Latin

Өскөн Өркөн - 20

Total number of words is 4019
Total number of unique words is 2016
27.0 of words are in the 2000 most common words
38.4 of words are in the 5000 most common words
44.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
чыныгы өз чечимин чыгарат. Ушул абалды алдын ала далилдүү, өзгөчө бир орнуктуруп,
ылайыктуу жагдайда айтып болуп, эми Жайлообеков менен комиссия билбеген жана
ушул жыйынга зарыл болгон өзү билген фактыларды айтууну ылайык көрдү. Анысын да
ачык үн менен жалпы жыйынга айтып берди да, накта фактылуу кепке көчтү.
— Арман онунчу класста окуп жүргөн өтө зээндүү, абдан тартиптүү, чын
маанисинде жакшы тарбиялуу улан экен. Аны мектептин бардык комсомолец
жаштарынын арасында аябай кадырлашчу экен. Мектептеги бир нече улгайган аял
мугалимдер Арманды атасы согушта өлгөн күндөн бери көз алдыларында өстүрүптүр.
Армандын табытын ошол карыя мугалималар көтөрүп жөнөгөндө жүздөгөн мектеп
балдары менен окутуучулары жана колхоз калкы бейиттин башына чейин күңгүрөнүп,
үн салып кайгырып ыйлап барышыптыр. Ырас, социалисттик бир үй-бүлө бүгүнкү күнү
биздин көз алдыбызда канаты сынып, кабыргасы сөгүлүп, кан жутуп кайгырып отурат.
Адал, акпейил колхозчу эне Нурбүбү ушул кезде бир нече айдын ичинде он-он беш
жылга картая түшкөн. Жакшынакай таза, жазыксыз жаш кыз Айсулуу Армандын энеси
менен өлүмдүн гана жөнүн кеп кылат. Кайгыга тумчугуп, өзүнүн күйүткө батып өлө
турган гана жайын ойлойт.
Табияты таза, жакшы мугалим аялдар Армандын өлүмүнө кайгыруу менен бирге
киши өлтүргүч жырткычтын тийиштүү жазасын албаганына жандары кайышат. Мен
элдин ар-намысы тебеленип, аталык, энелик ызага батып кордолуп күйүткө батканын,
күңгүрөнгөнүн өз көзүм менен көрүп келип отурамын деген сөздөрдү Асия өзүнүн таза
жүрөгү менен, кайнаган ызасы менен адилеттүү ачуусу менен айтты. Бул тушта анын
толук бети аппак болуп жаркырай түштү. Туңгуюк ойлуу көздөрүнө бир нече ирет таза
ысык жаштары да имерилип келди. Зал жым-жырт. Жанагыны айтып алып Асия эми
саал өзгөргөн мээлүүн, буйруктуу, катаал добуш менен райондун жетекчилерине
оошту.
— Жашыра албаймын. Обкомдун ушул жыйыны алдында айтпай кетсем менин
партиялык арым тынчтык бербес эле, жай таптырбас эле. Кыйналып туруп айтамын,
жашырууга чарам жок. Район менен колхоздо жанагы көргөн, сезген жайларды айтып,
сездирип, мен райондун прокурору жолдош Саматовго келген элем. Ал менин сөзүмдү
укмак гана түгүл түшүнгүсү да келген жок. Мага зилдүү көз менен карап, сес көрсөткүсү
келди. Андан чыгып эн оболу адилеттикти райондун өзүнөн табамын, таппай койбоймун
деп райкомго келдим. Биринчи секретарь — Социалисттик Эмгектин Баатыры жолдош
Көлбаев мынабу маселе жөнүндө, ушул кылмыш жөнүндө өз даражасында боло
албады, ырас, чарба планын, пахта жайын жыл сайын ойдогудай жакшы аткарып
келгендигин облус гана эмес, бүткүл Казакстан көлөмүндө кадырга ээ болгондугун
танбаймын. Антсе да ал өз касиетин, милдетин, райондук партия комитетинин урматтуу
ролун ойлогон жок. Бул киши мени менен маектешип, сөзүмдү тыңшоонун ордуна, өзү
көрбөгөн-билбеген жайларын түшүнүп алуунун ордуна өзүн куру намыска жеңдирди
«Сырттан келген бирөө мага акыл үйрөтүп, салмагын салабы» деген ойсуз, эсирмелүү,
жеңил мүнөзгө салынды. Калпыс, жалган бедел сымакка жеңгизди.
Амал жок, мен ал киши менен да түшүнүшө албадым. Бирок оюмду ачык айтып
кеттим. Ленин районунда чоң кылмыш жасалды. Ошол кылмыш кылмыштуу боюнча
жабылып калды. Өкүнүчтүү нерсе, Армандын өлүмү партиялык абийирге, намыска шек
келтире турган өкүнүч. Ушул сезимимди алдыңыздарга келип ушундайча жарыкка
чыгарып жана асыресе жолдош Көлбаевдин өзүнүн көзүнчө бүткүл чындыкты чын
көңүлүм менен айтып чыкканымча, ырасын айтайын, тынчтык табалбас элем.
Обкомдун бюросунун жана анын ичинде асыресе Нил Петрович Карповдун мага бул
жерге келип ушундай ойлорумду айтып чыгуума мүмкүндүк бергендиги үчүн абдан
ыраазылык билдиремин, — деди.
Бул маселе жөнүндө да бир нече киши сүйлөп өттү. Баары тең райондун жетекчи
кызматкерлеринин арасында негизсиз бир жалган ашыначылыктын натыйжасында
кыраакылыктын жоюлганын айтышты. Ошонун себебинен бирөөнө бирөө конокко
барып, мергенчиликке бирге чыгып жана элет жерде асыресе катуу жайылып бара
жаткан кырсык карта оюнунда преферанс деген дарттуу — кумар оюнунда
жолугушуулар көп болот дегенди айтышты.
Комиссия апкелген материал менен таанышкан адамдын бири шаардын секретары
Сидоркин экен. Ал облуста, көн райондо ошол карта деген кырсыктын үстүндө
жолугушуу адаты көбүнчө район кызматкерлеринин жана шаар кызматкерлеринин да
бир кырсыгы болуп келатканын айтты. Ал ушул облус көлөмүндөгү көптөн келе жаткан
балээ. Жанагы судья, прокурор, алиги СМУнун башчысы Бейшен үчөө чогулуп бош
убактыларынын баарын преферанста өткөзөт экен. Жашыра турганы жок, райкомдун
секретары жолдош Көлбаев өзү да ошолор менен көп жолугушат. Картаны да бирге
ойношот. Ал гана эмес, жапыракты да бирге жешет. Элет жерлерде карта, анын ичинде
преферанс анык кумарга айланган. Ошону ойноого жыйылышат да, ушул мынабу окуя
сыяктуу жайларды карта үстүндө, аштамак үстүндө сүйлөө, чечүү сыяктуу бузукулуктар
болот. «Мындай жолугушуулар далай ишке, далай адамдарга залалын тийгизген. Ал
ушул облустук чөйрөнүн өзүндө да аз эмес. Аны да кошо сүйлөө, сыноо, ашкерелөө
керек деди.
Мындан кийин сүйлөгөн райкомдун секретарлары, бир нече совхоз директорлору
Көлбаевдин айланасындагы адамдардын карта ойноо, мейманчылоо себебинен
сындан тышкары калышкандыгын сынап өтүштү. Көлбаев өзү сез алганда моюнга
алганы карта ойнунун үстүндө прокурор менен, судья менен, атүгүл СМУнун башчысы
Бейшен менен да жолугушуп жүргөнүн айтты. Ошону менен катар алагай көзү менен
тике карап, чачын жапыс кылып алдырган келбеттүү жумуру башын төмөн салбай,
эркин, ишенимдүү, жазганбай сүйлөдү.
— Бул аталган адамдардын баары тең райондун жооптуу кызматкерлери. Баары
тең партия мүчөлөрү. Карта ойной турганыбыз тескери болсо да бар экени ырас. Бирок,
кээ бир кол бош кездерде кечкурун, анда-санда бара турган театр жок. Филармония,
концерт, же шаардагыдай билим берер лекция, чоң маданият жайлары жок болгон соң
кез-кезде карта ойну болуп калат. Бирок ага арын саткан, партиялык парзын унуткан
райондун райкомду башкара турган мамлекеттик иштерине залал келтирерлик орун
берген Көлбаев жок. Жолдоштор сынаса да ар нерсени ойлонкурап, түшүнүп туруп
сынаса экен. Текшерилип отурган чоң маселе Армандай баланын өлүмү болсо, мен
чынында судья менен прокурорго ушундай кылмыштар жөнүндө ачык сүйлөшүп, иштин
жөн-жайын билишүүнүн артында аларга ишенип койгон кездерим болгон эле. Прокурор
менен мен бул темада сүйлөшкөн элем. Партия менен өкмөт мындай ишти чоң
жооптуулук менен текшерүү, жазалоо керек экенин далилдеп, катуу айткамын. Бул
жөнүндөгү чындыкты облустан барган комиссия аныктаган, — дегенде Алмазбек
Көлбаевдин бул сөзүн коштоду да:
— Ырас, ал жөнүндө комиссиянын материалында даана ачык айтылган, — деди.
Көлбаев мындан кийин да ошол бир калыбында туруп, өз күнөөсүн анчалык оор деп
түшүнбөй турган жагдайда ишенимдүү жүз менен сүйлөдү.
— Райондук партия комитети өкүм андай болсун, мындай болсун деп көрсөтмө
бербей тургандыгы өздөрүңүздөргө маалым. Ушунун баарынын соңунда айтаарым, бул
иш жөнүндө айыптуулар жок эмес сыяктуу. Кылмыштуунун зулумдугу аз жасаланган
көрүнөт. Ошон үчүн чечим, райондук соттун кылмышкерди жазалоо жайы бузула турган
да болор, — дегенде Султанов бир сөз кошту. «Облустук сот Таңат чалдын
арыздануусу боюнча райондук соттун чечимин кайрадан карамак болду. Ишти өз
кароосуна алды» деди.
Көлбаев бул кабарды жаңы уккан эле.
— Баракелде, ошол дурус чечим болгон экен. Эми кылмышкер өз жазасын мыктап
алар. Ал эми кылмышкерге жеңилдик кылгандар тийиштүү орундарда отурган жооптуу
адамдар эмеспи. Өз орду менен өз шыбагасын алар да алуу керек, алат деп ишенемин.
Аны, бул маселени ушул арада атайын текшерип отурган обкомдун бюросу өзү карап,
өзү да чече алат деп ишенемин.
Бул ишти аяктап, чечүүдөн мурун Карпов кыска дем алыш жарыялады. Кулуарда
бирөө тамеки чегип, бирөөлөр буфетке кирип чай, кофе ичишип, айран менен
бутерброд жешип, ар түрдүү абалда отурган, турган жайларда тамак жей отуруп, сөз
жүрүшүн да талкуулап турушту. Жанагы маселелерди кайталап келип кээ бирөөлөр
картаны сөз кылып: «Район, облус гана эмес, Казакстанда борбордук Алма-Атанын
өзүндө да кылт этсе картадан баш албай турган не бир чоң жооптуу кызматкерлер да
«көп» дегенде каркылдап күлгөн шаардык Советтин башчысы Беккожо: «Кызматкерлер
гана эмес, түрдүү адистер да ойнойт. Асыресе көп ойной турган Казакстандын
жазуучулары дегендер бар. Илим кызматында зор атагы бар, профессор
академиктердин да ал осолдуктан тышкары жүргөндөрү кемде-кем!» — дегенде муну
коштой күлгөн Сидоркин өзү картага өзгөчө өч боло турган. Дагы бир кыжаалдуу ачуу
мыскыл айтты:
— Ооба, алар да Көлбаев сыяктуу жумуштан чарчаганда, кол бош кездерде, бара
турган театр жок, көрө турган концерт жок, убакыт бөлөр илимий лекциялар болбойт,
ВУЗдар аз, илимий-маданий жайлар жок дегенди шылтоо кылышат чыгар, — дегенде
Алма-Атанын бул жөнүндөгү бүткүл жагдайы район эмес, облус эмес экенин баамдап
турган бир топ орус, казак кызматкерлер каркылдап күлүштү.
Киров районунун секретары Турмагамбетов карта ойночу да, сүйчү да эмес. Ал
алматалыктарды сынап сүйлөдү. «Жанагы кишилер Алма-Ата түгүл Москвага барганда
да бардык мейманканада дайыма карта ойношот. Анда да театр, концерт, лекция —
көңүл ачар көп жайлар жетишпегенинен болот чыгар. Ал эми жол бойлорунда поездде
гана ойнобостон, самолётто да ойношот. Кээде машиненин ичинде да ойногондордун
кумарлыгы чоң жининен бетер бардык жерлерде картаны колунан түшүрбөгөн мыкты
оюнчулар бар!» — деди.
Көлбаев менен көңүлдөш, коңшулаш эки секретарь Оспанов, Турмагаметов ага
өздөрүнчө жубата турган кеп айтышты. Оспановдун айтуунча: Сөз катуу башталып,
катаал сүйлөнүп отурат го. Бирок ушуну менен, эскертүү менен токтолот ко!» — деди.
Турмагамбетов андан бетер бекемирээк ишенимдүүлүк менен жубатты: «Эчтеке
болбойт, өтүп кетет. Айтпайын десе башкалар бар го. Сага бул сөздөн келе турган
балээ жок. Өзүң да кайратыңды сактап, салмактуу, далилдүү сүйлөдүң!» — деди.
Танапис бүтүп, чогулуш кайта башталганда сөздү Карпов өзү алган эле. Ал облус
көлөмүндөгү казак аялдарынын абалы ушул отурган партия, өкмөт башчылыгындагы
эл-журттун баарын тең катуу ойлондура турган, уялта турган жана көп түрлүү өтө зарыл
чараларды иштеп чыгууну ойлото турган абалда экенин айтты. Мунун эсинде Бабатада
уккан Алба жөнүндөгү шумдук окуя да айкын болучу. Анын үстүнө дагы ошол Узак
районунда «Кенегент» совхозунда өзү бир күн бою окуп текшерген бир кучак арыз
Алым Эринбетовдун айтуунча өңчөй райондо болгон «ала-кула» жаатчылыкты
көрсөткөн эле. Дал «Кенегент» көлөмүндө ошол жаатчылыктын башы окууга умтулган
казак кызынын досунан туулган жаат экенин өз көзү менен көрүп билген. Ошол бир
кыздын өзүнүн ыктыярсыз сырттан талашуучуларынын кесири быйылкы «Кенегенттин»
койлору катуу жутка бир жагынан себепчи болгонун да Карпов эсинде сактап келиптир.
Бүгүн мынабу Айсулуу деген кыз жөнүндө жакшы райондун эмгек баатыры атагын алып
отурган райондук партия комитетинин секретарына чейин жана да аял маселеси
жөнүндө ушул чоң жооптуу жыйын алдында өзүнүн ар-намысы менен жоопкер болуп
отурат. Ушунун баары түштүк облуска казак аялынын абалын чукулунан өзгөртүүнүн,
ага жардамга келүүнүн өзгөчө зарыл экенин бардык коммунисттерге катуу эскертет.
— Эң оболу бир топ чоң иш-чаралар белгиленип, аны обком, облисполком жана
бардык райкомдор облустагы шааркомдор мыктап колуна алууга тийиш. Биз облустук
аялдарына жардамга келебиз. Ошол үчүн эң оболу жакында райондордун өкүлдөрү
болгон казак аялдарынын облустук кеңешмесин чакыруу керек. Салтка маданият
киргизүү чараларын өздөрү менен кеңири кеңешүү керек. Ошону менен катар ушул
жайда күзгө чейин жүздөгөн казактын жаш кыздарын, аялдарын механизацияга окутуп,
тарбиялоо керек. Ушу шаардагы сансыз өндүрүштөрдө адис жумушчу болуп ишке
аралашуу үчүн бүткүл алыс райондордун кыздарынан жыйып бир нече курстар ачуу
керек. Алар үчүн бөлөкчө, жакшы жатакана даярдалсын. Ошондо келип мындагы токуу
фабрикасына, май заводуна, химфармзаводго, жаңы ачылып жаткан цемент заводу
сыяктуу ар түркүн эскилүү-жаңылуу өндүрүш жайларына чала окуп, илгери бара албай
калган кыз-келиндерди алуу керек. Андан соң баарыңыздарга маалым, ушул облуста
орто мектепти бүтүрө турган казак кыздары өтө аз экени бардык эсептөөлөрдөн айкын
көрүнүп турат. Мен бул жөнүндө атайлап көп фактылар жыйнадым. Кийинки он жылдын
ичинде жети жылдыкты бүтүргөн кыздар көп болуп келет да, андан ары барбай калат.
Орто мектепти бүтүрүп жогорку окуу жайына баруучу кыздардын саны ушул он жыл
бою өспөй келатат. Эмнеге өспөйт? Ага мына бул Айсулуунун трагедиясы, Кенегент
трагикомедиясы айкын далил.
Эмесе казак кыздарын борбордук адистик ок>7ларга, жогорку окуу жайларына көпкөп тартуубуз керек.
Лениндин устаттык улуу ойлору казак аялынын түштүктөгү калың топторуна өзүнүн
кубаттуу таза урааны менен жетүү керек. Эмгекте теңелсин, билимдүү салттагы;
кыйынчылыктардын тушунда эркиндик алсынчы. Алда качан тарыхы, конституциясы,
биздин бардык турмуштук философиябыз, тажрыйбабыз берип отурган укугун
алсынчы! Ошондо ала качуунун кандай боло турганын көрүп аларбыз. Дагы бир чоң
иш-чара казак колхоздорунда жана казак чабандары мол жүргөн совхоздордо балдар
бакчасы такыр эле аз, жокко эсе. Болсо да начар. Чөлдө, кумда, тоодо малда жүргөн
чабан ата-энелердин мектеп жашындагы балдары турган райондун борборлорундагы
жатаканалар жеткиликсиз жана начар. Мына ушунун баары тең биздин облус
көлөмүндө аялдар-энелер, кыздар жөнүндө биз иштей тургам милдет чаранын
алгачкысы, айныбас кымбат зарыл милдеттүү иштери, — деп ушу жайларды колдон
келишинче камкор, чоң ар-намыстуу ой-пикир менен Нил Петрович сүйлөп өткөндө
бардык жыйынга өзгөчө таасир этти.
Бүгүнкү алгачкы текшерилген маселе сыяктуу дал ушул маселе жөнүндө да бир
фактыдан чоң мамлекеттик кең өрүштүү иштер менен ойлорду атап өтүү, атоо гана
эмес, чыныгы иш программалары менен алдыга карай багыт берүү Карповдун бул
отурган жыйындан ою да, парасаты да, партиялык жүрөгү да көп бийик деңгээлде
тургандай экенин баамдатты.
Алмазбек баяндаган Армандын өлүмү жөнүндөгү ишке сүйлөшүүчүлөрдүн көп
нерсени ачып айтканы тууралуу анча токтолгон жок. Тек бюронун токтому иретинде
сунуштарын гана айтты. Ал сунуш боюнча СМУнун башчысы Бейшен, потребсоюз
башчысы Абилмажин, судья Бекбаев, прокурор Саматов партиядан чыгарылсын.
Райкомдун секретары Көлбаевге катуу сөгүш жарыялансын! — деди.
Ошону менен катар ар кимдин көңүлүндө айкын болуп турган нерсе — алгачкы
партиядан чыгарылган төртөө тең албетте, кызматтарынан алынат. Көлбаевдин
маселеси ал жөнүндө ачык калды. Жана, албетте, райондук соттун чечими бузулуп,
облустук сот кылмышкер зулум Сагытка тиешелүү, чыныгы жазасын берип, кайтадан
кесе турган болот.
Аңгеменин бул жактарын чечип алгандан кийин район жана облус көлөмүндө
жооптуу кызматкерлердин күндөлүк мүнөз, салт адеттери жөнүндө бөлөк кошумча бирэки сөз айтмак болуп чогулуштан уруксаат алды да, Карпов шааркомдун секретары
Сидоркиндин сөзүнө токтолду.
Арийне карта кумарлык жаман дартка айланып бараткан иш экенин Карпов да ачык
баамдады. Аны айрыкча сансыз жолу район көлөмүндө, шаар, облус
кызматкерлеринин ортосунда да, партиялык, советтик кызматкерлердин турмуштук
салты менен байланыштуу сүйлөө керек. Ал түгүл республика көлөмүндө да сүйлөй
турган кез келээр деп билет Карпов. Бирок ошону менен катар Сидоркиндин
жалпысынан дурус ызалуу сөзүндө оозу үйрөнүп кеткен бир чекилик болду деп алып
Карпов Сидоркиндин жапырак жөнүндөгү мыскылдуу сөзүн өзүнө бөлүп алды. Ушу
сөздү кыйналып айтып, кынжылып туруп эки-үч жолу кайрыды. Ошондон кийин ойдо
жок бөлөк бир сынга алды.
— Жолдоштор, бул жапырак деген тамактын аты. Казак элинин улуттук тамагы.
Аны биздин эмгекчи чабандарыбыз жейт. Казак жумушчуларыбыз жейт. Казак атаэнелер, балдар жейт. Интеллигенция жейт. Мен өзүм чабан Дөңбайдын үйүндө,
Керимбектин үйүндө бир нече ирет жапыракты ушунчалык кубанып жакшы көрүп
жедим. Ал эми ушул сөз Сидоркин айткандай кандайдыр бир наалат айтуу, каралоо,
айыптоо сөзүнө айланууга жол барбы? Андай болсо «пловничает» деп өзбекти,
тажикти, «шашлычничает» деп азербайжанды, грузинди, армянды, «Галушничает» деп
украинды айыптоого болоор беле? Ошолордун бул тамактары жапырактан өзгөчөбү,
жапырак баарынан жазыктуу болгонбу? Ошонун баарында жапыракты да бүлдүрө
турган нерсе бар, ал арак, дагы арак. Эмесе ичкилик деп эмнеге сүйлөйбүз, эмнеге
күнөөлөйбүз? Ал эми мына мындай элдин кылымдар бойку улуттук жакшы таза
тамагынын аты менен жаманчылыкты атабоо керек! — деген кезинде бүткүл жыйын,
Сидоркин өзү кошулуп кол чапкан эле.
Бюронун аягын Карпов ушундай бир жана да ар кимдин оозунан угула бербей
турган мыскылдуу сын, азил менен аяктады.
Айсулуунун, Армандын кайгылуу абалы обкомдун биринчи секретары жана бүткүл
бюросунун камкордугуна алынды да, адилеттүүлүк менен чечилүүгө айланды. Ошол
тууралуу Жакең Асия менен ээрчип аз убакытка Карповдун кабинетине кирген эле.
Жандос обкомго каралуу үй-бүлө атынан ыраазылыгын билдирген кыска гана сөз
айтты. Асия ушул кезде али да Көлбаевге нааразы ызалуу көңүлүн билдирди. Ал
бүгүнкү сөзүндө Сагыт кызды жакшы көргөн экен деди. Кыз да жактырат экен деди.
Кыздын иниси менен энеси ошол махабатка каршы тура турган эски феодалдык адетти
колдонуптур деп айтышты. Мен ушуга ишендим. «Махаббат болсо дегенине жетишсин
деп ойлоп калдым» дегендей пикирде эле. Ошону эсине алып Асия «тааптыр
махаббатты. Махаббат ээси Сагыт болгон экен го» деген эле.
Жандос ушул кезде жоон үн менен, айкын мыскыл менен катуу күлдү да бүткүл
денеси менен Карповго карай эңкейип, бүгүлө түшүп, анын жазуу столуна чыканактап
отурду. Ошентти да нурлуу, көзүнө мыскылдуу азил отун жыйып бир сөз айтты.
— Мен ушу быйыл жакында бир зоопаркта чоң арстанды көргөн элем. Ошонун
мурун өзүм билбеген бир өрөскөл кыймыл-аракетин көрүп таңгалган элем. Азыр
мынакей махаббат дегенде ойдо жок жерден ошол эсиме түштү. «Ооба» деп Асия
менен Карповго кыдырата карап койду да «сүйүү, Сагыттын сүйүүсү» деди го. Жок,
жамандын сүйгөнү да жамандыкындай болот. Арстандын заара кылганы да арстанча,
— дегенде үчөө бирдей боору эзилип күлүштү. Жакеңдин акыркы айтканы: бул ишке
мен келбесем деле болмок экен. Нил Петрович менен Асия аралашкан соң мен
барбасам да болот ко деп Алма-Атада кала берсем кантет деп да бир ойлогон элем.
Эми келген соң айтаарым экөөңүзгө тең ыраазылыгым болсун, — деди.
Карпов али да күлүп кубанып отурган эле. Ордунан турган Жакеңдин колун узак
силкип кысты да «өзгө үчүн эмес, Жаке, так жанагы өзүңүз чыгарган, ушул арада
чыгарган ажайып акылдуу афоризмиңиз үчүн келүүңүз абдан ылайык болучу. Зарыл
болуучу» деди да, күлгөн бойдон Жакеңди далыга кагып, эшигинен чыкканча өзү бирге
барып узатып койду.
Ушул жыйындан кийин алтынчы күн өткөндө Асия Айсулуу менен анын энесине кат
жазды. Эң оболку кабары Таңат берген кассация-арыз боюнча бузулган райондук
соттун өкүмү эми облустук сотто каралып, жаңы чечим болуптур. Сагыт оболу өлүм
жазасына буюрулуп, ошондон кийин кайра он беш жылга кесилиптир. Өз убактысында
ушул бузуку жырткычтын күнөөсүн адилеттүү тергебей тескери өкүм чыгарганы үчүн
судья, прокурор экөө тең партиядан чыгарылыптыр. Көпчүлүктү чаташтырган СМУнун
башчысы Бейшен да партиядан чыгарылган. Эң соңку кабар боюнча булардын үчөө тең
жана Сагыттын агасы Абилмажин да чогуусу менен кызматтарынан алынган.
Армандын өлүмүнөн ушундайча жыйынтык чыгарган облус жетекчилиги, областтык
партия комитети менен, облустук аткаруу комитети жөн-жай жыйын эмес, обкомдун
бардык райондук башчыларынын облустун коомчулугун түгөл жыйып отуруп, өзгөчө
көңүл бөлүп, Армандын өзүнүн да, артында калган энеси менен Айсулуунун да
азаптанган, кайгырган муң-зарын ошол жыйында элдин баары тең чоң достук,
боорукердик, камкордук сезим менен өзгөчө көңүл бөлүү менен караптыр. Ушундай
туура далилдерди айтып келип, өзүнүн катынын кийинки жагында Асия дагы да
кайталап, катынын башында «Нурбүбү апа, Айсулуу сиңдим, дагы да эсиңиздерге
салайын. Арман менен сиздерди жактоочу, талапкериңиздер өкмөт менен партиянын
өзү болду. Камкор досуңуздар ошолор, ага менин көзүм анык жетти. Жакен да баштанаяк бул жайды өз кулагы менен угуп, ушундайча түшүндү. Ошол кишинин тапшыруусу
менен жана өз атымдан ушундай достук саламымды жолдоп отурамын. Мындагы
бүткүл ага, эже, досторуңуз болуп эмки айтаарыбыз: кайрат кылгыла, кайрат жыйгыла.
Айсулуу, сага атайлап тапшырарым, эми сен Нүрбүбү эжеге — азиз энеңе ары Айсулуу,
ары Арман да бол. Ага кубат бер да, өзүң кайрат кыл. Сен советтик жаштардансың.
Улуу Ата Мекен согушунда эрдик менен курман болгон атаңардын да, мынабу
жакшынакай калыбында тап-таза бойдон каза болгон бир тууган иниң Армандын да
арбактары үчүн сен жакшы, мыкты, эстүү, таза советтик азамат кыз болууга тийишсиң.
Ал сенин жаш жаныңа, сүттөй таза арыңа, жигердүү жүрөк намысына арнала турган
закондуу, орундуу талаптар. Ошон үчүн жүз кайталап айтаарым: Жакеңдин да сага
арнап айт деп отурганы, сен оку, оку, оку! Ушул күздө келип сырттан окуй турган болсоң
же Баскенттеги, же Алма-Атадагы бир жогорку окуу жайына кантсең да кире турган
болгун. Азыр жай айларында тигил дос мугалимдер менен, мугалим эжелериң менен
акылдашып, ошолордун жардамын алгын да экзаменге даярдана бер. Мен сенден эмки
кабарды баландай жогорку окуу жайына кирдим деген, баарыбызды кубантар жагдайда
тосомун. Эми жашыганды, ыйлаганды, курулай санаа менен жан жүрөгүңдү өрттөгөндү
токтот. Сенин өмүрүң, баары алдыда. Өзүңө өзүң карачы, ойлочу. Сен кандай жакшы,
кандай азиз, канчалык айдай таза, күндөй нурлуусуң. Ошонун баарынан бөлөк бир
мүнөздүү, акылдуу, жакшынакай таза тарбиялуу мыкты совет жаштарынансың. Сен аз
гана убакытта турмуштан өз шыбагаңды аласың. Өзүңдүн камкоруң, чоң ата-энең совет
коомунун ортосунда бийик даражалуу ордуңду аласың. Ошону каалаймын мен сенден.
Ошол сенин жакын убакыттагы болочогуң, тилеген өрүшүң болсун деп эжелик
жүрөгүмдөн чын көңүлүмдү жолдоймун. Нурбүбү эжени да, өзүңдү да көпкөп өбөмүн.
Асия!» — деп кол койгон эле.
Ушул катты көптөн бери Армандын ишин облуска кууп келип, ушул жерде жүргөн
сабырлуу карыя Таңат койнуна салып алып кетти.
Алтынчы глава
Май айынын башында болгон түштүк облустук партия комитетинин кеңири
кеңешмеси — чоң эки корутунду эки тармак боюнча ири, жаңы чоң чаралардын ар
түрдүү даярдыктарына жол ачты. Ошол ирээт менен аял маселесин да июндун
башында бардык облус көлөмүндө 500 аялды чакыра турган чоң кеңешме өткөрүлө
турган болду. Бул жөнүндөгү алгачкы чаранын бири ушундай чечилген соң атайын күн
белгиленип, тийиштүү даярдыктар облустан районго, райондордон совхоз, колхоз,
өндүрүш жайларына толук тарап жатты.
Ошол обкомдун кеңешмеси белгиленген экинчи маселе — мал чарбасы жөнүндөгү
көп эмгек талап кыла турган чарбалык, курулуштук иш-чаралар эле.
Нил Петрович Карпов акыркы эки жума бою Султанов менен жана совнархоздун
башчысы менен, обкомдун мал чарбасы жөнүндөгү атайын секретарь Эринбетов менен
бирге отуруп, бир нече күндөй күрдөөлдүү туташ ойлорду ойлошкон. Мында облустук
совхоз кеңсеси, финанс бөлүмү «Каракультрест» сыяктуу, ар түрдүү даярдоо
кызматынын облустук башчы адамдарын чакырып акылдашуу да бир нече ирет болуп
өттү. Эми Карпов өзү кагазга түшүргөн көп далилдерди салыштыра, ойлой-сынай
кароонун артында эле. Байкап көрсө облус көлөмүнө мал чарбасына арналган каражат
мол эмес. Курулуш жайын алганда совхоз борборлоруна бериле турган азын-оолак
арналуу каражат болбосо, өзгө мүмкүнчүлүк жокко эсе, жарытымсыз.
Кечээги болуп өткөн чоң жыйында Карпов элден өзгөчө бир чоң камкордук ойлорун
айтып, көрөгөчтүк кылганда, кийин көп кубанган эл-журттун алкышын алган соң укканда
өзгөчө оозго алганы чабандардын жайы эле.
Облус чарбасындагы ар кандай мамлекеттик иштердин, бөлүмдөрдүн каражат
мүмкүнчүлүктөрүн караганда асыресе чабандардын камы көбүнчө аталбаган. Алардын
үй-турмуш жагдайы жана курулуш эсебинде мамлекет каражатынан жарытымдуу
жардам ала турган түрү жок. Ал эми быйылкы малдын өлүмүндө чоң себептин бири
болгон короо-жайдын жоктугу. Азыктын ишенимдүү болуп жыйылып, даяр болуп тура
турган базасынын жоктугу.
Ошону менен бирге, асыресе, кумдар менен мал жайылчу талааларда суунун
жоктугу, кудуктун тартыштыгы, жолдордун жамандыгы. Арналып айтылса ошонун
баарынын биринчи тетиги ушул жазды пайдаланып, жетинчи беш жылдыктын экинчи
жылындагы мал жөнүндөгү мамлекеттик милдет мал менен малдын жанындагы адамга
арналган курулуштар болор эле. Эми мынакей кышкы жагдайы кыйын Узак, Ноян
сыяктуу эки райондон башка дагы ошолордой мал өстүрө турган башка он чакты
районду алсак, баарына арналган жыйын каражат жумурга жук болбой тургандай
тартыш, жетишпеген абалда. Кандай тартса да аз цифралуу сараң көрсөткүчтөр чолок
тондой болуп не башты, же бутту, же бойду жабууга жарабай турган жетишпес абалда
экен.
Ырас, бир аз жергиликтүү курулуш заттарын пайдаланып, жапайы түрдөгү болсо да
короо-сарай жасоону райондордун, совхоздордун өздөрүнө мыктылап жүктөөгө болот.
Бирок чара көрүү деген ушул ганабы? Быйылкыдай шумдук жуттун артынан иштеле
турган иш, ойлоно турган ой эми кайра жут болбосун дей тургандай, болгузбай
тургандай кылуучу кам-аракет ушулбу? Жок, жок! Бул жокчулукка багынууга болбойт.
Күрөшүү керек. Чыныгы мамлекеттик камкорчул, өнүмдүү ой ойлой турган мезгил
жеткен. Ушундай болмуш менен болууга керектүүлөрдүн, колдо бар мүмкүндүк менен
жасала турган күч кубаттын жолдорун табуу зарыл. Ошон үчүн чыныгы мамлекеттик
чоң камкордук ой менен чаралар үчүн күрөшүү керек.
Бүткүл район, совхоздордун, облустук мекемелеринин, облисполкомдун
карамагындагы облплан, совнархоздун абалдарынын баарын бир жерге топтоп алган
Карпов азыр өзүн бардык нерсеге жооптуу, зор жооптуу кожоюн, колдогу бар нерсени
билип отурган иштеги кыйынчылыкты баамдап сезип отурган облустун ээси катарында
толук байкады. Түшүндү да эми акыры өзү үчүн оңой эмес, бирок партиялык парызы
мунун ар-намысын козгогон чоң милдетти моюнга алды. Ал ушуну менен эми он беш
күндө боло турган Алма-Атадагы республикалык зор жооптуу чарбалык бир жыйынга
катуу даярдана баштады. Ал жыйын жетинчи беш жылдыктын экинчи жылынын
кышында Казакстан көлөмүндө болгон мал чарбасынын түйүндүү маселелерине
арналып өткөрүлө турган зор жооптуу жыйын эле. Ошого Карпов өзүнүн бүткүл
жоопкерчиликтүү ой, талап, сын сунуштарын ала барууга даярданды.
Ушундай ой-пикирлер менен жүргөн Карпов эми он күн өткөндөн кийин
республиканын борбору Алма-Атага быйылкы жылдын чоң жооптуу кеңешмесинин
бирөөнө келди. Түштүк облустан бул чоң кеңешмеге Карпов менен бирге облустук
аткаруу комитетинин председатели Султанов, обкомдун мал чарбачылыгы боюнча
секретары Эринбетов баштаган бардык түштүк райондордун секретарлары менен
аткаруу комитеттердин председателдери келген эле. Бүткүл Казакстандан асыресе,
мал өстүргөн облус, райондордун облустук, райондук жооптуу кызматкерлеринин
көпчүлүгү жыйналган. Мында асыресе көбүрөөк келгендер чабандардын өздөрү болучу.
Сакал-мурутка, кээ биринин чачтарына ак аралашкан эркектер, отуз-кырктын
арасындагы аял-чабандар, көп козу, көп музоо өстүрүүчүлөр, чочко өстүрүүчүлөр,
республика көлөмүндө атагы, даңкы көпкө маалым чыныгы ири кайраткерлер.
Булардын бири шаардыктарча, кээ бири жартылай шаардыкча, жартылай айылча
кийинген. Баштарына ак чарчы жоолук салынгандар да жолугушат. Эркек чабандардын
көмүрдөн кап-кара сакал, муруттары, баштарындагы топу, казакча бычылган бешмант,
шымдар алардын да турмуш адеттерин айылдык жагдайга окшоштуруп турат.
Белгилүү ушул сыяктуу кадырлуу эркек-аялдардын баарынын төштөрүндө
ордендер, кээ бирөөлөрүндө алтын жылдыздар жана бир азында СССРдин,
Казакстандын депутаттык белгилери да байкалат.
Бул чоң кеңешме быйылкы өткөн кыштын оорчулугун, эстен кетпестей өкүнүчтүү
өлүм чыгашасын бүткүл оор чындыгы менен кеңири айтып сүйлөшүүгө жыйылган.
Асыресе чабандар менен көзмө-көз акылдаша, сырдаша отуруп, эми малды аман
кыштатуунун чараларын мыктап колго алуу жолунда жыйналган жооптуу кеңешме ушул
эле. Бул кеңешмеде оң түштүктүн атынан Султанов жана бир нече жакшы совхоздор,
райондордун кыштан малы аман чыккан малчылары сүйлөгөн.
Карпов бүткүл кеңешменин ар облустан келген чечендери сүйлөгөн сөздөрүнүн
көбүн өз колу менен кагазга жазып, катуу бир даярдык жасагандай болду. Бир нече
күнгө созулган кеңешменин эртең мененки жана кечки жыйындарын такай минутун
калтырбай катышуу менен өткөздү. Малды көп чыгаша учураткан Жамбыл, Алма-Ата,
Кызыл-Ордо сыяктуу облустардын түштүккө жагдайы-шарты окшош келген, асыресе
кыйынчылыктары толук окшош келген облустардын чарба башчылары, совхоз
директорлору, колхоз башкармалары, чабандары айткан сөздөрдү Карпов атанын бир
гезиттердин кабарчысындай не бир изилдөөчүдөн бетер ашкере катуу ыклас менен
тыңдап, дептерине жазып алып отурган эле. Кийин Борбордук партия Комитети менен
Министрлер Советинин жетекчилиги чоң тарыхый бир чечим кабыл алмак.
Республикалык кеңешмеден кийин иштеле турган зор иштерге өзгөчө Мурун жасалып
көрбөгөн жагдай-шарт түзүүнү чыныгы терең, жооптуу түрдө тыянактап, чечмек болмок
эле.
Ошону менен Борбордук партия Комитетинин кеңешме залында атайын жыйылган
бардык республиканын бүткүл ири жетекчилеринин тандалган бөлөкчө бир жооптуу
жыйыны болду. Кеңешмени башкарган республиканын биринчи саясий жетекчи адамы
ишкер, сергек, чыйрак, адети боюнча бул жыйындагы сөздөрдү узакка создурбай,
тыкандык менен жүргүзүп келет. Ал өзүнүн көптөн бери мамлекеттик маселелерди
чечип, талдап, талкуулап үйрөнгөн тажрыйбалуу адети боюнча деги ар кандай
жыйналышты жайылган жалпылама көп сөзгө салып жиберчү эмес. Ар бир сүйлөөчүнүн
оюндагы далилдүү кыйын түйүнү менен чыгар жолун акмалап, таразалап, жакшы
баамдап алчу да, жыйналыш башкаруучу катарында ар убакта жыйынды тек далилдүү,
конкреттүү, ток этер сөздөргө, жайларга буруп, багыттап отурчу эле. Өтө бир көзгө
түшкөн тажрыйбанын жакшы сапаттарың көзгө көрсөтүп таанытып отурар эле.
Карпов биринчи жетекчиге кеңешме алдында бир-эки ооз өтүнүчүн айтып калды.
«Мен жутка учураган облустун өкүлүмүн. Ошондуктан айтар дартым көп болууга
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 21
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.