Latin

Куттуу билим - 01

Total number of words is 4136
Total number of unique words is 2112
28.7 of words are in the 2000 most common words
42.1 of words are in the 5000 most common words
48.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Соодагер алуучуга буюм сатат,
Анысы — ары улантып андан ашат.
Жыл, ай, күн өтсө артат кирешеси,
Малын сатып бөлөккө — байыйт өзү.
Кызматчы да ушундай беги менен,
Байланган бир арканга эсеп деген.
Кулуна беги баарын берип турат,
А кулу жанын таштап эмгек кылат.
Кызматкер жанын таштап чабат кылыч,
Максаты душмандарын басыш, жыгыш.
Душман бүксө тизесин казна толот,
Ишке ашат ой-максаты, бакыт конот.
Мунун баары — жакшылык берет бегим,
Жакшылык жасаганды сыйлайт бегим.
Сөзүн ук айтып кеткен сарттар! 1 башы,
Пайда үчүн ага адат көп жол басуу:
«Пайдалуу кул — балаңдан артык келет,
Жаман уул — душмандан жаман делет..
Пайда издөө бардык жанга бирдей адат,
Тузакчы үйдө отурса жүдөп калат»
Өкүмдарга аскери куйрук, канат,
Канатсыз куш, эй бегим кайда барат.
Аскери бар бектердин — күчү да бар,
Күчтүү бектер көп түйүн чечип алар.
Куралат аскер күчү жакшы колдон,
Жакшы колдуу дүйнөгө түркүк болгон!
Эгерде бекте бардык сапат болсо,
Каалаганын кармайт ал кол толгончо.
Миң түрлүү жакшы сапат тапкан адам,
Эр болот бүт дүйнөнү калтыраткан.
Жакшы сапат жактырып үйрөн уулум,
Аккудай асманга учар канат ал чын!
Жакшы сапат — аккудай канаттуу да,
Куш менен жакшы адамдар — бирдей тура!»
Угуп ал кары сөэүн, куудай чачы,
Көп жашап, көптү көргөн жалгыз башы:
«Билим менен акылды бийик баала,
Жеткирер атак-даңкка ошол гана.
Мезгилди бош кетирбе, оку күн-түн,
Күнүң тууп, максат — ойго жеткин сен да!»
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
Ачык жоопту айтылган макул көрүп:
«Урматтуу кеменгерим,— деди Элик.—
Түшүндүрдүң мааңисин адамдыктын,
Бул жерде сөз соодагерлер жөнүндө болуп жатат.
Адилет, чынчыл болуу жолун уктум.
Эл башкарам, баарысы баш ийишет,
Колум узун, айтканым дароо бүтөт.
Бийликтен кубанбадым, ушул жайдан,
Бейпил күндү каалаймын, табам кайдан.
Бир тилегим, сунса колун ким келип,
Кубат алып, байып кетсе демденип.
Бек өмүрү бңйликтен гүлдөп барат,
Мактоо менен дубадан эмне табат.
Казынага жыйнадым алтын-күмүш.
Эл үчүн, кошуун үчүң чогулткан иш.
Жакшы атагы — мен үчүн, байлык — элге,
Жетет мага кудайым кулум десе!
Ким келсе, кызматыма кубанч тапсын,
Мен өткөнчө дүйнөдөн байлыгы артсын.
Көзүм өтсө, артымда калган элим,
Дуба кылсын атымды айтып менин!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Акдилмиш жооп берди: «Кутман Элик,
Акыл менен иш жайын айттың билип.
Бул турмуштан адамдар эмне көрөт,
Кыялдагы атак-даңк ойдон бөлөк.
Өтөсөң бул жыргалга күмуш төлөп,
Келечек ошончолук кайрып берет.
Алтын менен күмүштү тарат, Элик,
Эли-жериң артылат улам кеңип!
Сөзүн ук бектин айткан, акылы айкын,
Чыгарган өлкөсүнүн атак-даңкын:
«Баарын чачып, топтогун аскер күчүн,
Анда душман ийилип келет бүтүн.
Казына эмес — аскер-курал көп болсун,
Бек бай эмес, эли-журтуң ток болсун!
Аскер болсо, бөксөрбөйт элдин ичи,
Аскер жокто — чамасыз бектин күчү.
Бек аскери кубаттуу болсо — демек,
Кайсы эл болсун жүгүнүп келип берет.
Ачык болсо элине бектин коду!
Эки дүйнө ачылат анын жолу!»
Угуп ал билимдүүнүн айткан кебин,
Сараң бек башкара албайт эптеп элин:
«Эки каршы кошулуп жакын болбойт,
Ач көздү алыс карман, мартты колдойт.
Сараңдан жакшы адамдар алыс болот,
Марттардын айланасы элге толот.
Бектик менен сараңдык — бирикпес кас,
Сараң иши — ызы-чуу, сараңдан кач!»
Эки күч элдин кыйрын сактайт тыныч,
Сары алтын анын бири, бири кылыч,
Жоомарттык өлкө чыңдап кубат берет,
Жоомарт бектин атагы артык келет!
Баатыр алп шилтегенде өткүр кылыч —
Баш ийет кас душманы, батыш-чыгыш.
Алтын кармап бек сунса алаканын,
Кылычсыз, сөзү менен алат баарын.
Эки күч мына ушул элди бийлейт,
Ээ болгон бек экөөнө кемүү билбейт.
Бүркөлгөн кабак болсо, алтын түзөйт,
Бузулган ишти дагы алтын бүтөйт,
Кылыч кайда шилтенсе, күмүш чыгар,
Күмүш чыккан жер болсо, кылыч турар.
Аяба күмүшүңдү — аскер топто,
Бекитсең тып чыгарбай — аскер жок де.
Күмүш чачсаң — жакшы адамдар жыйылат,
Күмүш катсаң — жакындарың суюлат.
Сараң бек бар байлыгын катат терең,
А баатыр байлык табат кылыч менен.
Жаралгандан бул дүйнө койгон матап:
Сараңга — каргыш дагы, мартка — атак!»
Сөзүн бүтүп Акдилмиш кулдук урду,
Жерди өөп, кудайына дуба кылды.
Эликтин Акдилмишке берген жообу
Суроого алган жообун жактырды Элик,
Кудайга дуба кылды кол көтөрүп:
«О, кудай, жашоо отун чачып турган,
Башым ийип, дилимди сага бургам.
Жөлөк жок, бир өзүңдөн башка менде,
Кубанчым, үмүтүм да — жалгыз сенде.
Жакшылыгың калдыбы мен көрбөгөн,
Арзуу — тилек калдыбы сен бербеген?!
Сыйынганда айтарга алкыш сөз эп,
Муңсуз дейбиз — бир өзүң, менде — муң көп.
Колдой жүргүн — сураймын бир өзүңдөн,
Жол көрсөт, жөлөк болуп тайып кетсем.
Ар кандай мээримиңдин түк чеги жок,
Акдилмишим жанымда, көңүлүм ток.
Бергениңе бул сыйды кыйып мага,
Миң мертебе өзүмдөн алкыш сага!
Мен үчун таштап иштейт жанын-дилин,
Арттырды алкыш сөзүн калың элдин.
Анысын өтөгөнгө мага күч бер,
Агарсын менден көөнү, сүйүнтө көр!»
***
Улантты Элик сөзүн: «Илимдүү калк,
Акдилмиш, атыңды атап мактанышат.
Илимдүү адам десе, илимдүүсүң,
Бүткөрүп, так аткарып бардык ишти,
Ишенимдүү, адилет, кайраттуусуң,
Бийлигинде ак жолдо болгонуң чын.
Ак кызматың акыңдан ашып түштү,
Бүткөрүп, так аткаргын бардык ишти,
Эми мен карызымдан кутулайын,
Тилегиң айт, аткарып тынсын жаным,
Кубанткан, ойдогудай кызматкерсиң,
Кудайым сага дагы, кубанч берсин!»
***
Сөзүн бүтүп ордунан Элик турду,
Чөгөлөп кызматчысы тооп кылды.
Кубанчы жүзүн чайып чыгып кетти,
Атка минип үйүнө дароо жетти.
Күн-түнү кызмат кылды башын сайып,
Үйүнө дөөлөт кирди кучак жайып,
Билими артып, акылы тереңдеди,
Колу узарып, бийлиги бекемделди.
Дөөлөттүү бир адамдын айтканын ук,
Дөөлөтүнөн таралган даңкы чыгып:
«Жарашса кимге дөөлөт болуп жөлөк,
Андайдын төбөлөрү көккө жетет.
Дөөлөт кирсе үйүнө, байлык кирет,
Жүзү жаркып, көңүлү көтөрүлөт».
Кары адам багыштап айткан сага,
Баатыр адам токтолуп сөздү тыңда:
«Ким дөөлөттүү, ошолор жолдуу келет,
Тескериси оң болуп, сөзү жөлөк.
Колунда жок акылман байкуш болор,
Тилин тиштейт, баркы жок сөздөн бөлөк!»
Ушундай теңсиз дүйнө берекети,
Байлыкка башын ийет даңктын өзү.
Байлык болсо нааданда — барктуу ошол,
Кичинелер байыса — чоңго кошор.
Дөөлөт келсе бирөөгө колун созуп,
Ичи-тышы түзөлөт бүт окшошуп!
Оомат келсе — кол жетет тилегине,
Таш жарат атак-даңкы бүт дүйнөгө.
А кетсе — баары калбай кошо кетет,
Бийиктен кара жерге кулап түшөт,
Ой токтот акылдуум, түшүнө жүр,
Алданып күнүмдүккө, кылба кесир!
Кереги эмне караңгы, сокур түндүн?
Алдыга, келечекке беттеп жүргүн!
Бул дүйнө — күнүмдүк жай кызыкпа ага,
Чоң максат, ойду беттеп алга кара.
Сөзүн ук акылдуунун, ак — жүрөгүм,
Арнаган адилетке ой-тилегин:
«О, адам, келечекти ойлоп иште,
Ошондо чексиз бакыт болот күтсө
Бүгүнкүнү көздөбө, эртеңди ойло,
Кечирбейт кемчиликти — түркөй болбо.
Бул турмуш көз карама, ишенбе сен,
Баш ийет андан өзүң ашып түшсөң.
Баш уруп азгырылба күнүмдүккө,
Адашпа түз жолуңдан, көргө түшпө.
Бир түшкөн сормо сазга, чыкпайт кайра,
Жыргалдан колду жууп, чөгүп калба.
Өйдөлө, караңгынын көрүнөн кач,
Тобо кыл, кудайды эстеп оң жолго бас.
Ак жолго түш, тилегиң кабыл болот,
Сөзүңдү оңдо, түбөлүк бакыт конот!»
***
Эми Элик адилдикти колуна алып,
Элине берди жакшы заң чыгарып.
Эл бейпил, иши оңо*үн, семирди — арык,
Баары ишенип, дупшаны калды азайып.
Бактылуу жашай берди кубанычта,
Жайылды атак-даңкы төрт тарапка.
Бейпилде күндөр күнгө алмашылып,
Бир жүрдү бөрү-козу тең жайылып.
Эликтин Акдилмишке берген суросу
Элик бир күн Акдилмишти сындады,
Өткөн күнүн кылган ишин сурады:
«Күндөр кандай, Акдилмиш, айтчы кепти,
Кедей көппү, болбосо байлар көппү?
Кара өзгөйлөр бар бекен, бери келчи,
Жашырбай элдин жайын айтып берчи.
Эл ичинде айтылган кандай сөз бар,—
Ушакпы, мактоо сөзбү — кандай алар?
Жамандайбы өзүмдү, же мактайбы?
Айтып бер, ойлоп турун иш жасайлы!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
«Элик,— деди Акдилмиш,— бу жалганбы,
Тилегиң кабыл болду, кол узарды!
Гүлзар болду жергебиз дөөлөтүңдөн,
Кырсык аз, журт карк болду бакытка кең.
Эл байып, жокчулуктан алыс болду,
Жүрөк эргип, шаарлар гүлгө оронду.

Жыргалда бардык элдин өтөт күнү,
Бакытка толуп турат ар бир түнү.
Бардыгы атыңды атап мактап кирет,
Кудайдан амандыгың тилеп жүрөт.
Адилеттик — суу сымал, жалын — зулум,
Суу куйсаң оңой эле өчөт мунуң.
Заңды түзөп, аймакты бекемдедиң,
Зомбулукту өлкөдөн эч көрбөдүм.
Зулумдукту жараткан үч балаа бар,
Анын бири — жалкоолук болот залал.
Экинчиси — кесел бек, алсыз жаны,
Үчүнчүсү — ач көздүк, жетпейт баары.
Сенде жок бул үчөөнүн бири дагы,
Кайдан болсун зомбулук, кырсык каары?
Сен— бексиң адилеттүү абийири бар,
Акыл, билим кудайым берген катар.
Ак жолдо баратасың кудай колдоп,
Элиңдин кийими бүтүн, курсагы ток.
Кудай деп тобо кылгын жаратканга,
Болосуң ар балээден алыс анда!
А четтен бөөдө кырсык чыгып калса,
Мен бармын, сенин кулуң, ишен мага!»
***
Топук кылып Элик абдан кубанды,
Колун жайып, алкоо сөзү уланды:
«Улуусуң, о жараткан, мен — алсызмын,
Алсызды эркиң менен улук кылдың;
Сен мага кайрымыңды төктүң арбын,
Мойнума бүт карызыңды жүктөп алдым.
Мээримди сен төккөн актаар бекем?
Суранам өзүң жообун тапсаң экен!»
Эликтин Акдилмишке берген суроосу

Улантты Элик сөзүн: «Акдилмишим,
Кудай берген өзүмө адил кишим.
Жакшы иштердин барынын себеби сен,
Зомбулукту жоготуп, теңдик берген.
Кудай мага көп көмөк бергеңи чын,
Он эсе кымбат олжо — сенин өзүң.
Кайчалык бектер күчүн үрөбөсүн,
Кулдар көмөк кылбаса жылбайт ишиң!
Бек башкарат ичтеги ишти өзү,
Кызматкери ич-тышта көзү-сөзү.
Көзүм да, тилим да, колум да сен,
Даңкым чыкты түнтөнүп сени менен...
Угуп ал айткан сөзүн күчтүү хакан,
Көп элди көп өлкөнү багындырган:
«Эгер бек жакшы кулду тапса бачым.
Алдына алтын, күмүш чачып салсын.
Эгерде ишенимдүү адам тапсаң,
Бактылуусуң өзүңдөн кырсык качкан.
Берилген ишенимдүү адам жакшы
Андайды кайдан издеп, кантип тапты?
Болбосо ишенимдүү кызматчылар,
Кишиликтүү адамды кантип табар?»
Мен кейийм Акдилмишим, күйуп, сезим,
Атаңдан мага калган жалгыз өзүң.
Дагы бир сенден башка адам болсо,
Артыңдан сенин калбай жүрмөк кошо.
Бир сенсиң дили таза, асыл адам,
Айрылсам башка жанды кантип табам-?
Жалгыздыгың ойлосом болом жүдөө,
Болсочу сага жөлөк дагы биров!
Болбойт эле өзүңө артык түйшүк,
Деп ойлоп мен, отурам ойго түшүп.
Кана айтчы, жардам берер досуң барбы,
Түйшүгүңдү тең көрүп бөлүп алчу!
Акдилмиштин, Эликке айткан жообу
«Кутман Элик,— Акдилмиш айтты жообун,—
Кул иштейт, бек өмүрү узун болсун!
Элик көөнү өмүрдөн кубанч тапсын,
Тилеги түгөл келип, бейпил жатсын!
Элик көөнү мен үчүн буйдалбасын,
Оор деп түйшүгүмдү кыйналбасын!
Жеңил эмес — эмгегим, тынуу кемдир,
Жыргал — мээнет жүрүшөт жанаша бир.
А эгер киши издесең пайдасы бар,
Өлкөнүн түйшүгүнө чЫдаар, жараар,
Угуп ал акылмандын айткан сөзүн,
Акыл берет бийликтин берекесин:
«Бектердин жардамчысы болсо күчтүү,
Өлкө гүлдөп, жеңилдейт бек түйшүгү.
Көп болсо кереги бар, эстүү адам,
Бекке тийер пайдасы иши үзүрү!»
Жок эмес, билими артык — ишке жараар,
Туугандардын ичинде бир киши бар.
Акылдуу, көптү билген, ойлуу, бышык,
Көзүн тапкан көп иштин туура бычып.
Өткүрмүш анын аты. Чынчыл, ачык,
Көп иштин көзүн тапкан, жолун ачып.
Бирок ал бул дүйнөдөн жүзүн буруп,
Сыйынып, кеткен эле тоого чыгып.
Тооп кылып кудайга кулдук уруп,
Күнөөсүн жууп жатат дуба кылып.
Ал менден артык болчу жүз эсеге,
Эл ичинен эң кыйыны ошол эле.
Ал агам мени менен болсо бирге!
Акыл менен баш болмок бардык иште!
Ал келсе сен да бейпил жашайт элең,
Имерип бүт дүйнөнү кубанч менен!
Эликтин Акдилмишке берген жообу
«Кааладым,— деди Элик,— азыр эле,
Тапсаңар, көңүлгө эм болот беле.
Тилегиме тилек кошуп, шерик бол,
Көрүшүүгө өзүң издеп тапкын жол!
Кандай кылсам, чулгап турат ой мени,
Чабарманга жиберемин кимди эми?
Ат чаптырып, кат жазсамбы өзүң чеч,
Убакыт аз, шашылгының, 6олгун тез!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Жооп айтты Акдилмиш: «Суроого өзүң,
Кутман Элик, айттырбай жооп бердиң.
Жашырбай өз агамды айттым сага,
Келери же келбеси — белгисиз да.
Чакырыгың бааласа, анда келет,
Буйрукту укиай койсо эмне делет?
Албас бекен, Элигим, көңүлүнө,
Болбос бекен келбесе мага күнөө!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
Элик айтты: «Мен өзүммүн сураган,
Жооп бердиң оюңду айтып ынагаи.
Чакыр, келсин, а кокус келбей койсо,
Кимде күнөө?— Убада-сөз жок болсо.
Мактадың жакшы жагын саймедиреп,
Жакшы адам ойлуу, токтоо мага керек.
Аны сен эстүү, билгир деген үчүн,
Келсе деп арзып калдым эми өзүм.
Адамдын артык жери — акыл, билим,
Жок болсо андай сапат — мал деп билгин.
Ишти билет — билимдүү, илимдүүлөр,
Билимдүү, эстүү адам жөндү билер.
Ылайыктуу ушуга бир мисал бар,
Аны угуп, ардактуум, түшүнүп ал:
«Билим — түрлүү түйүнгө ачкыч делет,
Баарын билип, түшүнүн — окуу керек.
Билимди орду менен пайдаланып,
Болбосо аралашпай, жүргөнүң эп!»
Пайдасы жалгыз эле мага бекен,
Агаңдын пайда-сообу — сага да тең.
Тууган болсо аны менен туугандаш,
Ал болбосо, досту таап — бол сырдаш.
Жакшы айтыптыр бир сөздү өкүмдар бек,
Тууганы көп адамдын күчү да көи:
«Тууган барбы — кадырың, даңкың артар,
Досуң барбы — даңк дагы, атак да бар.
Тууган жокто таап алгын эр жолдош,
Жакшы жолдош бир туугандан кем болбос!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
«Айтты Акдилмиш:— О, Элик, бактыярым,
Аткарам айтканыңдын толук баарын.
Буйрусаң, тартынбаймын, барам өзүм,
Чакырып, ачык айтып, көндүрөйүн.
Түшүндүрүп миң түрлүү иштин жайын,
Акыл менен айлантып сөзгө алайын.
А Элик жазып берсе өюн катка,
Элик оюн окуса иш да башка.
Анда окуп, ишенмек, менден көрбөй,
Катты окуса, ал кантии койсун көнбөй!
Мен айтсам — андай сөздүн баркы канча,
Элик жазган буйруктун күчу башка!
Кутманым, акылмандын сөзү ушу:
«Көңүлдүн кирин жууйт бек буйругу!»
Каркы зор билимдүүлөр айткан өзү:
«Капалуу көңүлдү ачат бектин сөзү!
Бегинин жылуу сөзү кулга кубат,
Кул аны өмүр бою эстен турат.
А бектин жылуу, жумшак болсо өзү,
Эл колдоп, сүйүп угар улуу — кичүү!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
«Болуптур,— деди Элик,— керек болсо,
Кат жазайын,— алгының аны кошо!
Даярдан, барчу- жакка шаша жөнө,
Кат жазууга киришем азыр эле».
39.КҮНТУУДУ ЭЛИК ӨТКҮРМҮШКӨ КАТ ЖАЗЫП, АНЫ КАНТИП ЖӨНӨТКӨНҮ
ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Алдырын токтолбостон кагаз, калам,
Кат жазууга киришти дароо анан.
Арнады алгач сөзүн жаратканга,
Бир өзү өмүр берген, жашаткан да:
«Баштадым мен катымды кудайым деп,
Ар түрлүү кырсык болсо жардамы көп.
Алкыш айтам теңирге миң мертебе,
Кулдугум кудайыма түбөлүк де.
Бул ааламда, жаратты баарын өзү,
Жашоо үчүн тамагын берди жечү.
Жараткан бир өзүңө кулдук этем,
Баарын жасап, баарына кубат берген.
Жашыл көктү жараттың Күн, Ай менен
Караңгы түн, жарык күн, кезектешкен.
Ааламды тегеренген түздү болжоп,
Кудурети кудайдын — тагдыр болмок.
Эң алгач күчтү койдуң тагдыр аттуу —
Тагдырга моюн сунуу адам парзы!
Кудайым каалаганын кабыл кылды,
Ойдогусун орундап, жасап турду.
Эң обол саламымды айтам саган,
Жүрүшүңдү тилеймин эсен-аман.
Дениңиз соо, жашооңуз болуп бүтүн,
Жүрөсүзбү көтөрүп турмуш жүгүн?
Укканмын, сен тууралуу жакшы сөз көп,
Акыл-ою адамга теңдешсиз деп.
Кудайым сага аябай берген экен,
Акыл эсти айрыкча, ченебеген.
Сен тууралуу көп угуп мактоо кепти,
Ак жүзүңдү эңседим, көргүм келди.
Бул кабарды Акдилмиш барат алып,
Айта турган — сөзүмдү ук кулак салып!
Мен уксам, тууган-достон алыстапсың,
Жолобой элге, жерге неге качтың?
Кетипсиң тоо ичине жалгыз өзүң,
Соопчулук ишинин жолу узун.
Эмне кылды өзүңө туугандарың,
Туугандан ак жүзүңдү неге бурдуң?
Тийдиби зулумдугу, жаман сөзү,
Мага келип себебин айтып берчи.
Мен сага акыйкат да, күч да берем,
Жашай бер эл ичинде кубанч менен.
Тууганга пайда тиер тууганынан,
Пайда жакшы баарыга ийип турган,
Тууган менен бир болгун кирип-чыгып,
Достор менен ымала болсун ыйык.
Эл ичинде ынтымак болсо дайым,
Ишенгин, жыргал, шаттык болот жайың.
Жакшы ырдан жарды көңүл топук табат,
Экинин ынтымагы бирди табат:
«Суу берсе кара жерге жакшылап бир,
Ортодон жайнап чыгат миңдеген гүл.
Ынтымактуу болушса тууган, достор,
Узак жылдар биригип сүрөт өмүр!»
Эгер өзүң соопчулук издесең,
Эң биринчи — эл кызматын иште сен.
Шаардан, айылдан да сооп табат,
Баарын таштоо — жакшы эмес, калпыс адат.
Сыйынуу үчүн дагы билим керек,
Билимсиз сыйынганың — бекер эмгек.
Эки түрлүү адамды — дейбгз адам:
Өзү окуп же башканы өзү окуткан.
Экиден башкалары жылкы саны,
Тандагын же мунусун, же бир «аны!»
Эликтин Өткүрмушкө айткан насааты
Эки жолдун тандайсың кайсы бирин,
Ачык айт, тандабагын үчүнчүсүн.
Үйрөнсөң илим жолун билим менен,
Пайдалан билгениңди эмгектен сен.
А болбосо билимиң — окуп үйрөн,
Кызматка даярдангын эмитеден.
Билим берчү эмне дейт угуп алгын,
Билим менен иш өтөө кызматы анын:
«Кудай деп сыйындыңбы — алгын билим,
Илим ачат дүйнөнүн эшиктерин.
Билим менен иштесең пайда берер,
Билимсиздин эмгеги — түйшүк бекер.
Наадандар жүгүнсө да болбойт топук,
Акылдуу түшүндө да келет улук!»
Шаарда да кудайга сыйынган көп,
Ошон үчүн чөл кескен болобу эп?
Анда кылган бир ишиң намаз окуу,
Дагы бири орозо кармоо — ушу!
Мындан башка ал жерде не кыласың,
Түшүндүрчү, өзүмө айтып бачым!
Зияратчы атадың — өзүңдү өзүң,
Кур убара кармандың мунун несин?
Алданып өзүңө өзүң жүрөсүң сен,
Бул ишиң — кур убара болор бекен,
Сенин кылган ишиңди эл көрбөдү,
Сен канчалык көп иште — аз дейт эми!
Жакшы киши зиярат кылчу болсо,
Жашырат эл көзүнөн, аны ошончо.
Бул тууралуу угуп ал, жакшы сөз бар,
Эсиңе тут, маанисин сиңирип ал:
«Жакшы адам ички сырын катып жүрөт,
Жүз жыл кылса зиярат аз деп билет.
Табынып жүргөнүңдү билбесин эл,
Айтылган акыл сөзүм — чындык келет!»
Келгипиң, зияратты шаардан кыл,
Ачылат кубанычтын эшиги ушул.
Элге пайда тийгизгин, жаркып көрүш,
Тууганга жакын болуп, муңун бөлүш.
Кайрыла жүр жетимге, жесирлерге,
Сокурга, чолокторго, бечелдерге.
Намазга көптөр менен бирге жыгыл,
Жума намаз үзбөй жүр, милдет ушул.
Тапканыңды тараткын кедейлерге,
Боорукер бол, алсызды таян жөлө.
Мунун баары өзүңө сооп болот,
Рахатта жан жыргап, көңүл толот.
Тоодо тентип жашайсың жалгыз өзүң,
Жалаң намаз, орозо билген ишиң.
Намаз менен орозо өзүң үчүн,
Жалгыз башың көздөсөң, мээримсизсиң!
Жакшы айтыптыр бир сөздү тектүү адам,
Боорукер, өзгө жаныи аябаган:
«Өз пайдасын ойлобойт асыл адам,
Эл кызматын аткаруу адат аган.
Ак дил менен, адамга боору ооруса,
Эч бөлбө адамдардьк жакшы-жаман!»
Келтиргин элге пайда — кубан көрүп,
Пайдасыз өткөн өмүр — жансыз өлүк!
Жакшы адамдар журтуна пайда берет,
Токчулук, жыргал турмуш алып келет.
Кул өзү зиярат деп жалгыз калган,
Адашкан, кудай жолун таба албаган.
Тилесең кудайымдын кубанычын,
Мусулмандын мүдөөсүн орундатьын.
Кулдугуна кудайым муктаж эмес,
Ак дил менен кулдук ур, сыйынын тез.
Кулдун иши,— кыңк этпей кулдук уруу,
Пенделикти бек сактап көңүл буруу.
Сыйынуу — пенде нарзы, иште тынбай,
Уланткын ак жолуңду дайым чыңдай.
Көптү билген адамга кулак салчы,—
Сөзүн угуп ак оюн эсиңе алчы:
«Ак өтө кызматыңды, кесирден кайт,
Кудай де, кудай деген куру калбайт.
Кудай десең ал сенин кулдук парсың,
Табындым деп эсирбе, акыл танбайт!»
Өткүрмүш, айтканыма кулак түргүн,
Өз пайдамды көздөбөйм, аны билгин.
Мында келсең өзүңө пайда — арты,
Келбесең — зарылдыгы мага кайсы.
Чакырганым — эл көйүн көздөгөнүм,
Талкалап эл үмүтүн четтебегин.
Мен айткан сөздөрүмдү — ойлоп баккын,
Чын десең, токтоп турбай келгин бачым.
Бирге тур, мага көмөк болгун иште,
Бей-бечара байкуштун камын көздө!
Сага — сыйлык, мага — атак, даңкы калсын,
Эки дүйнө кудайым жолуңду ачсын,
Ак жолго мени жолдо, көмөкчү бол,
Жакшынын шарапаты — ал баскан жол.
Үлгү бол жакшы иштерди жасай турган,
Ырайым сага тийсин кудайымдан.
Акылдуу тажик айткан тыңша сөздү,
Тажиктердин акылы, жеткиликтүү:
«Бек — элге жакшы болсо бардык жактан,
Анда эли — жыргал күндө, бакыт тапкан,
Өз пайдаңды ойлобо, бекти көздө,
Бек — жакшыбы, жакшылык болот — элде,
Кул жакшыбы — пайдасы өзү үчүн,
Бек жакшыбы — кут табат жалпы журтуң!»
Киши дешет — кимди деп сурап калса,
Ким көп пайда келтирсе адамзатка.
Жакшылыкты жактырат бардык адам,
Чын мааниси анын да жагат маган.
Элге пайда бергендин баары жакшы,
А пайда — ар адамда жүргөн арзуу.
Жакшы адам жалпы журтка камкор келет,
Камкор адам элине — жакшы демек.
Мунун баарын мен сага катка жаздым,
Каламымды токтотуп катты жаптым.
Албетте бардык сөздү айта албадым,
Тууганың айтып берер калгандарын!
Катты бүтүп четине мөөрүн басты,
Тапшырып Акдилмишке, аны узатты,
«Жөнө,— деди,— ак пейил акылманым,
Өзүң айтын толукта кемчил жагын.
Жол болуп, аны мында ээрчитип кел,
Куру келчү болбогун даанышман эр!
Акылмандын эске алар накыл сөзү:
«Сөздүн баркын кетирбейт, эстүү элчи!»
Айта турган ашык сөз менде барбы?
Акылманым бардык сөз, сенде калды!
Керектүү сөздү таап өзүң айткын,
Иштин жөнүн оңдоочу жагдай тапкын!»
***
«Жарайт»— деди Акдилмиш жөнөй берип,
Өскөн неме тарбия, таалим корүп.
Атын минип жөнөдү үйүн карай,
Үйгө келип чечинди, эс алды жай.
Күн батып, жаздыгына койду башын,
Жарык дүйнө жамынды түн нардасын.
Асман жүзүн айлантып булут басты,
Көшөгөсүн түшүрүп жерди жапты.
Даарат алып, окуду куптан намаз,
Төшөк салып, уйкуга жатты бир аз.
Чочуп кетип, ойгонуп баш көтөрдү,
Түрүлүптүр кара тун көшөгөсү.
Даарат алып окуду багымдатты,
Теспесин тарта берип, күттү таңды.
Көшөгөсүн көтөрдү таңкы асман,
Жадырап жарык дүйнө көзүн ачкан.
40.АКДИЛМИШТИН ӨТКҮРМҮШКӨ АТТАНГАНЫ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Аттанып, чыгып кетти ал үйүнөн,
Бет алын агасына тоодо жүргөн.
Алыскы тоого жетии ал жашаган,
Аттан түшүп, түз эле барды аган.
Жетер менен акырын эшик какты,
Тура калып Өткүрмүш эшик ачты.
Бет келди ачар менен тууганына,
Өбүшүп, бекем кысты кучагына.
Колдон алып төрүнө олтургузду,
Катарлаша жанына тизе бүктү,
Жүзүн көрүп бөлөндү кубанычка,
Тобо кылды, шүгүр деп жаратканга.
Көрө элек боордошун көптөн бери,
Чоң кубанч аман-эсен көрүшкөнү.
Туугандар алыс болуп, көрбөй көп күн,
Кайрадан табышканга эмне жетсин!
Жакшы көргөн тууганга турса келип,
Кучакташын жүз көрүшсө дене эрип!
Биртууганга, чынында кубаныч да,
Чын көңүлдөн кучагын жайып турса.
Тууганчыл адам айткан сөздү уккун,
Тууганыңдын көңүлүн жакын туткун:
«Бөлүнгөндөр табышса кайра баштан,
Бакыт таап, кубанчын узартышкан.
Кандай сонун, ажырап капысынан,
Сак-саламат кайрадан кол алышкан!»
Өткүрмүштүн Акдилмишке берген суроосу
«Туугандар эсен-сообу!» — деди Өткүрмүш,
«Эсен-соо» жоон айтты ага Акдилмиш.
Өткүрмүш кайра сурайт: «Кандай келдиң,
Сапар-жолуң шыр бекен, ачык көөнүң?
Уккан элем бирге деп элик менен,
Адил эмгек өтөйт деп элине сен.
Таштадың кызматыңды, элди кантип,
Кызмат жүгүн жүрөрсүң ийниңе артып!»
«Бир сенин — деп Акдилмиш жооп берди,—
Жакындан ак жүзүңдү көргүм келди!
Токтолбостон өзүңө жетсем дедим,
Кайгынын түйүндөрүн чечсем дедим.
Эңсечүмүн көрсөм деп көптөн бери,
Мүмкүндүк жүргөм күтүп, эми келди.
Көп жыл болду корбөдүм сени эңсеп,
Ой жетсе да кол жетней жүрдүк көксөп.
Эңсеп жүргөн максатым ишке ашты,
Аябаймын кудайга миң алкышты.
Алтын башы соо болсо — адам деген,
Тилеген мүдөөсүнө жетет экен!
Максатына умтулган адамды ук,
Мезгилдин өйдө-ылдыйын билген анык:
«Тирүү адам тилегин ишке ашырат,
Эсен жүрсө эңсеген көңүл тынат.
Тирүүдө — каалаганга колуң жетет,
Эгер болсоң беттеген максатка бек.
Тилекти эмес — өмүрдү тилөө керек,
Тилегиңе жетүүгө өмүр жөлөк».
Тилегимди кудайым берди мага,
Жүз көрүштүм эсен-соо мына сага!
Сөзүм бар, мындан башка сага деген,
Мен айтсам, кулак төшөп, угар белең?»
41.ӨТКҮРМҮШ МЕНЕН АКДИЛМИШТИН МАЕГИ ТУУРАСЫНДА БАЯНДАЛАТ
«Сенин,— деди өткүрмүш,—сөзүңдү уктум.
Түшүндүм, эми менин жообумду уккун.
Келген үчүн унутпай, туугандыкты,
Миң эсе тийсин кудай ырайымы!
Сен мага дагы бир сөз айтчудайсың,
Жашырбай, азыр эле айткын бачым».
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
Жооп берди Акдилмиш: «Сөзүм менин,
Карашыңдан жалындап жанды сенин!
Адам өзү өз жолун тандап алса,
Азап чекпейт ал жолдо жүрсө канча.
Бул тууралуу сыпчы адам көптү көргөн,
Айтыптыр, жакшылап, ук акыл менен:
«Бир ишти бүтүрүүгө кылсаң тилек,
Баштап койсоң, бат эле келет көмөк.
Жакшы тилек ыраакты жакын кылат,
Жакын үчүн жакшы адам жанын берет!»
Айтты Акдилмиш: күйүнүн өзүң үчүн,
Айтаар сөздү үзө албайм аны түшүн.
Айыл-кыштак, туугандан кечип кеттиң,
Алыстасың, көз көргүс — жалгыз өзүң.
Кандай оор, бул жүгүң көтөрө алгыс,
Жылаңачсың, ачкасың, жапа-жалгыз!
Боору ачышат өзүңө тууган-урук,
Кантип чыдайт ушуну көрүп туруп!
Жалгыздык — адамдарга оор келет,
Ар кандай кырсык-түйшүк баса берет!
Бул кайгы менин үйгө жаткырбады,
Куса менен сагыныч курчап алды!
Тозокту теңир сага жаратыппы,
Сенин гана энчиңби азап ушу?
Ачык айтчы түрөйүн кулагымды
Сүйлөчү, баамдайын чын сырыңды?»
Өткүрмүштүн Акдилмишке айткан жообу
Өткүрмүш жооп кылып айтты сөзүн:
«Сени уктум, жообумду уккун өзүң!
Жакшы сөзүң, жылуу жүзүң — ал өзү,
Туугандыктын, жакындыктын белгиси.
Тууганы тууганына кайгырбаса,
Бөлөктүн бирөө менен иши канча!
Эмнеликтен дос-туугандан алыстап,
Билсем дээрсиң жүргөн жерим алыс жак?
Байкагам ишенимим аз экенин,
Ойлогом ушул жерде бекемдеймин.
Ошон үчүн келгемин ээн жерге,
Жалгыз жашап кудайга дит бермекке.
Эл ичинде байланып жүргөн киши,
Кудай жолун тутушка келбейт күчү.
Элдер үчүн эшигин жаппас адам,
Сыйынганы кудайга — анын жалган.
Напсиң менен көөнүңдү катуу кармап,
Турмуштун жыргалынан кечкениң ак!
Дурус айткан өз сөзүн ойлуу киши,
Арылуу азгырыктан — диндин иши:
«Сенин бар эки касың — көңүл, напси,
Жакшы адам да чалынат билбей көптү.
Көңүлдү эрчип кетсең — байлап тынат,
Напсиң ашса, өзүңдү туткун кылат.
Көңүл менен пейлиңди кесүү керек,
Акыл менен нансисин тыйган жеңет!»
Күнүмдүктүн көйүнөн кечип коюп,
Түйшүгүмдү келатам тарткан болуп.
Алыста, бардыгынан четте калып,
Койдум сөздүн күнөөсүн унуткарып.
Сен менин абалымды жалгыз дедиң,
Кудайымдын ысымы — кубат, демим.
Туугандардан азыр мен алыстамын,
Ач-тогумдун түйшүгүн тарттырбадым.
Эл көңүлү эң назик, табыш кыйын,
Көңүл калса, бир кудай табар сырын.
Болбосо бул ишимден элге пайда,
Менден да эч зыян жок бир да кайра!
Пайда-зыян, жакшы-жаман болуу өзү,
Бир гана жараткандын күчтүү эрки!
Көктөн тартып, терең суу түпкүрүнөн
Бардык нерсе кудайдын эрки менен.
Элдин баары, ааламда канча болсо,
Жакшылык, жамандык да дал ошончо.
Сен сурадың — сыйынууң кимге пайда?
Кудай деген чыгат да бейиш жайга!
Кудайымдын кулубуз, кул дейт бизди,
Күнү-түнү милдет да өтөө ишти.
Жаратса, жаратпаса кудай билет,
Мен «минттим, тигинттим» деп айтноо керек.
Жалгыздыктан зыянды тапканым жок,
Пенделиктин көйүнөн калдым бошоп.
Бул ырдын не дегенин угуп көрчү.
Сыртына эмес, мааниге көңүл бөлчү:
«Жалгыз үйгө жашынып башың каткын,
Бой болуп, өз сөзүңдөн баар тапкын.
Сыйынууну өзүңчө жалгыз жаса,
Жалгыз адам күнөөгө кантип батсын!»
Эл менен бир болууну мактадың сен,
Бир жашап, достошууга кантип жетем!
Акыры мени таап мында келдиң,
Жайма-жай сыйынуудан калдым бүгүн.
Бир гана өзүң менен сүйлөшүүдөн,
Канчалык зыян таптым, түшүнчү сен.
А кокус эл-журт менен аралашсам,
Ойлочу, неге үлгүрүп, кайда батам!»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
«Сени уктум,— дейт Акдилмиш,— ачууланба,
Дагы бир суроом бар, айтчы мага.
Тыңшап турсам сөзүңдө жүйөө бардай,
Чындыгында бул шылтоо, калуу барбай.
Элиңе пайда келтир тирүүлүктө,
Көтөрөт атак-даңкын Элик көккө.
Айтчы сен, адамдыктын пайдасы эмне,
Натыйжасын өмүрдө эл көрбөсө?
Үйлөнүп, өстүргүнүң уул-кызды,
Куу баш деп эл жактырбайт баласызды.
Сөзүн ук, кулак төшөп, адам момун,
Үйлөнүп, улант деген өмүр жолун:
«Баласыз адам өлсө айтат аны:
Артында жалгыз туяк калтырбады!»
Уул калса атадан өмүр улайт,
Ата ысмы өмүрдө унутулбайт!
Баласыз өзү өлсө, тукум өлөт,
Артында атаары жок — аты да өчөт!»
Өткүрмүштүн Акдилмишке айткан жообу
«Туура сөз,— дейт Өткүрмүш жооп кыла,—
Башкача мындан дагы болот тура.
Уул-кыз жакшы чыкса токтоо, сылык,
Сен айткандай баарысы болот толук.
А кокус уул-кызың начар чыкса,
Өлөөр замат атасын унутат да,
Чыр-чатагы алардын кылат уят,
Жатың көрүп артыңдан шылдың кылат,
Уул-кызың жоо болор — кереги эмне?
Душмансыз жашоо жакшы андан көрө!
Жоолашуу бизге кандай пайда берет?
«Жоолашуу» «жоо» экөө тең үндөш келет!
Макалда маани жатат эң бир терең;
«Ата аты уланат уулу менен».
Бул тууралуу насыйкат сөздү тыңда,
Ак жүрөк адам ачык айткан тура:
«Бала деп сан түйшүккө түшөсүң сен,
Уул-кызың эмгегиң баалар бекен!?
Жыйып-терген дүнүйөң артта калат,
Сен өтөсүң — пайдасы аларга экен!»
Аял алган, кемеге түшкөн сымал,
Айланада көк деңиз чалкып турар.
Уул-кызың төрөлсө кеме сынат,
Кеме сынса, суудан ким тирүү чыгат!
Уул-кызы атага ыракат го,
Ата үчүн ырахат да, түйшүк да ошо.
Уул кыздын жаманы, билбей баркын,
Ата-эненин унутар өлсө атын!
Атка тете уул-кыз болор бекен?
О, кайдан — опосуз иш, түйшүк экен!
Уул-кызга аталык — машакат иш,
Пил болуп турмуш жүгүн сүйрөп жүрүш!
Жоро-жолдош көбөйтүп күткүн дедиң,
А мейли! Бирок кайсы пайдам менин?
Акылман сөзүн ойлоп айтса керек,
Көңүл назик — эң кыйын ардактоо деп;
«Көңүлү адамдардын шише буюм,
Сынбасын, абайлагын ойло уулум.
Назигине көңүлдүн бергин эсеп.
Ысыкка эрип, суукка тоңуп кетет.
Көңүлү достун сынса — каска тете,
Душманың бир таарынса — кас жүз эсе.
Душман кылса кастыгын — жашоо кыйын,
Күчтүү болсо душманың — өмүр тыйын,
Душманың канча начар, алсыз болсо,
Баатырым, зор деп билгин аны ошончо!
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 02
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.