Latin

Куттуу билим - 19

Total number of words is 4176
Total number of unique words is 1950
29.4 of words are in the 2000 most common words
43.7 of words are in the 5000 most common words
51.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Жардам сурап келгенге — берет жардам.
Бирине алтын-күмүш белек берет,
Башкасын орун таап, ишке бөлөт.
Ким ишине берилген жан-дилинен,
Ким начар, кызматында эптеп жүргөн,
Ким ишке эң жарактуу, пайдасы бар,
А кимдин жакшы экенин майнап чыгаар,

Ал бекке баарын айтып түшүндүрөт,
Бүт тактап, бөлөт, сыйлайт, ишке чегет.
Анан чыгып бегинен ак көңүлдөн,
Келгендерди кубантат орду менен.
Көрсөтөт кайда туруп, кайда отурат,
Бардыгын эч кынтыксыз тындым кылат.
Бөтөн жактан келгенди — таанып билет,
Баарына ак көңүлдөн салам берет.
Тамак алып келгенде карап турат,
Чаласын көрүп калса толуктатат.
Ичимдик берилгенде — аны тескейт,
Жаман колдун тийбесин катуу көздөйт.
Дасторкон жыйналганда — кайра тескейт,
Бек кешигин таркатат, баштап-көздөйт.
Тамак-ашты таратып бардыгына,
Ички-тышкы элдерден калтырбаса!
Бектин баркын көтөрөт эки нерсе:
Сайган туу босогодо, ашы төрдө,
Ушул экөө ордонун даңкын кошуп,
Бек бактысын узартып турат созуп.
Бири хажиб бардык ишин карай турган,
Экинчи ордо башы — тартип курган.
Бул экөө тең — ордонун даңк, сыймыгы,
Ордо даңкын чыгарар экөө ушу.
Идишчи, төшөкчүлөр, ашпозчулар,
Баарына көз салышат мына ушулар.
Кушчу, жаачы, капканчы — бардыгына,
Сөзүң менен багытты бергин туура.
А түгүл кетсең дагы өз үйүңө,
Конокко досторуңдан ала жөнө!
Каалаганча коноктор ичип-жесин,
Кеткенде белек берип жөнөтөрсүң!
Өзүңдүн болсо болду атың, тонуң,
Калганы досторуңа белек болсун.
Ордого бөтөн киши өзү келсе,
Кабылдап, жай таап берип, чегер ишке.
Көз салса кызматчыга көбүн эсе,
Аш берет, ат да берсе, кийиндирсе!
Баарынын алы-жайын билген жакшы,
Ачпы, токпу, кийими бүтүн же айрыкпы.
Бирөөнү турган болсо кырсык басып,
Толтургун жоготконун ажат ачып!
А бирөө кабылдоого келбей кетсе,
Билгиниң сураштырып, айткын бекке.
Сыркоонун алын билип, кирип чыккын,
Тентекти териштирип — катуу туткун.
Кызмат кыл өкүмдарга —ак дил менен,
Кубанса өкүмдарың, жолуң кенен.
Сөзүн ук, ак кызматын кылган жандын,
Ак кызматтан барк алган бир адамдын:
«Кызматчынын бегине адал иши,
Кызмат десе ак дилден жансын жүзү.
Болсо эгер кызматкери ишенимдүү,
Анда бектин бийлиги түбөлүктүү!»
Ким эгер ач көз болбой ак иштесе,
Бегине пайда тилейт жүз, миң эсе.
Пайдабы коко тикен — башымды ийем,
Пайдасыз, гүл болсо да — түбүн үзөм!
Ишенимдүү кызматчыга көңүл бөлөм,
Аны мен жаман уулдан артык көрөм.
Тууганың кастык кылса — тууган кылба,
Пайдалуу досуң болсо баалап сыйла!
Тилиң жумшак, сөздөрүң ширин болсун,
Пейлиң ак, чырайың нурга толсун.
Бүркөө кабак, ачуу сөз — салат жарат,
Өмүр бою жүрөктө уусу калат.
Бул тууралуу жакшы ыр бар, унутпагын,
Пайдалуу жаттап алгын ар бир сабын:
«Жаман сөз, сөгүп кирсе эпсиз боктоп,
Жүрөккө ысык жалын, денеге ок.
Эң катуу жараттан да айыгарсың,
Тилден алган жараттан айыгуу жок!»
Кээде бек атка минип, жоого чыкса,
Куш салып, чавган 1 ойноп, эл кыдырса.
Мындайда бекти өзгөчө сактоо керек,
Ар кандай кырсык четте болсун демек!
Ар түрлүү кырсык болот, алдын алгын,
Ат үстүндө — куш салып, чабышкандын.
Ишенимсиз адамды — жакындатпа,
Аларды алыс карма, жакын жатпа.
Ишенимдүү, тартынбас адамдарды,
Бек жанынан кетирбе — сен аларды.
Кошуундун алдында да — болсун сакчы,
Артына койдургунуң баатырларды.
Болобу кичине топ же чоң кошуун,
Алыскы, жакында да тартип болсун.
Ордодо турчу, отурчу орундар бар,
Кошуун да, болсун дайым, ордун табар.
Ишенимдүү, тартиптүү болгон жакшы,
Ушундай болуу керек, элге башчы.
Ордо башы ушундай адам болот,
Бектин ишин тууралап жолго коет.
Мен айттым, өзүң уктуң, кутман Элик,
Таап ал ушундай жан тандап көрүп!»
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
«Түшүндүм,— деди Элик,— көңүлүм жай,
Жаңы собол дагы бар мына мындай.
Сен билесиң, албетте, бардык бектер.
Башка элдерге жиберет көп элчилер.
Улуттук ат оюну
Айтып берчи, билгениңди сен демек,
Кандай адам элчиликке төп келет?
Бек ишенип жөнөтөөр ошол элчи,
Кандай болот сен мага айтып берчи?»
33.АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ ЭЛЧИЛИККЕ БАРЧУ АДАМ КАНДАЙ БОЛОРЛУГУН
АЙТАТ
Жооп берди Акдилмиш: «Кутман Элик,
Бул ишке да билимди жумша билип.
Элчиге өзгөчө бир сапат керек,
Билими, илими артык болгону эп.
Кудайдын кулдарынын арасынан,
Элчи болот мыктысы баарысынан.
Элчи менен бүтөрү чын көп иштер,
Элчи болот жакшы иштерге себепкер.
Элчи деген баарынан эстүү болсун,
Сөзгө чечен, билимдүү, эптүү болсун.
Сөздүн билсин ич-тышын болуп жолдуу,
Үзүлгөн иш улансын элчи колдуу.
Ук сөзүн бүт дүйнөнү бийлегендин,
Акылман эл башчысы делингендин:
«Эстүү адам дайыма эл камында,
Билимдүүнү көтөргүн эл алдында!
Акыл менен башталган ар бир ишиң,
Баарынан мыкты бүтөт, муну түшүн!
Кол тийгизсе кайсы ишке билимдүү эр.
Кулпунат, гүлгө айланып ошондой жер.
Ар ишти баштап алсаң акыл менен,
Ал иштин натыйжасы болот экен!»
Элчи болсун ак жүрөк, ишейимдүү,
Иш билги, адилет да, көтөрүмдүү.
Өкүмдардын жыргалын көздөйт алар,
Берилгендик бегине жолун салаар.
Билип ал: ишенимдүү, так кызматкер,
Кубангын андай кулду тапсаң эгер.
Көңүлү ак кызматкер — жакын сага,
Жүрөк каның, кеңешчиң сенин жана!
Ач көз адам напсисин башкара албайт,
Ач көздөр элчиликке түк жарабайт.
Токпейил кедей дагы бай делинет,
Сабыр менен баарына колу жетет.
Сараң уят, ач көздөр — сараң делген.
Сараңды уятсыз дейт илгертеден.
Токпейилдин айтканын түшүнүп көр,
Токпейил байдын — байы дешет элдер:
«Сараңдар — көзү тойбой ач көз келет,
Бүт дүйнөнү сорсо да тойдум дебейт.
Көрө албастык — айыкпас оору, жарат,
Ал оорунун дабасын өлүм табат!»
Ач көздөрдү айырмалап бермекке,
Акыл айткан бир акылман ал бекке:
«Байыйм десең — ач көздүк ойду ташта,
Дил байлыгын чогултуп, жыйып башта.
Кул пейли ток, ачкөз пейлин карартып,
Сараң байдан көңүлү ток кул артык!
Ач көз бектер — кедейдин эң кедейи,
Токпейил кул — байлардан артык пейли!»
Момун бол, эгер болсоң токтоо сылык,
Көп билимди аласың өзүң жыйып.
Көөдөк жандар — көптөргө жек көрүнөт.
Абийир гана чындыкка алып келет.
Ким токтоо, жоош болсо — сыйга жетет,
Жумшактык — эл жүрөгүн ийиктирет.
Билимдүү, эстүү болсо, эгерде ал,
Акыл менен ар иштин жолун табар.
Окугун төмөнкү ырды, маанисин бил,
Билгениңди ишиңде колдоно жүр:
«Билим менен ойлоп жаса бүтүмдү,
Мына ошондо бакыт чаят жүзүңдү!
Ойдогуңа акыл гана жеткирет,
Билип, байкап, анан башта ишиңди!»
Акыл менен жазганды үйрөнөсүң,
Китеп окуп акылды өөрчүтөсүң.
Ким жүрсө сөздү угуп, жазып, окуп,
Ал өзү алганы ошо билим токуп.
Ушулардын бардыгын билген адам,
Бакыт нуру жүзүнөн жанат анан.
Окуса ким китепти — сөздү казат,
Түшүнөт көңүлдө ырды, өзү жазат.
Ал өзү жылдар санап, жоруса түш,
Айткан сөзү ар дайым төп келет туш.
Санакты, жер ченемин жакшы билсин,
Санактан тамыр алып, жер ченесин.
Нарк, чатыраш 1 оюнун жакшы баксын,
Каршысын кармашканда жыга чапсын.
Чавганды мыкты ойноп, болсун мерген,
Адис болсун мүнүшкөрдүк жакшы билген.
Жана да эң көп тилде сүйлөй билсин,
Түрлүү жазуу бүт окуп, өздөштүрсүн.
Билип ал: мунун баарын билген элчи,
Каалаганын орундап алат энчи.
Элчи болсо көрөгөч жана чыйрак,
Анда беги — жашамак ойноп, жыргап.
Элчи болсо жолу жок кыпчак кулу2 2
Бегинен дөөлөт четтеп кетээр куну.
Улуттук оюндар, чатыраш — шахмат оюну.
Кол жазманын 260-бетинде ушундай сап бар, орусча котормодо көрсөтүлбөгөн.
Элчи болсун жакшы ишке дайым көмөк,
Ошондо иши илгери жыла берет.
Элчини канча жерде күтөт тузак,
Чалынбай өтүп кетсе — ага* атак!
Айтса сөздү досу дагы, касы да,
Угуп, билип, түйүп алса башына.
Эгерде элчи бардык ишти билсе,
Бегинин даңкы жетет анда көпкө.
Ак чачтуу акылмандын айтканын ук,
Маанисин түшүнбөгөн — түркөй анык:
«Аты калаар кимде эгер болсо акыл,
Акылсыздар өмүрүндө ойго жакыр.
Жакшы адам эл ичинде атак алат,
Акылман ал атактан табат канат!»
Ким болсо колу жеңил акылы мол,
Улуу тоону багынтып ийчү ошол.
Ар суроого токтолбой жооп тапсын,
Ар сүйлөштө кармасын сөздүн башын.
Башкара алган өздөрүн — бакыт табат,
Өзүн сактап, ичпесин арак-шарап.
Мас болсо акылдуу да — алжып калат,
Акылсыз мас болгондо — жеткен азап.
Арак бул — акыл билим душманы да,
Бардык чырдын, чатактын бучкагы да.
Акыл-эстүү жүз эсе — болсо да адам,
Ичкич болсо, ишине жарабас жан.
Канчалык уят — сыйлуу болсо да адам.
Ичкен соң уятсыз иш кылат анан.
Аттиң ай, акылсызга адат болгон,
Шарапка абийир-сыйын сатып койгон.
Ичпегин — бакытыңды качырасың.
Ичкендин тентек дешээр мундуз атын 1
Арак ичсең — арылдап тилиң чыгат,
Ачык тил акыр сени көргө тыгат.
Жакшы ырга, жандап өтпөй, көңүл бургун,
Андан баарын билесиң — толгон сырдын:
«Ичүү да, мас болуу да — жаман адат,
Ички сырың заматта чыгып калат.
Билимдүү ичип алса, акыл качат,
Наадан ичсе аракты жүз эсе азап!»
Пейлиң да, сөзүң дагы болсун аппак,
Тилиң менен акылды сакта барктап!
.
Аз сүйлөгөн адамдар асыл келет,
Сөз жакшыда, иш жакшы болот делет!
Эмне десе — эске түй, ичте сакта,
Уктуңбу — сөз чыгарба, эч кимге айтпа.
Жүзү жарык, сымбаттуу болсун өзү,
Башкалардан бөлүнүп турсун элчи.
Кайраттуу бол, ишиңди ыйык карма,
Эң баалуу эки сапат адамдарда.

Үнү коңур, сөздөрү болсун ширин,
Улуу, кичүү сөзүңө тең беришсин.
Зор болсо сөз мааниси элчи ишинде,
Жакшы сөз — жарым ырыс — дешет элде.
Кутман Элик, таптыңбы мындай адам,
Элчилик ишти тапшыр дароо аган.
Жөнөтө бер алыска тартынбагын,
Чоочун жер — жакын эмес, элчи — жакын!»
Эликтин, Акдилмишке берген суроосу
Кол жазманын 2655-бейтинде «Бор ичсе болур телвэ мундуз «аты» деген түшүнүк бар. Көп котормолордо
«адам» деп которулган, биз «мундуз» деген түшүнүктү калтырууну туура көрдүк.
«Түшүндүм,— деди Элик,— сөздөрүңдү,—
Дагы бир суроом бар, айтып берчи.
Эмне десең сөзүңдү тек угайын,
Акысына кайрымжы мен кылайын.
Катчы киши кандай жан болуу керек,
Бек берсе ага ишенип ишти, демек?»
34.АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ КАТЧЫ КИШИ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
«Элигим,— деди Акдилмиш,— ишке демек,
Акыл менен иш кылчу адам керек.
0 бегим айтып берем өзүңө мен,
Бул туралуу не билип, не түшүнсөм.
Бек өзү канча акылдуу болсо дагы,
Катчы керек түшүрөөр кагазга аны.
Катчыңыз — бардык сырды ката билсин,
Аз, көптү, жик чыгарбай сактап жүрсүн.
Чынчыл гана сырларды сактай билет,
Ишенимди — кудайчыл адам сүйөт.
Катчы өзү убадага бек болбосо,
Сырды ачып, уят кылат бекти кошо.
Өкүмдар сөзгө канча бек болбосун,
Эки адамга ишенип айтаары чын.
Алардын бири увазир, бири катчы,
Бул экөөнө сырды айтуу болоор жакшы.

Бул экөөнө сөз айтуу абзел демек,
Сыр ачкан соң, ошончо сыйлоо керек.
Эки адамга ишенип сырды ачасың,
Кокус бузса — өз ишин бузганы анын.
Өтүкендин бегинин жакшы айтканы:
«Тилин тыйсын, жакшылан карма аны!»
Бек ишенсе — сырга бек болгон жакшы,
Жаңылгандын жалп этип кетер башы!
Сенин оозуң үңкүрдөй ачык турган,
А сөзүң — чыккан шоола араң-араң.
Бат эле шоола өсүп жайнап чыгат,
Бирге айтсаң, ал сөзүңдү — бүт эл угат.
Ооздон от да чыгат, суу да чулгайт,
Бири өрттөп, бири каптап, мойсоп турат,
Айтылган керексиз сөз — күйгөн от да,
Сүйлөйм деп, ошол отко күйүп калба!
Жакшы сөз агып турган булак болот,
Кайда жетсе, ошол жер гүлгө толот.
О, өзүң көптү билген жакшы адам,
Сырыңды ачпа, аягы анын жаман!
Окугун, түшүнүп ал ушул ырды,
Жамандарга ачпагын ички сырды:
«Көңүл сырын ачпагын, тилди тиште,
Айтып койсоң — каласың өкүнүчкө!
Кызыл тил жоосу болот кара баштын,
Жан үчүн тилди карма, отко түшпө!»
Катчы болсун билимдүү жана акылдуу,
Жакшы билсин жазууну, жазсын ырды.
Кооз жазса — карасаң көз кубанат,
Окуганда жакшы да, көңүлдү ачат.
Эгерде жазган жазуу болсо сулуу,
Кат да көрктүү жана да сөзү жылуу.
Сырга жакын Ылалык адам айткан,
Жакшы жазуу, эң жакшы өнөр абдан:
«Акылман жакшы сөздөр катта калат,
Түбөлүк унутулбай жашап барат.
Калбаса катка түшүп сөздөр, демек,
Билимди азыр кайдан алат элек?
Акылмандар жазбаса урпакка деп,
Өткөн тарых дайынын кимдер билмек?
Эгерде адам уулу кат билбесе,
Кур сөзгө ишенүүлөр болот беле?
Элден элге уланып кабар кетет,
Жазылбаса ал сөздөр кантип жетет?
Жазуу өтө маанилүү, жазуу керек —
Жазуу менен өкүмдар иши жүрөт!»
Бектерге иш жүзүндө пайда берер,
Өлкөдө болуу керек үч түрдүү эр:
Биринчи — илимдүүлөр, акылмандар,
Экинчи — сөздү жазчу ал — катчылар.
Үчүнчү — эл коргоочу баатыр — эрлер,
Жоо, душманды чабышып, жеңип келээр.
Иш тууралуу, акылдуу, билимдүүлөр,
Кеңешип, ыңгай жагын айтып берер.
Ар түрлүү иштин баарын билип эми,
Жазып алып эсептейт кирешени.
Жоокерлер кылыч алып колдоруна,
Чыгышса чекти коргоп жоо жолунда
Бул үчөө бир болушса бардык иште,
Алардын беги жетет тилегине.
Мындан башка дагы көп көмөктөр бар,
Бул үчөөнө — жардамдаш болсун алар.
Кылыч болсо жеңиштин жолун колдойт,
Калем менен — башкаруу жолун жолдойт.
Акыл менен билимдүү эл башкарат,
Бириксе ушул экөө — дүйнөнү алат.
Билим менен өкүмдар тартип түзөт,
Акыл менен ар түрлүү иштер бүтөт.
Кылыч элге, өлкөгө бүлүк салат,
Калем казна көбөйтүп байлык табат.

Кылыч чапса кан төгүлүп агылат,
Калем жазса, алтын күмүш табылат.
Дүйнөдө эки тирек, кезектелет:
Бири — өткөн, бири — алдыда келчү кезек.
Бул экөө тең улуу иш эсте тутар,
Дайыма ойлой жүрсүн өкүмдарлар.
Бул тууралуу бир ырда түз айтылат,
Пайда болот, тыңдагын сен жакшылап:
«Билимдүүлөр чыгарат элдин даңкын,
А кылыч — коргой билсин элдин баркын.
Кылыч менен жаңы жер жеңип алат,
Калем менен ишке ашат санаа-салтың!»
Катчы адам сараңдыктан болсун алыс,
Берилген, чынчыл жана иште калыс.
Токпейил буюмдарга көзүн артпайт,
Көр оокаттын салмагы аны баспайт.
Ач көздөр — сараңдыктын кулу болот,
Сараң болбо, өкүмдар тарат, жогот!
Эгер бек сараң болсо — кемтиги анын,
Сараңдык — эң жаманы кырсыктардын.
Ач көз катчы өз сөзүн бузуп коет,
Сараңдыктан жазганы ката болот.
Алтынга азгырылгыч болсо эгер,
Бекти да, өзүн дагы жеди дей бер.
Ишенимдүү кызматкер ишке тыкан,
Дайыма өз ордунда, издеп калсаң.
Бегинин таламында болот дайым,
Бегине арнап коет малын-жанын.
Ичкиликке берилбейт, таза пейил,
Алдаганга жолобойт ачык көңүл.
Арак ичсе, билимден айрылат ал,
Айрылса билиминен ката жазар.
Катчы деген күн-түну иште болот,
Дайым даяр — издесе, чыга коет.
Эки адам кызмат үчүн тандап алгын,
Тапкан соң — эки ишке чегип салгын.
Бири — катчы, жазганды жакшы билсин,
Бири — элчи сөзүнөн бал төгүлсүн.
Жакындан, же алыстан ыр-чыр чыкса,
Билип кой, ушул экөө себепчи ага.
Артка кетсе иштериң — экөө себеп,
Алга жылса иштериң — экөө берет.
Бири айтса кокустан орунсуз сөз,
Экинчиси — жымсалдап түзөтөт тез.
Ушундай, болсун Элик, катчы кишиң,
Ошондо ага толук ишенесиң,
Мындай жанга ишенгин, толук ишти,
Иштин баарын аткарат кишиликтүү.
Кутман Элик, ушулар билгендерим,
Милдетимди аткарып, жооп бердим!»
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
«Түшүндүм, айтканыңды,— деди Элик,
Жооп бер, бир суроого дагы көнүп.
Кандай жан казыначы болуш керек?
Казынанын ачкычын кимге берсек?
Ал деген алтын-күмүш сакчысы да,
Кармаган эл байлыгын өз колуна!»
35.АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ КАЗНАЧЫ МИЛДЕТИН АТКАРЧУ АДАМ КАНДАЙ
БОЛУШУ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
«Элик,— деди Акдилмиш,— белгилүү иш,
Баарыга кумар болгон алтын-күмүш.
Ар ким баалайт, адилет, чынчыл жанды,
Ак пейилдер боло алат казначы.
Аалам кесип, байлыктан тапкан көптү,
Бир соодагер айтыптыр мындай кепти:
«Баарыга — өмүрдөн да, байлык кымбат,
Жашоодо алтын-күмүш жанга урмат.
Мерезди да жумшартчу күмүш келет,
Ийилбести ийилтер — күмүш делет.
Күмүш көрсө — бузулуп берилбесе,
Андай жанды теңей бер периштеге.
Алтын көргөн адамдар ийип кетет,
Орой адам болсо да «биз» «сизге» өтөт!»
Казыначы токпейил, чынчыл болсун,
Бакытка күндө марып колу толсун.
Кетпесе көп байлыкка азгырылып,
Калбаса кудай каары унутулуп.
Адал менен арамды айрып билсе,
Жакшы менен жаманды тааный жүрсө.
Токпейилдер байлыкка кызыгышпайт,
Адилеттер ар дайым оюн бузбайт.
Жашында көрүп жүрсө алтын-күмүш,
Андай жанда эч болбойт ач көздүк иш.
Ал корксун тобо кылып кудайынан,
Чындыкка чыкчу жолду табат анан.
Пейил түзү адамга ашкан байлык,
Анда ал — жолдуу болот бактысы артып.
Чынчыл болсо, адамдын жолу таза,
Бекем болот түбөлүк бактысы да.
Угуп ал айткан сөзүн боорукердин,
Аны сен, эсиңе алып, ойлой жүргүн:
«Иште да, сөздө дагы адилет бол,
Түбөлүк кетпей турган дөөлөт конор.
Ал бактылуу — адилет адам болсо,
Жүзү жарык, дени сак, сергек ошол».
Абийирдүү, момун дагы болуу керек,
Уятсыздан алыста, болбо — өнөк.
Уятың — жамандыкка, тосмол сымак.
Абийириң — жаман иштен коргоп турат.
Ичкиликке берилбей, болсоң бекем,
Бакытка барчу жолуң ушул экен.
Аракеч өз ырысын иче берет,
Куту качып, мүшкүлгө түшө берет.
Казыначы болсунчу сараңыраак,
Сараңдар сан байлыкка карагыраак.
Кызматына берилсин дити менен,
Берилгендер байлыкты түптөйт терең.
Берилгендер — ишеним, үмүт барлар,
О өкүмдар, ишенгенди кызматка ал!
Аракетчил казначы — ишти бузбайт,
Бардыгын эсепке алып, жыйып, тактайт.
Так адамдар унутпайт, эч нерсени,
Саны тактар жаңылбайт, так эсеби.
Унутчаактык — кайдыгер адам иши,
Казнаны жөндөй албайт андай киши.
Тетик киши — ишине тыкан болот,
Тетиксиз эмне иштеп, эмне коет?
Эсеп-чотту китепке жазган жакшы,
Эсеп сүйөт жазганды, өтө такты.
Жазып жүрсө — киреше, чыгаша так.
Жазуу гана баарысын коет тактап.
Жыл, айын жана күнүн жазсын даана,
Бардык саны ордунда болот анда.
Жазып гана так эсеп кылса болот.
Эсептеп, эске алганда — иш оңолот!
Ойчулдун сөзү турат эске түшүш
«Ар дайым эсепке так болгон түзүк!
Жазылбаса бардыгы эсте калбайт,
Бардыгын акылман да эстей албайт.
Жазылган — унутулбайт, эстөө кыйын,
Эсебиң так болбосо — ишиң тыйын.
Ким жазып, тактай жүрсө эсеп-чотун,
Иши дайым шар болот дал ошонун.
Кызматкер эсеп чотко так болбосо,
Эсептеше келгенде — уят ошо!
Эликтин эсептерин тактап эми,
Сактай жүрсө эсиңде көп нерсени!
Эликтин эсеп ишин билгениң жөн,
Анан да барын тактап жүргөнүң жөн.
Ушундай жүргүзгөндө эсептерди,
Санашат бардык ишти, көктү, жерди!»
Кулак түр, билерманым, келип жөнгө,
Акылдуу сөз — чоң олжо билгендерге:
«Жер ченеште так эсеп өтө керек,
Андайга акылдуу жан жарайт демек.
Андайлар жети кабат көктү бөлөт,
Баарын тактап, эсептеп, санап берет!»
Билимдүү, акылдуу да, болсун чынчыл,
Акылдуу жан адилет ишке умтул.
Иш билгендин иштери дайыма ак,
Актык барда — алоолоп чындык жанат.
Акылсыз өзүн дагы кармай албайт,
Билимсиздин алдыга иши жылбайт.
Ордонун ишин тейлейт казыначы,
Андыктан өтө тыкат болгон жакшы.
Түз болсо сөзүндө да, ишинде да,
Түтүн жукпай абийири таза анда.
Көзүңдү, сөзүңдү да тууралай бил,
Акыл менен напсиңди жүгөндөй жүр.
Көзүң түшсө — көңүлүң ооп кетет,
Көңүл оосо — түбүңө ошо жетет.
Көңүл деген бүт денени башкарат,
Бек баштаса кул-кутаны бүт барат.
Акылдуу адам айткан ойлоп-ойлоп:
«Көңүл менен көзүңдү сакта коргоп!
Көңүлүң бүт денеңди жүрсүн тескеп,
Оор жүк ал көтөрөөр эң эле көп.
Мерез адам түбүндө жаман болот,
Акылдууну уятка салып коет!»
Эсеп менен жик чыгарбайт сак адам,
Казынаны коротпостон кармаган.
Жоомартсыңбы — сага урмат, сага даңк,
Бирөө эмес, өз марттыгың даңк табат!
Ар түрлүү товарлардын баркын чакта,
Баарынын баасын билүү — милдет сага.
Бааны билген — алданбайт эч убакта,
Соодада ала алышпайт ашык акча.
Сооданы сылык карма көтөрүлбөй,
Улуу-кичүү баарысын жайкап койсо.
Алыш-бериш ишине эн так болсо,
Улуу-кичүү баарысын жайкап койсо
Алганын берип турса учурунда,
Сураганы табылат дайым ага.
Өкүмдар өз черигин сыйлап турса,
Чыр-чатак, талаш-тартыш болбойт анда.
Казыначы сараңбы — аскер жүдөйт,
Аскер аны ар дайым бектен көрөт.
Айткан экен кайсы бир жоомарт адам,
Насаатын ук, бечарам, болсун пайдаң:
«Ким өзү ишенимден кетем десе,
Айткан сөзүн аткарбай кылсын эки.
Иш болсо колдон келбес, бербе убада,
Айттыңбы, аткарганың не болсо да.
Сөзгө турбас бектерге — ишеним жок,
Ишеним кеткен жерде, ийгилик жок!»
Так болсун, илең-салаң болбосун жан,
Колунан эч иш чыкпайт андай кулдан.
Ким иштесе бегине жанын сабап,
Андайдын түйшүгү көп, катуу талап.
Кол жетпей, кызматчысы калса туруп,
Бек толтурар андайда жарлык кылып.
Казыначы бербестен созсо көпкө,
Уу алгандай өкүнүч калар эсте.
Керегиңди маалында сурап алсаң,
Пилдей болор аз нерсе ажат ачкан.
Угуп ал аксакалдын айткан кебин,
Сурагандын, э, баатыр, тапкын жөнүн:
«Учурунда төп болсо өтүнүчүң,
Аябайсың жаныңды ошол үчүн.
Андайда тырнактай иш пил көрүнөт,
Дайыма маалым адат ушул ишиң!»
Ушундай адам тапсаң, кутман Элик,
Акылы, билими артык, сыйлуу келип.
Боло алат казыначы андай адам,
Ишенип тапшыра бер ишиңди аган!»
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
«Түшүндүм,— деди Элик,— айтканыңды,
Суроо бар, жооп бергин кайра дагы.
Кызматкер, тамак-ашка баш-көз болор,
Кантип өтөйт кызматын мына ошол?
Тартынбай тамак ичсе беги андан,
Ишенчү, дити менен коркпой, абдан?
Тамак ичип-жегендик — назик нерсе,
Сезимдүүдөн тамак ич колдон келсе.
Жооп берип оюңду аңтар эми,
Билгим келет баарысын эрдин эри!»
36.АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ БАШКЫ АШПОЗЧУ КАНДАЙ АДАМ БОЛУШУ
КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
Жооп айтты Акдилмиш: «Кутман Элик,
Ал адам асыл болсун, дили бийик.
Адамдан, эң адилет, ишеничтүү,
Колунан тамак ичсе болот беги.
Мындай ишке жарашат чынчыл адам,
Абийирдүү, чын берилген, аянбаган.
Ишенимдүү, адилет, болсун чынчыл,
Арналсын дили, дени бегине ушул.
Коркунуч бекке келет тамак менен,
Ашпозчунун амалын билчү белең?
Бардык жерде бектерге сактык керек,
Жеп — ичкенде өзгөчө болсун, демек.
Өкүмдарда боло келген миң душман,
Алар дайым аңдып арттан ор казган.
Ашпозчу болсо душман, ишенимсиз,
Коркунуч өкүмдарга болот чексиз.
Ал болсун кызматынан көптү көргөн,
Ачуу, таттуу ашынын даамын билген,
Эгер ал чынчыл, тыкан болсо иштен,
Беги ишенет, сый алат эмгегинен.
Сөзүн ук, сүйлөп кеткен кутман адам,
Акылына андайдын алкыш айтам:
«Бир нерсеге көп эмгек калсаң жумшап,
Ошол нерсе сүйкүмдүү, сага кымбат.
Бир ишке бүт өмүрүн адам берсе,
Ал кымбат өмүрүнө жүз миң эсе.
Жашоо эмес, өмүрдө оор эмгек,
Эмгексиз өткөн өмүр, текке кетмек,
Өмүр өтсө кайгырбайт адам өзү,
Бошко кеткен өмүрүң өкүнүчтүү!»
Токпейил көңүлү бай адам керек,
Толумдуу — көрүнүшү, көрктүү — демек.
Так билсин шариятты, болсун эстүү,
Жакшылардын мурасы — ишеними.
Бектердин табияты назик келет,
Жакпаган тамактарды кантип жемек?
Ашпозчу жакшы болсо — тамак жакшы.
Даамдуу тамак дайым болот таттуу,
Ач көз адам тамакка сук да болот,
Колун салып тамакты булгап коет!
Ачкөздөрдүн кылганы дайым арам,
Арам колдуу — кеселдер айыкпаган.
Болсо да эң боорукер бирөө үчүн,
Өзүңө өзүң гана — күйүмдүүсүң.
Адамдарга ишенгин, бирок бол сак,
Абайлап жүр, ишиңе болгунуң так.
Бир сөзгө буга ылайык, келди кезек,
Эстүү адам, насаатка бергин эсеп:
«Баарына ишен, бирок сак бол өзүң,
Сага жакын баарынан бир өз көзүң,
Азиз жаның баарынан кымбат келет,
Азиз жанды сактай жүр, бүтсүн сөзүң!»
Адептүү ишине так, тыкан болсун,
Көңүлү түз, эң сылык көзгө толсун.
Баары барктайт тазалык, сулуулукту,
Тамак өтпөйт — кир болсо ашпозчусу!
Тазалыкты кудай да жакшы көрөт,
Таза адамга татыктуу атак келет.
Тазалык адамдарга зарыл экен,
Таза болсун тамагың ичип-жеген.
Кир адамды алыс тут тамак-аштан,
Андайлардын жасаган ашы да арам.
Түз көңүл ак дил менен ишти өтө,
Дили кара ак иштей алмак беле?
Башкы ашпозчу эгерде жаман болсо,
Ал башкарган адамдын — баары ошо.
Казанды ачкөз, суктар курчап алса,
Дасторкону бегинин жайсыз анда!
Адамга адилеттик, тактык керек,
Ошондо тилегениң баары келет.
Угуп ал, пейли жакшы бир адамдын.
Пейли түздөр турмуштан алат баарын:
«Чынчыл жанды жылоолоп бакыт коштойт,
Чынчыл үчүн күн бетин булут тоспойт.
А кокус кыянатчыл келсе тооруп,
Жакшылыктын булагы калат соолуп,
Колун созсо кыянат кокус эле,
Деңиз соолуп, чөп куурап — болот балээ!»
Бегине чын берилген адам жакшы,
Токтоо да, абийири бар жана уяттуу.
Өз ишин тыкан өтөп даана билсин,
Тамагын тез бышырып, даяр кылсын!
Кызматтын шартын бузбай өтөп жүрсүн,
Кирчү, чыкчу мезгилди жакшы билсин.
Кырсыктан сактап калат акыл-сезим,
Билим менен иш кылсаң, чыкпайт көзүң.
Бегиңе ак эмгектен атак берсең,
Атактуу дал ошончо болосуң сен!
Жакшы адамдар көздөшөт жакшылыкты,
Эстүүнүн — топук кылар максаты ушу.
Эстүүнүн бир белгиси — кишичилик,
Билимдүү— мыкты адам алгын билип.
Акылдуунун айтканын бек туталы,
Акылдуу — адамдарга чоң насаатчы:
«Акылдуу, жакшы адамда асыл сезим,
Адам үчүн азапка салат өзүн.
Арамзада иш бузук, орой кыял,
Өтөсүнө чыгарбайт айткан сөзүн!»
***
Айтып бердим, кандайын ашпозчунун,
Кутман Элик, ашпозчу болсун сонун.
Дасторконду башкарып жолго койсун,
Колунан бек тартынбай ишчү болсун.
Кутман Элик, мен айттым белгенимди,
Акыл жетип, жүрөктөн сезгенимди».
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
«Түшүндүм,— деди Элик,— билдим аны,
Суроо бар, жооп күтөм сенден дагы.
Айтчы эми: кандай болот суусун берчү,
Кандай иштеп, кандайча болот өзү?
Бек ишенчин кандайча аткара алат,
Канткенде бек тартынбай ичет тамак?
37.АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ СУУСУН БАШЫ АДАМ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕКТИГИН
АЙТАТ
Акдилмиш жооп айтты; Элик кутман,
Ишенимдүү адамды жакшы тапсаң.
Үйрөнсүң, ошол адам көздөп ишин,
Маш болсун кызматына берип дитин.
Ак болсун пейли сага, ач көз эмес,
Түз болсун жебе сындуу, кайтуу билбес.
Эгерде суусун башы — болсо ушундай,
Бул ишти аткара алат токтоп турбай.
Анда болот ар түрлүү дары-дармек,
Ичирер ич ооруса, болсо түйнөк.
Суюк, коюу дарылар анда болот,
Сүйкөр, сорор, ичүүчү — бөлөк-бөлөк.
Бүт ширелер, суу жемиш, кургаткан да,
Ичип-жечү бардыгы болот анда,—
Коркунуч бекке келет тамагынан,
Ашпозчу, суусун сурайт андан.
Эгерде экөө бирдей — жаман болсо,
Бек үчүн — эң чоң түйшүк балээ ошо.
Эшиткин, сөз маанисин даана сактап,
Тамакты тарта ичип, бол этият:
«Тамакты тарта жесең — башың аман,
Аш болсо ичкен тамак — пайда саган.
Көп көрдүм өзүнө өзү кылгандарды,
Тамагынан чалынды анын баары.
Кекиртегиң өзүңдү кесел кылат,
Дары-дармек кекиртек кайра куят.
Бирдей болсун адамдын акыл-эси,
Кылган иши эстүүнүн кишиликтүү.
Эстүү жан жамандыктан качып өтөт,
Билимдүүнүн бар иши аппак дешет.
Ийри жыгач — отун да, отко күйөт,
Пейли бузук — туткундай боздоп жүрөт.
О, бегим бардык иште адилет бол,
Сага айтар, чын жүрөктөн кеңеш ошол!»
Суусун башы адилет болуш керек,
Ак пейил, акылы артык, таза жүрөк.
Эгер ал таза болсо, пейли түзүк,
Андайдан алыс болот түрлүү кырсык.
Ичимдикти өзү ичип, даяр кылсын,
Бөтөн колду тийгизбей, тамга урсун.
Иччү, жечү дарынын баары-жогун,
Өз колунан чыгарып, тутса сонун.
Жемишти кургак, жаңы, бал ширени,
Сактасын шарапты да бекем эми.
Ачуу, таттуу баарысын кылып белен,
Идишти таза кармап, болсун кенен.
Бегине өтөсө ал — ак кызматын,
Эмгегинин үзүрүн көрөрү чын.
Жумшаса киши эмгегин бир нерсеге,
Жанына сиңип калат ошол нерсе.
Ушуга ылайыктуу жакшы сөз бар,
Жакшы сөз жандан артык, сен билип ал:
«Бир эмгекке жумшаса дитин адам,
Ал нерсе — жандан артык болот аган.
Бүт өмүрүн арнаса ишке киши,
Андай жүк жеңил болот байкалбаган!»
Андай адам табылса — болду анда,
Өз тизгинин токтотпой кармат ага.
Мындай ишке жакшы адам өтө керек,
Жүрөктөн гүлдөй жайнап үмүт өнөт.
Жардамчылар жабыла көмөк берсин,
Баары жаш, сакалы жок, сулуу келсин,
Жүзү жарык, жайдары кабактары,
Шыңга бой, кара каштуу, көрктүү дагы.
Кең далы, ичке белдүү, болсун назик,
Ак жүздүү, бети нурдуу жана ачык.
Кийими кызыл, көпкөк, жашыл болсун,
Киргенде тамак алып,— көз ачылрын.
Болбосун арасында сакаддуусу,
Чач түшүп, арам болор кармаган суу!
Бир түк түшсө — куюлган идиш арам,
Кыл чыкса тамагыңан — андан жаман!
Бул туралуу — айтылган акылдуу сөз,
Идиш туткан сакалдуу болбосун эч:
«Идишчи шыңга келсин жүзү жарык,
Тамакты табит менен ичет алып.
Жылдызы артып ак жүзү жаркып турса,
Табитиң тартып турар көңүл канып!»
О, адам, сөздү казып ой издеген,
Окугун, айткан ойду ырлар менен:
«Сүйкүмдүү, жакшы болсо көрүнүшү,
Сунганы адал болот — андай киши;
Ачтарга тамактан да пейил жагат —
Чаңкаган канбай турат, тартып көркү!»
Суусун башы ушундай жакшы болсун,
Кызматы андан артык ойго толсун.
Ошондо бектер ага иш беришет —
Ишенип, ак эмгектен сый көрүшөт.
***
Көрчү Элик, канча түрдүү адам керек,
Пейли түз, ишенимдүү, кызматка элпек.
Бири — элчи, катчы болот — экинчилер,
Ашпозчу, суусун башы — кошо жүрөөр.
Тандаганда буларды этият бол,
Болбосо кырсык сени жалмап коер.
Элчи менен катчылар жаман болсо,
Өлкөгө толгон кырсык кирет кошо.
Ашпозчу, суусун башы болсо начар,
Азабын жалгыз сенин башың тартар.
Тандап туруп, буларды, кутман Элик,
Ишенчүнү кабыл ал, ишти берип!»
***
Акдилмиш дагы айтты: «Кутман Элик,
Өкүмдардын бийлиги, иши бийик.
Түйшүктүн көптүгүнөн баш айланат,
Оңдобосоң башыңды сыймык качат.
Сен эми акылдуунун кеңешин ук,
Сөзүнөн бермет нуру турат чыгып:
«О, бегим; жыргал эмес, мээнет изде,
Жыргал-мээнет бир жүрөт бардык кезде.
Бек иштесе, элине байлык келээр,
Эл байыса бегине бакыт берээр.
Жыргадыңбы, бактыңа ишенбей жүр,
Жыргалды коштоп жүрөт кырсык, кесир!
Ашпозчу, суусун башы болсо да бек,
Аларда ойт берелик ошончо көп.
Өзүңдутак сактайсың өзүң гана,
Башкалар өздөй болбойт, ашык айтпа!»
***
Угуп ал акылдууңун кеңеши ушу,
Эске түй, жазып алып,- дайым оку:
«Сактаганды сактайм дейт, сак бол өзүң,
Өзүңдөн артык күйөр болбойт эч ким.
Өз жаныңды сактай бил өзүң гана,
А жаңылсаң — дабасын издебегин!»
***
Кутман Элик, мына ушул айтаар жообум,
Кырсыктан алыстоонун айттым жолун.
Ушундайлар көтөрөт зоболоңду,
Касыңды чөк түшүрүп, ачат жолду.
Баарын айттым, жадымда калгандарды,
Көкүрөктө дагы бир сөзүм калды.
Кааласа, Элик, аны айтып берем,
Болбосо — сөздү тыйдым, оозум бекем.
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
Элик айтты: «Мээримдүү, кутман адам,
Кандай сөз калып калды айтылбаган?
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 20
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.