Latin

Куттуу билим - 17

Total number of words is 4107
Total number of unique words is 1911
29.7 of words are in the 2000 most common words
43.3 of words are in the 5000 most common words
51.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Акылсыздар — болушат мал катары!
Адамга акылы бар, кудай деген,
Кичине наны жетет өзү жеген.
Угуп ал бир акылман айткан сөзүн,
Өткөргөн бейкут жашап бүт өмүрүн:
«Мейли жат, мейли жүгүр — баары бекер,
Тагдырдын сага жазган өкүмү өтөөр!»
Көңүл менен сөзүңдү туура карма,
Ырыскың түк кемибейт дайым анда.
Ким өмүрдөн издесе байлык, бакыт,
Кишиликтен чыкпасын туура басып.
Эгерде бүт дүйнөнү алам десең,
Адилет, ак жашагын дайыма сен.
Жакшы айткан эс-акылдуу, чынчыл адам,
Чындык менен дүйнөнү колуна алган:
«Жетем десе байлыкка ченебеген,
Иши, сөзү адилет болгону эм.
А эгер бүт дүйнөнү алам десең,
Чынчыл бол дилиң менен ишиң менен.
Өкүмдар, өз элиңе акыйкат бол,
Акыйкатта жыргалдуу турмуш ошол.
Адилет, туура чечкин бардык ишти,
Жан жолдош кыл дайыма, кишиликти.
Акдилмиштин артты кадыр-бедели,
Элден чыкпай, мен кыйынмын дебеди.
Сынады Элик аны иште түрлүү,
Жактырып ар сапатын, ийди көөнү.
Акдилмиштин эмгегин баалап Элик,
Жактырды чынчылдыгын ал тең берип.
Бул сөздү бир акылман адам айткан,
Нааданым, чөк түшүп ук муну абдан.
«Кулдарын бектер сынап көргөн жакшы,
Сыноо бүтпөй кызматка албоо — парзы!
Карап көрүп, кызматы жакса анан,
Жакшы болот кызматка дайындаган.
Бек кызматка, оюна толсо алчу,
Кулга — байлык, бектин го артат даңкы!»
Жакшы айтыптыр бир беги Ягмалардын 1,
Сөз мааниси — бүтүндөй акыл анын:
«О, бегим, ишти аткарат жөндөмдүүлөр,
Ишенип иштин көзүн билгенге бер!
Ишиңди жараксызга берсең эгер,
Күнөөнү жалгыз гана өзүңдөн көр.
Кудай берсе кутуң жанып жадырар,
Кызматчылар эстүү жандан табылар.
А эгер кырсык сага болсо энчи,
Кызматчың ишке чоркок болот дечи.
Жамандар иштин баарын булгап, бузат,
Өрт каптап өрүшүңдү, түтүн учат!»
Көтөрдү Акдилмишти Элик сыйлап,
Увазирлик иш берди, ага арнап 2.
Бардык элди бийледи колу узарып,
Айтканы айткан болду, тилин алып.

Ошол доордо Кыргызстандын аймагында жашаган түрк уруусу.
Кол жазманын 1733-бетинде Акдилмишке увазирлик мансап айтылат. Орусча котормодо мындай учур
көрсөтүлбөгөн.
Элик ага тапшырды чепкен, мөөрүн,
Ат берди, аяк берди — ачты көөнүн.
Багыттап иши менен, сөзү менен,
Элик ага бийликти берди кенен.
Ордонун улуу, кичүү адамдары,
Жүгүнүп, урмат кылат эми баары!
Сандаган кызматкерлер таазим кылып,
Алдына жүгүнүшөт башын уруп.
Акдилмиш адилеттик иш жүргүздү,
Көңүлүн көптүн алып, сый бергизди.
Кайгы, кырсык арылтты эл башынан,
Жамандыкты башынан кууп салган.—
Заң бекип, өлкө гүлдөп эл байыды.
Өлкө бек, эми Эликтин көөнү жайлуу.
Дос көбөйүп, азайды улам душман,
Кол узарып душмандын туусун жыккан.
Тынчтыкта, молчулукта жашайт Элик,
Жыргалды эли менен кошо көрүп!
Мындай жакшы үзүрдү билим берет,
Билимдүү — ишмер, адил киши делет.
Акылдуунун дайыма иши өрдө,
Акылсыздын ар дайым иши көрдө.
Акылдууга бакыт да төп келишет,
Адамга алган билим — бакытка эсеп.
Ыланын бир бегинин айтканын ук,
Анын сөзү нааданга көз да толук:
«Акылсызга кокустан тийсе бийлик,
Өлкө онтоп, элге-журтка бөөдө түйшүк.
А эгер өкүмдарың болсо акылдуу,
Өлкө гүлдөйт — башына конуп куту!»
Эликтин жашоосу тынч, күнү жарык,
Жалынат кудайына алкыш айтып.
Сыйынат көккө сунуп эки колун:
«О, кудай, сен бересиң билим жолун!
Сен мага билим бердиң, кубат бердиң,
Көзүмдү эми менин ача көргүн!
Сен гана ак жолдогу жөлөгүмсүң,
Кубат бер, оор жүктү тартуу үчүн!»
Кедейлерге таратты дүйнө, малын,
Кудайына түздөдү пейли, арын.
Ушинтип күндөр өттү бакыт чачкан,
Кедей эл тегиз жыргап, байлыгы арткан.
Мындай бакыт жакшыга энчи болот,
Кейиштүүсү аны да ажал сорот!
Беги болсо адилет — эл бактылуу,
Эл бактысы — бек үчүн кубаныч бу.
Жаман, жакшы — бараары көр, топурак,
Айланат топуракка — аты калат.
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
Акдилмишти чакыртты бир күнү Элик,
Сөзгө алды керектүү суроо берип.
«Укчу, Акдилмиш - деди ал,— азыр токсуң,
Ата көрдүң, таалимин алган жоксуң.
Атадан жаштайыңда жетим калып,
Жаштарга жолу үлгү улуулардын.
Атаң сага окуу, билим бере албады,
Мен дагы үйрөтпөдүм билем аны.
Мынчалык даражага жеттиң кайдан,
Түшүндүрүп, жооп бер өзүң маган?»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
«О, өкүмдар,— деди Акдилмиш,—
Элиң да, Узак жашап, даңкың чыксын сенин да!
Кудай буйруп, кулуна берем десе,
Ал көздөгөн жеткирет тилегине.
Бул тууралуу укканмын түркчө макал,
Айтыптыр көптү көргөн бир аксакал:
«Адам болуу кудайдын эрки менен,
Кудай берсе энчиңди табасың сен.
Кудай кылса — адамзат кантип оңдойт,
Мындайда асман, жерден жардам болбойт.
Кудайым бардык жанга мээрим төксүн,
Ошондо тилегиңе сен жетесиң!»
Анан да ата алкышы болот жөлөк,
Уулуна дайым колдоп, мээрим төгөт.
Ата арбагы ар дайым таяп, жөлөп,
Даражага азыркы жетсем керек.
Жараткан жалгыз өзү кубат болду,
Байлыкты, акылды да берип койду!

Элик колдоп, кырсыктан коргоп турду,
Көтөрдү, жакшы жолго мени бурду.
Бек кимге көңүл бөлүп, кылса ишеним,
Андайды — бактысы артык, жолдуу дегин.
Киши көөнү бак тура — суу да жаны,
Бектин сөзү гүлдөтөт суудай аны!
Мол болсо сууга — бактар, гүлдөр өсөт,
Жыпар жытын аңкытып арбын төгөт.
Өкүмдар сөзү менен кул көңүлүн
Көтөрсө, кул аябайт бүт өмүрүн.
Өкүмдар кур жемеге алса сөгүп,
Ачылган гүлдөй куурайт жашын төгүп.
Кулдарга кудай мээрин күтүү керек,
Кудайым — аччу эшикти ачып берет.
Бул тууралуу акындын айтканы бар,
Маанисин ошол сөздүн түшүнүп ал:
«Кулдарга кудай мээрим, сыйын төксө,
Адилетти аркалап жол көрсөтсө.
Бактылуу күндөр билим үйүн тиксе,
Кичине да чыга алат бийиктикке!»
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
Кайрадан Акдилмиштен сурады Элик:
«Билимдүү өз билимин алды кантип?
Окуу менен акылын өстүрдүбү,
Болбосо төрөлгөнбү ал билимдүү?»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Айтты Акдилмиш ойлонуп жообун тактап,
«Айтууга умтулайын баарын баштап.
Кудайым төрөлгөндө берсе сезим,
Окугандан ал ачаар билим көзүн.
Окуганда, жакшы ойлор болсо жөлөк:
Зээни болсо — үйрөнөт, окуйт — билет.
Окуу — бул көп билимге кепил келет,
Жакшы кызмат элдерге — илим берет.
Тагдыр акыл бербесе төрөлгөндө —
Тилегине жете албайт андай пенде.
Да бир сөз: уулум зирек болсун десең,
Жаштайынан окуткун тажабай сен.
Ким жашынан көп окуп билим алат,
Бойго жетсе тилеги орундалат.
Окууда тырышчаактык берет жемиш,
Илим, билим — дөөлөткө кенен өрүш.
Илим, эрдик — күчтүү да окуу менен,
Акыл оюң — бир болот төрөлгөндөн.
Бул тууралуу бар экен түркчө макал,
Пайда тиер, ошону эсиңе ал:
«Окуу сага билимди берет экен,
Акыл-эсти кошо албайт анткен менен.
А акыл, кудай өзү сага берген,
Күч алат, тазаланат окуу менен!»
Акыл — сөзсүз энчиси кудайымдын,
Билим көптү адамга берери чын!
Акылдуу бардыгынан бийик турат,
Көп сапаттын устүнө акыл чыгат.
Наадандарды адам деп айтып болбойт,
Айткандары көңүлгө такыр толбойт!»
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
«Түшүндүм,— деди Элик,— айтканыңды,
Жооп бер, дагы менде суроо калды.
Акылды сен окуудан айрып бердиң,
Айтчы, акылдын милдети кайсы экенин?
Акыл кайдан башталып, кайдан чыгат?
Акыл качан жетилет? Кайда тынат?
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
«Акыл — чоң баа,— деди ал,— кудай колдойт,
Мындан артык энчини эңсеп болбойт.
Адамдын бар акылы мээде болот,
Асыл нерсе ар дайым башка конот.
Акылы адамзаттын бекем кишен,
Чындык менен адепти кармап жүргөн.
Кудайым кулдарына тандап алган,
Билимден — тил, оюна кишен салган.
Билимдүү — тирүү, өлүк — билимсиздер,
Билимсиз — билимдүүгө теңелип көр.
Түшүнгүн: караңгы үй — адам деген,
Жарык күн ага келет билим менен.
Жакшылыкты бир гана акыл берет,
Билимден — урмат, атак кошо келет.
Ушул эки сапатта — улуу маани,
Жакшылыкка алпарчу багыт дагы.
Акылы адамзатты малдан бөлөт,
Дүйнөдө — акылга эмне туура келет?
Бул сөзүмө бир макал келгенсийт эп,
Акылдуу макалдардын пайдасы көп:
«Адамды айбандардан айрыйт акыл,
Билими артык болсо — ошол асыл.
Акылдуу бол, теңелбе айбандарга,
Акыл-эске — сөз болсун кошул-ташыл!»
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
Элик угуп бул жоопту, айтты дагы:
«Жооп берчи бир сөзгө эми жаңы.
Акылдын сапаттарын толук айтчы,
Бул сөздө негиз кайсы, маани кайсы?
Маңызы мунун эмне, баркы кандай,
Жашы канча, жана да, наркы кандай?»
27. АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ АКЫЛДЫН МААНИСИН АЙТАТ
Айтты Акдилмиш: «Акыл-сезим негизи,
Акылдуу — адилет да байлык ээси.
Жаш болсо да, жакшы иши андайдын,
Иши менен жакшы атанат ал дайым.
Жоомарттын дили да ак, токтоо дагы
Эл менен мамилеси орундалуу.
Кайрылса, кайда болсо — иши бүтөт,
Сүйлөсө сөзү орундуу — ойго жетет.
Маңдайы жарыктардын — иши жарык,
Сүйлөшкөндөр калышат курсант алып.
Акылдуу жакшы жолду таба билет,
Керегине тартынбай таамай кирет.
Түшүнбөстү тез эле түшүндүрөт,
Кандай түйүн болсо да чече билет.
Оңду, солду, алды, артын — таамай көрөт,
Баарын билип, баарына мөөнөт берет.
Учканды — илип, куткарбайт — качкандарды,
Кыйшыкты оңдоп, тез жалгайт сыныктарды.
Акмак жандар акылды эңсеп айтат кеп:
«Акмак башка акыл качан токтойт?» деп.
Койбопсуң кешигиңден чымчым берип,
Акыл жокто, чынында жүрөк өлүк!
Акыл — чырак түндөсү сокурга — көз.
Денеге — жан, үндөбөс дудукка — сөз!»
Акылдуу ага арнаптыр мактоо сөзүн:
«Досумдун, бардыгына — негиз өзүң.
Чынчыл акыл ийилбей, дайым түптүз,
Түз болот да ошондой адилет иш!»
Акылдуунун эң таанымал мөөрү бар:
Илим, билим токтотпой илет алар.
Акылда жакшылыктын башталышы,
Өзүндө баары түгөл, баары жакшы.
Шашылбайт, салмак менен ишин баштайт,
Эң алгач баарын ойдо бүтөйт, тактайт!
Жаштар да, ишин билсе, баалап аны,
Айтышат бүт арманын элдин баары.
Сен дагы бул сөздөрдү ойлонуп көр,
Түшүнсөң — жакшы ойлору көмөк берер:
«Жигиттен да терең акыл-ой чыгат,
Акыл-билим кайда болсо — издеп тап!
Жашта — сүйүү, карысында — мархабат,
Жүргөн жакшы акыл жүгүн аркалап!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
Кубанды бул сөздөрдү Элик угуп:
«Акылдуу, билимдүүсүң, дилиң улук.
Кудайым сага мээрин аябаптыр,
Өзүңдү бир кудайым мага арнаптыр;
Түйшүк оор, эл жүгү ырыс туум,
Ден соолугу чың болсун жардамчымын.
Жакшылык деп жүргөндүн,— жүгү кыйын
Көтөргөндүн колунда — жакшы жыйым.
Жүгүмдү алсаң мендеги — дөөлөт келет,
Ишиң менен көмөктөш, байлык берет.
Кудай берсе өзүмө кубат-күчтү,
Кайрырмын үч эселеп кылган ишти.
Мен билем кызматыңда ак дил, таксың,
Аракетиң жасаган — мага урматың.
Адал иштин бар болушу иш менен
Өзү эмес, бек пайдасын көздөгөн.
Кызматкер айткан сөзүн баамдачы,
«Кызматкер жакшы болсо — беги барктуу!
Бек кубанаар жүзү жарык, шаттанып,
Кызматкери ишин турса аткарып.
Эстүү кулу бектин оюн так билет,
Бек ошондо жыргал доорун шат сүрөт.
Кызматкери салмагын жүктүн алат,
Бегине жакшылыктын жолун чабат.
Мындай кулду бек өзү тапкан болсо,
Кудай ага ак жолун бергени ошо.
Бектери бүт дүйнөнүн мурда өткөн,
Андай кулду эңсешип өтүп кеткен!»
***
Аалам калкы бактылуу жашап бүтүн,
Эликке дуба кылат арнап кутун.
Алыскы, башка жактын элдери да,
Көрсөк дешип самашып келди буга.
Жылдар жылга, күндөр күнгө алмашты,
Элик бийлеп адилет, бак жалгашты.
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
Бир жолу Акдилмишке Элик айтты:
«Ойлонуп, берээр жоопту билип айтчы:
Белгилүү денеде бар жети мүчө,
Ар биринде милдет бар өз-өзүнчө.
Эмне экен көңүл-кубанч, көз-кубанчы,
Экөөнөн мага керек үлгү кайсы!
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Айтты Акдилмиш: «Жүрөктүн кубанычы,—
Кол жетпеген дүйнөгө болот арзуу.
Арзыганын бир көрсө — көз кубанат,
Көксөгөнүн колго алса — кумар канат!»
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
Элик деди: «Акдилмиш, айтчы мага,
Сүйүүнүн белгилерин бирден сана.
Сүйөмүн деп далайлар төшүн урат,
Мындай иштин артында эмне турат?»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Айтты Акдилмиш: «Урматтуу, кутман Элик!
Сүйгөндөр дароо тааныйт жүзүн көрүп.
Бардык нерсе көзгө жакшы көрүнөт,
Сүйүнгөнүңдү жүрөк сезет, билинет.
Билгиң келсе сүйөөрүн же сүйбөсүн,
Сурап көргүн жүрөгүңдөн сен өзүңүн.
Сүйүшкөндүн жүзүндө белги болот,
Көздөр көзгө чагылса билип коет.
Бул тууралуу бир акын сөзүн айткан,
Окуп билгин маанисин, акылдуу жан:
«Сүйүшкөндөр кимдигин — жүздөрү айтат,
Сүйлөшсө, жашыра албайт — сөздөрү айтат!
Сүйөрүн же сүйбөсүн келсе билгиң,
Билесиң, бир тигилип жүздөн байкап!»
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
«Түшүндүм,— деди Элик,— эми баарын,
Жооп бер, башка собол мен таштаймын.
Керектүү сөз сурайын дагы сенден,
Айтып бер, акылдуусуң сөзгө кенен.
Акдилмиштин Эликке берген жообу
Деди Акдилмиш: «Ардактуу, кутман Элик,
Бектерди билимдери даңктайт бийик.
Бектин өзү акыл, билим кени да,
Кулдун сөзү — кургак сөздүн жели да.
Суроо оңой, жооп табуу кыйын да,
Куду Эликтей билим керек чынында.
Эликке оңой болду, мага — татаал,
Ырайым кыл, Элигим, болбо катаал!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
«Сураганга,— деди Элик оор болот,
Билбегенин сурашат боолголоп.
Демек, мен сурап жатам,— айын көрбөң,
Мен сурайм, бере турган жооп сенден!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Айтты Акдилмиш: «О, Элигим, тирегим!
Сүйлөгөндөн тыңшоо жеңил билемин.
Сүйлөгөн — өзүн кыйнап отко салат,
Уккандар — жаны жыргап сергип калат.
Баалачы, айткан сөзүн сынчы адамдын;
«Сөздү азайтып, көп болсун тыңдаганың!»
Тыңшагандар — жакшы ойдон акыл табат,
Сүйлөгөндөр — сөз издеп куру калат.
Жакшы сөздөн бир сүйүнөөр кулагың,
Куру сөздөн билбейм пайда чыгаарын.
Көңүлдө сөз катылган алтын болот,
Көп сүйлөсө жез сымал баркы оңот.
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
Элик айтты: «Эң туура айткан жообуң,
Бакыт аттуу байланган курдуу болдуң!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Айтты Акдилмиш: «Урматтуу Элик кутман,
Мага жагат кулдук ат өзүм туткан.
Бегине кызмат кылуу кулдун иши,
Жеткенче аркети, кубат-күчү.
Билгенимди айтайын — эгер уксаң,
Билбегеним — кечиргин, Элик утман!»
28.БЕКТИККЕ ЫЛАЙЫКТУУ БЕКТИН КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕКТИГИ
ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Элик айтты:— Көңүлүңдү бурайын,
Сенден азыр бул суроону сурайын:
Кудайым жаратыптыр элдин баарын,
Улуу, кичүү, жакшы да жамандарын.
Акылдуу, акмактары, бай, кедей бар,
Илимдүү, билимсиз, момун, куулар.
Баарысын башкарчу бек кандай болот,
Даңкы артып — хан ордосу кантип толот?
Өлкө гүлдөп, эли жыргап байыса,
Даңкы чыгып, өссө адам саны да.
Казынасы күмүшкө толуп турса,
Күчүнө душмандары кулдук урса.
Чындык менен заңы төп келсе дайым,
Чериги күчтүү болуп турса дайын.
Бүт ааламга тараса, бектин даңкы
Күндөн күнгө мөмөлөп артса баркы.
Өлгөнүнчө жашаса жыргап күлүп,
Бийлик кылса бир гана өзү билип?»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
«Түшүнчү, кутман Элик,— деди Акдилмиш,
Кыйын суроо, оор го айтып бериш.
Бектин ишин дайыма бектер билет,
Заң жакшысын жаратып, алар берет.
Энеден бектик үчүн төрөлүшкөн,
Бул ишти алар окуп үйрөнүшкөн,
Кудай кимге башында берсе бектик,
Жүрөгүнө жаратат адилеттик.
Бек кылып жараткан соң кудай аны,
Акыл, билим андайга кошот дагы.
Бектин жолун — дайыма бектер билет,
Бек болуучу адамдар тез үйрөнөт.
Мен эмес мындай ишти Элик билет,
Атасы бек болучу, өзү да бек!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
Деди Элик: Баары чындык саналуу,
Туура сөздөн жыпардай ой тарады.
Иш кылган, дайым иште сүңгүп жүрөт,
Жаман, жакшы экенин — көргөн билет.
Мен иштедим — өзүң көрдүң натыйжасын,
Билишет башкалардан иш пайдасын.

Кудай сага акыл-эсти берди арбын,
Билимди да үйрөнүп жакшы алдың.
Кызматыма киргенде кичине элең,
Ак, караны тааныдың иш үстүнөн.
Бардык ишти аткарып жетти колуң,
Берилген жалгыз мага ишиң, оюң.
Ишенгенге жан сырын айтат адам,
Ишенгендер баш уруп иштейт анан.
Дил-оюң ак, ишенемин сырдаштым,
Сен да ишенип, үнсүз карап турбассың.
Ишенимдүү киши айткан сөздү унутпа,
Ишеним — адамдарда эң ыйык да:
«Акылдуулар макташып иштегенин,
Ачык туткан андайга ойдо кебин.
Жакшы достон айрылба, карма бекем,
Мени ушинтип үйрөткөн, ушул-жөнүм!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Акдилмиш дейт: — Элге өкүмдар, дабасың,
Узак жаша, даңкың ташып тарасын!
Бек болушка татыктуу адам керек,
Күчтүү, өткүр, сабырдуу, баатыр жүрөк.
Атасы бек болгондун — уулу да бек,
Теги бектер — бек болот өзү демек.
Андайга акыл менен билим керек,
Жакшы мүнөз, жылдыздай жанып кетет.
Эл башкарган бек болсо билими мол,
Ишин иштейт ой менен — орундуу, зор.
Бектердин өзү да бек, билими бек!
Бектердин көп нерсени билгени эп!
Акылдуу, эстүү болуу — эң чоң көмөк,
Билимдүү, эстүүнүн да душманы көп.
Айтканын акылмандын тыңшап укчу,
Көптү көргөн адамдын ою мыкты:
«Бек болсун акылдуу да, кыраакы да,
Бөөдө кырсык кокустан баспайт анда.
Сандаган жакшы сапат ага лаазым,
Ошондо атак-урмат келет ага!»
Улуу адамдын баарысы дүйнөдөгү,
Акыл менен даңк алган, билгин эми!
Тукуму жакшы болсо уулу жакшы,
Жакшылар дайым төрдөн орун алчу.
Бек, даража ыйык да — абийир менен
Бектин наамын жакшылап тутканы жөн.
Баатыр — башчы дайыма элге керек,
Ыйык иште — иши да улуу делет.
Өтүкендин 1 бегинин айтканын ук,
Көптөр анын баалаган сөзүн угуп:
«Эл үчүн адилеттүү башчы керек,
Калкына көңүл, сөзү болсун жөлөк.
Монголиядагы жердин аты.
Элге жак, акыл-эстүү, жоомарт болгун,
Ардактуу айкөл деген атка конгун.
Ар ишиң жакшылыкты жетелесин,
Ак мыйзам, абийир, чындык көкөлөсүн!»
Мындай бектер — элине болот башчы,
Уругу анын тектүү — жолу жакшы.
Ар иштин көзүн билип баштоо керек,
Андай иш натыйжалуу, оңой бүтөт.
Элди да билим менен башкаруу жөн,
Билимсизди эл тыңшап угат бекен?
Бек жаңылса, анда анын куту качат,
Бийлиги кулай баштайт,— дарыла бат.
Ал кеселди дарылайт илим, билим,
Акыл табат айыкпас кесел жигин.
Бек болсо — акылдуу да, билимдүү да,
Кесел кетип, жайына келет анда.
Эгер бек билимдүү да, эстүү болсо,
Эки дүйнө даңкы ашат дал ошончо!
Эки дүйнө даңк алган эстүү адам,
Даңкы да, бакыты да татыйт аган.
Бул тууралу акындын таамай сөзү,
Айтылган, түркөйлөрдүн — кулак, көзү:
«Бакыт издеп тайгак жол жүрбөгөн ким,
Кутка, тунуп кырсыкты билбеген ким?
Ким март болсо, аябай колдогусун,
О дүйнөдө бейиштин ээлер төрүн!»
Бек болсо пейли түз да, чынчыл дагы,
Өмүр бою бейпилдик коштойт аны.
Бирөөгө кудай берсе асыл мүнөз,
Жакшы сапат жана да чоң акыл-эс.
Андайга байлык келет көтөргүс жер —
Өзүң алгын, кааласаң бөлүшө бер!
Кудай берсе кулуна — байлык, бакыт,
Бардык иши жарашат ашып-ташып.
Миң-миңдеген сапаттар керек бүтүн,
Бүт дүйнөнүн элдерин бийлеш үчүн.
Жакшы иш жасап адамга болгун ийги,
Ал анын — ичер ашы, кийер кийми.
Кудай берсе кулуна мүнөз осол,
Жебе менен тешилип өлгөнү ошол!
Эгер бекте бар болсо жаман адат,
Андайдын иши чала, арам — тамак!
Бек болсун такыбаа да, сарамжал да,
Камкор да,— келечекки урпактарга.
Сак кишилер дайыма коркок келет.
Жүрөк корксо — иштеген иш адилет.
А эгер боло албаса бек адилет,
Калайыкка пайдасы жок да демек.
Сак болсо башкарган бек, сонун экен,
Ал тизгинин бийликтин кармайт бекем.
Кыйындыктан чыгарган акыл иши,
Өкүмдарга эң керек билим күчү.
Ишти аткаруу — энчиси акылдуунун,
Наадандарды жумуштан алыс куугун.
Билип ал: ташбоор адам сокурга тең,
Ташбоорлукта — акыл-ой болот бекен?!
Сөзүн ук эл башкарган өкүмдардын,
Көп көргөн, токтоо, сылык ою алтын:
«Кимде эгер акыл болсо, таасын билим,
Ошону адам дегин, мактап жүргүн.
Кимдерде болсо акыл илим-билим,
Кичисин — зор, жаманын — жакшы дегин!»
Акылдан элге жыргал — бакыт келет,
Акылдууну даанышман атоо керек.
Шашмалык, акылсыздык, текебердик —
Буларды акмак, наадан жандан көрдүк.
Шашмалык — бышпаган иш, чийки талап,
Бышпаган аш адамды оору кылат!
Ар ишти акыл-ойдо тактап жүргүн,
Тактап алсаң иштөөгө шаша билгин.
Ач көз болбо, абийирди бийик карма,
Сөздө, иште адилет болгун жанга.
Тойбос болот өмүрдө ач көз киши,
Ач көзгө аздык кылат дүйнө жүзү.
Ач көздүк — кесел болот айыкпаган,
Дүйнөдө эмчи күчү жетпейт аган.
Ач калганга аш берсең — карды тоет,
Ач көздөрдү тойгузар өлүм болот!
Ач көздөрдүн ичинде байы болбойт,
Дүйнөнү бүт жесе да карды толбойт!
А бектер абийир менен болот бийик,
Абийирдүү иш — ар дайым турат жүрүп!
Абийири бар адамдар таза сүттөй,
Уятсыздын иши да калат бүтпөй.
Жараткан кимге абийир, берсе уят,
Андайга сансыз байлык сыйлык кылат.
Жаман иштен сактаса — абийир сактайт,
Жакшы ишке баштаса — абийир баштайт.
Адамды абийир-ою сүрөп турат,
Жасоого жакшы иштерди көмөк кылат.
Ак болсун жүрөгүң да, сөзүң дагы,
Эл байлыгы, түркүгү мунун баары!
Эгер болсо өкүмдар кыянат жан,
Эл тагдыры анда эле оор абдан.
Бегинин иши, сөзү болсо кургак,
Ал элдин куту качат, болбойт куунак.
Сөзгө турбас бегиңден үмүт этпе,
Өмүрүң коркунучта, кырсык — бетте.
Бек сак болсун — жана да токтоо, кайрат,
Шалаакылык — кырсыкка такап салат.
Бектерде эки нерсе болсун дагы:
Бири — заң, бири — сактык — өлкө камы.
Бек сак болсо, бийлиги анын күчтүү,
Душманы башын ийип, тизгинделүү.
Эгер бек жакшы тартип түзсө колдоп,
Ал жерде өлкө гүлдөп бейиш болмок.
Эки нерсе мына ушул бийликке тең,
Эки нерсе тең болсо бектик бекем.
Сактык менен жоонун мизин кайтарган,
Угуп көрчү баатыр кандай айта алган:
«О, бектер! Эгер жакса Элик камы,
Кошулуп күчөткүлө силер да аны.
Бектердин иши менен бийлик турат,
Бек жалкообу — бийлиги калат кулап!»
Сак болгун,— баш көтөртпө душманыңды,
Тартиптүү, бейпил кылгын турагыңды.
Бек күчүнө эки нерсе зыяндуу,
Ийри жолго түз жолуңдан бурат бу.
Эки нерсе — шалаакылык жана эзүү,
Экөө менен бек элин бузат дечү.
Душманыңды бек кармап турам десең,
Көз, кулакты дайыма сак карма сен.
Камкор бектер душманын жексен кылат,
Шалакылар — өлкөсүн жоюп тынат.
Шалакы бек бир дагы жакшы иш кылбайт,
Шалакы бек — бек болуп көпкө турбайт.
Шалакыга — сак болуу жайылган тор,
Бейгам болсоң — тосулат жеңишке жол!
Душманы кол көтөрбөйт, сак болсо бек,
Кол көтөрсө — акыл-билим болот жөлөк.
Бийликти, зомбу, эзүү кармай албайт,
Күчтүүнүн зордугуна эл чыдабайт.
Угуп ал акылмандын айткан сөзүн:
«Башкара албайт узакка элин залим!»
Зомбулук — өрттөп кетчү кызыл жалын,
Заң болсо — жер көгөртчү суусу анын!
Эгерде көпкө бийлик кылам десең,—
Тартип чыңоо — биринчи милдет де сен.
Заң болсо — өлкө гүлдөйт, дүйнө гүлдөйт,
Зордукта — өлкө, эркиндик жашоо билбейт.
Залим күчү далай ордо, шаар бузду,
Антсе да ачкалыкта өмүрү учту.
А бектер — тартип билген, көңүлү ак,
Байыртан бийлик менен келе жатат.
Кутман Элик! Баарынан да уят ушу,
Бектердин эң жаманы — жалганчысы.
Бек болсун иште дагы, сөздө да түз,
Андайга эл ишенет, оңолот иш.
Калпычынын иштеген иши калпыс,
Жалганчылар — алдамчы, жүрбөйт ансыз.
Угуп ал, айкөл жандын айтканы ушу,
Айкөлдүк — ар сапаттын туу чокусу:
«Жалганчынын ниети кара болот,
Кара ниет жандарды мал деп коет.
Алдамчыдан ишеним күтпөй жүргүн,
Андайдарды жаныңдан алыс жогот!»
Адам болсо — тайманбас, баатыр болсун,
Кайрат менен кыйратып жеңсин жоосун.
Баатыр болсун тартынбас аскер башы,
Суу жүрөктө кайдагы кайрат, айтчы.
Коркокторго тайманбас болсо башчы,
Коркок дагы тайманбас кайрат тапчу.
Буга бир төмөнкүдөй далил сөз бар,
Бул сөздүн түп маанисин түшүнүп ал:
«Иттерге башчы болсо баатыр арстан,
Иттер да арстан болот андан ашкан.
Арстандарга ит башчы болор замат,
Арстандар итке айланат арсылдашкан!»
Бек дайыма ак көңүл болгон жакшы,
Пейли актын иши да салабаттуу.
Бек март болсо, анда даңкы зор болот,
Даңкы зорбу — өлкө бекип, кут конот.
Анда анын улам толуп аскери ашат,
Аскери күчтүү болсо баарын басат.
Эсиңе тут жеңгердин не дегенин:
«Олжо тапсаң — сыйлыкты арбын бергин!
Жегиз, ичир мансабын талдабастан,
Олжо бүтсө — чапкының кайра баштан.
Март баатырдын олжо-мүлкү жолунда,
Ылаачындын алар жеми колунда.
Колдо курал турганда адам баатыр,
Олжосуз каламын деп коркпойт такыр!»
Жеңишчил акылман бек байлык табат,
Аскер болсо — олжону өзү алат!
Эл коргоого жер майышкан кол керек,
Кол кармоого — дүйнө, курал мол керек.
Элиң байбы, эл кошкон киреше көп,
Эл баюуга жакшы заң, тартип керек!
Таянычтын бири кетсе, баары кетет,
Төрт таяныч тең куласа, бийлик бүтөт.
Бектерге алыс болор беш нерсе бар.
Аларсыз бектин даңкы кайдан жанар.
Бири — шашма, экинчиси — сараңдык,
Үчүнчүсү — залимдик да, наадандык.
Төртүнчүсү — бузуктук, кежир болуу,
Бешинчиси — калп айтуу, чоң уят бу!
Бектерге бузуктуктан качуу керек,
Атак-даңкы ошондо өсүп-өнөт.
Эң жаманы баарынан — өжөр делет,
Өжөрлүктүн аягы абийир төгөт.
Акын айткан буларды бир аз бөлөк,
Түшүнгүн — акын сөзү таамай келет:
«Өжөрлүк — оор жүктөй артка тарткан
Өжөрдү ит деп коет үрүп жаткан.
Душман кылбас ишти да өжөр кылат,
Айрымасы барбы анда өжөр — душман!»
Эгер Элик көп жерди ээлейм десең,
Үч нерсени так аткар дайыма сен:
Оң кол менен душманды алсаң талап,
Сол кол менен олжону кенен тарат.
Бардыгын ширин сөзгө алгын анан,
Улуу, кичүү — муюшат баары саган.
Мунун баары бектикте керек, Элик,
Ардактайт эли төрдөн орун берип!
Анан да жумшак болсун, ырайымдуу,
Бардык жерде кармасын так ушуну!
Дили ак, болсун дайым колу ачык,
Сый берсең ченебестен салгын чачып.
Эгерде бекте болсо бул сапаттар,
Жолобой арамдыктар алыс качаар.
Мындайга эли берет даражаны,
Эл тандаган адамда кемтик барбы.
Анда ага аалам эли башын ийет,
Андай бек баарын бийлеп доорон сүрөт,
Кууп чыгат текебер, зулумдарды,
Экинчи келбет кылып мындан ары!
Акылсыз, уятсыздык, шашмалыктар,
Жакшы адамда түк болбойт бул сапаттар.
Жаман менен бек адам дос болбосун,
Жакындатсаң — кырсыктан оңолбойсуң,
Бекти — ак, кул-кутанды — кара дешет,
Ак-кара жакындашпайт, алыс өтөт.
Эгерде жакшы өкүмдар болом десең —
Бек карма жол-жобоңду дайыма сен!
А эгер бектин иши кара болсо,
Жамандардын ичинен жаманы ошо.
Бек болсун өзү сылык, турсун күлүп,
Орто бойлуу — анан да ою күлүк.
Жылдыздуу адамдарды баары сүйөт,
Баары карап, көз тоет, бүт жүгүнөт.
Душманын тартынбастан катуу согот,
Көзү менен от чачкан алып коет!
Зуңкуюп узун болсо ал да болбос,
Корто болсо, анда да көзгө толбос.
Бойлордун эң жакшысы — орто бойлуу,
Андайлар көзгө толум, терең ойлуу.
Көптү көргөн адамдын айтканын ук,
Башынан көп өткөргөн ошончолук:
«Кортолор, сымбаты жок, тутангыч,
Туталануу — кырсыктын жолу жалгыз.
Орто болсун бардыгы — дене, боюң,
Ишиңди орто карма, болбойт ансыз!»
Бек качсын шарап менен бузуктуктан,
Бул экөө — бакытыңды кууп чыккан.
Ичимдикке — өкүмдар жакын болсо,
Анда элине эң кыйын — азап ошо.
Өкүмдар кумар ойноп кетсе дайым,
Элин бузуп, тилемчи болгону анын.
Өткөрсөң бектик ишти — кайрып болбойт,
Учун кеткен чымчык да кайра конбойт.
Акылдуунун сөзүн ук нааданга айткан,
Жемелеген кайткын деп ичкич аттан:
«Аракеч — кулкунуңдун кулу болдуң,
Мойнуңа тилемчилик минет, койгун!»
Кедей ичсе түгөтөт өз тапканын,
Бектер ичсе — ач кылат элдин баарын.
Байлыкты шарап жутат — кайтпас душман,
Ичкенди чырдаштырып, мушташтырган.
Ичип алган ажырайт акылынан,
Акылсыздар — акылман болот кайдан?
Жакшы адамдын айтканын угуп алгын,
Пайдасы көп, ичкичтер, сага анын:
«Ичип алсаң — адамдык унутулат,
Айбандыгың ачылып тышка чыгат!»
Ичимдик канча жаман ишти баштайт,
Канчалык жакшылыкты кууп таштайт!
Эгерде бек баштаса кумар, шарап,
Өлкө иши өөрчүбөй артта калат!
Бузуктуктун чуусуңан — бакыт качат,
Бек бузулса — өзүнө өлүм, уят!
Бакытты түзүп турган негиз ушу;
Жакшы иштер — жакшылыктын таянычы.
Бек болсо — бузук жана ичкич, куйту,
Эли анын бүт шалаакы, ыйкы-тыйкы.
Кемчиликти четтетип бек күрөшөт,
Бекте болсо кемчилик — ким кой демек?!
Таза суу — кир кетирет жууса, бул чын,
Чыла менен эмнени тазалайсың?
Эмчи сага оорусаң дары берет,
Эмчи ооруса, анда аны кимдер көрөт?
Бекте болсун, татыктуу эң көп сапат,
Анда эли — бек артынан сапар тартат.
Эгер бектер заң, тартипти турса тутуп,
Анда элинде сакталат салмактуулук.
Бул сөздү төмөнкү ыр коштоп турат,
Түшүнгүн, түп маанисин ойлоп, сурап:
«Өкүмдар тандап алса кандай жолду,
Элдин да ошол болот баскан жолу.
Өкүмдар жакшы жолго түшкөн болсо,
Элдин жетет бакытка сунган колу!»
Дагы айтаарым, эң жаман текебердик,
Текеберлер — ак жолдон алыс дедик.
Аты чыгып даңкталган бектин баары,
Бой көтөрбөй башкарган, элин жакшы.
Сөзүн ук, көптү билген бир адамдын,
Түшүнгөн көптү көрүп, билген баарын:
«Бектин баары, текебер, бой көтөргөн,
Акыр түбү элине жек көрүнгөн!»
Жөнөкөйдүн энчиси дайым колдо,
Текебердик калтырар ара жолдо.
Текебер, бой көтөрмө — жүрөгү муз,
Жөнөкөйлүк көңүлдү көтөрөт жүз.
Бек болсун жөнөкөй да, жүрөгү ак,
Ташта оюңду болбосо — мындай сапат!
Бек болсун эң жөнөкөй, ачык мүнөз,
Кечиримдүү, сактабас ичке кек эч.
Ишенимдүү — ишке да эң жөндөмдүү,
Боорукерлер дайыма ишенимдүү.
Башчы бек элге болсун дайым камкор,
Боорукер өз элине болсун ошол.
Камкордук, адилеттен атак алат,
Каалаган максатына түп-түз барат.
Камкордукту билбеген өлүккө тең,
Эки дүйнө алкоосуз өтөт экен.
Элине камкор болуу, бийлик камы,
Чечкиндүүлүк — чынында бийлик жаны.
Бийлик менен тартипти түзөт бектер,
Бийликтин күчү менен корголот эл.
Бул сөзүмө бир далил мына бул ыр,
Далил деген бүт иштин өзөгүдүр:
«Келишкен ордо-сарай — бийлик көркү,
Күчтүү бийлик — ал улуу элдин эрки.
Бийликтин күчү менен кемтик толот,
Баш-аламан, козголоң болбойт дечи!»
Түркүгү өлкөнүн да, сөздү уккун,
Эки нерсе, эки тамыр, эки устун:
Ак саясат — бул анын биринчиси,
Экинчиси — тартиптүү аскер иши.
Анда эл саясатка башын урат,
Аскер да камкордукка дайым тунат.
Ушул экөө катар болсо бегинде,
Эркин жашоо бейпил турмуш элинде.
Өлкөдө заң болбосо адилеттүү,
Эл чүнчүп, а душманың болот күчтүү.
Жакырланса өз элиң кайыр сурап,
Бийлигиңдин тиреги кулайт урап.
Бек аскерин турбаса таптап, сынап,
Дат басып, кылычтары иштен чыгат.
Күчтүү болсо куралы — өкүмдар бек,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 18
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.