Latin

Өскөн Өркөн - 14

Total number of words is 4135
Total number of unique words is 2017
31.6 of words are in the 2000 most common words
44.1 of words are in the 5000 most common words
49.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
машиненин арткы эшигин ачты да, башынан кулакчынын алып шамал жакка карай
ыктап дагы тыңшай берди. Эми Жарасовду, Жапарды далысынан кагып: «Токто!
Токточу!» — деп катуу кыйкырып, өзү машинеден ыргып чыгып шамалга кулак салды.
Али үнсүз. Сергек, шамдагай козголгон Жапар да машинеден ыргып түшүп кулак төшөп
турган эле. Эки жактан экөө бир саамдын өзүндө:
— Үн чыгат!
— Адамдын үнү чыгат.
— Кыйкырык чыгат! — дешкенде Жарасов да жерге секирип түштү.
— Бул жакта чабандар жок. Малсыз да, элсиз да аймак. Кана дагы тыңшагылачы! —
деп тура калды да, эми ал өзү да айланага кулак төшөдү. Даана бир кыңылдаган үн
угулду. Жапар элеңдеп туруп:
— Өзү бир үзүлүп, бир басаңдай түшөт.
— Так мынабу жакта адамдын үнү бар.
— Ушул адамдын үнү.
— Балким, карышкырдын улуган үнү болуп жүрбөсүн?
— Басалычы эмнеси болсо да! — деди Жарасов. Өзү айланып келип машинеден
чабандарга деген түйүнчөктөгү азыкты алды. Эми үчөө тең машинени таштап үн чыккан
жакка карай басып жөнөштү. Алды жактары өр эле. Жолдо калың кар да бар экен. Үчөө
тең биринен бири калбай белчеден карга батып, улам өйдөлөп отуруп жакын белге
чыга беришти. Дөбөнүн башынан жанагы дабыш аныктала түштү. Эми кыңылдаган
анык адамдын добушу экени байкала берди. Алдыда дагы бир дөбө бар эле. Үчөө эми
ылдам басып ошол муунак дөбөгө чыга бергенде аржагы тик ылдый түшкөн чуңкур сай
экен. Ошонун аркы беткейинде тырмышып жайылып жүргөн койлор көрүндү. Эми бир
мезгилде булардын көзүнө аркы бетке көтөрүлүп бара жаткан койчунун жону көрүндү.
Ал кыйкырыгын үзгөн жок. Булар эми байкаса ошол адам обон салып баратат. Үчөө
бирине бири жалт карашып үнсүз кубана күлгөн жүздөрү менен аңырайып турушту да
чогуусу менен байкашкан бир жайлары болду. Ушу бара жаткан узун бойлуу, жаш койчу
Медет болуп чыкты, ырдаган обону да мына бул үчөөнө тең тааныш. Өздөрү түгөл биле
турган Ноян району былтыртан бери жалпысы сүйүп ырдап жүргөн кадимки Шамшы
Калдаяковдун обону «Ак маңдайым» экен.
Үч жолоочу ойдо жаткан койду үркүткөндөрүнө карабай кубана кыйкырып
жүгүрүштү. Койчу Медет артына салмак менен бурулуп карап, эми обонун токтотуп
аңырайып карап калган эле. Жарасов жете берип: «Ой, сен Медетсиңби?» — дегенде
тигил: «Ооба, мен Медетмин!» — дей бергенде, Жарасов:
— Айланайын-ан, амансыңбы?! — деп кучактап калды.
Эсентаев да муну аймалап аркага кагып кучактап, кысып-кысып алды.
— Аман болгонуң кандай жакшы болду.
Жигиттин өңү жер беттенип өзгөчө тотугуптур. Катуу жүдөгөн экен. Жаш болуп туруп
бырыштанган бети жыйрыла түштү да, аппак кесек тиштерин кашкайтып ачып сөз
катпай күлө берди. Жарасов ошол саамда таңыркаган кубанычын бөгөй албады.
— Сени өлүү табабыз го деп коркуп жүрсөк, обонуң менен бизди өзүң таптың го.
Обонуң тапкызды го бизди. Болуптур, өзгөң өзгө, ушул жанагы обонуң эмне?
— Ошону айтчы! — деп Эсентаев энтеледи.
— Баса өзү да «Ак маңдайым» экен!
Жигит буга жай баракат жооп айтты. Добушу акырын чыгат.
— Кумдан көчөр алдында радиодон угуп, жаңы гана үйрөнүп алган элем. Кийин
ошону унутуп калып, бир нече күндөн бери эсиме түшүрө албай койгон элем. Кечээ
ошол өзүм кажып, чаалыгып жүргөндө жанагы обон кайтадан оозума түштү, көңүлүмө
байырланды. Ошону кечээтен бери ырдаган сайын көңүлүм көтөрүлүп ичим жылып
калат. Буга эмне дейсиздер, ошондой шеригим болсо не дейсиздер. Айткан сайын,
ырдаган сайын аны унутуп калбайын деп созолонтом. Анын үстүнө жалгызсырабаймын!
— деген элем. Эми ушул жайды айтып турган шыңга бойлуу кыр мурундуу, чоңураак
ажарлуу көзү бар Медет Жарасовго өзгөчө ысык, боорундай болуп көрүндү. Дагы да
кучактап алды да бетинен өптү. Бул жолу үн каткан жок. Тек Жарасовдун көөдөнүнө
Медетти жапшырып кучактаганда катуу урунган бир бултугуй нерсе бар сыяктанган эле.
Нан бекен десе китеп экен. Койнуна салып окуп жүргөн казак тилинде чыккан «Чыныгы
адам тууралу повесть» аттуу-китеп эле.
Медеттин калама наны азайып калган экен. Атүгүл бүткөнү калыптыр. Ал эми
колундагы 600 коюнан бир да кой өлбөптүр. Ал алгачкы бороондо кою менен ыгып
жөнөп, кайда, кандай баратканын биле албай, тек койдун ортосунда калып аларды да
токтото албай ыктап келе жатып, ушул бир чуңкур сайга кездешиптир. Өзү тик ылдый
созулган колот экен, койташтары бар экен. Арасында ыктоолору көп. Бута-суталары да
бар. Кээ жеринде караган, шыбак, дагы бир жерлеринде ыраң сыяктуу койго ылайык
ачтан өлтүрбөс жем бар экен. Койдун өзү да ушу сайга чубуруп келип кирет да,
котолошуп жатып алат. Ошону менен айтор күн ачылган соң эл-журт аман болсо бир
таап алар дедим да, ушул жерде жата бердим. Түн ичинде койдун ортосунда жатам! —
деп күлдү. Күндүз нанымды жеп кардан ашап, жанагыдай обонумду салам да жүрөм!
Жарасов менен Эсентаев эми машинеден апкелген азыктарын Медетке кармата
берди да, тезинен ушул арага өзүңө үй да келет. Жардам да жетет! — деди. Ал
жардамдын кандай боло турганын да айтышты.
Күн бата бергенде ошол күнү Айгененин үстүнө Алым менен Петро конмок болуп,
алар менен удаа учуп жеткен эле. Түш оогондон кийин булар да көп жерди кыдырып
Медетти издешкен. Эми Жарасов менен макулдашкан сөз боюнча Айгенеге келип, баш
кошуп, жолугушуу керек.
Петрого бул аймакта алгач жолугушкан кыйын кез ушул болду. Айгене сай
боюндагы тар аймакка орношкон базанын бири. Петро бир ылдыйлап кайта
көтөрүлгөндө самолёт үчүн конуу жайы кыйын экенин аныктап билди. Кончу жер өтө
тар. «Дагы бир айланып көрөмүн!» — ден Алым менен сүйлөштү да, дагы бир-эки ирет
төмөндөп барып кайта көтөрүлдү. Алым: «Эсебин тап да кон!» — деген эле.
Айгененин самолёт конорлук тегиз аянты 30—40 метрдей гана жер экен. Самолёт
консо да кумга тирелип токтолуп калмак. Кийин бул арадан жүк менен, бир нече адам
менен учуп чыгуу кыйын. Эртең учарда бул жерден Алым бирге түшүп уча албайт.
Петро жана Айгенеден беш-алты километр жердеги бир такыр аянтты болжоп алыптыр.
Эртең Алым бул жерден учкан самолёт ошол жерге барып конгондо Айгенеден ат-унаа
менен барып, ошол жерден самолётко отурат. Буга Алым макул болду да, эми экөө тең
тобокелге салып учкуч, конгуч «ЯКтын» Петронун кайраттуу эпчил колуна багынган
моторго эрк берди. Айтканындай 40 метрдей гана тегиз аянт бар экен. Ошонун четинен
дөңгөлөгү тийген самолёт экинчи четиндеги кумга тирелип барып акырындаган
жүрүшкө ээ болсо да ага көмүлө барып зорго токтоду.
Алым Петрону кучактап далыга какты да: «Бүркүттүн өзүсүң! Бүркүтчө кыяга уя
салып учуп да, конуп да жүрө аласың! Петро, мени да өзүң менен кошо бүркүт кылып
жибердиң! — деди эле Петро жерге түшүп, самолётунун көөдөнү кумга батынкырай
барып токтогонун байкап туруп:
— Бул бүркүттүн башы баткакка батып жатканы мактанчылык эмес болду. Эми тек
арты менен жылып, мынабу жарга жетпей башын куткарып алууга жарагай эле — деди.
Айгенеде он-чакты жеке короо жайлар боло турган. Самолёт конгон соң, бул жерге
жаңы гана келген Жара-, сов менен Эсентаев Алымды тосуп келишкен.
Бул кечте жолугушуу Алым ушу аймакка келгени болгон эң бир көңүл ачар
жолугушуу эле. Медеттин табылганы Алымды ыраазы кылганы ушунча — ал Жарасов
менен Эсентаевди кайта-кайта колдорун силкип, эки жагына алып кучактап,
аркаларынан таптаган. Алар Медетти кантип тапкандарын айткан эле. Булар менен
бирге жүргөн казакча билген Петро кай жерден Медеттин табылганын айтканда санын
бир чаап алып кыйкырып сүйлөдү.
— Жолдош Эринбетов, ушу тоолордун арасында кар түшпөгөн саргыч тарткан бир
жер бар деп айтпадыкпы мындан бир аз мурун. Эмнеликтен ошондой дедик элек ко.
Биз ал койдун үстүнөн учканбыз! — деген.
— Ырас, бүгүн гана эмес, биз кечээ да учтук ошол дөбөлөрдүн үстүнөн. Бирок
таштардын түсү ошондой бекен, болбосо жердин көрүнүшү ошондойбу! — деп анык
боолгой албай өтүп кете бергенбиз. Ылдам өтүп кетип жүргөнбүз! — деди Жарасов бул
абалга абдан түшүнө турганын айтты.
— Сай аябай тар экен. Узатасынан созулган короодой бир болумсыз колтук.
Албетте анын үстүнө ылдам учкан самолёт эчтекени байкатпай зыпылдап агып өткөн
болуу керек! — деген.
Эсентаев Медеттин айтканын да баяндап берди. Койчу жигит үстүмөн самолёт
соңку күндөрдө учуп өтүп жүрдү. Бирок анын коно турган мүмкүндүгү жок да, менин
белги берер мурчам да болгон жок, — дептир. «Жылт этет да, лып этип өтүп кетет.
Тоону ашып, түзгө түшүп кетет. «А» деп үн салууга да келтирбейт» дептир. Ушундай
аңгеме менен дабыртташып жакын короолорго такап келгенде Жарасов бүгүн Алымды
«ушундагы бир жакшы үйгө сизди кондурганы келебиз. Кичине көңүл жайланып, жакшы
тамак ичип, мыктылап, тыныгып алалык» — деди да четки бир короого апкелип,
караңгы тарткан үйгө киргизди.
Үй кең, эки бөлмөлүү. Ичи жакшы, жарыгы чоң лампалары бар. Өзү ушунчалык
жылуу да, жайлуу да экен. Конокторду төркү бөлмөгө киргизген үй ээси узун бойлуу,
карасур чалыш, таза кийимчен аял эле. Ал сыпайы амандашып төркү үйдүн эшигин
ачканда аркы босогодо конокторду ордунан туруп келип күтүп турган зор денелүү, чокчо
буурул сакалдуу, кызыл күрөң жүздүү үй ээси жакшы чырай менен жылуу амандашып,
Алымды тааный салып өз колу менен чечиндире берди.
Жарасовдун тааныштыруусу боюнча бул адам ушул Айгенедеги белгилүү мергенчи,
өзү аңчы, өзү капканчы, ушул тоо-талаанын бул да бир кырааны сыяктуу адам эле. Аты
Жаксымбет деп тааныштырылган бул кишинин аялы ушул Айгенедеги кооператив
магазининин сатуучусу Зейнеп экен. Меймандос үй ээлери тезинен тегерек жапыс
столду ортого коюп дасторкон жайып, кайнап турган сары самоордун ысык чайын,
жыты булоолонгон чоң табактагы куурдагын коюп, тамакка отургузду. Жерде эскирээк
килем, жаңы, жакшы калың кызгылт, бозомтук паластар бар. Кең бөлмөнүн ошол жаккы
терезесинин маңдайындагы керегесинде оюулары мыкты туш кийиз, асемдүү жыйылган
гүлдүү жуурканы турат. Коноктордун арт жагындагы эшиктин каршысындагы керегенин
төмөн жагынан төбөсүнө чейин асем менен катарланган сандыктар, алардын үстү
катар-катар жыйылган ар түстүү кыжымы, атлас, кыжымы жууркандар, калың, таза
жаңы төшөктөр. Ошолордун үстүнө тикийте коюлган ар түрдүү түркүн гүлү бар
жаздыктар.
Алым обончу эле. Анын көзүнө алгач ушу бөлмөгө кире бергенде түшкөн эки музыка
аспабы оюнан кетпей турду. Бири келишкен баян, дагы бири үкүлүү домбра. Алым али
сурабаса да ичинен бул үйдө ушул аспаптарды күүгө келтире турган кимиси болду экен
деп отурду. Чай ичип отурганда Зейнепке мойнун буруп Жаксымбет акырын күбүрөдү
да:
— Келбеди го, бул кай жерде буйдалып жүрдү экен! — деген суроосуна Зейнеп өз
оюндагы дал ошондой күдүк суроосун кошо берди.
Ушунчалык кеч киргенче эмне кылып жүрдү экен?! Кайда жүрсөң да мынабу
бороондо, аязда, талаада түнөп кала көрбө. Адашып кете көрбө! — дегенди канча
айтсаң да бир таназар албайт. Кечигип жүргөнүн карачы! — дей берди. Эми бир аздан
кийин Жаксымбет: «токточу», деп аялын тосмолоп, тышка кулагын салган эле. Ошол
кезде тыштан дабыш угулду. Аттын дүбүртү да, жөөнүн басканы да, жерге түшкөн
жыгачпы, жүкпү — баары тең эмне кылса да бирөөнүн келгенин кабарлай берди. Эми
бир аздан кийин сырткы эшик ачылган эле. Зейнеп, берки эшикти шашыңкырап барып
өзү ачты. Ошол кезде коноктор отурган бөлмөгө мойнунда шылдыраган каргысы бар,
шалпаң кулак эки көк кашка, шалпаң куйрук тайган жалаңдай келип, катарлаша секирип
кирди. «О, келген, келген экен го!» — дей берди Жаксымбет. Ушу кезде оозгу үйдөн
ичке болсо да үнү бийик «Ата, ата, бери чыгыңызчы!» деген — жаш добуш чыкты.
Меймандар үйдө калып Зейнеп да, Жаксымбет да оозгу үйгө чыга бере:
«Айланайын, келдиңби. Мунуң эмне, кокуй? Кубатым-ай, мунуң кандай? Жарыгым-ай,
муну кантип алып келдиң?» — дешкен ата менен эне экөөнүн бирдей таңыркай карап,
кубанып, жетине албай айткан сөздөрү угулду. Дабырттагандары кулакка жетип жатты.
Булардын добуштарынын арасында ачык асемдүү үн менен кубанып күлүп турган бир
жаш адамдын үнү чыкты. Аздан соң маалым болду. Зейнептин үйгө кирип айтуусу
менен төрдө отурган төрт эркек, Петро да кошулуп оозгу үйгө умтулуп чыгышты. Караса
оозгу үйдүн эшигинен ачык полго суналып чоң көк карышкыр жатат. Анык кылчыктуу,
калың тыбыттуу камандай көкчүл, дөбөт карышкырдын өзү. Мунун жанында
мылтыгынын кундагын жерге коюп, ичке ак салаалары менен темиринен кармап турган
шыңга бойлуу, алагай көз, кыр мурундуу, азыр эки бети сууктан жакшынакай жука
кызгылт ирең алган, аппак тиштери ачылып күлүп турган жаш жигит көрүндү. Тааныша
келгенде бул жигит эмес, ушул үйдүн, ушул ата-эненин эркекче өстүргөн жалгыз кызы
Саадат болуп чыкты. Ал атасындай аңчы, атасынан ашкан мерген. Дайыма ат үстүндө
жүрүп ушул үйдүн мырзасы деп аталган кызык бир өзгөчө жаш өспүрүм экен. Эл
тамакка кайра отурганда Саадат улуу адамдардан саал кызара түшүп уялыңкыраса да
аңгемесин, бүгүнкү көргөн-билгенин жакшылап айтып берди. Ал атасы койгон
«Үңүлдөктөгү» капкандарды аралап барган экен. Бирок капканга мынабу дөбөт
карышкыр арткы санынан түшүптүр да тирсегинен илинип, кете албай турган экен.
Саадат саал жылмайып бир аз жылынган соң, акчыл тарткан жүзүн жадыратып улам
шыңк этип күлүп коюп, атасына карап сүйлөп отурду.
— Оболу жерге түшүп, тумшуктан ары мылтыктын түбү менен урайын дедим эле
кээде мындай, кээде тигиндей ыргып ургузбай койду. Анын үстүнө уруп өлтүрө ала
турган эмесмин. Бир жагынан атым үркүп, кошкуруп, белиме илип алган чылбыр менен
өзүмдү тарткылап кийин сүйрөп күч алдырбай койду. Карышкыр жулкунуп жатты.
Ошондон кутулуп кетет экен дедим да мылтыкты кош өпкөсүнө кадап туруп берип
калдым. Кылжалаң этип жыгылды. Карышкыр ок тийген жерин тиштеп жыгылат экен.
Башы кылжалаңдап, аздан соң тиштеген өпкөсүн таштады да башы жерге шылк эте
түштү. Андан кийин таш менен тумшуктан ары урдум да канжыгага байлап алып
жүрөйүн десем ат өңөртө турган эмес. Узун чылбыр менен эки бутун мыктап туруп бууп,
канжыгамдагы арканды байлап алдым да сүйрөтүп чапкылап отуруп алып келдим, —
деди.
Атасы кубанып отуруп азыраак акыл айтты:
— Карышкыр өлө элек кезде аттан түшкөнүң калпыстык болгон экен. Жаралуу
карышкыр ачуулуу абалында адамга да каршы умтулат — дегенде, Зейнеп:
Астапыралла, дечи. Кудая тобо, өзүн каап, тиштеп ала жаздаптыр ко. Бул ушундай
бирдемеге учурайт, — деп 'айтып жүрбөйүмбү. Бир чети кудайга сыйынып, бир чети
кызын кинелеп урушуп, кабагын түйүп кызы менен эрине алма-кезек карап калган эле.
Саадат атасына ылайыктуу жооп берди.
— Аны билгеним жок. Бирок, Тор атты билесиң го. Ат үстүнөн ок чыгартпайт. Жерге
түшкөндө атамын деп ойлогом да. Антпесе өлтүрө ала турган эмесмин. Калтырайынбы
капкандагы карышкырды! — деп энесине карады.
Алым быяктан Саадатка катуу кубана карап отурган. Эми өзүнүн үнү зор добушу
менен Саадаттын айтканын туура көрүп күлүп жиберди.
— Сөз эмес бекен. Карындашым, кандай азамат элең!1 — дегенде Эсентаев,
Жарасов экөө тең:
— «Жигит, азамат! Мына жаш болсоң ушундай бол!» — деп да жиберишкен эле.
Саадаттын добушу, аңгемеси өзгөчө бөлөкчө, башка кыздардан айырмаланган
өмүрү, турмуш-адаты, өнөрү үй ичинде бир далай убакытка сөз болгон эле. Бул убакта
Саадат унчукпай гана өзү жөнүндөгү кептерди ачык, сүйкүмдүү үнү менен кыткылыктап
күлүп тыңшап коёт да, сөз катпайт. Чайдан кийин ошол оозгу үйгө барып узун көйнөк
кийип, түйүп койгон өрүмдөрүн түшүрүп, узун чачтарын төгүлтүп төркү үйгө жуунуп
алган калыбында жаңы ажар-кебете менен кирген эле. Бул кезде Жарасов менен
Эсентаев Алымга да, Жаксымбет, Петрого Медеттин табылгаң жайын, жерин маектеп
беришкен. Аны кубанып мактоо үстүндө Эсентаев өзү ошондой обончу, ырдаганы
Шамшы Калдаяровдун обону «Ак маңдайым»...
— Бир түрлүү сулуу да, бекем кайраттуу, кажарлуу жаш улан. Жоголуп кетип аяз
астында, күн-түнү бою он чакты күндөй жалгыз жүрүп да моюбаган, кажыбаган бир
сулуу, сабырдуу өспүрүм экен! — деп Жарасов Медетти кубана мактады.
Жаксымбет бул кабарга абдан сүйүндү.
— Чыныгы азамат ушул экен. Өзү да обон салып, ырдап жүрөт дейсизби?
— Обон салып жүрөт.
— Обонду мыкты созуп, ырдап жүрөт.
— Андан тышкары китебин да окуп жүрөт.
— Койнунда романы жүрөт! — дегенде Жарасов менен Эсентаевге алмак-салмак
карап аңырайып карап калган Саадат:
— Кандай китеп экен? Өзү окуган чабан экен го? — деп ачык жүзүн көтөрүңкүрөп
кабар күттү.
— Окуп жүргөнү «Чыныгы адам тууралуу повесть». Окуган өспүрүм. Ал түгүл он
жылдыкты бүтүрүп, атайы ушунда келген. — Өндүрүштүк практиканы аткарып жүрөмүн.
Жогорку окууга барып киремин дейт! — деген кабарды да Эсентаев Медетке кубанган
калыбынан ообой туруп жеткизген. Жаксымбет эми дагы бир кептин жайын билгиси
келип:
— Мунун бороондон сактанып калган жери кайсы сай экен? — дегенде, Жарасов:
— Ушул жерден туура эсептесе алыс эмес. Чамасы 12 километр өлчөмүндөгү
жапыс боз адырлар, койташтуу адырлар арасындагы бир тар колтук. Эки жээги тип-тик.
Узунунан кеткен ипичке бир сай. Кызык колот, — деген эле. Ошону туюнуп эң алды
менен Саадат:
— Ой, ал Карышкырсай! — дей бергенде, Жаксымбет да:
— Баракелде, Карышкырсай экен го. Баса анда калканч да бар. Кар астында бир
короо койго бир аз күн өзөк жалгай турган ар түрдүү куурай-суурай, бирдемелер бар
эле...
— Анда боз караган бута да, калың чыкчу ыраң да болот, деп Саадат чоң
тажрыйбалуу эр адамдардай жер жөнүндөгү байкагычтыгын да билдирди. Ушул кечте
Саадаттын экинчи да бир сыпаты Алым, Жарасов сыяктуу конокторго да ачылды.
Тамак алдында эми баян менен домбураны тилге келтирген анык ээси Саадат экенин
жакшы билген Алым, Жаксымбет менен Саадатка кезек карап азил айтты:
— Бүгүн бир жакшы түндө сиздердин мынабу меймандос жакшы үйүңүздөрдө
учурашканы биз мынабу аяздуу, бороондуу суук күндү унутуп отурабыз. Өздөрүңүз
менен үй ээси менен дасторкондош болуу бизге ушунчалык бир ылайыктуу жагдай
болуп отурат. Пейилдериңизге, сый-урматтарыңызга ыраазылыкты али айта жатабыз.
Аш ээси менен татты деген ылакап бар сыяктуу. Ушу мынабу бирөө баянга карап: баян
баянчысы менен көрктүү. Ушу баянга «ээңди тапчы» дегим келип отурат. Ошол менин
жанымдагы жолдошторумдун да тилеги өңдүү. Айтор, баяндын ээси атасыбы,
баласыбы? — дегенде үй ичи жамырап күлүп калды.
Саадаттын үнү созулуп, шыңгыр күлкү менен ачыгыраак угулган эле. Алым өзү да
алагай көзүн жогорулатып кага түшүп, сүйкүмдүү кичинекей оозу менен күлкүсүн да
катар угуза отуруп:
— Кандай болгондо да үйрөнчүктүү колдун бири баятадан бизге телмире карап
турган ушул баянды алса эмне болор эле? — деп дагы да сыпайы сөзүнө, орундуу
тилегине үй ичин жадыратып күлдүрүп койду.
Эми бир азда Саадат баян менен үнү төп келишкен кезде, асыресе төмөнкү ичке
тилдин үнүнө кошулуп сызылып чыкты. Ушундан кийин тамак алдыга келгенче Саадат
далай обондорду аземдеп ырдап берди. Бул Абайдын «Айттым саламы» экен.
Радиодон уккан Розанын репертуарын билген экен. Эми бир кезекте конокторду дагы
да кубандыра түшүп ал «Ак маңдайыма» оошту. Бардык ырдаган обонун өзүнчө бийик
сезимдүү салмак менен, бап менен кысылбай, ашыкпай, кенен кайрып, бүткүл
уккулуктуу ыргагын баянда да, өзүнүн үнүндө да дал келтирип жакшы айтты. Обон
салууда калаада жүрүп өскөн, театр, филармония музыкасын тыңдап өскөн, сандаган
концерттерде көп болуп, өз кулагы менен тыңдап үйрөнүп өскөн өнөрлүү өспүрүм экени
билинди. Кийин сурашканда Саадат жети жылдыкты район борборунда окуп бүтүргөн
экен. Ал райондун борборуна келип жүрчү чоң артисттердин, көптөгөн чоң концерт
топторунун обон-күүлөрүн өз кулагы менен угуп, тыңдаганы ырас.
Бүгүнкү кечте бул өзгөчөлүү өспүрүмдүн бир жагы ушунчалык сейрек учурай турган
алда кандай амазонка сыяктуу сыпаты билинди да, ошону менен катар көп казак
кыздарынын жети жылдыктан кийин окуй албай ар түрдүү үй-бүлөлүк себептер тушап,
бөгөп кала турган жапайы жалпы кыйынчылыгы да белгилүү болду. Буга илгери карай
окуу зарыл экенин, Баскентке келсе жети жылдык окуу менен тандаган техникумга
кирүүгө жардам бере тургандыгын Алым өз мойнуна алды. Окууга чакырып, дасторкон
үстүндө Медет дагы эске алынып, обону менен кошо аталган эле. Бул кезде Саадат
өспүрүмдүн мынабу улууларды ушунчалык ыраазы кылган эмгегине, мүнөзүнө өз
ичинен эң алгач, анык катуу көңүл оодарды. Буларга айтпаса да, эми бур ууга чыккан
чагында ошол чабанды барып көрүп, колдон келсе бир пайдасын тийгизип, жардам
берип келгиси келген ойду ойлогон эле.
Келерки күнү үрөң-бараңдан турган Алым менен Жарасовго Эржанов келип
жаңыдан пайда болгон, жанга баткан кыйынчылыкты айтып келди. Ноян району
Касымовдун убадасы боюнча тоют жибериптир. Бардык оторлор тоютту алып жатат.
Бирок тоют да бүтө жаздап калды. Аяз күчүндө. Кар али калың. Жайыт жок. Тоютсуз өзү
козулап калган кой өлө баштады. Бардык оторлордон, асыресе «Шеген» совхозунун 30
оторунан тегиз кабар алынганы менен тууп туруп өлгөн, козулай албай өлгөн
соолуктардын саны бардык жерде тең көбөйө баштады. Ушу кабарды апкелген
Эржановдон Алым Шаунун кабарын сурады: — 17 машине менен «Ташты» совхозуна
кумга жиберген Шау кайда? Кабар барбы?
— Кабар эмес эле, өзү келди. Эки күн жүрүп жете албай машинеси жолдо тыгылып,
бүгүн түндө кайтып келди.
— Түү, кудайаткан экен го! — деп Жарасов ордунан селт этип ыргып кеткендей
болду.
— Ошол бир чалагайым, колунан эчтеме келбеген адамды жиберип. Ишенип
отурганыбыз ошол эле. Ары чөп апкелбей, ары машиналарды бөгөп, кырсык ко мунусу!
— деп ордунан ыргып туруп, эмне кылары белгилүү болбосо да ашыгып, сырткы
кийимин кийе баштады.
Эсентаев менен Алым да эч нерсени талдап, сөз байлашпаса да кысылган,
кыйналган ойдун үстүндө, эсепсиз бир козголуш иретинде катар кийине беришкен.
— Жолду билет деп жиберген элек! — деп жатат.
— Жол билгени курусун. Азыр тезинен башка машинелерди камдаткыла. Эми
«Ташты» менен «Жоонтөбө» экөөнү тең көрүп, көзүң менен көрүп жана бир азга
жетчүдөй чөптү арбытып мол кылып апкелүү үчүн мен өзүм барамын! — деп Алым
бүтүм кылды.
Булардын кыска кеңеши тышта машине менен тракторлор турган колонналарга жөө
жүрүп келатышканда да үзүлгөн жок эле.
Колоннага келгенде Узак районунун райисполкомунун председатели Курманов
«ГАЗ-69» машинеси менен жаңы келген экен. Андан жөн-жай сураганда Алымга Узак
районунун кыйынчылыгын билдирди. «Бул район өзү да чөбүн бүтүрүп, эми «Кенегент»
совхозунун кою өлө баштаптыр. Ал эмес, көптөн өлүп жатыптыр. Кыйынчылыктын чоңу
биздин райондун өз башына келди!» — деп Курманов Алымга чынын айтты.
Алым мындан:
— «Ташты» менен «Жоонтөбөнүн» кимисинин чөбү көп? Кайсынысына барса Ноян
менен Узактын экөөнө тең жетерлик чөптү бир жерден алып кайтууга болот — деп
сураган эле.
Курманов түндө «Ташты» менен сүйлөшүптүр. «Канча болсо да чөп бере алабыз.
Тек унаа менен, мол унаа менен жетүүнүн камын ойлогула!» — дептир. Айланада
кыйынчылык. Алым келгени менен жеңилдик боло койгон жок. Ырас, адамдардын керт
башы коркунучтан кутулду. «Шеген» совхозунун бардык оторуна ошол катарда
Медеттин оторуна да үй тигилип, палаткалар тургузулган. Бүгүн түнү менен
аракеттенип отуруп, кечээги Жарасов менен Эсентаев кечке камдаткан үй, палатка,
азык, кишилердин жардамы, тамак бышыргыч бир картаң аял — баары тең бүгүн таң
эртең менен Медеттин отору жаткан Карышкырсайга жайгашыптыр. Ушуну менен эң
соңку аязда коркунуч астындагы паанасыз абалда калган чабан куткарылган өңдөнөт.
Бирок Алым келгени күчү менен талабынын баарын ошол адам жайында, асыресе
«Шегендин» паанасыз оторлоруна салганда эки райондун өзгө чарбалары катаал
кыштын али сыныкпай турган аязынан кутулган жок. Кайта кой төлдөй баштаганы соңку
беш-алты күн ичинде иш кыйындай түштү. Кыйынчылык козулар туулуп өлө баштаганда
бардык чарба башындагы чабандар менен райондун кызматкерлерин тегиз түйшүккө
салды.
Алым эми ойлоп көрсө колдон келбес чарасыздык адамдын жинин кайнатат. Али да
ийинден ныгырып басып турат. Курманов менен Жарасовго саал токтой тургула деди
да, ички пикирин азырынча ойдо сактап Баскент менен сүйлөшө турган рацияга келди.
Жанагы өзү билип турган айланасындагы эки райондун адамдары мындан бир жардам
күтүп турган абалдын баарын Алым, Карповго толук айтты. Карпов мындан: «Эми эмне
кылайын деген оюң бар?» — деп сурады. Кыйынчылыкты Карповдун өзү толук сезди.
Узак районунан Ноян району үчүн чөп жагынан жардамы тиймеги мындай турсун, анын
өзүнө чөп керек болуп калганын түндө «Кенегент» совхозунан, Абды менен өзү өз бети
менен сүйлөшүп, Эсдавлетов айта албаган, жашырган оор чындыкты өз көңүлүнөн
чыгарып билип айтты.
Бул райондун секретары Эсдавлетов Карповго берген жообунда совхоздун
директорлорун күнөөлөптүр. Алардын ар жагындагы бөлүм башчыларын айыптап
жамандаптыр. Ошолордун берген тескери, жалган информациялары азыр райкомду да
жалганчылыкка чыгарып уяткарып отурат дептир. Ал эми өзүң берген азык менен чөп
жеткиликтүү деген кабарларың кайда? Ал сенин өз көзүң менен көрүп, обкомго, облус
башчылыгына аныктап билип берген нагыз фактыларың эмес беле? — деп сураган
Карповго азык, тоюткор бар эле. Жеткиликтүү болучу. Ошону «Кенегент» совхозундагы
бөлүм башчылары сыяктуу жергиликтүү жооптуу адамдар ыксыз чачып, курулай
ысырап кылып коюшуптур! — деп жооп бериптир.
Алым менен болгон аңгемеде Карпов бул жактын абалынын начарлыгын чолуп
сурап билген соң эми Ноян районунун колдогу мүмкүнчүлүктөрүн Алымдан сураган эле.
Алым: «Ал райондун секретары Касымов айтканын кылып отурат. Колунан келгенин
жасап жатат. Анын өзүнө милдет кылып алганы жем эле. Анысынын баарын бир Ноян
району эмес, Узак районунун «Кенегент», «Калинин» совхоздоруна да жетерлик түрдө
жардам кылып жиберип турду» — деди. Ал эми тоютту тээ Ноян районунан ташуу
абдан алыстык кылат. Машине, күч-унааны Кара-Тоодон ашырып айдап жүрүүнүн өзү
чоң мээнет. Чөп өзгөчө кымбатка түшөт сыяктанат. Ошондуктан эмки жалгыз чара —
кумдагы «Ташты» совхозуна барып, төтө жол менен жүрсө ал 120 километрден артык
эмес. Бардык машиненин күчүн, санын эми жыйнап алып ошого гана баруу керек.
Карпов эми ушуга «макул» деп баш ийкеди да, ушул иштин бардыгын тыңгылыктуу
кылып айткандай аткарып чыга турган, ары убадага бекем тура турган мыкты адам
керек деген эле. Ошондой ишенимдүү адамды тапкын да, дароо жөнөткүн. Бүгүн
кечинде мага обкомго кабарлашкын! — деген. Карпов айткан кийинки сөздөрдү угуп
туруп, мурдатан бекем чечимге келген Алым дароо жооп берди.
— Ушул жолго азыр мен өзүм жөнөймүн. Мындагы колдон келбес чарасыздык
ушунчалык ыза кылгандыктан, эми мен өзүм барып ошол керектүү чөптү алып келмекке
бекиндим! — деди.
Карпов мунусун ыраазылык менен макулдады. «Тек Жарасовго айтып кеткин. Сенин
кандай, кайда жүргөнүңдү обкомго кабарлап турсун» — деди.
Рация менен сүйлөшүп, бир чечимге токтолуп чыккан Алым эки саат камылга
жасатты да, 40 машине даярдатты. Катарда эки трактор, үч бензовоз бар. Өзү
Курмановдун «ГАЗ-69» машинесине түштү. Ошентип колоннаны баштап, жолго чыкты.
Бүгүн Алымдын Жарасовдун кеңеши боюнча жанына, машинесине отургузуп алганы
Кожакмед. Бул өрөөндүн кышы-жазы, күнү-түнү бирдей бороондо, жаанда жүрүп,
адашуу дегенди билбеген чөл талаанын көрөгөч көзү. Ошонун өзү жылуу кийинген
абалда Алымдын, Курмановдун жанына отурду. Булар бүткүл машиненин
шофёрлорунун жасаган убадасы боюнча алдыда жүрүп отурат. Кечээ эле Шау адашып,
жүрө албай кайта келген машиненин даңгыр жолу менен жүрбөйт. Анын ордуна
Кожакмеддин өзү жакшы билген төөлөр жүргөн кербен жолу бар экен. Алым ошол
жолду аныктап башынан-аягына чейин, «Ташты» совхозуна чейин барчу жолдун жайын
сураштырып алды да шофёр Абуталипке дал ошол жолго сал деди.
Кожакмедди алдыңкы орунга, шофёрдун жанына отургузду. Ушул бет алган багытта
узундугу 114 километр жолду арттагы бардык колоннасы менен буйдалбай жүрүп
отуруп, ошол күнү «Таштыга» жетти. Арттан келген шофёрлор менен «Таштыда» чогуу
баш кошуп, басып келген жолдун жайын акылга салып баамдап көрүштү. Кийинки
машинелер кыйналып, тракторлор сүйрөп зорго өткөргөн жерлер болуптур. Кайра
кайтканда бүгүнкү түн суук болбосо, жер өтө катып калбаса бүгүнкү келген жол менен
жүрө албайбыз. Жүктүү машинелер арткы катар эмес, алдыңкы, эң алгачкы жүктүү
машиненин өзү да батып калган болот. Андан соң 40 машинени 40 күн сүйрөй турган
абалга учурайбыз деп соңку он-чакты машиненин шофёрлору Алымга айтып
келишиптир. Бул адамдар тамактанып, тыныгып алып кечинде «Таштынын» үйгөн чоң
маяларынан 40 машинеге толтура нык басып, узун аркандар менен мыктап тартып
таңып алышкан эле. Эртең кайта кете турган жолду да эске алуу керек. Бүгүнкү түнү аяз
болот. Кечке маал булар Алым менен Курманов, Кожакмед үчөө «Моюнкумдун» ушул
Мырзабайга чейинки четки аймактардагы өзгөчө кырсыгы мол кыйындыктардын жайжуюн айтышты. Бүгүн аныкталса, бул аймакта борпоң, оюлмалуу бош топурактуу
жерлер көп. Кум дегениң эшилмелүгү болот. Бир жагы кум, кээде карлуу болуп жатып,
аяздуу күндүн өзүндө кээ кездерде борпоң жерлер оюлуп кетип, мээси чыгып жаткан
чактары болот. Кайра кайтыштын коркунучу Алым менен Курмановдун бүткүл оюн,
санаа-сезимин, алтүгүл кыялын да дегендей, өзүнө буруп алган эле.
Ушул түндө бул экөө алмак-салмак талаага чыгып аба ырайын, күндүн жайын
боолгоп, билүү менен болгон. Бирок өчөшкөндөй дал ушул түндө күн жылый түшүп,
далайдан бери болбогон шамалсыз, жылуу көктөм түнү тунду да турду. Алдыдагы
күндөрдө аба ырайынан кандай шыбага аларын билишпей, жантайган бойдон жатып,
булардын баары тең улам-улам күрсүнө беришти.
Түнкү конокторду ыр-обону менен, сый-сыпаты менен урматтап жөнөткөн мергенчи
Жаксымбеттин үйү күндүз өз тиричилигине киришкен. Эки тайганды ээрчитип
Жаксымбет кечээги Саадат минген тору атты минип түлкү уулап кетти. Жоош көк
быштыга минген Саадат канжыгасына бир түйүнчөк байлады да адырды карай кетти.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 15
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.