү менен бирге эрте келген он бир адам
кечээ таң эртеңден бүгүн түшкө чейин эки райондун көп оторун, бир нече совхоздор
менен Ноян районунун колхоздоруна чейин аралап келиптир. Оболу Карпов ошолордун
кабарын унчукпай угуп, апкелген кабарларын кагазга өз колу менен жазып отурду. Бул
келгендердин ичинде облустук совхоздордун трестинин башчысы, облисполком менен
обкомдун айыл чарба бөлүмдөрүнүн орун басарлары, «Каракөл» трестинин башчысы,
орусча, казакча эки газетанын кабарчылары жана Алма-Атадагы республикалык
газетанын кабарчылары да бар болучу.
Ушул адамдардын баары тең азыр обком үчүн зарыл болгон бир фактыны
жыйнашып келди. Кай жерде, канча мал өлгөн. Бүгүн малы өлүп жаткан оторлор
барбы? Алым келгенче Карповдун колунда жыйылган фактылар бар эле. Оболу Карпов
Эсдавлетовду сүйлөттү. Эсдавлетовдун эсеби эки ача болуп чыкты. Ал өз районунан
өлгөн койдун саны 5 миң деп айткан эле. Карповдун колундагы бүгүнкү топтолгон
фактылары боюнча Узак районунан өлгөн малдын саны 11 миңге жетиптир. Карпов
Эсдавлетовго дагы бир нерсени эскертти.
25-мартка чейин район боюнча 2500 мал өлгөн — деп кабар берген элеңиз. Мага 5
миң мал өлдү дедиңиз. Ал эми чындыгында 11 миң болуп отурат. Бул айырмачылыктын
себеби эмнеде? Эмнеликтен так кабар бере ал-, байсыз?
Эсдавлетов саал кайсалактады да, эми коркуу менен кысылуу аралаш калыпта
сүйлөдү:
— Нил Петрович, район боюнча алты совхоз бар. Ошонун бешөөнөн өлгөн мал жок.
Бүткүл чыгаша ушу бир гана «Кенегент» совхозунуку. Кийинки он күндүн ичинде мал
өлүмү андан бетер көбөйүп жатат. Күн өткөн сайын кечеги кабар жалган болуп чыгат.
Ал эми мал өлүмүнүн себеби эмнеде экенин бул арада өзүңүздүн көзүңүзчө баарыбыз
бирге аныктап көрүшүбүз кыйын эмес, — деди.
Карпов макул да, макул эмес да деген жок жана үн катпады. Алымга карап, кыска
гана бир жайды баян этти.
— Мен ушу жерге келгенде жуттун эмне экенин билип, анык жүзүн билип бетме-бет
учурашып көрмөккө келдим. Өлгөн малдын даана эсеби канча? Кандай абалда өлүп
жатат? /Кана ошол малдын жанындагы бүгүнкү жагдай кандай? Ошону билмекмин. Бул
бир. Экинчи, ушу жуттун себебин билгим келет. Ошону менен катар көн угуу, көп
маектешүүнүн натыйжасында бир билмегим — ушул эки райондун жуту, тек быйылкы
жылдын кышынын аязы узап, аяз шамалы катуу болуп, бороону кутуруп тургандыктан
жутка учурап отурабы? Анын үстүнө март айы карлуу суук болсо, келерки жылы да,
аркы жылы да ушундай өлтүрө беребизби? Жалпы жутту жеңүүнүн, аны такыр жок
кылуунун түштүк облуста мүмкүнчүлүгү барбы, жокпу? Ошол жайларды ушу жактагы
мал менен адамды өз көзүм менен көрүп ичи-тышын билүүгө аралашмак болдум. Мен
эми мал башындагы жагдайды көрөмүн. Мынабу Эсдавлетов, Жарасов экөө менин
жанымда ээрчип жүрсүн. Эримбетов, сен өзүңдүн ушуга чейин иштеп келген иштериң
менен айланыша бергин, — деди.
Алымды Ноян районунун малына кайта жиберди. Башка адамдардын баарына тең
жеке-жеке иш тапшырып, үч күндөн кийин ушул жерге жыйналып, өзүнө жолугушуусун
өтүндү.
Эсдавлетов, Жарасов экөөнү жанына ээрчитип алган Карпов жутка учурап жаткан
малды да, чабандарды да көрмөк болуп ошол замат жол тартты. Оболу Кенегент
жерине жакын жаткан Узак районунун Калинин совхозуна келген. Жол бир нече
чабандарга кездешип сүйлөшөт. «Кенегент» совхозунун бир оторуна келгенде жашы
алтымыш жетиге келген узун көк сакалдуу бир чабан ыйлап жиберди.
— Жардам көрбөдүк, кайдасыңар! — дегенди катуу добуштан Карповго карап
айткан эле. Карпов Эсдавлетовду көрсөтүп:
— Мынабу киши келип жүрбөйбү? — деди эле, чабан аны тааныбайт экен. Ушуга
жакын жердеги бир короого такала бергенде аз гана чөптү короонун төбөсүнө үйүп
салып, короо ичиндеги өзүнүн жыйырма коюна берип, короо сыртында жаткан
совхоздун коюна чөп бербей, ачка кармап отурган адам байкалды. Ушундан кийин Ноян
районуна барганда Кошой, Жаксымбет, Жетимишбай, Тажыбай, Дообай сыяктуу
чабандар Жарасовду четинен таанып, көңүлдүү амандашты. Карпов бир сөз менен
«Жарасовду койчулар билишет экен» деди.
Бул кезде чабандар талаада жемди, чөптү, тузду да жаап салып, арык малга сууну
жылытып берип, чоң ирээттүү чарбаларында иштеп жүргөн экен. Ал «Кенегент»
совхозунун жолдо учураган адамдары өлгөн койлорун талаадан ташып жүрүшүптүр.
Жарасовдон Карпов колхоз малын көрсөтүүнү сураган эле. «Кызыл-Аскердин» Чоңко,
Дөөлөтбек, «Алга» колхозунун Кумар, Мадеш сыяктуу чабандарынын койлору
кездешкен эле. Баарына тең эмки калган малды жуттан аман сактайбыз деген ишеним
пайда болуптур. Карпов өзү сүйлөшүп, чабандарга ыраазылыгын билдирди.
Бул кезде да -Карпов Эсдавлетовго: «Өз жерлеринде жүрбөсө да мынабу Ноян
району акыл менен алышып-күрөшкөндү баамдатып турат. Ошондой эмеспи,
Эсдавлетов!» — деп койду.
Кечинде Карпов копгон жерге мурда Жарасов менен бирге кыйынчылыктарды
баштан кечирген Жаксымбет сыяктуу, Кошой сыяктуу тигинде калканчы жок калган
чабандар Эсентаевди ээрчитип Карпов конгон үйгө келди. Ушу түндө «Кенегент»
совхозунун баканооздорунун бар экендиги да байкалды. Карповдун үстүнө суранып
жеке бир киши, кээде эки киши кирет да: «Жолдош Карпов сизби? Айта турган
арызыбыз бар» — дешет. Бирөө өз атын жашырып: «Атым Олжобеков, өзүм
чабанмын» дейт. Чын аты ал эмес. Сарманов. Дагы бирөө атын өзгөртүп: «Мен да
чабан Күчүкбаев боломун» дейт. Ушунун экөө тең орусча билген, ичкич, жалаңдаган куу
адамдар. Ошолордун артынан жүздөрү тотуккан, кийимдери жүдөө бир нече киши жана
да Карповго арызым бар деп, кагаз үстүнө кагазды бере берди. Бир сааттын ичинде
Карповго бир чеңгел арыз жыйналды. Кээ бири орусча, кээси казакча жазылган. Карпов
жанына катчысын алып отуруп ошол арыздарды түнү менен, эртең менен да окуду.
Бүткүл арыздын жамандаганы Абды Эсенов.
Малы кырылган жалгыз гана «Кенегент» совхозу. Башкаларда чыгым жок. Эмесе
буга айыптуу киши бар. Ошол Эсенов дешет. Ушул арыздарды жиберип отурган,
өздөрү бул түндө көрүнбөгөн Керимбек, Асылбек деген ага-инилүү Жанаевдер. Алар
Эсенов менен катар ошонун кайнагасы, совхоздун полеводу болуп иштеген Супатаевди
кошо жамандайт. Директор Эсенов ошонун тилине кирди. Ал эми Супатаев өзүнө
жүктөлгөн жоопкерчиликти аткарбаган, алдамчы, кыянатчыл, совет чарбасын жеп
жүргөн адам деп айтылат.
Ушуну менен катар Жарасов менен Эсдавлетов жана совхоздор трестинин
башчысынан Абды Эсеновдун жайы жөнүндө Карпов толук укту. Жанаевдер менен
Супатаев араздашып жүргөн адамдар. Былтыр ушу райондун ичинде жаатчылык
болгон. Ошондо жаатчылык жасаган райисполкомдун председатели Алманов ордунан
алынган. Мына булар эки жаат болуп ошол район арасында болгон жайсыз жагдайды
өздөрүнүн жеке баштарынын араздыгына шылтоо кылышат. Чынында Эсдавлетовдун
айтуунча бул эки жааттын араздашуусу Эсенов алган жаш келин Кундуздун себебинен
чыккан болот. Карпов дагы да «Каратоону» ашып, бул жакка келип күздүн күнкүдөй аял
жайынын жана да бир дурус коомдун арасында болбогон түйүндүү талаш-тартыштын
бар экенин билип ойлонуп калат.
Эртесинде Карпов чабандар жаткан жерлердин көбүн дагы бир жолу аралап
чыгууга киришет. Бул кезде кар кеткен. Бирок али кара суук катуу, кыш ызгаары кетип
болгон жок. Бир чабандын үйүнө келип Карповдор жаңы гана төрөгөн аялды көрүшөт.
Үстүндө, пальтосу бар, баш-аягына калың кийим кийинген. Боорунда жаш бала жатат.
Үйдө темир меш да жок, отун да жок. Буга Карпов темир меш апкелгизип берет. Аялдын
аты Дамели. Ал Карповдун жөнүн угуп, өтө орундуу нааразылык сөзүн сүйлөдү. Карпов
Эсдавлеговдун өзүн өз машинеси менен жакын жердеги доктурга жиберди.
Чабандардын ушундай абалдары Карповду ызалуу ойго салды. Эми Кошой,
Жаксымбет сыяктуу карыя чабандар менен катар Медетти алдырып, ошолор менен
аңгемелешип көрөт. Окуу бүтүргөн жаш уландын бул жагдайда туруусу, узак мөөнөткө
кылынчу эмгекке чыдоо мүмкүн эмес экенин Медет ачык айтат. «Жогорку окууга кирүү
үчүн, өндүрүштүк стаж алуу үчүн эмгектендим. Бирок өзүңүз ойлонуңузчу, адам
карышкыр эмес, өзүңүз ушунда көргөн жагдайда туруп иштеп болбойт» деди. Карпов
бул абалдын баарын унчукпастан көкүрөгүнө түйдү. Койчуларды көп сүйлөттү. Өзү
ичиндеги ойлорун Жарасов менен Эсдавлетовго да ачып, чечип айтпайт.
Бул оторлордо тоют ташуу үстүндө тракторлор менен көп эмгек эткен Эгеров,
Жумадилов сыяктуу эки шофёр Медеттин сөздөрүн кубаттайт. Ушул жерде жүргөн, ушу
Сарыбаш тоодо убактынча туруп калган чөл кырааны пилот Петро да мындагы
тиричиликтин адам жайын ойлобой турган топоздук менен калыпташкан тиричилик
экенин катуу айтат. Ошол бир кечте Карпов толуп жаткан чындыктарды укту. Оор
абалдын жайын угуп каныгат.
«Кенегент» совхозунун малы көп өлүп олтурган себебин да ушу адамдар адилеттүү
ой, катуу сын менен чынчыл жаштар болуп жакшы ачат. Мунун көбү жаатчылыктын
себебинен. Жаатчылыктын бир жагы Эсдавлетовдун өзүндө деп мурун ушул жерден
кеткен райисполкомдун председатели Токбаев Эсдавлетовду айыптай турган. Бүгүн
Супатаев менен Жанаевдердин кесири малга тийди. Кандай шумдук, бузуку жайлар.
Бир ойлоп караса бүгүн кырылып отурган Узак районунун он бир миң каракүл коюнун
себепчиси, түпкү айыпкери жазыксыз жаш аял Кундуз. Анткени ал өзүнүн сүйгөн, өзүнө
тең жигити Абдыга тийген.
Карповдун артынан кийинки бир кечте издеп келген Алым Эринбетов ушул
жайлардан экөөнөн-экөө өздөрүнчө сүйлөшкөндө көп абалды бүкмөлөбөй баяндаган.
Алым өзү бул кезде чабандардын арасында бир айга жакын жүрүп, чоң турмуштун
өткөлүнөн өткөндөй. Азыр добушу кардыгып жоондогон, колу-бети кап-кара болуп
тотуккан. Жука сулуу эрини жарыла түшкөн. Жарасов да ушундай. Бир айдан аша
жүрүп нечен түрдүү мээнет кечкен. Ушу жагдайда ары эл таанып, кумдун жайын билип,
чыныкканына, чабан өмүрүнүн бар мээнетин бирге тааныганына өзү да ыраазы. Бир
кезде булар Карповдун суроосу боюнча талаада сөксөөл чогунун жанында үшүп, тоңуп,
жаны көзгө көрүнгөн жайларын күлүп отуруп баяндашат. Ушул эки жаш жетекчи
кызматкердин экөөнүн тең өмүрү буларды бир түрдүү жакшы чыныктырган сыяктуу.
Экөөнүн тең өмүр баянында Ата Мекен согушунун жылдарынын тажрыйбасы бар
экендиги Карповго буларды көп жакындатты.
Карпов ушу жолдо көргөндөрүнүн баарын азырынча сыртка чыгарып сүйлөгөн жок.
Эми күн жылып, кар тегиз кетип, малдын көпчүлүгү кырсыгынан кутулгандай убак эле.
Эң акыркы күндөрдүн фактыларын дагы да жыйгызып алып, өзү менен келген он бир
кызматкерди чабандар арасында күн абдан жылыганча туруп тургула деп калтырды да,
Алым менен Жарасовду алып өзү Петронун самолёту менен «Каратоону» ашып учуп,
Ноян районунун борборуна түшкөн эле.
Бешинчи глава
Түштүктүн жазы жарышып чыккан күндөрү менен, небир жыттуу сан түрлүү чөптөрү
менен Айсулуу кичине бакчалуу короосун да жадыратып, жайнатып келет. Эң алгач
гүлдөгөн өрүк акчыл-кызгылт гүлдөрүн быйыл көп ачыптыр. Катардагы шабдаалы, алма
жыгачтарынын бүрлөрүн жайнатып, жакын мезгилде кээси жалбырак, кээси гүлдөр
көрктөрүн дүйнөгө жаштыктын күлкүсүндөй ачка-. ны турат.
Кара топурактуу салкын калыбын таң атса да али кетирген жок. Айсулуунун жеңил
жука сүйрү тумшук көк туфлийинин таманы астында ошол кара топуракты жарып,
коолап чыгып келе жаткан бул бактын жылдагы майда чыккан бедеси, райграсы,
миңдеген көздөр менен төмөнтөдөн Айсулууга: «биз да келебиз дегендей».
Айсулуу колуна калың китебин бүктөп ачкан калыбында окуудан саал көз тайдырып,
бет буруп, башын эми бир аз жогору көтөрүп, өзү түбүндө отурган өрүк дарагынын
гүлдөрүнө узак кадалып, үнсүз карап калыптыр. Ошол чакта ак-көк тарткан бетинен
асыресе таң эртеңки көлөкө менен аппак моюн көкчүлдөнүп турган калыбына
шалкайган эки көзүнөн аккан жаштар тамып жылжый агат.
Айсулуу адетинче таңга маал эрте туруп гүлдөгөн өрүк-' түн түбүндө дал былтыркы
ушул күндү эске алып отурат. Бул өзүнүн астына кичинекей орундук коюп, колуна китеп
алып жайгаша бергенде Арман уйкудан жаңы турган калыбында жеңил басып
жүгүрүңкүрөй келип Айсулуунун бутуна чыканагын коюп жантая кеткен. Чалкасынан
жатып алып ушундай өрүк гүлдөрүн жерде жатып таңдана карачу да: «Мозаика, гүл
мозаикадан куралган асман, кең, мол, жакшы жыттуу, мээримдүү асман» — деп
кадимки сезимтал эргүүсү — шыктануусу бар жандай, Айсулуу муруң укпаган
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 16
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.