Latin

Куттуу билим - 09

Total number of words is 4187
Total number of unique words is 2249
27.7 of words are in the 2000 most common words
42.4 of words are in the 5000 most common words
48.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Күнүң бүтсө, кармалбай учат жаның!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
Элик айтты: «Жүрөйүн кудайым деп,
Бийлик, тартип сактоого болсун көмөк».
Ушу менен токтотту сөзүн Элик,
А, Акдилмиш шарт турду жөнөй берип.
Арадан дагы өттү бир нече күн,
Акдилмиш алып жүрдү кайгы жүгүн.
Боорун эстеп муң менен баш көтөрбөйт,
Бүкчөйүп, өңү куп-куу азабын жейт,
Чыдабады көтөргөн кайгысына,
Кайрадан барсам деди бир бооруна.
Ордого, кайгы басып кайра келди,
Чакырды Элик өзү, анда кирди.
Акдилмиштин Эликке берген суроосу
Ал сурады Эликтен: «Болсо уруксат,
Бир боорума барсам дейм кайрадан бат.
Көрөйүн, кесел жаны не болду экен,
Тирүүбү, кырсыктан тыш эсен бекен»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
«Бул сөзүң,— дейт өкүмдар,— абдан туура,
Жанында бол, туугандык — милдетиң да.
Жөнө эми, мени дагы сурады де,
Көмөк бол ооруганда, ою сенде».
«Макул!» — деди Акдилмиш, сөзү бүттү,
Эс алууга үйүнө келип түштү.
Жол алдында тамактан ичип-жеди,
Жөнөдү бир бооруна, сыздап көөнү.
Жарым жолду кыйналып жөө басты,
Жетип келип акырын эшик какты.
82. ӨТКҮРМҮШТҮН ШАКИРТИ АКДИЛМИШКЕ ӨТКҮРМҮШТҮН ӨЛҮМҮН
УГУЗАТ
Эшик ачты келгенге шакирт — адам,
Учурашып, жаш төктү өзү анан.
«О, боорум,— деген сөздү араң айтты,—
Кудайым сага берсин күч-кубатты.
Эсен-соо, бейпилдикте көп жашагын,
А бизди таштап кетти бир тууганың.
Ыйлаба, кайгыга бек болуу керек,
Тирүүлөрдүн баарына — өлүм келет.
Төрөлгөн соң өлүм бар, ажал табар,
Мейли бек, мейли кул бол, же пайгамбар.
Баарыбызды шум өлүм күтүп турат,
Тырмагынан ажалдын ким кутулат!»
***
Кабарды угуп Акдилмиш боздоп ийди,
Бир боорунан айрылып оттой күйдү.
83. ӨТКҮРМҮШТҮН ШАКИРТИ АКДИЛМИШКЕ КАНТИП КӨҢҮЛ АЙТКАНЫ
ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
«Кайгырбачы,— деп айтты шакирт адам,
Буйругуна кудайдын жок да дабаң.
Күнү бүтсө ар кимге келет өлүм,
Ал өлдү, суу түгөнсө сен да өлөсүң.
Эмне пайда жаш төгүп ыйлаганда?
Тирилип албайт беле баары анда.
Тирүүлөргө өмүрдү теңир берет,
Кези келсе кайра алып коет, демек!
Алганын ошол бойдон кайрып бербейт,
Сагабы же магабы — өлүм бир дейт!
Мүрзөсүнө бооруңдун барып кеткин,
Маркумга эч болбосо дубаң жетсин!»
84. АКДИЛМИШ ӨТКҮРМҮШТҮН ӨЛҮМҮНӨ КАЙГЫРЫШЫ ТУУРАСЫНДА
АЙТЫЛАТ
Боорунун мүрзөсүнө кулап түштү,
Кара жерди кучактап жашын төктү,
«О, боорум, кайгырганым көрсөң боло,
Бир карайын козголуп келсең боло!
Жүзүңдү бир көрсөм деп дагы келсем,
Жер астына жашынып кетипсиң сен!
Бир боорум кайгы басты, каңтип эми,
Күн көрөм? Өзүм жалгыз, көрбөй сени?
Түшүмбү же болбосо өңүмдөбү?
Сыйпалап таппай турам — эми сени!»
85. ЭЛИКТИН АКДИЛМИШКЕ КӨҢҮЛ АЙТКАНЫ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Кабарды угуп сарайдан келди Элик,
Көңүл айтып, жубатты демди берип.
«Көзүңдү аччы, Акдилмиш,— деди Элик,—
Куран оку — өлгөндүн камын көрүп.
Жалгасын бир кудайым, Өткүрмүштүн,
Кылган күнөө — кылмышы болсо кечсин!
Бул кайгыңа теңирим болсун жөлөк,
Кудай дегин, өзүңө күнөө келет.
Эшик жабык, үстүңө кирген жан жок,
Качыпсың элден-журттан кеп, сөздөн жок.
Жарашпайт, бул кылыгың сендей жанга,
Акыл токтот, ыйлоодон болбойт арга.
Зордогон бирөө барбы айтчы мага,
Капа кылды ким сени, ачык айт да.
Кудайдын буйругу да — жашырды жер,
Бооруң кетти, эми өз камыңды көр!
Буркурап ыйлагандан пайда барбы?
Кой эми, андан алар энчиң кайсы!
Турган — кулайт, төрөлгөн акыры өлөт,
Жүргөн тынат, берген алат, боло берет.
Бир бооруңдун өлүмү сага сабак,
Сабыр кыл, сабырдуулар жыргал табат,
Өлүк көрүп, узаткан тирүү жандар,
Өлүм жайын баамдап сабак алар!
Кулак сал айтат имиш өлгөн адам:
«Мен өлдүм, ушул энчи келет саган!»
Бул тууралуу ырды оку, ою терең,
Акыл менен маанисин туйсаң экен:
«Сенден мурун өлгөндөр миң-сан чыгат,
«Мына, мени кара» деп сабак кылат.
Биз өткөрдүк өмүрдү ойноп-күлүп,
Биз өлдүк — сени кезек күтүп турат!»
Элик сурайт: «Өткүрмүш кантип өлдү?
Билгениңди сен мага айтып берчи!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Эликке айтты көргөнүн, билгендерин.
Өлөрүндө калтырган насаат кебин.
Кумурасын, таягын алып келип,
Эликке эстеликке сунду берип.
«Мына ушу — деди ал,— калтырганы,
Эч нерсеси жок болчу башка дагы.
Калтырды Элик сага мунун бирин,
Жакшы болсун бүгүнкүң, келер күнүң!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
Элик алды таягын: «Ушуну алам,
Бакыт берсин бмүрдө таяк маган.
Кумураны сен алгын, бооруңду эсте,
Колго карма кайгырып турган кезде!»
Акдилмиш кумураны алып өптү,
Токтото албай кайгысын, жашын төктү.
«Ойлоп көрсөк,— дейт Элик,— эң бир терең,
Экөөбүзгө бул белек — насаат экен!
Күнүмдүккө алданбай так жашады,
Айтылып кала берди жакшы атагы.
Угуп ал жакшы адамдын айткан сөзүн,
Так аткарган ойлонуп бардык ишин:
«Байлыкты көп чогултсаң, артып калбайт,
Аз болсо, жетишинче улап жалгайт.
Бир кубанчка дүйнөдө миң кайгы бар,
Ар бир адам өз жүгүн тартып барар.
Өлгөндөн соң байлыктан пайда барбы?
Өзүң эмес, баарысы жатка калды!»
Бир бооруң күнүмдүктү көздөбөдү,
Тытык кийип, ылгабай арпа жеди.
Эл катары жашады өмүр сүрүп,
Байлык жыйбай, өткөрдү жайдак жүрүп!
Күнү-түнү сыйынды, милдет өтөп,
Өзүн кыйнап, эл жүгүн жеңилдетет.
Ишин өтөп, ал өзүн сактай алды,
Биз болсок тузактабыз, кыйнап жанды!»
Миңдеген кеңеш берди Элик дагы,
Жүрөгүндө түшүнүп айтты аны.
Кайрылып ордосуна кайта келди,
Кайгы жүгү оордоп кыйнай берди,
Акдилмиш да көп күнү аза күттү,
Кайгы азайып, жеңилдеп сергий түштү.
Кайгы кетип, кайрадан ишин кылды,
Ичип, жеп, ойноп-күлдү, көңүл тынды.
Эң жакшы айткан экен эл баштаар эр,
Башкарып билим менен журтту күтөр:
«Канчалык кайгы-азапты тартсаң дагы,
Алмаштырат күлкү-шат кайра аны.
Кылымдардан кылымга өтүп келет,
Жаман, жакшы баарына — мезгил дары!»
Акдилмиштин кургады аккан жашы,
Кайрадан милдет — ишин өтөйт жакшы.
Жанталашып, аябай бардык күчүн,
Күнү-түнү тынбастан кылды ишин.
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
Бир жолу Акдилмишти чакыртты Элик:
Түшүндүр дейт иш жөнүн айтып берип:
«Айтып бер, элдин кандай акыбалы?
Кандай күн, кандай алда жатат баары?
Кулак да, көз да сенсиң өзүм үчүн,
Дарбазасын ача бер бардык иштин.
Узак болду кайгырып күткөн азаң,
Ишиң кандай, кириштиң кайра качан?»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
«О, бек,— деди Акдилмиш,— элиң жашап,
Тилегиңди тилешип жакшы жатат.
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Соргок, ушак, ач көздүк жана бузук,
Жакшы иштерди чиритет такыр бузуп.
Ким ачкөздүк, ушактан болсо алыс,
Жаман ишке жолобой, ошол калыс.
Ким напсисин тыя алса бекем болуп,
Ачуусун токтото алса камап коюп,
Ошол адам акылдуу, билимдүү да,
Даанышмандык эң жакын болот ага.
Акылдуунун айтканы конуп турат,
Адилет, чынчыл, жоомарт болуп турат.
Жаман иштен андайлар алыс болот,
Жамандыкка эч качан койбойт жолоп!
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
Элик айтты: «Адилет сүйлөн сөздү,
Өзүң да, сөзүң дагы сенин эптүү!
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Күнөкөр адамзаттын дене, бою,
Эң керек аны эрк менен тыйып коюу.
Адам канча денесин ардактаса,
Ошончолук ал өзүн кыйнайт тура.
Ак жүрөк адам айткан сөздү тыңша,
Денең үчүн дарыдай сөздөр мына:
«Сен кимге жумшак болсоң, күткүн залал,
Күн сайын кырсык күчөп басат алар.
Сен кимди эркелетсең, ошондон корк,
Далай жолу ыйлатып отко салар!»
Үч нерседе семиздик зыян экен:
Семиз куш, семиз тайган, семиз денең.
Үчөөнү таптоо үчүн тыкат карма,
Ашык кетсе артылат залал анда.
Табында жок куш менен — аң алабы?
Семиз тайган — кийикке тиш салабы?
Семиз дене төө сымал очорулуп,
Качкан олжоң карматпайт колдон чыгып.
Тапталбаса салган куш колуң толбойт,
Семиз болсо тайганың олжо болбойт.
А өзүң козголо албас төөдөй болсоң,
Азап менен тозок да тапкан олжоң!
Ток жүрүшөт колунда жок жакырлар,
Барына азыр — байдан артык асылдар.
Тое жеп, денесин тек жапса болду,
Ак кызматын аткарат, бузбай ойду.
А бакыт, байлык, бийлик жана мансап,
Ишке тоскоол, иритип көптү бузат.
Кекирейме тааныбайт теңирин да,
Оң жол менен түз басуу болбойт анда.
Өлгөндөн соң бай да бир, кедей да бир,
Энчиси эки кулач — кепинидир.
Кедей өлсө арылат азабынан,
Бай өлгөндө — арманы артат улам.
Бир сөз бар жакшы айтылган бул тууралуу,
Сен өзүңө пайда тап угуп аны:
«Бай адамдын өлүмү — чыккыс тузак,
Бечаранын өлүмү — жыргал сымак.
Кедей өлсө шорунан арылганы,
Бай өлүмү муунтуп өзүн кысат!»
Эликтин Акдилмишке айткан сөзү
Кайрадан Элик сүйлөйт: «Билип алсаң,
Бул дүйнө — уюгундай жылан, чаян,
Адал тамак чанда да арбыйт уусу,
Жакшы сөз аз, эң арбын ызы-чуусу.
Акылдууга дөөлөттүн жолу жабык,
Билимдүү да талабын таппас анык.
Наадан үчүн бул дүйнө болду бейиш;
Каалашыңча ойно, күл, жаша, жеп-ич!
Акылдууга бул дүйнө — чычырканак,
Алам десе — канатып, чукуйт, саят.
Даанышманга бул өмүр — уулуу идиш,
Уурттадыбы — бат эле кетет ал-күч.
Кечкен үйдөн, байлыктан олуя да,
Элден бөтөн сыйынган алыс жайда.
Таза эмеспис күнөөнүн тузагынан,
Кудайым сактай көрсүн азабынан!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Жооп кылып Акдилмиш айтты: «— Бул сөз,
Ак чындык, адилеттүү, акылдуу сөз.
Бул дүйнөнүн мааниси ушул тура,
Ажыдаардай түрү да, мүнөзү да.
Өстүрүп чоңойтот да ушул арам,
Чыркыратып жеп коет өзү анан!
Карап көрсөң ааламдын түзүлүшүн,
Көңүл чөгүп бир жолу кетет күчүң.
Бул жашоо бабалардан калган белек,
Уругу муундарда өсүп, өнөт.
Ошондон адам чексиз өнүп калды,
Сан жеткис адам саны, өкүмдары.
Бири акылдуу, да бири — баатыр келип,
Башкасы — кара аскадай кекирейип.
Да биринин көзү ачык, акыл, эстүү,
Да бири — дөдөй, макоо, жалкоо өзү.
Жаралган кандай мыкты пайгамбарлар,
Түз жолго салып келген элди алар!
Бири кыска, бири узак жашап көптү,
Бирин даңкы асманга көкөлөттү.
Кайсы бири таарынып, тагдырына,
Жоолашышып, жебе атат душманына.
Окуп-түшүн бул ырдын маани-сырын,
Пайдаң үчүн жакшылап үйрөнгүнүң:
«Миң жашап көптү көргөн болсоң кары,
Жүз эсе курчаса да тагдыр камы.
Баары бир ажал кетет көргө соруп,
Муңканып өлөрүңдө турсаң дагы!»
Канча мыкты, акылдуу адам заты,
Тилесе да узакка жашабады!
Билинбей бары, жогу канча жатат,
Жер алдында жок болуп жетпей санак!
Канча түрлүү жан болду ойлоп көрсөң,
Баарын жеди кара жер, тойбос экен!
Ээлери ордолордун, сарайлардын,
Жай кылышты канчасы жердин алдын!
Уктайт бекен кыймылсыз, үнсүз жаны,
Ким билет — бактылуубу, кайгыдабы?
Эми алар, колунда жок бечаралар,
Ашы жок, кийими жок илип алар!
Кайгы-муңда жалдырап жатат алсыз,
Миңдеген тилектери калды алыс.
Бул жашоону кудайым берди бизге,
Жарабас аны бекер өткөрүшкө.
Жардамын аябасын теңир дагы,
Милдетиң, о кутманым, ак жол салуу!»
***
Сөз улады Акдилмиш мактоо менен:
«Узак жашап, бактылуу болсоң экен!
Бул аалам калбаса экен сенсиз, жетим,
Кудай берип тукумуң өнүп-өссүн!
Кандай тилек тилесең орундалсын,
Бир кудайым өзүңө эшик ачсын!
Дагы канча көп болсо тилегиңиз,
Теңирим кабыл кылсын баарын тегиз!
Кубанычың көбөйүп, арта берсин,
Бакыт менен шаттыгың кабат келсин!
Аттиңай, сендей асыл азаматтар,
Чиришип өлгөндөн соң жерде жатар!..
Табийгаттын жолуна амал барбы,
Теңирим өз тартибин куруп салды!
Сен өңдүүлөр өлсө да жашай берет,
Жакшы иштери жоголбой өсүп, өнөт.
Өлөсүңбү, же узак жашайсыңбы,
Жакшы сөзүң артыңда жашап калды.
Досту арбытып, касыңды жогот ары,
Өлкөң өсүп, аймагы артсын дагы!»
***
Сөзүн бүтүп, жер өптү, өйдө турду,
Атка минип үйүнө жүзүн бурду.
Аттан түшүп, үйүнө келер замат,
Жеп, ичип — эс алууга бир аз жатат.
Эртең менен кайрадан ишке кирди,
Өзү иштеп, кеңеш-кебин айтып жүрдү.
Көңүл, тилин түз кармап, пейлин алды,
Бузулганды түзөтүп жолго салды.
Аалам гүлдөп, эл-журту алкап жатты,
Күндөр өттү бактылуу жана шарттуу!
Алар өтүп, артында аты калды,
Андан ашкан дүйнөдө урмат барбы!
Бул жандардын кылыгын, көрсөң эми,
Билбейсиң жөн адамбы, периштеби?!
Алар өткөн мурунку замандарда,
Энчиси бүгүнкү элдин эмне анда?
Эгер бизди аташып адам десе,
Анда алар чын периште жанга тете.
Аларды, алар кылган ишти билсең,
Улуу бакыт, зор мурас табасың сен!
Акылдуу — түшүнөр да, билген — билер,
Баары өлөт, дүйнө чексиз өмүр сүрөр!
Өткөрбөй өмүрүңдү бошко бекер,
Сыйынгын, кызматың жок андан өтөр!
Ушунда бар сен үчүн улуу сабак,
Өлгөн өлөт, өрнөгү сага калат.
Карачы ордо, сарай турат көктөп,
Өлгөндөр өзү менен ала кетпейт!
А канча ордолорду, шаарларды,
Мезгил соруп, уранды орду калды!
Гүлдөп турган канча көп айыл-кыштак,
Жок болду, түбү менен өлүм жалмап!
Шаар, кыштак, ордолор калар сага,
Жакшы сабак сөз калса жетет мага!
Атактуу аскербашы, жеңгер кана?
Аскер калды, өзү өлүп жер алдында.
Элим аз деп ыйлаган ач көз кайда?
Көп эл алды, өзү өлдү, кимге пайда!
Зордукчуга бир калыс тагдыр өзү,
Эки кулач көр болду алган энчи!
Кайда өзү канын төккөн мусулмандын?
Күчү кана? Жай кылды жердин алдын!
Азыр кайда өз элин эзген адам?
Жер алдында, кара жер конуш аган!
Бүт дүйнөнү багынткан жеңгер кайда?
Дүйнө турат, а алар жер алдында!
Кайда өзү мал-мүлктөрдүн жыйган баарын?
Эки кулач бөз болду — энчиси анын!
Кайда азыр жаңы жерлер алам деген?
Алган жери көр болду — өлөр менен!

Бул дүйнөнүн мааниси ушул экен,
Ачылат бардык эшик, көңүл бөлсөң.
Анда кубанч — кайгы да, бакыт-кырсык,
Ойногону — өлүмү, жыргал — түйщүк.
Башка келген жүгүңө ыраазы бол,
А жүгүң — жаман болоор, жакшы болоор!
Таалим берчү адамдын айтканын ук,
Чыдам менен жүгүңдү көтөрүп чык:
«Дөөлөт келсе кубанын топук кылгын!
Мээнет келсе сабыр кыл, бекем тургун!
Сабыр кылсаң акыры келет бакыт,
Эрктүүлөрдүн дөөлөтү толо куржун!»
Назар салчы заманга, акылманым,
Өзгөрүп, башкача го мүнөзү анын!
Акылдуулар мукурап алсыз болду,
Билимдүулөр тыйылын, тилсиз болду.
Эл ичинде зулумдар арбын болду,
Момундардын мойнуна түйшүк конду.
Шарап ичип, саткандар адамдыкты,
Жакшы аталып, баатыр деп аты чыкты.
Бузук ишти кылгандар, делип адам,
Ичпегендин бир аты болду сараң!
Намаз окуп, сыйынып жүргөн киши,
Жек көрүнүп кор болду кылган иши.
Адал аз да, арам иш күчөп кетти,
Арамдар көңүлүнө көөдөн септи.
Адалдын аты калып, оздөру жок,
Арамдык басып кетти ченеми жок.
Арамды арамдык деп айткан барбы?
Көрдүңбү адалдыкка көчкөн жанды?
Дили ак, адилеттүү адам гана,
Тик карап ачык барчу кызматына?
Арамдыктан көңүлдөр кирдеп бүттү,
Адал деген айтчы дос, кайда кетти?
Бул тууралу айтылган жакшы сөз бар,
Көңүл буруп, ойлонуп түшүнүп ал:
«Көңүлүм кара болду арамдыктан,
Жүздөн бирин билимдин кайдан табам!
Дене боюм, напсим да моюн бербейт,
Өзүмдү тыя албаймын, напсим жаман!»
Бул ааламдын тартиби өзгөрүлдү,
Адам көөнү — тилинен тең бөлүндү.
Адамда адал эмес, арам күчтүү,
Тапчы адамды татыктуу, ишенимдүү!
Ишеним жок адамга, эки жүздүү,
Көбөйдү, кимге айтасың ишенимди.
Тууганынан тууганы алыс болду,
Арасында достордун ыр-чыр толду.
Кичүүдө адеп, улуунун — билими сеп,
Акылдуу аз, ааламда наадандар көп.
Жакындардын баары пулга сатылды,
Адал адам таппай жаным ачынды!
Аманат бар, а аны туткан барбы?
Насыйкат бар, а бирок уккан барбы?
Жакшылыкка жакшылык кылган барбы?
Жамандыкты жактырбай тыйган барбы?
Соодагерлер тутушпайт аманатын,
Кунардуулар угушпайт насыйкатын.
Билимдүүлөр айта албайт туура сөзүн,
Уяты жок аялдар жаппайт жүзүн.
Адилеттер азайды, көп алдамчы,
Кудай деген жоголуп, көп жалганчы!
Адам эми болушту кул акчага,
Күмүш болсо колуңда жорго сага.
Мурун мечит аз эле, сыйынган көп,
Азыр мечит көбөйдү, сыйынган жок.
Акылдуу адам айткан сөздү тыңша,
Көңүл коюп түшүнгүн, сабак сага:
«Адилет, чынчыл кайда?— айтчы мага,
Ак жүргөйдөр көрсөтчү кайда, кана?
Жамандыктар жер жүзүн каптап кетти,
Ким таң калат мындайга?— айтчы мага!»
Мусулмандар чыр-чатак өзү менен,
Капыр үчүн — бул жыргал, сонун экен!
Мусулмандын таланды дүйнө-малы,
Бириктирер араңды кимдер калды?
Таң атканча ызы-чуу бутпарастык,
Илим, куран кайда азыр?— таппай калдык!
Тил жумшарып, көңүлдөр болду мерез,
Абийир кайда арадан таппайсың эч.
Уулу эми атасына башчы болду,
Уул — бек, а атага — кулдун орду!
Кысымда өмүр калып, кырсык артты,
Ач көздүккө жол кенен, абийир качты!
Жетим менен жесирди коргойт кимдер,
Таң калыштуу зымырайт ушул күндөр!
Жакшы айткан бир адам баарын көргөн,
Бүт түшүнүп жана да көптү билген:
«Бул дүйнө баш-аламан, тартип кетти,
Жамандан кысым көрүп, жакшы чөктү.
Билген билер, акылдуу түшүнөт го,
Бул дүйнө оңолбогон жолго өттү!»
Уул-кызда атаны урматтоо жок,
«Аксакал» деген сөзү — сөгүү окшоп.
Заң начарлап, ңөбөйдү тартип бузуу,
Ак, караны эч болбойт ажыратуу.
Бул болбосун жышааны кыяматтын,
Кабар келсе, алаамат болору чын.
Теңир бизди ыймандан кетирбесин,
Бузук, кырсык, балээден сактай көрсүн.
***
Төрт жүз жана алтымыш экинчи жыл,
Жазып бүткөм, тизмектеп ишти ушул,
Акыл-ойдун баарын сөзгө тушурдүм,
Окурманым окуп өзүн. түшүнгүн!
Канча башка болсо да жорук, жолуң,
Туура жррин пайдалан жетсе оюң,
Айтылгандар өмүр да, теңир жолу,
Адашпаган — акыры жетет колу!
Күнүмдүкпү күткөнүң, ушул тура,
Акыретпи эңсээриң — ал да мына!
Кубат берет, кудайга кулдугум де,
Үчүнчү жок, — экиңин бирин тиле.
О кудай, билесиң го кандай ойдо,
Баштаганды бул ишти алып колго.
Атак-даңкты оюмда көздөбөдүм,
Жат, жакынга — жакшылык издегемин.
Окуп калса өзүмдү эстээр дегем,
Атымды атап дуба окуп коер бекен.
Жазган элем чоң тилек, үмүт менен,
Окуган жан эскерер мени дегем.
Тилим сайрап, колдорум жаза берди,
Өлүмдөн сактап болбойт колду, тилди!
Тилге, колго эстелик — ушул китеп,
Калтырдым, акылманым, бир сага деп.
Тирүүлөр! Окуганда мени унутпа,
Жер алдында мен кирип жатканымда!
***
Түбөлүк, муңсуз теңир, улуксуң сен,
Сактай көргүн муңу көп кулуңмун мен!
Мен кулуңмун, алдыңда күнөөм көптүр,
Боорукер бол, күнөөмдү өзүң кечир!
Мен — кулуң, сен теңирсиң, кул деген кул,
Сен — эге, өкүмдарсың, эгелик кыл.
Мен — кулмун, сен пиримсиң, болсо эгер,
Кеңдик кылып, күнөөмдү кечире көр!
Жараткан кечире көр сен аларды,
Батыш, чыгыш жердеген момундарды!
Күнөкөрмүн, турмуш бүтүн күнөө,
Кечир мени, ак көңүл өзүң эле!
Жыпардуу жер абага атыр чачар,
Чириктерден таркалат сасык шамал.
Үмүтүм сен, тилекке — көмөкчүсүң,
Суранам, таштай көрбө бизди өзүң!
Күнөөлүү кулуң менмин, көп кылмышы,
Ишенгин теңиримсиң, мээрим кылчы!
Жамандан жаман чыгат зыяны бар,
Жакшынын баары жакшы, танбайт алар!
Колдой көргүн дайыма момундарды,
Күнөөм үчүн кечиргин мени дагы!
Пайгамбарга өзүмдөн салам дечи,
Акыйкатка, ак жолго болгон элчи!
Анын төрт шакиртине менден салам,
Жеткизе көр, кудайым, өзүң аган!»
I.
ӨТКӨН ЖАШТЫККА КАЙГЫРЫП КАРЫЛЫК ТУУРАСЫНДА АЙТАТ
Жигит кезим булуттай учуп өттү,
Өмүр дагы шамалдай өтүп кетти.
Жаштык кезим, ойлосом ичим жалын,
Кармай албай өзүңдү, качыргамын!
Жакын келчи жаштыгым, азга кайра,
Ардактайм алаканда, ак шайыда.
Кайдасың, асыл жаштык, кайда калдың?
Изиңди, карааныңды көрө албадым!
Жигиттикке туш келген жыргалдарда,
Кийин бербейт бул өмүр, айтты баары!
Жаштык кайрат, балалык оюндарым,
Эми таппайм барында баалабадым!
Пайдасы эмне, баркы жок карылыктын?
Жаш күндөрдү талаага жоготупмун!
Жигиттик кез, ойлонсом ичим күйөт,
Алып кеттиң көркүмдү, таппайм издеп!
Убагында кан тамган нурлуу жүзүм,
Эми минтип саргайып турган кезим.
Кундуздай кара чачты кыроо басты,
Толгон айдай курагым кайда качты?
Жаздай элем жаңы ачкан түркүн гүлдүү,
Гүл күбүлүп, күзгү жел чачып ийди!
Кайың сымал шыңга элем, жебедей түз,
Ийилип жаа болдум, кетти ал-күч.
Өмүрүмдү өткөрдүм оюн менен,
Кайгырып, кандуу жашым эми төгөм.
Балалык жок жигиттик учуп өттү,
Бошко кетип өмүрүм көңүл чөктү.
Жеп, ичтим эч ойлонбой, мал сыяктуу,
Чаңыттым напсим үчүн салып уу-чуу.
Тапка келген шумкардай атылганмын,
Алгыр куштай жулкунчу аргымагым.
Дос-курдашка ар дайым сүйкүм жанмын,
Душманымды түшүндө чочутканмын.
Азыр мен баарын сөгүп, тилдеп турам,
Күнөөсүздү күнөөлөп, байкуш кылам!
Кас душман жеңгенсип маичыркадым,
Кара аскадай калдайып бой салбадым.
Эми мына ойгонгон ичкич жандай,
Турамын өз күнөөмдү көтөрө албай
Кудай калып,эл үчүн кызмат кылдым,
Күнүмдүктүн артынан кууптурмун.
Тилек, кыял артынан кууп келдим,
Кутурган бөрү сымал улуй бердим.
Эл туткундап, дүйнөсүн зордоп алдым,
Кыйнадым, уруп-согуп, таарынткамын!
Сураса бул күнөөмдү эмне деймин?
Жооп барбы? Шылкыйып туруп бердим!
Менден ашкан дүйнөдө наадан барбы?
Жаш өмүрүм оюнда, жайсыз калды!
Бакыт таппайм, а азап өтсө экен тез,
Кайгыга үч бүктөлүп кыйналган кез.
Болсом дагы Хосров, Кайсар, Шаддад,
Шаддад сымак бейиштей өстүрсөм бак 1.
Хосров —Хосров Парвия (590—628-жылдар) Сасаниддерден чыккан Ирандын шахы, КайсарРумдун падышасынын жалпылашкан образы, шаддад — бейиш багы.
Же дүйнөнү багынтсам Искендердей,
Же жашасам Ной сымал өлүм билбей 1.
Болсо дагы Хайдардай нар кескеним,
Үрүстөмдөй атагым болсо менин 2.
Иса сымал чыксам да учуп көккө,
Нуширвандай адил заң курсам көккө 3.
Болсом да Карынбайдай чириген бай,
Курсам да темир шаар — көркөмдүү жай.
Пайдасы эмне? Бардыгы жок болот да,
Алар энчим эки кез кепин тура!
Жылаңач төрөлгөмүн, кетем кайра,
Ошол бойдон, даңкыңдан эмне пайда!
Өткөн өмүр, өттү го бороон болуп,
Басынттым өзүмдү ага берип толук.
Кайда мүнөз жашоого кошо келген?
Кандай жерге үрөндү эктим экен?
Эмне эксем — ошону оруп алам,
Эмнени орсом — ошого канаат кылам!
Жаштык өттү, карганча жашадым мен,
Айткан сөзгө мен өзүм жооп берем.
Жатпагын, тобо кылгын теңириңе,
Кун-түнү күнөөмдү кеч деп тиле!
Жылан курттар, денемди тойлоор бүтүн,
Жаралды экем мен неге ушун үчүн?
Эй уйкучу, ойгонгун, ыйла боздоп;
Кудай де, энчиң ансыз болот тозок!
Жаштык кетип, карылык кучактады,
Жыргал өттү, түз жолдун калды камы.
Канча жанды шум ажал салды торго,
Ким элем мени аяп жөн коерго!
О, жараткан, көзүмдү ачсаң экен,
Искендер — Александр Македонский, Ной — курандагы өлбөс адам, кээде Нух дейт.
Хайдар-Али — пайгамбардын наамы, Үрүстөм Фирдоусинин «Шах — Намесиндеги баатыр.
Нуширван — Ирандын шахы .
Күнөөлөп сыртка түртпө тазамын мен!
Өзүңсүң чын боорукер, кечиримдүү,
Күнөөмдү кеч, мен акман! ишенимдүү!
II.
МЕЗГИЛДИН КАТААЛДЫГЫ ЖАНА ДОСТОРДУН МЕРЕЗДИГИ
ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Төгөрөктүн төрт бурчун кезип, жөнөп,
Ишенимдүү, жан барбы тапкым келет.
Адамдык азайды го, жолу кайда?
Тапсам эле — бир карап тартам кайра!
Баарын таптым, таппадым чыныгы адам,
Аппак жүзүн бир карайм эгер тапсам!
Бул дүйнө эки жүздүү, ишеним — аз,
Кимде калды адамдык айтчы, бир аз?
Эгер тапсам адамды ишенимдүү,
Көзүмдү албай көтөрүп жүрөйүнчү!
жакшы адамды көрбөсө менин көзүм,
Кийик болуп жашайын тоодо өзүм.
Тамагым чөп, суусунум жамгыр болсун,
Кум дөбөдө жатайын куур тончон.
Дубанадай жер кесип жолобоюн,
Элден безип, жашоодон жоголоюн.
А болбосо — жашоону унутайын,
Бороон болуп, же суудай агылайын!
О, теңир бузуктукка болдум туткун,
Жаным тартуу, жакшы дос бери чыккын!
«Адам» — деген жаңырык, орду толбойт,
Кайда кетти? Изин да таап болбойт!
Ишенимдүу адам жок, таппай келем,
Мерез жанга көңүлдү кантип берем.
Жакын кылып кимдерди көздөй тутсам,
Душман чыкты бардыгы, эмне кылам?!
Кимди сүйүп, жанымдай көргөндөрүм,
Азап кылды өзүмө, эмне дейин!
Адам артык жакшына сөзү менен,
Ою арамды, аланы, кантип сүйөм!
Эми кимди өзүмө эш кылайын,
Кимге ишенип, кимдерди дос кылайын?
Кимге ишенип, муңумду айтам кимге?
Кайгыга чөмүлтөрмүн, баарын мүлдө!
Көңүл калды туугандан толбой орду,
Бир бооруң жат, кастан да жаман болду.
Айтышат, антка ишен, шертке ишен,
Шерт сөзүнө эми ким көнөр экен!
Тузду, даамды актаган барбы адам?
Алтын, күмүш, каухарга бөлөп салам!
Кырсыгыңды бөлүшөр кошуна ким?
Баарын берип үйүмдөн мен кетейин!
Ишенер жан-дүйнөмдү достор кайда?
Бек кылып кул болоюн мен аларга.
Дос таппадым, жалгызмын азыр дагы,
Оюм оор, кубанам тапсам аны.
Эл бузулду, унутуп үрп-адатын,
Кандай күнгө туш болдум, айтчы бачым?
Жинди болуп, акылдан адаштымбы?
Түшүнсөм дейм, мен өзүм айткаиымды!
Кумар кыстан, мээ байкуш айныдыбы?
Же элеспи, бир көргөн түшпү ушу?
Же мени калды бекен кырсык басып,
Же тетири иш кылдым бекер шашып?
Кайда адамдар алкоого татый турган?
Туу көтөрүп мактоого жаным курман!
Алар түзсө адептүү тартип-заңды,
Иш оңолуп, кубанчым артмак дагы!
Болбосо жаңы заң бер, элиң тутсун,
Жакшылар төргө өтүп, жаман чыксын!
Жакшы адат, жакшы заң — унут калды,
Эл бузулду, жакшы жан деги барбы!
Өткөн жандар атактуу салтты билген,
Билбентирмин, чыныгы нериште экен!
Алар өттү, мен калдым булар менен,
Кандай кылсам, не ишке жарар экем?
Канчалык сүйлөсөң да сөз үзүлбөйт,
Жетишет ушул эле, токтосун кеп!
Мындан башка үлүштү табалбадым,
Элден, журттан, шаардан алыстайын!
Атымды укнай, өзүмдү көрүшнөсүн,
Сөзүм бүттү, мени издеп, күтүшнөсүн!
Чаян чагат, ит тиштеп, чиркей сорот,
Кайсынысын токтотуп, уруп болот!
Туш келип наадандарга ыйлап турам,
Күн-түнү жүгүм тартып түйшүк кылам.
Азап менен кырсыктар алыс кетип,
Осолдуктар жоголсун четтеп өтүп!
Жараткан пайгамбарды көрсөтө көр,
Төрт шакиртин көрүүгө көмөгүң бер!
III.
БУЛ КИТЕПТИ ЖАРАТУУЧУ ЖУСУП, УЛУУ ХАЖИБ ӨЗҮНӨ НАСААТ АЙТАТ
Билим алсаң урмат-сый алып келет,
Билим сага — акыл-ой, кубат берет!
Билимсиз жүрөк, тилдин пайдасы жок,
Билим өнөр, өмүргө суудай керек.
Канча билсең — ошончо үйрөн, оку,
Билимдүү тилегине дайым жетет.
Билимине мактанган билим издир,
Билгеним аз дегендер — көпкө кетет!
Билим деңиз түбү да, чеги да жок,
Канча сузсаң азайбайт, толо берет!
Билимдүүлөр ой термеп көңүлү суз,
Билимсиздер каткырып күлүң жүрөт.
Билим ал, киши болгун багып сезим,
Болбосо мал атанган наадан делет!
Билимдүү түйшүктөнүп ойлоп жүрөт,
Билимсиз — ой жүгүртпөй ойноп-күлөт.
Акылдуу ой терметип турган жерде,
Акылсыз аркар сымал оттоп кетет.
Акылдуу -ойго батып, ишин бүтөт,
Акылсыз — жара бузуп, аттап өтөт!
Акылман кишендесиң, айла керек,
Акылсызды тузактап, бошон демек!
Билим үчун кол создум тынбай өзүм,
Сөздү сөзгө кынадым кошуп сезим.
Кийик эле түрк сөзү тоодо жүргөн,
Үйрөттүм, үйүр кылдым анын өзүн.
Сылап-сыйпай бакканда жоошуп калды,
Бирок али унутпайт азоо кезин.
Чарчабастан жыйнадым сөздүн кутун,
Аңкытты анан сөздөр жыпар жытын.
Сөздү айттым адилет, кээде катуу,
Акылдуулар баалашат сөздүн чынын.
Окурмандар өзүмө таарынбасын,
Ашык кетсе сураймын мен кечирим.
Сөз чынынан бузулбайт, баалай жүргүн,
Калп-чынды, ак-караны айра билгин!
***
Төрт жүз жана алтымыш экинчи эле,
Бүткөн жылым, тизмектеп сөздү эми.
Он сегиз ай ичинде жазып бүттүм,
Терип сөздүн асылын келсе жөнү!
Сөзүм бүттү, жасадым гүлзар жайды,
Жыпар жытын ааламга чачсын деги!
Ким сөздү түгөтүптүр айткан менен,
Сөз булагы соолубас күнү-түнү!
О, Жусуп, жалаң чындык сөздү сүйлө,
Калпыс сөздү катып сал, бузат сени!
Көп сүйлөдүң, көп сөздө маани болбойт,
Ашык сөздөн бат калат адам көөнү!
Опосу жок бул дүйнө, азгырылба,
Алыс болгун, акылдуу айткан кеби!
Күнүмдүктүн көйүнө батып калдың,
Үзүп таштап, тазарткын пейилиңди!
Бул дуйнөгө ишенбе, берилбегин,
Тобо кыл, кудайга бер көңүлүңдү!
***
Жалган дүйнө кайгыртты канча жанды,
Ак жолунан канчаны адаштырды.
Эми сага жылмаңдап жабыштыбы?
Алданбай азгырыкка, куугун аны!
Канча бек менменсиген мыктыларды,
Жалдыратып кайгыртып өлүм алды!
Кайран жаштык! Майнапсыз өтүп кетти,
Өмүр бүтүп, өлөрүм жакыи калды.
Миң жыл жаша, акыры ажал алат,
Ала кеткен байлыгын адам барбы?
О, кудай бир өзүңө кулдук урам,
Көзүмдү ачып, күнөөдөн куткар жанды!
Мең кулуңмун уятсыз, күнөөсү көп,
Бир өзүңдөн жакшылык күтөм дагы!
Күнөө кылдым, өзүңдөн алыстадым,
Кечире көр, байкуш жан далбастады.
Эмнеге ишенди экен алсыз жаным?
Таянчың не? Билдирчи назарыңды?
Жолуң түзөп, туурала жоругуңду,
Эки дүйнө аласың төрдөн сыйды.
Бул дүйнө ишенимсиз, кубанчы аз,
Аны таштап ак жолдон изде чынды.
Тил, напсини тый дагы, уктабачы,
Укпай, көрбөй дүйнөдөн алыстачы!
Кудайым момундарды жалгай көргүн,
Мээримиңде бир сенин жашоо наркы.

Пайгамбарым миң алкыш дайым алсын,
Андан соң урматталсын төрт шакирти!
Көркөм адабий басылыш
Баласагын Жусуп
КУТТУУ БИЛИМ
(Дастан)
КУТ БЕЛГИСИ БИЛИК
Бирди билген — тирик,
Миңди билген — билик.
Эл макалы
1919-жылдын эрте жазы.
Топон аралашкан ылай уютуп, андан момо-томолок жасап дубал уруп жаткан кишилерге
акылдуу көздөрү кыбыңдай карап, ойлуу олтурган Жыгаччы Сатай аке:
Бирди билген — тирик,
Миңди билген — билик,— дечү экен байыркылар. Эзелки боз үйүбүздүн ордуна эми
минтип там үй курганыңар жаңылык дегенде, кудай акы «тирик» менен «биликтин» маанисин
ал жолу мен туюна алган эмесмин. Адатымча момурай түшүп: Ии, байыркылар бизден башкача
айтышчу экен го деп ойлопмун.
Көрсө бирди билген — тирик — алдындагы ашка каниет кылып, айтканды өтөгөн жөн эле
киши экен. Миңди билген — билик — калк басып өткөн өмүрлөргө даана ой жүгүртүүлөр
заманда албан түрдүү бай, мазмуну терең окуяларга катышып, өз тажрыйбасын, соңкуларга
үлгү даанышман сөзмөрлөрдүн айткандарын, көрөгөч көсөмдөрдүн билгилигин, өтөгөн жакшы
иштерин, эр жүрөк эрен колбашчылардын жортуулда, айкашта, эл-жерди коргоодогу эрдик
ыкмаларын көрөгөчтүгүн, айкөлдүгүн, чебер устаттардын, зергерлердин, ажалга айла тапкан
табыптардын эбин коюңуз, деги адамдагы бардык билгиликти, дурус касиеттерди таалим
кылып, жаман терс иштерден сактануу менен алдынкы басаар жолго жарык берээр кутту, илимбилимдин касиеттүү шам-чырагын өзүнө жол көрсөтөр жобо туткан адам-билик. Ал куттуу
илим-билимге ээ экен.
Сиңээр жерге суу төк,
Иштээр кишиге кеп айт.
Жакшынын сөзү көзүңдү ачат,
Жамандын сөзүнөн кутуң качат.
Ушул накыл сөздөрдү энемден эшиткенимде: Ии, бардык жакшылык, илим-билим
куттуулукта болот тура. Кут качканы — бактысыздык экен го, деген ой эс тарткан сайын
жанымдан чыкпады. Кут касиети кеп-сөздө, илим-билимде деген ишенимге биротоло ынанган
сайын сөзмөр адамдар жай олтурган маекте жандуу кеп-сөздү шурудай чубуртуп, албан-албан
окуяларды көз алдыга келтире, сүрөттөгөндө сөз күчү небаккы өткөн өмүр-тарыхты
кадимкидей көз алдыга элестетчү болду.
Адилет атка мингизет
Ач көздүк көргө киргизет.
Ырыс, дөөлөт — төрдө ойногон эгиз уул.
Касиет карын тойгузат.
Анан касиеттүү чапан жабат.
Биздин ата-бабалар дал ушундай куттуу, касиеттүү сөздөрдөн тарбияланып, таалим
алганды, ал жагымдуу жана таасирдүү таалимдин жибек учугу урпактан урпакка уланып,
биздин күнгө жеткендигине окуучум, мына бүгүн өзүң окуп жаткан акылман акын бабабыз
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 10
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.