Latin

Куттуу билим - 04

Total number of words is 4193
Total number of unique words is 2126
27.4 of words are in the 2000 most common words
41.3 of words are in the 5000 most common words
47.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Дос изде өз пайдасын көздөбөгөн,
Аны тапсаң — бактылуу болосуң сен.
Дос деген — жакшылыкта, жамандыкта,
Жөлөк болуп ар дайым даяр турса.
Ал досторуң сүйсүн десең өзүңдү,
Дасторкон жай, жарык карма жүзүңдү.
Бул экөөнү туткандын — жүрөгү ак;
Жамандыкка, жакшыга тике турат.
Бул тууралуу айтыптыр эстүү киши,
Кутманым, бекем туткун накыл сөздү:
«Элди сыйла, кенен кыл тамак-ашты,
Жакшы сүйлөп, ачык тут кабак-кашты.
Ушул эки сапатың адам кылчу,
Башка жол жок, а болсо өзүң тапчы!»
Душмандын да болот го эки түрү,
Жайышкан каска торун кыйын билүү.
Бири — болсо теңирдин жолун бузган,
Ал капырлар — түбүндө диний душман.
Дагы бир каршылашың көрө албастык,
Аны туткан башым күч, өчөш, кастык.
Чыныгы катуу касың капыр болот,
Катылса карсылдашын кыйрат, жогот.
Өч алууга умтулган адамдарды,
Өчүктүрбөй, жарашып кечир аны.
Душманыңды жумшартсаң жакын болот,
Кастык кетип — жакшылык, ырыс конот.
Касыңды дос кылуунун тилин тапкын,
Сак болуп кырсыктардан алыс качкын.
Араздашуу пайдасыз түшүн, билгин,
Түйшүктүү болбос иштен алыс жүргүн.
Досторуңду көбөйтүп, азайт касты,
Душмандыктын аягы болбойт жакшы.
Татыктуу, жакшыларды дос кылгының,
Болбосо азап болот көргөн күнүң!
Татыктууга доссуңбу — түйгүн эске:
Эки түрлүү досу бар жетет көпкө.
Алардын бири — акылдуу, асыл адам,
Жакын болуп, достукту арттыр аган.
Экинчи момун адам кудай деген,
Ал жашайт адамдык зор сапат менен.
Экөөнү тең дос кылып жакын карма,
Жакшылардан жакшылык энчи сага.
Жаман атты адамдан алыс болгун,
Андайдын дили кара, алба колун.
Жакшы адам арамдардан алыста бат,
Ак нерсеге ар кыл кир жугуп калат.
Көптү билген бир адам айткан кеңеш,
Ал акылды эске түй жаман эмес:
«Жамандан алыс болгун, кутман киши,
Жамандын дайым тийет кесепети.
Жакшы адам — жамандардан алыстап өт,
Жаман атты, ушак сөз сага да өтөт.
Көрүп калсаң нааданды — өткүн четтеп,
Жаман атты өзүңдү кылат тенсеп.
Көп көргөм өмүрүмдө жакшыларды,
Нааданга жакындашып, өспөй калды.
Нааданга дос болгон билем көптү,
Айрылып кайратынан кайгыда өттү!»
Бек турган жер — ак сарай, ордо келет,
Ушак-айың, каршылык тапкан түнөк.
Көп болот ордо ичинде чыр-чатактар,
Чыр-чатактын аягы уруш, жаңжал.
Мансабы сенден чоңдор — сени тепсейт,
Отко түртөт, артынан аттиң ай дейт.
Көрө алышпайт мансабы теңдер дагы,
Жакшы ишиңди жамандап турат баары.
Кызганышат өзүңдөн кичүүлөр да,
Ыраа көрбөйт жакшылык алар сага.
Көп болсо кызматчылар, душман да көп,
Каршылашын кай бирин курутат жеп!
Көз артпагын эч кимге, көңүлдөшүм,
Адамга адилет да, ак бол өзүң!
Ич күйдүлүк — айыкпас дартка тете,
Жай таппайсың жаныңды мыжып жесе.
Жакшылык, жамандык да теңир эрки,
Буза албас анын эркин өчөгүшүү!
Ич тардыктан деги ким пайда алат?
Ичи тарлар өлүмүн өзү табат!
Ак ишке өмүр бою ташта кадам,
Жакшылыкка жакшылык кылат адам.
Кубангандын коштогун кубанычын,
Ким кайгырса, бөлүшкөн кайгы-муңун.
Атың чыкса, атак-даңк өзү келет,
Баары сага достошун колун берет!
О боорум, кас душманды сен көбөйтнө,
Дос, курдашты арттыргын бардык жерде!
А бирок, душман сага торун жайса,
Сен дагы ага каршы карма найза!
Сөзүн ук баатыр, эрдин жоосун жеңген,
Кас душманын жүгөндөп айдап көнгөн:
«Четтеп өт душманыңды, азгыр алдап,—
Билдирбей буктурмаңды койгун камдап.
Душманыңды күчтүү да, куу деп билгин,
Каршыңа темир тосмо камда тактап!»
Досуңдун жүгүн көтөр, көңүлүн ал,
Айткан сөздү унутпай, эсиңе сал.
Жакын досуң кас болсо — оор болоор,
Мал-мүлкүңдү алууга колун созоор.
Ички-тышкы сырыңдын баарын билет,
Байлыгыңды сапырып чачып кирет!
Кааласа — мал мүлкүңдү чачып салат,
Кааласа — ысык жаның сууруп алат!
Өзүңдү аяп, өзүң сактап күзөтсөң,
Так ошондой досторуңду күзөт сен!
Досту табыш оңой иш, сактоо — кыйын,
Баштоо оңой чатакты, токтоо — кыйын.
Душманың болсо эгер — сактана жүр,
Душмандан кутулган аз — ошону бил!
Эки түрлүү кишиден алыс болгун,
Жакындашсаң азапта кор болосуң.
Алардын бири — ушакчы, чагымчылар,
Да бири — эки жүздүү акмак жандар.
Жана да ичкич менен дос болбогун.
Жадында бузукулук бар ошонун,
Жакындашпа өзүмчүл адам менен,
Андай достон эң жакшы алыс жүргөн!
Достугум болсун десең бекем, узак,
Сураба эч нерсени, напсиң тушап.
Жакшылыкта дайыма, жашайм десен
Адамды кемсинтпегин, тепсебе сен.
Бөтөндун көңүлүн ал — сөз, аш менен,
Сакалынан байлайсың баарысын сен!
Жакыныңдан кутулгуң келсе анда,
Сураганын бербе да, кагып ташта!
Өмүрүм узак болсун десең өзүң,
Дасторконуң дайыма кемибесин.
Эл оозуна, келсе эгер алынгың,
Тил таба бил, жумшак сүйлөп табынгын.
Көргүң келсе элиңден урмат, сыйды,
Өзүң дагы эл менен болгун сыйлуу.
Болом десең өзүң бай — кылгын топук,
Ыраазы бол баарына, байсың толук.
Эңсеп элден мактоону алам десең,
Ишиңди, жүзүңдү да жарык тут сен!
Кишинин эң мыктысы асыл адам,
Адамдыкты эч качан унутпаган.
Киши асылын келеби, билгиң анда,
Сөзүн тыңшап, көңүлдү ачык карма.
Жакшы ырды окуп чыгып ойлоп көргүн,
Акыл менен сөзүнө маани бергин:
«Сен кимдин — ким экенин келсе билгиң,
Сөзү менен иштерин баалап көргүн.
Жакшы адамдар ак ниет, чынчыл келет,
Адамдыкты таанытуучу ушул белгиң!»
О, кутманым, нааданга жакындаба,
Чырга болот жүзүңө, ыйманыңа!
Ук сөзүн, адеп жолун жакшы билген,
Адамдын, акмактардан алыс жүргөн:
«Акмак менен кутманым, достошпогун,
Чыр-чатак, ыйкы-тыйкы табар жолуң.
Анан да ачкөз менен жакындашпа,
Ич тардынтан ал сатат керек чакта!»
Сырыңды, оюңду ачпа сен эч кимге,
Ачтыңбы — күнөө койгун сен өзүңө!
Ынтымакта эл менен болом десең,
Өз пайдаңды эч качан көздөбө сен.
Болсун десең көңүлүм дайым ачык,
Адилет бол, кырсыктар кетет качып.
Кааласаң атак-даңкың бийиктешин,
Жөнөкөй бол — бейпилдик таптың өзүң.
Эгерде болсун десең жүзүм жарык,
Жалган айтпа эч качан, уят анык.
Көтөрсө дөөлөт башын кайсы жерде,
Жөлөк болуп жеткиниң ошол жерге!
Бирөөнүн дөөлөтүнө көз артпагын,
Болбосо ууга айланат ичкен ашың.
Айтылган ар сөзүңдө болсун салмак,
Ар жообуңдан нак чындык турсун жайнап!
Ушак айтпа, сөз кылба, киши жокто,
Оорутуп, көңүлдөрдү сөзгө кошпо!
Сөз — бороон, катуу соксо көңүл калат,
Көңүлү калган адам өчүн алат.
Өзүңдөн улууларга бой көтөрбө,
Жооп кылып орой сөз айта көрбө.
Улууларга урмат-сый көрсөтө жүр,
Өзүң да кут табасың, ошону бил.
Достор менен болгунуң эриш-аркак,
Катышкын, алыш-бериш мамиле тап.
Кадырласа өзүңдү — кадырла сен,
А жек көрсө, жектегин ошого тең.
Өзүңө кандай кылса, ошондой кыл,
Эркелетсе, шаттуу сөз сүйлөсүн тил.
Жакшылыкка кыла бил жакшылыкты,
Нааданга дал өзүндөй болгон жакшы.
Жакшы айтыптыр адатты билген адам,
Элин барктап, сыйлоодон жаңылбаган:
4310«Сиз» десе сени бирөө, сен да «сиз» де,
А түгүл андан жакшы сылык сүйлө.
Билип ал үнү болуп жаңырыктын,
«Сен» дейби, ага тете жооп жөндө!»
Эл ичинде эп келер мамиле ушул,
Каалайсыңбы жашоону, ушундай кыл!
Билгенимди сүйлөдүм, уктуң кепти,
Көңүлүңө түйүп ал, созбо сөздү!
Өткүрмүштүн Акдилмишке берген суроосу
Жооп берди Өткүрмүш: «Сөзүңдү уктум,
Ак пейилим, кебиңди түшүндүм чын.
Билсем деген башканы тилегим бар,
Кутманым, эми ошону мага айта сал.
Эгер мен эл ичине калсам барып,
Эл менен карым-катнаш болоору анык.
Алар менен мамиле кантип кылам,
Көзүмдү ачып, ошону айтчы маган?»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
«Ооба,— деп жооп берди анда Акдилмиш,
Чын айтасың, алар да билүүчү иш.
Керек болчу сөзүңдү сураган соң.
Угуп ал, түшүндүрүп айтканым оң».
49. АКДИЛМИШ ӨТКҮРМҮШКӨ КАРАЛАМАН ЭЛГЕ КЫЛЧУ МАМИЛЕНИ АЙТАТ
Караламан элдердин кулк-мүнөзү,
Тарбия, билимине тете дечи.
Караламан кедейде таалим болбойт,
Каада-салтты кадырлап ойлоп койбойт.
Аларсыз бирок бүтпөйт эч бир ишиң,
Сылык болуп, теңелбей жүргүн өзүң!
Караламан журтуңдун иши кара,
Кир кылбагын өзүңдү, кошулба ага!
Алардын кулк-мүнөзү жайсыз делет,
Өзүнө кылган иши шайкеш келет,
Бар жыргалы тойгузуу карындарын,
Курсактан башка түйшүк билбейт аның.
Көптү көргөн бир адам айткан экен,
Адам баркын дааналап мындай деген:
«Кедейдин бар түйшүгү — карын камы,
Курсагы үчүн кам көрөт анын баары.
Канча жанды курутту куу кекиртек,
0 дүйнөдө от күтүп турат аны!»
Карды тойсо тилине жетпейт алы,
Тил бошонсо — эч болбойт теске салуу.
А бирок, алар менен сүйлөшө бил,
Ичир-жегиз, дайыма тил таба жүр.
Сылык сүйлөп, аяба сураганын,
Өзүң берсең алардан көп аларың.
Көп сүйлөбөй, дайыма аз сүйлөгүн,
Суусу көн билип алгын маңыз сөздүн!
Мына ук токтоо жандын ыйык сөзү,
Акыл менен ар сөзүн айткан өзү:
«Тилим бар деп ой келди сүйлөй бербе,
Айткының айтар сөздүн орду келсе.
Акылмандар аз сүйлөйт,— билем аны,
Ашык сөз алып келет өкүнүчкө!*
50. ТЕГИ МЫКТЫ АДАМДАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЫЛУУ КЕРЕКТИГИ
АЙТЫЛАТ
Ичинде бекке кызмат кылгандардын,
Жандар бар, сыймык ага таанышканың.
Жакындар бар ичинде пайгамбарга,
Кадырлаган аларды бактылуу да.
Аларды чын көңүлдөн кадырлагын.
Жөнөткүн белек-бечкек, олжо дагын.
Алар жакын найгамбар үммөтүнө,
Урматта кудай үчүн болбойт күнөө.
Сыйлагын, түпкү тегин сураштырба,
Жаман сөздү айтса да каршы турба!
51. ДААНЫШМАН, ИЛИМДҮҮ АДАМДАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН
АЙТАТ
Дагы бир адамдар бар билими мол,
Билими жалпы журтка көрсөтөт жол.
Кадырлап, сыйлуу болгун алар менен,
Азбы-көппү билимин алгының сен.
Жаман менен жакшыны билет алар,
Ак жолду ажыратып баарын табар.
Билимин алыш үчүн аракет кыл,
Ашык айтпай, белегиң жөнөтүп тур.
Алар түркүк жолунда акыйкаттын,
Билиминен күч алат шариат чын 1
Болбосо кокус булар бу дүйнөде,
Жерде жемиш мол болуп өнбөйт эле!
Дин жолу деген мааниде.
Билими даанышмандын элге жарык,—
Жарык болсо түндө да жолуң анык.
Белек берип, аларды урмат кылгын,
Аш берип, ачык жүздөн күлүп тургун.
Ийменип ашык сөздү айта көрбө,
Уу болот артыкбаш сөз андай жерде.
Сый көрсөт, дасторконуң болсун ачык,
Кадыр тутуп аларды сыйла чачып.
Илимине ишенип, айтканын кыл,
Сөзүн бузуп ишине салбагын чыр.
Илими андайлардын сага керек,
Ак жолуңду адашпас айтып берет.
Алар чыны отордо — эркеч сымал,
Баштаса койду жолго алып чыгар.
Булар менен жакшы бол, ынтымак тап,
Эки дүйнө табасың кетпеген бак.
52. ДАРЫГЕРЛЕРГЕ КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
Адамдын түрлөрү бар, дагы канча,
Иштери, мансабы да башка-башка!
Таанып ал арасынан дарыгерди,
Айыктырат кеселден алар элди.
Ойлосоң булар сага керектүүлөр,
Буларсыз жолуң болбойт басып жүрөр.
Сопсоо туруп кээде адам ооруп калат,
А дарыгер кеселге дабаа табат.
Оору жолдош өлүмгө, жолун туткан,
Өлүм болсо — өмүргө чексиз душман.
Дарыгерди сыйлагын, достошо жүр,
Элге керек, айтканын аткара бил.
53. ЭМЧИЛЕРГЕ КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
Дагы бар эмчи жандар — сыйкыры бар,
Жел тийгенди тууралап эмдейт алар.
Булар менен оңдогун мамилени,
Жин ооруга чакыргын келсе жөнү.
Алгың келсе эмчилердин көмөгүн,
Жакшы сыйла, кааласа бер керегин.
Дарыгерлер эмчиге ишенишпейт,
Эмчилер дарыгерди киши дешпейт.
Бирөөсү кесел жанга дары берет,
Да бири жин ооруну эмдеп көрөт.
54 .ТҮШ ЖОРУУЧУЛАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
Дагы бир билгирлер бар — түш жоруучу,
Көргөн түштү так жоруп айтат ушу.
Түш көрөт уктаганда, көргөн түшүң,
Туш келет, так сүйлөсө жоруур кишиң.
Түш жоручу жоруса жакшылыкка,
Жолуң болуп, кубаныч келет сага.
Эгерде көргөн түшүң болсо жаман,
Ырымдап дүнүйө чач — сооп саган.
Түштүн дагы жолу бар, кудай тапкан,
Кур койбой кулдарына кылат аян.
Жакшы болсо көргөн түш — чоң кубаныч,
Жаман болсо — кудай деп туруу парыз.
Кембагалга тараткын күмүш теңге,
Кудай оңдоп ишиңди салат жөнгө.
Түш жоруучу сөздү так билсин десең,
Көргөн түштү дурустан айтканың жөн!
Түштү жоруп баалашат ушул жандар,
Жакшылыкты каалашат саган булар
О боорум, марттыгыңа татыйт эми,
Тууган кыл, дос болгунуң келсе жөнү.
55. ЖЫЛДЫЗ САНООЧУЛАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
Мындан башка дагы бар жылдыз санар,
Так эсепке, санакка мыкты алар.
Жыл, ай, күндүн эсебин алар билет,
Мындай эсеп эң зарыл, баалоо керек.
Билгиң келсе үйрөнгүн, татаал эсеп,
Билим жолу так эсеп жерден өтөт.
Көбөйтүүнү, бөлүүнү, бөлчөктү бил,
Татаал жолду баспасаң келбейт үзүр.
Жаакшы билгин катмардын эрежесин,
Санактан тамыр чыгар билип өзүң!
Аянттын өлчөмдөрүн так чыгаргын,
Жети катар асманды, жердей айткын!
Алгебра жолдорун даана тапкын,
Евклиддин капкасын катуу каккын.
Билип ал азыр дагы, келечекте,
Багынган акыл-оюң бүт эсепке.
Кутманым, эсебиңден ката кетсе,
Эч качан иш илгери болбойт иште!
Иш баштасаң — эң алгач суроо абзел,
Жакшыбы, жаман кезби ойдон өткөр.
Түрлүү Айдын күндөрү — жакшы, жаман,
Жакшы күндү так билип башта анан.
Кары айткан иштин көзүн жакшы билген:
«Иш баштасаң, акылдаш эстүү менен!»
Ар ишиңди коштосо илим-эсеп,
Максатыңа ойдогу колуң жетет.
Бардык иштин башында илим жолу,
Билимсиздин максатка жетпейт колу.
Сура көптөн, ишенбе сен баарына,
Бир гана ишенээриң теңир тура.
Булар менен жакшылап ымала кыл,
Ашык сөзгө албастан сый болуп тур!
56. АКЫНДАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
Акындар бар кызматы алардын сөз,
Адамды мактайт, сөгөт тартынбай эч.
Алардын тили кылыч — миздүү өткүр,
Алардын ою ичке, чачтай жиптир.
Уккуң келсе учкул сөз, ойду көркөм,
Булардын сөзүн угуп, көңүл бөлсөң.
Алардын акыл-ою деңиз сымал,
Сөз бермети, гаухары өнүп чыгар.
Мактаса алар кимди — алат атак,
Жамандаса кимди алар — уят, азап.
Достошуп алар менен жакындагын,
Тилине илинбегин акындардын!
Мактоого татыйм десең, акылманым,
Алар менен сыйлуу бол, өзүң дайым!
Сурайбы — аябастан көрсөт сыйды,
Сактап кал уулуу сөздөн сыймыгыңды!
57. ДЫЙКАНДАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
Эми айтамын дыйкандар туурасында,
Эң керектүү адамдар, ишен буга.
Аралаш, мамиле түз — ушул кеңеш,
Сен болосуң кардың ток, кырсыксыз эч.
Алардан адам көрөт сый-ырахат,
Ичер суусун, жээр аш андан алат.
Тирүүлөрдү тойгузат ичкен тамак,
Колду кароо оозантар тирүүгө адат.
Сыйынан дыйкандардын четте эмессиң,
Эмгегинен алардын ичип, жейсиң.
Дос болгун алар менен — тазарасың,
Жетиштүү дайым болот алдыңда ашың.
Угуп ал кадыр-барктуу адам сөзүн,
Көп нерсени акылга түйгүн өзүң:
«Ак жол менен жүрөмүн деген киши,
Алкымын адал тутсун ошол өзү.
А эгер кылам деген такыба өзүн,
Барды кийип, болгонду танбай жесин.
Дегендер кедей болбой бай болоюн,
Бузбастан таза тутсун ишин, оюн.
Жакшы аттуу болоюн өзүм десең,
Жаман ишке кошулбай жүргүнүң сен!»
Бузуктук бардык ишти булгап салат,
Бузуктарга оң баспоо болгон адат.
Бузуктар келген кутту кууйт тура,
Май куюп жамандыктын чырагына.
Жүзү жарык түз киши жакшы айткан,
Билим менен ишинин көзүн тапкан:
«Бузуктан оолактаган жакшы болот,
Бузуктар сени кошо булгап коет.
Бузуктардан дөөлөт-бак качып турат,
Келсе да, бир түнөөрлук кетчү кснок!»
Дыйканда колу ачыктык, жоомарт сапат,
Теңир берген кенендик бүткөн адат.
Кыбыр эткен жердеги тирүу жанга,
Элге — тамак, кушка — дан, баары анда.
Булар менен баарлаш, кошула жүр,
Ачык сүйлөп, ак дилден мамиле кыл.
58. СООДАГЕРЛЕРГЕ КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
Дагы бар соодагерлер, күнү-түнү,
Максаты өз пайдасын көздөп жүрүү.
Киреше үчүн тынбастан дүйнө кезет,
Бир кудайга ишенип өмүрү өтөт.
Мамиле түз аларга, келиш-барыш,
Сураса бер, болгунуң алыш-бериш.
Керектүүлөр арзыган анда делет,
Эл издеген асылды алар берет.
Чыгыш менен Батышты өтөт басып,
Керектүүнү жеткирет сага ташып.
Түрлүү-түмөн табылбас буюмдарды,
Табасың соодагерден сен аларды.
Соодагерлер болбосо аалам кезген,
Кара кештен тонуңду кийет белең?
Келбесе Кытай жактан баалуу кербен,
Шайы, мата сен кайдан алат элең?
Жүрбөсө соодагерлер дүйнө кезип,
Кимдер көрмөк берметти койгон тизип!
Санай берсе баарысын жетбес эсеп,
Тилиң катып, санагың келбей кетет!
Соодагерлер табышат сураганды,
Достошуп, ачык карма дарбазаңды.
Ачык болуп, кабыл ал алар келсе,
Жакшы атагың таралат алыс жерге!
Ааламга ат чыгарар мына ушулар,
Жаман, жакшы атыңды жаят булар.
Азбы-көппү буюмун кылса тартуу,
Жандырмагын кубантар кылган жакшы!
Пайда-залал кай жерде — алар билет,
Аралашсаң пайдасын арттыруу эп.
Көптү көргөн адамдын айтканын ук,
Ааламды аралаган жер кыдырып:
«Жаям десең ааламга жакшы атыңды,
Сыйлагын жолоочуну, мусапырды!
Адилеттүү атыңды жаям десең,
Соодагерге ачык кол болсоң экен!
Атак алгың келеби, билгин анда,
Мусапыр, кербен келсе — сыйың камда!»
Соодагерге түздөсөң мамилени,
Атак-даңкың аралайт бүт дүйнөнү!
59. МАЛЧЫЛАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
Мындан башка дагы бар малчы адамдар,
Мал-жандыкка көзөмөл, башчы алар.
Булар — ак дил, такыба элден болот,
Эч адамга тийгизер залалы жок.
Кийим, тамак, ат-унаа — ошолордон,
Шамал сындуу күлүк ат ушул колдон.
Кымыз, сүт да, май, жуурат жана курут,
Шалча, кийиз, ат токум — алардан бүт.
Малчылардын бардыгы — асыл келет!
Ишенимин алардын актоо керек!
Ичир, жегиз, аларга жакын болгун,
Адилетке сен анда дос болосуң.
Сураганын бер дагы, керегиң ал,
Жалган айтуу дегенди билбейт алар.
Булардан тартип-билим талап кылба,
Бирок кенен мүнөзү, адаты да.
Аралашсаң буларга сактана жүр,
Каада, сыпаа билишпейт, ошону бил.
Жалган айтпа, ачылба, дос экен деп,
Билим болбойт Чигилде, түркөйү көп.
Тартип көргөн бир адам кеңеш берет,
Эл тааныган аралап нечен ирет:
«Билимсизди өтө эле жакын кылба,
Жакындатсаң жаман иш кылат анда!»
Акылман жан эң жакшы айткан экөн,
Бардык ишти башта деп акыл менен:
«Билимсизге жолобо, алыс турсун,
Токтоо болсоң дайыма бактылуусуң.
Билимсизден ар дайым болгун ыраак,
Кулк-мүнөзү алардын начарыраак!»
Малчылардын жөн-жайы мына ушундай,
Кеңешти ук, аралашсаң, чеки кылбай.
Баарын сага жашырбай айтып бердим,
Не иштээрди сен өзүң ойлоп көргүн.
60. УСТАЛАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
Дагы бар өнөрү артык уста жандар,
Аларды өнөргө маш колу багар.
Булар дагы керектүү жандар сага,
Өзүң үчүн аларды жакын кара.
Темирчилер, өтүкчү, бычмачылар,
Боекчусу, жебечи, жаачысы бар.
Ааламда кооз буюм ушулардан,
Таң каларлык жасалга усталардан.
Санай берсе узартып созом кепти,
Маанисин өзүң ула, бүттүм сөздү.
Булар менен болгунуң карым-катнаш,
Кубандырсаң аларды кубанч качпас.
Кызматы үчүн акысын кылгын белен,
Ичир, жегиз, казаның болсун кенен.
Ошондо сага айтылбайт ушак-айың,
Атак-даңкың бөксөрбөй турат дайым.
Жакшы айтыптыр бир адам көптү билген,
Ак жүрөк, адамдарды жакшы көргөн:
«Жакшы жашоо көздөбөй,— атак көздө,
Жакшы атагың артык го тирүүлүктө.
Өзүң өлсөң артыңда атың чыгып,
Жакшы болсо атагың, жашоо кызык.
А кокус өз атыңды булгап алсаң,
Анда артык бул жашоого туулбаган!
Өмүр эмес, атыңды ыйык сакта,
Түбөлүктүү даңк болбойт мындан башка!»
61. КЕДЕЙ-КЕМБАГАЛДАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
Мындан башка кедейлер болот тегиз,
Көңүл бөлүп кийим бер, ичир-жегиз.
Алар сенин атыңа дуба кылар,
Эң сонун иш — дубанын пайдасы бар!
Марттыгыңдын сураба кайрымжысын,
Бейиштен кудай жайды берери чын!
***
Эл мааниси ушулар таанып алаар.
Сен анда, алар сенде муктажы бар.
Иши түшсө бүтүргүн ошол замат,
Баары жакын, милдеттүү болуп калат.
Өзүн пайда табасың эки дүйнө,
Атак-даңкың жайылат элге мүлдө.
62. ӨЗҮНӨ АЯЛДЫ КАНТИП ТАНДОО КЕРЕКТИГИ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Аял алуу кааласаң эгер өзүң,
Жакшы танда, өтө өткүр болсун көзүң.
Теги дурус, абийирдүү, болсун ак кыз,
Уяттуу, таза, эстүү жана айыпсыз...
Ал болсун сенден башка жан көрбөгөн,
Көрсө көрсүн бир сени эркектерден.
Өзүңө чын берилип, так да болсун,
Күнөө кылбай, ар дайым ак да болсун,
Ата-теги өзүңдөн болсун төмөн!
Атактууга күч күйөө болосуң сен!
Не дегенин угуп ал сынчы киши,
Сынчынын дайым бышык кылган иши:
«Аял алсаң, алгының теги төмөн,
Өмүр өтөт түйшүксүз, жыргал менен.
Жүзү эмес, көңүлү сулуу болсун,
Сени дагы тазартат пейли кенен!»
Өзүң теңдүү жердин да алба кызын,
Качыра көр аялдын акылдуусун.
Жүзү эмес, көңүлү болсун сулуу,
Ак болсо аял пейли — артык сыны!
Сулууну эңсегендер, шашылбагын,
Кызыл жүзү саргаят акыр анын!
Аласыңбы аялды, билгин анда,
Төрт түрүн эске тутуп, анан карма.
Бири жүрөт бай кызга үйлөнсөм деп,
Да биринин — сулуудан көзү өтөт!
Үчүнчүсү тектүүнү самап келет,
Кекирейме адаты болуп себеп!
Төртүнчүсү эстүүнү издеп жүрөт,
Таптыбы — түбөлүккө кошот тилек.
Булардын кимиси артык — кеңеш берем,
Аласыңбы аялды — уккунуң сен.
Кулак сал, бай аялды көксөгөнүм,
Кул болуп байлык-мүлккө калба өзүң!
Андайлар ач көз болот, алкымы ачык,
Тойгузуу кыйын болор байлык ташып!
А силер, азгырылган сулууларга,
Элге күлкү, шакаба болуп калба!
Сулууларга түшөт да көптүн көзү,
Кудай колдоп напсисин тыйса дечи!
Тектүү кызды самаган кекиреймем,
Тек астына тепселип калбагын сен!
Тектүү жердин кызынын тили узун,
Катыныңа кул болуп калба өзүң.
Акылдуу кызды тапсаң карап турба,
Төрт сапаттын бардыгы болот анда!
Таптыңбы акылдууну — шашыл дароо,
Үйлөнүп ал, табылгыс бакыт ошо.
Тилегиң байлык болсо, аял жыят,
Байлык артып, бакытка үйүң тунат.
Абийирдүүбү аялың — сулуу ошо,
Аял сулуу көңүлү изги болсо.
Акылдуу, таза бекен — демек асыл,
Үч сапатты чогултуп баккан ушул.
Аялдын акылдуусун тапсаң эгер,
Төрт тарабы сапаттын болот түгөл!
А эгер акылдуунун тапсаң бирин,
Эч токтолбой, кутманым, үйлөнгүнүң!
63. УУЛ МЕНЕН КЫЗДАРДЫ КАНДАЙ ТАРБИЯЛОО КЕРЕКТИГИ АЙТЫЛАТ
Уул, кыздуу болуп калсаң сен эгер,
Үйүңдө өстүр, жайсыз болот бөтөн жер.
Тарбиячы адам тап, пейли кенен,
Уул-кызың дени сак өсөт экен.
Билим берип, адилет тарбияла,
Эки дүйнө бактылуу болот анда.
Кыз чыгарып, келин ал куда күтүп,
Кайгы-капа билбеген байлык бүтүп.
Уулдарга үйрөткүн жакшы сапат,
Жакшы иштен бакыт да, байлык табат.
Тескеп тур, уул ишсиз — бош калбасын,
Бош болсо, текке кетер өмүрү чын.
Төрүңдө картайтпагын кызды кармап,
Кеселсиз чөгүп кетер, күйүт арбап.
Сөзүмдү ук, о кутманым, ачык айтам,
Кызы жок болгон жакшы, деги баштан!
А төрөлсө кыз бала — болсун дейли,
Көзү өтүп, көр алдында жатса мейли!
Аялды үйдө карма, болуп катаал,
Алардын маани, кейпи окшош татаал.
Бөтөндү үйгө койбо, чыгарба аял,
Бөтөнгө бузулууга аял даяр!
Көз көрбөсө — көңүлдө арзуу болбойт,
Көргөндөн соң көңүлүң тынчып койбойт.
Карабасаң жүрөгүң козголобу,
Козголбосо жүрөгүң тоз болобу!
Аялга эркек менен бербе тамак,
Бирге болсо арамдык жолго барат!
Аялдарды чыгарба үйдөн алыс,
Үйдөн чыкса оп-оңой бузуп салыш.
Аял деген — чийки эт, сакта өзүң,
А бузулса — пайдасыз аракетиң!
Аялыңды кадырла, айтканын тап,
А эшикти бөтөндөн жылчыксыз жап.
Аялдарга илгертен ишеним жок,
Көңүлү дайым жүрөт көзүн коштоп.
Күч менен өстүрүлгөн, кошмо дарак,
Мөмө бербес, берсе да арам тамак!
Нечен миң көзгө толгон берендерди,
Аялдын текебери алдап, жеңди.
Нечен эр, жүзү жарык, абийир алган,
Аялдарга алдырып, жер караган.
Нечен бир азаматтар атагы ашкан,
Тирүүлөй жерге кирген аялдардан.
Аларды кантип бузбай сактоо керек?
Теңирим, боло көргүн өзүң жөлөк!
64. КОЛ АСТЫНДАГЫЛАРДЫ КАНДАЙЧА ТАТЫКТУУ КАРМОО КЕРЕКТИГИН
АЙТАТ
Кол астында элдерди жакшы карма,
Тамак-ашын, кийимин белен камда.
Жүк бергин ченеп туруп кубатына,
Бир кудай алар үчүн калыс сага.
Артык жумуш жасатып күч келтирбе,
Кудай каары тийбесин бир өзүңө.

Алар дагы кудайдын кулу болот,
Кыйнай берип, өзүңө кылба тозок!
Сен улуксуң, а баары сенден кичүү,
Кичүүсүн аяп кароо чоңдун иши.
Улук болсоң кичик тут сен өзүңдү,
Улуксуңбу сылык кыл мүнөзүңдү.
Көңүл бур акылмандын айтканына,
Кеңешин туура тутуп, ишиңди ула:
«Эгер сен эл башкарган улук болсоң,
Көңүл, сөздү эң сылык тутканың оң.
Сак болгунуң, жаңылба туура жолдон,
Кут табасың терс жолго баспай койсоң!»
Үй-жайыңды тап-таза, жакшы карма,
Дөөлөт кирер үйүңө, токтоп анда.
Кенен болсун үйүңдө тамак-ашың,
Кут, дөөлөт өзү келип коноор бачым.
Кирешеге жараша чыгаша кыл,
Чыгашаңды эсептеп, так кылып тур.
Алыш-бериш ишинде так болгунуң,
Так болсоң дайым таза басар жолуң.
А кокус кыйындык иш түшсө башка,
Жүгүңдү өзүң көтөр, бирөөгө артпа.
Мындайда жакын дос да жардам бербейт,
А жатың, шылдың кылып күлүп сүйлөйт.
Сенден дос, тууган дагы четтеп калат,
Жүрөгүң кайгы-муңдан алат жарат.
Аралаш жакын болгун жакшыларга,
Аракет кыл теңелгин сен аларга.
Пайда күтпө, байлыкты көздөбөгүн,
Өкүнүчтө өмурдү өткөрөсүң.
Үйүңдү кашка жолго жакын курба,
Жеңдиресиң өзүңдү түйшүк, муңга.
Там курба жар башына, бай жанына,
Чептен алыс тургунуң сен дайыма.
Жакындоо бул үчөөнө жакшы эмес,
Кырсыктан кутулууга чамаң келбес!
Кошунаңды сурагын там саларда,
Суусу бар жерди изде жер алаарда.
Нааданга ымалашнай, жүргүнүң сак,
Адилетке тик карап, даңгыр жол тап
Каниет кыл барына — өзүң бексиң,
Өмүрүң эч кайгысыз, жыргап өтсүн!
Унутпа өлүмүңдү, азгырылба,
Кудай де, акыл-эсти ачык карма.
Сөзүңдү ойлоп сүйлө, кырсык келбейт,
Бош өткөрбө өмүрдү — өкүнч жеңбейт.
Кекирейбе, болосуң жек көрүндү,
Сараң болсоң сан каргыш табат сени.
Жөнөкөй адам сөзүн жакшылап ук,
Адамдыкты ак коргүн ыйык тутуп:
«Атым чыксын жакшыраак десең анда,
Жоомарт болуп, дилиңди таза карма.
Алам десең кул кылып бардык жанды,
Белек менен байлап ал алгач аны.
Жетсин десең сен эгер төбөм көккө,
Ишиңди илим, ойго байлан иште.
Ойлосоң дүйнөгө атым жайылсын деп,
Конок күт — атың көккө чаап жетет.
Жыргал менен жашаймын десең көпкө,
Наадандыкты таштагын, кагып четке.
Эгер сен кудай жолун тутам десең,
Жаба көр ой, эшикти, жолду бекем.
Бактылуу болом десең бардык жерде,
Токтоо бол, болбос ишти баштай көрбө!»
Акылдуу адам айткан баалуу сөз бар,
Түшүнүп, оюңа түй, пайдасын ал:
«Напсиңдин талабына алдырбагын,
Алдырсаң — кетет денден башың, жаның!
Кесирлик ашкан жерде — акыл качат,
Сезбейсиң алтын башың алынганын!»
***
«Ушундай,— деди Акдилмиш,— кутман досум,
Кызматчыңдын жөн-жайы эсте болсун.
Мен айттым, сен тыңшадың, баарын козгоп,
Түшүнсөң, анда айтар башка сөз жок!»
Өткурмуштун Акдилмишке берген суроосу
«Олуям,— деди Өткөрмүш,— уктум сөздү,
Айтканың ошол бойдон ойго жетти.
Дагы бир суроом бар айтчы мага,
Түшүндүрүп чындыкты аччы жана.
Эл менен аралашып жүрсөм демек,
Барыш-келиш мамиле кылуум керек.
Конокко чакырышып калар мени,
Мен дагы чакырууга келер жөнү.
Конокко кантип барып, кантип турам,
Чакырганга кандайча жооп кылам.
Суранам, айтып берчи, билгениңди,
Мен угуп, түшүнөйүн жөн-жөнүңдү!»
65. АКДИЛМИШ ӨТКҮРМҮШКӨ КОНОККО БАРУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУН
АЙТАТ
«Ал тууралуу айтууга — деди Акдилмиш,—
Даярмын, аны баары билүү тийиш.
Чакырылган адамдар болот түрдүү,
Ошондой түрлүү болот конок күтүү.
Үйлөнүү той, же башка болот кажет,
Сүннөт той, же төрөлгөн уул себеп.
Теңтушун, же курдашың чакырышар,
Улуу, кичүү, ага-иниң сыйлап турар.
Чакырар өлгөндөргө, аш болгондо,
Болбосо наристеге ат койгондо.
Чакырса эгер сени жеп ичкенге,
Өзүң чеч керектигин баруу кимге.
Тууган-достор чакырып калса сени,
Даамын татып келгиниң келсе жөнү.
А кокус бөтөн адам чакырганда,
Азбы, көппү туз — даамын таткын анда.
Чакырса жакын досуң, же кошунаң,
Буйруган аш деп билгин теңир саган.
Аларга да баргының, ал — көңүлүн,
Кубанткын сен аларды, өзүң сүйүн!
Эгер сый — болсо сенин урматыңа,
Сен барып, ичип-жегин кубанчына.
А кокус — сыйлар болсо мындан бөлөк,
Көңүлүң ооруп калар, барбоо керек!
Ич түйүлүп, болбосо өтөт жана,
Жармашып кетпей калат кесел сага,
Ичкилик болгон жерде — аксым болор,
Сиңбесе чийки тамак — сыркоо конор.
Бир чымчым аш, бир тамчы суусун үчүн,
Кордобо сен өзүңдү, зордоп өзүң.
Каниеттүү адамдын айтканын ук,
Эрки менен напсисин койгон тыйып:
«Насиңди тый, баспагын жаман жолго,
Напси үчүн көр оокаттын кулу болбо!
Көп көргөм далай даңктуу азаматты,
Бардыгы кекиртектин айбын тартты.
Көргөмүн тектүүлөрдү ишин билген,
Напсисинин айынан жерге кирген.
Көрдүм байды, тойбогон кекиртеги,
Көктөн кулап кедейлик энчи эми.
Кулкунуңа кул болбо, жолуңдан кайт,
Напсиге туткун болгон, кутула албайт!»
Конокко чакырбасын сени кимдер,
Адеп күтүп, тамакты даамдай көр.
Адеп, тартип сактабас наадан адам,
Адептүүнү көргөндө болот жаман.
Улуу болсо өзүңдөн — эзелки адат,
Ашка колду кичүүлөр кийин салат.
Кудайды атап, сунгунуң оң колуңду,
Байлыгың баштан ашаар, болуп улуу.
Бирөөнүн алдындагы тамакты алба,
Өз жактан ал, өзүңдү бекем карма.
Мүлжүбө бычак менен, албагын сөөк,
Шашылба — озуп кетпе элден бөлөк!
Аябай тойсоң дагы кол сала тур,
Сени карап жешет да, сыпаалык кыл.
Оозуңа салганыңды шашпай чайна,
Ысык ашты үйлөбө — жаман анда.
Дасторкондон тамакты сүйрөп кетпе,
Сыпатыңды бузбагын бардык жерде.
Ал болот каадасыздык, каада күткүн,
Каадасыздар кор болот, сүйбөйт эч ким!
Сыпаттуу адам кеңеш бизге айткан:
Татыктуу урмат-сыйга сыпаа адам».
Тартип-таалим бар болсо кол узарып,
Сыпаа жандын дайыма жүзү жарык.
Жөн билбеген, адепсиз наадан менен,
Иш бүтүрүү эч качан болбойт деген!
Тамакты жеген сайын мактап алгын,
Үй ээсинде кубаныч, сүйүнч калсын.
Сен үчүн далбас уруп жасады аш,
Мээнеттин, даяр даамын кылбагын таш.
Жакшы адам сөз айтынтыр жүрөгүнөн,
Анын ою, ойлосом, чындык экен:
«Адам көөнү — эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.
Көңүл сынса — кайрадан толбойт мындай,
Достук да, кубаныч да кетет турбай.
Чын досуңдун көңүлүн ыйык сакта,
Достук болбойт — бир жолу көңүл калса!»
Шашылба, лапылдата ашык жебе,
Ушинтип акылдуу жан айткан эле:
«Ашка соргок адамга кырсык өнөк,
Соргокту кесел өзү чырмай берет!
Кекиртегиң тыя жүр — келет кесел,
Ичкен, жеген ашыңды азайта көр!
Ден соолукту бул адат буза берет,
Эмдебесең артынан — өлүм келет!»
Дарыгер бир акылман айткан жакшы,
Анын сөзү так келип, ордун тапты:
«Кесел деген — өлүмдүн кабарчысы,
Оорунун өлүм болот коштоочусу.
Оору — азап, өлүмдүн чабарманы,
Өлүмдө өнүү барбы, жыргал кайсы?»
Адам деген атакка татуу үчүн,
Ысык менен суукту ченеп ичиң.
Табитиңе жараша тамак танда,
Сак болгун, жараксызын алын ташта!
Аштыбы, ысыктыгың сууктап ич,
Сууктасаң — кайрадан ысыкка түш.
Жаштык чагың өмурдүн ысык тушу,
Муздагын же — ансыз да каның кызуу.
Кырктан ашсаң — өмүрдүн күзү салкын,
Ашказанды ысыктап таптап алгын.
Алтымыштын чилдесин калсаң басып,
Муздакты унут, ысыкты алгын шашып!
Муздак, кургак бар жерге — ысык суулуу,
Керек да бир-бирине коштоп туруу.
Муздак менен суулууга — жокпу көңүл,
Кургак менен ысыкты — колдоно бил.
Ден үшүсө жылыткын ысык менен,
Ысыдыбы муздакка өткүнүң сен.
А сенде аралашпы ысык-суук,
Кошуп ичкин экөөнү теңдеп туруп.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 05
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.