Latin

Өскөн Өркөн - 21

Total number of words is 977
Total number of unique words is 638
38.0 of words are in the 2000 most common words
48.3 of words are in the 5000 most common words
53.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
мүмкүн, жана айтарым бир өзүбүздүн облус гана эмес, башка бардык бизге окшогон
облуска, болбосо бардык мал баккан облустарга тикелей тиешелүү мааниси бар
маселелер. Ошол себептүү жутка учурагандыктан мал өлүмүн баштан кечиргендиктен
тийиштүү боло турган укук боюнча бир аз кененирээк убакыт берүүңүздү сураймын» —
деген.
Жетекчи кызматкер мунун өтүнүчүнө жылуу жүз менен карап күлдү. «Адетте, бизде
ийгиликтери көп кишилер көп сүйлөөгө укуктуу болчу эле. Ийгилигибиз жок, чыгашабыз
көп, ошондуктан көп сүйлөөгө укуктуубуз дегенди сизден көрдүм, Нил Петрович» —
деди да, Карповдун өзү менен бирге күлүп кеңешмени баштоого беттеп басып баратып
сүйлөдү. Келе жатып Карповго айткан сөзү: «тек кыйынчылыкты терең казып, түгөл
айтууга бел байлаган болсоңуздар, бүгүнкү бизге кереги ошол. Республика бир нече
миллион малга чыгым болуп, кээ бир облустарыбыз 10 проценттен койлорун кырып
алып отурганда эми ушундай жаманчылыкка тике кароодон башка чара жок. Бүгүн
партияга ошондой акыл-кеңешчи керек. Чынчыл акылчы керек» деп келе жатты. Бул
Нил Петровичке абдан жанына жаккан сөз эле.
— Мына, менин сизден күткөнүм да ушундай кеңеш эле, — деп калды. Ошону
менен өзүнө кезек келгенде ушул жыйында Карпов далайдан бери оюна жыйылган
жайларды ачык сүйлөөгө бекинди. Тек гана ою менен, билими гана эмес, өзүнүн көзү
көрүп, көңүлү түрчүккөн ички сезим, жаны менен кыйналып ойлоп тыянактаган бир аз
чындыктарды анда-санда партиянын алдына апкеле турган чынчыл, кайраттуу ниетке
бекинип, сөз сурады.
Карпов ушул чоң бийик кеңседе мал жөнүндө өзгөдөн бөлөк, көпчүлүктүн оюнда
болсо да оозуна илинбеген жайдан баштады. Ал малды айтуудан мурун эң алды менен
чабанды айтуу керек, ошону эске алуу бардык маселенин негизги түйүнү деп баштады
да, өз көзү менен көргөн чабандардын турмуш-жайларынан мисал келтирип санай
баштады.
— Он жети күн бел чечпеген, он күн бою күнү-түнү калканчы жок, короо-сарайсыз
жүргөн. Аяз чыкылдаган бороондо кайыгып жүрүп, малын таштабаган чабандардын
кары-жаштарын түгөл айтты. Эки жумадай ысык тамак ичпеген катып калган калама
нанды сөксөөл кемиргендей огожо кылып кажылап, ичер суусуна кара суу да табылбай,
кой менен бирге кар ашап күн кечсе да малды таштабаган адамдарды кандай деп атоо
керек. Ушулар кандай жоопкерчиликтүү, аң-сезими бийик жандар! Ошол короо-короо
койлорду таштап кетсе ушул отурган биз эмне деп күнөөлөр элек? Айыптуу деп айта
алар белек? Жана ошолор ошол эмгек эрдигин, азаматтык-граждандык бийик сезимин
биздин үгүтүбүз менен гана жасадыбы? Жок, тек гана советтик азаматтык ары менен,
кажары менен, рухий күчтүүлүгү менен гана ошондой мээнетти аткарып чыгышты.
Асыресе ошол шумдук суук, айланы кетирген ыркыраган бороон астында жүргөн
совет малын таштап кеткен, дизертирлик кылган бир да бир аял-эркек, кары-жаш чабан
болбогонун эмне дейбиз! Мына эми жаз келди. Күн жылыды. Ошондогу мээнет кечкен
көп чабандын бир да бирөөнүн бир ооз да болсо баштан өткөргөн кыйынчылыгын
айткан, нааразылыгын жеткизген жалгыз сөз, жарым ооз арызы болдубу? Өтүп жаткан
мынабу жыйындын өзүндө да тек малды аман сактоонун чарасынан башка жайларды
айтып отурган чабан болдубу? Болгон жок. Бирок тек ошол болбогонуна таянып чабан
аттуунун жайын өзүбүзчө ойлобой, кыйналбай, ошол жандар үчүн кысҮаЛбай да жүрө
бермекпизби? Качанкыга чейин жүрө бермекпиз. Ал эми ошол чабандардын өздөрү
талаада жүргөн абалында үйлөрү кантип атат, катын-баласы кантип атат? Атүгүл боз
үйлөрү көчүп кетпеген, өз районунда отурган, өз совхозу, айталык, Кенегенттин
жылдагы үйрөнчүктүү конушунда, кудугунда отурган аманчылыкта деген, дурус деген
чабандардын жаман абалынын өзү канчалык жан чыдагыс жагдай да болду!
Күндүзгүсүн да, түнкүсүн да чечине албай ийинге киргендей тери тонунун астына
кирип, эки-үч жашар, беш жашар балдарын бооруна катып өз денеси менен жылытып
суук үйдө дирилдеп жатышты. Алты ай кышта жууна турган мончо жок. Бир саамга
жылып алчу жагдай жок. Алардын беттеринде, баштарында кирден болгон котур жара
да жүрөт. Ал албы, ошол суук үйдө шум абалда төрөп жаткан энелер болсо эмне
демексиз. Мен өз көзүм менен көрүп өзүм жолуккан окуяны айтайын. Төрөй албай
шишип кеткен, чечинейин десе суук тиет, чечинбейин десе кийимдери дене-боюн
кысып, кабарып жаткан жаш келинди көрдүм. Күйөөсү талаада малда, ал эми үйдө,
айталаадагы жапан түздөгү жалгыз үйдө, кар астында карышкырдын ийниндей
басылып жалгыз үйдө ошол чабандын жалгыз бир гана шериги — ошол төрөй албай
жаткан аялы — жары. Дагы бир аялдын мен өз көзүм менен көргөн күнү андан да
бөлөкчө. Боорунда жаңы гана төрөгөн баласы жатат. Эне болсо кыбыр эталбайт. Үй
суук. Жаш наристенин нымын кургата албай бүткүл денеси менен өз эти менен гана
жылытып жаткан эне кандай абалда?! Күн бата, күүгүм талаш талаадагы кой менен
кайтып келе турган күйөөсүн күрсүнө түшүп кыйналып күтүп жатат. Ушунун баары качан
болуп отурган сүрөттөр, көрүнүштөр. Быйыл, бүгүн кам жебесек, жардамга барбасак
эртең да, алдыдагы кышта да, жетинчи беш жылдыктын экинчи кышында да ошондой
болмокчу.
Ошондуктан мен миң мертебе кайталап айтаарым: үй, үй, үй. Койчунун башына,
анын үй-бүлөсүнүн башына кумда да, талаа менен тоо бөктөрүндө да, атүгүл жазгы
жайкы жайлоодо да, жаздагы суук жаан астында да, мөндүр астында ыркыраган катуу
кара шамалдын огунда да жабыкпас үчүн жылуу үй керек. Ысык тамак ичерлик, чечинип
жатарлык, адамча жуунуп таза жүрөөрлүк, жарытымсыз болсо да мүмкүндүк бере
турган боз үй эмес, орунтуктуу, жылуу, туруктуу калканч, там үй керек.
Койго да бардык жерде, асыресе көктөмдөгү туут кезинде түн баласында түгөл
сыйып, дайыма жата турган короо, короо керек. Мына ошол жагдайда мал менен
адамды катар эскерип, экөөнө тең жакшы жагдай, дурустап шарт түзүп берсек биз жут
деген маскарадан кутулабыз. Жуттун негизи маскаралык деп түшүнүү керек. Жол, суу,
короо-жай, жол болгондо жайы-кышы катнашы үзүлбөй турган күтүмдүү, маданияттуу
жол керек. Тракторду керектебеген машинелер бардык жүк-мүгү менен дайыма тынбай
тоодон да ашып, талаасын да басып, кумдагы малга күндөлүк керектүүлөрүн ташып,
бардыгын даяр кылып отура турган жол жагдайы керек. Ошондо жут болмок түгүл
таман-такыр унутулат. Ал эми ушул чаралардын баарын эң алды менен мал
башындагы адам жөнүндөгү чаралардан баштоо зарыл, — деген эле.
Карповдун сөзү бүткүл жыйынга өзгөчө ой салгандай болду. Ал сынчынын катаал
түрдө орнуктуруп айткан өз ара сын сөзү эле. Бул сөздүн ушундай кеңешмеде мурун
айтылып көрбөгөн оор чындыгы менен ачык айтылган, терең маанилери бар таасири
сезилди. Кийинки күнү ушул кеңешме-жыйын тарыхый чоң чечим кабыл алды. Ошол
токтомдо ар жерлерде короолор салынып, чабандардын үйлөрү жасалсын деп ачык
көрсөтүлдү. Медициналык пункт, мончо, маданият жайы, көп жерлерде электр, радио
жана гезит-журнал катнашы үзүлбөй иштеп туруу чаралары тегиз аталды.
Быйылкы өткөн жуттун чоң бир өрүшү бийик, жоопкерчиликтүү, ар-намыстуу ойдон
туулган жигердүү чечими ушул болгон эле.

You have read 1 text from Kyrgyz literature.
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.