Latin

Өскөн Өркөн - 19

Total number of words is 4106
Total number of unique words is 2045
28.2 of words are in the 2000 most common words
40.9 of words are in the 5000 most common words
47.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
уюштуруу иштерин башкара албаганын ушул кишилер даана билди деп ойлоймун.
Султановдун суроосу дагы бир жайды аныктады.
— Эмесе белгилүү бир адамдар чарбаны уюштура албаса, ал адамдарды
кыйынчылык күндөрдө нагыз сын күндөрүндө райондун жетекчилиги уюштура алган жок
дегени турасызбы?
Бул да катуу нагыз оор чындыкка жана Эсдавлетовдун өз башына арналган
чындыкка тууралай кадап берилген суроо эле.
Эсдавлетов ал жайды да ички эсепкорлук менен баамдап турду.
— Кандай деп айтсам болоор экен. Бүткүл чарбанын башында жооптуу адамдар,
партия мүчөлөрү, өзүбүз ишенип койгон адамдар отурган абалда иште чийкилик,
каталык жасалып отурат. Жооптуулукту канча жанга, кимдерге таратып берүүнү
партиянын адилеттүүлүгү, обкомдун адилеттүү чечими жетет го деп билемин!
Бул анын акыркы сөзү болучу. Эсдавлетовдун эсеби кыйла мыкты ойлонуп алган
эсеп эле. Ал малдын чыгымын жашырган жок. Буйдалып, тайсалдап турса да өз оозу
менен жыйырма миң кой өлүмгө учурады деп даана мойнуна алды. Экинчи бир жай
Эсдавлетовдун бардык учурларда моюнга алгысы келбеген бир сыры, бир чындыгы ал
— күздөн бери карай сан ирет облуска азык жеткиликтүү деген информация,
сводкалардын ээси өзү болгондуктан ушул жагынан жалганчы дебесин дегени — азык
болду. Эмесе эң чоң маселе да, эң жооптуу нерсе да ушул жөнүндө! «Дегеним ырас.
Азык-түлүктү камдаганыбыз ырас» деп туруп алдын жетишинче карышып, көшөрүп
көрмөк болду. Ал эми малды жутка учуратканы ырас. Жутатканынын себеби чарбаны
башкара албагандыктын себебинен десе, андан келе турган, Эсдавлетовдун башына
топтоло турган айып-күнөө бөлөкчөрөөк, жеңилирээк болууга тийиш. Себеби
чарбаларды жолго сала албагандардын аттары атала турган болсо көп тепкичтүү
жоопкер адамдар бар. Совхоздордун арасында бөлүм башчылары, совхоздун
директорлору, район көлөмүндө чарба бөлүмдөрү, кала берсе райисполком, райкомдун
өзүндө да мал чарбасына айрыкча жооптуу болуп отурган секретарь бар. Ошонун
баарынан өтүп, район боюнча тагылган айып-күнөө биринчи секретарь Эсдавлетовго
жеткенче бир нече тепкич болмокчу. Анын ойлогон эсеби ушул болучу. Андагы
жаңылыш эсеп — обком оболу жоопту жетекчиден сурайт. Ал болсо өз билүүнчө
төмөнкүлөрдү жоопкерчиликке тартат. Үлөштүргөндө жоопкерчилик ушуларга келип
түшө турганын байкабай турат. Өлгөн мал үчүн жооп бергенде өз башына келе турган
айыпты эч болбосо оор жагынан албай, акталууга, доолашууга, түпкүлүгүндө барып
айтышууга болорлук жеңил жагынан моюнга алууну оңоюраак көргөн.
Эсдавлетов сөзүн бүтүрүп ордуна отурганда жакын жерде отурган бир нече, өзү
сыяктуу секретарлардын оор күрсүнүп алгандай жабыркоо жүзү, үмүтсүз күдүктүү
демин аркасы менен сезгендей болду. Бүгүн бюродо каралып отурган эң чоң маселе
быйылкы мал өлүмү болгондуктан эмки сөздү Ноян районунун секретары Касымов
баштаган эле. Узун бойлуу, ачык кара тору жүздүү, жайкалып төгүлгөн жумшак кара
чачтуу Мурат Касымовдун кебете-келбети да сулуу дээрлик. Өзү али жаш. Көз ажары
ак-карасы айкын ачык, аппак ири тиштери сүйлөгөндө, жымыя күлгөндө да кашкайып
ачыла түшө турган. Чоң жүзүндө кызыл күрөң жукараак ажар бар. Оозу, мурду да
сүйкүмдүү дээрлик. Алгачкы көрүнүшү менен адамды ишендирип, жылуу тарта турган
ачык тазалык бар. Ал ордунан туруп сүйлөгөндө көзүн Карпов менен Султановго ачык
ишеним менен каратып, буйдалбай жатык сүйлөп кетти.
— Обком менен облисполком биздин акыркы берген сводкабыздан иштин жайын
анык билет. Ноян районунда да мал өлүмгө учурады. Эң оболу өлгөн малдын санынан
баштап баштан кечирген түйшүгүбүздү, оорчулугубузду туташ айтып өтөйүн. Биздин
райондон 9 миң кой чыгаша болду. Мунун баары асыл тукумдуу кой. Эмнеликтен өлдү?
Себеби узакка созулган кыш, калың кар, катуу аяз дегенди жолдош Эсдавлетов да
жеткиликтүү түрдө айтып өттү. Биздин да жагдай ошондой экени өздөрүңүзгө маалым.
Бирок себеп жалгыз гана ошолбу дейсиздер го?! Ал гана эмес! — деп ачык, сабырлуу
жайык жүзүн көпчүлүк отурган жакка да салмак менен буруп бир аз үндөбөй токтолуп
турду. — Чынын айтайын, оболу эсептен жаңылган себебибиз жанагы кыйынчылыкка
чоң кошумча болду. Малды кумдан көчүрбөө керек эле. Мен көчүр деп марттын
башында Алма-Атадагы партиялык съезддин күндөрүндө районго көрсөтмө берип
койдум. Прогноз жаман дегенди угуп-билсем да жылда кой туудуруп көргөнүбүз жок.
Жыйырма күндүн ичинде койдун тууту башталуу керек, ошого чейин көздөгөн
жерлерине жетип алышсын. Козуну жылуу жайда туудуруп ала турган болсун дедим да,
көрсөтмө берип калдым. Ошондо мынабу обкомдун секретары жолдош Эринбетов
Алма-Атада мага «бекер кылдың, орду жок шаштың. Март жаман, аяздуу болот деп
турушат, сен жылдагы адетти гана кайталапсың. Каталык кетирдиң. Малың кумда да
болбой, өз жерлериңе, жылуу жайларыңа да жете албай, ара жерде кырылбаса
болду!» — деген эле. Кийинки абалды өзүңүздөр билесиздер, ошол Эринбетов
жолдоштун айтканындай болду. Колубуздан бар келгени ошол кыйынчылыктын өзүнө
да райондон, облустан чабандарга үздүксүз жардам жиберген болдук. Палаткаларды
апарып тиктик. Бирок аяз катуу, кыш узак болду да биздин иш чараларыбыз малды
куткарууга жеткиликсиз болду. Эми ойлоп көрсөм, жылдагы адетти кылбай, кумдан
койду чыгарбай, кийин жиберген жардамдын баарын — күч, унаанын, жем-чөптүн,
комбикормдун бардыгын саал алысыраак болсо да, деле эмнеси болсо да кумга
алпарын төгө бергенде дурус болмок экен. Тууттагы койлорду алсыратпай, жүдөтпөй
туруп катуу аязда, калың карда, бооз койду көп күндөр бою жолдо темселетпей туруп
апарсак, кой ушунчалык өлмөк эмес. Козулар да мындай алсыз болуп туулуп, мындай
болуп кырылбас эле.
Чынын айтуу керек, биз Ноян районунун райондук партия комитети менен аткаруу
комитети кыраакылык, көрөгөчтүк менен иш билгилик кылып кыйынчылык менен
күрөшө албадык. Ошондуктан кылган эмгегибиз көп болсо да, талаага кетип, аягы
мынабу жайсыз жагдайга келип токтолду. Ушунун баарын өзүңөр билесиздер, биз
райондун жетекчилиги өзүбүз сезген, туюнган каталыгыбыз ушулар деп атайын ачык
айтып отурамын, — деген.
— Бул болгон чындыкты айтты. Карпов Касымовго суроо жок дегендей түрүн
билдирди да, отуруңуз деди. Мунун маселеси жалгыз Карпов эмес, Султановго да,
башка бюро мүчөлөрүнө да ачык-айкын болуп, сүйлөтүп отуруунун ылайыгы да жок
эле.
Киров районунун секретары жапалдаш бойлуу, аксаргыл жүздүү, саал күлүмсүрөп
караган ойлуу көзү бар Турумбетов Касымовдун сол жагында отурган эле. Тигил сөзүн
бүтүп отурган соң Турумбетов:
— Сен өзүңдү жакшы кармадың. Обкомдун бюросуна келип кайпалактап,
жалтактаган менен жан калабы! Чыныңды айтканың анык туура акыл болду, — деп
шыбырады. Анын эсесине Мураттын оң жагында отурган Жарасов чоң сургулт көзү
акшыранып алаңдай түштү да Муратка жакыныраак жанашып шыбырлады.
— Өтө көбүрөөк моюнга алып койдуңбу, кандай! Кайдан чыгар экенбиз, бир кудай
билсин! — деп акырын бырс этти да оозун жапты. Ал дагы жоопкерчиликти моюнга
алууга даяр отурду жана өмүрүндө мүлтүлдөп көрбөгөн, тобокелчил адети өзүнүн
түкпүлүктүү мүнөзүнө айланган бул кызматкер да Эсдавлетовчо кайпалактаганча, ушул
Муратча партия алдындагы ачык чындыкты ичтей чын макулдай турган. Асыресе ал
өзүнүн жүрөгүндө быйылкы март, апрель айында өткөн Ата Мекен согушунун кээ бир
оор кыштарында танке бөлүмүндө урушка катышып жүрүп, Мекенин коргогон жүрөгүнөн
башка жүрөк болот деп ойлогон эмес. Ушул отурган жыйындын ичинде быйылкы оор
сын, катаал жут үстүндө жооптуу кызматкерлер арасында мындан артык эмгек эттим,
мээнет кечтим деп эч кимдин айталбай турганын өзү билет. Ошондуктан ал Мураттын
айткан сөзү ашынкырап кетти дебесе, ал айткан мынабу чындыкты түгөл макулдайт.
Партиясы эмне берсе да таза ар-намысы менен жооп берип көтөрүп кетүүгө чыдайт.
Өзүнүн ушундай партиянын ары менен өз арын таразалап, ченештиргеи ой менен
отуруп калган. Жарасов азыр сүйлөп жаткан обкомдун секретары Алым Эринбетовдун
алгачкы сөздөрүн баамдай албай да калган экен. Эми оюн жыйнактап кайрадан тыңдай
баштады.
Эринбетов бул күндө кышкы жүдөгөн калыбынан арылган. Жарашыктуу кызгылт
күрөң галстук тагынган көкчүл көйнөгү таза, каракөк костюму мунун келишимдүү боюна
жарашып турат. Чоң төгөрөк көзү жалжылдаган Алым кичинекей оозунун сүйкүмдүү
эриндерин ашыкпаган бап менен козгоп, үнү жакшы ачык добушу менен жатык сүйлөп
турду. Ал эки райондун жайын бирде салыштырып, бирде окшоштуруп
айырмачылыктарын аныктап айтты. Окшоштугу — эки райондун малы тең жутка кум
менен Кара-Тоо арасындагы бир аймакта учурады. Аязда, карда, малдын
паанасыздыгы эки райондун малы өлгөн чарбаларына бирдей орток. Аяз экөөнө тең
орток аяз. Карабастын ыркыраган шумурай шамалы экөөнө тең бирдей
сокту. Бирок айырмачылыктары Узак району өз жеринде отуруп жутка учурады.
Ноян району бөлөк райондо өз жерине жетем деп жатып, ыраакта калып жутады. Эми
быйылкы жуттун жанагы эки секретары айткан эң акыркы күйүнүчтүү натыйжасы,
сандарына келгенде бирөө жыйырма миң, бирөө тогуз миң мал өлүмүнө дуушарланган.
Өз жеринде отурган көп чыгым болду да, өзгөнүн жеринде отурган аз чыгым болду.
Бирок бюро мүчөлөрүнүн эсине ушундай ачык-айкын сыяктуу көрүнгөн абалга кошумча
дагы бир жагдайды кошуп айтканды туура көрөм, — деп алды да, Алым саал
жылмайып Карповго карады.
— Нил Петрович, ушундай ачык турган айкын эсепти кошо эске ала турган жана
менин оюмча эске албоого болбой турган бир жай бар. Ал Узак районунун оор
жаманчылыгынын бир жеңилдиги. Ал Ноян районунун жеңил жаманчылыгынын бир
оорчулугу бар, — дегенде түштүк райондордун бир нече өкүлдөрү күлүп калды. Зал
дабырттап, кыбырап козголуп, кээ бири таңданган, кээ бири жанагы бир түрлүү сүйлөө
ыкмасына таңыркаган, дагы бирөөлөр саал кубанган калыпта үнсүз аңырайып,
астыртан жылмайышкан эле.
Алым коңкогой мурдун көтөрүп, күлүмсүрөгөн көзү кабагын саал тамаша менен
чытынкырап туруп жанагы айткан жайын чогулушка түшүндүрүп айта баштады.
— Узак районунун кою каракүл болгондуктан өлгөн соолуктардын ичиндеги козусу
каракүл терисин берди. Туулуп өлгөндөрдүн асыресе каракүл терисин бергени көп.
Туула салып өлгөн козунун жылдагы каракүл санына сан кошуп жатканы болду. Атүгүл
каракүл болууга жарабаганы да каракүлчө болду. Ошентип булар дагы «головашкур»
деген бир абал жыйырма миң койдун өлүмүн саал жеңилдеткен сыяктанды.
Ал эми Иоян районунун тигилерден саны азыраак болуп тогуз миң чыгымы болсо
анын дале болсо арылып болбогон кошумча алсыздыгы, алдыда күтүп турган өлүмү да
бар. Асыл жүндүү кой болгондуктан өздөрүңүздөргө маалым, анын козулары ара
туулат. Ошондуктан алар өлбөй калса да аяздуу суук күндөрдө туулгандыктан жана
калканч дегенибиз палатка гана болгондуктан өлмөсөк. Өпкөсүн суук чалган, алсыз
тукум болуп туула тургандары да болот. Бүгүн тирүү калганын ар чабан, ар ферма, ар
совхоз санга кошуп отурат го. Бирок али ушу май ичинде боло турган кара шамалда, а
түгүл июнда боло турган жайлоодогу ак жаанда, мөндүр астында, узакка созулган
салкын күндөрдө ошолордун ичинен али да чыга турган чыгашасы аз эмес. Ушул бир
жаманчылыктын бир жакшылыгы бар, эми бир жакшылыктын дагы бир жаманчылыгы
бар дегенде мен ушул жайларды эске аламын, — деди.
Алым мал жөнүндө жаз бою жана кыштын оор күндөрүндө чабандар арасында көп
болуп көп иштешип аңгемелешип, өтө көп маселелерди тыңгылыктуу жакшы ойлой
турган жагдайын көрсөтүп турат. Карпов өз ичинен кечеги Ата Мекен согушундагы
Балтика деңизинин согуш кемесинин жоокери бүгүн деңизден алыскы чөл, талаада
жана тапкыр, сергек, өнүмдүү ой ойлоп турганын жакшы баамдады.
Эки райондун жанагы сүйлөгөн секретарларынын жайына келгенде Алым өз сөзүн
көп созгон жок. Эсдавлетовду ал облусту жалган сводкалар менен жаңылдырды,
чындыкты айта албады, кыш бою айтууга кудурети жетпей жалтактадык кылып келди.
Бүгүн да ошонусун көрсөттү,, деп корутундулады. Анын эсесине Мурат Касымов
чындыгын жашырган жок. Каталык кылганы ырас. Ага асыресе өзү менен райондук
аткаруу комитетинин председатели Жарасовдун айыптуу экени ырас. Бирок адегенде
каталашса да булар бүткүл март, апрель бою ыраакта калган жутаган мал жөнүндө
колдон келишинче катуу күрөштү. Кечигип күрөшсө да жандарын салып, бир райондун
күчүн жут менен күрөшүүгө жакшы багыттады. Жарасов чабандардын ортосунда кырк
күн, кырк түн өзү чабан болуп кетип бирге мээнеттенгенде, Касымов райондо отуруп,
күн-түн үздүксүз жардам этүү жолунда, ошону уюштуруп жиберүү жолунда тыным
албай аракеттенди. Булар малды өлүмгө учуратып каталык кетирсе да, ошол
айыптарын өздөрү сезип, өздөрү дал бүгүнкү кезге чейин ачык түрдө моюндарына ала
билди, — деп токтогон эле.
Бул маселе жөнүндө облус кызматкеринен жана район башчыларынан беш адам
сүйлөдү. Баары тең жалпы Казакстан көлөмүндө көпчүлүк оң түштүк тарабы жылуу
экендигин, бул облуста мал өлүмү деген шумдук көрүнө турганын айтышты. Кээ
биринин сөзүндө чындыктан туулган мыскыл да бар эле. «Жылуу жак, кышы жок», деп
өзгөлөргө уруксат этилсе да, бул облуска кечирилбей турган күнөөдөй болуп саналган
жайлар бары эске алынды. Ошону менен бирге Койбаш, түштүктөгү үч район — Акташ,
Кызылагаш, Элес райондорунун баарында тең койлор аз эмес. Сыр дарыянын
жээгиндеги Жарыш, Көгүлдүр райондору да көп койго ээ. Ошонун баарын кыштан аман
чыгуулары тек аларда суук жеңил болгондугунан эмес, биринде кар калың болсо, бир
жагында кар такыр болбой калып кумда суунун тартыштыгынан, кудуктун аздыгынан
жана кээ жерде кудук болсо да жалгыз чабандын ошончо малды сугаруу кыйын
болгондуктан көп койлор далай жерде кыштын өзүндө сууга жетпей өлүп кала
тургандыгын да эске алышты. Бул сөздөрдүн баары тең облус көмөгүндөгү мал
чарбасы жөнүндөгү оор, түйшүктүү чындыктар. Ушуну ар кимиси ар кандай түрдө
айткан райондун секретарлары, облисполком мүчөлөрү, бюро мүчөлөрү мынабу эски
райондун чыгымына катуу нааразылык билдирди. Эки райондун жанагы докладчылары
билдирген кемчиликтер жөнүндө сын айтышты. Бүткүл обулустун чарбасына, сөз
келтирип, аны артка тарткан жыйырма тогуз миң койду чыгашага учураткан эки районго
олуттуу нааразылык билдиришти.
Эсдавлетов менен Касымов, Жарасов үчөөнүн көбүнчө күткөнү обулустун башчысы,
биринчи секретарь Карповдун сөзү бул жыйындын баары жут болгон эки райондун
өздөрүнө барып, өз көзү менен көптү көрүп ишке каныгып кайткан Карповдун сөзү эң
тыянактуу сөз боло турганын даана сезип, баамдашкан.
Бир кезде далылуу москоол денесин өзү отурган столдон тез көтөрүп алган Карпов
орунтугун артка жылдырып апарып коюп, эки колун артына алып жыйынга ойлоно
караган чоң көздөрү менен кыдырата карап бир калыптуу салмактуу ачык үн менен
сүйлөп кирди.
Түштүк Казакстандагы мал өлүмүн айтканда тек быйылкыны гана, бүгүнкүнү гана
айтып коюу жетишер беле? Жетпейт. Былтыр, андан аркы жылы, ушундан төрт жыл
мурун да мал өлүмү болбоду беде? — Болгон. Ал эми бүгүнкү жагдай өзгөрбөсө ошол
беш жыл мурунку, он жыл мурунку, он беш жыл мурунку жагдайдын бүгүнкү калыбында
тургандай болуп келерки жылы, аркы жылы — бүткүл жетинчи беш жылдык бою малды
өлүмгө учуратуу адетибиз болуп кала бермекчи. Биз ушундай кыш болсо, ал эми
катаал кыштын болбосуна эч ким кепил эмес, анткени, кар аяз, Карабаштын суук
шамалы азыр биздин колубузда эмес, Кара-Тоонун, Моюнкумдун кудайынын колунда
турганда быйылкыдай аяздуу суук, бир шумдук кыштын боло турганы абдан ыктымал.
Кыскасы, андай болсо төрт жыл мурун, он жыл мурун, быйылкы жылы кыргандай кылып
конду дагы кыра бермекпиз. Ачуу болсо да, оор болсо да бул биздин чындыгыбыз.
Моюнга албаска чарабыз жок. Андай болсо мынабу чыгымдын үстүндө тек өткөндү гана
сүйлөө жеткиликсиз. Биздин бүткүл билбестигибизди, начарлыгыбызды, али да мал
чарбасын өнүктүрө албай отурганыбызды терең тамырына чейин ачып айтышып, уудай
ачуу болсо да ошол чындыкты толук, түгөл түшүнүп, билип алуубуз керек.
Андай болсо кум менен талаада, Кара-Тоонун сыртында кар калың болду деп
ошону бир шылтоо кылабыз. Ал төрт жыл мурун кумда кар болбоду. Кырда мал
суусунун кандырар кар болбоду, ошондуктан жутадык деп да айттык. Ошентип кар
болсо да жутайбыз, кар жок болсо да жутайбыз. Эмесе кудай бизге кантип жагат?
Карын жиберсе да ыраазы эмеспиз, карын бербесе да таарынабыз. Ушул эмеспи
биздин абал?
Ал эми дагы бир жагынан карасак, баланча жүз миң мал өстүрүппүз. Өздөрү мыкты
асьтл, жакшы тукумдар экен. Каракүл койлорундай мыкты кой барбы? Кышы-жазы
колдо, короодо күт деп талап коёбу? Таап берип отурганы алтын-валюта. Тек гана
жайыт менен күн көрөт. Дагы бир коюбуз — жибек жүндүү асыл кой. Ал да колдо,
короодо күт дебейт. Өздөрүн өстүрүп, көбөйтүп, баланча жүз миңдерге жеткизип
отурган облус — биздин облус. Экинчи жагынан кумду, чөлдү, жайлоону, алаамат мол '
ээн жаткан аймактарды пайдаланбаска болбойт. Пайдалануу зарыл. Ошондо малды
колдо гана асырабай жайып жүрүп мал чарбасын өстүрөбүз да, мамлекет байлыгын
көбөйтөбүз.
Биздин географиялык жагдайыбыз, табигый-географиялык жагдайыбыз, обулустун
экономикасы деген. пландуу жагдайыбыз ушуну талап кылат. Бирок ошол абалда
облуста зор каталуу эсептер бар. Бизде, обулус башчылыгында ушу мал чарбасы
жөнүндө чоң каталыктар, айыптар бар; Моюнкумдай, Кызылкумдай кумдарды
пайдалануу керек. Каратоо, Ала-Тоолорду жайында жайлаш керек. Бирок ушул ээн
жаткан дүйнөнүн экөөн тең уруна билүү керек. Кум малды асырай турган болсо, ошон
үчүн кумдун өзүн да асыроо керек.
Казакстанда мал маселеси дурус, ыңгайлуу чечилиши үчүн, мисалы түштүктө
бардык түштүк облустарда ошол мал жайы узак убакытка мол байлыкты жасоо түрүндө
чечилүү үчүн үч шартты моюнга алуу парз. Эң оболу суу, кумдан суу көбөйтүп алып
чыгаруу керек. Экинчи шарт — . жол. Кандан кымбатка түшсө да ошол ээн жаткан
дүйнөнү чыны менен арзан абалда жакшы пайдаланабыз десек, жол керек. Кышы,
жайы бар машиналар үзгүлтүксүз, буйдалбастан жүрүп туруучу жолдор керек. Үчүнчү
милдет — малга короо, адамга үй-жай керек. Турактуу адам турууга жарарлыктай үйжай керек. Карышкырдын ийни эмес, мынабу териси, мынабу денеси — ушул
калыбында турган биология, физиологиялык сыпаты ушул өзүбүздөй болуп турган
адамзат кумдун карышкырынын жагдайында өмүр сүрүп тура алат деген түшүнүк
барып турган ташбоор, катаал түшүнүк. Ал жапайы түшүнүк. Кээ бирөөлөр: «Казак
үйрөнгөн. Чабандар кышында да, аязда да боз үйдө жашай алат» дейт. Ал бекер сөз,
жалган нерсе. 25 градус аязда боз үйдө казак эне да, казак бала да, атүгүл күнү бою
талаада жүргөн чабан ата да түнү бою калың жууркан, кийиздин астында калтырап
жатат. Жылаңбаш ойноп, аяздуу талаада, калың карда жылаңач бойдон топ кубалап,
чана тээп жүргөн баланы да, кызды да көрбөйсүң. Кызылдай жалган, жан ачыбастыктан
туулган калп сөз. Кыштын суугунда мейли кумда болсун, тоодо, жайлоодо болсун
жайкы жаан, суук астында, мөндүр астында жага турган меши, жууна турган жылуу үйү
болуу чабан жөнүндөгү биздин милдетибиз. Кой үчүн күрөшүү — адам үчүн күрөшүүдөн
башталуу керек. Жалгыз гана боз үй жетет. «Боз үй», «боз үй» дечүлөр малдагы
адамдардын камын чындап тереңдеп ойлоочулар эмес. Ал артта калган эски абалга
көнүүчүлөр, аны жактоочулар. Боз үй тек гана өтө жылуу мезгилде, аз күнгө көчүп
конуп, кээ бир сууларды, жайыттарды пайдаланып отуруу үчүн гана керек. Мисалы мал
кумдан тоого көчүп, жайлоого чыгарда, же болбосо суук түшө электе тоодон ойго түшөр
кезде малдын баёо козголушуна арада үч-төрт күн түнөп, же он-он беш күн көчүп
жайылып отуруу үчүн гана керекке жаратууга боло турган калканыч.
Дагы айтамын, биз чабандардын абалынын кыйынчылыгын такыр ойлобойт
экенбиз. Жалгыз кабат кийизден жасалган кичинекей үйдө, чабандын аялы бала да
төрөйт. Жаш бала ошондо өсүүгө муктаж. Адам ооруйт. Өмүр бою мал артында жүргөн
эрди-зайыптуу чабандар ошол жанагы оңбогон боз үйдүн ичинде картаят. Ошол
кичинекей гана үйдүн ичинде быкшытып от жагат. Жетиштирип койгонсуган жылуулугу
көздү жеген көк түтүн менен буркураган буу менен аралаш чаңы.
Карповдун бул сөздөрүн укканда ушу жыйында отурган бардык эл анын ушунчалык
жаны күйүп өзгөчө түрчүгүп, ызалуу жаны кейиген үнүн тыңдашты. Малдын жанында
жүргөн улуу-кичүү кызматкерлердин, асыресе жетекчи адамдардын, жооптуулукту
мойнуна алган адамдардын оозунан мурун угуп-көрбөгөн сөздү Карповдон угушту.
Обкомдун бюро мүчөлөрү Эринбетов, Жайлообековдор азыр Карповго өзгөчө
кубана карашкан абалда көз алалбай калышыптыр. Султанов Нил Петровичтин азыркы
кезде көптөн көп ичине батырып жүргөн бөлөкчө бир жагдайды ушундай батыл, чыйрак,
терең айтып кеткенине карай кубана таңданды. Ал өз ичинен Карповдо зор азаматтык,
анык ленинчилдик сыпаттын ээси дээрлик жандын касиети бар экенин баамдады.
Адамдын камы жөнүндөгү нагыз аталык камкордук, лениндик сыпат.
Карпов өз сөзүнүн акырында:
— Бул күндө Казакстандагы эмгек ээлеринин ичинде не бир кадырлуусу бар чыгар.
Ошолордун эң алдыңкы катарында эң кадырлуусуна эстелик коюла турган болсо мен
быйылкы Ноян районунун он жети күн суук асмандын астында паанасыз калса да
малды тууган баласынан бетер жаны ачып, мүсүркөп карышып күткөн чабандарга коюу
керек дээр элем. Ошол кыйын кездерде, аяздуу-азаптуу күн-түндөрдө өзүнүн вахтасын,
күзөттөгү кызмат ордун жалаң айлык кылып таштап качкан бир чабан жогун кантээрсиз.
Баарыңыздар билесиздер, аларга жекшемби деген жок. Саат менен өлчөнгөн эмгек
убактысы жок. Күн менен түндүн баарында тең бир тиричилик аракети, тилеги, эмгек
мээнети, тек гана мал менен нык байланышкан жандар. Мына ушулардын турмушундай
турмушту, ошолор баштан кечкен кесел кыйынчылыкты үздүксүз узак эмгек эрдигин биз
ойлоп жүрөбүзбү, эсепке алып жүрөбүзбү? Жок, өтө аз эскеребиз. Мен көп
токтомдорду,
алда
нече
өкмөттүк
чечимдерди,
көрсөтмөлөрдү
облустан
жибергенибизди да билемин. Республиканын борборунан да көп алабыз. Баарында тең
99 процент сөзүбүз, камыбыз, чечимибиз тек малдын өзү жөнүндө гана болот. Ал эми
мал башындагы адам жөнүндө такыр аз сүйлөйбүз.
Жолдоштор, мен бул маселеге атайы көбүрөөк токтолдум. Себебин өзүңүздөр да
билерсиздер. Дал ушул маселени бүгүн биз ушул бюродо биринчи ирет гана сүйлөп
отурабыз. Бюро уруксат этсе, тапшырса, мен ушу башталган сөздү мындайча айтканда,
мал камына кошо адамдын камын калтырбай катар ойлоо маселесин жогору жакта да
коймокчумун. Жакында Алма-Атада Министрлер Советинин Борбордук партия
Комитетинде мал чарбасы жөнүндө республикалык бир жооптуу кеңешме болмокчу.
Ошондо ушул козгогон маселени ушул салмагы менен, толук маанисинде көтөрүүнү
мен өзүмдүн милдетиме аламын.
Алым менен Алмазбек бюродо отуруп өз ара шыбырашып сөз сүйлөшкөн эле.
— Мынабу киши бардык маселени кандай кеңейтип, бийиктетип көтөрүп кетти.
— Бардык чабандын атынан асыресе Ноян районунун чабандарынын атынан сени
тапкан энеңе ыракмат деп отурамын мен! — деп Алым да күбүрөп күлүп койду.
Эки райондун жетекчилери жөнүндө Карповдун сунушу кыска, жүйөлүү болду.
Жыйында отургандар анын ошондойчо чечилүү керек экенин өз көңүлдөрүндө чечипбычып да койгон.
Эсдавлетов Узак районунда райондук партия жетекчилигин сынга түшкөн күндөрдө
тууралык менен, акыйкаттык менен, токтоолук менен башкара албады, оң жолго
баштай албады. Облустун жетекчилигине чыныгы сводкаларды бербеди. Чындыгын
жашырууга тырышты. Ошондуктан ордунан алына турган болду. Ноян районунун эки
жетекчиси Касымов менен Жарасов жутка каршы жакшы күрөшсө да оболу өздөрү
тапкычтык кылып, ишти жөнгө сала алышпады. Кыйынчылыктан шашып, мүсүркөп
каталык кетирип алды. Ошол каталыктын артынан тырышып, адал эмгек этишсе да
райондун абалын, малын жуттан куткарып чыга албады. Көп мал чыгымга учурады.
Ошондуктан экөөнө тең катуу сөгүш жарыяланып, кызматтарында калтырганы туура
деген чечимге келишти. Бюронун бүгүн караган алгачкы чоң маселеси ушул болучу.
Облус көлөмүндө өткөн кыштын мал жөнүндөгү чыгымы, өлүмү жөнүндө көптөн
күтүлгөн текшерүү менен чечим партиянын башчылыгы алдында ушундай чечилген.
Ушул жыйналыш бардык бул жерде отурган көпчүлүктүн толук катышуусу менен
дагы бир орчундуу маселени колго алды. Бул Ленин районундагы «Кызыл жылдыз»
колхозунда болгон кайгылуу окуя — жаш улан Армандын өлүмү жөнүндө. Башында бул
маселе каралат деп Карпов атаганда шаар кызматкерлери, бир нече совхоз
директорлору, кээ бир өндүрүш жетекчилери обкомдун бюросунда ушундай маселенин
коюлуу жөнүн дароо түшүнө алышкан жок. Ошондуктан бул маселенин коюлушуна бир
чети таңданып карашты.
Бул жөнүндөгү баяндаманы Алмазбек Жайлообеков жасады, азыркы кездеги түштүк
обкомунун үгүт-насыят бөлүмүнүн секретары болучу. Ал оболу кыска, жыйнаакы,
угумдуу сөз менен өткөн күздө болгон өлүм жайын айтып өттү. Ошондон бери жүрүп,
ушундан бир ай мурун ошол колхозго, районго облустан атайын комиссия
жиберилгенин айтты. Комиссияга обкомдун, облсоттун, комсомол уюмунун өкүлдөрү
катышты. Эми ошолор апкелген фактылуу далилдер боюнча ушул өлүм жайын, жалпы
түштүктөгү аял маселесине тикелей байланышы бар өтө орчундуу, өрөскөл окуя
болгондуктан, облустук партия комитети бүгүнкүдөй чогулушка салып конкреттүү да,
жалпы да чечим чыгарууну зарыл деп тааптыр. Ушу жайларды түшүндүрө келип
Алмазбек эми дал ушул жыйналышка тиешелүү конкреттүү ишке сөзүн бурду.
— Арман кастык менен өлтүрүлгөн. Ал өзүнүн бир тууган эжеси Айсулууга зордук
менен үйлөнмөк болгон зөөкүр, жырткыч Сагыт дегенге каршы күрөшкөнү үчүн өлүмгө
учураган. Аны өлтүргөн Сагыт райондо катуу жазага учуроонун ордуна ошол райондогу
жоон топ туугандары аркылуу көп жактоочуларды-коргоочуларды табат. Маскаралыгы
ошол — райпотребсоюздагы агасы, СМУдагы таякеси Абилмажин, Бейсен дегендер
аркылуу райондук тергөөчүнү, райондук судьяны, прокурорду, аларды гана эмес,
жооптуу, беделдүү кээ бир район башчыларын да чырмап, торго түшүргөн көрүнөт.
Асыресе Бейшен деген СМУнун башчысы колунда чарбанын көп кереги тие турган
орунда отуруп, бир далай адамды чаташтыра турган көрүнөт. Арманды Сагыттын
өлтүргөнү колхоздогу, райондогу комсомол коомчулугуна, Арман менен бирге окуган
мектеп жаштарына жана мектеп окутуучуларынын коллективине зор кыянатчылык
болуп ап-айкын көрүнүп турса да жанагы аталган сот, прокурор органдары, кылмыштуу
адамдын өздөрү да кылмыштуу жырткыч туугандарынын оңтоюна түшүп кеткен.
Аларды иретке салып, тескери жагын сынап, түзөп, жөнгө салат деген райондун
жетекчилиги болбогон. Мына ушул жыйында отурган өзү Социалисттик Эмгектин
Баатыры Ленин районунун кадырлуу жетекчиси райкомдун биринчи секретары, ошол
райондо көптөн бери иштеп келе жаткан жолдош Көлбаев Мухит өзү да адашкан.
Судьяны, прокурорду жактоочу болуп чыккан өзү баш болуп. Натыйжада Армандын
эжеси Айсулууну анын каршылыгына карабай ала качып кетмек болгон Сагыт эжеси
үчүн күрөшкөн Арманды, онунчу класста окуган жаш комсомолецти уруп жыгып,
машинеси менен бастырып өлтүрүп кетет. Ал ошого соттун чыгарган өкүмү үч гана жыл
болот, аны дагы бир нече амнистияга жаткызат. Ар түрлүү жеңилдик, закондун ар кыл
кечиримине кыйыштырат. Ошону менен келип отуруп ушу замандын жырткычы,
кылмыштуу, киши өлтүргүч Сагыт үч ай отуруп акталып чыга турган болот.
Ал эми экинчи жакта эмне болду? Арман өлдү. Жесир энеси, жалгыз эжеси,
жазыксыз эжеси калың кайгыда калат. Булардын теги ким эле? Айсулуу менен
Армандын атасы Ата Мекен согушунда эрдик менен каза тапкан. Атасы өлгөндө
Айсулуу үч жашта, Арман бир жашта калган. Ошол жаш балдарын жалгыз өзү
тарбиялап, өстүргөн советтик жаш эне Нурбубү эки баласын жакшы, таза комсомолец
кылып өстүргөн. Булар өткөн жылы пахта жыйноодо үчөө бирдей бүт колхоздогу эң
мыкты терүүчүлөрдөн болушту. Мыкты патриоттук эмгегин өтөп чыккан. Ал бүгүн ошол
бир үй-бүлө, советтик социалисттик үй-бүлө кырылганы отурат. Биз ошолорду кайгыга
салып, баарын тең кайгылуу, жаралуу, паанасыз калган адамдардын абалындагы
жандарга айландырып отурабыз.
,
Эң чоң оор бир чындык — дал ушундай болбосо да ушуга окшогон казак
аялдарынын эски кордукта тутулуп келген закондордун калдыгы боюнча кысымга,
кайгыга учурап жүргөнү биздин түштүктө аз эмес. Ар жерде, ар абалда бетибиз адам
чыдагыс уяттуу, маскара окуяларды көрүп да, угуп да калып жүрөбүз. Ушул окуяны
обкомдун бюросу өзүнүн ушундай кеңири жыйналышына салып отурганы абдан дурус.
Оболу ушу бир окуянын өзү үчүн бүткүл жооптуу адамдарды тиешелүү түрдө аябастан
айыптоо керек.
Экинчиден, жалпы облус көлөмүндө казак аялдарынын абалы тууралуу облус
жетекчилиги болуп бир нече чоң ири иш-чараларды иштеп чыгуу зарыл. Ошонун
баарынын тең мезгили бышып жеткен да, атүгүл өтүп кеткен да маселелер
болгондуктан, ушул жыйындагы казак аялдарынын жайын жакшыраак билген
жолдоштор буйдалбай, бүткүл жараны толук ачып, облус коомчулугунун алдына,
жыйналыштын алдына салуу керек, анын жолдорун аныктап атап айтуулары зарыл,
деп токтогон эле.
Алмазбектен кийин ушул маселе жөнүндө Карпов атайын чакырткан Асия сүйлөдү.
Аны Карпов жыйынга өзү тааныштырды.
— Быйыл жайында Алма-Атада Жогорку Советтин Президиумунун сессиясы
болмок. Ошондо түштүктөгү биздин облусубуздагы маданият жайы, салтты
маданиятташтыруу жайы айрыкча каралмак. Биздин облисполкомдун председатели
жолдош Султанов докладчы болот. Ошол маселе боюнча Борбордук Комитет менен
Жогорку Советтин Президиуму биздин облуска бир топ жооптуу кызматкерлерди
жиберген. Жолдош Алымова Асия ошол адамдардын бири. Бул киши түштүк
райондордо болуп кайтты. Көп маселелерге канып келди. Жаңы көтөрүлгөн ушул
маселе жөнүндө сөз жолдош Алымовага берилет, — деп тааныштырган эле.
Толукча, узун бойлуу, акчыл-сургулт жүздүү Асия сөзүн кысылбай, кымсынбай
жатык, мүсүркөөсүз сүйлөй баштады. Кичирээк келген туңгуюк көздөрүндө тереңден
жанган акыл тазалыгынын оту бар көз айнекчен чечен аялдын кебете-келбети да көзгө
көрүнүктүү эле. Кырдач мурду, саал кызарткан жагымдуу эриндери бир аз калыңыраак
болсо да сүйкүмдүү. Тегерек келген зэгинин асты богоктуу, бүткүл келбетине жагымдуу
жарашык, салмактуу сыпайылык берет. Анын колунда кичинекей чөнтөк дептери бар
эле. Узун эткээл салааларынын арасындагы жол дептерин кээде көзүнө такай кармап,
адам аттарын эске алат. Асия оболу көп нерселерди Жайлообековдун толук,
адилеттүүлүк менен даана жеткизгенин ыраазылык менен атап өттү. Асыресе райондун
кээ бир жетекчи кызматкерлери жөнүндө өзүнүн ойлогон ойлору калпыс эмес экенин
Жайлообековдун оозунан угуу буга кошумча ишеним берет. Ал эми райондо, колхоздо
болгондогу алган таасирлеринин баары тең атайын барган комиссиянын далилдери,
корутундулары боюнча терс эмес, дал туура болуп чыкканына эми нагыз ишеним таап,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 20
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.