Latin

Куттуу билим - 10

Total number of words is 3773
Total number of unique words is 2124
22.6 of words are in the 2000 most common words
34.7 of words are in the 5000 most common words
42.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Жусуп Баласагындын: «Куттуу билим» дастаны айкын күбө!
Мындан тогуз кылым мурда жаралган, бул дастандын автору Жусуп Баласагын өзү
аныктагандай: Төрт өзөк бул китепти түзгөн негиз:
1. Адилет — Күнтууду өкүм бийликти ак өтөөгө милдеттүү, ак жолду жаза баспас адил,
өкүмдар аким ысмы.
2. Айтолду — өкүмдар акимге ырыс, дөөлөт берээр башкы вазир ысмы.
3. Акдилмиш — ак караны айра билген, дили ак таза адам.
4. Өткүрмүш — байлыкка, мансапка кызыкпас, кумарга алданбас каниет ысмы.
Ар күнү агарып аткан таң менен бирге. Ааламга айныбай нурун сепкен Күн сымак адам
рухундагы адилдикти, асылдыкты, тазалыкты, касиетти, дегеле адамды өзүнө да, урпагына да,
жан-жаныбарга, жерге, сууга жаратылыш энчилеген шыбагасына, кубулуштарына болгон
адамдык асыл мамилелер айкөлдүк, билгичтик жолунда бийик болушун буламдан улам таасын
баяндай келип, илим-билимдин миң бир карымын айтымыш төрт өзөктүн тунук башаты: Кут —
куттуулуктай жатканын баяндаган бул «Куттуу билик» — «Куттуу билим» китебин жараткан
Жусуп Баласагын өзү: «Түрк сөзүнүн көркүнө нак тунарсың...» деп эскертүү менен эл-журтка
кайрылды:
Эске тут, бул китепти жазып койгон,
Атактуу сыпаа сөзмөр адам болгон.
«Күзөрдө» анын туулуп өскөн жери,
Жатык тил, учкул сөздүү тууган эли.
Бул азиз китеп — билик тереңдик негизинде билим деңизи болуп берсе каниет деген акын
тилегине, бүгүн мына тогуз кылым күбө болуп отурат.
Ошол тогуз кылым мурда эле бул асыл китепти акылдуу туюнуп баалар, Куттуу биликтен
таалим алгындар өз рухуна, өзүнүн адамдык асыл дүйнөсүнө жакшылыктын үрөөнүн өндүрөр.
Караңгылыктын туткунунда камалып, кут билимин туюна албагандар өз рухун, ички асыл
дүйнөсүн кеңин албай, жарды бойдон калтыраар. Малга, дүнүйөгө жардылык кемтик эмес,
рухий жардылык адам баласын пас, шордууга айлантып, катардан калтыраар, деген Жусуп
Баласагын баамы да ошол өзүнө чейинки оозеки түрүндө адам рухуна жугум күч, жан азыгы,
дилге уюн, кишини жакшылыкка чакырган сөз көркүнүн дааналыгына даанышман акындын
ынангандыгы болучу.
Баса, адамдын адамдык асыл касиетин бөпөлөп көрктөп, анын сезимин ойготуп, аны улам
өрдөтүп байытып, жаңы сапатты тартуулаган эң таасирдүү куралы — анын өз тили чет тилине
кам көрүп, аны байытып, улам өнүктүрүп турган адам жагымдуу ширин сөздү таруудай
чубуртуп өз оюн, уккан-билгендерин угумдуу жагымдуу айткан адам, мейли, деле сырт кейпи
көзгө толумдуу болбосо да акылга акыл ширеп, дилди жибиткен кеп-сөзү аны төрдө олтурган
акылман; билги адам катары көтөрөөрү бышык.
Сырт келбети келишкен адамдын кеби жагымсыз, тантык, айткан ою тайкы болсо, ал — тек,
жандуу дарактай көркү кызыктырса кызыктыраар Бирок, акыл-ою ачылбай туңгуюкка
кептелээр. Шаксыз дарак жемишсиз болгондой — Руху өнүкпөгөн адамда чыныгы адамдык
касиет, сапат болбос. Ал өзүнө да, башкага да жакшылыгын» ченемдүү экендигин «Куттуу
билимдин» каармандары: бири-чынчылдык, акыйкат, айкөлдүктүн; бири — акыл, апрасат, кара
кылды как жарган бийликтин; бири — кут, ырыс, дөөлөттүн; бири — сабыр, ынсап, канагаттын
касиетин айкын ачкан сөз образдарынан көрүңүздөр!
Караңгыга жарык чачкан сөз касиети,
Чөлдөгөндүн суусунун кандырган да сөз кубаты.
Өлгөндү тирилткен да сөз таасири, сөз күчү!
Эмесе, Сөз курган имарат — бардык имараттардын жарыгы, таасирдүүсү, өлбөсү тура!
Акылман хан менен бектин, аларды тоюндурган ашпозчунун, баатыр жол башчы менен
катардагы жоокердин, дегеле дыйкан менен малчынын, өнөрман менен соодагердин, сугатчы
менен суу, багбан менен жемиш дарагына чейин эрди-катын, ата-баланын мамилелерине
чейин, адеп-ахлактын ар бир тамырын, үлгүсүн, таалимин, таасирин; коомдук түзүлүштүн
мыйзамын, тартип эрежесинин калк аралык мамилелерин, ал турган кайсы чөйрөдө тамакашты ичишти, адам өз боюн кандай алып жүрүштү — бакылдап сүйлөбөй какырыныптүкүрүнбөскө чейин насаат айтып, адептүүлүктүн жибек учугун ынандырганга чейин баяндаган
соң Жусуп Баласагын «Куттуу билимин» бийликтин бийлигине тартуулады.
Ошентип, сөз касиети ачылды. Сөз күчү баш бийликти жибитти, ынандырды.
Даанышман акын өзү айткандай ак иш, ак-адил бааланды.
Түбөлүккө өлбөйм десең сен эгер,
Ачык сүйлөп, ак ишиңди улай бер.
Баш бийлик тарабынан Жусуп Баласагынга Хасс хижаб наамы берилди. Акын Сарайдын
баш акылчысы болуп калды.
Азаматты эки нерсе багыттайт —
Адал сөзү, ак эмгеги карытпайт.
Адам өлсө — сөзү калат артында,
Жакшы атагы унутулбайт калкында.
Ошо ар заманда ачык сүйлөп, ак иш өтөгөн бабалардын таалимин улай келип, Жусуп
Баласагын өз сөзүн айтты:
Акылман өкүмдарлар баары баштан,
Элине адил мыйзам тартуулаган.
Акылчы акындан ушундай акыл алып дөөлөттүк менен калк камын көргөн айкөл
башкаруучу ак өтөр мүдөөсүн жүзөгө ашырып, акыйкаттыкты дайыма өнүктүрүп турганда
калайык марыды. Өкүмпастыктын уругу сынды. Зордук-зомбулук тыйылды. Муң бөксөрдү.
Калайыктын көңүлү көтөрүлүп, күлкүсү чыкты. Калк казаны толо кайнап, журт дасторкону
кешиктүү болду. Жетим-жесирдин, кедей-кембагалдын-ырысын кескен жокчулуктун учугу
кыскарды.
Чечими адил, өзү айкөл, билги бектин калк алдында жүзү жарык, иши үлгү, буйругу ак
болду. Даңкы алыска жетти. Улустун абасы бийиктеп, кыйыры тынч, эли кубанды.
Кут илиминде айтылгандай: «Эрдин тилегин эли тиледи. Элдин тилегин эри тиледи». Баш
бийлик жамагаттын камын жалпы көрдү. Мээрим бакты бизге да тиер. Ынтымак бар элде ырыс
да бар, деп калайык ошо дөөлөт бийликке ынады.
Ак, адил иштин алдында ою арам, дили каранын тизеси бүгүлдү. Кылычы кыйрады.
Жакшылыкты көрө албас арамдыгы күч бузуку кишилердин өз башына кайгынын кара казаны
көмкөрүлдү.
Акдөөлөт бийликтин өстөнү кенендеди. Агыны мол мөлтүр суу тереңдеди. Өрүшү жашарды.
Жайыты оттуу, малы семиз, өркөнү өстү. Бул учурду Жусуп мындайча сүрөттөдү:
Аалам көрдү, куту ташып көктөдү,
Козу, улакка бирге өрүдү көк бөрү.
Адилет, айкөл бийликке ак кызмат өтөгөн ырыс, дөөлөттүн ысмы Айтолду айныбай ак
жолдо бийиктеген сайын, толгон Ай жер жүзүнө нурун сепкендей, адилеттиктин тамырын
жайылтуу тилегинде Айтолду бийиктен караган нурдуу көркүнө жараша күмүш шыңгырындай
угумдуу кеп-сөзү бийликке акыл кошту. Ак, адил ишке аны чакырды. Адилет Күнтууду
Айтолдудай ак дил, акылманга ыраазы болуу менен адил бийликти жүргүзүш үчүн өз
билгендерине чектелип калбастан, илим-билимдин миң бир учугун алымсабак улашты.
Бири күндүз нур мээримин, бири түндө ак жарыгын Ааламга серпкен Күн менен Айдын
касиетине жуурулушкандай асыл жана эң таза ыйык максаттары алдыда турган замандар бою
адам баласы Жерден да, Көктөн да тилеп жете албай келаткан адилдик, акыйкат, ырыс, дөөлөт,
каниеттикке жеткизээр илим-билим булагын табуучу алтын учукту улагандыктан, «Миңди
билген-билик» деген байыркы макалды Айтолду өзүнө сабак кыла алдыбы? Не Айтолдунун
акылман сабагы калкыбызда ооздон оозго айтылып бизге жеттиби? Таң Неси болсо да көпкө
үлгү бул баба сөзүн «Куттуу билик» сабагы да, адилеттиктин учугун бизге жеткирген оозеки
маалымат да эриш-аркак, мазмундаш болуп бизге жеткени чоң кубаныч, кымбат мурас.
Баса, пейлин тарытаар ар кандай залалдуу, кумарлуу терс жаман иштерди, адамдагы пас
сапатты, орой кыял-жорукту, жалпы жарык ишке зыян келтирип көлөкө түшүрөөр нарксыз
жорук-жосунду, өтрүктү, алдамчылыкты, көз кызарткан ач көздүктү, кара таруу айланбас ичи
тардыкты, эки жүздүүлүктү, жутунган озбурлукту, мансапкордукту, чектелген наадандыкты
коюңуз. Деле жалпы эле жаратылыштын ченеминен чыккан салакалуу көрүнүштөрдөн
адамдын ички дүйнөсү тазарганда гана ал, өзүнүн Адам атаган бийик ысмын таза сактаарын,
адилеттикке, ырыс-дөөлөткө, каниетке кенен жол ачаарын, ага өзү шериктеш, насиптеш
болоорун — бардык асыл иштерди жараткыч катары адамдын ээлей турган орду бийикте
экендигин «Куттуу билик» мындай дейт.
Акыл кайда болсо — улуулук толоор,
Билим кимде болсо — билик болоор.
Акылы болсо, пайдасын эл көп көрөөр,
Билим билсе, аэиз тирилик өткөрөөр.
Адамдагы бийиктик, касиет биликте болоорун кут китеби айткандай, элибиз оозеки сактап
келаткан: «Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат» деген накылдардын өзөгү
бир.
Төрдөн орун тийген болсо нааданга
Улагада калганыңа арданба.
А акылман улагада болсо эгер,
Анда улага ардактуу деп биле бер.
Көрсө, кут бийиктикте, не пастыкта эмес, ал жакшылыктын бардык тармагың камтыган
даана касиет-адилдик, айкөлдүк, чындык, ырыс, дөөлөт, ынсап, каниеттин башатынан
жаралгандыктан-Куттуу адам — акылман, боорукер, кечиримдүү, айкөл, ак дилдүү, бактылуу.
Куттуу үй — жарык, жылуу, ырыс-кешиктүү. Ата-эне күлүп жыргап, уул-кыз ойноп —
ирегеден төрүнө чейин кут толо берекелүү.
Куттуу улус — беги адил, эли тынч, ынтымактуу. Асабасы бийиктеп, эли ишмер, бүйрө,
билги, өнөрман. Кыйыры чеп.
Куттуу Жер-суу — күнү мээлүн, абасы серүүн, суусу тунук, өрүшү менен айдоосу түшүмдүү,
ой-тоосу гүлзардуу. Зоосуңда улары ышкырып, тоо — түзүндө токою жыш. Кайберени малга
аралаш жайылып, жан-жаныбарга ырыстуу!
Замандар бою калкыбыз куттуу — кудтуулукту ушундай даңазалап, ар дайым жакшылыкты
тилеген адам баласынын көксөгөнү — ушул бардык жакшылыктын уюткусу — кут касиетин көз
алдыга ушундай элестетти. Өз турагы, жер-суусу, өзү куттуу болуш үчүн жамандыктан
оолактады. Жакшылыкты даңазалады. Куттуу билимди көксөдү.
Бардык жакшылыктын уюткусун асыроо кыйын экендигин Жусуп Баласагын өз дастанында
мындайча эскерди:
Кары сөзүн айтылган капка сакта,
Кары сөзү алтын да сырын ачса.
Кут бир келет — бакпасаң кетип калат,
Бак — бир конот, үйлөсөң өчүп калат.
Не деген накыл, көрсө бабалар калтырган акыл-насааттын кут илими катары бизге
жеткенин көрүңүздөр. Ушундан улам: «Бакты- сыздан кут качат», «Жашыңда мээнет, карыганда
дөөлөт», «Куттуу үйдө шам жанат», «Кут илимге эшик ачат» деген накыл сөздөр жаралып
отурат.
Күнү бүгүн эл оозунда айтылган макал-лакаптардын бул түрмөгү да дал ушул «Куттуу
билик» менен сабакташтагы абзел иш. Демек, калкыбыздын баамында кут образы жандуу,
касиеттүү.
Аны асырай алсаң токтойт, анте албасаң кетип калат. Албетте адамда жетилбегендик — кут
качыраар кырсыгы, кемтиги кыйла болгондуктан, ал касиеттүү куттуулукпу өзүнө токтотуп
калтыруу үчүн албан сабак кут сөздөрдү өзү айтты. Ага өзү ынады: «Алыбай акенин түндүгүнөн
кут түшүптүр. Жылкысы миңге жетти», «Бир замандан Коро-Карагайдын төрүнө кут түшкөн
экен. Не ууру албай, не бөрү чаппай, ал түрдөгү мал аман багылат», «Санчы акенин этегине кут
түшкөн экең. Кайда тизгин кармаса, сапары оң. Канга, бекке, кара калкка айтканы эм болуптур».
Жусуп Баласагын соңку урпактарга түбөлүк белек катары арнаган өлбөс дастанын «Куттуу
билим» деп таганы да түрк калкынын ишениминдеги бардык жакшылыктын жышаанасы ушул
КУТ — Куттуулуктун сыйкыры, даарышы, касиети аны ынандырды. Неге дегенде, бул — бийик
жышаана, деле калктын байыркыдан бери жалпы эле калайыктын дилине уюп калган бардык
жакшылыктын сыпаты. Айрыкча өмүр-тиричилиги жаратылыш менен ар тараптан кеңири түрдө
эриш-аркак өткөн көчмөн каблалардын, калктардын баамындагы жандуу сөз сыпаты.
Махмуд Кашкари түрк тилин кенен изилдеп, бул узакка жашай турган тилди ошол
мезгилдеги түрк каблаларынын кимиси канчалык нак сүйлөөрүн иликтеп келип: уйгур, татар,
йябаку, кай, басмыл башкур, булгар, субар ж. б. түркчө да сүйлөшөөрүн, өздөрүнчө да сөзү,
диалектиси бар экендигин белгилейт.
Ал эми өзүнүн «Түрк сөздөрү жыйнагында» накта түрк тилинде сүйлөгөн: кыргыз, кыпчак,
огуз, тукси, йагма, чигил, йарук каблалары экендигин жазган.
Аталган калктардын бул мезгилде кыргыздан башкалары өздүк атын жоюп коюшту. Алар не
азыркы казак, өзбек, кыргыз, түркмөн, түрк сыяктуу түрк калктарына сиңди. Айрымдары
тарыхый ааламат кесепетинен кыргын табышты.
Ошентсе да, бул кездери аталбай калган калктардын кийинки муундарга калтырышкан
рухий мурастары азыркы учурда жашап жатат. Неге дегенде, жадаса таштан курулган мунара
кыйраса кыйрайт, насили сез жараткан мунара — ошол көркөм, касиеттүү түрүндө сакталып,
жалпы, калайыкка сиңип, доор сүрө берет!
Эмесе акылман акын Жусуп Баласагын, чоң тилчи окумуштуу Махмуд Кашкари, деле ОрхонЭнесай, Талас жазмалары сыятуу бабалардан калган мурастарга деле азыркы мезгилде аттары
аталбай калган кабдалардын ортоктош экендигин айта кеткенибиз абзел.
Эгерде чыгаан тилчи — окумуштуу Махмуд Кашкари өзү айткандай, Урумдан чин
аралыгындагы түрк каблаларын кеңири зерикпей аралап, бардык ана калктарынын урууурууларына чейин үрп-адатын, нарк-салтын, ырым жөрөлгөсүн, тилин кеңири изилдеп, кылдат
баамдап, өзү айткандай, ошол түрк тилинин чыгаан билгиси, ар бир сөздүн жибек учугуна
чейин так билген «найзачанынан» экендигине карабастан, ар бир кеп-сөздөгү көмүскө, тунгуюк
туюнмаларын ачып, соңкуларга маданий мурас болсун деген ак тилекте «Девонун сөздүгүн»
жараткан болсо, даанышман акын Жусуп Баласагын «Кут билимин» окуганыңда түрк тилинин
көркүнө нак тунаарсың деп ынандырды, окурманды.
Түрк тилчиси Р. Р. Аратанын (1900-1964) эсебинде «Куттуу билим», дастанын аяктаганда
анын автору элүү төрт жашта экени анык болсо, Жусуп 1015-1016-жылдары дүйнөгө келген.
Түрктүн экинчи бир тилчиси Дилачар, Жусуп 1018-жылы төрөлгөнүн айтат, «Неси болсо да
хижра боюнча 462-жыл — биздин доор боюнча 1069-1070-жылдары өзүнүн «Куттуу билик»
дастанын жараткан даанышман акын Жусуп Баласагын сары өзөн Чүй жазыгынын алкымы, Чүй
дайрасынын боюна жайгашкан (байыркы Токмок калаасынын түштүк-батышыраак тарабындагы
— азыркы Бурана аталган — Баласагын калаасынын перзенти.
Учурунда Бухарадан кенен жерди ээлеген көркөм имараттуу, бийик мунаралуу, мечитмедреселүү, сепилдүү, гүлдөгөн Баласагын калаасында төрөлгөн Жусуптун балалык чагы,
жигиттик курагы калкы негизинен түрк жана согду тилдеринде сүйлөп, өз заманында рухий
маданияты менен өнүккөн чөйрөдө өскөнү, жаратылышы кооз аймакты жердеп, сөз өнөрүн
өнүктүрүп, сөз ченемдеген көчмөн уруулардын тиричилигин, кулк-мүнөзүн, тилин, дилин, өнөрбилимин кеңири изилдеп, жатка окулган улуу сөз сабактарын кулакка куя канык баамдап,
жедеп бышып-жетилген кезде колго алгандыгына өзүнүн «Куттуу билимин» он сегиз айда
жаратканы күбө.
Кантсе да, байыркыдан оозеки жат окулган дастандар, икаялар, накыл сөз, макал-лакаптар
Жусуп акындын ихламын чакырганы байкалат. Чытырман токойдогу отун — отунчунун аяк
астында белен жаткан сыяктуу, калк рухунун казнасында кылымдап сакталган сөз куту акындын
дилин тынчытпастан шыгын ойготкондугу, кеменгерлигин тереңдетип, чеберлигин
жетилткендигин анын асатаны күнү бүгүнкүдөй баяндайт.
Балким жашынан китептен таалим-тарбия алган адам, мейли ал сергек окумуштуу болсун,
мүмкүн биздин бул баамыбызга ынанбас, жазма адабияттан таалим алмайынча чеберчиликке
жетүү, көркөм өнүгүү, жетилүү кыйын, чыгарма жазма адабияттын таасирисиз өнүкпөйт, деп
айтаар.
Албетте, жазма адабияттын таалимисиз чыгарма жалаң кабат. Ал чын. Бирок талантты
эргиткен жандуу сөз өзүнүн тубаса касиети аркылуу чыгармадагы ал жалаңкабаттыкты
жетилтип коерун бизге ушул сөз болуп жаткан дастандан тогуз кылымдан кийин кандайдыр
бир деңгээлде ошол өткөн заманга үндөш тажрыйбаны өз башыбыздан кечиргенибизден улам,
баарыдан мурда кеп тубаса талантта жана ал таланттуу акындын адам жанынын дүйнөсүн
бардык жагынан кеңири көрүшүндө. Тек, билип-көрүп тим калбастан, сөз казынасына
ушунчалык берилип үйрөнүп, ак чабак сууда сүзгөндөй, ар бир кеп-сөздү кооз имараттын
жандуу куралы катары өз-өз ордуна кое билгенде анын чеберчилиги өзүнөн өзү өнүгөөрүн,
чыгармачылык деми улам артыла бергенин күбө тартабыз.
Дегеле жазма адабияттын башаты ага дем берип, көркөмдүк касиетин жетилтип, аны
түбөлүккө түптөөр куралы да ошол — кадимки жандуу сөз — элдеги куттуу билимде.
Эмесе ошол элдеги куттуу билимдин эркин калпып, таза жоруптап кырман толо дан
кызылын сузган дыйкандай, оозеки айтылган, накыл сөз баяндаган кеменгердик кызылын
чебер өздөштүрүп, таланты эргип-толкуп иштегендиктен «Куттуу билик» дастанын Жусуп
Баласагын тез жаратты. Элдин рухий дүйнөсүнө ширешкендиктен, акындын бул куттуу
чыгармасы кылымдарды карытты, бизге жана уруктарга кут берген мурас болуп калды.
Ошондой эле акындын замандашы, аймакташ жерде төрөлгөн түрк элинин кулуну, алгачкы
тилчи окумуштуу Махмуд Кашкари илими жетилген чагында жамы түрк каблаларын кезип,
алардын тилин, дилин, кеп-сөзүн, көзгө илишпес учугун улай дыкан, кылдат изилдеп,
соңкуларга маданий мурас болсун деп тилеп, көп жылдык өмүрүн арнап, билимин, күчүн
сарптап, 1072-1083-жылдары жазып бүтүргөн «Девону лугатит түрк» —«Түрк сөздөрүнүн
жыйнагы» ошол замандагы түрк тилинин угумдуу, көрктүү сөз байлыгын күбөлөшү — бүгүн
бизге айрыкча баалуу.
Бир мезгилде бир тилде жаралган бул эки асыл мурас — Махмуддаун «Лугати» менен
Жусуптун «Куттуу билими» атайылап эле биринин ажарын бири ачып, эриш-аркак өнүккөндүгү
— тарыхый-маданий кырдаалда пайда болгон мыйзамдуу көрүнүш. «Мына биз тарыхый
чындыкты так ачышка ак дилден күбөбүз» дегендей, бирин бири тактап, толуктап, аныктап
турганы абзел иш.
Эгерде биз Энесай, Орхон, Талас жазмаларына салыштыра карасак, алардан көп кийин
жаралган Жусуптун дастаны менен Махмуддун «Лугатинин» рун эстеликтери менен тектештиги
ачык-айкын болгондой эле, бүгүнкү кездеги калкыбыздын рухий дүйнөсү, жандуу кеп-сөзү
өзөктөш, көп учурда бипбирдей.
Замандан заманга өтүп, ооздон оозго айтылып келаткан «Улуу сөз», «Улама» түрмөктөрү,
көркөм сөзгө айланып, бир бүтүн, зор көп пландуу дастанга ширелишкен «Манас» үчилтиги
ошол байыртан айтылып келаткан макал-лакаптарыбыз жогоруда аталган улуу маданий
эстеликтер менен тектеш гана болбостон, көп учурларда мазмундаш, сабакташ.
Академик түрколог В. В. Радлов Орхон рун жазмасын иликтегенден кийин «Куттуу билик»
уйгур тилинде деген өзүнүн алгачкы аныкташынан баш тартып мындай дейт: «1891-жылы мен
Бамбердин көз карашы менен толук макул болуп, «Куттуу билик» байыркы уйгур тилинде
жазылган деген пикирде элем. «Куттуу биликте» уйгур деген сөз бир дагы жолу кездешпейт...»
деп белгилеп келип: «Менин «Куттуу билик» уйгур тилинде эмес деген пикирге келишиме да
бир нерсе... өз эне тилинде биринчи китеп экенин көрсөткөн автордун сөзү негиз болуп
отурат...» 1
Байыркы эстеликтерди салыштыруу менен, ал эстеликтер түрк элдерине тийиштүү
экендигин айтат. Өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасаган бул чоң окумуштуунун
илимий тажрыйбасын улап биз? бүгүн сөзгө алынып жаткан Жусуп Баласагындын «Куттуу
билим» дастанын кечигип болсо да окурмандарга тартуулап жатышыбыз, албетте,
кубаттаарлык иш.
Деле кубаттоо менен бирге окурмандарга эскертээрибиз:
Бул мурастарга бабаларыбыздын кошкон салымы бай жана баалуу. Деле ташка тамгаланган
рун жазмалары, деле «Кут билими» менен «Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» болсун,
бабаларыбыздын бизге аманат калтырган маданий мурастары экендигин анча элес албай
келгенибизден да болгонун моюнга алып, бул маселе боюнча өз байкоолорун бөлүшкөн
окумуштууларга, тарыхты кенен иликтеген жазуучуларга, ал тургай чыгыш элдеринин макал1
В. В. Радлов. «Куттуу биликке» акыркы сөз. «Кыргызстан маданияты» 14 1969.
лакаптарын, Жусуп Баласагындын «Кут билимин» орус тилине которгон котормочулар да биз
үчүн күнөлү болушту.
Маселен, Орто Азия элдеринин элдик поэзияларын жана «Кут билимин» орус тилине
которгон акын Наум Гребнев биз менен болгон бир маегинде: «Куттуу билим» силерге
көбүрөөк тийиштүү. Жеке эле анын мекени силердин же болгондон эмес, анын мүнөзү да,
дүйнөсү да силерге жакын», деп айткан эле.
Ал эми «Самаркан асманындагы жылдыздар» деген көп томдуу романдын автору, СССР
Мамлекеттик сыйлыгынын жана Өзбек ССРинин Хамза атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын
лауреаттары, Орто кылымдагы Орто Азияны жерлеген калктардын тарыхын жакшы билген
тарыхчы окумуштуу, чоң жазуучу Сергей Петрович Бородин: Силер, кыргыздар, эң эле
камырабассыңар. Жадаса өзүңөргө тийиштүү маданий энчини алуудан да жалтайлайсыңар!
Деги байыркы адабий мурастарда силердин энчиңер чоң экенин билесиңерби? Кыргыз түрк
элдеринин ичинен байыркыларынан, «Манас» сыяктуу улуу баянды силердин бабаңар
жаратканы бекер эмес! Өз мурасыңардан куру жалак калбагыла!» дегени али эсимде.
Мына ушинтип, өзүбүздөн мурда бизге таандык адабий мурастарыбызга кам көрүшкөн ак
дил чыгармачыл ишмерлердин кеңешинен кийин да камырабастыктын кедергиси бөгөт болду.
Маселен, Махмуд Кашкаринин «Сөздүгүнө» топтолгон байыркы түрк сөздөрүнүн жүздөн
сексени бүгүнкү күндө элибиз сүйлөгөн жандуу сөздөр экендигин ким тана алат!
Акырында тарых бардыгын өз-өз ордуна коёт деген аныктама бул жолу да өз чындыгын
билдирди. Кечигип болсо да өткөндөгү маданий мурастарыбызга көңүл буруубуздун
башталышы, кадырлуу окурмандар ушул колуңарга алган «Куттуу билимдин» байыркы
тилибизден бүгүнкү тилге өткөндөгүсү.
Тарых мүнөзү анын көркөмдүгү кандайдыр бир деңгээлде мүчүлүш калган учурлар жок
эместир. Тактап айтканда, байыркы тилибизден бүгүнкү өз тилибиздин туюнма ажырымы, ал
тургай көркөм кабыл алуу, сөздүн бир мааниден экинчи бир карама-каршы мааниге өтүшү, көп
сөздөрдүн бул мезгилге чейин көөнөп түшүнүксүз болуп кетиши, албетте, котормонун сапатына
таасир тийгизгендиги байкалат.
Эмесе, «Карынын сөзүн капка сал» деген ошо баба сөзүн урматтап, мындан тогуз кылым
мурдакы жандуу кеп-сөзүбүздү, ошол замандагы мүнөздү айкын-ачык элестете бергидей
баалуу дүнүйө, улуу мурасыбыз «Куттуу билим» аркылуу улуу акын бабабыз Жусуп Баласагын
менен маектеше берели!
ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ
Академик.
КВИЕТИЗМДЕН 1 - ГУМАНИЗМГЕ
Элибиз эзелтен сөз баркын баалай билип, тунук акыл-эстен жаралып, асыл кенчке айланган
«рухий азыктарды» урпактарга улуу сабак болсун деп муундан муунга мурас кылып калтырып
келген. Билгенибизден билбегенибиз көп, кылымдарды карытып, бирде куунак, бирде куурап
өмүр сүрүп, бешенесине жазып, тагдыр тартуулаган ырыскысын көрүп, жашоонун кыл
көпүрөсүнөн өтүп келген үркөрдөй элибиздин баштаап кечиргендеринин көбү карт тарыхка
узатылып, биз өңдүү урпактар үчүн табышмак болуп келет. Ошентсе, да түптүү журүшүбүздун
өткөнү, азыркысы, келечеги жалпыланган эпикалык чыгармалары менен даңкталган,
турмуштун татаал кубулуштарын акыл-эстин кадегинен өткөрүп, табият табышмактарынын
жандырмагын иликтеп, терең ойго сиңирилгең кыска, бирок нуска улуу сөздөрдү таруулаган
сөз зергерлери Жээренче-чечен, Санчы-сынчы, Асан-Кайгы, Толубай-сынчы, Жусуп, Махмуд
өңдүү даанышман ойчулдар мээнеттенген Кыргыз жери тектүү жер.
Колуңуздардагы «Куттуу билим» аталган асыл мурас өз мезгилин артта калтырып,
келечегин утурлаган чыгаан, ойчул акын Жусуп Баласагындын эмгеги. Бул китеп, же анын
автору тууралуу кеп айтуудан мурун ал жашаган доордун айрым өзгөчөлүгүнө азыноолак
токтоло кетели. Анткени кандай гана ойчул болбосун ал өз мезгилинин алкагы менен чектелип,
ошол мезгилдин уулу катары кала берет. Бул, албетте, өз учурунан озуп кеткен ойчулдардын
беделине шек келтиргендик эмес, тескерисинче өткөн замандын акылмандары жараткан
эмгектерде кездеше турган айрым мүчүлүштөрдүн ошол мезгил, учур, доордун өзгөчөлүгү
менен шартталгандыгын белгилөө болуп эсептелет.
Жусуп илим-билим кенен арым таштап, маданият гүлдөп өнүгүп турган орто кылымдагы
Күнчыгыш ренессанысынын өкүлү. Орто кылым чыгыш эли үчүн өзгөчө мезгил: ар башка элдин
ар кыл маданиятты, рухий мурастары тогошкон ошол учурда улуу ойчулдар, философтор альКинди, аль-Фараби, Бируни, Ибн-Сина, Ибн Рушдун, таланты тамшандырган алп акындар
Рудаки, Фирдоси, Жусуп Баласагын, Омор Хайям, Низами, Навои, Насилинин чыгармалары
жаралган мезгил. Аталган инсандардын чыгармалары дүйнө түшүнүүнүн өзгөчө системасы
болгон философиялык багыт Чыгыш пери- патетизми (аристотелизм) менен тыкыс байланышта.
Бул багыттын өкүлдөрү, жогоруда аталган философтор, байыркы грек философиясынын эң ири
өкүлү — Аристотелдин окуусун өз мезгилининин өзгөчөлүгүнө жараша улантышкан. Бекеринен
Күн чыгышта Аристотель (Стагирит) биринчи устат, ал эми аль-Фараби экинчи устат катары
белгилүү эмес чыгар. Кептин ыңгайы келгенде айта кетүүчү нерсе, Күнчыгыш элдерин
чыгармачылыкка жөндөмү жок эл катары мүнөздөгөн чындыкка коошпогон көз караштар
(евроцентризм) да бар. Мындай калпыс пикирди эш туткандар Батышты Чыгыштан жогору
коюуга умтулуп, чыгыш элинин мурастарын көңүлгө албай келишкен. Буга бир эсе араб тилин
билбегендик, чыгышта жаралган эмгектердин түп нускасы менен тааныш эместик негиз болгон
десек да болот. Ал эми араб тили орто кылымда илим-билимдин тили болгондугу бизге
маалым. Албетте, орто кылымда илимий чыгармалар жеке эле араб тилинде эмес, фарсы, түрк
тилдеринде да жазылган.
Орто кылымда Күнчыгышта табигый илимдер да өнүгүп, жалпы маданияттын деңгээлин
ошол мезгилдеги Батышка караганда өтө жогору болгон. Аль-Ферганинин «Астрономиянын
башталмасы» аль-Хорезминин «Астрономиялык таблицалары» аттуу чыгармалары же альФараби, Бируни, Ибн-Сина табыят таануу тармагы боюнча эмгектери орто кылымдагы өнүккөн
маданияттан айкын кабар берет. Ибн-Синанын «Медицина канондору» деген көп томдуу
эмгеги күнү бүгүнкүгө чейин өз маанисин жогото элек.
Күнчыгыш Ренессансы араб, фарсы жана түрк элдеринин орток мурасы. Ушундан улам улуу
Квиетизм — Жан-дүйнөнүн эрксиз пассивдүүлүгүнө, кудайга толук баш ийүүгө, тиричиликке кайдыгер
кароого ж. б. үндөгөн мистикалык диний окуу.
ойчулдарды тигиле бул эл менен гана байланыштырып кароо калпыстык, диалектикалык
логиканын негизги жобосу объективдүүлүктү тануу болуп саналат. Ыраа, тарыхый шарт
кырдаалга жараша көпчүлүк эмгектер араб тилинде жазылган, бирок фарсы же түрк
тилдеринде жазылган боюнча энциклопедиялык маани-маңыздагы эмгектер да жок эмес. АльФараби, Бируни, Махмуд Кашкар, Жусуп Баласагындын түрк тилиндеги эмгектери, тарыхты
иликтөөдө гана эмес, бүгүнкү күндүн өзгөчөлүктөрүн түшүнүү үчүн да баалуу мурасы.
Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» эмгеги түрк тилиндеги алгачкы энциклопедиялык
чыгармалардын бири. Бул эмгектин ойчулдун эне тилинде жазылышы түрк тилинин ички
мүмкүнчүлүгүн, анын али белгисиз ажарын ачып берди. Деги эле эл менен тилдин тагдыры
тутумдаш, тил, анын түзүлүшү элдин ой жүгүртүү өзгөчөлүгү менен тыкыс байланышта. Тил
жандуу кубулуш катары өсүп-өнүгүп, акыл-эси улам жогорулаган сайын тил да татаалданып,
анын мүмкүнчүлүктөрү арта берет. Демек, «Куттуу билим» түрк элдеринин тили, акыл-эси
жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө дем берип, түрткү болгон баалуу мурас экендиги талашсыз.
«Куттуу билимдин» бири-биринен аздыр-көптүр айырмаланган үч варианты бар: герат,
каир жана Намангандан табылган ташкент кол жазмалары. Герат кол жазмасы Г. Вамбери
тарабынан алгач ирет Венада жарык көрүп аны кийинчирек академик В. В. Радлов немец
тилине которгон.
Жусуптун турмуш жолу, чыгармачылыгы жөнүндө үстүрт гана маалыматтар бар. Ал Токмок
шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Баласагын шаарында жашаган. Биз сөз кылып
жаткан эмгегин 1069-жылы Кашкарды бийлеген Табгач-Богра Кара-Хакан-Абу Али Хасанга
арнап жазган. Ушундан улам ага Хас Хажиб — улуу хандын атайын кеңешчиси деген ардактуу
наам ыйгарылган. Ырасын айтсак эмгектин жаралышынын негизги- себептеринин бири — эне
тилге карата ойчулдун назик сезими, патриоттуулугу. Китеп исламда официалдуу идеология
катары кызмат өтөп турганда, араб тилинин грамматикасын, укук таануусун жана Куранды,
Хадистерди үйрөнүү илимдин эң негизги милдети катары белгиленип турганда жазылган».
Мына ушундай шартта Эс-акыл, Калыс, Бакыт аллегориялары аркылуу гуманизмдин бийик
жоболорун, дүйнө түзүлүштүн, жашоо-турмуш жагдайларынын айрым негиздери тууралуу
эмгек жазуу талантты гана эмес эрк-эрдикти да талап кылган. Акыл-эстин азыгы болгон
чыгармалардын көпчүлүгү араб-фарсы тилдеринде жазылган. Ал эми бул эмгек аркылуу Түрк
эли алгачкы ирет өз тили менен таанышат деп, ойчул өз чыгармасын жогору баалагандай?
Эмгектин жаралыш таржымалың белгилөөдө анын социалдык саясий жагдайын айтпай
коюуга болбойт. Өз учурунун өзгөчөлүгүн аңдай билген ойчул катары Жусуң. Баласагын санатнасыят турүндө жазылган чыгармасы аркылуу теги көчмөн Караханиддер династий син өлкөнү
башкарууга үйрөтүү максатын да көздөгөн. Мавераннахр, Чыгыш Түркия өңдүү өнүккөн
чөлкөмдөрдү башкаруу үчүн билимдердин атайын системасы талап кылынган! эми мындай
билим түрк төбөлдөрүнө жеткиликтүү болуш үчүн тилинде жазылган энциклопедиялык эмгек
зарыл эле. Ырас «Кутту билим» саясий трактат деп чектеп коюу мүмкүн эмес, анткени анда
жашоо-турмуштун тереңинде жаткан мыйзам ченемдерди аң-анализге алган материалдар
арбын. Башкасын айтпаганда, эмгекте козголгон жашоонун маани-маңызы, адам баласынын
турпаты, анын коомдогу орду жөнүндөгү ой-жоруулар китепке философиялык маани берип
турар. Бир сөз менен айтканда бул чыгармада философиялык мүнөздөгү же жашоо турмуштун
айрым жагдайларын (этикалык, эстетикалык) чагылдырган орчун-орчун проблемалар арбын.
Деги эле философиялык жалпылоолорго, энциклопедиялуулукка, универсалдуулукка умтулуу
ошол мезгил үчүн мүнөздүү көрүнүш болгон. Баса, белгилей кетүүчү бир жагдай, орто
кылымдагы Чыгыш философиясы христиан философиясына караганда турмушка жакыныраак
болуп, жашоо койгон суроо-талаптарга негизделген жана ушундан улам схоластикадан, ыгы
жок жалпылоолордон, жөнсүз абстракциядан алысыраак болгон.
Жогоруда учкай белгиленген «Куттуу билимдин» үч кол жазмасынын экөө (Каир, Наманган)
араб тамгасы менен, ал эми бири (Герат) уйгур тамгасы менен жазылган. Окумуштуулар дурус-
деп эсептеген Намангандан 1913-жылы табыйган кол жазма мезгил сыноосуна туруштук берип
бурмалансаң эмес десек да болот.
Чыгарма менен терең тңйнышып, анын маңызына көз чаптырсак, андан көпчүлүк ойчулфилософтордун пикири менен үндөш саптарды байкайбыз. Платон, Аристотель, Эвклид
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 11
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.