Latin

Өскөн Өркөн - 06

Total number of words is 4025
Total number of unique words is 1960
28.9 of words are in the 2000 most common words
41.7 of words are in the 5000 most common words
47.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Эми Аселден кыздын кеткенин биле салып:
— Канча болду кеткенине? — деп ашыгып сурап калды.
— Көп болду. Үйлөрүнө жетип калган чыгаар! — дегенде күрмөсүн тезинен кийип
алып, чукул бурулуп тарпылдап жөнөдү. Андан чыгып эми бир азда короодо жайдак
турган атка ыргып минип, чапкылап жөнөгөн.
Ойлорунда эч нерсе жок эки аял караңгыда дарактардын көчө боюндагы катарын
жээктеп келе жаткан эле. Эми бурчту айлана бергенде бет маңдай тараптан калың
жалбырактуу капкара чоң чынар дарагынын түбүнөн, байлануу турган аттын жанынан
буларга карай адымдай басып, узун бойлуу, далылуу Сагыт көөдөнү менен жиреп
алдыларынан чыгып келди. Келе замат Күлшат менен чала гана «амансызбы?» — деп
салкын учурашып, Айсулуу жакка өттү да, аны колтугунан кармамакчы болду. Айсулуу
колун чукул тартып алды да:
— Сиз эмне? Эмне керек сизге? — деп Күлшатты сол колу менен колунан кармап
өзүнө карай жакындатып тарта берди. Өзү болсо баспай, токтоп калган эле.
Сагыт: «Жүр басып сүйлөшөлүк. Мен жеткирип коём. Атайы келдим»,— деди.
Айсулуу баспады.
— Жеткиргениңе ыракмат. Биз үйүбүзгө жеттик. Андан көрө өз жолуңуз менен... —
дей бергенде, Сагыт аны дагы да колунан кармады.
Айсулуу эми колун катуу тартып, чапчаң жулуп алды.
— Жолдош, сизге эмне керек? Мен сизди билбеймин. Эмнеге артыбыздан кууй
келдиңиз? — дегенде Сагыт ызаланып күлүп жиберди.
Омуроолоп демиктире сүйлөп:
Менин сенде сөзүм бар, чоң сөзүм бар, билдиңби? Уккунуң. Укчу өзүң, эмнесиң
өзүң! — деп кызды жибитмек болуп күлдү. Күлгөн, кызып сүйлөгөн деминен Айсулуу
арактын жытын сезе коюп, мурдагысынан бетер жийиркенип, ачууланып кетти.
— Сизде менин сөзүм жок!
— Менин сөзүм бар.
— Кереги жок сөзүңүздүн! Түшүнөсүзбү, сөзүңүздүн да, өзүңүздүн да керегиңиз жок!
Сагыт бул кезде Айсулууну сол колунан дагы катуу кысып, жулка тартып калды эле,
Айсулуу кыйкырып:
— Тартыңыз колуңузду! — дегенде Күлшат да ачылуу үн катып:
— Ай чырагым, эмне болгон немесиң өзүң? Тур мындай жолубуздан! Эмне, кимди
басынтып отурасың! — деп Айсулууну бооруна тарта берди.
Сагыт ошондо Айсулуунун алдын бөгөп:
— Сө-өз-з-үм бар, угасыңбы сен. Чоң сөзүм бар. Кутулбайсың сөзүмдү укпай туруп!
— деп эми анык мастыгы менен баштаган зордукка өтө баштады. Өмүрүндө мындай
уятсыз, арсыз зөөкүрлүктү көрбөгөн Айсулуу катуу чаңырып:
— Жогол, эмне болгон айбансың! — дей бергенде жигит аны бир колу менен
тартып, Күлшаттан ажыратып алып эми белине оң колун созуп кучактай берген.
Айсулуу: «Айбан, акмак!» — деп өзү ойлобогондой, күтпөгөндөй үн менен
кыйкырып, жигитти оң колу менен жаактан ары тартып-тартып жиберди. Жан урган
сокур ачууга минген Сагыттын көзүнө от жарк эткендей сокку тийгенде, ал өзүнүн эмне
болгонун билбей кутуруп кеткен калыбында кыздын жанагы колунан кармай алып,
экинчи колундагы кынынан сууруп алган бычагын Айсулуунун билегине малып алды.
Айсулуу менен Күлшат көчө боюна кыйкырык салып эл-журтту жардамга чакырып,
аны эми гана баамдаган жана өзүнүн эси жоктугун, өзү кылган жырткычтыгын эми биле
баштаган Сагыт жылт берип качып кетти. Кетээринде тиштенип туруп, акырын айткан
бир гана сөзүн Күлшат менен Айсулуунун кулагында калды. «Сени мен аламын, жерге
кирип кетсең да сени мен аламын!» — деген ант сыяктуу, жырткыч айбандын
ниетиндей напсисин кара түндө айтты да, атына кайра каргып минип, чапкылап жөнөдү.
Күлшат ошол түндө дарыгер таап, Айсулуунун колун тандырып, алгачкы эмдөө
жасатса да тыным алган жок. Эртең менен тура калып ооруканага апарып, кайтадан
таңдырып Айсулууну ээрчиткен бойдон райондун борборундагы комсомол комитетине
келди. Биякка карай баштаган Айсулуунун өзү болду. Эжесине эми ал тек гана оозгу
үйдө күтүп отурууну тапшырды да, биринчи секретарга эң алды менен эртелей кирген
эң биринчи келүүчү болду.
Комсомол комитетинин секретары эртең менен кеңсеге ашыгып келип, талаага,
пахтага кеткени жаткан Эрмекбаев Айсулууну турган бойдон укту. Ошол жерден эле
милициянын начальнигине телефон чалды.
— Түндө бир жырткычтык болуптур. Аны кылган суу техниги экен. Өзү да жаш, окуу
бүткөн дешчү эле, комсомол Сагыт Амиров деген жигит. Кылган иши барып турган
карышкырлык. Азыр сиздин ушу жумушту колго алып, аракет кылууңузду райондук
комсомол комитети талап кылат! — деди.
Телефондон милициянын начальниги Айсулуунун канда экенин сурады. Секретарь
өзүнүн жанында Айсулуу турганын айтканда тигил жактан дагы айтылган сунуш болду.
Эрмекбаев аны угуп алды да, трубканы коё салып Айсулууга карады.
— Азыр өзүң догдурдан, ооруканадан акт жаздырып ал да, жанагы мен сүйлөшкөн
райондук милициянын начальнигине алпарып тапшыр. Кагаз жүзүндө да жазылган
арызың болсун. Мени күбөлүккө тартып мында келгениңди жазып, арызыңдын ичинде
кошо айткын. Муну биз жөн калтырбайбыз. Ал айбан өзүнүн айбандык жазасын алат.
Көңүлүң жабыкпасын, кайраттуу бол. Комсомол сени менен бирге! — деп узатып койду.
Сагыттын жырткычтыгы оболу ушундай катуу ызаланган комсомол секретарынын
эпкиндүү сөзү, мүнөзү менен башталса да, кийин дагы бир нече күн өткөн соң
эмнегедир басаңдап, суюла берди. Сагытты милиция органы жоопко тартканы ырас.
Райондук милиция начальниги жашы кыркка барып калган, тикирейген кара чач, калың
каштуу Жетписов Айсулуунун арызы менен актыны колго алып отуруп, Сагытты
катуулап тергеген. Аны атайын статьяларга ылайыкташтырып келип азыр туткунга
алууга тууралап акт жазууга отурган. Ошол кезде прокурордон телефон чалынды.
Айсулуу (Сагыт түрмөгө отургузула турган болду деп) Күлшат экөө дагы бир нече күн
ооруканага барып жүрүп, эми колу саал жакшы болуп калгандан кийин колхозуна
кайтты.
Сагыт жазасын алып түрмөгө түшөт деген ишенимдүү сөздү Райымбековдон,
Жетппсовдон кетээр күнү угуп, ишеничтүү, көңүлү саал тынчтанып кайткан. Бирок
прокурордун телефону Сагыттын мойнуна салына турган жаза укуругун токтотуп калды.
Анын ар жагындагы нечен түрдүү телефон да, үй ичиндеги сөз да, Абилмажиндин,
прокурордун, райондук соттун баарынын арасында күңкүл сөздөр болуп, бул басылып
өчүп калды. Ошодон улам Айсулуунун районго барып, анда жараланган кездери
жашырын калбай, бир далай оозго жайылган сыяктанат. Аны айтканда Айсулуу менен
Күлшаттын түк оюна келбес жалган боёк менен боёп, сырдап тараткан, жалган кабарга
айландырды. Эмки сөз боюнча Айсулуу менен суу техниги Ташкенттен жакында гана
окуу бүтүрүп келген жакшы билим адис Сагыттын мурунтан байлашып койгон жаштык
убада сөздөрү болот экен. Бири алмак, бири тиймек. Анан атайын райондун
борборунда карашы түшкөндө жолугушат экен. Ошондо сөздөн сөз чыгып алда неден
улам чырдашып калышат. Кызга көп жылдар бою жүрөгүн, убадасын, махаббатын
арнап сактап жүргөн жигит ачуу үстүндө жана ичип алган мастыкка берилип, ойноп,
чочутмак болуп туруп бычактын учун тийгизип алат.
Милиция, комсомол ошону өзүнчө айыптуу иштей көрүп дүргүтмөк болгон экен,
бирок райондун чоң кызматындагылар, прокурор сыяктуу кишилер, эстүү баштуу чоң
кызматкерлер, «жок нерсени чуулдатпагыла» дептир да, уулдун да, кыздын да
абийирин төкпөгүлө, ойлорунда жаман нерсе жок жаштардын оюн үстүндөгү өз ара
мүнөзүн дабыратпагыла!» — деп басып ташташыптыр, деген жеткен жаман, бир
жагынан майдалап, бир жагынан сылап-сыйпап майга ороп, айлакер тил менен
амалдап тараткан ушак чыкты.
Айсулуу бул окуядан мүлдө кабарсыз эле. Бирок ушу сөз ушул калыбында Асел
менен Абилмажиндин үйүнүн «Кызыл жылдыздагы» дос адамынын бири Бейшек деген
колхозчу аркылуу алда кайдан Ильяска келип угулду. Ильяс өзү эмгектенип жаткан
«Кызыл жылдыз» колхозунда Бейшектин үйүнөн айран ичип, сүт алып, кээде ушунда
келип палоо бастырып, жапырак жасатып тыныгып кетип жүрөр эле.
Айсулуунун жанагыдай кабары жеткенде Ильяс тамак иче албай, Бейшектин үйүнөн
ашыгып чыгып жөнөгөн. Ал мынабу уккан кабардан чыны менен жарадар болгондой.
Эми ал өзүнүн ишине көптөн бери ушунчалык бекем, үнсүз, тилсиз, кымбат нурдай
орногон бүткүл кыялын оюна алган ажайып сыйкыр сезиминен тез арылсам деп алекке
түштү. Кантсем эсимден ошол бир далайдан бери күндүзгү оюн, түндөгү түсүн, кыялын
ээлеп алган нур жүздүү, ай жүздүү келбетин унутсам... деген алекке түштү. Ал бул
түндү уйку түгүл отуруу менен да өткөзгөн жок. Кайда жүргөнүн билбесе да түштүктүн
капкараңгы түнүндө ары-бери сенделүү менен өткөзө албай, дарттуу күздүн узак таңын
атыра албай сенделген эле. Өмүрүндө мунун башына түшүп көрбөгөн азап түштү.
Унутуу... унутуу, эстен чыгаруу, арылуу — ал мен үчүн жок нерсе деп бүткүл ойду,
үмүттү үзүү ошол гана шарт, ошол гана милдет — деген иренжүү, түтөбөй күйүү мунун
көз алдына ажайып сулуу, алагай сур көздүү, кызгылт кош өрүмдүү, ылайым сыпайы
гана жылмайып, кабагын гана чытып коюп жүрчү Айсулуунун жүзүн бул үчүн жат жүз
кылуу талабында амалсыз алпурушуу түнү болду.
Ал эми Айсулуу болсо дал ушул түндө Сагыттын жексурлугунан жийиркенип жатып,
өзүнө али себеби маалым эмес жагдайда кайта-кайта Ильясды эсине алуу менен
ошонун боорукер, досчул, мээрбан, момун жүзүн өзгөчө жылуулукта эске алуу менен
өткөргөн эле.
Эртеси областтан, борбордон шашылып келгени менен пахта жыюучу топтор
кайтадан ашыгыш жыйналып, жалпысы менен жөнөп жаткан эле.
Ильяс да кеткени жатат. Анын аз гана жүгү буулган, Бирок ичинде от жангандай
алоо урган кыйналуу илдети кетээр эмес. Иренжүү да, өкүнүч да, же бир ызабы, баары
тең аралаш, улуу куюн. Өз ичинде чыгарган эч бир чечим жок, издеген да жок. Айсулуу
бүгүн көчөгө чыкканда колхоздоруна жардамга келген мынабу көпчүлүктүн, журттун
лек-леги менен машинелеп топтолуп жөнөп жаткан адамдарына кыйбастык көз менен
карайт. Анын жүрөгүндө алда кандай өкүнүчтүү иренжүү бар. Кечеги күнү ал атайын
издебесе да кокусунан бет маңдай чыгып, медпункттун жанынан өтүп баратып Ильясты
көргөн эле. Ал буга оболу аныктап карады да, бирок зорго гана баш ийкеп, салкын
амандашып тез бурулуп кеткен эле.
Ильястын көзүнө Айсулуунун бүгүнкү жүзү катуу жүдөгөн, бозоро түшкөндөй болуп
көрүнсө да, анын ичиндеги иренжүүсү муңдуу, сулуу жаш жигитти мүсүркөткөн жок.
Айсулуу болсо Ильясты бул калыбында тез гана жатыркап калган борбордун текебер
жигити деп баамдады. Ал өзүнчө ичинен күнөөлөгөндөй болуп калды. Ошону менен
катар өзүнө өзү айткан оюнда: «Эмне, өткөрүп койгон бирдемем барбы? Мен анын
кимиси элем? Ал менин кимим эле. Оң карап, терс караганында эмне келип, эмне
кетери бар дейсиң!» — деп саал күйүт аралаш жүдөө ойдо калды. Ошону менен ого
бетер Ильяска иренжүүсү күчөдү. Бирок ошентсе да ичинен ошол иренжүүсү үчүн өзүн
кинелеп, азыркы абалына лшоп да, эм да таппай кыжынып туруп калды.
Үчүнчү глава
Нил Петрович Карпов Баскент шаарына келип, облустук партия комитетинин
биринчи секретары иштей баштаганына үч жумадай убакыт болду. Бул мезгилде ал
шаарды аралады. Бир нече райондордун борборлорун, колхоздорун, өндүрүш
мекемелерин, кээ бир совхоздорун көрүп кайтты. Жанына кээде облустук аткаруу
комитетинин председатели Акан Султановду ээрчитет. Кээде обкомдун бөлүм
башчыларын, жергиликтүү жайларды жакшы биле турган жолдошторду ээрчитип алат.
Шаарды ал көбүнесе шаардык советтин председатели Өтөпов Беккожо менен кээде
шааркомдун секретары Сидоркин менен бирге аралайт.
Облуска келүүдөн мурда Алма-Атада билген, көп изилдеп таанышкан фактылуу
материалдар боюнча ал облустун үч тармактуу чарбасы бар экенин жакшы түшүнгөн,
бул материалдарды дем алыш күндөрдө ала кетчү.
Бул өндүрүшү ар түркүн калыптанган облус. Ал бир тармак. Экинчи, айыл
чарбачылыгын алса, ал өзү эки' тармактан турат. Бирөө — Казакстандын атынан ушул
гана облус бүткөрө турган пахта чарбачылыгы. Экинчи тармак — мал чарбачылыгы.
Пахтаны болсо быйыл кыйла өйдөлөттү. Карповдун алдында бул областы башкарган
биринчи секретарь Юлдашев анык орундуу чоң абийир алып, Алма-Атага ири жооптуу
кызматка которулду.
Азыр күздүн даана ортосу. Кээ бир райондо эми бир айдан соң кыш да башталат.
Айыл чарбасынан күчтөрдүн баары эми кыштын камы деген кезектеги чоң жооптуу
өнөктүккө бардык күчтү салып жаткан кез.
Карповдун баамынча мал чарбасы өзгөчө жагдайда турган эки район бар. Ал Ноян
менен Узак району. Кыштын мурунку тажрыйбаларына караганда эң оор, чыгымы да
көп боло турган райондор ушулар. Бүгүн Карпов ошол эки райондун секретарлары
менен сүйлөшүүгө убакыт белгиледи. Ал азыр өзүн соңку күндөрдө көбүрөөк
ойлондуруп жүргөн өндүрүш тармагынын эң чоң маселесине киришип олтурат. Ал ушу
талаадагы эң эски, эң баалуу чоң өндүрүш мекемеси — коргошун заводу. Кечээтен
бери үйгө алып кетип түнкүсүн таанышып келгенине караганда ушу Баскенттеги эң
эски, эң баалуу жана жумушчулар коллективи көп өндүрүш мекемесинде бир далай
иштер бар.
Юлдашев кетээринде обкомдун бюросу ошол заводдун маселелерин терең
караптыр. Токтом кеңири жазылыптыр. Карповдун мындай иштерге кийлигишкен
тажрыйбалуу көзүнө мунун өзү бир далай ишти аныктап ачып отурат.
Бюронун чечими боюнча жарым ай гана мурун ошол коргошун заводунун директору
Базаров кызматтан алыныптыр1. Азыр ал жерге шайланган жетекчи жок. Мунун өзү бир
нече себептен келип чыгыптыр. Анын кээ бир жактарын ушул жолу Карпов Москвага
келип, Борбордук Комитетте болгондо да уккан эле. Өзүнө ылайыкталып айтылып, ушу
маселени бөлөгүрөөк эскерерсиз деген сөздөр да болгон. Эми тааныша келгенде
билгени Базаровду көпчүлүк жумушчу коллективи дүнүйөкорлукка, бой көтөрүүчүлүккө
берилип кеткен адам деп кеп кылышкан. Өз айланасына аз топту жыйнап алып
көпчүлүк жумушчулардын турмуш-тиричилигинен оолактап кеткен. Жумушчуларга колго
тийбеген менменсинген алыс адам болгон, Бул жайдан башка Карпов таанышып келе
жаткан фактыларда дайыма көрүнүп келген бир жагдай бар. Ал жергиликтүү улут
кадрларына оң карабаганы.
Заводдо жергиликтүү элдердин жумушчулары, кызматкерлери абдан аз. Мындай
адистер жетекчи орундарда, цех бөлүмдөрүндө жок. Колдо бар адамдар өстүрүлбөйт.
Ал түгүл инженерлик билими бар казак кызматкерлери бир орундан жогорулап өспөй
турган болгон соң бул заводду таштап, кызматтан кетип калууга туура келген. Ушул
күндө бир нече жаш инженерлер азыр кээ бир цехтерде кара жумушчуга жакын
кызматта узак убактарга кармалып келген. Базаровдун кадрларды өстүрүүдө ар качан
жакындык, кошоматчылык, принципсиз, мансапкордук адетиндеги байланыштар көп
орун алган. Ал эми заводдун тарыхын алсак, алгачкы жылдарда бардыгы тең көп
убактарга чейин мында жергиликтүү кызматкерлер, жумушчулар проценти бүгүнкүдөн
алда кайда ашык болгон. Завод илгери баса турган иштерди бул жагынан артка буруп,
тескери кетирген.
Заводдун өз коллективи обкомдун бюросунан мурун жасаган жабык
жыйналыштарынын биринде ошол заводдун ачылганынан бери иштеп келе жаткан
карыя казак жумушчусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры чындыкты ачуу мыскыл
менен айтыптыр. Ал өз сөзүнүн ичинде: «Менин балам түстүү металлургия
институтунун акыркы курсунда окуйт. Ошол мага быйыл кат жазып: «Сиздердин
коргошун заводуңуздарга кызматка барамын» — деген экен. Мен ага жооп жазганда:
«Бизге келбе, мында сенин колуң өйдөгө жетпейт. Заводдун директору Базаров менен
башкы инженер Волковдун бирөөнүн кызына жакындашып, үйлөнө турган болсоң
келерсиң. Болбосо өйдөлөй албайсың — дедим. Мына менин ушу заводдун карыя
жумушчусу болуп көрүп келген тажрыйбамдан баамдаган дал бүгүнкү заводдун абалы
жөнүндөгү чечимим ошол»,— дептир.
Экинчи бир карыя жумушчу Ленин ордендүү Күмүшбеков өтө катаал сүйлөптүр. Ал
азыркы заводдун жетекчилиги казак кадрларынан жакшы инженер, мастер, завод
жетекчиси болорлук адам чыгат деп ишенбейт. Ошондуктан кийинки беш-алты жыл
бою ушу заводдо, бир цехте бир да бир казактан чыккан, завод өстүргөн адам болгон
эмес деген.
Обкомдун бюросунун токтому ушу заводдун өзүнүн коллективинде болгон
жыйналыштын токтому менен салыштырып окуп, бюро мүчөлөрүнүн бир нечесинин
сүйлөгөн сөздөрүнө караганда, заводдун жайы бул жерде гана эмес, булардан
тышкары жерде, эн оболу көпчүлүк элге белгилүү болгондон кийин башталган. Ал
материалдар республикалык беделдүү газетанын бетинде жарыяланган.
Мында бир нече ай мурун республикалык газетанын атайын кабарчысы коргошун
заводунун жанагы жыйналышынан, жабык жыйналышында айтылган кыйла оор
чындыктарды батыл сын менен түштүктүн чоң белдүү заводунун ушундайча зор
кемчиликтери катарында ашкереленген эле. Кийин бул макала облуста, республиканын
борборунда сөз болуудан мурда эң алды менен Москвада Борбордук Партия
Комитетинин ушул республикаларды тейлеген бөлүмдөрүнүн көңүлүн бурган.
Борбордун бул маселеге чоң маани берүүсү тереңдеп, атайын жооптуу кызматкери
Баскентке ушул жөнүндө келип, газета макаласынан баштап, коргошун заводунун
коллективи менен сүйлөшүп, көп маселени мурдагыдан да дааналап чечип, аныктап
кеткен.
Азыр Карпов карап отурган бюронун чоң жыйынында ошол Борбордук Комитеттен
келген кызматкер Жалелов катаал, ары адилет сындарды айткан. Чынында аткаруу
комитеттин председатели Султановдун жана облпрофсоветтин председатели
Жайлообековдун, алардан башка мурун ушул жыйналышты өзү башкарып өткөргөн
Юлдашев — баары тең Базаровдун тушунда анык, ачык терс тажрыйба болгонун атап
көрсөткөн. Карпов көрүп отурат. Казак жумушчусунун көп цифралары мурунку
жылдардан азыр кадиксиз төмөндөп кеткен жана заводдун жетекчилик орундарынын
биринде да казактын эски жумушчусу жок, же өсүп келаткан адис, талапчыл жаш
инженерлер жок. Заводдун баштапкы партиялык комитетинин катарында кээде экинчи,
кээде үчүнчү секретардын ордунда жүргөн адис да эмес, заводдун өзүнөн чыккан
жумушчу да эмес, кереге гезиттин редактору сыяктуу жаш уландардан тек белгиге,
атоого гана көрсөтмөлөп койгон салмаксыз адамдар байкалат.
Карповду ушу өзү билип-туюп отурган жайларынын бардыгы кыйла ойго калтырды.
Ал жөнүндө шаардык партия комитетинин секретары Сидоркинди чакырып алып
сүйлөшө баштады.
— Заводдо казак жумушчусу аз экени ырас. Адистик жетекчи орундарда да жок.
Бирок бул көрүнүштөрдүн себеби да бар. Ырас, акыркысын мен Базаровдун айыбы
дейин. Ошол өндүрүштүн өзүндө цехке чейин көтөрүп коё турган эки-үч киши бар. Жаш
инженерлер болсо да тажрыйба алып өсүп кетүүгө болот,— деп ал аңгемени бир аз
адистерди жаңыртып коюу керектигине көбүрөөк бура баштаган эле. Карпов анысын
туура жооп деп эсептеген жок.
— Сиз бирин-серин адис эмес, көпчүлүк жөнүндөгү суроого жооп бериңиз. Эмне
себептен заводдо казак жумушчусу аз?
— Ал жалгыз бул завод эмес, Баскенттеги бардык чоң өндүрүш жайларында дал
ушундай. Бул биздин ыңгайсыз, жайсыз чындыгыбыз, Нил Петрович!
— Эмне дейсиз, дагы кай жерлерде ушундай?
— Обкомдун бюросунун ошол жыйынында токуу фабрикасында, пресс-автомат
заводунда жана а түгүл быйыл ачылган цемент заводунда — баарында тең казак
жумушчусунун саны азайтылган.
— Сиз анын себебин эмнеден деп ойлойсуз? Мага ошол жөнүндө жооп айтыңыз.
Өзүңүз муну дурус деп билесизби? Закондуу абал дей аласызбы?
Сидоркин бул жөнүндө өзү да далай ирет жыйналыштарда коюлган суроолорго
жооп берүү жөнүндө фактыларын камдап алгандай болгон. Калың сары чачын
саамайынан козгоп коюп, кайрый түштү да, ачык ажарлуу жашыл көздөрү менен
Карповго карады. Карпов да шаардык комитеттин биринчи секретарынын оозунан
ушундай жоопту — ылайыктуу жоопту күтүп үңүлө түшүп, салкын жүздүү, ойлуу
Сидоркинге жакшы пейил менен көңүл бурган эле. Сидоркин кысталган да кыйналган
да жок.
— Нил Петрович, бул маселени жеке-жеке завод коллективи эмес, бүткүл Баскент
шаарынын көлөмүндө ойлосоңуз айкыныраак түшүнөсүз.
— Мисалы, кандайча?..
— Мисалы сиз завод коллективинин проценттик өлчөмдөрүн эске алып отурасыз.
Ошондо казак жумушчуларынын проценти аз. Ал эми бүткүл шаар көлөмүндө, бардык
калктын санын проценттен алып көрүңүзчү?
— Канча процент? Кандай фактылар бар?
Сидоркин салкын гана күлүп:
— Бүткүл шаар калкынын көлөмүндө казак он бир гана процентти түзөт.
— Кандайча, облуста 44 процент эмеспи?
— Ооба, облуста, райондордо казак калкы көп. Бирок шаарда аз, мынакей көрүп
отурбайсызбы? Ал эми шаарда туруучу казак, жергиликтүү калк аз болсо, анда заводфабрика бардык өндүрүш жайлары жумушчуларды кайдан алмакчы?
Карпов өзүнүн алдында турган маселе жеңил нерсе эмес экенин баамдады да, саал
унчукпай калды. Ал өз ичинен Сидоркиндин жообу ар бир завод коллективинин
башындагы адамдын бул жөнүндөгү үстүрт, жеңил жоопко оозу үйрөнүп кеткен абалды
көрсөттү. Бирок Нил Петрович обкомдун бюросунун жыйналышында сүйлөгөн
Жайлообековдун сөзүн жана Султановдун күнөөлөчү сынын эсинде сактап отурган эле.
Азыр Сидоркинге ошол өзү билген, көңүл бөлгөн пикирлер тууралуу эмне айта
турганын билгиси келип, токтомдун кээ бир жерлерин анын эсине сала сүйлөдү.
— Жолдош Сидоркин, сиз объективдүү жагдайды болгонун болгондой гана айтып
отурасыз. Ал эми кээ бир жагдайды өзгөртүү керек дегенди сиз шаар уюмунун катчысы,
ойлоп көргөн жоксузбу? Ошондой десек эмне дээр элеңиз?
Ушул кезде Сидоркиндин сары түсү кызара түштү да, бирок ылдам сүйлөп кетти:
— Мисалы менден кандай жооп күтөөр элеңиз? Мисалы менин ордумда өзүңүз
болсоңуз, тарыхы ошондой калыпташкан нерсени кантип өзгөртөөр элеңиз? — деп
Карповго суроого суроо бере: «ал сиздин да колуңуздан келбей турган жагдай»
дегендей маани билдирди.
Карпов шаар секретарынын мындай өйдөлөгөн сөз, мүнөзүн жактырбады.
— Сиз менен мен чоң бир чындык жөнүндө чын оюңузду билгени, чын
түшүнүгүңүздү баамдаганы сүйлөшүп отурганымды эскерээрсиз, жолдош Сидоркин.
Маселени тереңге апарып чаташтырбай эле сиз тек гана ошол бюро жыйынында
Султанов менен Жайлообеков койгон, атаган милдет жөнүндө эмне ойлондуңуз?
Ойлонуу тана эмес, кандай чараларды жүргүзүүгө, иштөөгө болоор эле деп сунуш
кыласыз? Мага ошол тууралу жооп бериңизчи? — деп өзүнүн жоон үнү менен
Сидоркинге талап койгондой карады.
Бул саам Карпов өзү атаган бюро мүчөлөрүнүн эмне айтканын Сидоркиндин да
жакшы биле турганын эскерди да, алардын пикирин кайталаган жок. Ал эми Султанов
менен Жайлообеков ошол жыйналышта казак жумушчусунун санын кандай өстүрүүнү
айтышкан. Алар шаарда туруучу казак аз болсо, ар бир жаңы салынып жаткан завод,
же болбосо эски заводдун көп цехтерин ылгый окумуштуу адистен баштап кызматкер,
жумушчуларды жыйноодо, Ленин айткан жол менен, партия органдары өздөрүнүн
мурун артта калган улуттар арасындагы тарыхый милдетин мыкты жүргүзсө, ошол
улуттардын айыл-кыштактагы эмгекчил топторунан курап социалисттик жумушчу табын
жасоо керек. Канчалык мээнет болор эле? Шаарда болбосо облустук шаардын
жанындагы райондордо, алыскы райондордо туруп жаткан казактын эркек-аялы да,
жаштары да, жашап калган адамдары да көп. Бир жол — ошолордон тандап-иргеп
алууга болор эле. Дагы бир жол бар, ал — ушу шаардагы эмгек резервин даярдай
турган кеңселер, мекемелер аткара турган милдет. Ошолор өздөрүнүн ар түрдүү
адистикке даярдай турган курстарына, толуп жаткан адистик окуу жайларынын
катарына, ошол айыл-кыштактагы казактын малдан башка эч бир эмгек түрүнө үйрөнө
албай жүргөн эркек, аял дебей эмне үчүн көп адамдарды ар түрдүү азын-оолак
адистикке тартып үйрөтүүгө болбойт?
Ушундай эки жол менен шаарга келтирилген жаш эмгек адамдары эң оболу шаар
калкынын да катарына, маданияттуу шаар турмушуна талаанын калкын көбүрөөк
тартар эле. Жана мурун курулган цемент заводу сыяктуу көң коллективдерди эми гана
куралып жаткан өндүрүш жайларынын баарына жергиликтүү эл — казак калкынын
жумушчуларын алган болор эле. Бизде болсо азыр көп ФЗУ менен кол өнөрчүлөр окуу
жайында айылдан келип окуп жүргөн жаштардын процентинин өзү өтө чамалуу
жагдайда, муну айтуунун өзү да уят деген экен Султанов менен Жайлообеков.
Юлдашевдин сөзүндө алдыда ачылып жаткан мектеп-интернаттардын бир азын
Баскент сыяктуу, Түркстан, Ленгер жана Кентоо сыяктуу облустагы маданияттуу,
дээрлик шаардык борборлорго айландыруу керек жана ошол мектептерге эң алыс
оторлордо жылдар бою малдын гана артында жүргөн чабандардын балдарын апкелип
тарбиялоо керек. Болочок адистер да, шаардык өнөрлүү кызматкерлер да, кээде биз
атап отурган өндүрүштөрдүн жаш жумушчулары бара-бара негизги кадр дээрлик нагыз
жумушчулар тобу да ошолордун арасынан келип чыгуу керек. Мурун көчмөн мал багуу
тиричилигинен кылымдар бою кумда, чөлдө, тоодо гана өмүр өткөрүп келген аталар,
энелердин урпактары эми өздөрүнүн республикасындагы социалисттик тарбия,
маданият жасап отурган жаңы тарыхый жагдайдан пайдаланбай калышы адилеттик
болор беле?! Октябрдын ушу улуттарга берген тарыхый Лениндик жаңы багыт менен
тарбиялык жеңиштин ийгиликтери ушундай натыйжага бүгүн апкелбесе качан апкелет?
Революциянын 44-жылында өндүрүшү кубаттуу республикасынын, өнөрлүү облустун
бирөө биздин облус болсун, анын ичинде бир нече миңдеген жумушчу коллективи бар
коргошун заводундай жана өзүндө бир кезде казак жумушчусу көп болгон зор завод
болсун. Ал ошол бүгүн казактан чыккан социалисттик жумушчу тобун өстүрүүнүн
ордуна азайтып отурса, бул жөн гана сынап коё турган маселе эмес, ушу жөнүндөгү
жооптуу адамдар партиянын катуу жазасына, соккусуна да учуроого ылайык адамдар.
Ошол себептүү Базаровдор чоң саясий маселени партиянын багытынан бурмалап
тескери түрдө багыттаган тажрыйба орнотуучу кызматкер бул орунга ылайык эмес деп
таанылуу керек. Партиянын саясатын бурмалаган, туура жолун тааныбаган адам деп
баалаш керек. Ошол себептүү ал кызматынан алынууга тийиш.
Юлдашевдин ушу соңку корутунду сөзүн да Сидоркиндин эсине салды. Кээ
жерлерин токтомдон окуп да берди. Ошондон кийин кагазды четке жылдырып, алдына
салып коюп, эми чыканагы менен кең столго оор салмак менен таянды да, Сидоркинге
кадаган чоң көк көздөрүнө сынчыл ирең жыйып дагы сурады.
— Мына ушул айтылган пикирлер менен бул жолдоштордун айткан ушундай ойлору
жөнүндө шааркомдун секретары сиз кандай ойлойсуз? Булардын айтканы оңбу,
тетириби? Ошол тууралуу мен сиздин жооптуу пикириңизди билгим келет. Кандай
дейсиз? — деди.
Сидоркин бул жөнүндө жоопсуз да, ойсуз да эмес эле.
— Нил Петрович, бул маселелер тууралуу мен да ойлонгон адаммын. Ойлонгондо
бир гана Баскент көлөмүндө эмес, республика көлөмүндө белгилүү болгон кээ бир
фактыларды да байкаштырып жүрөм. Сиз Баскент тууралуу айттыңыз. Ырас 11
процент шаар калкы казак болгондо аз экени ырас. Бирок сиз республиканын борбору
Алма-Атаны эске алдыңызбы? Анда быйылкы статистика боюнча 8 гана процент.
Караганды сыяктуу чоң өндүрүш шаарын алыңызчы. Бир заманда, мисалы
революциянын алгачкы жылдарында анда көмүрдөгү жумушчунун проценти да жогору
болучу. Азыр казак жумушчусунун проценти төмөндөп кеткен. Андан да ары баралык.
Мисалы жаны салынып жаткан Казакстан Магниткасы тигил Кустанайдагы СоколовСарыбайдын жаңы шаары Рудный — ошолордогу проценттер кандай экен? Мен сизге
айтып берейин. Алма-Атадан баштап жанагы мен санаган шаарлардын баарына
караганда биздин областтагы Ленгер, Түркстан сыяктуу шаарларда жергиликтүү
элдердин проценттери көп жогорулук кылат. Нагыз жогору. Мына мен Баскенттин
кыйынчылыктарын гана айтып койгум келбейт. Жанагы сиз атаган жолдоштордун
пикирлерине мен жат көз менен карабаймын. Бирок ошол ойлорду ишке ашыруунун
жолдору кандай, канча мезгилде кандай жол менен ошону ишке ашырууга болот,—
деген маселеге келгенде али сиз да, биз да, Султанов да, Жайлообеков да, ал түгүл
Алма-Атага кеткен Юлдашевдин өзү да, Алма-Атага барып ойлоно турган, ойлонуп
барып камдана турган жеңил маселелер эмес! — деп өчүп калган папиросун кайра
тутантып, ордунан туруп өз жообуна жана жообунун чындыгына бекем ишенген
калыпта Карповго: эми эмне дээр экенсиз? — дегендей жүз менен кадала карап калды.
Ушу кезде куба жүздүү, жылма чачтуу, узун такалуу туфли кийген секретарь аял
кирип:
— Нил Петрович, сиз кабарла дедиңиз эле, Узак менен Ноян районунун
секретарлары келип күтүп отурат! — деди.
Сидоркин менен болгон аңгемени Карпов эми кыска гана бүтүрдү.
— Бул жөнүндө сизден али менин уга турган ишторим аз эмес. Маселе эми сиздин
карамыгыңыздагы ушу шаардагы бир нече өндүрүштүк, маданияттык жана партиялык,
советтик органдар тууралу жүргүзүлүп жаткан чыныгы иштер жөнүндө болот. Коргошун
заводундагы иштер жөнүндө бөлөк мекемелердеги ошондой жоруктарга сиз кандай
карайсыз, эмнелерди иштедиңиз, мындан ары эмнелерди иштемекчисиз! Мынакей,
эмки сөз менен биздин ишибизди ошондойлор аныктайт! — деди. Мында бир далай
ичте бугуп жаткан салмактуу, ойлуу жана орчундуу эскертүүлөр бар экени байкалды.
Дасыккан, тажрыйбалуу Сидоркин Карповдун аны менен бүгүн учурушкан кездеги
ойлорунан өзү үчүн кыйла орундуу, ары салмактуу сындарды билип кетти. Аңгыча
болбой кабинеттин эшиги ачылып, Карповго эки райондун секретарлары сыпайы
амандашып кирип келатышкан эле. Алар Узак районунун секретары Арип Есдаулетов
жана Ноян районунун секретары Касымов Мурат болучу.
Эки райондун секретары облустагы малы көп жана опурталы да көп райондун
жетекчилери. Карпов бул экөөнү көп убакытка өзү пикир айтпай, сөздөрүн угуу менен
болду. Ал анда-санда гана суроо берип отурду. Узак районунун секретары Арип
Есдаулетов дүрдүйгөн чаар жашы кырктын ичине келген салмактуу калыбында өз
районунун абалын көтөрмөлөп айткысы келет.
— Жети жылдык план боюнча бизге үч жүз миң кой башын белгилеген. Мен
райондун мүмкүнчүлүгүн ошондон эки эсе жогору — алты жүз миң кой өстүрө алабы.
Жагдайын оңдосо ал түгүл миллионго жакын кой өстүрө ала турган район болот дээр
элем! — дегенде Карпов:
— Районуңузда адамдын саны канча? — деп үстөмөндөтө суроо берди. — Албетте,
мал саны адам менен бекем байланыштуу.
Есдаулетов чукул суроого капысынан токтоп калды. Албетте, ал да түшүнөт. Кой
өзүнөн өзү багылбайт. Адам күчү менен көбөйөт. Басаңдаган үн менен:
— Ырас, адамыбыз аз. Райондогу калктын саны 20 миң! — деди.
Карпов өз оюнда 20 миңге 300 миң мал башы да ашык сан экенин анык баамдады.
Бирок Есдаулетовдун көбүртүп айткан цифрасынын аржагында талабы баржогу
аныкталуусу керек. Ошондой эле Карпов райондун секретарынан дагы да бир маселеге
жооп сурады.
— Сиз райондун бүгүнкү абалы ошончолук малды өстүрүүгө жетишет деп айтпайсыз
го. Кошумча кандай чаралар көрүлсө азыркы сандагы малга ылайык болор эле? —
дегенде Есдаулетов мурунку салмактуу, ишенимдүү калыбына келди.
— Мына, Нил Петрович, айтаарым да ушул, туура сурадыңыз. Эки түрлүү жагдай
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өскөн Өркөн - 07
  • Parts
  • Өскөн Өркөн - 01
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 2099
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    44.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 02
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 2019
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 03
    Total number of words is 4084
    Total number of unique words is 2073
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 04
    Total number of words is 4133
    Total number of unique words is 2128
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 05
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2039
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 06
    Total number of words is 4025
    Total number of unique words is 1960
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 07
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 2113
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 08
    Total number of words is 4180
    Total number of unique words is 2131
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 09
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2141
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 10
    Total number of words is 4125
    Total number of unique words is 2152
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 11
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 2025
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 12
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 2171
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 13
    Total number of words is 4123
    Total number of unique words is 2096
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 14
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 2017
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 15
    Total number of words is 4112
    Total number of unique words is 2099
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2146
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 17
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 2030
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 18
    Total number of words is 4126
    Total number of unique words is 2057
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 19
    Total number of words is 4106
    Total number of unique words is 2045
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 20
    Total number of words is 4019
    Total number of unique words is 2016
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өскөн Өркөн - 21
    Total number of words is 977
    Total number of unique words is 638
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    53.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.