Latin

Өскөн Өркөн - 16

Total number of words is 4178
Total number of unique words is 2146
29.5 of words are in the 2000 most common words
41.7 of words are in the 5000 most common words
47.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
кубанарлык сүйкүмдүү үнүн чыгарып, сырларын ачкан эле. Көктөмдүн көркүн сүйгөн, ал
алгач ошону сезип, ырахаттанып, чери жазылган чабыттуу бала жүрөк, жан демин
баамдаткан эле.
Кыш бою үйдөн чыкпаган, эненин жанынан эртели-кеч узабай бир гана убайымдуу,
кайгылуу көңүлдүн туткуну болуп калган Айсулуу бул кезде өзгөчө жүдөгөн. Былтыркы
күздүн ак жүзүн саргыч тарткызган ырайынан бул күндө эч бир ирең-ажар жок. Анын
ордуна салааларына чейин аппак болуп сүйрүлөнгөн. Кең, чолок жеңдүү кофтадан
көрүнгөн билеги жумуру эмес, саал жукаланып тегерек тартып бүткөн калыбында
болор-болбос кызгылт аппак. Маңдайы, бет-ээги тамак-моюну азыр тегиз, туташ, бирок
аппак үлбүрөгөн жүдөөлүктө. Ушу кезде кырдач мурдунун үстүнө созула түшкөн түп-түз
ичке ак шолалуу маңдайы менен ээгинде да мрамор иреңиндей жумшак гана акчыл
шоола аймалаган. Бетинде ушу бактын жазгы алмасынын ыраңындай саал гана
билинген бүлбүл жука кызгылт ирең бар. Көзүнүн астындагы көлөкө көкчүл кою тарта
түшкөн. Чалкайган жүзүн эми төмөнкү ээгинде узунча сургулт-саргыч нурлуу көздөрү
чоң нур чырагын жандыра төңкөрүлөт. Бул көздөр мынабу көкчүл көлөкө кадырлуу азиз
жаш жандын жанына түшкөн узак оор дарттын изи ошол жан көзүндөй. Ачык карайт.
Салкындаган, азап чеккен, ошол азаптан ой түшкөн муң нурун өз шооласындай тартат.
Муңдуу, нурлуу шоола. Чекесинин жупжука териси ипичке болуп бурала түшкөн көк
тамырдын эки гана сызыктарын жашыра албайт. Өзгөрбөгөндө кызгылт-кара, кээ жери
кызгылт алтын өңдүү бөлөкчө ирең бере турган, коюу, калың узун өрүмдөрү өзгөрбөгөн.
Көптөн берки Айсулуунун мезгили боюнча эки тал жоон өрүмдүн бир талы оң
ийнинен чоңураак жакшынакай кызгылт кулагынын жарымын басып ийни менен
төшүнөн аша төмөн кулап, колунан да ары ашып отурган кичинекей орундуктун
катарына барып учугу көрүнбөй кетип жатты.
Эртең мененки тамакка Айсулууну үйдөн добуштап бир нече ирет чакырган Нурбүбү
эми эшиктен бери чыгып, бакчага караган эле. Алгач гүлдөгөн өрүктүн түбүндө былтыр
ушундай Айсулуунун жанында Арман болуп экөө бирдей тамашалап, өз бактыларына
өздөрү кубанып отурган бир чактарды Нурбүбү да элестей кетти. Анын жука жоолук
астындагы саамай чачтарына быйыл буурул көп аралашкан. Аксур тарткан акчыл
жүздүү маңдайында, эки ууртунда, көз айланасында алда нече бырыштарды
жыйыптыр. Айсулуунун жанына үнсүз келгенде кызынын .бетиндеги аккан жаштын саал
билинген шоросун көрдү.
— Айланайын жаным!.. Жан шоолам, эмдиги жалгыз чырагым... — деп Айсулуунун
башын кучактап жанагы жаш шоросунан сүйүп өөп-өөп алды.
— Апа-ай, биз былтыр ушу кезде, дал ушу күнү кандай бактылуу элек! — дегенде
көзүнөн кезек-кезек тамчылар жерге тамып-тамып кетти. Энеси менен катар күрсүндү
да, эми туруп, үнсүз басып үйгө кетти.
Зилинде бул экөө Арман жөнүндөгү окуянын сырын, жан сөзүн бир-бирине көп
айтышчу эмес. Экөө бирин-бири аягандан да айтышпайт. Нурбүбү көп убакытка чейин
Айсулуунун ден соолугунан кооптонуп коркуп жүрдү. Күндүз ал зарылып, кабагы төмөн
түшүп, көбүнчө үнсүз ыйлай берчү. Тамак-аш аттууну жөндөп ичпейт. Түн баласында да
өзү ойгонгон кездерде Нурбүбү Айсулуунун акырын, узакка күрсүнүп жаткан чактарын
ичтен кыйнала, убайымдана сезип жатат.
Энеси жөнүндө Айсулуу да дал ошондой маанайды күн сайын байкоо менен, багуу
менен болот. Ошондуктан экөөнүн тең кайгысы кээде купуя, тереңдеп, ичке түшүп
кеткен узак сары оору, зар ичкендей аёосуз катаал кайгы-казирет болгон эле.
Айсулуу үйдөн чыкпайт. Барса бара турганы тек ушу короонун ичиндеги, түркүн
дарактын түбү. Дарбаза алдына чыгуудан ал абдан чочулайт. Ошол жерде жаны аялуу
Арманы оор, катаал машиненин астына басылган. Ал жер жап-жакын аралыкта турган
бөтөн жер, ажал жери сыяктуу. Ойлосо үйдө отуруп да жүрөгү чочулайт, жаны
жабыркайт. Эмне деген шумдук. Армандын кичинекей күнүнөн эң алгач аягын апылтапыл баскан чагынан чаңдата, жүгүрүп ойноп жүргөн өз жери, туулган үйү, төрөлгөн
бешигинин жанында кара жер катуулук кылып, ажалына жетти. Оор машиненин
дөңгөлөгү басканда тууган жер болуп ал эмнеге мээрин бербеди, пейил бербеди,
жумшактык этпеди. Ушуларды ойлоп суунат Айсулуунун жүрөгү.
Ошол дарбазанын алдын ойлосо кабагы түйүлүп, эсинен чыгаргысы келет. Ошонун
эсесине энесинен жашырып Армандын китептерин кайта-кайта оодарыштырат. Анын
колу менен жазылган дептерлерди бетине басат. Кээ кагаздарын көз жашы менен
суулайт. Колу ушунчалык сулуу, көрктүү чыга турган Армандын дептерлеринде калем,
карындаш менен жазылган барактардын баары тең анын жаш жүрөгүнүн жаңы талап
изденүү, өсүүнүн айкын жакшы шаты-шатылары эле.
Китептерди бетине басып, үн чыкпай тумчуккандай селейип калат. Бул жайларды
энеси оозгу үйдө тамак даярдоодо жүргөн чакта иштөөчү эле. Дал ушундай Нурбүбү да
эмки калган жалгыз Айсулуудан жан азабын жашырат. Ал Армандын жамынган
жуурканын күндө бөлөк жерге коёт. Ар күнү ар жерге коёт. Анын жаздыгынын тышын да
өзгөртпөйт. Кийинки күндөрдө Армандын жыт-жыбыры сиңип калган болот да,
жазданбай өзүнчө калган кезде аны бетине, көөдөнүнө басып, кээде бүк түшүп жууркан
менен жаздыкты кучактап, шалкы таргып жүдөгөн ийиндерин дир-дир эткизип бүктөлүп
калат. Оор кайгы жетимдик кайгысынын салмагы менен жанчылып бүктөлгөндөй.
Тек гана соңку 20 күн ичинде Айсулуу Армандын китептерин аңтарып отуруп, эми
китеп окуу жагына оошту, Азыркы калган канаты, сыңар канаты, жалгыз — кызы да,
уулу да өзү болгон, баары болгон Айсулуу китепке караганда сыртка чыгарып сыр
билдирбей, сөз сүйлөбөй Нурбүбү ичтен шүгүрлүк кылат.
Бүгүн чайдан кийин ушул үйдүн эмки ага-досу карыя Таңат келип кирди да,
жыйналбаган дасторкондун четине отуруп акырын амандашты да өзүнүн адети боюнча
Арманга арнап куран окуп, жалгыз өзү бата кылат. Куранды күбүрлөп ичтен окуйт. Ушу
жолу Таңат амалсыз маалымдап, жайсыз кабар апкелди.
— Сот болот дейт. Жакында соттойт деп жатышат.
Нурбүбү душман жөнүндө чыккан кабарды тиксинип, сестенгендей абалда ызалуу
үн катты.
— Өкүмү болобу?.. — Шыбагасын алабы?! Эмне дешет?
— Шыбагасы өлүм го, доңуздун... Бирок ошол болбойбу деймин!..
— Эмнеге?..
— Кайдан билейин!.. Деги шофёрду мыктап жазалап, алиги кара беттин өзүн жеңил
жазага буйруп коёбу деп да жатышат.
— Эмнеге андай болот?.. Айып ошондо эмеспи?!
— Ошондо болсо да соттун тилин ким билген дейсиң. Астыртан эмнелер болуп
атканын кайдан билебиз!..
Эмне болмок эле? Эмнени айтасыз?
— Ал куунун, шумпайдын жакынынан көп неме жок экен го. Агасы, таякеси,
аталашы, жердеши да сотуңдун астынан ат тартуулап, үстүнөн куш учурат көрүнөт.
Ушу ким аманын билбеймин, прокурор тергөөчү, сот, атүгүл алиги арык чөнөккө суу
жүргүзгөн СМУнун башчысы Бейшен, дагы башка райондун мен билбеген кооператив
сыяктуу толуп жаткан кеңсесинин баары жең ичинен жалгашабы, билбеймин. Биз
билебизби? Жең ичинен жалгашып, астыртан ишти бүтүрүп койбойбу, арман дүйнө!
Акыры, кыскасы ошол шумга жазаны жеңилдеткени турабы деп көңүлүмө көп күмөндүү
түйшүктөр орноп калды келин.
Энесинен мурун Айсулуу чочулап силкингендей болду. Өзүнө да, энесине да окус
жерден жоктон сурданган ирең пайда болду.
— Агатай, (ал Таңатты Агатай дечү эле) — Ошондой деп жалт бурулуп Таңаттын
эки уурту кыпчылган жүзүнө жашка толуу көзү менен кадалып карап калды. — Арман
үчүн ким күрөшөт? Сиз менен биз болбосок, ким жоктойт Арманды!.. Ары Армандын
көзүн жоюп, ары жеп-жеңил кутулуп кетмекпи ал жексур! Күрөшүңүз, Агатай,
издениңиз!..
— Каякка барып, кимден изденейин? Айтпадымбы жанагы бар кеңсесин.
— Жок, бары ал эмес. Чын адилет табыла турган жерге барыңыз.
— Барайын... Барбай кантип коёюн. Көңүлүңдө турганың ким? Айтчы деги ошону
мага.
— Райкомго, партияга!.. Райкомдун биринчи секретарына барыңыз.
— Мен партияда жокмун го, негизи.
— Ал эсеп эмес, Агатай. Партия элдин баарын угат< Сиздей колхозчуну, биздей
колхозчу бечараларды алды менен угат. Ошого барып жанагы угуп жүргөн сөзүңүздүн
баарын бирин калтырбай айтып чыгыңыз. Биз изденебиз, биз күрөшөбүз Арман үчүн.
Мен да, апам да күрөшөт, Айтыңыз, бизди да чакыртып сурасын.
Нурбүбү да Айсулуунун сөзүн толук коштоп, өтүнүчүн кошо айтты. Таңат ушуну
менен эми бүгүн райкомдун секретарына бармак болуп Алтынсайга жөнөдү.
Таңат райкомдун секретарынын эртең мененки жумушка келе турган кезин билип,
кеңсе алдынан тоскон эле. Райондун көп колхозчуларын негизинен толук билген
биринчи секретарь Көлбаев Мухит Таңат менен жакшы амандашып, жумушу барын
билген соң өзү менен кабинетине ээрчите киргизди.
Чоң, сулуу, ажарлуу кара көздүү, коюу каштуу, сургулт жүздүү Мухит сулуу жигит
эле. Чачты кыска алдырып, баса тараган эртең менен жылтырак түсү кетпеген, суулап
тараган белги бар. Калыңыраак эрини баёо козголуп, Мухит акырын гана жөн-жай
сурады, «Жумушуңуз эмне эле?»
— Жумушум өз жайым эмес, — деп Таңат Мухид көрсөткөн маңдайкы орундуктун
четине коомай тартып отурду. Столду колу менен сыйпалап, Мухиттин жүзүнө тигиле
карап, башын ылдый салып, кабак астынан сүзүлүңкүрөй карап сүйлөдү. — Көңүлүмдө
сизге түк дагы келем деген жок элем. Бирок келбеске да болбой калды. Өзүңө айтпай
каякка барам.
— Айтыңыз, мага айтыңыз! — деген Мухит папкасынан бүгүн текшере турган,
обкомго жибере турган бир эсеп-кысаптарды алдына салып кыйгачтап, карыяга карай
оңтойлонуп отурган эле.
— Айттым го, өзүмдүн жумушум эмес, — деп дагы да! мүсүркөп, кандай баштарын
биле албай отурган Таңат; узун бою менен ийилип, ыргала берди. Ошондон кийин
барып жайды баян эте баштаган эле.
— Угуп жаткан болорсуң. Өлтүрүп кетпедиби ошондо. Алиги Нурбүбү деген жесир
аялдын Арман деген жалгыз уулун. Уктуңуз беле?
— Баягы күзүндөгү окуябы? Чет-жакасын укканым, бар эле. Аны өлтүргөндөрдүн
экөө тең түрмөдө отурат го. Иштери сотто эмес беле?
— Баса, билет экенсиз го. Соттосу сотто, жакында өкүмү да чыгат дейт. Бирок угуп
жаткан шыбышка, күбүр-шыбырга караганда киши өлтүргүч бузукуну жеңил жазага
тартабы деген сөз тарап турат. Күнөөнүн көбүн шофёрго оодарып, кан ичер
жырткычтын өзү аз жаза алып, оңой бошой турган кебетеси бар деп айтып жатышат.
— Бул айтып отурганыңыз жөн гана көчөдөгү көп сөздүн бири эмеспи, аксакал? Сот
болгон жок, өкүм угузула элек. Алдын ала өзүңөр күнөөкөрлөргө оңой нерсени ыйгарып
жүргөнүңөр ылайык болор беле?! Ойлонуңузчу азыр «сен жеңил өкүм чыгарасың го»
деп сотко бирдеме дешке биздин — көпчүлүк элдин күн мурун кандай акыбыз бар!
Өзүңүз ойлонуңузчу! — деп үнсүз буйдалып калган Таңатка Мухит бүткүл чыны менен
ойлонуп, ой салып узак карады.
Таңат түпкүлүгүндө сөзгө жана мындай ыргашууга нокок адам эле. Секретардын
сөзүн өз ичинен абдан дурус көрдү. Бирок Айсулуунун катуу кадалып, мурун Таңат
билбеген салмактуу, күчтүү талапты таанытып сүйлөгөн, өзүнө үмүт жүгүн арткан, аппак
болуп демигип, тутана сүйлөгөн сөздөрү эсине кайта түштү да, секретарга мурун
даярдап алган эң салмактуу деген сөзүн кайрадан эсине алды.
— Өкүм али айтылган жок. Бирок өкүм айтылып калган соң, кайтуу да жок. Жанагы
мен айткан күмөн-күдүк боюнча кылмыштууга жаза. жеңил кесилип калса анын артын
түзөш оңой болобу, жолдош Мухит. Мен ошол үчүн баласы менен бир боору өлгөн
көздөрүнөн кан агып, оор казага учураган, бүгүн да кан ыйлап отурган колхозчу шордуу
аялдардын өтүнүчүн апкелип отурамын сизге. Алар да, мен дагы жанагыны укканыбыз
ак. Өзүңүзгө да, райкомго да, прокурор менен сотко алдын ала эскертип койсоңуз, арты
жеңил болбос беле дейбиз!
Мухит оболу соттун ишине аралашуу законго сыйбайт. Жол да жок, деген сыяктуу
сөздү айтууга бир октолду да, аны мына мындай бүткүл чын пейлин апкелип отурган,
айласы, амалы жок таза көңүл колхозчу менен арбашкандай, же болбосо аны тил
эмизгендей кылып айта салууну ылайык көрбөдү. Эми кайта бир аз ойлонуп отурду да
өзү үчүн да, Таңат үчүн да тыянактуу пикирин айтты.
— Жарайт, мен бул жайды эске алайын, сүйлөшөйүн. Келип эске салганыңыз
тескери эмес. Кайта дурус болду.
Ушул сөз менен Таңаттын жумушу бүттү да кетип калды. Райкомдун секретары
кийин райондун прокурору Саматовду чакырып алып бул жөнүндө сүйлөшкөндө
прокурор көп нерсени баяндады. Ал бул иш менен толук тааныш сыяктанды.
Эң алды менен Саматов иш жөнүндө райондун соту Бекбаев жана тергөөчү менен
өз башы көзмө-көз сүйлөшүп алганын айтты. Азыр анын баяндоосунда райкомдун
секретары Мухит өзү мурун эч качан угуп-билбеген жайларды тыңдады. Саматовдун
айтуунча бул окуя Нурбүбү,, Айсулуунун, Танаттын көргөн-билген баштан кечирген
чындыгынан, нагыз абалынан такыр башкача, өзгөчө чытырман жайлардын абалына
оошкон эле. Болумсуз бир чындыкка окшогон сырткы фактылар болсо, ошонун баарын
жоктон бар кылып күкүмдөйдөн жамап-жаскап, чеберлеп, айла менен курап, өзүнчө бир
жөнү бар, туташтыгы бар чындык болмуштун сүрөтү жасалыптыр.
Саматов бул жайларды кабак түйүп томсоруп отуруп жайык беттүү, богоктуу келген
чоң башын Мухитке такай түшүп атайлап сыр бөлүшкөн кишинин калыбында отуруп
баяндады. Мунун айтуунча Сагыт менен Айсулуунун арасы таттуу жаштардын
өздөрүнчө макулдукка келишкен сыры болуп чыгат экен. Бирге өскөн, көрүшүп жүргөн
жаштар болгон соң кээде таттуу жүрүп, кээде кер-мур айтышып урушуп да калышат
экен. Бирок ошондо да жакындарынын үйүндө жана түн ичинде жекече өз алдынча
жолугушуулар болот экен. Былтыр жазында ушул Алтынсайдын өзүндө да бир кечте
жолугушуп артынан таарынышып калышыптыр. Ошондон кийин Сагыт кат жазат экен
кечирим сураган көрүнөт. Бир эмес, далай кат жазат. Бир катында таарынтканы үчүн
кечирим сурайт, кайтадан таттуулукту каалайт. Кыз каршы болбогон сыяктуу. Буга
таарынчысын да, каршылыгын да айтпайт, Сагыт болсо таарынчын кечкен экен деп
ойлойт. Ошондон кийин ал алмак болгон ниетин билдирип Айсулууга дагы кат жазат.
Кыз буга каршылык билдирбейт. Ошондон кийин Сагыт энеси, иниси билсе каршылык
кылар деп ойлойт да, бир түнү алып качмак болот. Мунусу, албетте, акмакчылык. Бирок
ушул күнкү жаштарда кээде ата-энеге акыл салбай эле сүйүшүү менен тийишүү боло
бере турганы бар эмеспи. Ошого таянат да «баландай түндө барып сени алып
кетемин» деп кат жазат. Кыздан дагы жооп болбойт. Каршылык сөз да болбойт. Айтор,
кыз көнгөн болуу керек. Ошону менен барып түн ичинде эки жаш машинеге түшкөнү
келе жатканда иниси ойгонот да, мушташып калат. Сагыттын мурдун канатып, өлөрчө
абалга апкелет, ошондон качып, кыздан да айрылып, өздөрү кутулганга ыраазы болуп
шофёрго «жүр, кеттик!» дешет.
Ал эми кыздын бир тууганы булардын машинесине жабышып эшикти ачамын деп,
рулга жабышамын деп жакалаша берет. Машине жүрүп кетет. Жүк машинесинин
кабинасында отурган киши арттагыны байкайбы, жүрүп кеткен кабинага, бортко урунат
да арпалышып жүргөн кыздын иниси аласалып кетип, өзүнөн өзү жыгылып машиненин
алдына түшүп калат.
Мына эми азыр көп күбөлөрдү сураштырып, атүгүл почтодон Сагыттын кызга жазган
каттарынын санына чейин тактап, түгөлдөп алдык. Жанагы айтылган сөздүн баары
ырас. Ошол Сагыттын айткан сөздөрү чын болуп чыкты. Сагыт бузуку экен, кыздын
ыктыярынан тышкары, зордоп тартып аламын деп барыптыр, үй-бүлөнү сабаптыр,
кыздын инисин сабап жыгып, машиненин астына таштап, бастырып өтүптүр деп ушунда
адегенде милиция, андан кийин комсомол чуу көтөрмөк болду эле, биз да ошого
башында көп маани берип, ишти катуу баштадык эле, бирок закондун аты закон,
кылмыштын түрү кылмыш, айыптан айыптын, кылмыштан кылмышты аныктап
таразалай келгенде айырмасы көп болуп чыгары белгилүү го. Сырты, дабырты такыр
башкача болгону менен бүгүнкү соттун колундагы аныкталып, өкчөлүп отурган
корутунду чындык ушундай. Сизге өзүм да келип, боло турган соттун жайын бир
эскертейин деп жүргөмүн. Кыскасы, биз бул ишти эскерүүсүз, талдоосуз таштаганыбыз
жок. Кадала карап, катуу багып-кагып жүргөн ишибиз. Иштин бардык жайы закон
боюнча, ылайыгынча болот. Түрмөдөн чыгып кеткен киши жок. Адам өлгөнү анык.
Себепчи болгон кишилер камакта жатат. Өкүмдү эл соту калк алдында болгон
окуяларды жарыкка чыгарып ашкерелеп отуруп кесет. Бул кезде бир алда кандай
ылайыксыз нерсе сотко, журтчулукка жайсыз тиер жагдай болот деп ойлобоймун деген.
Мухит бул жайларды үнсүз угуу үстүндө прокурордун жүзүнө ойлоно, сынай карап
отурган эле. Такшалган, тажрыйбалуу улгайган адам прокурор закондун жөнү менен
расмий түрдө бул жайды баалагандан талдагандан башка сыр берген жок. Мындан
уккан сөз жанагы Таңат апкелген сөздөн такыр бөлөкчө. Таңат айткан үй-бүлөнүн ыйгажашка толгон күйүттүү өтүнүчү өзүнчө бир түрлүү кайгылуу кеп. Бирок закон сезим
менен дайыма үндөшө бербейт, жупташа да бербейт. Карачечекей жакын жандардын
күйүтү менен ызасы сот алдында баланын ыйлаганындай жеңил, салмактуу болуп кете
турган учурлар көп. Мухит ошондо өз ичинде зар ыйлаган жетимдер тарабын көбүрөөк
ойго алып, жаны ачып отурган эле.
— Киши өлүмү оюн эмес. Атасы Ата Мекен согушунда каза болгон жаш уландын
өлүмү кандай жанга болсо да катуу тийбей койбойт. Ыйлуу-зарлуу эненин үнү партия
менен өкмөттүн жооптуу камкордугунда. Ары адам өлтүрүп, ары оңой кутулуп кетти
деген сөз түпкүлүгүндө кандай ооз менен айтылса да айланага көп күдүк, көп күмөн
калтыра турган, сотко да, прокурорго да оңой салмак салбай турган жайлар. Ашкере
жооптуу ар-намыс менен таразалап карай турган жайлар. Ушуну мен сага өзгөчө
эскертемин. Иш силердин колуңарда. Бирок кадалуучу; көз калктын көзү болот. Бул
эсиңерде болсун!..
Өзү билген-уккан даражасында райкомдун секретары ички кабатырлыгынан арылып
да сүйлөдү. Болгон чынын да айтты. Жана прокурордун ичинде башка бир мүнөз, алда
кандай түйүндүү жайлар, түпөйүл учурлар бар чыгар деп ойлонгон да жок, күдүктөнгөн
да жок.
Райкомдун алдынан прокурор бир өтүп алган соң эл оозунда жүргөн күбүршыбырлар аныктала берди. Эми сот боло турган күн да келди.
Нурбүбү, Айсулуу, Таңат үчөө гана эмес, булардын колхозунан көп жаштар, кээ бир
улуулар да райондун сот кеңсесине жабылып келишиптир. Албетте, асыресе залдын
алдыңкы жагын; орто жерин, эки капталын куушура келип отурган адамдардын ичинде
Айсулуу билбегендер көп. Мунун баары Сагыт тарабынын албан түрдүү топтору.
Нурбүбү менен Айсулуу билбеген, Таңат да көп сезбеген ушу сот мезгилинин
күнүнүн алдында далай күндөр бою куралган чытырман, кым-куут жайлар болгон эле.
Сансыз ооздор Айсулуу менен Сагыттын аттарын далай ирет толкутуп, жүз тарапка
соктуруп, толгоп көрүшкөн. Ошол катарда бүгүн мынабу сот залында эң алдыңкы
катарда отурган Сагыттын агасы жоон моюн, чаар Абилмажин, анын асемдүү кийинип
келген нурлуу семиз аялы Асел бир өзү эмес, айланасында ар түрдүү жек жааттарды
Сагытка тилектеш, арка-тирек кылып келип отурушат. Ошондойдун бири тигинде
отурган акчыл, арык жүздүү, бет сөөгү оркойгон, уурту кемирейген, сүйрүйгөн мурду
жылтыраган Бейшен деген ушул районго белгилүү, чоң чарбалардын бири, СМУнун
башчысы. Ал Сагытка таяке болуп кетет. Өзү арык-канал чыгарган СМУнун башчысы
болгондуктан бүткүл бир район гана эмес, коңшу райондордун да көп чарбалары буга
байланыштуу, гана эмес, жалынычтуу боло турган жайы да бар.
Элет жерде эмне кымбат — курулуш жыгач-ташы кымбат, шифер кымбат. Ар бир
мык, айнек, темир чатыр, цемент дегендердин учу-кыйыры барбы?! Ал эми мынабу
бардык өсүмдүк-өнүмдүк дүнүйөсү тек гана арык менен каналга, ар түрлүү плотинага
нык байланган райондордо курулуш мыктысы ушу СМУнун колунда. Ал Бейшендин
колунда деген сөз.
Райондо райпотребсоюз Сагыттын бир тууган агасы Абилмажиндин колунда болсо,
таякеси Бейшен болсо, анын жердеши райондун соту Бекбаев Адил болсо ал да
Сагыттын, Абилмажиндин аталашы болуп чыкты. Ал эми прокурор Бейшен менен
жердеш адамдар экен. Бул район ушул облустуку болбогону менен бул райондо
жолугушкандан бери аралары өтө таттуу, өтө жакын болуп кеткен. Өзүнөн өзү ушундай
тордой токулуп, кат-кабатталып турган чакта нечен түрлүү жез кайырмактуу желден
учкул күбүр-шыбырлар жанагы аталган адамдардын араларындагы өзүнөн-өзү
амалсыз келип чыга турган абалдар болду.
Токулган тордой болуп токойлошуп кеткен «тоголок жагдай» деп аталган , айлар
бир четин райкомго прокурордун тили менен апарып туюндурду. Дагы бир четин соттун
өз акылдашуу, ойлонушу иретиндеги талабы деп аталып, райисполкомго Ашкенге да
маалим этилди. Ушуну менен бүгүнкү ишти жүргүзүп отурган судья Бекбаев Адил дал
ушу кездеги жыйналыштын алдындагы тордой токулган шарттардын бардыгынан
болочок сот өкүмүн жаа ийгендей ийип, ороп, сактык менен да, чебердик менен жана
эсепкор айлакерлик менен да ороп, чырмап, бап менен апкелген эле.
Тергөө үстүндө Нурбүбү менен Айсулуу ыйлап, жашып, уяңдык да кылган жок.
Бирине бири бул жөнүндө атайлап сөз айтышпаса да Арман үчүн бар күчүн, жан күчүн
жыйгандай түрчүгүп, катууланып айтып калуу, талап коюп, кадалып айтуу экөөнүн тең
мүнөзүнө айланды.
Сагыттын чачы мурункудай чачылып уйпаланган. Өңү бир нече ай бою көлөкөдө
отургандан улам табигый көрүнүшүнөн айрылып, бир ыңгай карасур тарткан, бирок
жүдөбөптүр. Шишигендей кырс кабактуу бүтүк көздөрүн Айсулуунун нур жүзүнөн
албайт. Башка дүнүйөгө карабайт. Сот сурагына жооп берген кезде гана болбосо, анын
да ирээтин таап, бүткүл тергөөнүн жүрүшүндө «көрөйүн да өлөйүн», деген сыяктуу
Айсулуудан бет бурбай койду. Айсулуу ага караган жок. Жийиркеничи ичинде чала
оттой алоолой түшүп басылат да, өзүнөн-өзү «караба жүзүмө, жүзүкара, кантип уялбай
карайсың!» дегендей түрчүгө берет. Сагытка ого бетер ачуулуу жоопторун катуулап
берип жатты.
Бирок тергөө үстүндө сот менен бир заседатель Алтынсайдан келген профсоюз
адамы картаң казак чала окуган кейпи бар жапалдаш бойлуу, бырыштуу маңдайын көп
жыйрылтып Айсулууга суроолорду алмак-салмак бере беришти. Ал суроолор:
— Сиз мынабу айыпкер Сагыттан баягы белгилүү кечтен мурун кат алдыңызбы? —
деп бир сурады. — Канча кат алдыңыз? Почто аркылуу алдыңызбы, киши аркылуу
алдыңызбы? Же дал келе турган күнү кат алдыңызбы — деп сурады.
Таңгаларлык бир жай — Таңаттын таңыркаганы судья менен жанагы заседателдин
ушул үстү-үстүнө берген суроолорунун баарына: «Жок, алганым жок» дештин ордуна
Айсулуу улам каттын келгенин айтып жооп берип отурду. Ошол жайды Айсулуунун
моюнга алуусу Абилмажинди, Бейшенди жана ошолордун тегерегиндеги көп аялэркектерди кубантып, көңүлдөрүн көтөрүп койгондой. Зал ичинде күбүр-шыбыр, кээ бир
жылмаюу иреңи залдагы айрым жүздөр менен катар, төрдө отурган сот адамдарынын
баарында тең бирдей байкалды.
Бирок Айсулуу каттардын келгендерин айтуу менен бирге, эми анык, катуу түрчүгүп
туруп шаңк этип кесип туруп сүйлөдү.
Ырас, каттар келчү эле. Бирок мен бир катты да окубай, аларым менен тытыптытып таштачумун. Алгачкы катын да, соңку катын да окубастан тытып-тытып ыргытып
таштачумун. Мен билбеймин, мага жат жана алдында душмандык кылган, менден
оолак жүр дегемин да, жайында колумду бычак менен сайган, жырткыч адам болгон
соң мен аны өз өмүрүмдөгү эң жаман көргөн, эң жийиркеничтүү душманым деп
билчүмүн. Андан кат алууну өзүмө айып саначумун. Анын катын окууну кылмыш деп
билчүмүн. Ошондуктан тытып салчумун. — «Эмнеге тытасың, душман болсо да эмне
деп айтканын, кандай душмандык ойлоп жүргөнүн билүүгө тырышпадыңбы? Колго
алган кат болгон соң, аны ачпай турган киши болобу? Ачса бирер жолун болсо да,
сабын болсо да окубайбы? Такыр окубадым дегениң акылга сыябы, чындыкка
жатабы?» — деп судья менен жанагы заседатель такымдаган сайып Айсулуунун
жыйнаштырып, кыжынып туруп берген абдан чын, так, адил жообу жанагы болучу.
Ал эми Сагыт өз жообунда бир гана нерсени кайталай берди.
Мен алгачкы каттарымда жайкы кылган, ичкилик үстүндө кетирген каталыгымды
«кечир», «кечирегөр» деп беш кат жаздым. Андан кийин жооп болбогон соң мени
кечирди деп ойлодум.
Чынында бул өзүнүн жаратылышындагы кыңыр-зөөкүрлүгү адам арасынын карымкатнашын алдамчылык деп ойлогон өмүр бойку үстүрт чалакайымдыгы боюнча
ошондой деп ойлогону да. ырас эле. Бул кезде ал соттун жетеги боюнча кылган
жоопторун жанагыга тиркеп, өзүнчө закондуу бир иш баштаганга окшоп сүйлөдү.
— Кечирди деп ойлодум да, баягы алгач көргөндөн ойлогон чечимимди, талабымды
айтып өтүнүп, дагы да үч жолу кат жаздым. Ал каттар да «мага тийгин» деп, «Мен
алайын» деп өтүндүм.
Соттун такмазалап сураганы боюнча Сагыт жооп бере отуруп «ал үч катыма да
жооп болбоду, аны да көнгөнү деп билдим. Ошондон кийин эки катты мен барамын да
өзүңдү машинеге отургузуп, ала качып кетемин деп жаздым. Эл уктап жатканда түн
ичинде келемин, корооңдо, супаңда жат дедим. Ал дал бара турган күнү жана өзү
«алдым» деген эң соңку катка бүгүн түнкү саат бирде келемин да алып кетемин дедим.
Ошондон кийин келдим. Жооп айтпаганын бул жолу да көнгөнү деп ойлодум. Каттарды
тытып таштадым деген сөз менин башыма кирген эмес. Эч болбосо бирөөнү окубадым
деген сөзүнө али да ишенбеймин» деп ой пикирин бир айтып салды да, кийин
прокурордун суроолору боюнча соттун тергөөсүн жана да өз жообу менен толуктап
кошумчалай отуруп, Арман менен болгон кармашууну айтты.
— Арман мени сабады. Күчү менден артык болуп чыкты. Мурдумдан, бет-оозумдан
кан кетип, эми кармалып калат экемин деп зорго кутулдум да, машинеге түшүп жатып
шофёрго «жөнө» дедим. Арман шофёр жагынан келип каалгага, рулга жабыша берди.
Мен ал кезде кабинада эсим ооп кансырап жатып калгам. Эмне болгонун билгеним да
жок. Шофёр Арманды итерип жиберип машинени жүргүздү да, биз качып жөнөдүк.
Ошондо машинеге, жүрүп кеткен машинеге калып калбастан жабышамын деп
машиненин бортуна урунуп, жигит өзүнөн өзү жыгылып машиненин астында калыптыр,
аны биз кийин уктук. Мен эчтеке билгеним жок, шофёр да билген жок деп ойлоймун
деген жооп менен Сагыттын тергөөсү бүткөн болучу. Бул бардык жообун ушул арада
ушундай тизмектеп айтып отурган жок. Түрмөдө акыркы күндө, сот болор алдында ага
жолуккан Аселдин түгөл тизип жолго салып айтып берген жооп-жобосун түгөлдөп
жеткизип чыккан. Кийин сот өкүм чыгарды. Прокурор буга шофёр экөөнө катуу жаза
берилсин деп талап кылган болсо да, ал талабын салмактуу деп далилдөөгө ылайыгы
жок, орду жок, закону жок киши сыяктанып, аңкоолонуп, буйдалып, анчейин демейде
көп кезиге бербеген аксымдыкка оошту.
Сот өкүмү жазанын катуусун шофёрго оодарды. Шофёрду жактаган ээси, издөөчүсү
жок болучу, бул жакка жаңыдан келген жалгыз жигит Жоодат деген отурган, Сагыт
жөнүндө соттун жалпы айыптоо сөзү сырттан караганга оор сыяктанып, катаал айыптоо
сөздөрү сүйлөнүп келди да, аягында анын айбын жеңилдете турган фактылар катары
көрсөтүп Айсулуунун өз мойнуна алган каттарды келтирди. Ошону менен соттун өзүнчө
мыкты далили бардай болуп көрүндү. Бул окуя кыз менен жигиттин экөө биригип
убадалашкан алмак-тиймек болгон адеттеги салттагы бүтүм эле. Жигит ошол
макулдашуу боюнча алып кеткени барган эле. Бирок иниси билип, жаңжал чыгып,
кармашуу башталып, Сагыт өзү таяк жеп зорго кутулат. Кызды тартып алып калышат.
Ал эми иниси өлгөндөн кийин абал кыйындаган соң кыз алгачкы сөзүнөн, .убадасынан
айнып, эми айыптын баарын тек жигитке гана оодарууга чыккан деген чечим жасалды.
Ушуну менен Сагыт беш жылга кесилди. Анын бир нече жылдары, бир нече кечирим
менен жеңилдетилди. Тергөөдө отурган айлары дагы эсептелип чегерилди. Ошону
менен эми Арманды өлтүргөн айыпкер, жырткыч, айбан Сагыт бир нече айда кутулуп
да чыга турган болуп өкүм кылынды.
Айсулуу, Нурбүбү залдан күнгүрөнүп, ыйлап чыгышты. Ушундан кийин келерки күнү
Таңат, Айсулуу, Нурбүбү үчөө бойлорундагы бүткүл жигер, намыс, ачууларын жыйып
жаңы чечимге келишти. Айсулуу Таңаттын колуна бүткүл адилетсиздик кыянаттын
бүткүл шумдуктарын айтып, энеси менен өзүнүн атынан чоң арызды Баскенттеги
обкомго жазды. Экинчи бир катты сот өкүмүнүн адилет эместигин толук айтып энеси
менен өз атынан Алма-Атадагы Жакеңе узак кылып жазды.
«Армандын арбагы ушуну мага карыз этет. Адилет, издегеним адилет! Таап
бериңиздер ушул адилеттикти!» — деген зарлуу, ызалуу жан сөзүн катында Жакеңе,
айлындагы Таңатка арнап айтты. Жакеңе жазган кат өмүр боюнча Айсулуу жазган
жүрөк черинин, анын кайгыга баткан санаасынын, жан жарасынын каты. Жаш жанынын
чыңырган, чырылдаган зары да ушу катта үн салып турган сыяктуу.
Ушундан бир жума өткөндөн кийин Айсулуу менен Нурбүбүгө ойдо жок чоочун бир
адам келди. Аны булар оболу өз үйлөрүндө күтпөгөндүктөн дароо тааныбай да
калышты. Келген келиндин узун бойлуу орточо толук денесинин сымбаттуулугу бар,
бети толук жүзүнө жарашкан, тыкан таралган, кыска кыркылган чачы жакында
тармалданган сыяктуу. Окумуштуу, тарбиялуу адамдын пешенесин тааныткан жүзүнө
кошумчаланган жагымдуу көз айнеги бар. Эрдин саал кызарткан. Колунда узунураак
жумуру кара лак сумкасы бар. Бул аял дарбазадан кирип, үйдүн эшигин ачып, Айсулуу
менен Нурбүбү катар отурган бөлмөгө киргенде жүзүндө сыпайы жымыйган күлкү
сыяктуу жылуулук бар эле.
«Уруксатпы, мүмкүнбү?» — деп босогодон аттап үйгө кирип саал туруп калган,
шаардыкча кийинген жана бой-турпаты, жүзү жумшак адеп билдирген бул келген аял
өзү да үй ичинин адамдарын дароо тааный албай калгандай көрүндү. Бирок эки жактын
алгачкы бүшүркөөсү бир гана саамдын жайы эле. Келерки таамда Айсулуу эки бети дуу
этип кызарып, ордунан ыргып туруп «Асия эже, айып этпеңиз, Асия эже!» дей берди.
Нурбүбү да тез эсине түшүрдү.
Асия Нурбүбү менен кол алышып көңүл айтты да, эми Арманды ал оозго алган
учурда ийни шылк этип, башы төмөн түшүп, эки бети дуулдап ыйлап жиберген
Айсулууну Асия өз сиңдисиндей, бир боорундай көрүп, эткээл узун ак салаалары менен
ийнинен кыса кучактап алды. Бооруна анын башын басып чачынан, маңдайынан
өпкүлөдү. Кой деп жубатып, жанагы салаалары менен Айсулуунун чачын, узун
өрүмдөрүн боюна созо сыйпап, сылап аркасынан да какты. Отура бере өзү да бирге
үнсүз жаш төгүп, көкчүл жибек кичине жоолугун алып, эткээл келген кичирээк туңгуюк
кара көздөрүн көз айнегинин астынан сүртө-сүртө берди.
Асия бул үйгө көп жайды сырттан толук билип канып келген эле. Үй ичине
баамдатканындай, Асия Алма-Атадан түштүк облуска Казак ССР Жогорку Советинин
Президиуму жиберген бир командировка менен келиптир. Булар Алма-Атадан
жыйырма чакты киши болуп Түштүк облуска негизги бир маселе жөнүнөн бир аз жүрүп
эмгек этип кайтууга, фактыларды жыйнап келүүгө жиберилген экен.
Асия оболу алды менен Ленин районуна келип, ушу колхозду аралаган чагында
Айсулуу менен. Нурбүбүнүн бул колхоздо турганын билген эмес. Өзүнө тапшырылган
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 17
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.