Latin

Өскөн Өркөн - 13

Total number of words is 4123
Total number of unique words is 2096
28.6 of words are in the 2000 most common words
40.5 of words are in the 5000 most common words
45.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
келип алып, ашыга чапкылаган бойдон Айгенеге келди. Жаканов ушунда экен. Жарасов
аны көргөндө жанагы Кошой чалдын ээги дирилдеп көзүнөн мөлт-мөлт жаш төккөн
жүзүн көз алдына келтирип алган эле. Жакановго амандашкан жок. Сунган К9лун
албады.
— Ар-намыс деген кайда? Адам дегенде уят деген болчу эле, сенде жокпу?! Эмнеге
алдайсың? Тигил чабандар менен өзүң болуп, баарыбыз болуп баш кошкон бүтүмгө
көнбөсөң адамча, эркекче эмнеге ошол жерде ачып айтпайсың. Эмне кылып отурасың.
Бүгүн суук 30 градус. Койчуларыңды көрүп келдим. Жегени кар, дир-дир этип өлмөсөк
абалда, мал арасында жүрүшөт. Ансыз да он күндөн бери бел чечпеген чалдарың
жүрөт. Эми мына бүгүн үч күндөн бери отуздан ашуун койчунун он беш отордогу сегиз
миң малдын, отуз койчунун башында калканч кылар бастырма жок, малында ал жок.
Эми мал гана эмес, адам кошо кырылганы турат. Эмне кылдың? Эмне деген шумдук
иш иштедиң сен! — деп Эсентаев, Эржанов экөөнүн көзүнчө алкынып катуу айкырып,
тамагына кайта-кайта ачуу кернеп, таштай тыгылып буулугуп сүйлөгөн эле. Бир нече
ирет буга жооп айткысы келип:
— Мен сизге айткамын. Мен алиги алгачкы кеңеште айткамын. Өз эсебим бул эмес
эле, кантейин. Аязды мен апкелдимби? Кандай кылайын! — деген үзүк-үзүк жарым
сүйлөм Жакановдун сөздөрүн жанагыдай кайнаган ачуу үстүндө Жарасов уккан жок.
Кийин ал чечилип, бүткүл ызасын катаал сөзүн айтып түгөтүп болгон соң, Жарасов
унчукпай тамекисин кайта-кайта тартып Жакановго сыртын салып отуруп алды. Ушул
кезде Жаканов акырындап Эсентаев менен Эржановго айткандай болуп өзүнүн
эмнеликтен үйлөрүн көчүрүп алып кеткен себебин, бөлөкчө эсебин айтып жатты.
Жарасов Жакановдун көзүнчө рация менен Баскентке байланышууга киришти. Анын
сураганы Карповдун өзү. Мындагы абалдын эмки кыйындыгы асыресе «Шеген»
совхозуна түшкөнүн, ушу кездердеги чыкыроондоп турган аяз астындагы бүткүл
чарасыздыкты Жарасов Карповго жашырбастан түгөл айтты. Жакановдун эсеби тез
өтүп кетүү максатынан келип чыкканын, бирок аба ырайы бузулуп, чабандардын бир
тобу калың кой менен эң кыйын жагдайда калганын, жардам чукул арада, эң жакын
жерден берилбесе Узак району бардык борбору менен, жакын совхоздору менен
тезинен жардамга келбесе болбой турганын айтты. Карпов мындан канча палатка керек
экенин, канча боз үй менен күтүүчү аялдар, тамак бышыруучулар керек экенин, кандай
түрдүү азык керек экенин, канча машине чөп кандай ирээт менен жетип отуруу зарыл
экенин, цифраларды кайта-кайта сурап, оболу тек жардамдын, чукул арадагы тез
көмөктүн түрлөрүн түгөл жазып алды. Ошондон кийин айтканы: «Азыр, келерки сааттан
баштап Узак районунун буларга жакын «Кенегент», Калинин совхоздорунан боз үйлөр,
темир мештер, төшөк, жаздыктар, ар үйдө тамак бышыра турган күтүүчү аялдар
жөнөтүү жөнүндө Эсдавлетовго, эки совхоз директоруна буйрук бериле турганын айтты.
Жана өзү ушул саатта Арыз менен Нояндын борбору менен, Шенген каналы менен,
Түркстан, Кентоо толук байланышып, баарынан Эринбетов Алымдын керегине,
жардамына машинелер, тракторлор, палаткалар, боз үйлөр жана болгон машинелерге
толтура басылган таңгакталган чөп, жем ушу түндө жиберилип жатканын айтты.
Бул жайды Карпов Жарасов үчүн атайы толук санап берди. Облустун мал
башындагы, жут астындагы чабандар менен бардык кызматкер аттуунун баарына тең
чоң көңүл бөлүп, ошолордун камын тынымсыз ойлоп отурганды билдирмек. Мындагы
журттун көңүлүн тынчтандырмак. Бардык облус, мекен ушул элдин камын көрүш үчүн
катуу ойлонуп, аракеттенүүдө дегенди Жарасовго жеткизе айтты. Өзү ачка, жаңы гана
аяздан чыйрыгып келип отуруп, Жаканов менен канын бузуп, жүрөгү оозуна тыгыла
катуу сүйлөшүп алган Жарасовго Карповдун жанагыдай сүйлөгөн, жеткизген пейли,
аталык камкордугу, дос тилектештиги өзгөчө таасир этти.
Карповдун сөздөрүн угуп отуруп Жарасов бою чымырап, жүрөгү бир түрдүү
жылынып, алдында аяздын суугу кысып турган жүрөгү эми ордуна келип, жакшы бир
күндүн мээримин, достун жардамын сезгендей болду. Бир түрдүү көңүлү көтөрүлүп
толкуду. Үмүт менен ишенимдүү салмакты камкор үн менен аныктап, муну көкөйүнө
кондурган Карпов Жарасовдун ичин ысытып, жүрөгүн жакшы соктуруп, сүйүнүчтүү
демөөр берди, анык сүйкүмдүү кубаныч эле.
Карповдун эң соңунда атайлап туруп: угуп ал, угуп ал деп эмки кеп кылганы
чабандардын жайы.
— Жарасов, билип койгула. Кой өлбөсүн, албетте, бирок баарынан мурда чабан,
чабандын өмүрү бардык башка казынадан, кымбат нерселерден эң кымбаттуу, эң
ардактуунун өзү. Мен бул өрөөндө бул жуттун, жаманчылыктын үстүндө, ушул
жоолашып турган кырсыктын үстүндө чабандардан баатырдыгы, адамгерчилиги жана
советтик мекенчилдиги артык асыл адамдар бар деп билбеймин. Бул партиянын, кала
берсе бүткүл совет элинин, Мекендин таанып, баалагандыгы. Муну мен ушул түндөгү
бир сезимге берилүүнүн арзан кызыл сөзүн чубуртуу үчүн айтып отурганым жок.
Эсиңде болсун, бардык район кызматкерлери, бардык чарба башчылары, билип
койгула; бир да бир чабан каза болбосун. Талаада тоңуп, аяздан өлүү гана эмес, суук
өтүп өпкөсүнө суук тийип, ооруга чалдыгып паанасыздыктын салдарынан ден
соолугунан айрылып, азап чекпесин, анын бетин көрсөтпөсүн, бирок өлүм жетсе, ошол
чарбалардын башында жүргөн бардык жооптуу адамдар керт башыңар менен жооп
бересиңер. Бул менин обкомдун бюросунун атынан кесип айтар сөзүм. Оболу
партбилетиң менен жооп бересиң. Ошондон кийин сот алдында, бардык советтик адил
закондун бүткүл катаал буйругу боюнча жооп бересиңер! — деди.
Бул сөздөргө келгенде Карповдун үнү ар бир сөзүн коргошундай салмак менен оороор үзүп-үзүп айткан эле.
Жарасов өзүнүн ийнинен бул сөздөрдүн тушунда жүк үстүнө жүк, зилдей салмагы
менен баса түшүп жаткандай сезди.
Эртесинде аяз азайбады. Бороон басаңдабады. Карабастын шамалы бул күндө
асылган жоодой кадалып турат. Ажалдай болуп айкырып сагалап турат. Эртеси
машинелерди жүргүзбөй, аларды сүйрөгөн тракторлордун иштерин өндүрбөй, мал
аттууга колго түшкөн чөп, жем болор-болбос өлчөмдө себелеп чачканда өтө аз-аздап
гана жетти. Ушул күнү Жарасов алган кабар боюнча отор башына кеминде жетимиш,
сексен, жүзгө жакын кой кырылды. Аяздуу, ышкырган калың карлуу ак бороон 18—19—
20—21-март күндөрүндө басаңдаган жок. Түн баласындагы аяз 30 градустан бир
төмөндөбөдү. Бир нече оторлордон кабар болбой, катнаш үзүлүп кетти. Бул он
тогузунчу март күнкү түштөн кийинки абал эле. Дал ушул чакта түш оой бере Узак
районунун борборуна Карпов жөнөткөн Алым Эринбетов алтымыш машине менен
жаңы келип жеткен эле. Райондун борбору узун коргонго келе сала рация менен
Жарасов, Эсентаевди, Эринбетовду райондун борборуна чакыртты.
Пилот Петро «ЯК-12» самолётуна аз гана жүк менен Алым Эринбетов, Жарасов
экөөнү түшүрүп алып Кара-Тоо бөктөрүнөн кумга карай созулган узуну да, эни да узак
ак талаага бет алды. Булар оторлорду жакалай чолуп көбүнчө Ноян районунун койлору
жаткан өрөөндөрдү оболу төмөндөй жакалап бир чолуп кыдырып чыгышты. Кайта бир
айланып келгенде четирээк бир отордун тушунда ушу жерге конуу керек деп Алым
белги кылды. Петро төмөндөй түшүп коно турган жерди акырындап үңүлө карап издеп
келатты.
Эки райондун башчылары менен Узун коргондо учурашкан Алым Узак районунун
Эсдавлетов баштаган кызматкерлерине азырынча өзүнүн Ноян району менен иштеше
турганын айткан.
Силер өз районуңарда, өз жериңердесиңер. Ноян району болсо өз жерлеринен
ыраакта, өз базаларынан алыста, Менин жардамым эң алды менен ошолорго арналат.
Обкомдун, жолдош Карповдун көрсөтмөсү да ошол — деген.
Өзү менен келген элүү машинеге толтура жүктөлгөн чөп менен жемди Ноян
районунун оторлоруна турган-турган жерлерине жеткизүү чарасы ошол түндүн өзүндө
таң атканча жүргүзүлгөн эле: он беш машине адамдарга палаткалар менен азык-түлүк
апкелген. Аларды да отор баш сайын тез таратып жеткизүү Эсентаев менен Эржановго
тапшырылды да, түн ичинде шофёрлорду тамактандырып, тыныктырып алып, тигил
экөө калың кардуу, кыйын жолдуу жерге акырындап кыймылдап жылса да, оторлорго
жетүүнү максат кылып жөнөп кеткен эле.
Бул күндө марттын жыйырмасынан ашып калгандыктан эми койлор төлдөй
баштаган. Илгери карай адымдоо ойдон чыгарылды. Бороон менен аяз мал аттууну
ушу Мырзабай талаасынын четинде азыр өздөрү жеткен орундарында басты да калды.
Эмдиги чара тууй турган койго, арык-торугуна калканч болорлук палаткаларды тигип
берүү. Ошол палаткалардын бирин-серини Жарасовдун өз районунан Касымов
жиберген алгачкы бир тобу кээ бир колхоздордун оторлоруна берилген эле. Бирок эмне
көп, отор көп, кой көп. Ошондуктан палатка муктажы чексиз. Азыр Узак району, Ноян
районундагы жут жөнүндө, малдын абалы жөнүндө облуста отуруп оозго алган аткаруу
комитет, обком, айыл чарбачылык бөлүмү, совхоз тресттерин болобу — баарынын тең
ушу күндөрдө айта тургандары «палатка, палатка» болучу.
Ноян районуна жакын Кентоо калаасы, Түркстан, Арыз, Шагылдыр райондору, а
түгүл Казак темир жолунун ушул облусунун жери менен өткөн жол боюндагы чоңкичинелүү станциялары, Шегендей каналды казуучулардын борбору бардыгы тең
Карповдун атайлап берген күндөлүк буйруктары боюнча ошол палаткаларды
жыйнатып, Алым менен бирге жөнөгөн он беш машинени толтура жиберип,
кийинкилерин дагы да үздүксүз машинелердин топтору менен Нояндан чубуртуп,
Нояндан Мырзабайга карай жөнөтмөк болуп жатышат.
Алым узун коргонго келип түшкөн мезгилде Карпов телефон менен «Шеген»
совхозунун он беш оторундагы койчулардын абалынын коркунучта калганын атайын
билдиргенде түндө Жарасовго айтканындай өзгөчө жоопкерчиликтин, эң оор милдеттин
башкысы ушул деген. Бүткүл күчтү салып, колдогу кызматкерлерди жумшап, ошол
калканчы жок калган отуз чабанды эң алды менен өзүң тап! Ошолорго палатка менен
кошо өздөрү тура турган боз үйдү Узак районуна жакын эки совхоз: Калинин менен
«Кенегенттен» ушу бир сутканын ичинде жыйгызып тапкызып, чукул аттандыр.
Чабандарга азык-түлүктү да өзүң колмо-кол жеткирип, мүмкүн болсо бардык чабан
менен, ошол отуз чабандын бардыгы менен оозмо-ооз сүйлөш. Абалдарын бил.
Үшүгөндөрүн жылындыргын. Ноокас болуп, суук тийгенин болсо Узак коргондун,
Кенегенттин медициналык кызматкерлерин бардык дарыгерлер менен, санитардык
көмөктөрү менен жана да тез эртең таңдан калбай аттандыр. Алар минген
машинелерди жолдо бөгөлтпөс үчүн ар тобунун жанына мыкты, ишенимдүү тракторду
бензевозду кошуп бер! — деген.
Баскентте отуруп Карповду мындагы малдагы адамдардын топторуна арнаган ойкамы кээ бир ушу жерде отурган Узак районунун, же болбосо Ноян районундагы совхоз,
колхоз башчыларынын баштарына да келбеген таап айтылган күмөнсүз нагыз зарыл
иштер менен даярдыктардын эң кечиктирилгиси, эң кымбаттуусу эле.
Бүгүн «ЯК-12» самолёту менен учкуч Петрого милдет да, ишеним да жүктөп,
паанасыз чабандарды издеп чыккан Алымдын алдындагы милдети анык ачык боло
турган.
Алгачкы отордун тушуна Алым кон деген соң, Петро көп сактык менен бир нече
жолу айланып жүрүп, жайыгыраак бир тилкеленип созулган жон сымак жерге келип
жайлуу конду. Өзү алсырап жүргөн козулуу койлор үркүп удургубасын, соктукпасын,
кыйналбасын деп Алым Петрого оторго эң кеминде жарым километрдей алыс конууну
тапшырган. Бул жөнүндө экөө эң алгач, учуп чыга элек жатканда эле айтышып,
макулдашып алган. Петро айтылгандай, четки оторго ылайыктуу жерге келип конду.
Өзү жана Алым менен Жарасовго жардамдашып, машиненин ичиндеги азыктан, нандан
өзүнчө бир түйүнчөктү алып Алымдар менен катар басып койчуларга карай басты.
Төөсүн тушап коюп, койдун четинде узун жипти ийрип жүргөн Салман чабан буларга
утурлай басты. Коңкогой мурундуу, сакал-муруту сейрек, акчыл жүзүндө бырыш баскан
уурттары кабырыла түшкөн, мойну узун, ат жаактуу келген алагай көздүү Салман
алыстан үн салып жаркылдап амандашты. Алым менен Жарасов бул чабан менен кол
алышып эсендешти да, оболу өзүнүн ден соолугун, үшүбөй, суук тийгизбей ден
соолукта, сергек жүргөн жайын учулап сурашкан эле.
— Өз ден соолугум жакшыго. Үйрөнгөн талаа, эт үйрөнгөн кыш эмеспи! Бир гана
жери мен чыдасам да кой чыдабай жатат. Уксаңар ошолордун жайын уккулачы! — деп
салган жерден сөздү өзүнүн оторунун абалына бурду.
— Ичкен тамагың кандай, уйкуң кандай?
— Эмнени азык кылып, кандай дем алып жүрөсүң? — деп Жарасов менен Алым
катар сураган сөзгө айткансыз.
— Жегеним нан. Дем алган жерим койдун арасы. Кой жуушаганда бирге жуушап,
кой кыймылдаганда кошо кыймылдаймын. Мынабу чоң сары тонум да, үйүм да, төшөкжуурканым да, калканычым да болуп калган, — деп өз жайын кыскача айтты да: —
Азаматтар-ай, кой өлүп жатат. Ар жерде калып жатканы да бар. Үстүндө асыл жүндүү
териси бар. — Арык болсо да ошонусу керек болоор деп алым жеткен жерлерге кээ
бирөөлөрүн сүйрөп апарып бир жерге жыйып жүрөмүн. Кар басып, карааны жоголуп
кетсе кийин табылбай калат. Ошолорду алды менен алдырсаңар экен! — деди да
оюндагы эң алгачкы чарба камын айтып отуруп:
— Капыр-ай, эсим чыгып кеткеничи, өзүңөр кимсиңер, азаматтар? Самолёт менен
түз эле ушу мени издеп келдиңерби? Же машиненин бирдемеси бузулуп кондуңарбы?
Жарасов күлдү да:
— Салман-ай, мени тааныбай калыпсың го! — дегенде, Салман жалт карады.
— Ой, жолдош Жарасов, Жарасобум экенсиң го өзүмдүн! — деди.
Мунун оторуна Жарасов бир нече жолу келип кеткен эле. Эми Жарасов Алымдын
жөнүн айтып, обкомдун секретары атайы сиздерге жардамга келди. Самолёт менен
келгенибиз, издегенибиз силерсиңер!
— Кимдер? Кайсыныбыз? Эмки жоопту Алым айтты.
— «Шеген» совхозунун үйлөрү көчүп кеткен өзүңүздүкүндөй он беш оторун атайы самолёт менен издеп чыктык ко. Силердин жайыңарды
алыскы Баскентте отуруп, партия менен өкмөт билип, ойлоп, кыйналып отурат. «Алды
менен ошолорго жеткиле! Тез жардам апаргыла!» — деп бизди жиберди. Мынабу ошол
ала келген белек-бечкегибиз. Алды менен муну алыңыз, — деп үчөөнүн колундагы үч
бөлөк көлөмдүү түйүнчөктөрдү, кагазга оролгон сары май, чучук, нан таңылчактарын
берди.
— Машине жүралбайт. Аттын жүрүшү чабал. Андан соң атайы самолёт менен ушу
бүгүн эртеңден калбай бардык үйсүз калган отуз чабан, он беш оторду түгөл аралап
чыкмакпыз, — деди. Койду ушул жерден козгобогула деп сөз кылышты. Кийин
палаткалар жана Салманга, жардамчысына калканч боло турган боз үй, Калинин
атындагы колхоздон жиберилген тамак бышыргыч аял дал ушу жерге келе турганын
айтты. — Чөп менен жемди да койлоруңду калың карда чубуртпай ушу өзүңөр азыр
туруп калган жериңерге гана жеткизип тамактандырабыз, — деди.
Кагазга Саламандын жайын, жөнүн жазып алып, эми экинчи оторду издеп андан
ары жөнөштү. Кийинки үч сааттын ичинде дагы да төрт отордун үстүнөн айланып, бир
азга айландырып учурат да Петро жарым километрдей жерге өзү коно турган чакан
аянтка жаңылып-жазбастан, кыйналбастан коно калат. Төрт ирээт конуп, учкандан
кийин Алым Петрого ыраазы болду да:
— Кымбаттуу Петро, сиз Кара-Тоо менен Моюн-Кумдун арасындагы, Мырзабай
талаасындагы бүткүл аймактын баатыры, чөл-талаанын кыраан бүркүтү болуп
алдыңыз. Мындай учсак, ушундай консок биз бардык оторду бүгүн-эртең калтырбай
түгөлдөп чыгабыз! — деди.
Шамдагай, орто бойлуу, тоголок мурун, ат жаактуу келген, кашы коюу, чоң саргыч
көздүү Петро аппак, майда тиштерин кашкайтып күлүп алды.
— Мекенибизге милдеттүүбүз! — деп күлүп койду да: — Мен жай бою чегиртке
менен көп алышкан тажрыйбам бар эле. Бүгүн ошонум керекке жарап турганына өзүм
да ыраазымын! — деди.
Эмки бир оторго конмок болуп ылдыйлап келгенде жердин арасы эңиш, чуңкур
экени байкалды. Петро койдун үстүнөн айланып сызып өтүп жүрүп карап чыкканда бир
аз гана тегизирээк айдоо сыяктуу жер бар экен. Ар жагы эңиш чуңкур сыяктуу. Ал эми
жардын астын суу ээлеп жатат. Петро тобокел кылды да конмок болду. Ошентти да
эптеп отуруп сызыла келип конду да, бир аз калың карды учуруп жиреп барып токтой
калды. Эми самолёттон түшүп караса беш гана метр жерде терең жер, анын асты
булактын суусу экен. Ушул булактын башында бир моло турган эле. Эски болсо да
төбөсүн жумурулап салган, мурунку кездеги белгилүү мазардын бири болсо керек.
Жүргүнчүлөр өз баштары чоң коркунучтан, кырсыктан аман калганын жаңы билишип,
Алым тамашалады:
— Мынабу моло тегин эмес. Кара-Тоонун сыртындэ эмне көп, олуя көп. Бизди
ажалдан аман алып калган да ушул олуянын керемети. Жарасов, сенин мурун олуяга
түнөгөн кезиң жок чыгар. Ууз колуң менен алгач байлаган ырымың ушул болсун,
чулгооңду молонун башына байлап кет! — деди. Бул жерде койдун четинде жүргөн
Жаксымбет болучу. Ал Жарасовду тааныды да, өгүнкү айткан шертин дароо эсине
алды.
— «Жутка мал бербейбиз!» дебедим беле өгүнү жолдош Жарасов. Айланамда мал
өлүмү болсо да, мен ушу бир булак менен алакандан чийлүү жерди таап алдым да,
ушуга жабыштым да калдым. Тилегиңди бергир кар астында шыбагы, мыясы, саал
каракыяк куурайы бар мурунку бир айыл конушу экен. Ушуга жеттим да кыбырабай
жатып калдым, ушул жерди туурдап калдым. Айтор азырынча малдын өлгөн-житкени
жок. Эми мына жаңы гана өзүңөр жиберген палаткалар, боз үйлөр келип тигилип жатат.
Жем менен чөп да келет деген кабар алдык. Калинин атындагы колхоздон
жибертипсиңер го. Азыр боюм сергип, кадимкидей эңсем көтөрүлүп калдым! — деди да
келгендерди сүйлөтпөй: — Мынабу киши обкомдон келген Эринбетов жолдош ко! —
деп Алымдын колун алып кошколдоп, узакка силкип, бүгүн көңүлү жайланып турганын
баамдатты. Чынында жакын жерге палатка келип тигилгени жатат. Чакан боз үйдүн
кызарган керегесин жайып, чамгарагын көтөрүп жаткандар да эми байкалып калган эле.
Түш оогондон кийин Алым, Жарасов экөө дагы да үч оторду тапты. Булардын
акыркы оторунда улуу чабан Ажыбай өз камынан мурун башка бир отордун койчусун эң
алды менен оозго алды.
— Жардамга келипсиңер, ыракмат! Жегенибиз кар. Малдын өлүп жатканы да бар.
Калканчыбыз жок. Бир эсептен кичинекей балдары бар кээ бир үй-бүлөнүн мынабу аяз,
ак бороон астында отун-суу таппай кыйналып отурганча кетип калгандары да дуруспу
дедим. Бирок күндөн күн, түндөн түн өтүп, душмандай кыжынып-чыкыроондоп турган
аяздуу асман астында бир күн эмес, бир түн эмес, апта бою азып-тозуп жүрүү чынын
айтайын кыйнап жатат, чочутуп да жатат, — деди да эмнеден чочуганын сураган
Алымга: — Өзүм эмес, ушунда бир отордогу койго быйыл келген Медет деген бир иним
бар эле. Окууну бүтүрүп, он жылдыкты аяктап келген. Согушта өлгөн жалгыз агамдын
жападан-жалгыз баласы эле. Мына үч күндөн бери ошондон айрылып отурам.
Башканын баарынын тең кайда жүргөнү байкалат. Бирөө адырда, бирөө талаада.
Бирөө кээ бир кездешкен кудуктун башында калгандыгы билинсе, тиги биздин бала
кудайдын кудурети, мына үч күндөн бери дайынсыз жок болуп кетти.
Алымды бул кабар катуу чочутту.
— Аты ким? Сен билдиң беле? — деп Жарасовдон сурады.
— Аты Медет! — деп Ажыбай буурул сакалын чеңгелдеп кармады да, төмөн карап
үнү калтырап, ээги кемшеңдеп сүйлөй албай калды.
— Издөө керек. Азыр эми биз ошого аттаналык. Жарасов сен машине менен чык.
Мен сени Сарыбаштоого түшүрөйүн. Машине менен силер издегиле. Самолёт менен
мен издеймин. Балким бороонго ыктап кою менен кошо талаалап кетти бекен! — деп
Ажыбайга карады.
Эми жерден башын силкип көтөрүп алган Ажыбай калың кара тумагынын астынан
катуу түйүлгөн кабагы ачыңкырай түштү. Бозомтук тартып кеткен саргыч көздөрү
кызарып жашылданып турган эле.
— Аның ырас, талаалап кетти. Кой бороондун ыгы менен кеткенде бирге кетти го.
Мал жаюунун жөнүн билбеген калаада өскөн, окуудан келген жаш бала, агабыз
Далбадан калган жалгыз жаш эркек урпак эле. Өзүмдө кыздан башка бир тууган жок.
Жакшы окуган, жибектей созулган, бул өрөөндө өзгөчө көрүнгөн асыл бала алтыным
эле. Издей көргүлө азаматтар. Тилегим кесилдиби деп турамын. Ачка жүрүп, аязга
тоңуп калды бекен, эмне болду экен, өзү! — деп наалый берди.
— Аксакал, кабатырланба! — деп Алым өзүнүн кайраттуу ачык үнү менен карыяга
айрыкча жаны ачып үйрүлүп сүйлөдү. Кичирээк оозунун илеби жана чоң тегерек көк
көзүнүн достук жылуу нуру Ажыбай чалга азыркы кыйын саатта бир түрдүү ишенимдүү,
чынчыл, боорукер үн болуп туюлду.
— Айтчы, кулунум, ошондой дечи, бир куткарчы.
— Куткарабыз, Ажыке. Эми бизде ошол Медет баланы тапмайын күндүз да, түндө
да тынчтык болбойт, Ажыке. Кыйнала көрбөңүз. Ансыз да аяздын түрү мынабу,
паанасыз калган малдын жайы мынабу. Азабың аз эмес. Жаныңды кыйнаба. Бизге
айттың, жеткиздиң, болду. Ал баланын эмки агасы да, атасы да мына менин өзүм деп
билиңиз — деп чалдын бир колун кысты да колу менен аркасынан сылай кучактап,
далысынан таптап койду.
— Бул болсо облустан биздин сизге апкелген даамыбыз. Ушуну мынабу сары
майды аябай жеп, ал-күч жыйнап ал. Биз азыр Медетти издегени кеттик! — деди.
Айтканындай күн батууга эки сааттай калганда Ноян районунун базасы Сарыбашка
ыкчамдатып келип Жарасовду түшүрдү да өзү кайтадан Эржановду ээрчитип, жердин
жайын Кожакматты дагы ээрчитип алып: — Кыраан Петро, шумкар Петро жайдын
баарын билдиң го. Эмки аңгеме адамдын өмүрү жөнүндө. Күн батканча ушул аймакты
тезинен бир айланып карап чыгалык, — деди.
Жарасов менен Эсентаев жылуу кийим менен мол азык алып вездеходко түшүп
Медетти издеп жолсуз жерлерди, дөбөлөрдү талааларды, кээ бир кокту-колотторду
жакалап түн ортосуна чейин машинелерин улам-улам үн салгызып, жарыкты туш-тушка
буруп дабырлай түшүп, кээ туштарда мылтык да атып, ушу өздөрү жүргөн кыбыраган
жан көрүнбөгөн талааларда, аяз астында үн берүүгө жарарлык жан аттууну издеп
көрүштү. Бул түнү Алым да, Жарасов да эчтекени таппай кыйналып, кысталып кайра
кайтышты.
Дал ошол кечте саат тогуз чамасында Баскенттен Карповдун өзү Алымды рацияга
чакырып алып сүйлөшкөндө эң алгач сураганы: жоголгон чабан Эсенов Медет
табылдыбы, жокпу? Эң алды менен ошону айтчы! — деген эле. Алым самолёт менен,
машине менен, салт ат менен да жер чалдырып, киши чаптырып, анын ичинде өзү да,
Жарасов да кошо издеп, жарым күндөй жүрүп али таппаган жайларын айтты.
Карповдун үнүндө катаал, кыска айтылган тапшырмасында чабан Медет тууралу өзгөчө
кыйналып-кысталган ондо турганын билгизди.
— Мен өзүңө да он жолу кайрып айткамын, Эринбетов. Жарасовго да аз айтканым
жок. Арктиканын музунда, муз океанында жоголуп кеткен адамды да таап жүргөн
биздин Мекен. Айтууга да уят. 500 кой менен, койдун артында жүрүп, өзүнүн тууган
жеринде жүрүп бороон болду, суук болду деп жигит адашып өлсө, жардам көрбөй
чабан каңгып өлсө, сени менен бизге андан чоң кордук (позор) жок. Ушуну тирүүлөй
аман-эсен таппасак, сенин да, менин да баабыз бир тыйын! — дегенден башка сөз жок.
Эртең кечке мага дал өзүң чабандардын баары тууралу атайын кабар бер! — деди.
Бүгүн кечке жакын Сарбаштоого келерде Алым «Шеген» совхозунун кечээ өзү
аралап өткөн үйсүз калган чабандардын бир нече оторлоруна барган эле. Узак
районунун борборуна алгач келген мезгилде район башчылыгы менен жана Калинин,
«Кенегент» совхоздорунун башчылары менен жасашкан убадасы боюнча бүгүн түштөн
кийин мындагы үйсүз чабандардын баарына боз үйлөр келген экен. Ар бир үй менен
бирге азык-түлүк, идиш-аяк, үй күтө турган, аш бышыра турган жардамчы аялдар
келиптир. Тигил жолдо район менен облустун буйругу боюнча Ноян районунун малына
короо, тоют жагынан көмөк берүү милдетин алган «Кенегент» совхозунун директору
Абды бүгүн айрыкча чыйрактык кылып, жооптуу ишти жасаптыр. Ал баягыда Жарасовго
убада кылган жүз элүү тонна тоютту атаган бөлүмдөрүнө бере албай Ноян районунун
койлору алгач чыгашага учураганда, ошол убадалуу чөп мезгили менен жетпегендиктен
учураган болучу. Абдынын ал жолу жалган айткызып уятка калтырган жалганчы бөлүм
башчылары ким экенин Абды районго, Жарасовго да, кийин мынабу Алымга да
билдирген эле.
Алым ошол жайдын облуска толук маалым экенин, Карповдун ошол тушта ушул
Абдыга өзгөчө ызаланганын Алым жашырбай айтып берген. Эми мынабу тушта кечээ
эле милдет алган Абды Калинин совхозунан жиберилген боз үйлөр жеткенине карабай
өз совхозунан 15 боз үйдү чукулунан таптырып алып идиш-аяктарын, азык-түлүктөрүн
түгөлдөтүп, ар бир үйдө бара сала жага турган азыноолак отунду да жүктөтүп ар бир
үйгө эки-экиден адам чыгарткан. Бирөө аш бышыра турган аял. Бирөө отун-сууну
камсыз кыла турган жана төлдөгөн койго, жаш козуга чабанга кошулуп көз боло турган
жаш адамдар. Көбүнчө эркек кызматкерлер эле.
Ошону менен катар Алым алып келген 15 машине толтура палаткалар жанагы
үйлөр жеткен оторлорго илээше барып, алар да тигилип калган. Тууган койлор да ушу
бүгүнкү күндөрдө аз эмес эле. Эми чоң-чоң палаткалар кем дегенде 250—300дөй
козуларды сыйгыза турган паанакалканч болуп калыптыр.
Ар отордун жанында бүгүн кечке үйлөр туруп, анда от жагылып, түтүн түтөгөнү кой
четинде жүргөн он күндөн бери ысык тамак ичпеген, он беш күндөн бери белчечпеген
чабандарга чыкылдаган аяздуу күндүн ортосунда көктөм илеби тийгендей жылуу
сезилди. Көп койчулардын кабактары ачылып көңүл кейиштери, жүздөрүндөгү жүдөөлүк
саал да болсо жадырагандай түргө келди.
Бир оторго токтобой вездеход машине минген Салим түш оогондо жүрө баштап,
кечке чейин он эки, он үч оторду аралап өттү. Ошондогу билмеги, сураганы:
чабандардын көңүлү, ден соолугу. Азыркы жеткен жардамдын жетишкендиги менен
кемчилик жайлары. Ушу оторлордун орто ченинен Салимге Жаксымбет учуран калды.
Сейрек сары тиштерин кашкайта ачып сары тонун кулагына көтөрүп кымтылай түшүп,
боз үйдүн жанында туруп жуушаган коюн көрсөтүп коюп, Жаксымбет Алымды үйгө
чакырды.
— Кечеги келгениңдей эмес, ээн талаа, куу медиян бороону ыркыраган асман асты
эмес. Эми мына үйүмө келдиң, жакшы келдиң, Кир, мына, жайымды көр! — деп Алым
менен шофёр экөөнү кошколдоп амандашып үйүнө киргизди.
Үй ичинде бир аял башына калың шалы жоолук салынган калыбында босого жакта
камыр жууруп, киргендерге далысын салып отурган эле. Жаксымбет каркылдап ачуу
дабышын дабырлата көтөрүп күлө кирди.
— Айланайын, жашым алтымышка келгенде жаңыдан мына үй жаңыртып, башыма
өргөө көтөрүп бердиң. Биздей карылардын тилек кыла турган ушундай куракта дагы
бир үйгө, киргизген чагыңбы деймин. Мынабу жагыма бул отурган жаш келинди да
апкелип берип койдуң! — деп каркылдап күлүп алды. Далысын салып отурган аял эми
бетин буруп тамшанды да: «Дамесин, дымагын кара кургурдун! Талаада серейип катып,
жем болуп калбай ушуга жеткениңе эмнеге шүгүрлүк кылбайсың. Сага өлөсөлүү чал
башың менен токол да керек экен го!» деп үйдүн ичин көңүлдөндүрө күлгөн аялдын
оозунда бир тиш жок, эки уурту катмар-катмар бырыш эле.
Мунун кебетесин көрүп Жаксымбеттин тамашасын уккан жаш шофёр Жээнбек да
каркылдап күлдү. Жаксымбет тонунун узун жеңин кемпир жакка шилтеп, булгап:
— О, ары кара куруп калгыр. Мен атайы жаш келинге жолугуп олжо таптым деп
мынабы обкомду алдайын деп отурсам анысы эмнеси экен оозун оңураңдатып. Тимеле
мени жеп коё тургандай жалмаңдайт. Ийе, андан көрө камырыңды! — деп өз
аялынсытып короздонуп, мулжуңдап койду.
Алым көзүнөн жаш акканча күлдү. Жаксымбетти далысынан кагып:
— Баракелде, Жаке! Жигит болсо өзүңдөй болсун. Кыйындык башка келсе кантет.
Оозунан азили кетпеген азаматтык ушул десеңчи. Мен ушунуңузду чабандардын
баарынын кажар-кайратынын белгиси деп, кандай кыйынчылыкка болсо да моюн
бербей, көнбөй турган калктын кайраттуулугу деп кубанамын! — деген эле.
— Ой теңир жалгагыр-ай! Өзүмдүн туулган жеримде, өз малымдын ортосунда туруп,
марттын аягында кара асман каңшылады деп бир нече күн бузулган аяздуу асман
алеңгир салды деп кутум качабы?! Айтпадым беле өткөн жолу, Бүткүл облус, бүткүл эл,
Мекеним аркамдан тиреп-сүйөмөлөп отурганда ыйласам, жүдөсөм анда кудай алсын
мени! Тек алиги бир бала жердин жайын билбеген байкуш эмеспи. Туулганы ала
кагаздан башка эмнени көрдү дейсиң! Тек ошол жолдун жөнүн билбеген баланы гана
таап ала көргүлө. Болбосо Нояндын чабаны кырылып калыптыр деп бирдин өзүн
жүздөй кылып дарбыта бергендер болот. Ошону гана издеп тап, айланайын Алым! —
деп камкордук оюн эми өздөрүнүн көрү ошол адашуудан табылбай жүргөн койчу
Медетке оодарды.
Келерки күнү таң сүрө бергенде Алым Петрону дагы да ушу өрөөндү үңүп, карап
чыгууга жумшады. Мырзабай талаасы Уңулдак, Бүркүттү, бир жагы Актоо, бир чети
кумга карай ыктаган кой кетсе кетип кала турган Моюнкумга карай имериле учуп көп
аймакты аралап чыкты. Атүгүл «Жоонтөбө», «Ташты» совхоздорунун берки четтерине
чейин байкаштырып да кайтты. Түш ченде убада боюнча Жарасов, Эсентаев экөө
менен учурашты, жолугушту. Алар өздөрү да салт ат менен айланага чаптырган жайын
биле турган, жерди жакшы биле турган Кожакмет сыяктуу кишилерди да жиберип көп
издөө салганы менен эч бир из-дарек таппады.
Алымга ушу кабарды билдирсе да, бул эл издөөнү токтотмок эмес. Түшкү ысык
тамакты аздыгына карабай иче салып Айгенеде табышмак болуп туш-тушка өз-өз
беттери менен Медетти кечке чейин издемек болуп жөнөп кетти. Дал ушу жолу
Жарасов, Эсентаев экөө мурун аралап көрбөгөн анча алыс эмес Бүркүттүнүн
этегиндеги бир адырды беттеп жөнөштү. Күндүн ырайы бузулуп турат. Ыркырап турган
катуу шамал, ызылдаган суук аяз басаңдаган жок. Бул сааттарда да Карабаштын
шамалы чыгыштан Ала-Тоону, Актоону ашып Мырзабай жайыгына чыгаарда ого бетер
кутуруп согуп турду.
Жол оңой эмес. Жайыктан адырга киргенче машине «Газ — 69» зорго дөңгөлөнүп,
өтө жай жүрүп келген эле. Адыр адырдын чети бийик дөбөлөр эмес экен. Ошонун кээ
Жерде туташыңкыраган бел-белестерин басып жүрүп отурушат. Жылаңач бети ачык
дөбөлөрдүн бүдүрсүз жотолору, кээ жерлерде кара топурагы, миздүү таштары, томолок
бүдүр таштары көрүнүп, машинеге бөгөт жасабай, кайта каткалаң кары азыраак
жеңилирээк жүрүшкө жол бергендей болот. Кээде белестен узап кетпей кыялай жүрүп
тоо арасындагы мындай жүрүштөргө машыгып алган Жарасовдун шофёру Жапар
бүткүл пейлин салып бүгүнкү жооптуулукту Жарасов менен катар бекем сезгендигин
билгизип, катуу аракет жасады. Булар ушул адыр ичин кыялап, кээде ылдыйлап, бирде
өрдөп, бирде төмөндөп отуруп далайга тереңдеп кеткен эле.
Мындан мурунку үч күн бойку издөөдө адеттенген мезгил боюнча Жапар машинесин
анда-санда узак түтүлдөтүп-боздотуп сигналдап коёт. Бир кезде сайда, ыктоодо келе
жаткан калыбында Эсентаевдин кулагына болор-болбос бир кыңылдаган үн угулат. Ал
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 14
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.