Latin

Өскөн Өркөн - 05

Total number of words is 4150
Total number of unique words is 2039
30.7 of words are in the 2000 most common words
43.3 of words are in the 5000 most common words
49.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Сагыт түк үн катпастан таноосун дердейтип кеңири дем алды да, четке карап отура
берди. Кемпир сүйлөөк келини айткан нерсеге толук көңүл бурду.
— Кызы бар дедиңби? Бойго жетип калды беле анысы? Мен көргөнүм жок. Ырас
эле күйөөсү өлгөндө эки баласы — бир кыз, бир уулу жаш калды деп эл айты жүрчү.
Андан бери 14—15 жыл болду. Айтты-айтпады бойго жетип калган экен. Эмне, кызы
жакшы бекен?
Асел азыр да энесин тыңшап отуруп, кайнисине кадала сүйлөдү:
— Кызы уулунан улуу, бойго жеткен, 18—19 чамасында. Унутпасам былтыр окуусун
да бүтүрдү. Ал өзү ушул чөлкөмдө жок сулуу кыз эле. Капыр-ай, чиркиндин 5ою менен
өңү-түсү барабар келип, кызга бүтө турган келбет экен, деп калдым эле.
Ушу сөздү айтуу менен бирге Асел ары энесин, ары кайнисин жаңы угуп, көрбөй эси
кетип кызыгып калган жасалга буюмдун артынан өзү менен бирге салмакчы,
жибитмекчи болгон ойго кетти. Ичинен эгер жесир катын биздей үй менен куда болуп,
кызын берсе кудай билет Абакең экөөбүз андай күйөөсү жок, жалгыз катындын үйүнөн
жанагы кыжымы төшөк, куш жаздыктардын далайын албай коёбузбу? Анда тигил турган
өңчөй стол, орундук сыяктуу каңкайган жыгач жыйылган эки-үч бөлмөнү ушул жактын
жасалгасы менен жайнатып койбоймунбу? — деген ойго келди.
Эне болсо Абилмажин Аселди ээрчитип улам сатып апкеле берчү шкаф, стол,
төшөк, орундук дегендин баарынын тушунда кең таноосун тыржыйтып, кирпиксиз суук
көздөрүн тикирейте жумуп, жийиркене карай турган.
— Баягы өңчөй каңкайган жыгачтарын дагы апкелди! — деп сыртын салып,—
жыгачта эмне касиет. Сырткы түрүнөн бөлөк эчтекеси жок, ушу да болчубу? Отурайын
десең тула-боюң чарчайт. Өздөрүнө өздөрү жаза берип «жыгач-жыгач» дейт да жүрөт.
Үй аттуунун бош жерин койбойт анысы. Каңкайтып-заңкайтып,— деп уруша турган.
Абилмажиндин Ташкентке барып жүргөндө гарнитур, кабинет, диван, кресло, күзгү деп
дайыма эңсеп, нечен түрдүү амал жумшап, бирди тигиндей жөнөтүп, бирди мындай
салып, көп жерде орто жерден сейрек буюмдарды районго жеткире турган орундарга
пулдап, сыйлап ар түрдүү пара өткөзүп жүрүп көп бөлмөлүү ушу үйгө тырмактап, көп
буюм жыйып алганын кемпир баалачу эмес.
Асел албетте бул буюмдарды күйөөсү менен бирге жыйнашкан, кымтып
квартирасына тыкмалап алышкан, дүнүйөкор, чарбачыл аялдын өзү. Ошондуктан
энесинин бышкыруу, кекетүү, кыжырдануу сөздөрү менен мүнөздөрүнө ал ылдый карап
күлө берчү да, эске алып, эсепке тутчу эмес. Бирок ар дайым мурун ушул жактын
байлык жыйган, дүнүйө жыйган калаасы менен талаасындагы үйлөрүн көргөн. Өзү да
бир кезде алдуу, малдуу болгон, теңи көп мыкты үй сала алган бай үйдүн ээси,
дүнүйөкор кемпир боло турган. Ошол Аселге «дүнүйөнү силерче жыйбай, мынабу
жагынан да жыюу керек» — дей берчү.
— Килем керек, жибектен жасалган буюмдар керек. Түктүү килем, түгү жок килем,
чакан килем. Сандык толгон жумшак, кымбат буюм, көзгө көп түшпөй турган катылуу
бүктөлүү жаткан казына да болот, дей берчү.
Өмүрү тоюп байралып көрбөгөн Аселге албетте мындай сөздөрдүн, акыл-эсептин
баары таасирдүү Бирок кайдан табат? Кимден алат, кантип алат, анын жолун дайыма
таба бералбай, беймаза боло берчү. Азыр мынабу кезде бир кызыктуу казына көз
алдынан булт этип, кызыл-жашыл болуп кубулуп, ээликтирип, энтелетип, жетелей
берди. Үнсүз отурган кайнисине ал эми түз чабуул жасады:
— Уктуңбу, Сагыт-ай, айткан сөзгө кулак салдыңбы? Жашың мына быйыл жыйырма
бештен ашып барат. Окуу бүтүрдүң. Кудайга шүгүр, техник болуп келдиң. Ушу чөлдөгү
элдин айласын кетирген суу эле. Атасынын көз кунунан бетер жоктогону суу эмеспи?
Сен болсоң өзгө эмес ошол суу техниги болуп келдиң. Келгениңе эки ай болду эле, ушу
сага күнү түшпөгөн, алдыңа келбеген бригада, колхоз барбы! Эмесе ушу чөлдөгү үч
райондун эң жакшы деген кызын албайсыңбы. Далысынан сылап жүрүп тандап туруп
албайсыңбы, келинчек кылып. Мынабу апаң, энең. Биз ага менен жеңеңбиз. Эми
айтарыбыз, сен да үйлүү-жайлуу бол. Айттык мына. Мезгил жетти, үйлөн. Ал эми
үйлөнгөндө ошол мынабу энем экөөбүз айтып отурган Нурбүбүнүн кызын ал, ошого
үйлөн! — деди. Сагыт жеңесине түксүйө жалт бурулуп жактырбай карап калды. Анан
ал:
— О, койчу ары, жеңе, сен эмне деп жатасың, катын алып бер дедимби? Же
болбосо мен баягыча эркине карабай калың берип, күчкө сала турган казактын айыл
жигитиминби? Кой ары жакка! — деди да терс айланып кетти.
Бул кечте жанагыдай зөөкүр мүнөздүү, корс этме, орой сөздүү Сагыт ушундай кырс
мүнөзүнө салып жеңесин даарытпады. Булардын айткан сөзүн ал ойлоно турган да
эмес, бет алдырбай, жатыркоо менен кабыл алды. Анын себеби Сагыттын өзү бүгүн күн
бою, мына азыр кеч киргенден бери ичинде жыйылып, толгоно берген ички сырында.
Ал сыры күндүз бир саамга анын көз алдына көрүнгөн, кыялынан али да элеси кетпей
турган Айсулуунун элеси. Ошол кыздай болбосо катын дегендин, жар дегендин эмне
кереги бар. Мунун илеби менен өзүнө карай курсант кылып, кумарлантып жаткан бир
күч бар. Ичи-боорун, бүткүл ички сырын бир өзүнө багындыра тарткан кудуреттүү
бийлик бар, магниттей бийлик.
Ырас, ошондой катуу кызыгуусуна эми мына булардын «үйлөнүү керек» деген
сөздөрү бир жагынан ар нерсени ойго салып жатышкандай да болот. Бирок бул сөз
эмес, керек эмес, булардын акылы такыр башкада, өзгөдө. Алар күндүзгү сулуудан
ажырата турган оолак, жат акылда, жаман эсепте.
Баласынын Аселдей жеңенин айткан жөндүү сөзүнө орой жооп бергенин карыя эне
жактырбады.
— Ой, акылы жок, шордуу балам. Анын эмнесине бышкырдың? Дүйнөдөн катын
албай так өтөйүн дедиң беле. Ал эмнеси экен? Алардын алганга жараша ошондой
жакшы эненин бойго жетип отурган кызын алсаң дурус болот дегенин эмнеге
ойлобойсуң? — деп урушту.
Сагыт энесине да бурк этип корсулдап жооп айтты.
— Тилегиңи бергир апа, киришпе! Айтпа! Кереги жок! — деди да эки аялдын
жугумсуз беймаза сөздөрүнөн кутулуу үчүн стол башынан атылып туруп, аксаңдай
басты да агасынын кабинетине карай басып кетти.
Эки жүз миң тонна пахтаны Мекенге берүү жөнүндө убаданы аткаруу областтын күн
санап, саат санап кылган аракети. Соңку он күндүк бул жагынан бардык областтар
боюнча турмуш тиричилигинде коомдук, саясий чарбалык жагынан өзгөчө иргелип
бөлүнүп чыккан анык бийик ашууну көздөй умтулган күрдөөлдүү учур.
Пахта эге турган райондордун саны аз эмес. Областтын бир тарабында Сайрам,
Түркстан, Арыс бар. Андан беритенде Караташ, Сарыагаш, Келес. Андан кийин бүгүнкү,
быйылкы бардык үмүт кыбыраган жандын баарын өздөрүнө каратып отурган ушу
түштүктүн үч району. Ырас, азыр мунун үчөөнөн тең Түркстан дал ушул бешинчи
октябрь күнү алга чыкты.
Облус башчылары берген милдеттенмесин Түркстан 85,44 процент орундады. Ал
эми Сайрам сыяктуу чоң район 33—34 гана проценттин айланасында артта жүрөт.
Түркстан бул кезге чейин алдыда келген болсо, эми эрксиз начарлап, артта калганы
турат. Себеби анда абдан чоң жоопкерчилик калды. Мынабу үч райондун экөөнүн улам
бири озуп, тайталаш менен анык үзөңгү кагышып келет. Ырас, акыркы күндөргө чейин
келе жаткан Ленин атындагы район эле. Дал бүгүн 5-октябрь күнү Киров атындагы
район 83,31 процент берди. Ленин атындагы район болсо бул күнү 82,73 процент
берген. Ушул кечте Киров районунун секретары көзгө комсоо, бекене, арыкчырай адам
көтөрүлө сүйлөп отурду.
Мукаш Баймухамбетов райондун биринчи секретары кечки жыйынга өзү чакырып
алган район башчыларына күлө сүйлөп кабар берген.
— Ленин району бүгүн бизден кийин калды. Кировдон эмнеге калып калдыңар деп
чуулдап жатышат. Бул биздин алгач озуп чыкканыбыз болсо да, эми ушундан кийин
Ленин районун илээштирбейбиз. Он биринде 100 процентке илинебиз. Жолдош өкүлү,
ушу убадага күбө гана болбоңуз. Бүгүнкүгө чейинкиңиздей жардамчы да болуңуз! —
деп жарашыктуу азил менен күлдү да Баскенттен келген Жайлообеков Алмазбекке
убадасын да берип, өтүнүчүн да айтты.
Узун бойлуу алагай көздөрү ажарлуу, аксур жүзүндө дөңкөгөй мурду жармашкан
Алмазбек өзүнүн көптөн берки жакшы жолдошу, райондун секретары Мукашка күлө
карап, баш ийкеп турду. Алмазбек облустан үч районго жиберилген жооптуу адамдын
бири. Ал областтык профсоюз комитетинин башчысы. Азыр 20 күндөн бери ушу Киров
районунда пахта боюнча эмгектенип жүрөт.;
Түштүктүн калган үчүнчү району — Арал району. Анда областтын аткаруу
комитетинин председатели Ахан Султанов отурду. Үч райондун пахтаны эң көп берген
атактуу району — Ленин району. Област бере турган 200 миң тоннанын 70 миңин бир
гана ошол район өзү бермекчи. Ал райондо бүгүн обкомдун биринчи секретары
Юлдашев жолдош өзү отурган...
Райондун секретары Мукаш менен областтын өкүлү Алмазбек, областтын эки чоң
жетекчиси булар менен коңшу райондордо турса да, эми артта калып бара жаткан
жайларын акырын айтышып мыскылдашат.
Алмазбек бул жөнүндө:
— Киров райондордон гана озгон жок, обком менен облисполкомдун башчыларынан
да сен экөөбүздү төмөн басып оздуруп отурат. Ушунубуз сыпайычылык жагынан кандай
болор экен. Телефон кайда, азыр Юлдашев менен Султановго ушу жайды эскертип
тийишип көрөйүн,— деген. Чынында тигил эки жолдошко үйрөнчүктүү азил менен
телефондо саал тийишип өттү.
Обкомдун биринчи секретары Юлдашев бул кезде райкомдун биринчи секретары
Көлбаев Мухиддин кабинетинде отурган. Пахта жөнүндөгү бир нече жылкы үзүрлүү
эмгеги үчүн Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган, сулууча, ак жуумал жүздүү
райкомдун секретары Көлбаев Мухид Алмазбектии Юлдашевге айткан азилине күлсө
да ичинде ызалуу кыжынгандык бар.
— Бүгүн жеттим ден отурасыңар го. Турмушта биринчи ирет жетип, бир жарым
процент алга чыкканга адыраңдап калышканын булардын. 20 күндөн бери дайыма бешалты процент артыбызда келе жатканында үндөрү чыкчу эмес эле. Көрөрмүн али, күлкү
бүгүн күлгөндүкү эмес, эң акыркы күлгөндүкү! — деп кабинетте отурган өзүн
кошоматтагыч жолдоштору райондун прокурору Саматовду, райондун соту Бекбаевди
кошо күлдүргөн. Ушунда отурган райондук керек-жарак кооперациясынын
председатели, саамайына ак кирип калган, жарашыктуу кийинген Абилмажин ого бетер
кошоматтап күлгөн.
Бирок бул күлкүлөрдү Юлдашев коштогон жок. Ал чынында таразалуу акыйкатты
жанагы жолдошторунан. артыгыраак көрүп олтурат.
— Ай, чырактарым-ай, оюнда озгон иште да озот. Мукаш менен Алмазбек бүгүн
силер менен мага ойноп күлүп олтурса, эртең чындап ызалап күлүп жүрбөсүн. Ушул
озгонбу деп коркуп отурамын мен. Силер биздин райондун баатырларын таанып
койгула! — деп өзүн да, жолдошторун да мыскылдап күлүп жиберди. Ал кубанган
нерсесине күлгөндө катуу, ачык жаркырап күлүүчү. Азыр өз абалдарын өзү сынап,
моюнга алган жагдайда элдин демилгесин коштоо үчүн атайы мыскылына чыйрак
күлкүсүн аралаштырган. Ал Алмазбекке жана телефондон катуу күлүп азил сын айткан.
— Сен ылайыгын таап күлүп отурасың. Учурун таап күлдүң. Аның жөн. Бирок
Юлдашев менен Султановдун алдына түшүп кеткениңе айып төлөгүн келип турабы! “из
намазда турганыбыз жок. Мусулмандын намазында гана сапта турган адам ыймамдын
алдына чыгууга болбойт. Султанов менен Юлдашев ыймам эмес да, сен намазгөй
Түркстандын сопусу эмессиң. Алга чыксаң чыга бер да, озо алсаң артыңа жалтактабай
алга бет алып озо бер! — деген.
Ал ушул азилин Ахан Султановго телефондон айтып отуруп, Ленин менен ЖакшыАрал райондорун чыйрыктыра сынап да кеткен...
— Биз эки райондун эли бүгүн күлөрлүк жагдайда эмеспиз. Абийирдүүбүз! — деп
трубканы коюп, жанагы өз жанында отурган район адамдарына эми томсоргон жүз
менен карап отуруп:— Он күндүктүн эмки калган беш күнүндө Ленин району Киров
районунан дагы калса, биздин бир азыбызды тирсегибизден илип туруп пахта
талаасынан айдап таштоо керек. Кууп таштоо керек тура! — деп ызырынган калыбында
салмактуу муштуму менен столду бир койду.
Булардын күтүп отурганы райондук аткаруу комитетинин председатели Ашкен эле.
Ошол алыс совхоздон жаңы келгенде аны менен илээшип сыртта салкында күтүп
отурган он чакты жооптуу кызматкер кирди. Булардын арасында эки аял бар.
Келгендер райондогу пахталуу ири колхоздордун председателдери менен ушу
райондогу атактуу эки чоң совхоз Ильич, Жакшы-Арал совхоздорунун бөлүм
башчылары болучу.
Райондун пахта жөнүндөгү эң жооптуу адамдары ушулар. Мынабу он күндүктүн
калган беш күнүндө пахтаны жүз процентке жеткизүүнү убада кылышкан чыйрак, ыкчам
жана кызуу дем менен айтылган кыскача жыйналыштарды жасады. Алдыдагы
милдеттерди райондун бүткүл чарбасын колдогу машинелерине, адамдардын эсебине
чейин толук билген Юлдашев өзү дааналап атап берген.
Иңир караңгысында Ленин районунун борборунан эми эки жакка тарап кетишип
жаткан жеңил машиналардын сигналдары үн чыгарышты. Ала-була жарыктары жана
буркурап уюган чаңдары бирине-бири кошулуп барып жоюлат.
Райкомдун үйүнүн жанындагы аянт менен көчөлөрдүн бойлорунда жаңы гана
тараган штабдын кызуу турмушу баамдалат. Кетип жаткан машиналардын көпчүлүгү
«ГАЗ-69», араларында «Победа», «Волгалар» бирөөлөрү алыска, дагы бири жакын
арага зымырап жөнөшкөндө жеңил жүрүштөрүнүн убагында оор милдет, чоң эсепсандар, убадасын алып учуп кетип жатышты. Машинелердин көбүн адам күчүн сактоо
үчүн өздөрү айдаган райондук жооптуу кызматкерлер.
Дал ушул машинелердин сигналдары, чаңдары, карбалас кыймылдары борборду
кым-куут карбаласка салып жаткан кезде, Айсулуу да чоң түйшүктүү жагдайга дуушар
болду.
Колунун чыкканы Ильястын жардамы менен ордуна келсе да Айсулуу үч-төрт
күндөй жумушка жарабады. Ал ошол абалында катуу кыйналган, кысылган эле. Эми
дарыгердик пункттагы аспап, дары-дармектери аз болгон адамдар буга электр
кабинети бар, рентгени бар райондун ооруканасына бүгүн барып көрүнүп келүүгө
жолдомо берген. Ордуна келген колунун али да бир аз шишиги бар. Петр Иванович:
сөөктө жарака кеткен жер жок бекен деп районго атайын рентгенге тартууга жиберген.
Айсулуу ооруканага кечигип келип, кайра колхозуна кайта турган машинеден калып
калган эле. Ошондой машинени ал амалсыздан кечке чейин тосту. Акыры машиненин
жайы болбой, жөө кетүүгө он чакты километр алыс, түнгө кала турган болгон соң ал
ушу райондун борборундагы энесинин төркүнү Абды аганын үйүнө барууга беттеди. Ал
үйдө Айсулууну кичине кезинен жакшы билип, жакшы көргөн жана райондук орто
мектепте Айсулуу окуп жүргөндө кээ бир жаанчыл күндөрдө жатын кетип жүрө турган
энесиндей ишенимдүү жеңеси бар.
Азыр Абдынын өзү кумдуу талаада малда болгондуктан, баласы жок аялы
Айсулуунун жеңе деп жүргөн Күлшат эже үйдө болуу керек. Бирок ал үй да
Чынарлуунун четинде. Оорукана болсо борбордо. Машинени тоскондо да Айсулуу
ошол борбордо тосуп кечке калган. Дал ушу оңтойсуздуктун жөнүнөн улам эмнеси
болсо да четтеги Күлшаттын үйүнө барып конмок болуп беттеген Айсулууга Асел
жолугуп калды. Аселдин үйү Айсулуу келаткан көчөнүн ооруканага жакын булуңунда
болучу. Эшигинин алдында көлөкөсү мол алчанын түбүндөгү отургучка жалгыз отурган
Асел жанынан өтүп бара жаткан Айсулууга өзү амандашып:
— Амансыңбы, чырагым! Мен атыңды унутуп калыпмын. Апаңды жакшы билчү
элем. Сен Найман кыштагындагы «Кызыл жылдыз» колхозундагы Нурбүбүнүн кызысың
го! — деп жармаша кетти.
Келишимдүү зор денесин ыкчам көтөрүп Айсулууга карай басып жанына келди.
Айсулуу анын суроолоруна кызара түшүп:
— Ооба, ооба, ошондой эже! — деп үзүл-кезил кыска Жооп берген.
Оролуп жармашкан Асел мунун эмне кылып жүргөнүн, кайда бара жатканын толук
билди да, эми ошол арада өз үйүнө меймандостук жылуу, нурлуу жүз менен Айсулууну
чакыра баштады.
— Апаң менен биз жакшы санаалашпыз. Өзүң тааныбасаң да мени бөтөн дебе!
Кечки караңгыда жалгыз кайда барасың? Мынабу биздин үй, жакын, жатыркабай турган
дос-жарыңдын үй-жайы, ушунда кары энем экөөбүздөн башка жан жок. Жүр, биздикине
конуп ал. Кана, үйгө жүр! — деп Айсулууну билегинен кармап өз дарбазасына карай
бура берди.
Аселдин сөзүндөгү бир чындык, чынында да бүгүн үйдө өзү менен энесинен башка
эч ким жок эле. Абилмажинди пахтанын машакаты кууп жүргөнү далай күн болгон. Ал
кээде күндүз, кээде түн ортосунда бир келип, киймин алмаштырып, даяр тамакты, же
болбосо ачылган бөтөлкөнү шыңгытып ичип кете берчү. Андан «кайда жүрөсүң, качан
келесиң?» — деген сөздү Асел сурачу да эмес.
Сагыт үйдө бул кезде жок. Анын тууган энесинин үйү ушу болсо да, өз тууган апасы
кең таноо кемпир ушунда болсо да, кызматка орношкон күндөн бери бул үйдө турчу
эмес. Кээде келип, коно жатып кетсе да, ушу Чынарлууда тууган-туушкандары, агайынтууганы болгондуктан өзгө жакындарынын үйлөрүндө алмак-салмак тура берет. Салт,
бойдок жигит кызматка жаңы келип тургандыктан бардык тууган-туушкандын үйлөрүндө
конок эсебинде жүрө берчү.
Айсулуу бөлөк үйгө конуп көрбөгөн калыбында Аселдин кең үйүнө акырын басып,
тартына, ичинен кымсынып кирди. Бирок верандада, төрдө тегерек үстөлдүн жанында
жаздыкка жантайып, таяк кармап отурган чоң энеге жакын келип столдун экинчи жагына
тизе бүгүп отуруп ыйбалуу жүз менен салам бергендей: Эсенсизби, эже? —деди.
Үй ичи, ушу үч ургаачы, андан соң Аселдин «Баттал, Баттал!» — деп бакчага карай
катуу чакырыгынан кийин кирген жалаңаяк, бүтүгүй көздүү, үрпөйгөн саргыч чачтуу 12—
13 жашар бала болучу. Ага Асел чай койгузду. Кемпир менен Асел өз ара күбүрөшүп
калганда келини энесине Айсулуунун ким экенин туюндурган. Ушуну менен аз убакыт
өткөндө тез кайнай турган самоор да эки ийнинен буу чыгарып, адеттеги ордуна,
Аселдин жанына жайгаштырылган эле. Чайичиле баштады. Баттал бала столдун
экинчи жагында, самоордун жанында Айсулууга жакын отурган. Ал ушул үйгө кызмат
кылып жүрүп, мектепте окуйт экен.
Айсулуунун былтыр бүтүргөн орто мектебине башталгыч класстарга ушундан эки
жыл мурун кирген эле жогорку классты былтыр бүтүргөн Айсулууну Баттал жана эле
тааныган. Аялдар арасындагы сараң сөз акырын үзүлүп, тынчтык үй ичинде созула
бергенде, сүйлөөк бала Айсулуудан анын окуусу жөнүндө сурай баштады.
Жанагы бир тынымда анын суроосу боюнча Айсулуу Алма-Атага барып, быйыл
окууга кире албай калганын айткан. Эми ал Айсулууга кичинекей бүтүгүй көзүн кадалта
отуруп:
— Сырттан окууга качан киресиң? — деп сурады.
Айсулуу кыш түшкөндө, декабрдын ортосунда бара турганын акырын гана айткан.
Асел өзү окубаган аял. Айланасынан кыздар жөнүндө көбүнчө укканы — мектептен
узабай бул өрөөндүн кыздары күйөөгө тие турган. Ошол жайды ал өзү да, күйөөсү да
казак кызы үчүн жеткен, жетишкен өлчөм деп билет. Сүйлөп үйрөнгөн. Тыйган киши
болгон эмес. Көңүлү болсо окуган дегенден өзүнүн көөдөнүн, санаасын кем деп билип
көрбөгөн төрт тарабы түгөл сүйлөөк жеңе эми коногу — момун жүздүү Айсулуу кызга
акыл айта баштады.
— Мындагы окууңду бүтүрүпсүң. Энең болсо жесир болгону силерди асырап
өстүрөм дегени көп жыл болду, жаш өмүрүн, бүткүл өмүрүн сарп кылды. Сен болсоң
жашың да, боюң да жетип, жетилип болупсуң. Эми дагы окуу деп кайда каңгымаксың,
сиңдим! — деп айтып койду.
Айсулуу мындай сөздөрдү көп уккан. Уккандын баарын өзүнүн дүнүйөдөгү эң
сырдаш адамы, жакыны энесине толук айтып берчү. Айтып отуруп, энесинен баласы
илгери окууга уруксат алып, өз жайын чечип койгон. Ошондуктан келер-кетери жок
кысыр сөздү баштап отурган Аселге ал чечилип чындап жооп айткысы келбеди.
— Ким билсин, эже. Окуйбуз дейбиз. Ал окуу колго түшөбү, жокпу? Алдыдагы
белгисиз жайлар эмеспи. Көрөбүз да! — деди да токтоп калды.
Дал ушул кезде сырткы дарбаза жабылганы билинип, анан веранданын эшиги
ачылып, жалаң тактайга бутун ныгыра баскан узун бойлуу, зор денелүү тармал чач,
кара тору жигит кирип келди. Үйдөгү Асел менен картаң эне аз-аз үн чыгарып:
— Келдиңби, Сагыт, жогору өт. Сенсиңби?
Сагыт үйдүн ичине көз жиберди да, Айсулууну көрө сала самоордун ар жагына
келип аңырайып туруп калды. Ойдо жоктон жакында жүзүн гана сыртынан бир көрүп,
ким экенин, кайдагы жан экенин биле албай адашып, каңгырап калган жигит эми
капилеттен көргөнүнө таңгалып, кубанып да кетти. Жайчылыктагы корсулдак орой
мүнөздүү жаш жигит өзүнө өзү себебин айталбастан абалда күлүп жиберди. Өзү да
оболу бозоруңкурап сургул тартып, эми дуу эткен, ойногон кан менен кара күрөң тартып
чукул кубулуп, өзгөрө берген.
Ал бир кезде адымдай басып төргө чыгып, Айсулууга бет маңдай столдун экинчи
жагына өтүп, энесинин жанына барып курс этип отура кетти. Ыржыйып күлгөн жүзүн
Айсулууга кадаган калыбынан бурбады. Амандашканда: «Мен сизди билем, сиз да
мени билесиз!» — деп ишенимдүү сүйлөй берди. Айсулуу акырын гана:
— Эсенсизби? — деди да башын саал чайкап: — Билбеймин, мен билбеймин,—
деди амалсыздан.
Сагыт ар бир өзү курбулаш жаш кызга омуроолоп сүйлөп соктуга жанаша берчү
адетинче:
— О кой, аның эмнең? Тааныйсың го мени! — деп сала берген жерден «сен» деп,
орой сүйлөгөндүн үстүнө Айсулууну тамашалаган жүзүнөн али да ырсыйган сүйкүмсүз
күлкүсүн жыйган жок.
Айсулуу эми анык жактырбай, саал кабак чытты да, башын дагы чайкап: «Мен
билген эмесмин!» — деп эшик жакка бурулду.
— Бали, өзүң кызык экенсиң. Ушундан төрт-беш күн мурун көрдүң го мени.
— Кайда? Кайда?
— Э, медпункт кайда? Колуң мертинип дарыгерге келбедиң беле?
— Ооба, андан кийин...
— Ошондо мен колуңдун мертингенин, дарыгердин эмдегенин баарын көрүп
отурбадым беле?
Айсулуу Сагыттын мындай үстөмөндөтө сүйлөгөнүнө да моюн берген жок. Себеби
ал өзүнүн колу мертинген күнү оозгу үйдө ким отурганын, ким турганын ным байкаган
эмес. Ал тартынып үндөбөй ичинен алда неге тынчсыздангандай кыйпычыктап козголуп
эшик жакка денесин да, көзүн да бурду. Кырданып отурду. Оюнда ушул үйдөн чыгып
басып кетсем дегендей.
Өзүнүн кайниси менен мынабу кыздын ортосунда жалгашкан сөз чыкпаган соң эми
Асел үн катты.
— Экөөн тең бир-бириңди жете билбейт экенсиңер деги. Мен айтайынчы. Мынабу
жигит менин кайним — Сагыт окуусун бүтүрүп ушунда кызматка келген, жаңыдан келген
техник, суу техниги. Ушу райондордо айтышат го, эң керек адис ким десе, чөл жерде
суу техниги эн кымбат адам деп. Ошол кымбат адис курбуң Сагыт ушул болот. Ал,—
деп эми бир кезде Сагытка бурулуп, күлүп сүйлөп: — Мынабу жаш сиңдимдин аты
Айсулуу экен. Биз булардын айлын Найман айылы дейбиз. Колхозу «Кызыл жылдыз»
болсо керек. Ошондойбу, Айсулуу?
Айсулуу акырын:
— Ошондой,— деди.
Ошол «Кызыл жылдызда» турган жесир эже Нурбүбү деген киши бар. Ошол
Нурбүбүнүн бойго жеткен жакшы баласы мына ушу бала Айсулуу. Бу да окуу бүтүргөн!
— деп койду.
Экөөнү анык жанаштыра тааныткысы келген ыкластуу сөзүн да, мүнөзүн да
көрсөттү. Бир беткей аңгаал, кыңыр Сагыт өткөн жолу үй ичинде үйлөнүү жөнүндө сөз
болгон кезде энеси менен жеңеси атаган кыз Айсулуу деп ойлобогон эле. Ал ошондогу
жеңесинин буга сүйлөшмөк болгон колуктусу ушу Айсулуу экенин жаңы гана, дал ушул
Аселдин соңку сөзүнөн кийин баамдаган. Капилеттен таңданып, кубанып, чукул
өзгөрүп:
— О-о, ошондойбу, ушулбу? Ушундайбы? — деп бир эсе жеңеси, бир эсе Айсулуу
жакка чукул бурулуп жалтактап, дагы да окурангандай ыржыйып, өзү менен өзү болуп
орунсуз күлө берди. Айсулууга айлакер аялдардын Аселдей чырмагыч, тузакчыл,
жалган мүнөздөрү көп, көп тааныш эмес, бирок ушундай мамиле кылган, асыресе
өзүнүн көзүнчө кошоматтап мактаган мүнөздөр жакчу эмес.
Айсулуу байкоолору өзүнчө бир мыкты. Азыр да ал бири кайниси, бири жеңеси
болуп отурган мынабу чала тааныш эки адамдын экөөнүн тең мүнөздөрүн, сөзүн, ырайпешенелерин жактырган жок. Бирок ичинен далай нерсени таанып билсе да, тили
менен сыртына ошол таза, туура көңүл менен байкагандарын адамдын жүзүнө
тууралап айталбай турган уяңдыкпы, жалтаңдыкпы, айтор бир түрлүү тике айттырбай
турган амалсыздыктын тушоосу бар. Ошондуктан, ал эч нерсе айткан да жок. Акырын
гана туруп эшикке карай козголду. Асел анын кеткиси келген чыгаар деп токтотмок
болду.
— Айсулуу, кайда, эмне болду? Бир жакка барайын дедиң беле?
Айсулуу ушу кезде ордунан бирге турган Батталды назик үн менен атын атап өзүнө
карай бурду. Ал Аселге да билинсин деп Батталга эмки ниетин айтты.
— Баттал, сен биздин Күлшат эженин үйүн билем дедиң го жана?
Оюнда таза көңүлдөн башка эчтеме жок Баттал:
— Ооба, билем, эмне экен?
— Эмесе мен сенден суранайын, сен ошол эжени ушунДа мени чакырып жатат, тез
келүүсүн сурады деп айтып келчи! — деди,
Асел менен бөлөк үйдөгүлөр Батталга токтогудай сөз айтып үлгүрбөдү. Баттал
чапчаң бурулду да, туруп жөнөп кетти. Асел жөнүн сураганда Айсулуу: «Караңгы кирип
калды, мен жалгызмын, кетүүгө кыйын болгон соң ошол кишини келсин дедим» — деп
айтты.
Аселдин «кондурам, ушунда бүгүн алып калам» деген ниети болсо да эң алгачкы
кезде Сагыт кокусунан келип калган соң мынабу өңдүү-түстүү кызды көндүрүп калтыруу
болбой турганын байкаган. Эми ал ушул үйдө конок бол дештин ордуна:
— Ырас, караңгыда жалгыз жүрүү жайсыз болор. Бирок мынабу Сагыт жеткирип
койбойбу! Мынабу Сагыт алпарып койгону жакшы эмеспи? Карган жеңеңди эмнеге
чакырттың? — деген ага Айсулуу:
— Айыбы жок. Келет, бирге кетебиз! — деп койду.
Сагыт ордунан турган бойдон эшик жактагы жалгыз
орундукка отуруп калган Айсулууга жакындай турган сөз таба албай, анын кете
турган мүнөзүн жактырбай, саал кыжына сүйлөдү.
— Эмне, мындагылар эл тоногучтар бекен? Эмнеге коркуп жатасың! — деп дагы өз
сөзүнө өзү ырсалаңдап сүйкүмсүз таноосу дердеңдей түшүп, ыржаңдап күлүп кирди.
Мунун жүзүнө биринчи ирет дааналап карап, өзгөчө бир 'татынакай көздөрүн бурган
Айсулуунун мөлтүрөгөн ачык жүзүндө Сагытка алгач сынай караган эле. Орундукта
отуруп Сагыттын бардык түр-турпатын, кебете-кешпирин эми гана толук көрүп
түкшүмөлдөгөн Айсулуу бул жигитти ушунчалык бир сүйкүмсүз, обу жок экенин көрдү.
Аны менен жооптошкусу келбей ачык караган жүзүн жалтантпай сынай от-урду да, жооп
берген жок.
Өз кадыры менен баасын орду менен закондуу өлчөмдө жакшы билген бул чынчыл
жаштын керек болсо текебердик да мүнөзү бар. Ал ичинен: «Сени менен жооптошом
деген ким бар?» — дегендей салкын тартып кырс калыбында отурду.
Кыздан жооп алалбаган Сагыт эми чукул өзгөрүп, тармал чачын үксөйтүп башын
бир чайкап алып, тегерек столду бир жак бутун секирте чыканактап басып ордунан
ыргып турду. Дердектеген таноолорун бышылдатып үйдөн тарс-турс басып чыгып
кетти. Анын кайда кеткенин үй ичи билген жок. Айсулуу Асел менен да анча сүйлөшпөй
унчукпай гана ылдый карап отуруп калган.
Өзү байкабай ал кош өрүм чачынын бирөөнү берки жагына ийнинен ашыра таштап
түшүргөн экен. Баятадан кыздын жүзүнө үнсүз карап тикирейген көзү менен сулуу
кызды баамдап отурган кемпир эми Аселге сөз катып:
— Жанагы Сагыт кайда кетти? Мынабу баланы жеткиртип койбой! Өзү эмне кылып
кетти. Чукул бир жумушу чыгып калдыбы! — деп анын келиши менен кетишиндеги
оңтойсуздукту турмуш тажрыйбасы мол карт эненин көңүлү ушундайча күкүмдөнүп,
майдаланды.
Асел да Айсулуунун көзүнө Сагыт сөлөкөт болуп көрүнбөсүн деп:
— Жок, ал али кетип калган жок чыгар. Мынабу Айсулуунун эжеси келген соң
ээрчитип апарып коёт да. Чоң калаада жакшы тарбияда өскөн жаштардын бири эмеспи
ал дагы. Сыпайычылык жолун неге билбесин! — деп бир жолу Айсулуунун оюнда жок
оңтойсуз жайларды тил менен жамап, майдаламак болду.
Айсулуунун сергек көңүлү өзүнө Аселдин мүнөзүн толук түрдө чечүүнү уруксат
этпейт. Ал чын сезгенин далдап айтса мынабу казак жеңе ороңдогон кайнисине
Айсулууну кадимкидей телигиси келет. Анын ошондоюна оңой эле көнө коё турган
Айсулуунун көңүлү бар деп ойлогондой. Наадан, жапайы, эски айылдын айлакершумпай мүнөзү байкалат. Бул жайды Айсулуу өзүнө толук жеткизе сезди. Аселдин да
май баскан ушундай айла менен жайылган эти калың тегерек жүзүнө салкын гана көз
салып коёт. Көз кыйыгын салат да кепке келбей боюн оолак кармайт. Эми бир саамда
ал: «Ушу бир үйгө, ушундай жаман тор сыяктуу мүнөздөрдүн ортосунда, жайсыз
адамдардын арасына кандай келип калдым, эмнеге келдим экен, эмнем бар эле?» —
деп өзүн өзү кинелеп да калды. Ушул жайды туюнары менен атүгүл өзүнө өзү ыза да
болду. «Эсимден адаштымбы, көчөдө туруп амандашкан кишинин үйүнө жөн-жайын
билбестен күн бата келип эмнем бар эле?» — деген өкүнүчтү көбөйтө берди. Ошол
саамда жүзүнө катуу толкуган кызыл чырай атып чыкты. Кечки электр жарыгынын
райондук жердин адетинче алсырап туруп чукулунан жаркырап күйө турган маалы
болгон эле. Үнсүз окчунураак отуруп калган кыздын жүзүнө эми көз салган Асел анын ак
саргыл өңүндө жагымдуу жаштыктын кызгылт жарашыктыгы, нур ажары билинип
турганын көргөндө бир түрлүү кызыга кубанды. Ичинен: «Мынабу эмне деген сулуу кыз
эле! Болгондо да далайдан, казак кыздарынан оңой менен көрүнбөгөн көрк экен. Эмне
үчүн ушу күнгө чейин жооптуу кызматкерлердин биринин көзүнө илинбей, дагы
бирөөлөрдүн колтугунда кетпей жүрдү экен!» — деди да ошондон ары өзүнүн өгүнкү
энеси менен сүйлөшкөн сөздөрүн дагы бир жолу эске салды. «Бу кыздын үйүндө
мынабу көргөнү көп кечээги бай кемпирдин көзүн кызыктырган жасалгасы мол деген.
Ары сулуу, ары үйүндө Аселди кызыктырар кызылы көп. Эмнесин айтасың... Муну
колдон чыгарса эси жоктук болор».
Эми ичинен Сагытты ойлоп:
«Шордуу Сагыт, эмне кыласың, барыңды сал да, катын алсаң ушуну ал! Ушуну алуу
колуңдан келбесе бүгүн ушул кечте оңун келтирип кездештиргенимден садага кет.
Ушуну ала албасаң жигит болбой өлүп кал!» — деп өз көөдөнүнүн буйругун түйгөндөй
болду.
Сагыт келбеди. Эми аздан кийин Баттал баштап Күлшат жеңе ашыга басып үйгө
кирди. Ал үй ичи менен салкын, кыска гана амандашты да алдынан тосуп чыккан
Айсулууну ийнинен кучактап, маңдайынан сүйүп, ээрчитип алып кетүүгө баштанды.
Асел менен кемпирдин «отуруп тамак ичип, ашыкпай кетсең боло?» — дегенине
караган жок, сыпайы сөз менен алкыш айтты да, убакыттын кеч болуп, эртеңки жумуш
камын көрүш керек экенин айтып, чыга башташты. Эшиктен чыгар-чыкпастан
Айсулуудан качан келгенин, эмне кылып районго келгенин сурап бара жатты.
Булардын» кеткенине бир далай болгондон кийин үйгө адыраңдай Сагыт кирип
келди. Анын өңү бозоруп, деми ысык тартып боюна ашыгыш кызуулук жыйгандай.
Чынында Сагыт өзүнүн зөөкүрлүк эсеби боюнча тартынчаак кыз менен бегайбат
сүйлөшмөк үчүн кооперативде иштеген дүкөнчүсү Кусайыи деген курбусуна барып эки
жүз грамм аракты шашылыш ичип, помидор, алма менен бастырып кайта кайрылып
келген эле.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 06
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.