Latin

Өскөн Өркөн - 11

Total number of words is 4073
Total number of unique words is 2025
28.9 of words are in the 2000 most common words
41.1 of words are in the 5000 most common words
46.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
чарбасынын жайы бар. Аныңыз ырас. Бирок бир жагы кум, бир жагы тоо — сансыз ээн
өрөөндөр. Чөбү сейрек, жеми аз, жери суусуз. Ушундай толук чөл, жарым чөл учкыйырсыз аймактар жатат. Малды анын абалына карата, анын бергенин топук кылып
багуу, өстүрүү — азыркы тажрыйба ушундан уза. бай турат да. Бүткүл Орто Азия
ушундай. Коңшулаш республикалардын кээ биринин жери жылуу дегени болбосо
андагы мал өстүрүү да ушундай. Бирөө тоодо, тигил Кавказдагы сыяктуу жутаң, жүдөө
жагдайды топук кылат, топук кылбаска чарасы жок.
Буларды билүү менен бирге кыйналып ойлонгон Карпов ушу айтылган дал
чындыкты биле туруп, ичтен ыза, намыс оту менен кайнай түшкөндөй болот. Катуу
жигерлене тырчый түшүп:
— Билемин, билемин! Бирок ошондой болумсуз, алсыз чындыкты кур билгенден не
пайда! Болбойт. Буга көнүүгө, чыдоого болбойт! Башка, мүлдө башка чаралар керек.
Табуу керек ошону. Ошонун үстүнө партиянын, өкмөттүн, айыл чарба илиминин да
пикирин, оюн билүүгө аракет этүү керек. Адам ошол мал соңунда, ошол кырылып
жаткан малдын жанында кыйналып, тынымсыз эмгектенип жүргөн адам жөнүндө, чабан
менен алардын үй-бүлөлөрү — бардык мал чарбасындагы жандар жөнүндө анчалык
кыйналган учурларды көргөнүм жок. Бүгүнкү кезде, азыр ушул саатта, ошол
Моюнкумда, Узак менен Нояндын кардуу суук, катуу бороон согуп турган талааларында
күн-түн уйкудан безип, күнүн түйшүк менен өткөзүп жүргөн чабандар жөнүндө
ойлогондо жүрөгүң канайт. Жок, жок, мүмкүн эмес мындай! — деп колун ыза менен
шилтей сүйлөдү да, үн катпастан кыжынып, катуу адымдап басып кетти.
— Мырзабай талаасына чыккандан бери бороон күч алып согуп турат, — деди
Эсентаев машиненин өзү отурган оң жагындагы арткы кичинекей айнекти саал гана
ачып, шофёрдун жанында отурган Жарасов артына саал гана капталынан бурулду да:
— Карабаш кутуруп турат. Ачык талаага чыккан соң ого бетер күч алып кеттиби,
кандай? — деп абалдын оңолбой жатканына кыжаалаттанып баш чайкайт.
— Облус боюнча прогноз жаман эле. Бүгүндөн баштап аба ырайы бузулайын деп
турабы? — деген шексинүүнү Эсентаев кошту.
— Ким билсин, азыр карсыз кара суук, эми мунун үстүнө кар жаап берсе балээ
ошондо басты го. Катуу шамалдын үстүнө суугу кандай катуу, бет каратпайт, — деп
Жарасов жолдун алдыдагы бороонго шофёр менен катар көз тигип каадалануу менен
карады.
Чынында булардын жүрүшү такыр арбыбай койгон. Эмне деген кеп, таң ата
Бабатадан чыгып, Кызыл-Көлдү айланып Мырзабайга чыгып, бул жолго чыкканы бешалты саат болду. Мына эми жетинчи саатка карай кетип баратат. Жол жаман экени
ырас. Жолдон өткөн машинелердин издери кээде басылып, жоголуп, кээде чала-була
буластап, зорго-зорго билинип жаткан. Айтор, жол таманы будур болсо да каткалаң.
Кээде кар, кээде муз. Бир жагынан жол жаман, экинчи жагынан андан да шамал жаман.
Кара-Тоо өңүрүнүн айтылуу шамалы Карабас бүгүн катуу согуп, машинени бет
маңдайынан тосмолоп ырылдап, илгери карай бастырбоого тырышат, тирешет.
Жарасов чыдай албай узун бойлуу, кызгылт жүздүү, азыр мурду көгүш тарткан
шофёр Шакирге карап койду да:
— Кандай маскара. Алтымыш чакырымды жети саат жүргөн эмне деген кеп! — деп
кабагын түйгөндө жукараак, акчыл бетинен, эки ууртунан катмарланган бырыш
билинди.
— Арттагы машинелер кантээр экен? Чоң машинелер үстүндөгү каңкайган жүгү
менен, чөбү-жеми менен жолдо бөгөлүп жүрбөгөй эле. Ошол арттагы колонна бизден
үзүлүп калбаса болду — деген күдүктөнүүгө Эсентаев да кошулду.
«М-72» бүгүн өзүнүн бардык жерге жүргүч өнөрүн көрсөттү, бул жолоочулар иңир
кире бергенде өздөрү максат кылган Айгенеге жеткен эле. Мында «Алга», «Шеген»
совхоздорунун штабы бар. Артта келе жаткан колонна он эки машинеге чөп арткан
«Шеген» совхозунун жардамчылары. Кошумча төрт машинеде арпа, ар түркүн жем —
комбикорм бар. Ушу машинелерге жардам үчүн үч трактор жиберилген. Ошонун
баарын баштап кечээ Нояндын борборунан чыккан «М-72» машинесиндеги райондун
эки жооптуу адамы эле. Жарасов Ноян райисполкомунун председатели, Эсентаев
райкомдун экинчи секретары. Алма-Атадагы жыйналыштан жакында келген райкомдун
биринчи секретары Касымов ушу жолдошторду жанагыдай көмөктөрүн берип
өздөрүнчө бир далай арбын азык менен жөнөткөн. Үч трактордун бирөөнү Касымов,
Жарасов акылдашып, Кара-Тоонун азырынча кыйынчылык менен болсо да өткөөл
берип отурган Ташкөмүрсай ашуусуна калтыра турган болгон. Алары жөндүү эсеп.
Келаткан колонналар ушу гана эмес. Кийин да алдыда оор күндөр болууга мүмкүн.
Азык ташый тургам жардамдар жүктөлүп жибериле турган али далай чубашкан
машинелердин колонналары бар.
Кара-Тоонун өзгө сарайлары, ашуулары, бул күндө ширелген кар, муз болуп, ашуу
бербей жатып алды. Жалгыз гана чоң аракеттин кичинекей токтолушу, ипичке өткөөлү
ушу Ташкөмүрсай ашуусу болуп турат> Ошондуктан кар калыңдаса, муз басса, ашуу
кептеле баштаса ушул арага трактордун бир нечесин дайыма кармап туруп, машине,
унаа аттуунун ары-бери каттагыч өткөөлү болгон жерди душмандын чабуулунан
коргогондой күн-түнү коргоп отуруу керек. Алды жакты ойлоонун эң бир керектүү камы
ушул жерде. Алыстагы кумдагы эки жактагы малды ойлосоң, эң алды менен ушул
арада бар күчүңдү бууп калар «тар эшик, там босого» дегендей дал ушу таш короодо
күтүп отуруу бир нече тракторчуларга тапшырылган. Анын бирөө Власов Алексей,
экинчиси — Досов Бекен, үчүнчүсү — Садыков Эшмат.
Түндүк суук шамалы Ташкөмүрсайдын үстүнөн боройлотуп өтүп, сай боюна, ар
жерге кар үймөктөрүн жал-жал кылып, жол үстүнө ак дөңсөөлөрдү кураштыра берди.
Түнкүсүн төрт сааттан кезектешип бөлүп алган Власов, Досов, Садыков үчөө
Жарасовдордун артынан жүргөн жүгү мол машинелерди көп бөгөлөтпөй, баатыр
кайратын жыйып кезмектеп коюп, сүйрөтүп отуруп таш ашуудан өткөрүп жиберген.
Карабас шамалынын түн алегиндей тар сайдын боюнда, терең эңкейиште кутурган
жин ойногун үч тракторчу бул сапар кебелбей жеңип чыгып, таңата тыным алышкан
эле.
Айгенедеги «Алга» менен «Шегендин» базаларына Жарасовдор жылуу кабар
апкелди. Арттан келе жаткан жайын жеткизди. Бул жерде район инспекциясынын
башчысы Эржановго жолукканда Жарасов:
— Эми калганын өз жоопкерчилигиңе ал. Сен кумдан жакшы кабар берип: абал
жакшы, күн жылуу, көчүүгө болот деген соң, бүткүл оторду ушундай карай козгоого
буйрук берген райком менен райисполком Арты кар болбосо болду. Карабастын
бүгүнкү бет алышы, кебетеси бузулуп турат. 60 чакырымды жети саат бою жүрүп
келдик. Биз минткенде кой кантмек! Кар жаап кетсе эмне кылмакпыз? Айтор сен
айттың, мал козголду. Биз жардамга келдик. Бирок качан айттың дебе, тек жол бузулса
жооптуу сенсиң! — деди.
Бети кара туурук болуп кыш бою тотуккан, мурдунун үстү кап-кара болуп күйө
түшкөндөй тиштери акшыйган Эржанов өсүп кеткен тикенектенген мурут-сакалын
тыржыйтып күлүп алды.
— Мага инспекция гана эмес, Карабастын шамалын да багындырып койгон
экенсиңер. Анын буйругу менде болсо, кой да жаман боло койбос, — деди.
Булар сөздү тышта туруп сүйлөшкөн эле. Ноян районунун койлору кумдагы
жайыттарынан бери көчүп кеткен соң эмки чара бүт колхоз-совхоз малдарын ирээт
менен, эсеп менен көчүрүү эле. Ошону ойлоп эртең 8мартка бардык чабандарды,
алардын ичинде улуу чабандарды жана колхоз, совхоз аттуунун ушу отордогу жооптуу
өкүлдөрүн, ушул арага чакырып алып акылдашууга бекиништи. Ошентти да үйгө
кирбестен Жарасов менен Эсентаев, Эржанов үчөө маңдайдагы чарбаларга атчан
кабарчыларды жиберишти.
Жарасов менен Эсентаев күндүзгү жолдон талыгып кажып келсе да, түнкү уйкусу
тынч болгон жок. Экөө түн ичинде караңгы бөлмөдө ойгоно түшүп, күбүрөп сүйлөшө
берет. Экөөнүн бирдей жамбашына баткан аяздай, таштай кооп бар. Ал кишилер үйдүн
кош терезесине кадалып улуп турган катуу шамал, Карабастын күндүзгүдөн да күчөй
соккон бороондуу шамалы. Жарасов бир нече ирет ойгонгондо терезеге барып
байкаган эле. Түн ортосунан оой бергенде шамал гана эмес, эми кардуу бороон
көтөрүлүп, суугу да, ышкырган ызгаары да кабырганы кайыштыргандай болду. Ушундан
кийинки уйку улам үзүлө түшүп, кайтадан ойгонуп жатып таң аткан соң төшөктөн
турганда, тыныккан адам сыяктуу эмес, экөөнүн баштарын оордоткон зеңгирөө бар эле.
Эржанов үчөө эртең менен оокаттана салып аба ырайын байкады да, кечеги
чакырган кишилердин бүгүн мында келалбай турганын анык түшүндү. Ушундан кийин
мал кайда, чабандардын абалы кандай, малдын абалы кандай, ошолорду билмек
болуп, эмки бүткүл чараны өздөрү иштөө керек болду. Ошентти да үчөө үч тарапка
оторлорду издеп жөнөшө турган болду. Унаалары тек салт ат. Эсентаев жети миң кою
бар «Казакстан» колхозуна, Жарасов он сегиз миң кою бар «Алга» совхозуна, Эржанов
«Кызыл жылдыз» колхозуна бара турган болду. Анда он жети миң кой бар. Мин, кой эки
отор болгондо, он жети миң кой отуз беш-кырк отор болот. Баарын аралап чыгуу
кайсынысына болсо да мүмкүн эмес. Бирок ар бир чоң чарба тобуна барып, эч болбосо
ошол тобунун кайда бытырай тарап кеткенин, адам менен малдын жалпы абалын
билүү керек. Үчөө тең кечке кайта келишип, ушу Айгенеде баш кошмок болушуп атка
минишкен. Үчөө үч тарапка бирден жигит алып, ырылдап согуп турган бороонго желе
жортуп, бат эле караандары көрүнбөй кетти.
Үч саат үздүксүз желдирип отуруп бир чети адыр, бир чети узакка созулуп
Акжазыкка таяп жаткан «Алга» колхозунун малына Жарасов жеткен эле. Четки отор
чоктой болуп тар сайга ыктай ийрилгенин көрдү. Кой четинде буурул сакалдуу, жайык
жүзүндөгү чекир көзү кылыр сыяктанып көрүнгөн койчу Байтен жөн-жайды айта
баштады. Жарасов Байтендин жанындагы жардамчы жигитти Кусайынды да, өз
жандарына чакырып алган эле. Эки чабан мал үчүн кабак түйүп, жаактары тиштиге
түшүп иренжий сүйлөдү. Алгачкы кепти баштаган Байтен:
— Кандай абалды сурайсың, жолдош! Кумдан көчтүк. Быякта болсо тапканыбыз
мынабу.
— Кумдан кетип Кара-Тоого жетип калабыз деген элем. Мынабу бороон, мынабу
аязда Кара-Тоо кайда! — деп Кусайын өкүнүчүн билгизди.
— Эми мынакей жер ортосу Көкдөбөдө көккө карап улуп турган кебетедебиз.
Жылына мынабу кудайдын күнү ушинтип курута береби?! — деген кабатырлыкты
Байтен кайта айтты.
Эки чабанды угуп болуп Жарасов акырын козголуп, койду аралап көрдү. Бул бооз
койлор эмес, токту экен. Ичтери кабырылган, жондору шалпайган. Ушу сайда кичинекей
кылтыйып көрүнгөн буталуу нерселер байкалса ошого үймөлөктөп умтулушат.
Жарасов жайды билип-туюп турат.
— Койлоруң ачка го. Мобу бороондон мурунку кейиптери кандай эле? — деди.
— Биздин отор бооз кой эмес. Кумдан да жаман чыгышкан жок. Бирок айдоого
түшсө, жерден жей турганы мына булар болсо, канчага жетет. Тыйтыгы чыкканы аз
калган мал да, — деди.
Жарасов чабандарга дем бере сүйлөдү.
— Күн ачыла малдарыңа жем жетет. Биздин артыбызда көп машинеге жүктөлгөн
малдын жеми келе жатат,
— Чөп барбы, чөп? Чөп аралашпаса жем жебей турганын билесиздер го.
— Билебиз, чөп да болот. Азыраак чыдай тургула. Койду мындай бороондо азыркы
ушул ыктоосунда кармап турганың болбос бекен. Эми биз эртең кечинде ушу
малыңардын ортосунда, өзүңөрдүн жаныңарда болобуз. Бизди район жиберди.
Нояндан атайы келдик. Жардамга келдик. Малдын жайын көрдүк. Ал эми өзүңөрдүн
тамак-ашыңар кандай?
— Тамак-аш, азыр жатаарда иче турган ысык оокатыбыз бар. Күндүз шүгүрчүлүк,
жемден, азыктан таап нан жесек да үшүгөнүбүз жок.
— Кусайын бул сөзгө канааттанган жок.
Ток эмеспиз. Ачта эмеспиз. Бирок суук катуу болгон соң, тамак да жетиштүү болсо
жаман болбой турганын билесиңерго! — деп күлдү.
— Чынын айтасың, дурус айтасың! — деп жаш чабандын туура айтылган сөзүнө
ыраазы болгон Жарасов:
— Мал азыгы менен бирге өзүңөргө да ар түрдүү тамак-аш, чай-пай ала келебиз.
— Ал да жетет. Тек чыдай тургула! — деди.
— Кантебиз, чыдабаганда кантебиз! — деп Байтен Жарасовго чекир көзүн
чакырайта кадады да: — Тек гана колуңдан келсе мынабу кутурган бороонго бир даба
кылсаңчы дээр элек. Ага болуп жатабы? Кантебиз кудай кылган соң. Бир гана сууктун
арты аязга айланып кетпесе десеңчи.
Алдын ала болжоп билчү элеңер го — деп эми Жарасовго тамашалап карады да: —
Эмне дечү эле, бала, сен айта берчү элең го! — деп Кусайынга ээк какты.
Момун жүздүү Кусайын ыржыя түштү да:
— Прогноз, аба ырайынын прогнозу. Айтмакчы ал эмне дейт, ага? — деп Жарасовго
кадала берди.
Жарасовдун өзүнүн да күмөн санаганы ошондо. Түнкү уйкусун бөлгөн да ошол
прогноз. Бирок бул чабандарды жүдөтүп түңүлтпөө керек.
— Прогноз эмне дечү эле. Чаташа берет да. Чыдам керек, сабыр кылуу керек.
Кайрат керек. Азаматтын кайраты керек, мына бүгүн марттын тогузу. Жерибиз Сибирь
эмес, түштүк. Былтыр бу кезде кайда Кара-Тоону ашып кетпедим беле! Жер кара, күн
жылуу болгон. Коркпой эле койгула.
Кусайын бул сөзгө канааттана албай турган.
— Деги, прогноз жаман го ага, аныгын айтпадыңыз го! — деди.
Жарасов да эки түрдүү жооп берди.
— Көктөм чыкпай, жаз келбей жатып кайда кетчү эле. Кыш кайта келер дейсиңби, өз
жайыңарды коңшу оторлор менен күндө кабарлашып билдирип тургула. Атыңыз ким
эле, аксакал? — деди да Жарасов чөнтөк дептерин алды.
Карыя өзүнүн атын Байтен деп, мынабы жардамчы балам — окуусун быйыл
бүтүргөн Кусайын деп жаш чабандын да жөнүн айтты.
Жарасов булар менен кол алышып коштошту да илгери карай кетти. Ушул күнү
алты оторду аралады. Ат үстүндө тизе тоңуп, бет каратпай кайта-кайта мурду менен
ээгин колу менен укалап жатты. Көргөн оторлорунун калган бешөө бооз соолуктардын
отору. Андагы чабандар сөзгө сараң, мал жайы катуу түйшөлткөн өтө кабатырланган
камкор мал ээсинин кебетесин көрсөткөн эле. Жут болорду ойлогон, күн ырайынан
сескенген, малга жаны ачыган адамда мындай күндө кабак ачылабы? Тоңгон оозго,
эринге көп сөз киреби?
Жайык жерде ыктай түшкөн кою менен бирге жөөлөп, бээсин жетелеп алган кара
сакал, орок тумшук чабан Ысмайыл Жарасовго нааразы сөз айтты.
— Кумдан кетпөө керек элё. Көчсүн деп буйрукту эрте бердиң. Эми мына малдын,
элдин көз жашы эмне болот? Мал жутаса эмне болобуз? Бүгүн жаап, эртең ачылса бир
жөн. Узап кетсе канттик жыл мезгили! — деп сынын, нааразылыгын, мал жөнүндөгү
күдүгүн сүйлөгөн Ысмайыл Жарасовду урбай туруп сабагандай сезилди. Ага Да
Жарасов:
— Атайы район жиберди. Өкмөт бардыгын эл менен бирге көрөт. Бизди көп киши
кылып, көп машине менен өзүңөргө атайы жиберди. Артыбызда малга жем, адамга
тамак-аш келе жатат. Өзүбүз күн сайын жаныңда болобуз. Чабан эмне көрсө ошону
бирге көрөбүз деп келдик, — деген сөздү жанагы Ысмайылдын үнүнөн уялган маанайда
катуу кыжынып сүйлөдү.
Түш оой аттан түшүп, бир жаш чабандын үйүнөн чай ичти. Ошондон кийин дагы да
атка минип, дагы бир нече оторду аралады. Ал жердеги чабандарга айтканы
жанагыдай азык-түлүк келе жатканын билдирүү. Малдын ээсиз, адамдын кайдыгер
эскерүүсүз эмес экенин туюндуруу максаты эле. Бүгүн күн бою каш карайганча аттан
түшпөй жүрүп, ал кечке ошол күндүз чай ичкен жаш чабандын, Доскендин боз үйүнө
келип конду.
Эржанов менен Эсептаевге айткан убада боюнча бүгүн кечке Айгенеге кайра келмек
эле. Бирок чабандарга кездешкенден кийин булардын коюн аралап, көзмө-көз көрүшүп,
адамдын көңүлүн, малдын жайын көрүп, билүү үчүн атайы кайтпай калды. Бул түн суук,
мурункудан да чыкыроондоп оңбогондой ашынып кетти. Ышкырган бороон үстүнө
аяздын шумдуктуудай ызгаары ушунчалык катаал, ушунчалык эгешкендей ашынып,
күчөп бара жатты. Бул түнү таң атканча бороондоп жаай берген кар бүткүл талааны,
бардык адырды, тоо бөктөрлөрүн, кум аймактарын — баарын тең жапырт басты.
Жарасов таң азандан атка минип, Айгенеге карай туура тартпай дагы да айланып
жүрүп кечээ көрбөгөн беш-алты оторду аралап, чабандар менен жүзмө-жүз сүйлөшүп,
кээ бирине өзүнүн ким экенин айтып, абал-жайды билишип, Айгенеге түш оой кайтып
келген эле. Келгенден соң мында кечээ кечке маал кайта келген Эсентаевден түндөгү
сууктун жайын сураган. Өткөн түндө аяз отуз эки градуска жетиптир. Азыр күндүз
жыйырма градус. Рация менен алган Эсентаевдин кабары боюнча кар калың жааганда
бул аймактын баарына тең ак көрпөсүн туташ жааптыр. Кумдун өзүндө бүгүн кардын
калыңдыгы 45 сантиметр болуптур. Бардык фактылар боюнча Жарасов менен
Эсентаевдин өздөрү көрүп-билгендери боюнча да койдун абалы начарлап барат. Эми
тек колдон жем берүү гана калды. Кар астынан бооз, жүдөө, ачыккан кой чөп издеп жей
албайт. Колдо барын, күч-унааны жумшаганда койго жем жеткизүү, асыресе чөп табуу
зарылдын зарылы болду.
Ушул абалды аныктап, баамдап, алдыдагы чараларды көптөн акыл кошуп чечип
алуу керек. Ошол үчүн 9-март күнү кечке ушу аймактагы Ноян районунун колхоз, совхоз
жетекчилеринин баарын Айненеге Жарасов менен Эсентаев жыйып алган эле.
Мында «Шеген» совхозунан Жаканов, «Казакстандан» Досбаев, «Кызыл-Аскерден»
Кызаев, «Алга» колхозунан Болусбаев, «Алга» совхозунан Алтаев бар. Алтаев ушул
оторлордун башчысы. Бул аталган кишилер үй-бүлөлөрү райондо, өз баштары кыш
бою кумда, малда жүргөндүктөн эл сагынган, бир аз чаалыгып кажыган кишилер экен.
Ар кимисине Жарасов менен Эсентаев өз чарбаларынын жайларын сүйлөдү. Алгач
сүйлөгөн Кызаев:
— Кумду да кар басып калды. Бизди кумдан көчтү деп сынай тургандар бар
сыяктуу. Мынабу абалда кумдан кетпесек анда да береке таппас элек. Мал кумдун
өзүндө да өлмөк. Үмүтсүз тек гана кыйынчылык камоодо калып, койдун туут кезинде
кыбыр эте алар жардамдан ыраакта калып, мүлдө тынч болбой куруган болор элек. Ал
эми азыр эч болбосо районго карай, Кара-Тоого карай акырындап бир таман да болсо
жакындай берсек, ала турган азык-түлүккө жакыныраак келген болобуз. Менимче,
колдон келгенче эми аялдабай Кара-Тоого карай кичинеден жыла берүү керек, — деди.
Мунун кумдун жайын билбестиги алгачкы сөздөрүнөн анык көрүндү да Алтаев
тамаша кылды:
— Өзүң кумдан келе жатсаң да, кумдун жайын билбепсиң го! — дегенде Жаканов,
Досбаевдер мыскыл менен катуу күлүп жиберишти.
— Болушбаев кабагы суук, жүзү түксүйгөн, томсоргон калыбында Кызаевге карады.
— Кумда кар болсо да кум дөбөлөрдү бир жагы ачык жата турган жайы бар. Кум
бардык чөбүнөн ажыраган жок. Карга туруштук бере алган буталары, дүмүрлөрү болот.
Айтор, кумда отурсак уңкул-чуңкулуна мына мындай суук аяз, бороон күндөрдө козулуу
койду ыктатып, эч болбосо аяздан сактап отурар элек. Кызаев болбогон сөздү сүйлөп
отурду. Ушинтип отордун башында да жүрө берет экен го киши деген, — деди да, бирок
өзү да майнап чыгаар жол айта албай, унчукпай отуруп калды.
Жарасовдун үмүт эткен башчысы Алтаев боло турган. Ошого карап сүйлөдү.
— Бүткүл райондун кумдан бери карай каптап келе жаткан калың малынын
башчысы сенсиң. Эмне планың бар? Ушундай күндө кандай түрдө жылганыбыз оң
болот. Кандай ирээт менен жолдогу паана болорлук короо, отор базаларын пайдалануу
керек. Мына дал бүгүнкү ушул жагдайда өзүңдүн эмне планың бар? Мынабу элге
кандай буйрук кыласың?
Алтаев сыртынан ойлонуп отурган киши сыяктанса да, сөзү менен бул адамдарды
ыраазы кылган жок.
— Менин башчы деген курулай атым болбосо, колумда тоютум барбы! Шайлуу
короо-жай турабы? Же болбосо жылуу күн, кары кеткен Мырзабай талаасы турабы?
Өзүңөр көрүп отурган калың кар, тирелип каптап келген калың отор. Айтор чама
келгенче ар бир колхоз, совхоз, ар бир оторго берилген аз гана жемге сүйөнүп жыла
бер дегенден башка эмне айтабыз!..
Жарасов канааттанган жок. Ал Алтаевге кабак түйүп нааразы жагдайда сүйлөдү.
— Сенин айтып отурган сөзүң ушу кыйналган чарбаны баштап келе жаткан,
кыйынчылык менен алышууну ойлогон кишинин сөзү эмес. Мында план да жок, элге
ылайыктуу акыл, башчылык да жок. Тек айтор, алдында талаа, үстүндө асман. Барар
жерин Кара-Тоо, андан ары район. Баарыңдын тең жапа-тырмак жыла бер дегенден
башка айтарың барбы?
— Эми кантем, башка эмнени айтам! Мындай шумдук күн болот деп, март
ортосунда Арктиканын аязы болот деп, Арканын калың кары болот деп ким ойлогон?..
— Баса ойлобогонсуң. Кыйынчылык келген күнү маңдайың ташка тийип отурган
кезде алдыдагыны ойлоо мындай турсун, бүгүнкүнүн өзүн ойлоп Отурган жоксуң. Эмне
дедиң? Кур стихияны атап ар ким бет-бетиң менен алды-алдыңан жөнөй бер дедиң.
Ушу да ойбу? Башчылыкпы?
— Кара-Тоого жетип жыгылмайын көз ачылбайт. эми эмнеси болсо да, ким да болсо
ошондой карай илгерилей берүү керек дегенден башка амал да, акыл да жок.
— Эмнени айтып отурасың? — деп Жарасов ачууланды да, колундагы карандашты
столго уруп калды. — Кара-Тоого чейин 80 чакырым жер бар. Өзү бооз, ачка, түнкүсүн
аяз астында паана жок, бүткүл отор каптап жүргөндө кырылгандан башка эмне калды?
Өзүң кандай пландагансың? Азыр мына ушул жерден Кара-Тоого чейин нече күндө
жеткизмек болдуң малды?
— Алты күндө жетет деп ойлоймун.
— Күнүнө 15 километр жүрмөксүңбү?
— Ооба, түштө бир тыныктырып алып, эмне болсо да ылдамдата айдап, жете
турганын жеткизип албазак, бүт малды түгөл ушу арада жуушатып кырып салабызбы?!
Алтаевдин ушул соңку сөзү Болусбаев, Досбаев экөөнү тең алекке түшүргөндөй
болду.
— Эмне деп отурасың? Жайдын ысык күнүндө да кой 15 километр жүрчү беле?
Ушул карда эмне деген сөз бул! — деген Болусбаевди Досбаев коштоп сүйлөдү.
— Антпегин, 15 километр деп айтканың — же түк билбегениң же түк ойлобогонуң!
Шумдук, Алтаев, мынабу сөзүң! — деп жиберди.
Жаканов, Кызаев да бир ооз ызалуу кыжынган кептерин айтты. «Сандырак»,
«жоопкерсиздик», «түк билбегендик!» — дешип бурк-бурк этишти.
Малдын алсыраганынын үстүнө ушундай адамдардын да амалсыздыктын
камоосунда оор жагдайга түшкөн алсыроосу айкын болду. Жарасов менен Эсентаев өз
ара акырын күбүрөшүп сүйлөшүп, кыска гана бир чечимге келип катар баш ийкешти.
Ошондон кийин Жарасов: «Жол тапкан, алдыдагыны дурустап болжогон сөз укпадык!
Аба ырайынын жаман кубулушу силердин баарыңарды тең эстен тандырган экен. Эми
чабандар менен сүйлөшкөндөн башка чара жок. Эртең менен ошолорду жыйып
акылдашкандан башка айла калган жок!» — деп ордунан турду.
Эл тарай баштаганда Алтаевге акыркы ирет айткан бир чечими бар эле.
— Сени кумдун жайын билет дечү элек, башчы кылганда ошентип ойлогон элек.
Кумдан кетип, эми берекең да кетиптир го. Көчүрүүнү уюштура албады деген ушул
болот. Атасы өлгөндү да угузат, — деди да Алтаевдин сөзүн укпай сыртын салып
басып кетти.
«Шеген» совхозунан келген Жаканов жанагы сөздөргө пикир кошкон жок. Анын өз
ишинде тышка чыгарбаган бир эсеби калды. Анысы кечээ келген 12 машине
таңгакталган чөп. Азыр ошонусун ойлоп туруп Жарасовго жанаша берди да чыгарган
бүтүмү эмес, жөн гана бир бөлүштүрүү эсебинде басып баратып сүйлөдү.
— Менин жалгыз билгеним: табылган тоютка таянып, баарын дароо салып койду-,
күн-түн дебей туут мезгили башталганча Кара-Тоонун ичине жеткизип алуу керек!
Жеткизип алуу керек! — деп экинчи жолу айтты.
— Жарасов Кара-Тоонун этеги опурталдуу экенин өзү да билет. Жанагы сөздү ошол
көптүн көкөйүндөгү жайды кайталаганы чыгар деди да, жооп кайтарган жок, Ал эми
Жаканов жанагы отор башчысынын плансыз бытыранды абалын баамдаган соң, эми
эмнеси болсо да өз карамагындагы, өз башынын милдетиндеги «Шеген» совхозунун
оторлоруна өз бети менен бөлөк чара жасоого өзүнчө бекинип калган эле. Нагыз эмне
кыла тургандыгын ачык айтпады, бирок жанагыдай Жарасовго кыйытып, айткан сөзүн
өзүнүн кийинки мезгилдеги ишине «айткамын» деш үчүн гана жол тазалап өттү.
Эртең менен чабандарды чакырып акылдаша турган болгон Жарасов жанагы
кызматкерлерди бүгүн түндө Айгенеге кондурду. Жарасов, Эсентаев, Эржанов үчөө
өздөрүнчө калганда Эсентаев өз байкаганын эми айтты:
Мына булар күн ырайынан коркуп, бир чети чабандарга жөлөк болор ишенимден
айрылып калган сыяктуу. Анын үстүнө чарасыздыктар башка ойлогон ойлору да жок
эмеспи, — деди.
Райкомдун бюро мүчөсүнүн бири Эржанов азыр бул үчөө өздөрүнчө сүйлөшүп
турган чакта акыл табуу, кеңеш айтуу ушу өздөрүнөн чыкпаса жанагы адамдардан
чыкпай турганын баамдаган эле. Булар кумдан кетип, жылдагы адет боюнча туут
мезгилине чейин илгерилеп, ылдамдап курүп отуруп Кара-Тоого жетебиз деген, ага
илинсе койго, козуга жылуу жай бар! — деген ойго көчкөн эле.
— Эми Карабастын кутурган шамалы карсыз болгон күндө да бооз койду дурустап
көчүрө албас эле. Ал эми мына мындай шумдук кар түшүп, андан да шумдук аяздуу
бороон кычап турган соң эси чыгып, баш каңгып калган го. Деги кайрат малдын
ортосундагы чабандардын өзүндө болгондой. Ушундайда акыл таба турган да ошолор.
Эмнеси болсо да ошолордун өзү менен отуруп кеңешелик! — деген сөздү ал муштумун
түйүп, оң колун силкип Жарасовго ак, карасы ачык, чоң алагай көздөрүн ишендире
кадап, салмактуу айтты. Жарасов да эмки ишене турганы чабандар экенин ойлоду да,
кечээ күн бою өзү көрүп өткөн он отордун көп эстүү, сабырдуу, чыдамдуу Байтендей
чабандарын эсине алды.
— Болду, бардыгын чабандын акылына салабыз да, тыянактын баарын ошолорго
жанагыларды кошуп, ортого алып отуруп чечебиз, — деди.
Чабандар менен аңгеме анча узакка созулган жок. Кечеге кыйынчылык жайындагы
сөздөр мында да айтылбай койгон жок. «Алга» колхозунун өкүлү Болусбаев кечээ
болгон кыйынчылыкты чабандарга сездире отуруп: «Журттун коопчулугу күчөйүп кетти.
Бир койду миң кой кылган, миң койду бир кой кылган Карабастын кудай аткан шамалы
эми жөн шамал эмес, ак бороон, чыкыроон аязга айланып турат. Дагы да мал
өлтүрөбүзбү, деген коркунучка такалдык. Ушундай жылдарда, нак ушундай күндөрдө
мурунку чакта эмне кылынчу эле. Мынабу карыя чабандар ошондогу тажрыйбаны
айтышса!» — деди.
Жарасов бул сөздү коштоп:
— Баса, көп замандан бери ушу өрөөндө мал өстүргөн Кошой аксакал, Жаксымбет,
тигил «Кызыл-Аскерден» Даукен, «Адга» совхозунан Садык аксакал отурасыздар. Дал
ушундай кезге, ушундай абалга кумдан кайтып кетип, жол бою бүгүнкүдөй
кыйынчылыкка учурагандарыңыз болду беле, анда кантчү элеңиздер?
Алды менен жооп берген Жаксымбет болду. Чүртүгүй көздүү, уурту саландаган,
сакал-муруту сейрек, элдир-селдир гана, сөөктүү узун жаагы кайраттуулугун белгилеген
Жаксымбет Жарасовго жалт карап:
— Кантмек элек?! Байдын малын айтсаң, мындайга кез келсе кырылып кала берчү.
— деп кекете күлүп койду,
— Ошону айтсаңчы, — деп бет маңдай отурган жапалдаш бойлуу, турпаты тоголок
келген карыя чабан Дөөлөтбек ийнин күйшөп, тизесин өйдө кылып койду.
— Анын көргөн күнүн итке берсин. Байдын малы бир жуттук деген сөз Карабастын
шамалынан, дал ушундай тутам чөбү жок жеринен чыкпай кайдан чыкты дейсиң.
Азыр «Шеген» совхозунун карыя чабаны ак сакалдуу Кошой менен «Алга»
совхозунун чоң чабаны көсө Садык катар үн катышты.
Кошойдун айтканы:
— Байдын жолу өзү менен, кырк жылдагы өз тажрыйбабыз өзү менен эмеспи? —
дегенде Садык:
— Бай өз амал-айласын өздөрү кылсын. Биздин баарыбыз бир тилектеги элбиз.
Алар кээде биринен бири талаша тартып жеп, бекерсиздигинен жуташчу. Биз акыл,
береке, эсеп менен иш кылсак, биригип отуруп жутка мал бербөөнү өзүбүзчө
чечпейбизби?!
Жарасовго бул сөз кажардуулук, жигердүүлүктүн үнү шекилденди. Эсентаев да
кечээги кызматкерлер эмес, бүгүнкү чабандардын иштериндеги жутчулук менен
күрөшүүнүн чаралары жөнүндө кеп-кеңешин айтканы келген сыяктуу. Ошол оюн
Эсентаев айтып салды.
— Күч, жардамды туш-туштан биз жеткизүүгө киришсек. Мал башында ошол
жардамга таянып, акыл-кайратты сиздер тапсаңыздар, береке деген ошол эмеспи!
Сөздү ушундай сүйлөшкөнүбүз акылдын алды эмеспи? — деп койду.
Жана алгач чабандардын катарынан үн каткан Кошой эми ошол бүтүмгө, так кесер
кеңеш айтууга көчтү.
— Байдын чарбасына ит окшосун дедик го жана. Анткени, байдын малы мындайда
эч кимден жардам алчу эмес. Байдын өзү менен кошо асманга карап улуган бойдон
серейип калчу. Бизге азыркы областтан, тиги райондон катар-катар машине келип,
аларга толтура чөп, жем келип жатат. Адамга азык-түлүк келет. Керектүү жардамдын
баары силердин жолуңарда. Малдын алдынан чыгат деп келип отурасыңар. Ушунда
исполком, райком, совхоздордун директору, колхоз жетекчилери агылгалап
алдыбыздан чыктыңар. Эми отуралык да акыл менен иш кылалык. Банга ит окшошсун
дегенибиз, аларды малы мындай камкордукту көрүп билген беле. Өзгөнү кой, ирээт
менен кезектеп отуруп Кара-Тоого карай малды динкинин соолтпой, ачка бастырып
айдап, буулуктурбай, отор артынан оторду шашпай, бүлүнтпөй илгерилетип отурчу
болсок — малды өлүмгө учуратпай, жутка алдырбай гана мынабу Мырзабай
талаасынан чыгып кетебиз, — деди.
Ушуга чабандардын баары түгөл макул болушту. Мындай эсепке калың малды
көктөмдө, күздө тоодон кумга, кумдан тоого оодарыштырып адеттенген «Алга»
совхозунун көк көз, саргыч жүздүү, иреңи сулуу, толугунан келген Жора эми нагыз сөзгө
киришти:
— Жолдош Жарасов, Эсентаев! Ушу экөөңүз райондун жетекчи азаматысыңар. Ушу
азыр колуңарга кагаз, карандаш алгыла да жазууга киришкиле. Биздин
чарбаларыбызды кун сайын кимдин артынан ким жүрө турганын тактап бериңиздер.
Алдыбызда жол боюнда Узак районунун «Кенегент» совхозунун он чакты короосу бар.
Жолубуздун боюнда. Ошол ар короого чөптү, жемди жеткизип жыйып койгун. Бизге
топурабай, биринин үстүнө бириң үйүлбөй алдыңкы бир отор түнөп өткөн короого
артынан тез экинчиси жетип, тыныгып малыңды жемге тойгузуп, тыныктырып алып көчө
бер, арткыга улам орун бошото бер. Бир гана ишиң ошол короолорго убагында чөбүңдү
үзбөй катары менен жеткиз да отур. Бул чарбанын баарынын оюндагы тилеги.
Оозундагы айтар акылы да ушул. Ушундай эмеспи? — деп өз кишилерине карады.
— Куп, жарайт!
— Баракелде, акыл ушу.
— Ойдогу сөз да ушу.
— Токтоо жок, аракеттин баары ушундай болсун.
— Бир гана буйдала көрбөгүлө!
— Койдун тууту жакындап калды. Иш чукул.
— Төл алына баштаганда эмнеси болсо да Кара-Тоого, айыл четине илинип
алалычы! — деген сөздөрдү «Шегенден» Тажыбай, «Казакстандан» Жабагы, «КызылАскерден» Чоңко, Дөөлөтбак, «Алгадан» Кумар, Мадеш аксакалды, буурул сакал бир
нече тажрыйбалуу, кайраттуу улуу чабандар түгөлү менен жактырышты да «ооба»
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 12
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.