Latin

Куттуу билим - 11

Total number of words is 3611
Total number of unique words is 1728
20.4 of words are in the 2000 most common words
30.1 of words are in the 5000 most common words
35.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
ошондой эле аль-Фараби, Ибн Сина, Бируни өңдүү ойчулдардын таасири даана сезилет. Жусуп
Баласагын көркөм образдар аркылуу аллегориялык ыкманы пайдалануу менен терең,
философиялык маселелерди козгоп, рухий дүйнөнүн негизги болумуштун маңызы тууралуу
ырааттуу ой жүгүртөт. Орто кылымдарды, ислам идеологиясы өкүм сүрүп турган кырдаалда,
аллегориялык жол менен диний алкактан бошонуп чыгууга далалат жасоо. Көпчүлүк ойчулдар
үчүн мүнөздүү көрүнүш болгон. Өз учурунда Ибн Сина да аллегориялык чыгармаларды («Хайе
Ибн Екзане», «Саламан жана Абсал» ж. б.) жаратып, аны тынчсыздандырып ойлондуруп жеген
маселелерди каймана иретинде билдирип, ушундай жол менен диний төбөлдөрдүн каарына
кабылбооп аракеттенгендиги белгилүү. Жусуп да Ибн Дина сымал художник жана ойчулдук —
эки өнөрдү тең тизгиндеп, поэзиянын көрдөм каражаттары аркылуу татаал философиялык
маселелерди туундурган. Белгилей кетүүчү нерсе, чыныгы поэзия өзунүн табияты боюнча философияга өтө жакын. Философиялык ой жүгүртүүлөр көркөм поэзияга мүнөздүү эмоционалдык
толкундануу, илхам менди тыкыс байланышта, ал эми поэзия болсо көркөм каражаттар
аркылуу рационалдуулукка умтулуп дүйнө түзүлүштүн татаал сырларын туюндурат. Философия
да, поэзия да турмуштук аңыздын азыктанып, турмуштук көрүнүш-кубулуштарды
жалпылоолорго негизденет. Албетте, философия менен поэзия кандайдыр жалпылыктарга ээ
коомдук аң- сезимдин эки башка формалары экендигин уңутпашыбыз керек. Ушундан улам
философиянын тарыхын иликтөөдө тигил же бул доордун философиялык аң-сезимин
туюндургаң поэтикалык чыгармаларды да эске тутуу абзел.
Жогоруда Жусуп ойчулдун залкар чыгармасы жаралган мезгил, анын айрым өзгөчөлүгү
жөнундө кеп козгодук. Эми сөз учугун акындын дүйнөгө көз карашына же анын чыгармасынын
философиялык негизине бурсак. Анткени, автордун дүйнө түшүнүгү, философиялык көз карашы
чыгарманын жалпы турпат-табиятын, маңыз-мазмунун аныктап турат. Ойчул турмуштук
кубулуштарды эс-акылдын элегинен өткөрүп, анын урунттуу учурларын жалпылап, анан
мындай жалпылыктардын теги, пайдубалы жөнүндө өзүнүн билимине, илимий даярдыгына,
дүйнө түшүнүүсүнүн масштабына жараша ой толготуп, көйгөйлүү маселелердин тегерегинде
акыл тегеретет. Арийне, орто кылымдагы Күнчыгыш акындары өз чыгармаларында көркөм
образ-каражаттары аркылуу дүйнө түзүлүш же тактап айтканда макро же микро дүйнө алардын
карым-катнашын туюндурууга аракеттенишкен. Көркөм чыгарма кай бир деңгээлде
философиялык каражатка айланган десек болот.
Жусуп Баласагындын чыгармасында кандайдыр ырааттуу философиялык маанидеги
концептуалдуу система атайлап түзүлгөн эмес. Бул албетте, залкар чыгарманын беделине шек
келтирүү эмес, тек гана көркөм чыгарма дүйнө түзүлүштүн түпкү негизи тууралуу маселелерди
туюндурууда айрым чектелүүлөргө эгедер экендигин астейдил белгилөө. Албетте, акын Жусуп
ойчул катары адам баласын курчап турган дүйнө, табият кубулуштары тууралуу терең ойлөнуп,
алардын себептерин аңдап-билүүгө аракеттенген. Мында ал ө.ч мезгилинин уулу катары
Күнчыгыш перипатетиктеринин мыкты традицияларын көркөм каражаттар аркылуу уланткан.
Жусуп Баласагын адам турмушу, жашоонун маңызы жөнүндө ой-толгоодо жалпы эле
дүйнө, аалам түзүлүшүн сүрөттөп, өзүнүн космологиялык түшүнүмдөрүн көркөм ыкма менен
туюндурат. Айлана-чөйрө, аалам дүйнө анын пикири боюнча бири-биринен татаалдыгы боюнча
айрымаланган катмарлардан турат: үч-үчтөн бириккен Зодиактын он эки белгисинен төрт
үчүлүк (триада) түзүлөт; булардын биринчисинен От, экинчисинен Суу, үчүнчүсүнөн Аба, ал эми
акыркы төртүнчүсүнөн Жер жаралат. Демек дүйнө түзүлүштүн пайдубалын жогоруда
белгиленген төрт башталма түзөт. Бул ой-пикирдин түбү антик философторунун окуусуна барып
такалат. Айталы, Эмпедокл (кийинчирээк-орто «ылымда аль-Фараби, Ибн Сина, Бируни ж. б.)
дүйнөнүн түзүлүшүн, объективдүү кубулуштарды ушул төрт башталмалардын кошулмасы
катары түшүндүргөн. Бул башталмалар өзгөрбөйт, бири-бирине айланып кетпейт, тек гана
тутумдашып макро жана микро аалам-дүйнөнү жаратышат. Адам баласынын турпаты, табияты,
анын коомдук турмуштагы орду жөнүндө ой толгогон ойчулдардын көбү аалам түзүлушүн
түшүндүрүүдө мына ушундай ыкма-пикирди пайдаланышкан. Төгөрөктүн түп-тегин башталма
менен байланыштырып кароо кыргыз элинин рухий эстеликтеринде да кездешет. Бул
түшүнүктүү, анткени кандай гана эл болбосун дүйнөлүк цивилизациядан обочолонуп жашабайт,
элдик маданиятта жалпы адамзатка мүнөздүү көрүнүш-кубулуштар арбын кездешет. Ушундан
улам антик коомунун улуу ойчуддары Платон, Аристотель, Эвклиддин, ошондой эле Күнчыгыш
рессансынын негизги идеялары дүйнөнүн булуң-бурчтарында өтө кеңири тараган!
Төрт башталманын кошулмасы Жусуптун пикири боюнча бири-биринен кескин
айырмаланат, башкача айтканда мындай кошулмалар санаты (анын түзгөн башталмалардын
сандык катышы) боюнча айырмаланып айлана-чөйрөдөгү ар кыл предмет-буюмдарды жаратат.
Демек, дүйнө түзүлүш, кубулуштардын негизинде жалпы мыйзам ченемдүүлүк жатат. Ойчулдун
мындай пикири анын аалам гармониясы жөнүндөгү ой-жорууларында даана сезилет. Мындан
тышкары Жусуптун космологиясында карама-каршы элеңенттер жөнүндөгү ой-пикирлер да
кездешет. Мындай элементтердин кошулмаларынан аалам гармониясы түзүлөт деген
божомолдор ойчулдар арасында кеңири белгилүү көз караштардан болгон. Негизинен Жусупойчулдун космос түзүлүшү жөнүндөгү ойлору ошол мезгилде ойлом-тааным жаатында
үстөмдүк кылып келген Птолемейдин геоцентр теориясынын алкагынан чыккан эмес. Бул
системанын ток этери — Жер аалам борбору, анын тегерегинде аны айланып жүргөн жети
планета борбор, андан ары болсо кыймылсыз жылдыздар жайгашкан. Антик ойчулунун
мындай пикири Жусупка да таасир тийгизген, б. а. геоцентрдик теориянын жалпы
картинасынын аңызы анын чыгармасынан да орун алган. Түрк ойчулунун бир өзгөчөлүгү жети
планетага түрк тилинде наам берген: Сатурн-Секантир, Юпитер-Онай, Марс-Коруд, Күн-Иашик,
Венера-Сэвит, Меркурий-Арзу, Ай-Иалчик.
Акыркы ай планетасы ай астындагы (подлунный), ай үстүндөгү (надлунный) деп экиге
бөлүнөт. Бул өзгөчөлүктү атайлап эскерип жатканыбыздын жөнү —көпчүлүк Күнчыгыш
ойчулдары ай астындагы дүйнөнүн табиятын объективдүү мыйзам ченемдердин негизинде
түшүндүрүүгө аракеттенишкен.
Дүйнө түзүлүштүн модели (сөлөкөтү) жалпы-жонунан эки дүйнөнүн (макро жана микро)
карым-катнашынан турат. Мындай түшүнүк тубү барып адам баласын аны курчап турган
айлана-чөйрө, табиятка карата мамилесин кабарлайт. Төгөрөктүн адам аң-сезими аркылуу
чагылышы, анын өзгөчөлүгү жогоруда белгиленген космологиялык түшүнүм-түшүнүктөрдөн
ачык байкалат. Өткөндүн көпчүлүк ойчулдарынын рухий мурасында космос түзүлүшүн адам
турмушу аркылуу же ага окшоштуруп түшүндүрүү басымдуулук кылып, төгөрөк чөйрө да
адамзат сымал элестетилген. Акыл-эс үчүн белгисиз кубулуштарды белгилүү нерселер менен
ченеп, түшүндүрүү ошол мезгилдин коомдук өнүгүшү менен шартталган өтө кеңири тааным
ыкмасы болуп эсептелген. Белгилей кетүүчү нерсе Жусун да Күнчыгыш перипатетиктеринин
Пифагордун белгилүү окуусуна негизделген традициясын улантып, космостук түзүлүштү
жылдыз-планеталардын толуккандуу гармониясы катары элестеткен. Төрт башталмадан турган
чөйрө кубулуштарынын чен-өлчөмү тең салмак тартып, карама-каршы элементтердин бирдей
карым-катнашынан турган аалам гармониясынын тереңинде жазпы мыйзам- ченеми турат.
Жогоруда белгиленге Жусуп-ойчулдун космологиялык түшүнүшү (космос түзүлүшү
жөнүндөгү концепциясы) же анын жалпы дүйнөтүшүнүгү, философиялык көз карашы анын
чыгармасында көтөрүлгөн көптөгөн көйгөйлүү маселелерди аныктап турат. Коомдук түзүлүш,
социалдык өнүгүш тууралуу ойчулдун ойлору да жалпы жонунан анын космологиясы менен
үндөшүп, адамзат коому жалпы табияттын бир бөлүгү катары каралат. Деги эле орто
кылымдагы Күнчыгыш ойчулдарынын көбү коомдук түзүлүштү анын өзгөчөлүгүн түшүндүрүү
үчүн адеп аалам (дүйнө) картинасын түзүүгө, андан соң өздөрүнүн космологиясына таянып
адам турмушу, коом жөнүндөгү түшүнүмдөрүн астейдил туюнтушкан. Ушундан улам алар адам
баласын жалпы эле коомдук турмушту жаратылыш, табият мыйзамдары менен карым-катышта
карашкан. Кийинки мезгилге чейин кеңири таран келген, ал тургай азыр да жанданып жаткан
астрология же адам турмушун космостук кубулуштар менен байланыштырын түшүндүрүүнүн
түпкү теги да ушунда жатат. Анча алаксыбай, бирок белгилей кетүүчү нерсе, коом менен
космостук түзүлүштүн карым-катышы жөнүндөгү татаал маселени өтө эле жөнөкөйлөштүрүп,
же бирин экинчисинин көчүрмөсү, толук чагылышы катары кароо, же болбосо экөөнү тең бирибири менен байланышпаган эки башка нерсе катары карап бир жактуулукка берилүү туура эмес
чыгар. Бул эки феномен — космос менен коомдун татаал диалектикасын жөнөкөйлөштүрүп
жиберүү Аалам түзүлүшүнүн толук кандуу картинасын түзүүгө кедерги болот.
Жусуп Баласагындын философиялык түшүнүмүнүн пайдулабын дүйнөтүзүлүшүнүн негизи
болгон төрт башталма жөнүндөгү окуу түзөөрүн жогоруда белгиледик. Коомдук турмушта төрт
башталманын-мааңиси зор, тактап айтканда социалдык чөйрө да негиз-башталма катары
бааланган төрт касиеттен — Адилдик, Эс-акыл, Бакыт жана Токпейилдиктен турат. Адамзат
коомунун мындай жол менен түшүндүрүлүшү — үстүртөдөн белгилен кеткен Ай астындагы
дүйнө меней Ай үстүндөгү дүйнөнү ажырагыс биримдикте кароо болуп эсептелет. Аалам, Коом,
Адам үч бирдигинин карым-катнашы төрт элементтин жана төрт этикалык башталманын
жалпылыгы менен түшүндүрүлөт. Ай үстүндөгү дүйнө тузүлүш, жети планета чөйрөлөрү
жөнүндөгү түшүнүм жер үстүндөгү (ай астындагы) кубулуштарды, ошондой эле адам
турпатынчаңдай билүү үчүн да пайдаланылат. Адам тулкусун, дене түзүлүшүн түшүндүрүүдө да
«гармония», «жети» аттуу тушүнүктөр абдан кеңири пайдаланылат.
Ошентип Жусуп Баласагындын же башка ойчулдардын эмгектеринде адатта космология
концепциясы белгиленип, андан кийин анын негизинде жер үстүндөгү же алардын сөзү менен
айтканда «ай астындагы дүйнө» кубулуш-көрүнүштөрү түшүндүрүлөөрүн байкадык. Ушундан
улам да окумуштуулар ойчулдардын концепция-түшүнүмдөрүн аныктоодо алардын
космологиясына көңүл жуп келишет. Бир караганда дал ушундай сезилет, бирок алар түзгөн
дүйнөтүзүлүштүн моделин (сөлөкөтүн) эс-акылдын элегинен өткөрүн, тереңирек баамдай
келсек, чындыгында эки нерсенин (космос менен коом) орду алмашып калгандыгын байкоого
болот. Ырасында ойчулдар коом, адам турмушун космос түзүлүшү менен эмес, тескерисинче
космосту адам турпат-турмушу менен аныктап келгендиги маалым. Демек, адам, анын
тулкусунун бөлүктөрүн жалпы дүйнө-түзүлүштү аңдай билүү үчүн иайдаланып, адам баласынын
өзү жөнүндөгү түшүнүмү космостук түзүлүштү аныктоонун чен-өлчөмүнө айланган. Айтор бул
жерден да мындай бир өтө татаал маселени — адамдаштырылган космос менен
космостоштурулган адам проблемасын өтө эле жөнөкөйлөштүрүп жибергенден сак болуу
керек. Кылдат мамилени, көп тараптуу терең анализди талап кылган мындай карамакаршылыктарга кошул-ташыл маселе урпактар үчүн да табышмак. Алдын-ала эскертип, аяр
мамилеге чакырып жатканыбыздын жөнү бар. Табдат таануу илимдер тармагында «Адамзат —
Жер — Аалам» системасы өзгөчө маселеге айланган азыркы учурда Күнчыгыш ойчулдарынын
макро жана микро дүйнөнүн же космос менен коомдун (адам) биримдиги жөнүндөгү ойтолгоолору айрыкча чоң мааниге ээ болуп олтурат. Эс-акылдын кубаттуу дүрмөтү бар кылдат
интуициянын натыйжасында Күнчыгыш ойчулдары азыр да толук аңдай билүүгө мүмкүн
болбогон алда канча татаал маселе тууралуу ой-жүгүртүп, жаратылыш, аалам кубулуштарын,
алардын тереңинде катылган сырларды сезе билгендей туюлат.
Жусуп Баласагындын дүйнө түшүнүүсү, философиялык көз карашы анын космологиясы
менен социалдык идеяларынан көрүнүп тургандай, Аристотелдин мурастарынан
азыктангандай. Ал эми Аристотель Байыркы Чыгыш (Кытай, Индия, Египет ж. б.) маданиятынан башат алган антик коомунун философиялык системаларын жалпылап, дүйнөтүзүлүштун
жалпы негизин иликтөөгө арналган адамзат ой-акылын жаңы баскычка, өзүнчө сапаттык
деңгээлге көтөргөнү белгилүү. Бирок мындай деп белгилөө Күйчыгыш ойчулдарынын, анын
ичинде Жусуп Баласагындын оригиналдуу ой- толгоолоруна шек келтиргендик эмес. Күнчыгыш
ойчулдары башка тарыхый кырдаал, дтгаңы мезгил бүктөмүнө*жараша философиялык
түшүйүмдөр систрйасын өнүктүрүп, байыткандыгы белгилүү. Жусуп Баласагындын космос же
дүйнө түзүлүш жөнүндөгү ой-пикири анын көз карашы менен Аристотелин окуусүнун
орторунда жалпылыктар байкендиин айгинелейт, Бул, албетте, ойчулдун аль-фараби, Ибн
Сина, Бируни өңдүү илимпоздордун эмгеги менен жакшы тааныш экендиги менен
түшүндүрүлөт. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, акын- ойчул Куран, Хадистердин талабынан четтеп,
Аалам кубулуштарын дайыма өзгөрүн, өнүгүп туруучу нерсе катары карайт.
Жусуп Баласагындын адам табияты, нарк-насили тууралуу ой- жоруу түшүнүмдөрү анын Эсакыл жөнүндөгү концепциясы менен түздөн түз байланыштуу. Акыл-эстин дүйнө таануудагы же
болмушту аңдай билүүдөгү орду жөнүндө ой-жоруп, ар кыл татаал кубулуштардын сырларын
аңтарып, бабалардан окуп-үйрөнгөнүн, өзүнүн учкул кыялынан жаралган асыл ойлорун ортого
салып, адам акыл-эсин арттырууга өз үлүшүн кошуу акын ойчулдун бийик максаты болгон.
Исламдын катаал идеологиясынын алкагынан чыгууга умтулуп, адам эркиндигин жактаган
мутазилиттерден башат алган. Акыл-эсти өзгөчө баалаган гуманисттик идеялар аль-Фараби,
Ибн Сина, Бируни, Ибн Рушддун эмгектери аркылуу Жусуп Баласагынга өткөн. Диний ишеним
күч алып, коомдук аң-сезим анын жетегинде турган орто кылымдарда адам тагдыры
«жараткан» тарабыщш алдын ала аныкталганбы же ал эркиндикке ээби деген негизги собол
жаралып, дүйнөтүзүлүштүн башталма-пайдубалын иликтөөгө алган ойчулдар арасы жикке
бөлүнгөн. Официалдуу диний идеология пенденин тагдыры кудай тарабынан алдын ала толук
аныкталгандыгын белгилеп, буга коошпогон ой пикирлерди куугунтукка алган катаал мезгилде
агымга каршы туруу, албетте өтө кыйын эле. Бирок, ушуга карабастан айрым прогрессивдүү
маанайдагы ойчулдар адам тагдыры өз алдынчалуулукка ээ экендигин далилдөөгө
аракеттенишкен. Мындай официалдуу идеологиядан обочолонгон ой-пикирди эш тутуп, андан
бөлүнүп чыккандардын башатында мутазилиттер турат. Адам тагдырын бийик тутуп ошол
мезгилдеги оор турмушка кайдигер карабаган орто кылымдагы алгачкы гуманисттердин
алдынкы традициясын кийинки муундардын мыкты өкүлдөрү улантышты. Тагдырдын
эркиндигин айгинелеп, адам акыл-эсинин бийиктигин белгиленген ойчулдардын арасында
Жусуп Баласагындын да татыктуу орду бар экендиги талашсыз.
Жогоруда мутазилиттер (мутазилизм агымынын өкүлдөрү) башатында турган тагдырдын
толук түрдо алдын ала аныкталбагандыгын жактаган көз карашты атайын белгилегенибиздин
жөнү бар. Анткени Жусуп ойчул даңазалаган акыл-эс жөнүндөгү маңыздуу ойлордун тамыры
ошол мезгилдеги тагдыр жөнүндөгү талашта жатат. Мутазилиттер баштаган бул талаш философиялык ой жүгүртүүнүн масштабын кеңейтин, аналитикалык маанайдагы акыл-эстин
өнүгүшүнө шарт түздү. Тагдырдын же башка кубулуштардын алдын ала аныкталбагандыгын
далилдөө аркылуу ойчулдар аларды аңдай билүүгө жол ачышты. Кандай гана кубулуш
болбосун, эгерде ал адын ала аныкталса, анда аны окуп-үйрөнүүнүн кажети жок, анткени
чөйрөдөгү бардык нерселер кудуреттүү күч тарабынан жаралган жана аларды өзгөртүү мүмкүн
эмес. Бул орто кылымдагы официалдуу тезис чыгармачылык ой жүгүртүүгө кедерги болуп,
айлана-чөйрө, адам турмушун таанып билүүгө бөгөт койгон. Чыгармачылыкка, аң-сезим менен
акыл-эстин эркиндигине умтулган даанышман ойчулдар куугунтукка алынып турган каардуу
кырдаалда дүйнөтүзүлүштүн негиз-субстанциясын иликтөө токтоп калган жок. Ачык же каймана
иретинде турмуш койгон курч маселелер козголуп, илимий түшүнүктөр же көркөм образдар
аркылуу ошол мезгилдин мүмкүнчүлүгүнө жараша дүйнө картинасы түзүлгөн. Айрым-айрым
кубулуш-көрүнүштөрдү жалпылоонун негизинде, алардын тереңинде жаткан жалпы мыйзамченемдерди табууга бир кыйла жемиштүк аракеттер болгон. Албетте коомдук өнүгүштүн ошол
мезгилдеги этабында татаал турмуш кубулуштарынын чыныгы негизин толук аңдоого мүмкүн
болгон эмес. Бирок ошентсе да көн маңыздуу маселелер терең каралган Күнчыгыш
ойчулдарынын эмгектери окурмандарды, окумуштууларды күнү бүгүн да суктандырып келет.
Айталы, Жусуп Баласагындын акыл-насаат дидактикалык маанидеги бул чыгармасында адепахлак, нарк-насил проблемалары иликтөөгө алынып, адам баласынын тулку-турпаты менен
рухий жан-дүйнөсүнүн, айткан кеп-сөзү менен кылган ишинин дал келиши коомдук өнүгүштүн
зарыл шарты катары көрсөтүлгөн. Жүрүш-туруш, жан- дүйнөнүн төп келип, өзүнчө гармонияга
ээ болушу эстетикалык гана эмес этикалык мааниге ээ. Билим, акыл-эс адам баласынын жандүйнөсүн байытып, турмуш-жашоодон өз ордун табууга, табийгый, коомдук кубулуштарды
туура аңдай билүүгө мүмкүндүк берет. Максат — бакыт, ал эми ага жетүүнүн сыналган
ишенимдүү жолу билим экендиги жөнүндөгү ой Жусуп-ойчулдун чыгармасынын лейтмотиви,
квинтессенциясы. Андагы көркөм кейипкер-каармандар — терең философиялык мааниге
сугарылган этикалык көз караш- концепциялардын символикалары б: а. көркөм абстракциялар
конкреттүү маңыз-мазмунга ээ. Эгерде көркөм конструкцияны (чыгар маны) реконструкциялай
турган болсок, анда философиялык-этикалык мазмунга эгедер насааттардан адам турмушун
туура уюштуруунун негизги жоболорун, бийик адеп-ахлак, нарк-насилге ээ болуунун жолдорун
көрөбүз. Бул айрыкча китептин баш каарманы Акдилмиштин ой жүгүртүүлөрүндө ачык
чагылдырылган, ал акын-ойчул үчүн Акыл-эстин символу же б. а. бул көркөм жалпылоодон
жаралган каармандын маңыз-мазмуну аркылуу ал өзүнүн Акыл-эс жөнүндөгү ырааттуу
концепциясын тартуулайт.
Демек, жогоруда белгиленип кеткендей, билим турмуш куту. Китептин аты да кокусунан
«Куттуу билим» деп аталбаса керек. Бул кыска сөз айкаш, китептин аталышынын эки маанисине
учкай токтоло кетели. Кут, бакытка, гармониялуу турмушка жетүүнүн бирден-бир жолу —
билимдердин зарыл системасына ээ болуу керек. Китептин аталышынын бул мааниси тууралуу
жогоруда да айтып өттүк. Экинчиден, кылымдарды карыткан көнтөгөн муундардын акылэсинен ныкталган билимдердин системасын өзүнүн табияты, маңыз-мазмуну боюнча Кут, Бакыт болуп эсептелет. Билим кут- бакытка жетүүнүн каражаты гана эмес, ал өзү да чоң кут, чоң
бакыт. Чыгарманын чордонунда турган борбордук маселе. Кут-бакыт менен билимдин өз-ара
карым-катышы, диалектикасы болуп эсептелет да, ал аталган китепте жогоруда учкай
белгилегендей чечилет. Эмгектин өзү да, ойчулдун мүдөөсү боюнча билимдүү адамдарга
арналган, анын тереңинде катылган маңыз мазмун, ой-пикирлерге түркөй адам түшүнбөйт.
Адам баласы төрөлүп, жаңы жаралгандан эле акыл-эске ээби, же акыл-эс кандайдыр
аракеттин берекетиби? Бул собол кылымдар бою ойчулдарды кызыктырып келген. Аль-Фараби
акыл-эсти зарыл негиз же аалам дүйнөтүзүлүштүн башатында турган субстанция-пайдубалдын
мыйзам ченеми катары, ошондой эле мүлдө адамзатка мүнөздүү жалпылык катары карайт да,
аны бардык пендеге бирдей тиешеси бар деп эсептейт. Жусуп да жалпы жонунан өз устатынын
оюна кошулуп, акыл эс жөндөмдүүлүк катары ар бир адамга берилген, бирок ошол шыбагасына
бүткөн жөндөмдүүлүктү ар ким өзүнүң мүмкүнчүлүгүнө жараша пайдаланаарын белгилейт.
Демек, бул жерден байкалгандай, акыл табийгый жөндөмдүүлүк катары бардык пендеде бар,
бирок ага ээ болуу үчүн талбай билим алып, окуп үйрөнүү зарыл. Ойчулдардын оюн онго бөлүп
келген үстүртөдөгү соболго Жусуп Баласагындын жообу мына ушундай. Ал аль-Фарабинин
адам рухунун өлбөстүгү, түбөлүктүүлүгү жөнүндөгү окуусун улантып, Баласагын илим-билимге,
эл кадырына ээ болгон жакшы адамдардын ысмы түбөлүк калат деп эсептейт.
Ошентип ойчулдар, анын ичинде Жусуп Баласагын да, адам рухунун түбөлүктүүлүгүнө
өздөрүнчө маани берет. Бир караганда алардын мындай ою бардыгын, ааламды жана андагы
кубулуштарды жандандырып турган бир гана рух бар, ал түбөлүк белгилүү диний догма менен
үндөш, окшош сезилет. Бирок ойчулдар диний догматтардан айырмаланып, үстүртөдө айтып
кеткендей, адам рухунун (жанынын) түбөлүктүүлүгүн акыл-эс менен байланыштырып карашат.
Акыл-эске ширелген рух, жандүйнө түбөлүктүү, анткени адамдагы жакшы сапаттар, анын эсакылынан эленип, турмуш сыноосунан өткөн учкул ой-пйкирлери, насааттары муундан муунга
өтүп урпактар тарабынан улантылат.
Өмүр эмне, өлүм эмне? Кайдан келип, кайда барабыз? Өлүм ак болсо, жалган дүйнөнүн
кереги не? Түбү барып бир өлүм болсо, кубанычтын зарылдыгы барбы? Дүйнөдө өлүмдөн
аянычтуу, коркунуштуу эмне бар? Мына ушул аянычтуу соболдор кылымдар бою ойчулдардын
оюн онго бөлүп, тынчын алып, акыл тегеретип жооп издеткен. Алар өткөндүн тажрыйбасына,
өздөрүнүн байкоолоруна, илимий ой-жоруу, иликтөөлөрүнө таянып, тирүүлүктүн, жашоонун
маңызын акыл-эстен көрүшкөн. Күнчыгыш ойчулдары аль-Фараби, Ибн Рушд ж. б. акыл-эстин
эки түрүн белгилешип, анын бири, тактап айтканда ишкер (деятельный) акыл-эс, сырттан келип
түбөлүктүү, бардыгына бирдей (универсалдуу) нерсе катары мүнөздөлүп, экинчиси, азаптуу
(страдательный) акыл-эс, ар бир пенде менен бирге жаралып, бирге жок болоору таасындалат.
Жусуптун жашоонун маңызы жөнүндөгү түшүнүмдөрү негизинен ушул концепциянын
алкагында. Ойчулдар жеке адамдын шыбагасына бүткөн акыл-эс менен жалпы адамзатка
тиешелүү акыл-эс жөнүндө, алардын карым-катнашы тууралуу ой жүгүртүшүп, адам баласынын
жан дүйнөсү жана өлүм жөнүндөгү татаал маселени өз алдынча чечишет. Жашоо менен
өлүмдүн өз ара карым-катнашынын жеке адам, пенденин өмүрү аркылуу көрүнүшүн, жалпы
эле чектүүлүк менен чексиздиктин, убактылуулук менен түбөлүктүүлүктүн диалектикасын айгинелеш максатында акыл-эсти (жогоруда белгилегендей) экиге бөлүшөт. Акыл-эс, анын
табиятына карата мындай мамиленин негизин баамдоодо, айрыкча көңүл токтотуп айта
кетүүчү нерсе, акыл- эсти эки түргө бөлүштүрүү аркылуу ойчулдар чектүү менен чексиз дин же
өмүр менен өлүмдүн татаал диалектикасын туюндурууга аракеттенишкен. Жеке адамдын акылэси менен жалпы адамзатка тиешелүү жалпыланган акыл-эстин карым-катышын, биримдигин,
карама-каршылыгын ачып берүүгө далалат кылышкан.
Жашоонун маңы-зын акыл-эстүүлүк менен тыкыс байланыштыра караган Жусуп-ойчул
жашооттурмуштун акылга сыярлык түзүлүшүн, адилеттүүлүктү кайра-кайра баса белгилеп, өз
окуусун эл-журт башкарган акимдерге арнап-багыттайту Адамзат коомун, жашоо-турмуш
деңгээлин жалпы жонунан акимдердин эс-акылга канчалык эгедер болушуна байланыштыра
карап, ойчул ак-ниет, адил, эстүү аким өз эл-журту үчүн кам көрүп, аларды зордук-зомбулуктан
калкалап, мекенин мыйзамга негизделген турмушту орнотууга тийиш деп эсептейт. Ал эгерде
бек айылы жөнүндө кам көрсө, журту, жашайт, эгерде эл-журттун оокаты тың болсо, анда
бектин мүдөөсү орундалат дер жазат. Акыл-эс менен адилдикке негизделген өлкөнүн иши алга
жылып, эли-журту бактылуу турмушта жашайт, ошондук- тан ийгиликти көздөгөн ар бир
өлкөнүн бардык калкы, акими — нарк насил, адеп-ахлак жагынан жогорку даражада, жеткилең
болуш керек. Акылы тунук, билимдүү аким карамагындагыларды өргө жетелейт, зордукзомбулукка жол бербейт. Мындай өлкөдө жашаган элдин өз ара мамилеси жалпы адамзатка
тиешелүү адеп-ахлактын, атап айтканда чынчылдык, адилеттүүлүк, берилгендик, ак ниеттүүлүк, сүйүү, достук ж. б. өңдүү жалпы жоболоруна негизделет. Ойчул ар бир адам өз ордуна
туруп, өз милдетин так өтөгөн төгөрөгү төп жетекчи жөнүндө кыялданат. Ошентип Жусуп
Баласагын, аль-Фараби, Бируни, Ибн Сина өңдүү Күнчыгыш ойчулдары сымал коомдук
турмуштун өнүгүүсүн аны башкарган акимдин адеп-ахлагы, билим деңгээли менен
байланыштырып карайт. Ал жогорку деңгээлдеги жалпы сабаттуулук коомдун наркын, адебин
жогорулатат деп эсептейт. Канчалык билими тереңдеп, даражасы өскөн сайын ошончолук
жөнөкөй, жупуну болуу керек, анткени адам баласы жөнөкөйлүгү, жупунулугу менен, акпейил
эмгеги менен гана өзүнүн бийик адамдык милдетин өтөй алат деп эсептейт.
Байлыкка чиренүү, ичкиликке берилүү сыяктуу коомдук турмушта кездешүүчү терс
көрүнүштөр, алардын себебин аныктаган саптар да бар. Илим-билимге же ал аркылуу орундала
турган кут, бакытка карама-каршы коюлган терс сапаттардан арылуу акимдерге байланыштуу,
ошондуктан алар өздөрү андай терс сапаттардан алыс болуш керек. Демек, жалпылап айтканда
ойчул акындын коомдук турмуш концепциясынын түпкү негизин идеалисттик көз-караш түзөт,
анткени социалдык өнүгүштүн пайдубалын, негизи идеалдык көрүнүштөр менен
байланыштырылат деп кесе айтып, Жусун Баласагындын чыгармасын тарыхый дөөлөт катары
карап тим болуу, албетте жетишсиз. Өз мезгилинин уулу катары Жусуп тарыхты материалисттик
аңыздан түшүндүрүү деңгээлине көтөрүлө алган жок. Бирок ал акылы тунук, кылдат ойчул
катары аң-сезим чөйрөсүндөгү айрым көрүнүштөр коомдук турмушка зор таасир тийгизгенин
сезе билип, коомдук болмуш (бытие) менен коомдук аң-сезимдин карым-катнашындагы
маанилүу маселе болуп эсентелген аң-сезимдин өз алдынчалуулугун учурдун ыңгайына
жараша чече алган десек аша чапкандык болбос. Анткени, бийик аң сезим, терең акыл-эс
турмуш-жайды, анын түпкү негизин туураандай билүүгө өбөлгө тузүп, коомдук турмуштун
өнүгүшүнө түздөн-түз же кыйыр түрдө таасир берүүчү фактор экендиги талашсыз.
Жусуп Баласагындын сөз болуп жаткан чыгармасында таанып- билүү жагдайында да бир
топ алгылыктуу идеялар бар. Ырас, жогоруда таасын белгилегендей, чыгармада илимий жактан
топ келген тааным теориясы жокко эсе, бирок таанып билүүнүн маңызы, келип чыгышын
мүнөздөгөн ой-пикирлер арбын. Андагы ойлорду жалпылаштырып, эмгекте айлана-чөйрөнү
таанып-билүүдөгү акыл-эстин орду, илим-билимдин өнүгүшүндөгү адамдын — субъектинин
активдүүлүгү айрыкча баса белгиленет десек болот.
Орто кылымдарда официялдуу идеология катары дин үстөмдүк кылып, адам жалпы эле
аалам-дүйнө кудай тарабынан жаралып, жараткандын амирисиз эч нерсе болбойт деген ойпикир коомдук аң-сезимди бийлеп турган чакта, акыл-эс жөнүндө же анын табиятты тааный
билүүдөгү орду жөнүндө ой айтуу абдан кыйын эле. Мындай догмага айланган жоболордун
алкагына сыйбаган пикирдеги адамдар «еретик» катары куугунтукка алынган. Албетте, ошол
мезгилди мүнөздөп, диний ишенимдин терс жагдайларын белгилөө менен биз диндин рухий
эстелик катары жалпы адамзат үчүн алгылыктуу жагдайларга да эгедер экендигин танбайбыз,
пенденин жан-дүйнөсү, жүрүм-туруму, нарк-насили жөнүндөгү жоболору азыр да өз маанисин жоготпогон дүрмөткө ээ экендиги шексиз. Бул өзүнчө чоң сөз кылууга арзыйт. Ошондуктан
биз бул кызык, нары татаал маселеге алаксыбай тек гана орто кылымдарда коомдук аңсезимден орун-очок алган, официалдуу идеологиянын деңгээлиндеги диний догмалар залкар
акыл-эске эгедер чоң таланттарды тизгиндеп бир кыйла думуктуруп келгендиги тарыхый
чындык экендигин астейдил айта кетели. Жусуп акындын кеменгерлиги, башка чыгаан Күн
чыгыш ойчулдарындай эле, заман-учурдун катаалдыгына карабай, диний мыйзам менен
коомдук аң-сезимди чырмап турган. Идеологиянын торун жарып чыгып, анын сакчылары —
төбөлдөрдөн тартынбай, өз алдынча ой айткандыгында, болгондо да өз мезгилинен озуп, өзү
төрөлүп-торолгон заманын артта калтырган терең ойлорду айтып калтырганында.
Баласагындын пикири боюнча акыл-эсти өркүндөтүүнүн ишенимдүү жолу — билим алуу.
Акыл-эске ээ адам — накта адам ал эми билимге эгедер адам — эл бийлейт деп, ойчул билим
адам баласынын жан-дүйнөсүнүн бийиктигин, руханий маңызын аныктаган маанилүү
компонент экендигин таасын белгилейт. Бирок, эгерде акыл-эс табийгын жөндөмдүүлүк катары
адам менен жарык дүйнөгө кошо келсе, билим аракет-эмгекти, окуп-үйрөнүүнү талап
кылаарын баяндайт. Акыл-эс билим алуунун адам табияты менен кошо жаралган зарыл шарты,
ал эми билим болсо акыл-эстин өнүгүшү, толук-таасын, көрүнүшүнүн зарыл шарты. Акыл-эс,
жан дүйнөнү түбөлүк калтыруунун жолу да билим алууда. Билимге эгедер акыл-эс адам
баласынын айлана-чөйрөнү, өзүнүн инсандык маңызын аңдай билүүгө, табиятты таанып
билүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал эми билимдүү акыл-эс жеткен бийиктик урпактар үчүн үлгү
болот, алардын турмуш жолунун улам илгерилешине түрткү болот.
Ушундай жол меней улуу ойчулдар жараткан улуу иш, учкул сөз, терең ойго сиңирилген
тарыхый мурастар жалпы дүйнөлүк маданияттын бир бөлүгү катары түбөлүк жашап калат.
Ойчулдун «акыл-эс», «билим», түшүнүк-түшүнүмдөрү, алардын түбөлүктүүлүгү жөнүндөгү ойтиринин логикасы мына ушундай. Демек жан-дүйнө, адам рухунун (духунун) өлбөстүгү
жөнүндөгү чыгармадагы тезис оболу муундан муунга калып келген рухий, маданий, илимий
дөөлөттөрдүн өчпөстүгү менен тыкыс байланышта каралат. Акыл-эс, жан-дүйнө бийик, терең
дөөлөттөрдө жаратып, таанып-билүүнүн алкагын кеңейтип нечендеген учкул замандарды
тизгиндеп келген карт тарыхтан татыктуу ордун алат да, мүлдө адамзат маданиятына шыкаккөмөк берген фактор катары да, өткөн менен келечекти жалгаштырып турган мурас катары да
кала берет.
Адам баласынын шыбагасына бүткөн жашоонун маңызы эмнеде? Опасыз дүйнөдөн олжо
күтүп, катаал турмуш нары-бери калчаса ага кайыл болуп, не күйүгүп-чаалыксак да
жакшылыктан күдөр үзбөй жашоонун максаты эмне? Далай ойчулдар ой тегеретип, акыл салып
жооп издеген бул соболдорго Жусуп Баласагын да ынтаа коюп, кыял чабытынан жаралып,
терең ойго жуурулган асыл саптарын жазат. Көкүрөгүнө түйүп жүргөн көйгөйлүү маселе —
адамдйн «адамдыгын» аныктаган, жашоонун сыры жөнүндө ой чаргытат. Ал көңүлүнүн
тереңинде пенденин шыбагасына бүткөн жашоонун максаты чыныгы турмуштан четтеп,
жаратканды сезип-туюга умтулууда деген диний түшүнүмгө макул боло бербейт. Адамдын
байлыгы, дөөлөтү, бактысы же жашоонун маңызы бу «жалган» дүйнөдөн безип-качууда эмес,
тескерисинче дүйнөнү аңдай билүүгө, аны менен көп кырдуу карым-катыш түзүүгө, кынап
гармонияга, сонундукка умтулууда. Албетте турмуш сыдыргыга салгыдай эмес, жашоодо
даңгыр жол жок, анын «кыл көпүрөсүндө» не ачуу, не таттуу же куйкаланган ысыгы,
чыкылдаган кара суугу, айтор оош-кыйыш оор сыноолор, чыдап-чыдабай турган бел ашуулары
жатат. Бирок ошого карабастан, бардыгына — жашоонун «жакшысына», «жаманына» кайыл
болуп, тулку-бой менен рухий жан-дүйнөнүн ширелген гармониясына жете билип, «кара кылды
как жарган» адилдикти бекем тутуп, жан-дүйнөнүн тунуктугуна таянып гана чыныгы бакытка
жетүүгө болот. Демек ойчулдун пикири боюнча жашоонун маңызы — бактылуу жашоодо, ал
эми адамдын бактысы анын колунда, жан дүйнөнүн бийликтигине умтулуп, адамча жашай
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 12
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.