Latin

Өскөн Өркөн - 08

Total number of words is 4180
Total number of unique words is 2131
30.7 of words are in the 2000 most common words
45.3 of words are in the 5000 most common words
51.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
өткөргөн совет армиясынын офицерлери. Булар менен азыркы эки райондун абалы
жөнүндө штаб сыяктуу мыкты кеңеш курууга болот. Нускоолорду ачык, катаал, ачуу
чындыгы менен байланыштыра айтып кетүү керек.
Карпов ар бир адамды, асыресе жоопкерчилигиндеги өзүнө катнашы, тиешеси бар
адамды анын өткөндөгү өмүр-турмушу менен, иши менен, мурунку эмгек тажрыйбасы
менен катар билүүгө тырыша турган адетке таянган. Ошол адети боюнча ал азыр
Алым, Алмазбек экөөнүн тең Ата Мекендик согушта канча жыл, кайда, ким болуп
иштегенин жакшы билчү. Касымов, Жарасовдун да майданда болгонун дааналап, узак
аңгемелешип өз ооздорунан уккан болучу.
Бүгүн Абдыдан окуунун гана жайы эмес, аскерде, согушта болуп өткөн кийинки бирэки жылдагы өмүр тажрыйбасын сурап билген. Есдаулетов да майданга аз убакытка
барып аралашкан кызматкердин бири экен. А бирок мынабу отурган өзүнөн жашы кичүү
адамдардын тобунан башкараак. Ал согушка барардан мурун да жооптуу кызматкер
болгон. Райондо иштеп жүрүп, согуш кезинде партиялык чоң жазага да учураган.
Эмнеси болсо да өзүнүн өткөн тарыхы бар адам болчу.
Алиги шаарда айткан сөзү менен бүгүн райондо Карповго айтып отургандарынын
баарында тутумдаш, танапташ маанилер бар. Карповдун иликтөөсүнөн анын өмүрү
татаал адам көрүнсө да угулбай, билинбей калган жок эле.
Карпов эми эркин сүйлөтүп, аларды угуп болгон соң баарына арнап өзүнүн соңку
күндөрдөгү оюна жыйган тыянактарын айта баштады.
— Чын сөзгө келгенде мен эки райондун иштери менен таанышып, тыянактап
көрсөм, бизди тынчтандыра турган бир нерсе таптым деп айта албаймын. Чын абалга,
анык, ачык катаал чындык иштерге үңүлө карасак, ушул эки район тең быйылкы кышка
ишенимдүү даярдык менен келбептир. Мал жакшы. Мал башындагы мээнеткечтер,
чабандар баардыгын иштеген. Бирок ошолордун эмгегин алдыдагы кыш ыраспасын
чыгарып, төгүп-чачып кум менен чөлгө күлдөй учуруп жибериш ажеп эмес. Ага мал
күнөөлүү эмес, мал башындагы чын мээнеткеч, чын эмгек каарманы, бүткүл союздагы
эң оор эмгек, турмуш жагдайында жүргөн анык адал мал ээлери — чабандар жазыктуу
эмес, ушу отурган сиздер менен биз жазыктуу болобуз. Кыш жакшы болсо мал аман
чыгат. Кыш жаман болсо сиздер малды жутата турган жетекчилердин абалында
отурасыздар. Бир гана тыянакты айтайын: Есдаулетов, Касымов экөөң тең эмки эсепти
кыштын эң жаман боло турган учуруна өлчөп жасагыла. Айталык, кыш узак болсун, кар
калың болсун. Ашуулар өткөөл бербей койсун. Мал туутка жеткен кез болсо да ошол
мал өзүнүн жылдагы төлдөй турган короолоруна жеталбай турган, баса албай турган
абалда калсын. Тоют түгөнүп калсын. Мал өлө баштасын. Мына ошол шартта ушу эки
район бүгүнкү балдарынын башын сактап калуу үчүн кандай мамлекеттик, аскердик
түрдөгү олуттуу чара көрүү керек болот. Ошол күнгө, ошондой жагдайга арналган
жардамдын, бардык керектүү нерселердин эсебин да, түрлөрүн да айтып бизге
фактыларды бергиле. Бул сөздөр райондун жетекчилеринин мурун үйрөнбөгөн, угуп
көрбөгөн көрсөтмөсү болчу.
Есдаулетов сактанып, күдүктөнүп айтты. Аныкы сактык эсеп болсо да азыр айтпаска
болбостой көрүндү. Күлө карады да:
— Жаман кыш болбой жатып, ошондой үркүткөн кабар берет деп Султанов бизди
дүрбөлөңчүлөр дебейби? Ошол үчүн жазага учурабайбызбы? — деди эле үй ичиндеги
адамдар кошо күлүштү,
Алмазбек башкача ойлоду. Ал Карповдун сөзүнө эн туура камкор чындык бар
экенин мурдараак байкаган. Есдаулетовду сынай карады да:
— Камыңды ойлогон сөзгө да жалтактап арткы эсепти кошуп отурасыңбы! Анык
чындыкка көзүң жетпеген соң жалтактап отурасың го! — деди.
Алым ишке мындай караган жок. Ал өзү бир топтон бери мал чарбасын башкарууга
аралашып жүргөндүктөн Алмазбекке доомат айтты.
— Есдаулетов чын айтат. Күз башынан күдүк айтуу мындай турсун, мурдагы жылы
март айынын башында мал өлө баштаганын билдиребиз деп оболу совхоздор
министрлигинен катуу эскертүү угуп калбадыкпы. Бизде чынында мал өлүп жатса, анын
чындыгын, ал-абалын айтканды сүйбөй турган мүнөзүбүз бар экени айдан ачык.
Касымов да муну колдоду. Ал Карповго акыл салып сүйлөдү:
— Биздин Түштүк Казакстандын эң жылуу жагы Сибирь эмес, ал түгүл Алма-Ата,
Жамбыл да эмес. Алардан мурун мал өлтүрүп көргөн эмеспиз. Зилинде Түштүк мал
өлүптүр десе бизге жаны ачыгандан мурун бүткүл Казакстан менен Алма-Атадагы
жетекчилер оболу күлүп, андан кийин ачууланып, урушкандан башка жардам бербей
турган адети бар. Ошондуктан, бүгүн бүткүл тоют колдо, малдын бардыгы тегиз семиз
абалында, коңур күздүн өзүндө өздөрү жутту чакырып жүрүшөт деп шылдың кыла
турганы айдан ачык! — деп көпчүлүктү өзүнүн каткырып, жаркырап күлгөн күлкүсү
менен кошо күлдүрдү.
Карпов эки секретардын тең ойлорун көкүрөккө түйдү да, азыр сөздү созгон жок.
Касымовдун кийинки сөзүн Карпов менен Алмазбектен башкалар кубаттап калды. Ал
Карповго жаккан жок. Бирок облуска жаңы келип, ал-абалды билбей туруп үркүткөн шек
саноолорду айткан киши болуп чыгышы ыңгайсыз көрүнөр деди да, сөздү тыянактады:
Жарайт, эки райондун жетекчилери өздөрүн толук ишене албай турган күчтөрүн
ушул абалда отуруп, ошол оор чындыкка тике кароого чыдабадыңар. Күлкү болобуз
дедиңер го. Кийин ыйлап жүрбөсөңөр болду. Чабандардын эмгегин мен катуу урматтап
бааладым. Силердин .ушунуңар алардын күчүн сая кетире турган болсо, бүгүнкү
таттуулук узакка барбайт. Ал кепил боло албайт. Али да экөөңдүн райондун
жетекчилери менен акылдашып, чарба жетекчилерин жыйып акылдашып, бир чечимге
келүүгө кеңеш беремин. Ушул менин соңку сөзүм! — деп бул жөнүндөгү бардык сөздү
аяктаган эле.
Ушул сапарында Карпов Узак районунда өзү мурун кездешип көрбөгөн бир топ
жагымсыз көрүнүштөр бар экенин байкады. «Көнекент» совхозунун биринчи бөлүмүндө
болгондо ошол бөлүмдүн башчысы Керимбек Жанаев өзүнчө бир иштердин жайын
айтты. Ал сөзүн Керимбек, Карпов, Жайлообеков, Эринбетов үчөөнө гана тиешелүү
айткан эле. Ошол сөзүндө Керимбек:
— Биздин бөлүмдө отуз миңдей кой бар. Ушунун кышкы камы көңүлдөгүдөй эмес.
Тоют башка жакка ташылуу керек деп директор бизди зордой берет. Эгер кыш жаман
болсо, чөп ушул күнкү турган жеринде болгону туура десек, зоотехник Асылбек Жанаев
экөөбүздү айыпкер санап, кысмакка алып жүрөт. Өзү жаш жигит. Райондун, малдын
жайын, кыштын кандай кыйындыгы болорун такыр билбейт. Эсенов деген директорубуз
бизди малдын камын айтканыбыз үчүн кысып, кыйнап жатат! — деген да, Карповго
арыз да сунган. Орусча жакшы тил менен жеткиликтүү, түшүнүктүү кылып жазылган
кадимки камкор кызматкердин үнү.
Кийин Карпов ушул жөнүндө Есдаулетовго арызды окутуп, анын пикирин сураган.
Есдаулетов мунун эсесине эки Жанаевди жамандап сүйлөдү. Ал тике эле Карпов менен
Алмазбектин оюнда жок нерсени айтты.
— Жанаевдер менен Эсеновдун арасында араздык бар. Анын түбү аял
маселесинде. Алиги Абды Эсенов алып отурган Кундуз деген кыз. Ошону Керимбек
Жанаевдин иниси, бөлүмдөгү зоотехник Асылбек алууга ниет кылган экен. Быйыл кыз
Абдыны жактырды да ошого тийди. Жанаевдер ошону кектеп, Эсенов менен кармаша
берет. Алардын сөзүн бул жерде элес албаса да болот! — деген.
Карпов Есдаулетов айткан кепке ынанды Ал эми кийин жаш директор Эсеновдун
үйүнө келип, тамак ичип, Кундуздун көркөм жүзүн, Абдынын келбети келишкен,
маданияттуу деңгээлин көрдү. Эки жаштын мейман күткөндөгү пейил, ынтымактары өз
ара аз сөз менен билишкени Кундуздун күйөөсүнө өтө мээримдүү тунжурай карап,
асемдүү үн менен назик сүйлөп, ыйбаа кылып күлгөнүн сезгенден кийин жанагы
арызды анчейин болбогон, эске алууга арзыбаган нерсе экен деп койгон эле.
Кийин Алмазбек, Алым, Карпов үчөө машинеде өздөрүнчө келе жатканда Алмазбек
ушу райондо негизсиз бир жик бар экенин айткан. Есдаулетов менен азыр эс алууга
кеткен райаткомдун председателинин арасында араздык бар. Ал да кээде ойлогон
жерден жанагы Керимбек Жанаевдердин арызы сыяктуу жонун көрсөтүп жүрөт! — деп
Алмазбек Карповго дагы бир кош маанилүү жаңылыкты билдирди. Алым Эринбетов
мындай болумсуз нерселер, кабарлар Карповдой кишинин көңүлүн алагды кылууга
жарабай турган иш деп билди. Ал өзүнчө тыянак чыгарды.
Есдаулетовду Жанаевдердин маселесине чейин апаруунун кажети жок. Тигилерде
феодалдык жаман санаанын бул күндө эч нерсе өндүрө албай турган быкшыган
калдыгы болсо, анын райкомдун жетекчилигине кандай катышы бар. Бул бир-бирине
байланышпаган маселелер.
Алмазбек ага көнгөн жок.
— Биз ушундай фактыларга кээде кайдыгер караган болобуз. Ал эми күндөлүк
турмушта ал бирде болбосо, бирде кесирин тийгизбей койбойт. Кээде Абды менен
Кундуз сыяктуу жаштардын өз баштарына гана таасири тийбей, ошол Абды башкарган
чарбага да кырсыгын тийгизе турган феодалдык калдыктар болбойт дебеңиз. Мен
чынын айтсам, Жанаевди Есдаулетовдун өзү жаман көрөт.
Алым анын оюнун кайда баратканын дароо түшүнө койбой: «Анын себеби эмнеде
деп ойлойсуң?»— деп сурады.
— Себеби, Жанаевдер райисполкомдун председатели Курманов менен жакшы. Ал
эми алар Эсенов Абдыны Есдаулетов жакшы көрөт, деп эсептейт. Жиги бир жерден
чыкса, ойдо жок өзүнүн түтүнүн булактатып Жүрө берет. Мен өзүм ушул райондун
ошондой быкшымаларын өлгүдөй жек көрөмүн. Түбү келип аны менен да күрөшпөй
болбойт! — деди.
Карповго Алмазбектин туурачыл, сынчыл мүнөзү жага түштү. Ал эми күндүз
Абдынын үйүндө дагы бир маселе жагынан жагымдуу ачылган сыяктанган. Күндөгү чай
үстүндөгү казак үйүнүн меймандостук адети боюнча алды менен Кундуз жапырак менен
кошо бөлөк табакка салып Карповго баш тарткан, Карпов башты унчукпай
Есдаулетовго карай жылдырып койгон эле. Есдаулетов адеттеги сөздөрдү сүйлөп:
— Сизге арналган баш. Биздин элибиздин эски салты. Башты алыңыз, ракым
этиңиз! — деген.
Ошондо Карпов башты атайын Алымга сунган эле. Ал албады. «Алмазбек, сен ал!»
— деп ага карай ыйгарды эле, ал күлүп: «Жок, өзүңүз алыңыз, сизге берилген!» — деп
болбоду.
Бир жумадан бери күнүгө ушундай баш тартылып жүргөн Карпов эми оболу бир аз
күлүп алды да:
Ушул баш урмат үчүн берилеби? — деди.
Бардык добуш туш-тараптан: «Албетте-албетте, урмат үчүн сизге!» — дешти.
Карпов күлө сүйлөп отуруп:
— Ооба, сыйга, урмат үчүн берилет экен. Андай болсо мен бир кулакты жеп,
ошондон кийин урмат менен башты, мага өзүңөрдүн айтканыңар боюнча элдин салты
менен Алмазбекке берсем, Алымга берсем, тиги Касымовго да берип көрдүм. Чыныбы,
жалганыбы, баарын тең албай качканыңар кандай? — дегенде тамак айланасында
отурган казак кызматкеринин баары тең күлүп жиберишти. Булар тегиз мурунку казак
салгын көрбөй, кийин калыптанган жаштар болгондуктан, чыны менен
тартынчыкташкан. Баягы эски казак болбосо, өздөрү баш алууну жактырышчу эмес.
Карпов ошолорун байкаган экен. Эми ар кимисине азил менен баш ыйгарып
чалгындап чыкты да, бул отургандардын эч кимисинин оюнда жок сөз сүйлөдү.
— Ушул үйдө бизден бөтөн киши жок. Керимкул менен Деңбай сыяктуу
чабандардын үйүндө отурганыбыз жок. Мынабу Эсеновдор — биздин жаштар. Эмесе
мен бир чындыкты айтайынбы? Ушу баш берүү деген пережиток — эскирген калдык.
Адабият тили менен айтсак мындайды анахронизм дейт. Заманынан орунсуз оошуп
калган эскирген калдык — деди.
Алым бул кепке көнө албады. Ал чырайлуу кызгылт жүзү кызарыңкырай түшүп,
Карповго күлүмсүрөп карады да:
— Нил Петрович, ал биздин элибиздин салты. Сиз анахроним десеңиз, мен
традиция деймин, улуттук традиция. Ал маселеде элдин адетин кажетсиз түрдө
бузуунун орду жок. Буга кандай дейсиз?
Карпов үйдүн ичиндегилер түгөл аңырайып карап калганын сезди да, эми чыны
менен өзүнүн сын оюн айтты.
— Ырас, салт, улуттук, элдик салт деген бөлөк, кадырлуу жай. Анын жөнү бир
башка. Бирок салт бар да, калдык бар. Биздин бардык элдерибиз, ошонун ичинде орус
эли да азыр салт болууга жарабаган калдыктан арылбай келатат. Кийинки муундардын
арылчу шарт, милдет боло турган иштер бар. Мен жапыракты жакшы көрөмүн
.Бирөөлөр ушунда жыйындагы сөздө бирөөлөрдү сынап жамандагысы келсе,
«жапырактагысы» келет экен дейт. Ошондой деп газеттерге да жазышат. Мынабу дурус
эмес. Жапырак казактын улуттук тамагы. Ал арак эмес, эч кимди бузбайт, аздырбайт.
Аны жамандаса ошондойчо «пловничает», «шашличничает», же болбосо украинанын
эл даамын алып «галушничает» дей берсе, жакшы болор беле? Мунун өзү элдин
даамын орунсуз күнөөлөө, айыптоо. Ал эми баштын жөнү башка. Ал чынына келгенде
малдын эң кадырлуу эти да эмес го. Касапчылардын тилинде эмне дешерин
билесиңерби?
Алмазбек оболу күлүп жиберди.
— Шыйрак менен бирге «суппродукт» дейт. Алардан холодец гана жасайт! —
дегенде Алымдан башкалар дагы күлүштү.
Карпов Алмазбектин эркин азил тамашасына ыраазы болду.
— Баса туура айтасың. Тамактын кадырлуусу да эмес жана бүгүн өзгө көп элдердин
адамдары менен, коноктору менен казактын өзүнүн да бүгүнкү көпчүлүгү, мисалы
өзүңөрдөй билимдүү көпчүлүгү, эриксиз эскичилик деп санаган баштын мурунку
аксакалдар, уруу башчылар арасындагыдай улууну санап, сакалды санап, ылайым ар
табакта тамак-аштын башы болуп жүрүү ылайыктуу эмес — деди.
Алмазбек өзгө казактар унчукпай калса да, Карповдун нагыз дос адамдын сөзү
менен туура сынап отурган сөзүн өтө кубаттады.
— Бул сөз — шексиз адилет сөз. Ырас муну ар жерде жолдош Карповго айттырбай
эле, мындай кишилерге айттырбай эле биз, казактар өздөрүбүз айтуубуз керек.
Мисалы, быйыл кышта биздин Султановдун кабинетинде Индиядан келген бир топ
адамга банкет жасады. Анда Алма-Атадагы дем алуу үйлөрүнүн салты ошондой деп
тигилердин алдына койдун башы коюлду. Индустар койдун башы түгүл жалпы эт
дегенди жебейт. Ушундайча дагы бир Швециядан келген окумуштуу меймандарга
биздин Баскентте койдун башын тартканды көргөм. Мен ошондо коноктордун
кысылганына карап, өзүбүздүн казак коммунисттер менен бүткүл казак аялдарынын
өздөрү уялып күлгөнүн «ушул бир адет-салтты койбодук го, эмнесине ошону табакка
тарттык. Ата-бабасы жеп көрбөгөн баш менен карк кылбай эле коюучу элек го!»— деп
өкүнгөн сөздөрүн сан ирет уктум,— деген.
Азыр машинеде келе жатып Алым менен Алмазбек экөөнүн жанагы райондогу жик
жөнүндөгү эки анжы кылып айтышкан дооматтарын укканда да Карпов Алмазбекке
ичинен ыраазы болуп отурду.
Узак районунун борбору Бийик-Коргондон чыккан Карповдор бешим ченде Бабатага
келген эле. Бабата мечити бышкан кыштан салган үлгүсү бөлөк, кулабаган, урабаган,
калыбы бүтүн түспөлүндө сакталган эскинин мыкты имараттарынын бири экен.
Мечиттин жанында былтыр да, быйыл да Алма-Атадан келген археолог аял Агеева
каздырган эски коргон бар. Бардык жоопту Есдаулетов баштап жүрүп казылган
коргондун тереңи да, эни да, жалпы көлөмү да түгөлү менен көрүлдү. Археолог менен
бир нече ирет аңгемелешкен Есдаулетов бул коргондун жайып абдан түшүнүктүү
кылып айтып берди. Деги бул жерде байыркы замандын хан сарайы болгонго окшойт.
Алардан башка үй, дүкөндөр сала турган кең аймак жок. Кенен сайга суусу мол
өзөндүн, булактардын боюна, мынабу эки жээктеги жар таштардын арасына атайы
окчундата салынган сарайдын бири болсо керек. Бирок ушу сарай үч мертебе салынып,
үч мертебе ойрон болуптур.
Агеева өзүнүн изилдөөлөрүндө алгачкы кулаган сарайдын керегелеринин калдыгы
экинчи сарай салынган кезде керекке жаратылыптыр. Кийин экинчи сарай кулаган соң
үчүнчүсү салынганда биринчи, экинчи сарайдын керегелери, кээ бир ички-тышкы бекем
каланган каталары керекке жаратылыптыр. Бирок үчүнчү сарай чагылгандын огунан
эмес, жоо колунан ойрон болуптур.
Есдаулетов ушуну баяндап чыкканда аралап көргөн адамдардын көңүлүндөгү бир
ойду Алым айткан эле:
— Ушунун үч доорунда тең алда нече көмүлүп калган өмүр, төгүлүп калган кан да
бар эмеспи. Кимдердин тагдырлары ушу сарай менен кошо көмүлдү экен?
Жолдо келе жатып Алмазбек менен ой бөлүшкөндөй айткан Алымдын ушу сөзү
мурун Бабатага келип жүргөн Алмазбектин эсине ушу жерде болгон дагы бир кырсыкты
эске түшүрдү. Алымдын сөзүн угуп келе жаткан Карповго карап Алмазбек:
— Сарайда ким өлгөнүн баян этпейт. Бирок ушу Бабата мечит-медресесинин
түбүндө жакынкы заманда кайгылуу кандуу окуя менен каза тапкан бечера жандын
Жайын ушул өрөөндүн эли түгөл билет,— деген эле.
— Ал ким? Кимдин жаткан жайы? — деп Карпов суРай баштады.
— Ал аял. Жаш, сулуу аялдын жайы. Анын өлүмү туурасындагы аңгеме! — деп
Алмазбек жооп берди да, ошонун жөнүн Карповго айтып бергиси келгендей келаткан
калыбынан саал эңкейип Карповго бурула карады.
Карпов анын билген окуясын уккусу келгендей болду. Бүткүл топ эми акырындап
басып, төмөндөгү кара жар таштын бет маңдайындагы машинелер турган жерге,
медресеге карай агыла берди. Кээ жерде акырын кыбылжып жүрүп, кээ кездерде туруп
калышып, бүткүл жайын Алмазбек айткан «Албанын ажалы» деген аңгемени тыңшоого
киришти. Баяндалган аңгеме мындайча эле.
— Жаш сулуу аял Алба, жетимиштен ашкан ушул өңүрдөгү соодагер чал Канайдын
аялы эле. Бою кодоо, денеси эрте куураган, аппак болуп агарып сакал-чачы кубарган
айыл ээси Канай чап өтө кызганчаак, ач көз, ырайымсыз катаал адам болгон..
Мурунку аялыңан туулган балдары калың келтеден тегиз каза .болуп, аялы да өлөт.
Жашы жетимишке барып калган чал кийин колуна Албаны түшүрүп алат. 18—19 жашар
мөлтүрөгөн сулуу, шыңга бойлуу, аппак, кара көз аял аз убакытта чалдын жаш катыны
болуп үйүнө кирет. Ый менен, кайгы менен кирет. Албаны айдаган турмуш, тагдырдын
зордугу катаал эле. Ушу Моюнкумга ооп келген аз үйлүү Аргындын ичиндеги жесир
аялдын эң улуу баласы — сулуу кызы эле. Жут болуп малдан айрылып, аркадан кумду
кыштай келген аз гана айыл бир кыш ичинде бүт малын берип, такыр кедей болду да,
алыста калган аркага көчө албай калды. Анын үстүнө Албанын атасы мал артында
жүрүп өпкөсүнөн кагынып, катуу ооруп каза болот.
Эки кыз, бир уул, кичинекей бир туугандары кары эненин эмки сүйөнөрү үй ичиндеги
тестиер кыз Алба болуп калган. Алар жөө жалаңдап азыркы Жоондөбөнүн тушундагы
Коңурат элинин ичине келишет. Ошондо соода кылып чай-чамек алып барган, жакында
катыны өлгөн Канай чал, башына күн түшкөн шордуу үйдүн ичинен Албаны оңой-олтоң
колго түшүрүп алат.
Мына Албанын Канай чалга тийгени алты жылдан ашкан кез болгон эле. Алба
келген жылда Канай чалга Кенжебек деген уул төрөп берди. Ошол бала бештен ашып,
алтыга келген эле. Бирок жылдан жыл, айдан ай өткөн сайын Албанын көргөн күнү
дартка, ууга айланган. Алгачкы жылдары Албаны айлана көздүн баарынан кызганган
Канай нече түрлүү жалаа жабуудан тартынбай турган болгон. Аздан кийин Албага
мунун колу тие баштайт. Кызганыч, жаңжал үстүндө ал Албага шумдук жалаа жабууга
да барат. Өзүнөн тууган Кенжебекти Алба башка бирөөдөн тапкан баласы деп
каралайт. «Бул баланы сен арамдан таптың!» — дейт. Албанын жүрөгүнө бул шумдук
жалаа канжар менен ургандай болот.
Албага өзүнүн ачуу-ызасын батыруу үчүн кээде Канай аксымданып катуу айыптай
берет. Ушундан кийин Албанын жүрөгү муз болот. Ал чалдан жийиркенип, жыйрылып,
көзү жашка, көңүлү ызага толгон сулуу эмки өмүрүн айыкпас зарга ууланган кордук деп
билет. Ал чалдын үйүндө чарбасын кылып, аялы аталып жүргөнү менен, эми чалды
жанына жолотпойт. Ал төшөккө жакындап жууркандын ичине кире баштаса муздак
колдору буга түрү суук жылан жанаша баштагандай көрүнүп, бүткөн боюн калтыратып
ыйлатат, кыйнайт, ичиркендирип чочутат.
Аялынын ичиркенгенин сезген чал мурункудан бетер кызганыч алегине түшөт да,
эми Албаны күн өткөн сайын уламдан-улам уруп-сабай берчү болду.
Алба эмне кыларын билбей тили жаңы чыккан кичинекей баласы Кенжебекти
бооруна кысып, дайыма ысык жашын төгөт. Ошону кучагында термете, эркелете отуруп
«жалгыз гана кичинекей эрмегим, тирлигим сенсиң. Бирок тушоом да сенсиң. Сенден
айрылып кетсем өмүр сүрбөсмүн. Андай кылсам өлгөнүм болор. Бирок сени таштап
кетпей турган болсом тушоом да, торум да кырсыктуу чал эмес, жалгызым өзүң
болосуң го» дегендей ууга чыланган ойлордун чырмоосуна көп түшчү болду.
Ушуну менен арадан дагы үч жарым жылдай убакыт өтөт. Канай чалдын айылдаш
жана үч-төрт атадан кошулган жакын деген тууганы, Коңкой деген жашы отуздун ичине
келген жигит бар эле. Ошол Коңкой өң жагынан көрксүз, мүнөзү андан да жагымсыз
адам болуп туруп Албага дайыма жабышып жүргөн. Көөдөнү күпчөктөй, коңкогой мурун,
кара чаар Коңкойдо сулуу аял эмес, жөн аялдын да сүйөрлүк кебете-кешпири жок эле.
Кичинекей, бүтүгүй, чекир көзү боло турган. Бетиндеги адамдын көзү токторлук жери —
калыбы кыска, коюу, кап-кара мурут менен акшыйган аппак таза тиштери гана дешке
болот эле.
Өзүнүн төрөбөй жүргөн жүүнү бош, уяң келинчегин ал көптөн бери теңсинбей, ошол
тегеректеги жаш аялдардын ар кимисине бир тийишип, уруна берчү. Жакындык,
туугандыгын шылтоо кылып, Коңкой Канайдын үйүнө жайы-кышы, эртели-кеч келе
берүүгө жолу ачык эле. Ошол Коңкой Кенжебек бир жашка келген соң Албага
жакындашуу жөнүндө сөз салып, артынан түшө баштаган. Алба күйөөсүнүн
кызганчактык жалаасынан беймаза болуп бүтүп, деги эркек аттууга кароонун өзүн арам
санап, күнөөлүүдөй көргөн көңүлү менен жыйрылып, катуу сууп калган.
Коңкойдун сөзүн ал кулакка илбеди. Тигил болсо нечен айлар бою жадабай келип,
оңтойлуу учуру келсе жабышып жалынуудан талыкчу эмес. Ошондой кылыгы менен
Албаны ал катуу ачууландырып, иренжитти. Бир күнү Алба аны катуу кагып: «койбой
турган болсоң эриме айтамын, жакын болгонуң ушубу?» — деп эми кайта оозун
ачтырбастай кылып коркуткан эле.
Канай чалдын Коңкой кедей тууганы. Ар убакта сараң соодагерден саал да болсо
уучтап жардам, көмөк алып жүрө турган. Кээде тамак-аш, кээде кийим-кечек, дагы
бирде жарым-жартылай унаа, тыйын-тыпыр сыяктууларды үнөм көрүп, пайда санап
жүргөн. Өзү да өлгүдөй дүнүйөкор, эл-журтка мүнөзү жагымсыз Коңкой Албадан чын
эле чочулады.
Ушул элге жумушу болгон кезде ат-кошчусу менен, бирин-эки бийлери менен эл
аралап келчү Сырбай деген болуш бар эле. Ошол жакында ушул айылга келип өң
тааныштыгы боюнча Канайдыкына конуп кеткен.
Албанын жанагы сөзүнөн, дал ошол болуш кеткен күндөн кийинки күнү Коңкой
Канайга астыртан барып ушак айткан. «Бул аял айтканындай кылып Канайга мунун
кылыгын шыбырап койсо чатак болот деп ойлогон жигит, аялды болуш менен жакын
экен. Сырбай болуш бул аялдын өзүнө көнгөн сөзүн салам аркылуу угуп, сенин үйүңө
атайы келип конду» — деген ушакты чыгарган.
Ушундан кийин чалдын уруп-соккону ого бетер күч алып, Албанын күнү да, түнү да
ый менен кайгы-черге толот. Күйөөсүнө ушак сөз жеткирип жүргөн, болушка
жармаштырып каралап жүргөн жоосу Коңкой экенин Алба билген эмес.
Айланада Албанын абалын билип, муңун угар бир жан жок. Айыл-аймактагы кары
соодагердин торуна илинген катын-калач көбүнчө ошонун сөзүн сүйлөйт. Өзү жаш,
сулуу жана текебер, эч кимге сырын айтпаган Албаны тегин дешпейт. Күйөөсү болсо
чал, аңдыган кишиси жок. Күйөөсү соода менен үйдөн, айылдан базарга, жарманкеге,
эл аралоого кетип жүрөт. Ошондо бул көйнөгү көк, тамагы ток жалгыз келинчек жөн
отурабы деп чалдын ар бир тепкиси менен урушканын дайыма коштоп, дүргүтүп
отурган кытмыр, картаң аялдар аз болгон эмес. Дагы жарым жылдай убакыт өттү.
Болуштун ушагын уккандан кийин Канай чал Албанын башынан камчы үзбөй турган
болду. Дагы бир тепкиден кийин Канай кетип калып, үйдө өзүнчө калганда ыйлап, иш
кылып отурган Албанын үстүнө Коңкой келген. Мурун далайдан бери жиби үзүлүп
калган сөзүн кайта улап Албага жалынды да, жанына сактаган сөзүн айтты. Алба бул
жолу да ызага буулугуп, жигиттин жүзүнө карабай үн жок, сөз жок, мелтиреп узакка
отуруп калган эле. Каршылашкан катуу сөздү укпаганына үмүттөнгөн Коңкой эми ого
бетер чечилип жалынып-жалбарып: «жаншоолам, каралдым, ынагым, жан биргем» —
деп жабыша берди. Бир кезде ал көптөн бери ичке сактап жүргөн ниетин чечмекчи,
айтмакчы болду. Ошонусун укканда эң алгачкы ирет ага көзүнүн кырын салган Алба,
жигиттин кара чаар өңү кубарып, жүдөй түшкөнүн, кызгылт жука эрини дирилдеп, ыйлап
жиберчүдөй болуп деми кысылып, титиреп отурганын байкады.
— Ойдогу бир көкөйдү тешкен арманымды эч болбосо бир саамга Алба тыңшаса,
деп алладан да, арбактан да тилечү элем. Садага болоюнум, мына менин беймаал
кезде келип айткан чындык оюм ушул. Сен дегенде жарык дүнүйөдөн безип кетким
келет. Сен гана көңүлүңдү берсең болду. Тилегиңди тилегиме кошчу. Бул айтканым
жөн-жай кеп эмес, арам жүрүш эмес. Ыйлап да бүттүң го. Алайын да кетейин. Кошулуп
алалык да, качып-безип жогололук. Алып кетейин. Тиги Бетпактын аржагындагы
атаңдын эли, өзүң чыккан тегиң Аргындын ичи бар го. Ошого алып кетейин. Оңбоюн,
кудай, арбак урсун, ушуну кылайын. Бирок бир гана өтүнөрүм, билегимден кармачы! —
деген.
Өмүр-жашоосу ууга чыланган Алба бүгүн жеген оор таяктын артында дал ушу
отурган калыбында жанынан бир терең ор казылып, жер жута тургандай болсо ушул
кейпинде кулап, өлүп кетсем дегендей. Мурун өмүрүндө болбогон бир эң оор, эң улуу
ойдун жетегинде отурган эле.
Азгырган жигиттин сөзүнүн тушунда: «ушул айтканың чын убадаңбы, ар-ыйманың
менен ант берчи» — деп гана калган эле. Ар-ыйман дегенди эч убакытта өмүрүндө
асыл дүнүйө санап көрбөгөндүн бири — Коңкой болучу. Ал тим эле өлгөн атасынын
арбагына сыйынып ант берип жиберди. Караңгы тарткан үйдүн ичинде үнү өчүп,
талыгандай жым-жырт болуп, ишти таштап каршылыксыз, кыймылсыз сулк селейип
калган Албаны кучактап кысып, өбө берген.
Эки-үч күндөй күйөөсү сапардан кайткан жок. Коңкойдун тилеги орундалган. Бирок
Албанын жүрөгү жылыган жок. Ал өзүн мурункудан жаман жанын жеп кыйнаган дартка
чалдыккандай сезди. Өзүн өзү кечпестей жазалоо ниети сан ирет толкуп келип аштан
да, уйкудан да, сөздөн да калтырып, калың санаа чырмап-бууп алды. Коңкой түндө
жана андан кийинки түндө да келип-кетип жүрдү. Алба өзүнө өзү иренжиген калыбында
жатып, жигитке бир саамга жибиген жылуу илебин берген жок. Өлүү жан, өлүү дене
гана бар. Баары бир өрттөнгөн, күл болуп калган өмүр. Эми Коңкойдун жазалоосу гана
калган. Болбосо Албанын теңи түгүл бутунун учуна отургузар адамы Коңкой беле?!
Алба бул жигитти мүнөз, адамгерчилик, кебете-келбет жагынан касиетсиз, кунсуз адам
-деп санай турган. Бирок мына бүгүн айланада башка тал кармагандай, эч болбосо
көңүлдөгү черин айтып, капасын жазар жаш жан жок. Мына ушул тозоктон, өмүр
тозогунан алып кетемин деген гана убадасы үчүн жазыксыз жанын, сулуу денесин,
өмүрдүн кадырлуу алтын сарайына татырлык сулуу денесин анын эркине берди.
Кадимки эле карга, кузгун чөөлөргө, заты арам ит-кушка атайы талатып, кандатып,
жоюп, өрттөп жаткандай болду.
Үчүнчү күнү жанынан туруп бараткан жигитке: «Эми качан? Ант-шертиңди аткара
турган күнүң качан, кай кезде аттансак дейсиң?»— деди эле, оболу төшөккө бутун
салбыратып бир аз үнсүз отурган Коңкой кайдыгер түрдө күлдү да, чукулунан өзгөргөн
калыбында ордунан турду да, керегенин башында илинүү чапанын караңгыда
сыйпалап таап, ийнине иле салып: «Ашыкпа, чиркин. Азырынча ушундай ойноп-күлүп
туралык. Кайда ашыгасың?» — деди.
Алба: «ах-ах» — деп чукул оонап, ирегеге күрс этип кулап түштү да, чаңырып,
солкулдап ыйлап кала берди. Ичи суук Коңкой ага айланып да карабай: «Таң атып
калыптыр, таң бозоруп калыптыр го. Көзгө түшүп каларбыз. Антип эмне кыласың!»—
деп чыгып жөнөдү.
Кийинки күнү ал келген жок. Андан кийин чал кайтып келди. Арадан төрт-беш күн
өтүп кетти. Дагы бир жолу үй ээн калганда кечке жакын Коңкой келди. Аны Алба үн
катпай, жүзүнө карабай суук гана жүз менен каршы алган. Жигит мындан ары да түн
ичинде уурданып келүүнүн, жашырын жолугуунун жолдорун'' айта баштады. Алба чукул
бурулуп, ушунчалык бир катуу ачуу менен кабагын түйүп, өткүр кара көздөрүнө жаш
толуп, ээги дирилдеп, жалгыз сөзгө жооп сурады.
— Алиги шертиң шертпи? Атаңдын арбагына сыйынып отуруп ыйманыңды айткан
антың эле го. Мен ошону күтүп жүрбөдүмбү? — деп ыйлап жиберди. — Айт, айт мага,
чыныңды айт! — дегенде, ар-ыйман деген өмүрүндө ичиркентип көрбөгөн Коңкой:
— Ой кудай аткыр, эмне деп жатасың, ошол тамашаны, анчейин эмнем кетмек эле
деген тамаша сөздү чын көрүп, алданып жүрөсүңбү? Кудай алгырдыкы, эл-журттан
безип кайда кетмекпиз!? — дей берди.
Алба атып туруп, өзүнө карай үңүлүп турган жигитти коңкойгон тумшуктан ары коюпкоюп жибергенин өзү да байкабай калды.
— Чык, көрүнбө көзүмө, кубарган! Кудай төбөңдөн ургур. Кудай төбөңдөн урсун.
Айбан, чочко! Чык! — деп айдап чыкты. Ушунун артынан үч күн өткөндө бүткүл айылга
«Алба менен Коңкой жакын экен» деген ушак сөз дуу этип бардык жанга тегиз тарады.
Тараткан Коңкойдун өзү эле. Ошол күндөрдө Албанын эң алгач жаманаттыга илингенин
бир жаш жигит өзүнүн анык оор жаратындай угуп, ээн жакка чыгып ыйлап кыйналган
эле. Ал быйыл 17 жашка келген, али өмүрүндө аял затын кучактап өөп көрбөгөн, ууздай
адал жандуу коңшу айылдын жаш жигити Жанузак болучу. Ал домбра чертип, обон
салат. Ушул айылдарда кыз узатылып күйөө келсе жашынан бери карай айтышка
түшүп, тап-татынакай ыр чыгарган «бала акын» атанган өнөрпоз эле. Ал али топ
алдына чыгып көргөн жок. Бирок өзү теңдүү курбу кыз-келиндер, боз уландар арасында
айтышка түшө берет. Жаттап алган ыр дастаны да көп. Шыңга бойлуу, адамга
жагымдуу кызгылт-сары таза жүзү бар улан эле. Ал жан баласына жарыкка чыгарып
көрбөгөн сыр сактаган. Соңку эки жыл бою өзүнө өзү дайыма ээн жерде арман кылып,
кыял кылып, чын сырын жашырын ырга салып күбүрөп, кыңылдатып айтып жүргөн. Ал
өзүнчө жүрүп ашыктык дартына кабылган. Ашыгы — Алба болучу. Бирок Алба андан
жашы улуу, карыя кишинин аялы. Өзү дайыма кайгы-азап астында жан баласын, жигит
аттууну жанына жолотуп, боюна даарытып көрбөгөн текебер сулуу, өзүнүн кербездиги
менен алыстагы айдай, колго тийбес алыстагы сулуу, ошондой болгон сайын
Жанузактын жаш кыялы ага ынтыга берет. Жалындаган жаны өрттөнө берет. Анын бар
болгон кубанычы кээде анда-санда уйкусуз түндөрдө Албаны түшүндө гана көргөнү.
Калган сырын жан баласына айтып көрбөгөн ээн жерде чыгарган купуя ырында, жан
сырында гана катылган.
Талаанын шамалынан башка, кең асман астынан башка, же болбосо ушу
Бабатанын кеңирсиген тоолорунан жар таштары, ага үн кошуп чыгарган сергек
жаңырыктан башка жан ааламга ачылбаган балапан жүрөктү өйүгөн сыр ыры, чын ыры
эле.
Коңкойдун өзүнөн чыккан кабар Жанузактын жан азабын берди. Анын айлындагы
өзү менен жашы тең бир жигитке Коңкойдун бүгүн күлүп сүйлөп, мактанып, «Албанын
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 09
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.