Latin

Куттуу билим - 03

Total number of words is 4162
Total number of unique words is 2042
30.4 of words are in the 2000 most common words
43.0 of words are in the 5000 most common words
50.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Инисине карматты үмүт менен,
***
«Баары ушу,— деди ал,— жашырбадым,
Билесиң катка эмне жазылганын.
Түшүнсүн Элик сөзгө, айт дагы да,
Жөн койсун мени мында, өз жайыма.
Элчилер жооп кабар алып барат,
Сен дагы ушул ишке койгун жарап.

Үч-Ордонун ханы айткан, жакшы тушун,
Бүт элге насаат кылып айткан сөзүн:
«Элчи деген сөздү так айтып барат,
Сөздун чынын жеткизип абийир табат».
Түрк ханынын сөзү да абдан жуйөө;
«Элчи чынчыл — ак сөзүн бөлбөгүлө!»
Ак сүйлөгөн элчиге өлүм болбойт,
Сөзү, тили дайыма аны колдойт.
Элчиде сөз жеткирүү милдети бар,
Ак айтса — ажал деген андан качаар!
Элчи болсо адил сөздүн устаты,
Ага сый бер, ушул сөздүн кыскасы!»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
Жооп берди Акдилмиш: — «Айттың сөздү,
Тыңшадым ынанымдуу эптүү кепти.
Жооп кылып катына — катты жаздың,
Бери бер ал катыңды, тапшырайын.
Бирок да эскертейин сөздү тыңда,
Өкүмдар жөн калтырбайт сени мында,
Жөнөтөт кайра мени алып кел деп,
Максаты — ордосунан орун бермек!
Кайрадан дагы мени жолго салат,
Барбасаң — капа болот, ачууланат!»
Өткүрмүштүн Акдилмишке айткан жообу
Бул сөзгө Өткүрмүштүн айткан жообу:
«Жүрөктөрдү сыздатпай жөн коелу!
Ишенгин, кете албаймын ушул жайдан,
Экинчи кайра келүү — кур убараң.
Баш тарткан соң асылуу — катуу азап,
Калса сөзүң жоопсуз — өтө уят!
Сөзүн ук акылы артык бир адамдын,
Көрүптүр жакшылыкты, кордукту арбын:
«Бербегенди сураба зордук менен,
Табалбасты издебе кордук менен!
Алыс жолго камынсаң жөө чыкпагыи,
Чыктыңбы — өз жүгүңдү оор дебең!»
Жөнө — деди Өткүрмүш,— жолуң алыс,
Кайра келип убара болбо, намыс!»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
Ордунан туруп айтты Акдилмиш «Мен
Сөз калбады, кошкунуң, эми кетем!»
***
Агасы Акдилмиштин узатты да,
Бардыгын баштан аяк айты ага.
Атка минип Акдилмиш кетти кайтып,
Үйүнө келип түштү, эшик ачып,
Күн кызарын жашырды жерге жүзүн,
Кара кундуз жамынды асман бүтүн.
Көмүрдөй дүйнө кара чөктү түнгө,
Көз жумулуп — уйкуда чөйрө мүлдө.
Акдилмиш жатты салган төшөгүнө,
Мемиреп уктаган соң, турган эле.
Чыгыштан жалын ойноп, боелду бел,
Кединдей жүзүн ачып ойгонду жер.
Күндүн күлгөн чарасы чыга келди,
Аалам жайнайт ачылган бермет өңдүү.
Үйдөн келип, Ордого эртең менен;
Кабыл ал деп өтүндү ал Эликтен.
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
«Өткүрмүш кандай жатат?— деди Элик,
Баяндачы суроомо жооп берип.
Эмне дейт, оң болдубу барган ишиң,
Келеби, көрөбүзбү анын жүзүн?»
Акдилмиш катты берди, сөздү сактап,
Катты ачып, Элик аны окуду бат.
Бир кызарып, кабагы кайра ачылып,
Үшкүрүп туруп калды ойго батып.
Деди: —«Агаң суук сөздөн териптир,
Жибек берсем, тикен түйүп бериптир.
Бирок да чындык сөздөр күнөө делбейт,
Сөзү ак, чындык дайым таттуу келбейт!
Каттан башка, мага айтаар болсо сөзүң,
Түк калтырбай айтып бер эми өзүң!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Кабарды сөзү менен толуктады,
Чындыкты жашырган жок, айтты аны.
«Биз — деди көпкө чейин маектештий,
Бирде ал, бирде өзүм кезектештик.
Сүйлөсөм өзүм көпкө, жооп кыска,
Кыстасам — жерди карап турду кайта.
Кандай айла кылсам да — эч болбоду,
Токтосом, мурункудай бар болжолу.
Айткан сөзүн топ-толук уктуң Элик,
Ою терең, акылы андан жетик.
Ооба, чын, кокус жүрөк калса муздап,
Адамды анда кырсык калат кыстап.
Жакшы айтыптыр тартынбас баатыр адам:
«Жүрөгү муздаган жан — эрксиз абдан!
Бүт денеңе бир гана жүрөк башчы,
Башчы артынан калганы жөнөйт жалпы.
Жетем десең оюңа — тапта жүрөк,
Болбосо жүрөк байкуш калат жүдөп!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
«Ооба,— деп Акдилмишке айтты Элик,—
Адамдыгы агаңдын абдан бийик.
Сөзүн угуп, сезбесем оюн терең,
Укпасам зор билимин болмок экен.
Сөзүн уктум — көңүлүмдөн өткөздүм,
Кантсең дагы тидегиме жеткизгин.
Өз элимде менин сөзүм өтпөсө,
Баркым кайда, чакырганда келбесе!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Жооп кылды Акдилмиш: «Кутман Элик,
Эл ичинде бир өзүңдө зор бийлик!
Айткамын сүйлөшүүнүн акырында,
Элик кайра жиберет — келем мында.
Калтырбайт арасында сени тоонун,
Дегемин, ыгы менен айткам оюм.
«Келбегин — деген болчу ал өтүнө,
Күчтөбө мени кыйнап!» — деген эле!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
Элик айтты:— Сөзүңө түшүнгөнмүн,
Бирок бул жаңылышуу — жакпайт кебиң.
Бир нерсе баштап койсоң, ошол замат,
Ишке ашпаса максатың жолдо калат!
Өкүмдарга оңойбу болуу — күчтүү,
Аткарылбай отурса жарлык эрки!
Өкүмдардын улуулук бир белгиси —
Аткарылып турганда айткан кеби.
Көңүлдө турган ишиң, жылбай турса,
Андайда собол бирөө — бүтүр, тынба.
Бул тилегим — өзүмдүн кесел сымал,
Табылбаса дарысы — жалмап тынар!
Угуп ырды мына бул жаттап алгып,
Ойдогу максатты бил, сен ардагым:
«Болсо да ар кеселге дабаа, дары,
Жеңил колдуу эмчиден табуу аны.
Көңүл арзып, жетпесең максатыңа,
Издеп, тапсаң сакаят адам жаны!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Акдилмиш айтты дагы: «Элик кутман!
Айыкпас кесел болбойт чектен чыккан.
Элик болсун дени сак, узак жашаар,
Курмандыгың болууга кулуң даяр!
Сүйлөдүм убадамды бузбай толук,
Кайгырууга себеп жок кутман улук.
Бул тууралуу сөзү бар акылмандын:
«Айтылган сөздү жерде калтырбагын!
А бирок унчукпоо да кээде пайда,
Тилимден кыйла кырсык таптым кайра.
Сүйлөбөсөң кул болор, сөзүн сага,
Сүйлөп койсоң кул кылар сени кайра.
Ойлоп сүйлө, шашылба айтар сөздү,
Орунсуз сөз аягы өкүнүчтүү!»
Ойлобогом, эстүү жан Өткүрмүштү,
Чакырсаңыз келбейт деп, укпай сөздү.
Элик күтөт, а мен го жүз миң эсе,
Жардамын күткөн элем көзүм теше.
Ойлогом бириктирсек аракетти,
Элик үчүн жасайм деп дагы көптү.
Бирок да мен канчалык айткан менен,
Каршыгып туруп алды өтө бекем.
Керек болсо — кайрадан барам дагы!
Айтайын, көндүрөрмүн балким аны!
Элик ага жаңы кат жазып берсин,
Ал окуп, чын ынанып мага көнсүн!
Эликтин Акдилмишке берген жообу
Элик айтты: «Кат жазып койсом колду,
Анын жообу көз жаштан ачуу болду.
Жаңы катты жазганда эмне кылам?
Кат ордуна өтөөрүм сен деп турам!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Айтты Акдилмиш: «Сөзүм ук, кутман Элик,
Көрсөң боло дагы бир кат жиберип.
Элчи сөзү адилет, түз болсо да,
Кат жок болсо, куру сөз болот анда.
Кат деген — таанышыңа көңүл, салам,
Далил болсо, куулукка жол калбаган!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
«Болуптур,— деди Элик,— керек десең,
Кат жазам — өз оюмду айтын берем.
Кат — кагаз, каттан майнап күтпөө керек,
Ийгилик жалаң каттан келбейт, демек!
Керек сөздү ага сен өзүң айткын,
Чакырып, келтирүүнүн жолун тапкын!»
45 .КҮНТУУДУ ЭЛИК ӨТКҮРМҮШКӨ ЭКИНЧИ КАТТЫ ЖӨНӨТКӨНДҮГҮ
ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Алдырып ал өзүнө кагаз-калам,
Кат жазууга киришти Элик анан.
Баштады кудай атын түйүп эске,
Жараткан, кечиримдүү бир өзү де!
«Миң-сан алкыш кубаттуу теңириме,
Мээриминен күн көрөм ушул күндө.
Теңир таза, адилет күндөй оттуу,
Жаратат жоктон барды, бардан жокту.
Акыл менен көңүлдү бирге кармап,
Башыңды ий жаратканга дитиңди арнап.
Ал дароо каалаганын ишке ашырат,
«Бол!» дегени алдына жаралат бат.
Жаралгандын баарына тирилик берди
Ага тете жаратты өлүмдөрдү.
Кадырлуу, кадырсызды бир жаратты,
Кичине, чоңго дагы өзү башчы.
Бир да дан теңир сөзүн укпайт өзү,
Анын эркин токтотуу болбойт дечи.
Миң эсе пайгамбардын даңкы артсын,
Кудайым ак жолуна мени тартсын!
Макталсын ишенимдүү достору да,
Кудайым ошолордон мени айырба!
Оболу жүз миң алкыш айтам сага,
Ак дилден айтаарым көп сага гана.
Чын дитимден жазамын бул катымды,
Билдирчи, акылманым абалыңды!
Жибергемин кабарды иниң менен,
Оюмда чогуу болсок деген элем.
Чакырсам каалабадың, бир келбедиң,
Кол алышып, жүзүмдү бир көрбөдүң.
Катты берип, оюңду айтты иниң,
Калтырбай айтып берди баарын бүгүн.
Катыңды окуп түшүндүм сөздөрүңө,
Дагы кайра чакырамын кел өзүмө.
Балдан ширин сөздөрдү айтсам сага,
Уудан ачуу жообуңду бердиң мага.
Эми дагы ойлонуп, сөзүмдү уккун,
Түшүнүүгө умтулуп талдап чыккын.

Ишенимди ээрчидиң тоо ичинде,
Ак жол кууган адамсың ушул күндө.
Жүргөнүң — элден безип, ак жол улап,
Даңкталып эл ичинде көп айтылат.
Өзүң үчүн иштейсиң бул ишиңди,
Өзүңө зыян кылып жүрбөйсүңбү!?
Эл көзүнө көрсөтүп өтөгөн иш,
Бийик баасын жоготуп коет имиш.
Кудайга сыйынганың ыйык келет,
Жалпыга жарыялоо — уят делет!
Каалаган кулун сактайт кудай өзү,
Алардын ишин баалоо элге чеки.
Кудай кулу билбейт да өз керегин,
Ким билет — кудайымдын түшөөр эмин?
Элге келип жашагын арасында,
Билинбей коп ичинде турасың да.
Адал мал тап өзүңдү өзүң сүйүндүр,
Ачты тойгуз, тоскондорду кийиндир.
Эр адам боорукер да, жакшы жүргөн,
Эки дүйнө кем болбойт эч нерседен.
Келгенди каалабаган адамды уккун,
Акылдуу адам айткан сөздү туткун:
«Боорукердик иш менен жакшы ат тапкан,
Эки дүйнө кем болбойт бардык жактан.
Күнүмдүк оокатыңдан ашык нерсе,
Өзүңө оор жүк да басып жаткан!»
Адамдарга кызмат кыл, акылманым,
Эл кызматы — милдети жакшы адамдын!
Сен менде мусулманга кызмат кылгын,
Олуям, чакырамын бирге тургун!
Сен элге жөлөк болгун көңүл бөлүп,
Эл кызматын кылбаган — тирүү өлүк! *
Адам эмес — жалаң өзүм дегендер,
Чыныгы адам — элдин камын жегендер.
Байлык, дүйнө чогултуу жайсыз өнөк,
Жакын үчүн жаныңды берүү керек.
Өзүнчө тынч жашаган — жакшы эмес,
Эл менен, бирге болуп, бирге кеңеш.
Боорукер деп кимди айтат, айтчы мага?
Жообуңуз, о акылман, болсун даана!
Баары айтат жакшы адамды боорукер деп,
Куткарган кайгы-муңдан адамды көп.
Акылдуу, билгир адам ыкка көнүп,
Айткан сөзгө назар сал, көңүл бөлүп.
Сөздөрүмө ынансаң, карап турба,
Куру жоопту койгун да, келгин мында!
Узун сөз уккан жанды зериктирер.
Акылдуу сөз аз болоор, даана тийер.
Ашык сөздү улантпа, болду эми,
Акыл-ойду аркалоо иштин жөнү!
Сөз калса дагы катта айтылбаган,
Өз иниң айтып барар баарын саган!»
***
Катты бүтүп, каламын таза жууду,
Кургатып сыясынан, бүктөп-бууду.
Ал катка мөөр басып, тынчып калды,
Акдилмиш сунган катты колуна алды.
Элик айтты: «Жеткиргин катты дагын,
Акдилмиш, айта баргын иштин жайын.
Колдонуп билгениңче амалыңды,
Эл ичине келтиргин сен агаңды.
Не тилесе, айтсынчы, мен билейин,
Ал келген соң аткарам бар тилегин!»
***
«Мейли»—деди Акдилмиш, жүрүп берди,
Ошол замат үйүнө кирип келди.
Үйгө кирип, олтуруп, ичип-жеди,
Кыйшайып жамбаштады, алып серүү.
Рум кызы жашырды жүзун жерге,
Дүйнө жүзү жамынды кара көрпө.
Асман бетин чулгады кара бүркүт,
Бүт дүйнөгө чачылды пырлары бүт.
Төшөгүнө кыйшайды ойго батып,
Агасына сүйлөөрүн нени айтып.
Уктап кетип, ойгонсо өзү билбей,
Көзгө сайса көрүнгүс түн көмүрдөй.
Уйку качып ал турду төшөгүнөн,
Караңгы түн өңүрүн түргөн экен.
Күн чыгып алтын жүзү чачыраптыр,
Бермет нуру дүйнөну бүт кантаптыр.
Ал туруп, багымдатты окуй салды.
Намаздан соң, кудайга дуба кылды.
Карматты атын дароо бир балага,
Токунуп, жүрүп кетти үмүт жана.
Үйгө жетпей алыстан аттан түштү
Жөө басты дуба окуп улам күчтүү.
Жакын келип акырын эшик какты,
Ошол замат агасы эшик ачты,
Капканы ачып, туура эле босогодон,
Көрүштү, кучакташып ошол бойдон.
Өткүрмүш кучакташып кирип келди,
Өбүшүп, ага төрдөн орун берди.
Өткүрмүштүн Акдилмишке берген суроосу
Ал сурады: «Неге сен түйшүк тарттың
Артыңа эмнеликтен кайра кайттың?
Жоопту өзүм айткан уккан элең,
Кыйнайсың неге өзүңдү, мени да сен!
Көптү билген, адамдын сөзүн уккун,
Жамандык,жакшылыкты билгени чын:
«Акылдууну билесиң бир көргөндө,
Чечендигин баалайсың сөз келгенде.
Алтын менен колонун айырмасы,
Билинет кайрак ташка бир сүргөндө!
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
«Сага,— деди Акдилмиш — ооруйт боорум,
Ачууланып сен мага, док койбогун!
Буйругуна ээсинин кул кубанат,
Айтканын ошол замат так аткарат.
Айтканыңды жеткирдим өкүмдарга,
Маанисин бузбай айттым өзүм ага.
Ал сага кат жиберди кайра дагы,
Мынакей,— катты сунду,— алгын аны!»
Өткүрмүштүн Акдилмишке берген суроосу
Өткүрмүш катты алып, дароо ачты,
Окуду, анан терең ойго батты.
Өзүнчө күнгүрөндү: «Себеп барбы,
Кайсыныма, өкүмдар, каарына алды?»
46. АКДИЛМИШ МЕНЕН ӨТКҮРМҮШТҮН ЭКИНЧИ МАЕГИ ТУУРАСЫНДА
АЙТЫЛАТ
Жооп кылып Акдилмиш айтты ага:
«Эй, боорум, кулак салып.укчу мага!
Жакшылык сага Эликтин тилегени,
Жакшынын жакшылыкты тилөө жөнү.
Бул жерде баш урасың ишенимге,
Жакшылык жандап жүрсүн түбөлүккө!
Жакшы иштин — эң жакшысы элде болуу,
Өзүңө айткан элем мен ошону!
Дүйнө куту — жамандык эмес, анча,
Аны тапкан бактылуу, алда канча.
Олуясың, о дүйнө көздөп жүргөн.
Бул жолуң — жакшылыктуу, аны билем.
Бул жашоону өгөйлөп жалган дебе,
Өзүң ал, жарнын жазын бергин элге!
Жоомарт адам айтыптыр жакшы сөздү,
Аны окуп, көңүлгө түй, эстүү киши:
«Байлык деген — жакшы ишке болот көмөк,
Көп кырсыкты, ооруну ошол жеңет.
Колунда бар — билимдүү, акылдуу да,
Көп жакшылык кол сунса келет ага.
Бай адамдын тилеги ишке ашат,
Көтөрүлөт бийикке, болбойт такат.
Зыярат кылам десең — дүнүйө тап,
Аскердик атакка да жеткирет бат.
Алыш-бериш дүйнөсү болбой турса,
Андайдын ар бир иште колу кыска!»
Сен неге бул чындыкты унутасың,
Жакшы сөздү, кеңешти, кор тутасың?
Баркы жок зыяратка ким ишенет,
Жок болсо ичер тамак, кийим-кечек!
Кудай жолун табабы сыйынуудан?
Сыйынгандын жолу тар, ыйык абдан!
Миңдеген, «зыяратым бек» дегендер,
Алдастап ажал келсе шашып кетер!
Миңдеген сыйынбаган күнөөлүүлөр,
Ажал жетсе, шашылбай жолдуу кирер.
Билемин, бир кудайга жагар ишиң,
Жалынгын кечиргин деп. күнөөм үчүн!
Билип болбойт сыйынуу жолун анык
Андай болсо не керек кур кыйналып!
Сыйынуу керек болсо, андай жерде,
Айтар сөзүм — калтырбай баарын өтө.
Айтканымды ойлонуп талдап көргүн,
Таразалап бардыгын, жооп бергин.
Сөздөрүмдү айтылган туура көрсөң,
Көңүл түсүм, түшүнүп уксаң экен!
Кур кыялга кул болбо, көңүл түздө,
Аралашып эл менен, жүргүн бизде».
Өткүрмүштүн Акдилмишке айткан жообу

Өткүрмүш жооп берди: «Эсиңе алгын,
Кайгыртып тамагыма ууну салдың.
Мейли эми сөздөрүңө ынанайын,
Кызмат кылып Эликке мен барайын.
Кызмат үйүн — үрп-адат билүү керек,
Ошондо ишиң — сөзүң туура келет,
Кирип, чыгып, отуруп — туруу жайын,
Билбегенге машакат болот дайым.
Кызмат ишти билгендин уккун сөзүн,
Көптү көргөн, кызматтын тапкан көзүн:
«Бектер үчүн кызматты өтөйм десең,
Дил, көңүл-сөз дайыма туткун бекем.
Кызматтын жол жобосун үйрөнүп ал,
Билген иштин үзүрү болот бекем!»
Көп болду, мен жашаймын элден алыс,
Ишти, сөздү билбеймин, айтам калыс.
Анан мен бекке кантип кызмат кылам,
Мен үчүн эшик жабык билип турам!
Эмне үчүн күчкө салып мени кыйнайт,
Бул сөздү бирин койбой Эликке айт!»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
«Жообуң,— деди Акдилмиш,— жооп эмес,
Акылманым, сөзүңдү чындык дебес.
Элик андай иштерге кечиримдүү:
Отурсаң, турсаң эркин, бил өзүңдү!..»
Өткүрмүштүн Акдилмишке айткан жообу
«Жок, болбойт,— деди Өткүрмүш,— ушул сөзүң,
Урматтуум, билип турам эп келбесин!
Сага да, мага дагы жарашабы,
Жол-жобосуз туш келди бекер каңгуу?
Бийликти кармап туруу, элдин ичи,
Тартин сактоо өлкөдө бектер иши.
Бийликтерди жүргүзүү — өкүмдарда,
Адамдар баш ийишип көнгөн заңга.
Өкүмдарга, бийликке күч берилген,
Башкар деп өз элиңди акыл менен!
Эл башкарган өкүмдар жакшы айткан,
Акылы, иши менен элге жаккан:
«Бийлик кылчу адамга акыл керек,
Эл башкарчу болгону оң — баатыр жүрок.
Анан да кызматчысы ак дил жүрсүн,
Жол-жобосун ишинин жакшы билсин.
Ошондо өкүмдардын артат күчү,
Жоосун жанчып, касынан кайтат өчү!
Эгерде тартип, заңды урмат кылсаң,
Жарашабы ага бут тосуп турсаң!»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
«О, боорум,— деди Акдилмиш — не деген сөз?
Аракеттүү адамга — кыйын эмес!
Тартип, заңды, ишенгин жакшы билем,
Ойлонуп айтканыма кулак сал сен.
Билбегенди үйрөнүп алса болот,
Билип алсаң колуңа бакыт конот!
Бул тууралуу билерман адам айткан,
Акылсыз — анын сөзүн бек тутпаган:
«Акылдуу бойдон адам төрөлбөгөн,
Акыл, сөзү айтылаар кийин келген.
Ишти үйрөнсөң — билерман аталасың,
Иштин жүгүн тарта алат билим менен!»
Өткүрмүштүн Акдилмишке айткан жообу
«Бул оюң, — деди Өткүрмүш,— түшүнүксүз,
Сага жагаар, а мага жакпаган иш!
Сен мени ишке кыйнап чакырасың,
Айтып берчи ишиңди кандай аның?
Түшүнөмбү же жокпу угайынчы,
Сөзүңдүн маанисине тунайынчы.
Жол-жобосун заңыңдын айтып берчи,
Тартибиңди талдайын санап көрчү!»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
Жооп берди Акдилмиш ачык сүйлоп;
«Сенин жообуң эң туура, акыйкат кеп!
Акылдан алыс эле баскан жолуң,
Адилетке эми сен сундуң колуң.
Баарын айтам, сөзүмө төшө кулак,
Түшүнгүн айтканыма акыл улап.
Эгерде айткан сөздү билем десең,
Ашык айтпай, сөзүмдү уксаң экен!»
47. АКДИЛМИШ ӨТКҮРМҮШКӨ БЕКТЕРГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУН
АЙТАТ
Кызматкердин болушат эки түрү,
Көтөргөн түйшүк жүгүн күнү-түнү.
Бири болсо жашынан ишке кирет,
Экинчиси көптөн соң билек түрөт.
Бул экөөнүн талдаса бирин тартып,
Жаштайынан кызматка киргени артык.
Мен айтайын сөзүмду, баштан эми,
Жашынан кызмат кылуу кептин жөнү.
Орто жолдон сөз чыкса — арты кыска,
Болбосо бир бүтүндүк — калпыс иш да.
Токтоо болсоң, сөзүң да болсун даана,
Ишиң түзбү, дилиңди туура карма!
Ким кызматтын эшипин ачам десе,
Көтөрсүн кызмат жүгүн бала кезде.
Ал билсин кызмат иштин жол-жобосун,
Кирип-чыгып жүргөнү туура болсун.
Кызматка күндө таңда эрте чыкса,
Дилин, сөзүн ар дайым сылык тутсң.
Ишиңде болсун дайым чапчаң-дилгир,
Кулагы сак, көзү да болсун өткүр.
Кызмат кылса эгерде улууларга,
Тилин тиштеп, сөзгө сак болсун анда.
Эгерде так аткарса бала ишин,
Керектүү адам болор беги үчүн.
Бегине алар турат кирип-чыгып,
Оюн айтып, бирөөнүн арзын угуп.
Мартабасы бийиктеп анан анын,
Өкүмдары эске алат кызмат жагын.
Өз ишин так аткарган ал кызматкер,
Арыз-муңун келгендин тактап билер.
Мерген болсо дайындаар ок атарга,
Баатыр болсо тургузар түзжатарга.
Көңүлү түз, а жүзү болсо жарык,
Суусун катчу идишчи кылаары анык.
Эсеп билген адамга казна кармат,
Билимдүү — жазма ишке келет карак.
Кызматкердин чак болсо түйшүктөрү,
Коркушпай, так аткарар ишин жөндүү.
Сөзүн ук, кызматкердин-ишиң билген,
Тилегин ак кызматтан таан жүргөн:
«Бек алдында озүңдү таза карма,
Ийменип жан-жагыңдан көзүңдү алба.
Токтоо, сак жана дагы болгун тыкан,
Ак жүрүп маңыз сөзгө асты барба!»
Ак иш менен ар кандай жумуш бүтөт,
А кызматкер адилет ойду түзөт.
Каалайсыңбы жакшылык — кылгын кызмат,
Кызмат кылсаң — маанайың ачык турат.

Бек алдында иштеткин кулак, көздү,
Жерди карап, так уккун ар бир сөздү.
Бутту бирге, колдорду койгун төшко,
Сол колуңду оң колго коюуну эсте.
Босогону оң буттап аттап өткүн,
Маанисин тактап түшүн айткан сөздүн,
Арыз менен кирдиңби — тез чок түшкүн,
Эки колду куушуруп, таалим күткүн.
Оңго да, солго дагы карабагын,
Ыйман күтүп, сөз учун билгин дайын,
Сүйлө десе — чындыкты ачык сүйлө,
Так жаса айткандарды толук күндө.
Шарап ичпе, бош жүрбө, жүргүн калыс,
Жаман иштин баарынан болгун алыс.
Укпаган бол, сөздөрдү угуп турган,
Көрбөгөн бол иштерди көрүн турган.
Көзүн тапкан ишинин — ишмер адам,
Куту артып, зор бакыт кетпейт андан.
Анын бири кол баштап жоого кирер,
Экинчиси эл баштап атка минер.
Аскербашы да бири, бири хажиб,
Окумуштуу айрымы болору анык.
Иши менен урматка жеткен адам,
Ой-тилеги, даңкты да табат андан.
Бири табат ийгилик билгирликтен,
Да бири аты чыгат иши менен.
Бири — жолдош, кеңешчи өкүмдарга,
Бири баатыр — атак даңк болот анда.
Кээси ябгу, югруш, элбек болот, 1
Андайларга даңк келип, бакыт конот.
А эгер кызматкериң атак тапса,
Андан ашкан зор сыйлык болбойт анда.
Эгер бек кызматкерин кылса урмат,
Ага андан кайрымжысы кайтып турат.
Барктуу болсо кызматчы пайдасы анык,
Бекке да ийгиликтер келет агып.
Эгерде атак алса жаман адам,
Ар түрдүү кырсыктарды күткүн андан.
Акылдуу адам айткан сөздөрү чын:
«Жамандын көтөрбөгүн мартабасын!»
Акыл экен тыңдаса сөздүн жөнүн:
«Эй бегим, билимсизге кол бербегин!»
Кызмат даражалары.
Акылсызга билим да бербейт пайда,
Акылсыздар журт ыркын бузат кайра.
Эгер бек жакын болсо шылуундарга,
Негизгиси кемчилик өзүндө анда.
Тийип калса нааданга бийлик эгер,
Эң биринчи ээсинин башы кетер.
А бектер көңүл бөлсүн, кулдарына,
Иш берсин чактап туруп акылына.
Кызматчыңды тандагын, мүнөзүн бил.
Билимине жараша ардактай жүр.
Кызматчы өз бегине дили ак болсун,
Ошондо анын колу сыйга толсун.
Уккунуң бектин сөзүн, бийлик кылган,
Жол-жобону так сактап, бекем турган:
«Кул делет, зор болсо да кулдун аты,
Өз бегиңе кызматын кылган жакшы.
Бек аты бек болсо да, канча кичик,
Моюн сунат бардык эл чөкө түшүп!
О, силер, даңк алгандар бек колунан,
Өмүр бою урматта аны абдан.
Бек менен өчөшпөгүн өр талашпа,
Сүйлөсөң, ар бир сөзүң ойло, такта!
Алар куттуу, дүйнөдө бактысы чоң,
Алар — от, өрттөп кетет сак болбосоң!
Алар — чын өз эркеси заманынын,
Кул кубансын күчүнө дайым анын!»
Көптү көргөн сынчы адам айткан жакшы,
Ал өзү ак кызматтан бакыт тапты:
«Мактанба, бектер сага жылмайганда,
Сак болуп алданбагын артын байка.
Кызматыңа кубанып бой көтөрбө,
Бектин көзү бузулса, өлдүң анда!»
Кичинеби же чоңбу, артык даңкы,
Кызматчы кызматында турган жакшы.
Бекке кызмат өтөөдө тактык керек,
Тактыгың кызматыңа болот жөлөк.
Бектер сени жакын көрсө канчалык,
Сен өзүңдү жүргүн дайым түз алып.
Бек сага мээрим төксө, коркуп тургун,
Ишенбе, өзүңдү ойлоп сак болгунуң.
Анын сөзү бирде от, бирде суу да,
Бир күлдүрүп, кайра эле салат ыйга.
Үч нерсе коркунучтуу, болбо жакын:
От менен суу — бул экөө чын душманың.
Анан да бек кыялы арстан сымал,
Эркелетип сыласаң жибектей ал.
Эрегишсең анда эле ишиң бүтөт,
Өлтүрүп, жылуу бойдон каныңды ичет.
Каары келген бегиңен — алыс болгун,
А кокус жакындасаң — курман болдуң.
Сураганда сүйлөгүн, чакырса кир,
Аралыкты так сактап, саламат жүр.
Укканыңды айтпагын дудук болуп,
Көргөнүңдү айтпагын — азиз болуп.
Сак адамдын угуп ал айткан кебин,
Кирип-чыгуу адептин билген жөнүн:
«Кир десе — анда сага сыймык, урмат,
Чык десе — каар сени күтүп турат.
Сак болуп өзүңдү өзүң кармай билгин,
Ким токтоо, аяр болсо — бийик чыгат!»
Үч нерседен алыс бол даана билип,
Биринчиси алардын ал — өжөрлүк.
Бири — ач көз, да бири — жалган айтуу,
Үчөөнүн акыры өлүм, болбойт — кайтуу.
Ушактаба, кылбагын жаманатты,
Эч нерсени жашырбас түздүк жакшы.
Адилет бол, ишиңди ак жасагын,
Өкүмдар өзү чынчыл, жагат аның.
Ордого кирип калсаң, байкай билгин,
Өзүңдү сыйлаганды сыйлай жүргүн.
Кекирейбе, өтө эле жалпаңдаба,
Абайла, кокус бирин түртүп алба.
Ордуңду таап олтур жай бергенде,
Бирөонүн намысына тийе көрбө!
Какырынба, түкүрбө, шалпылдаба,
Эң жаманы адаттын ушулар да!
Бүрүшпөй кенен отур, алба жатып,
Каткырбагын, каткыруу болот ашык!
Тырмагыңды кемирбе, тизе ачпа,
Андайлар урмат-сыйдан кетет таза.
Сүйлөп калса өзүңдөн улуу адам,
Сөздү коюп кулак сал өзүң аган.
Туура сөздү сүйлөсөң жүзүң жарык,
Теңиң менен маек күт тандап алып.
Ичип алып ордого кирчү болбо,
Ичкилик алып барбайт жакшы жолго.
Үч нерсени дайыма бекем карма!
Болбосо башың кетет — сөзсүз анда!
Биринчи — өз бегиңдин сөзүн уккун,
Өз жаныңдай айтканын бекем туткун,
Экинчи — адилдикке өзүңдү арна,
Ак болгун, дүрбөлөңдө эстен танба.
Үчүнчүсү — ишиңди так аткаргын,
Ар кандай жаман иштен алыстагын.
Буздуңбу үчтүн бирин, ошол жетет,
Болсоң да өзүң улук, башың кетет!
Кутманым адыраңдап шашылбагын,
Көзүнө убактысыз катылбагын.
Эгерде калган болсоң төргө отуруп,
Киши келсе ордуңду бергин туруп.
Бек сураса бир сөздү — адеп сакта,
Айтар сөздү ардактуум көп узартпа!
Сурайбы, жооп бергин токтобой бат,
Токтосо сөздү сен да кыскартып айт.
Эгерде бек чакырса тамак-ашка,
Адеп сактап тартипти бузбай, башта.
Тамакты оң кол менен баштап алгын,
Эң алгач кудай ысмын атоо парзың.
Колуң созбо бирөөнүн тамагына,
Өз алдында ашыңды алган туура!
Бычак алып устуканды кемирбе,
Чалпылдатып ишчү ашты жей көрбө.
Аялдардай болбогун шашылбай ал,
Аялдык кылыктарды ыргытып сал.
Ток болсоң да бек ашын тартынбай ич,
Конок болуу бегинде сыймыктуу иш.
Канча түрлүү ишиңди баштасаң да,
Чын берилип иштесең чыгат пайда.
Акылмандын эң жакшы айткан сөзү,
Алтынга тете тура түшүнсө өзү:
«Бек менен басаар жолуң кошулган соң,
Бар ишти акыл менен кылганың оң.
А эгер мартабаңыз болсо бийик,
Ак дилден кызмат өтө башыңды ийип.
Бийлигиң мейли болсун аскер башы,
Бар учурда дилиң ак болгон жакшы!
Эгер сен көп аймакты алсаң басып,
Жакшылык кыл журтуңа ашып-ташып.
Эгерде увазирлик бийлик тийсе,
Ак иштеп, адилеттик жаса күндө.
Кеңешчи болуп калсаң, эстүү болгун,
Жаңылса өкүмдарың — оңдой койгун.
Ынак болсоң дилиңди таза карма,
Бакытка ороносуң өзүң анда.
Кол баштасаң аскердик катар сактап,
Кулакты, көзүңдү да кармагьш сак!
А эгер хажиб болсоң — алба пара,
Жетим, жесир, байкушка жакшы кара.
А өзүң казынага болсоң башчы,
Билбегин чынчылдыктан башка жакты.
А кокус катчы болсоң өзүң анда,
Бекем болуп эч кимге сыр чыгарба!»
Кызмат кылчу мансаптар мына ушулар,
Иш кылчунун дагы да канчасы бар!
Ишчи көп жараар ордо керегине,
Төшөкчү, кушчу, ашпоз дегениңе.
Булардын баарысынан болсоң алыс,
Эмгегиң жокко чыгар, кетип намыс.
Эгер сен урмат менен бийлейм десең,
Адамдарды ар дайым баала бекем.
Улууларын урматтап кадырлагын,
Өзүңө дөөлөт конуп, ашат бактың.
Абышканын айтканын баамда бат,
Кары сөзүн капка сал, көз ачылат:
«Улууну урмат кылуу адат, адеп,
Улуу келсе урматтоо жакшы милдет.
Улууга сый көрсөтүү жашка таандык,
Улууда жашты сыйлоо кошо жүрмөк!»

Акдилмиш сөзүн бүтүп айтты: «Эсте,
Ушундай кызмат кылуу милдет бизге.
Мен айттым, сен түшүндүң, толук эми,
Кандайча кызмат өтөө сенде жөнү.
Кызмат жайы ушундай, оңой дебейм,
Эмгек менен табасың бакытты сен!
Билип ал кызмат жөнү дал ушундай,
Түшүнсөң — кызмат өтө карап турбай!»
Өткүрмүштүн Акдилмишке берген суроосу
«Уктум,— деди Өткүрмүш, жооп кылып —
Айтканыңды, урматтуум, алдым билип.
Дагы бир соболум бар сураар сенден,
Суроомо ачык, даана жооп берсең.
Эликтин эгер барсам кызматына,
Эл көзүнө көрүнүп жүром анда.
Билүү — мага милдет да үрп-адатын,
0 боорум, анда жашоо табмшмак чын.
Болоормун көп адамдын арасында,
Кандайча, кантип жүрөм өзүм анда?
Сен мага анын баарын айтып бергин,
Түшүнөйүн, калтырбай сүйлө жөнүн!»
48. АКДИЛМИШ ОРДО КЫЗМАТЧЫЛАРЫНА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЫЛУУ
КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
Акдилмиш жооп берди: «Боорум, менин,
Бардыгын айтып берүү менин жөнүм.
Сабакты сага айтам бекем карма,
Жол-жобосун үйрөнүп, билсең пайда.
Эл менен бирге жашап, тилин тапкын,
Тууган кыл, дагы бирин достой баккын.
Кандай адам болсо да ордо ичинде,
Сүйлөшүп, аралашып кир ичине.
Таба албасаң алардын көңүл жолун,
Анда өзүң жалгызсың жана корсуң.
Ишти билген адамдын айткан сөзүн,
Угуп ал, ошол тапкан иштин көзүн:
«Кимдин бекке ак болсо ой-тилеги,
Жакын болсун эл менен күндө эми.
Улуулукка кол сунуп жетем деген,
Жакын болсун кызматчы, ишчи менен.
Бектер сени канчалык жакын көрсө,
Адилеттүү баарына бол ошончо!»
Ордодо кызматкердин үч түрү бар,
Жакшылап иштин көзүн табат алар,
Бири алардын — өзүңдөн жогоркулар,
Кызмат кылган аларга — бакыт табар.
Урмат көрсөт, аткаргын айткандарын,
Даражаң көтөрүлүп турат дайым!
Билимдүү, эстүү адам жакшы айткан,
Эстүү сөзүн пайда алат бекем туткан:
«Кичүүлөр улуулардын сыйын көрөт,
Улууга кызмат кылсаң бакыт келет.
Улууларды урматта акылын ук,
Улуунун сөзүн уксаң — кутуң өнөт!»
Жакшылыктын бардыгы улуулардан,
Бакытка жетем десең — иште абдан.
Экинчиси — өзүңө теңдүү жандар,
Бөтөнгө — жат, жакынга — тууган алар.
Алар сенин катарың доорон сүрмөй,
Саламдашып, баарына болгун бирдей.
Үчүнчүсү — өзүңдөн кичүү келет,
Акыл айтып, жемелеп жолдоо керек.
Басындырып оюна салба бүлгүн,
Теңтуш болбо, ашык сөз айтпай жүргүн.
Күнөөлүүбү — жазала, кээде макта,
Жарым саат бош коюп чалчактатпа.
Айланаңда көөнү ак досуң болсун,
Көп болсо дос-тууганың, өзүң зорсуң.
Элге сенин болбосун жаман оюң,
Касы көптүн, кубанчы болот солгун.
Кичинекей кастын да зыяны көп,
Айта албайм араздашуу пайдалуу деп!
Душмандан азап чеккен адам сөзүн,
Уккан соң, күйүтүнө ишенесиң:
«Душманың бирөө болсо, залалы миң,
Досторуң миң болсо да аздай көргүн!
Душмандан эч ким пайда көргөн эмес,
Көрсө да — жеңгенден соң, аны билгин!»
Досторуң сага кубанч берсин десең,
Жакшылыкты досторго кылгын өзүң!
Курбуларга ар дайым сыйлуу болгун,
Катарыңан калтырба ордо толсун.
Наадандардан алыс бол, жакындашпа,
Наадандар ак жолуңдан бурат башка.
А эгер өз баркымды жаям десең,
Наадандан — жатыңды артык көрсөң экен.
Тобун бузбайт ар жандык — ушул чындык,
Адамдар, айбанаттар, коңуз, чымчык!
Не дегенин угуп ал белдүү киши,
Жамандык, жакшылыкты көргөн өзү:
«Чыйырчыкты мен кордүм учуп өткөн,
Өзү да, тобу менен каи-кара экен.
Аккуулардын ичинде кара болбойт,
Ак, каралар ар башка жолу бөтөн!»
Учкан куш да өз тобун таба билет,
Адамсың, өз теңиңди тандоо керек.
Жакындыктын болот дейт эки түрү,
Дал ошондой достук да эки түрлүү.
Достук бар ажырагыс кудай сүйгөн,
Өмүр бою кыйшайбай туура жүргөн.
Дагы бирөө дос күтөт пайдасы үчүн,
Андай достук бек эмес, үзөт өзүн.
Эгер сен теңир кошкон болсоң достон,
Дос түйшүгүн тең көтөр, козголбостон.
Пайда күтпө досуңдан дароо эле,
Кудайдан тиер пайда о дүйнөдө.
А кокус досуң болсо сараң, ач көз,
Жакындабай алыста, айтпа эч сөз.
Достукту жакшы билген адам сөзү,
Бир пайдасын достуктун билген өзү:
«Досуңду ар кыл шартта сынап көргүн,
Сындан өткөн досуңа колду бергин.
Достун көөнүн дааналап билем десең,
Сынагын жаман кылык, сөаүң менен,
Билгиң келсе, досуңдун чын көңүлүн,
Жакшы көргөн буюмун сурап көргүн.
Ким ошондо кабагын бүркөбөсө,
Дал ошол анык досуң түбөлүккө!»
Ушакчыдан алыс бол, жакындаба,
Ушак сөзү өрт болот — күйбө ага.
Булагы ушак болот чыр-чатактын,
Колдон келсе ушакчынын башын алгын!
Алыс бол тилемчиден, сараңдардан,
Ач көздүктүн аягы сага душман!
Ач көздөр бир өзүнө болсо керек,
«Бир тууганым», «досум» деп айта берет.
Сураганын бербесең — душмансың сен,
Мындан мурун билбеген, эч көрбөгөн.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 04
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.