Latin

Куттуу билим - 06

Total number of words is 4193
Total number of unique words is 2136
28.3 of words are in the 2000 most common words
42.0 of words are in the 5000 most common words
48.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Сени көрдүм — жок болду түйшүктөрүм!
Өзүм каалап келдим го алдыңызга,
Кандай түйшүк болмокчу Элик мага?
Максатын беттеп чыккан адам үчүн,
Түйшүк жок — андай адам сезбейт жүгүн.
Акылдуу, зобололуу адам айткан,
Акыл менен ал чексиз бакыт тапкан:
«Алыс жер да эңсесең болот жакын,
Тилегиңе жетесиң анда бачым.
Көңүл менен максатка арымдаган,
Көп күттүрбөй ийгилик келет аган.
А кокус жолго чыксаң зордук кыйнап,
Көңүлсүзгө жакын жер болот ыраак!»
Жөө адамга албетте, жол түйшүктүү,
Көңүл жайда — сезбейсиң сен түйшүктү.
Элигим, ойду сага багыштагам,
Жол түйшүгү сезилсин кайдан маган!
Эгерде көңүл кимди самап калса,
Алыс жол да жапжакын болот ага!»
Эликтин Өткурмүшкө берген суроосу
«Көп суроонун ичинен,— деди Элик,—
Кайтарчы алгачкыга жооп берип.
Сен айттың, ак дилиңден өзүм келдим.
Андай болсо бир собол, жооп бергин.
Билесиң: саламдашуу — сыймык, урмат,
Саламдашсаң биринчи — жол ачылат.
Мени көрүп, бербедиң саламыңды,
Бул сыйыңдан мен куру каламынбы?»
Өткүрмүштүн Эликке айткан жообу
Айтты Өткүрмүш: «Адатым, айып көрбөң,
Мен биринчи бирөөгө салам бербейм.
Салам айтуу — ден соолук тилек сөзү,
Саламдашып ден соолук каалайт дечи.
Саламдашуу — ал каалоо амандыкты,
Каалаган соң — ден соолук анда жакшы.
Бул тууралуу айтылган таамай сөз бар,
Аны угуп о, кутманым пайдасын ал:
«Амандыкты тилейбиз салам менен,
Алик алгая жакшылык табат экен.
Жакшы каалоо — кырсыктан коргойт деген,
Алик алган — дени чың, болот бекем!»
Улууктар кичүүлөргө салам берет,
Башталышы оң болсо жемиш келет.
Кичүүлөр улууларын турса сыйлап,
Акыл укса өмүрү өтөт жыргап.
Улуктардын каарынан болсоң алыс,
Жакшылыкты жакындан болот табыш.
Эликке менден залал болмок беле,
Кичинемин, кичүүдө кайсы күнөө?
Элге башчы, Эликте бийлик күчтүү,
Каары келсе айтканы дароо бүтчү!
Бекке шашып, жөн адам бербейт салам,
Себебин, акылманым мурун айткам.
Эң алгач чакыргансың кызматыңа.
Пайда кылып турсун деп дайым сага.
Мен болбодум, сөзүңө көнгөнүм жок,
Бул дүйнө ырайымсыз, ишеним жок.
Аны коюп чакырдың зияратка,
Сөзүңдү угуп алдыңа келдим мына.
Алдыңда сыпаа күтүп, чочуй тургам,
Кубат алдым ачык жүз, саламыңдан.
Сүрдөнттүң, бийлеп алды коркуу меңи,
Ойлогом — өткөн сөздү козгойт эми!
Эми гана ишендим толук сага,
Көрүп турам, пейлиң ай сенин мага!»
Эликтин, Өткүрмүшкө айткан жообу
Элик айтты жообун: «Эң бир жаман,
Бек болсо айткан сөзүн кармабаган!
Улукка бийлик, даңктын жок пайдасы,
Аткарылбай калса эгер убадасы.
Жалган сүйлөп, кыялы чапчаң киши,
Кайдан элге өкүмдар болсун ушу.
Башкарат анан кантип элди ошол,
Калпычы, бийлиги жок, болсо осол.
Бул тууралуу айтылган жакшы сөз бар,
«Калпычыдан жолобой бакыт качар»
Калпычылар адамдын эң жаманы.
Андан жаман убада бузгандары.
Чынчыл адам жашырбай түз сүйлөгөн,
Чынчыл алкыш кудайдан алат экен:
«Алдамчыны эркек деп айталбаймын,
Бек болсун адилеттүү, чынчыл дайым,
Эркек бузбайт эч качан убадасын,
Ушак сөзгө алданган — болот катын!»
Өткүрмүштүн Эликке айткан жообу
Жооп берди Өткүрмүш: «Кутман Элик,
Татыктуу болдуң ушул сыйга бийик.
Кудай сенин арттырсын айбатыңды,
Күч кошуп, арбын кылсын кайратыңды!
Бектин баары — калкына кадыры бар,
Иши үлгү, сөзүнөн акыл чыгар!
Акылман айтын келген илгертеден:
«Жакшы бектин журту да түптүү экен!»
Киши сөзүн угуп ал чачы аппак,
Көп жашаган, көп көргөн дүйнө таптап:
«Пейилиңди ак туткун, элге башчы,
Бакыт — оома, бир келип, бирде каччу.
Атың калсын артыңа даңкың ушу,
Бирде — бар, бирде — жок да бакыт кушу!»
Жамандыкка барбагын өкүмдарым,
Жакшылык кыл иште да, сөздө дагын.
Улуктук, бектик дагы келет-кетет,
Урматуум, жакшылык иш көпкө жетет.
Эл үчүн жакшылык кыл, изде пайда,
Кайрымжысы миң эсе кайтат кайра.
Күндөрү өмүрүңдүн соккон шамал,
Ишенимсиз бакыт да, кетип калар!»
Эликтин Өткүрмүшкө айткан жообу
«Акылманым,— деди Элик,— тилегим бар,
Дайыма бир өзүңдөн акыл алар.
Мен өзүм өтө ыйык ойду куугам,
Көрсөм дегем өзүңдү катарымдан.
Дайым мага кеп-кеңеш берсе дегем,
Жакшылыкка жол салып, ачык-кенен.
Мында бар — кошоматчы, жойпу, арам,
Арасынан чынчылды таппай калам.
Бектер мында талапка чапчаң келет,
Көңүлгө арасынан таппайм жөлөк.
Сарайда көп, иштен жатат далай баш,
Арасынан камчы сантык табылбас!
Бул тууралуу жакшы ыр айтылыптыр,
Билип алгын олуям, пайда ушул:
«Кишимин» деген адам толуп жүрөт,
Пайдасы жок карасаң далай ирет.
Бир адам миң адамга татып кетет,
Бир кол кээде миң колдун күчүн берет!»
Түшүнүп ал, Өткүрмүш,— деди Элик,—
Кудай сага коюптур мээрим төгүп.
Сенин ишиң атыңа төп келет чын,
Жакшылыгын кудайым аябасын!
Кудай берген энчиңдин бөлүшүп кой,
Напеим олүн, агарсын мендеги ой!»
Өткүрмүштүн Эликке айткан жообу
«О, бегим,— деди Өткүрмүш жооп кылып,
Бир гана сырткы кейпим сыйларчылык.
А эгер билген болсоң ички дүйнөм,
Сөгүн-сагып жаныңдан кубаар элең.
Сөздөр бар мени олуя имиш деген,
Бирок ал — зыяратка зыян экен.
Ойлочу ушул сөздөр түпкө жетет,
Кекирейүү күн санан өсүп, өнөт!
Мен кепемди көрсөтмө кылып койдум,
Соодага мындан пайда кайдан болсун?
Адамдардын баалаба көрүнүшүн,
Терең кара, аңтаргын анын ичин.
Коондун сырты сулуу, кооз болот,
Көрүнүшү жытына көңүл толот.
А даамы болсо начар — оозго алгыс,
Эй, бугу, ыргыт аны жандан алыс!
Акылмандын көрөгөч сөзүн тыңша,
«Жүзүң эмес, ичиңиз болсун таза!»
Бардык нерсе баалуусу ичиндедир,
Ичи бошну — андайдьш көркү көмүр!»
Эликтин Өткүрмүшкө айткан жообу
Жооп берди анда Элик: «Кутман, сылык,
Турат сыртың ичиңе тете чыгып!
Бул дүйнөдөн арыддың кечип жүктөн,
Мен арып дүйнө жүгүн артып жүрөм.
Бул дүйнөнүн мүшкүлү басып алды,
Кудайга сыйына албайм — айла барбы!
Мен тутунар бергиниң кеңешиңди,
Бакыт алып, тазалайм жүрөгүмдү!»
Өткүрмүштүн Эликке айткан жобу
Өткүрмуш жоон берип, айтты — «Бегим,
Ийгилик жакшылыгын алып келсин.
Билими терең деңиз, уккун адам:
Кудайдын кулдарынан — мен эң жаман!
Изден калсан пендеден, эң жаманын.
Жамандардын жаманы менмин чыным.
Сөздөрүмдүн канчалык пайдасы бар,
Кеңешимден болобу майнап чыгаар?
Үзө элекмин кудайдан үмүтүмдү,
Кечирер жалгыз өзү бүт күңөөмдү.
Күнөөгө далай баткан адам сөзү,
Кечиргиң деп жалычган ка.йра өзү:
«Күнөөлүү кулуң болом, бузук, жаман,
Бүт өмүрүм күнөөлүү, жүргөн-турган.
О, кудай; сен тирексиң таяп-жөлөөр,
Алкулум деп күнөөдөн куткар ылдам!»
Эликтин Өткүрмүшкө айткан жообу
«О, кутманым,— деп айтты Элик жообун,—
Татыктуу, жакшылыктуу сен болосуң!
Өзүңдү элден төмөн туткан үчүн,
Эл ичинде сый табар сенин өзүң.
Сенин таза көңүлүң, сөзүң ишиң,
Кеңеш берер, насаатчы болгун кишим.
Олуясың, жакшылык — кылгандарың,
Кеңеш бергин, кубансын алсыз жаным.
Кудай акыл бериптир муюбаган,
Кутманым, ак жолумду аччы маган?
Жоомартым, кеңеш айтып, берчи жардам,
Теңирим бейишиңди берсин саган!»
71. ӨТКӨРМҮШТҮН КҮНТУУДУ ЭЛИККЕ АЙТКАН АКЫЛ-КЕҢЕШИ
ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Жооп кылды Өткүрмүш; «Кутман Злик,
Кудай берсин жардамды, колун берип.
Бул дүйнө өзгөрүлмө, дайыма ач,
Карытты канчаларды өзү жапжаш.
Сендейдин баарын «сүйүп» жолго узатты,
Эми сага кол созуп жакындашты.
Анчалык жакындашпа, көңүл бербе,
Үмүт үз, бапасызга жолой көрбө!
Сен неге менден кеңеш күтүп калдың?
Замандын өз жолунан сабак алгын.
Мурун да хандар-бектер бийлик эткен,
Кайда алар, даңкы, күчү кайда кеткен?
Алар кеткен жол кайда, ойлон өзүң?
Артынан алыс эмес кетер кезиң!
Мына эми сага тийди бектин куру,
Өмүр кыска, ойлой жүр эртеңкиңи!
Ага деп көп кылдыңбы жакшылыкты?
Эми жаса — эртеңиң болот мыкты!
Өлүм келсе өкүнүч кошо келет,
Жакшылыкка сен дайым болгун себеп.
Көптү билген бир киши кеңеш берет,
Акылдуу сөз — баасы артык, жакут, бермет:
«Өлөт баары, турбайсың тирүү бойдон,
Өзүңдү таза кармап, өлүмдү ойлон.
Ажал жетет түбүңө таанып калгын,
Өтөт өмүр, өзүңдөн үлгү калсын.
О, капарсыз жашаган кудай кулу,
Унутпа, сени тосот өлүм жолу!
Өткөргөн күндөрүңдү таразала,
Өмүр — түш, өтөт-кетет, турбайт сага!
Эгер сен жакшылыкты жасайсыңбы,
Калтырасың түбөлүк жакшы атыңды!
А эгер өмүр өтсө пайдасы жок,
Ыйлагын күнү-түнү муңдаң-боздон.
Албайсың өмүрүңдү сурап өзүң,
Айланып кайра келбейт жаштык кезиң!
Өмүрүңдү өткөрбө болбос ишке,
Өлүмүңдү алдыда келээр эсте!»
Ойло Элик, далай жылдап сага чейин,
Башкарган сенин атаң ушул элин.
Ээ болгон казынага, аскер, элге,
Жыл санап эли, жери арткан эле.
Акыры ажал жетти, өлүм алды,
Атак-даңкы пайдасыз артта калды.
Өлөрүндө атаңыэ насаат берген,
Ата сөзү ар-намыс болот деген.
Бул тууралуу айтылган сөздү тыңша,
Пайдасы көп, көз болоор көрөр сага.
Ажал кыстап келгенде ата айтат,
«Күнүмдүккө күйбө уулум, тартип сактап.
Өлүм мени кармады, сени да алат,
Жакшы болгун, артыңда атың калат!»
Өлөрүндө дайыма ата-энеси,
Балдарына акыл-сөз айтат дечи.
Көрүп ал, өлүм бизди калтырбады,
Кезегинде тузактайт сени дагы!
Бул дүйнө алар үчүн азап болду,
А сага жибереби даңгыр жолду!
Баалагын тирүүлүктү, элге арна,
Бүт өмүрдү кыпындай өзүң алба.
Керектүүнү иштегин, күндөр бүтпөйт,
Аткаргын милдетиңди, өмүр күтпөйт.
Жонуңа өз элиңдин жүгүн арткын,
Сак жана ойлуу болуп, алга баскын.
Сени көздөй бой урат ач бөрүлөр,
Өкүмдар, койлоруңа сак боло көр!
Эл ичинен ач калса бири гана,
Көзүң ач, жоопкерсиң өзүң ага!
Сен бүгүн күн сыяктуу жарык чачтың,
Жарыгың башкаларга, түшсүн башчым!
Өмүр-күнүң чегине жеткен кезде,
Алар бекен бир адам сени эске?
Күнүмдүккө чабылып, өрттөнбөгүн,
Ысык чачар жалының тек кетпесин!
Улуктук, бийлик жана атак-урмат,
Шум өлүм оозун ачса, баары калат.
Адилеттүү, ак иштеп, чындык десең,
Бийлигиң козголбостон турат бекем.
Жакшы айткан билими мол улуу адам,
Сөзүн эстеп, жолуна койгун кадам:
«Бийликти чыңайм десең сен ар дайым,
Адилеттүү башкарып, тургун дайын.
А эгер бүт ааламды алам десең,
Анда деле айтаарым чынчыл бол сен!
Бекмин деп, күчтүүмүн деп — бой көтөрбө,
Туруксуз, бул дөөлөтүң урат жерге!
Ишенбе бул дүйнөнүн бактысына,
Кырсык болуп, кайра эле келет сага!»
Эй Элик, ушул ордоң, салт-сарайың,
Күнүмдүк тыным алар, конок жайың.
Бул жерди сенден мурун жай кылгандар,
Өтүштү бул дүйнөдөн канча адамдар.
Бул ордо, салт-сарайлар бүгүн — сенде,
Ойлонгун, өзүң өтсөң тийет кимге?
Билип ал ордо, сарай курба өзүң,
Күн өтөт, анда болбойт аео сезим!
Жатар жайың түбөлүк, турат күтүп,
Мына ошонун камын көр, сая түшүп!
«Бул ордо — меники!» — деп манчыркаба,
Адилетби, ушунуң, айтчы мага.
Угуп алгын айтылган адилет сөз,
Кутманым, чындьш сөздө күнөө жок эч:
«Меники, бул меники», дейсиң демеп,
Ойлочу, мындай сөзүң кимге керек?
Мураскоруң келет да — «чык» дейт сени,
Анын да «меники» дээр белен сөзү!»
О, кутман! Бул дүнүйө билгин, зындан,
Танпайсың кайгы-муңдан башка мындан!
Зынданда кайдан болсун күлкү, жыргал,
Бир гана бейиште дейт андай кырдаал.
Көз ирмемдик жыргалың топук беле,
Өтүп кетер кубанычты кубанч дебе!
Токтобогон дөөлөтүң турбайт, качат,
Жыйган-терген оокатың түгөл чачат.
Өмүрүң өтөр сенин башка жайда,
Бул дүйнөнү унутуп, баргын анда!

Күнүмдүккө алданба, түбөлүк де,
Жол татаал бара турган түбөлүккө.
Кудайымдын мээрими асыл келет,
Далай сонун жакшылык өзү берет!
Эл үстүнөн колуңду узун кылды,
Тилегиңди, жолуңду оңдоп турду.
Сага тете, өзүңдөй адамдардын,
Этегиңе жыгылтты, көрчү баарын.
Сен дагы адамдарга жакшылык кыл,
Энчиңе кудай берген шүгүр деп тур.
Адилет деп теңирим сени койду,
Адилетке, чындыкка бургун ойду!
Нар ишиңди бүтүргүн акыл. менен,
Напсини эмес, жүрөктү уккунуң сен.
Бардык элге тең кара, ырайым кыл,
Чоң кичине баарына адилет тур!
А эгер көрүп калсаң жамандыкты,
Токтотуп, бергин ага жаза катуу.
Акылы деңиз адам айткан таанып,
Акыл менен иштесең — жүзүң жарык:
«Бардык жерде жакшылык өнсүн десең,
Эң алгач өзүң таза болсоң экен!
Тартипсиздик болбосун элде десең,
Үлгү болуп эл камын дайым жесең. I
Бектер — башчы, калган эл кайда болсо,
Бек артынан ээрчишип жүрөт кошо.
Эл бузулса — бек тескеп жолго салаар,
Бек бузулса, дабаасын кимдер табаар?
Өз ишиңди, пейлиңди жүргүн түздөп,
Эл оңолот — бийлигиң болот эң бек!
Жасайм десең дайыма жакшылыкты,
Жамандыктан алыс бол, сөзүм ушу!
Наадан болбо, алыс кач бузуктардан,
Бул экөө тең адамды уяткарган
Жамандыктан четтөөнү каалайсыңсы,
Барбагын жамандыкка сөздүн чыны!
Шарап ичпе, берилое кумарыңа,
Экөө бирдей сормо саз, чыкпас кайра.
Адам бол ою, иши бирдей асыл,
Кеңешчиң — билим болсун, жолдош — акыл.
Пейлиңди, дилиңди таза карма,
Орундуубу ар сөзүң — зорсуң анда.
Кекирейбе, чиренбе мансабыңа,
Аскерим арбын го деп — манчыркаба.
Карачы канча баатыр, даңктууларды,
Жер жутуп, анп койбой өлүм алды!»
Жакшы айтыптыр акылы артык адам,
Айтканын ук акыл сөз алар саган:
«Бой көтөрбө арбын деп казынаңды,
Манчыркаба — колдо деп аскер дагы!
Күчтүүмүн деп мактанган далайлары,
Андайдын жеткен эмес чымынга алы!»
Апырылба, өзүңдү кармай билгин,
Ачууң келсе токтотуп, сабыр жүргүн.
Шашылба, шашкан шайтан иши дептир,
Шашкан иштен эч качан болбойт үзүр.''
Сыйлайм десең тезинен сыйла аны,
Жазаласаң шашылба, күткүн дагы.
Иште да, сөздө дагы шашылбагын,
Сабырдуулук эң баалуу — чыда дагын!
Берешен бол элиңе, тарат белек,
Бек сараңбы — жаман сөз тарап кетет.
Токтоо болуп, орой сөз оозго алба,
Оройлуктан -көңүлдөр муздайт кайра.
Эл менен сүйлөшкөндө жумшак сүйлө,
Жүзүңдү ачык тутуп, эч түнөрбө.
Эл ичинен бир өзүң татыктуусуң,
Ишиң,сөзүң, мүнөзүң ачык болсун.
Жакшы болсо өз элиң түшүн аны,
Жакшылыгы өзү үчүн, болоор дагы.
Жакшы болсо бектердин кулк-мүнөзү,
Элге болор миң түркүн кубаныч энчи.
Эгер бектин мүнөзү болсо начар,
Жаманчылык күч алып, кырсык басар.
Наадан болбо, бекерге жаманатты,
Эси жокту тизгиндеп, тоскон жакшы!
Кемчилдик — ууга окшойт, ичпейт ууну,
Уу ичкендер өмүрдөн колун жууду.
Билимдүүнү өзүңө жакындаткын,
Акылын ук, бекем тут сөзүн анын.
Адилеттүү адамды, атагы алтын,
Чакырып өз жайыңа ишке салгын.
Эки жүздүү бу дүйнө кетет алдап,
Осол болбой сак болгун, жолу тайгак.
Жасанып, орой берип көңүлдү алат.
Көңүл берсең,— жүз үйрүп кетип калат.
Өлүмүңдү унутпа ойлон, тынба,
Кокусунан бастырба ажал шумга!
Уктай бербе капарсыз, уйку — душман,
Бийлигиңе мас болбо, Элик кутман!
Бүгүнкү жыргалыңа багынбагын,
Эртеңкиңе кам көргүн, ага сабын.
0 дүйнөдө жыргалды узак берет,
Узак үчүн баасы да кымбат келет!
Каалайсыңбы жакшылык — адам болгун,
Түбөлүк жыргалыңа жетет колуң.
Көптү билген акылман айтканын ук,
Билими үчүн атагы болгон улук:
«Алкайм десе кудайым, чеги болбойт,
Өмүр бою ырахат берип колдойт,
Жүзүн бурса, тозоктун оту ойнойт,
Азабынан кутуаар такат койбойт!»
Элик сен, эл көйүнө дарыгерсиң,
Алдыңа үмүт кылып келет элиң.
Бирлери күч-кубаттан айрылышкан,
Кээ бирин кедейликтин тору туткан.
Бири ачка, дагы бири нак жылаңач,
Айрымы кайгы басып агызат жаш.
Милдетиң ушуларга бергин дары,
Эмчи бол, жакшылыкты күтөт баары.
Элиңди арылтпасаң кырсыктардан,
Эл күйүтү болосуң өзүң жаман...
Кыяматта кудайым сенден сурайт,
Жообуңду кийин берер — азыр камдат.
Өмүр өтөт, артыңда бектик калат,
Жакшы атыңды калтыргын, тартпай азап.
Бул өмүр — жаңы айдаган эгин талаа,
Эмне эксең, ошону берет сага.
Эге көр, бул талаага — жакшылыкты,
Өмүр бою аларың болот мыкты.
Ук сөзүн эл бийлеген жакшы бектин,
Ишин билген, көңүлүн тапкан көптүн:
«Бек болом, элге башчы деген жандар!
Жөнөкөйлүк, ачыктык үйрөнүп ал.
Өкүмдарлык, бийликти эңсесе ңим!
Иши менен илимди бириктирсин.
Илим менен бирдикте ишти башкар,
Билим болсо, ар иштен майнап чыгаар!
Күнүмдүк отор-кетер өмүр ылдам,
Жакшылыгың арттыргын, өлбөй турган.
Төрөлгөнгө өлүм бар — жашоо калат,
Жамандык, жакшылыкты айтуу адат.
Жаманга жакындашпа, залалы көп,
Жакшы иш менен атыңды калтырып кет!»
Токтоо болгун, эй Элик сак да болгун,
Азан тосот ар дайым аңкоо жолун.
Токтоолук, сактык — негиз бийлигиңе,
Ушулардан түбөлүк майнап изде.
Осол болбо, бийлигиң учуп кетет ,
Осол жандар ар дайым азапта өтөт.
Өзүңө жоо издебе, канын төкпө,
Күнөөң артат эки эсе, өлүм келсе!
Арам тамак аш болбойт, ичпе аны,
Арам ичкен — тозокто күйөт жаны.
Бардык элге жакшылык, пайда тиле,
Жамандыкты көздөбө — ал иш күнөө.
Шарап ичпе, бузуктук ишке барба,
Бул экөө бүт ордоңду бузат анда.
Туулган соң өлөбүз, жан жок өлбөс,
Атың калсын артыңда мезгил жеңбес.
Өмүр — кочуш кум сымал, турбайт агат
Жаманбы, же жакшыбы атың калат.
Өмүр сени азгырып, термей берет,
Көз ирмебей уйкуну кууш керек!
Шалаакылык уйкуга алып келет,
Уктап калган ишине бербейт эсеп.
Болбосо элдин баары мындай аңкоо,
Периштедей болушмак өмүр — жолдо!
Акылдуу адам айткан накыл сөздү,
Оку да, эсиңе түй, жакшы киши:
«Оюн-зоокко шалакы болот жакын,
Андайлар жутуп алат оң сапатын.
Байкагын өтө ашыкча уктабагын,
О, кудай, күнөөсүн кеч жаңылгандын!»
Сак жүргүн, дайым болсун көзүң өткүр,
Арка болуп элиңе мээримдүү жүр.
Бардыгы үчүн өзүңдөн алат эсеп,
Эсеби күнөө кылсаң, тозок дешет!
Эске тут акылдуу жан айткан сөзун,
Акыл менен топ келсин бардык ишиң:
«Эй бейбаш, бой көтөрмө байкуш адам!
Сурак болот, камдангын азыртадан.
Көңүл жолун ээрчиген адам көөдөк!
Сага да жооп берчү — келет кезек.
А соргок! Кекиртектин кулу болгон,
Камдангын, кутулбайсың ушул бойдон.
Паары үчүн жооп берчү келет учур,
Жашынчу жайың барбы, качып кутул!»
Эй, Элик, колуңда бар кылыч, камчы,
Наадандарды жазалап, шилтеп калчу.
Эссиздер наадаңдыгын таштабаса,
Камчыны башка ойнотуп бергин жаза!
Нааданга жаза таасир болбой калса,
Алыс тур алар баскан жолдон анда!
Элик болсо бузуку — элге азап,
Жолдоочусу болбосо — ал адашат.
Жакшыларды урматтап, сый көрсөткүн,
Боорукер болуп чыгат бүтүн элиң.
Алыс болгуң оюндан ушул чакта.
Жыргалыңа алданба өмүр кыска.
Адилет бол, тартипти бекем тутуп,
Бекем болсо тартибиң, бийлик бышык.
Жеткенче күч-кубатың кыл аракет,
Жаза бассаң — жалынгын кечиргин деп.
Адамдын айтканын ук, эл башкарган,
Адилеттүү ишинен атак тапкан:
«О, бегим, аянбай кыл аракетти,
Ак ишиң алга сүрөп кетсин көптү!
Жаза бассаң кечирим сурай көргүн,
Сыйынып, тобо кылгын — кудай дегин!»
Алтын, күмүш казнага жашырбагын,
Не чогултсаң элге бер, чачкын баарын!
Өэүң өлсөң байлыктан пайда канча?
Уул-кызың түгөтөр баарын чача!
Көзүң барда байлыкты чачкын кенен,
Эсептебе, өзүңө кылба белен!
Эл башкарган өкүмдар жакшы айтыптыр,
Улуу адамдын кынтыксыз ою да шыр:
«Эй, өкүмдар! Кымбатпы казна сага,
Бекер иш, сен өлгөн соң калат а да!
Күн өтөр — келер мезгил эсептешер,
Энчиңе туш келбесин кырсык бекер!
О, адам баюу жагын көздөп жүргөн,
Чачкынын байлыгыңды жетер менен!
Банасыз бул дүйнөгө көңүл бөлбө,
Ишенбе — кетет бир күн тепсеп жерге.
Эй, адам, кубат-күчү бийлик берген,
Бийлигиңе корсойбой ойлон бекем,
Өзүмчүл ачкөздүккө көнгөн адам,
Өлсөң калар малды чач азыртан!
Ажал келсе — байлыкты кармоочу жок,
Калат малың артыңда — пайдасы жок!»
Тамагыңды чактап ич, тобо кылгын,
Аз сүйлөп, көптү үйрөнүн угуп тургун,
Камкор бол жетим-жесир, кедейлерге,
Жакшылыгың жайылып жетсин элге.
Ушакчыны өзүңө жакындатпа,
Калпычы, кытмырларды алыс карма.
Мындай жандар зыяндуу баарысынан,
Зыяндуулар түбүндө сага душман!
Ач көздөргө алданып эл башкартпа,
Гүлдүү жайды чөл кылып тынат анда!
Жакшылык кыл, күнөөдөн болгун алыс,
Кудайым бир өзүңө болот калыс!
Бүгүнкүң жана дагы келечегиң,
Түнүң дагы жемиштүү болсун сенин!
Билимдүү, калыс киши айткан дурус,
Сен үчүн жакшылыкта берчү жумуш:
«Бүгүнкү үчүн жообу. — эртең сенден,
Эртеңди ойлоп, калыс бол азүң пендем.
Токтоо болуп, сак болуп уктабагын,
Үргүлөбө, унуткун башкасын сен!»
Жашоо, диниң дайыма турат каршы,
Жолу башка, эки айры туткан жакшы.
Дин, жашоону кошом деп түйшүк тартпа,
Бирикпейт билип койгун жолу башка.
Бирин тутсаң, алыстап бири качат,
Бирге кармоо экөөнү куру азан.
Бул дүйнө жортуп жүргөн бороон, шамал.
Бир каптап буй түшүрүп, кетип калар.
Бакыт келер, баш багып дарбазаңа,
Көңүл бурсаң, жүз бурат ал башкага.
Байыйм десең — а сени кедей кылат,
Атак десең — айлантып жерге урат.
Ачкачылык жанында токчулуктун,
Дөөлөтүңдүн жанында мээнет, уккун.
Өз напсиңди тыя бил, кутман Элик,
Кумарыңа жол бербе, кармай билип,
Алар — душман, башкача мамилеси,
Жакындашсаң — жат болуп качат өзү.
Жакшылыкты жазасаң — кырсык кылат,
Ачуулансаң алдыңа моюн сунат.
Өзүңдү ойлон, напсиңди чындап тыйсаң,
Бегиң болор — билимиң, илимиң —хан.
Бу дүйнө сенин — касың, кумар — душман,
Тузагы бар экөөнүн сага туткан.
Бакытыңа кубанып дардайбагын.
Ишенбе бул дүйнөгө, жалган аның.
Бектигиң, улуктугуң келет-кетет.
Дөөлөт оту бир күйүп, бирде өчөт.
Кутманым, жакшы сөзгө кулак салчы,
Жакшы сөздү бел тутуу болот жакшы:
«Бекмин деп чакчылырып мактанбагын,
Мактанбасаң өзүңдү сактаганың.
Бул дүйнөнүн көйүнөн алыстагын,
Кудайым берсин сага жакшылыгын!»
Иш үчүн үч түр адам тандоо керек,
Үчөөнө тең — үч мансап бергин демек.
Алардын бири кадий 1 Элиң үчүн,
Эң калыс адам болсун ушул кишиң,
Экинчиси, эл үчүн адилеттүү,
Ыйык жан, эң такыва — халиф 2 дечи.
Үчүнчүсү увазир 3 керек киши,
Ушуга жамы журттун түшөт иши.
Үчөө тең адилеттүү болсо эгер,
Эл гүлдөп, бейпилдикте өсүи-өнөөр.
Өлкө гүлдөп, эл байып, кол узарат,
Өзүңдү атап теңирге дуба кылат.
А кокус ушул үчөө болсо начар,
Тынчтык кетип элиңди кырсык басар.
Буга мисал бир макал келтирейин,
Угуп тур аны айтып мен берейин:
«Увазир беги үчүн жолду табат,
Ал элди, бекти дагы тескеп турат.
Увазир баштап кетсе башка жолго,
Билип кой: бардык ишиң тетир кылат!»
Бул дүйнө дасторкондо даяр тамак,
Ар кимдер кезегинде келип алат.
Сот тергөөчү деген мааниде.
Бийлик ээси.
Хандын кеңешчиси, жардамчысы, иш башкаруучусу.
Бизге чейин келгендер тамактанып,
Киришти жер алдына, тоюп алып,
Улуу тойго бизди да кутүп абдан,
Чакырышат — жөнөйбүз биз артынан.
Дагы бар курсактарда жаткан жандар,
Бизден кийин тамакка келет алар.
Бирлери күтөт бизди кетсе экен деп,
Кашкасы күтөт коргө түшсө экен деп.
Бүгүн биз дасторкондо отурабыз,
Тагдыр берген тамагын канча алабыз?
Чакырат бизди көрдө жаткан жандар,
«Кеткин» деп шаштырат ичтен балдар.
Бири «кел», дагы бири «кет» деп турат,
Тынчтык жок! Эки жактан кысым кылат!
Түйшүк жок деп кубанба, кутман Элик,
Эске түй, өмүр кыска көз ирмемдик.
Арам иштен алыс бол, сактан Элик,
Пейлиңди карартат жуга берип.
Колдон келсе камкор бол, адам асыл,
Адал тамак ичүүнү бузба такыр.
Ар дайым адал тамак ичип көнгөн,
Киши айткан, адилетке камкор келген:

«Адал ичкен — күнөөгө батпай жүрөт,
Адал тамак — келечек күндү берет!»
Ким тамагын, денесин таза тутса,
Күнөө болбойт андайда эч кымынча.
Тазалыкты издесең — тамак такта,
Таза болсо тамагың, пайда — дайра.
Өзүңө эмес, пайданы элге кылгын,
Элиң көрсө пайдаңды жыргап турдуң.
Бир шаардын айтынтыр өкүмдары,
Ар кыл иште зор экен акыл-ары:
«Бек бактылуу — элине берсе бакыт,
Карды токто калкы да жатат чалкын.
Бек деген — бермети көп деңиз сымал,
Жээкте жашагандын байдыгы артык!»
Бек тоо да алтын менен күмүш берер,
Канчалык терең казса бай болот эл.
Бек болсун кең дасторкон, колу ачык,
Бүтүн эли бай болот, ырысы ашып.
Жарык чачкан күндөй бол, кутман Элик,
Эл алсын даам-ырыс сага келип.
Аманат — кудай катты, коротпогун,
Бересиң кезегиңде анын жообун!
Эй Элик, карап көрчү сен өзүңдү,
Бир өзүм ден чогулта бересиңби?
Гаухары деңиздердин түтпөс чыгар,
Түбүндөгү бермети аздык кылар.
А сен го кенди казып тереңдейсиң,
Алтын-күмүш алсаң да аз го дейсиң!
Жер астында катылган каухар таштын,
Баарысын бир сен үчүн кайдан тапсын!
Жер үстүндө өнгөндү — дандын баарын,
Тынбастан казынаңа жыйып алдың.
Учкан куш жерде аңдар, сууда балык,
Кутулбасы төруңдан болду анык!
Кербендериң жүрүшөт дүйнө кезип,
Шайы, кундуз, кештерди келет терип!
Румдун көз тайгылткан,кымкаптарын,
Бүт берсе да казыңан толбойт жарым!
Түркүн күлүк аргымагын арантын,
Аз көрүнүп акырыңа байлаттың!
Талаада, акырыңда жылкы сансыз,
Төөлөрүң, качырларың, жоргоң да жыш.
Жайытыңда сансыз кой, бадаларың,
Өзүң менен кызматчы, көп кулдарың.
Тоо ичинде топозуң санап болбойт,
Түздө уюң, өгүз, букаң жайнап оттойт.
Бугу, марал, бөкөндөр тоо кийиги,
Жей албайсың түгөтүп баарын эми!
Куландарды, жапайы эчки-теке,
Жеткирет сага кармап баатыр аке!
Түлкү, бөрү, арыстан, аюу, доңуз,
Аңга чыксаң кутулбайт сенден тегиз.
Турнабы, бир казанбы, чулдук, ак куу,
Ызгыйт жана учкан куш дагы түрлүү.
А түгүл көктө учкан бүркүт дагы,
Көк жал бөрү, өзүңдөн кутулбады!
Алгыр кушуң канаттууну учурбайт,
Жүгүргөндөр тайганыңдан кутулбайт.
Аталууну атасыз кылдың өзүң,
Энелүүнү жасайсың байкуш, жетим.
Канчалык кырсаң дагы жан-жаныбар,
Түгөнбөйт, кайра өнүн толуп турар!
Сен кырдың бир кекиртек, кардың үчүн,
Өлүм келсе калат да баары бүтүн!
Үзүп-жулкуп байлыкты жыйдың неге,
Өзүң өлсөң — үзүлөт тамыр деле!
Ач көз адам түйшүктүү дайым жакыр,
Өмүрүндө тойбогон — тойбойт такыр!
Токпейил адам айткан сөздү уккун,
Токпейилдин пейили — байлыгы чын:
«Ким ааламды башкарып алам десе,
Болбогон сөз! Андайды байсың дебе!
Кедей деп атайт бекен кембагалды?
Ач көз бай — накыл кедей, же жалганбы
Ач көзгө байлыктын да пайдасы жок,
О жоомарт, сараңдарды койчу оңдоп!
Ач көзгө сансыз байлык аздык кылат,
Барга канаат кылгандар бакыт табат.
Сараңдар бай болсо да, дайым ачка,
Бир тоеру топурак өлгөн чакта!»
Көргөн, билген нерсемди айттым, Элик,
Укканымды сайрадым толук төгүп.
Айтканымды калтырбай уктуң өзүң,
Ачылар нак түшүнсөң көңүл, көзүң.
Кабыл алсаң сөзүмдү анда пайда,
Албайсыңбы — жүгүң оор болот кайра.
Билимдуү адам айткан тыңша сөздү,
Кабыл алсаң пайдасы тийет дечи:
«Адамдар муктаж келет насаат сөзгө,
Насаат уккан улантып жетет көпкө.
А кокус уккан адам түшүнбөсө,
Жөн койгун, күйөм дөсе күйсүн өрткө!»
Эликтин Өткүрмүшкө айткан жообу
«О, кутман,— деди Элик көзүн жаштап,Айткан сөзүң кажетсиз, чындык аппак.
Көзүң ачык, сен баскан таза жолуң,
Бек болсом да мен азыр, кыйноодомун.
Көз ачылды, түшүндүм баарысына,
Отко салып өзүмдү койгом тура.
Жалган жолдо адашып жүргөн экем.
Даана жолго чыгардың өзүмдү сен.
Дуба кылчы эми Өткүрмүш мен үчүн,
Бир кудайым берсин дагы жемишин!»
Өткүрмүштүн Эликке айткан жообу
Жооп кылып Өткүрмүш айтты: «О, бек,
Кудай берип жардамды, тилекке жет!
Акыл менен ачууну баса билгин,
Алдырат ачуусуна алсыз кишиц.
Сени азгырган кумарың, напсиң болот,
Андай болсоң жүгөндөйт, сени тороп.
Кары дүйнө чырмаган кумарына,
Далай бекти өртүнө салган тура!
Карытты сен өңдөнгөн далайларды,
Түбөлүк сени койбос, айла барбы.
Алар кетип, азыр сен тактыдасың,
Керегиңе кам көргүн, күтпөй бачым!
Өлүмүңдү унутпа, ойлон Элик,
Шаштырар артта күнүң кирип келип.
Ким экениң унутпа, Элик кутман,
Унутсаң ой жүгүрткүн кайра баштан.
Бул экөөнү унутуп койгон адам,
Ак жолунан адашып болот жаман.
Өзүн билген акылман жакшы айткан,
Акыл менен напсисин бекем туткан:
«Өлүмүңдү унутпа, ажал күтөт,
Сей өзүңдү унутпа, баркың кетет.
Жаралгансың, уруктан, чакчырылба,
Көкүрөгүң көтөрбө — токтот, жетет!»
Буктурмада көрүнбөй өлум тосот,
Чыккан соң угуп койбойт турсаң боздоп!
Тирүүдө болбосо да кетпес өчүң,
Ойлоо өзү өлүмдү — оор сезим.
Жетишет өлүм жүзүн эске салуу,
Чирикти, жансыз тарпты кепке алуу!
Дагы канча салмактуу түйшүк болот.
Өлүм келсе айлантып сени тороп!
Мына ушуну ойлогон эстүү адам,
Тамак ичип, тынч алып уктайт кайдан.
Акылдуу бир адамдын сөзү сабак,
Билими, токтоолугу бийик адат:
«Көңүлүң ак, максатың кымбат десең,
Күнүмдүктөн түңүлүп, жолобо сен.
Бул дүйнө жыланы көп, тупсүз зындап.
Аны таштап, адилет жайга камдан!
Акыры көз жумулса жатар жериң,
Кара жердин алдыдыр, ак пейилим,
Бул дуйнө — терең зындан, түпсүз кудук,
Кайгы, түйшүк, балээлер алган толуп.
Зындандан кандай топук табат дейсиң,
Кандай тилек, кайырым күттүң өзүң?
Бир чымчым топуракты — чач калтырбай,
Түбөлүк, улуу нерсе изде такай!
Бул түтүн, коюу чаңдан жогору бол,
Түбөлүккө көз артып, издегин жол.
Сен канча жашасаң да — мейли миң жыл,
Ажал табат акыры, чындык ушул!
Өмүрүң сенин канча узун болсо,
Жарат арбып, азабың көп ошончо.
Жашасаң да өмүрдө миң-сан жылдар,
Орундалбас тилегиң баары катар!
Ук кутман, адам айткан сөзү терең,
Жараланган тагдырдын огу менен:
«Миң жылдап тилек менен жашасаң да,
Тилекке толук жетүү жок адамда.
Көптү көксөп кыялын — ээрчигендер,
Жетпес ойду кубалап өлөт анда!»
Сөз асылы эмес да көптүгүндө,
Пайдасы жок унчукпай уга берсе.
Чоң пайдасы түшүнүп айткан сөзгө,
Акылынан нак пайда табат билсе!
Мен айттым, айтканымды уктуң өзүң,
Жакшы ишке багыштап үйрөнөрсүң.
Тилим турбай, сайрады, тынбай жаны,
Сөз түгөнбөй, түгөндү айтаар маани.
Кудай сенден жардамын аябасын,
Жакшылыкты издесең тапкын бачым!
Теңир берсин тилеген тилегиңди,
Дуба кылгын унутпай Элик мени!»
***
Сөзүн бүтүн турууга умтулганда,
«Отур» деп кармап калды Элик кайра.
Дасторконго жайнатты, түркүн тамак,
Даам тат дейт мен ичкен ашка каран!
Өткүрмүш алдында ашка колун сунду,
Көп жебей, ооз тийип тонук кылды.
Дасторкондон кол тартып башка албады,
Кудайдын атын атап, бата арнады.
Өткүрмүш аттанууга бетин бурду,
Элик өзү узатып урмат кылды.
Өткүрмүш тышка чыкты, коштоп аны,
Узатыи бирге чыкты Элик дагы.
Тышка чыгып экөө тең коштошушту,
Элик кирин, кайгырып ичтсн сызды.
Конок эми аттанды өз жайына,
Колун өптү иниси, катарында.
Инисин кала бер деп айтты Өткүрмүш,
Коштошуп үйгө келди кайра Акдилмиш.
Кайра келип, көңүлү тынчый албай,
Кайгырды, кайгырганда уйку кайда?
Чыгыштан күн акырын шыкаалады,
Дүйнө агарып, аккуунун түсүн алды.
Күн тууду, кенен жазып көкүрөгүн,
Бүт аалам жаркырады ачып өңүн.
Дүйнө жарык, жүзүндөй периштенин,
Асман чачты ажайып атыр желин.
Акдилмиш туруп, сууга жүзүн чайды,
Жыйналып, дуба кылын колун жайды.
Тонун кийип атына миннп алып,
Ордого багыт алды, үйү калып.
Ордого дароо жетти, ошол замат,
Элик аны чакыртып жанына алат.
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
Өткүрмуштү анан ал суроого өттү:
«Качан турду, чоң конок качан кетти?
Акдилмишим,— деди ал буюрбасын,
Эми бүт уу болду го ичкен ашым.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 07
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.