Latin

Куттуу билим - 16

Total number of words is 4131
Total number of unique words is 2124
29.0 of words are in the 2000 most common words
44.5 of words are in the 5000 most common words
51.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Кур бакыт — жапайы куш, учуп кетет.
Жасагын жакшылыкты, кымбаттагын,
Энчиңди, тек кетирбей, алын калгын.
Шарапка берилбегин, күнөөдөн кач,
Бузуктук, жаман иштен табарың аз.

Кырсыктан ушул эки — бакыт качат,
Кедейлик, жокчулуктун жолун ачат.
Айтыптыр бир акылман, сынчы киши,
Сынчынын дайым келет айткан иши:
«Бузулба, арак ичпе: бузук, арак —
Бул экөө жакырдыкка алып барат.
Арак сени жүз эсе кылса уят,
Бузуктук бакытыңды айдап чыгат!»
Уулум,— деди Айтолду,— акырында,
Унутпай сакта сөздү акылыңа.
Түгөл айттым өзүңө чындык сөздү,
Тута алсаң кубанч болот сага энчи!
Аталык насаатымдын баарын айттым,
Бек түйгүн жүрөгүңө унутпагын!
23.АЙТОЛДУНУН КҮНТУУДУ ЭЛИККЕ ЖАЗЫП КАЛТЫРГАН КЕРЭЭЗИ
ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Алдырды өзү сурап кагаз, калам,
Кудай атын кут атап баштады анан.
Кудай деп баштап кирди: «0 жараткан,
Козголбос, кудурети күчтүү абдан!
Калың эл, миң-сан жандык жасап салдың,
Ырыс берип баарына, бооруңа алдың!
Бардыгын кабыл кылган кылса тилек,
Бул иште керек эмес ага көмөк.
Ойлогонун орундап, ишке ашырган,
Жасаган бардык кубат кудайымдан.
Өмүр кыска, а өлүм ак — жок амал,
Баары өлөт, бир кудайга жок ажал.
Пайгамбарга миң-сан урмат кыламын,
Үммөтүмүн дайым кулдук урамын.
Шакирттери кудай жолун жолдогон.
Тилегимди кабыл алсын ойлогон.

Кутман Элик, өмүрүң узун болсун,
Эл тизгинин кармаган бекем колсуң.
Айтолдумун, толгон Айдай бүтүн элем,
Кемидим, жолугуштум ажал менен.
Кармады капканына- ажал мени,
Кутулбайм, дарманым жок бүттүм эми.
Мени сыйлап, мээримиң аябадың,
Кызматыңды өтөөгө жарабадым.
Карызым көп, эстен тайып кайгырдым,
Ак кагазга арман-дартым калтырдым.
Байлык кууп, кызыгына түшпөдүм,
Бүт ишиңди тактык менен иштедим.
Мына эми, урмат менен өзүңө арнап,
Керээзимди калтырдым, оку кармап.
Мээрман бир адамдын айтканын ук,
Сапаттын эң кымбаты — мээрмандык:
«Мээримдүүнүн сөзү майдай жагымдуу,
Кут даарытын, сылап-сыйпайт жаныңды.
Мээрмандын ак оюндай ой барбы,
Адил сөзү асмандатат адамды!»
Мээрим төгүп дитимден берилгенмин,
Кутман Элик, кеңешимди уккун менин!—
Өлөрүмдө өкүндүм тобо кылып,
Өкүнгөнүм — пайдасыз алдамчылык!
Көңүлдү алаксытуу мага керек —
Өтүндүм өткөн күнөө кече көр деп.
Баласыз өзүм тапкан алтын-күмүш,
Жоготуунун салмагы — тийген үлүш.
Өкүнүп өлүп барам, кайсы пайдам?
Үзүлдү бар үмүтүм, кечтим жандан!
Бүгүн мен кош айтышам дүйнө менен,
Артымдан эртең эле келерсиң сен.
Келгенче өлүм сага, кутман Элик,
Ишиңди акыл менен аткар билип.
Адилет бол, катаалдыкка кабылба,
Элди кубант, эмгектенип. жаңылба.
Эсендикте элиңе жакшылык кыл,
Колдогуңду кедейге таратып тур.
Адилет бир адамдын айткандары,
Жөнөкөйлүк жеткирген көпкө аны:
Тирүү кезде — өлүмдү ойлой жүргүн,
Тобо кылып, момундук жолун билгин.
Өлүм келсе — өкүнүү пайда бербейт,
Көр ичинен онтосоң келбейт эч ким».
Мен өлгөн соң, эй Элик, тетик болгун,
Бош өткөрүп мезгилди кордобогун.
Көр дүйнөнүн артынан түшүп кетпе,
Адилдикти ар кылган иштен изде.
Элиңе эркин, кенен мыйзам жарат,
Анда күнүң жыргалда, ырыс табат,
Көр дүйнө үчүн өзүңдү отко салба,
Шорго батпай, напсиңди бекем карма.
Сен — бексиң, дүнүйөнүн кулу болбо,
Сен анын каарын күтпөй, түшкүн жолго.
Текебердик сезимге алданбагын,
Ишенбе бул дүйнөгө — жалган аның,
Жүрөгү акты эш туткун, жакын консун,
Эси жоктор өзүңдөн алыс болсун.
Ач көздөргө алданып иш бербегин,
Эки жүздүү адамга аш бербегин.
Күнөө кылба, кудайга сыйына жүр,
Андан ашкан пайда жок, ушуну бил.
Өлүмүңдү унутпа, ойло дайым,
Буктурмадан чыккандай чыгат аның.
Ажал табар, куткарбай качсаң дагы,
Өлүм алаар, дайрадай ташсаң дагы.
Жаша, бирок эсте дайым өлүм чын,
Көп жыл жаша — жастанарың кара чым!
Ажалдан качып кеткен адам барбы?
Жашоодо өлбөй тирүү кимдер калды?
Бир сөз бар сыр мааниси өтө терең,
Жакшы сөз — жарым ырыс болот деген:
«Адам өзү кербен сымал жолдогу,
Токтоп турбайт, тынымы жок болжолу.
Бала атадан көз ирмемде байланат,
Эне ичинде бир канча ай айланат.
Көз жарып, ат койгон соң балага адат,
Жолго чыккан мусапыр болуп калат.
Күнү-түнү ал жүрүштү эч ким бузбайт,
Ажал гана такымдап, жүрөк сыздайт.
Жаткан жер, жашоо — эки аялдама,
Келдиңби — жолго чыккан эми кайра.
Бул жашоо эки жолду бас деп ачты.
Бирине тизгин буруп түшкөн жакшы.
Оң баштанса — ишиң дагы оңолор,
Сол баштанса — алтын башың жоголор!»
Кутман Элик! Бул жашоо — айдоо талаа, Т
үшүмүн жыйнап алат сепкен гана.
Эмне эксең — жериңе ошол өнөт,
Эмне берсең — ошону төлөп берет.
Өзгөнүн кылын алба, канын төкпө —
Чоң күнөө адам үчүн ушул экөө!
Өмүрүң көргөн түштөй, өтөт кургап,
Кулсуңбу же бексиңби — койбойт ылгап.
Эмине өткөн күнүң?— Кыял түшү!
Алдыда келеричи?— Өкүнүчтүү!
Насааттан бизге айтыптыр эстүү адам,
Өкүнүч, кайгы сезим тааныш аган:
«Өмүрүң көргөн түштөй кайра качты
уулдап өтүп кетти, пайдаң кайсы?
Кесир менен өткөздүң өмүрүңдү,
Алдыда эмне күтөт?— Жалаң кайгы!»
Эсиңе ал өмүрүңдүн тез өтөрүн,
Төрөлүү, өлүү жолу кыска экенин.
Кутман Элик, өмүрүң болсун өрнөк,
Жакшы атың түбөлүккө кала бермек!
Ишенбе аскерге да, алтынга да,
Экөө тең өтөт-кетет, келбейт кайра.
Өзгө үчүн курман болбо, көңүл бургун,
Өрттөбөй өзүңдү өзүң, сабыр кылгын.
Ойлочу: мурун далай бектер өткөн,
Жок алар баары көргө кирип кеткен!
Артыңдан ажал жүрөт такыр калбай,
Акмалап дайым тооруйт көзүң албай!
Бул дүйнөнүн күнөөсүн тарткан адам,
Айтыптыр, кайталайын аны саган:
«Байлык деген — туздуу суу тазарбаган,
Тил катып суусаганда кандырбаган!
Азгырык — көлөкөдөй ойной берет,
Жакындасаң — ал качат, кетсең — келет.
Жердеги иш — ал кадимки чөлдө закым,
Кармайм десең — карматпайт туруп жакын!»
Бекем бол, кутман Элик, катуу карма —
Жакшы бекте, жарамдуу адамдар да.
Адамдар жайылган кой, бек — чабаны,
Малчыга сапат керек багуу аны.
Дарбазаңдын алдында — ач бөрү көп,
Сак болуп, койду түгөл багуу керек.
Каарданба, кызуулук бекке уят,
Ачуулуу бек бектигин бузуп тынат.
Эл менен сүйлөшө бил токтоо, аяр,
Оройлук — казылган ор, отко салар!
Ак көңүл, жумшак болуп, салтанаттуу,
Алга тарт ар ишиңди бүтөп жакшы.
Алдыда басаар жолуң узун сапар,
Акылдуу мындай жолду камдуу басаар!
Кутман Элик курбагын сарай, тамды,
Жатар жайың кара жер, чымдын алды.
Сарайлар тура берет, өзүң жоксуң,
Ача албайсың, көмүлгөн көрдүн оозун.
Сен неге алтын-күмүш жыйып-тердиң,
Эки кез бөз кепиниң — алар энчиң!
Бул тууралуу бир акын айткан сөзүн,
Ал сөздө — ачык айткан ой негизин:
«Жаман адам — байлыкты жыя берет,
Кереги эмне? Ойлобойт издеп себеп.
Чогултат, байый берет — максаты ошол,
Келсе ажал баары калып, өзү өлөт!»
Күнүмдүккө кубанба кутман бегим,
Баары кетет сен бөөдө өкүнбөгүн.
Жашоонун жыргалына коротпо өмүр,
Тез өтөт андай жыргал, чөгөт көңүл.
Шайы менен баркытты кийсе денең,
Кара жерде жатасың өлөөр менен.
Жүрөсүң шаттык менен өмүр сүрүп,
Барар жериң — жер асты, жатчу кирип
Жакында сен түшөсүң мезгил-аттан,
Минер атың — табытың өзүн жаткан.
Унутпа өлүмүңдү, ойлой жүргүн,—
Өз көрүңө өкүнбөс болуп киргин!
Ишиңде бир кудайым болот жөлөк,
Күч берсе сага кудай — берет көмөк.
Көтөр келсе — кубаныч да, кайгы да,
Моюн сунгун, чындык иштен айныба.
Эки дуйнө жыргалда жүрөм десең
Беш кемчилик жолотпо, болуп бекем.
Зордук менен арам иш жасай көрбө,
Кек сактап күнөөсүздүн канын төкпө.
Шарап ичип, жаманга созбогун кол —
Мунун баары бектикке болот тоскоол.
Жыл сайын бийлигим бек болсун десең,
Элди башкар, күч эмес, мыйзам менен
Кутман Элик, сен өзүң элге башчы —
Элди сакта, коргогун ойлоп жакшы.
Кутман Элик, көтөргөн жүгүң улук —
Көрө бил, жакшыларды тандап туруп.
Кесирликке берилип чалдырбагын,
Эсиңе кел, кырсыкка алдырбагын!
Шамал болуп өмүрүң учуп өтөөр,
Калгандардан опаа жок — а да кетээр.
Күнөө менен кемчилик алыс кетсин,
Күндөрүңдү акыркы тактап өткүн,
Бул дүйнө туруксуз да пайдасы жок,
Байкагын, өкүнбөгүн мага окшоп!
Айтыптыр сопу киши, анын сөзү,
Сопулар — бул дүйнөгө калыс дечи:
Бул өмүр — аялдама, сен — кербенчи,
Убакыт канча болот тыным берчү?
Бул дүйнө — убактылуу токтоочу жай,
Эмне тапсаң ала кет ары карай.
Көчөсүң, мурун жөнөт, кетсин көчүң,
Керегин ал, калтыргын керексизин!»
Мен өлөм, сен турбассың ушул бойдон,
Жакшы атыңды калтыруу жагын ойлон.
Өлөрүндө бирөөнүн айтканын ук,
Ажал кыстап турганда насаат кылып,
Тирүүлөрдү үйрөтөт өлүп жатып,
Калтырган кеңешин ук көңүлдү ачып.
Айтыптыр: Кутула албас кырсыкты эсте,
Кыйналып өтүп барам, өкүнүчтө!»
Кутман Элик, чыңалсын бийлик, ишин,
Болор ишти — болтуруп, мурда күтүн.
Адилет бол, зулумдук кыла көрбө,
Топук кылып, кудай деп, ишиң жөндө.
Экинчи: осол болбо, сак боло жүр,
Жаман иштен алыстап кутула бил:
Ишиңди көпкө созбой — бүтүргүн сен,
Ачууңу токтото бил — чыдам менен.
Кеңештерим аткарсаң — болдуң түптүү,
Баары болот, бийлигиң болот күчтүү.
Жакшыларды сыйлагын жайып кучак,
Жамандардан жүргүнүң дайым ыраак.
Мыйзамды бекемдегин — кырсык качаар,
Күнүң жаркып, бакытың ашып-ташаар.
Сөзүн ук бир белгилүү акылмандын,
Пайдалан сөзгө каткан акылдарын:
«Өкүмдар! Адилеттүү болсун жазаң,
Саясатың жаманбы — ишиң жаман!
Ким жүргүзсө өз ишин ак жол менен,
Ал өз атын түбөлүк сактайт экен!
Ким эгер салып кетсе тескери жол,
Жаман атак өлгөндө алат ошол.
Ким берсе жакшы тартип, туура заңды,
Түбөлүк кала берет атак-даңкы!»
Алданба сен өзүңө, кутман Элик,
Ойлоно жүр өзүңө көңүл бөлүп.
Жамандыкка жанашсаң айдан анык,
Эки дүйнө каласың каргыш алып.
Эл үстүнөн бийикке колду создуң,
Кетпесин өмүр текке, байка достум!
Бул өмүр өтүп кетет, ишен дагы,
Ажалың алыс эмес,— ойлон аны!
Мени көрүп, өмүрүмдөн алгын сабак,
Өкүнбөс бол, тирүүлүктү жакшы улап.
Өлгөндөн тирүүлөргө — нуска калган,
Ал нускам — осуятым ушул жазган.
Кутман Элик, таянар тоом сенсиң,
Тилегим — осуятым пайда берсин!
Осуятты уккандар акыл алат,
Жакшы сөздөн жайнаган пайда табат.
Жалаң чындык жазылган ушул катта,
Мени унутпа, кеңешти четке какпа.
Канча жыл жашабагын дагы, бирок,
Куткарбайт өлүм деген — атылган ок.
Баарыга бир күн келет өлчү учур,
Тирүүлөргө катаал күн мына ушул.
Шум ажалдан кайыр жок, укпайт сени,
Даяр тургун кетүүчү жолуңа эми.
Айла жок, шум ажалдан кимдер качат,
Камың көр, күйүккөнүң ошол басат,
Түшүнгүн көптү билген адам сөзүн,
Өлөрүндө ошонун эмне дешин:
«Кезек келсе курчалар өлүм куру,
Өлүмгө парыз болот моюн сунуу.
Жалаң алтын болсо да белде куруң,
Ажал кысса,— үзүлөт, ушул чыны!»
Кызмат кылдым дилимден Элик сага,
Мээримиңди актадым күйүп-жана.
Жакшылыгың үчүн кудай колдосун,
Кутун төгүп, бакыт болсун жолдошуң.
Миң жыл жаша, төрт тарабың шай болуп,
Бектик кылгын башыңа ай, күн конуп!
Артымда менин сыйлуу сөзүм калат,
Боло көр, кутман Элик, сак-саламат!
Кутман Элик! Дүйнөдөн өтүп барам,
Бир кайгым — артта калган жалгыз балам.
Тапшырдым бир кудайга жалбарынып,
От-суудан сактай жүрсүн колун сунуп.
Сала жүр көз кырыңды суранарым.
Караан кылып жаныңа алгын дайым.
Теңирим — бардыгына түркөк, негиз,
Жакшылык, жамандыкка эрки тегиз.
Ата-эне — балдарына болот үлгү,
Жашоодо,— жаманбы же жакшы жүрүү.
Мен да атамын, ажалым турат арбап,
А уулум, энеси жок — жетим калмак.
Эгерде мени сыйлап, көңүл бөлсөң,
Уулумду тарбиялап, камын көрсөң.
Колго алып, жакшылыктын жолуна сал,
Үйрөнсө, элге таянч болуп калаар.
Ак дил болсун, үйрөнбөсүн куулукту,
Кызмат өтөп, адам болсун туруктуу.
Катуу бол, бекем карма бийлик менен,
Бек кармоо — жолго салат бакыт деген.
Айтыптыр бир абышка, чачы куудай,
Айтканы акыл-насаат анын мындай:
«Балаңды жаштайынан билимге үйрөт,
Билимдүүнүн колунан баары келет.
Чыбык менен сабап тур кээде аны,
Акылга тез келтирет таяк даамы.
Жаш кезинде өнөрдү алса күрөп,
Унутпай өмүр бою алып жүрөт!»
***
Жазып бүтүп, жибек тасма алды да,
Катты байлап, бек карматты уулуна.
«Балам,— деди — тийгиз Элик колуна,
Бул аманат, бердим бата жолуңа.
Окуп чыкса, ой артынан ой чыгар,
Ажалды эстеп, сөзүм болор бой тумар!»
Үшкүрүнүп уулуна дагы айтат:
«Билип ал, чынчыл, кайрат — жакшы сапат!»
Кучактады, уулум бери кел деди,
Өпкүлөдү, көздөн жашы селдеди.
Атакең кантип өлөт көрүп калгын,
Агызганын арманда көздөн жашын.
Башыңа келет сенин ушундай күн,
Осол болбой өлүмгө азыр күтүн.
Бир сөз айтам керектүү мен өзүңө,
Үйрөнсөң — дуба окуурсуң кээде өзүмө.
Эгер Элик эмгегиңди кааласа,
Ак дилиңден аткарып бер жараса.
Жалкоолонбо, ишиңди таштап койбо,
Сөз, ишиң бирдей болсун жарык жолдо.
Эрте туруп, кеч жаткын, илең болбо,
Эрте турган — бакытты алат колго!
Кудай эркин талыкпай аткара бер,
Эликтин айткандарын бүткөрө көр.
Жамандарга жолобо, болор күнөө,
Жакшылык кыл дайыма,— жолуң түзө.
Бекем бол өз сөзүңө, ден соолук күт,
Так жүргүн — колуң жетет оюңа бүт!»
Атасы, кучактады уулун ыйлап,
Кайрадан боздоп кирди өзүн кыйнап.
«О, шумпай,— деди да ал,— катаал дүйнө,
Мынчалык азабыңды бердиң неге?
Ушунчалык боору таш болосуңбу,
Муздай болгон койнуңа соросуңбу!?
Энеден төрөлгөндөй жылаңачмын,—
Баарын берип,— өкүнүч, кайгы таптым!
Айтканын угуп алчы өлөр адам,
Ажалга моюн сунуп ыйлап турган:
«Бир карындан чыгып, кирем карынга,—
Куттуу элем, жем боломун жыланга.
Талкаланды таштай кулап, талабым,
Күйүтүм көп, көргө кирип барамда!»
Жашын тыйды Айтолду, эс келгенде,
Чачтырды дүнүйөсүн кедейлерге.
Коштошту тууган менен, алдан тайып,
Кудайым кетсин деди жанымды алып.
Келме айтып, анан көктү тиктеп калды,
Тилден калды, колдору шалактады.
Жарык өчүп, курчады караңгылык,
Кудай деп жатып калды ал суналып.
Денеден жан көкөлөн учуп кетти,
Кыймылсыз дене калды сезбей көптү.
Кандай адам болсо да бекем жандуу.
Жер үстүндө өзү жок, аты калды.
Билимдүү бир адамдын сөзүн тыңша,
Көз ачып эс келгенде айткан тура:
« Денеңдин токтоор жери салган тамың,
Жаныңдын жашаар үйү — денең дайым.

Денеңден чыгып кетсе сенин жаның,
Кайда экенин бир билет чоң кудайым!»
Тагдыры анын жакшы тирүү кезде,
Эң катаал анын энчи — көргө түшсө.
Албетте, болор жазмыш эки түрлүү,
Баары бир жан өлбөйт да, түбөлүктүү.
Тирүү адам тагдыры өтө катаал:
Жаны өлсө, сөзү дагы кошо жатаар!
Кайдан келди? Эми кайда барат ал?
Кайда жашайт? Кайдан жайды табат ал?
Акылман эмне билет? Эмне айтат?
Эстүүлөр түшүнүшөр, жообун уксак?
Буларды жалгыз гана кудай билет,
Жараткан өзү жөлөк — өзү тирек!
Көрүнбөйт жан көзүнө,— бүт жерде бар,
Көз алдында турса да — көрүнбөйт ал.
Болсо да өмүр кыска жана керең,
Ою бийик адамдын, сөзү терең.
Эрки жок жамандыкка өзү барат,
Акыры текебердик тепсеп салат!
Эки күндүк бул өмүрүң каш кагым,
Көөдөн керип, жарабастыр басканың.
Ойлонуп айтылган бир сөздү уксаң,
Өлөөрүн баамдаган адам айткан:
«О, ажал, сени катаал тагдыр айдайт,
Миңдеген арга сени токтото албайт!
Куткарбайсың жердин жүзү өрүшүң,
Жаман-жакшы тандабаган бөрүсүң,
Узак өмүр берсе акылман адамга,
Кыска өмүрдү берип койсо нааданга!
Бирок ажал ылгабайт — жакшы, жаман,
Улуусу, кичүүсү да бирдей аган.
Тирүүлөр! Баарыңарга ажал келет,
Көп жашаган адам да акыры өлөт".
Туура айткан колунда бар эстүү адам,
Жакшылыкты адамга көп жасаган:
«Жашоодо өлүм келбес болсо гана!
Жашоодо адам өлбөс болсо гана!
Бирок өлүм колдорун сунуп турат;
Баарын бузуп, ың-жыңсыз тынчтык кылат.
Төрөлдүңбү — өлөсүң, ошол адат,
Жерден чыккан жаралып — жерге барат.
Адам эмес, аяймын кишиликти,
Аларды эмес, аяймын адилетти.
Мейли сен тентек болгун, жоош болгун,
Буза албайсың байыркы өмүр жолун!»
24.КҮНТУУДУ ЭЛИК АКДИЛМИШТИ ӨЗҮНӨ ЧАКЫРТКАНЫ ТУУРАЛУУ
АЙТЫЛАТ
Келди Элик, бата кылып акырын,
Айтолдунун уулуна айтты акылын.
«Кой эми,— деди Элик,— көп ыйлаба,
Кайгың тарап, шаттык күн келет сага.
Кайгырып жалгыз гана жаткан жоксуң,
Мен дагы ый-кайгыңа ортоктошмун.
Ыйлаба, өзүңдү көп кыйнай бербе,
Мага кел,— жанымда жүр, бардык жерде.
Атаң өлсө, мени атаңдай санагын,
Уул болгун, өз уулумдай, карагым!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Акдилмиш чөгөлөдү, жерди өптү,
«Кутман Элик өмүрдөн сүргүн көптү,
Мен кулуңмун кызмат кылган жолуңда,
Мына эми бүт өмүрүм колуңда.
Сизге атам кызмат кылды өмүр бою,
Буюрсун уулуна да ата жолу!»
Атасы жазган катты сууруп чыгып,
Эликке сунуп калды таазим кылып.
Элик катты окуп алып кейиди,
«Аттиң өмүр! Деңиз эле пейили!
Эмне кылам, андай адам табамбы?
Эми ал жок, үйдө төрүм караңгы.
Тирүү кезде кызматыңды сиңирдиң,
Өлүп жатып камым көрүн бүлүндүң.
Өтөлбөдү ак эмгегиң мен жактан,
Кайрып берер миң эселеп Жараткан!
Аны өтөбөй жаным кантип жай табат,
Эмгегиңди бир кудайым кайтарат!»
Ый менен айтар сөзүн токтотту Элик
Чыгып кетти, кайгыга катуу чөгүп.
Түнөрүп кирди үйүнө, бир сөз айтпай
Кайгырды кечке чейин эшик ачпай.
Аза күтүү күндөрүн өтөп уулу,
Кедейлерге көп күмүш чачып турду.
Өткөрүп ата азасын тынчып калды,
Жакын кылды өзүнө жакшыларды.
Ак жашап, ата сөзүн тутуп келди,
Бактысы күндөй жайнап арта берди.
Сөзүн ук акыл-эстүү бир адамдын,
Адам пейлин артыкча билген жандын:
«Ата сөзүн ардакта, ыйык карма,
Кут тууп, бактың артат күндө анда.
Ата-энеңди кубантсаң угуп сөзүн,
Жүз эселеп аласың өзүң кайра!»
Элик күчү, бийлиги дагы бекип,
Күн санап бекемделди заңы өөрчүп.
Эл байып, өлкө гүлдөп жайнап турду,
Бардык жерде Эликке урмат кылды.
Бир күнү үйдө олтурду Элик жалгыз,
Китепти четке коюп, карады алсыз.
Кабак бүркөп, жүзүн кайгы каптады,
Сырдын четин айтчу адам таппады.
Оюна Айтолдуну алып анан,
Айтыптыр: «Адам эле бак даарыган!
Ордонун көркү эле, кайран киши,
Жакшылык дайым болчу кылган иши.
Өзү жок, орду турат, бош аңгырап,
Ким анын ордун басат, ишин кылат?»
Анан алды эсине Акдилмишти:
«Унутканым досумду жакшы ишпи!
Өлөрүндө Айтолду уулун мага,
Тапшырган, тарс чыкканын эстен кара.
Ата өлсө — мураскери бала болот,
Бири өлсө, бири менен орду толот!»
Жөнөттү адамдарын, аны тапты,
Киргизип Акдилмишти, эшик жапты.
25.АКДИЛМИШТИН ЭЛИККЕ КИРГЕНИ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Акдилмиш кирип келди, урмат кылып,
Кубанчы жүзүн чайып, көөнү тынып.
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
Көрүшүп болгондон соң Элик сурайт:
«Тартынбай тагдырыңдын болгонун айт?
Эңсегенге жеттиби, сунган колуң,
Түз бекен же ийриби баскан жолуң?
Атаң өлүп, не берди сага тагдыр,
Көңүл жайбы, же толгон түйшүк бардыр?»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Акдилмиш «Ооба — деди,— Элик кутман,
Атагыңа эл ыраазы, эчак уккан.
Алыс болуп элик ишин этпедим,
Тагдыр айдап, кабак түйүп четтедим.
Көптөн бери көрбөдүм Элик жүзүн —
Кайгырдым, күлкү качты, солгун ишим.
Чакырдың бүгүн мени эсиңе алып,
Шашылдым Дөөлөт курун курчай салып.
Чакырган соң октой учуп шашылдым,
Күнүм күлүп, маанай жазып ачылдым!»
Элик ага түркүн, түркүн суроо койду,
Акдилмиш жооп берди ачык, ойлуу.
26.АКДИЛМИШТИН КҮНТУУДУ ЭЛИККЕ КЫЗМАТКА КИРГЕНДИГИ
ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Элик айтты: «Кызмат кылгын жан бала,
Капа болбо, пейилиңди бер мага.
Атаң артык эмгек кылган билемин,
Ал эмгегин актай албай жүрөмүн.
Ата акысын эми сага төлөйүн,
Ушак укпай кулагым тынч жүрөйүн».
Үч ордонун бегинин айтканы экен,
Акылман ошол сөздү айтып берем:
«Бирөө сага ак кызматын сиңирсе,
Өтөөсүн тап, өлүк адам дедирбе.
Адамсыңбы, калгының адам бойдон,
Чыкпасын кишиликтүү болуу ойдон.
Бирөө сага кастык кылса эгер ким,
Катыгын бер дал ошого жүрбө тим.
Адамдыгың асмандатат атыңды,
Адамдыгың Жаркыратат затыңды.
Адам болгун, асты айбан атанба,
Абийир болбойт кыпындай да нааданда.
Улуу күч кишиликтүү боло билүү,
Урмат, даңк кишиликтен табат киши!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Баш уруп этегине Акдилмиш дейт: —
«О, Элик! Оң карашың — бакыт берет.
Сен — менин өкүмдарым, болом кулуң,
Кул кызматын кадырлоо — бектик жолуң.
Мейли — айда, мейли — сыйла,— өзүң болжо,
Өмүр бою кулуңмун босогоңдо!»
Анан туруп ордунан, секин чыгып,
Үйүнө багыт алды, кетти тынып.
Мына ошондон Акдилмиш белди байлап,
Кыйыктанбай иштеди жылдап-айлап.
Чарчабай кызмат кылды таңдан-кечке,
Түн күзөттө, тамагын ичип иште.
Ак кызматын баалады Элик анын,
Бак-дөөлөттүн эшигин ачты дайым.
Сөзүн ук, бир адамдын иштей билип,
Оор ишти үйрөнгөн өздөштүрүп:
«Эгер бек көңүлү жай болсун десең,
Аткаргын айткан ишин дароо, бекем.
Жакпай калса кылганың териң төгүп,
Кор болосуң, бир өзүң көңүл чөгүп.
Кылган иши ордуна төп келбесе,
Өмүр бою кылганың кетет текке!»
Элик анда чакырып Акдилмишти,
Тапшырды аткаруучу бардык ишти.
Да бир күнү Элик, айтты чыдабай:
«Андай эрди табалбайм го кудай-ай.
Ордомдо кызматкерлер толуп жүрү,
Бычак сапка жарарлык барбы — бири?
Иш билги жок, бардык иш барат чөгүп,
Канакей иш бүтүрчү, тартип берип?
Тыңдачы, сынчы киши сөзүн айткан,
Жамандык, жакшылыктын көзүн ачкан:
«Каалаганың — табаарсың издей берсең,
Таба албайсың жакшы адам издөө менен.
Ача буттуу, кара чачтуу кишилер көп
Ишенип ишти берер бир адам жок».
Ал эле эң керектүү, эң жакшы адам,
Оор ишти оң иштеп моюбаган.

Дагы бир акын жазган жакшы ой бар,
Кынаган ойдо сөзү — орун табаар:
«Келгендердин ичинде, барктуусу жок
Курч бычакка сап болоор нарктуусу жок.
Карабашыл калың эл, ийет башын,
Арасынан аңтарсаң кармаары жок!»
Дагы бир макал сөз бар ордун табат:
«Тектүү өлөт — артында туяк калат.
Ким эмне эксе жерине ошону орот,
Жакшы уул атасынын өзү болот!»
Айтолду — уулу атанын тукуму да,
Ордун басар мезгили келди буга.
Ата орду бош турат — ишенем мен,
Бош орунду толтурчу уулсуң сен.
Тарбиялайм — адамдан тарбия алган,
Адам болсо пайдасы тийет абдан.
Көрүп турам, кызматты өтөп кетет,
Бир айыбы — жаштыгы, жаш жетилет!
Жакшы айтыптыр кайсы бир даңктуу адам,
Тагдырдан тийчү энчинин баарын алган:
«Бектер кимди тартса колдоп кашына,—
Бектен кийин, ал турар иш башына.
Бек кимди көтөрмөлөп кылса жакын,
Бак-дөөлөттү барынча табат аның.
Бек кимди ылымсырап койсо карап,
Калың эл карап калаар бүт жадырап!»
Эмне экен,— деди Элик,— бир көрөйүн,
Мен буга билим берип, өстүрөйүн.
Атасынын акысын мен берейин.
Бүт сүйүүмдү буга арнап бапестейин.
Айтолду ак кызматын актап кеткен.
Акыбетин кайтарам, таштап кеткен.
Адамдык — өтөлөбү орду толбой,
Өстүрөйүн, чоңойсун кем-карч билбей.
Боорукердик жасашат чыныгы адам,
Жакшылык унутулбайт элде калган.
Угуп ал айткан сөзүн абышканын,
Баба сөзү эсиңде бек сакталсын:
«Боорукер бол дайыма эстүү адам,
Жакшы сапат түбөлүк карыбаган!
Жакшылык картайбастан жап-жаш калат,
Өмүрү узун болуп, даңкы чыгат!»
Баалады Акдилмишти Элик анан,
Тапшырып ар кыл жумуш берип аган.
Эликтин камкордугу артып дилгир,
Иш башкаруу жагынан болду билгир.
Бийлик, заңды бекемдеп иши менен
Билимдин бүт эшигин ачты кенен.
Жон билбес түркөй эле, билгир болду,
Таалим алып Эликтен бакыт конду.

Түшүндү Элик: «Жайында бардык иштер,
Ички да, сырткы дагы түзүлүштөр.
Ийгиликтин бул жакшы негизи бир —
Өстүрдүң, таалим бердиң — мына үзүр.
Ойдогудай кишини таптым эми,
Акыл толсо, мындан да артат жөнү.
Бала кезден кайраттуу болот улук,
Бул сапат бала чактан турчу чыгып.
Бул тууралуу ыр да бар окуп көргүн,
Айтылган ар бир сөзгө маани бергин;
«Ар нерсенин өзүнчө белгиси бар,
Өзгөрбөйт ал белгилер чоңойсо алар.
Жемиштин даамын баала гүлүн көрүп,
Ички маани, маңызы өңүн табаар
Акдилмиш кызмат кылат, күндө калбайт,
Эртеден кечке чейин тыным албайт.
Жаман ишти жактырбай басып турду,
Жакшы ишке көмөк берип пайда кылды.
Элик да жеңилденип, боюн керип,
Эл дагы эркин жашайт, күнүн көрүп.
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
Чакырып Акдилмишти бир күнү Элик,
Таанышты бүт иш менен сурап, көрүп.
«О, уулум,— деди Элик,— ойлонуп көр,
Жүрөктөн чыккан таза жообуңду бер.
Иш кайсы элдер андан пайда көрчү,
Ал пайданын үзүрүн айтып берчи?»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
«Кутман бегим!— деп Акдилмиш жүгүндү,—
Эл журтуңдун тирегисиң, билимдүү.
Эки дүйнө элге тийет керегиң,
Элге пайда өтө баалуу иштериң.
Экинчи — абийир, үчүнчү — чындык болот.
Бул үч сапат бар жанга бакыт конот.
Кимдин иши так болсо эли сүйөт,
Адилетке атак, даңк толук тиет.
Уят, намыс, аброюн бек сактайт,
Уятсыздар өрткө күйөт жөн жатпайт.
Ким иште айкөл жана чынчыл болсо,
Эки дүйнө жыргалда жүрөт ошо.
Адилет, абийир жана жакшы иштериң,
Бириксе — эң жогорку бакыт энчиң!»
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
«Түшүндүм, деди Элик,— айтканыңды,
Түркөй, наадан, жамандан зыян барбы?
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
«Кулак сал,— деди Акдилмиш,— кутман Элик,
Түшүнтөйүн тереңдеп айтып берип.
Адамда сапаттар бар кара мүртөз,
Санайын мен үчөөн, күнөө бүтпөс.
Биринчиден — мактанчаактык, жаман иш,
Экинчиден — алдамчылык арам иш.
Үчүнчүсү — алып — сатар, сараңдык,
Акмактарга ушул үчөө бүт таандык!
Адамда болсо ушундай жаман адат,
Асандан баары менен чыры уланат.
Калпычы же болбосо алдамчылар,
Өмүр бою каргышка калат булар.
Ач көздүктөн ашкан да арам барбы?
Жыйнады — пайда көрбөй, баары калды!
Арналган акылман сөз сараңдарга:
«Өзүн-өзү уурдаган алдамчы да!
Алтынды жыя берди, үзүр көрбөй,
Жашады башкаларга тыйын бербей!
Бүт байлыкты жыйсам дешет сараңдар,
Дагы болсо дешип, алар жалаңдар.
Үч жакшы сапаты бар бакыт табат,
Үч жаман сапаттуулар алат наалат!»
Эликтин, Акдилмишке берген суроосу
«Түшүндүм», деди Элик,— айтканыңды,
Жооп бер менде дагы суроо калды:
Энеден эстүү болуп төрөлөбү,
Болбосо жаш жетилип үйрөнөбү?»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Акдилмиш жообун берет: «Кутман Элик,
Угуп ал, акыл, билим айтам бөлүп.

Билимсиз төрөлгөн жан, окуп — демек,
Акыл менен үйрөнүп көпкө жетет.
Энеден көзүн жарган наристе жан.
Бир гана окуу менен баарын алган.
Акылды карызга эч ким бербейт колго,
Акыл – бул, жараткан алган олжо.
Адамзат бир акылдан башкаларды,
Үйрөнүп окуу менен билип алды!»
***
Элик курсант мындай сөз укканына,
«Бул адам акыл-ойго бышкан тура.
Атанын орду толду уулу менен,
Жакшы жолго бет буруп калган экен.
Кудайга шүгүр дешим мага абзел,
Жакшы заң алат экен эңсеген эл.
Сыйга татыйт ак киши — Акдилмиштин
Көзүн табат тапшырган бардык иштин.
Жакшылыкка — жакшылык кылуу милдет,
Жакшы иштин сыйы да арбын келет!
Ук сөзүн, бир адамдын кадыры бар,
Кадырлуу — эл баалаган адам алар:
«Адам болсо ал сага — сен да адам бол,
Татыктуунун көрүүчү сыйы ошол.
Жакшылыкка — жакшылык жасай жүргүн,
Ак жүргөндөр атак-даңк табышат мол!».
Элик аны кадырлап, барктап жүрдү,
Атак-даңкын бүтүндөй эли билди.
Эл оозунда, жакты жакшы мүнөзү,
Бүт ааламды жалт каратты бир өзү.
Курбулары урматташып табынды,
Бек ишинде акыл менен таанылды.
Көңүл тили жөнөкөй баары менен,
Тил табышып, сый-сыпат иштей билген.
Көңүлчөөк, тили таттуу сүйлөгөндө,
Тартип түздү ичке, тышка — бардык жерге.
Арттырды чөйрөсүнө дос-тууганын,
Пайдаланды өз ишинде анын баарын.
Көп болсо кимдин тууган-дос, жөлөгү,
Ал күчтүү — бекем тоодой бар тиреги.
Белгиси кубат-күчтүн — тирек-жөлөк,
Күчтүүгө — көп байлыктар өзү келет.
Бактылууга момундук — чоң табылга,
Акылдууга — жөнөкөйлүк алтын сырга!
Акылдуу адам алтын сөз айтыптыр,
Акылдуу кеңеш берсе — ачылат сыр: —
«Күттүрбөй дөөлөт сени калса басып,
Жөнөкөй жана адилет болгун жатык.
Эгер сага дөөлөтүң келсе күлүп,
Момун болуп, унчукпай карма билип.
Бакыттын тамыры көп, тарам-тарам,
Тамыры бекем болот момун адам.
Жөнөкөй, момундарга — алкыш, урмат,
Жөнөкөйдө жакшы иштер бүчүр алат!»
Керкейгендин түбүндө жөнү жаман,
Кесир тилейт өзүнө андай адам.
Жакшылыктан табышкан бакыт, байлык,
Андайлар акылдуулар билип калдык.
Бул тууралуу ыр жазылган, оку адам,
Эске тутуп, өмүрүңө пайдалан:
«Акылдууга жүз эсе керек бакты,
Дөөлөт консо башына — наадан жакшы.
Нааданга дөөлөт консо — зыян болот,
Эстүүгө дөөлөт консо — өсөт, толот,
Дөөлөт консо — акылсыз наадан барктуу,
Эстүүгө — жүз эсе да дөөлөт наркы.
Эссизге — дөөлөт консо кокус аган,
Кармай албайт көпкө аны наадан адам!»
Бул сөзгө дагы бир сөз кошумча бар,
Түшүнгүн маанисине, жакшы адамдар:
«Эстүүгө бакыт менен атак келет,
Өмүрү урмат-сыйда өтө берет.
Болумсузга кут консо кармай албайт,
Бир күн турбайт! Таптырбай учуп кетет».
Сындады Акдилмишти, билди Элик,
Адилет иш бүткөрөт, калган көнүп.
Көкөлөтүп көккө да сынап көрдү,
Карабады көңүлүнө: жемеледи.
Анда ал, макталса да ишин тактайт,
А кийин жеме укса да ишсиз жатпайт.
Элик баалап, күнөөсүн өзү сезип,
Казна башчы койдурду болсун дешип.
Аманат иш тапшырды аткара алчу,
Аманат иш кылганга жаным тартуу!
Акдилмиш — дили да ак, иши жакшы,
Аны Элик күндө өзүнө жакындатты.
Түшүнүп өз ишине, так аткарды,
Тизмелеп бөлөк-бөлөк жазып салды.
Өтө сак, кыраакы да, этияттап,
Иштеп жүрдү милдетин өтө тактап.
Сөзүн ук, бир адамдын карып калган,
Өз милдетин так өтөп алкыш алган:
«Киши үчүн алтын-күмүш кымбат буюм,
А адам өзүн тыйган андан кыйын.
Адам болсо байлык деп жулкунбаган,
Андайга бүт ааламды тартуу кылам!»
Акылдуу бизди үйрөткөн акыл менен:
«Сөзүн ук сен — адамдын дили кенен!»
Мындан да артыгыраак бир макал бар;
«Ишеним, сыймык үчүн жаным даяр!»
Адилет деп кимди айтат чыны менен?
Адамды ак чындыктан ийилбеген!
Кайраттуу эр киши деп кимди айтабыз?
Адилеттүү адамды кайра жангыз!
Кимдерди оозго алып алкайбыз биз?
Мартты — мактап, сараңды — жемелейбиз!
Ойлосоң — адамдарга катаал тагдыр:
Мүлк жыят — бирок көрбөйт пайда такыр!
Байыйм деп бирөө жүрөт — дүйнө кесип,
Башкалар ажал издейт — деңиз кечин.
Айрымдар — казат тоонун аска бетин,
Кыдырып чарчабастан жердин жүзүн.
Бири чыгат бийикке, кечүү табат,
Бири казып кудукту — сууну алат.
Бири — шилтеп кылычын жоодо жүрөт,
Бири — чыкпай үйүндө карып өлөт.
Бирөөлөр калпты айтат, кылат куулук,
Да бири — талан-тонойт, жасайт шумдук.
Бардык азап — тамагың, кийим үчүн,
Чогултсаң — пайдасы жок, бүтсө күнүң!
Акылсыз — жан түйшүгү — мунун баары,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 17
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.