Latin

Куттуу билим - 08

Total number of words is 4177
Total number of unique words is 2095
29.8 of words are in the 2000 most common words
42.6 of words are in the 5000 most common words
49.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Чын, төгүнүн аныкта абдан туура.
Көптү көргөн татыктуу адам айткан:
«Баарын ук, бирок болбойт көңүлгө алган!»

Бул тууралуу дагы да жакшы сөз бар,
Байыркы Чыгыш медицинасында адамдын денесине төрт түрлүү суюктук: кызыл-кан, сары-өт, кара-ириң, аккакырык бар, алардын тең салмактыгы бузулса адам көңүлү чөгөт, ооруга чалдыгат дешкен.
Кутманым, аны иште колдонуп ал:
«Баарын угуп, алганың керектүүсүн,
Өзүңдөн сүрүп ташта керексизин!
Баарын угуп, ажырат жалган, чынын,
Чынчылды ал да, кууп сал калпычысын.
Калпычылар дүйнөнү бузуп тынат,
Өкүмдар, чынчылдарды тап, жакындат!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
Элик айтты: «0 кутман, акыл тапчу,
Керегиң, тилегиң да сенин жакшы!
Сага берген кудайым жакшы сапат,
Мүнөзүң, сөзүң, даңкың — элден ашат.
Кантип болсун өзүңдө жаман жорук,
Адамдын сүттөн сиңген каның болуп.
Чагым кылган үстүңөн адамдарды,
Душман дей бер ошону мага дагы.
Мейли алар көп айттыбы, аз айттыбы,
Угайын кулак салып кантип аны!
Кантип болсун өлкөнүн өкүмдары,
Жакшы менен жаманды билбей калуу?
Бек болобу, эркине эл баш ийген,
Чындык менен жалганды — так билбеген?
Бийликте тура алабы кара зулум,
Ишенбесе адамга айтчу чынын?
Жетеби максатына — жасаган заң,
Чындык менен жалганды билбес адам?
Сен белексиң, кудайым мага берген,
Чечилбес түйүндөрдү чечкенсиң сен!
Дайыма кызматты так аткарасың,
Акыңды ак өтөгөн асыл жансың.

Мен эми ак кызматың кайтарайын,
Насип буйруп тагдырың болсун жаркын!
Жакшы адамдын айтканын угуп көргүн,
Чындыгын мактап келген сөзү элдин:
«Адамдардын ичинен жакшы дейбиз,
Ак пейил, кишиликтүү жанды сөзсүз.
Жооп кайтар адамга адам болуп,
Жоомарт адам атактуу, биз билебиз!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Жооп берди Акдилмиш: «Кутман Элик,
Бактың артып, бийлигиң болсун бийик!
Эки дүйнө жыргалын кудай берсин,
Ой-тилегиң, үмүтүң өсүп-өнсүн.
Көктө теңир өзүңө көмөк болсун,
Тагдыр буйруп тилегиң кабыл келсин!
Ак пейил, ак көңүлдүү такыва адам!
Узак өмүр, бак-таалай тилейм саган!
Өзүңдөн көп жакшылык насип болду,
Тамак, кийим, байлык, даңк, атак конду.
Кызматыңа арнадым көңүлүмдү.
Кудайым аман кылсын өмүрүңдү.
О, Элик,— дейт Акдилмиш сөзүн улап,
Жакшы атыңды кудайым жайын турат.
Кудай берген бакытты сакта ыйык,
Көңүлүңдү таза тут, напсиң тыйып!
Бектигимди түбөлүк сактайм десең,
Төрт милдетти өтөгүн бек тутуп сен.
Биринчи — ойдо сөздү таамай айткын,
Экинчи — заңдын жолун бекем баккын.
Үчүнчү — жоомарт болгун, ишке шайлан,
Элге камкор, боорукер болгун абдан.

Төртүнчү — баатыр болгун тартынбаган,
Башын ийип, душманың келсин саган.
Эгер бек аткарбаса бул төрт ишти,
Анда өлкө чачынды, бүлүк түштү!
Ушулар — бек адамдын шам жылдызы.
Ушулар — өкүмдардын ыйык куту.
Бузулбай, жүрө көргүн ак жол менен,
Жол ушул ата-бабаң салып кеткен.
Бурулсаң ушул жолдон — ишиң начар,
Кармап турган бийлигиң колдон качар.
Кадырлай жүр адамдын үч түрлүүсүн,
Мен айтайын баамдап, баала өзүң.
Бири — баатыр, мүнөзү келет чапчаң,
Кылыч менен элине пайда тапкан.
Экинчиси — кеңешер акылмандар,
Сөзүн угуп, керектүү таалимин ал.
Үчүнчүсү — жазгычтар, асеп кылат,
Киреше, чыгашаңды жазып турат.
Буларды баалай билип, сыйла дайым,
Ынтымакта көздөй жүр пайда жагын.
Ошондо бардык ишиң орундалат,
Элиң арбып, аймагың канат жаят.
Атың тарап, аласың улуу даңкты,
Ак жүзүңдү көрсөк дээр аалам калкы!
Акылман насаат сөзүн айтып кеткен:
«Адам өлөт, жакшы аты өлбөйт экен!»
Кандай жакшы калтырган жакшы атыңды,
Өзү өлсө да, артыңда калат аты!
Өлбөс да тирүү кезде атак алган,
Жатса да жерде чирип алда качан.
Өмүр эмес,— өзүңө атак сура,
Жакшы ат менен жалтанбай өмүр ула.
Карачы, өмүр кайсы, жакшы кайсы,
Айтчы мага аларда маани кайсы?
Өмүрүңдүн мааниси — адал ишиң,
Өмүрүң арналсынчы — жакшы иш үчүн.
Жакшылардын жүрөгү өмүргө бай,
Наадандар тирүү туруп — өлүк жандай!
Өмүр өтөт, жарабайт, чекти койгон,
Жакшы иштер жашай берет, жакшы бойдон.
Бейпай дүйнө өзүңдөн бурса жүзүн,
Жакшылыкты жасай бер, өзүң үчүн!
Алданба күнүмдүккө, кутман Элик,
Бапа кылбас башынан мунуң өлүк!
Бул дүйнөнүн мааниси кыйды, бузук,
Аягына баш урсаң, кетет учуп!
Оюнуна кошулба, алыс туруп,
Аралашса чырмайт да чыккыс кылып.
Китепте жазылыптыр эң жакшы сөз,
Акылдуум, аны сактан, үйрөнгүн тез:
«Бул дүйнөнүн кызматы — оюн, күлкү,
Эмне чыгат оюндан, алыс жүрчү!
Сен кулусуң, аткар жолун теңиримдин,
Болбосо буруп кетер — турмуш күчү!»
Кутман Элик, мына ушул билгендерим,
Ич, тышын эч койбостон айтып бердим. .
Айтканга ишен, ынангын ушул сөзгө,
Ишенбесең, төп келер жолуңду изде!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
Элик айтты: «Суранам ак дилимден,
Кудай мага көмөгүн берсе экен.
Издеймин теңиримден ишке жөлөк,
Баарын айтып, жашырба менден демек,
Бардык ишке көз болуп карап тургун,
Кулак, көздү сак кармап жумуш кылгын.
Ал жеткенди менсиз да аткара бер,
Калган ишке мен бармын көмөк берер!»
***
Ачык айтып баарысын, токтоду Элик,
Акдилмиш көтөрүлдү, боюн керип.
Атка минип, тез эле келди үйүнө,
Тонун чечип, кыйшайды аз, кичине.
5940Чырм эткен соң, шап этип атка минип,
Ордого кайра келди, ишке кирип.
Андан ары Акдилмиш көп иштеди,
Тик туруп, өз милдетин так өтөдү.
Эл бейпил, өлкө гүлдөп өсө берди,
Элик узак, түйшүксүз бийлеп келди.
Ар тараптан алкоолор жаап турду,
Атак-даңкын түбөлүк өчнөс кылды.
Жакшы ойлор, элге жаккан жакшы заңы,
Илгертеден бийликтин пайдубалы!
Ушундай каарман бек бийлеп турса,
Кырсыксыз эли дагы, өлкөсү да.
Эли болсо эмгекчил, пейили түз,
Өкүмдары бактылуу аткарат иш.
Теңирим берди бекке бийлик бакты,
Бек жакшыбы, эли да бүт ыраазы!
Эли бузук болсо эгер, беги бузук,
Эки бузук бириксе — баары кыйшык.
Эл жакшыбы, анда эле бек да жакшы,
Бек жакшыбы — анда өлкө бакыт тапты!
***
Арадан күндөр, айлар, жылдар өттү,
Эл байып, аалам гүлдөп, жыргал жетти.
Туман тарап, дүйнөгө жарык келди,
Кынтык иштин баарысы тез түзөлдү,
Шүгүр — деди анда Элик теңирине,
Дуба кылды, алкоо сөз амирине.
76. ӨТКҮРМҮШ ООРУП КАЛЫП АКДИЛМИШТИ ЧАКЫРТКАНЫ
ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Күндөрдүн бир түнүндө тынчтык тилеп,
Акдилмиш камынды эле жатайын деп.
Аңгыча дарбазадан уу-чуу укту,
Кызматчысын жумшады, билчи, чыкчы.
Кызматчысынын Акдилмишке айткан жообу
Кызматчы кайра келип: «Бирөө турат,
Кабар берем, киргиз деп талап кылат!»
Акдилмиштин кызматчысына берген суроосу
Дагы айтты: «Кайра барып сурап келчи,
Ким экен, кабары эмне, айтып берчи!»
Кызматчынын чабарманга берген суроосу

Кызматчы кайра чыгып суроо берди:
«Не деген кабарың бар айтчы деги?»
Чабармандын кызматчыга айткан жообу
Ал айтты: «Азыр келдим Өткүрмүштөн,
Тууганына саламын айтып кетем!»
Кызматчысынын Акдилмишке айткан жообу
Кызматчы кайра келип айтып кирди,
Тууганыңан шашылыш кабар келди.
Акдилмиштин чабарманга берген суроосу
Ал туруп, кирсин деген белги берди,
Ийилип, салам айтып кирип келди.
«Кайдан келдиң,— Акдилмиш сурады шар,—
Мага кандай шашылыш кабарың бар?»
Чабармандын Акдилмишке айткан жообу
«Келдим сага,— деди ал,— Өткүрмүштөн,
Суранып, сени ылдам келсин деген!
Ал жатат төшөгүндө, катуу кесел,
Кутманым, жетүү үчүн шашыла көр!»
Акдилмиштин чабарманга айткан жообу
«Токто,— деди Акдилмиш,— кылчы сабыр,
Тамак ичкин, чыгабыз чогуу азыр.
Чабармандын Акдилмишке айткан жообу
«Жок,— деди,— өтө катуу сыркоо агаң,
Тез барайын ал-жайы эң бир жаман.
Азыр эле аттанам, убакыт жок,
Артымдан келе бериң, турбай токтоп!»
***
Дарбазадан бурулду кайра артка,
Акдилмиш аң-таң болду, мындай шартка!
Үйгө кирди капалуу, муңга батып,
Кубанычы чачылды, кайгы басып.
Жатып көрсө уйкусу келбей койду,
Жай албай, жалгыз түнү жылдай болду.
Укташ үчүн кыйналат көзүн жумуп,
Уйку келбейт тап-такыр кычаш кылып.
Баш көтөрүп, олтурду төшөгүндө,
Таң жакындайт, шооласы көтөрүлө.
Гүлзардан булбул мукам сайрап ийди,
Көңүлүнө кооптук, түйшүк кирди.
***
Атка минип, шашылды ою айдап,
Бир боорун кучактады, өптү аймап.
Караса бир тууганы араң жатат,
Чепкенин жерге салын, жеңин жастап.
Акдилмиштин Өткүрмүшкө берген суроосу
Ал сурады: «Не болгон кутман боорум,
Сени көрүп, мен өтө капа болдум!»
Өткүрмүштүн Акдилмишке айткан жообу
«0 боорум,— деп сүйлөдү,— аргам барбы,
Мен өлөм,— ажал мени чырмап алды.
Өлөрүмдө жүзүңдү көрсөм дедим,
Кокустан көрбөйм го деп кайгы жедим!»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
0 боорум,— деди Акдилмиш жооп кылып,—
Тирүү менен бир жүрөт оору, кырсык.
Жаман сөздү сүйлөбө, ооруйт көңүл,
Оору, кесел — биз кылган күнөө деп бил.
Көптү билген бир адам туура айткан,
Билим менен көңүлүн улайт адам:
«Кесел деген — биз кылган күнөө дечи,
Көрдүң беле күнөөсүз таза киши?
Кесел менен — күнөөлөр чыгып кетет,
Күнөө кетсе — сакаят адам өзү!»
Азбы, көпбү, ар адам күнөө кылат,
Күнөөсүз, сүттөй таза чанда чыгат!
Кесел кетет, сакайып айыгасың,
Даба болуп — күнөөдөн арыласың!
Сен неге жаман сөздү сүйлөп кирдиң,
Өлүм күтүп турганын кайдан билдиң?»
Өткүрмүштүн Акдилмишке айткан жообу
«Айтайын,— деди Өткүрмүш, анын жөнүн,
Аят кылды теңирим, бир түш көрдүм.
Бул чындык уктап жатсам түшкө кирди,
Жакында өлүп тынам — болду белги.
Тагдырда жаман, жакшы боло калса,
Теңирим түшүндө айтат кулдарына!»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
«Бул сөздү да,— деп айтты анда Акдилмиш,
Айтып туруп чынында, болбогон иш!
Ар кеселден адамдар өлүшсө тез,
Тируү адам арада калмак эмес.
Адамды оору-сыктоо кыйнай берет,
Оору эмес, өлүмдү да адам женет!
Уктаганда түш көрүү көнүмүш иш,
Жакшылыкка жорулат ар көргөн түш».
77. АКДИЛМИШ ӨТКҮРМҮШКӨ ТҮШ ЖОРУУ ТУУРАСЫНДА АЙТАТ
«Илимде көп нерсени билүү керек,
Ошондо түш жорууну даана билет.
Илимде түш жоруунун жолу түркүн,
Кутманым баарын баамдап, жакшы билгин.
Түшүңдү билимсизге жорутпагын,
Кечиктирбей билгенге айткын дайым.
Кечээ көргөн түш болсо — жөнү башка,
Азыр көргөн түшүңдүн — шарты накта.
Көргөн түштүн — көп болот белгилери,
Билүү үчүн аларды, түшүн эми.
Көргөн түштү туш келди жоруй бербейт,
Көрүнгөнгө айтуу да — туура келбейт.
Кесир кылба, бул түш деп, ашык сүйлөп,
Түштүн дагы түшүнөр жолдору көп.
Жоруба өзүң түштү, же жорусаң,
Илим менен келтирип такта абдан.
Көргөн түшүң туш келет жоругандан,
Жорулбаган түш болсо — анда жаман.
Акылы деңиз адам айткан сөзү,
Билип алсаң — пайдасы тиет дечи:
«Түштү түшүн, ойлонуп бардык жагын,
Акыл менен айлантып анан тапкын!
Түштү кандай жорусаң ошол келет,
Жоруба жамандыкка, кетет бактың!*

Көрөсүң тамак-ашты кээде түштө,
Жаман болот арам аш түшкө кирсе,
Жыл маалынын кирсе эгер түркүн кези.
Дене-бойдо ширелер жүргөндүгү.
Жаш бала жазды көрсө уктаганда,
Же жерди гүлдөп турган эрте жазда.
Демек каны кеткен да ашып-ташып,
Койгон жакшы канынын жолун ачып.
Жигит көрсө түшүндө саратан жай,
Саргыч-кызгылт боектуу жерди аябай.
Анда өтү көбөйгөн денесинде,
Жолун таап, чыгарыш керек мүлдө.
Күздү көрсө түшүндө токтоо адам,
Саргайган жайыттарды ээн калган.
Демек, анын күр оту күчөп кеткен,
Дары менен азайтуу керек тезден.
А кары түштө көрсө ызгаар кышты,
Же карды, же күрткүнү, көпкөк муздуу.
Какырыгы каптаган көкүрөгүн,
Ысыкта, дары-дармек кошо бергин.
Кээде түшкө — туш келди нерсе кирет,
Аларды жорутпастан таштоо керек.
Жатканда, ойго батып уктаганда,
Ойгонсо түшүң түшпөйт эске кайра.
Түштөр бар шайтан өзү түртүп турар,
Аны көрсөң — сууга түш, жуунуп ал.
Түшүңдө өзүң тынбай иштеп жүрсөң.
Жорубагын максатка жетпейсиң сен.
Ажыратып жорууга түштү демек,
Мол акыл, жана терең билим керек.
Түш жоруган акылман айткан экен,
Түш жоруган акылдуу болгону жөн:
Түшүңдө капалансаң, кубанасың,
Кубансаң — муң-капага түштүм мен де!»
Түш жоруунун көп болот айырмасы,
Кутманым, баарын толук билген жакшы.
Түшү башка элдердин карапайым,
А бектердин түшү да башка дайым.
Түшкө кирсе кубаныч, оюн, күлкү,
Сени күтөт кайгыруу аны билчи.
Ыйладыңбы түшүңдө, сен билип ал,
Кубаныч кучагыңа батпай калар.
Кээде болот, жакшы түш сен көрөсүң,
Жакшылыгы — сага эмес, бирөө үчүн.
Түштүн баарын адамга карап жоруйт,
Ийгилик көп болгондо, түш да чууруйт.
Кээде бир түш бирөөгө бийлик берет,
А башкага ал түштөн кырсык келет.
О боорум, мунун баарын билүү керек,
Ошондо жорулган түш маани берет.
Көргөн түшүң сен мага айтып берсең,
Билишимче жоруюн тууралап мен!»
78. ӨТКҮРМҮШ АКДИЛМИШКЕ КАНДАЙ ТҮШ КӨРГӨНҮН АЙТЫП БЕРЕТ
Айтып кирди Өткүрмүш тактап сөзүн:
«Мен айтайын — сен аны туура түшүн.
Шаты көрдүм, тепкичи элүү экен,
Бийик болчу, жаңылбайм жазы десем.
Көтөрүлдүм шатыга чыктым тынбай,
Чокусуна бир нече тепкич бардай.
6035 Чокусунан бир атчан суусун сунду,
Баарын ичтим, суусунум канып турду.
Андан соң көтөрүлүп көккө жеттим,
Дайным чыкпай асманга сиңип кеттим!»
79. АКДИЛМИШ ӨТКҮРМҮШТҮН ТҮШҮН КАНДАЙЧА ЖОРУУ КЕРЕКТИГИН
АЙТАТ
Жооп берди Акдилмиш: «Ушул түшүң,
Эң сонун, жолдуу экен өзүң үчүн!
Кандайча жаман ойго дитиң барды,
Жоруш керек түшүңдү кайра жаңы!
Учкандыгың көкөлөп — атак делет,
Бийик учсаң, атагың бийик келет
Бийик учсаң — болосуң дөөлөткө бай,
Атак даңкың артылат нечен курдай,
Шаты бийик — а сенин бактың бийик,
Айтылар улуулугуң, элиң сүйүп,
Бул тууралуу айтылган нак сөз ушу,
Түштүн сырын жакшы айткан түш жоручу:
«Шаты көрсө түшүңдө — урмат, атак,
Ар тепкичи урматка жакындатат!
Канчалык бийик чыкса, абийири артып,
Бакыт да, байлык жана урмат табат!»
Идиштен колго алып — сууну ичсең,
Өмүрүң сенин узун болот экен.
Көкөлөп көккө сиңип учуп кетсең,
Теңирим бар тилегиң берет экен!»
80. ӨТКҮРМҮШ ОШОЛ ЭЛЕ ТҮШТҮН БАШКАЧА ЖОРУЛУШУН АЙТАТ
Айтты Өткүрмүш: — Белгиси бар — Түшүмдүн,
Жорулушу андай эмее, түшүнгүн.
Ушуну сен түшүңдө көргөн болсоң,
Сен айткандай бардыгы жорулмак оң.
Сен көздөйсүң жыргалын бу дүйнөнүн,
Бүткүл оюң, максатың ошол сенин.
Мен болсом күнүмдүктөн кеткем мүлдө,
Мында турам, машакат, көр түйшүктө.
Жорубадың түшүмдү толук мага,
Угуп ал мен жоруюн эми сага!
Бийик келген шатыны — көргөндүгүм,
Ал менин сүрүп келген өмүр-күнүм.
Чыккандыгым шатынын кылда учуна,
Өмүр-жолдун түгөнүп, бүткөнү да.
Эң башынан жолуккан жалгыз атчан,
Анда алып сунулган сууну жуткам.
Мына ошол, бийиктеги атчан өзү,
Жетим кылар, атасыз белги дечи.
Ал бузуп жаралганды талкан кылат,
Тирүүлөрдүн өмүрүн кыйып турат!
Идиштеги сууну бүт ичкенимди,
Өмүр дедиң эң узун мага келчү.
Сен айткандай суу деген өмүр болот,
Жармын ичип, жарымы калса толот.
Жарымын ичкен болсом ошол суунун,
Калмак дечи алдыда жарты өмүрүм.
Толук ичтим мен сууну идиштеги,
Эсен-соо өмүр сүргүн өзүң эми.
Билимдүү, эстүү айткан сөздү тыңда,
Чындык бар түшүндүрөр баарын мында:
«Сен ичсең идиштеги суунун жармын,
Жарты өмүрүң алдыда калганы чын.
А эгер баарын ичсең — жаман аның,
Жол бүттү, көр түбүнө түшөт жаның!»
Түшүмдө өзүм бийик учуп чыктым,
Дайынсыз көк асманга түпсүз життим.
Ал учкан жан, бийиктеп денден кетип,
Кайтып келбес жайына кеткени өтүп.
Кудай мага түшүмдө белги берди,
Өлүмүңө даяр бол, баатыр деди!
Көргөн түштүн мааниси мына ушундай,
Башкача эмес аны сен жоругандай!
Жооткотуп көтөрдүң көңүлүмдү,
Куба албайсың туш келген өлүмүмдү.
Карап көрчү, о кутман, өлүм жойпу,
Канча жерди дөбөлөп казып койду!
Канча сарай, ордону, шаарларды,
Өлүм бузуп, уранды орду калды.
Канча баатыр тайманбас өкүмдарды,
Өлүм койбой, өкүртүп көргө салды.
Канча байлык, чогулган дүнүйөнү,
Өлүм чачып, табылгыс жерге көмдү!
Таң калба, туулган соң — өлүм да бар,
Тирүүлөрдүн бардыгын ажал алар.
Таң калгын, аны унуткан адамдарга,
Өлөм дебей, жаман сөз айткан жанга!
Ар бир адам түшунөт өлөр маалын,
Чырмаган уйкусуна жетпейт алың!
Өлүм ак, кутулууга чама жок да,
Өлгөндөн соң не болом — аны айтпа!
Бар тилегим, эми ушул ойлогонум,
Теңирим, о дүйнөдө сунсун колун!
Болгонго топук кылып күн өткөрдүм,
Күнүм бүттү, алдыда жакын түнүм!
Билбедим ич тардыкты, байлыгым жок,
Жол бербедим напсиме айрымга окшоп.
Өз жүгүмдү бүгүнчө тартып келдим,
Тиледим эми анын жеңилдешин.
Не дегенин угуп ал насаатчы адам.
Кеңешин бүт берүүдөн тартынбаган:
«Азайтууну күнөөңдү көздөп күн-түн,
Басар жолуң ичке кыл, байкап билгин.
Бүгүнкүнү бүтүрүп эртеңди ойлон,
Күнүмдүктү көздөбөй туура жүргүн!»
Дагы айтты; угуп ал боорум өзүң,
Мен өлөрмүн, артымдан сен келесиң.
Сага айттым, кыттай ойду көңүлдөгү,
Мен өлгөн соң унутпай жүргүн эми!
Тирүү кезде таянчың болдум өзүм,
Өзүм өлсөм, калсынчы насаат сөзүм!»
81. ӨТКҮРМҮШТҮН АКДИЛМИШКЕ КАЛТЫРГАН КЕРЭЭЗИ ТУУРАСЫНДА
АЙТЫЛАТ
«Туура жолдон адашпа, кугман боорум,
Өмүрүңдү болбоско коротпогун.
Түз болуп, ак жолуңдан адашпагын,
Кудай десең максатты сен табасың.
Тирүүлөрдүн баарына боорукер бол,
Сөздө, иште ак болун, түзөгүн жол.
Кыйшайбастан өтөй бер милдетиңди,
Токтоо болуп, кармай бил сен өзүңдү.
Өлүмдү эстеп, даяр бол ага өзүң,
А өзүңдө төп болсун токтоо сезим.
Ач көз болуп дүйнөгө көзүңдү артпа,
Дүйнө калар, үмүтүң тийип ташка.
Өз энчиңди көтөрүп кудай дегин,
Камын көргүн өлгөнчө тууган элдин.
Түз сүйлөп, чынчыл болгун, мээрим чачып,
Жалганчыны эл сүйбөйт алысташып.
Ачык жүз, жылуу сөздүү, мээримдүү бол,
Ошондо тагдыр берер бакытты мол!
Жөнөкөй бол, пейлиңди кенен карма,
Айбын ачпа бирөөнүн эл алдында.
Напсиңди тыя бил да, ачууну бас,
Өзүңдү бузук жолдон алыстат, кач.
Өзүң эмес, элиңдин камын көргүн,
Бирөө эмес, сен өзуң иштеп көнгүн.
Байлыкты, көп буюмду жыя бербе,
Кутманым, кубандырып бергин элге.
Жакшы адам күйүмдүү, белдүү келет,
Бирөө үчүн аянбай жанын берет.
Бул тууралуу белгилүү адам айткан,
Билими, акылы да толук абдан:
«Элге пайда тийгизген — жоомарт киши,
Боорукер, жалпы элге — улук өзү.
Адамдыктын белгиси эки нерсе:
Боорукердик, жоомарттык — ушул экөө.
Бул экөөнөн чынында акыл артык,
Акыл жолу адамга берет бакыт.
Жоомартбы, эл оозунан мактоо алган?
Жакыны үчүн жардамга даяр турган!
Жоомарттык — эмес күмүш таратууда,
Аябоо канын-жанын марттык мына!
Колу ачык, жоомарт болсо бардык жанга,
Эл дагы сыйын кылат ага анда.
Эки нерсе — улуулук мисал алсак,
Бири байлык, а бири алда максат.
Бул экөөнү тең кармап миң жашагын,
Өлүм келсе — таштайсын анан баарын.
Бек бийлиги куралат эл ишинен,
Бекемдиги тизгинден — үзөнгүдөн!
Бирок элден бак-дөөлөт чанда табат,
Тапкан кезде — бек өзү карып калат!»
Күнүмдүксүң, даңкың да убактылуу,
Ажал келсе айтылбай калат баары.
Көчмөч адам өзүнө ордо курбайт,
Жолоочу айлап, жылдап жолдо турбайт.
О боорум, сен да билгин, күнүң бүтөт,
Ашык күлбөй, абайлап жүргөнүң эп.
Бу дүйнө өтүп кетет, жолу менен,
Өлөрсүң, а мөөнөтүн билбейсиң сен.
Тырмагынан ажалдын ким кутулат,
Бейпил жүрүп, акыры ал тутулат.
Бул дүйнө — жеген ашың, кол сунгандар
Санап көрчү, санагың жетпей калар!
Напсиңди тый, берилбе кумарыңа,
Алыс болуп ушактан, сөз чыгарба.
Жакшы адамдын калтырган насаатын ук,
Кабыл туткан ар дайым билбейт кырсык:
«Эңсегенин ээрчиген — жыргал табат,
Жыргал арты кууралга алып барат.
Ширинге — ачуу, балга — уу боло келген
Көтөрүлгөн — жыгылат, учкан кулайт!»
Кыз кыялдуу бул дүйнө туругу жок,
Кармалбагын, кутманым, туткун окшоп!
Сендейлердин далайын тузактаган,
Далай бекти билгизбей жалмап тынган!
Артыңдан колун созун калган чыгар,
Осол болбой, кутманым, көңүлгө ал!
Алганыңды тим койбой тартын алат,
Тапканыңды калтырбай чачып салат.
Канча күлсөң, ошончо салат ыйга,
Эмне курсаң талкалап бузат кайра.
Бузук кылык, бир дагы иш кылбайт оң,
Ачык күйбөйт, а бирок түтүиү чоң!
Көркү менен көзүңдү алдап алат,
Жакындасаң — бутуңа кишен салат,
Аселине азгырып, уу ичирет,
Бакыт деген алдамчы жүз миң ирет!
Акылдуунун асылы айткан кеп бул,
Дөөлөттүүм, аны тыңшап тыянак кыл:
«Бул дүйнөгө берилип боюңду урба,
Кармаласың каарына өзүң анда!»
Жакшы айтыптыр бул ойду эстүү адам,
Көптү билген, билимдүү, акылман жан:
«Келчү, кетчү дүйнөгө алданбагын,
Кошоматчы, ойт берме кылыгы анын.
Көлөкөдөй ойлосоң дөөлөт, багың,
Таңдан кечке бир жерде турбайт аның!»
О кутман, билим, ою кенен дайра,
Динге ишенгин, бүгүндү көңүлгө алба.
Жыргалыңа ишенбе, байлыктан кач,
Кудай деп, теңириме көөнүңдү ач.
Бакыт сенин башыңды айлантпасын,
Ойгонсоң — нөшөр болуп агар жашың.
Угуп ал айткан оюн өкүм бектин,
Ар дайым ойлоп айткан ар бир сөзүн:
«Дөөлөтүнө эсирген маска тете,
Көргө түшсө көз жашын төгөр нече.
Бийлигине эсирип аксымданган,
Жер алдында азабын тартар абдан.
Эсирген байлык, бакыт, жаштыгына,
Аракечтен ал жаман алда канча.
Ичимдикке мас болгон жатып алат,
Уктап турса, мастыгы тарап калат.
Дөөлөтүнө мас болгон оңго баспайт,
Өлгөнүнчө уйкудан көзүн ачпайт!»
Сен кулсуңбу — бектерге теңелбегин,
Кулдугуң кыл, каргаша чакырба өзүң.
Тирүүлүк көрөр күнүң узак эмес,
Улуулук түбөлүктүү мансап эмес.
Миң жылдар жашасаң да өлүмүң ак,
Улап жүргөн жибиң да үзүлөт бат!
Ылайыктуу ушуга жакшы сөз бар,
Кабак түйбөй, көңүлгө бек түйүп ал:
«Бардык жыргал, байлыкты алсаң дагын,
Өлбөстүн мүрөк суусун татсаң баарын.
Созгон колуң асманга жетсе дагы,
Төбөң көккө тийсе да, жерде жайың!»
Ак көңүлдөн айтылды сөзүм сага,
Жашырам сенден нени, айтчы мага!
Бул дүйнөдө байлыгын кимдер сүйбөйт,
Жыргал, сүйүү отуна кимдер күйбөйт!
Бирок сен напсиңди тый, өзүмдү айтсам,
Жапкамын дарбазасын алда качан!
Шум дүйнө кудай атын унут кылат,
Жалпы элди жакшы жолдон бузуп тынат.
Ошондуктан эстүүлөр качат, безип,
Жүрүшөт туругу жок, дүйнө кезип.
Үңкүрдү жай кылышат каңгырашып,
Чөп-чар жеп, жамгыр суусун ичет ташып.
Кайсы бири чөлдөрдө сандалышат,
Кайгы чегип, кудайлап күйүп-бышат.
Да бири шөмтүрөшүп, бүкүрөйүп,
Жер кезет, кайыр сурап, жашын төгүп.
Кай бири ач болсо да даам татпайт,
Кай бири — эс алышпайт, такыр жатпайт.
Көзү ачылган кишилер мына ушинтет,
Биз жүрөбүз бей капар, уйку тепсеп.
О боорум, күнүмдүктөн алыстап жүр,
Бул дүйнө бүт — сеники, башы — сен бил!
Напси менен пейилиңди тыйгын бекем,
Адамдын зор белгиси ушул экен.
Бул экөө алпты дагы алсыз кылат,
Колго түшсөң, кор кылып мойсоп тынат.
Көр оозунда жатамын, колуң берчи,
Барар жолуң ушул да, камың көрчү!
Наадандарга жолобо, боорукер бол,
Эки дүйнө эзилип жүрчү ошол.
Көңүлү басмырт жандын айткан сөзү,
Өлүмгө даяр туткан өзүк-өзү:
«О, баатыр, наадандарга катаал болгун,
Жаман болбо — жамандык — уу деп койгун.
Өкүмдарсың, эл башчысы, элдин шамы,
Өлүм келсе бузулаар жашоо тамы!
Сен дагы «мен-мен» деген мактанчаагым,
Даяр бол көрдү карай учар жаның!
Эй, ач көз, дүнүйөгө кул болгондор,
Ойлогун, өлүм турат сундуруп кол!»
О боорум, кайгы менен өлүп барам,
Эки нерсе жүрөктү эзет жаман.
Биринчи кудайымдын кулу өлмөк,
Экинчи — теңир үчүн кылбайм эмгек.
Бүгүн, эртең көз жумуп кете берсем,
Дуба кылып өзүмө жүрсөң экен.
О, боорум дуба кылсаң мени эсте,
Арт жагымдан келерсиң жолуң бүтсө.
Мынакей көрдүң менин абалымды,
Бул — сабак, камдай жүргүн ылаажыңды!
Ажал келди, кайгыда өтүп барам,
Алыс эмес, даяр бол сен да аган.
Ажырармын өзүңдөн кайгы түнөп,
Көрүшөбүз кай жерден, теңир бңлет!
Өлөрүндө бир адам айткан экен,
Койгулап жерге башын бекем-бекем:
«Өлүп барам кайгыда, көзүм соолуп,
Жыргалым, кууралым да бирдей болуп.
Өлгөндөн соң жол жатат, эки башка,
Кайда алпарат, билалбайм башым оорун?»
«О боорум,— деп айтты ал,— ыйлабагын,
Мен үчүн өз жаныңды кыйнабагЫн.
Боздой бербе, жаш төгүп, кайгырба да,
Ойлонуп, дуба кылгын кайра-кайра.
Ыйлай бербе, токтоо болуп эсти жый,
Бул кудайдын кылган иши, сөздү тый!
Камын эми, кайра айланып үйгө бар,
Көп кайгырып, көңүлүңдү кылба тар.
Керектүү сөздөрүмдү айтып бердим,
Көңүл түзүм, унутпай жүрө көргүн!
Эликке менден салам айта баргын,
А балким, акыркысы болор аным!»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
Акдилмиш боору ооруп айткан экен:
«Сени мен кантип жалгыз таштап кетем?
Кеселиң күч, жатасың өзүң жалгыз,
Кандай күндө каласың жалгыз байкуш?»
Өткүрмүштүн Акдилмишке айткан жообу
«Кете бергин — деп айтты ага Өткүрмүш,—
Мен үчүн кам жебегин, болбогон иш?
Кудайымдын аты эле — мага жолдош,
Теңирим жалгыз мени таштап койбос.
Кудай кимди кам көрүп, эсине алса,
Кур койбой, бар жардамын берет ага.
Жакшы айтыптыр түз сүйлөп көнгөн адам,
Көптү көрүп, көп билин жаңылбаган:
«Кудай кимден жардамын аябаса,
Эки дүйнө бак-таалай берет ага.
Кимге кудай мээримин төгүп койсо,
Эки дүйнө оң жолдуу болот ошо.
Эгер кимден теңирим бурса жүзүн,
Ач бөрү, жолбун ит да көрөр күнүң!»
О боорум, токтотолу эми сөздү,
Жөнө эми, коштошолу аарчы көздү!»
***
Акдилмиш кучактады Өткүрмүштү,
Өпкүлөп, боздоп ыйлап, жашын төктү.
Шолоктоп, баш көтөрбөй чыгып кетти,
Атын токуп, үйүнө бурду бетти.
Аттан түшүп үйүнө кирди ойлуу,
Кайгы мыкчып жүрөгүн, тынбай койду.
Адам деген канчалык муңдуу келет,
Кубанчы аз, кайгыны чексиз көрөт,6200
Тилеги ишке ашса, ойноп-күлөр,
Кайгы келсе — чыдабай ыйлап ийер.
Сүйгөнүнө жеткендер шайыр-шатман,
Ажырашуу туш болот кайгы баскан.
Кубантса аны бирде жолугушуу,
Чөгөрүп, ыйга салат ажыращуу.
Ажырашып кеткендей азап барбы?
Деңизден терең болот анда кайгы.
Тирүүлөр ажырашса —жолугушар,
Кайрадан көрүшүүнүн жолдору бар.
Баарынан эң катаалы — өлүм болот,
Өлүм алса, канткенде орду толот.
Ажырашуу же кыска, узак келет,
Өлүм болсо — түбөлүк айрып, бөлөт!
Окуп ал бул тууралуу чыккан ырды,
Саптарында маани көп каткан сырды:
«Шум ажал — бөлүнүүнүн эң катаалы,
Ажырашсаң жашыңды төккүн дагы.
Тирүү менен бөлүнсөң үмүт калат,
Өлгөн менен жолукпайт — күтпө аны!»
***
Акдилмиш эс алган соң тамактанып,
Намазын окуп кирди тура калып.

Күн жашырды маанайын жер артына,
Күүгүмдөнүп асман да калды мына.
Төшөгүнө кыйшайды. Уйку келбейт,
Көз ирмелбейт, санааңы кайгы термейт.
Буркурап жашын төгүп чыкты сыртка,
Капкараңгы, көмүрдөй бүт айлана.
Кайра кирип үйүнө жамбаштады,
Толгонуп, кайгы-санаа басты аны.
Рум кызы жашырды аппак жүзүн,
Караңгыда мелтирейт аалам бүтүн.
Уйку келбең карасаң кең асманды,
Үркөр жылдыз капталга оогон жаңы.
Көпкө турду асманга көз жиберип,
Айлана түн, караңгы, аалам өлүк.
Кыйшайып көз ирмеди, чочуп кайра,
Көз жиберди мелтиреп кең асманга.
Чыгыш жактан кара куш учуп чыгып,
Өрттүү отун бийиктен чачты туруп.
Жетиген көтөрүптүр башын бийик,
Тайган жылдыз шылкыят мойнун ийип.
Жол төшөптүр Эгиздер жерди карай,
Күн шооласы чачылды жерге тарай.
Ал туруп жүзүн чайды, Кийип бачым,
Намаз окуп, өтөдү ак кызматын.
Дүйнө жүзү алтындын өңүн алды,
Жердин бети кызарып нурга жанды.
Кийинди да, атына минип алып,
Дароо эле ордого жетти барып.
Ал чапкылап ордого жетер менен,
Чакырып Элик өзү — кирсин деген.
Акдилмиш кирер замат, Элик көрдү,
Кайгы басып, чүнчүткөн купкуу өңдүү.
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
Элик сурайт: «Кутманым, алың кандай?
Көрүп турам, кебетең сыркоо жандай,
Кандай кайгы башыңа түштү бүгүн,
Кабагыңдан көрөмүн кайгы жүгүн.
Кызыл бетиң кубарып каны качкан,
Кандай тагдыр бозортту, ошону айтсаң?
Бул жашоодо бакыттан кур эмессиң,
Атакка, дөөлөткө да өзүң ээсиң.
Тагдыр сенден бурулуп качкан эмес,
Ай, Күнүң дайым ачык, бүркөлбөй эч.
Сени көрүп кабакты түйгөн жокмун,
Сени эч качан жактырбай жүргөн жокмун.
Ким сени кайгы менен муңга салды,
Эмне болду?— мага айтар жообуң барбы?
Бул кандайча кайгылуу көрүнүшүң,
Билгим келет, шылкыйдың эмне үчүн?
Эгер сен кайгы, муңга батып турсаң,
Кубанып, көңүл ачам өзүм кайдан?»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Жооп кылып Акдилмиш айтты баарын,
Бир тууганы начарлап, ооруганын.
Кандай барып ал жерге көрүшкөнүн,
Кесел жандын багыштап айткан кебин.
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
Көңүлү ооруп Эликтин, жашын төктү,
«Аттиң,— дейт,— кыйналган го эстүү киши!
Теңир колдоп, сактасын анын жанын,
Кубат кирип денине тепсин канын!
Жана сурайт: — Ахвалы анын кандай?
Кантип кеттиң ал жерден, калып калбай?
Ким карап, ким кеселдин камын көрөт?
Жалгыз кантип оору жан жата берет?
Неге өзүң калган жоксуң кесел менен,
Калтырдың аны кимге ишенип сен?»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Акдилмиш жооп берди: «Пейли кенен,
Ушул сөздү мен ага айткан элем.
Айткан сөздү ал угуп ынабады,
Көп айтып көндүрө албай койдум аны!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
Элик айтты: Бир кудай болсун жөлөк,
Дабаа жок сакайышка андан бөлөк.
Акылы, көңүлү да теңир менен,
Кудайым кур -калтырбас эч нерседен.
Баарынан кечип кеткен кулдун өзү,
Кудай деген пейли үчүн күчтүү дечи.
Теңир сактап, кырсыктан жардам берет,
Атагы артып, тилеги кабыл келет.
Сөздү ук бул тууралуу жакшы айтылган,
Көңүлгө түй, жакшылык келет саган:
«Жаратканга жалынып, көргүн камың,
Көңүлдө, сөздө ага жакындагын.
Ошондо кудай берет тилегиңди,
Шайтандабай — кудайга арна баарын!»
Түшүнгүнүң — дейт Элик,— Акдилмишим,
Азап чегип өзүңдү кыйнаба өзүң?
Ал адам — мыкты адам эл мактаган,
Өлсө да кудай жөлөк болот аган.
Бизди да эртең күтөт ошол тагдыр,
Не иш кылдык, айтаргд жооп бардыр!?
Биздин жаштык акылсыз бошко кетти,
Көңүл, ойлор биздеги — кеңкелестүү.
Өткөн өмүр көргөн түштөй, жок эми,
Кандай өттү? Бир өзүңдө себеби!
Калган күндөр талаага кетпесе экен,
Көр напсиге кул болуп өтпөсө экен!
Качсаң дагы, баары бир өлүм табат,
Кайгыртып, муңга салып өчүн алат.
Мындан ары ишиңди туура иште,
Элиңди, кулдарыңды жолго түздө.
Мени сактап осолдон ачык болгун,
Теңир сага туш кылсын ыйык жолун!
Түшүнчү, жакшы адамдын айткан сөзүн,
Адамзатты ардактап сүйгөн кишиң:
«Жакшылыкка жакшылык кыла келген,
Карачы, кудайымдын жолу кенен.
Зулум болсоң, зыян да бир өзүңө,
Жаман ишке-жамандык — жооп бирөө!
А өзүң жаман ишке жакын болсоң,
Иштей бер — боздогон ый табар олжоң!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
«Кутман Элик, эгер сен,— дейт Акдилмиш,
Мындан ары ишенин тапшырсаң иш.
Элиңе дөөлөт берер бекийт заңың,
Бийликте, кудай колдоп жыргар жаның.
Жыргалы үчүн дайыма өкүмдардын,
Дене, жанды берүүгө мен даярмын!
Адам мыкты артында даңкы менен,
Кудайым жакшы атагын сактаса экен!
Көз ирмемде ажалың турат даяр,
Алдырба капарың жок, болор залал!
Акылмандын сөаү бар таамай айткан,
Ал сөздөн асыл чындык, маани тапкам:
«Көрүнбөс ажал сунат ач тырмагын,
Көз артат адамдарга дайым аның.
Жаман да, жакшы дагы — көргө кирет,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 09
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.