Latin

Өскөн Өркөн - 10

Total number of words is 4125
Total number of unique words is 2152
30.9 of words are in the 2000 most common words
43.1 of words are in the 5000 most common words
49.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жооп күткөн Айсулууга Арман тамашалап жооп айтты.
— Эмнеси бар. Оозун сулуу болсо да менин оозумдай. Ырас мен эркек
болгондуктан оозум сеникинен бир жарым эсе чоңураак. Сенин көзүң да менин
көзүмдөй, мурдуң да менин мурдумдай, — деп эжесин саал шылдыңдап ыза кылгысы
келип тамашага чалып сүйлөдү.
— Окшобойт, бекер айтасың. Сенин мурдуң чоң. Көзүң ичине кирген. Эрдиндин
үстүндө түгү бар. Сен эркек, олдоксонсуң. Сага окшогон кыз болсо күйөө да албас эле,
— деп инисин кытыгылап ал да тамаша кылды.
Нурбүбү балдарынын бул сөздөрүн угуп, басып жүрүп супага кичинекей тегерек
стол коюн, дасторкон жайып нан, боорсок салды. Мейиз менен кант аралаш адеттеги
кышкы-жазгы чайга кошо турган татты даамды төгүп койду. Эки баласына ысык ашты
апкелип коюп, энелик бир калыстыгын айтты. Бир топ убакыт айга карап энесинен жооп
күткөн Айсулуу бир кезде эсине окус түшкөндөй энесине көмөктөшүп супага самоорду
көтөрүп апкелип койгон. Эми чайнекти колуна кармап келип жанагы ордуна дагы да
саал бөгөлө туруп калды. Колундагы чайнеги менен туруп:
— Апа, Армандын сөзү туура эмес. Ал мага, мен ага окшобойбуз. Ошондой эмеспи,
өзүңүз айтыңызчы? — деди.
Нурбүбү койдун этине өрдөктүн этин кошо баскан палоону карап: алгыла, жегиле,
отургула деп балдарына айтты да, өзү үй ичинин улуусу катары табактан эң алды
менен даам татты. Балдары да палоону колдору менен жей баштаган чакта, Айсулууга
эми гана жооп айтты:
— Сен сулуу болсоң да Арман сенден серт эмес. Ал да сулуу. Сен ага, ал сага
окшогон жерлериң көп. Себеби экөөң тең атаңарга окшойсуңар. Менин силердеги
элесим — экөөңдүн тең ак саргыл өңүңөр, кала берсе көзүңөрдүн иреңи да мага окшош.
Ал эми бүткүл кебете, турпатыңардын баары атаңарга окшойсуңар. Ал ошондой сулуу
болучу. Ал Армандай бою бийик боло турган,— деп тамакты жеп отурган калыбында
самоорго каралып калды да, жүзүн балдарынан саал бура берди. Ошол саамда
Айсулуу чукулунан шашылыш түрдө: «Кокуй апа, мобуну карачы», — деп өзүнүн
ушунчалык бир күмүштөй шылдыраган назик үнү менен шаңк этти.
Нурбүбү бирдеме болдубу деп чочуп кетип: «Ал эмне?» — -Деп жалт бурулуп
карады. Айга карай берген жүзү аппак тарткан эле. Көзүндө толуп турган жаштын бир
тамчысы бетин чукул бурганда жарк этип дасторконго түштү. Айсулуу эми күлүп
жиберди.
— Алдадым. Көз жашыңды бизден жашырганыңды билдирейин дедим эле, — деди
да күрсүнүп алды. Кызы менен энеси бири-биринен ошондой назик нерселерди ар
убакта буйтатпай кармап коюша турган. Биринин жүрөгүн бири көрүп тургандай. Бирге
кайнашып үнсүз ымдашуусуз кошулуп куюлушуп кеткен кез боло турган. Нурбүбү да
акырын жашын жутуп күлүп койду. Кызына, көңүлү тетик баласына ичтен ыраазы
болду. Арман булардын арасындагы абалды сөзсүз, үнсүз туюнуучу, Ал өзүнчө, бирок
салмактуу үн менен сүйлөдү:
— Биз папама окшосок ал ага орнотулган эстелик, — деди. Анысы энесине да,
Айсулууга да айткан узак убакытка жубаныч болорлук эстүү баланын чыгарган тыянагы
болучу.
Нурбүбү бүгүнкү кечти үн ичинин ойго берилип кетишине жол бермек эмес. Себеби
бүгүн булардын үчөөнүн тең көңүл маанайлары таң эртеңден бери жакшы, сергектенген
кырдаалда боло турган. Оокатты балдары менен бирге ысыгында жакшылап жеп
отуруп, Нурбүбү ошондой маанайга көчтү.
— Балдар, колхоз пахта терүүнү бүтүрүп, кандай сонун болду, — дегенде Айсулуу
күлүп:
— Капыр-ай, баарынан да ошону айтсаңызчы. Колхоз планын орундады, пахта
терилип бүттү. Эл менен бирге мынакей кечээтен бери үчөөбүз тең жумушту токтоттук.
Эми апам үйдө. Арман мектепте. Мен... А мен, — Дегенде Арман күлдү да, тамашалап:
— Мен такыр жумушсуз, узак тынчтыкта... ошондойбу? — деди.
— Жок, мен эми күнү-түнү дебей, бир нече ай бою январдагы экзаменге
даярданамын. Окуймун да, даярданамын. Дагы ошол Алма-Атага барып, сырттан
окуган бөлүмгө, биология факультетине экзамен тапшырып, кууга өтүп келемин, — деп
өзүнүн нак оюн айтты. Үй ичи аны жок деген жок. Бул үчөө ичтеринен анык биле турган,
дагы бир жакшы иш бар. Пахта терүүдө үчөө тең көп эмгек күн табышкан. Ошону
көңүлүнө ток пейил санаган Арман Айсулууга ишенимдүү инилик пикирин айтты:
— Быйыл сен Алма-Атага барганда акчам болбойт, киймим, тамагым,
кыйынчылыгым болбойт дебейсиң. Мен өзүм эле өз тапканым менен сени бага аламын.
Алма-Атада жакшы кийим сатып алууга бардык пулду өзүм берип кийиндиремин, —
деди.
Айсулуу ага кубанып күлүңдөп карады да:
— Жок, ал байлыгыңды өзүңө жумша. Мен быйыл өз тапканым менен да ошол
айткандарыңды ала аламын, — деди. Нурбүбү экөөнүн сөзүн бузуп:
— Тапканыңарды эсептешпей эле койгула. Алма-Атага Айсулуу барса атасындай
агасы Жакең өзү да эмне кыларды билет. Иши кылып окуй турган гана болчу. Жакең
экөөбүз калганын өзүбүз байкаштырабыз. Экөөң тең эми ошол окууну гана ойлосоңор
экен, балдарым! — деди.
Жайдын күнкү-жана күзгү узак эмгек булардын оокат ичүүсүнө, жана бир ушундай
көрүнүштүн убагын келтире турган. Жайчылыкта Нурбүбүнүн жаш чагында, күйөөсү
барда, алар ысык тамакты шаар адамдарынча түштө ичишчү эле. Колхоздогу күн бойку
эмгек сааттары түштөгү дем алууну аш бышыруунун убарасына салып, тыным
алдырбай турган болгон соң балдары Нурбүбүгө «кечки тамакты бирге ичелик» дешкен
эле. Кийинки үч жыл бою ошентип булар күндүзгү эмгек күнү аяктаган соң жалгыз
Нурбүбү эмес, үчөө тең биригип кечки тамагын тез камдаша турган да, күүгүмдө ошол
супада отуруп, бүгүнкүдөй палоосун, же жапырак, кээде куурдак сыяктуу даамдуу
аштарын ичише турган.
Бүгүн тамактан кийин Арман үйгө барып жыттуу тордомо коонду апкелди да соё
баштады. Эртең эрте турабыз дегидей ашыгыш эмгек күнү жок. Ошондуктан ашыкпай
отуруп үчөө аңгемелешет, улам күлүп да алышат. Палоону узак жешкендей, тордомо
коон татты, жумшак, кош жыттуу калыбында буларды кубандырды. Чайды ошондон
кийин ашыкпай отуруп ичүү үчүн балдарынын аңгемесине өзү да кошулуп отурган
Нурбүбү бүгүн адети боюнча: «Жаталык, эрте жаталык, жатып уктагыла. Тыныгып
алгыла!» — деген камкордук сөздөрүн айткан жок. Кайта самоорду кемегенин жанына
апарып кайтадан көмүр, жарака салып демдеп койду.
Коонду эрине жегендей оймоктой оозуна жай салып созулуп жеп отурган Айсулуу
жумуш бүткөн кезди кайта-кайта эсине алып кубанып калат.
— Армандын мугалимдери бүгүн кандай кубанышып жүрөт! — деди.
— Биздин алтынчы класстан баштап бардык балдар четинен чуулдап жайлай
тапкандарын айтышат. Окууга кайткандарына ойноктоп кубанышат. Бирок бардык
балдар, асыресе кыздар капкара болуп беттери, колу-буттары каргадай болуп кеткен.
Кээ бирөөлөрүн тааныбай да каласың, — деп бир аз курбуларын эске алып шаңкылдап
күлдү Арман,
Нурбүбү да өзүндөй энелердин, жаш балдары бар келин-кесектин кечээтен берки
күлкүсү оңолгонун, кийимдери жаңырганын, атүгүл саамай чачтары жылтырата
таралып, кулактарына сырга, колдоруна шакек, билерик салынгандарын айтып кирди.
Ошентип жатып: «Ал эми эркектер болсо, биздин бригадир Баймат менен тракторчу
Жунус да бар, ичип жүрүшөт. Кечээ кооператив алдында сендиректеп тургандарын
көрдүм эле. Бүгүн тигил колхоздун уй фермасынын жанында дагы үчөө төртөө кошулуп
мас жүрүшөт».
— Анда эмне кылып жүрүштү экен? — деп Арман сурап калды.
— Бир-экөөнүн аялы саанчы эмеспи. Акча сурап барып жүрөбү дедим. Жумуш
бүткөнү жакшы. Эл жетишип, колхоз айтканын аткарып, айланадагы чоң-кичине дебей
көңүлдөрү көтөрүңкү. Бирок, кудай урсун, бир гана ушу ичкендери жаман.
Ооздорундагы сөздөр ушунчалык жаман. Көрөсүң да, жийиркенесиң, — деп кабагын
чытып балдарын ошол көрүнүш, ошол мүнөздөрдөн чочутуп сүйлөйт эне. Арман
колхоздун клубунда болуптур.
— Анда бүгүн көп жигиттер: тракторчу, пахта жыйгыч машиненин мастерлери,
обончу-күүчү кыздар, жигиттер жыйналыптыр. Баары тең май майрамындай өтө
аземдүү кийинишип алышкан. Кыздардын жанынан өтө берсең болду, ар түрдүү жыттуу
бет майлардын, атырдын жыты аңкыйт. Бирөөлөрү обон салат. Кадийча деген пахта
тергич байге алган кыз бар эмеспи үчүнчү бригадада. Ошол чачтарын кырк беш тарам
кылып өрүп таштаптыр да, өзбекче ашула айтып, бийлерди безилдетип жүрөт, — деди.
Мунун сөзүнө бир жагынан кубанып, мыскылдап күлүп кулак салып отурган Айсулуу
эми күлүп жиберди. Айсулуунун катуу күлүшү сейрек болор эле. Демейки өзгөчө
көркөм, сулуу үнү ичкерип, обондой созулуп, саал шыңгырап күлчү. Азыр ошондой
чалкайып, бир эңкейип тизесин кучактап күлүп алды да:
— Апа, карачы, биздин Арман жыттуу бетмайларды билип алганын. Бийчи кыздын
чачы канча тал болуп өрүлгөнүнө чейин санап алганын. Жигит, анык колукту керек
жигит болгон турбайбы! — дегенде Арман жанагы өзү айткан кептеринен уялып:
«Болду, болду. Жетти-ей, Айсулуу!» — деп кыйкыра түшүп, оонап, сыртка карай бурула
берип, башын чайкап жатты. Буулугуп күлүп жаткан калыбын анын силкине дирилдеген
ийиндери менен желкеси байкатты.
Нурбүбү баласын уялткысы келбей саал сөздү өзгөрттү да:
— Пахта тергич Кадийча кыз, деп жалгыз аны кастарламак го. Пахтаны Айсулуу да
андан кем терген жок. 560 эмгек күндү сен экөөбүз таппадыкпы, башкалар да,
мактагандары да алдыга озуп кеткен жок, — дегенде Айсулуу да буга көңүл бөлдү.
— Жалгыз мен эмес, экөөң бирдей алдыга чыкпадыңарбы! Үчөөбүз кошулуп 1500
эмгек күн таап, байып отурбайбызбы. Мени бөлбөй эле коюңуз, — деп өзүнүн колунан
келген иштерин орточо иштей санаган калыбына келди.
Айсулуунун тегинде мактануу такыр жоктой эле. Анда ар бир өзү иштеген жакшы
ишке: «Ошондой болуу керек, ошондой болуп чыкты. Мен керектүү гана иш кылдым,
аткардым. Менин ордумда ким да болсо ошондой кылууга тийиш», — деген таза, бой
көтөрбөгөн, артыгы, залакасы жок жакшы жүрөк, жагымдуу мүнөз, жарашыктуу жактары
боло турган. Ушундай азил күлкү аралаш, үй ичиндеги ынтымактуулук жайларын
билгизген аңгемелердин арасында бул үчөө бүгүн да ушул супада жатып уктоону туура
көрүшкөн. Жай бою түнкү салкынды жакшы көргөндүктөн жана супада үйдөй эмес, уйку
тез кана тургандыктан сыртта укташчу.
Эртең менен эрте ойгонууга да бул жер жакшы. Күн көтөрүлүп жылуу шоола төгөт
да, тез ойготот. Азыр күн да анча эрте чыкпайт. Мынабу кири жок көк асманда бүткүл
шооласын толук төгүп турган толукшуган ай түштүктүн жылуу түнүндө сыйкырдай өзүнө
тартып, үйгө, көлөкөгө, караңгы жактарга жиберер эмес.
Айсулуу энесине сүйлөп отуруп ара чолодо Арманга саал гана ээгин көтөрүп:
«Супада, супада гана жатабыз. Арман, тур, бар, — деп койгон эле.
Арман энеси менен Айсулуунун кимиси болсо да ушундай жатар кезде өзүнө жүктөй
турган милдетти билет. Ал туруп үй жакта буйдалып жүрүп бир кезде ийнине, төбөсүнө
чоң нар төөгө жүктөй турган көтөрүнчөктөй кылып калың, аземдүү төшөктөрдү, чоң-чоң
ак жаздыктарды бир көтөрүп апкеле жатты. Бул үйдүн жалпы пахталуу түштүктүк
үйлөрдөй көптөн көбү төшөктөр болучу. Азыр алажибек төшөк, алдына сала турган
калың кыжымы төшөк, салкын түндө үшүбөй ороно жатчу калың жибек төшөктөр,
калгандары да жибектей көркөм түрдөнгөн, мыкты буюмдар эле. Үчөөнө арналган
төшөктү, кичине тегерек столду супанын жанына жыйып коюп, бир заматта жакшынакай
кылып Айсулуу салып койду. Ортого көптөн берки адет боюнча Нурбүбү эне жатат.
Анын башына жаздалган эки жаздыктын астында Айсулуу ага арнап салып берчү курак
төшөк да бар. Өзү менен Армандын төшөктөрүн тигил төшөктөн саал жукараак,
чарчыраак кылып бир гана ак жаздык коюп койгон. Үй ичи өздөрүнүн тынч, жылуу, таза
уядай үйлөрүндө жарык, айлуу түндө түштүктүн үңүлө карап төбөдөн чакырайган чоң,
аппак жарык ак шоолалуу ай астында уйкуга кетишти. Кандайдыр бир ак каз эне каздын
ак балапандарын эки жагына алып, канат сүйөсө тынч жакада үнсүз тыным
алганындай, адал эмгек жандары момун жүрөктөрү менен татты түн тынчтыгына,
уйкусуна өз бойлорун берген эле.
Канча уктаганы белгисиз, Айсулуу бир убакта түшүндө өзүнө карай умтулуп калган
күрөң аюуну көрдү. Чочулап үн катайын десе дабыш жок. Деми үзүлгөндөй үнү чыкпайт.
Ошенткенче алиги аюу катуу капшырып, ысык денесин тоңдуруп, муздатып, аркасынан
аймалап, бутунан капшыра кармап, заматта көтөрүп ыргытып ийчүдөй көтөрүп алып
кетип баратты. Ошол кезде ойгонуп кетти эле, бетине тармалданган узун кара чачы
тикендей сайгылап бирөө көтөрүп баратканын сезди. Куду эле жанагы түшүндө көргөн
аюунун бетинин жүнүндөй болуп, тикендей тийип кетип баратты. Айсулуунун жанын
үркүтө чыйрыктырды. Жакындан сезилген ысык демде жийиркеничтүү арактын жыты
бар эле.
Ойгонгон кезде эң алгачкы сезим чочулоо сезими болсо, дароо ошол замат ачуу,
жийиркенүү, кутулмак болуп сактануу, коргонуу, жардам суроо жана кекенүү, ыза менен
өзү күтпөгөн ачуу келди. Ушу сыяктуу далай сезим куюну учкул, чапчаң, кыска гана бир
заматтын ичинде Уюлгуп сокту да, чыңыра кыйкырып:
— Апа, Арман, Арман, куткар! — деген чочулаган үнүн өзү да кара түндү как жарып,
күтүлбөгөн кыйкырыктай оболоп, көркөм ыргакта чыкты. Ошол кезде өзү эки колу менен
катаал жоосун эки бетине шапалактап берип-берип калды. Чачын жулуп, көзүнө,
бетине да кыйкырык үстүнө койгулай берди. Булкунуу, темирдей кучактап кутулуп кетүү
аракети да ошончо кызуу булкулдаган алп күчтү душмандын темир курчоосунан ыргып
чыгып кетчүдөй аракет жасады. Буттарын сермеп, булкунуп, бет талаштыра муштуму
менен ургулап, күч менен кутулгусу келет. Бул алып кетип бара жаткан Сагыт экени
Айсулууга ойгоно бергенде гана айкын болду. Ал тек бир гана сөздү шыбырап,
тиштенип, кырылдап, улам-улам айта берди.
— Мен сүйөм, мен сүйөм. Сени сүйөм! — дегенден башка, тиштенип, алкынып
кырылдагандан бөлөк үнү да, сөзү да жок.
Айсулуу кыйкырыгын токтотпой кайталап: «Арман, апа, куткар, куткар! Зөөкүр,
шүмшүк! — деген чолок сөздөр менен, катаал өкүм менен чырылдап атты.
Нурбүбү менен Арман Айсулуунун алгачкы узап кетип бараткан чырылдаган үнүнөн
эле ойгонуп кетишкен. Нурбүбү: «Айсулуу, Арман, Арман!» — деп үстүндөгү жуурканын
ыргытпай чубалтып, жылаңаяк абалда супадан кулап түшүп жүгүрүп жөнөдү. Арман да
жуурканын силкип салып атып жөнөдү. Ал энесинен заматта шуу этип озуп кетти. Тез
гана Сагытты кууп жетти. Дарбазадан жаңы гана аттап чыга берген Сагытты
уйпаланган чачынан уучтай кармап, катуу жулкуп кийин карай серпип тартты. Бирок
моюну өгүздүкүндөй жоон Сагыт аны сүйрөп, Айсулууну жибербей кучактаган бойдон
ачык дарбазадан көчөгө чыга берди. Үйдүн дал дарбазасынын тушунда дүмүрөйүп үч
тонналык жүк ташыгыч машине турган экен. Сыртка чыга бере Арман эми Сагыттын
чачын күчүнүн бардыгынча катуу тартып, баш терисин сыдыргандай ачуу менен жулкуп
калганда, эриксиз оорсунган Сагыттын колдору бошой берип, жулкунган Айсулуу
бошонуп жерге түштү.
Арман Сагытты чачынан алып башын чалкалатып кайра берди да оң колу менен
көздөн, тумшуктан ары бүткүл күчү менен кулачтап берип-берип калды. Ары кыздан
айрылып, ары ошондой таяк жеген Сагыт эми аюудай, жараланган аюудай долу,
караңгы ачууга берилип кетти. Мурдунан дирилдеп кан ага баштады.
Айсулуу кийиндеп чегинип, өзүнө карай кучагын жая жүгүрүп келе жаткан
Нурбүбүнүн көөдөнүнө аркасы менен сүйөнө берди. Нурбүбү аны сыртынан кош колу
менен кучактап алып, катуу чаңырып кыйкырык салды.
— Арман! Жибербе итти! Кайда, коңшулар кайда?! Келгиле! — деп чарылдап,
бейкут түндү жаңыртып, жардам тилеген айкырыгын күч алдырды. Дал ушул кезде
Арманга карай чукул бурулган Сагыт жигитти ээктен ары кош колдоп коюп жиберип,
башын, чачын анын колунан заматта бошотуп алды. Ошентип турун, мурдунан кан агып
жүргөн абалында өзүнө кулачты кош колдоп сермеп, катуу койгулап турган Арманды
бекем түйүп, пайзадай октоп алган эки муштуму менен дал өпкөгө, талуу жерине коюпкоюп жибергенде Армандын деми кысылып, өпкөсү жанчылып, деми бүтүп, эки колу да
шылк этип эстен танып кетти. Өңү бозоруп каны качып, машине, үй, баары тең чыр
көпөлөк айланып, асманга чыгып, асман төңкөрүлүп жерге түшүп эки көзү жумула
берди. Анын ошол абалын байкаган Сагыт эми Армандын денесин эки муштуму менен
катар шилтеп, эңкейип, күч ала секирип келип нагыз талуу жүрөк тушка коюп-коюп
жиберди. Ансыз да талып, алы кеткен Арман эми эси ооп барып шылк кулап кетти.
Нурбүбү Арманды байкай салып:
— Арман, жаным! — деп умтулуп келип Сагытты сыртынан кучактап тарта берди
эле Сагыт сыртына карай оң колунун чыканагы менен алсыз аялды жүрөк тушуна коюп
жибергенде Нурбүбү да тигиндей барын жыгылып, чалкасынан кулап кетти.
Айсулуу жаны калбай: «Апатай, апатай! — деп чыңырып барып энесинин үстүнө
көмкөрөсүнөн кулап түштү. Дал ушу кирпик ирмемдей убакыт ичинде мурдунан али кан
түтөктөгөн таноосу кыпчылып, жаактарын тиштенген, алкынган Сагыт аткып келип
шофёрдун жанына кабинага отура берип:
— Ары кийин! — дей берди. Өзү колу менен машиненин баранкасын шофёрдун колу
менен кошо бурай берди. Кийин чегинип барып жолго чыккан машине өзүнүн эмне
шумдук, кандай иш кылып кеткенин байкабагандай көчөнүн четине чыгып алды да,
салган жерден чаңдатып жөнөдү. Кийин чегинген машиненин алдыңкы дөңгөлөгү
жанагы кармашга машине астына кулап калган Армандын узун денесин дал ортосунан
басып кетти.
Энесинин жанынан эми жалындай балт берип, Арманга карай умтулган Айсулуу
жалгыз гана чыңырган, Шумдук үн катты. Демейде оозуна түшпөс шумдук заардуу тили,
сөзү чыкты.
— Өлдү! Арман өлдү! — дей берди да жансыз, кыймылсыз серейип жаткан
Армандын көөдөнүнө кулап түшүп, башынан кучактап купкуу болгон бетинен, мурдунан,
ээгинен: «Арманым, боорум, жаным!» — деп зар какшаган сөздөр менен инисинин
бетинен, жүзүнөн аймалай берди.
Айсулуунун «өлдү» деген жалгыз сөзү Нурбүбүнү камчы менен тартып жиберип
тургузгандай болду. Эне жаны талмоорсуп жаткан жеринен дароо электр тогу,
чагылгандын огу тийип өткөндөй обдулуп барып Армандын үстүнө ал да кулады.
Ошондон кийин канча убакыт өткөнүн Айсулуу да, Нурбүбү да билбейт. Айтор, бир
кезде кыбырсыз жаткан Армандын ай астындагы ак жүзүнөн саал гана кирпиги
кыбырады. Зорго дегенде сүзүлө барып кысылган абалда көздөрү алайып ачыла
берди. Ушу кезде коңшулар жүгүрүп келген. Аялдар, балдар келишиптир. Баарынын
оозунда: «Өлтүрүп кеткен. Машине менен бастырып кеткен», — деген чочуган, наалат
айткан каргыштуу үндөр, жат сөздөр Айсулуунун кулагына кимдер келип, эмне деп
жатканы алда кандай үзүлө-үзүлө келип жаткандай жарымы угумдуу, жарымы угумсуз
тилдер сыяктуу. Тек эсинин кирген чагы булардын жакын агасы Таңат карыянын
машине менен дарыгер алып келгени эле. Үстүндө ак кийими бар аял, бир эркек
Арманды ңосилкага салып машинеге жаткызып, ооруканага Таңат менен Нурбүбүнү
кошуп алып жүрүп кетти.
Айсулуу түн бою буулугуп, жүз жолу ооналактап ыйлай берди. Үнү кардыккан.
Өпкөсү көпкөн. Бирде эсинен танып кетет. Дүнүйө жогору, төмөн карай чыр көпөлөк
айланып, чимирилип асты-үстүнө келип кулап, кыйрап түшүп жоголуп кетет. Ал өзү
бирге кетет. Канча мезгил мунарыкка, караңгы туңгуюкка жан-жүрөгү, ой-санаасы, жаш
денеси чөмүлүп батып кеткенин өзү да билбейт. Бир саамда башында коңшу кемпир,
Таңаттын аялы, бул үйдүн бардыгы «эне» деп жүрчү кемпир Данакер жүзүнө муздак суу
себет да, талып жаткан абалынан кайра жан чакырткан сыяктанат. Эсин жыя берип,
Айсулуу:
«Арман! Арман!» — деп зарланып дагы да ычкынып ыйлап, эзилип ысык
жаштарын төгүп-төгүп жиберет.
Эртесинде, түш ченде энеси менен Айсулуу жана Таңат чал үчөөнүн ортосунда
суналган узун денелүү, аппак чөлмөктөй каны кетип, ак сур тарткан көкчүл тамга эми
жүзүнө чыккан Арман, соңку ирет саал бир дем тарткандай болду да, үзүлүп кетти.
Заңгыраган бийик залдагы чоң жыйналыш жаңы аяктаган эле. Республиканын
борборундагы кооз салынган өкмөт үйүнүн эң соңку архитектуралык үлгү менен мурунку
падышалар, королдор атактуу сарайларынын кээ бир жакшы үлгүлөрүн жаңыча
келиштирип кыйыштырган салтанат өнөрү, ушу залдын бүгүнкү калыбынан анык
баамдалат. Өзгөчө бир айырмачылыгы бул залдын жарыгы эки катар жогорку-төмөнкү
ар үлгүдөгү терезелеринен көрүнүп турчу.
Арты бийик, төрү жапыс, кийинки катарлары кеңирээк жайылып ар түркүн
жайгашкан, төрүнө карай куушурула түшкөн. Сегиз жүздөй адам отурарлык
мамлекеттик чоң жыйындар өтө турган атайын залы кирип-чыккандардын баарына тең
өзгөчө бир алкыш менен урмат сездирет. Зал ичинин кең жолдору, ылайыктуу
катарлары тегиз кызгылт көрктүү көчөттөр менен оюуланган килемдер узатасынан
салынган. Бийик керегелердеги, зал төбөсүндөгү люстралар электр жанган чакта гана
эмес, азыркы күндүзгү кездеги залга түшүп турган ачык күн шооласынан жалтырап,
жаркырайт.
Кээде тунжурап түшкөн тунук суунун мөлдүгүндөй. Назик мөлтүрөгөн чоң хрусталь
муздары көз жоосун бурат.
Президиумдун столунда отурган адамдар жыйналыш бүтүшү менен тегиз турушуп,
кээ бирөөлөрү өз ара сүйлөшүп сыртка чыгып баратышты. Түштүктөн келген өкүлдөр
отурган эки катардын алдыңкысында Карпов менен бирге отурган Алым,
облисполкомдун председатели, өңү жукараак келген Акан Султанов менен күбүрөшүп
сүйлөшүп баратты.
— Аба ырайы биздин да шайыбызды оодарбаса экен деп катуу кооптонуп турамын,
— деди Алым.
— Асыресе Узак менен Ноян району кооптондурбай койбойт. Жамбылды уктуң го,
Моюнкумдун өзүндө мал өлүмү бар экенин уктук. Биздин абалыбыздын кандай
айырмасы бар, — деп калды Акан.
— Айырмасы жок. Кум ошол кум, кыш ошол кыш. Жанагы сөзүңө караганда
февраль гана эмес, март аяз апкеле турганы көрүнүп турат.
— Эмесе мал чарбачылыгы өз карамагында, ошол мал ортосунда эң кооптуу деген
кыйын абалга түшө турган эки райондо тең өзүңүз болбой иш оңолбойт.
— Билип турамын, Ошону мен да ойлоп жатам. Мынабу залдан эми алыскы район
Моюнкумга барып бир токтолушубуз ыктымал.
— Азыр Карпов менен акылдашып алалык. Сен тигил Узак менен Нояндын
жетекчилерин жаныңа алып, ушу бүгүн учпасаң болбойт. Жыйналыш бүттү. Башкабыз
бирди-жарым күн буйдалсак да сага эми токтоо болбошу керек.
Жаңы гана бүткөн жыйналыштан уккан көп иштердин ичинде ушу күндөрдө
Казакстандын бир нече облусунда мал жуту күчөп бара жатканын бул эки жооптуу
кызматкер да өз аркаларына кыш аязы баткандай катуу кыйналууну баштан өткөрүп
чыккан эле.
Түштүк багыты башкага караганда али мал өлтүргөн жок. Бирок азыр февралдын
аягы. Ал эми кары калың, кышы катуу март турганда үмүт менен күдүктүн оошуп
турганын эске албаска болбойт. Бүгүнкү амандык эртеңки үч күнкү бороон ичинде
жамандык болуп, жуттун башы болуп, кыштын күнкү суук талаанын ышкырган
бороонунун карышкырдын оозундай кандуу ооз тумшугу эл чарбасынын. өтүнө кан
төгүп кетиши опоңой. Албетте, мал короодо. Короо жем менен чөптүн ортосунда
жайбаракат абалда болсо да бир жөн. Жанагы аталган эки райондо миңдеген эмес, он
миң да эмес, жүз миңдер менен санала турган мал башы ээн жерге кенен жайылып,
көпчүлүгү кумга барып, ачык асман астында короо-сарайы жок жагдайда кыш айларын
баштан өткөрүшөт.
Эми ошол мал камы жөнүндө жаңы гана болуп өткөн жыйналыштагы отурган
адамдардын көбү кейип, кабактары түйүлүп чыкты. Ар жердин адамдары бүт
райондорунун башчылары менен ушул залда жайлуу, жылуу, заңгыраган маданияттуу
залда өз жергесинин бороонун, ышкырган аязын, калың карын, күтүрөгөн малынын
кооптуулугун түгөл көз алдыларынан өткөргөндөй ар кимиси жанагы Алым менен
Акандай оор, түйшүктүү ойлорун жүктөнүп, күрсүнүп-күбүрөп чыгышты.
Алым түштүк өкүлдөрүнүн алдыңкы катардагы тобунун ортосунда эле. Арткы экинчи
катардын терезе жак четине отурган Ноян райкомунун секретары Мурат Касымовдун
Ноян районунун малы жөнүндө ойлой "отуруп жыйналыш бүтөлектен мурун да артына
бурулуп, кайда отурганын билип алган. Кичинекей блокноттон бир барак кагаз айрып
эки ооз сөз жазып, Касымовго берип жиберди. Азыр Акандан арткараак буйдалып
калган Алымга экинчи катардагы чыгып келе жаткан өкүлдөрдүн артындагы Касымов
Мурат келип жанашты.
Адым бир гана сөз сурап:.
— Бүгүн кабар алдыңбы? — деди.
— Алдым. Күн саал жылыган экен. Кумда кар эрий баштаптыр. Бирок кумдан аркы
жолдун баары али карлуу дейт.
— Көчкүлө дедим.
— Эмне дейсиң кокуй?
— Жолдо кар жатат. Жанагы прогнозду болсо уктуң. Каратоого жетүүнүн өзү эмне.
Андан ашып өтүү тозок. Жолдо малың кырылат, анда кантесиң?
— Ал эми туутту кантебиз. Марттын ортосунан кой тууй баштайт. Кумда кой түгүл
козуга сарай жок. Райондун жерине тездетип өткөрүп албасак кумда паанасыз суукта
козулар туулбай жатып кырылбайбы.
— Сен жылдагы адетти айтасың го. Быйылкы жыл — жыл эмес, быйылкы кыш кыш
эмес, кырсык болуп турбайбы!
— Кумдагы малдын айласын кандай кылмакчыбыз?
— Козуларды аман сактоо үчүн ошол жерге үйлөр тигебиз. Палаткалар тигебиз.
Күчтүн баарын ошого салабыз. Койду ошол жерде төлдөтөбүз, деген ойго келип
отурамын. Сенин буйрук берип койгонуң жаман болду, Мурат. Мынча эмне ашыктың?
Жүрчү, азыр Карпов менен, Акан менен акылдашалык, — деди да Муратты ээрчитип
залдан чыкты да, Өкмөт үйүнүн алдыңкы фойесинен али чыгып кете элек Карпов менен
Аканды кууп жетти. Алым Карповго Ноян районунун малынын жайын, Касымовдун
буйругун айтканда Карпов Узак районунун секретары Эсдавлетовду да жанына
чакырып алды.
— Кана, сиздин районуңуздун бүгүнкү абалы кандай, билдиңизби? Мал кандай?
Коңшу Жамбыл облусунун Моюнкумдагы малы жутка учурабаганып уктуңуз го. Биздин
кооптуу деген райондор — Ноян менен Узак району. Жолдош Касымов тууттан мурун өз
районума жетип аламын деп, жолдо кар жатса да малды көчүрүүгө буйрук берип
коюптур. Булар кыйналса, мээнет көрүп жолдо, сиздин райондун жеринде кетип бара
жатып ошол кыйындыкка учурайт. Сизге эки суроо: эң оболу өз малыңыз, өз жеми
менен, райондун тоюту менен кыштан аман чыга алабы? Экинчиден, Ноян районунун
малы сиздин «Кумкент» совхозунун үстү менен өтөт. Өз жерине жеткенче, сиздин
жериңизден өткөнчө азык, адам, машине жагынан жардам бере аласыздарбы? Керек
болсо боз үйлөрдөн бере аласыздарбы? Районуңуздан палаткалар таба аласызбы?! —
деген суроолорду катаал, чыйрак үн менен жаадырып кирди. Бул учурда Карповдун
салкын жүзү, алайып ачылган көк көздөрү Эсдавлетовго чыныңды айт дегендей кадала
караган эле.
Мунун алдында да соңку үч күндөгү жыйналыш үстүндө кооптуу деген эки райондун
малынын жайын Карпов менен Акан экөө үстөмөндөтүп суроо берип, аларга акылкеңешин берүү менен такташкан эле. Жанагы кепти Эсдавлетовдон такмазалап сурап
турган Карпов Узак районунан, бир чети үмүт этсе, экинчи жагынан кооптонуп,
күдүктөнбөй да коё албайт эле. Ага дал ушу Эсдавлетов калпыс кабар айткан киши
сыяктанды. Себеби жакында гана Эсдавлетов Карповго: «Биздин район жөнүндө
кабатыр болбоңуз. Жем жеткиликтүү, мал эттүү. Кумда кар жок. Бардык совхоздор кум
ичинде малын арыктатпай, семиз кармап, бүгүнкү күнгө жетип отурат» — деген эле.
Ал: «Кечээ гана кумда кар калыңдап калыптыр» — деген кабар угулары менен
алдын ала өз башын арачалагандай, «Мындай болот деген ойдо жок. Февралдын
аягында кумда кар калыңдаса ага эмне чара. Мал бир четтеги кумда, жем алыста,
ыраакта — арасы узак болуп кыйналбасак, кысталбасак деп коркомун!» — деген.
Эсдавлетовдун мындан үч күн мурунку сөзүнөн ошондогу ишенимдүү үн менен
кечээ айткан өз башын коргоо, алакчылоо сыяктуу сөзү Карповго айырмалуу
ишенимсиз болуп көрүндү. Карповдун жанагы такмазалап, үстөмөндөтүп берген
суроолоруна Эсдавлетов ыкчам жооп айтты.
— Палатка бизде жок. Райондо ал кайдан болсун. Чындыкты айтпай, тил эмизүүгө
менин чыдамым жетпейт, абийрим чыдабайт, — деп улап сүйлөй берди.
Карпов фактылуу кыска жоопту каалап турган эле.
— Макул, жарайт. Палатка сенде жок болсун. Ошондо жанагы Ноян районуна жем,
чөп, боз үй, бир нече машине зарыл керек болуп калса, облустан жардам барганча,
кандай көмөк бере аласыз?
Эсдавлетов санап туруп:
— Жем жагынан жардам бере алабыз. Боз үйлөрдөн бере алабыз. Жолду карата
бир нече бош короолордо малдары түнөп өткүдөй кылып камдай алабыз. Машине көп
эмес, бирок чамалап ага да ишенүүгө болот, — деди.
Карпов эми Алымга бурулду да:
— Эсдавлетовдун убадасын эсиңе тут. Ал эң алгачкы керегине жардамы өңдүү
болсун. Ал эми калган керектүүнүн баарын артыңан облустан тезинен жөнөтүп турууга
биз, Султанов экөөбүз милдеткор болобуз. Силер азыр Касымов, Эсдавлетов үчөөңөр
ушундан чыгып түз жөнөгүлө. Баскентке кайрылсаңар да, буйдалбастан тезинен
Кентоодон барып бир түшкүдөй болгула. Чабандарга жеткиле. Сөз ошол!
Аттары аталган үчөө Карпов, Султанов экөө менен чыйрак, чукул коштошту да
жөнөп кетишти. Карпов эми Султановго кийинки күндөрдөгү дал ушу үч жигиттин кеткен
жайы жөнүндөгү өз оюнун ылайыксыз көрүнгөн жагдайын айта баштады.
Экөө эми Борбордук партия Комитетинин секретарларына карай баратып бир нече
бурулушу бар коридордо жай басып акырын добуш менен жооптошуп келатты.
Карповдун баштаганы малдын жайы.
— Бул малдын азыркы абалынан менин кийинки күндөрдө баамдаганым өтө
көңүлсүз, өтө оор. Канча миңдеген малды чыкылдаган кыштын аязына, бороонуна
берип коюппуз. Республика боюнча али да бере турганыбыз менин баамымча сансыз
көп мал болгону турат. Тигил Жамбыл, Алма-Ата, дагы бир нече облус — баары
кооптуулуктун үстүндө. Бул эмне деген сөз? Эмне деген чарасыздык?!
Султанов башын төмөн салып, жука эриндерин кымтылап, кабагын түйдү да
Карповдун жүзүнө саал аңырая карап:
— Сиз быйыл гана эмес, мындан мурунку жылдардагы ушундай кыштарда
Казакстан дайыма малды көп өлтүрө турганын ойлобойсузбу?
— Ойлоймун! Мен Госпланда, Совминде кечээги күндөрдө Борбордук Комитеттин
эки секретарында ушу жөнүндө сүйлөшүп, көп нерсе билдим. Билген сайын зыгырың
кайнай түшөт. Ыраазы кылбаган нерсе — чарасыздык. Чоң чарасыздык. Минткенде,
мындай болгондо мурунку экстенсив түрдө көчүп жүрүп мал баккан ушу талаанын
патриархалдык чарбасынан канча узак кеткен болобуз?! Кыш жылуу болсо, жыл
жумшак болсо мал бар, мал өсөт. Кыш башынан бери карай мен далай статистикалык
эсептерди окуп чыктым. Мындан жыйырма жыл, отуз жыл, ал түгүл элүү-алтымыш жыл
мурунку кээ бир уезддердин, облустардын эсеп-санактарын да көздөн өткөрдүм. Кар
калың, кыш суук болсо жут болот. Ошол жут болгон, бүгүн да болгону турат. Эртең да,
келерки андан аркы жылдарда да боло берет деген сөзбү?
— Бул да Султановдун далай башын ооруткан.
— Чарасыздыктын арасында бирде аман, бирде жаман болуп келе жаткан мал
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 11
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.