Latin

Куттуу билим - 12

Total number of words is 3865
Total number of unique words is 2076
26.6 of words are in the 2000 most common words
39.1 of words are in the 5000 most common words
46.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
билүүдө. Ойчул аль-Фарабинин соңунан болмуштун маңызына сүңгүп кирмейин бактылуу
жашоо мүмкүн эмес деп эсептейт. «Сонундук бизге таандык болгондо гана бакытка жете
алабыз, ал эми сонундук бизге философиянын искусствосу аркылуу гана таандык, демек
философиянын аркасы менен гана ага жете алабыз» (Фараби) . Философиянын бийик милдети
— адам баласын дүйнө менен гармонияда жашап билүүгө ынандыруу. Демек, күнчыгыш
ойчулдары дүйнө түзүлүштүн жалпы негизин тааный билүүгө умтулган билимдердин өзгөчө
жыйындысы философияны өтө жогору баалашып, ал адам баласына турмуш-жайды туура
аңдай билүүгө багыт берет деп эсептешкен.
Ошентип чакан макалабызда Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» чыгармасынын
философиялык негиз-маанисин, анын поэтикалык табиятынын тереңинде жаткан, көркөм
образ-окуялардан жалпы ой тутумун иликтөөгө умтулуп, рухий өнүгүштүн белгилүү
деңгээлинен мезгил алкагына сарасеп салып, дүйнө түзүлүштүн жандуу картинасын түзүүгө
ниеттенген акын-ойчулдун орошон ойлоруна токтолдук. Албетте, акындын поэтикалык
чыгармасын шарттуу түрдө «теориялаштырып», болмуш-турмуш жөнүндөгү жалпыланган
ойлордун тутумунан дүйнө түзүлүш, андагы адамдын орду жөнүндөгү ыраттуу концентуалдык
системаны концтрукцияладык. Демек айрым учурда ыр саптарынын катылган сырларды ачып
берүү ниетинде жалпы Күнчыгыш ойчулдарына мүнөздүү философиялык тентенцияларды,
жоболорду, философиялык конценцияларды пайдаландык.
Жусуп Баласагындын «философиясы» тууралуу пикирибизди жыйынтыктап, ойчулдун акыл
тегеретип, кыял чабыттаткан орошон ойлорунун чордону макро жана микро космос (адам
жашоосу менен аалам түзүлүшүнүн) биримдиги аркылуу пешенеге жазган жашоонуң маңызын
туюкдурууга умутулууда экендигин белгилейбиз.
Залкар чыгармасы менен Жусуп Баласагындын ысмы карт тарыхтын барагына өчпөс болуп
жазылып калды. Ойчул өзү нускалуу айткан жан-дүйнө, акыл-эстин түбөлүктүү табияты, шыкжөндөм талант — эмгектен ширелип жаралган нака тарыхый дөөлөткө айланган чыгармалар
менен түшүндүрүлөт. Демек улуу чыгарма да, аны жараткан улуу ойчул да түбөлүктүү. Ырас,
Жусуптун урпактарга арнаган улуу эмгеги унутулгус тарыхый, рухий дөөлөт экендиги шексиз.
Анын ойлору бүгүнкү катаал мезгил койгон көйгөйлүү маселелер менен үндөш. Адамдын
пейди, ыйманы, жарык дүйнөдөгү жашоосу жөнүндөгү мазмундуу сөздөр менен шөкөттөлгөн
маңыздуу ойлору азыркы, кийинки урпактар үчүн улуу сабак.
Тарыхтын улуу сабагы болгон чоң чыгарма учурдун удулу менен мураскорлорго
тартууланып турат. Буга да шүгүрчүлүк, болбосо канчалаган залкар дөөлөттөр татаал турмуш
толкунуна туттугуп, көлөкө-көмүскөдө жатат. Өткөндүн мурастарын кылдат баалай албай, ага
кайдигер мамине кылып келдик. Кечээкибиз менен эртенкибиз тутумдаш экендигин түшүнбөй
же түшүнгүбүз келбей түркөйлүк, билбестик кылган күндөр болду. Кылымдардын далдаасын
жаткан мурастардын эмне себептен көмүскөдө калып келгендиги өзүнчө кеп кылууга арзый
турган чоң маселе. Биз тек гана уурубуз улуу өзгөрүштөрдүн алдында турат деп белгилеп,
Жусупу Баласагындын «Куттуу билим» сыяктуу өткөндүн залкар мурастары урпактар үчүн
тартуулайын, коом турмушунан өз ордуна алып жаткандыгын кубаттайбыз.
Азыркы, өзгөчө динамикалуу кырдаалда бөгөттө бугуп жаткан аң-сезим кутула жадаган ыгы
жок идеологиянын торунан бошонуп, өткөндүн рухий дөөлөттөрүн кызыгуу күчөдү. Бул —
мезгилдин, — келечекке умтулган элдин талабы.
Улуу бабабыз Жусуп Баласагын өз чыгармасы аркылуу «макро-космос» менен
«микрокосмостун» данакери катары, «айың менен күнүңдүн ширөөсүнөн бүткөн» улуу инсан
катары улуу турмуш жолунда саякатын улана берет. Анткени, ал өткөн менен келечектин
шайкештигин данакерлеген даанышман ойчул.
Сөзүбүздүн соңунда ойчул-акын Жусуптун философиялык кредосун кыскача квиетизмден —
гуманизмге деп туюндурсак болот, анткени ал өзүнүн окуусунда замандаштарын, кийинки
урпактарын бүтүндөй адамзатты поэтикалык формадагы сыйкырдуу саптары менен орто
кылымдагы официялдуу диний идеологиянын негизги жоболорунун биринин б. а. жашоотурмуштун ачуу-таттуусуна кайыл, кайдигер карап, жараткандын гана ырайымына ишенип,
анын эркине баш ийип тиричилик кылууну талап кылган квиетизмден четтеп, өмүрдү жашоону,
инсанды кадырлай-барктай, сүйө билүүгө үндөгөн гуманизмге чакырат.
АСКАР АБДЫКАДЫР БЕКБО,
философиянын илимдеринин кандидаты,
Кыргызстан Ленин комсомолунун
сыйлыгынын лауреаты
Бисмилла рахман рахим!
Кудурети кучтуу улуу Теңирге урмат жана даңк, ал улуулардын улуусу, буткул ааламдын
падышасы; жерди-көкту жараткан, кыбыр эткен жан-жаныбарларга жан салган да өзу,
тилегендин тилегин берген, бардык каалаганын өтөгөн да өзу, көңулунө келгени ишке
аигкан, каалаганы кабыл болгон, ойлогону орундалган да бир кудайымдын өзу. Бардык жанжаныбарлардын улугу, теңиримдин тиреги Мухаммед пайгамбарга миң мертебе алкыш,
анын жолун жолдоочуларды бир кудайым өзү колдосун.
Бул китептин атагы артык. Чин 1 акылмандарынын санат сөздөру менен Мачин 2
даанышмандарынын ырларына сугарылып жаратылган бул китепти окуган жана
урматтаган адамдын өзу урмат-сыйга ээ болуп, зоболосу көтөрулсун. Мачиндин акылман
жана окумуштуу билермандары Чыгыш тараптагы Туркстандын элдеринде, бограхан
тилинде жана турк сөзү менен мындан жакшыраак ыр жыйнагын эч ким тузбөгөндугун
ырастап жатышат.
Бул китеп кайсы падышага же кай тарапка жетпесин өзунун өзгөчө жатыктыгы жана
чексиз көркөмдугу аркылуу, андагы акылмандар менен окумуштуулардын купулдарына
толуп, алардын ар кимисинин ар түрдүүчө наам берүүгө татыктуу болду. Чиндин төрөлөру
бул китепти «Такывалык жыйнак» деп аташты, Мачиндин өкумдарларынын мурасчылары
«Мамлекет туркугу» дешти, Чыгыш өлкөлөрүнүн акимдери «Өкумдарлар зыйнаты» деген
ат беришти, ирандыктар — түрктөрдүн «Шах китеби» деп коюшту, айрымдар болсо —
«Өкүмдарларга осуят китеп» дешип; турандыктар муну «Куттуу билим» деп аташты.
Бул китепти жазган Баласагындык такыва сыпаа киши. Ал китебин Кашкарда бутуруп,
чыгыштын өкумдары Тавгач-хандын ордосуна тартуу кылды, өкумдар ага зор урмат-сый
көрсөтуп, хас-хажиб наамын берип, анын зоболосун көтөрду, ошондон анын Улуу хас-хажиб
Жусуп аты ооздон тушпөй даңкталып келет.
Бул китептин өлөгү - айрым өзгөрбөс, түбүлүктүү түшүнүктерден турат: биринчиси –
адилет, экинчиси - дөөлөт, учунчусу - акыл, төртүнчүсү - каниет делип, алардын ар бирине
түркчө аттары 6ерилген; Адилетти - Күн тууду Элик атаган, бул өкүмдар; Дөөлөттун аты
- Айтолду, ал - увазир, Акылга - Акдилмиш деген ат 6ерилген, ал увазирдин уулу, а Каниет
болсо - Өткүрмүш аталып, анын иниси делген. Мына ушулардын ортосунда өз ара
сүйлөшүүлөр, суроо-жооптор аркылуу санжыра чечмеленет.
Бул китепти окугандын көңүлу көкөлөп, кудай жол берсе, китепти жазган адамдын
ысмына дуба окуп койсун.
Чин-Түндүк Кытай.
М а ч и н — Түштүк Кытай

Тирүүлөрдун баарынан кудай улуу,
Бир өзүнө татыктуу урмат кылуу.
Ал улук да, күчтүү дагы ченемсиз,
Агаруу да, көгөрүү да жок ансыз.
Жерде, көктө күн көргөндүн эгеси,
Сага жашоо, өмүр берген дагы өзү!
Бардык жанга ичерине аш берди,
Баары тойлойт, өзү билбейт ичкенди.
Тирүүлөргө ач койбостон кам көрөт,
Жээрине аш, ичерине суу берет.
Тилегендин ой-тилегин болтурат,
Мээри түшсө — зоболосун зор кылат.
Кудайымдын элчисине ырахмат, 1
Жолун жолдоп жүргөндөргө урмат-даңк!!
Калктын башы ал Мухаммед пайгамбар,
Көптүн жузү көрө турган көзү ал.
Ушул китеп улуу күндөр жемиши,
Билимдүүгө — терең билим деңизи.
Чексиз баалуу билимдердин ширеси,
Аны окуп каниет табар ким өзү? 2
Жалаң акыл-насаат сөздөн түзүлгөн,
Шуру сымал жибек жипке тизилген.

Сөз курандагы Мухаммед пайгамбар туурасында бара жатат.
Чыгыштын да, Мачиндин да бектери,
Жана толгон акылмандар бүт эми,
Бул китепти менчик мүлк деп эсептеп,
Казнасында бек сакташты шөкөттөп.
Мурас кылып бир-бирине беришти,
Наадандарга карматпады өз мүлктү.
Эң пайдалуу, эң керектүү, а бирок,
Көп түрктөргө түшүнүгү жогураак.
Уккан жанга жетет мунун мааниси,
А жазуусун — окуй албайт көп киши.
Ким китепти окуй билсе күтүнө,
Эки дүйнө жарык берер ишине.
Акимдери Мачин менен Чиндин да,
Бир ооздон жактырышты чынында.
Чыгыш жакта, жамы түрктүн элинде,
Буга тете китеп жок дейт эч кимде.
Бул китептин баркын билет окуган,
Билимсиздин эмне келет колунан!
Билимсиздер баркын билбес, андайга,—
Кыйбас тууган болсо дагы карматпа!
Билимсиздер кантип окуп, түшүнөт?
А билимдүү окуйт, барктайт, күтүнөт.
Китеп сөзү — Бохрахан 1 заң-зили,
Маңызы да, өзөгү да хан тили.
Мындан артык мурун китеп бар беле?
Жаралабы кийин буга тең, тете?
Эгер чыкса андай белдүү азамат,
Даңктаганга мен даярмын кубаттап.
Бардык жерде, бардык жеткен ордодо,
Бул китенке түрдүү наам жолдоду.
Ар бир элдин улуктары чыгарып,
Ат беришти өз заңына ылайык.
Тавгач Кара Бограхан — Жусуптун заманында Караханиддердин мамлекетинин ханы, ордосу Кашкарда
болгон. Кыргыздар аны Кара Буура хан деп да аташкан.
«Такывалык жыйнак» дешти бүт Чинде,
«Мамлекет түркүгү» дейт Мачинде.
А Чыгыштын улуктары атактуу,
«Өкүмдарлар зыйнаты» деп аташты.
«Шах китеби»—деп коюшту ирандар,
«Куттуу билим» деп аташты турандар.
Ар тилде китеп аты башка-башка,
Бирок да түшүнүктүү бардык жакта.
Улуктур, бул китепке ат бергендер,
Жараткан ал пендеңдин тилегин бер.
Китепти окуй турган окурманым,
Көркүнө түрк сөзүнүн нак тунарсың.
Билерсиң пайдасы көп, көпкө мунун,
Бийликтүү өкүмдарга керек мунум.
Китепте акылмандар насааты бар,
Башкаруу ыкмалары эсте тутар.
Падыша өз өлкөсүн сактоо жөнү,
Кандай шарт, кандай тартип керектиги,
Өлкөнү не ойрондоп, неден топтойт,
Бийликти эмне сактап, эмне жоктойт.
Черүүнү кантип топтоп, кандай жолго,
Жүрүштө баштоо керек жол болгондо.
Баарына бул китепте түшүнүк бар,
Такталып орду-ордуна келген алар.
Өлкөнүн камын керчү мыкты улук,
Иш берет иштерманга тандап туруп.
Ал болсо терең ойлуу, акылга бай,
Анда ал — түнкү чырак, көктөгү Ай.
Укук бар өкүмдарда: ал — журт ээси,
Журтта да милдет — укук бар го дечи.
Ардактоо падышасын элдин наркы,
А элин сактоо, коргоо — анын парзы.
Башкарса ким өлкөнү — ал согушчан,
Кол курап, уруш жолун жолдоп ыкчам.
Канткенде душман колун жеңип алар,
Китепте кеп-сөз болот айла-амал.
Канткенде бек каарман болуу керек,
Канткенде элге бейпил жашоо берет.
Эл баалайт, колдойт андай өкүмдарды,
Көксөшөт көңүлүнөн баш урганды.
Беделдүү белин чечип кызмат кылсын,
Беделсиз урмат-сыйдан алыс турсун.
Мында бар жакшыларды баалай билүү,
Жана да жамандардан алыс жүрүү.
Бири ушу — бузуктардын башыр алуу,
Экинчи — жакындарды коргоп калуу.
Билимдүү, жөндүү жана баатыр жүрөк,
Казнаны бөксөртпөстөн кармоо керек.
Бар болсо бардык элдин ынтымагы,
Ишиңдин артып турар ырахаты.
Бул акыл-насаатарым айткан сага,
Дуба кыл унутпастан өзүң мага.
Эске тут, бул китепти жазган адам,
Атактуу, сыпаа, сөзмөр болгон абдан.
Акылдуу, түркүн-түркүн билим билип,
Жүрүптүр эл ичинде ойноп-күлүп,
Ал жетип журт ичинде урмат-баркка,
Бай экен калыс сөзгө, акыл-наркка,
Күз-Ордо 1 — анын туулуп өскөн жери,
Жатык тил, учкул сөздүү тууган эли!
Шык айдап тууган жерден чыгып кетти,
Бүткөрдү бөтөн жерде бул китепти.
Багыштап бардык дитин жазын накта,
Балким байыркы Бурананын (Баласагындын) бир аты Күз Ордо же Күз Өрдөө болсо керек. Кыргыздар күз
айында жайлоодон түшүп, кайра кыштоого көчкөнчө турук алчу жайы болгон окшобойбу. Ошон үчүн Күз Ордо же
Күэ Өрдөө деп атаганго деп ойлойбуз.
Эмгегин аяктады Кашкар жакта.
Алдында падышанын окуйт муну,
Ал — Тавгач Кара Буура хандар ханы.
Белекке эсеп жеткис берди дүйнө,
Калам акы, ак пейли көңүлүнө.
Анан да Хас-Хажибдик наамын берип,
Өзүнө кызматка алды жакын көрүп.
Кадырлап ага берген ушул наамын,
Хас Хажиб Жусуп дешчү — унутпагын!
Баянын кабар этти, түшүнөбүз:
Төрт өзөк — бул китепти түзгөн негиз.
Адилет — анын бири, чындык жолу,
Дөлөт — дейт экинчиси, бакыт ою.
Негизи үчүнчүнүн — акыл, ойлук.
Төртүнчү — каниет делет, кылуу топук.
Орундуу ар бирине ат берилет,
Айтууга анын баарын кезек келет.
Күнтууду элик деди — адилетти,
Өкүмдарлык милдети адилеттүү.
Айтолду — деп атады дөөлөт ысмын,
Увазир, өкүмдарга, даана уккун.
Акдилмиш — акыл аты, ою терең,
Уулу увазирдин болгон экен.
Өткүрмүш — ден атады каниетти,
Ини экен увазирге билген көнтү.
Билим ал: ушул төрттө маани — ой бар,
Китеп бүттү,— тизилди керек ырлар.
Китеп көп арап, тажик тилдеринде,
Бул китеп эң биринчи биздин тилде.
Билимдүү бул китептин баркын билет.
Окугам акыл-оюн эске түйөт.
Сен үчүн түркчө ырлар тартуу кылдым,
Окуурда мага арнап дуба кылгын.
Өтөрмүн бул дүйнөдөн, уккун өзүң,
Акыл тут айткандарды ачып көзүң.
О, кудай, ак пейлиңди арттыра көр,
Жамы журт, момундарга кеңчилик бер!
МАЗМУНУ
КУТ БИЛИМИ
Бисмилла рахман рахим
КУТ БЕЛГИСИ БИЛИК
КВИЕТИЗМДЕН - ГУМАНИЗМГЕ
1. ЖАРАТКАН КУДАЙДЫН УРМАТЫНА, АНЫН УЛУУЛУГУ ДА, ДАҢКЫ ДА АРТА БЕРСИН!
2. ПАЙГАМБАРДЫН ЖАКШЫ САПАТТАРЫ ТУУРАСЫНДА, АНЫН ЫРАЙЫМЫ АРТА БЕРСИН
3. ПАЙГАМБАРДЫН ТӨРТ ШАКИРТИНИН САПАТТАРЫ ТУУРАСЫНДА, КУДАЙЫМ АЛАРГА ЫРАЙЫМЫН ТҮШҮРСҮН!
4. АРСТАН ХАНДЫН НЕБЕРЕСИ АЛИ-ХАСАНДЫН УУЛУ, АКЫЙКАТ МЕНЕН ДИНДИН ТАЯНЫЧЫ, УЛУУ ЖЕҢГЕР, АШКАН АЙКӨЛ, АРДАКТУУ УЛУУ ӨКҮМДАР
5. АСМАН КУРУНУН ОН ЭКИ БЕЛГИСИ МЕНЕН ЖЕТИ ПЛАНЕТАСЫ ТУУРАСЫНДА
6. АДАМ БАЛАСЫНЫН ЭҢ ЖАКШЫ САПАТТАРЫ - БИЛИМИ МЕНЕН АКЫЛЫНДА ЭКИНДИГИ БАЯНДАЛАТ
7. ТИЛДИН АСЫЛ САПАТТАРЫ ЖАНА ПАЙДА-ЗЫЯНЫ ТУУРАСЫНДА БАЯНДАЛАТ
8. КИТЕП ЭЭСИ КЕЧИРИМ СУРАЙТ
9. ЖАКШЫ ИШТЕРДИН СОНУН САПАТТАРЫ ЖАНА ПАЙДАСЫ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
10. ОКУУ МЕНЕН БИЛИМДИН ПАЙДАСЫ ЖАНА ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ БАЯНДАЛАТ
11. БУЛ КИТЕПТИН АТЫНЫН БЕРИЛИШИ ЖАНА КАРЫЛЫК ТУУРАСЫНДА БАЯНДАЛАТ
12. БАЯНДЫН БАШКЫ КААРМАНЫ, ЖЕТКЕН АДИЛЕТ КҮНТУУДУ ЭЛИК ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
13. АЙТОЛДУНУН КҮНТУУДУГА КЫЗМАТКА ӨТКӨНҮ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ64
14. АЙТОЛДУНУН КҮНТУУДУ ЭЛИКТИН АЛДЫНА КЕЛИШИ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
15. АЙТОЛДУНУН ӨЗҮ ДӨӨЛӨТ ЭКЕНДИГИ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
16. АЙТОЛДУ ЭЛИККЕ ДӨӨЛӨТТҮН САПАТТАРЫ ТУУРАСЫНДА АЙТАТ
17. КҮНТУУДУ ЭЛИК АЙТОЛДУГА АДИЛЕТТИН САПАТТАРЫ ТУУРАСЫНДА АЙТАТ
18. КҮНТУУДУ ЭЛИК АЙТОЛДУГА АДИЛЕТТИН САПАТЫНЫН МААНИСИ ТУУРАСЫНДА АЙТАТ
19. АЙТОЛДУ ЭЛИККЕ ТИЛДИН ЖАКШЫ САПАТТАРЫ ЖАНА СӨЗДҮН ПАЙДАСЫ ТУУРАСЫНДА АЙТАТ
20. КУТТУН КУБУЛМАЛЫГЫ МЕНЕН ДӨӨЛӨТТҮН ТУРУКСУЗДУГУ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
21. АЙТОЛДУ УУЛУ АКДИЛМИШКЕ АКЫЛ-НАСААТЫН АЙТАТ
22. АЙТОЛДУНУН ӨЗҮНҮН УУЛУ АКДИЛМИШКЕ АЙТКАН НАСААТТАРЫ ТУУРАСЫНДА БАЯНДАЛАТ
23. АЙТОЛДУНУН КҮНТУУДУ ЭЛИККЕ ЖАЗЫП КАЛТЫРГАН КЕРЭЭЗИ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
24. КҮНТУУДУ ЭЛИК АКДИЛМИШТИ ӨЗҮНӨ ЧАКЫРТКАНЫ ТУУРАЛУУ АЙТЫЛАТ
25. АКДИЛМИШТИН ЭЛИККЕ КИРГЕНИ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
26. АКДИЛМИШТИН КҮНТУУДУ ЭЛИККЕ КЫЗМАТКА КИРГЕНДИГИ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
27. АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ АКЫЛДЫН МААНИСИН АЙТАТ
28. БЕКТИККЕ ЫЛАЙЫКТУУ БЕКТИН КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕКТИГИ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
29. АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ УВАЗИРЛИККЕ ЖАРАКТУУ АДАМДЫН КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
30. АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ АСКЕРБАШЫ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
31. АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ УЛУУ ХАЖИБДИК КЫЗМАТКА КИМДЕР ТАТЫКТУУ ЭКЕНИН АЙТАТ
32. АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ КАНДАЙ КИШИ ОРДО БАШЫ БОЛО АЛА ТУРГАНДЫГЫН АЙТАТ
33. АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ ЭЛЧИЛИККЕ БАРЧУ АДАМ КАНДАЙ БОЛОРЛУГУН АЙТАТ
34. АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ КАТЧЫ КИШИ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
35. АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ КАЗНАЧЫ МИЛДЕТИН АТКАРЧУ АДАМ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
36. АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ БАШКЫ АШПОЗЧУ КАНДАЙ АДАМ БОЛУШУ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
37. АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ СУУСУН БАШЫ АДАМ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
38. АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ БЕКТЕР КЫЗМАТЧЫЛАРЫНА КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
39. КҮНТУУДУ ЭЛИК ӨТКҮРМҮШКӨ КАТ ЖАЗЫП, АНЫ КАНТИП ЖӨНӨТКӨНҮ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
40. АКДИЛМИШТИН ӨТКҮРМҮШКӨ АТТАНГАНЫ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
41. ӨТКҮРМҮШ МЕНЕН АКДИЛМИШТИН МАЕГИ ТУУРАСЫНДА БАЯНДАЛАТ
42. ӨТКҮРМҮШ АКДИЛМИШКЕ БУЛ ДҮЙНӨНҮН КӨЙҮН АЙТАТ
43. АКДИЛМИШ ӨТКҮРМҮШКӨ - БҮГҮН КЫЗМАТ ӨТӨӨ МЕНЕН, ЭРТЕҢКИГЕ ЭЭ БОЛУУ ЖОЛУН АЙТАТ
44. ӨТКҮРМҮШ ЖООП ЖАЗЫП ЖӨНӨТКӨНДҮГҮ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
45 .КҮНТУУДУ ЭЛИК ӨТКҮРМҮШКӨ ЭКИНЧИ КАТТЫ ЖӨНӨТКӨНДҮГҮ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
46. АКДИЛМИШ МЕНЕН ӨТКҮРМҮШТҮН ЭКИНЧИ МАЕГИ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
47. АКДИЛМИШ ӨТКҮРМҮШКӨ БЕКТЕРГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУН АЙТАТ
48. АКДИЛМИШ ОРДО КЫЗМАТЧЫЛАРЫНА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЫЛУУ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
49. АКДИЛМИШ ӨТКҮРМҮШКӨ КАРАЛАМАН ЭЛГЕ КЫЛЧУ МАМИЛЕНИ АЙТАТ
50. ТЕГИ МЫКТЫ АДАМДАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЫЛУУ КЕРЕКТИГИ АЙТЫЛАТ
51. ДААНЫШМАН, ИЛИМДҮҮ АДАМДАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
52. ДАРЫГЕРЛЕРГЕ КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
53. ЭМЧИЛЕРГЕ КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
54 .ТҮШ ЖОРУУЧУЛАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
55. ЖЫЛДЫЗ САНООЧУЛАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
56. АКЫНДАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
57. ДЫЙКАНДАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
58. СООДАГЕРЛЕРГЕ КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
59. МАЛЧЫЛАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
60. УСТАЛАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
61. КЕДЕЙ-КЕМБАГАЛДАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
62. ӨЗҮНӨ АЯЛДЫ КАНТИП ТАНДОО КЕРЕКТИГИ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
63. УУЛ МЕНЕН КЫЗДАРДЫ КАНДАЙ ТАРБИЯЛОО КЕРЕКТИГИ АЙТЫЛАТ
64. КОЛ АСТЫНДАГЫЛАРДЫ КАНДАЙЧА ТАТЫКТУУ КАРМОО КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
65. АКДИЛМИШ ӨТКҮРМҮШКӨ КОНОККО БАРУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУН АЙТАТ
66. АКДИЛМИШ ӨТКҮРМҮШКӨ КОНОККО ЧАКЫРУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУН АЙТАТ
67. ӨТКҮРМҮШ АКДИЛМИШКЕ БУЛ ДҮЙНӨНҮН КӨЙҮН УНУТУП, БОЛГОНГО КАНИЕТ КЫЛУУНУ АЙТАТ
68. КҮНТУУДУ ЭЛИК ӨТКҮРМҮШТҮ ҮЧҮНЧҮ ЖОЛУ ЧАКЫРТКАНЫ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
69. ӨТКҮРМҮШТҮН АКДИЛМИШКЕ КЕЛИШИ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
70. КҮНТУУДУ ЭЛИКТИН ӨТКҮРМҮШ МЕНЕН ЖОЛУККАНЫ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
71. ӨТКӨРМҮШТҮН КҮНТУУДУ ЭЛИККЕ АЙТКАН АКЫЛ-КЕҢЕШИ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
72. АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ ЭЛ БАШКАРУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУН АЙТАТ
73. АКДИЛМИШТИН ӨТКӨН ӨМҮРГӨ КЕЙИП, ТОБО КЫЛЫШЫ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
74. ӨТКҮРМҮШТҮН АКДИЛМИШКЕ БЕРГЕН КЕҢЕШИ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
75. АДИЛЕТКЕ – АДИЛЕТТИК АДАМГЕРЧИЛИККЕ - АДАМГЕРЧИЛИК КЫЛУУ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
76. ӨТКҮРМҮШ ООРУП КАЛЫП АКДИЛМИШТИ ЧАКЫРТКАНЫ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
77. АКДИЛМИШ ӨТКҮРМҮШКӨ ТҮШ ЖОРУУ ТУУРАСЫНДА АЙТАТ
78. ӨТКҮРМҮШ АКДИЛМИШКЕ КАНДАЙ ТҮШ КӨРГӨНҮН АЙТЫП БЕРЕТ
79. ӨТКҮРМҮШ ОШОЛ ЭЛЕ ТҮШТҮН БАШКАЧА ЖОРУЛУШУН АЙТАТ
80. АКДИЛМИШ ӨТКҮРМҮШТҮН ТҮШҮН КАНДАЙЧА ЖОРУУ КЕРЕКТИГИН АЙТАТ
81. ӨТКҮРМҮШТҮН АКДИЛМИШКЕ КАЛТЫРГАН КЕРЭЭЗИ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
82. ӨТКҮРМҮШТҮН ШАКИРТИ АКДИЛМИШКЕ ӨТКҮРМҮШТҮН ӨЛҮМҮН УГУЗАТ
83. ӨТКҮРМҮШТҮН ШАКИРТИ АКДИЛМИШКЕ КАНТИП КӨҢҮЛ АЙТКАНЫ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
84. АКДИЛМИШ ӨТКҮРМҮШТҮН ӨЛҮМҮНӨ КАЙГЫРЫШЫ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
85. ЭЛИКТИН АКДИЛМИШКЕ КӨҢҮЛ АЙТКАНЫ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
I. ӨТКӨН ЖАШТЫККА КАЙГЫРЫП КАРЫЛЫК ТУУРАСЫНДА АЙТАТ
II. МЕЗГИЛДИН КАТААЛДЫГЫ ЖАНА ДОСТОРДУН МЕРЕЗДИГИ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
III. БУЛ КИТЕПТИ ЖАРАТУУЧУ ЖУСУП, УЛУУ ХАЖИБ ӨЗҮНӨ НАСААТ АЙТАТ
                                 Бисмиллахи-рахмани-рахим
1. ЖАРАТКАН КУДАЙДЫН УРМАТЫНА, АНЫН УЛУУЛУГУ ДА, ДАҢКЫ ДА АРТА
БЕРСИН!
Мен сөзүмдү баштадым кудайым деп,
Жараткандын жалгаса амири көп.
Даңкына, урматына санак жетпес,
Кудайым түбөлүктүү, өлбөс — өчпөс.
Жаратты жерди, көктү, Күн, Ай, түндү,
Жашоону жан-жаныбар жасап түрдүү.
Каалады тирчиликти жаратканды,
Болтурду, «бол» дегени болуп калды.
Жаралгандын бардыгы муңдуу дечи,
Муң билбес жаратканым жалгыз өзү.
Бир болсо түбөлүктүү кудай муңсуз,
Башкага мындай ысым ылайыксыз.
Улуулук — сенин гана улуу белгиң,
Теңдеш жок, бир өзүңө, болбойт эч ким.
Сага эч ким кошула албайт, сен — бүтүнсүң,
Аягы, башы да сен — бардык иштин!
Бул сенин бүтүндүгүң ченем болбойт,
Дүйнөдө баарын сенин эркиң колдойт.
Чынында түбөлүктүү бир өзүңсүң —
Бирөөсүң, кошулбайсың өзүңө-өзүң!
Сен өзүң ичте-тышта дайым барсың,
Көрбөйбүз, көңүлдөсүң дайым — ал чын.
Сен барсың бардык жерде Күн, Ай сымал,
Мааниңди жашыргансың көрүп турар.
Бул сенин бүтүндүгүң — тирилик эмес,
Тирликти өзүң бердиң жалган дебес.
Бардыгын сен жараттың, жанды, денди,
Баары өлөт, сенсиң жалгыз түбөлүктүү!
Жараткан — бардыгына өзүң дабаа,
Экинин 1 ар биринде белгиң даана.
Жок сага окшош дагы, теңдеш дагы,
Акылга сыйбас анын маңыздары.
Ал — жолдо, үйдө эмес, уктабайт да,
Бирок да баарын көрөт жандан башка.
Оңдон да, солдон дагы, азыр, анан —
Астынан, үстүнөн да жай жок аган.
Баарына орун берип, өзү жайсыз,
Билип ал: эч бир нерсе болбойт ансыз!
Жүрөк сыры, сырдашы көңүлдөрдүн,
Чексиз дүйнө баарында сенин белгиң,
Сен жараттың сандаган тирүүлөрдү,
Түздү, тоону, деңизди, өрөөндөрдү.
Сен асманга жылдыз чачтың көп эле,
Түндү кууп, Күн чыгардың төбөгө.
Учкан, баскан макулуктар сансыз көп,
Бир өзүңдөн ырыс табат ичип-жеп.
Кыйналганда бардык жандар топурап,
Сенин гана таманыңа баш урат.

Эки дуйнө жөнүндө деген мааниде айтылат.

Аалам ээси бир кудай деп таанып бил,
Тобоо кылгын, ак дилиңден билип жүр!
Ойлобо анын сырын түшүнөм деп,
Ишенип ойго топук кылганың эп.
Ал кандай, кайда экен деп сурай көрбө,
Сөздү тый, кудай деген бардык жерде.
Кулуңмун — кайгысы көп, — муңсуз Теңир,
Кулуңдун күнөөлөрүн өзүң кечир!
Сыйындым бир өзүңө, мен үмүткөр,
Жыгылсам муңга батып, колуңду бер.
Пайгамбардын үммөтүн жолдой көргүн,
Кыяматта ыйман берип, колдой көргүн.
Төрт шакиртин көтөрүп даңктай бергин,
А мени, пайгамбарым, сактай көргүн!
Кыяматта жүзүн көрсөт, кудайым,
Дубаларын жанга топук кылайын!
Сага теңдеш мактоо сөздү таппадым,
Сөзүм бүттү. Өзүңдү өзүң даңктагын.
2. ПАЙГАМБАРДЫН ЖАКШЫ САПАТТАРЫ ТУУРАСЫНДА, АНЫН ЫРАЙЫМЫ
АРТА БЕРСИН
Кудай колдоп жиберген пайгамбарым,
Эл асылы, адамда жакшы жаным.
Ошондо караңгы түн жарык болуп,
Ал жарык сага түштү куттай конуп.
Ал эле кудайымдын кабарчысы,
Ошондон ыйык жолго кирдиң ушу!
Унутуп атасын да, энесин да,
Улантты ак кызматын мусулманга.
Күндүз ичпей, түндө жатпай ак урду,
Бир сен үчүн жаратканга жалынды.
Азап чекти ал сен үчүн сыйынып,
Сенде милдет,— өтө ишти тик туруп.
Ал дайым үммөтүм деп азапты жеп,
Тиледи тозок отун кечпесе деп.
Ал элге кудай берген ырайымы,
Иши да, өзү дагы ыйык чыны.
Жөнөкөй, сыпаа, бирок иши улуу:
Боорукер, пейили ак, жоомарт ушу.
Ал ыйык — жерде, көктө тегиз бирдей,
Кудайым баарын берген чачпай-төкпөй.
Абалтан башчыларга башчы болуп,
Пайгамбар мөөрүн алды бакыт конуп.
Көңүл бурдум өзүм анын жолуна,
Кабыл туттум айткандарын оюма.
Пейил — оюм бузулгандан оңдой көр,
Сурагыңда пайгамбарым жолдой көр!
Кыяматта бура көрбө жүзүңдү,
Жол көрсөтүп сакта мендей кишиңди!
3. ПАЙГАМБАРДЫН ТӨРТ ШАКИРТИНИН САПАТТАРЫ ТУУРАСЫНДА,
КУДАЙЫМ АЛАРГА ЫРАЙЫМЫН ТҮШҮРСҮН!
Төрт шакирти өзүнүн ишенимдүү,
Кеңешип бардык иште бирге жүрдү,
Экиси — кайнатасы, экөө — күйөө,
Баары тең мыкты адамдар асыл бүлө.
Баарынан эң мыктысы, биринчи — Атык 1.
Киши эле кудай деген акылы артык.
Мал-жанын, өа жыргалын көздөбөдү,
Кудайымдын ак жолу беттегени.
Да бири теңдеши жок Фарук 2 болду,
Сөзгө бек, ишке тыкан, асыл ойлуу.
Арттырып ак дин үчүн сунган колун,
Кеңейтти шариаттын ыйык жолун.
Андан соң — Осмон эле. Акылы мол,
Жоомарттык, кеңдик жактан бербеген жол.
Баарына колу жетти иши менен,
Пайгамбар эки кызды ага берген.
Мураскордун баарынан Аалы 3 күчтүү.
Акылы, баатырдыгы ашып түштү.
Колу ачык, пейили да болгон жакшы,
Акылдан, айкөлдүктөн атак тапты.
Дин, шариат түркүгү мына ушулар,
Динсиздерди жазалап, жайлап турар.
Атык— куткаруучу деген сөз. Абу-Бакир пайгамбардын бир ысмы.
Омор— пайгамбардын арабча аты, акты караны ачык тааныган адам дегенди билдирет.
Азирет-алы пайгамбар жөнүндө сөз болуп жатат, ал Мухаммет пайгамбардын кызы Айшага үйлөнгөн.

Мага — төрт түркүк сымал төртөө жолу,
Түркүк турса тирлик бар өмүр бою.
Аларга миң мертебе менден салам,
Жеткизгин, колдоп-сүйөп өзүң анан.
Сүйүнсүн арбактары дуба кылсам,
Колдосун кыяматта күнөө кылсам.
4. АРСТАН ХАНДЫН НЕБЕРЕСИ АЛИ-ХАСАНДЫН УУЛУ, АКЫЙКАТ МЕНЕН
ДИНДИН ТАЯНЫЧЫ, УЛУУ ЖЕҢГЕР, АШКАН АЙКӨЛ, АРДАКТУУ УЛУУ
ӨКҮМДАР
ТАВГАЧ-БОГРА-КАРА ХАНДЫН ЖАРКЫН ЖАЗДАЙ МААНАЙЫН УРМАТТОО МЕНЕН, АНЫН
БДШЫНАН КУДАЙЫМДЫН ЫРАЙЫМЫ КБТНЕСИН
Чыгыштан жаздын атыр жыты келди,
Бейиштин жыргалындай мээрим берди.
Жер бети кары эрип жыпар чачты,
Бүт дүйнө сулуулукта көркүн ачты.
Жашыл жаз кыш өмүрүн сүрүп салды,
Бакыттын түркүн гүлүн үйүп салды.
Күн кайтты өз жолунан кайрып улам,
Кой жылдызга Балыктын куйругунан.
Бактар кийди окшошуп жашыл көйнөк,
Кызыл, күрөң, кара, көк саймасы көп.
Жапканда жер бетине жашыл торко,
Өкүмдар кербен салды Кытай жолго.
Тоолор да боенгонсуп осмо, басма,
Алоолоп кочкул жашыл ушул чакта.
Түркүн гүлдөр турду миңдеп ачылып,
Айланага ажайып жыт чачылып.
Жакшы жыт коштоп кетти керимселди,
Чулгады аңкыган жыт көктү, жерди.
Каз өрдөк, канаттуулар чууга толуп,
Каркылдап, чурулдашат учуп-конуп.
Талаада уч-кыйры жок самсып учат,
Тоо аралап, чаңкаса көлдөн жутат,
Кыйкуулап көктө турна тизилишкен,
Баратат кербендердей жолго түшкөн.
Улар куш обон созот арзып-арзып,
Сулуу кыз көңүлдөшүн чакыргансып.
Кекилик жанын сабайт, какылыктап,
Кара каш, кызыл тамак, жашыл алкак.
Кара кузгун салаңдатып тумшугун,
Чыгаргансыйт чырлуу кыздай өз муңун.
Булбул сайрайт кубулжутуп гүлзарда,
Күнү-түнү издегенсип бир арга.
Элик ойнойт гүлдүн терип баригин,
Марал ойнойт сая кууп шеригин.
Күн бүркөлсө, булут ыйлап басылаар,
Гүлдөр күлүп, күн тийгенде чачыраар.
Мындай кезде дүйнө өзүнө суктанып,
Турат сүйүү, кубанычка мактанып.
Мага ошондо Аалам өзү үн салды:
«Көрдүңөрбү хакан жүзүн ажардуу? 1
Ач көзүңдү силкип ташта уйкуну, Укпадыңбы?
Тыңша менде сөз куну.
Жетим элем, жесил элем миң жылдап,
Тарпты таштап, кийим кийдим жаңылап.
Мен жасандым, мага хакан өкүмдар,
Башымды ийип кызмат кылар оюм бар!»
Анан көктөн тарс-тарс этип чагылган,
Хакан кылыч сууругансыйт кынынан.
Албарс кылыч кындан чыгып дүңгүрөп,
Аалам онтойт, элдер чочуйт күңгүрөп.
Аалам ээси, улуу жеңгер Буура-хан,
Богра хан туурасында айтып жатат.
Эки дүйнө куттуу болсун кыйладан.
Динге таянч, сен — өлкөгө тирексиң,
Элге — таажы, динге — устундай керексиң!
Не тилесең, кабыл болду кудайдан,
Калканч болду, көмөк болду ал саган.
Аалам көркү, сен дасыккан өкүмчүл,
Өлкөгө — Ай, душманына — айбат, сүр!
Тагдыр сага өлкө менен так берди,
Теңир сага бийлик менен бак берди.
Бул дүйнөгө бейпил заман орноду,
Бийик алып хакан хакан болгону.
Келгин куштар учуп келди жабылып 1,
Рум менен Ындыстандан агылып.
Хакан ысмын ырга салып ырдашат,
Айлананы кубанч коштоп жыргатат.
Гүлдөр жайнап дүйнө көркүн ашырды,
Асман, жер, тоо жамынышты жашылды.
Өкүмдарга бардык чөп-чар бүгүлүп,
Атыр жытын чачып турду жүгүнүп.
Жынар жыттуу чылым сунат миң колдор,
Атыр жытка аңкып турат оң-солдор.
Чыгыш жактан белек келет сан жетпей,
Батыш жактан келип иштейт, жок дешпей.
Бакыт өзү босогодон баш багат,
Баш баккандар бакыт жолдоор иш табат.
Бүтүн дүйнө кызматына дапдаяр,
Хан даңкталып, душман тарпы таш жаяр!
Хакандын добулбасы аалам жарып,
Сокур да көзүн ачты тура калып.
Дүйнө тынч, жакшы заңга башын ийип,
Өкүмдар заңдан, тапты даңкты бийик.
Кимде ким акыйкатты келсе самап,
Ар тараптан алдына эл агылып келип жатканы туурасында айтып жатат.
Мынакей өкүмдарды көрсүн карап.
Эгерде бакыт жүзүн көргүң келсе,
Карап ал өкүмдарды миң бир эсе.
Эгер сен ага таалай каалайм десең,
Ак дилден кызмат өтө көңүл менен.
Сен кээде ак жүрөктү аңдаарыңда,
Карап ал акыл чачкан маңдайына!
О, даңктуу, адам туну асыл иштүү,
Эч өлбө — эл билбесин жетимдикти!
Кудай сага бийлик, даңкты ыйгарды,
Тобо кылып, тилөө керек ыйманды.
Эл ичинде бир макал бардыгы ырас:
«Уулуна — ата абийири, ысмы мурас!*.
А уулу мураска адып жакшы атын,
Арттырат миң бир эсе кубанч затын.
Тартуунун алгандырсың жүзүн, миңин,
Тартуум сага берер «Куттуу билим».
Белектин баары бүтөт, жок да арга,
Мен берген түтөт, турат кылымдарга!
Чогулткан байлык кетер суудай агып,
Жазуунун өмүрү узун күндөй жарык!
Бул китепке хакан аты жазылды,
Өчпөйт атың «Түрк куту» дейт атыңды.
О, кудай, аткара көр кылса — тилек,
Боло көр иштериңде арка, жөлөк!
Досторун алкулум деп, кастарын сой,
Кубанч бер, керектерин таптыра кой!
Баарыга өмүр берер жамгыр төксүн,
Куураган дарак бүрдөп, токой өссүн.
Мейли аалам тыным албай тегеренип,
Хакан жыргап, душманы болсун өлүк!
Ушул жер астын-үстүн кыйраганча,
Жашыл гүл чөпкө айланып куураганча.
Түрк кутунун көкөлөп даңкы өссүн,
Көралбастын көздөрүн октор тешсин!
Анан да өкүмдардын максат, тилек —
Баарында кудай болсун арка, жөлөк.
Жыргалын күлкү, кубанч эли көрсүн,
Өзүнө Улукмандын жашын берсин!
5. АСМАН КУРУНУН ОН ЭКИ БЕЛГИСИ МЕНЕН ЖЕТИ ПЛАНЕТАСЫ
ТУУРАСЫНДА
Сөз баштадым Кудайдын аты менен,
Жараткан бар күнөөмдү кечирсе экен.
Жаратты эрки менен аалам, жерди,
Ааламга жарыктыкка Күн, Ай берди.
Тегеренме асманды жасап койду,
Түбөлүк тынымы жок, айлампалуу.
Көк асманга чачып койду жылдызды,
Кара түнгө каршы койду күндүздү.
Айрым жылдыз түнкү көктүн саймасы,
Да бирлери — көктү коргоп айланчу.
Кээ бири — адамдарга сабак турмуш,
Кээ бирин — жасап койду жолчу жылдыз.
Жылдыз оту — бири бийик, бири пас,
Сан жылдыздын бири жарык, бири аз.
Баарынын эң үстүндө Сатурн — ал,
Эки жыл сегиз айлык мөөнөтү бар.
Юпитер — экинчиси. Жерди карап,
Асман курун он эки ай айланат.
Үчүнчүсү — опурталдуу Марс болот,
Ал караса жашоо, өмүр токтолот.
Төртүнчү — Күн болуптур эсебинде,
Жылуулук, жарык чачат бүт дүйнөгө.
Бешинчи — көркү артык Чолпон жылдыз,
Көргөндө кайгы-муңду унутарсыз.
Койчуман жылдыз турат андан ары,
Ой-тилек аткарылат көрсөң аны.
Баарынан эң жапысы-Айдын өзү,
Күнгө каршы турганда толор кези!
Он эки топ жылдыз бар түнкү чакта,
Баарынын оруну бир жана башка.
Кой жылдыз Үркөр менен катар келет,
Эгиздер Чаян менен жакын жүрөт.
Артында Арстан, Буудай, Тараза бар,
Жаа менен Чаян жылдыз кошуналар.
Андан соң Теке, Көнөк, Балык келет,
Чыкканда түнкү асманга жарык берет.
Үч белги жазга төбөл, үчү — жайга,
Үчү — күз, үчү — келет кышкы айга.
Жер, сууга, отко, желге — үчтөн тийди,
Баарына энчи болду үчтөн белги.
Бир-бирине булар каршы теңдешсиз,
Бир-бирине булар — душман элдешкис.
Жолукпайт, айлампада тегеренет,
Көрүшпөйт, бирин бири ээрчип жүрөт.
Кудайым аны ошентип жасап койгон,
Алмашып жүрүп келет ошол бойдон.
Мен мында көп нерсени айтып бүттүм,
Билим, акыл негизи — бардык иштин.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 13
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.